Sep 27

Бейне..

ээ 94 а*********************************************************

Ж Ы Л Д Ы З Д А Й   К Ы З Ы Ң  Б А Р,
К Ы Р Г Ы З !

Балким тагдыр чыгаар…
Балким Кудайдын күн мурунтан маңдайына жазган буйругудур…
А кезде анын алдында көптөгөн мүмкүнчүлүктөр бар болучу.

Жанына тынч, коркунучу да, зыяны да жок, өлкөнү талап-тоноп, ичип-жеп жатканына карабай мактап-жактап турган кулмүнөз КТРга же өкмөттүк гезиттердин бирине кирип алып “иштей” берсе да эчким аны кой демек эмес. Антпеди.

Жылдыз КМУнун 2-курсунда окуп жүрүп, 95-жылы, ошол кездеги эң опурталдуу деп саналган гезиттердин бири – “Асабага” келип кирди. “Асаба” 94-жылга чейин Акаевге ишенип, аны ар тараптан колдоп келип, кийин ал үй-бүлөсүнүн, аялы менен күйөө баласынын тилине кирип, “айный” баштагандан тартып, гезит “коррупцияланган машинага” каршы күрөшкө аттанган. Андыктан “Асабада” иштеген журналисттердин ар биринин өмүрү тобокелде экендигин, кокус Акүйдөн карөзгөй буйрук болсо, ошол замат сот аркылуу “жок болуп”, окуусунан “учуп” кетерин Жылдыз эң сонун билген. Билип туруп келген.алдраса 5ээ 94

Ошентип, “балапан” чагынан башын баталгага байлаган Жылдыздын журналисттик ишинде да, турмушунда да “Асаба” гезити мыкты мектеп болду. Ал журналист катары ушул гезиттен бышып, ушул гезиттен жетилди. Ысыгына күйүп, суугуна тоңуп, тозогуна кайнады. Акүй “Асабаны” жалган жалаа менен сотко бердиртип, жыгып, сындырып, гезит ташыган автомашинасын, компьютерлерин, айлыкка деген акчасын, жадагалса телевизору менен жаман диванынан бери тартып алып, 20дан ашуун кызматкерин көчөгө кубалап чыкканда, Жылдыз да алар менен көчөдө калган. Акырындап “көчөдө калгандар” “Агымды” түптөп, агымга айланып, кайрадан ага баштаганда, Акүй анда да жөн жатпай, редакциянын имаратына өрттөөчү бөтөлкө ыргыттырып, аз жерден өрттөнбөй, өзүбүз өчүрүп калганда Жылдыз да өрттүн ичинде болгон…ээ 94 а

Мен мунун баарын эмне себептен айтып жатам? Эгер Жылдыздын Кыз Жаңылдай эр мүнөзүн билбесем, эмикинин эбилген-себилген эркектеринен алда канча кайраттуу, алда канча тайманбас экенине көзүм жетпесе айтпас элем. Анын кандан-бектен жалтанбаган өрттүгү жазган ар бир макаласынан көрүнүп турчу. Анын ар бир макаласы менен колумдан өтөр эле. “Адептүү”, “жоош” журналисттердин кол жазмасын Алым Токтомушев окуп чыкса, ар дайым мылтыктын огуна, жаанын жебесине окшоп, атылып кеткенге, чачылып кеткенге даяр турган, тебелейм дегендин терисин сыйрып ийгенден кайра тартпаган, “тентек”, “жинди” Жылдыздын кол жазмасын мен окучумун. …

ээ 94 аМен анын оңой менен кыздардан издеп табалбай турган, мыкты тарбияланган кыргыз кыздарына таандык, ата-салтыбызга ылайык азаттыктын алкагында өскөн, бирок ошол азаттыгынан да ашкан азаттыгы бар үчүн, ошол эле учурда азыркы доордун тыйындай майдаланып, кагаздай ушаланып, кылтылдаган, жылтылдаган, “сымаптай сыпайы”, “жубандай жука” эркектеринин миң-миңине алмашкыс касиети бар үчүн сыйлагам Жылдызды! Аны азыр да сыйлайм, кызымдай жакшы көрөм!

Жылдыздын мүнөзүндөй мүнөздү мүмкүн буга дейре таланттуу жазуучу Медетбек Сейталиевдин “Тегирменчинин кызы менен орус классиги А. Куприндин “Олесясынан” көрбөсөм, башкалардан көрө элекмин.

Мындай эрки бекем, оттон-суудан жалтанбаган эр жүрөк кыздарды кыргыз энелер гана төрөгөн. Дагы төрөйт. 7-апрелден кийинки бир окуя эсиме түшүүдө.ээ 94 а

Ошол күн Бакиевдердин огунан курман болгон балдардын сөөгү коюла турган күн эле. Кыялбек экөөбүздү ыр окуп бергиле деп чакыртышкан. Өкмөттүк трибунанын алдында чыгууга даяр болуп, бурчта турганбыз. Быкпырдай кайнаган эл маркумдарга топурак салганы келген. Жанымда Жылдыз, дагы башка биртоп белгилүү адамдар бар. Аңгыча кайдан-жайдан чыга калганын билбейм, айтылуу хирург, Кыргыз Эл Баатыры Мамбет Мамакеев пайда болуп, саламдашып, туруп калдык. Убактылуу Өкмөттүн мүчөлөрү ана келет, мына келет болуп күтүп калган кез. Келе калса эле алардын этегине эрмешип, трибунага чыгып кетсем деген Мамакеевдин ниетин Жылдыз кайдан байкап калганын билбейм:

– Кечээ эле Максимдин көзүн асман-айга теңеп, жерге-сууга тийгизбей мактап жүрбөдүңүз беле? Эми так ошол кан ичкичтердин колунан каза болгондордун азасына кайсыл бетиңиз менен келип олтурасыз?-деди.

Асыран 11Бул сөз ошол кезде бомба түшкөн сөз менен барабар сөз эле. Ошондо мен Эл Баатыры наамы бар чоң эле кишинин кантип кичирейип, көпчүлүктөн арасына кантип житип кеткенин биринчи ирээт көрүшүм.

Бүгүн ошондогу Жылдыздын сөзү эл арасында аңыз болуп айтылып калды. Кан төгүлүп турган 7-апрелде аянттагы жамгырдай жааган окко карабастан жол баштап: “Кыргыздар чегинбегиле, кыргыз качан октон коркчу эле!” деп намыс болуп кайрап жүргөн Жылдыздын эрдигине суктанып жүргөндөр канча, азыр?

Бакиевдин Акаевден да ашып түшүп, жети баштуу желмогузга айланып, криминалдашып бүткөн бийлиги менен аеосуз кармашкан журналисттердин алдыңкы сабында да дал ушул “Айат пресс” гезитинин башкы редактору Жылдыз Мусабекова турганын жалпы элибиз жакшы билет. Аны акыркы күндөрү коркутуп-үркүтүп, үй-бүлөңдүн, балдарыңдын көзүн тазалайбыз, өзүңдү ким көрдү кылып жок кылабыз деп, артынан “ажал” болуп аңдый башташкан. Ошондой учурларда далай эркектер аялдардын этегине кире качып тым болгон. Жылдыз гана майышкан жок. Үй-бүлөсүн айлына алып барып “катып” салып, өзүнүн өмүрүнө кайыл болуп, ак калпак кыргыз элинин азаттыгы үчүн күрөштү. Күрөшү текке кеткен жок.ээ 94 а

Мен Жылдыздай кызы бар Кыргыз элине, Кыргыз элине Жылдыздай кызды берген Ат-Башы элине чексиз ыраазымын!
Ат-Башынын эли кызын кандай сыйласа, байыртан кыз сыйлаган уюткулуу салты бар Кыргыз эли Жылдызды да так ошондой сыйлап алат деп ишенем!

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны, Байдылда Сарногоев атындагы Эларалык адабий сыйлыктын лауреаты.

(INTER.KG) маалымат булагынан алынды.

Sep 27

Бейне..

ээ 94 а********************************************************************

Чолпон ОСМОНОВА: Маскөөө шаарындагы
Мигранттарды Колдоо Борборунун башкы директору:

У Р А А Н Ы М  —  Э Л И М Е  К Ы З М А Т  К Ы Л У У!

Элиме кызмат кыламын дегендер, мекенчилдик кылып төшүн каккылап куру кыйкырык кылып калп эле сүр көрсөткөндөр толуп атат. Кээ бири өзүн жарнама кылгысы келсе, кээ бири чынында элине күйүп, жерине күйүп бирок кайраты жетпегендер. Албетте, арасында жүрөгү таза, чын эле эли жерин ойлогондор да четтен чыгат. Бир топ жылдан бери кыргыз элинин чет элдерге бакыт издеп агылуусу токтомок турсун, күчөп, күргүштөп аккан дайрадай кирип турган учуру. Тээ бир топ жыл мурда кетип Орусиядан же Европанын башка мамлекеттеринен орун очок алып, жашоонун жолун таап ишкерлигин кылып каражат топтоп, мына ошол каражатты элине кызмат кылууга жумшап жүргөн жарандарыбыз дагы абдан көбөйүп калыптыр, Кудайдын кулагы сүйүнсүн. Эр азаматтарды мындай кой кыргыз деп күйгөн мекенчил кыздарыбыз да өлкө экономикасынын алдыга жылуусуна кошкон салымдары абдан чоң. Мунун баарын саймедиреп отурбай ошондой сыймыктуу кыздарыбыздын бири болгон, Орусиянын калдайган шаары Москвадагы, Мигранттарды Колдоо Борборунун башкы директору Чолпон Осмонова айымга токтоло кетким келип турат. Көрүп жүрөбүз, угуп жүрөбүз бул айым чынында эли жерине берилген мекенчил айымдардын бири. Бир топ жылдан бери өлкөбүздө болуп аткан маданий иш чараларды, кайрымдуулук тармактарын, жана башка көптөгөн иш чараларга өзүнүн демөөрчүлүк салымын кошуп келет. Бирок муну айткан эч ким жок. Бир гана демөөрчүлүк менен чектелбестен элиме кызмат кылсам деген көптөгөн ой максаттары бар экенин экөөбүз курган чакан маекте угуп келдим урматтуу окурман.алдраса 5алдраса 2

— Айтсаңыз, бул мигранттарды колдоо борборун ачып иштетүүгө сизге эмне түрткү болду? Аткарып аткан иштериңиз тууралуу азын оолак сөз кыла кетсеңиз?
— Бул борборду 2009-жылы негиздегенмин. Эмне себеп болду деп атпайсызбы. Мен өзүм да бир кезде көп эл, көп жер кыдырып иштедим. Миграцияны, мигранттардын башынан өткөргөн көптөгөн кыйын кезең күндөрүн өзүмдүн жон терим менен сезип билгенден соң мына ушул ой жаралды. Ошол жылдары кыргыз мигранттары Москва шаарында дээрлик көбөйүп калган учуру болчу окшойт менимче. Көп чет жерлерде иштесем да ал жолу Москвага бир жумага мейманга барган элем ошондо көчөдө жүрүп милициядан коркуп качкан, жашынган кыргыздарды көрүп калып аттым. Ошондон тартып менде ой пайда болуп ошону ишке ашырууга умтулуп анан борборду негиздедик. Негизделген учурдан тартып Орусиянын өкмөтү менен биргеликте иш алып барып келатабыз. Эң негизги аткарган ишибиз — бул КМШ өлкөлөрүнөн иш издеп мыйзамсыз жолдор менен Москвага келип кыйынчылыктарга кабылган жарандарга, Орусиянын баардык мыйзамдарынын негизинде мыйзамдуу жол менен иштөө, жашоо шарттарын түзүп беребиз.ээ 94 а

— Бул борбор бир эле Орусия мамлекетине көз карандыбы же Кыргыз өкмөтүнүн да кандайдыр тиешелери барбы?
— Биз бир гана орус мамлекетине көз карандылыкта иш алып барабыз. Кыргыз өкмөтүнүн эч кандай тиешеси жок. Кыргыз элчилиги жана Консулдугу менен биргелешип иштерди жүргүзүп турабыз. Ал жакка барган мигранттардын башына эмне кана иштер түшпөйт. Мисалы ар кандай себептер менен каза болуп калышат, ооруп калышат, же болбосо мыйзамсыз барып алып туңгуюк акыбалдан чыга албай мекенге кайрылып кетүүгө дарманы жок болуп калгандары болот. Мына ошонун баарын ошол Элчилик жана Консулдук менен биргелешип туура жагына, түз багытына жол таап берип турабыз.

— Учурда менин билишимче Москва шаарында эле кызмат кылат сиздердин Мигранттарды Колдоо Борбору. Балким оюңузда бардыр борбордун атайын бөлүмдөрүн Орусиянын баардык болбосо дагы көлөмдүү ири шаарларына таратып жайылтсам деген?
— Албетте оюмда жүргөн көйгөй. Муну абдан көп суранышат. Интернет аркылуу ачык эле каттарды жиберип турушат. Орусиянын булуң-бурчунан керек болсо, Европанын башка мамлекеттеринен бери суранып кайрылып аткандар көп учурда. Италия, Дубай сыяктуу өлкөлөрдөн да суранычтарды угуп атам. Ойумда жүргөн менен мунун баарына жетишип ишке ашырууга убакытым ченелүү болуп калып атат. Эгерде борбордун бөлүмдөрүн ача турган болсом жок эле дегенде бир жума сайын өзүм кыдырып көзөмөлгө алышым керек болот экен. Азырынча мигранттар эң эле көп катталган шаар Москва болгондуктан ошол жактан эле жардам берип турууга мүмкүн болуп атат. Келечекте балким ачылып калуусу да мүмкүн деп үмүт кылып келатам.ээ 94 а

— Мигранттардын жашоо турмушун айта берсек түгөнбөс. Сөздү бир аз саясат тарапка буруп көрөлү. Өзүбүздүн Кыргыз Мамлекетинин учурдагы саясий-экономикалык акыбалына кандай ойлорду айта аласыз?
— Билесизби, мен өзүм саясаттан алысыраак адаммын. Аралашкым келбейт. Менин кубанганым биздин мамлекеттүүлүгүбүз бар экендигинде. Өз алдынча эгемендүү элбиз, өзүбүздүн туубуз, гербибиз, өзүбүздүн территориалдык ээлеген аймагыбыз бар. Караңызчы канчалаган улуттар, элдер, жоголуп кетти дайынсыз, канчасы мекени, ээлеген аймагы, мамлекети жок дүйнө улуттарына аралаш жайылып кеткен. Биздин мамлекет жаңы. Мен ойлойм мамлекетибизге кандайдыр сын айтуудан мурун анын бир бурчун чойууга аракет кылуубуз керек. Баары акырындык менен алдыга жылып келатат буга шүгүр дешибиз керек. Беш алты жыл мурда жанагы максат менен Москвага кеткенимде азыркыдай шумдуктуу салынган үйлөр, кымбат унаалардын жолдогу тыгындары, оңдолуп түзөлгөн, салынган жолдор аз эле болчу. Жок дей бергенден көрө Кудайга тобоо келтирип ар бир адам өз мамлекетине кандайдыр салым кошууга ниет кылса оңолуп эле кетебиз.ээ 94 а

— Сыртка агып кетип аткан мигранттардын агымын токтотуу үчүн мамлекет сиздин оюңузда кандай жолдор менен иш алып баруусу керек?
— Бизден он жыл, он беш жыл мурда кеткен мигранттар азыркы учурда мамлекетине инвестор болуп кайрылып келип атат. Ошол келген инвесторлорго өкмөт шарттарды түзүп берсе жакшы болмок. Тескерисинче шарт эле ар кандай салыктар салынып, текшерүүлөр тажатат. Баардык салыктар боюнча жеңилдиктерди берип, үч жыл болобу, беш жыл болобу салыктардан такыр бошотуп салбаса дагы жеңилдетилген түрлөрүн шарттап берсе абдан жакшы болмок. Ошол келген инвестор эле бир топ иш орундарын камсыздамак. Четинен ошентип иштетип отуруп өзүбүздүн продукцияны дагы көтөрүп чыгат элек да мисалы. Жерлерди иштетип, мал чарбачылыгын өнүктүрүп четинен чоё берсек эле өзүбүздө иш дагы, өндүрүш дагы болот эле. Ошентип эл жумуш менен жеткиликтүү айлык акы менен камсыздала берсе акырындап токтолот болчу бул агым. Ошону менен катар элибизде жалкоолук деген балээ бар. Бизге ошол Москвадагы Мигранттарды коргоо борборубузга жардам сурап кайрылган жарандардын арасынан эле уга калам. “Мага 50 000 рублдик айлыгы бар жеңил жумуш таап бергиле” — дегендер болот көп эле. Азыр оңой оокат барбы өзүң ойлочу?

ээ 94 а— Мына эл арасында жүргөндө уга калабыз. Акыркы жылдары Кыргызстанга көп келип, ар кандай тармактарды демөөрчүлүккө алып жана башка иштер менен коомчулуктун көз алдында жүрөсүз. “Мына ошол иштер аркылуу өзүн жарнама кылып бийлик бутактарынын бир кызматына талапкер болууга даярдык көрүп жүрөт” — деген сөздөр боло калууда. Бул сөзгө кандай жооп кылаар элеңиз. Балким кандайдыр деңгээлде чындыгы барбы? — деген суроону бергим келип турат.
— Чынын айтсам өкмөт тараптан кээ бир кызматтарга сунуш боло калып атат. Мен макулдугумду берип ал жумушту аркалап кетейин, кандайдыр бир бийлик алайын деген ойдон азырынча алысмын. Менин мекенибизде чакан ишкердүүлүк иштерим бар. Мен көп келгеним ошол иштериме эле байланыштуу. Андан сырткары өзүң айткандай демөөрчүлүк жана башка иштер дагы агылып келүүсү мүмкүн. Эл көзүндө жүргөн соң ар кандай сөздөр ээрчий берет экен буга көңүл бурбай эле элим үчүн кылып келген кызматтарымды улантып жүрө бермекчимин азыр. Өзүм деле уга калып атам андай сөздөрдү. Элим үчүн кызмат кылуу бул менин урааным. Мен мындай максат менен көптөгөн жылдар бою аракет кылып келатам. Баардыгы Кудайдан.

Маектешкен Чолпонбек ЖЕТИГЕН.  (TAYAN.KG) Маалымат булагынан алынды.

Sep 27

Бейне..

ээ 94 а**************************************************************
«САДЫК – ЧЫН ЭЛЕ ШЕР»

Улуттун кайра жаралуу сезимин ойготкон
Садык ШЕР – НИЯЗ

Ыраматылык Тууганбай Абдиев анда филармониядан иштен бошоп калган маалы. Ал кезде Амантай Кутманалиев, Элмирбек Иманалиев өңдүү канаты жаңыдан жетилген төкмө ырчылар көчөдө ишсиз калышканы бар. Тукебиз болсо шакирттерин коргойм деп филармония деректиринин каарына өзү кошо кабылып, үчөө бирдей иштен ажыраган. Тукебиз кадимкидей депрессияга кабылып, мага датын айтып, интервьюбуз менин алгачкы чыгармачыл чыйырымды баштаган “Кербез” гезитине чыгып кеткенден кийин филармониядагылар чуу түшүп жатып калышкан. Ошол тушта Ашыраалы Айталиев да пенсияга чыгып, үй бурчуна камалып отурган кези. А чыгармачыл адамга мунун өзү кандай оор сокку?! Анын үстүнө 90-жылдардан 2000-жылдарга чейинки турмуш каары чыгармачыл адамдарды эле эмес, байманасы ашынып тургандарды итке мингизип таштаганын ким унутат? Ашыке менен Тукебиз кайышып жүргөн ошол мезгилдерде, эки аксакалдын сөөгүн агартып Садык Шер-Нияз “Айтыш” коомдук фондун ачты. Эки аксакал өздөрүнүн акындык мектеби ачылганына жетине алышпай, өлөөр өлгөнчө Сакемди алкап жүрүп өтүштү.алдраса 5ээ 94 б

Ошол жылдардан тарта Сакем экөөбүз да коюн-колтукташ тилектеш, доско айландык. Далай урушуп-талаштык. Көп учурда Сакем мени уйкудан калтырып, түн жарымына чейин иштеткенине ызырындым. “Нормальный” адамдар 8 саат иштесе, “Айтыш” коомунун өкүлдөрү үйлөрүбүзгө түн оогондо барабыз. А командадагылар мага шыбырашат: “Сакеге сиздин тилиңиз өтчү эле, досуңузга айтыңызчы: бизди эртерээк бошотсун” деп чыгышат чычымдар. Өзүм деле үйгө кеталбай араң тургандыктан, Сакеге ороңдоп бир тийип алам. Ал мага ызырынып баштайт: “Ушинтип атсак кантип өнүгөбүз?! Сага уйку кымбатпы же улуттун маданиятын көтөргөнбү?!” Муну укканда баарыбыздын диңкебиз сууп отуруп калабыз…ээ 94 а

“Айтыш” коомдук фонду менен “Айтыш-фильм” киностудиясын Сакем ошентип баарыбызды уйкудан калтырып жүрүп өнүктүрдү. Ким-бирөөнү ишке алаарда өзүнүн бир кеби бар: “Бизге чындап иштей аласыңбы, жокпу? Айтып коёюн, биз күнү-түнү иштейбиз. Үйбүлөм бар, тууганым өлүп калыптыр, таяке-жээниме барат элем дегендерди ишке алалбайбыз…” А чынында кыргыз коомун өнүктүрүп-өстүрүүгө Сакемдей талабы күчтүү эр-азаматтар жетпей турган жокпу?
Оозеки чыгармачылыктын экинчи өмүрү “Айтыш” коомдук фонду негизделген күндөн баштап өнөр өстөнүндө канчалаган жаңы ысымдар, канчалаган төкмө ырчылар пайда болду. Оозеки чыгармачылык өнөр сапаты жагынан кыйла өстү. Мурда эки төкмө сахнага чыкса, алардын бирин-бири мазактаган кордоо айтыштарына деле эл арсаңдап күлө берчү. Төкмө ырчылар биринин көзү тосток, экинчисинин кулагы делдек экенин ага чейин көрбөгөн сыңары, качан эл алдына чыкканда бири-бирин чукулап, өң-келбетин кордогон мүнөздөгү кептердин айланасынан чыга алышчу эмес.ээ 94 а

Азыркы мезгилде төкмө ырчылар кайсы темада айтышпасын, өнөрдүн дасыккан чеги жок экенине ынанасың. Төкмөлөр бири-биринин кемчилигин эмес, коомдун кемчилигин чукуп тапкан курчтукка жетти. Саясый темада болобу же социалдык темада болобу, айтор төкмө ырчылардын ой чабыты кеңип, коомдун көйгөйүн чагылдырган айтыш өнөрүнүн чыгармачылык сапаты кыйла жогорулады.
Чынында бул тепкичке алар жөндөн жөн келип калган жок. Өзүм “Айтыш” коомдук фондунун маалымат кызматына аралашып жүргөн мезгилдерде, төкмөлөр менен жакындан аралашып, ар бир он күндүк сабактарына катышып жүрдүм. Ал жерде Ашыраалы Айталиев менен Тууганбай Абдиевдин сабагынан сырткары да аттуу-баштуу Ишенбай Абдуразаков, Салижан Жигитов, Дооронбек Садырбаев, Дастан Сарыгулов сындуу мамлекеттик жана коомдук ишмерлердин төкмө ырчылар үчүн атайы лекциялары окутулуп жүрдү. Алардан сырткары да тарыхчылар, тилчилер, дипломаттар, саясатчылар чакырылып, төкмөлөр турмуштун күрөө тамырын кантип кармап, казактын төкмө ырчылары менен беттешкенде кандай мүнөздө жооп берүү керектигинен өйдө даярдык көрүлгөн үчүн төкмө ырчылардын чыгармачылык сапаты, акындык мектеби азыркы деңгээлге көтөрүлдү.

Садык досум Шер-Нияз далай күндөрү түнкү саат 3-4төргө чейин Азамат Болгонбаев, Аалы Туткучев өңдүү жаңыдан чыгып келаткан жаш таланттарды алып калып, аларды кайрап-бүлөп өстүрүш үчүн баарыбыз колубузга комуз алып, үй мүйүз тартып отуруп айтышкан күндөр өттү. Амантай, Шекербек, Элмирбекке кошулуп Сакем жана мен болуп, Шайырбек Абдырахманов үчөөбүздүн да төкмөлүк өнөр чыгып барып токтогон ошондо. Себеби биз алым сабак айтыштан тартып, тема айтыштардын кайрылбаган түрүнө кайрылып, чычалаганыбыз кызаңдап барып айтыштын кордоо жанрына жеткенде тизгинибизди тартып, айтор таң куланөөк атканда үйлөрүбүзгө тараган учурлар болду. Боксерлор рингге чыкканга чейин кара терин далай жолу шорголотуп төккөндөй эмгек эле бул. Жыйынтыгында “Айтыш” фонду негизделгенден көп өтпөй Азамат Болгонбаев менен Аалы Туткучевдин атпай журтка жылдызы жанып чыга келишти. Алардын соңунан кийин да далай жаштар күргүштөп өсүп чыкты.

Бу жерде чыгармачылык “лабораториябызды” учкай кеп кылганымдын себеби – эгерде Садык Шер-Нияз өнөргө өзү аралашып, оозеки чыгармачылыкка ошончолук күйүп-бышып мамиле ээ 94 акылбаганда, төкмө акындардын куру деми менен “Айтыш” фонддун акындык мектеби ийгиликтин артынан ийгилик жаратпас эле.

Олжобай ШАКИР.  Жазуучу, журналист.

Маалымат Бишкек “БИА” (http://bia.kg/archives/10642) агенттигинен алынды.

Sep 24

Улуттун жаны – Тил!

******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ КӨЧҮ. ТИЛ. ЭНЕ.

«Кыргыз көчү», улутумдун аймагы,
«Кыргыз көчү», желбиресин байрагы!
Эне тилсиз Көч жыла албайт алдыга..
Куттуу болсун Эне тилдин майрамы!

Эне тилде сөздөр гүлдөй ачылат,
Эне тилде сөздөн мээрим чачырап.
Кыргызымдын улуу тилин туу тутуп,
«Кыргыз көчү» улам алга ашыгат!.

Кыргыз! Кыргыз тилсиз айтчы ким эле?
Кыргызмын деп төшүң какпа тимеле!
Кантип кыргыз! Кыргыз болуп өсө алат…..
Башка тилде сүйлөп жатса ата-эне!

НурзадаКыргызмын деп төшүң какпа жөн эле,
Кыргыз болбой өсүп жатат небере!
Кантип бала! Кыргыз болуп сүйлөсүн,
Башка тилде жомок айтса чоң эне!

Нурзада РЫСКЕЛДИЕВА. Акын. Маскөө шаарынан. 21.09.2015.

******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ ТИЛИ

Канга таркап, таасири күч дүрбөлөң,
Кандай жыргал, эне тилде сүйлөгөн!
Мына кызык! Канча жерде жүрсөм да,
Мындай сулуу тил таппадым дүйнөдөн!

Кыргыз тили – байманалуу, нарктуу тил,
Кыргыздарга энчиленген барктуу тил.
Кылымдардын бүктөмүндө калбастан,
Кырлар ашып келе жаткан салттуу тил.

Ушул тилди ата-бабам калтырган,
Ушул тил го, өмүр отун жандырган.
Иреңиме шоола төккөн кыргыз тил,
Илеби ысык үзгөн нандай тандырдан!

Кыргызсыңбы, кыргыз тилде сүйлөгүн,
фото 4Кыргыздарга «Кыргыз тилин сүй!» дегин.
Эчен тилде эркин сүйлөп көнсөң да,
Эне тил деп соксун дайым жүрөгүң!
Эне тил деп соксун дайым жүрөгүң!…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Акын. Кыргыз Улуттук Жазуучулар сойузунун мүчөсү. Маскөө шаарынан. 22.09.2015

Sep 07

Бейне..

Саадат
Э Л   Б И Л Б Е Г Е Н   «Э Л   А Р Т И С Т И»

КӨГӨЕВА Сапина Ажыкеевна
1960 – жылы 10 – январда Жумгал районунун Жумгал айылында төрөлгөн. 1967 – жылы мектепке кирип, 1977 – жылы орто мектепти ийгиликтүү аяктап, ошол эле жылы уюшулган Жумгал элдик «Бек-Бекей» ыр – бий ансамблине кирген. 1979 – 1981 – жылы Филармониянын 2 жылдык студиясын бүтүргөн. 1981 – жылдан баштап Нарын музыкалуу драма театрына ишке орношуп, бүгүнкү күнгө чейин үзүрлүү эмгектенип келүүдө.  КРнын Президентинин “Ардак Грамотасынын” , Кыргыз Республикасынын Билим, илим министирлигинин, КРнын Маданият жана маалымат министирлигинин “Ардак Грамотасынын” ээси. Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу”.

Саадат 41980 – жылы Муратбек Рыскулов атындагы Нарын облустук музыкалуу драма театрына артист болуп кирген Сапина Көгөева окуучулук кездерден баштап эле Чаек элдик театры менен тыгыз байланышта болгон. Ал ошол театрдын ыр – бий ансамбли менен Россиянын чоң – чоң шаарларын, Польша, Эстония, Прибальтиканы кыдырып чыккан. Көптөгөн Облустук жана Республикалык Фестивалдарга, конкурсстарга катышып, Дипломдор менен сыйланып, Лауреат болгон.

Бул жылдары Нарын театры өсүштүн үстүндө эле. Жаш артистка Нарын театрынын гүлдөп турган учуруна туш келди десек да болот. Ал театрга келгенде СССРдин эл артисти Капар Медетбеков, Эл артисттер Бакирдин Алиев, Жумамүдүн Шералиев, Тамара Жумакаева, Сагыйпа Чечейбаеваларга окшогон кыргыз элине тааныма артисттер эмгектенип жатышкан эле. Театр босогосун аттагандан ушундай чоң артисттерден үлгү алган Сапина Көгөева театрга бат эле аралашып, алдыңкы артисттерден болуп чыга келди. Анын жараткан ар бир образдары көрүүчүлөрдү өзүнө тартып, таң берчү. Жаштыгына карабай жаш актриса бир топ ийгиликтерге жетишти.

Саадат 3Жаштарга суусап турган театр Сапинаны кучак жайып тосуп алды десек да болот. Анын жараткан образдары элдин калың катмарына сиңип жаткандай болду. Ар бир жараткан образдары көрүүчүлөрдүн көңүлүнө толуп, зал тооло көрүүчүлөр, – Бул спектакль эртең да болобу? Сапина Көгөева ойнойбу? – деп сураган учурлар көп болду. Бул актриса үчүн чоң ийгилик эле. Сапина Көгөева коллектив арасында мыкты ырчы гана эмес, драмалык да, трагедиялык да, ал тургай комедия жаатын да катырган көп кырдуу, амплуасы кенен актриса экенин көрсөтө алды. Анын бири бирине окшошпогон образдарды жаратуусу улууларды чыны таң калтырды.

Актрисанын сахнадагы ажары, жаштыгы Нарын театрынын көркүн ачты десек да болот. Сапина чынында эле Нарын театрынын сахнасын биринчи аттаган кездерде адамды өзүнө суктанткан ажарлуу кыз болчу. Ошол ажары мына ушул кезге дейре сакталып, көргөн элди гана эмес, бирге эмгектенгендерди да суктантып келет. Мындай табигый ажар актрисанын сахнадагы биринчи куралы десек да болчуудай. Анткени сахна ар убак жаштыкты, сулуулукту, сыйкырдуулукту сүйөт! Сахна кереметине актрисанын тубаса керемет көркү, келбети кошулганда не бир образдарды ачууга болот.

Тоолуу Нарын театры Республикабыздагы башка театрларга салыштырмалуу 9 айлап гастролдордо жүрүшөөрү бу күндө жаңылык болбой калды. Буга сырттагылар корксо, Нарын театры үчүн күндөлүк тириликтей. Сапина ошол 9 айлык гастролдорду 37 – жылдан бери кабагым кашым дебей, ыссыгына күйүп, суугуна тоңуп, башынан кечирип келет. Үй бетин көрбөй балдарын белине түйүп, бүтүн өмүрүн, жаштыгын, күчүн театрга арнаган инсандардын сабында Сапина Көгөева да бар. Төрт баласын гастролоп жүрүп өстүрдү. Алар да артисттердин ролун аткарып, керектүү учурда сахнага чыгышаар эле. Мына артисттин накта жашосу! Мына театр!

Саадат 1Кыргыз драматургдарынын чыгармаларынан баштап, орус, чет элдик классиктердин чыгармаларына суугарылган Сапина тез эле Нарын театрынын Прима актрисасы болуп чыга келди. Чыгармачылык өмүрүндө актриса 70 тен ашуун образдарды жараткан. Жараткан образдары бири-бирине окшошпогону, өзгөчө оригиналдуулугу менен теңтуштарынан, кесиптештеринен бир топ айырмаланган актриса ар бир жасаган ишинде улам бир жаңыланууларды жаратып келген. Актрисанын ойногон ролдорунан мисал келтире кетейин:

Табылды Актанов “Күч күйөө” – Алмушка,
Насирдин Байтемиров “Токтогул” – Торко сулуу,
Жеңишкүл Өзүбекова “Кыял” – Алча,
Токтоболот Абдымомунов “Борбаштын досу камгакбай” – кыз,
Б. Мукаев “Эңсеген түн” – Баян Сулуу,
Назим Хикмет “Махаббат баяны – Мехмене Бану,
Ш. Шаршеев “Алиман эненин жомогу” – Акчүкө,
Э. Сатаров “Уурдалган өмүр” – Сулуу,
Т. Исмаилов “Тергөөгө чейин” – Гүлсүн,
Табылды Актанов “Эр Табылды” – Торко сулуу,
К. Мамбетакунов “Боз бойдок” – Карлыгач,
Бакирдин Алиев “Адам азыткысы” – Жамал,
М. Найманбаев “Бугу эне” – Бугу эне,
Жалил Садыков “Адам азезел” – Бузуку аял,
Султан Раев “Күн кармаган бала” – Чычкан,
Уилям Шекспир “” Отелло – Эмилия,
Мырзабек Тойбаев “Сыйкырчы кыз” – Сыйкырчы кыз,
Табылды Актанов “Реквием” – Бузуку аял,
К. Зарлыкова “Сибир челноктору” – Эне, Соодагер аял,
Софокль “Эдип Цар” – Иокаста,
Фигерейдо “Эзоп” – Мелита,
В. Дельмар “Жашоо деген көп чекит” – Анита,
Б. Өмүралиев “Жаңырык” – Дүлөй кемпир,
Чыңгыз Айтматов “Ак – Кеме” – Аксак кемпир,
Э. Токтомушева “Айыл таңы” – врач,
Каныбек Иманалиев “Курманжан Датка” – Касиет,
А. Кускаков “Доор аяны” – Хинд,
Жалил Садыков “Мен арызданам” – Арызчы аял,
Чынара Калыбекова “Онтоосу көп, “Общий дом” – Акыйкат, ж. б. д. у. с.

Саадат 2Кыргыз эли Сапина (Саадат) Көгөевадай таланттуу кызы менен ар убак сыймыктанып келет. Дарак бир жерден көгөрөт демекчи, 37 жылдан бери бир театрда эмгектенип келе жаткан актриса Сапина Көгөева учурда Нарын шаарынын “Ардактуу атуулу” (2014-жылдын 29-августундагы № 2/11 токтому) жана бир катар сыйлыктардын татыктуу ээси. Сапина Көгөева театр менен гана чектелип калбастан, театрдын коомдук иштеринде, Нарын шаарынын жана облустук ар кандай мааракелерин өткөрүүдө талыкпастан көп колдоо көрсөтүп жүрөт.

Өз учурунда Залкарлар менен 9 айлап гастролдогон эмгектери акыры келип актрисаны элге таанытып олтурганы, талыкпаган эмгектин маңызы эмей эмне. Эмгек өз сыйын бербей койбойт. Буюрса таланттуу актрисага Мамлекет тарабынан көрсөтүлүүчү “Эмгек сиңирген артисти”, “Эл артисти” деген сыйлыктар да алыс эмес. Элдин сыйы баарынан бийик!!!

Эр эмгегин жер жебейт! Ар бир таланттан из калуу керек. Саадат Көгөева талыкпаган ак эмгеги менен из салып келе жаткан инсандардан. Мындай таланттар ар убак жогорку сыйлыктарга татыктуу.

Чынара КАЛЫБЕКОВА.
Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер,
актриса, акын – драматург.