Атадан алтоо болсоң да,
Ар жалгыздык башта бар .
Асманга колуң созсоң да,
Аңдабайт аны башкалар.
(Чөнтөк дептерден)
Он бала элек, он бала. Уялаш он бир тууган элек. Бир эжемин көзү өтүп, калган тогузубуз ушу тапта ар кайсыл жакта чилдей чачырап жүрөбүз. Нетсе да тириликтин убарагерчилиги ушундай турбайбы. Андыктан дайыма тууган туушкандар менен биргеликте күн кечирүү деле оңойго турбайт шекилдүү. Эх, ата! Ушундан улам бала чагым эсиме түшө берет. Асыресе, набаттай таттуу бала чагымды аябай сагындым. Кайрадан бала чагыма кайтып, он бир тууганым менен бир үйдө, бирге жашоону самап жүрөм, кыялымда. Үйдүн эң кенжеси болгонуман улам бала чагымда өтө эле эрке элем. Менден улуу агамдар, эжемдер болушунча эркелетишип, каалаганымды жасап, эркин өстүм. Мектепке да биринен сала бири колго алып, желкесине көтөрүп барышчу эле. Мектептен келгенден соң, кийим-кечегими которуп, колума бир сындырым токочту алган бойдон дароо көчөгө зуу койчум. Себеби, көчөдө мени оюн күтүүчү. Оюн демекчи, айылыбыздын чаң баскан көчөлөрүндө өзүм курдуу балдар менен ар түркүн оюндарды ойночубуз. Мага баарынан да «бара» тепмей оюну итабар жакчу. Койдун терисинен тегирмендин барасына окшото ай тегерек кылып, кыркып алып, ортосуна коргошундан куюлган топчуну кадап, тепчүбүз. Ар тепкен сайын «барабыз» өйдө көздөй жеңил көкөлөп, кайра ылдый келе жатканда жерге тийгизе койбой, бутубуз менен кайра тээп, канчага чейин тепкенибизди саначубуз. Натыйжада кимибиз көп тепсек, чемпион сыпатында эсептелип эрдемсинчүбүз. Бирок бир жаман жери «бара» тепкенден бут кийим тез жыртылчу. Ошентип жүрүп, далай бут кийимдин түбүнө жеттик го. Анүчүн апабыздан канчалаган кагуу укпадык дейсиң. Бирок да бала эмеспизби. Апабыздын тилдегенин кулактын сыртынан кетирип, кайрадан кызыктуу оюнубуздун шарына агыла берчүбүз.Негизинен, «бара» тепмейден сырткары да биздин балалыктын оюндары толтура эле. Ар бирин эске түшүрүп, жазчудай болсом, кагаз бети чак келбестир, ов. Азыркы компьютердик заманга ыкташкан чакта, азыркы балдар биз ойногон оюндарды ойношпосо деле керек. Көрсө, ар замандын өз-өзүнчө өзгөчөлүгү, өз-өзүнчө оюндары болот тура. Азыркы балдарга эмне, уюлдук телефонун чукулап, же болбосо компьютерден көз албай көркөм тасма тиктесе жетет. Белдери уюп, дене-бою талыкшып, бир орунда отура бергенден көчүктөрү талыганына да кайыл. Дене-бойлорунда кан текши тегиз айланбай, эрте жашында эле бүкчүйгөн абышка-кемпирдин кийишип, карылыкка баш коюп жатышканы менен дегеле чатагы жоктой. Айтор, бу жаатта кеп учугун чубасак, узун сабак кеп болор.