Көч козголду..

КЕҢ МАСКӨӨДӨ ЧОГУЛУШ, КЕРЕМЕТ ТУРА ЖОЛУГУШ!..

 

Адатта адам баласы үчүн ар бир күндүн баалуулугу өзгөчө эмеспи. Антсе дагы жалпы эле аалам тор айдыңындагы «Кыргыз Көчү» тобунун мүчөлөрү үчүн үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күз күндөрүнүн бири, тагыраак айтканда, 21-сентябры өтө зор мааниге ээ сыпатта өткөндүгү турулуу иш. Себеби, бул күнү жер-жерлерде, тагыраагы Бишкек, Санкт-Петербург, Маскөө, Сеул, Келсинки өңдүү ири шаарларда Эне Тил жумалыгын утурлаган «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу уюштурулуп, маанайлардын майрамга айланганы аштан бышык. Өзүм Маскөө шаарында иштеп жашагандыктан Маскөөдөгү жолугушуу тууралуу азын-оолак ой бөлүшсөм, максатка шайкеш келчүдөй. Эмесе, кеп башынан болсун.

Маскөөлүк "Көчмөндөр". Солдон оңго: Кызжибек Мира, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Уулкан Амираева, Турусбек Тургунбаев, Толкунбек Акматов, Гүлзина Кадыркулова, Самара Насырова.

Маскөөлүк “Көчмөндөрдүн” жолугушуусу.  Солдон оңго: Кызжибек Мира, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Уулкан Амираева, Турусбек Тургунбаев, Толкунбай Акматов, Гүлзина Кадыркулова, Самара Насырова жана Азада Жолдошова.

Ошентип, Маскөө шаарында жайгашкан «Браво» кафесиндеги «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу 21-сентябрь күнү туп-туура кечки саат 17:00 дө башталды. Жолугушууга өмүрлүк жары менен бирге Толкунбай Акматов, Акылбек Мамадалиев, Мирланбек Таабалды уулу, Турусбек Тургунбаев, Гулзина Кадыркулова, Уулкан Амираева, Кызжибек Мира, Самара Насырова өңдүү чыныгы «Көчмөндөр» келишти. Ушул жолугушууга жумуштан эрте бошонгонума карабастан, жолдо метро бузулуп, ийне көзү көрүнгүс анын вагонунда жарым сааттай камалып, чый-пыйым чыгып атып, дээрлик бир сааттай кечигип барганымы унута албасмын, эй! Негизи эле жолдо жүргөндө кечикмей адатым бар. Мындан үч жыл илгери Кыргыз жергеме баратып, аба-ырайынын кескин өзгөргөндүгүнөн улам мен түшө турган учак өз мөөнөтүндө учпастан, «Домодедово» аэропортунун күтүү залында дээрлик эки суткадай түнөгөнүм эмдигиче эсимде. Оо, ошондогу нервдин, маанайдын бузулганын, элестете бериңиздер.. Калгандары шартка байланыштуу келе алышпагандай. Мурун-соңу жүз көрүшпөсөк да, ааламтор айдыңында достошкон «Көчмөндөр» дароо эле эски тааныштардай жылуу пикирлешип, көңүлдүү сүйлөшүп олтурдук..

 

Негизинен сөз оролу «Кыргыз Көчү» тобунун алгылыктуу аракеттери тууралуу ойлорду ортого салуудан башталды. Ал ортодо ушул мекенчилдердин тобун негиздеген автору, учурда Финляндияда жашап жаткан, мекенчил инсаныбыз жана «Көчмөнбашыбыз» Асыран Айдаралиевдин 21-сентябрдагы туулган күнүн эске салуу менен бирге Агайдын дарегине куттуктоо сөзүбүздү жамгырдай жаадырдык. Андан соң 23-сентябрдагы Эне Тил күнүн утурлап, мекенчил «Көчмөндөрдүн» «Эң кымбатым-Эне тил!» аттуу ураан, чакырыгынын канатында Эне Тил тууралуу түйшөлткөн маселелердин учугун чубадык. «Кыргыз Көчүнүн» Кыргыз ӨҢҮ_жаатында жасаган ат көтөргүс эмгектерин, улуттук ар-намысыбызды ойготуу сыпатындагы кыргыздын нукура баалуулуктарын касиеттөөгө багытталган аракеттерине саресеп салып, бааладык. Катарыбызга жеке эле биз эмес, бүтүндөй кыргыз кандаштарыбызды тартуу керектигине токтолдук. Анан да Асыран Айдаралиевдин «Кыргыз ӨҢҮ_ Сүймөнкулдун ӨҢҮ_ндөй», Уулкан Амираеванын «Каректеги жаш», Самара Насырованын «Эки асыл» деп аталган ыр китептеринин жарык көрүшү менен да куттуктап, калемгерлерибиздин чыгармачылык иштерине изги ийгиликтерди ыроолодук. Демөөрчүлүк салымдарын кошушкан азаматтарыбызды да алкадык. Арийне, жолугушуунун жүрүшүндө жай сөздөргө да кезек берилип, аксакалыбыз Толкунбай Акматов агай ар түркүн тамашаларын айтып, боорубузду эзди. Андан кийин мен (Акылбек Мамадалиев) кудурети күчтүү Кудай тууралуу жазылган ырларымды окуп, дил кушум булут жиреп, катуу толкундадым бейм. Ушул эле жөрөлгөнү Турусбек Тургунбаев, Уулкан Амираева, Самара Насыровалар да татыктуу улантышып, көңүл түпкүрүнөн оргуп чыккан ырларын окуп беришти..

Толкунбай агайдын өмүрлүк жолдошу болсо жагымдуу жылмайып, «Мен ыр жазбайм деле. Бирок ырга ченебей ышкыбозумун. Сиздердин ырларыңызга көңүл төшөп, кадимкидей канагат алдым. Бар болуңуздар! Дамамат алгалай бериңиздер, урматтуу «Көчмөндөр!» деген ак дил, алкыш кебин жашырган жок. Ал эми асылкеч кыздарыбыз Кызжибек Мира, Гулзина Кадыркуловалар кызгалдактай кулпурушуп, улуу-кичүүнү бирдей ызаттаган ыйбалуу мамилелери, кулактын жарпын жазган шыңгырак күлкүлөрү менен кеченин көркүнө көрк кошушту. Мирланбек Таабалды уулу болсо накта кыргыз жигитине тиешелүү кичипейилдигинен жазбады. Асыресе, үстөл үстү дүр-дүйүм

Гүлзина Кадыркулова, Кызжибек Мира, Уулкан Амираева жана Акылбек Мамадалиев.

Гүлзина Кадыркулова, Кызжибек Мира, Уулкан Амираева жана Акылбек Мамадалиев.

тамактардан кайкалап турду. Негедир, арабызда ачуу суусундуктардан «сеп» эткен деле эч ким болбоду. Жемиш ширелеринен татканча таттуу ойлорго оролдук. Эстеликке деп сүрөткө да түштүк. Шаңдуу музыка ыргагында бийлегенге да үлгүрдүк. Айтор, сутканын төрттөн бир бөлүгүн «Браво» кафесиндеги жолугушууга арнаган Маскөөлүк «Көчмөндөр түн ортологон ченде жайдары маанай менен мындан ары да байма-бай жолугушуп туруу ниетин көздөп, үйлөрүбүзгө тарадык. Ырасында эле, ушундай жолугушуулар келерки күндөрдүн эсебинде көбүрөөк болсо кана, дейсиң! Бөлөк эл, бөтөн журтта жүргөндө жалпы эле Кыргыз «Көчмөндөрдүн» жолугушуусу, азгантай саамга нукура кыргыз тилинде баарлашуусу, нукура кыргыз элине мүнөздүү болгон жарык пейилдин жетегинде алакалашканы алкоого татырлык го?..

 

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, акын, журналист. Маскөө шаары. 29.09.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *