Кусалык..

эжамила 1Бекболот САРЫБАЕВ. 1995-жылы 22-майда Жалал-Абад обулусунун Сузак районуна караштуу Жерге-Тал айылында туулган. 2001-жылы Жерге-Тал айылындагы Мария Орозалиева атындагы орто мектептин босогосун аттап, 2012-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин туризм бөлүмүнүн 1-курсунун студенти.

 

Чындык издеп, чындык издеп кашкайган,

Чырмап ойлор, маң болууда баш кайран.

Чын дүйнөгө көчүп эле кетүүдөн,

Чынымды айтсам калбай калды башка айлам..

 

АЙЫЛЫМДЫ САГЫНУУ…

Атыр жыттуу абасынан айылдын,

Алгач жыттап, анан өлсөм кайылмын.

Айкырыгы аалам жарып туруучу,

Айылдагы эшегимди сагындым.

 

Эстен кетпей ойноок кезим мурдагы,

Эх, айылым, ойлорумду чырмады!

Уйларымдын мөөрөгөнүн эстеймин,

Угулганда машиненин “сигналы”..

 

Токтолбостон күндөр жылга жалгашты,

“Токто!”,- десек, тагдыр көнө калмакпы?

Азан айтып ойготуучу корозум,

Азыр болсо будильникке алмашты.

 

Күчүк кезден кубалашып чоңойгон,

Керек болсо итимди да көп ойлойм.

Ата-энемди, досторумду ал эми,

Айтпасам да түшүндүңөр деп ойлойм!

 

ЧОҢ ЭНЕМЕ

Айыл десе элден мурда жөнөгөн,

Анда мен жаш, тынчыбаган, шок элем.

Ар күн сайын айылчылап келчүбүз,

Аркасына артып алып чоң энем.

 

Тентек кылсам атам берсе шапалак,

Өңгүрөп мен ыйлачумун “апалап”.

Арачыга энем түшүп анда да,

Сооротчу эле сунуп мага шокалад.

 

Азыр болсо окуп жүрөм алыста,

Алгам түшүп мезгил менен жарышка.

Энем үчүн жасайм бир күн чоң белек,

Элим үчүн жарап берип намыска!

 

ЭНЕ ТИЛИМ!

Эне тилдин ар бир сөзү сүйлөмү,

Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.

Эне тилде эркелетип апакем,

Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.

 

Эне тилсиз кантип болсун жашамак,

Эне тилсиз жүрөк кантип жашарат?

Эне тилде кудайыма сыйынып,

Эне тилде арнайм кызга махабат.

 

Эне тилим дастанымдай бүтпөгөн,

Эне тилди уксам толкуп күчтөнөм.

Удургуган сезимдерди жамынып,

Уктасам да эне тилде түш көрөм.

 

Энчи болуп бизге калган эскиден,

Эне тилим – байлык, кенчим деп билем.

Өлсөм дагы көргө кирген кезимде,

Өз тилимде сурак берсем деп жүрөм!

 

БАТКЕНДИК КЫЗГА.

Айтчы кантип мен сага жанаша алам,

Күлөсүңбү сүйлөсөм тамашадан?

Жолуксакпы,- деп айтсам жооп бердиң:

Жолуга албайм, урушат “аяш авам”!

 

Сулуулугуң сүйүүмдү байлап алды,

Сезим сени тандаса айла барбы?

Табалбадым кыдырып жер жүзнөн

Таң каламын сендейлер Айда барбы?

 

Чыгара албай сырымды көмүскөмүн,

Чыдай албайм сен менен көрүшмөйүн.

Жамалыңды сагынып суусап турам,

Жаңы бышкан кыпкызыл өрүктөйүм.

 

Арабызда аралык чоң эмеспи

Ашып өтүп андыктан тоо, белести.

Андып такыр дарегин таппай келем

Айтчы үйуң “шобу” же “шо эмеспи”?

 

АВТОБУСТАГЫ ОКУЯ.

Аптабы күч, жай мезгил күн ысыкта,

Автобуста баратам тыгылышта.

Көңүлдөрдү өзүнө тартып алчу,

Көзүм түштү көк көйнөк сулуу кызга.

 

Адамдардын мынчалык жыйналганын,

Араң чыдап жактырбай турган жаным.

Көздөрүңө көздөрүм чагылганда,

Кайдадыр бир жок болду кыйналганым.

 

Автобусту айдоочу айдаса бат,

Азгырылам селкиге кайра карап.

Жамалы анын мага окшош жигит эмес,

Жан алгычтын өзүн да арбап алат.

 

«Ырас эле бир чыкты жолубуз» – деп,

Ынгайлуурак таанышуу жолун издеп.

Түшүп кеттиң камданып жатканымда,

Тигил жерден токтотуп коюңуз деп.

 

Эх, сулуулар жүрөктү жарасыңар!

Эми кайда көңүлдүн дабасы бар?

Маанай түшүп мен байкуш кала бердим,

Момпосуюн алдырган бала сымал.

 

Кала бердим телмире терезеден,

Коньфеттерин тарттырган бала сымал…

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *