Дос торгой.


“Бала кездеги илимиң таш бетине чегилген сүрөт сыңары”.           СААДИ

“О, өлүгүңдү гана көрүп берейин, кымындай кылган кызматың жок каякта эле жүрөсүң үй бетин көрбөй, тентип”- деген чоң апамдын оңду-сол ачуу тили кулактын сыртынан кайып өтүп, “кабагым” деп койбостон карала боз үйгө “лып” кирип барып, капшыттагы кызылала чүпүрөк тасмал менен орой жабылган чарадагы жапма көмөчтөн бурдай сугунуп, жалпыйган жашыл сыр мискейдеги саамал кымыздан чөгөлөй калып чөмүчтөп жутуп, ток пейил тарта акырын жылып сыртка чыгып, бозүй артындагы күн жартылай тийген көлөкөдө жаткан көң жапкан эски таарга чалкалай жата калып, көпкөк асманды кадала тиктеп, көшүлүп, дос торгойдун добушун издегенче, “ээ чечек, кайда житип кеттиң дагы, бээ саан болуп кетпедиби, бас эле бас” деп тизесине тултуйта чүпүрөк ороп жаткан жаш апамды, “э балам, чакаларды ала бассаң боло” деп “бурк” этип койгон Токой атамды, “үйгө жолобой эле качып жүрөт, ал деле бээни саадырсын” дешип жапырт атаандашкан чоң-кичине бир туугандарымды, баарын ичимен ашата сөгүп, кызарып-татарып, кыжырым кайнагыча желеге жетип, жөн жетпей жылкынын ар кай жерде чочойгон жаңы чычкан тезектерин чүйрүйгөн жаман керзөтүгүм менен тушкелди чачыратып, оң-тетири байланган жазыксыз кулундарды чандырга тээп тургузуп, төрт желе бээни эптеп саадыра салып, апамдын “үйгө бас” деген үнүн жактырбай, үңүрөйүп, жылкы аралай жашынып, жапсарга кире качып, ошол бойдон жоголгонум жоголгон.

Эч бир жандын эсине келбеген, сезип, туйуп, түшүнүгү жетпеген, кымындай болсо да мен үчүн кыйла кызыктуу жана кыйла татаал “кызматым” бар экенин менин ал “ардактууларым” кайдан билишсин. Болушунча “пок” чукуп, жер чукуп, уучум толо сөөлжан чогултуп, кыбыратып, жыбыратып, курдаштардай, боордоштордой сезилген боз торгой досумдун чөйчөктөй болгон уясына ашыгып, уядагы кызыл эт жыпжылаңач сарооз балапандарына учуп жетип, дабыш чыкканда эле баштары башаламан кыймылга келип, жапырт ооздорун ача чыйпылдашкан төрт кичинекей макулуктун кекиртектерине ирээти менен кертип-кертип сөөлжан сала берип, илмийген ичке моюндары баштарын көтөрө албай, бирине-бири арта сала мемиреп, үйлөгөн шардай чатырай түшкөн курсактары дирт-дирт согуп, эч кыймылсыз жатып калгандары, жамандыка барбасыма толук көзү жеткен боз торгой мени жандай учуп-конуп, жаныма бир аз байрала калып, андан соң көөнү толо көкөлөй учуп, кубулжута сайрап отуруп көк асманга сиңип кеткен дос торгойдун үнү улам катуулап, айланага, андан бүт ааламга жаңырып, достукту даңазалагандай, мени мактап, мен үчүн миң түркүн обон созуп жаткандай туюлуп, балапан менен балапан болуп, магдырап көшүлө уйкуга кирип, уктап калып, каш карайган караңгы күүгүм, селт этип чочуп, үйдү эстеп, жоголду, “тентип, адашып” деген ызы-чуу, күрү-күү үндөр алыстан жаңырып, таттуу кыялымды бузуп, булгап, ошол замат коркуу сезимим күчөп, мурунду “шорк” эткизе жеңим менен бир шыпырып аачып алып, кечки салкынга чыйрыга үйдү көздөй илкип басып бараткандан бери билинип-билинбеген, канчалаган ай-жылдар артта калып кетти…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаары, 21.09.2012.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *