Сараңдык..

Насыпбек АСАНБАЕВ

Насыпбек АСАНБАЕВ

АЛАР ЭМИ КӨК ЖАЛ ЭМЕС!

Билбедим кайсыл заман, кайсыл аймак,

Жер анда жаралган дейт каймак каймак.

Бооруна жандуу жансыз жайланышып,

Адамга акыл берип, Теңир шайлап.

 

Замана азыркыдан башкача дейт,

Жер бети жамандыктан таптаза дейт.

Миң түркүн жан-жаныбар аралашып,

Жашаган коюн-колтук кармаша дейт.

 

А бирок, напси менен шайтан айдап,

Адамда бара жатты көз карайлап.

Чалкыган кенен дүйнө турса дагы,

Мал жыйып, оокат жыйып тырмалаңдап.

 

Ошондой адашкандын бирөөсүнүн,

Акылын байлык-бийлик баскан дешет.

Ашынып, ого бетер сугу артып,

Ыйманын көр дүйнөгө саткан дешет.

 

Эң алгач жай баракат момун койлор,

Жапайы, жайнап оттоп жаткан дешет.

Жанагы сараңдыгы арткан бирөө,

Баардыгын менчигине баскан дешет.

 

Ошентип малдуу болуп бир заматта,

Сараң жан көп сан койун багып жатса.

Капилет тоо боорунан иттер чыгып,

Койлорго кол салыптыр бир канатта.

 

Ал кезде иттер деле карышкырдай,

Курч тиштүү, ал кубаттуу болгон дешет.

Жаралып тоо койнунда эркин жашап,

Жегени Теңир берген койлор дешет.

 

Көп кырбай тоюшунча тумшук салып,

Кудайдын бергенине канааттанып.

Кайрадан тоо койнуна кетишчү имиш,

Кубаттуу, эркин иттер шашпай басып.


А бирок, эми баары андай эмес,

Адамдын бузулганы кандай мерез.

Бардыгын өзү жасап алган сымал,

Сараң жан бир да койду бермек эмес.

 

Түнкүгө таштан короо салдырды дейт,

Күндүзү кайтарып көз талдырды дейт.

Айланып миң сан малын коргой чуркап,

Туягын бирден санап кайгырды дейт.

 

Антсе да жалгыз жанга оңой эмес,

Кубаттуу көк жал иттер койор эмес.

Күнү-түн, көз ирмебей жатса дагы,

Бардыгы ойлогондой болор эмес.

 

Акыры адам деген адам тура,

Кысталса табар жолу амал тура.

Кууланып, карөзгөйлүк кылам десе,

Капталган шордууларга залал тура.

 

Айткандай сараң жан да амалданды,

Иттердин алдын тосуп жагалданды.

Атайын таш короону камдап койуп,

Койлордон күндө союп даярданды.

 

Салкындап таш короонун бир капталын,

Ысыкта көлөкөлөр жай камдады.

Астына таза суудан күндө куйуп,

Чаңкаса моокум канар сай камдады.

 

Иттерге эми жыргал болду белем,

Кубалап күндө койду чаң ызгыбайт.

Жөн гана ыңгыранып шашпай келип,

Союлган койдун этин тойо бурдайт.

 

Артынан суусундукка суу да даяр,

Болуштун кереги жок эми аяр.

Желпилдеп ары бери чуркай бербей,

Жатышат көлөкөдө  баары сыяр.

 

Ошентип күндөр өтүп, айлар жылат.

Эми иттер жатышат дейт сулап-сулап.

Ыкшоолук жедеп басып, уйку тартып,

Алдына келген этке араң турат.

 

Баягы көк жалдыгын унутушуп,

Тыгылып  таш короодо буюгушуп.

Артынан келе турган жаңы муундар,

Төрөлдү ошол жерде улуп-уңшуп.

 

Арадан билбейм канча мезгил өткөн,

Кар эрип, келген дешет эчен көктөм.

Мурунку бөрү сымал көк жал иттер,

Ныксырап, ыкшоо тартып жедеп бүткөн.

 

Каруулар баягыдай балбан эмес,

Жүрөктүн өткүрлүгү калган эмес.

Арсайып сөөк кемирген тиштер гана

Илгерки көк жалдыктан калган элес.

 

Ошентип сараң жандын ишке ашты,

Эзелки көптөн күткөн ой максаты.

Карсылдап, уруп согуп башкара бер,

Өткөнүн тарс унуткан «айбандарды»

 

Эми алар көк жал эмес коркунучтуу,

Даярга көнүштү алар бир укмуштуу.

Бир кесим эт таштар деп карап турат,

Жалдырап өзүн гана аянычтуу.

 

Унуткан мекен жайын, адаттарын,

Илгерки төрө сымал сапаттарын.

Ыркырап, бир сөөктү да талашышат,

Кыркышып бир-биринин канаттарын.

 

Мына эми ошол күндөн ушул күнгө,

Ит заты адам жандап калган дешет.

Сагалап короо жайдан карыш жылбай,

Күткөндү адат кылып алган дешет.

 

Оо тууган, эми менин кебимди ук,

Тамсилден улап чыгар бүтүмдү ук.

Кокустан катуу айтсам капа болбой,

Сөз менен согуп өткөн күчүмдү ук.

 

Карачы биз да минтип батыш жакты,

Ит сымал этти күткөн жалдырайбыз.

Илгерки өтүп кеткен наркыбызды,

Унутуп, жалтаң тиктеп калтырайбыз.

 

Алар ким, алар таш боор алдап согор,

Ал күчүң, акырындап алып койор.

А көрө бөрүлөрдөй баш бербейли,

Капканда каруусун да чайнап койор.


Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *