Ностальгия..

Нарын, “Орто-Токой”. 2004-жыл, 15-август.

ЭСИМДЕ.

Эргип отурган учурларымдын эң бир жагымдуусу өздүк сүрөт архивимди аңтармай. Жакшы көрөм. Бош болсом эле аңтарып-теңтерип, казып жатып калам. Бүтүп калса кайра башынан баштап каза баштайм, же бир тажап койсомчу. Тажабайм. Бирок аябай жагымдуу. Өзүмө жагат. Анткени, ар бир сүрөттүн тартылган тарыхын, күнүн, кандай шартта, кай жерден экенин, ал тургай убакыт саатына чейин беш колдой билем, көрүп-көрбөй эле дароо эсиме түшөт. Эсимде. Баары эсимде. Ошон үчүн аңтарам, ошон үчүн жагымдуу, ошон үчүн тажабайм. Жактырам. Бул дагы жакшы. Артта калган жылдарыңды, унутулган, көрүнбөгөн, көмүлүп калган издериңди ушундай тартылган сүрөт аркылуу элестетип, эстеп, эңсеп, чагылдырып, чарчаганда, чаалыкканда жөн гана рахат алуу менен азгантай эс алып, жеңилдеп каласың. Анан дал ошол жылга, күнгө, сүрөт тартылган жерге ой кыял чабытың менен дароо учуп жетесиң. Баскан турганың, кыймылдаганың, кылык-жоругуң, а тургай эмне деп сүйлөшкөнүңдөн бери эсиңе түшүп, кадимки тасмага тартылган эски пленкадай көз алдыңдан чууруйт..

Эсимде, 2004-жылдын аптаптуу жайы. Ат-Башыга шашылыш барып, шашылыш Бишкеке келе жаткандагы кербезим эле. А шашканда эмне кылабыз, шанаңдап келип таксиге отурабыз. Акыркы “сөлкөбайды” чогултуп келип таксистин колуна карматасың. Анан көрүп ал айдаганын, зуулдап гана жөнөйсүң, чиркин. Айдоочулардын тири шумдуктууларын көрөсүң. Адыраңдатып, алып-учурганына отурсаң жүрөгүң оозуңа чейин келип тыгылат, оозуңа келгенде бекем тиштенип, эптеп эч жака чыгарбай кармап каласың, аңгыча шаарга жетип да келет, Кудай жалгап. Ыңгыранып, арабадан айырмасы жок айдагандары да бар. Андайга түшсөң андан да жаман. Жетмегиң тозок. Кубалашып өтүп аткандарды көрө берип, кучунашың кармап, чегине жеткенде “ээ, урдум ушуну” дейсиң да көшүлүп уйкуга киресиң, шалактап. “Келдик, жеттик, түш” деп, желкеден алып ойготкондо көзүңдү араң ачасың Бишкектен. Кудай жалгап бу сапар немистердин апакай “Аудисин” айдаган толмочунан келген кара тоголок жигиттин жүргүнчүсү болдум. Бир апа, бир такыр сүйлөбөгөн айылдык жигит, бир аксакал, береги студент кыз анан мен, төртөөбүз. Кайран жигит, базат экен газды. Оозу да тынбаган куудул чалыштыгы бар купшуңдаган неме экен, анын айткан тамашасы менен “андигидотторуна” арсактап күлүп атып, коркконду да таптакыр унутуп коюптурбуз. Бир маалда “жерге түшкүлө, бир аз ары-бери басып, жеңилдеп, бошонуп алгыла” деп тормозун кычырата тээп токтотту. Карасак Орто-Токойго келип калыптырбыз, эки эле саатта. Жерге түшөөрүбүз менен кыткылыктап, жолду катар токтоно албай, боору эзиле күлүп келген береги БГУ нун экинчи курсунун студентин ой-бойуна койбой, жардын кырына тургуза калып, эки ирээт “чык” эттирип алгам. “Болбойт байке, эмне кыласыз, анан мага чыгарып бересизби, каякта иштейсиз, түшпөй эле койоюнчу” – деп атып араң түшкөн, чунак кыз. Эмне кылмак элем, сүрөтчүлүк ышкым ойгонуп кетип, ушул кызды тартып алгым келген. Тартып алгам. Карагыла, кыздын сүрөтү жаратылышка шайкеш келе, жагымдуу образ жаратып, лирикалык мүнөздөгү жакшынакай сүрөт болуп калган. Андан бери сегиз жыл өтүптүр. Алардын ар кими өз күндөрүн көрүп, өз оокаттарын кылып жүрүшкөндүр мен сыяктуу эле. Береги белгисиз сулуу кыз да үйлүү-жайлуу болуп, бапырап, бала-чакалуу, бактылуу эне болгондур. Эң башкысы аманчылыкта жүрүшсө болгону. А бул сүрөт ошол кезди, учурду, саатты чагылдырган бир соонун сүртүм, биздин жашоо турмушубуздагы болуп өткөн жакшынакай күндүн эсте калган бир гана үзүмү. Эсте калганы. Эсимдегиси…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия. 2012-жыл.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *