May 23

Көч байланыш..

ээ 37Эгемберди ЭРМАТОВ:  КР Президентине караштуу  мамлекеттик тил бойунча Улуттук комиссиясынын төрагасы.


УЛУТТУК ПРОГРАММАНЫН НЕГИЗИНДЕ «КЫРГЫЗ ТИЛ» БОРБОРУН АЧАБЫЗ!

Ааламтордун «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун бир жылдан берки салтка айланып калган «Көч Байланышы» (Он-лайн баарлашуу) өзүнүн үзүрлүү натыйжаларын берип келет. Албетте, бул саамалыгыбызды мындан ары дагы тынымсыз улантмакчыбыз. Эң башкы максатыбыз, улуттук тилибиз менен дилибизди тынымсыз өстүрүп, калыптандырууда тикелей тиешеси бар аттуу-баштуу, адабий, маданий жана коомдук-сайасый ишмерлерибизди төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, иштеп жана окуп жүрүшкөн боордошторубуз менен баарлашууга чакырып, алар менен түзмө-түз маек куруп, байланышып, көңүл борборундагы көйгөлүү маселелерди чогуу, бирге чечүүгө багытталган.

3. Куба Курбанбеков
Куба КУРБАНБЕКОВ, Жалал-Абад обулусу, Аксы районунан, КР.  Саламатсызбы, Эгемберди ага. Учурдан пайдаланып, абалы ишиңизге ийгилик, чыгармачылык, өзүңүзгө ден- соолук каалап кетейин. Анан да бул байланышты уюштурган Асыран агага чоң ыраазылык. Себеби, Кыргыз тилинин тагдыры көпчүлүк сыяктуу мени да түпөйүл ойго салып келет.
Менин биринчи суроом:
  Кыргыз бийлиги тил комиссиясын жөн гана эл алдында актануу үчүн уюштургандай сезилет мага. Себеби, өздөрүндө (бийликте) эч кандай умтулуу жок десек да болот. Мисалы: Отчётторду кабыл алууда башка тилде эмес, мамлекеттик тилде алса, кызмат ордуна талапкерлерди, кызматкерлерди Кыргыз тилинде сүйлөөсүн талап кылса болот эле да тил үйрөнүүгө муктаждык жаралмак.Көп акча жумшагандан көрө,бул натыйжалуу болмок. Дагы: мегаком,билайн компаниялары кардарларды тейлөөдө англис, орус, Кыргыз, өзбек тилинде кайрылышат. Англис тили-дүйнөлүк, орус тили-официалдуу, Кыргыз тили мамлекеттик а эмне үчүн өзбек тили? КР тил мыйзамында өзбек тилине эч кандай макам берилген эмес го. Ал тил официалдуу пайдаланылбашы керек да. Өз оюңузду айтсаңыз?.
2. Суроом:
  Балалыгым, орто жаш, карылыгым,
Бар болгону үч күндүк өмүр экен.
Аны ойлосом түтөрүп каңырыгым,
Кантип жашап келдим деп күдүктөнөм.
Ушунчалык өмүрүм тез өттүбү,
Көзгө толчу бүтүрдүм кандай ишти?
Эктим канча тандалма көчөттөрдү,
Кайсыл жакка короттум кайран күчтү?- деп жазганыңыздай.. Эми, азыр, Кыргыздын көңүл чордонундагы көйгөйү- тилибиздин абалы мындай болуп турганда, тил комиссиясында иштөө тагдыры туш келди сизге.. Бул жаатта алгылыктуу иш жасадым-деп ойлойсузбу?
3. Суроом
:  Мен Жалал-Абад обулусунда жашайм. Бул жерде Өзбек телеканалдары дүйнөлүк алдыңкы, маанилүү, кызыктуу кинолорду өзбек тилине которуп беришет. Кызыгып көрүп жатып, балдарыбыз а тургай өзүбүз да өзбек тилинде сүйлөп калмай болдук (!). Бул практиканы биз да колдонуп, Кыргыз тилине маанилүү, дүйнөлүк деңгээлдеги кинолорду которууга акча жумшап, КТР, ЭлТР, ЖТР ден элге көрсөтсөк жакшы натыйжа берет-деген ойдомун, буга сиздин оюңуз?
Бул суроолорго кеңири жооп же ой-пикир угабыз деген ойдомун.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Кубан мырза, эң биринчи болуп суроо бергениңизге ырахмат! Тил маселесинин өтө чоң көйгөйлөрүн көтөрүп жатасыз. Мен Тил комиссиясына төрага болуп келгенге чейин маселелер кайсы бир деңгээлде ыңгайына жараша чечилип келген. Бүгүнкү күндө кыргыз бийлигинде тил маселесин оң жагына чечүүгө карата чечкиндүү саясий эрк бар. Мунун мисалы катарында жакында эле Президент тарабынан кабыл алынган Улуттук программаны айтсак болот. Бул программада көптөн бери көйгөй болуп жаткан кыргыз тилин үйрөнүүнүн, колдонуунун муктаждыгын жараттык. Программа менен атайын сайттардан таанышып алсаңыздар болот. Ал эми өзбек тили боюнча Сиз айткан компанияларга расмий түрдө эскертүүлөрдү берди.
2. Албетте, бир топ көйгөйлүү маселелерди чечүүгө жетише алдым деп ойлойм. Биринчиси, бийликтин бардык бутактарында мамлекеттик тилге болгон мамиле оң жагына өзгөрө баштады. Көптөгөн министрликтерде иш кагаздары жалаң мамлекеттик тилде жүрүп жатат. Улуттук программанын негизинде «Кыргызтест» системасы ишке киришүүнүн алдында. Бала бакчаларга, орто мектептерге, ЖОЖдорго жаңы муундагы окуу куралдарын түзүү, жарыялоо боюнча эксперттик топ түзүлүп, ишин баштады. Экинчиден, буга чейин каржы меселеси чечилбегендиктен жазылып, даярдалып жарык көрбөй жаткан окуу китептерине, усулдук иштелмелерге, котормо жана көркөм адабияттарга, сөздүктөргө сарпталуучу каржылык маселе чечилди.
3. Бул айткан оюң эң туура, мен дагы бул маселени бир нече жолу көтөрдүм жана улуттук программага киргиздим, радио, теле берүүлөргө, дүйнөлүк деңгээлдеги кинолорду которууга, балдар көрсөтүүлөрүн колдоого атайын каржы бөлүнмөй болду.

чынара
Чынара САРБАГЫШОВА,  Бишкек шаарынан.
КР.  Саламатсызбы Эгемберди ага. Сизге кааларым чыгармачылык ийгилик, чың ден соолук жана жакшылыктар. Менин сизге берер суроом төмөңдөгүчө.
1.
Сиз ушул кызматты аркалагандан бери, кыргыз тилине бир аз да болсо салымыңызды кошо алдым деп ойлойсузбу? Эгер ошентип ойлосоңуз атай кетсеңиз.
2. Келечекте кыргыз тили үчүн жасала турган аракеттериңиз кандай болмокчу. Чечкиндүү бир иш-аракеттерди, кадамдарды сизден күтсөк болобу?
Эгемберди ЭРМАТОВ. Жооп:  1. Салымымды коштум.  «Кыргыз тили» гезити үзгүлтүксүз чыга баштады, «mamtil kg» сайты ишке кирди, улуттук программа кабыл алынды, көптөгөн окуу китептери жарык көрдү, мамлекеттик деңгээлдеги жыйындар кыргыз тилинде өтө баштады, мамлекетибизде 70% ишканалар иш кагаздарын кыргыз тилинде жүргүзүп жатышат, кызматкерлерим алар менен тыгыз кызматташуу жолунда.
2. Болот, жакында Кыргыз Өкмөтүнө программанын негизинде бир топ сунуштарды киргизгени жатам.
Чынара САРБАГЫШОВА. Эгер мүмкүн болсо ошол сунуштарыңызды атай кетсеңиз?.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Чынара, улуттук программаны ишке ашыруу жеңил-желпи иш эмес, ага мамлекеттик жетекчилер, жалпы калайык калк жапа тырмак киришүүсү зарыл, ошондуктан айрым маселелерди азыр чечилмейинче коомчулукка чыгаруу эртеби деп ойлойм, рахмат!

Темирлан
Темирлан АКНАЗАРОВ, Талас обулусунан, КР.  Ассаламу алейкум, кыргыз тилинин орфографиялык сөздүгүн жаңыртып (толуктап), түзүп чыгуу маселеси көп ойлондурат, эгер түзүлсө электрондук маалымат иштетүүчү каражаттарда иш аткаруу кыйла жеңилдемек, бул жаатында кандай салым кошо аласыз. Кошумча суроом, алфавитти Қ жана Ғ өңдүү тамгалар менен толуктоону колдойсузбу жана латын алфавитине өтүүгө кандай аракеттесиз?
Эгемберди ЭРМАТОВ
.  Жооп:  1. Бул сөздүктү чыгаруу күн тартибинде турат. Мурда «Кыргыз энциклопедиясы» тарабынан 5000 (беш миң) нускада жарык көргөн эле, азыр жаңылап, кайра басуу аракетин көрүп жатабыз, буюрса эмдиги жылы жарык көрүп калат.
2.Ал эми Қжана Ғ ариптерине жана латын тамгасына өтүү маселеси келечектин иши, анткени бир арипти киргизүү мамлекеттин куржунунуна эбегейсиз чоң оорчулукту алып келет, азырынча мамлекетибиз мындай орчун өзгөртүүнү көтөрө албайт.

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА, Кызыл-Кыя шаарынан, КР.  Ассалому алейкум, Эгемберди агай. Менин сизге берейин деген суроолорум төмөнкүлөр, алгач чыгармачылыкка байланыштуу болсун.
1. «Жазуучу болуш үчүн тагдыр керек» дегенди окуп калган элем бир жерден, аны сыңары сиздин да акын болуп калышыңызга тагдырдын таасири болдубу?
2. Чыгармачылык жолуңузда артка бир кылчайып караганда эң алгач эмне оюңузга келет?
3. Учурдагы кыргыз адабиятындагы эмгектенип жаткан муун 30-жылдардан 90-жылдарга чейинки акын-жазуучулардан эмнеси менен айырмалана алат деп ойлойсуз?

Эми мамлекеттик тил боюнча суроолорум бар эле, алардын айрымдарын жогоруда мага чейинки ага-эжелер бериптир.
4. КРын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын сизге чейинки жетекчилерине кандай пикир айта аласыз? Алардын баса белгилей турган алгылыктуу иштери барбы?

5. Кыргызстандагы көрнөк-жарнактарды илүү боюнча айрым журналисттердин гана «кыргызча жазгыла» деп чый-пыйы чыгып жүргөнүн угуп жүрөбүз. Бирок, тилекке каршы, дагы эле бул көрүнүш кайталанып келе жатат. Ушул маселе боюнча Улуттук комиссия тарабынан сунуш берилип, мыйзам чыгарып, бул мыйзамды бузгандарга кандайдыр бир чаралар көрүлсө болбойбу?
6. Эгер, кыргыз тилинин өсүп-өнүгүүсү жана таза сакталуусу үчүн бир гана себеп бар деп эсептесек, ал кайсы деп ойлойсуз?

7. Кыргыз тили жоголуп кетүү коркунучу алдында турат деп 6-7 жылдан бери каңшаар угуп келебиз, ушуга карата эмне дейт элеңиз?
Суроолорго жооп бергендигиңиз үчүн алдын ала рахмат. Сизге үй-бүлөлүк бейпилдик, чыгармачылыгыңызга ийгиликтерди каалап кетем.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  1. Албетте, таасири болду, тагдыры жок адам акын да боло албайт, мыкты чыгармаларды да жаза албайт, анткени анын ырында жан дүнүйөсү чагылышып, лакылдап соккон жүрөгү көрүнүп турушу керек, башынан өткөн тагдыр болмоюнча акындын жазганы элдир-селдир халтурага айланат. Ошон үчүн дүйнөлүк улуу акындардын чыгармаларын окусаң алардын тагдыры алаканга салгандай ырларынан көрүнүп турат.
2. Эң биринчи балалыгым, туулуп өскөн айылым, күлгүн жаш курагым оюма келип турат.
3. Учурдагы кыргыз адабиятында эмгектенип жаткан муун илим-билими, жаштыгы менен айырмаланат.
4. Баардыгы колдон келген аракеттерин жасап, жакшы иштеп кетишти, мен аларга андай-мындай деп жаман пикир айта албайм.
Бир гана мага чейин иштегендерден ыраматылык Камбаралы Бобуловдун өзгөчө эмгегин баса белгилер элем.
5. Болот, бул маселе азыр Жогорку Кеңештин күн тартибинде турат.
6. Ар бир кыргыз мекен сүйөр болуп, кыргыз тилинин тазалыгын жан дүнүйөсү менен сактап, анын кереметин артынан келе жаткан муундарга калтыруусу, о.э. жалкоолонбой көркөм адабияттарды окуп, тил маданиятын көтөрүүсү.
7. Ким муну айтса түпкүлүгндө ал кыргыздын душманы, кыргыз тили эч качан жоголбойт, аны жоголуп кетет деп жөндөн-жөн убагерчилик тартпай, анын келечеги үчүн кам көрүү маанилүүрөк. Сизге да рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!

ээ 9Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы? Суроом мындай. Катуураак тийсе кечириңиз.  1) Сиз жетектеп келеткан улуттук комиссия деген жөн гана аты бар, заты жок нерсеби, же чын эле бар нерсеби?
2) Эгер чын эле бар болгон болсо, ага кандай күч-кубат берилген? Же такыр эле эч нерсеге жарабаган немеби? Буларды сураганым, учурда көчө аттарынан баштап жарнамаларга чейин кыргыз тилинин ит акмагын чыгарып каалаганындай ката менен жазып атышат. Буга ким көзөмөлдүк кылыш керек эле? Ушуга бир чара көрө аласызбы?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Насыпбек, саламатсызбы, сиз, бүгүнкү күндө баарыбыздын жүрөгүбүздү оорутуп келе жаткан көйгөйдү көтөрдүңүз. Буга шаарда жашаган ар бир мекенчил кыргыз жараны астейдил аракет кылуусу абзел. Биздегидей комиссия, маселен, кошуна Казахстанда иштеп жатат, бизге мыйзамдын негизинде тил маселесине көзөмөл кылуу укугу берилген.
2. Биз көрнөк-жарнактарга республика боюнча көзөмөл кылабыз, бирок аларды жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу бийликтери иш жүзүнө ашыруусу зарыл.
Мыйзам боюнча эрежеге туура келбеген көрнөк-жарнак ээлерине эскертүү гана бере алабыз, ал эми айып салуу укугу Антимонополия кызматына тийиштүү. Шаардагы көрнөк-жарнактарга көзөмөлдү Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жарнама департаменти жүргүзөт. Жума сайын жүздөгөн мыйзамсыз көрнөк-жарнактар алынып салынууда. Бирок ошого карабай бул тармактагы мафиялашып калган уюмдар биздин эскертүүлөрдү аткарбай келе жатат. Бул маселе боюнча шаардын мэриясына жана шаар кеңешинин депутаттарына тиешелүү милдеттер тапшырылган. Тилекке каршы аткарбай жатышат.

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ, Майлуу-Суу шаарынан, КР.   Өз МамТилдүү эгемен Қырғыз Республика Ажосунун қарамағындағы, өз МамТмлдүү эгемен Қырғыз Республикасынын; “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ бойунча Улуттуқ Комиссиясынын” Төрағасы; улуу урматтуу жана жоғорқу даражалуу Эрматов Эгемберди мырза. Сиз, менин жэ қайсы бир, қырғыз МамМансапқорлорунун қыжырын қайнатқан қырғыздын энесинин жэ атасынын, улутунун жэ этносунун эмес, өз МамТилдүү эгемен Қырғыз Республикасынын “МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИНИН Улуттуқ Комиссиясынын” улуу урматтуу Төрағасы болғондуғуңуздан улам, суроо да дал ошол МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ тууралуу болоорун назарыңызда тутушуңузду суранам. (Қайталайм жана эскертем;сөз, менин энемин жэ атамын эмес, бир бүтүндөй эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ тууралуу болот.) Өз МамТилдүү эгемен Қырғыз Республикабыздын ушундай жоғорқу даражадағы Мамлекеттик қызматын башқарып олтуруп, неге Сиз, өз МамТилдүү эгемен Қырғыз Республикасынын,Мамлекеттик Қызматтарын өтө жана өлөөрчө сүйүшкөн қырғыз улутундағы МамҚызматкерлерден, ошол МамҚызматын сүйгөн Мамлекеттин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИН да урматташын ачық талап этпейсиз? Қандай болғон күндө да, шартта да, жағдайда да, ар бир эгемен өлкөнүн МАМЛЕКЕТТИК; Туусу, Герби, Гимни, Тили, Аянты, Қызматтары ажырағыс эмеспи! Жэ башқа өлкөлөрдүн МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДЕРИ – МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ, ал эми, эгемен Қырғыз Республикабыздын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИ – қырғыздардын жэ қырғыздардын энесинин тилиби? Эмне мақсатта, эгемен ҚР МамТилин, ҚР Баш Мыйзамы ыйғарған мақамына ылайық, тақай; МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ деп талап этпей, көбүнчө қырғыз этносунун жэ қырғыздардын энесинин тилин талап этимиш болуп ғана қойосуз? Өз МамТилдүү эгемен Қырғыз Республикасында, ким Мамлекеттик Мансапты сүйсө, анда ал эгемен Қырғыз Республикасынын МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИН, сүйлөө менен; даңазаласын, жайылтсын, өнүктүрсүн, жуурулуштурсун – деп неге тақай айтып, талап қылып турбайсыз? Ушуға қанча суммадағы инвестиция талап этилет? Эгер инвестиция талап этилбесе Сизге ким жэ эмне тосқоолдуқ қылууда? Раҳмат.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Бектурсун мырза, Сиздин мамлекеттик тилге болгон атуулдук сезмиңизди жана пикирлериңизди көптөн бери билем жана сыйлайм. мына ушул көйүңүздөн эч качан тайбаңыз. Мен, эсиңизде болсо керек, өкмөттүк жыйынга катышып, атка минерлерге абдан катуу эскертүү бергемин. Ошондо премьер-министр мойнуна алып, мындан ары жыйынды мамлекеттик тилде алып барууга сөз берген. Ал гана турсун Жогорку Кеңештин депутаттарына, жада калса КР Президентине да өзүмдүн талаптарымды тайманбай коюп келе жатам. Менин негизги максатым жана атуулдук милдетим, бул кызматта канча иштейм, аны бир кудай билет, Кыргызстанда кыргыз тили өзүнүн мыйзамдуу укугуна ээ болуусуна бар күчүмдү жумшоо. Күн сайын эртең менен жумушка келгенимде өз ишимди кайсы бир министр менен мамлекеттик тилдин мыйзамдарын кандай аткарып жаткандыгы жөнүндө сүйлөшүү менен баштаймын. Улуттук программа 2020-жылга чейин түзүлгөн. Бул жылдардын аралыгында мамлекеттик тил маселесине 472 млн акча каражаты каралды. Өкмөт бул маселени оң чечип берүүгө макулдугун берди.

9. Айнагүл РаимкуловаАйнагүл РАИМКУЛОВА, Волгоград шаарынан, Оруссия.  Саламатсызбы Эгемберди Эрматович! Кыргызстандын китеп магазиндеринен башка мамлекетте жашап жүргөндөргө өз тилин унутпоо үчүн атайын чыгарылган Кыргыз тил китептерин тапсак болобу?
Эгемберди ЭРМАТОВ.
 Жооп:  Айнагүл карындашым, Улуттук комиссия “Замандаш” ассоциациасы менен атайын келишим түзүп, анын үстүнөн иштеп жатат. Биз чет өлкөлөрдө жашап, иштеп жаткан атуулдардын балдары үчүн атайын китеп чыгарууну мерчемдегенбиз. Китеп даяр болору м
енен электрондук түрдө сайтыбызга жайгаштырабыз, о.э. биздин сайттан тил үйрөнүү үчүн көптөгөн окуу куралдарын, көркөм адабияттарды алсаңыз болот. Ал жерде кыргыз адабияты тууралуу көп маалыматтар камтылган. Улуттук программанын негизинде быйыл бир нече жомок китептерди, дүйнөлүк адабияттын классиктеринин, кыргыз адабиятынын чыгаандарынын китептерин жарыялайбыз. “Нуска” китеп дүкөнүнөн биз бысып чыгарган китептерди табууга болот. Ошондой эле, быйыл улуттук программанын негизинде Кыргызстандын бардык аймактарында кыргыз тилдүү китептерди саткан көптөгөн дүкөндөрдү ачабыз. Бул боюнча Өкмөт тарабынан түзүлгөн атайын “Кыргыз китеп” мекемеси иш алып барат.

Гүлсана эже.Гүлсана Сарногоева. Фолиньо шаарынан, Италийа.  Урматтуу Эгемберди Эрматович! Көпчүлүк окурмандар сиздин «Өмүр издери» аттуу ыр жыйнагыңызды жактырып окушканы тууралуу жакшы билем. Ошол ыр жыйнагыңыз, китебиңиз кайрадан басмадан басылып чыгабы? Урматтоом менен Гүлсана.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп: Гүлсана, «Өмүр издери» аттуу китебим 2011-жылы жарык көргөн, 7 томдук тандалмаларыма кирген, эгер колуңа тийип калса ошол жерден окуп алууңа болот. Байдыкеме арнаган мындай бир ырым бар эле, ошону окуп кой: Байдылда булбул акын төгүп көнгөн, Ат чабым алыс кеткен дүбүрттөрдөн. Артынан бара жаткан акындардын, далайын салпактатып күйүктүргөн. Ыр жазса ыйынбастан шыдыр жазган, Саптары жылаажындай шыңгырашкан. Байдылда деген кезде олтурган эл, бакылдап сүйлөй албай шыбырашкан. Баткендин жеген ширин өрүгүнөн, татыган анан дагы бөлөгүнөн. Эсимде, көпкө ыйлап шолоктогон, укканда жан сыздаткан өлөңүнөн. Жүрөгү күйүп турган чырак эле, күлкүлүү куйкум сөзгө ынак эле. Ырларын нөшөр кылып төгүп жаткан, мезгили мөлт дей түшөт карегимде. Балбан сөз Байдылдадай буюктардын, баа жеткис ой-пикирин угуп калдым. Көптөрү ээрчип жүрүп жоготушту, тизгинин, басмайылын, куюшканын.

УланУлан КОШАЛИЕВ, Кимчон шаарынан, Түштүк Корея.  Саламатсызбы Эгемберди мырза. Жакындан бери кыргыз тили чын эле жарды тилби деп ойлоп жүрөм. Себеби, бир орусча чыгарманы окуп жатып ортосунан кээ бир жерлерин которуп көрөйүн десем таптакыр которулчу түрү жок. Сөздөр табылбай.  Анан, дүйнөлүк уникалдуу Google translation деген котормо сайтка кыргыз тилин киргизүү мүмкүнчүлүгүн да берген Google компаниясы. Ал жактан да сүйлөмдөрдү англисчеден кыргызчага которууга аракет кылып жатабыз. Бирок ошондой эле кыйынчылыктар жаралууда. Сөздөрдүн кыргызча эквивалентин таппай убарабыз. Чын эле кыргыз тилинде сөздөр азбы же кандай. Сиздин оюңуз?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Улан иним, кыргыз тилиндей бай тил дүйнөдө жок, анын байлыгын билиш үчүн “Манас” сыяктуу улуу мухитке жакындап, аны менен терең таанышып чыгуу зарыл. Биздин эпостордой эпостор кошуна элдерде дагы сейрек. Деги биз кыргыздар нигилисттик көз караштан алыстай албай жүрөбүз. Өзүбүздүн руханий дөөлөттөрүбүздү барктап-баалай албай анын улуу кудуретин түшүнбөй сөз байлыгыбызды өстүрбөй, чала могол сүйлөп көнүп калдык. Азыркы жаштарыбыз көчө сөзү менен базар сөзү менен, смс сөзү менен сүйлөөнү модага айлантууда. Жакында менин колума Саякбай Каралаевдин “Манас” эпосунун толук академиялык басылмасы тийди. Чамасы китептин көлөмү 20 кгдай бар. Мынчалык таң калыштуу улуу руханий мурас кайсы элдин шыбагасына тийген. Анан биз тилибизди жарды десек, жаратканыбыз дагы кечирбес. Биз кыргыз тилдин мүмкүнчүлүгүн көбөйтүү максатында улуттук программанын негизинде “Кыргыз тил” борборун ачууга ниеттенип жатабыз. Бул үчүн атайын каражат табылды.

Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан, КР.  Сиздердин иштөө ыкмаңар кандай? Ошну айтып кете аласызбы? Мисалы мен жарыя-жарнак ишканасында иштеп калгам бир айча. Бир жолкусунда чет элдик чайдын жарнамасын коомдук унааларга жабыштыруу боюнча иш кылган элек. Ошондо кыргыз тилиндеги жарнаманы унаага жабыштыруу үчүн тил комиссиясына текшертип, уруксат алышкандай болгон. Эми айтыңызчы, силер чын эле ушундай иш кыласыңарбы? Ар бир көрнөк-жарнак илинээрде, же коомго чыгаарда мамлекеттик тил комиссиясы текшерүүдөн өткөрөбү? Эгер өткөрө турган болсо, эмнеге мынча көп, одоно, орой катасы бар жарыялар басылып чыгып кетип жатат? Албетте, комиссия макулдугун берип, ишканалар каражат которуп чыгарып, илип алгандан кийин кайра аны алып сал дегендик бул кимдин гана болбосун кыжырын келтирет эмеспи. Керек болсо, андай ката басылган жарнамалар үчүн ошол жарнаманын ээлерин эмес, аны «текшерүүдөн өттү» деп макулдук берген тил комиссиясын жоопко тартуу туура болот эле.  Бирок, бул менин суроом. Эгер «биздин иштөө ыкмабыз андай эмес, бизге көрнөк-жарнактын кыргызчасын текшерткени келишпейт» десеңиз, анда эмнеге ушул талапты койбойсуңар? Себеби, жарнамалар чыга электе, илине электе текшерип, катасын тууралап коюу, жарыяланып калгандан кийин кайра алдырганга караганда кыйла жеңил эмеспи.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Насыпбек мырза, мен тил комиссиясына келгенге чейин жарнамалар боюнча иштөө ыкмасы сиз жогоруда белгилегендей болуп келиптир, мен жарнама боюнча иштерди Бишкек шаарынын мэриясынын алдындагы Жарнама департаментине мыйзам негизинде өткөрүп бергемин. Бул ишти чындыгында ошолор башынан бери жүргүзүүгө тийиш эле. Алар келген кайрылуучулардын суроо-талаптарын орундатып, котормосун тууралап, тиешелүү жерге илүүгө уруксат беришет. Бирок алардын алдында деле азыркыга чейин чала-сабат адистер иштеп жаткан көрүнөт. О.э. айрым ишкерлердин алгач мыйзам негизинде уруксат албастан, жеке жарнама агенттиктерине кайрылып, жарнама долбоорлорун чоң каражаттарга даярдатып, илдирип алып, андан соң кайрылып жаткандары да жок эмес. Биз Жарнама департаментине тиешелүү деңгээлдеги иш алып барууларын эскертип, жалпы көзөмөл жүргүзүүнү улантуудабыз.

Аида ААида Ахмад ЖАМАЛ.  Абу-Даби шаарынан, БАЭ.  Саламатсызбы Эгемберди Байке, сак саламатта жакшы турасыздарбы? Менин суроом: Кыргызстанда башка Өлкөлөрдүн Жарандары Кыргыздын Жарандыгын алууну чечип, албетте Ар кандай конторлор(офис) жана текшерүү процесстеринен өтөт болушу керек, менимче. Ошол процесстердин бирине Кыргыз Тилинен Экзамен берүү дегенди кошобуз дешсе(Мыйзамчылар) кандай карайт элеңиз? Ушундай Мыйзам киргизүү негиздүүбү?Башка кээ бир өлкөлөрдө ушундай мыйзамдар иш жүзүндө практикаланат го, жакшы эле жемиштерин берип? Ушуга кандай карайсыз. Ырахмат!.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Аида карындашым, чет өлкөлүк жарандар паспорт столдоруна өтүнүч менен кайрылганда тил билүү деңгээлин аныкташ үчүн биздин комиссияга кайрылат. Биздин текшерүүдөн өткөн, жарандыкка талапкердин мамлекеттик тилди билген-билбегендигине карабастан паспорт алып жаткандыгы анык. Сиз, туура маселени козгодуңуз, Жогорку Кеңешке бул маанидеги мыйзамды коюу аракетин көрүүгө сунуш даярдайбыз.

13. оодарбек Пардабай уулуЖоодарбек ПАРДАБАЙ уулу, Ош обулусу, КР.  Саламатсызбы Эгемберди агай! «Кыргыз көчү» мекенчилдер тайпасына кош келиңиз. Менин сизге болгон суроолорум төмөндөгүчө:
1) Азыркы учурдагы эне-тилибиздин абалына мени канаттандырбайт. Сиз кандай баа бересиз?
2) Азыркы күндө мекеме иш каналардагы жүргүзүлүп жаткан иш кагаздары.
Кабыл алынган мыйзамдарга канчалык дегээлде жооп берет деп ойлойс?
3) Кыргыз тилинин чыңдоо үчүн алдыга койгон план,ой максатарыңыздар м.н бөлүшө кетсеңиз? Алдын ала ырахмат агай. Бар болуңуз!

Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Жоодарбек мырза, 1. Эне тилдин абалы канатттандырбасын канча айткан менен иш алдыга жылбайт, ага ар бирибиз четтен карап, курулай айгай салбай, жан дилибизди берип, кандайдыр бир ачык-айкын ишти жасообуз керек, биз, тилекке каршы, сын айтууга гана ыкташуу үстүндөбүз. “Кийиз кимдики болсо, билек ошонуку” эмеспи, тилге өзүбүз күйүп-бышпасак, сырттан Петров, же Иванов келип, абалды жөндөп бербейт.
2. Республикадагы жүргүзүлүп жаткан иш кагаздары жалпысынан дурус деп айтууга болот, көйгөй Чүй, Бишкек, Ош шаарында болуп жатканы айкын.
Абалды жөнгө салуу үчүн тиешелүү мекемелер менен кызматкерлерим тыгыз иштешүүдө.
3. Алдыдагы кайрылуучуларга ой-максаттарымды кенен айтып бергендиктен, сизди дагы ал жооптор канааттандырат деп ойлойм, рахмат!

2. Асыран АйдаралиевАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия.  Атсаломалейкум Эгемберди мырза!. Менин эң эле көйгөйлүү бир суроом жана өтүнүчүм бар. Себеп дегенде эки жылдан бери тынымсыз аракет кылып, кирбеген эшигибиз, баспаган кадамыбыз, кайрылбаган адамыбыз деле калбады, бирок акыры жүрүп жыйынтык чыгаарына жакындап калды десем болчуудай, буйурса дейли. Улам бир жакка түртүлүп, топтой тоголонуп тебилип отуруп, дыкат дайардаган ишибиз учурда түздөн-түз сиздин колуңузга барып түштү. Бул маселе айтылуу кыргыз ӨҢҮ тамгалары. Жакында Экономика министирлиги менин аларга жазган рамий катымды, өздөрүнүн расмий катын жана системдик баскычка атайын «КыргызМамСтандарт» бекитип, расмий каттоодон өткөрүп берген кыргыз ӨҢҮ тамгаларын тергичке жайгаштыруунун үлгүсүн сиздерге жөнөткөнү тууралуу мага маалымат беришти. Бүгүнкү мүмкүнчүлүктөн пайдаланып мен Сизден расмий суранам урматтуу Эгемберди мырза, тез арада ушул ишти Тышкы иштер министирлигине кайрылып, алар аркылуу «Майкрософт» корпорациясынын башкы деректиринин наамына расмий кат жөнөтүп жиберишиңиздер керек. Бул маселе бүгүнкү күндө кыргыз тил маселесин чечүүдөгү, тил маселесинин көйгөйүн жеңилдетүүдөгү бирден-бир орчундуу маселеси ушул тергич деп эсептейм. Качан, канча күндө ушул маселеге чекит койо аласыздар?.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Асыран мырза, он-лайн конференция уюштуруп жатканыңызга ыраазычылыгымды билдирем, ар бир кыргыз жараны сиздей болуп, тил маселесине күйүп-бышканда биз эбак башка, жаңыланган кыргыз мамлекетинде жашап калбайт белек. Бирок Кудайга шүгүр, сиздей атуулдарыбыздын бардыгы үчүн бул маселе акырындык менен оң жагына чечилип кетерине мен толук ишенем. Эми, Сиздин мага кайрылган маселеңиз боюнча айта кетейин, катты даярдап ТИМге жөнөтүү алдындабыз, мен бул маселени өзүмдүн орун басарыма тапшырдым. Ал мамлекеттик кызматта иштеп, такшалган жигит, ишти акырына чейин чыгарат деп ишенем, өзүм көзөмөлдүккө алам.
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Жакшы болот  Эгемберди мырза! Бул өтө мыкты жаңылык, бизге, кыргыздар үчүн ачылыш болот эле чындыгында, ошондуктан колдон келишинче тездетип бериңиздер! Ошол ТИМдин расмий каты «Майкрософтко» корпорациясына жетсе эң маанилүү маселе чечилээрине мен толук ишенем. Себеби, ал айтылуу корпорацияда иштеген өзүбүздүн жараныбыз, кыргыздын Акжол аттуу уулу КРнан ошол расмий каттын келишин бир жылдан бери күтүп отурат, «колдон келишинче ички байланыштарым аркылуу тездетип бүтүрүп берүүгө болгон салымымды кошот элем» деп..

РасулРасул САЛАЙДИНОВ, Кочкор районунан. КР. Саломалейкум Эгемберди байке!
1. Сиз депутаттык ордуңузду таштап комиссия төрагалыгына кетип жатканда комиссиянын ишин жакшыртуу үчүн алдыңызга кандай максаттарды койдуңуз эле жана ошол максаттарыңыз ишке ашып жатабы?
2. Азыркы убакта баарыбызды түйшөлтүп жаткан Бажы Биримдигине кошулуу керекпи?
Эгер Бажы Бримдигине кошулсак өлкөбүз эмнени утат жана эмнени уттурат?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Расул мырза, комиссияга келе жатканымда Президент менин алдыма бир топ тапшырмаларды берген. Президенттин ою боюнча анын мөөнөтү бүткөнчө биздин республикада мамлекеттик тил маселеси чечилип, кийинки келчү Президент бул көйгөй менен башын оорутпашы керек. Ошон үчүн жакында Улуттук программаны колдоп, аны ишке ашыруу үчүн, чечкиндүү кирише баштады. Менимче, Президенттин мындай асыл оюн бүт баарыбыз колдошубуз керек. Мамлекеттик тил маселесине бүт баарыбыз кош көңүл болбой жардам берсек жакшы болот. Мен дагы ошол максатты ишке ашыруу үчүн аракетимди жасап жатам. Ал эми экинчи сурооң боюнча мындайча жооп берер элем. Биз эртеби, кечпи Бажы биримдигине киришибиз керек. «Чымчыктан корккон эгин экпейт» дегендей, олтура бербей өнүккөн өлкөлөр менен мамилебизди жакшыртып, алар менен тең ата мамиле кылганыбыз оң. Биз бир топ нерсени уттуруп коюшубуз да ыктымал, ошол эле кезде утуштарга да ээ болобуз. Бул боюнча тийиштүү эксперттер, адистер көптөн бери эсеп-кысабын жасашып келе жатат.

ээ 35Гүлжан Койчуманова, Ош шаарынан, КР. Саламатсызбы Эгемберди агай! Ар бир улут өзүнүн эгемендүүлүгүн коргоо жана бекемдөө үчүн биринчи иш аракетти эне тилдин статусун жогорулатууга, кадыр баркын көтөрүүгө жана тилдин функционалдык мүмкүнчүлүктөрүнө көңүл бөлөт. Ошондуктан биринчи көңүл тилдин өнүгүшү болгондо да, тилди тездик менен өздөштүрүүсү, тилдин практикасы сыяктуу проблемалар коомдун өнүгүшү менен эриш аркак болушу керек. Замандан артта калбай тыгыз байланышта болуусуна шарт түзүп туруу керек.. Улуттук идеянын негизи, анын руханий кайра жаралуусу, маданияты жана искусствосу улуттук тилдин негизинде өнүккөнү үчүн мамлекет күчтүү болот. Кыргызстанда ушул багытташгы иш аракеттер кандай абалда?. Ийгиликтер жана жетишкендиктер кубандыра алабы жарандарды?. Студенттер жана мектеп окуучулары да мамлекеттик тилди өздөштүрүү боюнча окуу программаларына бөлүнгөн саатттар жетиштүүбү? Теория практика менен айкалышуудабы? Кандай көрсөткүчтөр болууда? Башка улуттун өкүлдөрү үчүн түзүлгөн тилди үйрөтүүнүн программалары да талапка жооп берерликпи?. Чын дилден кубануу менен мамлекеттик тилди үйрөнүшүүдө деп айта аласызбы? Манастаануу сабагынын окутуу программасы канааттандырабы сизди? Окуу программасына Айтматовтаануу сабагын киргизүүгө кандай карайсыз? Мамлекеттик тил тармактарын тейлеген адистердин профессионалдуулугуна кандай көңүл бурулууда? Адистештирилген курстар уюштурулуудабы? Жогорку окуу жайларында окутулган “Кеп маданияты” сабагынын программасы менен тааныштыгыңыз барбы? Ал жөнүндө эмне айта аласыз?
Эгемберди ЭРМАТОВ. Жооп:   Гүлжан айым, сиз мага өтө олуттуу суроолорду берипсиз, бул суроолордун көпчүлүгүнө жоопту так алам десеңиз Билим берүү жана илим министрлигине кайрылыңыз. Ошондой болсо да тил маселесине көзөмөл кылган мекеме катары айрымдарына жооп берейин. Туура айтасыз, тил – бул улуттун негизги эн тамгасы, руханий көрөңгөсү. Тил бар үчүн мамлекет бар. Ошол эле кезде тил мамлекеттин коопсуздугу да болуп эсептелинет. Биздин Президент бул маселеге олуттуу маани берип, Туруктуу кеңеште атайын карады. Мамлекеттик тил боюнча бөлүнгөн сааттар тилекке каршы, канааттандырарлык эмес. Бул боюнча мен маселени Билим берүү министрлигине бир нече жолу койдум. Окуу программалары ойдогудай эмес, усулдук колдонмолор, окуу куралдар бүгүнкү заманабий талаптарга толук жооп бербейт. Окуу куралдарын кайрадан карап чыгуу боюнча атайын эксперттик топ түзүп, сунуштарын күтүп жатам. Биз мектеп окуучуларына тилибизди жеңил, тез үйрөтүүчү жаңы ыкмаларды колдонгон окуу куралдарын сунушташыбыз керек. Манастаануу сабагынын усулдук иштелмелерин жакшыртуу зарыл. Ошондой эле окуу куралы дагы азырынча көңүдгө толорлук эмес. Биз Манасты өзгөчө кадырлап, өзгөчө барктап жаш муундарга жеткиришибиз абзел. Айтматовтаануу сабагы ЖОЖдорго киргизилген, бирок аны бардык адистиктерге киргизүү убакытты талап кылат. Ошондой эле Улуттук программада мамлекеттик тилди тейлеген адистердин кесипкөйлүгүн өркүндөтүү боюнча атайын белгиленген жана аны ишке ашыруу үчүн окуу борборлору уюштурулат. “Кеп маданияты” сабагын, менимче, ЖОЖдордо гана эмес, орто окуу жайларында, орто мектептерде дагы окутуш керек. Сабактын программасы менен таанышып чыктым, бир топ чечкиндүү өзгөртүүлөрдү талап кылган жерлери көп.

16. Айдана ОроноваАйдана ОРОНОВА, Казерта шаарынан, Италийа.  Саламатсызбы Эгемберди агай? Алдын ала ыраазычылыгымды билдирип,ишиңизге албан-албан ийгиликтерди каалап кетмекчимин.
1. Кыргыз тилин башка улуттагылар (корей, пакистан, арабтар) бат эле үйрөнүп, сүйлөп эле эмес биздин ырларды дагы созуп калгандарын көрүп калам. Ал эми азыркы муундун балдары КЫРГЫЗ болуп туруп эле, кыргыз жерибизде туулган балдарга кыргызча суроо берсең, түшүнөм, бирок жооп бере албайм, кыргызча сүйлөгөнгө аракет кылып үйрөнүп, окуп жатам, убакыт керек дешет. Ушуга кандай карайсыз?
2. Кыргыз ишканаларынын биринин жарыясын окуп алып “кат аркылуу кайрылса болот” дегенинен кыргыз тилинде кайрылдым эле(жарыя орусча болчу) бирок жооп болгон жок, бул мага табышмак бойдон калды. Ал ишканада кыргызча билбеген кыргыздар иштешет го, же иш кагаздары ушундайбы? Орусча сурасам гана жооп ала аламбы?
3. Сиз 5 жыл КР Президенти болсоңуз Кыргызстанда кандай өзгөрүүлөр болмок?
4. Биз, кыргыз боордошторуңуз дагы деле чет жерде жүрө берет белек, же жумуш орду менен камсыз кылат белеңиз? Ырахмат!
Эгемберди Эрматов.  Жооп:  Айдана карындашым, алыскы Казерта шаарында аман-эсен жүрөсүңбү? Мекенибизден өтө эле алыска кеткен экенсиң, кыргыз жерин сагынсаң керек. Дүйнөдө Кыргызстандай жерди, кыргыздай элди эч качан таба албайсың. “Сагынсаң да бир келерсиң” деген ырда айтылгандай, тезирээк мекениңе келишиңди каалайм. Ал эми суроолоруңа жооп бере турган болсом, тилди үйрөнөм деген адам аябай аракетчил, өжөр, максатчыл болот. Бизде, тилекке каршы, аракет кылбай, “алма быш, оозума түш” деген жарандар өтө көбөйүп кетти. Бул биздин бир ит илдетибиз. Мындайдан кутулмайынча, өнүккөн элдерден үлгү болорлук сапаттарды жакшылап үйрөнмөйүнчө өз казаныбызда кайнай берип, көп нерсеге жетишпейбиз. Тил комиссиясы мамлекеттик иш кагаздарга өзгөчө көңүл бөлөт, атайын усулдук китептерди чыгарып таратып жатабыз. Мыйзам боюнча кайсы бир мекемеге кайсы тилде кайрылсаң ошол тилде жооп берилет деген жобо бар. Мына ушуну карманышып жаткан жетекчилер көп. Биздин Конституциябыздан качан гана орус тили расмий тил деген берене алынып салынганда бул маселе көйгөйдү жаратпай калат. Ал эми 3-4-суроого мындай дээр элем. Мен президент болоюн деген оюм жок. Бул маселелерге президент болом деген жарандардын баштары ооруганы оң.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финландия.  Эгемберди мырза, Ааламтордо алгачкылардан болуп, демилге көтөрүп алып чыккан «Көч Байланышыбыз» (Онлайн байланыш) дээрлик салтка айланып калды десем аша чапкандык болбос. Ошого байланыштуу Сизге дагы бир өтүнүч менен кайрылып жатам. Төгөрөктүн төрт бурчунда таруудай тарап, ар кандай шартта иштеп, жашап, окуп жүрүшкөн көптөгөн Көчмөн кыргыз жарандары менен Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Шаршенович Атамбаевди ушул биздин салттуу байланышыбызга чакырып, макул кылып, суроо-жооп маегибизди уйуштуруп, мүмкүнчүлүк түзүп бере аласызбы?. Эгер ошондой шарт түзүлүп, Президент менен онлайн Байланыш өткөргөн болсок өтө маанлилүү иш жасаган болот элек деп эсептейм. Менимче Президент деле мындай Онлайн Байланышуу маегине каршы болбосо керек деп ойлойм!. Ыракмат!.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Асыран мырза, абдан олуттуу маселени коюпсуз. Бул сунушту Президент менен жолуккан учурумда айтып көрөйүн. Эгер мүмкүнчүлүгү болсо, жок дебейт деп ойлойм. Сиз айткандай бул сунуш Президентти кызыктырышы мүмкүн.

17. Рахат ТаштемироваРахат ТАШТЕМИРОВА, Ханты-Мансийскден, Оруссия.  Ассалому алейкум! Ден соолугуңуз жакшыбы? Үй ичиңиз баары тынчпы? Неберелер чоңоюп жатышабы? А мен акыркы учурларда чыгармачылыктан бир аз алыстап руханий дүйнөнү байытуунун үстүндө чыгыш философиясына сүңгүп кирип, «медитация», «йога» жашоо образыма айланып баратат. Буга кандай карайсыз?
2. Өзүңүздө чыгармачылыгынызда жаңылыктар барбы?
3. Бала тарбиялоодо эмнелерге көңүл буруп, басым жасоону кеңеш бересиз? Тилге келсек…
4. Күнүмдүк турмушта колдонгон сөздөрүбүзгө көргөн кинолорубуз түздөн-түз таасир этүүдө. Орусча кино көрсөк орусча, өзбекче көрсөк өзбекче аралаштырып сүйлөп. Ал эми акыркы убактардагы же кыргызча эмес, же орусча эмес сүйлөп чыгып жаткан кыргыз кинолоруна көңулүм ооруп жүрөм. Ошолорду мамлекет тарабынан көзөмөлгө алууга болобу?
5. Кыргыз жаштарынын арасында тил өзгөчөлүгү боюнча сен өзбексиң, казасың сыяктуу талаш-тартыштарга күбө болуп жатам. Мектеп программасына кыргыз тилинин диалектилик тил бутактактарын киргизип ага кеңири орун берүүгө болобу?
6. Кыргызстандагы орус тилинин официалдуулугун жоюп салса болобу?
Рахмат Сизге. Мекен деп, тил деп күйгөн кыргыздын баары мында экен, фейсбукка, «Кыргыз Көчүнө» баш багып туруңуз?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Рахат кызым, ырхамат суроолоруңа! Аман-эсен жүрөсүңбү? Балдарыңды өөп кой!  1-сурооңо жооп берейин. Чыгыш философиясы менен баарлашып жатканың өтө жакшы нерсе, биз кыргыздар чыгыш философиясы менен терең таанышпай, көбүрөөк батышчыл болуп кетип, шорубуз шорподой кайнап жатат. Чыгыш адам баласын сабырдуулукка, кең пейилдикке, өзүн-өзү таанууга, ички руханий дүйнөгө багыт алууга, көкүрөк көздүн, үчүнчү көздүн ачылышына басым жасайт. Аракетиңди токтотпо, Шри Раджниш Ошонун, Вивиканданын, Ауробиндонун эмгектерин таап алып көбүрөөк оку. Бул китептер интернетте бар. Чыгармачылыгым бир аз солгундап кетти, бирок аны эргүү келген маалда сөзсүз алдыга жылдырып алам. Бала тарбиялоодо эң негизги роль – бул бешик ыры. Канчалык бешик ырын көп билсең, балаңдын кулагына көбүрөөк куйсаң, бала ошончолук ыймандуу, зирек, мекен сүйөр, ата-энесине күйүмдүү болуп өсөт. Ал эми теледен кетип жаткан кинолорго келсек, бул жерде котормо маселеси негизги орунда турат. Улуттук программада котормо ишин жакшыртуу боюнча атайын акча каражат бөлүнүп берилди. Көркөм фильмдерди сапаттуу которуунун үстүнөн Тил комиссиясы көзөмөл жүргүзөт. Эң негизгиси биз адабий тилдин нормасын таза, так сакташыбыз зарыл. Ошол эле кезде тил байлыгыбыздын корун өстүрүү үчүн диалектилик сөздөрдөндагы танбашыбыз керек.

ЗамикеЗамирбек БАЗАРБАЕВ, Астанан шаарынан, Казахстан.  Саламатсызбы, Эгемберди ага. Мен алгач өзүңүзгө каалоо тилегими билгизе кетейин. Ишинизге ийгилик каалайм!
Менин суроом анчалык деле философиялык терең ой жүгүртүүнү талап кылбаса керек. Жеке кызыкчылык. 1993-жылдардын нарак-берагы болсо керек. Сиз бир журналга башкы редактор болуп иштегенсиз, (атын эстейалбай жатам журналдын). Колума ошол журналдын бир саны кандайдыр себептер менен тийип калган экен. Ичинде Орозбек Айтымамбетовтун «Кара келин» деген аңгемесин ушунчалык таасирленип окуганмын. Азыр да эсимен кетпейт. Ал журналды бир досум сурап кетип ошол бойдон кайра колума тийбей жоголду. Ичимин ачышканы, ошол «Кара келинди” кайталап окугум келип умсунуп кала бергеним болду. Ошону азыр таап окуганга болобу? Кайдан тапсам болот экен?
Экинчи суроом: Сөзү Сиздин эмгегиңизден жаралган, Аскар Карыбаевтин «Биздин жолдор эки айрылыш» ырынын жаралуу таржымалынан айтып бербейсизби, кандай себеп болду эле ушундай жүрөк көзөп өткөн ырдын жаралышына?
Акырында айтаарым, ушундай шедеврди жаратуудагы эмгегиңизге Рахмат айтам! Алкыш сизге!.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп.  Замир мырза, Орозбек Айтымбетовдун «Кара келин» аңгемеси чынында эле кыргыз адабитындагы шедевр чыгармалардан. Бул аңгемени кайрадан окуйм десеңиз, Айтымбетовдун «Тандалмаларын» таап алып окуңуз. Менин «Биздин жолдор эки айрылыш» деген ырымдын таржымалы анчалык татаал деле эмес. Жаш кезде баштан өткөн бир окуянын негизинде жазылган. Аскар Карыбаев ал ырга керемет обон чыгарган. Бул обондун чыкканына 30 жыл болду. Бүгүнкү күндө дагы ал өзүнүн өтүмдүүлүгүн жоготпой келе жатат. Бул обонду укканда ыйлаган далай адамдарды көрдүм.

сайрашСайрагүл МАТИКЕЕВА, Атланта шаарынан, АКШ.  Эгемберди мырза, саламатсызбы. Мүмкүн менин суроом ким-бирөөнү кайталап калгандыр, ошентсе дабергим келген 2 суроом бар.
1) Кыргыз тили тууралуу 1- мыйзам кабыл алынгандан бери 25 жылдай убакыт өтүптүр. Далай саясатчылар, далай сиздин коллегаларыңыз “ооо, уууу” деп айгайлап баштаган далай реформалар кагаз жүзүндө кала берди. Мурда кыргыз тили орус тилинин ат бастысында калса, эми, глобалдашуунун негизинде биздин мамлекетке мыйзамдуу да, мыйзамсыз да агып кирип аткан кытай жана түрк тилинин ат бастысында кала тургандай. Ооба, козу карындай көбөйүп аткан Конфуций институттары, түрк, араб тилинде сабак берген окуу жайлар, биздин мамлекеттин сырткы алакасынын бир бөлүгү. Кыргыз тилин арабтардан келген терминдер менен бузуп аткандар андан көп. Бирок, мындай “массалык тил үйрөтүү” илгертен жылма экспанция саясатынын тынч, бирок, кубаттуу куралы болуп келгенин барыбыз билебиз. Бул кырдаалда, кыргыз тилин бекемдеш керек. Тил менен кошо мекенди сүйүү, маданиятты бекемдөө керек. Тил- эне сүттөн, баштапкы мектеп системасынан башталат. Кенедейден мээге куюлат. Өзүмдүн мисалында билем, мектеп жашындагы билим мээде түбөлүк калат. Сиздин комиссиянын, жеке сиздин буга чейин чала-була башталып, чала-була бүтүп, алигиче чийки реформаларды чындап алдыга жылдырууга саясий эркиңиздер жетеби?
2) Кыргыз тили- бул түштүк, түндүк, ичкилик, ж.б. диалектилери бар болгон үчүн бай. Ошондуктан, окуу китептер, программалар, дегеле кыргыз тилин окутуу процессинде диаект маселесин киргизүү керек. Анткени, диалект дүйнөлүк практикада нормалдуу көрүнүш экенин түшүнбөгөн ооо канча адамдар бар. Ошолордун кыска түшүнүгүнүн негизинде, жадагалса жаш муундар да ич ара диалектин айланасында бөлүнүшүп, бул көрүнүш кыргыздарды ичтен бөлүнүп-жарылуусуна негиз
болуп атат.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:  Сайрагүл, Сиздин тынчсызданып жатканыңыз туура, мамлекеттик тилде өркөндөтүү үчүн бийлик бутактарында олтурган атка минерлердин мекен сүйөр сезими, атуулдук айкын деми, жалпы эле элибиздин аракети жетишпей жаткансыйт… Бирок, ошого карабай быйыл Президент өзүнүн саясий эркин көргөзүп эне тилибизге астейдил мамиле жасоодо. Менимче, тил маселесин алдыга жылдырууга алган билимим да, атуулдук эрким да жетет деп ойлойм. Анткени, бул маселелерди чечүү үчүн биринчи жолу кагаз жүзүндө калбай турган шарт-жагдай жаралды. Мамлекеттик программанын ишке ашуусу үчүн 120 беттен турган атайын көрсөткүчтөрү иштелип чыкты. Анда кайсы ишкана качан, кандай иш-чараларды жүзөгө ашыра тургандыгы, каржылык маселеси так, даана аныкталып берилди. Мурдагы программаларда мындай нерселер болгон эмес. Программаны көзөмөлдөй турган атайынтоп түзүлдү. Бул топ ай сайын кандай ишти аткаргандыгы жөнүндө Президентке маалымат берип турат. Келечекте биздин жаш муундар мамлекеттик тилди мыкты өздөштүрүп билүүсү менен катар, расмий тилди жана кайсы бир чет тилди дагы өздөштүрүүсү керек. Анткени, биз, ааламдашуу мезгилинде, илимий ачылыштарды, көркөм дөөлөттөрдү кабылдай билүүбүз абзел. “Канча тил билсең, ошончо дил билесиң” деп ата – бабаларыбыз бекер айтпагандыр.
Сайрагүл МАТИКЕЕВА. Рахмат, Эгемберди ага. Ошол тил саясатынын алга жылышын көзөмөлдөөгө биздин «Кыргыз Көчүнүн» жетекчилигин, активдүү мүчөлөрүнөн кошсоңуздар жакшы болмок. Анткени, биздин топ көз карандысыз. Ар кайсы жакта жашасак да, жүрөгүбүз Кыргыз тили, Кыргызстан деп ооруйт. Ишиңизге ийгилик!

Гулжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, КР.  Тарыхта өз улутуна, тилине каршы чыккан, тилин теңсинбеген адамдардын бардыгынын тагдыры трагедия менен бүткөн. Кудайдын өзү жазалап отурат. Анткени курани каримде эне тил да, улут да кудайдын ойлоп чыгарганы негизделген. Ошондуктан өз эне тилинде сүйлөгөндүн ошондой касети бар. Муну ар бир чала кыргыз билүү керек. Биз жетишкендиктерди ашыра айтууга үйрөнүп калганбыз.Фактыга таянсак пристижный деген окуу жайларда негизги предметтер кыргыз тилине которулгандыгына карабастан 90 пайыз орусча окутулат. Жеке бала бакчалар да ушундай эле абалда. Буга кандай карайсыз? Кандай иш чаралар, сунуштар киргизилди? Кандай деңгээлде аткарылууда?
Дүйнөдө 50 пайызга жакын тилдердин жоголуп кетүү коркунучу турат. Биз улуттук тилдин сактап калуусу үчүн кандай сунуштарды берээр элеңиз? Кыргызды кыргыздан башка эч ким куткарбайт эмеспи. Кыргыздын ыйманы жана дини тил менен айкалышканда кандай болуш керек?. Сиз дин тууралуу да пикириңизди айта кетсеңиз жакшы болоор эле. Андан сырткары кыргыз ыйманы кайсыл динге таянат? Он миллионго жеткен калк курубайт дейт. Саныбызды көбөйтүүгө кандай кеңеш бересиз?. Дин жана салт, сан жана сапат тууралуу пикириңизди айтсаңыз. Электрондук окуулар жолго коюлуудабы?. Тилди окутуу технологиялары, котормо иштери кандай деңгээлде?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Гүлжан карындашым, Бала бакчаларга келе турган болсок абал чеке жылытарлык эмес, ушул кезге чейин бала бакчалар үчүн кыргыз тилинде усулдук окуу китептери жазылбаптыр. Мен жакында бир нече кесипкөй агай-эжейлерди чакырып алып, тез арада усулдук китептерди жазууну тапшырдым. китеп даяр болору менен басмадан чыгарып, орус, кыргыз, өзбек тилдүү бала бакчаларына таратабыз. Бул биринчиден болсо, экинчиден жогорку окуу жайлардын ректорлоруна атайын кат жолдодум. Көп жылдан бери сабак берген кыргыз мгалимдери окуп жаткан лекцияларынын негизинде кыргызча окуу китептерин жазып, ЖОЖдордун эсебинен жарыкка чыгаруу боюнча, анткени, ЖОЖдордун атайын эсебине тапкан кирешесинин 20% каражаты түшөт. Мурда бул каражатты мамлекеттикн эсебине которушса, азыр өздөрүндө калып жатат, бул көп каражат, ушуну колдонуп, кыргыз тилиндеги окуу китептерин чыгарууну сунуштап жатам. Тил жоголуп кетет деген пикириңизге кошулбайм. Кыргыз тилинин жоголуп кетүү коркунучу боюнча сөз Кыргызстанда жашагандарга тийиштүү эмес. Ал сөз чет өлкөлөрдө жашаган кыргыздардын абалынан улам келип чыккан. Дегеле, ким тилди жоголуп кетет десе, ал өз улутуна өз элине ишенбеген, башкалардын пикири менен жашаган эл безерлер. Тил дил менен байланышкан. Дил ыйман менен байланышкан. Булар бири-биринен ажырагыс нерселер. Кыргыздар нечен кылымдардан бери ислам динин тутуп келе жаткандардан. Бул жөнүндө улуу «Манас» эпосунда дагы кеңири камтылган. “Бөйрөктөн шыйрак чыгаруунун” кажети жок. Ырас, биз азырынча аз элбиз. Бирок, биздин рухубуз, маданиятыбыз, тарыхыбыз байыркы замандардан бери түптөлүп жоголбой келе жатат. Ааламда нечендеген түптүү маданияттуу калктар ың-жыңсыз жоголуп кетти, ал эми «түгөнгөн сайын, түтөгөн кыргыз» өзүнүн элдүүлүгүн, жүзүн, жолоюн жоготпой келет. Биз сан жагынан өсүшүбүз керек. Сан барып сапатка айланат. Бүгүн мамлекетибиз мына ушундай саясатты колдоп келе жатат. Кечээ эле канча миңдеген баатыр энелерге сыйлыктарды берүүгө тыюу салынгандыгына карабай Президент «Энелер күнүнө» карата сыйлыктарды тапшырды. Тилди окутуу, жаңы технологияларды колдонуу боюнча жооптор жогоруда берилген…

20. Чынара КалыбековаЧынара КАЛЫБЕКОВА, Бишкек шаарынан, КР.  Урматтуу Эгенберди Эрматович! Саламатсызбы? Байланышта болгонуңузга кубанычтамын. Эгер эсиңизде болсо, бир ирет мен сизге, – Эми сиз келдиңиз. Биздин жүрөк оорууну билесиз да. Буюрса китептер чыга баштайт го? – десем… Менин колуман келбейт го… Аны тигил жогору жактагылап карап, акча бөлүшсө… анан… дегенсиз. Менимче, эч качан жогору жактагылар төмөн жакта турган жазуучуларды көрбөйт. Анткени алар жогору жакта… жогору жакты гана карашат да! Суроо: – Кандай болгондо кыргыз тили күчүнө кирет?
– Кандай болгондо кыргыз китептери элге жеткидей басылып чыгат?
– Кандай болгондо жарнамалар оңолот?
– Кандай болгондо акын жазуучулардын эмгектери бааланып, спонсор издетип сандалтпай, «өкмөт аке» кам көрүп, калкалайт?!
– Кандай болгондо студенттер китеп окуу менен экзамен беришет?
– Кандай болгондо өз тилибизде сүйлөп, кадырыбызды арттырабыз?!
– Кандай болгондо тилдин куралдан да күчтүү күчүн баалап, билебиз?!
– Ушунун баарына Сиздин күч келеби?
– Бул орунга келгенде эмнелерди өзгөртүп, түздөйм! – деп келдиңиз?!

Эми тилге өтөлү. Тилди укмуш кылып жатабыз деп, күндө Манастан үзүндүлөрдү берип жатышат. Бул жакшы. Бирок уккандын баары кулакта калабы? Окутканга китеп керек! Китепти окуганга пенде керек! Комьпютерден көчүрүп барып баа койдурганды эми токто албай калдык го. Анткени ошол студенттерди да «комьютерден көчүргөндөр» окутуп жатпайбы. Туурабы? Кыскасы, жаңы төрөлгөн баладан баштап, жалпы элди китеп окуганга, бири бирибизге арак, коньяк, вино белек кылбай, китеп белек кылганда тил маселесин жөнгө салуу бир топ жеңилдикти апкелет демекчимин!
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Чынара карындашым, так, таамай суроо берипсиң. Биз экөөбүз бул көйгөйлөрдү жакшы билебиз, туура, китеп маселеси эгемен жылдарда өтө чоң кыйынчылыкка дуушар болгон. Ошол үчүн мен тил комиссиясына келгенде жазуучулардын көйгөйүн чечүү үчүн астейдил киришип жатам. Президенттин Жарлыгында “Кыргыз китеп” мекемесин түзүү беренеси бар.Ошол ишке ашуу алдында. Жакында бул ишкананын жетекчиси дайындалып, жобосун иштеп чыкты. Мындан ары республиканын бардык аймактарында кыргыз китептерин саткан дүкөндөр ачылат. Улуттук тил комиссиясы жаңы иштелип чыккан улуттук программанын негизинде “Дебют”, “Дүйнөлүк адабият”, “Окуучулардын китепканасы”, “Жомоктор” сыяктуу сериялардын алдында кыргызча китептерди чыгара баштайт. Ал үчүн атайын каржы маселеси өкмөт тарабынан чечилип берилди. Мамлекеттик тил комисиясы тарабынан уюшулган ар кандай иш-чараларда китептерди белекке берүүнү салтка айлантып жатабыз. Мындай салтты жалпы кыргыз эли колдоп кетсе жакшы болор эле. Айрым кайталанган суроолордун жоопторун кечээги маалыматтардан таба аласыз.

21. Сталбек АбдижалилСталбек АБДИЖАЛИЛ, Бишкек шаарынан, КР.  Саламтсызбы Эгемберди агай! Сиздин эрте жазда Президентибиз Алмаз Шаршеновичке арнап жазган бир бет ырыңыз «Кыргыз Туусу» гезити аркылуу жарыяланганын окуп калдым эле. Ошондон соң: «Ушинтип атуу-баштуу акындарыбыз «арзыматтанып» атып кыргыз адабиятынын бедели түшүп атат» деген ойлор айтылды. Буга кандай көз караштасыз?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Сталбек мырза, мен ал ырда өзүмдүн ой-пикиримди, сунуштарымды ачык, так жазганмын, жакшылап окуп көрсөң, ал жерде ачуу чындык, сын-пикир да бар. Чындыгында мурдагы Президенттерге караганда Атамбаев кыргыз үчүн жакшы нерселерди жасап жатат, аны баалабай, көрбөй койгонубуз дурус эмес. 20-30-жылдан бери ишке ашпай турган нерселер так ушул Атамбаевдин учурунда ишке ашууда. Мен кошомат кылган жаштан өтүп кеткенмин, эгер менин ким экендигимди жакшылып билгиң келсе, чыгармаларым менен толук таанышып чык. Анан кийин кеңири олтуруп сүйлөшөм.

Сынак 2Нурзат МОКЕНОВНА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы агай. Мен жекече суроо берейин. Сиздин эсиңизде калган, дайыма сиз менен жашаган, бир көрүнбөгөн сезимдер болду беле?
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Нурзат карындашым, акын болгондон кийин сезимсиз жашай албайсың да… Өмүрүмдө далай албууттанган, буркан-шаркан түшкөн, эсти жоготуп, мас кылган сезимдерге тушукканмын, алардын баары мага ыр болуп келип, керемет саптарга чагылышып, поэзияга айланды. Махабат ырларымды окусаң анын баарын туюп-сезмексиң.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан.  Эгемберди ага, мен кечээки берген суроомдо кыргыз ӨҢҮ тамгаларынын тагдыры жөнүндө сөз кылдым эле. Ушул көйгөйдүн чечилишин биринчиден тездетип, экинчиден болуп жаткан иш чаралар тууралуу бат-бат маалымат берип, бизге тааныштырып турсаңыздар жакшы болот эле. Себеби ТИМ дегилер дагы ар түрдүү шылтоону айтып, маани бербей, кечиктирип туруп алышабы деген кооптонуу бар менде. Көптөрү, өзгөчө жетекчи кызматтагылар бул маселенин төркүнүн түшүнбөй эле босогого ыргытып койушат экен, кайдыгерлик кашайган, ошондуктан алеки саатта бүтүп, өзүбүз эле чечип койо турган болбогон маселе өзүбүздөн жылбай, айлап-жылдап, ордунан жылбай кармалып отурат. А тагдыры тайкы, шордуу тилибиз күн санап ашмалтайы чыгып, бузулуп, талкалангандын гана үстүндө. Сизден ушул маселеге өзгөчө көңүл бөлүп, катуу көзөмөлгө алып беришиңизди дагы бир ирет суранам..
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Асыран иним, Кудай буюрса, мына силер менен байланышты жакшылап түздүм деп ойлойм, бул маселени сөзсүз катуу көзөмөлгө алам деп сөз берем. Кадырың жан болсун!

23. Бактыбек АкназаровБактыбек АКНАЗАРОВ, Маскөө шаарынан, Оруссия.  Эгемберди агай, саламатсызбы? Эмнеге Кыргызстанда жогорку окуу жайларда жаңыдан келген эле студентерди кыйнап, орусча сабак өтө беришет, кыргызча өткүлө деп сурансаң деле болбой эле? Туура эмес да ушул, кандай дейсиз?.
Эгемберди ЭРМАТОВ.  Жооп:   Бактыбек, мен дагы дал ошондой пикирдемин. Бул маселе окуу китептеринин жоктугунан улам жаралып жатат, ЖОЖдордун мугалимдери оңой оокатка көнүп алып, бир жазган лекцияларын 20-30 жылдардан бери, тамтыгы чыкканча окуп келе жатышат. Улуттук программанын негизинде быйылдан баштап ЖОЖдор үчүн, мектептер үчүн, бала бакчалар үчүн кыргызча окуу китептерин жаздыруу аракети башталган турат. Атайын түзүлөн жумушчу топ мунун үстүндө иштөөдө.

Эгемберди ЭРМАТОВ.  Урматтуу Мекендештер,  Асыран иним, баардыгыбыздын максатыбыз бир, мамлекетибизде кыргыз тили өзүнүн мыйзамду ордун ээлесе деген аруу тилек менен жашап жатабыз. Туура айтасың, мен, өзүмдүн атуулдук жана кызматтык милдетимди колдон келишинче так аткарууга аракет кылам. Буйурса бул он-лайн байланышты «Кыргыз тили» гезитине да чыгарабыз. Жакшы күндөрдө жолугушалы, аман болгула!

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, Келсинки шаары,
20.05.2014.

May 21

Автопортрет..

******************************************************************************************

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА.

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА.

КАТЫЛЫП ЖАТКАН СЫР ДЕПТЕР.. *******************************************

КӨҢҮЛ ТРАГЕДИЯСЫ.

Уу чачып салдың,
Акылы кыска “жаным”
Денеме тарап кетти,
Кызытып бойдо каным..

Ууккан жүрөгүмдүн,
Айыгаар айыкпасын.
Билбедиң…кызыкпадың…
Дабаасын  таба албадым.

Жалооруп бүткүл дүйнөм…
Жагымдуу эңсөө каткан.
Бүлүнгөн бойдон калды.
Булутка кирип ак таң…

******************************************************************************************

Көзүңдө калган,
Түпөйүл арман жаш толо.
Жүзүң да купкуу.
Эрдиңди кесе тиштейсиң.
Сагыныч басып,
Зарыгып келсем алдыңа,
Неге эле мынча,
Өзүңдү бөлүп жиктейсин.

Жүүнүм бошоп,
Өткөндү козгоп ой толгоп.
Оорусам да сезбейсин.
Сезимим тоңуп муз болуп
Көөдөндө боштук турса да,
Сыйымды билбей кирдейсин.

Эх, койчу деги!
Шоруң же бактың экеним,
Дагы эле айрып,
Өзүмдөн тааный албадың.
Бир эрдик жасап,
Турмуштун таңын агартып.
Көксөөмдү баскан,
Көгүлтүр оттой жанбадың!.

******************************************************************************************

ээ 35

Арттагы калган күндөр,
Аларда майда, сынык,
Күмүш сындуу жатат издер.
Кайгысын, кубанчын да жаркыраткан,
Толкуну ашып-ташып жээкти жапкан!.

*************************************************

 

Чоң ачып тереземди,
Жарыкты сыртка чачам.
А өзүм түнгө сиңип,
Түн болуп бара жатам….

*************************************************

Сагынып жүрүп,
Сарыгып көңүл көктөмү.
Аруулук сенден,
Арзуунун назы өчкөнбү…

Аралык алыс,
Багынтып алып сезимди.
Жазыксыз бойдон,
Көңүлдүн жазы өткөнбү!.

*******************************************************************************************

Чырмалышып бой өстүрбөй чөктүрүп,
Отоо чөптүн арбаганы, арбаган.
Акыл-сезим арасына сыйбаган,
Майда сөздүү жан дүйнөңө таң калам.

*******************************************************************************************

Жүрөгүм музга айланып,
Өзүмдү өзүм жектеп турганымда.
Жагымдуу дүйнөң менен,
Жылуулук алып мага келет дегем…
Өзүңдү мөлт эткен бир үмүт менен,
Күткөн элем… күткөн элем…

 ******************************************************************************************

Улуу жолдо сапарлаш боло албадың,
Канчалык күлүгүм деп чегерсем да.
Үмүттүн жибин үздүм,

Башка арга калбаганда.
Кош эми… артка жол жок,
Келет деп жол караба,
Чегерген бойдон калды,
Турмушуң эски араба!
эски араба…

*******************************************************************************************

Өзүмдү бир аз эле аяп койсом,
Көзүмдөн жашым тамат, жүүнүм бошоп.
Мен дагы аяганга муктаж окшойм!.
******************************************************************************************

КҮЗГҮДӨГҮ ЖАЗУУ.

Байкатпа, баарлашпа!
Бардыгын өзү сезип
Жүрөктү тыңшабаса.

Көрсөтпө, жаш чыгарба,
Көңүлдүн гүлүн ачып,
Көксөөңө суусабаса.

Башыңды төмөн салба
Гүлзарың тепселетип,
Баркыңды биле албаса.

 

Сөз айтпа , кабарлашпа.
Сезимге сезил курап,
Бир сендик боло албаса.

Төгүлгөн көз жаш менен,
Төгүлүп бүттү баары,
Болду жетет.

Өмүрдүн бул үзүмү,
Жаздагы жаап өткөн,
Өткүндү элестетет!.

*******************************************************************************************

ээ 35

АВТОПОРТРЕТ.

Жан дүйнөм күлгүн курак,
Үлбүрөп араң турат.
Жайылган мейкиндикте,
Жылт этет жалгыз чырак

Кундуз чач кыроолонуп,
Жан дилим муздай тоңуп.
Тамырдан ажыраган,
Турамын  гүлдөй соолуп.

 

 

Тамырым ташка урунуп,
Кыйроого келген белем.
Сыздаткан жан дүйнөмдү,
Өжөрлүк  жеңет дегем!.

Дүбүртүм катуу чыгып,
Күрөшкө умтуламын.
Баарына кайыл болуп,
Сапарда курчу жаным!.

*******************************************************************************************

Сен дуулдап турган кезде ууланып,
Жараатыма анан калса туз салып.
Тынч  өмүрүм өтпөй калды өңдөнөт,
Бардан-жоктон, өрттөн-суудан кур калып.

Бул жазмышка келбей даале багынгым,
Жан дилимдин отун берип жагылдым.
Жарыктыкка батпай жаным буулугуп,
Жалгыздыктын аралына кабылдым.

*******************************************************************************************

Ишенип алып,
Жолумдан калып,
Жоошутуп айткан сөзүңдү.
Кабарың күтүп отурам,
Сооротуп, өзүм өзүмдү.

Жүрөктө соксо,
Бир аз да болсо,
Билдирип сезим өктөмү.
Болбогон жерден,
Бүлүндү жандын көктөмү.

Бул күндөр сыноо,
Жолдорум курчоо,
Тирилик ага себепкер.
Эртерээк эле
Мезгилдер өтсө ким билээр.

Унутта калып
Убайым тарткан бул күндөр
Санаага салган өзүңдү
Улантыш үчүн жашоону
Кечирээр белем ким билээр.

*******************************************************************************************

Тыңшачы түндүн,
Тынчтыгын бузган пенденин.
Өкүмү катуу,
Өксүтүп келип жеңгенин.
Теңине албай,
Тебелеп турса аесуз,
Күнөөсүз жерден,
“Кечирчи мени” дегенин!.

Тыңшачы жандын,
Өксүп бир турган жүрөгүн.
Жазыксыз жерден,
Жазасын алып  бирөөнүн,
Жабыркап калды
жарака кетип айласыз,
Өңүнөн кетип,
Көз жашка жуулган гүл өңүн.

Үзүлбө үмүт,

өзгөрүү болот

  • *******************************************************************************************

Көрүнөт дүйнө сонун, жаңы гана!..
Чыйырда из калтырган кадамымда,
Сүрүп таштап кайгы менен кусалыкты.
Бет келдим кыянаттык адамыма,

Көз жарган наристедей оттой жана,
Ууккан күндөр замат унутула,
Жаңырып, жаңыланып кирип келди,
Ааламды батырчуудай кучак жая.

Бир кезде мен жактырган пейлиң менен…
Жакшынын шарапаты болуп келген,
Дагы да жакын болуп чырмалсаңчы,
Аралыкты багынтып ийилбеген!

******************************************************************************************************************

ээ 40

Эми сенин кезегиң дегиң барбы?
Ээ тагдыр, тамашаңбы оюн курган.
Эч кимди таназарга албай коюп,
Ээликкен кезимде да баш ийбегем,
Эмнеге демим өчүп мында турам?.

Жаш баладай кыялым албууттанып,
Жазгы жааган өткүндөй мөөнөтү аз.
Жалын чачкан өмүргө өзүң болуп,
Жазыгы жок жорукту баштабагын, Жасалмага кайдигер болоорум саз.

Мээнетим катуу кезде омкорулгам,
Мээримге муктаж кезде кол сунгансың.
Мен аны башкалардай тана албаймын, Мезгилдер өткөн менен дартым ырбап, Мелтилдеп дагы көздөн жаш жуулбасын..

Жан дүйнөмдүн жалын оту түгөнүп,
Жашыл жаз да көзгө турган көрүнбөй.
Жабырканып жакындардан, алыстан,
Жарыгы жок, көөдөн толо дарт толуп,
Жашаганда жакын элең бөлүнбөй!..

Бийиктик кимге кандай? Жакын же алыс,
Биригип бир келгенде жаралангам.
Бириндеп бардыгынан көңүл калып,
Билбеймин кимге досмун, кимге душман,
Бир кезде болбос жерден каралангам!..

Жүрөгүм көтөрө албай жүдөп бүткөн,
Жүгү оор болот тура  бул турмуштун.
Жүз ирет мүдүрүлдүм тегиз жерден,
Жүйөлүү жообун бере албай турам,
Жүзүнө орноп алган коркунучтун..

Өзгөгө баш ийдирип ушул сезим,
Өзүмдү өрткө салып турган кезим,
Өткөрүп келе жатам күтүү жандап.
Өксүтүп гүлдөй назик көңүлүмдү,
Өмүрүм эңсегенге жетпей демим..

Тагдырга буйрубаса бул арманым,
Таарынбасмын бекем болсун дарманым,
Тамаша же чындыгын биле албай.
Таалайым өзүң болуп каалаганым,
Талпынып өзүң жакка агыламын..

Оюмда нелер гана эңсебедим,
Октолуп даяр турам омкорууга,
Орношуп алган эле ошол илдет.
Ооматы келип турса жашоо жеңил,
Окшотуп кыял менен жолугууга..

Ачылып ырбап кетээр кайра баштан,
Айыкпас менин эски жараларым..
Азабың тарттырсаң да таазим этип,
Айла жок баш ийдирип жазмышыма,
Арманы күчтүү дүйнөм карманаарым..

Сезилип бардык жакта караганым,
Сеңселип айла таппай байланамын.
Сезим менен тамаша кылган болбойт,
Серпилсе акыр бир күн акыл жеңип,
Сел болуп туш тарапка тараламын..

*******************************************************************************************

ИШЕНИМ.

Мен сага айтпаганда кимге айтамын,
Дартымды көөдөндөгү тынчымды алган.
Тагдырга баш ийбеске айла барбы,
Байкатпай  сезимдерге бүлүк салган..

Кайрадан жанып турса нур жүзүңдөн,
Көркүңө коошпой аттиң сырдуу дүйнөң.
Алоолоп оттой жанып баратамын,
Ашыглык дартка айланган  күйүтүмдөн!..

Бир өмүр сапардагы жүрүшүмдөн,
Тарттырып куру алган үлүшүмдөн.
Күүлөнүп толкун турса айла барбы,
Күйүтү күүгө келбес үмүтүмдөн..

Кимге айтамын чынымды сага айтпасам,
Карегимде шүүдүрүмдөй жаш тунук.
Күү-шаа түшүп асман ыйлайт өксүгөн,
Толкундары үмүтүмдү ташка уруп!..

 ******************************************************************************************

АКЫҢ БАРБЫ?

Ишенимсиз оту өчкөн сөздөрдөн,
Ийге келбей турса мүнөз өзгөргөн.
Сен мени кызганганга акың барбы,
Ирмеле албай катып калган көздөрдөн..

Айып дебейм ашык болсо көз көргөн,
Айтылбастан сыры турса көөдөндөн.
Сен мени кызганганга акың барбы,
Айла таппай турган болсоң өзүңдөн.

Жакса да жарым көңүл бөлүнбөстөн,
Жадыңда калган болсо көрүнбөстөн.
Сен мени таарынтканга акың барбы,
Көңүлдү өрттөп, ооруткандай жөндөн-жөн.

 *****************************************************************************************************************

ээ 39ЫР ЖОЛУНДА.

Күн чыгат мен тараптан нурун чачып,
Кыялды тирүүлүккө туштап барат.
Кайдадыр бийиктикке умтуламын,
Жан дүйнөм өзүң барда серпип канат..

Туптунук арзуум менен дилим бердим,
Өзүмдү өзүм арнап сага келдим.
Бүтүндөй түштүгүмдүн аптабынан,
Оттуу күндө ойгонду эргип демим..

Жүрөктүн кан тамыры күүгө келип,
Өмүрдү гүлдөтүүгө болду себеп.
Түпкүрдө жалындаткан нурду козгоп,
Жараткан өзү колдоп турду демек…

Сезимге жан жибиткен элес төгүп,
Гүлталаа күн нуруна жуурулушту.
Жаныма күч келгенде жагып кубат,
Өмүрдүн демөөрчүсү жолугушту.

*******************************************************************************************

Ойлордун курап алып асылдарын,
Белекке тартууладың көз тумарын.
Көпчүлүк арасынан көлдөй болуп,
Көксөөсүн таптырчуудай ашык жардын..

Бир үзүм элестерден жүзүң курап,
Көз нурун чачыраткан көңүл улап,
Үмүттүү үлпүлдөгөн жалгыз чырак,
Бийиктеп көтөргөндө калды урап..

Ой чубап тартуу кылган белегиңден,
Чоочуркап араң кабыл алган элем,
Жан дүйнөм жалбырт этти ошондо эле,
Жалындуу касиети күчтүү экен..

*******************************************************************************************

 ОЙГО ЧАКЫРУУ.

Олтурамын өткөн күндү даректеп,
Кайдан-жайдан кайгы мага тушташат.
Мүнөздөрдө оош-кыйыштар толтура,
Сезимдерге себелентип суу чачат.

Жакшы тилек жан дилиңде жүргөндө,
Көкүрөккө кек чогултуп кор болбой.
Асыл сапат адамдыгың от жагат,
Сансыз ойлор ортобузда жөн койбой..

Бул жашоонун мыйзамы ушул турбайбы,
Ак, каранын казанында кайнамай.
Бирде жеңип, жеңилесин а бирде,
Алтын аяк колдо турса байкабай..

Ишенимсиз сезим эрип бүткөндө,
Тийген күндөй жаркыратып көңүлдү.
Майдачылык эрегиштик көңүлдүн,
Караңгылык түпкүрүнө көмүлдү..

Пенделикке баш ийдирбей өзүңдү,
Залалы жок сүйүү болсо талашың.
Барктай билсең ушул аруу өмүрдү,
Ыйманыңды бир тазартып алаарсын..

Басып өткөн жолдоруңда из калып,
Жаман күндөр сапырылсын жел үйлөп.
Өмүр жолу жакшылыкка чакырат,
Абийир турса бийиктикте желбиреп.

*******************************************************************************************

Жан дүйнөңө аян бердим деп,
Жалын чачып сырдуу жылмайып.
Сезген болсоң эми канттиң деп,
Табышмактуу турдуң жылмайып..

Байкоо салып туш-туш тарапка,
Сөз жылдырсам жөн жай акырын.
Таарынч жана кызганч ээлеген,
Көз карашың көрдүм асылым..

*******************************************************************************************

Учкундары ушул жаздын,
Суусундук.
Көөдөн чаңкап турган үчүн,
Жутундук..

******************************************************************************************************************

ээ 41Сагынып жүрүп, сарыгып көңүл көктөмү,
Аруулук сенден арзуунун назы өчкөнбү…
Аралык алыс багынтып алып сезимди,
Жазыксыз жерден өмүрдүн жазы өткөнбү…

Басынта берип баркыңа жетпес пендеңе,
Таалайы тайкы жашоого акың бар беле…
Теңирим сынап тагдырың болуп турса эгер,
Ооруган  жандын дабаасы болчу сен деле…

ЖАЗЫЛЫП БҮТПӨЙ КАЛГАН ЖАРТЫ ЫРЛАРЫМ

Жаздын күнкү көктөмдөй өмүр багып,
Жер жарака кеткендей көңүл калып,
Жаштыкты эриш-аркак өткөрүпмүн,
Аткарган баш ролдорго талдоо салып,
“Ак”, “кара” деп тагдырды иргептирмин.
Үлгү боло албаган күндөрүмдө,
Акыйкатсыз жашоодон кирдептирмин.

Артка кайрып бараткан сапарымдан,
Ак барактан жан көрдүм араң турган.
Күүгүмдө күнгө илешип өткөн сайын,
Адилеттик издөөдөн жараат алган…
Жанды ыроолоп башкача сестенгемин,
Жаштыктын жалын отун көрүп калып,
Кайтсам же кайтпасам деп жиктелемин.

Таймашып тагдыр менен өзүмдү издеп,
Сапар тартып жашаган курчтугум ай!.
Болоор-болбос жолдордо мүдүрүлүп,
Азап тартып өткөргөн жаштыгым ай!
Өмүрдүн сыноосунда батып муңга.
Маңызы жок жашоого көңүл кирдеп,
Ал кезде да өзгөргүм келгем тура.

Өмүрүм өтсө дагы көктү жиреп,
Башымдан бак көрүнсө ушул күндө,
Сапарым өргө чыгып өзгөрсөм да,
коркомун … көч козголуп кетпесе деп.
Саргарган ак барактан жарык иргеп .
Байлыгын кайра таап отурамын,
Аруулугу сактаган жан дүйнөм деп.

Колго илешип иргелген ыр саптарым,
Сакталып калган дүйнө дөңгөлөгү,
Өзүмдүн багытымды издеп жүрсөм,
Эске салды иргелгем көктөмүмдү.
Даректеп ушу күндө өтмүшүмдү,
“Жакшы”, “жаман” деп жүргөн күйүтүмдөн,
Мезгил өтүп бааланчу бак көрүндү.

Жаштыктын жалын күчү сакталыптыр,
Жазылып бүтпөй калган эски ырларда,
Жашоомдун мөл булагын таап алдым,
Жанданып кайра баштап ыр чачыла.
Жылт этип жан дүйнөмдүн көз ирмеми,
Бүтпөй калган саптарда калган тура,
Мезгилдин мүрөк суудай касиети.

Ыр саптар арасында жашырынган,
Касиетиң табылып кыял талаам,
Каныма сиңип барат көңүл назы.
Сезим өткүр жалында таң атырган
Издеринде өзөктөп тамырлаган.
Ой-сезимде жалындайт чачыласы ,
Жарыгы күчтүү чыгып жарты ырлардан.

Гүлжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, 20-май, 2014-жыл.

May 16

Сайакат..

ээ 31САНК-ПЕТЕРБУРГ ШААРЫНА САЙАКАТ.

Ассалом алейкум кадырлуу Көчмөндөр. Дени-кардыңыздар сак, аманчылыкта жашап жатасыздарбы? Менин байкашымча бул тайпадагы көчмөндөрдүн дилгир катышкандарынын көпчүлүк пайызы мекенден сырт жакта экенбиз. Мисалы мен Санкт-Петербург шаарында,  Асыран агай Келсинки шаарында, дагы бирибиз Италияда, Францияда, Германияда, Австрияда, Австралияда дегендей. Дегеле дүйнөнүн бүтүндөй булуң бурчуна чачырап, тарап кетиптирбиз. Бул нерсе бир жагынан бир аз кейиштүү болгону менен бир жагын жакшы жана жагымдуу эле болуш керек деп эсептейм. Себеби, эл көрүп, жер көрүп, аң сезим өсүп, ааламдын ар тарабындагы келишкен керемет жерлерди көрүп жүрөбүз. Ушуларды ойлоп отуруп менде бир ой пайда болгон эле. Ошол өзүбүз көрүп жүргөн керемет жерлердин, өлкө шаарлардын кооздугун, тарыхый, маданий баалуулуктары жана башка кызыктуу маалыматтар менен тайпа мүчөлөрүн аздап тааныштырып, бөлүшүп турсакпы дейм. Андыктан ушул маселени Асыран агай менен макулдаштым дагы өзүм баштап бермек болдум.


Төмөндө жайгаштырылган сүрөттөргө көңүл буруңуздар:
1-сүрөт.
Санкт-Петербург шаарынын борбору деп саналган «Сарайлардын айанты» (Дворцовой площадь) 5 гектир, (кээ бир маалыматтарда 8 гетир деп жүрөт) XV-кылымдын аягында XX- кылымдын башында курулган. Бул айант бүткүл дүйнөлүк Маданий мурастардын катарына (Культурное наследие) кирет. ээ 31

 

2-сүрөт. Метропалитен. Вагондун ичи мынндай бош болуп калышы сейрек көрүнүш.
ээ 31

 3-сүрөт. «Нева» дарыясынын жээги. Жамгырдан кийинки Питер. Аркы жээгинде «Ростральные колонналары» көрүнүп турат.
ээ 31

 

 

 

 

 

 

 

4-сүрөт. «Казан Собору». Санкт-Петербург шаарындагы эң чоң храмдардын бири. 1801-жылы курулуп башталып 1811-жылы бүткөн. Питердин бирден-бир белгилүү көчөсү Невский проспектисине жайгашкан. 1813-жылы ушул храмга М. И. Кутузовдун сөөгү көмүлгөн.
ээ 31

5-сүрөт. Казан Соборунун чатырынан тартылган сүрөт.
ээ 31

 

 

 

 

 

 

6-сүрөт. «Жез атчан» (Медный всадник).  1782-жылы Сенаттар аянтчасында Петр 1 дин элесине атайын арналып койулган.
ээ 31

Азирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан. 10-май, 2014-жыл.

May 01

Ыр жыйнак..

ээ 64Ибарат КЫЛЫЧБЕК кызы.

1985-жылы 9-августта Бишкек шаарында  туулган. 2001-жылы мектепти алтын медаль  менен бүтүргөн. 2006-жылы Кыргыз Улуттук универсететинин эл аралык байланыштар факультетин ийгиликтүү аяктаган. 2007-жылдан тартып Тышкы иштер министирлигинде иштейт. Кыргыз Дипломатиялык академиясынын аспиранты.  Англис, италиян тилдеринде эркин сүйлөйт. Мээримдүү эне, сүйүктүү жар. Бишкек шаарында жашайт. 

*************************************************************************

ЫСЫК-КӨЛҮМ

Ысык-Көлүм, кундуз сымал кубулган,
Көөлгүгөн анык сымап куйулган.
Кылаасынан көк ирими жалтылдап,
Бүткөн өңдүү бир тамчы суу сыйкырдан.

Ысык-Көлүм, көк асмандай керемет,
Суктандырган бул нерсеге не жетет.
Эртели кеч көлдүн жээгин бойлосоң,
Мындан бөлөк адамзатка не керек.

Жылдар өтүп көлүм турат баягы,
Куйган өңдүү аябастан сыяны.
Толкун менен кубалашып-жарышып,
Бирге өттү бала кездин убагы.

Шок баладай дале чунак кыялы,
Издеп келдим канат каккан уямды.
Сагындыңбы, ойлодуңбу сен мени,
Сыр бербейсиң, чоочун бирөө сыңары.

Эсиңдеби, сырымды айткан күндөрүм,
Жылаңайлак көлдү бойлоп жүргөнүм.
Толкунуңа ак бешиктей терметкен,
Ал күндөрдү дале эстеп жүрөмүн.

Түшүнөөрүм, кубантаарым бир өзүң,
Тынымы жок сен деп согот жүрөгүм.
Пейили кенен, жанга дабаа өзүңдөй,
Адамзаттан курдаш таппай жүдөдүм.

Жарым ырыс, жакшы тилек ой менен,
Жакыным деп, бир да жанды какпагам.
А бирок да, тунугундай тунуктун,
Арасынын Ахилея таппагам.

Ошондуктан, жаша көлүм түбөлүк,
Жыргалчылык, кубанаарлык күн көрүп.
Өтсө дагы жүз жыл, миң жыл арадан,
Түгөнбөгүн, тура бергин көйкөлүп!

 ЭНЕ ТИЛИМ

Эне тилди кадырлайлы, барктайлы,
Эне тилге сыйыналы, жактайлы.
Он беш тилде сайрап турсак биз дагы,
Бардыгы бир эне тил деп сактайлы.

Мен туулуп там-туң басып калганда,
Дал ошол тил болду мага араба.
Турмуш жолум кичинемден башталып,
Бир мүнөт жок, ансыз өткөн ааламда.

Тилим менен өз элиме чеп курам,
Өзгөлөргө өсөөр тил деп мактанам.
Сүйлөп койсом бөтөн тилде эгерде,
Эне тилим таарынба деп актанам.

Эне тилде чимирилтип ой казам,
Эбин табам, эл катары  ыр жазам.
Эркелеген көл үстүндө ак куудай,
Эртели кеч өз койнуңда чер жазам.

Эне тилим сыр аякка батпаган,
Эне тилим элди селдей каптаган.
Дили куру жулмаласа качпаган,
Таарынбаган, сатылбаган, сатпаган.

Нечен сөздү өз койнуна камтыган,
Нечендери наалат кылып какшаган.
Наристелер чалды-кемпир болгуча,
Кыт куюлтуп өз жонунда такшаган.

Баскан жолуң нечен кылым карыткан,
Ар бир сөзүң жан-дүйнөмдү жылыткан.
Эресеге апакемдей жеткирген,
Сен да энем, а мен балаң сыйлаган.

Тили бууру бурмаласа сатпаган,
Өжөрсүң ээ, айтканыңдан кайтпаган.

*****************************************************************************************************************
ээ 23Айдарова Салия ЖУСУБАЛИ кызы.

1955-жылы 10-январда Кадамжай районунун Чаувай айылында туулган.  Эл агартуунун отличниги. Кыргыз Республикасынын Курортология жана элдик медицина борборунун, Жазуучулар союзунун мүчөсү. Элдик дарыгер. Үч китеби жарык көргөн. Бишкекте жашайт.
*********************************************************************

УУЛДАРЫМА

Бүркүттөрдөй жалын жүрөк жалтанбас,
Баатырлардай айткан сөзүн кайта албас.
Курч өскүлө мекенге арнап өмүрдү,
Оюңарга келбей такыр жалтаңдаш.

Үч насаатым бар силерге арнаган,
Жүрөгүмдүн толтосунда кайнаган.
Адал эмгек, билим жана атуулдук,
Ушуларды каалайм кайра-кайрадан.

Адал эмгек, адам эркин чыңалтып,
Кыйын кезең келсе кайра чыйралтып.
Жардам берет чоң максатка жетүүгө,
Басып өтүп тоскоолдорду кыйратып.

Билим болсо адам үчүн канаттай,
Бийик жана алыс-алыс учасың.
Билек менен жеңе албаган душманды,
Билим менен талкалайсың, утасың.

Атуулдуктун аты бийик баарынан,
Ыйык милдет ар бириңе тагылган.
Мекен үчүн аябастан өмүрдү,
Күйүү керек оттой болуп жагылган.

Уулдарым баарың мага туусуңар,
Силерге айтчу үч насаатым ушулар.
Кана эмесе канат сермеп чыккыла,
Бийик жана алыс болсун учууңар.

КЫРГЫЗ КӨЧҮ

Жайлоого көчүү жыл сайын,
Элимдин эски салты экен.
Боз үйү менен кымызы,
Кыргызым деген ант менен.

Ошол салт бизди козголтуп,
Аттантат тоого чөл жактан.
Жайлоону көрсө сайгактайт.
Уйлар да көшүп жөн жаткан.

Быйыл да келдик жайлоого,
Аттарга боз үй артынып.
Кыргыздын көчү керемет,
Көз алдыңа тартылып.

Кербендей чөлдө бараткан,
Кыргыздын көчү чубалат.
Сакталган ата салты үчүн.
Кудуңдап чалдар кубанат

Көч келип жайлоо төрүнө,
Жылдыздай үйлөр чачырайт.
Өрлүктөп элим бир-бирин,
Меймандыкка чакырат.

Уй мүйүз тартып отурат,
Акылман сөздөр айтылат.
Комуз чертип ырдашып,
Көңүлдүн чери жазылат.

Кыргыз көчү ушундай,
Ата салтын уланткан.
Жайлоодо майрам тартуулап,
Жалпы журтту кубанткан.

Кыргыз көчү бар болгун,
Ырыскың берип элиме.
Кылымдар бою жашай бер,
Жетпесин эч ким чегиңе!.

***************************************************************************************************************
 
ээ 20Бурул ЖАКЕЕВА.
1969-жылы Каракол шаарында төрөлгөн.  Кесиби боюнча физик-окутуучу. Бир катар обондуу ырлары бар. 1986-жылы борбордогу №5-орто мектепти артыкчылыгы менен бүтүргөн. 1992-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин физика-техникалык факультетин аяктаган. Кесиби боюнча физик-окутуучу болсо да, таланттуу  сүрөтчү, оймочу. Ошондой эле акын жана обончу. Бир уулдун энеси. Учурда Бишкек шаарында жашайт.
*********************************************************************

КЫРГЫЗЧА    (Жөн эле)

Жөн эле сүйүнүп, жөн эле күн чыгат, мээрим чачып,
Аба да дем берет жөн эле – албайбыз аны сатып.
Булуттар жөн эле калкышат, асманга сүрөт тартып,
Дайралар жөн эле агышат, тоо демин түзгө ташып.

Наристе жөн эле жылмаят – мемиреп уктап жатып,
Энелер жөн эле элжирейт – аталар бата тартып.
Жөн эле дос, жолдош күтөбүз  – төлөбөй эч бир акы,
От болуп жалындап күйөбүз – сүйүүдөн татып бакыт.

Табият таптаза жөн эле – сатылбайт, кунсуз, баасыз,
Бизде да бүт эле жөн эле – жүрөбүз жайдар басып.
Жадабай козголоң кылабыз – дээрлик натыйжасыз,
Беш жүз сом берсе анан сатылчу кул болуп намыс-арсыз.

Кебелип койбойбуз жөн эле – эл-журтту курман чалып,
Бабалар өткөнбү жөн эле  – кыргыз деп бекер жанып?!
Комузда кол ойноп чертебиз, укмуштай чебер сансыз,
Кырааттап “Манасты” айтабыз, эмне үчүн элим алсыз?!

Кыргызга орусча сүйлөйбүз – тил буруп булдурашып,
Баатырлар кыргыз деп жан берсе, биз болсо чулдурашып!
Ай жаркыйт асманда жөн эле, жылдыздар жымыңдашып.
Кыргызым баарына чыдайбы, айдаган жакка басып?!

Жөн эле мейли эми, жөн эле жылдыздай жымыңдашып,
Жаркылдап күлөлү, кантели, жөн эле көңүл ачып…
Жөн эле баарын тең бериптир, теңирдин мээри ташып,
Жөн эле биз кесир кылбайлы өзүбүз тепсеп, чачып!!!

БИРИК, КЫРГЫЗЫМ!  (Кыргыз маршы)

 Асман ачык, күнүм жаркырап,
Ак калпактуу Ала-Тоо турат.
Айкөл кыргыз Манас тукуму,
Айланайын момун эл турат.

Ак ийилет, сынбайт карага,
Акыр болот адил замана,
Жаратканга ойду түздөйбүз,
Ынтымакка элди үндөйбүз!

Түгөнбөстөн кайра түтөгөн,
Чачылса да улам күчөгөн,
Түбү күчтүү асыл Күн тукум,
Катарыңа мен да түзөлөм.

Асман ачык, күнүм жаркырап,
Кут төгүлүп Ысык-Көл турат.
Сабыр кылгын, бирок, кыргызым,
Теңир баарын оңуна бурат!

Ак ийилет, сынбайт карага,
Акыр болот адил замана,
Жаратканга ойду түздөйбүз,
Ынтымакка элди үндөйбүз!

 *****************************************************************************************************************
ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ. 1956-жылы 1-апрелде Өзгөн районунун Арагөл айылында жарык дүйнөгө келген. Педагогикалык жана юридикалык жогорку билимге ээ. Жеке ишкер. Үй бүлөлүү, сегиз уул, бир кыздын атасы жана  үч неберенин сүйүктүү чоң атасы. Учурда Ош обулусуна караштуу Өзгөн районундагы Мырза-Аке аймагынын Коммунист айылында жашайт.
*********************************************************************

                     ЖАН ОРДУНА
             КЕЛЕТ ТИЛДИ СУРАГЫМ

 Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
Бабалардан жете келген сыйлыгым.
Тамчы суудай бапестелип сакталган,
Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.
 
Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн.
Аалам менен алакалар түзүлүп,
Эне тилди энекемдей сүйөмүн.
 
Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт,
Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.
Чарчаганда, эргүү берет эс менен,
Жыргалдантып, анан демин алдырат.
 
Эне тилди, мен ардактап туу тутуп,
Тилим менен келе жатам мен утуп.
Жоолашканга сүр беремин дайыма,
Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп.
 
Эне тилди энекемдей коргоймун,
Энекемдей эртеңкимди ойлоймун.
Ыйык туткан эне тилди ардактап,
Душмандардай алсыз өзүм болбоймун.
 
Эне тилим – кубат берчүү куралым,
Өзүң менен сыймыктанар убагым.
Керек болсо берер элем жанымды,
Жан ордуна келет тилди сурагым.

 ЫЙЫК МИНТИП МЕКЕНИҢ
 
Кең мекеним башталат,
Сен жашаган үйүңдөн,
Тийип турган күнүңдөн.
Сезимдерди жыргаткан,
Уккулуктуу үнүңдөн.
 
Кең мекеним башталат,
Чалкып жаткан көлүңдөн,
Суусуз жаткан чөлүңдөн.
Ата Журтту коргогон,
Баатыр кыргыз өңүңдөн.
 
Кең мекеним башталат,
Таттуу чыккан тилиңден.
Мекендеген дилиңден,
“Апакелеп” – чакырган,
Тили ширин иниңден.
 
Кең мекеним башталат,
Көз мелжиген зоолордон.
Аркар-кулжа жашаган,
Ак мөңгүлүү тоолордон.
Чексиз узак жолдордон.
 
Кең мекеним башталат,
Карапайым дыйкандан,
Мээнеттенген малчыдан.
Суусундукту кандырган,
Мөлтүрөгөн тамчыдан.
 
Баары сенин мекениң,
Баала баалуу экенин.
Ыйык тутуп сактасаң,
Таттуу болот жегениң,
Чексиз минтип мекениң.
 
Мына, сенин мекениң,
Билгин баалуу экенин.
Ар бир сенин сөздөрүң,
Тамчы сүтү эненин,
Ыйык минтип мекениң.
 ****************************************************************************************************************

 20. Чынара КалыбековаЧынара КАЛЫБЕКОВА.  Кара-Буура районунун Шекер айылында 1961-жылы туулган. 1978-жылы Шекер орто мектебин, 1980-жылы Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрдын алдындагы эки жылдык театралдык студияны аяктаган. Эмгек жолун Нарын музыкалуу драма театрында иштөө менен баштаган. Чынаранын аткаруусундагы чыгармалар кыргыз радиосунун “Алтын казынасына” жазылып алынып, жыйырмадан ашуун обондуу ырлары нотасы менен «Жүрөктөгү сыр» аттуу ырлар жыйнагында камтылган. Акын, драматург, дастанчы жана актриса.  КРнын Президентинин «Ардак Грамотасынын», КРнын маданиятына Эмгек сиңирген ишмер.  Маданияттын мыкты кызматкери Төш белгисинин, Токтоболот Абдумомунов жана АалыТокомбаев атындагы сыйлыктардын ээси.  Жазуучулар союзунун жана Кыргызстан драматургдар ассоциациясынын мүчөсү. Учурда борбордогу  Кыргыз мамлекеттик жаштар театрында эмгектенет.

 *****************************************************************************************************************

ЫРЫМДЫН ОБОНУ СЕН – КЫРГЫЗСТАН!

Сайра комуз, добушуңду коштоп сайра,
Мен ырдайын кылымдарга – Кыргызымды.
Кайсы элден көрө алдың, айтчы досум?!
Кыргызымдай, таңкы Чолпон жылдызымды.

Ырымдын обону сен – Кыргызстан,
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

Мен бийлейм, бар сырыңды бийге кошом,
Толкундап, ар бир таңда обон созом. – Кыргызстан!
Мекеним, алтын уям, сен энемсиң!
Сен атамсың, мен бир ботоң!

Ырымдын обону сен – Кыргызстан
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

Доор айланып, доорлорго кеткен кыргыз,
Сайра комуз, күүгө салгын кыргызымды!
Уксун аалам, дагы кайрып бир шаңшыгын,
Кылымдарды таңданткан Чынгызымды!

Ырымдын обону сен – Кыргызстан,
Кушумдун коноору сен – Кыргызстан.
Көркүңдү көкөлөтүп ырга айланткан,
Көңүлдүн зобоолу сен – Кыргызстан!

ӨМҮР КЫСКА

Биз адамдар,тирүүлүктүн баркын билбей кейийбиз.
А, өмүрүң, өтүп кетет өткүндөй.
Башка келген, бак – дөөлөттү бек карма.
Жашап өткүн, бул жалганда өкүнбөй.

Пендебиз да, кээде ыксыз басабыз.
Байкабайбыз, баштан өтөт катабыз.
Таш ыргытса, көрө албастар, «шайтандар»,
Тактабастан… таарынтканча шашабыз.

Мезгил гана, бизге болот арачы.
Өмүр кыска, тең салмактап карачы.
Болбосо дейм, бул жашоодо өкүнүү…
Өксүк салган, жашоонун ак – карасы.

А, адамдар, ыксыз кээде тирешет.
Билинбестен көңүлдөргө кир кетет.
Жароокер бол, жарыкчылык тең жетет.
Жалган дүйнө… бир келет да, бир кетет.

Кетсе өмүр, кайра артына кайрылбайт.
Кыйкырсаң да, ал басыгын жай кылбайт.
Бакыт деген колго конгон куш тура.
Кармап калсаң, баштан кетпес кут  тура.

Теңир берген, бул жашоону көп көрбөй.
Жаша пендем, жашоону текке өткөрбөй.
Ар бир күнүң чоң майрамдай болсунчу.
Жоодурап турсун, жан дүйнөң жазгы көктөмдөй!

 *****************************************************************************************************************

ээ 35Медербек КАДЫРОВ. 1983-жылы  Кара-Кулжа  районуна  караштуу  Алайкуу өрөөнүндөгү  Терек  айылында  төрөлгөн.  2000-2005  жылдары Ош  мамлекеттик  университетинин  теология  факультетинде окуган.  2009-жылы  Турция  мамлекетиндеги  Анкара университетинде  теология  илимдери  боюнча  магистратураны аяктаган.  2011-жылы  Түркия  өкмөтүнүн  алдындагы муниципалдык  башкаруу  институтунун  магистратурасын  бүтүргөн.  2013 жылы Иорданияда араб тили боюнча билим алган. Учурда Анкара университетинде доктордук изилдөөсүн улантууда.  «Эне жана махабат» ырлар жыйнагынын автору. Анкара шаарында жашайт.

 *****************************************************************************************************************

ЭНЕКЕ, ЖЫРТЫЛГАН  ЖАН-ДҮЙНӨМДҮ  ЖАМАП  БЕРЧИ!

Энеке, бар дүйнөмдүн жарымысың,
Мен болсом бир тал чырпык,
Энекем, сен анын тамырысың.
Эки дүйнө жыргалын берсе дагы,
Эч нерсеге өзүңдү алмашпаймын.
Пайгамбарым бейишке барат деген,
Эң кымбат адамысың…  бул ааламдын!

Энеке, эстеп кеттим,
Жайлоодо козу-улакка аралашып,
Жаныңда жүргөн кезим.
Унутпай жүргөм дале… укпай кебиң,
чукулап ойногонум, боз үйдүн тешиктерин…
Сен дагы эстейсиңби?
Күн күркүрөп, жамгыр төккөн бир күнү,
Чырылдап… катуу коркком чагылгандан,
Көз ирмемге жарык кылган кара түндү…

Эсимден өчпөй калды…
Шамал болуп, кычырап боз үй уугу,
Тамчылап тешиктерден жамгыр суусу.
Табалап турган өңдүү сезилди эле,
Асмандын күркүрөгөн ызы-чуусу.

Энеке, эстедиңби?
Жабышып, кое бербей этегиңди,
“Жүрөгүм үшүп жатат” дегенимди…
А мен болсо унутпадым…
Жылмайып, колуң менен аяр сылап,
Жүрөгүмдү жылытып бергениңди…

Эсимде дале турат…жыртыгын байпагымдын
Үшкүрүп чечип алып жамаганың…
Үзүлгөн топчусун көйнөгүмдүн,
Үкөктөн башкасын таап кадаганың…
Үшүгөндө, суук тийип,
Үлүл сымал түйүлүп ооруганым.
Көз алдымда дале турат.
Үнөмдөп бекиткен кант-набатыңды,
Үйрүлүп оозума кармаганың.

Энеке, билесиңби?
Боз үйдүн кийизиндей,
Тешишти… жасап алган кооз дүйнөмдү.
Жыртыктардан кирген шамал,
Сапырат жалындан калган күлдү.
Апкаарып кургур жүрөк  дүк-дүк  кагат,
Укчудай “коркунучтуу” тааныш үндү.
Эңсетти эне…  колдоруңдун жылуулугун,
Тынчы жок жүрөгүмдүн, титиреп үшүгөнү…

Энекебай,  азыр  эми,
Айта албай койдум сага,
Байпак эмес, жыртылганын жан-дүйнөмдүн.
Алданып абийирсиз адамдарга,
Топчу эмес, үмүт жиби үзүлгөнүн.
Кечээги “жакын” болгон көр пенделер,
Бүгүн минтип жүздөрүн үйрүгөнүн…

Мунун баарын билгениңде,
Үкөктөн издеп таап  ийне-жибиң,
“Дүйнөңдү жамаймын” деп жөнөөр белең…
Учугу “үмүт жиптин” табылбастыр,
Дегениме алтын энем көнөөр белең?

Жолумду күндө карап, күтүп мени,
Белендеп, берейин деп, бар дүйнөңдү,
Деп  ойлоп, кирип  келээр  эрте-кечпи.
Барганымда  батынып айта аламбы
“Энеке, жыртылган  жан-дүйнөмдү, жамап  берчи?!”

 МЕН ӨЛСӨМ ЭНЕМ ЖОКТООР

Ажал келип, жанымды алса,
Мен өлсөм кимдер жоктоор?
Ажыраган тайлагынан боз ингендей,
Аза күтүп энем боздоор.
«Аргымак болбой кеттиң, кулунум» деп,
Өмүр күнү бүткөнчө кошок кошоор
Дүйнөсү эңшерилип,

Жүрөгү тең жарылаар.
Муң толгон карегинен,
Мончоктоп жашы агаар.
Мен өлсөм,
Эки дүйнө, энем жоктоор…
Калганы жашын төгүп кайра токтоор.
Жалган ыйлап, жылмайып мыйыгынан,
Табалашаар, көрө албас душман, жоолор…

Мен өлсөм да өзгөрбөстүр,
Өз нугунда, абалкыдай агып суулар,
Бир ордундан козголбой бийик тоолор,
Көл үстүндө ээрчишип аппак куулар,
Бейкапар бак ичинде балдар ойноор…
Күн көрүнүп сур булуттун арасынан,
Жарымы жок ай да толоор.

Жымыңдаган миң сан жылдыз,
Мончоктой тизилишип көңүл козгоор.
Жылдыздардын арасынан кулап кеткен,
Жылдыз уулун бир көрө албай,
Энем жоктоор…
Мен өлсөм бир гана…
энем жоктоор...

******************************************************************************************************************

ээ 42Чынара САРБАГЫШОВА. 1969-жылы 2-ноябрда Токтогул шаарында жарык дүйнөгө келген. Токтогул районунун 1986-жылы Кызыл-Өзгөрүш айлынан орто мектепти бүтүргөн.   Фейсбук тармагында түзулгөн “Кыргыз көчү” мекенчилдер фондунун мүчөсү. “Кыздар ай” ыр жыйнагынын 3-4 китептерине ырлары жарык көргөн. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Маданият, Маалымат жана Туризм министирлигинин Ардак Грамотасы, “Айтыш” коомдук фондунун Ардак Грамотасы, “Кыргыз тили” коомунун Ардак Грамотасы менен сыйланган. Мекенчилдердин “Кыргыз көчү” коомдук фондунун 2 жылдык маарекесинде атайын “Алкыш” баракчасы менен сыйланган. Азыркы учурда Бишкек шаарында жашап, бир жеке фирмада эмгектенет. Бир уулдун сүйүктүү энеси.

 ******************************************************************************************************************

КЫРГЫЗЫМ

Кыргызым менин кыйырдан келген кымбатым,
Кырчылдап жоодо, кырылса дагы сынбасым.
Кадырың азыр кай жакка кетип баратат,
Карайлап калбай, канатың серме тур бачым!

Кыргызым элим, жүрөгүн алган нечендин,
Тукумуң сенин бүт баатыр болгон кечээ күн.
Көкөлөп көккө, канатың жайып уча албай,
Кейпин да азыр кийбегин калкым бечелдин!

Кыргызым журтум, унутпа наркын жетеңдин,
Урпагы сенсиң кыйындар менен чечендин.
Үшкүрүк жарып, унутка таштап өзүңдү,
Улуу бир калкым кийбегин кейпин кеселдин!

Кыргызым менин болоттон дагы бекемсиң,
Сыналган күчүң бир күндө эмес, нечен күн.
Кылымга дагы баш ийбей келген эркиңди,
Айткыла азыр “сындыра” алат экен ким!

КЫРГЫЗМЫН!

Мен кыргызмын, сыймыктанчуу улутмун,
Пейлим таза, мөлтүр кашка-тунукмун.
Азыр бирок көңүл сыздап турамын,
Нарк-насилди, салт-санааны унуттум!

Мен кыргызмын, башты бийик көтөрөм,
Аздектеймин мекенимди бөпөлөйм.
Каз-каз туруп, араң шилтейт кадамды,
Айлам кетип, ырым менен жетелейм!

Мен кыргызмын, бийик намыс сактаган,
Душман келсе, үйдө быкшып жатпаган.
Сырт душмандан, ич душмандар көбөйүп,
Арга жоктон, кээ убакта сактанам!

Мен кыргызмын, чектен аша берешен,
Кыялымда жылдыз менен теңешем.
Эл-жеримди мактап, даңктап ар дайым,
Тынчылыкта жүрөлүчү биз эсен!

****************************************************************************************************************

ээ 54Аида САДЫКОВА. 1984-жылы 25-майда Ысык-Көл обулусунун Ак-Суу районуна караштуу «Теплокюченко» айылында туулган. Кесиби боюнча модельер-конструктор, тигүүчү, визажист.  «Кыздар ай-3» аттуу ырлар жыйнагына айрым ырлары кирген. Учурда Бишкек шаарында  жашайт.

***********************************************************************

СОҢУ

Сатуунун соңу келет алган менен,
Өкүнүч соңу болот арман деген.
Акыры бир кездерде келет тура,
Ишеним соңу көрсө жалган менен.

Текебер соңу келет жардылыкта,
Күмөндүн соңу болот аруулукта.
Кеч күздө жалбырактар саргайгансып,
Жаштыктын соңу келет карылыкта.

Таарыныч соңу болот ыза деген,
Өлүмүн аталышы каза деген.
Калыстык каза болуп калбасын деп,
Кылмыштын соңу келет жаза менен.

Ушактын соңу келет  угулганда,
Түз жолдун соңу деген бурулганда.
Тажатма адат болуп калбашы үчүн,
Көнүмүш соңу келет кубулганда.

Ден-соолук соңу – катуу ооруганда,
Гүлдөөнүн соңу болот соолуганда.
Бүдөмүк, сыр табышмак болбошу үчүн,
Аяндын соңу- туура жоруганда.

Уяттын соңу болот бетсиздикте,
Эркиндик соңу келет эрксиздикте.
Адамзат жер үстүндө аман болсо,
Үмүттүн соңу балким чексиздикте.

ЖАЗГЫ МААНАЙ

Неге жаз кубанычка мынчалык бай,
Жамгыры, аалам-жердин жыргалындай.
Жаңыртып айланага сырдуу добуш,
Жаады го музыканын ыргагындай.

Бул жаанды жаратылыш күтүп турат,
Бул жаздан канча адамдар үмүт кылат.
Күн дагы салтанаттуу чыгыш үчүн,
Булуттун ар жагында күлүп турат.

******************************************************************************************************************

ээ 14Бакытбек ЖУНУСАЛИЕВ. 1980-жылы Талас районунун Көк-Кашат айылында туулган. 1997-жылы Атай Огонбаев атындагы орто мектебин бүтүрүп, 1999-2004-жылдары Кыргыз-Түрк Манас университетинин котормочу бөлүмүн аяктаган. 2006-жылдан бери Арашан гуманитардык институтунун теология факультетинде окутуучу болуп эмгектенет. 2008-жылдан бери «Шоокум» журналы менен кызматташып иштеп келет. Бир топ ыр конкурстарынын жеңүүчүсү. Бишкек шаарында жашайт.

******************************************************************

АТА ЖУРТТУН ҮМҮТҮН АКТАГЫЛА

 Кылымдарга из салчу учур келди,
Кыргыз эли өнүкчү жолдо мына.
Кызуулукка алдырып, кыя жолдо,
Кыянаттык иш жасап койбогула.
Ар намысы өлүмдөн өйдө болгон,
Аталардын ак жолун жолдогула.

Ата салтын бек тутуп сактагыла,
Ар намысты акчага сатпагыла.
Өргө тартчу кез келди өлкөбүздү,
Өсө турган өз жолун тактагыла.
Абийирди ар дайым бийик коюп,
Ата Журттун үмүтүн актагыла.

Алсыз алар – үмүтү тордогулар,
Айланайын, үмүтсүз болбогула.
Ар бириңер Манастын урпактары,
Ата Журттун намысын коргогула.
Кыргызымдын намыскөй жигиттери,
Кыйын кезде Кыргызды колдогула!

Изи менен тарыхты сынагыла,
Ийилбестен намысты чыңагыла.
Дүңгүрөтүп заманың келе жатат,
Дүбүртү күч жаш муун мына-мына!
Уңгусуна жарачу кыргызымдын,
Урпактары Манастын мына-мына!

СЕН ҮЧҮН КЫРГЫЗ КҮЙӨТ

Бийик көтөр тууңду, бийик көтөр,
Ала-Тоодой ак калпак кийип көтөр.
Биргелешкен бийикти багындырат,
Биримдигин журтуңдун сүйүп көтөр.

Уруучулук адаты урап бир күн,
Уңгусу күч өлкөнү курат билгин.
Көчмөн кыргыз көп кылым сактап келген,
Көкүрөктө улуу күч турат билгин.

Бийик көтөр тууңду, түшүрбөгүн,
Биз кыргызбыз, ошону түшүн – дегин.
Кылымдарга бөлүнбөй жашап келген,
Кыргыз эли азыр да бүтүн – дегин.

Алга кетсен «Кыргыз» деп сыймыктанып,
Ата-тегин улуктап кыргыз сүйөт.
Өлүм деген башта бар ар пенденин,
Өлсөң дагы сен учун кыргыз күйөт.

*****************************************************************************************************************

ээ 16Мелис МАМАТЖАНОВ. 1992-жылы 11-январда Ош обулусуна караштуу Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылында төрөлгөн. ОМПИ да сырттан окуйт. Бир нече кароо-сынактардын жеңүүчүсү. Учурда Москва шаарында жашайт.

*********************************************************************

АПАКЕМДИН АЛМАСЫ

“Амансыңбы, айланайын кичинем,
Алаксытып койбодумбу ишиңен.
Эмне берип жиберейин?” дегенде-
Мээримиңиз керек деймин ичимен.

Күйпөлөктөп кыйшык байлап жоолугун,
Күндө эстеп жатса керек жооругум.
Дүйнөдөгү таттуулардын ичинен,
Наныңыздын даамын таппай оорудум.

Салганыңыз келди жарып булутту,
Сезимиме чачылгандай тунук суу.
Өмүрүмдү узартчуудай сезилди,
Өрүк кагы, таза балы, куруту.

Сагынычтан көтөрүлүп кан басым,
Суудай ууртап жуткум келди жармасын.
Апакемдин тийген үчүн колдору,
Айылымдын жуубай жедим алмасын.

Кыргыздардын тийген үчүн колдору,
Кыргыздардын жуубай жедим алмасын…

ТИЛИМ БҮГҮН

Башка тил, көмөкөйгө төшөгөнү,
Билбесек тарыхтын да өчөр өңү.
Тилибиз кирпиктерин өлдөп турат,
Таштанды наристедей көчөдөгү.

Кыргыз деп жазылса да маңдайына,
Кыйылат орусчалап ар дайыма.
Такалып тилин билбес “киргиздерди”,
Таш менен ургум келди таңдайына.

Эй, журтум, “папалаган” балаң кандай,
Эшилип сөз тамыры араң жандай.
Томсоруп кыргыз тилим турат азыр,
Кошуна бөтөн тилге талангандай.

Чоңдоруң чылк орусча кепти эшип,
Чыкыят сөздөрүбүз эски дешип.
Жабыркайт так ошондо дүйнөм менин,
Жүлүндөн алган сымал этти кесип.

Тосмосу жешилгенсийт калкалаган,
Таштардай кептерибиз талкаланган.
Жылдыздай көктө жанбай турат тилим,
Жылкыдай таштак жерге аркандалган.

Көлчүктө ылайланып калганчакты,
Төбөдөн тамчы болуп жанган жакшы.
Билбестен эне тилди жүргөнчөктү,
Балыктай дудук болуп калган жакшы.

Мээге бүтүн намысымды батырдым,
Мылтыктагы октой болуп атылдым.
Мекен тили унутулду дегиче,
Мени жокко санасаңар макулмун.

****************************************************************************************************************

ээ 14РАХАТ ТАШТЕМИРОВА. 1986-жылы 31-мартта Кадамжай районунун Чаувай айылында туулган. БатМУнун Кызыл-Кыядагы гуманитардык педагогикалык институтунун тарых факультетин бүтүргөн. Ырлары институттун «Алтын өрөөн» аттуу гезитине жарыяланып турган. 2008-жылы «Исфайрамдын тамчысындай жүрөгүм» аттуу ырлар жана аңгемелер топтому жарык көргөн.  Бир уул, бир кыздын сүйүктүү энеси. Азыркы учурда Россиянын Ханты-Мансийск автономдук округунун Белоярский шаарында жашайт.

*******************************************************************

КЫРГЫЗ ТИЛИ

 Мага жашоо, өмүр берген адамды,
Кыргыз тилде атап келем «энелеп».
Тил бар үчүн жашоо – жашоо аталып,
Тил бар үчүн Ата Мекен керемет!

Мекен менен эл жүрөгү бир согуп,
Тил тутантты алоолонгон өрт болуп.
Тил аркылуу бир киндикке туташты,
Азыркы муун, эртеңки муун, эски муун.

Жүрөк үнүн жүз чакырым угузуп,
Сезим туйлайт, сезим балкыйт, сүйүнөт..
Көкүрөктү толтурган ал сезимди,
Кыргыз тилде атаганбыз «сүйүү» деп!

Сүйүү болгун, жер бетинде күлкү бол!
Далай үйгө отун жаккын коломто.
Таштай болгун кыргыз жерге орногон,
Жерде жашоо жоголмоюн жоголбо!.

ЭНЕ ТИЛ

Мына бул жер, күн, тоо-таш, аалам, асман,
Миң жылдар, миң кылымдар картайбады.
Малынды заман канга, жер өрт алды,
Эр өлдү, кылыч сынды, күн карарды…

Канча ирет хан алмашты, эр таймашты,
Калк тозду, илең-салаң журт которду.
Канча ирет кыргыз туусу жерде калды,
Кыргыз тил картайбады, жоголбоду!

Ааламды түтүн каптап боз үй күйдү,
Асмандай тулпар өлдү атырылган.
Абайлап кыргыз тилин келгендиктен,
Асаба желбиреди Манас сайган!

Башынан бакыт тайып эл кырылды,
Бөрү, ит, жору журтту шимшип калды.
Бабалар жер жамынбай калса дагы,
Бал-шире даамданган тили калды!

****************************************************************************************************************

ээ 60Маматибраим ЖАНЫБЕКОВ.  1963-жылы Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун Куйөө-Таш айлында жарык дүйнөгө келген. 1980-жылы “Кайың-Талаа” орто мектебин бүтүргөн. 1981-жылы Советтик Армиянын катарына чакырылып, 1983-жылга чейин Ооган жергесинде аскердик кызматын өтөгөн. 1996-жылы ОшМУнун кыргыз филология факультетин аяктаган. 1996-жылдан бери Жазуучулар союзунун мүчөсү. 2005-2010-жылдары “ЭлТР” телерадио компаниясында редактор, продюсер, Ош радиосунун директору, башкы директордун орун басары кызмат-тарында иштеген. 2011-2013-жылдар аралыгында “Сулайман Тоо” музей комплексинде башкы директордун орун басары, Ош облустук куурчак театрында директордун орун басары кызматын аркалаган. Учурда ОшМСУнун маалымат кызматын жетектейт. Ордолуу Ош шаарында жашайт.

****************************************************************************************************************

ЛОКОМОТИВ

 Мен эски локоматив…бараткан темир жолдо,
Жүрөмүн алга гана, бурулбайм оңго-солго.
Станциям туугандарым, уй бүлөм, жалгыз досум,
Токтобойм башка жерге тормоз жок капа болбо?!
Мен эски локоматив бараткан кайчы жолдо.

Тыкы-тук дөңгөлөгүм чыкпай эч чыйырынан,
Тирүүлүк ал четинен көз жеткис кыйырына
Жол тартып бара жатам чиркелген вагонум бар.
Таштабайм мен аларды кумдуу чөл куюнуна.
Жеткирем кыргыз көчү из салган чыйырына.

Чыкпаймын Кыргыз Ата из салган чыйырынан,
Анан да гүл сээп өтөм Ата Журт кыйырына.

КЫРГЫЗ ТООЛОРУ

Көргүң келсе ат жалында – жоокер кыргыз элесин,
Башка жерге салыштырып кырка тоолуу белесин.
Саякаттап жөн гана эмес,чындап буруп көңүлдү,
Төгөрөктүн төрт бурчунан каалагандар кел,өзүң!
Көргүн келсе ат жалында кыргыздардын элесин.

Тебелебе шагыраган – купкуу шагыл-таштарын,
Билсең булар кылыч кескен – чоролордун баштары!
Баатыр кыргыз алп денеси – найза бузган төш сөөгүн,
Куралдары кошо каткан колдоруна ашталуу.
Жөн таш эмес мобул тоонун – корум-корум таштары!

Ойго келбей касташкандан – шейит болуу, соо калуу,
Ат үстүндө төгөмүн деп – каршылашкан жоо канын.
Жапа чеккен жаш баатырдын жүрөк каны оргуган,
Тээ тетиги кашка булак жарып чыккан зооканы.
Жаш баатырдын жүрөк каны,төгөм деген жоо канын.

Кошкурунуп чапчып жердин кан жыттанган катмарын,
Жайдак кетпей ээсин таштап, ташка айланган аттары.
Уламыштуу кыргыз тоосу – көрсөтмөсү тарыхтын,
Сактап калган өз бооруна кылымдардын тактарын.
Уюп калган кыргыз каны – жердин жошо катмары!

Тебелебе улуу тоонун корум-корум таштарын,
Билсең булар кылыч кескен чоролордун баштары!

*****************************************************************************************************************

ээ 39Гүлчехра УУЧИЕВА

1985-жылы 29-сентябрда Ноокат районуна караштуу Жийде айылында туулган. Мектепти 2003-жылы артыкчылык аттестаты менен бүтүргөн. Ушул эле жылы БатМУнун алдындагы КГПИнин (Кызыл-Кыя гуманитардык педагогикалык институту) англис тили адистигине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү бүтүргөн. Баткен районуна караштуу Сай айылындагы Дүйшө Акматов орто мектебинде мугалим болуп иштеген.  Гүлчехранын алгачкы ырлары 2013-жылы «Москва KG» газетасына жарыяланган. Учурда Москва шаарында жашайт.

************************************************************************************

ЭНЕ ТИЛИМ

Эне тилим – бабам Манас сүйлөгөн,
Элибизди биримдикке үндөгөн.
Канын берип, жанын берип тил үчүн,
Эчен кыргыз өтүп кеткен дүйнөдөн.

Эне тилим – датка энем сүйгөн тил,
Элин коргоп, жерин коргоп күйгөн тил.
Тайманбастан бетке карап душмандын,
Жооп айтып сазайыны берген тил.

Эне тилим – Чыңгыз атам жазган тил,
Дүйнө таанып илим кенин казган тил.
Ата-Журтту тааныштырып ааламга,
Ушул тилде чыгарманы жазган бил.

Эне тилим – Алыкулду такшалткан,
Эргүү берип эчен ырлар жаздырган.
Күнү-түнү колдон калем түшүрбөй,
Тили менен өчпөс ырлар калтырган.

Эне тилим – өркүндөй бер өсө бер,
Канатыңды кең ааламга жая бер.
Кадырыңды, баркыңды жоготпостон,
Кылымдарга жарык нуруң чача бер!

МУГАЛИМГЕ

Дили таза жазылбаган ак барактай,
Бөбөктөрдү тарбиялап алга карай.
Мээрим төгүп асмандагы күн сымал,
Билим нурун чачасыңар эже-агай.

Адам бол деп келечекке үндөйсүңөр,
Аалым бол деп колдоо берип сүйлөйсүңөр.
Ушулар жакшы билим алса экен деп,
Бассаң -турсаң изденип жүрөсүңөр.

Акты да, караны да таанытасын,
Алпештеп ак сүйлөтүп жаздырасын.
Уядан учкан кезде балапаның,
Көзүңдөн мөлтүр жашың агызасын.

Мейли бүгүн баркталбаса эмгегиң,
Эртең эле жетилет го эккениң.
Аты аталып окуучуңдун турганда,
Таазим кылат, башын ийип мекениң!

******************************************************************************************************************

ээ 33Самара НАСЫРОВА. 1977-жылы 28-июнда Ош областынын Кара-Суу районунун Тельман айылында төрөлгөн. ОшМУнун биология факультетин бүтүргөн. «Көктөм», «Эки асыл», «Тагдырдан тамган тамчылар» китептеринин автору жана «Москва кайрыктары», «Аруу дүйнө – 2», «Кыздар ай – 3» ыр жыйнактарына ырлары чыккан. Москвадагы «Аруу Дүйнө» гезитинин өз кабарчысы, «Асман плюс» гезитинин сырт кабарчысы. Кыргыз Республикасынын Жазуучулар союзунун, «Аруужан» коомдук фондунун мүчөсү. Үй бүлөлүү, эки кыз, бир уулдун мээримдүү энеси. Учурда Москва шаарында  эмгектенет.

**************************************************************************

КАБЫРГАМ КАЙЫШУУДА

Көп нерсеге кабыргам кайышууда,
Көтөр албай көңүлүм майышууда.
Көр тирилик айынан тентип жүрүп,
Көөдөн ооруп жүрөгүм сайышууда.
Көр пенделик азабы тайышууда…

Кайдигерлик капасы каптап жатат,
Кошоматчы чоңдорду мактап жатат.
Калк кадырын ойлобой кээ бир жандар,
Кай өлкөдө байлыгын сактап жатат,
Касиетти тебелеп дактап жатат?!

Кыз келиндер Кытайга сатылууда,
Кыйын чыккан эрендер атылууда.
Кыргыз деген атыбыз болсо дагы,
«Кимсиң?» -дебей башка улут катылууда…
Катылууга коңшулар батынууда…

Кайырчыбыз көчөдө мөгдөп турат,
Капаланып көз жашы көлдөп турат.
Карай албай он бала таштап кеткен,
Карылардын көңүлү чөлдөп турат.
«Кайтаар бекем үйгө» – деп дегдеп турат…

Аксакалдар аракка ууланууда,
Арамзалар ан сайын кууланууда.
Адашпайлы ак жолдон деген менен,
Адамзаттын дүйнөсү чууланууда…
Аттиң, аттиң бул заман булганууда…

Байлар байып күн сайын ашып барат,
Башка өлкөгө банк ачып катып барат.
Бай эместер башкадан бакыт издеп,
Баш паанага чет элге качып барат.
Байып мына кетчүдөй шашып барат.

Жардыларга иш берип кулдап жатат,
Жанын баккан жумуш таап пулдап жатат.
Жандай көргөн курбудан жаңылышып,
Жан дүйнөлөр жабыркап сыздап жатат…
Жан сыздаткан бир оору кыйнап жатат….

Көп нерсеге кабыргам кайышууда,
Көтөрө албай көңүлүм майышууда.
Көр тирилик айынан тентип жүрүп,
Көөдөн ооруп жүрөгүм сайышууда.
Көр пенделик азабы тайышууда…

БИЗ КЫРГЫЗБЫЗ

Биз ким элек, кайда барып ким болдук,
Бул суроого жооп табалбай тим болдук.
«Киргиз» дешти кыргыз атын бурмалап,
Көрсөк дагы көрмөксөндөй тим койдук.

Киргиз эмес, кыргызбыз биз байыркы,
Жети атасы, түпкү теги дайындуу.
«Мамалаган” апа дештен арданган,
Жаңы кыргыз балага ким айыптуу?

Кара жумуш чегерилген майыптай,
Кайда, кайда кастарланган зайыптар.
Бала төрөп, тарбиялаар аялды,
Бага албаган мырзаларда айып бар!

Кайда кайда мекен коргоор жигиттер,
Кыз келинин, дайнын билип иликтээр..
Чачтын учун кескен кезде орусту,
Тындым кылган көкүрөгү бийиктер.

Чачын эмес, тартып кетсе аялын,
Башка улутка тийген кыздар баянын.
Солк этпеген эркектерин кыргыздын,
Сөзгө кошуп, баяныма саламын.

Айткылачы айткандарым жалганбы?
Калкка түшкөн ат башындай арманды.
Кыргыз элек, киргиз болуп тентидик,
Көз көрүүдө кайран башка салганды…

******************************************************************************************************************

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА. 1988-жылдын 22-июлунда Баткен областынын Кадамжай районуна караштуу Айдаркен шаарында төрөлгөн. 2013-жылы «Каректен тамган тамчылар» аттуу ырлар жыйнагы чыккан. Азыркы учурда Москва шаарында  эмгектенип келет.

***********************************************************************

КЫРГЫЗ БОЛУП КАЛГАНЫМА СҮЙҮНӨМ!

Түндүгүмөн тийген нурдай дүнүйөм,
Туу көтөрүп, мекен үчүн күйүнөм.
Пейли суудай таза калкым бар үчүн,
Кыргыз болуп калганыма сүйүнөм!

Калбай артта, элим алга жүгүр дейм,
Кызуу кандуу кыргызымды күзүр дейм.
Канчалаган келишпестик болсо да,
Кыргыз болуп калганыма «шүгүр» – дейм.

Ишенемин бир күн мекен оңолот.
Ичтен чыккан ийри жандар жоголот.
Кези келип, жай турмуш да кечебиз,
Ал анткени, жердин өзү тоголок!.

КАНИЕТ!

Жашагым жок менин борбор калаада,
Үй салсам дейм, булак чыккан талаага.
Ал үйүмдү толтургум жок буюмга,
Толтурсам дейм, этек толгон балага.

Илгим келбейт килем, парда, гүл-чырак,
Болсо деймин бакыт, ырыс, ынтымак.
Илгим келет балдарымдын көйнөгүн,
Мына ушул менин бакыт-өрнөгүм!.

Бала деген жараткандан асыл белек.
Ата-энеге чексиз сүйүү, бакыт берет.
Короо толгон балдарыма сыймыктанып.
Мен жашоодо «Баатыр эне» болгум келет!.

******************************************************************************************************************
ээ 36Турусбек ТУРГУНБАЕВ. Ош обулусуна караштуу Ноокат районун Абшыр-Ата айылында 1975-жылдын 16-февралында төрөлгөн. 1982-жылы айылдык мектеп босогосун аттап, 1991-жылы кесипчилик техникалык окуу жайга тапшырган. 1995-1997- жылдары аскердик кызмат өтөп, андан соң айыл чарбасында эмгектенген.  2013-жылы чыккан «Кыштоодо» аттуу китептин автору. «Москва кайрыктары» ыр жыйнагына ырлары басылган.  Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы. Учурда Москва шаарында  иштейт.
************************************************************************

«АК БАТА»

Эр эмгегин эли баалап барктаса,
Энелери дайым берсе ак бата.
Эзелтеден ата-бабам туу туткан,
Ак чокудай ар-намысты сактаса.

Аппак кардай, тунук суудай таптаза,
Аксакалдар берсе дайым ак бата.
Аруулукту, сулуулукту аздектеп,
Уул-кызы абийир-намыс сатпаса.

Элден алып дайым жүрсөң ак бата,
Болооруң чын өзгөлөрдөн башкача.
Ак батанын улуулугу ушунда,
Болбостур дейм касиетин айтпаса.

Мүдүрүлүп бутуң тайып аксаса,
Жуурулушкан журттан алгын ак бата.
Жарыктыкта жакшы болоор ошондо,
Бир жараткан колдоп өзү сактаса.

Жаатташкан кастар көзүн артпаса,
Эл бийлери эл байлыгын чачпаса.
Журт башына кыйын кезең күн келсе,
Эл төбөлдөр элин таштап качпаса.

Ак чокудай элим аруу, таптаза,
Адал жүрүп, жаман жолго баспаса.
Эл-журтума тийип ыйык ак бата,
Көкөлөсө, көктөп, бактап, шактаса.

«КАЙДЫГЕРЛИК»

Башыбызга мүшкүл түшсө кайгы – дедик,
Капаландык, карайладык, кайгы жедик,
Бар байлыкты башкаларга тартуу кылып,
Башка өлкөгө баса бердик – кайдыгерлик.

Беш манжаны малып алып майды жедик,
Казактарга Каркырадай жайды бердик.
Эртеңкиге, келечекке карап салкын,
Камырабай келатабыз кайдыгерлик.

Жыйырма жыл өз алдынча жашап келдик
Деп атабыз, – келечекке кулач кердик.
Канаат кыл, сабыр түбү сары алтын- деп,
Кумтөрдөй кенибизди кимге бердик.

Үн чыкпай жашап келдик – кайдыгерлик,
Кытайга Үзөңгү-Кууш жайды бердик.
Унуттукпу урпактардын эртеңкисин,
Утурумдук күн кечирип жашап келдик.

Караңгыда алып берем айды – дедик,
Каманды да арам дебей адал – дедик,
Кандай болот эртеңибиз, урпагыбыз,
Ойлонбодук кайдыгерлик, кайдыгерлик.

******************************************************************************************************************
ээ 50Нурланбек КАЛДЫБАЕВ. 1967-жылы Ош обулусунун Өзгөн районундагы Кара-Тарык айылында төрөлгөн. Кесиби тоо-кен инженери, Томск политехникалык институтун бүтүргөн. Азыркы учурда Ош технологиялык университетинин доценти, Улуттук Илимдер академиясынын Эмгек сиңирген кызматкери. Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы. Алтымышка жакын илимий эмгектердин жана эки ойлоп табуунун автору. Ордолуу Ош шаарында жашайт.
*************************************************************************

ЖАШОО КЫЗЫК…

Жашоо кызык киного да окшоп кетет,
Актердойбуз эчен түрдүү рол ойноп.
Режиссеру кудуреттүү Аллах өзү,
Студия  Жердин бети томолок.

Сценарий күндө эле эмес,
Саат сайын алмашат.
Көз ирмемде кадр жылып,
Кийинкиси аны улай жалгашат.

Сыноолор көп, бул фильмде адамзатка берилген
Санааркатып, учурлар бар туңгуюкка камаган.
Кээде шашып, жоо кубалап жаткансып
Каскадердой секиребиз бийик тоодон, жарлардан.

Жашоо кызык,  экрандан карап турсаң,
Пленкасы көп түстүү, кээде болсо ак-кара
Кээ бир жери – курч сюжеттүү мелодрама,
Субтитрсиз да тиктей турган таң кала….

ЭМНЕ ҮЧҮН?

Көп талашта акылдуунун үнү угулбай,
Көмүскөдө билинбестен кала берет.
Кеп төркүнун аңдабастан айкырып, же
кыйкырып сүйлөгөндөр баарын жеңет?…

Уятсыз -татаал жолго түрттүң сен деп,
Чынчылдарды чын жүрөктөн уяткарат.
Боорукерлер карызга бере берип,
Аягында өзү болсо үйсүз калат…

Ооздорум чылым чексе,
Жан дүйнөм азап чегет.
Жаз алдында байчечекей ордуна,
Клавиштен саптар терет…

Ныпымдай жел жок туруп,
Асманды каптайт булут…
Жан дүйнөм сыздай берет,
Жалганды көрүп туруп.

******************************************************************************************************************
ээ 62Гүлжакан МАВЛЯНОВА. 1960-жылы 12- апрелде Жалал-Абад областындагы Ноокен районуна караштуу Момбеков айылында төрөлгөн. 1977-жылы Ж. Турусбеков атындагы орто мектепти бүтүргөн. Кесиби бухгалтер, учурда жеке ишкердик менен алектенет.  2013-жылы «Жаңылуу» аттуу ырлар жана аңгемелер жыйнагы жарык көргөн. 2014 – жылы «Кыздар ай-4» адабий тобуна жаңы ырлары кошулган. Бир уул, эки кыздын мээримдүү энеси. Бишкек шаарында жашайт. **************************************************************************

АТАМА

Турмуш оор…Бир атага кол караган,
Бүлөң көп, баары майда он эки жан.
Аркалап ата деген ыйык милдет,
Анда сен жалгыз элең бизди баккан.
Анчалык өз баркыңа жете бербей,

Аз өмүр, жаштыгыңды бизге арнаган.

Аязды аяз билбей бет каарыган,
Аттанып кетер элең таң азандан.
Алыспы же жакынбы барар жериң,

Анда мен секелек кыз билем кайдан.
Атакем азыр эле кайтса экен деп,
Ал кезде сагынчумун кетип айлам.

Ак бубак сакал, мурут музга оронгон,
Атакем кайтар эле түн бир убак.
Саамайдан апкелчи деп эркелетип,
Алдына олтургузуп чачым сылайт.
Бир күлүп, бирде ыйлап таарынчу элем,

Сакалы сайгыласа кытыгылап.

Туш болуп тагдырыңа каар заман,
Турмуштун оордугу жанга баткан.
Туурулган алаканың соо жери жок,

Турчу эле үн чыгарып шуудураган.
Канчалык кара жаның карыштаба,
Калчубуз кээде чайнап сагара нан.

Балапан эрке мүнөз балалыгым,
Баш ийген мыйзамына табигаттын.
Кыз бала жат бирөөнүн бүлөсү экен,
Атама жакын туруп алыстамын.
Андагы адамда жок ата мээрин,

Айла жок азыр дале сагынамын.

Турмуштун бар-жогуна бирдей карап,
Тарткансың сен биз үчүн канча азап.
Атаке, анда көргөн ар бир күнүң,

Биз үчүн жашообузда болор сабак.
Туу тутаар өмүрлөргө чүрпөлөрүң,
Өзүңдөн өнүп өскөн мөмөлүү бак!.

АДАМ ДЕГЕН!

Жараткан жакшылыгын берип кенен,
Жаратса улуу муун адам деген.
Жаңылып жалган дүйнө сыноосунан,
Жарабай калганы көп пейли менен.
Жан кыйып байлык үчүн, бийлик үчүн,

Жаралып айбан болуп чыга келген.

Жараткан жаратса да баарын тегиз,
Жашоодо адам баркы өөдө-төмөн.
Жаш өлүп жаназага келсе дагы,

Жагынган кошоматчы элди бөлгөн.
Жашы улуу аксакалы сыртта калып,
Жаштары кызматтагы төргө өткөн.

Жараткан сыноо үчүн пенделерин,
Жаратып эки бөлөк жолду берген.
Жамандык арамдыкта коштоп жүрсө,
Жакшылык бешене тер, адал эмгек.
Жаңылбай арамдыктан алыс болуп,

Жашайлы адам деген наам менен!.

******************************************************************************************************************
ээ 60Акбар КУБАНЫЧБЕКОВ. 1992-жылы Нарын областына караштуу Ат-Башы районундагы Кара-Суу айылында жарык дүйнөгө келген. «Периштенин канаты» аттуу эки басылыш менен чыккан ыр жыйнактын автору. Азыр эстрада ырчылары ырдаган 20 дан ашык ырдын автору. Учурда Улуттук университеттин 4-курсунун студенти. Бишкек шаарында жашайт.
*****************************************************************

МЕН МАКТАНАМ

Мактанамын! Мактангыдай жөнүм бар!
Мактанаарлык КЫРГЫЗ деген өңүм бар!
Мелмилине ар бир жанды бөлөгөн,
Мөлтүр таза, менин Ысык-Көлүм бар!

Мактанамын! Мактангыдай шартым бар!
Мейман келсе сый көрсөткөн калкым бар!
Мезгилинде Манас бабам жол кылып,
Муундан-муунга мурас болгон салтым бар!

Макал айтып жоо токтоткон тилим бар!
Мухит сымал чалкып жаткан дилим бар!
Мал-жандыкты, адам-затты тең карап,
Муң басканда колдой турчу пирим бар!

Маданият, ынтымак бар, ырыс бар!
Мартабалуу өчпөс ысым Чыңгыз бар!
Мүмкүнчүлүк болуп турса колуңда,
Мактангыла! Мактангыла! Кыргыздар!

ЖОЛ

Этин жаппай көптөр жүрөт элире,
Эсин таппай өлкөм турат демиге.
Эки дүйнө тең ыраазы болоюн,
Эх, Улуу Зат! Жол көрсөтчү элиме!..

Дайыны жок бош күндөрдү кечирип,
Дарак көрсө жүргөндөр көп бекинип.
Дареги жок баратабыз саз менен,
Дөмбүл баштан дөмбүл башка секирип.

Арыш таштап ууга чылап найзасын,
Арам жандар көздөп өздүк пайдасын.
Акча эмес, түз жол менен эл деген,
Азаматтар, жолбашчылар кайдасың?

******************************************************************************************************************

ээ 60Бекмурат КЕЛДИБЕКОВ. Ош обулусунун Өзгөн районуна караштуу 1-Май айылында 1990-жылдын 29-июлунда мугалимдин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 2008-жылы аталган айылдагы орто мектепти бүтүргөн. Жогорку билимдүү. Учурда Ош шаарында жашайт.

**********************************************************************

АТА ЖУРТУМ.

Эркин ойноп коюнунда аскаңын,
Эстен кетпейт алгач ирет басканым.
Эркелетип өз балаңдай торолтуп,
Эне болдуң, ак сүтүңдү таткамын.

Оо, ал кезде ойноок бала, жаш чагым,
Тулпар кылып чырпык минип чапкамын.
Салкын соккон шамалыңа эркелеп,
Канча жолу жарышам– деп, шашкамын…

Өттү мезгил, кетти жаштык курагым,
Эми башка, эрке жүргөн улагың.
Эр жетилдим мекен үчүн жан берип,
Мекен үчүн таштан бекем турамын!

Тоолоруң да, сууларың да керемет,
Сага теңдеш болоор дүйнө келе элек!
Алтын берсе таштарыңды алмашпайм,
Ата Журтум айга, күнгө теңелет!

Ант беремин мекен үчүн, жигитче!
Эми мени жумшак айтып жибитпе.
Сызгын десең тулпарыңмын тапталган,
Учкун десең шумкар болом бийикте!

МЕКЕНИМДИН БАЛДАРЫ.

Таалайлуумун тагдыр экен бул дагы,
Кыргыз кылып, кыргыз жерин арнады.
Керек кезде жан берүүдөн тайманбас,
Мекенимдин мен сыяктуу балдары.

Бактылуумун жазмыш экен бул дагы,
Бейиш сындуу кыргыз жерин арнады.
Кыйын чакта кылыч болуп суурулган,
Кыраан келет кыргызымдын балдары.

Кубанаарым, эң кымбатым бул жагы,
Мекенимдин жашыл майсан жан жагы.
Кайгысы жок, куунак өмүр сүрүшөт,
Ак калпактуу Ала-Тоонун балдары!..

******************************************************************************************************************

ээ 58Улукбек ОМОКЕЕВ. 1988-жылы Ош областындагы Кара-Кулжа районуна караштуу Чалма айылында туулган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин кыргыз филологиясы факультетин аяктаган. Учурда ОшМУда студенттик «Нур» газетасында редактору, «Билим» лицейинде мугалим болуп эмгектенет. Ош шаарында жашайт.

**************************************************************************

АТА ЖУРТ.

Булганбас мөлтүр кашка булак суусун,
Занкайган тоолоруңдай кубаттуусун.
Аярлап кармап турган колумдагы,
Ата журт айнек идиш сыяктуусун.

Шаттуусуң өзөнүңдөй көбүк чачкан,
Бакытсың кыргагынан толуп-ташкан.
Уулуңмун, Ата Журтум койнуңдагы,
Манастай өзүн баатыр сезип жаткан.

Ата Журт, согуп турган жүрөгүмсүң,
Ата Журт, үзүлбөгөн күдөрүмсүң.
Алыска сапар тартып кеткенимде,
Апамдай сагынарым, күтөрүмсүң.

Балдарың сыймыктанып турмак үчүн,
Бекем бол түбөлүккө ырдаш үчүн.
Керемет обон болуп жашай бергин,
Керексиң келе жаткан урпак үчүн.

ТООЛОРДОН АЛГАН ОКШОЙТ.

Топукту, бийиктикти башат кылып,
Тоолорум тазалыкты жатат сунуп.
Кедей бир өлкө болсок ким ишенет,
Керемет жайлуу төрдө жашап туруп.

Мемиреп жакыныраак тийип күнү,
Мекенди буюрганбы сүйүп жүрүү.
Өрнөгү чоң атанын тоолор менен,
Өлчөнөт окшобойбу бийиктиги.

Агылып түнкү айдын таза нуру,
Ак болуп айтар сөзү, жазар ыры.
Булакта, мөңгү сууда болгон окшойт
Булганбас акылмандын тазалыгы.

Бар эле дешет жашта ызат мурун,
Бабалар айткан ойдун улап нугун.
Сөөлөттүү арчалардан алган окшойт,
Сөздөрдүн өмүрүнүн узактыгын.

Өткөндүн өрнөк кебин укпай жүрүп,
Өмүрлөр сызат тынбай куштай күлүк.
Биз болсо баратабыз майдаланып,
Бийиикке, тоо бооруна чыкпай жүрүп,.

Акыл-ой киргилденип кетти окшойт,
Ак мөңгү, булак суусун жутпай жүрүп.

******************************************************************************************************************

ээ 70Максат ЖАНГАЗИЕВ. 1992-жылы Токтогул шаарында туулган. Учурда Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филологиясы факультетинин 4-курсун аяктады. «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. «Калемгердин пегасы» адабий сыйлыгынын ээси. «Сабат» кыргыз китеп борбору уюштурган кыз-жигиттер айтышынын башкы жеңүүчүсү. Бишкек шаарында жашайт.

  • **********************************************************************

МЕКЕНГЕ

Жалтаң эмес, Мекен үчүн мен эрмин!
Жашооң үчүн жүрөктү да берээрмин!
Ушул жерден киндик каным тамчылап,
Ушул жерден сүтүн эмгем энемдин…

Көркөмүңө кимдер кандай баш багаар,
Билбейм кандай сүрөттөшөт башкалар…
Заманама дем, күч берет а менин,
Заңкайышып калпак кийген аскалар…

Көңүл эзип, ызаа кылса болгон муң,
Келет сенин мээримиңе коргонгум…
Жетпейт сенин көркөмүңө эч бир жер,
Жетпейт сага сулуулугу Лондондун!

Чөгөлөгүм келет сага башты ура,
Четтеп кетсем сагынаармын, жаш сыга…
Жетпейт сага эч бир өлкө, эч бир шаар,
Жетпейт сага Берлин, Париж, Москва!

Сезим күчөп сүйүп барам күндө мен,
Сендей Мекен таппайбыз чын дүйнөдөн…
Калпак кийип «кыргыз болуу» оп-оңой,
Кыргыз эмес бирок сени сүйбөгөн!

«Башка жандар» түк тийбесин кутуңа,
Балта тийбес болсун бадал учуна…
Ылай жолдо басканыма кайылмын,
Ыйык мага Мекенимдин кушу да!

Баркың билбей, бирок ийип башыңды,
Башы жоктор байлыгыңа асылды…
Бийик тутуп а мен сенин тузуңду,
Ыйык көрөм жолдо жаткан ташыңды!

Өскүн өлкөм! Өсө бергин! Бийикте!
Биз ант кылып сөз берели жигитче:
Так такымын кеселичи ошонун,
Кимдер сенин чырпыгыңды ийишсе!

Аман болсок шылкыйтпайбыз тууңду,
Каалайм сага кызмат кылып туруумду…
Чарчабастан ырга жазып өтөөрмүн,
Чаң ызгыган жолдоруңду, сууңду…

Чал болгуча жазып жүрүп өтөөрмүн,
Чаңкаганда мүрөк болоор сууңду…

КАЙРАН ТИЛ

Кыргыз тили – улут учун коргон тил,
Кыргыз менен кошо пайда болгон тил.
Бүчүр байлап,кылым жашап келсе да,
Бүгүнкүлөр балта чапкан ойрон тил…

Кадамына камчы тийип жолдордон,
Капилеттен келечеги тордолгон…
Кадыр-баркы дүйнөгө тең болсо да,
Кайран тил ай,”киргиздерге” кор болгон…

Эне тилин турат дешсе алсырап,
Тулку боюм жүк баскандай жанчылат.
Эгер билсең, намысы жок, эй киргиз,
Эшек деле өз тилинде айкырат!

Бул дүйнөдө билген өздүк жөндөмүн,
Макулукча башы жокпу пенденин?!
Өз тилиңде сүйлөгөндөн уялсаң,
Ошол сенин тирүү туруп өлгөнүң!

Тилди сүйүп, улут деп күй, жалында,
Тил жан азык болуп берет жаныңда.
Жоготпоюн десең эгер өзүңдү,
Кыргыз деген кан жүгүрсүн тамырда…

Балаң кыргыз болсун десең, кандашым,
Бабалардан калган тилди кадырла!!!

*****************************************************************************************************************

ээ 62Лира КАМЧЫБЕКОВА. 1983-жылы 14-январда Жалал-Абад областына караштуу Аксы районунун Кызыл-Жар айылында туулган. Ош Кыргыз-Өзбек университетинин кийимдер дизайны факультетин 2006-жылы ийгиликтүү аяктаган. Үй-бүлөлүү, бир кыздын сүйүктүү апасы. Учурда  Казакстандын Алматы шаарында жашайт.

АЛА-ТООГО САГЫНЫЧ.

Көздөн учуп мекенимдин калаасы,
Жашыл шибер, айылдары, талаасы,
Көздү жумуп баарын таштап кетким бар,
Ойлогондо, ата – энемдин санаасын.

Сагындырып ала – тоолуу адырлар,
Куюлушуп чыгат ичтен жаңы ырлар.
Анан окшоп мүрөк суудай өмүргө,
Күндүн нуру, жана жааган жамгырлар.

Бөлөк журтта, бөлөк болуп баарысы,
Таптым акча, достун дагы жаңысын.
Таптым баарын, таба албадым бир гана,
Сага болгон сагынычтын дарысын.

Күт Ала-Тоо, жол ачылса барайын,
Күтүп алчы, күлүп, ачып кабагың.
Өзгө журтка таштап баардык дартымды,
Сагынчымды сага алып барайын!

УБАКТЫЛУУ КОШТОШУУ.

Оо, Ала – Тоо, кетким келбей эч эле,
Келген сайын сызыламын эмнеге?..
Сапар тартып, сенден узап кетээрде,
Окшоштурам мени узаткан энеме.

Оо, Ала-Тоо, сырдуу болуп көңүлүң
Ичтен сызып капалуудай көрүндүң.
Убактылуу алыс кетем өзуңдөн,
Толтурам деп бөксө жерин өмүрдүн.

Унутууга, жүрөктү эзген капамды,
Кетип барам, билбейм, жолум табамбы?
Тапшырамын сага, ыйык Ата- Журт,
Эң кымбатым, атам менен апамды!

*****************************************************************************************************************

ээ 53Мирлан АЛТЫМЫШ уулу. Нарын областына Кочкор районуна караштуу Чолпон айылында 1992-жылы 3-февралда туулган. 2013-жылы Кыргыз радиосу уюштурган «Талантар таймашы» аттуу ыр сынакта жаш акындар арасынан “жеңүүчү” деп табылып, сынактын баш байгенсин жеңип алган. Учурда КУУнун кыргыз филология факултетинин 3-курсунун студенти. Бишкек шаарында жашайт.

********************************************************************

КАЙРЫЛУУ

Жоо каптаса, жоого намыс бербес элек,
Далай, далай улуу элдерге теңдеш элек.
Өзүң күткөн эгемендик келген кезде,
Өсө албай жатканыңа эмне себеп?.

Душмандардын өкүмүнө көнбөс элек,
Түгөнөөрдө түтөп, күчөп өлбөс элек.
Кыргын-сүргүн эми токтоп тынч алганда,
Кыргыз өспөй жатканына эмне себеп?

Манас, Манас болсо дагы мактанчыңар,
Мамлекетти алга сүйрөп баспайсыңар.
Ала-Тообуз сылтып баспай турганына,
Ар бир кыргыз жүрөгүнөн орун алган,

Кайдыгерлик себеп болуп жаткан чыгар!.
Кооз жериң бар, кудайдан нур, кут алгандай,
Болсо дагы кош канатың уча алгандай.
Куурай башын сындырбастан жатып көнгөн,

Жайлоо тоосун, кен байлыгын сатып көнгөн,
Жалкоолуктан элдин буту тушалгандай.
Калса дагы оор күн баштан көп өткөргөн,
Кемсинесиң эркин туруп бөлөктөрдөн.

Как жүрөккө канжар менен жегендейсиң,
Калкты бузган куу «Абыке» «Көбөштөрдөн»
Уруу, уруу уруусуна буруп турат,
Уруулашуу тамырыңды жулуп тынат.

Уруулашып, жаатташып бөлүнүүдөн,
Улуу кыргыз «уу» ичкендей «уугуп» турат.
Кыргыз, кыргыз, күчөй берсе бөлүнүүбүз,
Күмөн, күмөн, күмөн анда өнүгүүбүз.

Кыргыз, кыргыз күчөй берсе бөлүнүүбүз,
Кыйылганы кырчындай жаш өмүрүбүз.
Калгансыбай кашаң, чобур атты минип,
Кадамдагын алга карай бат жүгүрүп.

Шынаарлаган душмандарга шылдың болбой,
Шылкыйтпастан көтөр өлкөм башты бийик.

КЫРГЫЗДАР КАНТИП АСТРОНОМ БОЛУШКАН?

Көчмөн турмуш элди турса миң экчеп,
«Кыргыз эли тунук акыл зирек»- деп.
Таң калганым «астрономия» болбосо,
«Жылдыздарды кантип таанып билет»-деп.

Ал кез… кылыч, найза кармап согушкан,
Ал мезгилди ойлой берем болуп таң.
Жылыздардан карап салып төлгөсүн,
Кыргыз кантип «астроном» болушкан?

Боз үйү бар кыргыз кантип билбесин?
Түндүк түрүп ачып жатса түндө тим.
Түндүгүнөн жылдыз карап түн бою,
«Телескобу» түндүк болуп жүрбөсүн?

Башка элдер телескобун жасаса,
Жылдыздарды каалагандай атаса.
Билим жактан жетмек беле кыргызга?
«Кыкең» тоодо жылдыз кармап жашаса.

Билим жактан жетмек беле кыргызга?
Кыргыз тоодон жылдыз терип жашаса…

******************************************************************************************************************

ээ 53Бекболот САРЫБАЕВ. 1995-жылы 22-майда Жалал-Абад обулусуна караштуу Сузак районундагы Жерге-Тал айылында туулган. 2011-жылы Жерге-Талдагы Мария Орозалиева атындагы орто мектепти бүтүргөн. Учурда Кыргыз-Түрк «Манас» университетинде Туркология жаатында билим алат. Кыргыз радиосу уюштурган «Таланттар таймашы» ыр сынагында 3-орунду жеңип алган. Бишкек шаарында жашайт.

*************************************************************************

                               ОЙЛОР

Ороп алып тулку бойду ой-санаам,
Ойлор менен тээ космоско жол салам.
Ойрондолгон кир дүйнөнү унутуп,
Ойдон гана издегенди мол табам.

Көкүрөктүн түпкүрүнөн жаралып,
Көркөм ырды тапкан ойлор – ал анык.
Оомал-төкмөл бул дүйнөдөн алыстап,
Ойлор менен арууланам тазарып.

Ойлор-ойлор, каалаганга жеткирген,
Ойлор-ойлор, далай азап чектирген.
Ой максаты айкын болуп турса да,
Ойлорумдай чындык күтпөйм эч кимден!

Оюң жаман болсо ошол нак кайгы,
Оюн ойлор орго салып жатбайбы?!
Эртеңкиге үмүт калбай жатса да,
Эй бурадар, ойду таза сактайлы!

          ЭНЕ ТИЛ

Эне тилдин ар бир сөзү сүйлөмү,
Эч табылгыс бак-таалайдын ирмеми.
Эне тилде эркелетип апакем,
Эне тилде таанып билгем дүйнөнү.

Эне тилсиз кантип болсун жашамак,
Эне тилсиз жүрөк кантип жашарат?
Эне тилде кудайыма сыйынып,
Эне тилде арнайм кызга махабат.

Эне тилим дастанымдай бүтпөгөн,
Эне тилди уксам толкуп күчтөнөм.
Удургуган сезимдерди жамынып,
Уктасам да эне тилде түш көрөм.

Энчи болуп бизге калган эскиден,
Эне тилим – байлык, кенчим деп билем.
Өлсөм дагы көргө кирген кезимде,
Өз тилимде сурак берсем деп жүрөм!

*****************************************************************************************************************

ээ 53Калича ЖАКЫПОВА. Тоолуу Нарын шаарында 1984-жылы 1-ноябрда төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң, Кыргыз Агрардык университетинин «суу жана жаратылышты башкаруу» институтунун «мелиорация жана жерди коргоо» факультетине тапшырып, 2008-жылы ийгиликтүү аяктап, «суу инженери» деген кесипке ээ болгон. Азыркы учурда Кыргыз Агрардык университетинде аспирантурада окуйт. «Кыргызсуудолбоор» мамлекеттик ишканасында инженер-долборлоочу болуп эмгектенет. Алгачкы ырларын 12-13 жашында жазып баштаган. Бишкек шаарында жашайт.

*************************************************************************

ТИЛ КӨЙГӨЙ.

Кылчак карап койбой тарых сапарын,
Кызыл күндүн билбей кайра батаарын.
Кээ бир жан бар намыс-арын жоготуп,
Толуктаган «манкурттардын» катарын.

Өз тарыхын издебестен барактан,
Өз элинде өзгө тилди жараткан.
Багыты жок, басып жүргөн жаштар бар,
Бакыт кушун күтүп, «батыш» тараптан.

Эне тилим турса дагы оор жолдо,
Эсеңгиреп, жөлөк таппай колдоорго.
Кыпкыргызча сүйлөп келген жаштарың,
«Киргиздерге» айланышат борбордо.

Кылым улап, журтум келген жол мына,
Кыйчалышта кыргыз тилин кор кыла.
Жол каттамда «Останови!» деп айтат,
Жапжаш балдар «Токто!» дештин ордуна.

Тилдин баркын тушунбөстөн тереңдеп,
«Тилин чанган канча? Жалгыз белем..» деп,
Чычалабай жыйын кылып жат тилде,
Чондор жүрсө, жаштар кайдан кебелмек?

Там-туң баскан наристедей торолуп,
Түркүн тилдин курчоосунда оролуп,
Жетимсиреп баратпайбы эне тил,
Жерин билбей жетесиздей жоголуп?

Эй, кыргызым! Карап тарых мүлдөсүн,
Эсинди жый! Ата Журтта-үйдөсүн!
Өз жеринде кулдук урба, жат элге,
Өзгө элдер, биздин тилде сүйлөсүн!

Намыстанба, башка тилди билбесең,
Намыстанба, бай жашоону көрбөсөң.
Бул ааламга кыргыз болуп жаралып,
Сен намыстан, кыргыз бойдон өлбөсөң!

Бул ааламга кыргыз болуп жаралып,
Намыстангын, КЫРГЫЗ болуп өлбөсөн!

ТЕГЕРЕНГЕН ЭХ, АКЧА!

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Байды жандап, барктуунун жары болуп,
Бапестелдиң, баа жеткис «дары» болуп.
Кембагалга буйрубай келесиң ээ?
Кеми толгон турмуштун зары болуп.

Көр оокаттын көйгөйүн жеңсем деген,
Ким жок дейсиң өзүңдү эңсебеген.
Миң кылымдап бузулбас түптүү элди,
Мигрантка да айланттың темселеген.

Дүкөн болуп намысың акчалууга,
Дүйнөнү бүт теңсиздик башкарууда.
Барк-кадыры арзыбас сомго айланып,
Баатыр уулдар, кул болуп, ач калууда.

Сормо сазга баткандай белчебизден,
Шор тер агып маңдайдан, желкебизден.
Кыздарыбыз акча үчүн кор болушту,
Кызыл гүлдөй соолушуп, эрте үзгөн.

Мансаптууну кадырлап «сиз» дейбиз ээ?
Маңкурттуктан бакытты издейбиз ээ?
Каадабызды тебелеп, болбос ишке,
Кагаз үчүн баш сайып иштейбиз ээ?

Тегеренген эх акча… тегеренген,
Терге нымшып, же жерде тебеленген.
Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Жуулуп түшүп, кум менен тең эленген.

Жугуму жок, куюлуп уучка турбай,
Журт насили кум болду, себеленген..

****************************************************************************************************************

ээ 53Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. 1947-жылы 20-августта Аксы районунун Кош-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Улук айылында туулган. 1965-жылы Караван мектеп-интернатын аяктап,  1966-жылы КМУнун филология факультетинин кыргыз тили жана адабияты бөлүмүн бүтүргөн. 1971-1972-жылдары Кош-Дөбө орто мектебинде мугалим болуп иштеген. 1972-1976-жылдары Жоомарт Бөкөнбаев атындагы орто мектепте окуу бөлүмүнүн башчысы, 1976-1993-жылдары Т. Мавлянов атындагы орто мектепте, 1993-2006-жылдары Ж. Султанов атындагы Улук орто мектебинде директордук кызматты аткарган. 1996-жылы «Ассалоому алейкум!», «Аксы кайрыктары» аттуу ырлар жыйнактары, «Жолдо» аттуу аңгемелер, ырлар, котормолор китеби жарык көргөн. 2013-жылы Кыргызстан Улуттук жазуучулар союзунун «Жылдын мыкты акыны» наамына жана «Алтын калем» ардак дипломуна татыктуу болгон. Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил комиссиясынын «Ардак Грамотасы» менен сыйланган. «Кыргыз көчү» коомдук фондунун «Ардак Грамотасына» ээ болгон. Ааламтордогу «Кыргыз көчү» мекенчилдер тобунун ардактуу аксакалы жана «Бакай Атасы». Учурда Бишкек шаарында жашайт, ардактуу эс алууда.

*******************************************************************************************************************

 ҮШКҮРҮК.

Жамандыктын доору жүрүп турат,
Жакшылыкка тап берип үрүп турат.
Кутумдукту, кастыкты жасамакка,
Кулактарын делдейте түрүп турат.

Адамчылык өңүнөн азып калды,
Алдамчылык ансайын азыктанды.
Адилдиктин аягы тушалды да,
Ак ниеттер аргасыз жазыктанды.

Адалдыктын аттары арып калды,
Алга барчу ак жолуң тарып калды.
Абийир деген акактай аруулукту,
Апчып туруп жүрөктөн алып салды.

Алжакелер жаагын жанышууда,
Ата-баба салттарын танышууда.
Үрп-адатын бөтөндүн четтен келген,
Үйүр алдырып кыргызга таңышууда.

Ар-намыстын көз жашы булак болду,
Акыл-эсиң алыстап «кулак» болду.
Кулк-мүнөздүн бош калган чуңкуруна,
Куулук-шумдук күп этип кулап толду.

Эгемендик кубанткан сылай жанды!..
Эчендеген андан соң жыл айланды.
Оңолгондун ордуна дил карайып,
Ого бетер эне тил ылайланды.

Көр оокаттын айынан чачылган эл…
Көөдөн толо үшкүргөн – ачынган эр…
Не болгонун түшүнбөй чет өлкөдө,
Нес болгондой сулк жатат сатылган Жер…

ЭЛИМЕ СОБОЛ.

Атка минер кыргыз эй, килеңдеген,
Азыр даана билинди ким эл менен!
Антың кана: «Аткарам, кыргыз калкым,
Ар бириңдин арманың билем…» – деген.

«Азаматтар» бийликчил килеңдеген,
Аста баскан талтаңдап килем менен…
Кийип алып кийимин мусапырдын,
Кимдер калды биз барып тиленбеген?

Байкуш кыргыз, ачкарын чилеңдеген,
Боло албадың тең ата бир эл менен.
Бар кызылың жөн койбой жула качкан,
Балдарыңа не дейсиң килеңдеген?!!

****************************************************************************************************************

ээ 51Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. 1971-жылы Бишкек шаарында туулган. 1988-жылы Бишкектеги № 5 орто мектепти бүтүргөн. КМУнун кыргыз филологиясы факультетинин журналистика бөлүмүн аяктаган. 1991-жылдан тартып «Асаба», «Заман Кыргызстан» гезиттеринде кабарчы, «Ата журт» гезитинде башкы редактор, «Де-факто» гезитинде башкы редактордун орун басары, ТИМдин басма сөз кызматтарында жооптуу кызматкер, КТРде, «Кыргыз жер» телекомпанияларында редактор, «Кабар» маалымат агенттигинде маалымат-аналитикалык бөлүмүнүн башчысы, «Азаттык» радиосунда интернет-редактор, «Журналисттер» коомдук бирикме долбоорунда жооптуу редактор болуп иштеген. 1999-жылы  КР Президентинин «Алтын калем»  сыйлыгынын  жана «Ардак баракчасынын» ээси болгон. Жаш акындардын Табылды Муканов атындагы сынактын жеңүүчүсү болгон. 2012-2014-жылдары Кыргыз улуттук «Кабар» маалымат агенттигинин директорунун биринчи орун басары болгон. Учурда машыктыруучулук жана аналитикалык технологиялар менен алектенет. Бишкек шаарында жашайт.

******************************************************************************************************************

УЯТ.

Тарыхтын такаат берип айбатына,
Тагдырдын агып кетпей дайрасына,
Талабын келечекке ташып өткөн
Тан берем, улуулардын кайратына.

Сунулуп көпүрөдөй эл жүгүнө,
Суурулуп бар дүйнөнүн кеңдигине,
Суу кылбай улут шамын, колу күйгөн
Суктанам,бабалардын эрдигине.

Алдуусу күчүн сынап коркогуна,
Анысы үмүт артып чоркогуна,
Апкаарып, айран көрсө үйлөп ичкен
Арданам,азыркынын борпоңуна.

Малынып майда-барат күнөөсүнө
Максаттын шар жете албай мүдөөсүнө,
Уйкунун камагында уюп жаткан
Уялам, өз башымдын жүдөөсүнө.

Чыйрыгып, чындык сөздөн бекинебиз.
Чыгалбай күнүмдүктөн эзилебиз.
Чымчыктын салмагына чыдамы жок
Чынардын чырпыгындай сезилебиз.

Улутпуз, ууз өңдүү уюп жаткан,
Уучунда улуулугун туюп жаткан.
Өзөнбүз, өз тунугун баалай албай,
Өзгөлөр өз агымын куюп жаткан.

Камгактай жеңил тартып салмагыбыз
Камынбай энөө жатат, балбаныбыз.
Кап аттиң, көп нерседен кечигиппиз,
Калса экен кыргыз бойдон балдарыбыз!

КЫРГЫЗ ТИЛИ.

Кызыл оттой сөздөрүн жаныткан тил,
Кыйла акындын таңдайын талыткан тил.
Кыргыз деген журт менен бирге туулуп,
Кылымдардын далайын карыткан тил.

Айкөл Манас калкына сүйлөгөн тил,
Арабасын тарыхтын сүйрөгөн тил.
Эгемендик заманды сүйүнчүлөп
Эртеңкиге канатын күүлөгөн тил.

Камчы болуп капкачан өрүлгөн тил,
Кара селдей каптаса төгүлгөн тил.
Калк ишине жан берген кайыптардын
Кадимкидей карааны көрүнгөн тил.

Аалам сырын абалтан топтогон тил
Акыл айтса – айыгыш токтогон тил.
Тагдыр чечээр үмүтүн артып коюп,
Тайторунун жүрүшүн коштогон тил.

Түгөнбөстөн түбөлүк жайнап турсун,
Түпкүрүнөн от жанып, кайнап турсун.
Бүгүнкүдөн башталган келечекте,
Бүтүн дүйнө кыргызча сайрап турсун!

******************************************************************************************************************

ээ 63Майрамбүбү АБДЫКАНОВА. 1959-жылы 13-февральда Нарын шаарында туулган. Борбордогу политехникалык техникумду, андан кийин  политехникалык институтту бүтүргөн. Кесиби инженер-энергетик. «Кыздар ай» адабий клубунун мүчөсү. Бишкек шаарында жашайт.

***********************************************************************

ФРУНЗЕ КЕЧИ.

Бак аралап басып жүрдүк улуу, кичүү,
Бак даарыган Дзержинка бульвар делчү.
Эки жашты баш коштурган жаштык кечи,
Эстен чыкпайт Фрунземдин жайкы кечи.

Толкунданып тогуз кабат лифтке шашып,
Тоолорумдун аяз кары нурун чачып.
Топурашып жүрө берип уйку качып,
Туйбай калдык жаштыгымдын таңы атып.

Жуурулушуп ынтымыкта ырыс кечи,
Жетек берип окутуучу билим берчү.
Ырым кылып калемдерин белек кылчу,
Кураторлор кайдасыңар сагынычтуу?

Билим берип бийктикке багыт берчү,
Билгизбестен келечекке канат берчү.
Мелмилдеген ысык күндөр зачет берчү,
Эстен чыкпайт Фрунземдин жайкы кечи.

Балмуздагың кагаз чөйчөк салып берчү,
Буфетчиси жыгач кашык дагы берчү.
Эңсеп жүрөм жаштыгымдын жашыл кечин,
Магдыраган Фрунземдин жайкы кечи.

Жалындаган жаштыгыма нурун чаччу,
Биз бийлеген аянт кайда көңүл аччу?.
Капилеттен сүйүү гүлүн белек кылган,
Кайда калды Фрунзенин жайкы кечи?.

САКТАЙЛЫЧЫ ЫСЫК-КӨЛДҮН ЫЙЫКТЫГЫН!

Жаратылыш карап турат бизди сынап,
Жаратканым берди бизге аны чындап.
Жараштырбай турабыз го аны кыйнап,
Жалпылап ала албай баалап сыйлап.

Тапканыңды чогултуп бөтөн сыйлап,
Аягында кала көрбө жылаңайлак.
Алтыныңды ташыттык го шылуундарга,
Ажо баштап тоноттуң го, мыйзам ыйлап.

Эртең эле суроо койчу урпак турат,
Эмнегедир өзүмчүлдүк курчап турат.
Экиленип башка элдер булгап турат,
Эртеңкигеге жамандыгын чулгап турат.

Ажаткана, тазалык каналдар жок,
Да бир шылуун эптемей салды турак.
Кейиштерге салбайлы урпактарды,
Сакталсын көлдөй ыйык, мөлтүр булак.

Ысык-Көл ыйык болот тийбегиле!
Суранам, ыйык көлгө сийбегиле!

*****************************************************************************************************************

ээ 53Акылбек МАМАДАЛИЕВ. 1980-жылы 19-майда Жалал-Абад обулусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 1997-жылы Бишкектеги Улуттук Компьютердик гимназиясын  бүтүргөн. 2002-жылы КМУнун журналистика факультетин аяктаган. КР Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү. Тургунбай Эргешов атындагы республикалык адабий сыйлыктын лауреаты. 2011-жыл жыйынтыгында Москвадагы «Мигрант KG» гезитинин окурмандары тарабынан тастыкталган «Жылдын мыкты журналисти» номинациясынын ээси, 2012-жыл жыйынтыгында Москвадагы «Нур» гезитинин окурмандары тарабынан тастыкталган «Жылдын мыкты адамы» номинациясынын ээси, 2013-жыл жыйынтыгында КР Улуттук Жазуучулар союзу уюштурган “Жылдын мыкты акыны” жана «Алтын Калем» сыйлыгынын лауреаты, Москва жана Санкт-Петербург шаарлары боюнча ачылган адабий өкүлчүлүктүн жетекчиси. «Кусалык», «Махабат», «Аманат», «Таазим» ыр жыйнактарынын автору. Үй-бүлөлүү. Бир кыз, бир уулдун атасы. Учурда Москва шаарында эмгектенүүдө.

***************************************************************************************************************** МЕКЕНГЕ АДАЛ КЫЗМАТ ӨТӨШ КЕРЕК!

Мекеним Кыргызстан, муну танбайм,
Мээмден өчүрө албайм, унута албайм.
Өзгөлөр сөз тийгизсе, мекениме,
Өзөккө өрт тутанып, муңду жандайм.

Мен бүгүн, карап турсам айланамды,
Мекеним кедейге бай, байга жарды.
Мекендин топурагын алтын дешкен,
Мекенчил мекендештер кайда калды?

Жүрөктө жалын барда өчпөш керек,
Жүгүнүп өзгө элдерге чөкпөш керек.
Мергендей максат үчүн сая түшүп,
Мекенге адал кызмат өтөш керек.

Андыктан, кел, мекендеш ойлонолу,
Ар убак «Мекеним» деп толгонолу.
Жараткан жеткирсе экен ниетибизге,
Жашоого келген жокпуз ойногону.

Мекеним Кыргызстан, муну танбайм,
Мээмден өчүрө албайм, унута албайм.
Өзгөлөр сөз тийгизсе, Мекениме,
Өзөккө өрт тутанып, муңду жандайм.

КЫРГЫЗ ТИЛИ – КЫРГЫЗ ҮЧҮН КЫМБАТ ТИЛ!

Кылым кезген кыргыз эли барында,
Кыйыр кечкен кыргыз тили табылга.
Ал андыктан урпактарга уланып,
Агып келет бабалардын канында.

Мен кыргызмын, кубанамын бул үчүн,
Милдетимдей сезем, элди сүйүшүм.
Кыргыз тилде ырлар жазып жүргөнүм,
Кыргыз тилге кошкон менин үлүшүм.

Деген ойдо күндөй жаркып маңдайым,
Терең ойго чөмүлөм оф, ар дайым.
Кызыл тилде сайрагандан талбаймын,
Кыргыз тили шекердейим, балдайым.

Аныгында кыргыз тили кымбат тил,
Айырмалап ушул жагын кылдат бил!
Кыргыз эли кезип кетсе дүйнөнү,
Кыргыз тили калбаса экен кыйрап бир!

Эй замандаш! Мага, сага жана ага,
Эне тилде сүйлөө бакыт, жана да
Кырдаал келсе, тилим үчүн жан берчү,
Кыргыз тилге жаным болсун садага.

Кылым кезген кыргыз эли барында,
Кыйыр кечкен кыргыз тили табылга.
Ал андыктан урпактарга уланып,
Агып келет бабалардын канында!.

*****************************************************************************************************************

ээ 64Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ. Кыргызстандын Нарын дубанындагы Атбашы аймагынын Казыбек айылында 1983-жылдын 4-декабрында төрөлгөн. Мектеп жашына чейин чоң ата-чоң эненин колунан тарбия алган.  2001-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университеттин журналистика факультетин бүтүргөн. «Кабар» маалымат агенттигинде, «Замандаш», «Аалам Кыргыздары» журналдарында, «Апта», «Алиби», «Лозунг», «Форум» гезиттеринде иштеген. Учурда «Жаңы Агым» гезитинин баяндамачысы. Бишкек шаарында жашайт.

******************************************************************************************************************

АСКАЛАР.

Аскалар ак булуттан калпак кийген,
Алыста кол булгалап турасыңар.
Арзуумду, арманымды, жанырымды,
Айтпасам деле силер туясыңар…

Ак карды ичик кылып кийип алып,
Асманды, айды, күндү чийип алып,
Атамдай кайрат берип турасыңар.
Апамдай эмизчүдөй ийип алып.

Көк мелжип, кылда учуна көз жетпеген,
Керемет кооздугуна сөз жетпеген.
Көк Теңир көлөкөсү ушул тоолор,
Кыргыздын көңүлүнөн эч кетпеген.

Аскалар жакыным да жөлөгүмдөй,
Ар убак көтөрүлгөн желегимдей.
Атыңан айланайын асыл тоолор,
Алланын бизге берген белегиндей!

АЙЫЛДАГЫ КЫШ.

Бурганак. Кар. Чыкылдаган суук кеч.
Булоолонот мештен чыккан ысык нан.
Будур көчө, тумандатып айылды,
Булут жерге түшүп келген капкачан…

Кара түтүн оргуш атып ар үйдөн,
Коюланып сиңип барат ириңде.
Кесме жыты мурунду өрдөп чакырат,
Көчөдөгү четки үйдүн биринде.

Сакалдары бубактаган аталар,
Согум жешке бараткандай сыягы.
Сыбызгыдай үн жаңыртат тигинде,
Зым карагай кыштын болуп кыягы.

Тоңголоктун кызыгынан чыга албай,
Топ чыт курсак тээп жүрөт жылгаяк.
Тоголок бет бала суукту тоготпой,
Тонун чечип, бортонойчон дырдаят…

Кыш. Кыроо. Айыл уйкуда.
Кычыроон каптап сыртынан.
Короочу «кокуй» иттер да,
Коңулга кирип тынчыган!..

*****************************************************************************************************************

ээ 45Дамира БАРАКАНОВА. 1956-жылы 25-июлда Жети-Ѳгүз районуна караштуу Оргочор айылында туулган. 1973-жылы Гагарин орто мектебин, 1980-жылы Кыргыз Улуттук Университетинин чет тилдер бѳлүмүн аяктаган. Мектепте англис тил мугалими болуп эмгектенген. Учурда ардактуу эс алууда. Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында жашайт.

***************************************************************************

УЛУУ ЭЛ

«Рухий байлык кимде?»- десең,
Кыргыз элде демекмин.
«Өчпөс мурас барбы?» – десең,
Манасты оку демекмин.

Баатырлыкты, айкөлдүктү,
Даӊктап келген кыргыз эл.
Ой тереӊин, сөз салмагын,
Барктап келген кыргыз эл.

Улуу сөзду ыйык тутуп,
Сыйлап келген кыргыз эл.
Кылымдарды жиреп өтүп,
Манас айткан кыргыз эл.

Ата-салты, эне-наркы,
Элим менен сапарлаш,
Боз үй менен үч кыл комуз,
Алар менен катарлаш.

Кыргыз элим – даанышман эл,
Дилин таза кармаган.
Кыргыз элим – байыркы эл,
Эне тилин сактаган.

Бабалардын ыйык тилин,
Дайым сүйлөп жүрөлүк!
Улуу элдин улуу тили,
Жашай берсин түбөлүк!.

КИМ ЖАКШЫ?

Тириликте бул жашоодо эмне жакшы?
Ар бир адам өз теӊин тапкан жакшы.
Айта электе оюӊду окуй билген,
Көз караштан түшүнгөн жубай жакшы.

Балага аска-тоодой ата жакшы,
Ар дайым мээрин төккөн эне жакшы.
Ата-энени урмат-сыйга бөлөп дайым,
Кадырына жете билген бала жакшы.

Ата-эне алдан-күчтөн тайыганда,
Ак мээнетин актай билген бала жакшы.
Нуска сөздөн кеп салган балдарына,
Төрдүн көркү кадырман кары жакшы.

Капалансаӊ жылуу сөз таба билген,
Сезимтал, боорукер жакын жакшы.
Кубаныч, кайгыӊды теӊ бөлүшкөн,
Качан болсо жөлөк болгон тууган жакшы.

Ким жакшы? Бул жашоодо эмне жакшы?
Ар бир адам өз ордун тапкан жакшы.
Кайсы адам, канча жашта болсо дагы,
Нысаптуу, ыймандуу болгон жакшы!.

*****************************************************************************************************************

ээ 45Азирет КЕЛДИБАЕВ. 1989-жылы Ош областынын Кара-Кулжа районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. 2008-жылдан бери Россиянын Санкт-Петербург шаарында иштейт. 

****************************************************************************

БАЛАЛЫГЫМ КАЙТЫП КЕЛГЕН ӨҢДӨНӨТ

Короз менен кошо турдум эртелеп,
Мээлүүн шамал бет аймалап термелет.
Жайлоодогу так азыркы көрүнүш,
Балалыктын бир тамчысын эскертет.

Жүрчү элем уйкусурап, музоо айдап,
Көгөндөргө бирден кармап козу байлап.
Күн кызарып эми гана нур чачаарда,
Бээ издөөгө жөнөчүмүн кырлап, сайлап.

Жолго чыктым жорго атты камчылап,
Минген атым убакыттай шашылат.
Улам жолдон тааныш адыр көргөндө,
Балалыгым калып жатты тамчылап.

Айылыма кирип келдим түш чендеп,
Койчу элем ар жыл сайын бой ченеп.
Азыр барып ал сызыкка теңешсем,
Кеткен экем терек сымал сереңдеп.

Үйгө кирсем иним койбой эркелейт,
“Ойнойлу”- дейт, тартып колдон жетелеп.
Балалыгым чакыргандай сезилди,
Кайтып келген иним болуп мени издеп.

Кум чогултуп бир шаар курдук экөөлөп,
Курган сайын шаар баратты өйдөлөп.
Ушул шаардай өйдө кеткен балачак,
Иним болуп кайтып келген өңдөнөт.

Кээде чуркап, кээде жаттык жөрмөлөп,
Чогуу ойнодук түртүп желим дөңгөлөк.
Жаш кездеги мен жоготкон күндөрүм,
Иним болуп кайтып келген өңдөнөт.

МАГА ӨЛКӨ КЕРЕК!

Мага өлкө керек!
Ажосу качпай турган.
Өз элин атпай турган
Кыргызча маек куруп.

Өз тилин барктай турган.
Мага өлкө керек!
Президенти качпай турган,
Жер-кенин сатпай турган.

Жоокери курал кармап,
Эл- жерин сактай турган.
Мага өлкө керек!
Башчысы качпай турган.

Тескери баспай турган,
Өзүнөн кийинкисин,
Оң жолго баштай турган.
Мага өлкө керек!

«Энесин» барктай турган,
Эркегин мактай турган.
Кыздары белин чечип,
Денесин сатпай турган..

Мага өлкө керек!
Өкмөтү качпай турган.
Өлкөсүн сатпай турган
Өрүштөп төрт түлүгү.

Өзөнгө батпай турган.
Мага өлкө керек!
Кымызды сатпай турган,
Кыздарын барктай турган.

Бой жеткен балбан жигит,
Жумушсуз жатпай турган..
Мага өлкө керек!
Өнүгүп гүлдөп турган.

Өз тилде сүйлөп турган,
Өз киндигин өзү кесип,
Өз элин өзү гана,
Кыргыз гана бийлеп турган!

ээ 53Сайра БАТЫРКУЛОВА. 1980-жылы 5-апрелде төрөлгөн. Билими жогорку. 1996-2001-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик көркөм өнөр институтун бүтүргөн.  2001-жылы Чүй областтык куудулдар театрында, 2004-жылы «21 кылым радиосу», КТРКда, 2009-жылы «Шоокум» журналынын сырт кабарчысы, 2011-жылдан «Биринчи радио», КТРК да иштейт. Бакен Кыдыкеева атындагы сыйлыктын лауреаты, «КТРК нын отличниги» болгон. «Сүйүү көктөмү» ырлар жыйнагынын автору. «Жылдын мыкты алып баруучусу» номинациясынын ээси. 2013-жылы Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Элет жериндеги аялдардын ишмердүүлүгүн мыкты чагылдырган журналисттер» арасындагы республикалык сынактын жеңүүчүсу. 2012-жылы «Кыргыз жаштар поэзия антологиясы» жана «Селкилердин селкинчек» ыр жыйнактарына ырлары кирген. «Коргоол» китебинин түзүүчүсү. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси. Бишкек шаарында жашайт.
************************************************************************************************

                    КААЛОО

Билбейм кандай күч багынтып арбаган,
Бушайманмын намыс кылып арданам.
Буруу тилди бир кыз барат бучкактап,
Бар дүйнөсүн төгүп, чачып арнаган.

Таазим кылып байлыгына топтогон,
Тили буруу түркөй жигит коштогон.
Татынакай бир кыз барат кыналып,
Тандооң курсун тайыз сууга окшогон.

Кадамыңан сендейлердин куруп биз ,
Көп көзүнө багыты жок булутбуз.
Кылым баккан кадырыбыз төгүлүп,
Кыздын анан дешет баары туруксуз.

Кулак салчы, курбум дейин, курдашым,
Келип турат дүйнөңдү угуп сырдашкым.
Кайылсыңбы аалам кезип кетүүгө?
Кайтарбасаң мекениңдин урматын.

Таңмын сага, товарбы эмне турпатың?,
Топук кылдың, токтугуна курсагың.
Томогосуз шумкар көп түндүгүңдөн,
Таппадыңбы ? Улуу журттун урпагын!.

Катасыз болсун курбум беттегениң,
Келечек сөөмөй кезеп жектебесин.
Курбулар кучагыбыз нурга толуп,
Кыргыздын ар бир кызы бек төрөсүн!

МЕКЕНИМДЕН УЯЛАМ!

Кызылы кубарып көөнөрүп,
Кызыгы тепчилип төөнөлүп.
Казандан кача албай байланып,
Кыйналды кыялдар көөлөнүп!

Турмуштун түйшүктүү ирмеми,
Төгүлбөй, толгон бук дилдеги.
Тизилген шуурудай күндөрдө,
Тазарбай көңүлүм кирдеди.

Аша албай, алдымда чийинден,
Ашыгын ала албай ийинден.
Алсырап баратам негедир,
Анан да баш тартып суйүүдөн!

Бул эмес а бирок убарам,
Бөлөк ой алдында кубарам.
Максаттуу кызматты кыла албай,
Мекендин алдында уялам!

****************************************************************************************************************

ээ 53Толукбек МЕНДЕБАЙ. 1966-жылы Токтогул районунун Толук айылында төрөлгөн. 1990-жылы КМУнун кыргыз филологиясы жана журналистика факультетинин журналистика бөлүмүн бүтүргөн. 1991-1992 жылдары Кыргызтелефильмде режиссёрдун жардамчысы жана КТРде редактор болуп эмгектенген. 1993-жылы Түркиянын ТГРТ телеканалына тиешелүү «Ихлас фильм продакшн» студиясында иштеген. Андан кийин дагы узак жылдар боюу Истамбул шаарында жашап, логистика багытында эмгектенип келген. Учурда Москва шаарында иштейт.

************************************************************************


ЭГЕМЕН МЕНИН МЕКЕНИМ

Биле албай баасын баркыңдын,
Эчен жыл четте чарпылдым.
Кымбатын билбей жүрөмүн,
Колумда турган алтындын.

Куш деле кайтат тууруна,
Кайрылып бир күн табам жол.
Кагылып сенден кетейин,
Каралдым өлкөм аман бол.

Жүрөбүз сени сүйө албай,
Жүрөктөн чындап күйө албай.
Канча калк жүрөт томсоруп,
Эгемен эмне биле албай.

Акылдуу урпак көп болсун,
Асманга сени теңеген.
Айланып сенден кетейин,
Ала тоом менин эгемен.

Мээси бар урпак көп болсун,
Меккеге сени теңеген.
Мээнетиң алып кетейин,
Мекеним менин эгемен! .

КОШ БОЛ ЭМИ!

Кош бол эми көрүшкөнчө, алсыз, жарды Мекеним,
Сени таштап көпкө дейре, алыс сапар кеземин.
Тилеп сенин тынчтыгыңды, тилеп сага эсендик,
Убайымдуу бул күндөрдө, урматыңы сеземин.

Кеттим алыс, кейиш толгон, жүрөк менен кыялбай,
Жатканыңда жаш баладай, там туң басып туралбай.
Маанай чөгүп, ындын өчүп, акыл эсиң жыялбай,
Турганыңда кайрат эркти тилейм сага, сүйүп туруп Кудайдай!.

Сага караан боло албадым, бу капалуу күнүңдө,
Ийинимди тосо албадым, бирок менден түңүлбө.
Биз кайтаарбыз жеңиш менен күндөрдүн бир күнүндө,
Ал анткени өзүң барсың, жүрөктөрдө, сүйүүмдө.

Касиетин Ата журттун, уул эмесмин, сезбеген,
Алыс жерде өзүңдү эстеп, сагынамын эскерем.
Бирок ушул кыйын күндө, сага берээр, жөнөтөөр,
Сүйүүм менен ырдан башка, эчтемем жок, эчтемем!.

*****************************************************************************************************************

ээ 63Асыран АЙДАРАЛИЕВ. 1960-жылы 21-сентябрда Нарын областынын Ат-Башы районуна караштуу Кызыл-Туу айылында төрөлгөн. Борбордогу дене тарбия институтун, 1981-1985-жылдары Кыргыз Мамлекеттик С. А. Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайынын окутуучу бөлүмүн бүтүргөн. 1985-2001-жылдар арасында сүрөтчү, ага сүрөтчү, сүрөтчү кооздоочу, башкы сүрөтчү болуп иштеп, жеке ишкананын башкы мүдүрүнүн орун басары кызматына чейин жеткен. 2001-2008-жылдары  «Агым» коомдук-саясый гезитинде фотокабарчы, атайын кабарчы, баяндамачыдан башкы редакторго чейин көтөрүлгөн. 2012-жылдын жыйынтыгы менен «Замандаш» ассосациясынын «Жыл мыктылары» аталган салттуу сынагында «Жылдын алыстагы сыймыктануучу инсаны» номинациясынын жеңүүчүсү, 2013-жылы «Азаттык» радиосунун 60 жылдык мааракесинде Азамат Алтай атындагы орден менен сыйланган. Ааламтордо алгачкылардан болуп мекенчилдердин «Кыргыз көчү» тобун түзгөн. 2009-жылдан бери Финляндиянын борбору Хельсинки шаарында жашайт.

******************************************************************************************************************

КӨЧМӨНДӨР

Улуу кыргыз кылымды кыялаган,
Улар учкан тоо койнун уялаган.
Уюткулуу тарыхы башталган эл,
Уук-кереге, түндүктөн, улагадан..

Ачка-токко, азап-жокко кекенбеген,
Ай-жылдар, күндөр өттү нечендеген.
Айкөл Манас баш болгон кыраандары,
Ата конуш, Кыргыз Көчүн бекемдеген!

Сырттан эл, душманга да күйө билген,
Сынды да, сыйлаганды сүйө билген.
Сыздатып, далай жолу сындырса да,
Сыртына сыр чыгарбай түйө билген!.

Сүрдүү калк, эч нерсени энебеген,
Сүйлөй келсе чечен эл ченебеген.
Тээ байыркы калың журт арасынан,
Теги күчтүү, Көчмөн эл кенебеген!

Ошондуктан кымбатым, эл-жерим бар,
Оруп-жыйып, чогултуп, термегим бар.
Кылымдарды карыткан кыргыздарга,
Кыргыз Көчү, кызматым, эрмегим бар!

Кайда жүрсөм карегим жашка толуп,
Кайтып бир күн өзүңө келмегим бар!.

КҮЗ ИРМЕМ

ӨҢҮн таанып, бүтүн кыргыз жөндөсүн,
Өнүп күндө, жүздөп-миңдеп төлдөсүн!
«Өлсүн» десе, кимдир бирөө кыргызды,
Өлөйүн мен, бирок «кыргыз» өлбөсүн!

*****************************************************************************************************************

ээ 64Айсалкын СООРОНБАЕВА. 1970-жылы 8-мартта Ош областына караштуу Кара-Кулжа районунун 1-май айылында жарык дүйнөгө келген. 1987-жылы Т.Сатылганов атындагы орто мектебин бүтүргөн. «Теңир тоо» аттуу китептин автору жана «Москва кайрыктары-1», «Аруу дүйнө-1», «Аруу дүйнө-2», «Кыздар ай-3» ыр жыйнактарында ырлары жарык көргөн. Москвадагы «Аруу Дуйнө» гезитинин эсептөө башчысы. Үй-бүлөлүү, үч уулдун мээримдүү энеси. Учурда Москва шаарында жашайт.

*******************************************************************************

ТЕҢИР ТОО

Теңир тоо чокусуна айды илип,
Узатат узун түндү таңды сүйүп.
Сырдашып шыңгыраган жылдыздарга,
Теңир тоо турат сүрдүү бийик, бийик.

Теңир тоо желаргысы жыпар чачкан,
Түрдүү чөп, түркүн гүлдөр буркураган.
Адамдын буту жетпес жерлери бар,
Бугу оттоп, жолборс жойлоп, элик качкан.

Чокусу асман тиреп,кар жамынган,
Жайдагы аптапка да багынбаган.
Арчалуу төрлөрүндө улар сайрап,
Аюусу тоо койнунда магдыраган.

Тоо бийик,тоону сүйгөн элим бийик,
Тоодо өскөн,тоо кадырын сезе билип.
Тамырлаш кыргыз элим тоолор менен,
Тенир тоо биз жашайбыз сени сүйүп.

Теңир тоо кыргыз үчүн улуу,бийик!!!

АМАНСЫҢБЫ АТА-ЖУРТ!

Амансыңбы аска-зоолуу Ата-Журт!
Алыс жакта кызың жүрөт сагынып,
Буудай жыттуу талааларым жаткандыр,
Толкуп желге жашыл килем жамынып.

Көп жыл болду сенден алыс кеткеним.
Антсе дагы жүрөгүмдө турасың.
Сагындым го ак чокулуу тоолорду.
Асыл жерим көздөн учкан турагым.

Коюунуңда атам менен апам бар.
Алыс-жакын туугандар да өзүндө.
Карааныңдан кагылайын Ата-журт,
Карааның бар карегимде, көзүмдө.

Кусалыктан куурап жүрөм сагынып,
Барам бир күн сааты чыгып өзүңө.
Карааныңдан кагылайын Ата-журт.
Карааның бар жүрөгүмдүн төрүндө!.

******************************************************************************************************************

ээ 64Айжан МАМАСАДЫКОВА. 1969-жылы 25-мартта Сузак районуна караштуу Кызыл-Сеңгир айылында туулган. 1989-жылы Жалал-Абад шаарындагы А.С.Пушкин атындагы педагогикалык окуу жайын артыкчылык диплому менен бүтүрүп, 1994-жылы ОшМУнун славян-герман филология факультетинин орус тили жана адабияты адистигин аяктаган. Орус жана түрк тилдеринде эркин сүйлөйт.  ” Эл Агартуу отличниги», КР УИАнын Ч. Айтматов атындагы Тил жана адабият институтунун изденүүчүсү, «Апама кат», «Аруу Дүйнө-2» аттуу аңгемелер жана ырлар жыйнактарынын автору , «Москва кайрыктары -1» китебинин редактору (2011-ж), Москва шаарында түзүлгөн «Москва кайрыктары» поэзия клубунун жетекчиси. Учурда «Аруу дүйнө» адабий клубун да жетектеп келет. Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү.  Бир уул, бир кыздын энеси. Москва шаарында жашайт.

******************************************************************************************************************

АТА ЖУРТУМ АМАН БОЛ!

Аманчылык, барчылык бардыгыңа,
Алтын, күмүш, зер толсун сандыгыңа.
Ишеничтүү жашайлы өлкөбүздө,
Ийгиликтер коштолуп ар жылына.

Аман бол деп, бар бол деп тилек кылып,
Ынтымакка келели билек түрүп.
Жаратканым жайнаган жылдыздардай,
Кыргызымды журтуна бириктирип.

Ырк бузганды катардан алып ташта,
Ач бөрүгө таланып калып ачка.
Бөлүп жарып бүтүндү бүлүндүрүп,
Кыргыз деген жүрөгү сокпой жатса.

Төрт тарабы кыбыла кете берсин,
Токто элим, аларга жетеленбей,
Көркөмүнө көз талып суктандырган,
Бир да элдин жери жок биздин жердей.

Жери бейиш төрүндөй көркөм сулуу,
Эли сыпаа сыйлаган кичүү-улуу.
Ата Журтум сен үчүн жаны курман,
Ар бир кызы кыргыздын, ар бир уулу.

ААЛАМГА ЖОЛ АЛЫП БАРЧУ УЛУУ ТИЛ!

ӨҢҮң дагы, тилиң дагы кыргызсың!
Өзүң дагы, дилиң дагы кыргызсың!
Өлүү тилге айландырбай алып кал,
Өзүң үчүн жан күйгүзсөң кыргызым.

Өткөөл мезгил өгөйлөгөн кез келди,
Өз тилиңди унуткарбай сактай бил.
Алмустактан ата-бабаң калтырган,
Ал мурасын бабалардын барктай бил!

Кыргыз тили кылымдарды карытты,
Кыйырына алып улуу тарыхты.
Кыргындарда калса дагы кыйла жыл,
Көчмөндөргө кое албайбыз айыпты.

Көчүп-конуп, жер которуп жүрсө да,
Сөзү ооздон, комуз колдон түшүрбөй.
Ыр, жомогу алдей айткан апанын,
Эне тили жанга сиңди бүтүндөй.

Эне тилим атам-энем сүйлөгөн,
Эс-акылым тарткан кезден үйрөнгөн.
Эчендеген дастандарды угузган,
Эч убакта танбасмын мен сүйгөндөн.

Өз тилимди даңазалайм, даңктаймын,
Өзөктү өрттөп өз журтумду сатпаймын.
Урпактардан урпактарга калсын деп,
Улуу тилди ууз сүттөй сактаймын.

Эне тилим – кыргыз тилим, канымсың,
Кан дүргүткөн жүрөктөгү жанымсың.
Ааламга жол алып барчу улуу тил,
Көктө күнүм, асмандагы айымсың.

******************************************************************************************************************

ээ 62Улан КОШАЛИЕВ. 1983-жылы 4-мартта Токтогул районунун Чоң-Арык айылында төрөлгөн. Орто мектепти алтын медаль менен аяктаган. 2005-жылы И.Арабаев атындагы КМПУнун алдындагы европалык цивилизациялар институтун бүтүрүп, француз жана англис тили боюнча лингвист-котормочу адистигине ээ болгон. 2004-2008 жылдары борбордогу туристтик компанияларда тилмеч болуп иштеген. Орус, француз, англис жана корей тилдеринде эркин сүйлөйт. Учурда Түндүк Корея өлкөсүнүн Кимчон шаарында жашайт.

************************************************************************

ЧОҢ АРЫКТА

Көк чийген мөңгүлөрдөн башат алып,
Көбүктөп Узун-Акмат келет агып.
Жанында буркан түшкөн бул чоң суунун,
Жайгашкан туулган айылым – Чоң-Арык.

Алыска алып кетип жашоо шары,
Арадан өттү өмүрдүн ай-жылдары.
Тестиер бала кезде кеткен бойдон,
Жетилип жигит болуп кайтып бардым.

Барганда жүрөгүм бир туйлап алды,
Балалык кезим менин кайда калды?!
О, ал кез башкача эле, азыр башка!
Ойлорум ал күндөргө айдап барды:

Көчөлөр, биз ойногон кубалашып,
Көрүнчү ат чабымдай аяк-башы.
Денемдин мүчөсүндөй тааныш эле,
Дөмпөйүп чыгып турган ар бир ташы.

Кар эрип, жаз келгенде теребелге,
Чурулдап, байчечекей теребиз деп,
Чыкчубуз тигил турган бөксө тоого.
Жаз сайын ал күндөрдү келем эстеп.

Караңгы калың каптап, түн киргенде,
Карайган бак үстүнөн жезкемпирлер
Шыпыргы минип учуп келатканда,
Шашылып кирчүм үйгө мен жеткирбей.

Көз салып күнгөйдөгү алп тоолорго,
Козголбой тиктеп, батчумун ойлорго:
«Ал тоонун чыксаң эгер чокусуна,
Көрөсүң дүйнө элин – баары ошондо!».

Байырлап менин байоо балалыгым,
Башкача бир сыйкыры бар айылым.
Ар дайым эсимдесиң  аман болсом,
Арналар дагы өзүңө далай ырым..
******************************************************************************

ээ 66Жумакан ЖАРКУЛОВА. 1966-жылы 11-ноябрада Сузак районундагы Канжыга айылында туулган. Багыш айылынын тургуну. Орто билимдуу. Сузак районундагы “АСЫЛ-АЙ” мүмкүнчүлүгү чектелген коомдун жетекчиси. Үй бүлөлүү, 3 кыз, 1 уулдун энеси.

УРПАКТАРГА

Төргө өтүп орун алуу пейлибизде,
Мейман достук, улуулук дилибизде.
“Киргизбайлар” үйрөнүп өтөбуз дейт,
Кыргыз деген улуттук тилибизге .

Жыла басып жыйырма жылдан ашып,
Кыргыз тил деп күйүгүп бирде жашып,
Өркүндөтүү тил мыйзамын талкуу болду,
Кыргыз тил кылымдарга кызмат кылып.

Жыйынын да кыргыз тилге салмак болду,
Сүйүнүп  алга умтулуп Кыргыз тилим,
Көчөбузгө өз тилинде жарнак толду.
Маданиятсыз ЭНЕ тилин билбейт деген.
Кайсыл улут өз тилине күйбөйт экен?

Кыргызымда жакшы макал бар да элим,
“Көч жүрө-жүрө түзөлөт” бейм.
Деректеп дей беребиз, деген менен,
Жакшы заман келетат, баары кенен.
Оо, кыргызым улуу журтпуз анткен менен!

Арданам намыстын жоктугуна,
Башка тилде өсүү деп өзгөргөнүн,
Бирок алар колдонушпай көз көргөнүн.
Өз элинин үрп-адатын билбей туруп,
Бөтөн элдей тебелешип ата төрүн.

Айланайын уюткулуу кыргыз элим,
Сактайлычы кыргыз тилин, кыргыз дилин.
Туш тараптан акылдуу болобуз деп,
Өчурбөйлү тарыхтан кыргыз изин.
Асылдыгын, намыстуу, нарктуулугун.

Жарашкан өзүбүзгө кыргыз  ӨҢҮн,
Акыркы кесепетин журуш -туруш,
Туурабай башка улут каадаларын.
Зыяны тийбесе экен ыйык жерге.
Өстүргөн бөтөн элде бала мээрин.

Суу менен аба өндүү керек болот,
Тарыхын билүү керек урпактарың.
Тагдыр да сага бир кун чекит коет.
Акча үчүн азгырылбай бек бололу,
Ата салтты, намысты бийик тутуп.

Кылымга өткөрөлү бүтүн кылып,
Алгала, алгалай бер улуу журтум!
*************************************************************************************

ээ 66Азамат ТӨКӨРОВ. 1979-жылы 18-декабрда Ош обулусунун Кара-Суу районунда туулган . 1987-1997-жылдары Кара-Суу шаарындагы Кычан Жакыпов мектеп – интернатында билим алган . Үй-бүлөлүү . Бир уулу бар . Учурда Москва шаарында “Кьютек” фирмасында өндүрүш менеджери болуп иштейт .

ЭГЕМЕН КЫРГЫЗ

Кыйла кылым кыргыз эңсеп эркиндик,
Кыйырында кең дүйнөнүн серпилдик.
Күндөр болду кыраан бабам Бээжинге,
Кыргыз туусун сайган … кайра кетилдик.

Канчалаган империя жыгылып,
Канча улут кетти тыйпыл кырылып.
Кыргыз элим уюткусун сактады,
Түгөнөөрдө түймө болуп түйүлүп.

Карт тарыхтын кабатына көмүлүп,
Кесесинен кең дүйнөнүн төгүлүп.
Найза учунда набыт болгон заманда,
Канча эл кетти тамырынан сөгүлүп.

Тизеледик, канча жолу тепселдик..
Чачырадык, чаңга айланып кетпедик.
Кечээги эле орус эзип турганда,
Колго тийчү эркиндикти эңседик ..

Бүгүн элим азат, эркин, эгемен,
Дүрт дейт жалын КЫРГЫЗ деген денемен.
Эркиндикти кут кыла көр элиме,
Сураганым, жалгыз ушу Эгемен!

Эгемендик туусун бийик көтөрчү,
Эрлериң биз – эркин жаштар, ал, сен, мен!

ОЙГОН НАМЫС!

Чындыкты айтам, досум, угуп тур, чычалабай,
Башыңда коюу түтүн, быкшыган чычаладай.
Азаттык! Азаттык! – деп, ааламга жар салабыз,
Азатпыз эгемен деп, айткандан чарчабайбыз.

Төрт кыргыз чогулушсак, түбүбүз бирге дейбиз,
Коңкобай, оштук сарт деп, эмнеге бөлүнөбүз?
Бейиштин төрүнө окшош, сууга бай жерибиз бар,
Чоңдору сатып сууну, суусаган элибиз бар.

Үндөбөс кошунага, үңкүйгөн чоңубуз бар,
Жыртылып жамай берип, дүңкүйгөн жолубуз бар.
Кыргыздан кыйын чыкса, атабыз тоголото,
Чеченди кайдагы бир, качырып самолетто.

Урпагы Манастын деп, Төшүбүз кактык го биз,
Рыспек, Баяманды ыргыта аттык го, биз.
Кытайды сабап койсоң, милийса камап коет,
Түркүң да, кытайың да кыздарды ”сабап” коет.

Тажикке ”бересиң ” деп, кыздарды урган чыкты,
Ушунча кыйын болсоң, тажикти урбайсыңбы?!
Тажиктер жол салдырбай, өзбеги газын жабат,
Казактар ” маңка ” десе, ” кыйындар”ыржалаңдайт.

”Укугу адамдын“- деп, улуган катын чыкты,
Уулдары майдаланып, ууланган жатын чыкты.
Эгемен өлкөбүз деп, эч кимге сөз бербейбиз,
Төрүңдү тебелетип, көтөнгө тепки жейбиз!.

Ойлончу, ойлон кыргыз! Ойгончу, ойгон кыргыз!
Жүрөктө уктап калган, Ойгончу, улуу намыс!
Кыргызда уктап калган, Ойгончу, улуу намыс!

****************************************************************************************************************

ээ 62Сагындык ТУРУСБЕКОВ. 1966-жылы 28-июлда Талас районунун Арал айылында төрөлгөн. Жогорку билимдүү. Айыл чарба боюнча илимдин кандидаты. Пост-докторлук илимий ишин Австриянын Вена шаарындагы жаратылыш ресурстары жана табигый илимдер университетинде коргогон.  Үй-бүлөлүү, эки уул. бир кыздын атасы.  Учурда Австриянын борбору Вена шаарында илимий ишин улантууда.


ПАРИЖДЕГИ ИНИЛЕРГЕ.

Оо, менин Бакыт менен Алмаз иним,
Парижде  кыргыз атуул ойчулдарым,
Пейилиңер, баягы эле кыргыз бойдон…
Жаркырап тосуп алып топтун баарын.

Жан үрөп, көргөзөм деп Эйфел отун,
Шаштырып, жүргүн дешет далбалактап,
А мага кымбат эле силер менен,
Жамбаштап отурганым салтты санап.

Эйфелдин жаркыраган сырдуу отун,
Окшотуп жылдыз толгон кыргыз тоосун.
Өнөрлүү жигиттерин өз мекендин,
Жүрөккө, көөдөнүмө тартып койдум.

Парижде байке болдум, сый конокмун,
Кыпкыргызча салтын  улап ата жолун.
Мекендеш инилерим силер менен,
Төрүндө отургандай журт конуштун.

Намысына кыргыздын бек турарым,
Силер менен бир согот кан тамырым.
Мекениме кайтып келип кызмат өтөйт,
Арнап алган билимди, бүткүл жаным!.

Эмне өзгөртөт жан дуйнөңдүн жаңырыгын

Көз көрүп айлананды туюп турсаң,
Жан дүйнөнүн чаңырганын угуп турсам,
Кантип анан тура алайын кайдыгердей,
Кошулуп сага кейип улутунам.

Ооба чындык, кара түтүн каптагандай,
Чалкеш заман чындыгы жок кайнагандай,
Окаат үчүн тентиреп ар кай жакка,
Уул-кызын чачыраткан заман кандай.

Кат-кат болгон тырышы жүзүн тордоп,
Дайнын таппай сапардагы баласынан,
Үшкүрүгү таш жарып, күндө күтүп,
Канча эне ыйлап-сыздап танды атырган,.

Жигиттер мырза болбой тайкы чыгып,
Кыздарын кетип жатат сырт тарапка,
Башка улут көзүн артып илип жатат,
Тукумуң эмне болот ачык айтса?

Ортодо  ордо бузуп казып жатат,
Ата-бала, бир туугандар көрө албастан,
Бул замана нени башка алып келет?
Ойлоп-ойлоп түйүндөрүн чече албасам.

Аяйсынбы бакыт кууган кыз-баланды,
Чоңураак нан табам деп ээк кесерген,
Аяйсынбы наристелер сагынычын,
Күтүүдөн эне жыты ээнсиреген.

Башкаралбай өлкөнү башчыларым,
Көмүскөдө жоголуп  айланабыз,
Уят-сыйын жыйыштырып бетке көө жаап,
Эргулдарын шимип туру го журт каймагын.

Манасын, ата-бабам сактап келген,
Ар намыс атуулдугуң кайда кетти…
Бүтүн кылып жеримди  сактап келген,
Үзөңгү-Кууш, Каркыралар кайда кетти…

Же ушинтип чанырган акындардын,
Үнү калып ак барак  беттеринде,
А жазыптыр деп коюп, көздү жумуп,
Турмушу өтөөр бекен көр тириликте…

бийикпиз деп, улуубуз деп мактанып,
Улуу болсок кана кетти аруулулук.
Акылдуу деп мактанабыз баарыбыз,
Бычакка сап чыкпай,  ошол таарыныч…

Кайда анда жүрөгү от жигиттериң,
Баш салып көр окаатка кул болууда.
Кайда анан асыл заттуу аял затың,
Бөтөн элге бүлө болуп кор болууда.

Ким ойлойт ушул шартты азыр демек,
Мен кыйкырсам, сен чынырсан, эч нерсе жок…
Кыйкырыктар жан дуйнөдөн угулса да,
Өзгөргөн көр турмушта эч нерсе жок…

Кыйкырыктар жан дүйнөдөн угулса да,
Өзгөргөн көр турмушта эч нерсе жок…

 

*****************************************************************************************************************

ээ 66Падишахан СУЛТАНАЛИЕВА. 1971-жылы 1-майда Жалал-Абад областына караштуу, Аксы районунун Итагар айлында чабандын үй-бүлөсүндө төрөлгөн. 1986 -89- жылы Кербен айлындагы №69  кесипчилик окуу жайынын механикалык бөлүгүн бүткөн. (1989 – 92-ж). Индустриалдык-педагогикалык техникумда окуган. 1992- 96- жылы Москва агро-инженердик универиситетин, жана ошол эле учурда МГУнун экономика факультетин  аяктаган. Азыркы учурда Канаданын Торонто шаарында спорт машыктыргыч багытында иштеп жана билим алууда. Үй-бүлөлүү, бир уул, бир кыздын энеси.  Дүйнөлүк чемпиондорду тарбиялап жатат. Торонто шаарында жашайт.
                  
              ТИЛЕГИМ
Мекеним, жүрөк чиркин, сени гана сагынат,
Ой, кыялым сен тарапка багынат.
Көз ирмемдер жумулбастан кээ күнү,
Кулагыма кыргыз үнү жаңырат.
Элиме эмгегимди белек кылып,
Энелик бакытымды тартууласам.
Эрк берип эгемендүү калкым үчүн,
Эртерээк бир керекке жарасам.Кыргыздын кызы берген тарбиядан,
Дүйнөнү дүңгүрөткөн инсан болсун .
Уулум да урматтасын мекенимди,
«Эр тагайын тартат” деп, тууган болсун.Эске алып энесинин тарбиясын,
Уучумду улаган кызым болсун.
Урмат менен ийилип ата журтка,
Ийменчиктүү кыргызга келин болсун.Тукуму эр Манастын ушундай деп,
Кайын журттум балдарым сыйлап турсун.
Эки элдин ортосунда эркин куштай.
Дүнүйөгө туу көтөргөн АДАМ болсун!

********************************************************************************************

ээ 62Кайнар МАТСАК.
1997-жылдын 5-декабрында Ош шаарында жеке ишкердин үй бүлөсүндө төрөлгөн. Учурда «Ош Сема Кыргыз-Түрк» лицейинде 11-класста окуйт. Орус, түрк, англис тилдеринде эркин сүйлөт.  Ош шаарында жашайт.

***********************************************************************

АТАЛАРГА

Суроо берем, оңой суроо, жалпыңарга,
Айрыкча ыр жараткан акындарга.
Эмне үчүн, ырлар сансыз эне үчүн?
Ыр жазышпайт арнап көбү, аталарга..

Ата деле биз үчүн эртеден кеч,
Иштеп келет баласы үчүн жерди күрөп.
Ким болбосун өтүкчүбү, арабакеч,
«Балам жейт» деп, өзү кечке ачка жүрөт..

Намысыңды эл алдында тепселетпей,
Өзү иштейт сени иштетип темселетпей,
Эртели-кеч, шашылып нан тапканга,
Чарчап келип, дагы сени эркелетмей..

Ата деген сен ыңаалап ыйлаганда,
Упчу салып сени таптап турган ата.
Ата деген сен каткырып жыргаганда,
Алкыш берип, сени колдоп турган ата.

Ата деген сен баш бербей кутурганда,
Айла жоктон адам бол деп урган ата.
Ата деген сен жашоодо кыйналганда,
Өз ичинен сыздап-сыздап буулган ата.

Ата деген, курсагың тың болсун деп,
Жер жашооңо үрөнүн сепкен ата.
Ата деген, тартипсиздик кылганында,
Сен ордуңа, азабын чеккен ата.

Ата деген, жашоого көнүп калганыңда.
Улап кет деп, сени таштап кеткен ата…
Эмне үчүн айткылачы, эй акындар,
Неге мактап атаны жазбайсыңар?

Ата дагы мактоого татыктуу жан!
Кылган ишин неге эске албайсынар?

КЫРГЫЗ ТИЛИМ

Эй кыргызым, кыргыз элим, садагам,
Кыргыз тилин байыртадан барктаган,
Азыр эмне тепсеп салдык тилимди,
Карап туруп өз ичимден даттанам,

Калбадыбы бир да пенде барктаган,
Азбы бизде кыргыз тилин жактаган,
Жактачу го аталарым ар заман,
Азыр көрүп өз ичимен арданам..

Кыргыз элим, бир өзүңө кайрылам,
Сен чачылдың, мен да экиге айрылам,
Башка тилди аралаштырбай сүйлөчү,
Кыргыз тилдин кабар алып дайнынан,

Башка жээкке, каалгып агып кетпестен,
Жат тил менен дилин багып нетпестен,
Жүрчү кыргыз, айбан бизден артыкпы?
Уй да мөөрөйт, үрүп-кабып кетпестен..

***************************************************************************************************************

ээ 62Кулмат ТУКЕНАЛИЕВ
(Чолпонбек Жетиген)

Нарын областына караштуу Кочкор районунун Кызыл–Дөбө айылында 1984-жылы 10-мартта жарык дүйнөгө келген. Кесиби калемгер. Учурда эркин журналистика тармагында эмгектенет. Проза, котормо, поэзия жааттарындагы бир топ чыгармалардын автору. Бишкек шаарында жашайт.

*********************************************************************

АТАМДЫН БУБАК ЧАЧТАРЫ

Мен түшүмдө көрдүм бийик асканы,
Ал асканы аппак туман каптады.
Ал эмнеси айткылачы билсеңер?
Ал атамдын карып бара жатканы.

Улуу тоонун ою, кыры, түздөрү,
Уйпаланган саргыч чөптөр күздөгү.
Издер жатат тоонун бетин бербестен,
Ал атамдын өмүр жолу издери.

Тоолор менен айкалышып өмүрү,
Ошол тоодой пейили да, көңүлү.
Атам аскар тоодой кубат биз үчүн,
Секиси бар, жайлоосу бар өрүлүү.

Барат дале ошол тоонун боорунда,
Бирок, азыр таягы бар колунда.
Шашпай басып барат улам өрүүлөп.
Өзү салган ушул өмүр жолунда.

Бул жашоодо кандай жолду баспады,
Басты атам тоону, ташты, асканы.
Баарын бирдей жеңип келген атамдын,
Бул эмнеси, карып бара жатканы.

Мен түшүмдө көрдүм бийик асканы,
Ал асканы аппак туман каптады.
Ал эмине айткылачы билсеңер?
Ал – атамдын бубак баскан чачтары!.

МЕН КЫРГЫЗМЫН

Мен кыргызмын. Улуу тоолор жөлөгөн,
Мээримине, кучагына бөлөгөн.
Мекен үчүн курман болсом оюмда,
Мекен үчүн улам кайра төрөлөм.

Кыргызмын мен. Тилим дагы дилим да,
Кыргыз менин күндө жазган ырым да.
Кыргыз болуп келгем, өтөм дүйнөдөн,
Кыргыздарым, кыргыз элим,
Жашай бергин, кылымдардан кылымга!.

****************************************************************************************************************

ээ 62Майя САТИЕВА
1977-жылдын 4-сентябрында Ош областына караштуу Өзгөн районунун Кызыл-Сеңир айылында жарык дүйнөгө келген. Үй-бүлөдө беш бир туугандын төртүнчүсү.  Эки кыз бир уулдун бактылуу энеси. Учурда Орусиянын Санкт-Петербург шаарында жашайт.

***********************************************************************

КАРЕК ЖУУГАН КАЙЫРЧЫ

Тааныш көчө күндө өтөм ал жолдон,
Өткөн сайын көчө толо эл болгон.
Бара жатып көзгө урунду капыстан,
Бир мунжу адам көздүрүнө жаш толгон.

Жаш дагы эмес пайгамбар жаш курагы,
Көчөдө эмес төрдө олтураар убагы.
Эки бутсуз арабада отурса,
Неге сынайт татаал тагдыр сынагы?

Ушул көчө ал байкуштун турагы,
Аны көрсөң көңүл чыдап турабы?!
Кайыр сунсам «Алла ыраазы кызым» деп,
Көздөрүнөн бермет тамчы кулады.

Өтөм күндө, күндө өтөм ал жолдон,
Өткөн сайын ал көчөдө эл болгон.
Бара жатып көзгө урунат эрксизден,
Шол абышка көздөрүнө жаш толгон.

****************************************************************************************************************

ээ 66Эрик ЖУМАБАЕВ. 1993-жылыдын 23-январында Ысык-Көл областынын Түп районуна караштуу Балбай айылында төрөлгөн. 1999-жылы Зина Мамбетсеитова атындагы Балбай орто мектебинин босогосун аттап 2010-жылы ийгиликтүү аяктаган. Учурда Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик Искусство институтунун Социалдык маданий ишмердиги кафедрасынын студенти. Бишкек шаарында жашайт.

**********************************************************************

«АТА ЖУРТУМ»

Крбөдүм көзүңдүн жарык нурун,
Көөдөнүм козголуп жанып турдум.
Көп карап жолуңдан күтүп келем,
Көрүнбөйт карааның Ата Журтум.

Көркөмүң тартылып көз алдыма,
Көзүмдөн тамчылайт мөлтүр жашым.
Көк асман чагылган, алтын көлүм,
Көктөмүн сагындым, салкын төрдүн.

Алыстан айтамын саламымды,
Алтын кел айтып тур кабарыңды,
Арнаймын бир сенин элесиңе,
Ар сөздөн куралган жалаң ырды.

ЖАШТЫН ОЙУ

Күндөрү болду, күүлү-күчтүү жаштыктын,
Түндөрү болду, ойноп күлгөн шаттыктын.
Арасында алсыраган жүрөгүмдү кыйнаган,
Арман кошкон жылдары өттү турмуштун.

Өмүр болсун өксүбөгөн күйбөгөн,
Катаал турмуш татымын эч көрбөгөн.
Ажал келип колдон жулуп турса да,
Өмүр болсун түгөнбөгөн, гүлдөгөн,

Сезим болду жүрөк кылын термеген,
Сезбей келем бирок булар эмнеден.
Ыр куйулат жүрөк түбүн талкалап,
Ырааты жок, илхом менен келбеген.

Качан келет? Кимдер келет алыстан,
Күтө берем, карай берем жолумдан.
Күн алыстап, күтүп турсам көз салып,
Күүлөр келет, ырлар келет капыстан.

Кагылайын байлык аттуу жыйбагын,
Канжары жок жүрөгүмдү кыйбагын.
Туура сүйлөп, чындык айткан айкөлдү.
Турмуш чиркин, туш-тушунан тыйбагын.

Ала-Тоонун суусун ичип чоӊойгон,
Ата-Журттун тузун татып коройгон.
Алты түндө арзуу кылып ыр жазган,
Айкөл жаштын оюу болду оролгон..

***************************************************************************************************************

ээ 45Мырзабек САМАТОВ. 1987-жылы алыскы Баткен областына караштуу Лейлек районундагы Даркум айылында төрөлгөн.  Учурда Москва шаарында курулуш жаатында «евро» жасалгасы менен алектенип, аталган шаарда жашап келет.

**************************************************************************

МЕН КЫРГЫЗМЫН!

Миң жылдарды басып өткөн жарыкта,
Мен кыргызмын тамыры бар тарыхта.
Менин элим деп көкүрөк койгулап,
Мактанбастан бергим келет калыс баа.

Эр Манастын урпагымын эзелки,
Эрме чөлдүн кыйноосуна тең эрки.
Атам кыргыз, бабам кыргыз, мен дагы,
Атасымын кыргыз уулдун келээрки.

Алдей айтып арча бешик термеген,
Ак мөңгүлүү Ала-Тоону жердеген.
Айкөл мүнөз мен кыргыздын уулумун,
Ажал келсе ар-намысын бербеген.

Жандуу күүлөп колго кармап комузун,
Желпип ырдап күндүн жети, тогузун.
Кылымдарга өчпөс кылып калтырган,
Арт тарыхта кыргыз баскан жол узун.

Казыгына күлүк атын байлаган,
конок келсе күйүп бышып жайлаган.
Куттуу үйдөн чыгарбаган куру кол,
касиеттүү кыргызымдан айланам.

Кыйналганга чайын берип кайнаган,
Катылганга кылыч мизин кайраган.
Кудай эгер өмүр берсе дагы бир,
Кыргыз болуп жаралмакмын кайрадан.

****************************************************************************************************************

ээ 49Сатывалды САЙПИДИН уулу.
1976-жылдын 2-январында Кадамжай районунун Кызыл-Булак айылында кызматчынын үй-бүлөсүндө туулган. Молдо Нияз гимназия мектебин 1991-жылы бүтүрөөр замат Кадамжай кыргыз лицейин атайын математика жана физика багыты боюнча окуп, аны 1993-жылы аяктаган. Андан соң Ош технологиялык университетинин маалымат технологиялар фпкультетинин “Эсептөө техникасын жана автоматташтырылган системаларды программмалык камсыздоо” адистигин 1998-жылы бүтүргөн. Кесиби боюнча инженер-программист. ОшТУнун Кызыл-Кыядагы технология, экономика жана укук иниститунун “жогорку математика жана информатика” кафедрасында окутуучу болуп эмгектенип келген. 2004-жылдын декабрь айынан бери Москва шаарында жашап, үзүрлүү эмгектенип жүрөт. Үй-бүлөлүү, эки кыз бир уулдун бактылуу атасы.

***************************************************************************************************************

КЫРГЫЗ, КИМ АЛ?

Кыргыз – жоокер ат үстүндө ойногон,
Кызы баатыр, кабыландай жойлогон,
Кыргыз, ким ал?
Шамдагай жан, ата салтын барктаган,
Ак калпагын жоготпогон, сактаган.

Кыргыз, ким ал?
Тоонун эркин бүркүтү, шаңшып учкан,
Ажыдаар ал, душманын чайнап жуткан,
Кыргыз, ким ал?
Шамал менен тең жарышкан улуу эл,
Каары келсе токтото албас аккан сел.

Кыргыз, ким ал?
Түркүгүдүр он сегиз миң ааламдын,
Пендесидир сүйгөн Кудай Тааламдын,
Кыргыз, ким ал?
Кыргыз – менмин, сенсиң жана ал,
Мына ушуну досум эсте сактап кал!.

КУТ БОЛСУН ЭЛИМ МАЙРАМЫҢ!

Жыйырма жыл тарыхы бар кызыл желек,
Бабалардан тартуу болгон кымбат белек.
Жек көрүшүп, алмаштырам деген жандар,
Кыргыз үчүн анык душман болсо керек.

Желбиресе кызыл чоктой кыргыз желеги,
Сыймыктанам, сыйлаймын мен себеби.
Кандын түсү, болбойт бизге дегендер,
Биз мыктыбыз, Пайгамбарбыз дешеби?

Желекти кой, оңдо элдин турмушун,
Колдон келсе таап бергин жумушун.
Уул-кызың тентип жүрсө чет жерде,
Жарашпайт ко, сенин минтип турушуң.

Куттуу болсун калкым бүгүн майрамың,
Кубандырсын көргөн жанды сайраның.
Кудай берген бейиш төрдөй жергемде,
Кыргыз элим, өскүн, өнгүн, жайнагын!

***************************************************************************************************************

ээ 54Бердибек ЖАМГЫРЧИЕВ 1987-жылы Ысык-Көл областынын Жети-Өгүз районуна караштуу Ак-Терек айылында туулган. БГУнун филология факультетин 2010-жылы бүтүргөн. Кыргыз радиосу уюштурган таланттар таймашы конкурсунун жеңүүчүсү, радио алып баруучу. «Журөктө калган бир ысым» аттуу ырлар жыйнактын автору. Акыркы үч жылдан бери «Белес» радиосунда алып баруучу кызматын аркалап келет. Бишкек шаарында жашайт.

**************************************************************************

СЕН АДАМСЫҢ!

Сен адамсың, жарты эмес бир бүтүн,
Сезгин, тапкын бар бакыттын үлгүсүн.
Тумандан да көрсөк болот жарык нур,
Туура кармап бу турмуштун дүрбүсүн.
Калп дүйнөгө казык болуп не керек,
Калса калаар жакшы сөзүң бир күкүм.

Сен адамсың, акыл-эстүү жансың да,
Сенек болуп тирүүлүккө жанчылба.
Аздыр-көптүр кайгы үчүн кайыгып,
АДАМ деген дарегиңе камчы урба.
Үйүп алып көөдөнүңө боштукту,
Үмүтүңдү таштандыга калтырба.

Сен адамсың, жапыз болуп тепселбе,
Сезим өлүп калбаш керек эч сенде.
Таңгалдырып басып кеткин кулабай,
Тагдыр келип так жүрөккө тепкенде.
Көзүң барда ак дил менен жан үрө,
Көөдөнүңө «АДАМ» данын сепкенге.

Сен адамсың, кенен атта, тушалба,
Сен адамсың, так жебедей уч алга.
Келечегиң жатпаш керек оролуп,
Келечексиз кайгы, санаа, кусаңда.
Каалайм сага нур жолдорду адамзат,
Кана эмесе тагдырыңдан ут анда!

ГЕНИЙЛЕР БАЙКАЛБАЙ ЖҮРҮШӨТ

Генийлер көзгө да көрүнбөйт,
Аларга көңүл эч бөлүнбөйт.
Кейитип жүрөгүн бекерге,
Керексиз ойлорго чөмүлбөйт.

Генийлер жөнөкөй кийинет,
Кыйналат, миң өлөт, тирилет.
Жалтырак жамынып жашабай,
Жарык нур көргөнгө сүйүнөт.

Генийлер өмүрү жутунбайт,
Чоң тойсо чокчоңдоп кутурбайт.
Жалганга жармашпайт, бир гана,
Жан дүйнө байлыгын утурлайт.

Карааны көрүнбөй сыйдын да,
Генийлер көнүшөт ый-муңга.
Акмактар асылып ийнине,
Ар дайым калышат шылдыңга.

Табышмак өмүрдү сүрүшөт,
Жалындап, от болуп сүйүшөт.
Биз менен бир жашап жатса да,
Генийлер байкалбай жүрүшөт.

Кепинге чындыкты жашырып,
Келебиз жалганга баш уруп.
Генийди таптакыр көралбас,
Демек биз пендебиз макулук.

****************************************************************************************************************

ээ 36ТЕМИРОВА Алтынай. Москвадагы Максим Горький атындагы дүйнөлүк Адабият институтун бүткөн. Оригиналдуу поэтикалык, драмалык пьесалардын, сценарийлердин жана котормо жыйнактардын, автору. Бир нече эл аралык жана республикалык конкурстардын башкы жеңүүчүсү. «Барпы», «Токтоболот Абдумомунов атындагы» мыкты драматургдар сыйлыгынын ээси. Бишкек шаарында жашайт.

*************************************************************************

МАНАСЧЫЛАР

Бу жарыкты кармап чебер колуна,
Айланганда «тирүү» жандын зоруна,
Куржунуна Сөз байлаган дыйканга
Өкүмдарлар жетпей өткөн коруна…

От байланса – октой сөзү оозунда,
Сөздүн чогун жаадырганда жолуна,
Чеңгелдери уучтап ойдун алтынын,
Сапыргандай Жер шарынын жонуна.

Учу узарып экватордун курундай,
Меридиан, Түндүк, Түштүк уюлдай,
Төбөсүндө улуу Рухтан таажысы,
Нурун төгүп, алып жүргөн куюндай.

Улуу элдин улуу чабалекейи,
Уюп турган алтын, көөхар, шекери,
Кылымдардан, кылымдарга туу болуп,
Өтүп жүргөн чоң көчөдөй береги.

Суктандыра урпагына Манастын,
Түрдүү өлкө, түрдүү элди караттың,
Хан Бакайы, акылманы бар элден,
Улуу Жазуу, улуу Тагдыр жараттың!..

Дүйнө – өзүң, өзүң – дүйнө чынында,
Сөз куржуну толуп-ташсын кылымга,
Улуу Рухту алоолонтсун урпактар,
Кыргыз барган жолдор менен кыйырга!..

КЫРГЫЗДЫН УЛУУ – ТИЛИ ДА!

Эне тил сенин тамырың,
Алп чынар терек сыңары.
Асман-жердин өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эне тил сенин тамырың,
Алп байтерек сыңары.
Кылымдар, доорлор өзөгүн,
Көзөп бир өсүп турабы!..

Эң ыйык чексиз байлыгым –
Муундардын жол чырагы!
Жан-дүйнө – энем көтөрүп,
Рух – атам бийик чыгарды!

Баа жеткис асыл байлыгым!
Бардыгын сенден тааныдым,
Түрк тилдүү элдер – теги бир,
Билишет сенин кадырың!

Түбүбүз дешет кыргызды!
Тилибиз теги – кыргыз бу!
Атасы дагы энеси!
Тилдердин, элдин сансыз бу!

Байыркы – кыргыз тили да,
Байыркы – кыргыз дини да,
Байыркы – кыргыз дили да,
Башаттын башы – эли да!

Теңири – ыйык Жараткан,
Касиет – куту даарыган.
Манастан баштап таанысаң,
Кыргыз тил улук баарынан!

****************************************************************************************************************

ээ 66Шайырбек ДОСБОЛОВ.
1988-жылы 20-ноябрда Баткен областына караштуу Баткен районунун Кыштут айылында туулган. Райондук гезиттерге ырлары жарыяланган. Маданият тармагы менен чыгармачылык байланышта иш алып барат. Туулган айылында жашайт.

***********************************************************************

«КЫРГЫЗ КӨЧҮ»

Дүңгүрөп «Кыргыз Көчү» уланууда,
Дүбүрттү алыс жактан чыгарууда.
Дүйнөнүн төрт бурчунан боордоштор,
Дем берип улам күндө чыңалууда.
Өлбөс эл, өчпөс улут жандарыбыз,
Өнөрлүү өздөн чыккан балдарыбыз.
Өмүрдөн из калтыруу тарыхында,
ӨҢҮнө келип барат жазганыбыз.

Катарлары бузулбай араңардын,
Көчтү улап келаткан балаң арбын.
Кылымдарды карыткан кыргыздарым,
Көчтөн калган урпагы бабалардын!…

 НАРИСТЕДЕ НЕ КҮНӨӨ?

Мемиреп уйку соодо жаткан элем,
Уйкунун кызыгына баткан элем .
Беш айлык болгонумда кесип салды,
Өзумду тилебестен тапкан энем..

Тырыштым өжөрлөнүп көгөрүүгө,
Тиледим ак бешикке бөлөнүүгө.
Тамырым кыркып салды туубас энем,
Төрт айлык калганымда төрөлүүгө..

Курсагыңды жеңилдеттиң капа дебей,
Тилим кетти дилим менен ата дебей .
Күнөөлүүдөй жаштыгыңа мастыгыңа,
Уктап келип уктап кеттим апа дебей.

Жытымды бир ирет да жыттабадың,
Мен сенин кучагыңда уктабадым.
Кош апа ыйлаганың бекер кийин,
А мен эчак, жер кучактап уктагамын.

Ушунчалык жаштык менен ойнойсуңбу?
Улгайып бул күнөөңдү ойлойсуңбу?
Күнөөсү жок кесилген наристеңе,
Жок дегенде куран окуп койбойсуңбу?!.

***************************************************************************************************

Apr 30

Кыз Сайкал..

ээ 17ТАЛАНТКА СҮРӨӨ КЕРЕК!


Замандын – Кыз Сайкалы! Манасчы, актриса, ырчы
Ширин САРЫГУЛОВА тууралуу баян.

 

Бул күнү Нарын шаарында сахна Периси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева эжекебиздин 70 – жылдыгына карата өткөн 5чи Республикалык Театрлар Фестивалынын жабылыш салтанаты өтүп жаткан.

Зал толо эл. Олтурганга орундуктар калбай калгандыктан бир тобу туруп турушту.

Бир кезде сахнага жоокер кийми менен колундагы камчысын мыктай кармап бир кыз чыкты. А, тааныгандай болдум. Ширин Сарыгулова эмеспи. Чүй театрында иштейт. Басканына караганда өзүнө ишенимдүү. Манас айтып кирди. Ымм… угалы.

Ал ортологондо залдын ичи дуу көтөрүлүп чыкты. Мына сага!..

– Капырай! Бул кайдан чыккан кыз ыя?

– Бали! Бали! Кыз болбосоң кое кал. Катырды ээ?..

– Ой, бул бир укмуш го… Кай өөрөндүн кызы экен?!

– Колго тийгенди тим эле бир мыкчыгыдай кыз экен ээ?!

Тобоо…

Бир кезде Бакен эжекем мени Гүлшара Дулатова апама окшоштургандай сахнадагы Ширинди өзүмө окшоштуруп дале өзүмө келе албай турдум. – Бул кыз мурда кайда жүргөн? Эмне үчүн мен көргөн эмесмин?! Ар кыймылынан көз албай тиктеп олтурдум.

-Кыйын кыз экен ой! Давай! Давай!

Ары жактан чыккан бирөөлөрдун үнү менин оюмду бөлүп кетти. Кайран тоюп

алган экен. Ээ – жаа бербей күпүлдөп кыйкырып жатты.

– Тим эле буркан – шаркан түшүп жатканын карачы. Эркек бала мында эле…

– Тим олтурчу ай! Укпай да калдым – деп, бирөөсү тиги жанындагысын какты.

– Ай! Тынч олтурбайсыңарбы! Капырай, сүйлөбөй олтура албайсыңарбы.

Эшик тоскон эки келин тигилерди тыйды. Кайдан. Баары дуу – дуу. Бири таңдайын такылдатып тамшанышса, бири баракелеп, дагы бирөөлөрү оозу ачылган калыпта Ширинден көздөрүн албай бүтүндөй зал  Манас айткан кызга таң берип олтурушту.

Ширин образга ушундай кирген экен. Бир кезде көздү бекем жумп алып буркулдап, буркан – шаркан түшүп, бирде тура калып, бирде олтура калып, катуулагандан катуулап баратты.

-Ырас эле кайдан келген кыз? 21 кылымдын Кыз Сайкалы! Эмнени бүткөн? Бой

келбет, өң, үн, баары… баары… менин өзүмдү өзүмө элестетип…

Ар бир кыймылын жазбай тиктегеним менен, дале оюм алыста эле.

Эстедим. Каныбек Иманалиевдин “Туу жыгар” спектаклинде ушул кызды

көргөндөй болбодум беле. Бирок эмнегедир бир себептер менен залдан чыгып кетип, оюн бүткөндө келген элем. Көрсө, ошол спектаклде Бишкек Баатырдын энеси – Кубулду ойногон турбайбы. Ошол башта карап олтурганымда: – Буюрса Асыл Набиева эжекемди баса турган кыз бар экен! – деп койгон элем ичимен. Көрсө…

Деги табигат өзү кызык. Бири бирине эч тиешеси жок адамдарды жолуктуруп, анан да окшоштуруп койгон. Гүлшара апа Чүйдүн кызы, мен Таластын кызы, береги манасчы кыз кадимки Кожомкул балбан атабыз чыккан өрөөндүн, болгондо да Кожомкул атанын айлынан чыгыптыр. Дагы кызыгы… Экөөбүз тең кыргыз театр өнөрүнүн Залкары Гүлшара Дулатованын окуучусу экенбиз. Тобо! Тобо – оо! – дедим ичимен. Шириндин кыймыл аракетинен чын эле мен өзүмдү көргөндөй болдум.

Баятан Ширинди карап олтуруп, ширелген ойлорго катуу батып кеткен экем, капталда олтургандардын олтурган жерлеринен дуу тура калгандары, терең ойго термелип олтурган жанымды ого бетер толкундантты. Шашканымдан мен да оордуман шаша тура калдым. Алакан кызарганча кол чаптым. Кантип чаппайсың. Бул кыз бир укмуш го. Мурда кийин сыртынан гана көрүп жүрчүмүн.

ээ 17Мына талант! Жакындан тааныбасам да, мени өзүнө магниттей тартып бара жатты. Ооба, бул сапар мен аны жанынан көрдүм. Накта тааныдым. Талантты таануу үчүн анын атын алыстан укканың аздык кылат. Талантты жанынан көрүү керек. Мына момундай сааттарда анын кайталангыс өнөрүнө күбө болосуң. Таң бересиң, суктанасың. Анан… анан… Ал сенден улуубу, кичүүбү анын Теңир берген талантына башыңды ийесиң.

-Мына сага! 21 кылымдын Кыз Сайкалы! Кыз болбосоң кое кал! – дедим даагы

бир ирет ичимден.

Ширин олтура калганда залда олтургандар даагы бир ирет дуулдап барып токтошту. Аңгыча аркадан бирөө: – Ушундай да кыз болот экен ээ? – десе, экинчиси: – Ой, оозуңду ачпай кол чаппайсыңбы! Чап! Чап! – деп, бирин бири коштоп жатышты. Аны эшик тоскон келин: – Бүткөндө чаппайсыңарбы. Тынч олтуруп уксаңар! – деп тыйып койду. 

Ширин күчөгөн сайын олтургандар кошо Манас айтып жатышкансып, чоң транска түшүштү. Бул актердун мыктылыгы эмей эмне? Бир кезде камчысын жогору көтөрө калып, көздү бекем жумган Ширин баягыдан да күчөдү дейсиң. Зал тып тынч, жанатан ара чолодо кошо эргип сүйлөнө калгандардын деми тим буулгандай болду. Мына талант!

                            
Ширин Манасын бүткөн кезде бир топко дым боло калган элдер бир кезде оордуларынан “дуу” эле тура тура калышты. Ана! Кол чапканды көрүп ал. Мүмкүн мындай көрүүчүлөрдү Ширин да күткөн эмес чыгаар.

Зал жаңырта чабылган колдордун оңой менен токточуудай эмес. Нарындын эли илгери мен сахнага чыкканда да, дал ушинтип туруп кол чабышчу эле. Ошол саат, ошол мүнөттөрдө, бир кездеги ушул сахнада ойногонумду, комузда кол ойнотуп обон созгонумду, чимирилип бийлеген кездерим заматта көз алдыма тартыла түштү. Эшик тоскон келин: – Тигил кыз сага окшош экен Чынар! – десе, андан бетер Ширинге тигилдим. Элдин тура калып кол чабышканына, кетирбей көпкө кармашканына ого бетер дердеңдей сүйүнө кайра кайра жүгүнгөн Ширин Ширин кыз эмей эле, бүтүндөй өзүм болуп турдум.

Эшик тоскон келин мени түртүп: – Жана сахнанын ары жагынан көрүп. Сенин кызыңбы?- деп да, ойлоп кеттик. Анан сенин бир эле эркек балаң бар экенин айтып калдык. Бирок сага жаман окшош экен ай. Баскан турганы тим эле сен! Тобо! – деди.

Тигил келинге гана эмес, сахнада турган Ширин мага да чоң жаңылык болду. Бая Манас айтып баштаганда эле өзүмө окшоштура баштаган элем да. Тобоо, баскан турганы, кыймыл аракети, шайдооттугу… Ырас эле.

Залдагылардын бири кыйкырса, бири катуулай кол чаап, кээси колду да чаап, жан алы калбай мактап жатышты.

– Кыйын кыз экен ой!

– Турганын кара!

– Бул кыз көпкө барат. Көз тийбесин! Көз тийбесин!

Басканы шайдоот, эч нерседен тайманбаган, көздөрү өткүр, ууртунда жагымдуу жылмаюусу бар Ширин кыз колундагы камчысын мыкчый кармап, шартылдай басып келип залдагыларга таазим кыла дагы да жүгүнүп жатты.

*****

 

ээ 17Бир кезде Н. Жүндүбаеванын “Кыз Сайкалдын арманында” Кыз Сайкалды ойнобой калып, кийин өзүмчө дастан кылып иштеп чыгып, канча жыл концерттик программаларга кошуп ырдап, ойноп жүрдүм. Тигинде Ширин Манас айтып чыкса, мен өзүмдүн Кыз Сайкалымдын образында кыялга баттым. Кийген киймин… Мен да ушундай кийим менен чыкпадым беле…

– Баракелде! Баракелде! Азамат Ширин!!! Азаматсың!!!

Зал дале жаңырып жатты. Чындыгынды башкаларга мынчалык кол чабуулар болгон эмес эле. Катуу толкундануу менен капысынан: – Азаматсың Ширин! Азамат!!! – деп кыйкырып жиберипмин.

Антсем, жанымдагы токтолгон аял күйөөсү экөө мага кайрылып:

– Чынында эле укмуштай кыз экен! Кайсы театрдан экен ыя? – деп калышты.

– Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрынан! – дедим, жетине албай.

– Кыздардан Манас айтканды уга элек эле. Өзү да келишкен сулуу кыз экен.

– Мыктысы мыкты экен! – деп, тигил аялдын күйөөсү коштоп койду.

Анан кол чабуусун токтотпой:

– Келечеги кең болчу кыз экен. Бир топ жерге барчуудай – деди.

– Элдин баарынын оозун ачырды го… Көз тийбесин! – деди аял.

– Көз тийбесин! – дедим ичимен.

Мына сүрөө! Ширин чуркап чыгып жүгүнүп кайра кетти. Кол чабуулар, кыйкырык, сүрөөн көпкө барып басылды. Өнөр адамдары кандай сыйкырдуу жандар. Кара, кийинки чыгып ырдаган кыз быякта эле калды. Ширин чыгып кетсе деле баары анын өнөрүнө тамшанышып, баарын унутуп, бир гана Ширинди айтып жатышты. Бул чоң ийгилик, чоң жетишкендик. Ичимен:

– Сени даңктай турган да, даңаза кыла турган да Манасың экен! Ширин кыз! – дедим.

Ооба. Чыгармачылыктын ар бир тармагы өзүнчө керемет! Ошол кереметтердин кайыгында калкып жүрүп, кай жагынан сүзүп чыгаарыңды өзүң да билбейсиң. Муну келечек тагдыр өзү талдап коет. Мына! Актриса Ширин, ырчы Ширин, мугалим Ширин, кошокчу Ширин, тамада Ширин! Умай эне – Ширин, Манас айтуучу – Ширин!!!

Бир убакта ыраматылык Гүлшара апам кай өнөрүңдүн кай тармагын айтам Чынар. Тим эле баш айланып, тил чайланат. Бирин айтсам бири калат. Иши кылса баарынан баар тап балам! – деген эле мага.

Анын сыңарындай жети өнөрдүн тизгинин бир кармап келе жаткан Ширин кыздын мен да кай өнөрүнө басым коюп, кай өнөрүн өзгөчөлөнтүп катуу  мактоого алаарымды билбей сүр басып, сүрдөп тургандаймын. Ошентсе да, бул кыз үчүн баарысынан бийиги да, ыйыгы да Манас айтуубу – деп ойлойм. Учурда Манас айткан кыздар жок. Муну мен карап олтуруп, кылымга төкмөлүк өнөрү менен кыр салып кеткен төкмө акын Майра Керим кызына теңегим келди. Мүмкүн андан да ашаар…

Өнөрлүүнүн өзгөчөлүгү ошол өнөр адамдарынын арасынан “жарк” этип бир чыгып анан бат эле өчүп калууда эмес, Чолпон жылдыздай жаркырап, өчпөй баарынан айырмаланып тургандыгында го… Ошондой деңгээлге жетип, эл эмгегиңден баалай баштаганда гана ар бир өнөр ээси: – Мен артистмин! – деп айтууга акылуу жана татыктуу деп ойлойм. Мына, ошондой кездерде төмөндөгүдөй мактоолор, суктануулар байма бай айтылып турааары бышык. Анткени бул мактоолор, суктануулар сенин өнөргө таштаган алгачкы кадамыңдын изи…

Ширин: – Окууга тапшырган күндөн баштап улуу артистер баскан тепкичте, сахнада басып, спектаклдерде массовкаларга катышып, группалаштар өзүбүздү абдан бактылуу сезчү элек.

Группалаштарымдын баардыгынан улуу болчумун. Гүлшара эжем мени группага староста кылып шайлап койду. Ошол күндөн тарта окууга деген жоопкерчилик менин мойнума түшүп сабакка деген дилгирлигим мурдагыдан да күчөп, бир да жолу сабак калтырбадым жана группамды да катуу кармадым. Гүлшара Дулатова, Турганбүбү эжекелер, менин мугалимдик шыгымды да байкашса керек, өздөрү сахнада ойноп калган күндөрү, – Студенттерге сабакты сен өтөсүң, – деп, дайындап кетишчү.

Издер… издер…

Мына келечекке таштаган биринчи кадамдар! Жашоого көздөрү каныккан, сахна чеберлери ошол кезде эле жаш кызды эмнелер күтүп турганын баамдашса керек. Ширин келечекке жаңы гана кадам таштаган өнөр баккан, өнөрдөн бак издеген жаш талант! Келечеги кең. Таалайы зор! Арыштаган ар кадамы сүрөөгө татыктуу деп айтканымдан эч тартпас элем. Кыргыз эли эзелтеден өнөрлүүлөрдү астейилдеп күткөн эл.

Ширин: – Театр окуу жайынын активисткасы аталып, баардык сабактан беш алып 2006 – жылы артыкчылык Диплому менен окууну аяктадым. Ушул эле жылы ушул окуу жайга мугалим болуп ишке орноштум. Мени тарбиялаган мугалимдеримден алыс кеткеним жок. Гүлшара эже менен Турганбүбү эженин, сахна тили сабагы боюнча ассистент, шакирти болуп тарбияландым.

Жеке жашоомдун тагдыры бир гана театр менен гана чектелип калууга болбосун сездим. Бул сабакты ийне жибине чейин устаттарыман үйрөнүп, азыр эжекелеримдин жолун жолдоп, келечектеги артисттерди тарбиялоого бел байладым.

Мугалим болуп иштөө оңой олтоң жумуш эмес. Такай кичүүлөрдү окута бербейсиң. Кээде окуткан студентиң сенден улуу болуп калат. Андай кезде бир аз тартынуу болот дечи. Бирок канткен менен сен мугалимсиң да. Болгон күчүмдү жумшайм.

Менин максатым, кыялым келечектеги театрлардагы мыкты мыкты артистерди тарбиялоо эмеспи. Айтат го. Алдыңа максат койбосоң эмне жашоо ал деп.

Максат… кыялдар…

Акыркы сөзү жакты. Көңүлүмө шап илип алдым.

ээ 17Сына сага! Мүмкүн менин оордумда башка бирөөлөр: – Бул кыз эмне эле жап жаш туруп, өзүнө мынча ишенимдүү! – дээр. Тим эле көптү көргөн чоң мугалимдей сүйлөйт да ыя?! – деши да мүмкүн. Кенедей болуп алып, килейген “артисттерди” окутуп чыгарам дейби?.. О – хоо… Мына сага дап даяр Гулшара Дулатова! Баса, баса, өктөм сүйлөгөнү да Гүлшара! Кээ бир кыймыл аракети, көз карашы да Гүлшара!

                            
Сыр алдырбаганым менен мен да сынай карап турдум.

– Тапанын! – дедим ичимен. Анан туруп, – Так ушундай кишилерден мыкты мугалим чыгат! Ооба, мыкты! – деп, кандайдыр бир ой, күч мени жетегине алгандай болду. Ошол замат көз алдыма мени театрда окуткан Калыйкан Ибраева эжекем иенен Гүлшара Дулатова эжекем тартыла түштү. Мен оозумду ачып, айылдан келген кезде ал кишилер да такылдап турушчу эмес беле… Биз зырпылдап коркуп турчу эмес белек?..

Бул кыз мыкты артист гана эмес мыкты мугалим да болчудай. Ак жол тилейли!

Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың демекчи Ширин “чү” дегенде эле кыргыздын не бир Залкарларынан таалим – тарбия алыптыр. Бул жагы да анын келечекте бир адам болоорунан кабар бергендей.

Максат, кыялымда… – дегениндей, бир учурда ушул устаттарынан ашып түшпөйт деп ким айта алат. Береги көөдөн толгон максаттар аны маарага жеткирээринде эч шегим жок. Туу чокунун өзүнө да чексиз кыялдарды жетелеп, ошол – МАКСАТ акең чыгарат эмеспи. Андыктан ошол максатың бийик болсун гана демекмин Ширин.

Кыз кишинин жашоосунда татаал, катаал учурлар көп кезигет. Ошентсе да мен Ширинди баардык кыйынчылыктарды кыйналбай жеңип, кыргыздын сыймыгына айланган Таң чолпону болоорунда эч шегим жок! Анткени бул кыздын “дээринде бар”  демекчи, жүрөгү туйлап, көөдөнү Көктү чапчып турганын байкадым.

Ширин: – 2006 – жылы Шаршен Термечиков атындагы Чүй областтык Куудулдар театрына актриса катары ишке орноштум. Ушул эле жылы билимимди жогорулатуу максатта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун “Актер, Театр жана Кино” факультетине тапшырдым.

2011- жылы ийгиликтүү аяктап, бул окуу жайда да мугалимдик кесипти аркалап кала бердим. Гулшара апам мени окуткандай, (мугалимим гана эмес энемдей болуп калгандыктан апа деп коем) мен да келечектеги артисттерди чыгарсам деп, эмгектенип келатам. Ооба, билем, буга зор эмгек жумшоо керек. Мен ошого умтулам.

Ал эми театрга кирген күндөн баштап, сахнага коюлган спектаклдердин баардыгында терс каарман, оң каармандардан баштап, бир нече башкы ролдорду ойнодум. Кээде, – Эмнеге терс каармандарды көпчүлүк учурда мага эле бере бересиңер? – десем, режиссерлор: – А сен катыра ойнойсуңда! – деп күлдүрүп жооп беришчү. Мүмкүн…

Кудайым буюрса кыргыз элиме талыкпай эмгек кылсам, дагы далай ролдорду

ойноп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды ырдайм деген ишеничтемин. Кыйналган учурлар болбой койбойт. Бирок, ошол кыйналган учурларда да өзүмдөн үмүтүм чоң!

Үмүт! Үмүт! Үмүттүн шооласы!!!

Ошол үмүт сени бийиктикке жеткирет Ширин! Сен азыр бирөөлөргө суктангандай эле, бир кезде сага да бирөөлөр суктанышат. Ушул бийиктикке жеткирчү бул сенин азыр өзүң айтып олтурган көкүрөгүңдөгү – Үмүт! Андыктан азыркы аракетиңден эч жанба! Сени ушул аракетке үндөгөн Гүлшара, Турганбүбү эжелериң, Дүйшөн, Эгемберди, Марат, Назым агайларың да бир кезде дал ушундай үмүт, кыял, максаттар менен өнөр жолуна кадам ташташкан.

Ширин 2001- жылы борбордогу А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, КР эл артисти  Сайра Чоткараеванын колунан билим алган кыз. Ошол кезде КР эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев агайынын кеңеши менен Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын актердук бөлүмүнө тапшырган экен. Мына! Устат – шакирт деген кайдан чыккан.

Улуулардын кеңеши, жолду туура тандоосуна кылган аракеттери акыры келип Шириндей кыздарыбызды элдик кишиге айлантып олтурат. Ал кезде айылдан жаңы шаарга келип, театр дүйнөсү эмне экенин толук түшүнө элек жаш кыз тим эле ажайып дүйнөгө киргендей болгон. Кинодон, театрдан көргөн, гезит – журналдардан окуп, сүрөттөрүн өздүк альбомуна чаптап алган артистери менен жакындан аралашып, чоң театрдын артисттери менен чоң спектаклдерде бир сахнага чыгып… Мунун өзү эмне деген бакыт!

Ошол чоң артисттер менен сахнага чыкканда жанашса, кээде театрга кирип чыкканда эшиктин оозунан жанаша калып, бирөө жарымы кызым деп эркелетсе андан бетер семирип, өзүн булуттун үстүндө учуп жүргөндөй эле сезген Ширин кызыбыз бүгүнкү күндө ошол сахнага келечектеги чоң чоң артисттерди даярдайм деп билим майданында да өз күчүн сыноодо. Мындай кезде, – Баракелде! Азаматсың, Ширин! – дегенден башка оозуңа кандай сөз келет.

Ширин: – Театрдан тышкаары, ар кандай маданий иш чараларга, кечелерге

активдүү катышып, кыргыз элиме өнөрүмдү тартуулап келем. Кино жаатында да аздыр – көптүр ролдорду ойноп, тасмаларга тартылып жатам. Өзүмдү бул жагынан да сынасам дейм. – Мен роль ойногондон эч коркпойм! Ошол ойногон ролдорум элге жетпей калабасын. Элдин көңүлүндө калсам деп ошону ойлойм! – дейт. Өлүмдөн уят катуу дейт го. Кылган ишиңдин бети ачылбай, булганган сууга түшкөндөй шөмтүрөп жүргөндун эмне кереги бар. Туурабы?

Азаматсың Ширин!

Ар бир артист мына ушундай ойлойт. Ойногон ролдоруң көрүүчүгө жетпесе, артисттин мококтугу ошол! Текке кеткен өмүрүң ошол! Андай мококторду сахна сүйбөйт. Тез эле топтон чыгарып коет. Тилекке каршы “көптүн ичинде” дегендей, андай аксак – тексектер да жок эмес. Мындай кезде ошол адамдын өзүнүн уятына коесуң.

Кара. Бу, чечен киши менен сөз талаша албайсың. “Булганган сууга түшкөндөй..” – деп… Кээде “шөмтүрөмөктөн” тап такыр эле сахнага жарабай карганына карабай, “сүйрөлүп” жүрө бергендерге менин ачуум келет. Элдин санын көбөйтүп нетет. Ой, эс албайбы, ботом! – дейсиң. Ымм…

Кийинки кездери Шириндин жараткан образдары көптөгөн театр сүйүүчүлөрүнүн

жүрөктөрүн жылытып келет. Алсак: Чынгыз Айтматов “Кайрылып куштар келгенче” – Каныкей, Кертолгоо зайып, Манасчы, К. Иманалиев “Туу Жыгар” – Бишкек Баатырдын энеси – Кубул,  “Шахидка” – азгырык аял, С.Ахмад “Келиндер козголоңу” – Фарманбүбү,  Ж.Кулманбетов “Алай ханышасы” – Кошокчу, “Жантектин керээзин” – Жийде, Жаңыл, “Сырдан чыккан чыр” – Акинай, “Төлгөчү” – Келин, “Атталбай калган ок” – Мастан кемпир, “Чолпонбай Түлөбердиев” – Акмаңдай жеңе, Ато Хамдам “Түнкү конок” – Махабат, М.Тойбаев “Исхак Раззаков” – Рабия Менсейитова, ж.б.

Биринчи сахна! Биринчи спектакль! Биринчи роль!

Ушул образдардын ар бирин жаратууда албетте Ширин өзүн чоң артисттерге теңеп, толкундануу анын жан дүйнөсүн бийлеп, чоң сахнага батпай кыжаалаттанды.

Баарынан да эң алгач сахнага чыккан кезде өзүн чоң артист сезип, өзүнөн башка эч ким жоктой ырахатканга баткан күндөрүчү?.. Бул бир ажайып учурлар эле да! Оо, андай кезде тим эле өзүңдү “СССРдин эл артистиндей” сезет эмессиңби. Ананчы! Баштан өткөн да.

Мына эми такшалган кез.

Бирде заңкылдатып кошок айтса, бирде Кубул эне, бирде шудуңдаган азгырык аял, а, бирде маңкайкайган Рабия Менсеитова!

Мына – САХНА! Мына – ТЕАТР! Сахнага кандай чыктың, баарына сен өзүң кожоюнсуң. Сен дегеним – сенин образың сенин кожоюнуң! Кандай бассаң, кандай күлүп, кандай сүйсөң (образың) сенин гана каалооң!

Бир кездеги сени театрга жетелеген кыялыңдагы образдар али алдыда Ширин.

Ширин: – Мугалимдер, чоңойгондо ким болосуң? – деп сурашса, мугалим анан ырчы болом дечүмүн. Алиппени 5 жашымда окуп тамгалардын баардыгын билчүмүн. Эсимде… 2 –классымда апамдын шиш така туфлисин кийип алып, чоң апамдын чоң көз айнегин тагынып, көзүмдү тостойтуп алып, айылдын жалаң экиге окуган балдарын чогултуп алып, ашканада сабак өтчүмүн.

Сиңдимди эшикти каратып койчу элем, апам жумуштан келатса айтасың деп. Балалык кезимде башка балдардай болуп эркелебедим, сабак бүтөөр менен үйдү карай чуркаган боюнча жөнөөр элем, анткени мал сугаруу, көмүр алуу, отун жаруу менин мойнумда эле.

 

Жоопкерчилик!

О – оо! Ошол кезде эле жоопкерчилик эмне экенин бала болсоң да сезип, мойнуңа алган турбайсыңбы. Азыркы учурда минтип сахнадан коркпой образдарды жаратып, канчалаган студенттерди окутуп жатканың да ошондон эмеспи, Ширин. Ар бир иште жоопкерчилик канча күчтүү болсо, эмгектин татымы ошончо зор болот.

Ширин, курстун алды болду. Театралдык студияда окуп жүргөндө өзгөчө сезимталдыгы, окууга, ишке болгон өтө жоопкерчиликтүүлүгү менен курдаштарынан айырмаланып турчу – дешет, окуткан мугалимдери.

Ооба, мен мен деген Залкарлардан сабак алганына терисине батпай Ширин кубанса, жетекчи мугалими КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Замира Акылаева, КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров, көркөм окуу сабагы боюнча КР эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов, сахна тили сабагы боюнча КР эл артисттери Гүлшара Дулатова, Турганбүбү Бообекова, ыр сабагынан КР эл артисти Эрмек Мойдунов, бий сабагынан КР эмгек сиңирген ишмери Сапарбек Абдужалилов жана Алла Момуновалар келечекте кыргыз эли сыймыктана турган даагы бир талант өсүп келе жатканына окуткан мугалимдери чын жүрөктөрүнөн кубанышты. Шакиртиңдин мыкты чыкмасы – ар бир Устат үчүн чоң сыймык жана сыйлык!

Ширин: – Мен, 1990 – жылы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебине 1 – класска баргам, орто мектепти бүткөнчө аркандай кароо сынактарга, кружокторго, райондук, областтык, республикалык конкурстарга катышып жеңүүчү аталып жүрдүм. Аябагандай тырышчаак кыз элем, айылдын кара жумушу, күнүмдүк үй чарбачылыгындагы оокаттар мени жашоого чыйралтты. 6 – классымда комуз черткенди үйрөнүп алдым, кой кайтарып жүрүп комуздун коштоосунда тоону жаңырта ырдаганым алигиче эсимде – дейт Ширин.

Менин каарманым Сарыгулова Ширин Асанбек кызы 1983 – жылы 5 – октябрда Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу. Апасы айылда бейтапканада аялдардын доктуру болуп иштеген. Атасы 2011 – жылы оорусуна байланышту каза болгон. Бул да болсо тагдыр! Албетте Шириндей кызынын бүгүнкүдөй ширин кезин чоң сахнадан көрүп, чоң кубанычка батканда эмне. Арман!..

Тили чыккандан баштап ыр жандуу болуп чоңойгон Ширин 3 – 4 жашында теледе ырчылар ырдап жатса экрандын бетин өөп, – Бул мен! Бул менмин! Мен ырдап жатам карагыла! – дей берчү экен. Анан да кайсы ырчы ырдап жатканын таанычуумун десе, карап туруп, – Бул чын эле жөн кыз эмес! – деген ойго келесиң.  

Ооба. Ширин чындыгында эле жөн кыз эмес. Талантка ширелишкен, көп кырдуу өнөр ээси – келечектеги барктуу, даңктуу – Кыргыз кызы! Кыргыздын өнөрлүү кызы!

Айтылуу Кожомкул балбан атабыз чыккан кең Суусамырдан не деген адамдар

чыккан. Ошолордун мисалдуу жолун жолдоп, эл намысын, ата намысын коргогон биздин Ширин учурда чыгармачылыкка баш оту менен кирип, жүрөк жылытаар жемиштүү эмгектерди жаратууда. Аз эле убакыттын ичинде жаштыгына карабай жумурай журтка өнөрү менен таанылып, көптөгөн Фестивалдардын Лауреаты, Дипломанты болуп келет. Ар бир эмгектин акыбети кайтып, учурунда жылуу сөз уккандындын өзү канчалык бакыт. Маданият чөйрөсүндө өз тендүү курбуларынан калган жок. Ар дайым биринчилерден болуп келе жатат.

2007 – жылы II – Республикалык Театралдык Фестивалында “Аялдын экинчи пландагы ролу” үчүн кызыктыруучу сыйлыкка ээ болсо, 2010 – жылы Маданиятка кошкон салымы үчүн, маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Чүй областтык Мамлекеттик Администрациясы тарабынан “Ардак Грамота” менен сыйланды.

Көп өтпөй 2011 – жылы “Бакен Кыдыкеева” атындагы сыйлыкка татыды. (Төш белгиси жана Диплому).

Мен Ширинди көп кырдуу өнөр ээси деп бекеринен айтканым жок. “Тулпар тушунда!” – демекчи, Ширин ар жылы ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылган кыз. Бул аракети аны тээ бийиктиктерге алып бараарына да ишенимим чоң. Аракетсиз эмгек жаралбайт. Чыгармачыл адам ар күнү жаңы төрөлүп туруусу керек! Өнөр деген эмне? Өнөрлүү ким? Бири жаратуучу, бири жаралуучу. Биздин Ширин бул эки сөздүн төркүнүн жакшы билет жана улам жаралуудан чарчабаган адам деп ойлойм.

Өткөн жыл дагы, 2013 – жыл Ширинге көп ийгиликтерди алып келди. Ошону менен бирге көптөн күткөн сыйга татыктуу болду. Бул көптөн бери берилип жаткан өзүнүн устаты Гүлшара Дулатова атындагы сыйлык эле. Бул жылы Ширин “Гүлшара Дулатова” атындагы Республикалык сыйлыктын Лауреаты болду. Анын артынан эле көкүрөгүнө “Маданияттын мыкты кызматкери” – Төш белгиси тагылды.

Мындай сыйлык жаңы өсүп келе жаткан талантка Маданият министрлигинин көрсөткөн чоң сыйы болду жесек жарашат.

Мен бул жерде Шириндин башта айткан сөздөрүнөн бир мисал келтирги келип турат.

Балалык кезимде башка балдардай болуп эркелебедим, сабак бүтөөр менен үйдү

карай чуркаган боюнча жөнөөр элем, анткени мал сугаруу, көмүр алуу, отун жаруу менин мойнумда эле.

Мына! Ал кезде балалыгыңдын милдетин аткарсаң, учурда сен бүтүндөй бир өнөр ээсинин милдетин аткаруудасың Ширин. Сен чоң жолго, болгондо да – Өнөр жолуна! – чыктың. Сенин мойнуңда, жоопкерчилигиңде бүтүндөй кыргыз элинин ишенчи турат. Бул өтө оор жүк! Сен ошону көтөрүп кетүү керек! Жогоркудагы сыйлыктар ошол ишенимдин бир шооласы! – Төбөңдөн Нур жаасын! – деп, бата беришет. Толук Нурга чөмүлүүгө канча мээнет, канча кубат, аракет керек билесиңби? О – оо, өтө көп. Көп араке, аны көтөрүүгө көп кубат керек! Сен ошону көтөрө турган кызсың. Сени Манас атаң кубаттап турат. Сен чыгасың. Мен ишенем.

Дагыда билем, – Талантка сүрөө керек! Чоң сүрөө! Талантка сүрөө керек! Ак жол, сага Ширин кыз! Ак жол!!!

КЫРГЫЗЫМДЫН КЫЗЫ БОЛ!

(Актриса, ырчы, манасчы Ширин Сарыгуловага)

Ар замандын мактанып айта турган,

Акылманы, ар талантты болот тура.

Чоң жарыштан озуп келген күлүк сымал,

Колдо, бабам!

Кыз Сайкалың – Ширин кызың мисал буга.

Катар кармап, көп өнөрдүн чылбырын,

Ураан айтып, Улуу Манас атынан!

Бир тайманбас көк жал тура капырай…

Оо, Кыргызым!

Бул кызда жатат далай өнөр катылган!

Бир кезекте менин да болгон жөлөгүм,

Басканынан Дулатова Гүлшараны көрөмүн.

Гүлшара апам, – Менин апам! – деп келет,

Сахнанын алпы!

Оо, Залкарым! Канчасын чындап төрөдүң?!

Мактан кыргыз, мактан Ширин кызыңа,

Манас айтып, катуу чыкты учурда.

Кылым баскан кыргызымды даңктачу,

Колдо, Теңир!

ээ 17Кыргызымдын кызы бол! – деген ушул да!

 

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынара КАЛЫБЕКОВА.

Apr 20

Маараке..

“КЫРГЫЗ КӨЧҮ” МЕКЕНЧИЛДЕР ТОБУНУН НЕГИЗДЕЛГЕН КҮНҮНӨ БҮГҮН
ТУПТУУРА ЭКИ ЖЫЛДЫН ЖҮЗҮ БОЛДУ.
МАЙРАМЫҢЫЗДАР МЕНЕН КАДЫРЛУУ “КӨЧМӨНДӨР”

Ааламтордун «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун төмөндөгү эң жигердүү мүчөлөрүн тобубуздун калыптанышына жана Эне тилибиздин өсүп-өнүгүшүнө тынымсыз зор салым кошуп келе жаткандыктарын эске алып, аталган топтун негизделгенине бүгүн 2 жыл толгондугуна байланыштуу мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» коомдук фонду өздөрүнүн атайын «Ардак грамоталары» жана «Алкыш» баракчалары менен сыйлайт. Сыйлыгыңыздар кут болсун Достор!.

1. Урмат Аманбаева – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
2. Уулкан Амираева – Ардак грамота, Маскөө шаарынан, Оруссия.
3. Кызжибек Мира – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
4. Канат Мурзакул – Ардак грамота, Истамбул шаарынан, Түркия.
5. Эрик Раст – Ардак грамота, Том-Прайс шаарынан, Австралия.
6. Алтынай Темирова – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.

7. Айжан Кулмамбетова – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
8. Чынара Сарбагышова – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
9. Расул Салайдинов – Алкыш баракчасы, Кочкор шаарчасынан, КР.
10. Мирбек Кыргызстан – Алкыш баракчасы, Кара-Кулжадан, КР.
11. Бакыт Мырзатаева – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
12. Гүлжакан Мавланова – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.

13. Хатира Асановна – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан. КР.

ээ 16

 14. Айтмырза Абылкасымов – Ардак грамота, Бишкек шаарынан,КР.
15. Нурзат Мокеновна – Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
16. Алтынай Дүйшеева
– Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, КР.
17. Миргүл Нарынбек
Ардак грамота, Бишкек шаарынан, КР.
18. Калмамат Турдубаев – Алкыш баракчасы, Өзгөн шаарчасынан, КР.
19. Бахтияр Балтабаев – Алкыш баракчасы, Бишкек шаарынан, КР.
20. Самара Насырова – Ардак грамота, Маскөө шаарынан, Оруссия.
21. Азизбек Асабала – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
22. Гүлзина Кадыркулова – Алкыш баракчасы, Маскөө шаарынан, Оруссия.
23.
Мирлан Мазеков – Алкыш баракчасы, Ысык-Көл обулусунан, КР.

ээ 18

Кыргыз Республикасынын Президентинин алдындагы Мамлекеттик тил бойунча
Улуттук  комиссиясынын атайын сыйлыктарына ээ болгон топтун мүчөлөрү:
1. Гүлсана Сарногоева Диплом. Фольино шаарынан, Италия.
2.
Улан Кошалиев – Диплом. Кимчон шаарынан, Корея.
3.
Аида Ахмад Жамал – Диплом. Абу-Даби шаарынан, БАЭ.
4. Жаныбек Жанызак  – Ардак грамота. Бишкек шаарынан. КР.
5. Жыргалбек Ажимат – Ардак грамота. Маскөө шаарынан, Оруссия.

6. Бектурсун Алибеков –  Ардак грамота. Майлуу-Суу шаарынан, КР.ээ 15

 ээ 17

Apr 17

Алгачкы азем..

«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун алгачкы басмадан чыгарган китебинин жана чакан Кеңсесинин ачылышында тартылган видео көрсөтүүлөр. Автору Жаныбек ЖАНЫЗАК.

1. Ачылыштагы Атам менен Апамдын сөзү.



Apr 12

Ыр жыйнак..

КӨҢҮЛ БУРГУЛА «КӨЧМӨНДӨР» ЖАНА ЗАМАНДАШТАР!.

Кадырлуу Достор, урматтуу ыр ышкыбоздор! Үстүбүздөгү жылдын күрдөөлдүү күзүндө, ар жыл сайын 23-сентябрда белгилене турган Мамлекеттик тил күнүнө карата «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жана топтун ардактуу мүчөсү Гүлсана Сарногоева эже экөөбүздүн демилгебиз менен төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, Ааламторду байырлаган таланттуу кыргыз акын ага-эжелерибиздин, уул-кыздарыбыздын ырларынан чогултуп, атайын ыр жыйнак китеп чыгарууну туура көрүп, ушундай жыйынтыкка келдик. Аталган китепти чыгаруудагы эң башкы максаттарыбыздын бири мындай: Кудай буйуруп, ушул ыр жыйнак жарык көрүп калса (канча нускада чыгаары азырынча белгисиз) толугу менен өлкөбүздүн жети обулусундагы айыл  мектептеринин китепканаларына бөлүштүрүп, бекер таратып жана жеткирип беребиз деген аруу тилегибиз бар. Төмөндө ыр жыйнактын шарттары жана аталган жарыйанын эреже-жоболору менен толук тааныштырып кетейин:

ээ 15

Ырларды кабыл алуунун эрежелери жана шарттары: 

1. Улуттугубузду, улуттук тилибизди, ыйык мекенибизди жана жарандардын бири-бирине жакшы мамиле жасап, сыйлоону, урматтоону даңазалаган 6-8 куплеттен ашпаган эң мыкты деп эсептелген эки ыр жөнөтөсүздөр. Ырлар кыргыз ӨҢҮ_тамгалары менен гана жазылууга тийиш жана эч бир катасы, үтүр-чекити, сөз ортосундагы боштуктары, кыскасы кымындай дагы кемчилиги жок, толук текшерүүдөн өткөн абалда жөнөтүлүшү керек. Эгерде бир эле ката же болоор-болбос кемчилик болуп калса ырларыңар кабыл алынбайт жана токтоосуз кайра артка жөнөтүлөт. Себеби, ар бир акын ыр жазып койуу менен эле чектелбестен Эне тилибизди сүйлөөдө, жазууда жана башка учурларда кыйнтыксыз туура пайдаланууну, катасы жок жазууну жана ошондой эле үйрөнүүнү эч качан эсибизден чыгарбашыбыз керек. Демек, бул биздин, ар бирибиздин Мамлекетик, ыйык Эне тилибиздин бүгүнкү тагдырына, анын гүлдөп, өнүгүп-өсүшүнө кошкон эбегейсиз зор салымыбыз деп билүүгө тийишпиз.

2. Акын өзүнүн жеке сүрөтүн кошо жиберет. Сүрөт сапаттуу жана түстүү болушу кажет.

3. Акындын өзү жөнүндөгү кыскача маалыматы, учурда жашаган өлкөсү жана шаары.

4. Акындардын ырлары ушул жылдын 1-августуна чейин кабыл алынат.

5. Китетин көлөмү акындардын кабыл алынган ырларына жараша болот. Ар бир акынга экиден бет берилет. Китептин тышын катуу мукабада жана түстүү кылып чыгаруу болжолдонууда.

6. Кабыл алынып, жактырылган ырлар акындын сүрөтү менен кошо ушул жерге, «Кыргыз Көчү» айылына (сайт) беш акындын ыры топтолгондо чогуу бирден жарыйаланып турат. «Кыргыз Көчү» тайпасына жарыйаланбаганынын себеби, ырлар улам жарыйаланганы улам түпкүргө түшүп кете берип, аларды окуп, ар дайым таанышып туруу дээрлик мүмкүн болбой калат. Ал эми «Кыргыз Көчү» айылына каалаган учурда кирип каалагандай окуп, бир эле учурда ырлардын баары менен толук таанышып туруу мүмкүнчүлүгү бар жана ыңгайлуу.

7. Акыркысы, аталган ыр жыйнакты бастырып чыгарууга албетте демөөрчүлөрдүн колдоосу керек. Эгерде кимде-ким демөөрчүлүк кылууну каалаган болсо каалаган суммадагы каражатын кошууга болот. 500 сом дагы акча. Демөөрчүлөрдүн каражатын топтоо 1-августан кийин башталат.


Акындардын ыр жыйнагын чыгаруу демилгесин көтөргөн жана демөөрчү катары алгачкылардан болуп аталган иш чарага кошо турган Азаматтардын акчалай каражаттарынын тизмеси:

1. Гүлсана САРНОГОЕВА 150 евро, Италия, Фолиньо шаарынан.
2. Асыран АЙДАРАЛИЕВ
150 евро, Финляндия, Келсинки шаарынан.
3. Аида Ахмад ЖАМАЛ 150 евро, БАЭ, Абу-Даби шаарынан.
4. Нурланбек КАЛДЫБАЕВ 1000 сом, КР, Ош шаарынан.
5. Сайрагүл МАТИКЕЕВА 100 доллар, Атланта шаарынан, АКШ.
6. Элнура ОРМОНОВА – 1000 рубль, Оруссия, Кызыл-Жар шаарынан.
7. Калмамат ТУРДУБАЕВ 1000 сом, КР, Өзгөн районунан
.
8. Айсалкын СООРОНБАЕВА — 1000 рубль, Оруссия, Маскөө шаарынан.
9. Айжан МАМАСАДЫКОВА — 1000 рубль, Оруссия, Маскөө шаарынан.
10. Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ 1000 сом, КР, Аксы районунан.
11. Гүлжакан МАВЛАНОВА — 2000 сом, КР, Бишкек шаарынан.
12. Улан КОШАЛИЕВ — 2000 сом, Корея, Кимчон шаарынан.
13. Чынара КАЛЫБЕКОВА — 1000 сом, КР, Бишкек шаарынан.
14. Урмат АМАНБАЕВА — 40 000 сом, КР, Бишкек шаарынан.

алданкашарым
ээ 68
ээ 55