Oct 14

Мээнет..

мөөр 4Жыргалбек АЖИМАТОВ:  «БЕШИНЧИ КЛАССТАН БЕРИ ЖЫЙНАП, ЧОГУЛТУП КЕЛЕ ЖАТАМ».    

«Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу иш жаралбайт»
Франсуа ВОЛЬТЕР.

Менин бүгүнкү ааламтор аркылуу байланышкан маектешим, тээ алыскы Ата Мекенимде, ордолуу Ош шаарынан бир канча чакырым алыс аралыктагы айыл жергесинде жашаган кыргыздын ашкере карапайым азаматы, мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» тобунун эң жигердүү жигиттеринин бири, тилчи, котормочу, «Көчмөндөрдүн» демилгеси менен жакындан бери басмадан китеп кылып чыгарууга камылга көрүлүп жаткан «КыргызчаАнглисче Сөздүк» жыйнагынын автору Жыргалбек АЖИМАТОВ болмокчу.

Жыргалбек мырза, Кыргызча-Англисче Сөздүктү түзүү, анан дагы чет элдердин кино тасмаларын, мультиктерин которуп жүрөсүң. Качан, кандай шартта баштап калдың эле? Ушулар тууралуу толугураак маалымат берип кетсең? Бул биздин окрмандарыбызга өтө кызыктуу болсо керек,  өзгөчө «Көчмөндөргө..»

Кыргызча-Англисче Сөздүктү түзүү менен Чет эл тасмаларын кыргызчалап калуумдун башаты да, таржымалы да бир. Экөө бир-бири менен эриш-аркак. Бир-бирин толуктап келет.
Кыргызча-Англисче сөздүктү түзүү идеясы тээ мектепте 5-класста окуп жүргөндө башталган. Башка окуучулардай эле атайын бир дептерди ачып, ортосунан бир сызып, сол жагына англисче, оң жагына кыргызчасын жазчумун.  Айылдык да, мектеп китепканасында да кыргызча-англисче же англисче-кыргызча сөздүктүн жок экенине таңгалчумун. Келип калаар бекен деп батбат сурап да турчумун. Шаар жакка түшүп калсам сөзсүз биринчи кезекте англисче китеппи, журналбы издечүмүн, сөздүктү эч жерде таба албадым. Агезде, кайдагы чет тилиндеги гезит-журнал. Бирок, үмүт үзбөй сураштырып, кийин облустук китепкананын чет тилдер бөлүмүнөн бир аз эмгектерди таптым. Алар да жетишсиз болчу. Баары окуучулар үчүн. Советтик идеологияга сугарылган адабияттар жана ошол режимге баш ийген ар кандай гезит-журналдар гана бар болчу. Негизинен каалоо гана болсо, баарына жетет экенсиң. Бардык жолун издөөгө кошумча күч, дем пайда боло берет. Мектепте да, университетте да мүмкүн болушунча убакытты текке кетирбей, азыраак ойноп, көбүрөөк окууга, изилдөөгө жана иштөөгө туура келди. Айыл жеринде тиричилик негизинен дыйканчылык эмеспи. Мээ кайнаткан ысык күндөрү сабиз отомой, жүгөрү ормой, күн караманы башчаларын алмай ж.б. Бир малды жип менен байлап жетелеп алып, аны арык-шак боюнда откоруп бакмай, колдо китеп… Күндүзү иш болсо, түндөлөрү сөздүк менен отурмай, чет тилдеги кандай жанр болсо да бир тасма көрмөй, аларды которууга аракет кылып көптөгөн убакыт өттү.

Элечек– Кыргызча-Англисче Сөздүктү которуу бойунча түшүнүктүү, ал эми тасмаларды кайдан, кантип которуп баштадың эле, дегеле эмнесине кызыгып калдың тасма которуунун, эмне түрткү берди?

Дүйнөлүк тасмаларды кыргызчалоо идеясы да дал ошол 1989-1990-жылдары пайда болгон. Бирок, кандай жабдыктарга ээ болуу керек, кантип которот, бул бойунча эч кандай маалыматым жок болчу. Бир гана максат – борборго, Кыргызстандын жападан жалгыз ТВсы бар болчу, ошого барып ошол жерде орус согуш кинолорун кээде которуп калышкан адамдар менен жакындан таанышып, алар менен иштешип калуу болчу. Маңдайымда мен 5-классты бүтө электе СССР жоюлуп баратты. Эркиндиктин ээлирткен желдери ар жактан келип, толгон-токой кыйынчылыктар менен кошо, автордук жеке үн коштолгон пираттык котормодогу чет эл «видеолору» келе баштаган кез. Автобустар менен келчү. Кээде айылдык клубубузга коюп кетишчү. Жалаң чоң балдар, бала-чакалуу кишилер барчу ага. Негизинен, Брюс Ли, Жеки Чан, Ван Дамм, Шварценеггер ж.б. дүйнөлүк жылдыздардын кинолору болчуп турду.  Советтик режим толук таркай электе эле коңшу өлкөлөрдөн түнкү 12ден кийин башталган жеке ТВ каналдары пайда болуп, алар да карате, атышып-мушташуу кинолору бере баштаган. Мен ошол кино коючулардан «орусча которулбагандары барбы» деп сурай берчүмүн, которулбай келип калган айрымдарын беришчү. Ал кездеги которулган кинолор негизинен кинодогу каарман сүйлөгөндөн кийин котормочу орусчасын айтчу. Мен кадимкидей жыргап көрөр элем, угаар элем. деп субтитрлери чыгып турчу экран алдына. (Ал кезде негизинен көчө кинолору гана келчү да). «Where the hell are you going, son of a bitch?!». Аны окуп калып, орус котормочудан озунуп, (ичимден) «Эмне балээ кылып жүрөсүн, иттин баласы?!» деп кудуранып койчумун. Дептериме да «иттин баласы – son of a bitch» cөгүнгөндө колдонулат» деп жазып койчумун..

Азыркы басмага дайардалып, чыгарабыз деп кам көрүлүп жаткан Сөздүккө ушул жгоруда айткандарыңдын баары киргенби? Кыскасы, бул Сөздүктүн тарыхы сенин мектептеги татту балалык мезгилиңе барып байланышат экен да? Эрте баштаган экенсиң, өтө эрте..

– Ооба, ошондой десем деле туура болот. Ошентип, ар бир жаңы сөздү, фразаларды, макалдарды жазып жүрүп, дептерлердин саны ондон ашты. Кызыл-көк ручка, өчүрүлгөн, көчүрүлгөн, туш-тарапка жазылган. Мунун баарын алгач 2002-жылы биринчи компьютеримди сатып алганда, кайрадан оңдоп-иреттеп компьютерде өзүнчө бир файл катары жазып, толуктап келдим. Компьютердин чоң жардамы тийип келди. Алфавиттик иретке салууда, кайталанган сөздөрдү издөөдө, арасына сөз камтууда компьютер убакыттан да утуп, мага жеңилдик гана жаратып берди. Ошону менен бирге чет эл тасмаларын шаардагы диск саткан жайлардан таба алчу болдум.     Тасманы компьютерде эле көрүп, жаңы сөздөрдү сөздүгүмө да кошум журдүм. 

– Тасмаларды кандай которуп жүрөсүң, керектүү аппараттехникаларың болбосо, кантип монтаждап, кандай кылп аларды ирээтке келтирип жүрөсүң? Айыл жеринде интернет деле анча жыргатып жибербегени бештен белгилүү эмеспи?
– Аныңыз деле туура. Жалаң көжөлгөн, көк беттиктин арты менен эле көптөгөн идеаларымды ишке ашырып келе жатам.

Бизде, Кыргызстанда менимче монтаждыкка, аудио-видео материалдарды оңдоп-кыркууга окуткан окуу барбы же жокпу айта албайм, бирок, мен билгенден баары эле өздөрү кызыгып эле үйрөнүп алгандар болуш керек. Мен да алгач ошол 2003-жылдары аябай кыйналып жүрдүм. Кайда бараарымды билбейм. Бир гана жол – дагы эле борбор болуп турду. Ар кандай видео монтаж диск-программаларын сатып алып жеке өз алдымча өздөштүрүүгө туура келип жатты. Каалоом күйүп-жанып турса, айла табыла берет экен. Бир нече тасмаларды үйдө өз алдымча үн берип, которуп, ал «эмгектерим» эл арасына жайыла баштаган кезде, бир телекомпанияга жумушка кирдим. Ошол эле кыргызчалатуу идеяларым менен. 2 жылдай араң иштедим. Ал идеяларымдын бири да ишке ашпады. ТВ директору, орун басары деги эле ал жерде иштеген жаштар деле колдоп-кубаттап кетишпеди. Бир кичинекей бөлмө анан 5000 сом айлык бериңизчи, жумасына сапаттуу деңгээлде үн берип, дүйнөлүк тасмаларды которуп берейин, тандоо (кастиң) кылып, үнү туура келген улан-кыздарды жаныма чогултайын дедим. Эч кандай колдоо болбоду. Кадимки жооптуу редактор болуп, жаштар бөлүмүндө видео инженер, монтажер болуп 1800-2000 сом айлыкка эки жылдай иштедим. Менден  башкасы колу бошой калса, башка жумуш кылышып тыйын тапса, а мен кечинде сөздүгүм менен, котормом менен көп убактым өтүп кетти. Кийинчерээк бир студияда,  облустук гезитте, университетте иштедим. Тиричилик кылуу үчун гана. Кечинде сөздүк, кино, мультик котормой. Күндүзү жарыбаган айлыкка мамлекетке иштеп бермей…

Ал жактан качан кетип калдың эле? Негизи эле котормодон сырткары эмне жумуш менен алектенесиң?

– 2009-жылы баарын жыйыштырып, бир жолу котормого киришип, сөздүккө олуттуу карап, китеп кылып чыгарууну, сатылса акчасына шаарда престиждүү, профессионал студия учүн техникалык жабдыктар алам деп биротоло кириштим. Базарларда, диск саткан жайларда жекече үн менен которгон 40 чакты кинолорум, 10дон ашык балдар үчүн тасмалар, илимий-таануу үчүн даректүү тасмаларым диск каракчылары аркылуу өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда, жадагалса коңшулаш өлкөлөрө сатылып жатты. Мен да өзүмдүн котормолорумду өзүм басып, дисктеримди өзүм сатууга киришип көрдүм. Эч кандай майнап чыкпады. Мүмкүн да эмес экен.  Бир түндө 3000-4000 диск чыгара ала турган аппараттары бар, такшалып калган пираттардын жанында менин бир компьютерим, 1 принтерим эч нерсе болбой калды. Эл деген эл экен. Автордун колунанбы, уурдалыппы, уруксатсыз көчүрүлүп сатылып жатабы чатагы жок экен… Алып көрө беришет экен. Жазып койгон телефон номурума чалышат. Ой-пикирлерин билдиришет. Таластан, Баткенден, Көлдөн болобуз дешип…

Элечек 1
Өз бетиңче, ушул эмгектериңди алып чыгып, эл катары соодалап, сатып, жүгүртүп дегендей аракет кадамдарды жасап көргөн учурларың болдубу? Дегеним, андайлар миңдеп жайларды ачып, каалагандай сатышып, айрымдары жер баспай, байып жүрүшкөндөрү деле бар го?.

– Шаарда ижарага бир нече жерден жай алып иштеп көрдүм, же биздин чиновниктер иштете коюшпайт, ачыла элек, баштала элек ишиңди түшүнгүсү келишпейт. Бир жагынан мэриянын, соцфонддун, салыкчылары ж.б. алгыч-жулгучтар алгач башталган кичинекей үмүтумдү да жалп өчурүп жатышты. 30 диск коюп сатсам, патент, лицензия, рейд… Жыйыштырып кетишет. Жанымдагы мага кулак салбай, бир эле мен чыгарып атамбы деген пираттардын диск дүкөндөрү эч эле жабылбайт, тийишпейт аларга. Фанерага эптеп 30-50 диск коюп, мага окшоп араң кыбырап аткандардыкын жыйыштырып кетет… Көрсө,
«мен да таза салык төгөйүн, абийирдүү иштейин, ушу кыргыздар өзбекче жана орусча эле көрө бербей, ансыз да көрүп жаткан кино, мультиктерди кыргызча эле көрсүн» деген аруу тилектеримди эч ким деле уруп ойнобойт экен. Жеке өзумдүн котормо дисктеримди сатып, акча кылып сөздүгүмдү чыгарсам деген, орус-англис сөздүгүн көтөрүп жүргөн миңдеген окуучу, студенттер эне тили аркылуу эле англис тилин үйрөнүшсүн, «Орусия аркылуу эмес, Америкага түз көпүрө салып берейин» деген максаттарымды, болгондо да баары мыйзам чегинде жасап аткан иштерим эч бир мамлекеттик органды же коомдук бирикмени же өкмөттүн өзүн  да кызыктырбайт тура, мен ушуга мыкты түшүндүм…. Менин да бир апчем же таякем Акүйдө, Көкүйдө иштегенде азыр жайнатып эле каалагандай диск дүкөндөрүн ачып беймарал эле жыргап отурмак экемин да. Мага рейд кылып, дисктеримди жыйыштырып алып кете алмак эмес анда. Эки күндүн биринде келип башты ооруткан алгыч-жулгучтар келмек эмес экен. Бул эми өзүңдүн дисктериңди сатып эле бизнес кылсаң болбойбу деп сурай беришкендерге жообум.
(Кыргызстан боюнча диск аттуунун баары текши каракчылык, бир да лицензиялуу мекеме жок. Анан тиешелүү органдар “кайсы арына” каракчылык менен күрөшүп жатабыз, өткөн апта 2000 диск алынды, талкаланды деп жатат? Мисалы, Дордойдогу “Евразия” диск саткан 30 контейнер толтура диск! Миллион диск турат. Күн сайын Талас, Нарын, Ошко он миңдеген диск кетет… Ким кимди алдап атат түшүнбөйм эч! )

Мындан ары кандай кадамдарды жасайсың, кандай ой-максаттарың бар жана каалоо тилектериң менен бөлүшө кетээрсиң?.

– Эми, болгон үмүтүм Сөздүгүмдө. Басылып чыкканга чейин да, азыр да алымча-кошумча жасап келем. Сунуш болсо талап да болот. Жакшы суралат, сатылат деген чоң үмүтүм бар. Буюрса, жарык көрүп калса, кийинки чыгарылыша киришем. Жеке котормо студиямды олуттуу түрдө өнүктүрөм, өзүмдүн жеке турмушума дагы өнүгүү, жаңылануу кирет деп турам.
Чындап эле куру аякка бата жүрбөйт экен. Оозеки колдогондор миндеп саналат. Курулай сөздөр убактылуу дем бергени менен каражат маселеси баарын жеңип турат экен. Бирок, биз каражат маселелерин да жеңебиз буюрса. Чын журөктөн колкабыш кылам дегендерге ыраазычылык гана билдирем. Милдеттүү болбосо да, чын дилден, ак пейлинен жардам, колдоо көрсөтүп жаткандарга үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалаймын.
Кыргыз элиме саламатчылык каалайм. Асманыбыз ачык болсун! Кыргызстандын тагдыры ар бирибиздин колубузда. Өнүктүрүп, гүлдөтүү ар бирибиздин милдетибиз…

Электрондук байланыш аркылуу маектешкен Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Финляндия, Келсинки шаары,
13.10.2013.

Oct 12

«Сүрөт сынак» – «Ааламда Тынчтык»


15 ЖАШКА ЧЕЙИНКИ ТАЛАНТТУУ БАЛДАРДЫН «ААЛАМДА

ТЫНЧТЫК» АТТУУ КӨРКӨМ СҮРӨТ СЫНАГЫ.

Кадырлуу Көчмөндөр! «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу 15 жашка чейинки сүрөт тартканды жактырган, жакшы көргөн жана талант-жөндөмдөрү ачыла баштаган жаш жеткинчектердин арасындагы «Ааламда Тынчтык» аттуу көркөм сүрөт тартуу сынагын жарыйалайт. Сынакка катышууну каалаган 15 жашка чейинки балдар жана кыздар А-5 көлөмүндөгү ак баракка өз колдору менен тынчтыкты чагылдырып тарткан (ачык асман, күн, гүлдөр, кооз жаратылыш, ж. б. у. с.) сүрөттөрүн ата-энелеринин жардамы менен «Кыргыз Көчү» тобунун дарегине жөнөтүп турушат. Андан тышкары ар ким өзү тарткан сүрөтүнө кошумча маалымат катары өзүнүн аты-жөнү жана сүрөтүн, жашын, жашаган өлкөсүн, шаарын же айылын толук жазып бериши кажет. Сүрөт тартууну түстүү карандаш менен аткаруулары керек. «Сүрөт Сынак» 1-октябрдан 6-ноябрга чейин өткөрүлүп, жыйынтыгы 7-ноябрь, Басма сөз күнүндө жарыйаланат. Сүрөттөрүн жиберген балдар-кыздардын эмгектери калыстар тарабынан тыкыр тандоодон өткөрүлүп, алардын ичинен эң көп добуш алган жети жеңүүчү тандалып, байге катары ар бирине акчалай сыйлыктар берилет.

1 – орунга 120 $ доллар. Баш байге.
2 – орунга 80 $ доллар.
3 – орунга 60 $ доллар.
4 – орунга 50 $ доллар.
5 – орунга 40 $ доллар.
6 – орунга 30 $ доллар.
7 – орунга 25 $ доллар.

Ааламтордогу «Фейсбук» түйүнүндө «Ааламда Тынчтык» аттуу балдардын көркөм дүйнөсүн чагылдыра турган көркөм сүрөт сынак бойунча демилге көтөрүп уйуштургандар жана демөөрчүлөр:
1. Гүлсана САРНОГОЕВА. Италийа, Фолиньо шаарынан. 200 евро.
2. Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаарынан. 100 евро.

Сүрөт сынактын жүрүшүн көзөмөлгө алып, башынан айагына чейин карап, калыстык менен жеңүүчүлөрдү тандап, жыйынтык чыгарып бере турган Калыстардын тобу:
1. Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Калыстар тобунун төрагасы. КР, Бишкек шаарынан.
2. Айжан КУЛМАМБЕТОВА. КР, Бишкек шаарынан.
3. Аида Ахмад ЖАМАЛ. БАЭ, Абу-Даби шаарынан.
4. Атыргүл ЗАКИРОВА.  Алтай крайы, Барнаул шаарынан.
5. Миргүл ӨМҮРАЛИЕВА. Италийа, Рим шаарынан.
6. Улан КОШАЛИЕВ. Корейа, Кимчон шаарынан.
7. Улан САТЫБАЙ. АКШ. Чикаго шаарынан. Сүрөтчү.

Сүрөттөрдү кабыл алуу жана «Кыргыз Көчүнө» жарыйалоо 1-октябрда башталды!.

Э 0
Баш 1
сүрөт 1

 

сүрөт
Сүрөт 2

 

Сүрөт 2

Сүрөт

Сынак 8

Сынак 6

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Сүрөт 2

Сынак 2
Сынак 3
Сынак 4
Сынак 1
Oct 12

Убада..

"Көчмөндөр"

Улуттук тил комиссийасынын кабыл алуусунда болгон “Көчмөндөр”.

ЭРМАТОВДУН ЭШИГИН АТТАГАН «КӨЧМӨНДӨР»

Урматтуу «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун мүчөлөрү жана Достор!

Кечээ, 10-октябрда,  саат 14-00дө КР Президентине караштуу Улуттук тил комиссиясынын төрагасы Эгемберди Эрматов мырза менен «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун өкүлдөрү жолугуп, эне тилибиздин тагдырынан тартып, улуттук маданийат, адабийат, келекчек муундун тарбийасына чейин кызуу кептешип кайттык. «Көчмөндөр» тараптан мен, Чынара Сарбагышова, Райкүл Айдаралиева, Эсенбек Чоткараев,  Кымбат Алмазбекова, Хатира Асановна жана Бахтияр Балтабаевдер болушту. Төрага Эгемберди Эрматов жана анын орун басары Чолпон айым менен ийри отуруп түз кеңештик.

Сөз башында мен биздин «Кыргыз Көчү» тобу Ааламтор айдыңындагы эң биринчилерден болуп дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жашаган жалаң мекенчил кыргыздар тарабынан уйушулган топ экенин, Эне тилибизди коргоо, колдоо, өстүрүп-өнүктүрүү жана кеңири жайылтуу бойунча талыкпай аракеттенип жатканыбызды, бир топ иш чаралар уйушкандык менен өткөнүн жана өтүп жатканын айтып берип, андан тышкары баягы «Баннер чырына» токтолуп, ал бойунча дагы кеңири маалымат бердим. Ошону менен сөз кызып, Эгемберди агай өзү да эмне иш кылып жатканын, кандай максаттары бар экенин, мыйзамдык, техникалык-материалдык, моралдык жактан эмнелер жетиштүү, кайсылар жетишсиз экенин айтып берди. Биз дагы кабыргадан качырган суроолорду берип, сунуш-пикирлерибизди ортого салып айтып отурдук. Мекенчилдер тобунун кабыландан кайра тартпас сөздөрү Эгемберди акеге дем берип, Чолпон айымга да шык жандырдыбы, экөөсү тең агынан жарылып, жалпыга жайбай турган, бирок, олуттуу делген маселелерди ачык эле айтып алышты.

Тил кемис. 5Кыскасын айтканда, бул жолугушуу таанышуу, учурашуу маанайында өтүп, бир топ сунуш-пикирлерди алмашуу болгону менен жыйынтыгында мындай жолугуушалр ар ай сайын өтүп, биргеликте иштөөнү кагаз түрүндөгү иштер аркылуу ырастамак болдук. Антсе да, алгачкы жолугушуунун жемиши «Кыргыз Көчү» тобунун демилгеси менен КР Президентине караштуу мамлекеттик Улуттук тил комиссиясында Байкоочулар Кеңеши түзүлүп, алар КРнын бүт аймагындагы көрнөк-жарнак иштеринин кыргыз тил мыйзамына ылайык, кыргыз адеп-ахлагына, каада-салтына туура келген абалда болуусуна көзөмөлчүлүк кылмай болду! Кыскасы, буюрса, Байкоочу Кеңештин негизги бөлүгүн “Көчмөндөр” түзүп, көрнөк-жарнак иштериндеги кыргыз тилин одоно бузган катачылыктардан тартып, жылаңач кыздардын сүрөтүнө чейинки алашемдиктерди ар ай сайын атайын кароо аркылуу тизмеге тизип, тил комиссиясы менен бирдикте тиешелүү жерлерге талап коймок болдук!

Мындан башка да сунуштар кагаз түрүндө жазылып, тил комиссиясындагы келерки отурумда ортого салынмай болду. Кыскасы, биз бири-бирибизге түшүнүшүп, «тилегибиз эле жакшылык» дегендей, тилдин келечеги үчүн талыкпай иштей бермек болдук. Биз айттык, «өзүңөрдү өзуңөр эле кичирейтип, мокотуп колуңарды да тилиңерди да кыркып бүттүңөр. «Рекламаны эмнеге шаар мэриясына бердиңер, ошолор тилге көйөбү» дедик. Ошондон кийин жибип, Байкоочу кеңешти бизге бермей болушту. Мыйзамга шылтай бербей пайдалуу ишти кылалы, президент Атамбаевдин тил мыйзамын артка кайтарганы кыргыздарга жасаган жакшы мамилеси эмес деген дагы ачык сыныбызды айттык.  Буга Эрматов мырза, «ар дайым биргелешип иш кылалы, каалаган убагыңарда келгиле, мен Атамбаевге түз кирип чыкчуу ишенимдүү кишимин, жакшы сунуштар болсо айткыла, түз эле кирип маселени чечип чыгам» деген айбаттуу убадасын узатты. Көрөбүз дедик. Котормо жөнүндө дагы айттык, жеке мен өзүм айттым, «Кыпкыргызча» деп эле автоматтай шакылдатып көрүнгөнү көрүнгөн сөздү кыргызчалап жатат, бул туура эмес, Юдахин деген бар, андан мурун Махмуд Кашгари деген болгон, түрк тилин изилдеген, ошолорду бир карап койгон киши болобу» деп. Эрматов мырза айтат, «которо берсин, бирок, терминком деген бар, ошолор кабыл алып, анан таратат, которгондун баарын эле эл кабыл ала бермек беле деген жообун узатты. «Кыргыз тилин окутуунун, үйрөтүүнүн жеңил методикасы качан чыгат» деди Кымбат эжекебиз. Тигилер болсо бир канча вариантты кабыл алышканын, азыр ар бир автордун методологиялык, усулдук китептери каралып жатканын, ар биринин гонорары, китебинин чыгуу чыгымы эсептелип жатканын, анан ачык талкууга койо тургандыктарын айтышты.
Жанагы
«Альянс» деген ажылдаарларга да каршы чабуул койууну айттык, алар бул маселе бойунча Президетке чейин кат жолдоорун билдиришти. Анан жанагы кыргыз ӨҢҮ тамгаларын кабыл алуу бойунча, биздин жазган катттарыбыз бойунча да сурадык. Алар «баары көзөмөлдө, бул бойунча атайын комиссия түзүп, ишти алдыга жылдырабыз» дешти.

Дагы айттык, «ушул биздин суроолор менен талаптар бойунча эмне иш аткарылып жатат, кайсы маселе кайсыл жерине жетти, хронология кылып, сайтынарга илип тургула, сайтыңарга «Биздин өнөктөштөр» деген раздел ачып, биздин «Кыргыз Көчү» тобун койгула, бир басканда автоматтык түрдө «Фейсбуктагы» биздин топ дароо ачылгыдай болсун» деген кеңешибизди да бердик. Акырында алар жанагы Байкоочу кеңеш бойунча биздин юридикалык статусубуз болоору менен чогулалы, силер минюстан расмий каттоодон өтүп келгиле» дегенине сунушуна макул болдук. Андан кийин анан көптөгөн иш кагаздар, документациялар менен бекемделип башталмакчы болду. Ушуну менен айактап бара жатканда өткөндөгү Көчмөн кызыбыз Айжаркын Эргешова аркылуу топтун атынан атайын суроо дайардалып, аны берип кеткенин эскертип, жооп алуу аракетин кылганымда тилеке каршы жооп бере алышкан жок. Ар жак, бер жакка буруп, ал сурообузга жооп бербегилери келгендей эле буйтактатып тим болушту..

Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ. Журналист, Бишкек шаарынан. 11.10.2013.

Oct 10

«Көчмөндөр» көтөргөн демилге!.

айым 1КЫРГЫЗЧА АНГЛИСЧЕ СӨЗДҮК ЖАРЫК КӨРӨТ!.

Жыргалбек АЖИМАТОВ: «ЭЛИМЕ МЕНДЕН БЕЛЕК!.»

Жыргалбек, ушул Сөздүктүн жаралуу тарыхына учкай токтоло кетсең, эгер мүмкүн болсо?
– Бул өтө эле узун тарых, сөздүктүн жаралуу тарыхына он жылдан ашкан убакыт кетти. Ооба, эмгектерим текке кетпей, баалана баштаганын мени абдан кубандырат. Азыр кара-ап отуруп артта калган ар бир күн, саат, мүнөттөрүмдү эстейм. «Кайсы күч-кубат, энергия менен жаздым экен, түздүм экен» деп таң берип кетем өзумөөзүм.. Ушунча көзүмдүн майын коротуп, элчилеп тигил-бул жакка барбай, күндөп-түндөп кагаздан көзүмдү албай отурган миңдеген уйкусуз сааттарымды эстейм…
Кай бир учурларда ручкамдын сыйасы түгөнүп калса, велосипед менен шаарга түшүп, кайра чыгып, жыйырма чакырым аралыктагы базарга эринбей барып кызыл, көк калем сатып алып келип ишимди тынбай уланткан күндөр, уйкусуз түндөр…
Түн жарымында чочуп ойгоно калып жазган эмгектерим, котормолорум. Акыры мындай эмгектин үзүрүн көрө турган кез да келет окшойт.. Мунун баарын бир белгисиз күч жасаткан экен деген эрксиз ой келет. Албетте, Эл үчүн жасалды мунун баарысы, адамдарга ушундай жакшы, ыңгайлуу шарт түзүп бергим келчү. «Оңой үйрөнүшсүн, менин элиме берген жардамым ушул болсун, элим кыйналбасын, орусча-англисче сөздүк ачып убара болушпасын» дечүмүн!. Аттиң, акчам болгондо эч кимге айтпай
дебей эле китеп кылып бастырып чыгарып, каалагандардын баарына акысыз эле таркатып салмакмын..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист. 13.10. 2013. Келсинки шаары, Финляндия. 

 «КЫРГЫЗЧА-АНГЛИСЧЕ» СӨЗДҮКТҮН ЖАРЫК КӨРҮШҮНӨ КӨМӨК, ЖАРДАМ КӨРГӨЗҮП, ДЕМӨӨРЧҮЛҮК КЫЛЫП ЖАТЫШКАН КЫРГЫЗЫМДЫН АК ЖҮРӨК АЗАМАТТАРЫ!.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ —  100 доллар. Финляндия, Келсинки.
Элбек БАЗАРОВ — 10 000 миң рубль. Оруссия, Сүргүт.

Бектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан. 500 сом.

Бектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан – 500 сом.                              

ГүлсанаСАРНОГОЕВА . Италия, Фолиньо шаарынан – 50 евро.

Гүлсана САРНОГОЕВА. Италия, Фолиньо шаарынан – 50 евро.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Нурзат МОКЕНОВНА.  Бишкек шаарынан - 2000 сом.

Нурзат МОКЕНОВНА. Бишкек шаарынан – 2000 сом.

Мирбек КЫРГЫЗСТАН. Бишкек шаарынан - 1200 сом.

Мирбек КЫРГЫЗСТАН. Бишкек шаарынан – 1200 сом.         

 

 

 

 

 

 

 

 

Мирланбек ТААБАЛДЫ уулу. Оруссия, Маскөө шаарынан - 100 рубль.

Мирланбек ТААБАЛДЫ уулу. Оруссийа, Маскөө шаарынан – 1000 рубль.

Мухамед ОСМОНАЛИ уулу. Бишкек шаарынан - 500 сом.

Мухамед ОСМОНАЛИ уулу. Бишкек шаарынан500 сом.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Чынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан, 500 - сом.

Чынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан – 500 сом.

Райкүл АЙДАРАЛИЕВА. Бишкек шаарынан - 1000 сом.

Райкүл АЙДАРАЛИЕВА. Бишкек шаарынан – 1000 сом.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Бахтияр БАЛТАБАЕВ. Бишкек шаарынан - 2000 сом.

Бахтияр БАЛТАБАЕВ. Бишкек шаарынан – 2000 сом.

 

 

 

Oct 08

Эрматов маек..

ээ 5КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил бойунча Улуттуккомиссиянын төрагасы Эгемберди ЭРМАТОВ:


«БИЗДИН АЛДЫБЫЗДА АЧЫЛГАН ТОП ДЕГЕН ЭМЕСМИН»


– Агай, КТРК де сиз катышкан «Күндүн темасы» берүүсүндө «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобун биз негиздегенбиз, колдоолорду көрсөтүп жатабыз» дедиңиз, ушул тууралуу кенен маалымат бере аласызбы?

– Биз «Кыргыз Көчү» эле эмес, кыргызча көп сайттар менен иштешип жатабыз. Мисалы «Кыпкыргызча», «Кыргыз тудей» айтор көп сайттар менен кызматташып жатабыз. Алар биздин ар кандай материалдарды, жасалган иш чараларды жарыялап, кыскасы азырынча маалымат алмашуу болуп жатат. Ал эми биз конкреттүү материлдык колдоо көрсөткөн сайт жок азырынча. Президентибиз кыргыз тилин өнүктүрүүгө аракеттенип, анын үстүндө иштеп жаткан кыргызча сайттарды материлдык жактан колдоо тууралуу жарлыкка кол койду. Эми Жаңы жылдан кийин буйруса казынадан атайын каражат бөлүнөт деп күтүп жатабыз. Ошондо материалдык жардам да беребиз.
– Бул топту учурда Финландияда жашап жаткан эркин журналист Асыран Айдаралиев негиздегенинен кабарыңыз бар чыгар?
-Чынында так маалыматым жок, иштешсек баарын такташып, кабарлашып турабыз деп ойлоймун.

– Сиз анда берүү учурундагы өз сөзүңүздө «биздин алдыбызда ачылган топ» деп эмненин негизинде айттыңыз?

– Биздин алдыбызда ачылган топ деген эмесмин, мен биз маалыматтык тараптан иштешип, бири-бирибизге колдоо көрсөтүп жаткан сайттар деп айткам. Ал жерде дал ушул топ тууралуу эмес, жалпы эле кыргызча сайттар тууралу кеп козголгон. Деги эле ушундай сайттардын башын бириктирип, чогуу иштешсек деген пландар бар.

– Сиздерге «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунан өкүлдөр келиштиби?

– Жеке менин кабыл алуума келишкен жок, биринчи болуп сиз менен маектешип жатам. Мүмкүн менин башка жардамчыларыма келишкен чыгар.


Маек курган Айжаркын ЭРГЕШОВА. Акын, журналист
.

P. S. Ушул беш ооз сөзгө жооп алып, Асыран ага аманат кылган «Көчтүн» алакандай катын калтыруу үчүн үч күн Эрматов агайдын эшигин кагып, бирок үч күн тыкылдаган катчы кызын гана көрүп кайтып жаттым. Катчы кыз улам «ана келет, мына келет», «азыр кетти», «саат баланчада келиңиз, келсе эле чалып койом» деп тил эмизип, бирок чалган жок. Качан бир аз кайым айтышканда гана агайына кирүүгө убакыт тапты. Үч күн күттүргөн маек үч мүнөткө созулду да, үч ооз кеп айтылды..

Sep 30

Көч козголду..

КЕҢ МАСКӨӨДӨ ЧОГУЛУШ, КЕРЕМЕТ ТУРА ЖОЛУГУШ!..

 

Адатта адам баласы үчүн ар бир күндүн баалуулугу өзгөчө эмеспи. Антсе дагы жалпы эле аалам тор айдыңындагы «Кыргыз Көчү» тобунун мүчөлөрү үчүн үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күз күндөрүнүн бири, тагыраак айтканда, 21-сентябры өтө зор мааниге ээ сыпатта өткөндүгү турулуу иш. Себеби, бул күнү жер-жерлерде, тагыраагы Бишкек, Санкт-Петербург, Маскөө, Сеул, Келсинки өңдүү ири шаарларда Эне Тил жумалыгын утурлаган «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу уюштурулуп, маанайлардын майрамга айланганы аштан бышык. Өзүм Маскөө шаарында иштеп жашагандыктан Маскөөдөгү жолугушуу тууралуу азын-оолак ой бөлүшсөм, максатка шайкеш келчүдөй. Эмесе, кеп башынан болсун.

Маскөөлүк "Көчмөндөр". Солдон оңго: Кызжибек Мира, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Уулкан Амираева, Турусбек Тургунбаев, Толкунбек Акматов, Гүлзина Кадыркулова, Самара Насырова.

Маскөөлүк “Көчмөндөрдүн” жолугушуусу.  Солдон оңго: Кызжибек Мира, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Уулкан Амираева, Турусбек Тургунбаев, Толкунбай Акматов, Гүлзина Кадыркулова, Самара Насырова жана Азада Жолдошова.

Ошентип, Маскөө шаарында жайгашкан «Браво» кафесиндеги «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу 21-сентябрь күнү туп-туура кечки саат 17:00 дө башталды. Жолугушууга өмүрлүк жары менен бирге Толкунбай Акматов, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Турусбек Тургунбаев, Гулзина Кадыркулова, Уулкан Амираева, Кызжибек Мира, Самара Насырова өңдүү чыныгы «Көчмөндөр» келишти. Ушул жолугушууга жумуштан эрте бошонгонума карабастан, жолдо метро бузулуп, ийне көзү көрүнгүс анын вагонунда жарым сааттай камалып, чый-пыйым чыгып атып, дээрлик бир сааттай кечигип барганымы унута албасмын, эй! Негизи эле жолдо жүргөндө кечикмей адатым бар. Мындан үч жыл илгери Кыргыз жергеме баратып, аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнөн улам мен түшө турган учак өз мөөнөтүндө учпастан, «Домодедово» аэропортунун күтүү залында дээрлик эки суткадай түнөгөнүм эмдигиче эсимде. Оо, ошондогу нервдин, маанайдын бузулганын, элестете бериңиздер.. Калгандары шартка байланыштуу келе алышпагандай. Мурун-соңу жүз көрүшпөсөк да, ааламтор айдыңында достошкон «Көчмөндөр» дароо эле эски тааныштардай жылуу пикирлешип, көңүлдүү сүйлөшүп олтурдук..

 

Негизинен сөз оролу «Кыргыз Көчү» тобунун алгылыктуу аракеттери тууралуу ойлорду ортого салуудан башталды. Ал ортодо ушул мекенчилдердин тобун негиздеген автору, учурда Финляндияда жашап жаткан, мекенчил инсаныбыз жана «Көчмөнбашыбыз» Асыран Айдаралиевдин 21-сентябрдагы туулган күнүн эске салуу менен бирге Агайдын дарегине куттуктоо сөзүбүздү жамгырдай жаадырдык. Андан соң 23-сентябрдагы Эне Тил күнүн утурлап, мекенчил «Көчмөндөрдүн» «Эң кымбатым-Эне тил!» аттуу ураан, чакырыгынын канатында Эне Тил тууралуу түйшөлткөн маселелердин учугун чубадык. «Кыргыз Көчүнүн» Кыргыз ӨҢҮ_жаатында жасаган ат көтөргүс эмгектерин, улуттук ар-намысыбызды ойготуу сыпатындагы кыргыздын нукура баалуулуктарын касиеттөөгө багытталган аракеттерине саресеп салып, бааладык. Катарыбызга жеке эле биз эмес, бүтүндөй кыргыз кандаштарыбызды тартуу керектигине токтолдук. Анан да Асыран Айдаралиевдин «Кыргыз ӨҢҮ_ Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй», Уулкан Амираеванын «Каректеги жаш», Самара Насырованын «Эки асыл» деп аталган ыр китептеринин жарык көрүшү менен да куттуктап, калемгерлерибиздин чыгармачылык иштерине изги ийгиликтерди ыроолодук. Демөөрчүлүк салымдарын кошушкан азаматтарыбызды да алкадык. Арийне, жолугушуунун жүрүшүндө жай сөздөргө да кезек берилип, аксакалыбыз Толкунбай Акматов агай ар түркүн тамашаларын айтып, боорубузду эзди. Андан кийин мен (Акылбек Мамадалиев) кудурети күчтүү Кудай тууралуу жазылган ырларымды окуп, дил кушум булут жиреп, катуу толкундадым бейм. Ушул эле жөрөлгөнү Турусбек Тургунбаев, Уулкан Амираева, Самара Насыровалар да татыктуу улантышып, көңүл түпкүрүнөн оргуп чыккан ырларын окуп беришти..

Толкунбай агайдын өмүрлүк жолдошу болсо жагымдуу жылмайып, «Мен ыр жазбайм деле. Бирок ырга ченебей ышкыбозумун. Сиздердин ырларыңызга көңүл төшөп, кадимкидей канагат алдым. Бар болуңуздар! Дамамат алгалай бериңиздер, урматтуу «Көчмөндөр!» деген ак дил, алкыш кебин жашырган жок. Ал эми асылкеч кыздарыбыз Кызжибек Мира, Гулзина Кадыркуловалар кызгалдактай кулпурушуп, улуу-кичүүнү бирдей ызаттаган ыйбалуу мамилелери, кулактын жарпын жазган шыңгырак күлкүлөрү менен кеченин көркүнө көрк кошушту. Мирланбек Таабалды уулу болсо накта кыргыз жигитине тиешелүү кичипейилдигинен жазбады. Асыресе, үстөл үстү дүр-дүйүм

Гүлзина Кадыркулова, Кызжибек Мира, Уулкан Амираева жана Акылбек Мамадалиев.

Гүлзина Кадыркулова, Кызжибек Мира, Уулкан Амираева жана Акылбек Мамадалиев.

тамактардан кайкалап турду. Негедир, арабызда ачуу суусундуктардан «сеп» эткен деле эч ким болбоду. Жемиш ширелеринен татканча таттуу ойлорго оролдук. Эстеликке деп сүрөткө да түштүк. Шаңдуу музыка ыргагында бийлегенге да үлгүрдүк. Айтор, сутканын төрттөн бир бөлүгүн «Браво» кафесиндеги жолугушууга арнаган Маскөөлүк «Көчмөндөр түн ортологон ченде жайдары маанай менен мындан ары да байма-бай жолугушуп туруу ниетин көздөп, үйлөрүбүзгө тарадык. Ырасында эле, ушундай жолугушуулар келерки күндөрдүн эсебинде көбүрөөк болсо кана, дейсиң! Бөлөк эл, бөтөн журтта жүргөндө жалпы эле Кыргыз «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу, азгантай саамга нукура кыргыз тилинде баарлашуусу, нукура кыргыз элине мүнөздүү болгон жарык пейилдин жетегинде алакалашканы алкоого татырлык го?..

 

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, акын, журналист. Маскөө шаары. 29.09.2013.

Sep 25

Көз ирмем..

ЭКЕ 8МЕКЕНИМДЕГИ ОТУЗ АЛТЫНЧЫ КҮЗ!

 

Өмүрүмдүн отуз алтынчы күзүнүн күтүрөгөн биринчи күнүн Ата Журттун ысык демин искөө менен тосуп алдым. Туулган жерди көрөм деген эңсөө, куса менен учактын тепкичтеринен түшүп келе жатып, Мекенимдин кооз, жанга жагым айланасына көз чаптырып, абасынан кере кере дем алып, ушунчалык көңүл толкуткан абалда болдум. Ташып толкуган жаным, документтеримди текшерген жерден өтүп, жүгүмдү алып, шашып бушуп, сыртка чыктым . Кыркалекей тизилген күтүүчүлөрдү тиктеп мени ким тосуп алаар экен деп, алардын арасынан өзүмө караштууларды карап баратты. Кыргыздарым көзүмө жакын да, сүйкүмдүү да көрүндү. Тосуп келгендер менен кучак жая көрүшүп, үйгө балдарыма шашып бараттым. Жеңил машинада баратып Ордолуу Ошумдун көчөлөрүнө көз чаптырып, мурдагыдан да сулууланып калган шаарыма кубанып бараттым. Көчөлөр мурдагыдай өңгүл-дөңгүл, чаң эмес, түптүз асфальттанган, жол жээгинде түркүн-түстүү гүлдөр жайнайт, жарнамалар бажыраят, эстеликтин четинде фонтандар атылып, өзүнчө эле керемет! Чынында шаарыма көзүм тойбой суктанып бараттым. Үйгө келип тууган-урукка учурашып үлгүрө элегимде, менин келишимди эле күтүп турушканбы, кудалар басты, кызыма жуучу түшүп келишиптир.

 

Москвада жүргөнүмдө да телефон чалып, «балдар сүйлөшүп калышыптыр» – деп атышкан эле, мен барайын, жүзмө жүз көрүшөлү, сурап сүрүштүрөлү, кызым жаш, күтө алсаңар бир эки жыл күткүлө, анан көрө жатаарбыз деп койгон болчум. Мына эми, күйөө болчу жигитти көрчү кез, анын ата энеси менен таанышып сүйлөшчү кез келип жеткенин туйдум. Жүзүнөн мээри төгүлгөн, көрүшкөн күнү эле «айланайын, садага болоюн балам» деп жалынып жалбарган ак чач эне, менин болочок кудагыйым Аширкан эже экен. Эне мээримине, эненин жалынып жалбарганына зар жаным, көңүлүм жылый түштү. Ачык айрым, оюндагыны шарт айта алган, келишимдүү жигит болочок күйөө балам да дилиме толуп турду, негедир ушул жигит кызымдын көз жашын агызбай, бапестеп алаарына терең ишендим. Анын үстүнө, кызымдын да көңүлү бардай, экөөнүн бирин бири сүйүү толгон көз менен карашкандарын көрүп туруп, макулдугумду бербей койо албадым. Балким бул насип тагдыр болсо керек!!!.. Ошентип Кыргызстанды аттаган биринчи күнүмдө кызымды бөлүп, калыңы бычылып, эки жаштын той күнү белгиленип, бетке бата тарттык. Экинчи сентябрь күнү кафеде туугандар чогулуп, кызым Айданага сөйкө салуу аземи болду, кудалар менен жакындан таанышып, сүйлөшүп олтуруп, кеч таркадык. Күздүн үчүнчү күнү да мен үчүн кубанычтуу күндөрдүн бири болду десем жаңылышпайм, анткени Асыран Айдаралиев негиздеген «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун мүчөлөрү менен Ордолуу Ош шаарында жолугушуу кечесин белгилеген элек, алар менен жолугуп, «Көчмөндөрдүн» атынан чогулган төрт инсан бир дасторкондон даам сызып, эзелки, жүз жылдар мурдагы тааныштардай күлүп жайнап отурдук. эмбл 3Калмамат ава сөзгө чечен, жаш жигиттей шапылдаган, ары куудул киши баарыбызды башкарып, сөздү сөзгө улап, жайдаңдап отурду, кезеги келгенде ырдап да жиберди. Бизди сүрөткө тартам деп, бир, эки үч, төрт, деп эсептеп, он эки, он үч, он төрт дегенде гана сүрөткө тартылат экен, аны күтүп баарыбыз эстелик болуп катып калдык, он экиии дегенде мен күлүп бүтө албай койдум, деги күлкүм токтосочу…Койчу деги, жүргөн жерин шаңга бөлөгөн инсан экен!.. Азизбек болсо, өзүнчө эле чоң атам! Орундуу сүйлөп, саясатка жакын жигит экен, шайыр да, күлкүчү да экен, шатыратып ыр окуп жиберет, бакылдап бата берип жиберет!.. Ал биздин сүрөтчүбүз болду, эринбей баарыбыздын көөнүбүзгө карап, ар түрдүү сүрөттөргө тартып жүрдү! Жыргалбек болсо, анегдоттору менен боорду эзип атты, кылган иштери, жасаган эмгектери менен тааныштык, эл үчүн күйүп бышкан, калктын камын ойлогон бактылуу инсан экен! Анын англис кыргыз тилиндеги котормолору көп адамдардын керегине жарайт деп терең ишенем! Мен деле жалаң жигиттер жана мен болуп, мырзалардан кем калышпай, ыр окуп, Москвадагы жаңылыктардан сөз кылып отурдум, мындагы жетишкендиктерибизди, жаш таланттарды колдоп жүргөн, «Аруу жан» коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын колдоосу менен «Аруу Дүйнө – 1,2» аттуу таланттардын жыйнак китептери чыкканын, ушул аталыштагы гезит чыгарганыбызды, айтып өттүм. Эргип кетип «Булбулумду» ырдап да жибердим. Кыскасы бул күнүбүз эң сонун эсте калаар күн болду! Бири-бирибизди кыя албай, араң эле коштоштук!!!.. Төртүнчү күнү «жолоочунун жолдогусу жакшы» деп борбор шаарыбыз Бишкекти көздөй жол тарттым. Түнү менен жол жүрүп, таңга маал барчу жериме жетип, жайланышып алган соң, Москвадан барган кесиптештерим, досторум менен жолугушуп, Бишкекти кыдырдык, кооз жерлерине барып сүрөттөргө түштүк. Эртеси ЭлТРде съемкада болдук, бизди Нуриза аттуу татынакай кызыбыз тартып, тааныштырып жатты. Ал акын кызыбыздын китептеринен да автограф жаздырып эстелике алдык, андан чыгып академик Лариса Асанбекова эжебиз машинасы менен кең Бишкектин булуң бурчтарына алып барып, көптөгөн сонун жерлерди көрсөттү жана бизди сыйлады. Жазуучулар Союзу тараптан капысынан Чолпонбек Абыкеевди көрүп калып, Нуржамал экөөбүз салам айтып жиберсек, кайран Чокем чоочуп жүрөт, кимдерди көрүп турам деп.. Көрсө ал да бизди карап, Москвалыктарга окшош экен, деп тааный албай бараткан экен.

Кечинде Лариса эже «Кыздар ай» китебинин акындарынын жолугушуусуна алып барды, Бурулкан Карагулова эже, Айжаркын Эргешова менен, дагы көп акын жазуучу эже сиңдилер менен таанышып, өзүбүздү толуктап отурдук. Жетиси күнү дагы съемкада болдук. Бизди ЭлТРден Алтынбек Исмаилов жаркылдап тосуп алды да, «Чак түш» берүүсүндө түз эфирде болдук! Алтынбектин суроолоруна жооп бердик, ыр окудук, элге каалоо тилек айттык! Саат беште филармонияга акын жазуучу Бактыгүл Сейитбекованын элүү жылдык юбилейине бардык, апапак көйнөк кийип гүлгө оронгон эжейимди көрүп суктандым, аябай сулуу болуп, сахнада нурданып отурду! Куттуктоолор!!!… Менмин деген акын жазуучу эжеке агайларыбыз келип, катышып, куттуктап жатышты. Ырчылар коштоп ыр ырдап, бийчилер бийлеп үч аншлаг менен өттү! Эл залга толуп, батпай балконго чейин чыгып, көрүп жатышты!.. Биз да Москвадан барган төрт өкүл, ыйык сахнага чыгып каалоо ырларыбызды окуп түштүк, албетте ошончо зал толгон элдин сүрүнөн толкунданып да, сыймыктанып да турдук! Асыран агайдын жардамы менен алты «Көчмөндү» чакырган элем кечеге, алар да келип, тааныштык жана эртесине Бишкекте «Көчмөндөрдүн» чакан жолугушуусун уюштурмай болуп сүйлөштүк! Эки жарым саатка уланган юбилей эң жогорку деңгээлде өттү, андан чыгып ресторанда эженин коногу болдук! Ал жакта да он эки , бирге чейин сый үстүндө болуп, таркадык. Эжебиздин калкына ушунчалык сый урматы, таасири, таланты бар экени менен сыймыктанып, биз да ушул даражага жетсек деген тилек ар бирибиздин башыбызда, жүрөгүбүздө турду!!!


Сегизи күнү Айжаркын Эргешова экөөбүз жолуктук, биз буга чейин бир жарым эки жылдай виртуальдуу достордон болсок да, бет келишип көрүшө элек болчук. Бар тарабы сыртына чыккан жаркылдаган, тамашакөй жан экен, бат эле эски достордой тил табышып кеттик, алтысында жолугушууда көпчүлүк менен болуп, анын үстүнө алгач ирет көрүшкөндүктөн анча кобураша албаган элек. Каткырып, өткөн кеткенден кеп салып отуруп, саат алтыда «Көчмөндөр» чогулган «Империя плов» кафесине барып түштүк, бизди чыдамсыздык мене күтүп атышкан экен, кучак толгон гүлдөрү менен Бишкектин Көчмөндөр тосуп алышты. Баары шайыр, жүздөрүн күлкү чайган, бактылуу инсандар менен жолугуу, аларга сыйлуу конок болуп отурганым үчүн мен өзүмдү бактылуумун деп эсептейм! Төрдөн орун беришип, жашу улуу эжелерим улуумун дебей, сыйлаганына терең ыраазычылыгымды билдирем! Күпүлдөтүп ыр окудук, ырдадык, аккардеон ойногон актер жигит тим эле жүрөк бооруңду эзип ырдайт экен, кайра
кайра суранып ырдатты, эң сонун каалоо тилектер болду, баарыбызга ийгиликтерди каалап коштоштук! Тогузу күнү таң эрте Заманада съемкада болдук. Андан чыгып Айжаркын гид болуп, жакшы магазиндерде болдук, кийим кече сатып алдык да үйгө келип, Айжаркындын уулу аяш уулум Исхак болуп кобурашып, досумдун коногу болдум. Ону күнү уйкуну бышырып алып, чачыбызды жасатып, саат экиде Кыргыз патентте болдук, ал жерде Кыргыз патент тарабынан жана акын Нурлан Калыбековдун колдоосу астында жети автордун китеби бекер чыгарылып, китептердин бет ачаар аземи болуп өттү. Жети автордун арасына кошулуу бактысы мага да насип кылып, «Эки асыл» аттуу аңгемелер жана новеллалар жыйнагым жарык көрдү.

Журналисттер сүрөттөргө тартып, теледен интервьюларды алышты. Жакшы каалоолор менен китептер ээлерине тапшырылды. Ал жерден өзүбүздү кеңири тааныштырып, бирден ыр окудук, «Көчтөн» колдоп барган Райкүл Айдаралиева, Чынара Сарбагышова, Хатира Асанова жана Айжаркын Эргешоваларга чын дилимден ырахмат айтам. Ошондой эле колдоо көрсөткөн биздин жетекчибиз Бактыгүл Сейитбековага жана Нурлан Калыбековга чексиз ыраазычылык билдирем. Албетте ал жерден да эстелике сүрөткө түшүп, китептерибизден алышып, досторго берип, көрүндүктү да мол алып, жолумду уладым. Ушинтип Бишкектеги алты күнүмдөн алты жылдык эргүү алып, Бишкектиктер менен коштошуп, сапарым карыганын айтып, Айжаркындын, Айжан эженин жана Нуржамалдын узатуусу менен Ордолуу Ошума сапар алдым. Таң эрте тогузда Ошко келип түштүм да, дароо тойдун камы менен базарлыктарды баштадым. Мен келгенче кайын энем, кайын эжемдер көрпө төшөктөрдү камдап коюшкан экен. Кызым менен күйөө баламды ээрчитип алып сарпай кылдык, аларга жаккан кийим кечелерди алып, эртеси той көйнөгүн көрүп, кызыма өзүм тандаштым. Ал жердеги «кыздар жеңеси болосузбу?» – деп сурап коюшат. Ошентип кызымды узатаар күн да келип жетти. Ичим туз куйгандай эле ачышат, кызымды алып Маскөөгө алып кетип калгым келет, кайра «кой, бактысын тилейинчи баламдын» – деп өзүмдү жубатып койом. Баары бир канча сабырдуу болоюн десем деле кызым колумдан чыгып башка бирөөгө бүлө болушун ойлосом, эмчегим зыркырап алат.


эмбл 2Мынакей.. Аппак көйнөк кийип, айдан түшкөн перидей болуп, супсулуу, татына, пакиза, периште кызымды көрүп, көз жашымды бир шыпырып алдым. Ким ойлоду дейсиң, кечээ эле апалаган кичинекей бөжөгүм бүгүн минтип ак көйнөк, ак шөкүлө кийген келинчек болоорун!.. Мен деле ушул күндөрдө кайнене болуп, кимдир бирөөгө сыйлуу кудагый болуп калам деп жети уктап түшүмө кирген эмес! Албетте боло турган нерселер дечи, бирок мынчалык чукул болушун күтпөгөн жаным, делдиреп жүрдүм! Же бир апам жанымда болсочу, ушундайда акылыма акыл кошоор, демиме дем болоор.. Атам, ардагым, аска зоом атам кашымда болду!.. Атама, атамдын бар экенине жаратканга тобоо келтирдим!.. Оорумду колдон, жеңилимди жерден алган кайын журтума да аябагандай ыраазымын жана карыздармын!.. Апамдын жоктугун билдирбей отурган кайын энеме ыраазымын!!!

Кагылайын апам ай!!! .. Кызыңдын ушул күндөрдө жетим кыздай салбырап, ич дарты ичинде болуп, көз талыта жол карап сени күткөнүн сезээр бекенсиң!!!.. Келсе, балпайтып төрүмө отургузуп, сарпайдын тазасын, жиликтин эң сыйлуусун берсем, апасы бар дедиртип эле акыл насаатын айтып үйүмдүн куту болсо кана атаганат, деп ичимден тынып, шуу үшкүрө жол караганымды, эч кимге көрсөтпөй эчкирип ыйлаганымды сезээр бекенсиң, туяар бекенсиң апакем!!!.. Эмчегиң деле зыркыраган жокпу ыя апаке?!!!.. Мейли кантсе да апам бойдон каласыз, мени жаратып койгонуңузга чексиз ыраазымын жан апам!!!.. Кечиресиздер, сөз арасында ичтеги кайнаган бук айтылып кетти көрүнөт!.. Кантмек элем, казандан бары чөмүчкө чыгат тура!!!..


Ошентип кызымды узаттык! Кирип чыгып кызмат кылып, чай ташый коюп жүрсөм, күйөө жолдоштор жеңелеп тийишет десең! Кокууй деп үйгө кире качам, бирдемени шылтоолоп. Кыз күйөөгө атам кур байлады, той ойдо жок жерден болуп кеткендиктен, жолдошум жол узактан бара албай калганына байланыштуу. Эки жашка бата бердик!!!.. Атам эң сонун сөздөрдү сүйлөп, баарын алакан жайдырды, ылайым эле атакемдин батасы тийип, небереси өзү менен өзүнчө бир шаар болуп, өнүп өссүн! Кызымдын ушул күндөгүдөй сулуу, бактылуу жүзүн өмүр бою көрсөм экен!!! Замир экөөнүн кармашкан колу эч качан үзүлбөй, эң таттуу өмүр сүрүшсүн!!! Кызды машинага салып, жеңелерин узатышып жүрсөм, күйөө баламдын бир досу келип, эже сиз да ЗАГСка чыгасызбы биз менен, аяштын бир тууган эжесизиз го, окшош экенсиз, жүрүңүз биздин машинага чыгыңыз, деп колдон алат. Кайнежем жанымда эле, «ай, бул деген аяшыңардын апасы болот» десе, койсоңорчу тамашаңарды, жөн эле кызганып атасыңар го, деп күлүп жүрөт тарткылап. Кыскасы кызык эле болду. Тойго Бишкектен белек артынып «Аруужан» коомдук фондунун жетекчиси Бактыгүл Сейитбекованын жана КР Жазуучулар Союзунун атынан өкүл болуп акын, жазуучу Айжаркын Эргешова келди. Ниетинин түздүгү да, «тоюңа баралбадым Самаркаа» – деп аткан эле, насип буйруп ошончо адамдан Айжаркынга туз татыганын карачы!!! Балдарды шаар айланганы узатып коюп, кечки ресторанда боло турган тоюна даярданып, чачы башыбызды жасалгалап , артист көйнөктөрүбүздү кийип алып жөнөп калдык. Кудалар кучак жая тосуп алышып, атайын даярдалган залдан орун алдык. Той да эң жогорку деңгээлде, кызыктуу өттү, эки баланын бактысын тилеген ата энелер, тууган урук, дос жарлар!!! Деги койчу мындай бактылуу күндөр, бактылуу мүнөттөр, бактылуу көз ирмемдер адам баласында бир эле жолу болот балдар үчүн, ата энелер ар бир баласынын жакшылыгында бактылуу болушат!!! Ылайым баарыбызды ушул бактылуу мүнөттөргө, бактылуу көз ирмемдерге жеткизсин!!! Балдарымдын келечеги кең болсун!!! Быйыл тоюн көрүп кубансам, эми небере жыттап бактылуу болоюн!!! Ошол күндөргө жеткизсин, кудайым ошол күндөрүн баарыбызга насип этсин!!! Оомиийн!!!

 

Самара НАСЫРОВА. Маскөө шаары. 25.09.2013-жыл.

Sep 24

Жүрөк сыры..

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ. 1993-жылыдын 23-январында Ысык-Көл обулусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Зина Мамбетсеитова атындагы Балбай орто мектебинин босогосун аттап 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтунун Социалдык маданий ишмердиги кафедрасынын студенти.

 


«АТА ЖУРТУМ»

 

Крбөдүм көзүңдүн жарык нурун,
Көөдөнүм козголуп жанып турдум.
Көп карап жолуңдан күтүп келем,
Көрүнбөйт карааның Ата Журтум.

Б 8
Көркөмүң тартылып көз алдыма,
Көзүмдөн тамчылайт мөлтүр жашым.
Көк асман чагылган, алтын көлүм,
Көктөмүн сагындым, салкын төрдүн.

Алыстан айтамын саламымды,
Алтын кел айтып тур кабарыңды,
Арнаймын бир сенин элесиңе,
Ар сөздөн куралган жалаң ырды.


«МЕНИН ЖАШООМ»

Менин жашоом жеңил эмес, оор эмес,
Узак кеткен, түгөнбөгөн жол эмес.
Ал болгону өтүп кетсем мүрдөн,
Менден калган жарыктагы бир элес,
Артта калган, кайрылбаган бир элес.

Турмуш сырдуу, болуп келет айрылуу,
Арасында күндөр да бар кереметтүү, бактылуу.
Табияттын мыйзамына баш ийип,
Мен да жашайм кээде шаңдуу, кээде болуп кайгылуу!.

 «ӨЧҮП КАЛСА ЧЫРАГЫМ»

Кейибечи, кетпейм сенден алыстап,
Учуп барат, убакыт саат арыштап.
Ажал чиркин алып кетсе дүйнөдөн,
Кайтып келем, кайра сага карыштап.

Суусу болом оргуп аккан булактын,
Майы болом бир жылт эткен чырактын.
Ишенип кой, унутпагын Ата-Журт,
Шамы болом сен жашаган турактын.

Булут болом буудан бүтүп жайылган,
Тунук болом суудан бүтүп агылган.
Буйрук келип бул дүйнөдөн өткөндө,
Калем болом ыр жазууга камынган.

Бийик болом шумкар учуп жетпеген,
Билиминен кайкып учуп кетпеген.
Бул турмуштун аздыр-көбүн иликтеп,
Билгич болом элим сүйүп эстеген.

Б 8«ЖҮРӨК СЫРЫ»

Көз жашты төккөн ырым бар,
Көл сымал толгон сырым бар.
Көрүнбөс көздүн кырына,
Көөдөндөн чыккан шыгым бар.

Жашай берчү кылымдар,
Жамактап жазган ырым бар.
Жан дүйнөмдү аралап,
Жайылып учкан чымын бар.

Кумарлуу жанды жылытаар,
Кубулжуп жазган ырым бар.
Куруган жүрөк түбүндө,
Куйундап учкан чымын бар.

Ак барак бетин булгалап,
Апкаарып жазган ырым бар.
Ай ааламды бир кезип,
Айланып учкан чымын бар.

 «ОШОЛ ТҮНДӨ»

Ошол түндө оюу бузук жаман келди,
Ойду тоону сүйлөгөн арам келди.
Ооруп жаткан апаӊдан айрылдыӊ деп,
Ойго келбес, түрү суук кабар берди.

Ошол түнү ак жамгыр төгүп жатты,
Ойлорумду сансыз элес бөлүп жатты.
Оо дүйнөгө узаган апам келип,
Ойлонбо”- деп ак жүзүмдөн сүйүп жатты.

Ошол түн бир мезгилди эске салды,
Ойлосом жүрөк сыздайт, кыйнап жанды.
Оюнкоор жаш баш элем ал мезгилде,
Оюмду жалгыз апам ээлеп алды.

Ошол түн жүрөгүмдө уюп турат,
Оюма апакемди куйуп турат.
Ошону, ойгоно албай узап кеткен,
Оо дүйнөдөгү апакем да туюп турат.

Кайгылуу түн карегимде жанып турат,
Кайратымды кайтарбай чанып турат.
Кан чыгарбай алып кеткен апакемди,
Караӊгы түн моюнга албай танып турат.

Ошол түндү бүгүн эстеп олтурамын,
Ооруп турат жүрөгүм коркуудамын.
Оору болуп жүрөктү жаралаган,
Ойлорумду ак кагазга толтуруудамын.

 «ЖАШТЫН ОЙУ»

Күндөрү болду, күүлү-күчтүү жаштыктын,
Түндөрү болду, ойноп күлгөн шаттыктын.
Арасында алсыраган жүрөгүмдү кыйнаган,
Арман кошкон жылдары өттү турмуштун.

Өмүр болсун өксүбөгөн күйбөгөн,
Катаал турмуш татымын эч көрбөгөн.
Ажал келип колдон жулуп турса да,
Өмүр болсун түгөнбөгөн, гүлдөгөн,

Сезим болду жүрөк кылын термеген,
Сезбей келем бирок булар эмнеден.
Ыр куйулат жүрөк түбүн талкалап,
Ырааты жок, илхом менен келбеген.

Качан келет? Кимдер келет алыстан,
Күтө берем, карай берем жолумдан.
Күн алыстап, күтүп турсам көз салып,
Күүлөр келет, ырлар келет капыстан.

Кагылайын байлык аттуу жыйбагын,
Канжары жок жүрөгүмдү кыйбагын.
Туура сүйлөп, чындык айткан айкөлдү.
Турмуш чиркин, туш-тушунан тыйбагын.


Ала-Тоонун суусун ичип чоӊойгон,
Ата-Журттун тузун татып коройгон.
Алты түндө арзуу кылып ыр жазган,
Айкөл жаштын оюу болду оролгон..

Sep 21

Ачуу чындык..

ЭНЕ ТИЛ КҮНҮНӨ «КӨЧМӨНДӨРДҮН» БЕЛЕГИ!

 

«ЭҢ КЫМБАТЫМ – ЭНЕ ТИЛ»

 

Эне тил күнүнө карата Ааламтордогу «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу өздөрүнүн жеке демилгеси менен «Ачуу чындыкты» чагылдырган «Көчмөн саптар» деген аталыштагы атайын ураан, чакырыктарын айтып чыгышып, аларды «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү баракчаларына, өздөрүнүн тайпалары менен айылдарына (сайт) байма-бай жарыйалап келишкен. Ошол кашкайган чындык ураан чакырыктарын Бишкек шаар Кеңешинин Атамекен фракциясынын депутаты Таалай Сариевдин көмөгү аркылуу 18-сентябрда Бишкек шаарынын борбордук көчөлөрүнө бакыйган алты түстүү Баннерге түшүрүлгөн сүрөттөрү илинди. Бул биздин, төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган мекенчил кандаштарыбыздан түзүлгөн «Кыргыз Көчү» тобунун, Көчмөндөрдүн Эне тил жумалыгына атайын арнап дайардаган иш чарабыз. Себеби Элдин эң башкы байлыгы анын тили!

Бишкек шаарыбыздын борбордук көчөлөрүнө илинген Көчмөндөрдүн Баннерлеринин болжолдуу даректери:

 

1. Жибек-Жолу көчөсүндө, (Жаңы автобекеттин жанында).

2. Тоголок-Молодо-Чүй проспектиси, (Россия кино театрынын алдында).

3. Пудовкин менен Донецк көчөсүнүн кесилиши, (Онкология ооруканасынын жаны).

4 Совет көчөсү, (Наркодиспансердин тушунда).

5. Фучик көчөсүнүн кесилиши, (Кан Кошой Кафесинин маңдайында).

6. Москва-Логвиненко көчөсүнүн кесилиши, (Республикалык бейтапкананын жаны).

 

«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жетекчиси, эркин журналист
Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары. 21.09.2013.

"Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун негиздөөчүсү, иш чаранын демилгечиси Асыран АЙДАРАЛИЕВ дин "Ачуу чындыгын" чагылдырган Баннер. Келсинки шаарынын тургуну. Финляндия.

“Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун негиздөөчүсү, иш чаранын демилгечиси Асыран АЙДАРАЛИЕВ дин “Ачуу чындыгын” чагылдырган Баннер. Келсинки шаарынын тургуну. Финляндия.

 

 

 

 

 

 

 

 

 

 

эм

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Айтурган САТИЕВА нын "Ачуу чындыгы". "Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун администратору. Бишкек шаарынын тургуну.

Айтурган САТИЕВА нын “Ачуу чындыгы”. “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун администратору. Бишкек шаарынын тургуну.

 

 

 

 

 

Улан КОШАЛИЕВдин "Ачуу чындыгы". "Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун админстратору. Кимчон шаарынын тургуну, Корейа.

Улан КОШАЛИЕВдин “Ачуу чындыгы”. “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун админстратору. Кимчон шаарынын тургуну, Корейа.

Чынара САРБАГЫШОВАнын "Ачуу чындыгы". "Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун активдүү мүчөсү. Акын. Бишкек шаарынын тургуну.

Чынара САРБАГЫШОВАнын “Ачуу чындыгы”. “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун активдүү мүчөсү. Акын. Бишкек шаарынын тургуну.

 

 

 

 

 

 

 

 

Тынчтыкбек АЛТЫМЫШЕВдин "Ачуу чындыгы". "Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун жигердүү мүчөсү. Бишкек шаарынын тургуну.

Тынчтыкбек АЛТЫМЫШЕВдин “Ачуу чындыгы”. “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун жигердүү мүчөсү. Бишкек шаарынын тургуну.

 

 

 

 

 

 

 

 

Урмат АМАНБАЕВА нын "Ачуу чындыгы", Жогорку Кеңештин депутаты, "Кыргыз Көчү" мекенчилдер тобунун толук кандуу мүчөсү. Бишкек шаарынын тургуну.

Урмат АМАНБАЕВА нын “Ачуу чындыгы”, Жогорку Кеңештин депутаты, “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун толук кандуу мүчөсү. Бишкек шаарынын тургуну.

 

 

Sep 17

Кусалык..

эжамила 1Бекболот САРЫБАЕВ. 1995-жылы 22-майда Жалал-Абад обулусунун Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулган. 2001-жылы Жерге-Тал айылындагы Мария Орозалиева атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм бөлүмүнүн 1-курсунун студенти.

 

Чындык издеп, чындык издеп кашкайган,

Чырмап ойлор, маң болууда баш кайран.

Чын дүйнөгө көчүп эле кетүүдөн,

Чынымды айтсам калбай калды башка айлам..

 

АЙЫЛЫМДЫ САГЫНУУ…

Атыр жыттуу абасынан айылдын,

Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын.

Айкырыгы аалам жарып туруучу,

Айылдагы эшегимди сагындым.

 

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы,

Эх, айылым, ойлорумду чырмады!

Уйларымдын мөөрөгөнүн эстеймин,

Угулганда машиненин “сигналы”..

 

Токтолбостон күндөр жылга жалгашты,

“Токто!”,- десек, тагдыр көнө калмакпы?

Азан айтып ойготуучу корозум,

Азыр болсо будильникке алмашты.

 

Күчүк кезден кубалашып чоңойгон,

Керек болсо итимди да көп ойлойм.

Ата-энемди, досторумду ал эми,

Айтпасам да түшүндүңөр деп ойлойм!

 

ЧОҢ ЭНЕМЕ

Айыл десе элден мурда жөнөгөн,

Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.

Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,

Аркасына артып алып чоң энем.

 

Тентек кылсам атам берсе шапалак,

Өңгүрөп мен ыйлачумун “апалап”.

Арачыга энем түшүп анда да,

Сооротчу эле сунуп мага шокалад.

 

Азыр болсо окуп жүрөм алыста,

Алгам түшүп мезгил менен жарышка.

Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,

Элим үчүн жарап берип намыска!

 

ЭНЕ ТИЛИМ!

Эне тилдин ар бир сөзү сүйлөмү,

Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.

Эне тилде эркелетип апакем,

Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.

 

Эне тилсиз кантип болсун жашамак,

Эне тилсиз жүрөк кантип жашарат?

Эне тилде кудайыма сыйынып,

Эне тилде арнайм кызга махабат.

 

Эне тилим дастанымдай бүтпөгөн,

Эне тилди уксам толкуп күчтөнөм.

Удургуган сезимдерди жамынып,

Уктасам да эне тилде түш көрөм.

 

Энчи болуп бизге калган эскиден,

Эне тилим – байлык, кенчим деп билем.

Өлсөм дагы көргө кирген кезимде,

Өз тилимде сурак берсем деп жүрөм!

 

БАТКЕНДИК КЫЗГА.

Айтчы кантип мен сага жанаша алам,

Күлөсүңбү сүйлөсөм тамашадан?

Жолуксакпы,- деп айтсам жооп бердиң:

Жолуга албайм, урушат “аяш авам”!

 

Сулуулугуң сүйүүмдү байлап алды,

Сезим сени тандаса айла барбы?

Табалбадым кыдырып жер жүзнөн

Таң каламын сендейлер Айда барбы?

 

Чыгара албай сырымды көмүскөмүн,

Чыдай албайм сен менен көрүшмөйүн.

Жамалыңды сагынып суусап турам,

Жаңы бышкан кыпкызыл өрүктөйүм.

 

Арабызда аралык чоң эмеспи

Ашып өтүп андыктан тоо, белести.

Андып такыр дарегин таппай келем

Айтчы үйуң “шобу” же “шо эмеспи”?

 

АВТОБУСТАГЫ ОКУЯ.

Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,

Автобуста баратам тыгылышта.

Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,

Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.

 

Адамдардын мынчалык жыйналганын,

Араң чыдап жактырбай турган жаным.

Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,

Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.

 

Автобусту айдоочу айдаса бат,

Азгырылам селкиге кайра карап.

Жамалы анын мага окшош жигит эмес,

Жан алгычтын өзүн да арбап алат.

 

«Ырас эле бир чыкты жолубуз» – деп,

Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.

Түшүп кеттиң камданып жатканымда,

Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.

 

Эх, сулуулар жүрөктү жарасыңар!

Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?

Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,

Момпосуюн алдырган бала сымал.

 

Кала бердим телмире терезеден,

Коньфеттерин тарттырган бала сымал…