Mar 23

Туулган күн..

ТУУЛБАЙ ТУНА ЧӨКСӨМЧҮ..

Жаратылышыман шаан-шөкөттү анчейин эңсебейм деле. Чөнтөк толо акча, күндө той-топур, сауна, концерт өңдөнгөн нерселер көңүлгө жат нерсе. Көбүнесе, жалгыздыкты жактырам, табигат койнунда эс алгым келет. Шар аккан суунун жээгин бойлой ар түркүн кыялга батууга кызыгам. Ошондонбу, бир жылда бир келчү туулган күнүмдү деле оңчулуктуу белгилей элекмин, ушул кезге дейре. Кээ бирөөлөр бар го, туулган күнүн дүңгүрөтө белгилеп, жоро-жолдошторунун мактоо сөздөрүн тыңдап, туулганына катуу толкундаган. А мен антүүдөн караманча алысмын. Ар жыл сайын туулган күнүмдө таңдан кечке дейре ой ааламына сүңгүйм. «Канча жашка келдим, дагы канча жылдык өмүр күтөт, алдыда, не иш бүтөрдүм, маңыздуу жашап жатамбы, элге берээр эмгек жарата алдымбы, эгерде жарата элек болсом, эми жарата аламбы, дегеле бул жарыкчылыктагы максатым эмне, жеп-ичип эле, кийинип, ың-жыңсыз белгисиздикке сиңип кетемби, кези келгенде?..» деген соболдор мээ чөйчөгүмө толо түшөт. Ошентип, ойлор менен алпурушуп атып, өткөрөм, ал күндү. Эсимде, калп айтпасам, бир ирет белгилеген экем, туулган күнүмү. Студент элем. Өзбекстандан келген тайпалаш досум музыкалык мектепте кароолчу болуп иштечү. Кечинде досторум менен кыздарды ээрчитип алып, ошол достун мектебине бардык. Үстөлдө арак-шарап. Жеп-ичтик. Ар кандай каалоолор айтылды, дарегиме. Катардагы эле күнүгө көрүшкөн досторум, ал күнү, менден алтын сөздөрүн аяшпады. Айткандарына караганда алар үчүн мен ай, күн экем, эй. Кызык. Туулган күнүмдө гана аларга ушундай көрүнгөнүмө таңгалдым. Башка маалда жарытылуу саламга келбей, атаандаштык, көрө албастыктын торуна чалынып, бири-бирибизге бут тоскон достор, бир заматта, бирдиктүү күчкө айланганыбызга ашкере оозум ачылды. Ал ортодо музыка ыргагында бийлегенди да унутта калтырбадык. Айтор, ошентип, ал күндү да узаттык. Эртеси жатаканага келип, керебетимде шыпты тиктей күнү кечээ узаган туулган күнүм тууралуу ойлодум. Негедир, достордун арасында опурап-топурабай, жалгыз гана өткөрсөм болмок тура деген ойго жетелендим. Экинчи мындайга жол бербөөгө сөз бердим, өзүмө. Ошондон бери жалгыз өткөрүп келе жатам.

Толугу менен

Mar 13

Таазим.

“КӨЧКӨ” КЕЛИП КӨЗҮМ АЧЫЛДЫ..

Мени бул Фейсбук тармагына алып келген Асыран АЙДАРАЛИЕВ агайга ыраазымын! Бул сайтты, “Кыргыз Көчүн” деле билчү эмес элем! Жада калса ӨҢҮ_мдү да ушул агай аркылуу таптым! Алакандай ырымды жактырып калып, аны “Көчкө” жарыялаптыр! Мага бул кабарды Сатыш акем айтып калды! Кызыга баштадым да, агайдын дарегин алдым. Агай менен көп нерсени талкуулап, акыры менден маек алды! Ошондон кийин мен Фейсбук сайтына бат-баттан кирип баштадым. Алгач, эч нерсесин түшүнбөйт болчумун! Чынын айтсам, жакпады деле! Асыкем мени көп урушчу. “Туура жаз, туура ойлон” деп.. Кээде таарынсам, кээде катамды сезип, ал адамга ичтен ыраазы болом! Азыр деле толук түшүнбөйм! Окуганды гана билем!

Толугу менен

Feb 10

Үн кошуу..

ЭЛГЕ ЖАНА ЭЛ БАШЧЫГА КАЙРЫЛУУ!

“КР мамлекеттик тили жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР ЖК депутаты Урмат АМАНБАЕВАНЫН демилгесин кош колдоп колдоо ирээтинде биз, 500 дөн ашык мүчөсү бар «Кыргыз Көчү» тобу жана эркин жарандар КР Президенти Алмазбек АТАМБАЕВГЕ жана жалпы эле коомчулукка расмий Кайрылуу кат жолдоону туура деп таптык.

Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн  башкы белгилеринин бири катары мыйзамдуу таанылган, белгилүү бир өлкө аймагында бүткүл расмий жана бейрасмий деңгээлдеги мамлекеттик, коомдук иштер милдеттүү түрдө жүргүзүлүүчү, калкынын басымдуу бөлүгүнүн эне тили жана пикир алышуунун каражаты катары турмуштун бардык чөйрөлөрүндө пайдаланылган негизги тил болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана анын кадыр-баркын көтөрүү багытында көрүлгөн даректүү чаралар коомубузда кыргыз тилине болгон жылуу маанай түзүп, мамлекеттик мекеме-уюмдарда, окуу жайларда жана коомдук сектордо мамлекеттик тилди үйрөнүү, иш кагаздарын орус тили менен катар кыргыз тилинде да жүргүзүү аракеттери жүрүүдө. Буга коомчулук, өзгөчө мамлекеттик чиновниктер, кызматкерлер, ал тургай катардагы эле жарандар арасында кыргыз тилин үйрөнүүнү мамлекеттик тескөө эмес, турмуштук зарылчылык катары кабылдоо, ага артыкчылык берүү аракет-түшүнүктөрү келип чыккандыгын да далил катары белгилеп койолу.

Толугу менен

Jan 22

АРМАНГА АЙЛАНГАН ТАГДЫР.

Чубак САТАЕВ.

БИЙИК ТОО, АСМАН, ААЛАМГА,
БИРИНДЕП КЕТКЕН КЫРГЫЗДАР!
БИЛИНБЕЙ КЕЛИП БУЛ ЖАШООГО,
БИР ЖАНЫП ӨЧКӨН «ЖЫЛДЫЗДАР!»..

Таланттуу обончу жана аткаруучу, бул өмүргө өзгөчө бир “жарк” дей түшүп кайра “жалп” өчкөн чыныгы “жылдыз” Чубак САТАЕВ тирүү болсо өткөн 13-январда 53 эле жашка чыкмак. 20 жыл мурун болгону 33 жашка чыгып чыкпай, таланты ташкындап турган маалда капыстан каза болуп, бул жашоо менен кош айтышып кете берген. Кыскасы даңазасы таш жарып турган. 87-жылдары болсо керек эле, Бишкектин «Восток-5» кичи районундагы «Набережный» көчөсүндө Маданият министирлигинин жатаканасы бар болчу. Ошол жерде көптөгөн маданият ишмерлер үй-бүлөлөрү менен кымындай, көчүк айланбаган тар бөлмөлөрдө тыгылып жашашчу. Опера жана балет театрында иштегендиктен, экинчи чети ошол жатаканада жашаган жакын досумдукуна байма-бай каттап тураар элек. Айрыкча дем алыш күндөрү Чубактын атактуу «Арманы» алты кабаттуу жатакананы өзгөчө шаңга бөлөп, топураган күйөрмандар улам бир чакан бөлмөлөрдүн босогосунда тыгылышып, узунунан кеткен тар коридордо котолоп, батпай турчубуз. Тээ түн бир оокумга чейин аккердеон үнү басылбай, Чубактын шайы кетип, үнү каргылдана баштаганда кана бирин сериндеп отуруп тарап кетчибиз. Арман, арман, арман, арман, арман, арман аай…  Ар бир кабаттан, ар кайсы бурчтан, кызы деле, эркеги деле, эшиктен деле, тешиктен деле ичинен сыздап, боздоп, күңкүлдөп, мыңкылдаган “армандар” тынымсыз, дембе-дем эле кулака жаңырып турчу.. Арман, арман, арман, арман, арман ай…

Толугу менен

Jan 19

Ностальгия..

Нарын, “Орто-Токой”. 2004-жыл, 15-август.

ЭСИМДЕ.

Эргип отурган учурларымдын эң бир жагымдуусу өздүк сүрөт архивимди аңтармай. Жакшы көрөм. Бош болсом эле аңтарып-теңтерип, казып жатып калам. Бүтүп калса кайра башынан баштап каза баштайм, же бир тажап койсомчу. Тажабайм. Бирок аябай жагымдуу. Өзүмө жагат. Анткени, ар бир сүрөттүн тартылган тарыхын, күнүн, кандай шартта, кай жерден экенин, ал тургай убакыт саатына чейин беш колдой билем, көрүп-көрбөй эле дароо эсиме түшөт. Эсимде. Баары эсимде. Ошон үчүн аңтарам, ошон үчүн жагымдуу, ошон үчүн тажабайм. Жактырам. Бул дагы жакшы. Артта калган жылдарыңды, унутулган, көрүнбөгөн, көмүлүп калган издериңди ушундай тартылган сүрөт аркылуу элестетип, эстеп, эңсеп, чагылдырып, чарчаганда, чаалыкканда жөн гана рахат алуу менен азгантай эс алып, жеңилдеп каласың. Анан дал ошол жылга, күнгө, сүрөт тартылган жерге ой кыял чабытың менен дароо учуп жетесиң. Баскан турганың, кыймылдаганың, кылык-жоругуң, а тургай эмне деп сүйлөшкөнүңдөн бери эсиңе түшүп, кадимки тасмага тартылган эски пленкадай көз алдыңдан чууруйт.. Толугу менен

Jan 15

Кыял.

ТҮРКҮК

Далай түркүктөрдү (колонна) көрдүм. Үч кишинин кулачы жетпеген, мармар таш, асман тиреген, кооз түркүктөр. Москвадан, Ленинграддан, Кавказдан, Кытайдан, Хельсинкиден. Тээ илгери Баку шаарында аскердик кызмат өтөп жүрүп аскер бөлүкчөсүнөн алыс эмес жердеги Пиршаги деген кыштакчадагы шишкебек саткан чакан пивоканадан. Оймолонуп-чиймеленип ойда кооз жазалган, ичке жыгач түркүктөр. Бирок, качан, кайдан, кандай гана түркүк көрбөйүн айылымдагы үйдүн маңдайындагы эски бастырманын ортосундагы, бооруна эсепсиз мык кагылган, жоонтумак келген кыйшык түркүктүн жанында бири да шоона эшпей турчу. Ошол түркүктүн түбүнө отура берип, далай жолу көк муштум болуп тоңуп, кээде уктап калган күндөрүм да болгон. Болгондо да кышында.

Толугу менен

Nov 29

Үшкүрүк..

Тоолуу Ат-Башы району. Касиеттүү Чеч-Дөбө.

*******************************************************

ЖАН  ООРУГАНДА  ЖАЗЫЛГАН
СҮРТҮМДӨР..

Бала кезибизде ырамaтылык чоң апам “Таргыл өгүз болбосо, таруу-бакал кайда экен, бул Ажыбек болбосо, кичине катын кайда экен” деген бир макалын көп айтып калаар эле. Муну ар дайым ачуусу кармап, жаны кейип, жан дүйнөсү ооруп кеткенде айтып алчу. Түшүнүп койуптурбузбу, көрсө “мен болбосом эмне кылат элеңер?” деген мааниде кыйытчу тура, жарыктык.  Анан ошондон кийин гана бир аз бугу чыккандай, бурганагы жазылып калгандай, адеттегисиндей эле кайра көнгөн жумушун кыбырап кылып жүрө берээр эле. Аны эмне, оң айтса тетири жасап, гөңкөгө нан жабаарда, отунун жарып от жагаарда, оту күйүп, гөңкөсү чоктой ысып даяр болуп, отуздан ашык нантабакты үйдөн гөңкөгө ташый турганда, кашайтып качып кеткенибизде, омурткабыз сынып ойноп кеткенибизде жаны кашайып, жаны ооруганда айтпай койчубу?.. Отуздан ашык гөңкө нан үч күнгө жетсе жетет, жетпесе жок, кайра эле баягы, гөңкөгө нан жапмай. Ал ошол беш-алтообуздун курсагыбыздын камын ойлогон байкуш апамдын айныгыз милдети, кыла турган кызматы. Башыбыз оорубайт эле, балабыз да,..

Финляндия. Эспоо шаары. Кауклахти.

“Анын эмнесин айтып атасың” дешиңер да мүмкүн, айтууга туура келди. Анткени ар бир адам жаны ооруп, жан дүйнөсү кысылганда оюн, бугуп жаткан бугун, өзүнүн ичиндеги чыңырган чындыгын чыгарып, айтып-деп, төгүлүп алгысы келет. Карыбы-жашпы, аялбы-эркекпи, жөн эле турмушпу же саясатпы айырмасы жок. Эмнегедир ошол сыңары бүгүн менин да жаным ооруп кетти. Тилибиздин, дилибиздин, ыйманыбыздын бузулуп бара жатканына жаным ачып, жан дүйнөм кысылып кетти. Эмнеге мындай дейм? Кыргыздын тили эмне, тил эмеспи? Дили эмне, дил эмеспи? Кыргыз эмне, эл эмеспи? Өз тили менен дили, өзүнүн өлкөсүндө, өз эл-жеринде өгөйлөнүп, кордолуп, ур-тепкиге алынып, шылдыңдалып, сындалгыдай эмне жамaндык кылды эле? Кимге? Кимдин, кандай ажыдаардын куйругун басып алып, балээсине калды эле? “Тил эле тил” деп какшап-боздогондор көп эле көрүнгөнсүйт, бирок бир кадам алдыга жылганы байкалбайт. Баягы эле, күйүмүш болуп коюп күлгөндөр, шыктандырып коюп шылдыңдагандар, мыйзамдаштырабыз десе мыйыгынан күлүп, бут тоскондор. Андан да өзүнүн Эне тилин өгөйлөп, чангандар канча?. Кимге барып өкүнүп, кимге барып күйүтүңдү айтып, кимге барып өкүрөөрүңдү да билбейсиң!.. Баары бар, эгемендүүлүгү, эли, жери, суусу, тоосу, ташы, башы, алтын-күмүшү, ГЭСи, жайкалган жаратылышы, көйкөлгөн көлү, көк жашыл төрү, атыр жыт абасы, аска-зоосу, мөңгүсү. Айтсаңар? Эмне гана жок? Баары бар. Жетишээрлик, ал эмес ашып-ташып турат. Анан эмне жетишпейт?. Атаңгөрү десеңер, ар-намыс, адамкерчилик, атуулдук, ыйман жетишпей турат, ал жоголуп кетти. Мына шорубуз каякта? Тобо кылуубуз керек эле.

Келсинки шаарынын борбордук аянтында.

Үч жыл болду, финдердин жергесинде жашаганыма. Ушунчалык өнүккөн, баары жетишкен, шаар-айылынын айырмасы жок, сыдыргыга салгандай мизилдеген, таптаза, көргөндө көзүңдү күйгүзүп, кубанткан, жолдорунун, үйлөрүнүн, чытырман токойлору менен айыл чарба талааларындагы көздүн жоосун алган кооздукту, мындай мыкты ирээттүүлүгүн көрүп жөнөкөй сөз менен “көбүртүп” айтканда “ыйлагың” гана келет. Эмнеге? Себеби, бизге окшогон кадимкидей эле беш миллионго жакын эл, жери деле, жаратылышы деле биздики сыяктуу карапайым эл, журт. Анча деле ашып-ташып, алтынга бөлөнгөнү, «Кум Төр», «Казарман», «Жерүй», «Кара Кече», «Миң Куш», «Күрпсай», «Токтогул» дегендери дегеле көрүнбөйт, бары жогу байкалбайт. Ээң башкысы өз Эне тилинде эле өнүгүп, өсүп, эч кимге жүгүнүп-ийилбей эле, эч кимдин көзүн карабай этпей эле өз оокаттарын өздөрү кылып, өз эне тилинин жардамы менен эле ушундай “супер” жогорку деңгээлде жашап жатышкандарын көрүп, ал эмес аралашып жашап жатканыман арман-бугум ашып-ташып, арданганымдан айтып жатам да. Фин тили англис, немис же францус тили эмес. Көп жерде колдонулуп, пайдасы тиет дегидей, бул тил финдерге гана керек, бүттү. Башка тилдердин басым кысымы, жөлөк таягы жок эле Европа аймагында эң өнүккөн, бай өлкөлөрдүн алдыңкы сабында. Расмий тил катары швед тили айтылат, бирок Эне тил катары фин тили катуу бааланат жана барктуу. Жыргал жашоо керекпи, каалап, катырып иштегиң келеби фин тилин оку, үйрөн, сага жашыл жарык, жолуң ачык. Ан үчүн болгон шарт мүмкүнчүлүк болушунча түзүлүп, мыйзам аркылуу бекиген. Мыйзам демекчи, аны кыйгап өтө турган бир да адам жок. Президентинен баштап, көчөдөгү БОМЖ дору да ошол сызыкты сыйлайт. Паракорлук, алып сатаарлык, улуп-жулуп алдамай, тааныш-билиш дегендин жыты да жок. Баштаган жумушуң кечикпесең келип-келбей бүтөт, так, даана, кадыр-колко кылбайт эч ким. Булардын түшүнүгүндө «түштөнөбүз» деп акыйтып кардарларды айдап чыгуу түштөрүндө да жок. Бир гана мисал, Финляндияда ар кандай орто жана жогорку деңгээлдеги Полициялык окуу жайларга бөлөк улут өкүлдөрүн кабыл алууга катуу тыйуу салынган. Финляндияда бир гана накта фин улутундагы улан-кыздар гана окуп, билим алып, полиция кызматын аркалай алышат. Жаманбы? Эң татыктуу, мыкты мыйзам. Башкача айтканда, финдерден башкасынын баарысынын байманасы ашып, ар кандай улут өкүлдөрүн  канчалык чалчактатып, бөпөлөбөсүн Финляндияга финдерчелик эч ким күйүп, жанын берип жанталашып фин элине кызмат кылбайт. Келгиндер деген келгиндер, каалаган күнү каалаган жагына басып, көчүп, керек болсо сатып кете беришет. Улутун уруп да ойнобойт эмеспи. Мына ушундай, баардык жерде, баардык элде ушундай. Бирок аны аңдап, алдын алгандар аз, бөтөнчө бизде, Кыргыздарда,..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Эркин журналист, Финляндия. 28.05.12.