Аңгеме.

ЖАЛГЫЗДЫК

Атадан алтоо болсоң да,
Ар жалгыздык башта бар .
Асманга колуң созсоң да,
Аңдабайт аны башкалар.
(Чөнтөк дептерден)

Он бала элек, он бала. Уялаш он бир тууган элек. Бир эжемин көзү өтүп, калган тогузубуз ушу тапта ар кайсыл жакта чилдей чачырап жүрөбүз. Нетсе да тириликтин убарагерчилиги ушундай турбайбы. Андыктан дайыма тууган туушкандар менен биргеликте күн кечирүү деле оңойго турбайт шекилдүү. Эх, ата! Ушундан улам бала чагым эсиме түшө берет. Асыресе, набаттай таттуу бала чагымды аябай сагындым. Кайрадан бала чагыма кайтып, он бир тууганым менен бир үйдө, бирге жашоону самап жүрөм, кыялымда. Үйдүн эң кенжеси болгонуман улам бала чагымда өтө эле эрке элем. Менден улуу агамдар, эжемдер болушунча эркелетишип, каалаганымды жасап, эркин өстүм. Мектепке да биринен сала бири колго алып, желкесине көтөрүп барышчу эле. Мектептен келгенден соң, кийим-кечегими которуп, колума бир сындырым токочту алган бойдон дароо көчөгө зуу койчум. Себеби, көчөдө мени оюн күтүүчү. Оюн демекчи, айылыбыздын чаң баскан көчөлөрүндө өзүм курдуу балдар менен ар түркүн оюндарды ойночубуз. Мага баарынан да «бара» тепмей оюну итабар жакчу. Койдун терисинен тегирмендин барасына окшото ай тегерек кылып, кыркып алып, ортосуна коргошундан куюлган топчуну кадап, тепчүбүз. Ар тепкен сайын «барабыз» өйдө көздөй жеңил көкөлөп, кайра ылдый келе жатканда жерге тийгизе койбой, бутубуз менен кайра тээп, канчага чейин тепкенибизди саначубуз. Натыйжада кимибиз көп тепсек, чемпион сыпатында эсептелип эрдемсинчүбүз. Бирок бир жаман жери «бара» тепкенден бут кийим тез жыртылчу. Ошентип жүрүп, далай бут кийимдин түбүнө жеттик го. Анүчүн апабыздан канчалаган кагуу укпадык дейсиң. Бирок да бала эмеспизби. Апабыздын тилдегенин кулактын сыртынан кетирип, кайрадан кызыктуу оюнубуздун шарына агыла берчүбүз.Негизинен, «бара» тепмейден сырткары да биздин балалыктын оюндары толтура эле. Ар бирин эске түшүрүп, жазчудай болсом, кагаз бети чак келбестир, ов. Азыркы компьютердик заманга ыкташкан чакта, азыркы балдар биз ойногон оюндарды ойношпосо деле керек. Көрсө, ар замандын өз-өзүнчө өзгөчөлүгү, өз-өзүнчө оюндары болот тура. Азыркы балдарга эмне, уюлдук телефонун чукулап, же болбосо компьютерден көз албай көркөм тасма тиктесе жетет. Белдери уюп, дене-бою талыкшып, бир орунда отура бергенден көчүктөрү талыганына да кайыл. Дене-бойлорунда кан текши тегиз айланбай, эрте жашында эле бүкчүйгөн абышка-кемпирдин кийишип, карылыкка баш коюп жатышканы менен дегеле чатагы жоктой. Айтор, бу жаатта кеп учугун чубасак, узун сабак кеп болор.

Башта он бир тууганбыз дебедимби. Түнүндө жат-жатка келгенде ошол он бир тууган бир төшөккө жатчубуз. Спорт залдын килемчесине түспөлдөшкөн узун төшөктүн берки четинде атам, аркы четинде апам жатчу. Айрыкча, апам кыргыз эл жомокторун көп айтчу. Балалык дилиме ошондогу жомоктор өзгөчө орноп калыптыр. Балким, менин жазуучу болуп калышыма да дал ошол жомоктор себепчидир. Апам айтып берген жомокторго чексиз таасирленип, жомоктогу кейипкерлердей адил адам болгум келчү. Анткени, апам айтып берген жомоктордун баары адилдиктин, адамдыктын улуу үлгүсүн туу туткан тыянакты туюнтчу. Азыр ойлосом, апам бизди бала чагыбыздан бери эле адам болууга үндөп, татыктуу тарбия берген экен. «Уядан эмнени көрсө, учканда ошону алат» дегендей апабыздын тарбиясына каныгып бой жеткен уул-кыздары жаман болбодук. Ушу тапта баарыбыздын коомдон алган өз ордубуз бар. Кайда барбайлы, кай чөлкөмдү байырлабайлы, кайсыл ишке киришпейли аброй таап, атабыз менен апабыздын атына көлөкө түшүрбөй, өтөлгөлүү өмүр күндөрүн кечирип келе жатабыз. Кейиштүүсү, бизге жомогун айтып, адам болууга үндөгөн апабыздын көзү жок, азыр. Атамын көзү өткөнүнө отуз тогуз күн толгондо апам да кете берди, келбеске сапар тартып. Оо, ошол кезди эстегим келбейт. Эстесем жүрөгүм эңшерилип, кабыргам кайышып, каңырыгым түтөйт. Анда мен он бир жашты жаңы гана желкелеп калган учурум. Апам менен атам өткөн соң балалыктын набаттай таттуу дооранына чок түшүп, күйүттүү күндөр башталды. Күнүгө ата-энеми эстеп, кайгынын көлүнө чумкучумун. Көзүмөн ысык жаштар куюлуп, «Качан ата-энеми көрөт экем?» дей берчүмүн. Бала экем да, өлүм эмне, өмүр эмне экенин так ажырымдай албаган. Мага ата менен апам бир жакка айылчылап кетип, кайсыл бир күнү кайрадан жарк этип кирип келчүдөй сезилип, үйдөн тышты карай элеңдей берчүм. А бирок алар келишпеди. Жаз өтүп, жай келди. Жай жылып, күзгө кезек берди. Күз бүтүп, кыш өз бийлигин жүргүздү. Жылдын төрт мезгили ушинтип кезектешип тегеренди. Ал эми ата-энем эч келишпеди. Үмүт гүлүм соолугансып, көкүрөгүмө кусалык оту чырмооктордой оролду. Ошондонбу, азыр деле алардын өлгөнүнө эч ишенгим келбейт. Анткени, алар мен үчүн дамамат тирүү бойдон. Мен тирүү кезде алар да тирүү. Алар өтөбөй калган өмүр жаштын калганын мен улап, алар көрбөй калган улуу Күндүн нурун мен шимирип, алардын атын өчүрбөй бүтүндөй жан дээрим менен өлбөстүктүн үрөнүн сээп келе жатам. Демек, тукум улар уулу бар да, чырагына май тамызар кызы бар да, эч бир ата-эне эч качан өлбөйт экен го. Андыктан, ата-энелик эстафетаны укумдан-тукумга өткөрүп, өмүр тегирменинде түбөлүк кайнай берели, оо, адамзат!

 Эми жалгыздык маселеси тууралуу ой калчасам. Ар бир адамды жалгыздык деген неме дайыма көлөкөдөй коштой берери эп окшобойбу. Көп балалуу үй-бүлөдөн чыкканыма карабастан дайыма өзүмдү жалгыз сезе берем. «Жалгыздын жары Кудай» демекчи, жалгыз гана Жаратканга жалынам. Анын үстүнө бүгүнкү күндөрү улуу Орусиянын борбору калаасы Москвада жалгыз жашап жүрөм. Бир туугандарымын баары ар кайсыл чөлкөмдү байырлашып, менден алыста. Келинчегим болсо бир кыз, бир уулуму бапестеп, Бишкектеги үйүмдө. Бир аз тириликти оңдоп, оокат-чарба күтүп алуу ниетин көздөп, максаттуу түрдө алардан алыстап, акча артынан сая кууп жүрөм. Буюрса, аз аралыктын ичинде өскөн жерге кайра кетерим айдан ачык маселе. Кудурети күчтүү Кудай ошол күндөрдү насип этсин. Мен сыяктуу талаалап, кара жанын карч уруп, үй-бүлө түйшүгүн желкеге арткан адамдар канча. Баарысынын тилеги жүзөгө ашып, тапкандарына береке нуру жаай берсин! Кайда болсок да аман болгонубуз ийги иш. Жалгыздык демекчи, адам өзүн канчалык жалгыз сезген сайын акылына акыл, талантына талант кошулчудай сезилет. Жалгыздыктын кучагына оролгон кезде мээ чөйчөккө ар түркүн ой ширеси тамып, аруулук, назиктик, жан-дүйнө маселесинин тегерегинде ой калчап каласың. Латын жазуучусу, Нобель сыйлыгынын ээси, атактуу «Жалгыздыктын жүз жылы» бестселлеринин автору Габриэль Гарсиа Маркес тастыктагандай жалгыздыкта гана адам асманга кол созот. Жалгыздыкта гана адам ойго батат. Ал эми ойлонуунун натыйжасы эч убакта жаман болгон эмес. Ой менен жашаган, ар кадамын ойлонуп алдыга таштаган адам коомго пайдадан бөлөк залал келтирбейт. Ылайым, ойлонбой калгандан Кудай сактасын! Ойлонбой, ойду-тоону бир эңсеп, топ-тобу менен топурап жүргөн бир ууч саясатчыларыбыздан не пайда таптык? Алакандай элибизди ар кайсыл жакка чилдей таратып, калк казынасын талап-тоношуп, бир заматта күнөстүү өлкөбүздүн бакубат экономикасын эңшерилтип ийишкени төгүнбү? Дал ошол саясатчыларыбыз жалгыздыктын кучагына күнүнө бир маал бир сааттан болсо да сүңгүп, ой ааламында жашашса, дал бүгүнкүдөй татаал турмуштун капшабына эч убакта кабылбайт белек, кайран кыргызым! Ушундан улам эгер биз дагы, бир атадан, бир энеден тараган он бир туугандар дамамат бир болуп, топтолушуп жүрсөк күнү бүгүнкүгө дейре бири-бирибиздин баа-баркыбызга жетпей, ал же бул маселенин айынан жаман-жакшы айтышып, сый-сыпаттан ажырасак керек эле деп ойлойм. Ошол себептүү ара-чолодо бир көрүшкөн, сагынып-сагынып жашаганга көнүшкөн ушул учурдагы жалгыздап жашаганыбыз туура окшойт. Эң негизи дилдеги бир туугандык ыйык сезимибиздин канаттары кайрылбай, ак шумкардай талбай шукшурулсун, өмүр мейкининде. Бар болгула, бир туугандарым! Жашасын, жалгыздык…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *