Dec 08

Ак кептер..

КЫРГЫЗЫМ!


Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

канча кылым жүрөктөрдө туулдуң.

Кыргыз жерим Кыргыз элим улутум,

кыргыз болуп жүрөгүңдө туулдум..

 

Кыргыз жери кыргызымдын конушу,

чегин коргоп кыргыз келген турмушу.

Тоолу аймак отуруктап кыргызым,

сактап келген үрп адаты турмушун.

 

Кыргыз эли Кыргыз жери байыркы,

жылуу сезим жүрөктөрдүн дарысы.

Даамын тартар дасторкону жайыла,

сыйлуу келген Кыргыз элим байырта.

 

Кыргыз эли кыргыз жери ынагым,

ынак болуп урпагында турамын.

Кылым өттү канча деген кылдары,

Кыргыз өчпөс канча деген жылдары.

 

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн бир дагы.

Кыран кыргыз канча кылым көрсөда,

Кыргыз келген бөлүнбөстөн эч дагы.


Кылым карып учса дагы жылдары,

Кыйро болбо кыргыз элим бир дагы.

Канча жылы саналсада күндөрү,

кулабастан турмуш жолун түз дагы.

 

Кыргыз жери сулулуугу жетишкен,

урмат кылып Кыргыз эли келишкен.

Кадыр баркын урмат кылып жеткизип,

Улуу жолун Урпагына беришкен.

 

Канат болуп урпактарга келишкен,

ырыс алган куштарына берилген.

Бакыт изи канат кагып жеринен,

Кыргыз элге куту толо келишкен.

 

Байлык ырыс жазышары бул эмне?

Кыргыз эли жүрөгүнүн кебинде.

Сырын албас баары турат айлана,

куштар учар айланасы талаада.

 

Ала- Тоо ак мөңгүсү жеримдин,

асман тирейт ак булуттун желеси.

Согот дене Кыргыз деген жүрөгүм,

желбиресе кыргызымдын желеги.

 

Жери кооз Ала – Тоосу мөңгүсү,

нурлу кылар жүрөктөрдүн бирисиң.

Канат кагып учкуң келет айлана,

Күлүк тулпар күлүгүнө байлана!.


Жоомарт ТУРАРБЕК уулу . 07.12.2013.

Dec 08

Чагылган..

Атактуу куудул Асанкул ШАРШЕНОВ.

Атактуу куудул Асанкул ШАРШЕНОВ.

АСАНКУЛ БАЛБАН БОЛГОНДО.

Атактуу куудул Асанкулдун Шаршеновдун окуп жүргөндө күрөшкө түшкөн окуйасы:
Окуп жүрөм, эси дартымдын баары эле тамак, күнүнө 3 маал тамак берет. «Канды» эле жей берчү элек, көрсө анысы «винегред» тура. Училищанын деректири жана узун бойлуу Байман деген узун бойлуу зуңкуйган орус тренер эле. Бир курдай биз ойноп жатсак эле биз жака карап: «Эй ты, высокий, иди сюда» – деп эле мени чыкырып калды. Мен жаман ойумда «Кудай урду, бул дагы тамак бергени жатабы» деп далдактап чуркап бара калсам «оо, ты же второй Кожомкул, из тебя хороший борец выйдет, пойдём» – деп мени спорт залга ээрчитип кирди. Анан мага күрөштүн түрдүү ыкмаларын көргөсөтүп, машыктыра баштады. «Эгер жеңилип баратканыңды сезсең, тегерек сызыктан чыга кач, дем алып алып кайра киресиң» деп кулагыма куйуп жатты. Андан көп өтпөй күрөш залында күрөш башталды. Мага чейин кыргыз балдар чалгы тийгендей эле жыгылып жаткан экен. Мен кире калсам эле залдагы аксакалдар, «келбетиңден айланайыын» муну эмне, кайда сактап жаттыңар эле, эбак эле чыгарбайт белеңер?» – деп колдоп, сүрөп эле баталарын берип дуулдап күтүп калышты. Мага бойу кичинекей бир орус бала чыкты, негедир купшуңдап турган неме экен, ичимдеп ойлоп койдум «бул деле бирөөнүн баласы эмеспи, кой айап күрөшөйүн, өлтүрүп алыбайын» – деп койом жаман арымда. Сойуз учуру, кийим тартыш, ал күрөш мага майрам сезилип, атамдын дамбалын шымаланып кийип алгам. Орус шеригим болсо тизесинен ылдый жагы жыртылып, айрылып калган шым кийип чыкты эле, а мен аны «ии, бул дагы бир бечара үй-бүлөөдөн турбайбы» деп ойлоп койгом. Көрсө ал дамбал эмес эле «шортик» турбайбы. Биринчи эле кол карматып учураштырат экен, колумду кармап учурашканда эле колум бырыша түштү. Экинчи ышкырыкта «асыл» деген эле, бара калып баса калгычакты болбой эле, кайра мага асылып, үстүмө чыгып кетсе боло, кокуйдуку..Оой, анан бир алымдын жетишинче чамгарактай баштабадымбы. Бирде жер көрүнөт, бирде потолок, бирде лампочка көрүнөт, бирде эл көрүнөт. Тигинин колунан бошосом тырмалаңдап качам, ал кайра сүйрөп келип ортого чабат, тимеле камыр жууругандай жууруп атат мени. Өзүм өлгөнү атсам кыргыздар бакырып атышат, «тамак ичпей балее ич, атаңдын оозун урайын шал, кичине айбат кылып койсоң боло, иий ит,  мунусу тигилерден өткөн ит турбайбы өлтүрдү, өлтүрдү» – деп кыйкырып жатышат, ачууланышып. Кайра оруска болушуп, «убей его, убей дурака» дешип. Бир кезде байагынын колунан эптеп бошоно калып тырмалаңдаган бойдон качып чыктым. Өзүм араң кутулуп качып баратсам, элдер боорлору эзилип, кырааң каткырык салып, күлүп жатышпайбы. Бир кезде Байман тренерим келди, салбыратып атамдын дамбалын сүйрөп алыптыр, «Кожомкул на, одень»  деп койот. Мен тырмалаңдап качып баратканда тиги пайчадан кармаган экен, дамбалым шыпырылып чечилип калыптыр да, аны деле сезбей, жанталашып качып жөнөгөн экенмин да мен байкуш. Ошондон кийин “күрөштү биротоло таштагам” дептир да боорду эзген Асакебиз..

 

Атактуу төкмө акын Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ.

Атактуу төкмө акын Эстебес ТУРСУНАЛИЕВ.

АСАКЕНИН АТАСЫ.

Ошол эле Асакебиз бир күнү өзү менен чогуу иштешкен Эстебес Турсуналиевдин бригадасын өзүнүн айылына гостролго чакырып калат. Ал жактан Эстекебиз концертин айактап калганда Асанкулга кайрылыптыр:
– «Асаке, айылыңа чейин келдим, эми бир жолу атаңды көрө кетейин, колунан чай ичип калган элем, ушунча келип кирбей кетип калсам уйат эмеспи» деп камданып калат. Анда Асакебиз айтыптыптыр:
«Кой кирбей эле койчу Эстеке? Атам баары бир сени тааныбайт, азыр бир топ эле карып калган» десе тигилер анысына карабай эле үйүнө бармакчы болушат.
Үйүнө келип, киргеден кийин баары менен тегерете кол кармашып учурашып чыгышат. Атасы болсо сүйлөбөй керебетте жаткан болот. Анан Эстекебиз атасынын колунан бекем кысып, «Ата кандайсыз, акыбалыңыз жакшыбы?» деп бетинен өөп учурашыптыр. Асакенин атасы дагы анын бетинен өөп койгон экен. Ошентип ал жерден тамак ичип бүтүшкөн соң баары эшикке чыгып бара жатышканда Эстеке Асакеге:
– «Атам киши тааныбай калган дебедиң беле? Алда немедей эле мени таанып бетимен өппөдүбү» десе, Асакебиз минтип айтат дейт..
– «Туура, Сени кемпирим» деп өөп жатпайбы деген экен..

ээ 6КӨК ЭЧКИ..

Балалык кезим, 4-5 жаштагы убагым болсо керек эле. Авамдын эгиз көк эчкиси боло турган, бири ушунчалык сүзөөнөк дейсиңер, тимеле анын кылыгы ааламда жок эле. Колумдагы чыбыгыма да карабай, көргөн эле жерден кубалап жүрүп сүзүп, калашынча эрмектей берчү. Сүзгөндө да жөн сүзбөстөн «опуту» менен кээрилип туруп, эки алдыңкы бутун тик көтөрүп келип сүзүп, черин жазмайынча эс алчу эмес. Эгерим сүзгөндөн тажабаган нем болчу. Авам «эчкилерди айдап келгиле» дегенде эле иним экөөбүз бири-бирибизди карап «барбайбыз, көк эчки сүзө берет экен»  деп ыйлап баштайт элек. Бир күнү авамдар уй сааганы сарайга кетишкен. Үйдө өзүм эле жалгыз калып, эшиктин айланасында жыргап ойноп жаткам. Бир маалда капысынан артымды карай калсам эле байагы көк эчки мени карап турат. Качан келип калганын да байкабай калыптырмын, турат мени тиктеп койуп. Ошол жерден чаңырган бойдон үйдү көздөй качтым дейсиңер, катуу корконумдан чоң эшикти да жаппай кирип кетиптирмин, көк эчки артымдан кубалаган бойдон кошо кирип келсе боло.. Мына сага анан, көк эчки мени жүккө такап алып ой бир эзгилеп сүзгөнү ушул күнгө чейин эсимде. Чаңырып, бакырып атам, өкүрүп атам, кыйкырып атам, бир маалда ары жактагы бөлмөдө бир эже бар экен, ошол үнүмдү уга калып, чуркап келип көк эчкиден ажыратып, ээ 6мени аман эсен куткарып калган. Ошентип балалыгым көк эчкинин тайагына бышып, аны менен алышып жүрүп чоңойгом. Кийин шаарга кетип, анан көптөн кийин айылга барсам байагы көк эчки бир кыйла эле карып калыптыр. Байкуш, жанына басып барсам сүзгөн жок, бирок мага салам берди..  

Чыңгыз АСЫРАНКУЛОВ. Маскөө шаарынан. 07.12.2013.

Nov 30

Новелла..

ЫЗА


Сүйүү оңой, бирок ошол сүйүүнү түбөлүк кармап калуу…

 

Бир күн болбосо, бир күнү акыр бир жагынан чыгышмак. Ортодогу ажырым күндөн күнгө тереңдеп, төшөктөрү эбак муздап бараткан эле. Бул командировканы Жибек мурдагылардан башкача күтүп жаткан. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Акмак экенсиң! Баары бүттү! – деди ичинен. …Жыйырма жыл. Жыйырма жыл кор болгон өмүрүм ай!.. Каякты карап жүрдүм. Минтип ара жолдо калаарымды билгенде… Майда калтырак баскан денесин араң токтоткон Жибек Акжолго ызалуу тикирейген калыбында үнсүз катты. Бул учурда анын жан дүйнөсү бейжайлана чаңырып, буркан – шаркан түшүп жатты.

Тобоо! Эркек деген эркек тура! Акжол бүт күнөөсүн эми гана сезгендей болду. Бирок ошентсе да эркек эмеспи, текеберленип күнөөсүн мойнуна албай, эски адатына салып буйтап кетем деген. Кайдан бул сапар буйтамак тургай, демин тарта албай тултуюп олтуруп берди. Жибек эми турмуш болбосуна көзү биротоло жеткенин сезип, жаак ылдый куюлган жашын ичине тарта, эрдин кесе тиштеди.

 

… Сен эмнени түшүнөсүң?! Эмнени?! Сен эч нерсе түшүнбөйсүң! Мени аял деп коет. Менин да башка аялдардай эле аял затына тааныш мүнөздөрүм, кылдарым бар. Мен тирүү жанмын! Аялмын! Сен ошону түшүнөсүңбү? Айтчы, айтчы, түшүнөсүңбү?!

Менин жалгыз жаткым келбейт. Сен кучактап жаткан аялдардай эле, менин да эркелегим, кучактагым, сүйгүм келет. Түшүнүп жатасыңбы? Мынабул эки кишилик төшөктө жалгыз оонап, таңдын эртерээк эле атышын күтүп, эки тиземди кучактап көз жашыма бетимди жууп олтуруу мага канчалыкка тураарын сен билесиңби?! Ал аялдын менден эмне артыкчылыгы бар. Эмнеси менен сени жипсиз байлап алды. Айтчы суранам? Менин эмнем жакпайт сага. Эмнем?!

Кай жазыгым үчүн мени мынча тебелеп, тепсеп келесиң. Кайсы күнөөм үчүн? Эмне үчүн тамак жеп олтурганда менин тамак жей албай сени жалдырап тиктегенимди көрсөң да көрмөксөн болосуң. Даагы уялбай: – Бир жериң ооруп турабы? – деп, каадалуу кишидей сурап коет. Ошонуңа да ырахмат! Менин эч жерим оорубайт. Ооруган дегенди мен байкуш билген да, билсем да сага билдирген эмесмин. Ушунча жыл чогу жашап жүрүп, менин бир ирет ооруганыма жаның ачып, врачка апардың беле? Айтчы, мен үчүн кыйналган күнүң болду беле? Качан мен сени: – Мен үчүн эркектей болуп кам көрбөйсүң. Мага муну жасабайсың, тигини жасабайсың! – деп, аялың катары кодуладым. Качан эле сага “чоңдун катынындай” чоектодум эле. Баары… баары… (тыным) Баары мообул жерден чыкчу эмес. Мен сени сыйлачуумун, аячумун, кызматыңа шек келтирбейин дечүмүн.

Сен кызматыңдан көтөрүлгөн сайын өзүм көтөрүлгөндөй сезилчү мага. “Катын көпсө эрге, эр көпсө элге”- дегендей, макалды бекем кармадым. Сенин тапкан ташыганыңды тыкан кармап, оорду оордун таап, жакшы аял болгум келген. Ошонун баарын жасадым. Тайралаңдап кеткеним жок. А, сен мага эмне кылдың. Жыйырма жыл… Орой айтканда “күңдөй” мамиле жасапсың Акжол! Мен сага жакшы аял гана эмес, жаныңа жакшы дос болуп, акылыңа акыл коштум. Кыйын кезеңде кубат берген коргоочуң болдум. Сен акырындап көтөрүлө баштадың. Ат казыгың болсун деп… Бакыйган үч баланы төрөп бердим. Үч бала! Сенчелик чоң кызматта иштеген адамдар жокпу? Өкмөт башкарган кишилер деле үй – бүлөсүн унутпаса керек.

Антип караба. Керек болсо үч балаңдын кандай төрөлүп, кандай бой жеткендерин да атадай болуп билгениң жок. Сага кызматың болсо болду. Берер жообуң барбы? Кайсы жоопту айта аласың. Биринин окуусуна барып…

Ээ, койчу! Керек болсо, балдарыңдын окуткан мугалимдери, булардын сага окшогон атасы бар экенин да билишпейт. Бир “чоңдун” балдары – деп, гана мамиле жасашчу. Ушулбу, сенин кыйындыгың?!

Эмне үчүн жашап жатканыңды деле түшүнбөй койдум. Таап келген чөнтөк толо акчаңа корстон болбой эле кой! Бизге сенин акчаң эмес, өзүң керексиң. Өзүң керек болчусуң Акжол. Өзүң!

Мендеги кусалык балдарыңдын ар биринде бар. Баарын жүрөгүм сезет. Сезгенде эмне. Берген суроолоруна жооп таба албай, жооп бермек тургай өзүмдүн дайнымды таппай калам. Мен сени сагынып куса болгондой эле, балдарың да куса болушат. Бир үйдө жашап, бир дасторкондон тамак ичип, бир төшөктө жатканыбыз менен, арабыз өтө алыстап кеткенин билесиңби, Акжол?.. Атадан калган сөз бар. “Эр мекени туулуп түшкөн жери, ит мекени жугунду ичкен жери” – дейт. Үй – бүлө деген мекендин башталышы, кичинекей мекениң го… Кадырыңа жетем жегенге эмес, бул жашоодо, – Катаңды оңдойм! – дегенге көбүрөөк ишен дептир. Сен антип караба. Сага акыл үйрөтөйүн дегеним жок. Азыр мага акыл айтаар киши жок. Бир сөз менен айтканда: – Жолумду тоскон көп, жол көрсөткөн жок! – болуп олтурам. Мен киммин? Бакытка тор жайган күтүүчүмүн. Балыкчы тор жайып балыкты күтөт. Мен бакытты күтөм. Балыкчы ар сапарында олжолуу кайтат. Мен жалгыз кайтам. Ай, эч нерсе эмес. Буюрса эртең болот. Ар бир күндү ушинтип алдайм.

Менин сага аялдай эркелегим келсе, ошондой эле балдарың да аталык мээримге зар. Бирөөсүн баладай эркелеттиңби? Үтүрөйгөн кабагыңдан башка сенин деле күлүп жайнаганыңды көрүштүбү? Биз сенин кол алдыңда иштеген кызматчыларың эмеспиз да. Бизди, – Үй – бүлө! – дейт. Үй – бүлө болгондон кийин жаркылдап жайнап, ачуу – таттууну бир көрүшүбүз керек да. Балдарга аталык дагы, энелик дагы мээримибизди төгүшүбүз керек да. Ушундай эмеспи, Акжол. Балдар да сени менен чогу басып, чогу жүрүп, ата – баладай ысык мамилени эңсешет. Жумалап келбей койгонуңду жөн эле коеюн, жок дегенде айына бир күн үйдүн “кожоюнундай” балдарың, аялың бар экенин сезсең…

 

Жибектен мындай сөздөрдү уч уктаса түшүндө күтпөгөн Акжол алласы оозунан түшө нес боло олтуруп калды. Бул учурда Жибекти токтотуу мүмкүн эмес эле. Анын алдында өзүн торго түшкөн бир жандыктай сезип турган Акжол Жибекти тике кароодон айбыкты. Демин араң араң тартып, жердин катуусунан гана кирип кетпей бозоруп турду. Ал аз да болсо өзүнүнүн кетирген каталыктарын сезгендей болду. Ооба, сезди. Эми каршылык көрсөтүп кейкеңдей албасын да сезди. Баары кеч болуп калганын сезди. Жек көрө карап урган Жибектен көзүн ала качты. Бир топ оор тынымдан кийин Жибек жаак ылдый куюлган жашын сүртө, сөзүн кайра баштады.

 

…Жараткан ай! Кандай сыноого салдың эле. Ушунун баарын неге айтып жатам. Деги кереги бар беле. Жок! Жок! Айтуум керек. Бүгүндөн калтырбай баарын айтуум керек. Ук! Эмне?.. Эмне дейсиң?! Ооруп калгансыңбы? Ой, боорум, ай! Канчадан бери минтип күлө элек элем. Эч жерим ооруган жок! Жана да оорубайт! Мени антип анткор тиктебей эле кой. Болгону мунун баары кусадан… ызадан чыккан кептер. Жыйырма жыл чогу бирге өмүр сүрдүк. Бул аз убакыт эмес. Тең өмүрдү өткөрдүк. Эми канчасы калды бир Кудайдын өзү билет.

Акыр бир күн ушундай болоорун жүрөгүм сезгени качан. Кептин баары өзүмдө! Өзүмдө! Билем. Өзүмдү өзүм кыйнап, сенин баардык кылык – жоруктарыңа, көрсөткөн кордуктарыңа көз жумуп, ээрдимди тиштеп чыдап жүрө берген күнөө өзүмдө. Өзүмдү эч кечирбейм! Эч кечирбейм!!! – Чоңдун аялы! Чоңдун аялы деген сөзгө семирип, көзүмдү чел каптап жүрө бергениме, арсыз жан экениме азыр бармагымды тиштеп арданып олтурам. Эшек да кээде кежирленип баспай туруп алат. Ошол эшекче болбогонума өкүнөм. Убал жок мага! Мага сенин “чоңдугуңдун” кереги эмне эле. Мен чоңдун же болбосо алдындагы кызматкерлерин сүрү менен сызгырган “зөөкүр начальниктин” аялы болгум келген эмес. Мени түшүнгөн, эркелеткен, сыйлаган, үй – бүлөгө ысык мээримин чачкан камкор эркектин аялы болгум келген. Мени сүйүп, эркелетип, аялзатынын асыл жүрөгүн сезген, туйган эркектин жары болгум келген.

Үч балаң чоңойгончо сенин командировкаң бүткөн жок. Айлап – айлап кетчүсүң. Ага да көндүк. Ошол келээр кездериңди кандай күтчү элем Акжол. – Чарчап келдим! Бир аз эс алайынчы? – деп, тескери карап жатып алчусуң. Андагы кордугуң андай болчу! Эмдиги кордугуң мындай болуп олтурат. Ал кезде балдар менен ырылдап – чырылдап, күндүн өткөнү билинбей, сабалап жылдар өтүптүр. Азырчы?! Ар кимиси чоңоюшуп, өз – өз иштери, окуулары, тели теңтуштары менен алек. Баягы эле үй күчүк болуп, төрт дубалды кайтарып, ала иттей жыйган дүйнөңдү кайтарган мен! Эмне, мени жыргатканың ушулбу?! Сенин ишиң жакшы болсун деп, бир үйдөн бир эле “чоң” чыкса жетет! – деп… Сен үчүн! Сен үчүн!!! Билсең, ата – энемдин сөзүн укпай, мага кылган аракеттерин четке кагып, мен келесоо, сен үчүн баарын таштадым эле го Акжол!

Калп дечи? Жалган дечи? Ушундай болбоду беле. Мектепти жалаң беш менен бүтпөдүм беле. Менин окууга чоң мүмкүнчүлүгүм бар эле го. Ушунун баарын жалган дечи? Эмне үчүн мени сага буюрду экен. Эмне үчүн?! Башкалар түгөнүп калгансып мени алдың? Сен мектепти бүтүрүп жатканда, мен бечара мектептин босогосун жаңы аттабадым беле. Көрсө сен карышкыр, оозун ачкан жаш неме айтканымдай болот деп, илгери эле бүтүм чыгарып койгон турбайсыңбы. Ошондой болуп жатпайбы. Неге мени кор кармадың Акжол?! Неге?! Неге?!

 

Жибек бир топко өзүн токтото албай солуктайт. Мындайды күтпөгөн Акжол баягыдан да нес боло, дене башы өлө түштү. Анын ички дүйнөсүндө да баш аламан, будуң – чаң түшүп жатты. Бул эмне болгон бук? Бул кайда, мен кайда жүргөм? Сен Жибекти сүйүп албадың беле? Ал чындык эле да. Анан кантип… кантип… Кай жакты карап жүрдүң? Кайсы кара баскан күнү жолдон адаштың, Акжол? Эми эмне болот. Мунун бугун кантип басып, кантип кайрадан бооруңа кысасың. Деги ошондой болушу мүмкүнбү? Караба! Көзүнө тике караба! Кайсы бетиң менен карамак элең. Сенин бетиң күйүп калган. Сен акмаксың! Сен катуу адаштың, Акжол! Өз оюнан өзү чоочуп селт эте түшкөн Акжол Жибек менен капысынан тиктеше түшүп, ошол замат көзүн ала качты. Жер астын үстүн болуп кетти. Жек көрө караган Жибек андан ары сөзүн улантты.

 

Эмне? Менин ыйлаганыма таң калып жатасыңбы? Албетте таң каласың. Бүгүн биринчи көрүп жатсаң, таң калбай анан. А, мен сага көрсөтпөй, билдирбей, жашырып жыйырма жыл бою ыйлап келдим. Сен ошону сезген жоксуң. Туйган да жоксуң. Сенин көзүң көр, жүрөгүң таш! Мерес наадансың! Сен адам эмессиң!

Эмне жалдырайсың. Мени бүгүн көрдүңбү? Кара, жакшылап карап ал! Акыркы көргөнүң ушул болоор. Карап ал. Сенден келген бөтөн аялдын атырынын жыты менин жүрөгүмдү айлантып, кускумду келтирип жатат билсең. Сенин мага тааныш, мага сиңген, жаныңа жакын келгенде менин башымды айлантып… аялдык делебемди козгогон тер аралаш жытың…

 

Жибек тескери бурулуп кетет. Бир топко оор тунжуроо басты. Жооп кайтармак тургай үн чыгаргандан сестенген Акжол мелтиреп жер тиктеп, кетирген күнөөлөрүн санап бүтө албай башы маң болуп олтурду. Жибектин ар бир сөзү сөөгүнөн өтүп чучугуна жетип жатты.

 

Бул айткандарым түшүңө да кирбегендир. Мени кыркка чыгарбай картайтып… Керектен чыгарып салдыңбы? Эскирген буюмдай кылдың ээ? Менин түшүнүгүм боюнча ошондой эле болуп жатпайбы.

Мага тике кара! А, аялдар, кырктан кийин күчөөрүн билесиңби? Керек болсо, эми сенин мага күчүң жетпейт! Сен мени эркек катары канааттандыра албайсың! Мейли миң ирет аракет кыл, тыянак чыкпайт. Анткени сенин күчүңдүн кеткени качан. Сен көрүнгөн “кунаажынга” көзүңдү артып, ой – тоону аралап, сай – сайлап алактап жүрүп, эчак демиңди суутуп алгансың! Уялбай эле бетиңе айтайын. Балдардан гана тартынып уятым жол бербейт да. Болбосо, сага көргүлүктү бир көрсөтөт элем. Менин эркек сөөрөйүм!

Аркаңдан жүгүрүп, күнү – түнү үйгө чейин издеп телефонду тытып жаткандар, сенин эркектик күчүңө ээришип, чыдабай өлүп бара жаткандарынан издешет деп ойлоп жүрөсүңбү? (каткырып жиберет) Оо, жаңылышасың. Аларды уктатпаган сенин чөнтөгүңдөгү акча! Ооба, ошол акчалар! Колуңдагы бийлик! Чоңдугуң!!! Акчаң менен сени андигинтип кутурткан бийлигиң жок болсо, чокчоңдогонуңду көрөт элем. Жанагындай кызын менен тең кыздар эмес, итим да карабай эле. Минтип аркаңдан эч ким жүгүрмөк эмес! Аны бөркүңдөй эле көрүп кой “чоң” сөөрөйүм! (тыным)

…Кудайга шүгүр! Буюрганын ичип, жеп, кийип жатабыз. Кесир кылбайын. Кудай өзү кечирсин. Менин жанымды кейитип, түн уйкумдан кетирген, жаныма тынчтык бербеген сенин кылык – жоруктарың. Менин аял экенимди эсиңе албаганың болуп олтурат. Маселенин баары уйпалап – суйпалап үч баланы төрөтүп салгандан кийин, керектен чыккан буюмдай караганыңда!

Мен Аялмын, Акжол! Мен сенин кан – жаныңдан жаралган үч баланын энесимин! (тиктеп калат) Эмне?.. Аял экениңди көрүп турам? (башын чайкай) Жок! Жок! Сен менин сөлөкөтүмдү гана көрүп турасың. Сөлөкөтүмдү! А, мен сага даана, ачык түшүндүрүп жатам. Мен аялмын! Баардык аялзатына тиешелүү нерсенин баары менде да бар. Мен да жашоодон өз энчимди алгым келет! Ачылгым келет! Мен да дене кумарына кангым келет! Балкыгым, көлкүгүм келет! Эркектин койнунда балыктай туйлап, сымап болуп ээригим келет! Сен ушуну түшүнөсүңбү?! Сен ушуну ойлодуңбу? Жок! Жок! Мен сенин үй кызматчың эмесмин да. Кириңди жууп, үйүңдү жыйнап, тамагыңды жасап, күтүп, төшөгүңдү салып… Анан да кай терезеңден ууру кирип жыйган дүйнөбүздү көтөрүп кетет – деп, кайтарып олтургудай. Сен мага ошондой мамиле жасайсың.

 

Мүмкүн азыр чыгып кетсем баары акырындап оордуна келээ деген ой менен Акжол оордунан турууга аракет жасады. Аны эки көзү эшиктен өтүп турду. Олтурган оордуна обдула бергенинде Жибек ийнинен катуу баса өктөм сөзүн улантты.

 

Качпа! Олтур! Олтургун! Бүгүн укпаганды угасың. Бул темага экинчи эч качан кайрылбайбыз. Биринчи жана акыркы жолу сага сырымды төгүп олтурам. Ук, Акжол! Ук! Уккуң келбесе да угасың. Мындан ары чыдай ала турган менде ал жок.

Айтылбаган сырлар, ыза, куса… Мунун баарын өзүм менен алып кетким келбейт. Жыйырма жыл кандай аял менен жашаганыңды сен да билгин. Сезгин. Андан кийин кандай ойлосоң өз ишиң! Мага баары бир тыйын!

 

Бир топко созулган оор тыным. Эми такыр кутулбасын сезген Акжол козголгон жок. Жибектин жек көрүп караган көздөрү желкесин тешип бараткандай болду.

 

Жана айтпадымбы, акыр бир күн чыкмак баары. Кадыр – баркыңды кетирбей тынч жашай берсең, даагы да көзүмдү жумуп жүрө берет белем, ким билет. Болоор иш болуп, боесу канды дегендей, ары же бери болушуң керек. Чыр чагы жок коштошолу. Эми мага, – Бул үйдөн кетпейм! – деп, ач кенедей жабышсаң да кетирем.

Көздүү мончок жерде калбайт! Мен да кадырыма жеткен, мени – Аял – деп, кастарлап сезген бирөөнү табаармын. Балдар чоңоюп калышты. Өз жайлары менен кетишет. Аларды аял алба, эрге тийбе, мени кайтарып олтурасыңар. Мен жалгыз калдым – деп айтууга менин кандай акым бар. Өзгөчө кызымдын менин кейпимди кийгенин эки дүйнөдө каалабайм! Энелик мээримден өксүткөнүм жок, ар биринин бактылуу турмуш курууларына да колуман келгенин аябайм!

Сен өзүң тандаган жолуң менен кете бер. Мен да аялдай жашагым келет. Уктуңбу? Аялдай! Канча өмүр бергенин бир Кудай Таала өзү гана билбесе, биз кайдан билебиз. Жок дегенде өмүрүмдүн аягында аял затына таандык, аялдык жашоонун даамын татып, кызыгына батып, өз баамды билип, анан кетейин бул жайдан. Жараткан аз да болсо мага дагы, аялзатына таандык мүнөз – энчисин берген чыгаар. (көздөрү жашылдана сумсая түшөт)

Билесиңби, Акжол? Өзүмдүн сага ушунча убакыт көз каранды болуп жүргөнүмдү, айбанча да береги жашоодон ырахат албаганымды ойлогондо, кантип арданбай кое алам? Арданам! Арданам! Ички дүйнөм ачылбай, бир сөлөкөт болуп жүрө бергениме арданам! Ушунун баарына сен жеткирдиң Акжол. Сен! Сен!

 

Катуу ызаланган Жибек көздөрүн аарчый өзүнө келет. Ушул тапта ал өз жанынан да, жашоодон да кечип тургандай болду. Катуу арданды. Өзүнүн бае мүнөзүнө, назиктигине, жумшактыгын арданды. Өзүн чөйрөдөгү аялдардын мыскылына айлангандай сезди. Өзүнүн жан дүйнөсүнөн арданды.

 

Ыза… куса… будуң чаң түшкөн жан дүйнөмдүн азабын ичимен тартып, жарылып кетпеген жаным, эми сен ойгото албаган аялдык сезимимди ачык айткандан уялмак белем. Менимче мунун эч деле уяты жок экенине азыр көзүм жетип, уялууну да, апкарып коркууну да сезбей турганым ошондон.

Деги уялып жүрүп эмнеге жеттим?! Айтчы, Акжол?! Эмнеге? Сен мени көргөзмөгө койгон куурчакка айланттың. Карап гана койгонуң болбосо, колуңа алып кармалап көргөнүң жок! Ошого арданам! Анан да жаркылдаган жаштыгымдын кунарсыз өткөн күндөрүнө арданам. Ошол изи жок кеткен, ойгонбогон кыз кыялдарымдын… эркектин кучагында ээрибеген күндөрүмдү…

 

Жибек башын мыкчый тескери бурулуп кетти. Эми аны токтотуу эч мүмкүн болбой калды. Анын сөзүнөн Акжолго эч тааныш эмес бейжайлык, анан да катуу сүр байкалды. Бул анын жан дүйнөсүндөгү көптөн бери тынчттык бербеген ызасы, бугу эле да.

 

Оо, Кудай! Ушунун баарын мен айтып жатам ээ?.. Ооба, мен айтып жатам. Уккун! Көз ирмебей уккун! Сенин жонуңду тиктеп, качан чарчаганы жазылып, качан ойгонуп мени кучактайт. Качан мени кучагына бекем – бекем кыса аймалап өпкүлөйт – деп, көзүмдү жалдыратып сени аңдып жатып атырган таңдарыма арданам!!! Арданам! Арданам!!! Акжол!!!

Баркымды, баамды билбеген, менин ички аялдык аруу сезимимди ойгото албаган сендей “дөңгөчкө” туш келгениме арданам! Өзүмдү өзүм эч кечирбей! Кечиргим келбейт!!! Жолобо мага! Алыс тур! Эми мени түшүндүңбү? Түшүндүңбү, Акжол?!

 

Аялдык албууттанган бейжайлык менен эч качан айтпай турган сырын айткан Жибек, дене башын калтырак басып, бир топто барып өзүнө келгендей болду. Катуу жарыштан чыгып келген аттай, эки бети албырып, эки таноосу дирт дирт этип, катуу күйүгүп чыкты.

 

Мени кийинтип, ичинтип, эч нерседен кем кылбай келдим дээрсиң. Аның ырас. Айттым го. Сен мени куурчак кылып төрт дубалдын ичине, музейге койгон куурчактай көргөзмө кылып коюп койдуң. Мени өзүңдөн башка эч ким көргөн жок. Өзүң да көргөн жоксуң! Жанымда жаткан сен көрбөсөң, дубалдын ары жагындагылар кайдан көрүшөт. Кантип?! Кайдан?!

Билсең, сага сөз тийбесин, баланчанын аялы баландай жерде жүрүптүр, көрдүм – деп, бирөө жарымдар кеп – сөз кылбасын деп, курбу кыздарым барган – баскан жерлерге да барбадым. (колун шилтей) Буларды койчу! Мунун баары болбогон кеп. Майда чүйдө нерселер.

 

Башы маң Акжол нес абалда оордунан тура жөнөдү. Жибек өкүм менен дагы да ийинден баса олтургузду. Акжол кандай тураса, ошондой нес боло олтуруп берди.

 

Олтур! Мен кебимдин аягына чыга элекмин. Олтур! Айтаарымды айтып, дээримди деп алайын. Анда кийин сени бир мүнөт да кармабайм. Күтүп турат, өлбөйт! Жыйырма жыл жаныңда жатып, күтүүдөн өлсөм мен өлөт элем го. Олтургун!!!

 

Жибек эми катуу ажаанданды. Аны мурунку Жибекке салыштыруу эч мүмкүн эмес. Акжолдун алдында тап такыр бөтөн Жибек тургандай болду. Акжол үн чыгарбаса да, өзүнө каяша айткан кишидей Жибек Акжолду шылдыңдай кыйкырды.

 

Кыйкырбасаңчы? Мен кыйкырып жатамбы. Кимден уялып жатасың? Кимден?! Балдарыңданбы?.. Балдарың… Алар менден да жакшы билишет сенин жашооңду. Билсең, мен да кызыңдан уккам. Ал шермендең институтта кызың менен чогу окуучу турбайбы. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетти деген. Сен которгон чыгарсың. Кызыңдан уялымыш этип. Уялчаак киши! Эки жакта тең алчактап жүрө берем деген оюң өзүң менен чогу кетсин. Мен андайга чыдабайм. Чыдагым да келбейт. Калган өмүрүмдү да сенин желкеңди тиктеп өткөрчү алым жок! (тиктеше түшүшөт) Ошондой, Акжол!

Мени антип караба. Сенин дооруң бүтүп баратат. Кандай айтсаң, кандай ойлосоң эрк өзүңдө. Кутурмактан кутуруп кетипсиң де. Ооба, ооба. Мен кутуруп кеттим! Мени сен кутуртуп жатасың. Эч нерсеңдин кереги жок! Кааласаң баарын көтөрүп кет. Баарын! Баарын! Байлыгың да, бийлигиң да, жыйган дүйнөң да!!! Эч нерсеңдин кереги жок!

 

Жибек уламдан улам күчөйт. Ал бирде ыйлап, бирде күлүп жатты.

 

Эмне колуңдан келет айтчы? Эч нерсе! (ый аралаш) Кор болгон жаштыгымды, күтүү менен зарыгып өткөн күндөрүмдү кайрып бере аласыңбы?.. Кайрып бере аласыңбы? Эмне кылып бере аласың эми мага?! (суроолуу) Э – э – эмне? (каткыра) Мен сага жашоодогу аял затына тийиштүү, мага, мага тийиштүү нерсени мага бере албаганыңа, мени ача албаганыңа, аял менен эркекке тиешелүү канбаган кумар тууралуу айтып жатам. Сага болгон негизги нааразычылыгымдын, ачуу ызанын төркүнүн эми түшүндүңбү?!

Менин сага берилгим келген. Көп нерсени арнагым келген! Сен аны сезбедиң. Сен менин жан дүйнөмдү аңтарган жоксуң. Же эркектердин баары ушундайбы? Колунда турган нерсени көрбөй, баалап, барктабай, неге башка жакка жүгүрөсүңөр. Айтчы, Акжол? Эмне үчүн мендеги жылуулукту, назды… кыялды… эч нерсеге алмашкыс ысык мамилени… эмне үчүн башка бирөөдөн издедиң? Эмне үчүн мени менен сырдашпай, бирөөлөрдүн кумарын кандырып… башкалар менен сырдаштың?! Эмне үчүн менин көңүлүмдү ачпай бирөөлөрдүн көңүлүн ачтың?! Толуп турган жигит чагыңда неге мага төгүлбөй, башкаларга төгүлдүң?! Неге! Неге?! Неге!!! Мен сага бала тууп, үйдө олтуруш үчүн эле керек болдумбу? Айтчы, Акжол? Неге?!

Аялдардын бири биринен эч айырмасы жок. Баары окшош. Баары бирдей. Сен күткөн ошол мамилени, сен ошолорго жасаганды, мен да каалагам. Мен да күткөм! Досуңдун ашын касыңдай ич! – деген. Менин да ошол аялдардай, сенин алдыңда апчылып, жулмалангым келген. Бырча – бырча сөгүлгүм келген. Муну баары төшөк кумарына батуу эмеспи?.. Сен кайра кайрылып барбаган күндө да ошол аял, сени менен жуурулушуп, бир түнү миң түнгө тете болгон ырахат алганын сен кайдан билмек элең. Ошол бөтөн аялга берген бир түндүк ырахатты неге мага ыраа көрбөдүң?! Неге! Неге?!

 

Мунун баарын күтпөгөн Акжол бирөө башка чапкандай түштү. Ырас эле, эмне үчүн Жибекти ойлогон жок. Ырас эле, эмне үчүн… эмне үчүн… Башына суроолор батпай башын мыкчый ден – дароо боло олтуруп калды. Ит болупсуң да, Акжол! Баары Жибек күйгондөй болуп жатпайбы. Күнөөнүн баары өзүңдө болуп жатпайбы. Жибектин күйгөнүндөй эле бар. Мунун баарын кантип жууйсуң? Кантип жибитесиң? Кантип Жибектин жүрөгүн басасың? Кантип… кантип… Өз оюу менен чаң тополоң түшүп жаткан Акжолду Жибектин күлкүсү селт эттирди.

 

Тобо! Тобоо!!! Кантип күлбөйсүң. Мас болуп алып, бир конокто досуң менен тамашага батып, мен тууралуу айткан сөзүңдү угуп, келесоо жаным анча деле маани берген эмес экем. Таң калба. Ошол досуңдун аялы айткан. Эмне болгон сөз деп турасыңбы. – Менин аялым уйдай эле болуп жата берет. Эч нерсе менен иши да жок! – депсиң. Кантип уялбай айттың? Эркектик баатырлыгыңбы?.. (какшыктай) А, сен менин төшөктө кандай экенимди билгенге аракет кылып көрдүңбү? Кызыктыңбы? Өзүңө мени тарттыңбы?! Жок! Анткени, жолдон – белден жолуккан жолбундарыңдан мага кезек тийген жок! Билем. Чоочуп кеткенсип, ылжып мас болуп келгенде кездериңде ырсалактап, мени жаңы көргөнсүп кучактамыш болуп калчусуң. Кучактаганда эмне? Көзүмдү жалдыратып жаткан мен бечарага бир ооз жылуу сөз айтканга алың келбей, аюудай бөлмөнү башыңа көтөрө коңурук тартып кетчүүсүң. Андай кезде ашаткы жыттанган арагыңдын жытынан өзүм качкан күндөр болгон. (кекетип) Туура айтамбы? Туура! Туура!

Арактын эле жыты болсо эмне… түркүн – түстүү буркураган атырдын жыттарычы? Көйнөгүңдүң жакасына сиңип калган кызыл – тазыл ооз боекторчу? Ошондой эле жабышкан узун – кыска болгон аялдардын чачтары… Оң тетири кийилген бутуңдагы байпагың… Чөнтөгүңө адашып түшүп калган жүз аарчулар. Машиңда калып калган нерселер…

Баарынан да уйкусуроо менен мени кучактап алып, эзиле эркелетип айткан аялдардын аттарычы… Айчүрөк! Күнчүрөк! Жазгүл, Назгүл… Койчу! Кайсы бирин айтып түгөтө алам. Кылбаганың калдыбы сенин. Кап – кап. Какшаганда не?

Бүттү! Менин калган өмүрүм сага баары бир болсо болоор, мага баары бир эмес! Мен жашоону кайрадан баштайм. Ошондой! Азбы, көппү, Жараткан Кудайым аз болсо да, жараткандан кийин аялдык сезимден берген чыгар. Куру калтырбаган чыгаар. Мен ошону сезгим келет. Мен өзүмдү сынагым келет. Менин азыр толуп турган кезим! Болгону 37ге гана чыктым.

Адам баласы жашоого жалгыз келип, жалгыз кетет дегенге көзүм анык жетти. Жанымда эрим, кашымда балдарым, үстүмдө үйүм, астымда ашым! Үй толо буюм. Кийгенге кезек жетпеген кийимдер… Баары, баары бар. Баары менде болду. Бирок ошолордун бири да жан дүйнөмдү жалгыздыктан сактаган жок. Бул арманымды түшүнөсүңбү?! Мен жалгыз жашап келдим Акжол. Жалгыз!!!

Көлөкөдөй ээрчиген жалгыздык бир күн да, бир саат да менден калган жок! Менин ички дүйнөмдүн коңултактаганын эч ким да сезген жок! Мен, менин энчиме бөлүнгөн аялдык бакытты эми издегенге даяр турам. Мага таң калып, антип караба. Мен да тирүү жанмын. Мени да бирөө эркелетип бооруна кысса… Мага азыр ошол керек!

 

Жибек башын чайкай, карап турган Акжолду айланта сынай тиктейт.

 

Кеч! Кеч болуп калды! Жана айтпадымбы. Сен эми мага мында калган күндө да эч нерсе бере албайсың. Анткени бөтөндөргө берип, соодандын бүткөнү качан! Эмне антип карайсы? Караба. Антип карап менин жүрөгүмдү түшүрө албайсың. И – ии… (кекете) Катуу тиет бекен? Бирок сенин жыйырма жылдын ичинде мага кылган, ит көтөргүс кылык – жоруктарыңдын жанында менин сага койгон сыным болбогон нерсе деп ойлойм. Чымынга да турбаса керек сен үчүн. (тирмийе) Жүрөгүм… Жүрөгүңдүн ооруганы менен эсептешким да келбейт! Анткени менчелик сезип, менин жүрөгүмдөй оорубасын билем!!!

Оозумду ачып, он жети жашымда торуңа түшкөм. Күйөө деген ушундай болот экен деп жүрүпмүн да. А, сен карышкыр!.. (тып токтойт). Мен байкушту оңго – солго калчап, кадырыма жетмек тургай, казык кылып мынабул төрт дубалдын ичинен чыккыс кылып кагып салган турбайсыңбы. Сүйгөнүң, кадырлаганың, алаканга салганың, ыйлатпаганың ушулбу?! Ушулбу?! Кечтим баарысынан! Кечтим! Чоңдугуңа да, байлыгыңа да, акча чечпейт тагдырды, акчаңа да! Баарына тойдум!!! Шайы көйнөктүн ичинде ызам сөөгүмө өтүп сыздап жүргөндөн көрө, кайыр сурасам дагы ээн эркин, кенен дем алып, жөнөкөй элдердин арасында өмүр сүргөнүм чон бакыт болоор.

 

Бир убакта күтпөгөн жерден үйдү башына көтөрө каткырып жиберди. Жибектин бул турушу Акжолду катуу чоочутту. Бирок “лам” дегенге чамасы жок болчу. Айтып айтып, бүгүн болбосо эртең жазылып кетээр деген үмут турду.

 

Билбегендерге биздин жашоо бейиш. Кайдагы бейиш? Кайдагы?! Бул деген тозок! Сен, сен экөөбүз дүнүйөнүн кулубуз! Сыртыбыз жалтыраак, сүрдүү! Элдер да бизди ошондой карайт. А, чындап келгенде, баары жасалма. Жалган! Жан дүйнөбүз бош! Үйгө ким келбесин, кайда барбайлы акча менен байлыктан башка сөз жок. Конокто да негизги тема ошол. Бири бириңерди аңдып олтуруп, эмне жеп, эмне ичкениңерди деле билбей каласыңар. Кимди көтөрүш керек, кимди жоготуш керек… Мына силердин кымбат жашооңор!!! Муну эмне айтып жатам. Мага десеңер бири бириңерди жеп салгыла. Мага эми ысык – суугуңар жок. Силердин жасалма дүйнөңөр мени эми кызыктырбайт. Жанагы “селпилдегиңе” жакса жагаар. Ансыз да ээрчитип жүрүпсүң го.

 

Катуу ызасы менен айнектеги гүлдү идиши менен жерге чаап салган Жибек Акжолго атырылып барып тык токтойт.

 

Эх, Акжол! Сен… сен… Көз өткөнчө бирге болобуз деген элем. Менден күнөө издебе. Мен сага жакшы “үй кызматчы” болуп бердим. Баары бүттү! Баары бүттү! Өткөндү кайрып ала албайсың.

Жаштыгым өзүн гүлдөтө албаса да, ар бир мүнөт саатымды балдарыма арнадым. Балдарым мага нааразы болушпас. Алар айтпасак да түшүнүшөт дебедимби. Баса, кызыңдын айтканын уга кет. (тыным) – Апа, ушул силердин жашоо да жашообу? Мен баарын билем. Сизди капа болбосун деп, айта албай жүргөм. Кызматтагы эркектердин баары эле ушундайбы, же менин атам элеби? Тигил кыз аябай жаман кыз болчу. Группадагылар баары билишчү. Бир киши машинасы менен алып келип, алып кетип жүрөт – дегенди уккам. Бирок менин атам экенин билген жок элем. Атам экөөн бир көрүп качып кеттим! – деди. Мына сага Акжол.

Өзүң тууган балаңдан ушундай сөз уккандан көрө өлүп калган артык эмеспи. Жердин катуусунан калдым. Андан да, мени жоошутканы го, – Эмне үчүн атам Сизди бетиңизден өөп эркелетпейт дегеничи. Менин курбуларымдын ата – энелери биздин көзүбүзчө эле тамашалашып, бири – бирин кучактай беришет. Чоң кишилердин бири – бирин эркелеткендери аябай “интересный” болот экен – деп, ыйлаган бойдон ички үйгө кирип кетти. Ошондой, Акжол. Ошондой болду.

 

Жибек оор үшкүрө олтура кетти. Анын назик, жароокер жан дүйнөсү бир туруп дале Акжолду аяп жаткандай. Бирок бетпактанган ызасы жол бербей бетпактанууда. Эки ойдун чатагына катуу чайналган Жибекти баары бир бетпак ыза жеңип кетти. Жибек Акжолду катуу жекире, ошол эле учурда аяп турду.

 

Беш – он жыл билинбей эле өтүп кетет. Жылдан кийин кандай болот. Ошолорду бир элестетип көрдүңбү? Ушул бойдон тура берем деп жатасыңбы? Жо – оок, Акжол. Андай болбойт. Бийлигиң колдон кеткенден кийинки жашооңду тап – так, дап – даана көрүп турам. Кыйын болот, кыйын болот. Балдарды алыстаткым келбесе да, өзүң алыстатып койдуң. Өзгөчө кызыңдын жаны сени менен бир эле. Кичинелеринде алар менен сенин ишиң болгон жок, азыр аларды сени менен иштери жок! Көп нерсени колуңдан чыгарып жибердиң. Сен эми биз үчүн көргөзмө гана болуп калдың.

Эртең кызың турмушка чыгат, балдарың үйлөнөт. Ошондо намыс үчүн болсо да, куда – сөөк, дос – душмандардын алдында телегейи тегиз, бүтүн үй – бүлөдөй көрүнүү үчүн “атасы” дегизип, төргө катарлаш олтураарыбыз бышык. Муну сен үчүн, сени атасы деп сыйлаганым үчүн эмес, бөтөндөрдүн алдында балдарымды жогору көтөрүү үчүн гана жасайм. Муну да билип кой.

Миң аял алсаң дагы, миң кубул, сага менчелик чыдаган аял эч болбойт! Аны да билип кой. Мен оюмду айттым, баары чоңоюшуп калышты, андай – мындай дей да албайсың. Өзүлөрү чечиштери да мүмкүн. (көпкө тигиле) Кой, сени абдан көп кармап койдум. Эмне дейин, жаш аялдын ырахатына батып, оокатыңды кыла бер. Бийлигиң колуңдан кетип, чөнтөгүң бөксөргөндө кууп чыгаарын да унутпа! Тең өмүрдү чогу жашадык, сени дале болсо аяп жатканымды кара.

Балдардан кам санаба. Эгер көңүлдөрү болуп барам дешсе, барышат. Өлсөң аркаңдан ыйлап, топурак сала турган ушул үч балаң. Башка сага ким барат? Жакшы көрүшсө да, жаман көрүшсө да, – Атам! – деп, аркаңдан ушулар өкүрөт! Кайда болсоң да жиберем. Анткени сенин балдарың.

 

Коштошуунун эң акыркы мүнөтү Жибектин муун – жүүнүн бошотуп, айласын кетирип турса да, сыр алдырбай ээрдин тиштеди. Анан өзүн кармай, Акжолго тигилди. Бейжай ыза болсо, жеңдим дегенсип каткыра күлүп алды. Бул саатты эч күтпөгөн Акжол ден – дароо боло чайпалып оордунан турду. Жанатан күткөн кыял, үмүт кумдай эшилип, ойлор бир жерге токтобой, деңгирей түштү. Анан акыркы жолу Жибекти карап алгысы келди. Бирок көздөр коркоктукка салып, таптакыр карай алган жок. Бул уятты күчтүүлүгү эле. Аттиң арман! Ушул уят, ар мурунураак ойгонгондо не… Карачы, жада калса акыркы ирет бир карап алганга алы келбей турганын. Жибектин актыгынын, наздыгынын, кор болгон жаштыгынын алдында канча күнөөң бар экенин сезип карай албадың ээ?.. Карачы, Жибектин күлкүсү кандай керемет! Эми эч качан укпайсың. Эч качан. Эч качан сага эркелебейт. Сени эрим дебейт. Баары бүттү! Бул кезде Жибек да эң акыркы сөзүн камдап турган эле.

 

Үйгө досторуң келгенде: – Көргөн адамдардын көзү тиет деп, аяшыңарды үйдөн чыгарбайм. Сулуулугун көрдүңөрбү? Абайлагыла, көзүңөр тиет! – деп, мени тигил ашканага кетиргенче шашчу элең. А, шордуум! Кыскасы, өзүм да жебейм, өзгөлөргө да жегизбейм! – сен болдуң. (ыза аралаш күлкүсүн тыя албай) Болду. Эми кете берсең болот. Канча көңүлүмдү калтырсаң да, алмончоктой болгон балдарымдын атасы эмессиңби. Жакшылык гана каалайм. Кай жакта болбо, аман жүр. Аман жүр, Акжол! Кош!

 

Аягы.

 

ЧынарКыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот Абдумомунов жана Аалы Токомбаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынара КАЛЫБЕКОВА. Бишкек шаары.


Nov 24

Кылыч..

Кыргыздын Кылычы.

Кыргыздын Кылычы.

АТАСЫ БАЙЛАРГА.

Айыкпай жүргөн жарасы,

Ак калпак элдин чаласы!

Алеша болуп чоңойгон,

Ар кошкон журттун арасы!

Арманым айтам, угуп кой,

Атасы байдын баласы!

 

Өткөндүн тийип эпкини,

Өзүңө кезек жеттиби?
«Сатамын» деген сары оору,
Сарыгып, башка тептиби?

Эми эле болгон окуя,

Эсиңден чыгып кеттиби?


Абаны тешкен ок элек,

Алообуз даяр чок элек.

Аламан түшүп удургуп,

Аянтта жүргөн топ элек.

Капырай, анда бириңдин,

Карааның көргөн жок элек.

 

Өлкөсүн көрүп сатылган,
Өлүмгө тике катылган,

Салгылаш үчүн келгендер,

Сап-сапка түшүп атылган.

Сарайдан качып сасыктар,

Сарылар жакка жашынган.

 

Атылган октон эселеп,
Айкөлдүн духу көкөлөп,

Ажалдуу жаштар Ак Үйгө

Апкелген болчу, жетелеп.

Айтылган Ата Бейитте

Антыңар эстен кете элек.

 

Талоонго түшкөн түн болду.

Табалап турган күн болду.

 Өлгөндөр үчүн өч албай

Өрттөнүп жаным күл болду.

Кан ичме зөөкүр душманды

Качырып ийген ким болду?

 

Тактынын күчүн сездиңер,

Талашып жүрүп жеттиңер.

Мыкаачы жолун тосо албай

Мыйзамга шылтап кестиңер.

Үмүттүн отун өчүрүп

Үч жылдан артык эздиңер.

 

Башкача жолу жок сыңар

Башмыйзам күүсүн создуңар.

Жат элдин сөзүн былгыткан

Жандардын баарын коштуңар.

Кечээки чыккан жаштарга

Кеңешип койгон жоксуңар.

 

Жөөттөн арткан зил калды.

Жөөлөгөн орус тил калды.

«Жарандык экөө болот» деп

Жашынып кирген жин калды.

«Сатылсын» деген жол-жобо

Сакталуу бойдон тим калды.

 

Бийликке жеткен жаныңар,

Билинип калган алыңар.

Уурунун жолун кыя албай

Ууланган окшойт каныңар.

Бүгүн да турат элестеп

Бурулуп кеткен далыңар…

 

Тактабай сөзүң тантырап,

Тарыхты кирдиң аткылап.

«Орус» деп айкөл Манасты

Ой-тоону жүрдүң чапкылап.

Оозанаар кезде андайды

Окудуң бекен жакшылап?

 

Калкыңа көөнүң бош болду,

Кастарың кайтып дос болду.

Эмгиче дайны чыкпаган

Эскинин дарты козголду.

Ак менен кара билинбей

Азыркы заман боз болду.

 

Алтынды күтсөк жез келди,

Ачыла турган көз келди.

Андагы далай кылыгың

Айтыла турган сөз келди.

Кечирип жүргөн кең кыргыз

Кече албай турган кез келди.

 

Кулагын кесип, кан кактап,

Кумарга батып дардактап

Өчөшкөн кыргыз балдарын

Өлтүрүп турган таңгактап,

Уурунун кески башчысын

Узатып койдуң ардактап.

 

Оюнчук көрүп элиңди

Оодарып алба жериңди.

Бооруңду ачып башкага

Бошотуп койдуң белиңди,

Казакка берген сырыңды

Калганы билбейт дедиңби?

 

Кыргыздын мүлкү таланып

Кылактайт, өкмөт таранып.

Тагдырын көрбөйт, тарыхты

Таш күзгү кылып каранып.

Санаасы кайра баягы –

Сатсам деп турат жаланып.

 

Кесегиң менен майдаң бар,

Кезекке туруп сайган бар.

Эскинин түшсөң жолуна

Элиңе канча пайдаң бар?

Өлкөнү кайра сатсын деп

Өлбөсө керек кайрандар?

 

Эгемен журттун чатыры!

Эзелки тактын жакыны!

Эл-журтуң үмүт үзө элек.

Эсиңе келчи, акыры.

Жакшылап азыр жаппасаң

Жаман-жуман жерлериң

Жалжайып бара жатыры…


Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. (Кыргыздын кылычы)

Nov 18

Чагылган..

ээ 9БИР КАП АМАНАТ..

1995-жылдар. Ойноок бала кезибиз менен эриш аркак өтүп жаткан каатчылык жылдар. Коммунизмдин чеңгээлинен кутулуп, эми гана өз алдынча тирилик кылууну өздөштүрүп, өздөштүрө албай каржалып турган эл. Бирок балабыз да. Бизге эмне? Эптеп кол бошосо ойюнга чуркамай. Кол бошосо…

Ошол жылдары биздин айылдын жарыгы бат-бат эле өчө берчү болду. Ал тургай бир жылы күч келгенине чыдабай айылдын көмөк чордону жарылып кетти да бир жай жарыксыз калдык. Натыйжада, эптеп-септеп ыйлап-сыктап отуруп өкмөт айылга кошумча, мурдагыдан чоң көмөк чордон койдурду. Так эле айылдын борборунда жайгашкан мектептин короосунун бир бурчунан орун алды ал жарыктык. Бул жер биздин айылдын «үч кошкону» дагы, аялдамасы дагы, мектеби дагы, жада калса почтосу дагы болчу. Баары ушул тегеректе жайгашкан эле. Эми ага жаңы көмөк чордону кошулуп жатып калды.

Бир күнү биз классташ досум экөөбүз ошол борбор тарапка кайдан-жайдан ойноп барып калдык. Барсак айтылган көмөк чордону жаңыдан орнотулуп бүтүп, тегеретеси тосулуп, айланасындагы калган-куткан таштандыларды чогултуп жатышыптыр. Элейген экөөбүзгө алардын кеби кызыктуу көрүндүбү, же көмөк чордон кызык көрүндүбү айтор, тигилердин жанына барып тыңшап туруп калдык. Бирок, алар бизди көп деле тыңшата коюшкан жок. Жашы аталарыбыз менен жашташ кишилер чогулткан таштандыларын жаңы эле бир капка салып бүтүп калышкан экен, экөөбүздү көрүп эле сүйүнүп кетишти. Сүйүнбөй эмне? Жумшап ийип отуруп калганга ырас иттин куйруктары табылбадыбы. Кыңырылганыбызга карабай капты экөөбүзгө карматты да айылдын четиндеги таштанды төгүлчү аңга ыргытып келгиле деп айдап ийишти.

Чоң сары каптын кап ортосунан салынып, оозу зым менен толгонгон таштандыларды ийрелеңдей көтөрүп экөөбүз жөнөп калдык. Албетте, чоңдордун бул кылыгына нааразы болгондон башка аргабыз жок эле. Арасында мектепте иштеген каардуу агайлардын бири таштандыны туура эмес
жерден көрө турган болсо чекебизге, чүкө толгоорун катуу эскерткен болчу. А айылыбыз болсо кичине. Демек, көрүп коюшу толук ыктымал.

Бирок, биздин дагы багыбыз бар экен. Иттин ээси болсо, бөрүнүн Кудайы бар деген чын тура. Биз жаңы гана тигилерден узай бергенибизде борбордон келеткан сары автобус кыштактын этегинен көрүнүп калды. Аны көрүп оюма жарк эткен ой пайда болду да досума сунуш кылдым. Ал дагы бир  жымың этип алып макул болду. Экөөбүз бир заматта иш планын түзүп, ишке кириштик.

Алгач кабыбызды ийрелеңдей көтөрүп он карыш турган аялдамага жеткирип, эл катарында каадалуу кишилердей автобусту күтүп калдык. Айылдын чаңын бурулдата артынан ээрчиткен автобус бир заматта алдыбызга келип токтоду. Эшигин ачып борбордон келгендерди түшүрдү да наркы айылга кетчүлөрдү күтүп туруп калды. Биз тиги капты так эле шоопурдун бут алдына көтөрүп келип жайгаштырдык дагы:

Байке, муну Талды-Сууга ала барыңызчы. Ал жерден Төкөш деген киши тосуп алат. (Төкөш досумдун таятасынын кошунасы экен. Чынында, Төкөш деле эмес, аты башка эле, азыр эстей албай жазып койдум), – дедик. Шоопур бир аз тактамыш болду да, жолун улап жөнөп кетти.

Ал кезде элдин пейили кенен болчу. Борбордон айылдарга бир маал каттаган автобус эл ичиндеги аманаттарды бекер эле ташыыр эле. Натыйжада биздин аманаттан эч ким деле шектекнген жок. Биз болсо, кудуңдап бири-бирибизди нукулашып быкшыган бойдон жолубузду улантып кетип калдык.

Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан.

Nov 18

Сараңдык..

Насыпбек АСАНБАЕВ

Насыпбек АСАНБАЕВ

АЛАР ЭМИ КӨК ЖАЛ ЭМЕС!

Билбедим кайсыл заман, кайсыл аймак,

Жер анда жаралган дейт каймак каймак.

Бооруна жандуу жансыз жайланышып,

Адамга акыл берип, Теңир шайлап.

 

Замана азыркыдан башкача дейт,

Жер бети жамандыктан таптаза дейт.

Миң түркүн жан-жаныбар аралашып,

Жашаган коюн-колтук кармаша дейт.

 

А бирок, напси менен шайтан айдап,

Адамда бара жатты көз карайлап.

Чалкыган кенен дүйнө турса дагы,

Мал жыйып, оокат жыйып тырмалаңдап.

 

Ошондой адашкандын бирөөсүнүн,

Акылын байлык-бийлик баскан дешет.

Ашынып, ого бетер сугу артып,

Ыйманын көр дүйнөгө саткан дешет.

 

Эң алгач жай баракат момун койлор,

Жапайы, жайнап оттоп жаткан дешет.

Жанагы сараңдыгы арткан бирөө,

Баардыгын менчигине баскан дешет.

 

Ошентип малдуу болуп бир заматта,

Сараң жан көп сан койун багып жатса.

Капилет тоо боорунан иттер чыгып,

Койлорго кол салыптыр бир канатта.

 

Ал кезде иттер деле карышкырдай,

Курч тиштүү, ал кубаттуу болгон дешет.

Жаралып тоо койнунда эркин жашап,

Жегени Теңир берген койлор дешет.

 

Көп кырбай тоюшунча тумшук салып,

Кудайдын бергенине канааттанып.

Кайрадан тоо койнуна кетишчү имиш,

Кубаттуу, эркин иттер шашпай басып.


А бирок, эми баары андай эмес,

Адамдын бузулганы кандай мерез.

Бардыгын өзү жасап алган сымал,

Сараң жан бир да койду бермек эмес.

 

Түнкүгө таштан короо салдырды дейт,

Күндүзү кайтарып көз талдырды дейт.

Айланып миң сан малын коргой чуркап,

Туягын бирден санап кайгырды дейт.

 

Антсе да жалгыз жанга оңой эмес,

Кубаттуу көк жал иттер койор эмес.

Күнү-түн, көз ирмебей жатса дагы,

Бардыгы ойлогондой болор эмес.

 

Акыры адам деген адам тура,

Кысталса табар жолу амал тура.

Кууланып, карөзгөйлүк кылам десе,

Капталган шордууларга залал тура.

 

Айткандай сараң жан да амалданды,

Иттердин алдын тосуп жагалданды.

Атайын таш короону камдап койуп,

Койлордон күндө союп даярданды.

 

Салкындап таш короонун бир капталын,

Ысыкта көлөкөлөр жай камдады.

Астына таза суудан күндө куйуп,

Чаңкаса моокум канар сай камдады.

 

Иттерге эми жыргал болду белем,

Кубалап күндө койду чаң ызгыбайт.

Жөн гана ыңгыранып шашпай келип,

Союлган койдун этин тойо бурдайт.

 

Артынан суусундукка суу да даяр,

Болуштун кереги жок эми аяр.

Желпилдеп ары бери чуркай бербей,

Жатышат көлөкөдө  баары сыяр.

 

Ошентип күндөр өтүп, айлар жылат.

Эми иттер жатышат дейт сулап-сулап.

Ыкшоолук жедеп басып, уйку тартып,

Алдына келген этке араң турат.

 

Баягы көк жалдыгын унутушуп,

Тыгылып  таш короодо буюгушуп.

Артынан келе турган жаңы муундар,

Төрөлдү ошол жерде улуп-уңшуп.

 

Арадан билбейм канча мезгил өткөн,

Кар эрип, келген дешет эчен көктөм.

Мурунку бөрү сымал көк жал иттер,

Ныксырап, ыкшоо тартып жедеп бүткөн.

 

Каруулар баягыдай балбан эмес,

Жүрөктүн өткүрлүгү калган эмес.

Арсайып сөөк кемирген тиштер гана

Илгерки көк жалдыктан калган элес.

 

Ошентип сараң жандын ишке ашты,

Эзелки көптөн күткөн ой максаты.

Карсылдап, уруп согуп башкара бер,

Өткөнүн тарс унуткан «айбандарды»

 

Эми алар көк жал эмес коркунучтуу,

Даярга көнүштү алар бир укмуштуу.

Бир кесим эт таштар деп карап турат,

Жалдырап өзүн гана аянычтуу.

 

Унуткан мекен жайын, адаттарын,

Илгерки төрө сымал сапаттарын.

Ыркырап, бир сөөктү да талашышат,

Кыркышып бир-биринин канаттарын.

 

Мына эми ошол күндөн ушул күнгө,

Ит заты адам жандап калган дешет.

Сагалап короо жайдан карыш жылбай,

Күткөндү адат кылып алган дешет.

 

Оо тууган, эми менин кебимди ук,

Тамсилден улап чыгар бүтүмдү ук.

Кокустан катуу айтсам капа болбой,

Сөз менен согуп өткөн күчүмдү ук.

 

Карачы биз да минтип батыш жакты,

Ит сымал этти күткөн жалдырайбыз.

Илгерки өтүп кеткен наркыбызды,

Унутуп, жалтаң тиктеп калтырайбыз.

 

Алар ким, алар таш боор алдап согор,

Ал күчүң, акырындап алып койор.

А көрө бөрүлөрдөй баш бербейли,

Капканда каруусун да чайнап койор.


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан.

Nov 02

Тапалак..

samarСамара ОРОЗУМБЕТОВА:  «АРАКЕТ КЫЛСАҢ БЕРЕКЕТ» 

Баарыңыздарга белгилүү болгондой “Кыргыз Көчү” тобунда “Тапалак” аттуу татынакай рубрикадагы табышмак ойуну башталып, ал ойунга жалаң Көчтүн мүчөлөрүнүн киченекей курактагы сүрөттөрү жарыйаланып келет. Ошол кичинекей кздеги сүрөттүн ээсин тапкан табышкерлерге сүрөттүн ээси өзүнүн чакан белегин берүү салтка айланып калды. Ар ким өзүнүн каалаган белегин бере берет. Дал ошондой табышмактуу сүрөттү мен дагы койгон элем, анан эмнегедир сүрөттү койоорум менен эле биринчилерден болуп “Көчмөн” кызыбыз Самара ОРОЗУМБЕТОВА ай буйга келтирбей таап, менин ысымымды атап койгонун билесиздер. Ошол табышкерлиги үчүн мен Самарадан береги чакан маекти алып, “Көчмөндөрдүн” айылына (сайтына) жарыйалап жаткандагы кербезим. Бул менин Самарага бере турган кичинекей белегим деп койсом деле болот.


013 – бурч.

Туулган жылы – 1983-жыл.
Туулган айы – 28-декабрь.
Сыйлаган китеби – Куран.
Жактырган тамагы – Бешбармак, куурдак.
Жактырган спорту – Шахмат.
Жактырган дүйнөлүк сайасатчысы – Барак Обама.
Жактырган кыргыз сайасатчысы – Өмүрбек Бабанов.
Баалаган кыргыз инсаны – Асыран Айдаралиев.
Жакшы көргөн мезгили – Жай жана күз.
Жактырып көргөн киносу – «Даңазалуу доор».
Жакшы көргөн актеру – Сулайман Султан.
Жактырып окуган китеби – Ч. Айтматовдун, Б. Сарногоевдин ырлары.
Хоббиси – ыр жазып, көпчүлүк учурда ФБ да отурганды жактырат.

 

– Самара, кыскача маегибизди тээ мектеп партасында отурган кезиңден баштайлычы. Качан, кайсыл жакта окуп, кандай шартта мектепти бүтүрдүң эле? Дегеним, ар бир дамдын чоң турмушка аттануу жолу, алгачкы кадамы дал ошол мектепти бүтүрөөрү менен башталат эамеспи..
– Жакшы болот. Сиз айткан чоң турмушка 20О1-жылы  аттангам. Талас шаарына караштуу Көк-Токой айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Талас шаарындагы Шекрбек Шеркулов атындагы мектепти үлгүлүү окуучу катары эң мыкты деген баалар менен бүтүрдүм. Ошол эле жылы ТМУнун фиология факультетине тапшырып 2006-жылы аталган окуу жайды дагы ийгиликтүү айактадым.

Кызы менен.

Кызы Чолпонай менен.

– Үйбүлөдө канча бир туугансың жана канчанчысы болосуң?.
– Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз. Тагыраагы, тогуз уулдун арасындагы жалгыз кызмын. Өзүмдүн болсо бир кызым бар..
– Окуучу кезиңде эмнелер менен алек болуп, жактырып, жакшы көрчү элең? Ойногондубу, окугандыбы же ырдап бийлегендиби?
– Кичинекей кезимде өтө жоош кыз элем, балдар бакчасына барып баштагандан тарта ал жактан жакшы тарбийа алып, ыр бийге катышып, шыктуу болуп баштаганымды билем. Анын арты менен бала-бакчадагы ар кандай кароо сынактарга катышып жүрчүмүн. Ал эми мектеп босогосун аттагандан баштап окууга берилип, кызыгуум күчөп, андан тышкары ыр
бийге дагы абдан жакын болуп жүрдүм. Түрдүү кароо сынактарга, олимпидаларга тынбай катышып, 23 орундарды алууга көп эле жолу жетиштим. Негизи эле чыгармачылык адамдардын уй-бүлөсүнөн болгондуктанбы 7-класста окуп жүргөнүмдөн баштап ыр жазам.
– Акындык өнөрдөн сырткары жакшы бийлейсиңби?
– Ооба, бийге кызыгам. Бий демекчи 8-класста болсо керек эле, окуучулар арасындагы КВН болуп калып, мен дагы катыштым калдым. Мени ойдо жок жерден эле «восточный» бий бийлейсиң» деп таң калтырышканына карабай эле кезегим келе калганда чыгып бийлеп баштагам, анан кокустан юбкам шыпырылып кетсе болобу?! Эмне кыларымды билбей, уйалганымдан сыртка атып чыгып андан ары үйгө кетип калгам. Ошондон уйалып төрт күн мектепке барбай жүрдүм.

Дагы бир окуйа эсиме түшүп кетти, окуу жайда окуп жүргөн кезим болчу, бир күнү окуткан  эжекебиздин талаасына картошка казганы барып калдык. Эжекебиз тамак алып келем деп кетип ана келет десек жок, мына келет десек жок, курсагыбыз ачып, кыйналып кеттик. Чыдамыбыз кетип баратканда 10 сомдон акча чогултуп «гукси» алып жемей болдук. Чабарман мен болдум. Жаныбызда үй бар болчу, сууну да кайнатып койдук. Аркы бетте азыктүлүк саткан дүкөн бар болчу, жетип барсам сатуучусу жаап кеткени жатыптыр. Шашкан бойдон «эже 10 гукси барбы» десем «бар» деди. Анан акчаны берип жатсам «э айланайын кызым, анча трусини эмне кыласың?» деп жатпайбы. Ошону кыздарга айтып,  эстеген сайын боорубуз эзилгенче каткырып күлө берчүү элек..
– Жеке жашооң тууралуу дагы бир аз бөлүшө кетпейсиңби?
– Жашоо деген аркандай болот эмеспи. Ошол жашоонун ачуусун да, таттуусун да башымдан өткөрдүм. Албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок. Дегеним турмушка аттаганымдан баштап жолдошум менен түшүнбөстүктөр жаралып 5 жыл чогуу жашап, акыры ажырашып кеттик. Ошондон кийин Бишкеке келип кафелерде, швейный цехтерде иштеп жүрдүм. Учурда соода сатык менен алектенем.
Өзүмө статус да коюп алгам, «Аракет кылсаң берекет» деген, ошондуктан жаратканга шүгүр дейм. Өз кесибимди текке кетирбей Таласта мугалим да болуп иштедим. Коомго болгон көз карашым мындай. Азыркы коомдо, техниканын өнүгүп, өсүп турган учуру, аларга болгон муктаждык күчөп, адамдар таалим-тарбия эмес, ыйман ынсап эмес балдарына ошол техникаларга кантип жетүүнүн жолун үйрөткөн учур болуп калбадыбы.
– “Көчмөндөргө” жана жалпы эле кыргыз журтчулугуна эмне деген каалоо тилектерди айтат элең? Эмнеден кооптоносуң, дегеле эмне жакпайт сага азыркы кыргыз коомчуугунда болуп жаткан окуйалардан?.
– Мекенчил “Көчмөндөрүмө” мындан ары да кажыбаган кайраттулук менен кыйналып турган кыргызыбызга колунан келген колдоолорун көргөзүп, Эне тилибиздин тез арада бутуна туруп кетишине, баардыгыбыз жалаң гана кыргызча баарлашып, жазып калган күнгө жетсек деп тилейм. “Көчмөндөр” бул жаатта абдан бараандуу салымдарын кошуп жатышат дагы да кошооруна көзүм жетет. Ал эми жалпы кыргыз элиме каалоом биримдик келсе болот эле, бириге албай жатканына абдан нааразымын. Ынтымак болмойунча кайдагы өсүш да кайдагы өнүгүү. Ошондуктан азыр кыргыздардын бир муштумдай түйүлүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган учуру, антпесе болбойт. Мага жакпаган нерсе, жек көргөнүм эле митинг, эмнеге эле минтип ызы-чуу кылышып, элди козутуп, көчөгө чыга бергенди ойунчук катары көрүп, таптакыр эле өнөкөткө айлантып жатышканына түшүнбөйм. Мен билгенден ушинтип эле келе жатышат, а биз алардын азабын тартып эле келе жатабыз. Эч кимге деле “мүйүз” чыкканы байкалбайт. Ушул өнөкөттөн тезирээк арылып кетсек экен дей берем..


Ааламтор аркылуу маек курган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки – Бишкек. 30.10.2013.

Oct 18

Коңгуроо..

 Сүрөт 2УЛУУНУ УРМАТТАБАГАН, КИЧҮҮДӨН ЫЗАТ КӨРБӨЙТ..

Кичинекей кезимде жашы бир топко барып калган чоң-ата, чоң апалар чайханада чай, кымыз ичип, нарда ойногондорун көрүп, энелер жүн сабап, мал жан менен алек, үй оокаттарын карап, бизге акыл-насааттарын айткандары менен эсимде калыптыр. Азыркы ата-апаларды митинг, пикеттерден гана кезиктирип калбадыкпы. Анан алардан кайдагы насаат, акыл кеңешти угат элек, сасыган сайасатты гана угасың көпчүлүк учурда…

Кыргызда жакшы сөз бар эмеспи «Карысы бардын ырысы» бар деген. Ошондуктан менде аларга кандай мамиле, сый-урматыбызды көргөзүп жатабыз деген суроо туулат? Карылыктын доорун сүрүп, бизден үмүт кылып жаткандарына карабай карылар үйүнө алпарып салсак, коомдук транспортторду тоссо албай, ал эмес карап да койбосок, анан кантип, кандай сыйлап жатабыз деп ойлоп кетесиң?

Бүгүнкү менин каарманым Бишкекте жашап жаткан карыган (пенсионер) чоң апа болду. Адаттагыдай эле айалдамада коомдук транспортту күтүп тургам. Бир кезде жаныма жашы бир топко барып калган чоң апа келип: «Кызым, мага келе жаткан автобусту токтотуп берчи» деп калды. Мен апаны таң кала карап калсам, «кызым, мени «пенсионер» деп токтобой өтүп кетет» дейт жалооруп. Мен колумду булгалап токтотсом эшиги араң ачылган ичи адамга толгон автобус зорго токтоп, ага чоң апа эптеп чуркап барып кыпчылып түшүп кетти. Орундукка отурганды мындай койгула, тыгылып араң батты көрүнөт, байкуш апа. Айанычтуу чоң апанын айткан сөзүн угуп өзүмдү-өзүм жемелеп, «биз жаштар ким элек, ким болдук? Кайда баратабыз? Мындай жол менен кете берсек кийин ким болобуз деги» деп өзүмө-өзүм суроо берип жаттым. «Улууну урматтасаң, кичүүдөн сый көрөсүң» деген макал эрксизден эсиме түшүп кетти. Улууларды урматтай албай жатып, кичүүлөрдөн эмнени, кантип талап кылабыз? Бизди көргөн жаш муундар кандай тарбийа алып жатышат? Улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовдун чыгармасындагы «маңкурттан» эч айырмабыз жок болуп бараткансыйт. Келгиле анда биз жаштар «Бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгарып», жаш экенибизди далилдеп, урмат-сыйыбызды улууларга көргөзөлү! Алар бар, биз барбыз, бактылуубуз!

P. S. Балким чоң апанын окуйасы болбогондо мен бул чакан макаланы жазбайт деле, ойлонбойт деле болсом керек эле. Эми жок дегенде кимдир бирөө окуп калып, өзүнө аздап болсо дагы сабак алса, ойлонсо, туура түшүнсө, жакшы тыйанак чыгарса, анда ал биздин жеңишибиз, жетишкендигибиз деп ойлойм!

Жылдыз ЖАЛИЕВА, Бишкек шаарынан.

Oct 17

Талкуудан чыккан талкуу..

АКТУАЛДУУ МАСЕЛЕЛЕРДИ ТАЛКУУЛООЛОРДОН КЕЛИП ЧЫККАН АКТУАЛДУУ СУРООЛОРГО АКТУАЛДУУ ЖООПТОР!.

Аз мурун “Кыргыз Көчү” мекенчилдер тобунун мүчөлөрү КР Президентинин алдындагы Улуттук тил комиссиясынын жетекчиси Эгемберди ЭРМАТОВДУН кабыл алуусунда болуп кайтышкан эле. Ошол жолугушудан кийинки “Фейсбук” баракчасында болуп жаткан кызуу талкуулар ар кандай өңүттөгү суроолорду пайда кылды жана ал суроолор кандайдыр бир деңгээлде жоопсуз калган жок. Эмесе ошол талкуунун активдүү катышуучулары Ленара НИЯЗБЕКОВАНЫН суроолоруна “Кыргыз Көчү” тобунун жигердүү мүчөлөрүнүн бири Бектурсун АЛИБЕКОВДУН берген жооптору менен төмөндө учкай таанышып койсоңуздар болот.

ЛенараЛенара НИЯЗБЕКОВА:
Сурооңуз кызыктуу экен Бектурсун мырза. Менин да Сизге суроом бар:

1. Мамлекеттик кызматкерлер, өз бөркүнөн чочулап жата берсин дейли. А биз, сиз жана башка көпчүлүк ушундай шарттарда кандай кадам жасасак болот?
2. Мамлекеттик тилдин тагдырын, анын жоопкерчилигин Э. Эрматов мырзага таңуулап отура берсек болобу?
3. Мамлекеттик тилдин ишке ашышына негизги тоскоолдук жаратып жаткан расмий тилден башка кедергилер барбы? Бар болсо, ал кедергилер кайда, кайсы?
4. Жок болсо эмне үчүн? Мамлекеттик тил боюнча адистер бардык мамлекеттик мекемелерде маяна алып иштеп, жашап жүрүшөт.
5. Мына ошол адистер кандай сапаттарга ээ болууга тийиш?
6. Кыргыз филологиясына эптеп, арасат-армажал бүткөн бүтүруучү тапшырыш керекпи же…?
7. Кыргыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү: филологдор, кыргыз тилинде жазган журналисттер, тарых изилдөөчүлөр кандай сапаттарга, ошондой эле билим-билгичтиктерге ээ болуусу абзел?
8. Чыныгы кыргыз инсанын кантип тарбиялап, жарата алабыз? Урматым менен!

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ:  
Урматтуу Ленара айым, Сиздин биринчи сурооңузга жооп
:

Мамлекеттик кызматкерлер өз бөркүнөн чочулап жата берсин дейли. А биз, сиз жана көпчүлүк ушундай шарттарда қандай қадам жасасақ болот? Урматтуу Ленара айым. Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК; Туу, Герб, Гимн жана Тилине жоопкер МАМЛЕКЕТТИК қызматкерлер (мындан ары мансапқорлор),
«өз бөрктөрүнөн» чоочулоосу чын болсо, «жата бербеши»парз.
Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК; Туу, Герб, Гимн жана Тилине жоопкер мансапқорлорунун, ошол; МАМЛЕКЕТТИК Туу, Герб, Гимн жана Тилибизди өз Мекенибизде сүйлөп даңазалабай (рекламалабай), жайылтпай (экспансиялабай), жуурулуштуруп жууруп, өнүктүрбөй (развивать этпей)
«жата берүүсүнүн» өзү, аталған МАМЛЕКЕТТИК символикалар менен Тилге қарай, алардын; МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШЫ.
Ал эми,
«жата берип» МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШ жасағаны аз келгенсип; Биздин эгемен Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Аймағында, бөтөн өлқөнүн Мамлекеттик символикалары менен Тилин, Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Мансапқорлору; (алардын туу гербдерин тағынып, гимнин ырдап, тилин сүйлөп,) даңазалоосу (рекламалоосу), жайылтуусу (экспансиялоосу), биздин Мам.Тилден артықча жуурулуштурушуп жуурушуп өнүктүрүүлөрү (развивать эткендери), эгемен Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик Символикалары менен Тилине қарай, алардын; ДИВЕРСИЯСЫ жана ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҒЫ.
“Жата берип”, Мамлекеттик ҚЫЛМЫШ жана биздин Мекенде бөтөн өлкөнүн Мамлекеттик тилин даңазалап, жайылтып, өнүктүрүп, биздин Мам.Тилибизге қарай; аларға ДИВЕРСИЯ жана ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚ жасооғо жол қойбоо, Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттери менен биздин, Асыкенин “Қырғыз Көчү” сыяқтуу топтордун мүчөлөрүнүн; жарандық, патриоттуқ, улуттуқ, керек болсо улутчулдуқ ыйық милдетибиз.
Мына ошол, Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенциясы менен биздин, ыйық Мекенибиз, Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК СИМВОЛИКАлары менен ТИЛИне қарай жасалған Мамлекеттик ҚЫЛМЫШТАР менен ДИВЕРСИЯЛЫҚ ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚтарды, (“бизди жылуу қабыл алды” жэ, “ар дайым, адамгерчиликтүү мамиле жасайт” деген шылтоо менен); байқап туруп байқамақсан болуубуз, көрүп туруп көрмөксөн болуубуз, уғуп туруп уқмақсан болуубуз, қолдон келишинче тийиштүү маселе көтөрбөй қойуубуз, МАМЛЕКЕТТИК ҚЫЛМЫШты жасағандан да, МАМЛЕКЕТТИК ТИЛГЕ қарай ДИВЕРСИЯЛЫҚ ЧЫҚҚЫНЧЫЛЫҚты жасағандан да үч эсе артық қылмышыбыз болот деп эсептейм.
Мына ушундай шартта Ленара айым биз, “Сиз жана (Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттери менен) башқа көпчүлүк” биринчи қадамыбызды; байқап туруп байқамақсан, көрүп туруп көрмөксөн, уғуп туруп уқмақсан болуп, қолдон келишинче тийиштүү деңгээлде тийиштүү маселе көтөрбөй, үч эсе артық қылмыш жасоодон баш тартышыбыздан баштообуз мақсатыбызға ылайық, жана бул қадамыбыз, биздин; жарандық, улуттуқ, патриоттуқ, тикелей; ыйық парзыбыз жана қарзыбыз деп эсептейм.

Сиздин экинчи сурооңузга жооп:  «Мамлекеттик Тилдин тағдырын, анын жоопкерчилигин Э.Эрматов мырзаға таңуулап отура берсек болобу?»
Биринчиден;  
«Э. Эрматов мырзаға таңуулап, қарап отура бербегенибизден» улам, Айдаралиев Асыран мырзанын «Қырғыз Көчү» тобу жаралууда жана мүчөлөрү, күндөп түндөп өсүүдө. Мамлекеттик мансапсыз эле, ақысыз эле, Президенттин жанындағы кабинетисиз эле (эч кимди жылуу, адамгерчиликтүү қабыл албай эле) аракеттенүүдө, ийгиликтерге жетишүүдө. Ал эми, ушул эле учурда, ҚР Мам.Тилине Мамлекеттик жоопкер; Э.Эрматов мырза, биздин эгемен Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИне қарай жасалған; Мамлекеттик кылмыштар менен диверсиялық чыққынчылықтарға қарай, өз кесиптик жана Мамлекеттик милдетинин негизинде, тийиштүү чараларды атқарбай “жата берген” кербези.

Үчүнчү сурооңузга:  “Мамлекеттик Тилдин ишке ашышына негизги тосқоолдуқ жаратып жатқан расмий тилден башқа кедергилер барбы?”
Мамлекеттик Тилдин, Мамлекеттик Тил болуп, ҚР Баш Мыйзамы менен тастықталып, расмий, саясый жана юридикалық түрдө ишке ашқанына жақында чейрек қылым болот, Ленара айым. Аны Сиз менден жақшы билесиз деп ишенем. Ал эми “расмий” аталыштағы тил, “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ” деген мақамды жоққо чығара албайт, андықтан, “расмий тил” МАМЛЕКЕТТИК ТИЛге эч қандай кедерги боло албайт. “Расмий” мақамдағы тилден башқа кедергилер бар. Алар, жоғоруда жазылған; Мекенибиз Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИне қарай, Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик мансапқорлорунун Мамлекеттик қылмышкерлери менен ҚР Мам.Тилине қарай диверсанттары жана чыққынчылары.

Сиздин төртүнчү сурооңузга: “Жоқ болсо эмне үчүн? Мамлекеттик Тил бойунча адистер баардық Мамлекеттик мекемелерде маяна алып иштеп, жашап жүрүшөт?”
Себеби; кесипкөйлүккө эмес, “жылуу жумшақ қабыл алууға, адамгерчиликтүү мамиле жасооғо жана чай менен пай уюштуруп” күтүп алууға таянған, ошонусуна ишенип, қылмыштуу түрдө маянасын алып жеп, “жатып алған”; партиялық, жердештик, тууғандық, курсташтық ж.б. протекция жана коррупция. Жана аларды байқамақсан болғон биз менен Сиз сыяқтуу қырғыз интеллигенттерибиздин унчуқпаған қылмыштуу позицияларыбыз.

Бешинчи сурооңузга: “Мына ошол адистер қандай сапаттарға ээ болууға тийиш?”
Адистер, кесиптик қандай сапатқа ээ болууға тийиш экендигин менден он эсе Сиз жақшы билесиз деп ишенем. Ошентсе да суроо берилген соң мен жооп берейин. Адис эң оболу; қайсы бир Мамлекеттик мансапқордун тууғаны жэ курсташы, партиялашы жэ жердеши қатары адис болоордон мурда, кесипкөй адис болуусу абзел. Жана “жата берчү” қылмыш менен ҚР Мам.Тилине қарай, диверсия чыққынчылық жасабашы милдет.

Алтынчы суроонузга: “Қырғыз филологиясына эптеп, арасат-арамжал бүткөн бүтүрүүчү тапшырыш керекпи жэ..?”
Сиздин ушул сурооңуздун ақырындағы; “жэ…” деген сөзүңүздөн кийинки Сиздин айтпай қойғон сөздөрүңүз жооп болмоқ.

Жетинчи сурооңузга: “Қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү; филологдор, қырғыз тилинде жазған журналисттер, тарых изилдөөчүлөр қандай сапаттарға, ошондой эле билим-билгичтиктерге ээ болуусу абзел?”
Биринчиден; қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү филологдор, қырғыз тилинде жазған журналисттер, (булардан сыртқары; Қырғыз Республикабыздын Мамлекеттик жетекчилери, көрүнүктүү саясатчылары, искуство жана спорт чеберлери, белгилүү аалым, илимпоз, депутат жана министрлер жана деги эле өзүн “қырғыз интеллигентимин” деп эсептеген жарандар), эң оболу, өздөрүнүн; бир эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДҮҮ (Гос.язычный) элита жарандары экендигине, башка Мекендештери аларды туурооғо татықтуу үлгү (эталон), пир (кумир) экендиктерине, өздөрүнүн баам парасаттары менен аң сезимдери (сознаниялары) жетүүсү абзел. Ошондо, алардан (эталон қатары) үлгү алған, пир (кумир) тутқан жаштарыбыз, ошолордой болууға умтулушмақ. Ошолордой болушмақ. Тилеке қаршы бизде тескерисинче; қырғыз тилин үйрөтүүчү, алып жүрүүчү филологдорубуз, Мам.Тилдүү журналисттерибиз, биздин жаштарыбыз пир (кумир) тутуп, үлгү алчу биздин көрүнүктүү Мамлекет жетекчилерибиз, саясатчыларыбыз, искуство жана спорт чеберлерибиз, белгилүү аалым, илимпоз, депутат жана министрлерибиз, қырғыз қалқынын қаймағы болчу интелигенттерибиз, ыйық мекенибиз Қырғыз Республикабызда жана анын аймағында, бөтөн өлкө болғон Орусия Федерациясынын Мамлекеттик Тилинде сүйлөшүп, аны даңазалашат (рекламалашат), жайылтышат (экспансиялашат), өнүктүрүшөт (развивают). Ошонусу; чыққынчылық, ачуу чындық – тирүү факт!
Экинчиден; чынығы патриот, тарых изилдөөчүлөр жөнүндө мен сөз қылууға қыпындай ақым жоқ. Аларға терең таазим этип суранаарым; Биздин Мамлекеттик Тилде көбүрөөк маалымат жазсаңыздар?

Сегизинчи сурооңузга: “Чынығы қырғыз инсанын қантип тарбиялап, жарата алабыз?”
Менимче қырғыздардын көпчүлүгү керек болсо бизди тарбиялап қойууға татықтуу. Биздин (Сиз экөөбүздүн) қырғыздарды тарбиялооғо ақыбыз да, уқуғубуз да жоқ. Қырғыздар өзү алмустақта жаралғанда қырғыз болуп жаралған. Жаратуучу жаратқан эл. Алдуу күчтүү азаматтарыбыз; Үзөңгү Қууш, Қарқыра, Үңкүр Тоо, Қум Төр, Бүргөндү сяқтуу жерлерибизди жана кендерибизди, өзүбүздүн Мамлекеттик қылмышкерлерибиз менен диверсант чыққынчыларыбыздан қорғоғон сыяқтуу; Биз, қырғыздардын МАМЛЕКЕТТИК символикалары менен Тилин жана руханий интеллектуалдық байлықтарын, Мамлекеттик қылмышкерлер менен чыққынчылардан, қур дегенде ачуу чындықты фактты бетке айтып, аалам торғо айқын жазып жарыялап, қорғоп турсақ, эң оболу өзүбүз тарбияланабыз жана қырғыз инсан болуп қайра жаралабыз. Аны байқаған, “қырғызмын” деген намыскөй улутташтарыбыз қарап турбашын, Асыкенин (Айдаралиев Асыран мырзанын) “Көчмөндөр” тобу далилдөөдө. Буға Сиз өзүңүз күбө болуудасыз.

Бар болғону, тигилердин; Ақ Үйдө жэ көк Үйдө, кесипкөйлүк менен эмес, “жылуу жумшақ, адамгерчиликтүү, чай-пай уйуштуруу ” ықмасы менен қабыл алуусуна, эбеденибиз эзилип, алданып қалбасақ болду.

Урматтуу Ленара айым, менден бир ооз, маға эч ким бербеген сурооғо жооп:
Ар бир эгемен өлкөнүн Мамлекеттик Символикалары менен Мамлекеттик тили, анын башқа эгемен өлқөлөрдөн айырмалоочу (отличительные) Мамлекеттик Символикалары жана Тили болоорун эч ким жоққо чығара албашын Сиз менден жақшы билээриңизге бекем ишенем. Ушундай шартта, ким қайсы өлкөнүн Мамлекеттик Туусу менен Гербин тағынса, ал ошол өлкөнүн жараны экендигин билдирет. Ошол сыяқтуу эле, ким қайсы эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИнде сүйлөсө да, ошондой эле түшүнүк берээрин да билебиз. Ошону билип туруп, өңүбүз орус улутуна оқшобосо да, өз мекенибизде, өз ара; Орусия Мам.Тилинде сүйлөшкөнүбүз, бизди; Мам.Тили орус тили болғон чукча улуту менен чаташтырууға жэ чаташтырбаса да чаташтырымыш болуп мазақтооғо, биздин; өз ара орус тилинде сүйлөшпөгөн, өз ара тақай өз Мам.Тилдеринде сүйлөшүшкөн қошуналарыбызға жүйөөлүү негиз болуп келүүдө. Эгер берген сурооңузга карата менин берген жоопторумду көңүл бөлүп, убақыт қоротуп оқуған болсоңуз терээң ыраазычылығымды билдирем.


Урматым менен мекендешиңиз Бектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан. 17.10.2013.

Oct 17

Той..

Насыпбек АСАНБАЕВ.

Насыпбек АСАНБАЕВ.

ЫСЫК ЧЫГАРМА.

 

Заңгыраган чоң тойкананы карай колтукташа баскан кыз-жигит кирип келатышты. Экөө тең жасана кийинип, кыналыша басып алышкан. Бири-бирине карап кыт-кыт күлүп, жадырап-жайнап жүргөндөрүнө караганда өтө чоң кубанычта жүргөн кездери окшобойбу. Тойкананын кең эшигине да жөн кирбей атайылап ойногончо, бири-бирин этияттык менен жөөлөшкөнчө кирип келишти. Мындай меймандарды кур кетирбей тосуп алууга эчактан бери маш болуп бүткөн алда-немедей кийинген жаш жигит кайдан-жайдан пайда болуп экөөнү сылык учурашып тосуп алды.

– Саламатсызбы? Кириңиздер!

– Саламатчылык. Келдик… Неме, админстратор менен сүйлөшсөкпү дедик эле.

– А эмне боюнча?

– Үйлөнүү үлпөтүбүздү өткөрүү боюнча.

– Азыр 5 мүнөт күтө туруңуз. Чакырып келе калайын. Ага чейин бул жерге отуруп туруңуз.

Шыпылдаган неме экөөнү бир столго жайгаштыра калды да өзү жылт коюп кайсы бир эшикке кирип кетти. Көп деле күттүргөн жок. Чыпыя кийинип, башына бир байлам ак жоолук байлап алган жаш келин пайда болуп калды булардын жанында.

– Саламатсыздарбы? Мени сурадыңыздар беле?

– Ооба, сиз администраторсуз да э?

– Ооба. Айта бериңиздер. Үлпөт өткөрөлү деп аттыңар беле?

– Ооба. Биз үйлөнөлү дегенбиз. Анан ушул тойкананы айтышты эле аябай жакшы тейлейт деп.

– Аа буюрса жакшы эле тейлейбиз. Залыбыз да кенен. А сиздер кайсы күндөрү өткөрөлү дедиңер эле?

– А бизге боло берет. Эмки жуманын биринчи күндөрү болсо андан жакшы болот.

– Аа. Так ошол биринчи күнү бизде буйрутма жок. Аябай бактылуу экенсиз.

– Оо, ырас болду. Кыз менен жигит бири-бирин карап дагы кубанычтуу жылмайып алышты.

– Эже силерде тамада, музыкант дегендер бар да ээ өзүңөрдө.

– Ой бизде баары бар. Бүт бар, эч коркпогула. Андан көрө айта бергиле силерге эмнелер керек? Мен жаза берейин убакытты өткөрбөй.

– Макул. Анда мындай. Ммм. Бизге бир тамада. Бир музыкант. Бир фотограф. Эки-үч ырчы. Бир же эгер болсо эки бийчилер тобу.

– А бизде бир кыздардын тобу бар. Анан кичинекей 3 жашар балдардын тобу бар. Болобу ошолор? Аябай жакшы бийлешет.

– Үч жашар кыздар? Бийлей алышабы алар.

– Ой ооба. Сенден жакшы бийлейт

– Аа. Макул анда. Андан кийин дагы 4 ак калпактуу киши. Алардын жанына 3 аял.

– Омей Самат, эмнеге үчтү? Деп чырылдай калды жанындагы кыз.

– Ой кызыксың го, сенин атаңдын инисинин аялы келе алмак эмес да баары бир.

– Эми келе албаса деле ордуна кошуп койо берчи. Тамада «кыздын атасынын иниси» деп чакырып калса  Жаныкул байкем жалгыз чыкмак беле?

– Ии макулчу деги. Анда 4 ак калпак киши, төрт жоолукчан аял. Ии 6 же 7 классташ.

– Классташтар бизде 6-7 деп берилбейт. 5 же 10 деп берилет.

– Макул 10ду деп жазып койуңуз анда.

– Дароо эле тактап алалычы. Классташтарыңыз кандай болсун? Баары тең эле күрмө-шым, ак көйнөкчөн келсинби?

Ии баса. Мен да ушуну ойлоп отурдум эле. Бизге он классташ болду да. Ошондо алардын бир сегиздейи кычырап кийинген, өллө сонун бийлеген балдардан болсун. Экөөсү болсо мындай эле жынсы шым, кара свитер кийген балдардан кылыңыз. Анан тигилер бийлеп атканда ошол экөө мындай четкерээкте эле кол чаап кыйшалаңдап турушсун да. Болбосо баары тең кычыраган немелер болгондо жасалмадай болуп калат го. Чыныгы нукура тойго окшосо жакшы болот го.

– Түшүнүктүү. Дагы айта бериңиз. Мастардын кереги барбы?

– Мастарды? Айка керекпи мастар?

– Жинди го! Мас жок дагы той болчу беле? Масы жок болуп калса элдин баары булардыкы жасалма эле той болуптур деп ойлобойбу.

– Ой эми ансыз деле билишет да.

– Койчу эй Самат. Ушунуң жаман. Эмне баары эле биле бермек беле? Эртеңки жашооңду да ойлосоң. Кийин бирөөлөргө сүрөт-пүрөттөрүңдү деле көргөзөсүң да. Анан алар «ии чын эле сонун той өткөрүшүптүр» деп ойлошсун да. Азаматтар депчи.

– И макул анда. Эже бир мас кошуп койуңузчу.

– Бир мас жакшы болбой калат бирок.

– Эмнеге?

– Негизи бир мас болгондо ал көбүнчө эле ар кимге барып тийишип, ордуна жөн отурбай калжактай берет.

– Анда эки мас кылыңыз.

– Жок, эки мас да жаман. Экөө ар кайсыны талашып атып урушуп кетишет. Эң жакшысы үчтү кылгыла. Кажылдашып тойдун көркүн сонун ачат да.

– Аа, макул анда. Үчтү болсунчу. Энесин урайын үйлөнүү той эмеспи бул.

– Үч мас ээ. Кана, мастар жазылды, тамада жазылды, ак калпакчан куда-кудагыйлар жазылды. Ии баса өкүл ата керекпи?

– Айий аны унутуп калган турбайбызбы? Сөзсүз керек да ал.

– Кандайы керек? Крутой болсунбу же?…

– Албетте крутой болсун да. Ушунча үлпөт кылып анан өкүл атага жөнөкөй немени коюп алсак болмок беле? Кандайлары бар силерде?

– Биздеби, бизде өкүл атанын түрү бар. Ай Жанна, өкүл аталардын каталогун алып келчи.

– Нары жактан тыпылдаган дагы бир кыз каталогдорду көтөрүп чуркап келди.

– Ойий эже, өллө сонун өкүл аталар бар го.

– Ооба да. Бизде баары бар. Тандагыла шашпай.

– Карачы Самат, мобул сонун өкүл ата экен сага да окшошуп кетет экен. Ушуну алалыбы?

– Чын эле э. Кана кызматы эмне экен? Россиядагы кыргыздардын диаспорасынын жетекчиси дейби? Кой эй мунуңду. Булар көбүнчө алдамчы болот дешет го. Ошол жактагы мигранттарга документ сокумент жасап акча кылышат. Кереги жок. Азыр баары эле Россияга баргандар да. Алар бүт жаман көрүшөт.

– Макул анда. Кайсыны тандайлы?

– Ата-Мекен партиясынын депутаты дегендер бар бекен?

– Э койчу аларды? Ата-Мекендин азыр баркы түшүп калган.

– Эй сен даанасың го. Текебаев турганда Ата-Мекен кайра эле ордуна келет.

– Самат, кечээ эле саясат жөнүндө сүйлөшпөйбүз дебедик беле. Экөөбүз ушул темага келгенде сөзсүз уруша кетебиз.

– Ии макулчу анда. Өзүң тандачы деги. Мен эмне айтсам эле каршы чыга бересиң.

– Ии жаным таарынбачы. Макулчу, макул сен тандачы.

– Жок, Мен билбейм. Сен өзүң танда.

– Ии бултушкам. Кел анда мындай кылалы. Замандаш партиясы азыр жакшы чыгып келетат го. Ошондон койобуз өкүл атаны.

– Ммм, баягы эле мигрант-пигрант диаспораларыңбы? Ии баса, кел андан көрө мэрияда иштегендерден койобуз.

– Кана ошондой бар бекен?

– Бар андайлар. Айтып атам го бизде баары бар. Мына 16-бетти карасаңар. Өткөндө үйлөнгөндөр дагы ошону тандашкан. Азыр мэрияда иштейт деген өкүл ата аябай жакшы өтүп атат. Кийин айтканга да жакшы экен да. Мэрияда өкүл атам бар десеңер аябай жакшы угулат.

– Макул, ошону тандадык анда. Болдубу, бүттүк го ээ? Эже сиз да бир карап койсоңуз.

– Азыр кана тигил бар, бул бар. Төрдө тигилер отурат. Ии, күйөө жолдош керекпи?

– Аа ооба. Бир күйөө жолдош, бир кыз жолдош кошуп койуңузчу.

– Кандайынан кошойун?

– Эмне алардын да көп түрү барбы?

– Жок үч эле түрү бар. Узун, кыска анан орто бойлуу.

– Анда бизге орто бойлуусунан бере бериңиз.

– Макул. Негизи ушул орто бойлууга аябай көп кардар чыгат да. Жакшы иштейт ушулар. Ходовой.

– Дагы эже, дагы эмне керек?

– Эже-жезде, группалаш анан коллектив дегендер калды.

– Эми алар эже арткы пландагылар да. Андайдан элүү кишини өзүңүз аралаштырып кошуп койо бериңизчи.

– Макул. Анда силердин тойуңарга даярдык бүттү окшойт ээ.

– Эже дагы карап көрүңүзчү. Мындай столдорго жайгаштырып. Биз унутуп калчу элек.

– Макул. Анда дагы бир сыйра тактап чыгалычы. Тамада бар, фотограф бар, бийчилер бар, кудалар бар, өкүл ата… ммм. Булар тигил жакка отурса, тигилер бул жакка. Ии баса, чоң ата, таята дегендер жок го бизде.

– Ой эже алардын кереги деле жок го.

– Негизи аларды деле кошуп коюш керек. Балпайып төрдө отурса аябай красива көрүнөт.

– Самат, кандай кереги жок? Мен кийин биз үйлөнгөндө таятам-таянем бар болчу деп айткым келет. Кошуп койолучу.

– Ии макул анда. Сага таята кошуп койолу. Бирок бирди эле.

– Иий, таянем да болсо жакшы болмок?!

– Эми таянем бар болчу. Бирок айылдан келе албай калган деп деле айтып койчу. Акча жетпей калганы калды.

– Ии болуптур болуптур. Жиндебе бултушкам. Эже, кандай абышкалар бар?

– Бизде абышканын да түрү көп. Негизи тойлордо алардын келгени, чыгып бата бергени жакшы да. Бирок ошого жараша абышкалардын жаңылары аябай кымбат турат.

– Каталогу барбы?

– Жок алардын каталогун чыгарган анча пайдалуу эмес. Алар бат-бат жаңыланып турат. Өлүп калат, ооруп ишке чыга албай калат, ордуна жаңы келип калат. Кыскасы каталогу жок.

– Иий, анда кантип тандайбыз?

– Ой ал оңой эле. Азыр мен тиги карылар үйүнө чалсам ал жакта толтура. Андан сырткары атайын ушундай иштеген элитныйлар бар. Группа группа болуп иштешет. Аларды чакырсак эле келе калат.

– Макул анда ошол элитныйлардан чакырсаңыз.

– Азыр. Администратор кимдир бирөөлөргө чалып өздөрүнчө сүйлөшө калды да телефонду колу менен басып кызга шыбырады:

– Буларга жаңы эле айылдан 120га чыккан абышка алып келип кошушуптур. Негизи жаңы келгендер кымбат болот. Биринчи кардары силер болуп атпайсыңарбы? Ала келишсинби?

– Кымбат болгондо канча? – деп чыдабай кошула калды Самат.

– Эми, жаңы да, бир түнгө 150-200 доллардын башын чапчыйт.

– Омиий, А саатына алчакчы?

– Анда келе берсинчи, келгенде сүйлөшөбүз.

– Макул. Баса өткөндө бир курбум бир чалды чоң ата кылса аябай жаман чал экен дейт. Тойдо аягына чейин отурбай өлүмүш болуп айласын кетириптир. Ошондойлор болбойбу?

– Аа, алар жанагы карылар үйүнүн чалдары ошондой болот. Эптеп эртерээк кетиш үчүн ошентип туйлай берет. Алганга жараша мобу элитныйдан алыш керек да. Булар акча үчүн иштеген немелер каалаганыңды кылат.

– Ээ. Анда ошолордон эле алалы ээ Самат.

– Макул. Бир ооз кебиң катта майрам дечү беле. Кана, анда бүттү го ээ.

– Ооба, биягы бүттү. Эми дасторкон калды. Абышкалар келгиче столду ойлонуштура берели.

– Ой эже эми столду өзүңүз билесиз да. Эки-үч түр салат. Ортодо боорсок, момпосуй, печенье, алма өрүк, иши кылса дасторконду толтуруп коюңуз. Анан бир тамак бересиз дагы, кетээрде эт тартасыз.

– Бардык столдуку бирдей эле болобу?

– Ооба баарына эле жасалма немелерден койдурасыз да. Азыр кадимкидей эле тамакка окшогондор чыккан турбайбы. Камерадан деле билинбейт экен. Ии баса, бир столго эле беш-алты киши келет. Ошолорго чыныгы тамактардан кычыраган дасторкон даярдап коюңуз. Алар менин чогуу иштешкендерим болот. Кошумчаны жакшы кошуп атышат буюрса. Уят болбогудай бололу.

– Аа макул. Аны жасайбыз. Макул анда, абышкалар келгиче отура тургула мен азыр келем..


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаары.