Кыйналган кыргыз китеп..


КЫРГЫЗ КИТЕП МАГАЗИНИН ОЙЛОГОН ӨКМӨТ БАРБЫ?

Достор! Замандаштар! Улуу – кичүү ага – ини, эже сиңдилер!
Жалпы калемдештер!

Биз калем кармагандан мурун, ошол калемден жаралган чыгармалардын тагдыры кандай болот? – деп, мына ушуну ойлошубуз керек экен. Не бир китептер чыгып жатат. Бирок ошонун баары элге жеттиби? Жок! Ойдогудай санда чыгышы да, элге кенен жетүүсү да мүмкүн эмес. Биринчиден каражат маселеси белден чапса, экинчиден беш – ондоп чыгарган китептерди сатыкка коерго китеп магазининин жоктугу. Экинчиден, “бечара” акын – жазуучулардын тагдырын ойлогон Мамлекет же Өкмөт жок!!!

Беш миллион кыргызга беш метир жерди ээлеп турган “Нуска” китеп магазини жетеби?! Килейген борбордун китеп магазинин ичине кирсең чалынып жылгыласың. Анткени китеп койгонго орун жок. Анан калса бир топ адамдарга, айрыкча сырттан келгендерге аны издеп табуунун өзү бир азап… “Өлбөстүн оокатын кыла бер…” – дегенсип, киши көрбөгөн бир кычыкка тыгып салган. Аа, байкушум!

Эми таптык дейли, ичине кирдик. Оо – ууу… Кудай эле сакта! Кайсы заманда жашап жатабыз? Бечара китептер! Киргенде эле сени бечара көздөрү менен жалдырай карашат. Магазиндин тардыгынан заматта башың ооруп, көңүлүң айнып чыгат. Кокус басып албайын деп, бут шилтегенден да коркосуң. Карап турсаң китептердин ич ара орун талашып буркулдашканын угуп, чачташып жатканын көргөндөй болосуң. Ишенбесеңер ичине кирип жарым саат олтуруп, ой жүгүртүп көргүлө. Китептердин батпаганын көрүп, дем алуу да мүмкүн эмес. Канча жылдан бери ал жерде иштегендерге да боорум ооруп келет. Тигил “Раритетти” кара, береги “Нусканы” кара…

Кайран орус китеп магазини тим эле жомок! Өзүнүн элинде, өзүнүн жеринде жаткандай чалкалайт. Оо, Россия! Бир боор энем!!! Кара, киргенден төрүнө чейин бейиштин талаасындай… Түркүн китептер! Кычырагандарын карачы. Мен! – деп турат. Мен! Мен! Тигинде кыргыз боз үйдү жасалгалап салганын айт. Оймо, чийме, түркүн кыргыз буюмдары. Каалаганыңды сатып ал! Раритеттен алдым! – дейсиң. Чет өлкөдөн келген коноктор түз эле ошол жакка келишет. Кыргыз буюмдарын, сувинерлерди алат элек дешип. Анан да сурагандарды, – Түз эле “Раритетке” барыңыз, таппаганды ошол жерден табасыз! – дейбиз. Түркүн конокторду көргөндө кубанган түркүн китептерди айт. Эки эселеп, кээси беш эселеп кетишет го азаматтар. “Күнчүлүк өмүрүң болсо, түндүгүнө жорго мин!” – дегендей… Анткени канча кошсо ээси өзү билет да… Мына, кыргыз мамлекетиндеги, болгондо дагы борбордогу орус магазинин таржымалы.

Эми кыргыз мамлекетиндеги кыргыз китеп магазинин тардымал тарыхын жогоруда уктуңуздар. Салыштырып көргүлө, замандаштар! Беш киши чогу келсе экөөсү эшикке чыгып турушу керек. Бирин бири тебелеп албайын деп…
Анан ойнойм, – Бечара жазуучулар! Кыргыздар! Бечарасыңар! Энеңер да, атаңар да жок жетимсиңер! Замандын бечаралары!!! Мээңерди чиритип, эс учуңардан танып жатып жазган китептериңер сатылмак тургай, ошол магазинде, – МЕНИ КАРА! – дегидей турганга орун да жок. Баса, “Раритеттин” күзгүсү да бар. Ичинде шамаалдаткычы да бар. Ии, баса ал жакта кааласаң эртеден кечке олтур. Татынакай столдору, диваны бар экен.
Бечарам! Бечара китептерим! Орун жетпесе тыгылганына деле шүгүр дейт да. Карап туруп шаардын ичиндеги “бойтоңдогон” маршруткалар элестеди. Тыгылмай… тытышмай… жөөлөшмөй… анан жек көрүшмөй… Анан бири бирин жакалашмай! Орун! Орун! Бутуңду тарт! Көчүгүңдү тарт!!! Өпкөңдү жулуп салам, жаагыңды бас! Алың келсе атып деле сал! Акмак десе! Мына бойтойгон “кытайский” маршрутканын ичинде нелер болбойт. Бул жердегилердин абалы да так ошолордой! Кудум ошолордой болуп турганын карасаң. Бири уулуса, бири унчукпай тиштенип турат. Жакшылап кулак төшө замандашым. Алар ич ара шыбырашып жатышат. Ана, ук!

– Кыргызбыз да! Сыр бербөө керек. Сырттан көргөндөр укса уят!!! Чыда! Чыда! Акыр абийири болсо бир күнү “өкмөт акем” көңүл бурат! Унчукпа… унчукпа… Бизди эптеп сактап келе жаткан Анархан кызыма рахмат айталы. Бир чыдаса ошол гана чыдап, биздин муңду бирге тартат. Өкмөт жок десе да, күлүп кайтат. Дарты ичинде, бирок эч кимге айтпайт!
Мына! Ээ, момун кыргыздар! Кыргызым!!! Мына китептердин, бечара “Нуска” китеп магазинин жашоосу ушундай. Не деген ЗАЛКАРДАР турат. Ии… кээси орун жок “жатат…жатат…”. Канча кишинин буту тийди экен аа… Анан да, кирген киши кимиңерди караарын билбей, бир сыйра сапырыла карап башы айланып чыгып кетет. Орун таппай ич ара тытышып жаткан китептерди көргөндө башы айланып чыгып кетпей ошондо жатып алмак беле.
Китептер! Китептерим! Кимиңерди карап, кимиңерди кармаарын да билишпей калат го мында кирген бечара сатып алуучулар… Мына кордук! Ушундан кийин, – Кантип элге жеткирүү керек? – деген килейген суроону коюп, кайдагы ойду айтып олтурам мен.
Кайра эле болбой, – Кантип элди китеп менен камсыздоо керек? – деген ой мээмди тыткылайт.

Чынара КАЛЫБЕКОВА. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү,
КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, актриса, акын – драматург.

P. S. Чынаранын “чырылдаганына” менин кошумчалай кетейин дегеним бул болду. Кыргыз китептерин окурмандарына сатуу, китеп дүкөн жана ага кандай көңүл бөлүнүп жатканы “мышык ыйлагыдай” деп айтканга кашкайган бир эле мисал: Килтейген борбор шаарыбыз Бишкекте ачылган “Нуска” китеп дүкөнүн азыркы заманда көзгө көрүнбөгөн кымындай кыпынды дароо тапкан “Гуугл аке” таппады, ал дүкөндүн ичи эмес сыртындагы аты, жазуусу да чыкпады. Демек, ал дүкөн жөнүндө дээрлик эч ким билбейт, аты эле бар, заты, барк-баасы жок жөн эле бир бечара “киоск” деп койсок болчуудай.. Ал эми орус тилдүүлөр үчүн апчылган “Раритет” деген дүкөн мына, сүрөтүн карагыла. Дароо чыкты, сүрөттөрү жайнайт, болгону далил катары болсун деп эки сүрөтүн алып келип койдум. Мына кыргызым, кыргыз  кыргызга, кыргыз тилине, аны калыпка салып, өнүктүрүп-өстүрө турган кыргыз китебине жасалган өгөй мамиле. Уйат.. Дагы жакшы, Жакенин (Жаныбек Жанызак) “ал дүкөндү кантип тапса болот” деп атайын карта кылып чийип, тартып койгон сүрөтү кирип калыптыр, болгондо дагы эң башында турат. Ошого шүгүр…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. 

ээ 20 абалдшарапатка

ээ 20 а

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *