Жүрөк сыры..

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ

Эрик ЖУМАБАЕВ. 1993-жылыдын 23-январында Ысык-Көл обулусунун Түп районуна караштуу Балбай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Зина Мамбетсеитова атындагы Балбай орто мектебинин босогосун аттап 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтунун Социалдык маданий ишмердиги кафедрасынын студенти.

 


«АТА ЖУРТУМ»

 

Крбөдүм көзүңдүн жарык нурун,
Көөдөнүм козголуп жанып турдум.
Көп карап жолуңдан күтүп келем,
Көрүнбөйт карааның Ата Журтум.

Б 8
Көркөмүң тартылып көз алдыма,
Көзүмдөн тамчылайт мөлтүр жашым.
Көк асман чагылган, алтын көлүм,
Көктөмүн сагындым, салкын төрдүн.

Алыстан айтамын саламымды,
Алтын кел айтып тур кабарыңды,
Арнаймын бир сенин элесиңе,
Ар сөздөн куралган жалаң ырды.


«МЕНИН ЖАШООМ»

Менин жашоом жеңил эмес, оор эмес,
Узак кеткен, түгөнбөгөн жол эмес.
Ал болгону өтүп кетсем мүрдөн,
Менден калган жарыктагы бир элес,
Артта калган, кайрылбаган бир элес.

Турмуш сырдуу, болуп келет айрылуу,
Арасында күндөр да бар кереметтүү, бактылуу.
Табияттын мыйзамына баш ийип,
Мен да жашайм кээде шаңдуу, кээде болуп кайгылуу!.

 «ӨЧҮП КАЛСА ЧЫРАГЫМ»

Кейибечи, кетпейм сенден алыстап,
Учуп барат, убакыт саат арыштап.
Ажал чиркин алып кетсе дүйнөдөн,
Кайтып келем, кайра сага карыштап.

Суусу болом оргуп аккан булактын,
Майы болом бир жылт эткен чырактын.
Ишенип кой, унутпагын Ата-Журт,
Шамы болом сен жашаган турактын.

Булут болом буудан бүтүп жайылган,
Тунук болом суудан бүтүп агылган.
Буйрук келип бул дүйнөдөн өткөндө,
Калем болом ыр жазууга камынган.

Бийик болом шумкар учуп жетпеген,
Билиминен кайкып учуп кетпеген.
Бул турмуштун аздыр-көбүн иликтеп,
Билгич болом элим сүйүп эстеген.

Б 8«ЖҮРӨК СЫРЫ»

Көз жашты төккөн ырым бар,
Көл сымал толгон сырым бар.
Көрүнбөс көздүн кырына,
Көөдөндөн чыккан шыгым бар.

Жашай берчү кылымдар,
Жамактап жазган ырым бар.
Жан дүйнөмдү аралап,
Жайылып учкан чымын бар.

Кумарлуу жанды жылытаар,
Кубулжуп жазган ырым бар.
Куруган жүрөк түбүндө,
Куйундап учкан чымын бар.

Ак барак бетин булгалап,
Апкаарып жазган ырым бар.
Ай ааламды бир кезип,
Айланып учкан чымын бар.

 «ОШОЛ ТҮНДӨ»

Ошол түндө оюу бузук жаман келди,
Ойду тоону сүйлөгөн арам келди.
Ооруп жаткан апаӊдан айрылдыӊ деп,
Ойго келбес, түрү суук кабар берди.

Ошол түнү ак жамгыр төгүп жатты,
Ойлорумду сансыз элес бөлүп жатты.
Оо дүйнөгө узаган апам келип,
Ойлонбо”- деп ак жүзүмдөн сүйүп жатты.

Ошол түн бир мезгилди эске салды,
Ойлосом жүрөк сыздайт, кыйнап жанды.
Оюнкоор жаш баш элем ал мезгилде,
Оюмду жалгыз апам ээлеп алды.

Ошол түн жүрөгүмдө уюп турат,
Оюма апакемди куйуп турат.
Ошону, ойгоно албай узап кеткен,
Оо дүйнөдөгү апакем да туюп турат.

Кайгылуу түн карегимде жанып турат,
Кайратымды кайтарбай чанып турат.
Кан чыгарбай алып кеткен апакемди,
Караӊгы түн моюнга албай танып турат.

Ошол түндү бүгүн эстеп олтурамын,
Ооруп турат жүрөгүм коркуудамын.
Оору болуп жүрөктү жаралаган,
Ойлорумду ак кагазга толтуруудамын.

 «ЖАШТЫН ОЙУ»

Күндөрү болду, күүлү-күчтүү жаштыктын,
Түндөрү болду, ойноп күлгөн шаттыктын.
Арасында алсыраган жүрөгүмдү кыйнаган,
Арман кошкон жылдары өттү турмуштун.

Өмүр болсун өксүбөгөн күйбөгөн,
Катаал турмуш татымын эч көрбөгөн.
Ажал келип колдон жулуп турса да,
Өмүр болсун түгөнбөгөн, гүлдөгөн,

Сезим болду жүрөк кылын термеген,
Сезбей келем бирок булар эмнеден.
Ыр куйулат жүрөк түбүн талкалап,
Ырааты жок, илхом менен келбеген.

Качан келет? Кимдер келет алыстан,
Күтө берем, карай берем жолумдан.
Күн алыстап, күтүп турсам көз салып,
Күүлөр келет, ырлар келет капыстан.

Кагылайын байлык аттуу жыйбагын,
Канжары жок жүрөгүмдү кыйбагын.
Туура сүйлөп, чындык айткан айкөлдү.
Турмуш чиркин, туш-тушунан тыйбагын.


Ала-Тоонун суусун ичип чоӊойгон,
Ата-Журттун тузун татып коройгон.
Алты түндө арзуу кылып ыр жазган,
Айкөл жаштын оюу болду оролгон..

One thought on “Жүрөк сыры..

  1. Эрик иним, ырыңыз абдан жакты! Өркүнүңүз өссүн, талантыңызды таарынтпаңыз, көп ырлырды Сизден күтөбүз!

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *