Туулган күн..

ТУУЛБАЙ ТУНА ЧӨКСӨМЧҮ..

Жаратылышыман шаан-шөкөттү анчейин эңсебейм деле. Чөнтөк толо акча, күндө той-топур, сауна, концерт өңдөнгөн нерселер көңүлгө жат нерсе. Көбүнесе, жалгыздыкты жактырам, табигат койнунда эс алгым келет. Шар аккан суунун жээгин бойлой ар түркүн кыялга батууга кызыгам. Ошондонбу, бир жылда бир келчү туулган күнүмдү деле оңчулуктуу белгилей элекмин, ушул кезге дейре. Кээ бирөөлөр бар го, туулган күнүн дүңгүрөтө белгилеп, жоро-жолдошторунун мактоо сөздөрүн тыңдап, туулганына катуу толкундаган. А мен антүүдөн караманча алысмын. Ар жыл сайын туулган күнүмдө таңдан кечке дейре ой ааламына сүңгүйм. «Канча жашка келдим, дагы канча жылдык өмүр күтөт, алдыда, не иш бүтөрдүм, маңыздуу жашап жатамбы, элге берээр эмгек жарата алдымбы, эгерде жарата элек болсом, эми жарата аламбы, дегеле бул жарыкчылыктагы максатым эмне, жеп-ичип эле, кийинип, ың-жыңсыз белгисиздикке сиңип кетемби, кези келгенде?..» деген соболдор мээ чөйчөгүмө толо түшөт. Ошентип, ойлор менен алпурушуп атып, өткөрөм, ал күндү. Эсимде, калп айтпасам, бир ирет белгилеген экем, туулган күнүмү. Студент элем. Өзбекстандан келген тайпалаш досум музыкалык мектепте кароолчу болуп иштечү. Кечинде досторум менен кыздарды ээрчитип алып, ошол достун мектебине бардык. Үстөлдө арак-шарап. Жеп-ичтик. Ар кандай каалоолор айтылды, дарегиме. Катардагы эле күнүгө көрүшкөн досторум, ал күнү, менден алтын сөздөрүн аяшпады. Айткандарына караганда алар үчүн мен ай, күн экем, эй. Кызык. Туулган күнүмдө гана аларга ушундай көрүнгөнүмө таңгалдым. Башка маалда жарытылуу саламга келбей, атаандаштык, көрө албастыктын торуна чалынып, бири-бирибизге бут тоскон достор, бир заматта, бирдиктүү күчкө айланганыбызга ашкере оозум ачылды. Ал ортодо музыка ыргагында бийлегенди да унутта калтырбадык. Айтор, ошентип, ал күндү да узаттык. Эртеси жатаканага келип, керебетимде шыпты тиктей күнү кечээ узаган туулган күнүм тууралуу ойлодум. Негедир, достордун арасында опурап-топурабай, жалгыз гана өткөрсөм болмок тура деген ойго жетелендим. Экинчи мындайга жол бербөөгө сөз бердим, өзүмө. Ошондон бери жалгыз өткөрүп келе жатам.

Былтыры, Москва облусунун Реутов шаарынын чет жакасында жайгашкан көлмө жээгинде тостум. Кайырмак салып, балык кармадым. Тегерегимде да мага окшоп балык уулагандар болду, бирин-серин. Максатыбыз балык кармоо. Бири-бирибиз менен ныпым ишибиз жок. Андыктан, туулган күнүм тууралуу эч кимиси билбеди. Көк ирим көлмөнү тиктей, улам-улам кайырмакты тартып коюп, күнүмдүк көйгөйлөрдөн алаксый, дилими тазартып, бу жарыкчылыкка келгениме, алты саным аман-соо экенине курсант болуп, көңүл тереңинде мени жаратышкан ата-энеме, көктөгү улуу Кудуретке чексиз алкыш жаадырып отурдум. Иңир талаш үйгө жөнөдүм. Жердеш иним экөөбүз турчу элек, бир бөлмөдө. Арадан эки-үч күн өткөн соң кайсыл бир себептер менен паспортуму карап атып, кайсыл күнү туулган күнүмү билген ал итабар таарынса болобу. «Апээй, десе, эки үч күн мурда эле туулган күнүң болгон турбайбы, мага эмнеге билгизбедиң, куттуктайт элем го, дале болсо мени жакынсынтпайсың, жазуучу агам катары сени менен дайым сыймыктанып жүрсөм, ушинтесиң да» дейт. Эптеп таарынычын жаздым. Туулган күндү сөзсүз эле шарапка тоюп, өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөп, көпчүлүктүн көзүнчө өткөрбөсө деле боло бере тургандыгын кыйыттым. Өмүрү антип туулган күнүн тоспогон, жадесе жаңы байпак сатып алса да досторуна жууп берген ал айтканыма ишеңкиребей катуу таңгалганын жашырбады. Эми, адам натурасы ар кандай эмеспи.

Туулган күн демекчи, ушул тууралуу дагы бир окуя эске түшүүдө. Мындан төрт жыл илгери Екатеринбургда жүргөндө бир агамын туулган күнүн кантип белгилегени жадыман жуулбайт, эч эле. Кварираны өзү ижарага алган агам туулган күнүнө тааныштарынын баарын чакырыптыр. Кече ортологуча жакшы эле отурдук. Анан агамын досторунун бири тура калып «Мектепте окуп жүргөндө биринчи атаман элем, менден баары коркушчу, класска киргенимде, кабак-кашым түйүлгөнүн көргөн классташтарым ыштанын булгап коюшчу, тимеле!» деп аркы-теркини бир айтып, төш кага опурулганга өттү. Ошондо, «Койсоңчу, эми мактанбай, жаш балага окшоп» деп тыйымыш этти, бириси. Кайым айтышуу башталды. Акыры, экөө чабыша кетишсе болобу! Калганы белгилүү го. Ыстакандар кагышпайле, кеченин катышуучулары кагышышты. Кыздар озондоп ыйлап, шторалар шыпырылып, люстра, чыны-чайнек кыйрап, кыйсыпыр түштү, бөлмө ичи. Коңшулар милиция чакырып, туулган күндүн соңуна соолуктуруучу, тартипке келтирүүчү жайда чекит коюлду. Милиция тарабынан «Атаңгөөрү, десе, жат элде жүргөн соң, жакшынакай эле жүрүшсө болмок да, ичип, чатакташпай» деген сөздөр айтылып, жамандыгыбыздан талаада темселеп жүрөрүбүздү туюнткан жарлыктар тагылды, моюнубузга. Өлбөгөн төрт шыйрагыбыз калды. Кыскасы, жаман атты болдук. Агам болсо «Ушинтип туулбай эле туна чөксөм болмок экен» деп наалыды. Тилекке каршы, түндөкү шараптын уусунан баштары сынгандардын бири да агамын ак дилден наалыганын капарга илген жок…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *