Nov 12

Караш-караш..

ээ 70Сүйөркул ЧОКМОРОВ: «МЕНИН ИНИМ КАНДАЙ АДАМ ЭЛЕ?»

Адам акка моюн сунганда бейит башында турган адамдарга карап үй-бүлө мүчөлөрүнөн же урук-туугандарынан бири:
– Кандай адам эле? – деген суроону таштайт. Маркумдун тирүүсүндө кетирген кемчилиги, жасаган күнөөлөрү болсо да жамы журт жапырт бир ооздон:
– Жакшы адам эле! – деп жооп беришет. Анан ушуга улай:
– Кимде карызы бар эле? – дейт.
– Карызы жок! – дешет.
Ата-бабам жердеп келген ушул алакандай айыл четинде туруп азыр ар түркүн ойго батам. Көзү өтүп кеткен адам туурасында ойго баткан кезде аттиң, азыр тирүү турса болбойт беле деп бир умсунуп алмай адатыбыз бар эмеспи. Чындап эле менин иним кандай адам эле? Менин инимдин кимде карызы бар эле?
“Кандай адам эле?” деген суроону азыр арадан 22 жыл өткөн кезде кайрадан калкыма бир кайрылып бергим келет:
– Оо, журт! Менин иним Сүймөнкул кандай адам эле?

Өткөндө РСФСРдин эл артисти Никита Михалковго Сүймөнкул Чокморовго тийиштүү иш-чаралар туурасында өтүнүчтөр менен кайрылайын деп телефон чалдым. Сүймөнкулдун бир тууган агасы болом десем, телефондун аркы учунан:
– Оо-й! Сиз Сүймөнкулдун бир тууган агасы болосузбу!? Сүймөнкул деген кандай адам эле?! Сүймөнкулдун искусстводогу салмагын эч ким көтөрө албайт! – деди.
Кыргыздын алакандай айылы болгон Чоң-Таштан чыгып, атагы ааламга тараган Сүймөнкул туурасында эскерип отуруштун өзү мен үчүн аябагандай оордукту жаратат.

…Бардыгы, бардыгы кайрадан көз алдыма тартылат. Ушул чакан айылыбыз. Чакан үй ичинде алышып-күрөшүп ойногон күндөрүбүз. Ойносок оюнга тойбойт элек. Сүймөнкул үйүбүздөгү эркектердин ичинен эң кенжеси болгондуктан атам Чокмордун сүймөнчүгү эле. Кызык, ошогезде атабыздын ушул сүймөнчүк уулу бүтүндөй кыргыз журтунун сүймөнчүлүгүнө айланат деп кимдин түшүнө кириптир?! Менден үч жаш кичүү Сүймөнкул бала кезде эле сүрөт тартканга кызыкты. Окууга дилгир эле. Бала чагында эле оору менен алпуруша баштаганын көрүп апабыз менен кошо биз да кейип-кепчип калар элек. Көрсө, адамдын эң чоң бактысы ден соолук тура. Ден соолук деген сөздү эстегенде Сүймөнкулду, Сүймөнкулду эстегенде ден соолук тууралуу ойго кетем. 53 жашка чыгып кан тамырларына 56 операция жасаткан Сүймөнкулдай ден соолуктун баркын ким билээр эле дейсиң!?

1992-жылдын жай айында ошол элүү алтынчы операцияны борбор калаабыздагы республикалык ооруканадан жасашты. Операция абдан оор болду. Баарыбыз инибиз аман-эсен болсо экен, Кудай ага өмүр берсе экен деп тилеп аттык. Ооруканага ат тезегин кургатпай каттайбыз. Операциядан кийин эки-үч күн өтпөй жаны кыйналып аткан инимдин палатасына башбактым. Экөөбүздөн башка эч ким жок. Мен инимди тиктесем, иним мени тиктейт. Ал-абалын сурап, колун кармап жанына отура кеттим.

– Ө-өх!.. – деди үшкүрүп кеберсиген эрди менен шыпты тиктей. Жанын жай алдырбаган дарт шордууну огобетер кыйнап, эти от менен жалын. Мындайда эмне дээриңди да билбей калат экенсиң. Зээним кейип, унчукпай жер тиктейм.
– Мен болбой баратат окшойм, – деди үнүн араң чыгарып. Жүрөгүм кысыла түштү. Мурда эч качан, эч качан мындай кеп оозунан чыкчу эмес. Чындап эле ажал аңдып отуруп акыры инимди алып тынабы? Он жыл бою бөйрөк дартынан ооруканага жумасына үч ирет каттап, канын тазалатып анан үйүнө кетчү. Он жыл бою ушундай тартипке көнүп, эрки болоттой курч Сүймөнкул бул саам ажалга багынып береби дедим ичим муздап.

Сүкө 3– Мен болбой калдым… – деди кайрадан ачуу үшкүрүп. Селт эттим. Жүзүнө үңүлсөм мүлдө кыргыз журтунун сүйүктүү уулу делген инимдин көздөрүнөн жаш шорголоп жаак ылдый агып атат. Олда, каралдым ай! Эми кандай айла кылабыз? Эми эмне болот? Буга чейин бир да жолу эми болбой калдым деп көзүнөн жашын төкпөгөн кайраты күчтүү жан ушул ирет күч-кубаттан тайып, ажалга моюн сунуп береби!?

– Кой, айланайын, жакшы болуп кетесиң, – дегенден башка кеп оозума келбеди. Аздан кийин эсин жыйды да мени алаксытмакка ушул ооруканага болор-болбос дарт менен келип жатып алып ар нерсени кобурашып отурган айрым адамдар тууралуу сүйлөдү:
– Ыя, кандай ойлойсуң, тээтигил адам тамагым ооруп калыптыр деп ушул жерге атайы жатканы келиптир. Атаңгөрү, убакытты да ушундай уттурушабы! Кайран гана корогон алтын өмүр, убакыт.

Тамагың ооруса спорт менен машык да үйдөн эле дарыланып, анан тынбай иште! Мага Кудай ушулардыкындай ден соолукту берсе, эмне деген иштерди жасап жетишээр элем, аттиң! – деди. Биртопко отурдум. Анан убакыттын учуп атканын байкай калдыбы, айтор мага:
– Сен үйүңө бар. Жумуштарыңды бүткөр. Бул жерде жанымда отурганда не? Дагы келип кетесиң да, – деди бардыгына жаккан сүйкүмдүү жылмаюсу менен.

Тамырларына кан жакшы жүгүрбөй, денесинен эч тамтык калбаганын көрүп алып денең ичиркенет. Ийне менен алгач сол колун, анан оң колун кан жүгүртөбүз деп тешкилей берип ийиндерине чейин соо жери калган жок. Анан кезек сол буту, анан оң бутуна келип жоон санга дейре жетти. Туш келди ийне менен тешкилей беришти. Акыры эмне кылар айла табалышпай жасалма тамыр салышты. Денесиндеги жасалма тамырлардан кан жакшы чуркабай, улам далысы кычыша берет окшойт, үйүнө барып калганда далымды тырмап берчи деп өтүнөт. Ошондо колу-бутундагы тактарды көрүп алып кино үчүн, искусство үчүн, кыргыз элинин атагын алыска угузам деп ден соолугуна да кайыл болуп каржала иштеген кайраттуу адамдын чыдамкайлыгына тан берип, ушул адам бир тууганым жана бир боорум экенин эстей коюп ичимден сыймыктанам да, анан Кудай Сүймөнкулга бардыгын, өң-келбетти да, ойду да, бойду да, талантты да, даңкты да берип келип неге ден соолуктан айрып коет деп ичим эңшерилчү.

Он жылдык өмүрү оорукана менен үйдүн ортосунда өттү. Үч күндө бир ооруканага каттап, ооруканадан чыгып алып өнөрканасына жүгүрүп барып сүрөт тартып, жакынкы аралыктарда биротоло кетип калчудай кара терге түшүп убакытты үнөмдөгөнгө далбас урду. Ошол он жыл ичинде буга чейин болуп көрбөгөндөй көп сандаган сүрөттөрдү жаратты.
1967-жылы апабыз дүйнөдөн өттү. Сүймөнкулга суук кабарды угузайын деп мотоцикл менен бир досум экөөбүз Кордой тарапка жөнөп калдым. “Караш-караш окуясы” фильмине тартылып аткан Сүймөнкулга кабар берейин десем, кино тартуучу топтогулар мени кете бер, биз өзүбүз кабар берели дешти. Үйгө келдим. Арадан эки саат өтпөй Сүймөнкул ааламда теңдеши жок апабызды жоктоп артымдан катуу өңгүрөп кирип келди. Кийин киносу экранга чыккан кезде Сүймөнкул “атаңгөрү ай, ушул эмгекти апам көрсө болбойт беле?!” деп катуу өкүнүп жүрдү. Апабыз Сүймөнкулдун кинодо жараткан эмгектеринин бирин да көргөнгө үлгүрбөй калды.
Суусамыр тараптабыз. Сүймөнкулдун “Караш-карашта” аты сууга агып кетип, таш үстүндө жатып өңгүрөп ыйлаган эпизоду тартылганы жаткан. Бир маалда режиссер Болот Шамшиев ташты кучактап жаткан Сүймөнкулга:
– Сүймөнкул! Сенин атың сууга агып кетти! Эми канатыңдан айрылдың! Азыр аябай ыйлашың керек! – деди. Бир-эки жолу айтты. Же ый чыкпайт. Саамга ойлоно калган Шамшиев:
– Сүймөнкул! Кечээ эле сен апаңдан айрылбадыңбы! Апаңды эстечи! Кандай адам эле? – деди. Чындап эле апабыз ушак-айыңдан алыс, өзүн сабырдуу кармаган мээрими күнгө теңдеш жан эле. Апабызды чындап эстей койдубу, айтор таш үстүндө жатып өңгүрөп Сүлүккара деп ыйлап ийди Сүймөнкул. Мен да кино тартып аткан топтун жанында туруп ичимден апамды эстей калып ары карап кеттим…

“Караш-карашта” атынан айрылган Бактыгул Жарасбайды жайлайм деп мылтыгын кармап алып тоодо таштан-ташка секире өрдү көздөй бараткан эпизоду тартылмакчы. Дал ошол мезгилде Сүймөнкул өпкөсүнөн ооруп бейтапканага жатып калды. Сүймөнкулдун ден соолугун мурдатан билген режиссер Шамшиев Сүймөнкул жок болсо бой-келбети окшош деп мени Бактыгулдун айрым эпизоддоруна даярдап жүргөн. Мына ошол таштан-ташка секирип бийик тоого чыккан жерине мени тартышты. Кинонун анык азап экенин ошондо түшүндүм. Ошол он-он беш секунддук ирмемди тартыш үчүн режиссер азапка салып күнү бою тоого чуркатып атып алты күн дегенде араң тартты.
Андан кийин киного түк түшкүм келген жок. Бирок, бир жолу “Уланды” тартып жүргөн режиссер Төлөмүш Океев бир эпизодго мени тартам деп кыйнай баштады. Соң-Көлдөн тартылмай болдук. Азат Майрамовдун ролун аткарып аткан Сүймөнкул ичкиликтен эртеси башы кеңгиреп ооруп түш көрөт эмеспи. Түшүндө бала чагын, жайкалган жайлоону, анан кайсы бир ат чабышта марага биринчи келип атасы эл көзүнчө сыймыктанып уулун көккө ыргытканы, анан бозүй ичинде отуруп кымыз ичип кызыганда атасы уулум чоңойгон турбайбы деген эпизоддор. Азат Майрамовдун атасынын жаш кезин аткармакчымын. Улам кайталашат. Же окшошсочу!? Ой, тим эле койгулачы дейм. Ага Төлөмүш көгөрүп болбойт. Бир убакта ары ээн жакка жетелеп барып Төлөмүш мага бир бөтөлкө арак бузуп сунуп калды. Ичтим. Уялбасын деди окшойт. Кайра келдик. Дагы эле аткара албай уялам. Жарданып тегеректешкен артисттерден тартынам. Эптеп атып бетимдин жарымын көрсөтүп тартышты. Ал эми Сүймөнкул… Сүймөнкул болсо кино тартуучу аянтта тартыла турган сюжетти бат илип алып режиссерго мындай кылып ойноп койбоймбу деп кайра өзү башка нерселерди ойлоп таап кетчү.

Сүймөнкул сабырдуулукту, чыдамкайлыкты апамдан алса, комуз чертип өнөр кастарлаганды, атка жакындыгы, устачылыгы атамдан өттү окшойт. Атам Чокмор 1914-жылы Кордой тараптан көкбөрү тартышка катышып улакты эңген боюнча ушул Чоң-Ташка чейин чаап келип айылыбызга таштаган дешет. Демек, апабыз менен атабыздагы бардык жакшы сапаттар Сүймөнкулга энчиленген…

Данияр ИСАНОВ. Маалымат булагы  “Жаңы Агым” гезити.

Nov 02

Тапалак..

samarСамара ОРОЗУМБЕТОВА:  «АРАКЕТ КЫЛСАҢ БЕРЕКЕТ» 

Баарыңыздарга белгилүү болгондой “Кыргыз Көчү” тобунда “Тапалак” аттуу татынакай рубрикадагы табышмак ойуну башталып, ал ойунга жалаң Көчтүн мүчөлөрүнүн киченекей курактагы сүрөттөрү жарыйаланып келет. Ошол кичинекей кздеги сүрөттүн ээсин тапкан табышкерлерге сүрөттүн ээси өзүнүн чакан белегин берүү салтка айланып калды. Ар ким өзүнүн каалаган белегин бере берет. Дал ошондой табышмактуу сүрөттү мен дагы койгон элем, анан эмнегедир сүрөттү койоорум менен эле биринчилерден болуп “Көчмөн” кызыбыз Самара ОРОЗУМБЕТОВА ай буйга келтирбей таап, менин ысымымды атап койгонун билесиздер. Ошол табышкерлиги үчүн мен Самарадан береги чакан маекти алып, “Көчмөндөрдүн” айылына (сайтына) жарыйалап жаткандагы кербезим. Бул менин Самарага бере турган кичинекей белегим деп койсом деле болот.


013 – бурч.

Туулган жылы – 1983-жыл.
Туулган айы – 28-декабрь.
Сыйлаган китеби – Куран.
Жактырган тамагы – Бешбармак, куурдак.
Жактырган спорту – Шахмат.
Жактырган дүйнөлүк сайасатчысы – Барак Обама.
Жактырган кыргыз сайасатчысы – Өмүрбек Бабанов.
Баалаган кыргыз инсаны – Асыран Айдаралиев.
Жакшы көргөн мезгили – Жай жана күз.
Жактырып көргөн киносу – «Даңазалуу доор».
Жакшы көргөн актеру – Сулайман Султан.
Жактырып окуган китеби – Ч. Айтматовдун, Б. Сарногоевдин ырлары.
Хоббиси – ыр жазып, көпчүлүк учурда ФБ да отурганды жактырат.

 

– Самара, кыскача маегибизди тээ мектеп партасында отурган кезиңден баштайлычы. Качан, кайсыл жакта окуп, кандай шартта мектепти бүтүрдүң эле? Дегеним, ар бир дамдын чоң турмушка аттануу жолу, алгачкы кадамы дал ошол мектепти бүтүрөөрү менен башталат эамеспи..
– Жакшы болот. Сиз айткан чоң турмушка 20О1-жылы  аттангам. Талас шаарына караштуу Көк-Токой айылында көп балалуу үй-бүлөдө төрөлгөм. Талас шаарындагы Шекрбек Шеркулов атындагы мектепти үлгүлүү окуучу катары эң мыкты деген баалар менен бүтүрдүм. Ошол эле жылы ТМУнун фиология факультетине тапшырып 2006-жылы аталган окуу жайды дагы ийгиликтүү айактадым.

Кызы менен.

Кызы Чолпонай менен.

– Үйбүлөдө канча бир туугансың жана канчанчысы болосуң?.
– Үй-бүлөдө 10 бир тууганбыз. Тагыраагы, тогуз уулдун арасындагы жалгыз кызмын. Өзүмдүн болсо бир кызым бар..
– Окуучу кезиңде эмнелер менен алек болуп, жактырып, жакшы көрчү элең? Ойногондубу, окугандыбы же ырдап бийлегендиби?
– Кичинекей кезимде өтө жоош кыз элем, балдар бакчасына барып баштагандан тарта ал жактан жакшы тарбийа алып, ыр бийге катышып, шыктуу болуп баштаганымды билем. Анын арты менен бала-бакчадагы ар кандай кароо сынактарга катышып жүрчүмүн. Ал эми мектеп босогосун аттагандан баштап окууга берилип, кызыгуум күчөп, андан тышкары ыр
бийге дагы абдан жакын болуп жүрдүм. Түрдүү кароо сынактарга, олимпидаларга тынбай катышып, 23 орундарды алууга көп эле жолу жетиштим. Негизи эле чыгармачылык адамдардын уй-бүлөсүнөн болгондуктанбы 7-класста окуп жүргөнүмдөн баштап ыр жазам.
– Акындык өнөрдөн сырткары жакшы бийлейсиңби?
– Ооба, бийге кызыгам. Бий демекчи 8-класста болсо керек эле, окуучулар арасындагы КВН болуп калып, мен дагы катыштым калдым. Мени ойдо жок жерден эле «восточный» бий бийлейсиң» деп таң калтырышканына карабай эле кезегим келе калганда чыгып бийлеп баштагам, анан кокустан юбкам шыпырылып кетсе болобу?! Эмне кыларымды билбей, уйалганымдан сыртка атып чыгып андан ары үйгө кетип калгам. Ошондон уйалып төрт күн мектепке барбай жүрдүм.

Дагы бир окуйа эсиме түшүп кетти, окуу жайда окуп жүргөн кезим болчу, бир күнү окуткан  эжекебиздин талаасына картошка казганы барып калдык. Эжекебиз тамак алып келем деп кетип ана келет десек жок, мына келет десек жок, курсагыбыз ачып, кыйналып кеттик. Чыдамыбыз кетип баратканда 10 сомдон акча чогултуп «гукси» алып жемей болдук. Чабарман мен болдум. Жаныбызда үй бар болчу, сууну да кайнатып койдук. Аркы бетте азыктүлүк саткан дүкөн бар болчу, жетип барсам сатуучусу жаап кеткени жатыптыр. Шашкан бойдон «эже 10 гукси барбы» десем «бар» деди. Анан акчаны берип жатсам «э айланайын кызым, анча трусини эмне кыласың?» деп жатпайбы. Ошону кыздарга айтып,  эстеген сайын боорубуз эзилгенче каткырып күлө берчүү элек..
– Жеке жашооң тууралуу дагы бир аз бөлүшө кетпейсиңби?
– Жашоо деген аркандай болот эмеспи. Ошол жашоонун ачуусун да, таттуусун да башымдан өткөрдүм. Албетте кыйынчылыктар болбой койгон жок. Дегеним турмушка аттаганымдан баштап жолдошум менен түшүнбөстүктөр жаралып 5 жыл чогуу жашап, акыры ажырашып кеттик. Ошондон кийин Бишкеке келип кафелерде, швейный цехтерде иштеп жүрдүм. Учурда соода сатык менен алектенем.
Өзүмө статус да коюп алгам, «Аракет кылсаң берекет» деген, ошондуктан жаратканга шүгүр дейм. Өз кесибимди текке кетирбей Таласта мугалим да болуп иштедим. Коомго болгон көз карашым мындай. Азыркы коомдо, техниканын өнүгүп, өсүп турган учуру, аларга болгон муктаждык күчөп, адамдар таалим-тарбия эмес, ыйман ынсап эмес балдарына ошол техникаларга кантип жетүүнүн жолун үйрөткөн учур болуп калбадыбы.
– “Көчмөндөргө” жана жалпы эле кыргыз журтчулугуна эмне деген каалоо тилектерди айтат элең? Эмнеден кооптоносуң, дегеле эмне жакпайт сага азыркы кыргыз коомчуугунда болуп жаткан окуйалардан?.
– Мекенчил “Көчмөндөрүмө” мындан ары да кажыбаган кайраттулук менен кыйналып турган кыргызыбызга колунан келген колдоолорун көргөзүп, Эне тилибиздин тез арада бутуна туруп кетишине, баардыгыбыз жалаң гана кыргызча баарлашып, жазып калган күнгө жетсек деп тилейм. “Көчмөндөр” бул жаатта абдан бараандуу салымдарын кошуп жатышат дагы да кошооруна көзүм жетет. Ал эми жалпы кыргыз элиме каалоом биримдик келсе болот эле, бириге албай жатканына абдан нааразымын. Ынтымак болмойунча кайдагы өсүш да кайдагы өнүгүү. Ошондуктан азыр кыргыздардын бир муштумдай түйүлүп, бир жакадан баш, бир жеңден кол чыгара турган учуру, антпесе болбойт. Мага жакпаган нерсе, жек көргөнүм эле митинг, эмнеге эле минтип ызы-чуу кылышып, элди козутуп, көчөгө чыга бергенди ойунчук катары көрүп, таптакыр эле өнөкөткө айлантып жатышканына түшүнбөйм. Мен билгенден ушинтип эле келе жатышат, а биз алардын азабын тартып эле келе жатабыз. Эч кимге деле “мүйүз” чыкканы байкалбайт. Ушул өнөкөттөн тезирээк арылып кетсек экен дей берем..


Ааламтор аркылуу маек курган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки – Бишкек. 30.10.2013.

Oct 14

Мээнет..

мөөр 4Жыргалбек АЖИМАТОВ:  «БЕШИНЧИ КЛАССТАН БЕРИ ЖЫЙНАП, ЧОГУЛТУП КЕЛЕ ЖАТАМ».    

«Улуу тоскоолдуктар болбой, улуу иш жаралбайт»
Франсуа ВОЛЬТЕР.

Менин бүгүнкү ааламтор аркылуу байланышкан маектешим, тээ алыскы Ата Мекенимде, ордолуу Ош шаарынан бир канча чакырым алыс аралыктагы айыл жергесинде жашаган кыргыздын ашкере карапайым азаматы, мекенчилдердин «Кыргыз Көчү» тобунун эң жигердүү жигиттеринин бири, тилчи, котормочу, «Көчмөндөрдүн» демилгеси менен жакындан бери басмадан китеп кылып чыгарууга камылга көрүлүп жаткан «КыргызчаАнглисче Сөздүк» жыйнагынын автору Жыргалбек АЖИМАТОВ болмокчу.

Жыргалбек мырза, Кыргызча-Англисче Сөздүктү түзүү, анан дагы чет элдердин кино тасмаларын, мультиктерин которуп жүрөсүң. Качан, кандай шартта баштап калдың эле? Ушулар тууралуу толугураак маалымат берип кетсең? Бул биздин окрмандарыбызга өтө кызыктуу болсо керек,  өзгөчө «Көчмөндөргө..»

Кыргызча-Англисче Сөздүктү түзүү менен Чет эл тасмаларын кыргызчалап калуумдун башаты да, таржымалы да бир. Экөө бир-бири менен эриш-аркак. Бир-бирин толуктап келет.
Кыргызча-Англисче сөздүктү түзүү идеясы тээ мектепте 5-класста окуп жүргөндө башталган. Башка окуучулардай эле атайын бир дептерди ачып, ортосунан бир сызып, сол жагына англисче, оң жагына кыргызчасын жазчумун.  Айылдык да, мектеп китепканасында да кыргызча-англисче же англисче-кыргызча сөздүктүн жок экенине таңгалчумун. Келип калаар бекен деп батбат сурап да турчумун. Шаар жакка түшүп калсам сөзсүз биринчи кезекте англисче китеппи, журналбы издечүмүн, сөздүктү эч жерде таба албадым. Агезде, кайдагы чет тилиндеги гезит-журнал. Бирок, үмүт үзбөй сураштырып, кийин облустук китепкананын чет тилдер бөлүмүнөн бир аз эмгектерди таптым. Алар да жетишсиз болчу. Баары окуучулар үчүн. Советтик идеологияга сугарылган адабияттар жана ошол режимге баш ийген ар кандай гезит-журналдар гана бар болчу. Негизинен каалоо гана болсо, баарына жетет экенсиң. Бардык жолун издөөгө кошумча күч, дем пайда боло берет. Мектепте да, университетте да мүмкүн болушунча убакытты текке кетирбей, азыраак ойноп, көбүрөөк окууга, изилдөөгө жана иштөөгө туура келди. Айыл жеринде тиричилик негизинен дыйканчылык эмеспи. Мээ кайнаткан ысык күндөрү сабиз отомой, жүгөрү ормой, күн караманы башчаларын алмай ж.б. Бир малды жип менен байлап жетелеп алып, аны арык-шак боюнда откоруп бакмай, колдо китеп… Күндүзү иш болсо, түндөлөрү сөздүк менен отурмай, чет тилдеги кандай жанр болсо да бир тасма көрмөй, аларды которууга аракет кылып көптөгөн убакыт өттү.

Элечек– Кыргызча-Англисче Сөздүктү которуу бойунча түшүнүктүү, ал эми тасмаларды кайдан, кантип которуп баштадың эле, дегеле эмнесине кызыгып калдың тасма которуунун, эмне түрткү берди?

Дүйнөлүк тасмаларды кыргызчалоо идеясы да дал ошол 1989-1990-жылдары пайда болгон. Бирок, кандай жабдыктарга ээ болуу керек, кантип которот, бул бойунча эч кандай маалыматым жок болчу. Бир гана максат – борборго, Кыргызстандын жападан жалгыз ТВсы бар болчу, ошого барып ошол жерде орус согуш кинолорун кээде которуп калышкан адамдар менен жакындан таанышып, алар менен иштешип калуу болчу. Маңдайымда мен 5-классты бүтө электе СССР жоюлуп баратты. Эркиндиктин ээлирткен желдери ар жактан келип, толгон-токой кыйынчылыктар менен кошо, автордук жеке үн коштолгон пираттык котормодогу чет эл «видеолору» келе баштаган кез. Автобустар менен келчү. Кээде айылдык клубубузга коюп кетишчү. Жалаң чоң балдар, бала-чакалуу кишилер барчу ага. Негизинен, Брюс Ли, Жеки Чан, Ван Дамм, Шварценеггер ж.б. дүйнөлүк жылдыздардын кинолору болчуп турду.  Советтик режим толук таркай электе эле коңшу өлкөлөрдөн түнкү 12ден кийин башталган жеке ТВ каналдары пайда болуп, алар да карате, атышып-мушташуу кинолору бере баштаган. Мен ошол кино коючулардан «орусча которулбагандары барбы» деп сурай берчүмүн, которулбай келип калган айрымдарын беришчү. Ал кездеги которулган кинолор негизинен кинодогу каарман сүйлөгөндөн кийин котормочу орусчасын айтчу. Мен кадимкидей жыргап көрөр элем, угаар элем. деп субтитрлери чыгып турчу экран алдына. (Ал кезде негизинен көчө кинолору гана келчү да). «Where the hell are you going, son of a bitch?!». Аны окуп калып, орус котормочудан озунуп, (ичимден) «Эмне балээ кылып жүрөсүн, иттин баласы?!» деп кудуранып койчумун. Дептериме да «иттин баласы – son of a bitch» cөгүнгөндө колдонулат» деп жазып койчумун..

Азыркы басмага дайардалып, чыгарабыз деп кам көрүлүп жаткан Сөздүккө ушул жгоруда айткандарыңдын баары киргенби? Кыскасы, бул Сөздүктүн тарыхы сенин мектептеги татту балалык мезгилиңе барып байланышат экен да? Эрте баштаган экенсиң, өтө эрте..

– Ооба, ошондой десем деле туура болот. Ошентип, ар бир жаңы сөздү, фразаларды, макалдарды жазып жүрүп, дептерлердин саны ондон ашты. Кызыл-көк ручка, өчүрүлгөн, көчүрүлгөн, туш-тарапка жазылган. Мунун баарын алгач 2002-жылы биринчи компьютеримди сатып алганда, кайрадан оңдоп-иреттеп компьютерде өзүнчө бир файл катары жазып, толуктап келдим. Компьютердин чоң жардамы тийип келди. Алфавиттик иретке салууда, кайталанган сөздөрдү издөөдө, арасына сөз камтууда компьютер убакыттан да утуп, мага жеңилдик гана жаратып берди. Ошону менен бирге чет эл тасмаларын шаардагы диск саткан жайлардан таба алчу болдум.     Тасманы компьютерде эле көрүп, жаңы сөздөрдү сөздүгүмө да кошум журдүм. 

– Тасмаларды кандай которуп жүрөсүң, керектүү аппараттехникаларың болбосо, кантип монтаждап, кандай кылп аларды ирээтке келтирип жүрөсүң? Айыл жеринде интернет деле анча жыргатып жибербегени бештен белгилүү эмеспи?
– Аныңыз деле туура. Жалаң көжөлгөн, көк беттиктин арты менен эле көптөгөн идеаларымды ишке ашырып келе жатам.

Бизде, Кыргызстанда менимче монтаждыкка, аудио-видео материалдарды оңдоп-кыркууга окуткан окуу барбы же жокпу айта албайм, бирок, мен билгенден баары эле өздөрү кызыгып эле үйрөнүп алгандар болуш керек. Мен да алгач ошол 2003-жылдары аябай кыйналып жүрдүм. Кайда бараарымды билбейм. Бир гана жол – дагы эле борбор болуп турду. Ар кандай видео монтаж диск-программаларын сатып алып жеке өз алдымча өздөштүрүүгө туура келип жатты. Каалоом күйүп-жанып турса, айла табыла берет экен. Бир нече тасмаларды үйдө өз алдымча үн берип, которуп, ал «эмгектерим» эл арасына жайыла баштаган кезде, бир телекомпанияга жумушка кирдим. Ошол эле кыргызчалатуу идеяларым менен. 2 жылдай араң иштедим. Ал идеяларымдын бири да ишке ашпады. ТВ директору, орун басары деги эле ал жерде иштеген жаштар деле колдоп-кубаттап кетишпеди. Бир кичинекей бөлмө анан 5000 сом айлык бериңизчи, жумасына сапаттуу деңгээлде үн берип, дүйнөлүк тасмаларды которуп берейин, тандоо (кастиң) кылып, үнү туура келген улан-кыздарды жаныма чогултайын дедим. Эч кандай колдоо болбоду. Кадимки жооптуу редактор болуп, жаштар бөлүмүндө видео инженер, монтажер болуп 1800-2000 сом айлыкка эки жылдай иштедим. Менден  башкасы колу бошой калса, башка жумуш кылышып тыйын тапса, а мен кечинде сөздүгүм менен, котормом менен көп убактым өтүп кетти. Кийинчерээк бир студияда,  облустук гезитте, университетте иштедим. Тиричилик кылуу үчун гана. Кечинде сөздүк, кино, мультик котормой. Күндүзү жарыбаган айлыкка мамлекетке иштеп бермей…

Ал жактан качан кетип калдың эле? Негизи эле котормодон сырткары эмне жумуш менен алектенесиң?

– 2009-жылы баарын жыйыштырып, бир жолу котормого киришип, сөздүккө олуттуу карап, китеп кылып чыгарууну, сатылса акчасына шаарда престиждүү, профессионал студия учүн техникалык жабдыктар алам деп биротоло кириштим. Базарларда, диск саткан жайларда жекече үн менен которгон 40 чакты кинолорум, 10дон ашык балдар үчүн тасмалар, илимий-таануу үчүн даректүү тасмаларым диск каракчылары аркылуу өлкөбүздүн бардык булуң-бурчунда, жадагалса коңшулаш өлкөлөрө сатылып жатты. Мен да өзүмдүн котормолорумду өзүм басып, дисктеримди өзүм сатууга киришип көрдүм. Эч кандай майнап чыкпады. Мүмкүн да эмес экен.  Бир түндө 3000-4000 диск чыгара ала турган аппараттары бар, такшалып калган пираттардын жанында менин бир компьютерим, 1 принтерим эч нерсе болбой калды. Эл деген эл экен. Автордун колунанбы, уурдалыппы, уруксатсыз көчүрүлүп сатылып жатабы чатагы жок экен… Алып көрө беришет экен. Жазып койгон телефон номурума чалышат. Ой-пикирлерин билдиришет. Таластан, Баткенден, Көлдөн болобуз дешип…

Элечек 1
Өз бетиңче, ушул эмгектериңди алып чыгып, эл катары соодалап, сатып, жүгүртүп дегендей аракет кадамдарды жасап көргөн учурларың болдубу? Дегеним, андайлар миңдеп жайларды ачып, каалагандай сатышып, айрымдары жер баспай, байып жүрүшкөндөрү деле бар го?.

– Шаарда ижарага бир нече жерден жай алып иштеп көрдүм, же биздин чиновниктер иштете коюшпайт, ачыла элек, баштала элек ишиңди түшүнгүсү келишпейт. Бир жагынан мэриянын, соцфонддун, салыкчылары ж.б. алгыч-жулгучтар алгач башталган кичинекей үмүтумдү да жалп өчурүп жатышты. 30 диск коюп сатсам, патент, лицензия, рейд… Жыйыштырып кетишет. Жанымдагы мага кулак салбай, бир эле мен чыгарып атамбы деген пираттардын диск дүкөндөрү эч эле жабылбайт, тийишпейт аларга. Фанерага эптеп 30-50 диск коюп, мага окшоп араң кыбырап аткандардыкын жыйыштырып кетет… Көрсө,
«мен да таза салык төгөйүн, абийирдүү иштейин, ушу кыргыздар өзбекче жана орусча эле көрө бербей, ансыз да көрүп жаткан кино, мультиктерди кыргызча эле көрсүн» деген аруу тилектеримди эч ким деле уруп ойнобойт экен. Жеке өзумдүн котормо дисктеримди сатып, акча кылып сөздүгүмдү чыгарсам деген, орус-англис сөздүгүн көтөрүп жүргөн миңдеген окуучу, студенттер эне тили аркылуу эле англис тилин үйрөнүшсүн, «Орусия аркылуу эмес, Америкага түз көпүрө салып берейин» деген максаттарымды, болгондо да баары мыйзам чегинде жасап аткан иштерим эч бир мамлекеттик органды же коомдук бирикмени же өкмөттүн өзүн  да кызыктырбайт тура, мен ушуга мыкты түшүндүм…. Менин да бир апчем же таякем Акүйдө, Көкүйдө иштегенде азыр жайнатып эле каалагандай диск дүкөндөрүн ачып беймарал эле жыргап отурмак экемин да. Мага рейд кылып, дисктеримди жыйыштырып алып кете алмак эмес анда. Эки күндүн биринде келип башты ооруткан алгыч-жулгучтар келмек эмес экен. Бул эми өзүңдүн дисктериңди сатып эле бизнес кылсаң болбойбу деп сурай беришкендерге жообум.
(Кыргызстан боюнча диск аттуунун баары текши каракчылык, бир да лицензиялуу мекеме жок. Анан тиешелүү органдар “кайсы арына” каракчылык менен күрөшүп жатабыз, өткөн апта 2000 диск алынды, талкаланды деп жатат? Мисалы, Дордойдогу “Евразия” диск саткан 30 контейнер толтура диск! Миллион диск турат. Күн сайын Талас, Нарын, Ошко он миңдеген диск кетет… Ким кимди алдап атат түшүнбөйм эч! )

Мындан ары кандай кадамдарды жасайсың, кандай ой-максаттарың бар жана каалоо тилектериң менен бөлүшө кетээрсиң?.

– Эми, болгон үмүтүм Сөздүгүмдө. Басылып чыкканга чейин да, азыр да алымча-кошумча жасап келем. Сунуш болсо талап да болот. Жакшы суралат, сатылат деген чоң үмүтүм бар. Буюрса, жарык көрүп калса, кийинки чыгарылыша киришем. Жеке котормо студиямды олуттуу түрдө өнүктүрөм, өзүмдүн жеке турмушума дагы өнүгүү, жаңылануу кирет деп турам.
Чындап эле куру аякка бата жүрбөйт экен. Оозеки колдогондор миндеп саналат. Курулай сөздөр убактылуу дем бергени менен каражат маселеси баарын жеңип турат экен. Бирок, биз каражат маселелерин да жеңебиз буюрса. Чын журөктөн колкабыш кылам дегендерге ыраазычылык гана билдирем. Милдеттүү болбосо да, чын дилден, ак пейлинен жардам, колдоо көрсөтүп жаткандарга үй-бүлөлүк бакубат жашоо каалаймын.
Кыргыз элиме саламатчылык каалайм. Асманыбыз ачык болсун! Кыргызстандын тагдыры ар бирибиздин колубузда. Өнүктүрүп, гүлдөтүү ар бирибиздин милдетибиз…

Электрондук байланыш аркылуу маектешкен Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Финляндия, Келсинки шаары,
13.10.2013.

Jun 21

Кызыл бурч..

«ООГАН ЖӨНҮНДӨ ОЙ ТОЛГОО»

Бу сапар «Кызыл бурчтун» коногу Ооганстанда жашаган кыргыздын Венера аттуу кызы болду. Белгилүү себептерге байланыштуу Венера кызыбыз жеке өзү тууралуу толук маалымат бербей эле коюшумду өтүндү. А бирок Ооганстан жөнүндө ой-толгоосун аз болсо да айтып берди. Рахмат дейли!.

– Венера, Ооган жергесинде жашаганыңыздарга канча жыл болду? Алаамат согуштан башы чыкпаган ооган элинин жашоо турмушу тууралуу эмне айтып бере аласыз?
– Ooган жергесинде жашаганыбызга быйыл беш жыл болуп калды. Эми бул элдин жашоо турмушу жөнүндө айтсам абдан эле кыйын, дээрлик көпчүлүк өтө жакырчылыкта жашашат. Көчө кыдырып, кайыр сурагандардын саны миңдеп саналат, алардын баарына берип жеткире да албайсың. Карыган чалдар, паранжа жамынган аялдар, кемпирлер, кичинекей балдар толуп жүрүшөт. Ырымдап балдардын көпчүлүгүнө бергенге аракет кылабыз, бирок алардын баарына берип, түтүш албетте кыйын. Адатта бирөөсүнө эле сооп кылып карматтың дегиче 20-30 бала чуркап келип курчап алышат. Ал жерден чыгып кетүү кыйын болуп калат. Ошондуктан машинаны токтотпой кетип баратканда эле карматып кеткен жеңилирээк. Эмне кыласың, мончоктой болгон балдар, бооруң оорубай койбойт.
– Негизги жумушу, иштеп, оокат кылып жан баккандар эмне менен алектенишет? Жалпылап эле оогандыктар жөнүндө кандай маалымат бере аласыз?

– Дээрлик көпчүлүгү жашылча жер жемиш сатып оокат кылышат. Жакшысы бул жакта жер жемиштин бардык түрлөрү бар, толтура, ал эмес биз эзели көрбөгөн жашылча жемиштердин түрүн тапса болот. Эт болсо кымбат, көптөрүнүн акчасы ага жетпейт албетте, ошондуктан жер жемиш өтүмдүү. Мындан сырткары кымбат баалуу таштар да өтө көп. Түрдүү зергер буюмдарды жана кооз сувенирлерди жасап, ошолорду алып чыгып сатышат. Ал эми байлары жөнүндө айтсам алар өтө бай келишет. «Жемкорлук» булар үчүн мыйзамдуу эле көрүнүшкө барабар. Бардык жерде ачык эле жасай беришет, коркушпайт. Көпчүлүк байлары наркотик менен шугулданышат. Жашаган үйлөрү заңгыраган «особняктар». Булардын балдары комерциялык мектептерде окушат. Бул эми Кабул шаарындагы көрүнүш. Ал эми башка провинциаларында жашоо абдан кыйын. Көпчүлүк адамдардын жашай турган жайы, үйлөрү жок. Чатырдан жасалган үйлөрдө турушат. Дээрлик көптөгөн айылдарында телевизор эмне экенин билип, түшүнүшпөйт. Биздин мекемеде иштеген ашпозчу баладан алар жашаган айылы тууралуу көп сурайм. Светти күндүн жарыгынан алышат экен, ал болгону үйлөрүн жарык кылганга араң жетет. Муздаткыч, телевизор, үтүг ж.б.у. сыяктуу техникалык буюмдарды колдонушпайт, иштебейт, токтун күчү жетпейт. Кышкысын ашып кетсе эки же үч саат күйөт болгону, калган учурдун баары жарыгы жок отурушат. Көпчүлүк айылдарда жашагандар мектепте окушкан эмес, азыр деле окушпайт. Бир үй бүлөдө алты бир тууган болсо алтоо тең сабатсыз, мындай көрүнүш толтура. Ал жактагылар жадагалса үйлөнгөндө да өздөрүнө окшогон жарды, сабатсыз бүлөнүн балдарына, кыздарына үйлөнүп, турмуш курушат. Мектептеринде болсо балдар өзүнчө, кыздар өзүнчө бөлүнүп окушат. Провинциялардагы кыздар окуган мектептерди өрттөп же мина коюп кеткен учурлар көп. Быйыл 7-8 мектепте жалаң кыздар кадимки эле суудан «отравления» болушту. Жогорку окуу жайлары деле бар, андай жайларда бир гана колунда барлардын жана байлардын балдары окуйт. Кошумчалап кетчүү нерсе булар. Ооган жергесинде паштун, түркмөн, казак, хазар улутунун өкүлдөрү жашашат. Булардын ичинен билим жагынан көбүнчө хазарлар менен түркмөндөр күчтүү болушат, бирок улуту башка болгондуктан көтөрүлө алышпайт. 2009-2010-жылдары көптөгөн казактарды Казахстанга көчүрүп кетишти. Азыр 15-20 пайызга жетпеген эле казактар калды. Түркмөн улутундагылар төрт миллионго жетет, бир миллионго жакын өзбектер бар. Калкынын көпчүлүк катмарын түзгөн улут өкүлдөрү паштундар, тажиктер, хазарлар.
– Бешиктен бели чыга элек жатып эле оогандык балдар түрдүү куралды көтөрүп жүрүшөт, кадимкидей эле колдонуп, өздөштүрө билишет деп угуп калабыз. Канчалык деңгээлде чындыка жакын?

– Учурунда болгонун айтышат. Бирок азыр эл арасында андайлар жокко эсе, болсо дагы аз. Моджахеддердин убагында болуптур. Көбүнчө талибдердин колуна түшүп калган жаш балдар эле болбосо андайларды азыр кездештириш кыйын. Анткен менен азыр деле көптөгөн үйлөрдө курал жарактын канчалаган түрлөрү бар, катып пайдаланышат. Кечээ жакында эле паштундар менен хазарлардын ортосунда түшүнбөстүктөр болуп кетип, эки улут кадимкидей эле согушуп кетишкен. Ондон ашыгы жарадар болуп, эки адам каза болуп калды. Мындай окуялар көп болот жана тез-тез эле кайталанып турат. А өкмөтү эл үчүн дегеле башын оорутпайт, иштебейт. Өз кызыкчылыктарын гана ойлошот, жеке көйгөйлөүнө көбүрөөк баш оорутуп, ошону менен алек.
– Каада-салт, үрп-адаттарында кандай өзгөчөлүктөр бар? Маселен, той-аш дегендерди аларда кандай өткөрүшөт?

– Үйлөнүү тою жөнүндө айтып берейин. Колунда бар, өзгөчө жетиштүү жашаган жарандардын үйлөнүшү үчүн бери дегенде эле 20-25 миң долларлык калың керек. Калыңдан сырткары тойду өткөрүүгө кеткен чыгымдары эле 10 миң долларды чаап барат. Ушул себепке байланыштуу оогандыктар 35-40 жашка чейин үйлөнүшпөйт. Колдон келишинче өздөрүнө жетишээрлик каражат, калың топтоп алып анан үйлөнүшөт. Түркмөндөрдө калың бир аз арзаныраак, 5 миңден 20 миң долларга чейин. Ал эми колунда жок, кедейбиз дегендери 3-5 миң долларга чейин беришет.
– «Жаңы кыргыз», «Жаңы орус» дегендей «Жаңы афган» дегендер чыкканбы, же андай түшүнүк жокпу? Баңги зат өстүрү жагынан алдына киши салбаган өлкө эмеспи, азыр кандай?

– «Жаңы афгандар» деле бар. Бирок алардын басымдуу көпчүлүгү чет өлкөлөрдө жашашат. Францияда, Германияда, Голландияда, Англияда жана Иранда көптөгөн «жаңы афгандар» жашайт. Бирок алар өз жерине, тууган уруктарына тез-тез келип, байма-бай каттап турушат. «Жаңы афгандын» өткөргөн үйлөнүү тоюна катышып, конок болуп калдык. Кадимки биздеги тойлордой эле өткөрүштү. Жоолук, паранжы кийбей эле, «вечерный» көйнөктөр менен, аял эркеги аралаш ырдап бийлеп эле шаан-шөкөт менен өткөрүштү. Мындай тойлор бардык эле ресторандарда дайыма болуп турат.
«Коррупция» деген бул жакта мыйзамдуу эле иштей ачык жасала берет. Баңги зат менен шугулдангандар абдан көп. Апийим айдаган атайын талаалар бар. Көп өстүрүшөт. Пакистан аркылуу алып чыгып Улуу Британияга, Америкага жана Европа өлкөлөрүнө жөнөтүп турушат. Калган майда чүйдө пайызы Орто Азия, Оруссияга кетет. Эки ай мурун биздин кыргызстандын үч жараны, эки өзбек, бир кыргыз бала баңги зат менен кармалып калышты. Мындай учурлар өтө көп.

Электрондук байланышка чыгып маек курган эркин журналист Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки-Кабул. 20.11.2012.

Jun 19

«Кызыл бурч-2»

Дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен кыргыздар чачтан көп. Окуганы, иштегени, ар кандай себептер менен айласыз жер которгондору, мыйзамдуу-мыйзамсыз жолдор менен четке чыгып кеткендери, жөн эле турист катары барып жашап калгандары да бар. Кыскасы бүгүнкү күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында көптөгөн кыздарыбыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп жашап калгандары азыр кадыреседей эле көрүнүш. Мен ушул «Кыргыз Көчү» айылымдагы «Кызыл бурч» рубрикасына дал ошондой кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу турмуштары тууралуу маектеримди жарыйалап келем. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин Маскөө шаарында жашаган Уулкан Амираева, Прага шаарында жашаган Карамат Токтобаева, Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян жана алыскы Австралия өлкөсүндөгү ТомПрайс шаарында жашаган Венера Расстардын кеңири маектери тартууланган. Тагыраак айтканда андагы маектердин башкы каармандары кыздарыбыз болгон эле, жана алар өздөрүнүн жашоо турмуштары, кызыктуу тагдырлары тууралуу кенен айтып беришкен. Ал эми бул жолку маегибизде «Кызыл бурчтун» башкы каарманы кыргыздын күйөө баласы, болгону эки жыл Кыргыз жергесинде жашап, кыргыз тилин суудай сүйлөп үйрөнүүгө жетишкен, ал эмес түшүн жоруган, азыркы тапта АКШ нын Колорадо штатындагы Денвер шаарында жашаган америкен жигит Девид ГАЛЛАГЕР болмокчу.

Жубайлар Девид жана Гүлжан уулдары Линкольн Исраил, Билим Жан менен.
Денвер шаары, 2013-жыл.

(Америкалык жигит, кыргыздын күйөө баласы Девид ГАЛЛАГЕР:
мырза менен болгон маектин уландысы.)

«МЕН ИЙРИ-МУЙРУ ЖОЛДОР АРКЫЛУУ ИЗДЕП ЖҮРҮП ЖАНШЕРИГИМ ГҮЛЖАНДЫ АКЫРЫ ТАПТЫМ»

– Кыргызстандан качан кеттиң өз мекениңе? Дегеле кандай жыйынтык болду, өзүңдө, жан дүйнөңдө, жашооңдо дегендей? Тогуз-Булакта жүрдүң, жашадың, тил үйрөндүң, Гүлжан кыз карындашың катары эле котормочу болуп жүрүптүр, анан, кандай болуп биригип, баш кошуп, чогуу түтүн булатып, бирге жашап калдыңар?
Ошол, ошентип карындашым келип кеткенден туура бир айдан кийин, Тынчтык Корпусундагы эки жылдык кызмат мөөнөтүм бүтүп, Америкага кайтчу мезгил келди да.  Кайттым өз мекениме. Эки жыл бою Америкада болбогондуктан, ата-мекенимди жана ал жактын ыңгайлуу жашоо шарттарын аябай эле сагыныптырмын.  Бирок Америка мени анча сагынбаганга окшоду, өзүнчө гүүлдөп өзгөрө бериптир.  Шаарымда көптөгөн курулуштар болуптур, машине айдап жүрүп көп жолу адашып да кетип жүрдүм. Досторум менин эки жыл бою таптакыр башка дүйнөдө жашап келгенимди түшүнүшкөн деле жок. Башында «Кыргызстан кандай экен» деп менден кызыгып сурап,  анан бир аз уккандан кийин эле тажап кетишчү. А Денвер шаарында Кыргызстан деген өлкө бар экендигин далилдей турган эч нерсе жок болчу. Интернетте да кыргызча сайт боло элек эле. Гүлжандын анда-санда келген каттарынан башка Кыргызстан менен эч байланышым жок болуп калды. Аны менен сүйлөшүүнү катуу сагына баштадым. Гүлжанды менин он алты жаштагы карандашым экендигин эстеп, ал тууралуу өзүмдөгү күчөп бара жаткан сезимдеримден уялдым. Ортобузда канчалаган тоскоолдуктардын турганын даана билчүмүн. Ошон үчүн оозумду жаап, Гүлжанга кат жазганымда байкеси катары гана жазып койчумун.
Негизгиси өзүмдүн Кыргызстанда жүрүп өзгөрүп келгенимди баамдадым. Мурда мага аябай милдеттүү катары көрүнгөн Америкалык салттар (Америкалык футболго күйөрман болуу, майрамда үндүк жеш жана башка) мага жөн гана тандоо катары эле көрүнүп калды. Өзүмдү же Америкалык эмес, же Кыргыз эмес сезип баштадым. Кыргызстандагы үйрөнгөн сабактарды унутпай, Америкага кайра кантип көнмөк элем деп көп ойлончумун. Анан акыры Кыргыз дагы, Америкалык дагы болбой эле, эки жактын тең салттарынын эң жакшы сапат-касиеттерин тандап алууну туура деп чечтим.
– А Гүлжан менен болгон байланыш анан анда-санда эле кат жазышып койуу менен чектелип калдыбы?
– Угуп туруңуз эми. 2003-жылы байагы эле Тынчтык Корпусундагы таанышым аркылуу Дүйнөлүк Билим Кызматынын (World Education Services) Нью-Йорктогу кеңсесине жумушка орношуп, чоң эл аралык шаарга көчүп келдим. Ал учурда Гүлжан айылдык  мектепти бүтүрүп келип, Борбор Азиядагы Америка Университетине өтүп калды. Мен аны алгач укканымда сыймыктануумда чек жок эле. Гүлжан болсо Бишкекке келип жашап, экөөбүз электрондук пошто аркылуу кат жазышып баштадык.  Башында бат-баттан кабарлашып турдук, бирок Гүлжан окуусуна катуу киришип, а мен болсо Вашингтон шаарына магистратурамды окуу үчүн көчүп кеттим.
– Анан, кайра байланыш үзүлүп, алыстап кеттиңерби?
– Ооба, ортодон жылдар өтүп, бири-бирибизден кайра алыстап бара жаттык. Гүлжан окуусун бүтүрүп, «Айгине» изилдөө борборуна эл таануучу, изилдөөчү болуп иштеп калды. Дал ошол учурда ыраматылык атабыз Исраил катуу ооруп калып, көзү жумду. Мен анда Вашингтон шаарындагы АКШ айыл чарба министрлигинин эл аралык бөлүмүндө иштеп жүргөм. Бир күнү кокусунан эле, 2009-жылдын апрель айы болчу, Гүлжан «Фейсбукка» алтын сөйкө тагынган сүрөттүн салып, алдында «Мага сөйкө салышты!» деп жазып койуптур. Окуурум менен жүрөгүм «тыз» дей түштү. Ошондо биринчи жолу «Гүлжаным чын эле белгисиз бирөөгө турмушка чыгат турбайбы» деп элестетип, дем ала албай калдым. «Гүлжан деген азыр 24 жашка чыкты. Чоң эле кыз азыр. Сезимимди билдирээр мезгилим өтүп кетти» деп ичимден өзүмө
-өзүм айабай катуу таарындып, жиним келди.
Бир жерге туралбай тынчым кетип, таза аба жутуу үчүн эшикке учуп чыгып, жекече таржымалыбызды эске сала баштадым.  «Таанышканыбызга канча жыл болду? Тогуз жыл болуптур. Бүгүн болсо апрелдин бири экен. «Ай
иий, алдамчы күн турбайбы, а сен тентек, тамашакой кыз, бул эмне кылганың, кантесиң?» деп ойлоно калып дароо компьютеримди көздөй чуркап, Гүлжанды урушуп кат жазып баштаганымды кантип унутайын Асыран байке.
– Гүлжан кетип кала турган болгондо кызганып кетип акыры буулугуп жүргөн сезим өзүнөн-өзү чыгып, акыры айтылган экен да? Кандай жооп болду, Гүлжан так секирип кеткен жокпу деги? Жашыруун болбосо эгер, эмне деген сөз аркылуу билдирдиң алгачкы сезимди?
– Биринчиби?
«Мен Гүлжанды албасам болбойт» деген сезимимди акырын ачык айтып баштадым. Көрсө, Гүлжандын деле мага карата жакшы, жылуу сезимдери бар экен. Ошону менен замандын текнологиясы жакындан жардамын берип, биз алыстан Скайп аркылуу кыз-жигит катары сүйлөшүп баштадык. Кийин мен, 2009жылдын декабрында ата-энеме ачык айттым. «Келерки жылы ийул айында Гүлжан менен никеге туруп, баш кошсок барасыңарбы» деп сурасам,  дароо эле «албетте» деген жообун айтышты. Анан 2010жылдын февралында Гүлжандын апасынан кызынын колун суроо үчүн Кыргызстанга учуп келдим. Андан да кызыгы, ошондо бир жакын досум, Гүлжан тууралуу менин тарыхымды жаңы эле биле калып, «Кыргызстанга барып, аны жакшылап сына, анан шашпай эле жүр» деп жатпайбы. А мен ага «ооба, шашпайм. Самолеттон түшөөрүмө чейин колун сурабайм» деп жооп бердим.  Ошентип Манас аба майданына келип, түнкү саат төрттө бажыканадан өттүм. Ал жерде Гүлжан күтүп туруптур. Көрүшөөрүбүз менен эле эшиктеги такси айдагандардын көзүнчө тизелеп, Гүлжанга шакегимди сунуш кылып, Америкалыктарча эле колун сурадым. А Гүлжан байкуш уйалып кетип, мени «тур өйдө» деп жиберди.  А мен болбой эле, «Жообуңду айтчы» деп кыйнасам, «албетте» деген жообун айтуу менен дароо макул болду. Мына ушундай болгон биздин жолубуз байке.
– Ошондо Кыргыз жергесине кайра канча жылдан кийин келдиң? Эмне өзгөрүүлөрдү байкадың, же баштагыдай эле сезилдиби? Болсо керек чоң эле бурулуш, өзгөрүүлөр.
Кыргызстанга келбегениме туура тогуз жыл болгон. Бишкектин өнүгүүсүнө жана дагы эле кыргызча түшүнө алганыма таң калдым. Мен 2001-жылы кеткенде Бишкектин көчөлөрүндө машиналар жана киши абдан эле аз болчу. Баары жалаң орусча угулчу. Ал келгенимде жолдордун ар кайсы кесилиштеринде машинелердин тыгылышып,  күтүп, мобилдик телефондордон кыргызча сүйлөгөн жүздөгөн жаштар көрүнө баштаптыр. Элдин баары ары-бери шашып, жумуш кылып жүрүшкөнүн байкадым. Шаардан тышкары чыкканда, ар кайсы айылдарда мечиттер пайда болуптур. Бирок, тилекке каршы, мурункудай Америкалык адамдарга жылуу мамилелер азайып калыптыр. Айылда болсо мурункудай эле экен меймандостук, бирок шаардагы жаңы таанышкан адамдарым мени шектенип карап жатышты. Бийлик, саясат үчүн жөнөкөй эле адамдардын ортосунда шектин пайда болушуна айабай өкүндүм чынында. Экинчиден мага андай маселелер күйөө бала катары алда канча эсе оор болду.  Аз-аздан шектенген адамдарды «мага ишенгиле» деген пикиримди айтуу менен ынандырып жүрдүм, бирок баары бир мурун болбогон нерселер жүрөгүмө оорураак тийди.
– Манастан кийинк жолуңарды улантып айтсаң? Ал жерден кайда кеттиңер, шаарда жүрдүңөрбү, же түз эле Көлгө, Гүлжандын айылына, жашап кеткен үйүң Тогуз-Булака кеттиңерби?

– Түз эле Көлгө кеттик. Тогуз-Булактагы мурдагы жашаган үйүмө баратып жолдон ыраматылык атанын мүзөсүндө, токтодук. Ал кишинин чын эле бул дүйнөдөн биротоло кеткенине түшүнүп, ыйладым.  Айабай сезимим ооруган, оор күн болду. Көз жашымды колум менен аарчып, кайра машинеге түштүк да айылды көздөй жөнөп кеттик. Апабыз бизди өтө мээримдүү тозуп алды. Сүйүндүм, азыраак мурагыдан карый түшүптүр, бирок кандайдыр келбеттүү эле экенин байкадым. Үйгө киргизип, менин мурдагы жаткан бөлмөмдү көргөздү. Өзгөргөн жерлери аз, он жыл мурункудай эле апанын өз колу менен жазалгалаган туш кийиздери илинип туруптур. Үй ичи мурункудай эле жүн жана даамдуу тамак жыттанып турганын дароо эле сездим.  Анан чай ичип жатканыбызда Америкадан бери атайын алып келген сөйкөнү көрсөтүп, апага кыргызча эле айтып, кызынын колун сурадым. Апа болсо эмне дээрин билбей, бир чети сүйүнгөндөй, бир чети кайгыргандай көз карашы менен Гүлжанды кечке суроолу тиктеп, унчукпай калды. Кайнэнем айылда жашоонун жакшылыгын да, жамандыгын да жашап көргөн кыйын аял экен. Баарын терең ойлоп, башкалардай болуп Американы эле угуп, дароо эле сүйүнүп, чабылып-чарпылып  кеткен жок. А бирок мени менен бир жыл жашап, күчтүү жактарым менен алсыздыктарымды энем катары жакшы билип калган. Бир саам ойлонуп отургандан кийин, акырын башын ийкеп, «кантейин эми, кызым макул десе мен макулмун да» деген жообун узатты. Мен болсо, «Сизге чоң алкыш, апаке! Чынымды айтсам, таанышкандан бери Гүлжанды эле алсам болот деп ойлоп жүргөм. Бирок Гүлжан карандашым болгондуктан сезимимди мойунума албай жүрдүм. Гүлжанды айабай коргойм, колуман келишинче сыйлайм. Жыл сайын сизге келип турат, күнүгө сизге Америкадан чалып турат» деп толкунданганымды жашыра албай жатсам апа минтип койот. «Кой эми, күндө чалбай эле койсун, акчаңды коротпой, сөйкөңдү тагып кой» дееп атпайбы.  Мен Гүлжанга сөйкөнү тага албай убара болуп жатканымда апа бизге ак батасын берди. Сөзүнүн  айагында колун жаңсап «кызымды ыйлатпа» десе, а мен сөйкөнү тага албай жүдөп атып, Гүлжандын кулагын бир аз оорутуп ыйлатып алгам. Тамашалап, «Апа, Гүлжанды эми эле ыйлатып баштадым» деп баарыбыз каткырып, бир топко күлдүк эле. Анан кечинде алардын жакын туугандарын жана кошуналарын чакырып, алардын ак баталарын алдык.
– Ошентип Гүлжанды колунан жетелеп алып Американы көздөй жол тарттың? Канча күндөн кийин кеттиңер?
– Жоок, мен анда келгенимде болгону Гүлжандын колун сурап, кулагына сөйкө тактым болгону. Андан соң Америкага жалгыз эле кайтып, үй-бүлөмө сүйүнчүмдү айтып келдим. Ата-энем, инимдин үй-бүлөсү (иним, жубайы жана бир жарым жаштага уулу) жана карандашымдын үй-бүлөсү (боюнда бар карандашым, күйөөсү жана бир жарым жаштагы уулу) Москва аркылуу самолет билеттерин алып дайардап койушту. Анан ийулдагы нике тойубузду баарыбыз чыдамсыздык менен күтүп жатсак, апрель окуясы болуп кетпедиби. Жүрөгүм катуу түштү, «эми үй-бүлөм коркуп барбай койсо кантип нике кылам?» деген ой мээмди жеп жатты да. Карандашым да эне катары айабай сарсанаа болду.  А мен ага «биз Бишкектин аба майданынан эле шаарга кирбестен түз эле Көлгө кетебиз. Шаардын маселелеринин бизге эч кандай тийешеси жок. Аба майданы ачык болсо болду, бараарыбызга тынч эле болот» десем, жайдарыланып, сооронуп калышты.  Антип атсак эле кетээрибизге аз калганда Оштогу чатак болуп кетпедиби. Дагы соороттум, мага ишенип, карандашым жайдарыланып калды.
-Чындап эле абдан коркунучтуу кырдаал болуп жаткан учурга туш келип калган экен. Баардык үй-бүлө, туугандарың менен эле келдиң да. Кандай тартипте, нике салтанатын кайсыл жерде өткөрдүңөр? Той салтанаты кандай болду жана амаерикалыктарга жактыбы?
– Албетте, баарыбыз келдик. 2010-жылдын и
йул айынын үчүндө Чолпон-Атадагы Рух-Ордо комплексинде Гүлжан экөөбүздүн үй-бүлөбүздүн маңдайында, нике той салтанатын өткөрдүк. Түрк молдо никебизди кыйды. Гүлжан андан «кыргызча билесизби?» деп сураса, башын ийкегилеп, «Евет,  кыргызча билейорум» деп койот. Бизде, америкалык салт боюнча нике болгон күнү күйөө бала жубайын нике кыйылганга чейин көрбөш керек.  Эсимде, артымда Ысык-Көл чалкып турат, алдымда улуу байкеси Гүлжанды колтуктап, апапак көйнөкчөн мага жакындап келе жаткан Гүлжанды биринчи көргөн абалым азыр деле көз алдымда. Молдонун сөзүн уккан соң, мурдагы өзүбүз жазып даярдап койгон антыбызды бири-бирибизге эки тилде айтып, үйлөнүү шакектерибизди колдорубузга салдык. Андан соң Максат Тынаев тамадалык кылган соонун, эстен кеткис керемет той болду.
Ал күндүн эртеси Америкалык үй-бүлөм менен Григорьевсий капчыгайына барып эс алып, андан кийин Тогуз-Булактагы кыргыз тойго бардык. Ал той бир эле күн болду, бирок укмуш сонун өттү.  Биринчи үйгө барып, чай ичтик. Андан кийин баарыбыз (элүү кишидей) машинелерге бөлүнүп түшүп алып, жакын жердеги талаага тигилген боз үйлөргө жөнөдүк. Ошол кенээн талаада Гүлжан, мен, иним-келинчеги менен, эки апабыз  болуп селкинчек тептик. Ачык асмандын астында бышкан жүздөгөн шашлык менен ар түрдүү салаттарды жедик. Айабай тоюп алып жаан жаап баштаганда гана айылга көздөй кайттык. (Америкалык салт үчүн нике тойдо жаан жааган жакшы белги делинет.)  Тамактан эстери ооп, менин ата-энем мага «соонун той болду, укмуштай жыргап уктайбыз го» дешет кайра
-кайра. А мен аларга «той деген баштала элек. Бул чекеси башындагы эле  тамактар» десем ооздору ачылып калган. Ал күнү Тогуз-Булактагы той дагы беш-алты саатка созулду. Музыка, бий, ыр кесе дагы болду. Америкалыктар үчүн ашыкча узак болуп кеткени менен менин ата-энем кыргыз кудаларын сыйлап, канткен менен баарына чын жүрөктөрү менен кабыл алышып, жылмайып, таң калып дагы, чыдап дагы отуруп беришти.

Девид суу ташып келе жатат. Тоң району,
Тогуз – Булак айылында, 2012-жыл.

– Жашооңор абдан жакшы, эстен кеткис, кызыктуу жана керемет күндөр менен коштолуптур кантсе да. Таасирлүү, көңүл чордонго бек түйүп койо турган окуйаларың көп экен Девид мырза. Чындап эле өзүң эң башында эскерип айтып кеткен ийри-муйру жолдоруң акыры Жаншеригиң Гүлжанга жеткириптир, жыйынтыктап айтканда жолуң түп-түз жана шыдыр болгондой эле таасир калды менде. Баарын тизмектеп, эзилип, эч эринбестен, соонун айтып бердиң. Эң башкысы ушунун баарын кыпкыргызча сүйлөп, ойуңду толук, маңыздуу, жеткиликтүү кылып айтып бергениң мага айабай жакты. Азаматсың күйөө бала. Эми акыркы суроом ушул болсун, дагы кандай ойлоруң бар, кыргыз-америка жашоосу, ар түрдү салыштырмалар, тойлор тууралуу болобу жана келечек максаттарың, бөлүшүп, кеңешип-таңаша тургандарың бардыр, ошолордон уксак?
– Айтайын. Гүлжан экөөбүз үчүн нике жөн гана ырым , анчалык деле маанилүү эмес. Никеден кийинки жетимиш (буйурса) жыл маанилүү. Кыргыз өлкөсүндө да, Америкада да нике тойго ашыкча акча короткондор толтура да, туурабы?(Америкада ошондой келин үчүн жаңы сөз пайда болгон, «Bridezilla» –муну кыргызчага которгондо «келинмогуз» болуп калса керек.) Бирок, биздин баш кошуубуз адаттан сырткары, эки үй-бүлө биздин турмушубузду колдоп турсун деп ырым-жырымдарды кылып, салттарыбызды сыйлашыбыз керек. Ата-эненмден калың сурагандан уялып, мен өз акчамды (ырым үчүн саал эле) конвертке салып туруп, «ата-энеме күйөө бала кайын-энесине атасы аркылуу бериш керек» деп айттым.
Эртеси, үй-бүлөм Америкага кайтты. Мен дагы бир жума кыска «бал ай» кылып, Гүлжан экөөбүз кереметтүү Соң-Көлдө эс алдык. Андан кийин Гүлжан визасын ала элек болгондуктан эеөөбүз ыйлап коштошуп, дагы үч ай бойу бөлөк, өз өлкөлөрүбүздө жашадык. Гүлжанды Америкада алгачкы айларда кыйыналат го деп сарсанаа болдум. Ал Канадада гана болгон, бирок Америкада боло элек болчу. Бирок мен ойлогонумдай анчалык деле оор болгон жок. Ооба, апасын сагынып, анда-санда ыйлады.  Анткен менен Гүлжандын эки артычылыгы бар. Биринчиси, ал айабай чыдамкай жана үмүттүү адам, бир күнү оор болсо, эртеси жакшы болоорун күтөт. Экинчиси, ал эл таануучу болуп иштегендиктен, маданияттардын айырмаларын изилдөөчүнүн көзү менен байкап, терең түшүнгөнгө аракет кылат.  Биздин эки салттуу, эки тилдүү турмушубузга көнүү жеңил болбойт деп ойлогонума карабастан, чоң маселе болгон жок. Гүлжан мага «майда-чүйдө нерсе үчүн нерв коротуп, капа болбош керек, оору жана өлүмдөн башка нерсенин баары майда эле нерселер» деп үйрөттү.

Ошентсе да, салт боюнча кээ бир айырмаларыбызды байкап жүрөм. Биздин анча-мынча түшүнбөстүктөрүбүз эки нерседен чыгат, «көз тийбесин» жана «үч түкүр». Балалуу болгондон кийин, баланын сүрөтүн “Фейсбукка” койойун десем мага тыйуу салды, «көз тийет» деп.  Же мисалы, «балдарыбыз же өзүбүз ооруп калсак эмне кылабыз?» деп сурасам, сүйлөшкүсү келбей, мага «үч түкүр» дейт. Күлүп, түкүрбөй койсом айабай кыйналат. Дагы, Америкадагы ата-энелер үчүн баласынан башка тема жок. Кээ бирөөлөр «Фейсбука» жалаң эле балдарынын сүрөтүн эле улам-улам койо беришет. А мен болсо «көз тийет» менен «үч түкүрдүн» ортосунда жүрүп, эмнени айтаарымды билбейм. Балдарымдын кылык-жоругу тууралуу даттансам «үч түкүр». Аларды мактасам «көз тийет». 

Гүлжанга болсо Америкалыктардын өтө эле сылык сүйлөгөндөрү кээде кыжырына тийит жиберет. Ал бирок болгонун-болгондой бетке айтканды жакшы көрөт. Кээде өтө тез жана дароо ойун айтып, мени таарынтып салат. Тамак жакпай калса бир ууртап туруп, же болбосо жыттап туруп эле дароо айтат. Америкалыктар болсо сылыктык үчүн жылмайып туруп жеп салмак. Адегенде анын түз айткандары мага жакчу эмес, бирок буга көнгөндөн кийин мен деле Америкалыктардын ашыкча сылыктык менен сүйлөшкөнүнө чыдай албай кыжырланып кетем. 

Акыркысы, кыргыздардын улуулата сыйлоо эрежесин жакшы көргөнүмө карабастан, күйөө бала катары аны туура карманууда айабай кыйналам. Ыктыярчы болуп жүргөндө эрежелерди билбей эле бузсам эчтеке болчу эмес, өзүм эле уят болчумун. А азыр ошентсем, кайненемди жана колуктумду уйат кылам. Албетте, уйат кылууну каалабайм, бирок кемчиликсиз эмесмин да. Ошонүчүн мен азырынча дагы деле кыргыз салтын жана тилин жанталашып үйрөнүп жатам. Мен, жана биздин  Америкада төрөлүп, Америкада чоңойуп бараткан эки жаман уулубуз тайларын эч качан уйат кылбас үчүн үйүбүздө жалаң кыргызча сүйлөшүүгө аракеттенибиз. Бирок ал максатка жете элекпиз али, азырынча жетимиш пайыз кыргызча, отуз пайыз англисче болуп жатат. Буйурса жакында «биздин үй-бүлөбүз жалаң эле кыргызча сүйлөшүп калабыз» деген үмүтүм зор…

Ааламтор аркылуу кеңири маек курган Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист,  Келсинки-Денвер. май, 2013-жыл.

Jun 14

«Кызыл бурч»

Дүйнөнүн чар тарабына чачырап кеткен кыргыздар чачтан көп. Окуганы, иштегени, ар кандай себептер менен айласыз жер которгондору, мыйзамдуу-мыйзамсыз жолдор менен четке чыгып кеткендери, жөн эле турист катары барып жашап калгандары да бар. Кыскасы бүгүнкү күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында көптөгөн кыздарыбыз чет өлкөлүк жарандарга турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп жашап калгандары азыр кадыресе көрүнүш. Мен ушул «Кыргыз Көчү» айылымдагы «Кызыл бурч» рубрикасына дал ошондой кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу турмуштары тууралуу маектеримди жарыйалап келем. Эсиңиздерде болсо керек, буга чейин Маскөө шаарында жашаган Уулкан Амираева, Прага шаарында жашаган Карамат Токтобаева, Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян жана алыскы Австралия өлкөсүндөгү ТомПрайс шаарында жашаган Венера Расстардын кеңири маектери тартууланган. Тагыраак айтканда андагы маектердин башкы каармандары кыздарыбыз болгон эле, жана алар өздөрүнүн жашоо турмуштары, кызыктуу тагдырлары тууралуу кенен айтып беришкен. Ал эми бул жолку маегибизде «Кызыл бурчтун» башкы каарманы кыргыздын күйөө баласы, болгону эки жыл Кыргыз жергесинде жашап, кыргыз тилин суудай сүйлөп үйрөнүүгө жетишкен, ал эмес түшүн жоруган, азыркы тапта АКШ нын Колорадо штатындагы Денвер шаарында жашаган америкен жигит Девид Галлагер болмокчу.

Жубайлар Девид жана Гүлжан уулдары Линкольн Исраил, Билим Жан менен.
Денвер шаары, 2013-жыл.

Девид ГАЛЛАГЕР:
«МЕН ИЙРИ
-МУЙРУ ЖОЛДОР АРКЫЛУУ ИЗДЕП ЖҮРҮП ЖАНШЕРИГИМ ГҮЛЖАНДЫ АКЫРЫ ТАПТЫМ»

– Девид, айтсаң, кантип, кандай жол менен Кыргыз жергесине барып калдың эле?
– Оо, бул жагдайымды айта баштасам айабай эле чубалжыган узун тарых. Мен Кыргыз жергесине эле эмес, кыргыз кызы, Жаншеригим Гүлжанга өтө узак, ийру-муйру жолдор менен жүрүп отуруп анан акыры жеттим.
– Ошол узун тарыхтын учугун чубап, кыргыз окурмандарына, тагыраак айтканда кайын журтуңа катары менен тизмектеп айтып, кеңири маалымат берип кетпейсиңби? Эгер мүмкүн болсо, албетте? Мен кыргыз окурмандары үчүн абдан эле кызыктуу болсо керек деп ойлойм.
– Жакшы болот, айтып берейин. Алгач өзүм испан тили боюнча университетти бүтүрүп, Тынчтык Корпусуна катталдым. Ушул тилде эркин сүйлөгөндүктөн Түштүк Америкага дайындалаарымды күткөм, бирок ал жакта орун жок калыптыр. Сени кабыл алсак Африкага барасың дешкен, бирок бир айдан өтүп кетсе да Тынчтык Корпусунан кабар болбоду. Анан Вашингтонго чалып сурасам, менин арызым бир текченин түбүндө калып, көрүнбөй, унутуп калышыптыр. Анан алар айтышты, Африкага баруу үчүн да кечигип калдың, Борбор Азияга барасың, бүрсүгүнү пошто аркылуу расмий чакыруу аласың, каякка жана качан жөнөөрүңдү ошол катта түшүндүрөт дешти. Чынында Борбор Азия эмне экенин так деле билчү эмесмин. «Каякка дейт?» деп атам экөөбүз картаны карай баштадык. Индустан же Пакистан деп ойлогом, көрсө алардан башка дагы беш «Cтан» бар экенда! Көп жылдардан бери картадан дыккаттык менен Азия өлкөлөрү жак
ка көз сала элек экенмин. Мурда жөн гана «USSR» (СССР) деп ал жакта жазылып турчу. Ошол беш «Станды» карасак, англисче айтууга эң кыйыны Кыргызстан болгондуктан, атам экөөбүз «сөзсүз бул тилибиз келбеген өлкөгө барыш керекпиз» деп тамашалап болжолдоп койдук. Ошону менен бүттү, «Кыргызстанга барам» деп, акыркы чечимимди кабыл алып салдым. Себеби, мен өзүмдөн кескин айырмаланган эл менен таанышып, алар менен жалпы адамдык мамилебизди таап, чогуу иштейли деген максат менен Тынчтык Корпусуна катталган болчумун. «Кыргыз» деген эл бар экендигин билип-билбей эле, анча тааныбаган элүүгө жакын ыктыярчылар менен 1999-жылдын ийунунда Чикаго шаарында жолугуп, Кыргыз жергесин көздөй учуп кеттик.
– Кыргыз жергесиндеги алгачкы маанай, кандай сезимдер пайда болду, кандай кабыл алды, алгач оор эле болсо керек? Ата-жоотоң таанып, көрүп, ал эмес укпаган эл-журт дегендей..
– Кыргыз жергесиндеги Тынчтык Корпусу биринчи эле келгенибизде бизге эң негизги кыргыз сөздөрүн сонун үйрөттү. Бир жума Кантта, мейманканада сааттын айырмасына көнүп, эң керектүү салттарды үйрөнүп (оң кол менен тамак алып жеш керек, кээ бир америкалык сөздөр кыргызча айабай уят экен, аңглисче сүйлөөдө абайлаш керек, кол менен жаңсаган америкалыктардын кээ бир белгилери бул жакта айабай башкача, ызалуу маани берет экен, жерге дароо отурбай, кагаздын үстүнө отургула, бөлмөгө киргенде эркек ар кайсы эркек менен колдон келешинче кол сунуп учурашыш керек, үйгө киргенде бут кийимди чечиш керек деген сыяктуу) анан бизди ошол Канттын тегерегиндеги айылдарга бөлүп, кыргыз үй-бүлөлөргө жайгаштырышты. Мен жана башка он ыктыярчы Туз деген айылда үч ай жашап, кыргызча үйрөнүп баштадык. Эртең менен дайыма Тынчтык Корпусундагы Нарындык мугалим бизге кыргыз тил сабагын өтчү, түштөн кийин биз билим берүү боюнча сабак окуп, а кечкисин болсо өзүбүз жашаган үй-бүлөбүз менен жалгыз калып, эптеп колдон келишинче кыргызча баарлашчубуз. 
– Кантип, эмнелер жөнүндө баарлашат элеңер, дароо эле бир-бириңерди жакшы түшүнүү кыйын болду го? Ыңгайсыз абалдар, кыйналган учурлар көп эле болгондур?
– Болбой анан. Азыр деле бир окуя көз алдымда. Менин кыргыз апам тамак жасап берип жатат. Мага «же, жей гой» десе, мен англисче тактап «Eat?» деп сурадым. Аны апам «ит» деп түшүнүп, англисче «же» деген сөз экенин билбегендиктен мени «бул эт иттин эти экен деп күнөлөп жатат» деп таарынып калыптыр. Адегенде мен эмне үчүн таарынганын түшүнгөн деле эмесмин. Андан кийин сөз менен өз оюмду айталбай кыйналып, шорпосу менен эле тамшанып ичип-жеп салдым. Эртеси Нарындык агайды үйгө эрчитип келип, апага ортобузда эмне түшүнбөстүк болгонун котортуп, кечирим сурадым!  Ошондо ал Апа агайдын сөзүн угуп алып кечке чейин боору эзилип каткырган. Мен да жыргап калгам. Дагы бир жолу ошол Апа экөөбүз жалгыз тамак жеп жатканбыз. Анан апа мага макарон сунуп, «кесме» деди. Мен аны «Kiss me (өп мени)» деп айтты деп түшүнүп, чалкамдан кулап кала жаздадым. Анан апанын күйөөсү тамакка келгенде кызарып, айабай уйалып кеттим. Экөөсү мени карап, санааркагандай шыбырашып калышты. Айткандарын түшүнгөн деле жокмун, бирок «Америкалык ооруп калды, бети кызарып атат» дешти деп божомолдоп койдум. Албетте ал түшүнбөстүк үчүн агайды үйгө ээрчитип келген жокмун!
– Ошол үйдө эле жүрө бердиңби анан, же башка жактарда дагы болдуңбу? Канттан башка шаарларга, айылдарды, обулустарды кыдырып дегеним?
– Тынчтык Корпусунун жайкы машыктыруу мөөнөтү бүтүп, эң негизги кыргыз сөздөрдү жана грамматикасын билип калганда Алайга, Гүлчөгө көчтүм. Негизги кыргыз тилинин чет элдиктер үчүн жакшы касиети – грамматикасы татаал болсо да, эрежелерден тышкаркы нерселери аз экен. Үндүүлөр ыргагы (а-ы, и-е, о-у, ө-ү) үчүн сөздөрдүн жазылышы жеңил эле. Андан да жакшы касиети бар, кээ бир жардамчы этишти колдонуп, ар түрдүү мааниси бар сүйлөмдөрдү түзсө болот экен (койуу, берүү, алуу, кетүү, салуу жана башка ушу сыяктуу). Мен кыргызчаны үйрөнүү жолуна бет алганда ар түрдүү кишилер менен сүйлөшүп, көптөгөн каталар менен сүйлөп, макоо көрүнүүдөн эч тартынган эмесмин.  Ошентип
анан машыгып үйрөнөсүң да.  Гүлчөгө барганда үч жүзгө жакын эле сөздү билсем да, грамматика эрежелерди терең түшүнүп, ойлорумду чала-була айтып калгам.  Ошол Гүлчөдө мен бир абдан шайыр байкенин (аке) үй-бүлөсү менен жашап калдым. Анын жаңы алган аялы жана жетимиш жаштан ашкан бирок аябай жигердүү, тың апасы менен чогуу жашап баштадык эле. Тилекке каршы алар менен эки эле жума туруп калдым, мектепте да сабак бербей калдым. Баткенге Вахабиттер келген кез болчу, Алайда да, Ошто да элдин баарынын тынчы кетип, Тынчтык Корпусу Ош обулусундагы (ал кезде Баткен обулусу Оштун бир бөлүгү болчу) ыктыярчыларды Бишкекке алып кетишкен. Мен үчүн абдан өкүнүчтүү эле болгон, бирок мен ошондо ал жакта калып калсам Жаншеригим Гүлжан менен таанышпай калмак экенмин..

Мектеп окуучулары менен түшкөн сүрөттөр.
Кочкор району, Ак-Учук айылы, 2000-жыл.

–   Аа, анан кайра Кантка көчүп келдиңерби?
– Ооба, кайра келип эки жума Кантта жашагандан кийин мени Кочкор районунун Ак-Учук деп аталган айылына жөнөтүштү. Ак-Учукта (1999-2000) мектепте сабак берип, Молдогазиева Жумакан дегендердин үй-бүлөсү менен бир жыл чогуу жашадым. Жумакан апа менен дароо эле дос болдум.  Нарындын өтө суук кышы сентябрдын акыркы жумасында эле сезиле баштаса, биз үйдөн чыкпай кечке көңүл ачып башыбыздан өткөндөрдү айтып отура берчүбүз. Апага, «Сиз мага тамак даярдайсыз, кийимимди жууп берип жатасыз, башканын баарын мен үчүн кылып жатасыз. Мен өзүмдүн киримди өзүм жууйунчу, Сизди убара кылбай» десем, мени укчу эмес. «Жо-ок айланайын, 
сен жалгызсың, алыскы, чоочун жерге келдиң. Башка да маселелериң бар да» деп. «Менден мындайча жол менен гана кутуласың, Американы, Америкадагы үй-бүлөңдү жана өзүңдү мага кыш бою тааныштырып, сүрөттөп бересиң» дей берчү. Ошентип Жумакан апа менен тынбай, чер жазыша сүйлөшүп жатып кыргызчаны минтип эркин сүйлөп калдым.
– Байкашымча кыргыз тили анча деле кыйын эмес, оңой эле өздөштүрүп кеткен турбайсыңбы? Ошондойбу?
– Мен мурун негизги кыргыз тилин үйрөнүү жеңил эле деп айтканыма кайра бир аз токтоло кетейинчи. Ооба, негизги кыргыз тили жеңил эле бирок ал күнүмдүк турмуш үчүн эле колдонулат.  Адабий, маданий
жаатында кыргызча сүйлөш абдан оор чет элдик үчүн. Мен канчалык өздөштүрө баштаган сайын, ошончолук өздөштүрө албаганымды билдим. Окшош мааниси бар сөздөр түгөнгүс жана өткөн чак, этиштери аябай татаал экен. «Барчу, барган, барыптыр, барды, бардыдыр» жана башка ошол сыяктуу сөздөрдү бүгүнгө чейин аралаштырып жүрөм. Ал эми -ып жатам/турам/жүрөм андан түшүнбөс табышмак боло берет мага. Бирок кыйын тил болсо да кыргыз тили мага жагат, угулушу, грамматикасы жана симболизм аркылуу маңыз бергени. Бир «көз» деген сөз менен канча ар кыл тема тууралуу сүйлөсө болот, көз карандысыздык, көздөй, көз ирмемде, көзүмдүн карегиндей сактоо, көзү ачык, көз жумду, көз караш, ач көз, элдин көзүнчө, ушундай чексиз, мен биле элек жана башкалар. Анын үстүнө бир эле сөз менен бир узун сүйлөмдү айтуусу мага айабай жагат. Мисалы, «Убадалашкандардансыздарбы?» дегенди аңглисче тил менен айтууга канча сөз керек? «Are you one of the people who made the mutual agreement?..»
–  Жакшы Девид. Тил жагынан кыйналуу анча болбоптур, жагып, бат үйрөнүп алыптырсың. А башка кандай кыйынчылыктар, жакпаган жактары болду? Же баары эле мыкты бекен бизде?
Жо-ок, андай деле эмес. Мен кыргыз тилин башынан тартып эле жакшы көрсөм да, салты боюнча ой-пикирим убакыт менен өзгөрүп келатат. Ошон үчүн азыр мен өмүр баянымдан бир саам четке чыгып, тартынбай кыргыз салтын бир аз сынга алганым туура деп ойлойм. Мен жаш ыктыярчы болуп жүргөн кезимде Американын салты менен Кыргыз салты өтө айырмаланат, бир-бири менен  кесилешпейт деп ойлочумун. Бирок кичине көнүп, «чоңойгондон» кийин, кыргыз тилин кененирээк түшүнгөндөн кийин жана кыргыз кызын алгандан кийин, жалпы адамдыгыбиз бирдей эле, айырмаларыбыз аз жана ошол айырмалар биздин бекем эл аралык достугубузга тоскоолдук кылышы мүмкүн эмес деп ишенип калдым. 
Менин көргөнүм боюнча, кыргыз салтынын эң жакшы жактары жана алсыздыгы медалдын эки бетиндей эле деп ойлойм. Кыргыз салтынын эң күчтүү жагы, үй-бүлөнүн (туугандардын) ортосундагы жылуу мамилелери жана улуулата сыйлоо эрежеси. Мен эч качан кыргыздын ата-энесин, үй-бүлөсүн же башка туугандарын жаман деп айтканын көрө элекмин. Ооба, кыргыз балдар америкалык балдардай анда-санда ата-энесине нааразы болуп, алар менен айтышышат. Бирок ошондой чатактар үйдөн сыртка чыкпайт. Кыргыздар үй-бүлөсүнүн баркын коргоп, кошунасына же досторуна чуркап, даттанып, «обого» чыгарышпайт. Уйат. Төрөлгөндөн баштап, «улууларды сыйлап, чоңдор менен учурашыш керек, ата-бабалар ыйык» деп тарбийаланышат. Анын үстүнө, кыргызда улуулата сыйлоо эрежеси баарына анык. Көп кайын-журтумдун аттарын билбейм, бирок ордун билем, жезде, байке, балдыз, эже, бажа, эне жана ошондой эле башкалар. Ар ким өз үй-бүлөдөгү ордун билсе, башкаларга кандай мамиле кылыш керек экендигин туйушат. Ошондо түшүнбөстүктөн уруштун пайда болушунун мүмкүнчүлүгү аз болот. Бала ата-эненин тилин алса, тажрыйбалуу уулдардын кеңешин укса, өмүр жолу туура болот. Улуулата сыйлоо эрежесин бузбаган үй-бүлө күчтүү болот, максаттарына тез жетет.
Алсыз жактарыбыз, кемчилигибиз жоктой эле сыпаттап, кайын журтуңду ашкере көклөтө мактап жаткан жоксуңбу Девид?
– Бул жакшы касиетинин алсыздыгы –ала качууда болушу мүмкүн. Эмнеге? Ал ой-пикиримди түшүндүрүү үчүн кичине Америка тууралуу айтышым керек. Америкада улуулата сыйлоо эрежеси анык эмес. Ооба, ата-эне
ни сыйлаш керек, бирок сый деген эмне? Аларга ойлорун ачык айтыппы же унчукпай баш ийиппи? Бул суроого ар кайсы Америкалык үй-бүлөдө ар кандай башкача жооп узатмак. Биз өз алдынчалыкты (individualism) өтө бийик ой деп эсептейбиз. Американы негиздеген аталардын (Вашингтон, Жефферсон, Франклин жана башка) ата-бабалары Европадагы адамдын мүмкүнчүлүгүн чектеген коомдук эрежелеринен качып, эркиндик издеп Америкага келишкен да. «Эч бир падыша же бай менин үй-бүлөмдү жакшы билбейт» дегендей. Ошол качып келгендердин үч жүз жылдан кийин азыркы муунга берген мурасы, Америкалык кыздар (жана жигиттер) ар түрлүү тарбияланганы. Америкалык жигит кызды ала качса, келини кантип ата-энесин сыйлайт экендиги, үй-бүлөдөгү өз орду тууралуу кандай ой бар экендиги, ким тамак бышырат, ким бала багат деген нерселер боюнча ойлору белгисиз болмок. Келин болсо бир эле көз караш менен жигиттин үй-бүлөсүнүн абалы кандай экенигин даана биле албайт. Ошон үчүн биз үйлөнгөнгө чейин жок дегенде бир жыл бирибирибизди сынап сүйлөшөбүз. Кыргызстанда болсо ала качкан келин жана жолдошу салтты, анык улуулата сыйлоо эрежесин сыйлашса, экөөнүн ортосунда майда-чүйдө жекече мүнөзгө байланышкан маселелер эле болот деп ойлойм. Улуулата сыйлоо эрежеси кээде кызыктай шартка жеткизет. Кээ бир мурдагы окуучуларым Гүлжандан улуу. Алар окуучум болгон кезинде мага сиз деп айтчу. Азыр баары тескерисинче , алар менден кичүү болсо да, мен аларды «сиз, кайынэже, кайнага жана жеңе» деп аларды сыйлап айтышым керек. Жакшы окугандар мага «агай, мурункудай эле мени сен деп айта бериңиз» деп айтышат, бирок үч алган балдар өчүн алып, мени Сиз деп айтууга мажбурлайт! 
Ушул улуулата сыйлоодо, урматтодо кемчилик, туура эмес жактар бар деп ойлойсуңбу?
– Улуулата сыйлоо эрежесинин дагы бир чоң алсыздыгы бар, ал маселелүү ата-энелер. Бала тажрыйбасы көп ата-энесинин кеңешин укса, өмүр жолу туура болот деп айтпадым беле. Бирок бардык эле ата-энелер кемчиликсиз эмес. Алар жашоо шарттарды туура эмес түшүнүшсө, балдарына жакшы кеп-кеңеш бере албашы мүмкүн. Мисалы, аракеч, ачуулуу же өзүн-өзү баалабаган ата-энелер болсо, балдардын өмүрүнө көп зыян келтириши мүмкүн. Кыргыз адабиятында канчалаган жаман энелер тууралуу шордуу аңгемелер бар экен…
Кыргыз салтынын экинчи күчтүү жагы, жылуу меймандостугу. Ал теманын укмуштугу тууралуу көп сөз болгон, аларды кайталабай эле койойун. Жакшы жагы тууралуу бир эле нерсе айтайын. Мен чет элдик адам катары эч качан кыргыз айылында өз өмүрүм үчүн коркуп көрө элекмин. Коркпойм дагы. Көп өлкөлөрдө чет элдиктер жалгыз жүрбөш керек. Мен деле Америкада жол тоспойм, айабай коркунучтуу экен. Бирок Кыргызстанда эч ким мага зыян келтербесине ишенип, жүздөгөн жолу жол тостум. Таксинин ичиндегилер мага жылуу мамиле кылат же жок дегенде мага тийишпейт деп билдим. Тескерисинче, мен башка ишке шашканыма карабай, кээ бирөөлөрү мени үйүнө жеткизип, чай берди. Шашып жатканым үчүн ошого кичине капа болсом да, кантейин, меймандос кишинин чакыруусу жакшы экен да.

Девид кайниси Таалай менен кой сойушуп жатат.
Тоң району, Тогуз-Булак айылы, 2010-жыл.

–  Ооба, кыргыздар меймандос келебиз, чоочун деп кодулабай кайра колдон келишинче сый урмат  көргөзүүгө көп аракет кылышат. Кой сойуп конок кылууга, болгонун жайууга аракет кылган жактары бар. Муну чет элдиктердин көз карашында “ашкере ысырап кылуу” деген тейде жактырбашы деле мүмкүн. Ушуга кандай карайсың?
– Бул меймандостуктун алсыздыгы жөнүндө да көп сөз айтылган. Кыскасы
, кээ бирөө бири-биринин меймандостугун колдонот. Анын үстүнө кой деген байлык да, анын курулай чыгым, ысырап болуусунун кереги жок. Мен тойлорго барган сайын үй ээси үчүн боорум айабай ооручу. Бир эле кеч үчүн канча убара болуп, канча акча коротуп, канча күн бою уктаган жок? Ошончолук кыйынчылыктын пайдасы эмне? Мен ыктыярчы болуп кыргыз тойго барганды жаман көрчүмүн. Маанилүү деле киши эмесмин жана негизинен уялчаакмын. Узак убакыт бойу төрдө отуруп, эне тилимде эмес кыйыналып сүйлөп, элдин баары мага Американын «байлыгы» тууралуу көп суроо сурап мени абдан чарчатчу. «Той» деген сөздү уккан сайын «ичим ооруйт, бара албайм» деп анткорлонуп, шылтоо таап, кашчумун. Мен «чын эле конокту сыйласа, менин каалаганымды угуп мени анчалык кыйнамак эмес» деп ойлочумун. Бирок күйөө бала катары тойго баруу таптакыр башкача, бул уялчаак адам үчүн абдан жакшыраак жана жагымдуу. Төрдө отурбайсың, эшикке эркин чыгып турсам болот. Жана күйөө бала болгондо мен бекер эле отурбайм, колумдан келишинче жардам берип, өзүмдү намыстуу сезсем болот.
Анан тойдо сөз сүйлөгөндөн аябай уялдым. Америкада узун тосту айтууга шыкты сыйлабайбыз, тескерисинче өзүнүн ойун кыскартып, жыйынтыктап айтууга жөндөмдүү кишини акылдуу деп ойлойбуз. Бирок тойдо дайыма менден акылдуу эл аралык достук тууралуу сөз күтүлчү. Мен кызарып, эптеп эле төмөнкү тосту айтып кутулчумун: «Достугубуз Ала-Тоодой чоң болсун.  Кыргызстан гүлдөй берсин. Ден соолугуңар Ысык-Көлдөй таза болсун. Малыңардын жана айалдарыңардын бойунда болсун». Эркектер жыргап күлүп калышчу, а кыз-келиндер мага уялгандай тиктешчү. Ал тосту акылдуулук эмес деп түшүнсөм да, эми эч качан айтпаш керек деп өзүмө убада берип, бирок кийинки тойдо деле жалгыз Америкалык болуп, уйалып, оозумдан кайра эле чыгып кетчү.
–  Кыргыз жергесинде жүргөнүңдө туугандарың, ата энең же башкалар сага келип кетишчү беле? Туугандарыңды сагынып, же алар деле кызыгып, биз да барып, көрүп кетели дешкендир?
–  Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө бир тууган иним бир жумага Америкадан келип кетти. Чоң той болуп, инимди төргө отургузушту. Бир байке инимдин сапсары чачын көрүп, мындай сөз айткан эле: «Советтер Сойузунун учурунда мен армияда болгом, мени Берлинге жиберишкен. Берлиндеги дубалдын ары жагында сендей сапсары балдарга мылтыктарыбызды кадимкидей мээлечүбүз. Силерди душман дечүбүз» деп анан ошол байке ыйлап жиберип, «Кечирчи бизди, азыр биз ушинтип чогуу бир дасторкондон тамак жеп калабыз деп таптакыр ойума келип, элестетчү эмесмин. Кечирчи мени брат!» дегенде иним да эч бир сөзүнө түшүнбөгөнүнө карабай эле ыйлап жиберген. Экөөсү анан кечке кучакташып, эзилишип, бир идиштен тамак жеп көпкө чогуу отурушкан эле. 
Мен, кийин, азыр кыргыз тойунун ошончолук маанилүү болуп кеткен себебин бир аз түшүнүп калдым. Үй ээси тойду конок үчүн эле өткөрбөйт, өзүнүн намысы, коом жана барк үчүн деп өткөрөт.  Андан да кыргыздын үчүнчү күчтүү касиетинине келдим, ал баркты сактоосу. Кыргызстандын аянты кичиникей, калкы аз жана тегерегинде күчтүү улуттар көп. Менимче баркты сактоосу, кыргыз салтын сыйлаганы, жакшы адам болуу менен барабар. Элдин көзүнчө, үй-бүлөнүн баркы үчүн жети атасын билип, үй-бүлөнү уйат кылбаш керек. Намыстуу адам болуш керек.
–  Намыс, салт деп жатасың, аны кандай түшүнөсүң дегеле? Маселен, намыстуу болуш үчүн эмне кылыш керек башка дагы?
–  Чыңгыз Айтматов «Адам үчүн эң кыйын иш, күн сайын адам болуу» дебеди беле? Баркты сактоону өтө эле бийик деп койуп, бир киши бир эле күн алсыз болуп, баркын, намысын сактабаса, эл аны эч качан унутпайт. Ал алсыздыктын жыйынтыгы ушак, ичи тарлык жана көз тийбесин дегени. Менимче кыргыздар элдин сөзүнө өтө эле көңүл буруп, бири-биринин кылык-жоругун өтө көп сындашат. Мисалы, жубайым бир жолу жайында, июнь айында чет өлкөлүк бир илимпоздун котормочусу болуп, Караколго ал киши менен барып келди. Бишкекке кайра кайтып келе жатканда илимпоз Чолпон-Атада түнөөнү өтүнүп, бир мейманканадан эки бөлмө суранышыптыр. Ошондо мейманкананын ээси, «жашырбай эле бир бөлмө алып эле эс ала бергиле» десе жубайымдын жүрөгү айабай түшүптүр. Жубайымдын көлдүк туугандары толтура да Чолпон Атада. Белгисиз бирөө ошол кишинин сөзүн угуп жалган ушак таратса, апасынын ден соолугуна сөзсүз катуу зыян келтирмек. Ээсин аябай урушуп «мен котормочусумун, эки бөлмө бериңиз, билбей туруп эле экинчи антип сүйлөбөй жүрүңүз» деп катуу айтыптыр.
Мен барк жана ушак тууралуу күлкүмүштүү бир окуйа айтып берейинчи. Жаш кезимде анда-санда стресс болгондо тамеки тартчумун. Бир жолу мектепте маселелер көп болуп, кечинде үйдөн жарым саат сайын  жашырынып, тыштагы дааратканабызга барып тартып келип жаттым.  Эртеси айылдын башкажагындагы агай мектептен, «Ич жакшыбы?  Кечинде дааратканага бат-баттан эле барып жатканыңды уктум» деген эле мага санааркагандай суроо берип…
Дагы бир жолу сейилдеп, айылга жакынкы адырга чыктым. Бир эңкейиштен түшүп, талаасын сугарууга келген чоочун келинге кезигип калдым. Беш мүнөт чогуу басып баратып майда-чүйдөлөр тууралуу баарлаштык. Кокусунан келин, бети кызарып, башка жолго бурулуп кетип «мени ээрчибе» деп шыбырды. Өйдө жакты карасам бир жигиттин карааны жакындап келатат. Башкалар мени келин менен адырда жүргөн киши экен деп ойлошпосун деп аябай уялдым. 
Ак-Учукта жашап жүргөнүмдө эмнегедир кыргыз салтынын алсыздыктарына эле көп көңүл бурчумун. Кыргыз салтын жаман деп эсептебейм, бирок мен үчүн ыңгайсыз деп ойлочумун. Анан кичиникей айылда жашагым келбей, Тынчтык Корпусуна мени Кочкордой шаарчага жибергиле деп арыздандым. Тынчтык Корпусу менин арызымды кабыл алып, Тоң райондун Тогуз-Булак деген айылга которушту. Бирок ал айыл деле ойлогонумдай чоң эмес Ак-Учуктай эле кичиникей айыл экен.  Азыр, он үч жылдан кийин, ал арыздаганымды эстесем, кызарып кетем. Ак -Учуктагылар «чанып кеттиң» деп мага таарынышканы негиздүү эле болчу. Бирок, Кудайга шүгүр, Ак-Учуктагы үй-бүлөм, коллегаларым кечиримдүү эл экен. 2010
жылы Ак-Учука барсам кадимкидей жылуу кабыл алышты.
–  Ак-Учуктан эмнеге кетип калды
ң эле, жакпай калган жагдайлар блдубу?
–  Ак-Учуктан эмнеге чыдабай кеткенимди түшүндүрүү үчүн 1999-2000жылдарыдагы абалымды сүрөттөшүм керек. Мен ал учурда 24 гана жашта, биринчи жолу ата-энемден алыс жашагам.  Кыргыз жергесинде телефон тармактары көбөйө элек, ал эмес Бишкекте бир эле интернет кафе бар болчу.  Америкадагы жакындарым менен андасанда эле кат аркылуу байланышып турчумун. Үйүмдү аябай сагынып, кыйынчылыктарды араң эле көтөрчүмүн. Кыргыз тилин жакшы эле сүйлөсөм да, кыргыз салтынын достукка тоскоол кылуучу чоң айырмасы жок экендигин бекем түшүнө элек болчумун.  Тынчтык Корпусу мени кайра эле башка айылга которгону ырас болуптур. Мен эгер  шаар же чакан шаарчада жашап калсам, башка ыктыярчылар менен кошулуп алып, кыргыз тилин үйрөнгөнүмдү дароо токтотмокмун. Же балким тагдырым үчүн Тогуз-Булакка көчкөндүрмүн.

Жалпы үй -бүлө, туугандары менен чогуу түшкөн сүрөт. Ысык-Көлдө, Тоң району. 2010-жыл.

–   Тагдырым, Тогуз Булак деп калдың, кенентрээк кеп салып бер эми Девид күйөө бала?
–  2000-жылдын август айында мен Тогуз-Булакка көчүп, жаңы үй-бүлөм (ыраматылык кайнатам Кудабаев Исраилдин үй-бүлөсү) менен жашап баштадым. Алардын короосундагы үч баласы мени жылуу маанайда тосуп алышты. Улуусу аябай жылдыздуу, өзгөчөлөнгөн кыз экен. Көзүмө тиктеп «Good afternoon» деп тартынбай эле айтты. Алгачкы көрүштө эле өмүрүмдө биринчи жолу башкача бир сезим менен туйуп сезгенимди байкагам. Ал үйдөгү жаңы ата-энем менен таанышып, чай ичип жатканда, апа үйдөгүлөр тууралуу кенен айтып берди. Ал кызынын он беш жашта эле экенин, тогузунчу класста окуурун угуп жүрөгүм түшүп кетти. Анан ичимден өзүмдү, «эмне болуп жатасың,  ал кыз сенин карандашың эмеспи!» деп жанагы башкача сезимимди мээмден өчүрүп салдым.  Ошентип, бир жыл бойу Тоңдо жашап калдым. Ал үйдүн ээси, Көлдүк атам менен дароо эле жакын дос болуп калдым. Ал киши айабай тамашакөй, мээримдүү жан эле.  Мага «Капиталист» деп тийишип,  кансыз согуш мезгилди шылдыңдагандай Советтер Сойузун мактачу. Бир жолу кошуна байке менден, «Дэвид, чыныңды айтчы, сен шпионсуңбу?» деп сурап, анан бир саамдан кийин, «качан менин үйүмө келесиң?» деп мени чакырса атам ыраматылык, «Шпионду да үйүңө чакырасыңбы, койлоруңду санап, Вашингтонго айтып салат» деп бизди айабай күлдүргөн. Байкуш атам кант диабети менен ооругандыктан апам ага таттуу көп жегенге тыйуу салчу. Мен Бишкекке барган сайын «эркекче» эки-үч бөтөлкө «Сиберская Корона» деген сырадан жашырып атага алып келип берчүмүн. Атам экөөбүз кошуна досубузду чакырып алып, ошол сыраларга каймак салып ыракаттанып, шашпай баарлашып отуруп жыргап ишчүбүз. Анан апа ичкенибизди көрүп калса бизди мээрими менен урушчу. «Мындан кийин сыра ичпейсиңер, диабетке зыян деп калаар эле. Анан кайра бат эле «Гүлжан, балдарга тезирээк картөшкө кууруп жиберчи» деп безилдеп турат эле.

– Айтсаң, Гүлжан мектепте эле окуган кичинекей, секелек кыз болсо, анан кантип мамиле түзүп, сүйлөшүп, жакындап кеттиңер?

– Гүлжан менен башында байке-карандаш катары эле бекем достук курганбыз. Анан мен он жылдан кийин аны менен никеге туруп калаарымды ал учурдада таптакыр ойлогон эмесмин. Түшүмө да кирген эмес. Мен өз колуктумду мактасам туура эмес го. Жөн эле Гүлжандын ар кайсы жактан (окуусунда, эл менен аралашканда жана үй оокатын кылганда) тың экендигин жакындан байкаганымды гана айтсам болот. Апасы Гүлжанды мени менен англисче гана сүйлөшүүгө мажбур кылчу. Ал менин котормочум болуп калып, көп учурда мурда түшүнбөгөн көп нерселерди эне тилимче түшүндүрүп берчү. Кыргыздын салты тууралуу аңглисче уксам, кандайдыр менин жүрөгүмө жакынараак сезиле баштаган. Ошондо гана ал салттын алсыздыгын эле эмес, күчтүү жактарын да туйуп, сезе баштадым. Анын үстүнө ошол жылдары биздин үйүбүздө жана башка мугалимдердин үйлөрүндө той-аш айабай көп болду. Ар кандай элдер менен баарлашып, кыргыз тилинде андан дагы кененирээк сүйлөп көнүп алдым. Ошол жылдары кыргызчам катуу бышып калган деп айтсам туура эле болот. Гезиттерди жана жөнөкөй романдарды окуп баштап, ар түрдүү тема тууралуу эркин сүйлөшө алчумун. Ишенесизби, азыр ошондогудай соонун сүйлөгүм келет кайра
-кайра!.. 
– Жакшы Девид күйөө бала, азыр анда Көлдү, ошол жылдарыңарды сагынып жаткан чыгаарсыңар? Айылдагылар орус деп эле кабылдашса керек. Америкалык экениңди баары эле кайдан билишсин, же билишчүү беле?
– Сагынганды айтпаңыз. Тогуз-Булак Ысык Көлдүн тескей жагында, бирок чоң жолдон алыс, «үстүнкү өрөөндө» жайгашкан. Күндө бир жолу Балыкчыдан ага сары автобуз каттайт. Ал автобустун шартын сүрөттөбөйм, бирок ага бир түшкөндө адамды он жылга карытат. Орус демекчи, бир жолу Бишкектен келе жатып, ага үлгүрбөй калып, Караколго кеткен автобуска түшүп калдым. Тогуз-Булакка бурулган жерге жеткенде (Кескен-Бел) мен жылчыгы жок автобустун артынан «токтоткула» деп кыйкырдым. Мени тааныбаган жүргөнчүлөрдүн баары «ким бияктан түшмөк эле» дешип суроолуу кебетелери менен мени жабыла карашып, кыргызча сүйлөгөн орус экениме ооздору ачылып, аңырайып, таң калып калышкан. Анан мага орусча, «Жок, болбойт, али Кажы-Сайга жете элекпиз» деп кашайып түшүрбөй койушкан. «Ээй туугандар, түшүнбөй жатасыңар» деп баарын кыргызча, ким экендигимди жана абалымды элүүдөн ашык  чоочун жүргүнчүгө түшүндүрүп бергенден кийин гана араң токтоп түшүрүп койушкан. Айылда ээн-эркин жүргөн, кыргызча билген Америкалык аз болчу. 2001-жылдын жайында америкадагы карандашым Кыргыз жергесине келип кетти. Экөөбүз Көлдү айланып кыдырып чыктык. Алыскы жайлоолорго барсак, ал жактагы чабандар менден автограф сурашты.  Карандашым ошондо мени аябай урушту. «Автографпы, сен кимсиң?” деп. «Мен Дэвидмин» деп  мостойуп туруп жооп узатып койсом ачуусу айабай келди. «Дэвид деген ким, Америкада биз эч ким эмеспиз!». «А бирок мен Дэвидмин. Мен кыргызча билген Дэвидмин» деп айтсам, «аның эмне, алар деле кыргызча сүйлөшөт да, анда сен да  алардан автограф сурабайсыңбы?» деп боорду эзген. Андан эки күн өткөндөн кийин Түптүк досумдун үйүнө барып карандашым экөөбүз өзүбүзчө англисче сүйлөшүп жатсак бир эже, «ами-мии, силерди көрүп, кадимки кино көрүп жаткандай болуп атам» деп атпайбы. Мен анан ал сөздү карандашымдын жининен коркуп, которуп бербей койгом!
Жалаң кыргыздын арасында жалгыз америкалык өзүнчө эле «жылдыз» болуп жүргөн турбайбы анда? Албетте тамаша, бирок карапайым эл чет элдиктерге айабай эле тұз, жылуу көз карашта экенинин белгиси болсо керек. А карындашыңызга ал айабай өөн учураган экен да, туурабы?
– Анан дагы бир күндөн кийин, Кара-Колдун зоопаркына барып калдык. Үч, сегиз жаштын тегерегиндеги жаш балдар маймылга айабай кызыгып карап жатышкан экен. Артынан карандашым экөөбүз англисче бапылдап сүйлөп аларга жакындап келгенибизде балдар маймалды унутуп, бурулуп алышып, баары тең бизди тиктеп калышты. Айттым карандашыма, «көрдүңбү, биз маймылдан да кызыктуубуз. Ушундай белгилүү жана өзгөчө болгонго мен көнүп калгам» десем карындашым, «ошон үчүн сен бузулуп, көөп кете электе үйгө келишиң керек» деп таарынган.

(Уландысы бар.)

Ааламтор аркылуу маек курган
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист,  Келсинки-Денвер.
май, 2013.

 

Mar 16

Кызыл бурч..

ЭРИК РАСТ:  «КЫРГЫЗДЫН КЫЗЫН ЖҮРӨГҮМ МЕНЕН ЖАКТЫРЫП КАЛГАМ»

ВЕНЕРА РАСТ: «БИРИ-БИРИБИЗДИ КӨЗ КАРАШЫБЫЗ МЕНЕН ЭЛЕ ТҮШҮНӨБҮЗ»

Кыргыздын күйөө баласы Эрик РАСТ менен Венера РАСТ.

«Кызыл бурч» рубрикабыздын бүгүнкү  меймандары алыскы Америка континентиндеги Канадалык немис жигит Эрик Растка турмушка чыккан көгүлтүр Көлдүн (Каракол) кызы Венера Раст болмокчу. Башында айтылгандай азыркы күндө Ааламдын алты Материгинде тең кыргыздар жашайт. Алардын арасында ошол чет өлкө жарандарына турмушка чыгып, үй-бүлө күтүп, чет элдиктердин келини болуп калган кыргыздын кыздары да күндөн күнгө көбөйүп баратканын дагы жакшы билебиз. Мен «КЫРГЫЗ КӨЧҮНӨ» дал ушундай кыздарыбыздын түрдүү тагдырлары, кызыктуу жашоо турмуштарын чагылдырып, алар менен маектешип туруу максатында «Кызыл бурч» аттуу рубрика ачкам, аны да жакшы билесиздер. Венера Раст ошол «Кызыл бурчка» мейман болуп келген кыздарыбыздын үчүнчүсү. Буга чейин Прага шаарында жашаган эркин журналист кызыбыз Карамат Токтобаева менен Кабул шаарында жашаган Венера Мовлян «Кызыл бурчубузга» кызыктуу маек куруп беришкен. Ал эми бүгүнкү маектештерибиз кыргыздын Канадалык күйөө баласы Эрик менен Венера аттуу Ысык-Көлдүк кызыбыз. Алар азыркы тапта айтылуу «Кеңгурунун мекени» аталган алыскы Австралия өлкөсүнүн Том-Прайс деген шаарында жашап жана эмгектенишет экен. Анда эмесе «австралиялыктар» менен болгон кызыктуу маегибиз Сиздердин назарыңыздарда.

Толугу менен

Dec 24

Бейне..

Аманб.25 ДЕПУТАТ МАНДАТЫН ТАПШЫРСА, ОРДУНА ТИЗМЕДЕГИЛЕР КЕЛЕТ.

Акыркы убактарда «Республика» фракциясынын депутаты Урмат Аманбаева мамлекеттик тил мыйзам долбоорунун үстүндө катуу иштеп, ал мыйзам долбоору кээ бир депутаттарга жакпай, чоң талаш-тартышты жаратып жатат. Урмат эженин депутаттык ишмердүүлүгү жана анын жеке жашоосу тууралуу маек курдук.

– Урмат эже, маегибизди сиздин саясатка келишиңизден баштасак. Саясатка келишиңизге эмне түрткү болду?
– Саясатка келгенге чейин коомдук-саясий турмушубузга катышып, аралашып жүрдүм. Ошол эле убакта айрым чечүүчү учурларда өз пикиримди да билдирчүмүн. Бирок колуңда бийлигиң болбогондон кийин жогорку дэңгээлде элиңе кызмат кыла албайсың, ошол себептүү бийлик бутагына же саясатка келишиң керек. Ар бир адам мамлекетине, элине кызмат кылгысы келип өз салымын ар кандай дэңгээлде кошот. Эгер мамлекеттик деңгээлде кызмат кылайын десең, анда мүмкүнчүлүгүңө  жараша саясий коомчулукка аралашышың керек.

– Келин болуп барганда канча убакыт эшиктин алдын шыпырдыңыз эле?
– «Ошто келиндер таң атпай эшик шыпырат»,- деп атат окшойсуз. Андай салт Оштун баардык эле жерине мүнөздүү эмес. Бирок жаңы келин болгондо албетте өз милдеттеримди аткарып, үй ишиндеги тийиштүүлөргө жоопкер болчумун. Ал эми эшик шыпыруу, тазалыкты кармоо бул аял кишиге абийир эле алып келбесе, эч качан терс таасирин тийгизбейт.

– Кыздарыныздын да саясатчы айым болушун каалайсызбы?
– Эң негизгиси кыздарым мени тартып, өзүмө окшош болсо. Бардык эле ата-эне балдарым өзүмө окшош болсо, жакшы болсо деп тилек кылат экен. Ал эми саясатты тандайбы же кайсы багытты алат өздөрүнүн тандоосу. Бирок, менин байкашымча кыздарым жашынан эле турмушка жоопкерчиликтүү карап, коомдук иштерде активдүүлүгү байкалган. Кудайым буюрса саясий коомдогу жаштарыбыздын катарын толуктайт деп ишенем.

Көйгөйлүү маселе көтөрүлүүдө.

– Оштогу чоң муз аянтчасы сизге таандык деп жүрүшөт. өзүңүз конькини жакшы тебесизби?
– Ооба, Ошто маданий борбор болуп, жаштарыбыз спорт менен алектенсе деген максат менен муз аянтчасын курганбыз. Учурда жаштарыбыз муз тепкенди үйрөнүп айрымдары мыкты өздөштүрүп алышты. Алдыда муз оюндары боюнча дагы жакшы пландарды карап атабыз. өзүм да айрым учурда муз тээп турам, жогорку деңгээлде болбосо дагы бир аз тепкенди үйрөндүм. Муз аянтты курганга чейин өзүм деле тепкенди билчү эмесмин.

– Негизи эле спорт сиздин жашооңузда канчалык роль ойнойт?
– Дени сак улут, дени сак өлкө дегендей, ар бир жараныбыз спорт менен алектенсе сергек болот, ден-соолугун чыңдайт. өзүм да спорттун жеңил түрлөрү менен алектенип, өзүмдү сергек алып жүргүнгө аракеттенем.

– Сулуулук салондоруна канча убакта бир барып турасыз?
– Мезгил-мезгили менен кайрылып турам.

– Бул жылы кичүү кызынызды турмушка узаттыныз. Улуу кызыныз канчада?
– Улуу кызым Назира 24 жашта, аны 2010-жылы турмушка бердим. Учурда күйөө балам Аскар экөөнүн Адахан аттуу уулу бар. Кичүү кызымды да быйыл турмушка узаттым, кийинки күйөө баламдын аты дагы Аскар.

– Кыздарыңызды турмушка узатыптырсыз, учурда жалгыз жашайсызбы?
– Сиңдим менен турам. Ал студент болгонуна байланыштуу жаныма алып келдим. Кыздарым да баттан келип турат.

– Кыздарыңыз кайсы окуу жайларда билим алышты. Сураганымдын себеби, көпчүлүк депутаттардын, чиновниктердин балдары чет мамлекеттерден билим алышат эмеспи.
– Эки кызым тең Кыргызстандан эле билим алышты. Улуу кызым Назира «Ата-Түрк Ала-Тоо» университетинин «Эл аралык мамилелер» факултетин аяктаган. Кичүү кызым Гулина Оштогу Юридикалык Академиянын 5-курсунун студенти.

– Эми сөздү саясатка бурсак, сиздин тил боюнча мыйзам долбооруңуз жөнүндө кененирээк айтып кетсеңиз?
– Өзүңөргө маалым болгондой  мамлекетибизде мамлекеттик  тилдин  абалы  жылдан-жылга начарлап  баратканы байкалууда. Ошол  себептен бул  мыйзам  долбоорун  иштеп чыктык. Анда  негизинен мамлекеттик  тилге  болгон  муктаждыкты  жаратуу  менен мамлекеттик  тилдин  колдонуучуларын  көбөйтөлүк дедик.
Негизинен  элибиз  эзелтеден  бери эле (азыркыча айтканда)  атка  минээрлерге  карап оңдолуп,  түзөлүп, аларга  маани  берип келет   эмеспи. Ошондуктан  биз  кимде  ким  мамлекеттик жетекчилик кызматка  барам десе, мамлекеттик  башкарууга  катышам  десе мамлекеттик  тилди  билсин  деп  жатабыз. Ошондой  эле бардык  мамлекеттик  ишканаларында иш кагаздары  мамлекеттик  тилде жүргүзүлсүн  деп  жатабыз.
Шаарыбызда  илинип  турган  көрнөк  жарнактардын  баарысы  мамлекеттик  тилде  туура жазылсын, ал  мамлекеттик  тил  боюнча  атайын орган  тарабынан дыкат текшерилип  анан илинсинн  деп жатабыз. Эгерде  бул  чаралар  аткарылбаса административдик  жоопко  тартылсын  деп  айып пул  төлөөнү  да киргизип  жатабыз.

– Депутат болуп иштегенден бери кандай мыйзам долбоорлордун үстүнөн иштей алдыныз?
– Мен өз  депутаттык 3 жыл  аралыгында бир-топ  мыйзам  долбоорлорун иштеп  чыктым. Алардын бири Кыргыз Республикасынын «Энергетика  жөнүндө» мыйзамына  Президент кол коюп  бүгүнкү  күндө  иштей  баштады. Анда  негизинен Электр  энергиясын  колдонуучуларга электр эсептегичтери энергия  сатуучулар тарабынан  коюлсун  деп  өзгөрткөнмүн. Анткени электр  энергиясы товар  болуп  эсептелет  да. Ошондой  эле  ушул  сыяктуу  элге  керектүү  бир топ  мыйзам  долбоорлорунун  демилгечисимин.

– Депутат айымдардын арасында сизди бай айымдардын катарына кошуп жүрүшөт. Сиз үчүн байлык эмне? Эгер чын эле бай болсоңуз, канча убакытта бирден кайрымдуулук иштерин жүргүзүп турасыз?
– Кайрымдуулук иштери-бул соопчулук үчүн жасалган парз. Ал Кудай ыраазычылыгы үчүн жасап, бей-бечараларга кам көрүү, жардам берүү. Ошол себептен соопчулук ишти «мынча жолу жардам бердим»,- деп мактанып айтуу же жар салуу туура эмес. Андан тышкары жардам сурап кайрылгандар көп болот, колдон келишинче жардамымды аябайм.

– 25-декабарда парламент тарап кетиши мүмкүн деген пикирлердин канчалык чындыгы бар ?
– Эми 25и жакын эле калбадыбы, убакыт көрсөтөт. Бирок парламенттин таркашына эч кандай негиз жок.Парламент тараш үчүн депутаттардын үчтөн эки бөлүгү башкача айтканда 80 депутат таркоо тууралуу чечим кабыл алышы керек.

– Сиздин мамлекеттик тил боюнча демилгелеген мыйзам долбооруңуз басылмалардын жыл жыйынтыганда «жылдын мыкты мыйзамы» деген наамга татыптыр, кубанычтуу болдубу сиз үчүн?
– Албетте кубанычтуу болду. Бул сыймык биринчиден улуу элдин урпактарыныкы. Улуу журттун учугун улап келген кыргыз журтунуку.

– Мыйзам долбоору дагы канча окуудан өтүшү керек, кийинки жолу кесиптештериңиз колдобой коюшунан чочубайсызбы?
Биринчи жолку окууда 98 депуттын 85и колдоп добуш берди. Бул деген жакшы жыйынтык. Кийинки жолу добушка коюлганда менимче дээрлик көпчүлүгү колдоп берет деген ишеним бар. Себеби, дагы сунуш-пикирлер түшүп кошумчалар болду. Ал эми туура эмес маалымат жетип чочулап аткандарга түшүндүрүү иштерин жүргүздүк. Себеби, көпчүлүгү расмий тилдүүлөргө кысым башталат экен деп атышкан. Негизинен бул мыйзам долбоору расмий тилге эч кандай зыянын тийгизбей кайра мамлекеттик тилди да үйрөнүп алууга жакшы шарт түзүп берет. Көп тил билгендик бул ар бир адамга ийгилик гана алып келет. Ошону менен бирге намыстана турган дагы жагдайларды айта кетүү керек. Кыргыз мамлекетинде туруп эне тилибизге кам көргөндөн чочулап, кысынып калсак анда бул улуттун жок болуп баратышы, тилдин баркы кеткенин, ошондой эле кайсы бир кызыктар күчтөр бизди басмырлап таасиринин кучагынан чыгарбай калуу алдында турганынан кабар берет. өкүнүчтүүсү ошого өзүбүздүн арабыздан чыккан айрым адамдардын тескери кадамдары тоскоолдук кылып, кайра тескери иш жасап, туура эмес маалыматтар менен коомчлууктун башын айлантып жатканы болду.

– Кечээ жакындагы добушка коюда каршы чыккан депутаттар, эмне себептен каршы экенинин жүйөөсүн айттыбы, дегеле аларга көз  карашыңыз?
– «Каршы» добуш бергендердин айрымдары жыйында катышкан эмес. Мисалы Жылдыз Айтибаевна кечигипк елгендигине байланыштуу, анын ордуна башка бир депутаттар кнопканы басканын депутат ңзү жарыялады. Ал пикиринде мыйзам долбоорун колдой турганын билдирди. Ушундай эле кырдаал башкаларында болду. Ал эми чынында каршы чыккан депутаттар мурдатан эле каршы пикирин айтып, кээ бирөөлөрү коомчулукка туура эмес «баардык орус тилде сүйлөгөндөргө айып пулун салат экен»,- деген сыяктуу түшүндүрмө беришкен. А чынында мындай пикир такыр туура эмес.

Өкмөттүн кышка камылгасы, шаар бийлигинин бүгүнкү абалы сизди канаатандырабы?
– Мурдагы өкмөттү «жылкы чыры» менен эптеп саясий кызыктар топ кетиргенден кийинки алардын алып келген  өкмөтүнүн ишине үшүгөн эл, тайгаланып жыгылган шаардыктар, оту жок, газы өчкөн караламан журт баасын берип койду. Элдин баасынан өткөн баа жок.

– 25 депутат депутаттык мандатын тапшырууга даярданып аткан турбайбы, эгерде алар чыгып кетсе парламент тарайбы?
– Негизи шарт боюнча 25 депутат мандатын тапшырса, ордуна тизмедегилер келет. Ал эми тизмедегилер да келбей турган шартта 25 депутаттан тышкары калгандары парламенттин тарабай калуусун камсыздай алат, башкача айтканда кворум болот.

– Өтүп бараткан жыл сиз үчүн кандай жылдардан болду?
– Эч качан эски жылга нааразы болбошубуз керек. Бул жылды аман-эсен кырсыктан тышкары өткөрүп атабыз. Жеке үй-бүлөөбүздө да жакшылыктар болуп бүлөө кошулду.

– Кыргыз элине Жаны жылдын каалоо-тилегиңиз?
– Өткөн жылыбыз жакшы жылдардан болду, бир топ мамлекеттик жакшы жумуштар аткарылды. Ошол мезгилде кемчилдиктер да болбой койгон жок. Келаткан жылыбыз ылайым ырыскы ыроологон, жергебизге кут береке конгон жылдардан болсун. Ар бир кыргызстандыктын үй-бүлөөсүнө аманчылык тилейм. Андан тышкары алыста жүргөн мекендештерибиздин да ден-соолугу бекем, иштеринде ийгиликтер арбын болсун.

Маектешкен Төлөбүбү Касымалиева.

Булак: http://kyrgyztoday.kg