Спорт – өмүр..

СТРИТ ВОРКАУТ

Спорт менен машыгуу үчүн спорт зал керек деген – бул жаңылыштык.

Азыркы учурда заман агымы өзгөргөн сайын спорт да өзгөрүп, заманбап спорт түрлөрү пайда болууда. Ааламдашуу доорунда убакыттын тездик менен өтүп жатышы адамдардын залга барып спорт менен алектенүүсүнө көп учурда мүмкүнчүлүк бербей келет. Ошондуктан адам баласы учурдун талабына ылайык нерсени издейт эмеспи. Ошол изденүү менен бүгүнкү коомдо стрит воркаут аттуу жаңы спорт түрү жаралды.

балдшарапаткаСтрит воркаут спорту АКШда коомдун жакыр катмары жашаган геттолордо пайда болгон. Жаралган мезгилин 2008-жылдар деп эсептешет. Геттолордогу ындыкаралардын залга барып машыгуусу биякта турсун, курсактарын тойгузууга акчасы жете бербеген. Ушундай шартта жашаганына карабастан алар спортту сүйүп, аны менен алектенүүнү каалашкан. Кантип? Ушундай абалда алар геттолордун короосундагы турник жана брустарда, деги эле асылууга мүмкүн болгон нерселерди колдонуу менен жаңыча агымды жарата алышкан. Керек болсо бак-дарактарды да колдонушкан. Муну менен алар мындай идеяны көтөрүп чыгышкан: “Спорт менен машыгуу үчүн спорт залы керек деген – бул жаңылыштык. Спорт менен машыгуу үчүн каалоо керек. Көчөдө деле машыкса болот”.
Салттык спорт түрлөрүн алалы. Маселен бодибилдинг. Мыкты дене түзүлүшкө ээ болуу үчүн таш, штангаларды көтөрүп, гантелдер менен машыгуу кажет. Химиялык дарыларды ичүү да сунушталат. Ал эми стрит воркаутта андай нерселерди таптакыр колдонушпайт. Стрит воркаутта “машыгуу үчүн оор нерсени эмес, денеңди колдон” деген принцип бар. Бул спорт түрүнүн жайылышына турникмендердин өзгөчө стили менен айырмаланган машыгуу учурун видеого тартып, интернетке чыгарышы түрткү болгон. ээ 20 аМындай видеонун каармандары эч кандай залы жок эле көчөдө машыккан Haniball сындуу жөнөкөй адамдар эле. Учурда алар воркаутка чоң салым кошкон даңазалуу спортчулар болуп эсептелинет. Жана көптөгөн ири мелдештерде калыстык милдетти аркалашат.

Воркаут алгач геттолордо пайда болгондуктан башында гетто воркаут деп аталып келген. Кыргызчага которгондо короодо же көчөдө машыгуу дегенди билдирет.
Воркауттун түрлөрү:
Воркаут менен шугулданган адамдарды вайбро деп аташкан. Бул сөз бизче англис тилинен алынган “white brother” сөз айкашынан “ак байке” деп которулат. КМШнын аймагында болсо турникмэн деп атаоо кеңири жайылган. Воркауттун 2 түрү белгилүү. Биринчиси гетто воркаут. Мында күч келүүчү көнүгүүлөргө басым жасалат. Экинчи түрү стрит воркаутта күч менен эле чектелбестен, чеберчилик жана фантазия аркылуу көнүгүүлөрдү иштеп чыгууга басым жасалат. Жеке менин изилдөөмдө аталган 2 түрдөн тышкары воркауттун жаңыча түрлөрү бар. Алар – урбан воркаут жана стрит лифтинг.

Урбан воркаут аты айтып тургандай эле шаардын имараттарына асылып машыгуу. Интернетте мегаполистердин бийик имараттарында, мунараларында эч кандай сактоочу каражаттарсыз машыккан адамдарды көргөн чыгарсыздар. Буларды бир чети экстрим сүйүүчүлөр десек да жарашат. Анткени аларга жерде машыгуу канаат алып келбей калган жана дайыма укук коргоо органдары менен пикир келишпестиктерге тушугушат.
Ал эми 2-багыты стрит лифтингде спортчу оор салмактагы нерсени белине байлап алып же тиштеп турникке тартынып машыгат. Демек урбан воркаутта бийик имаратка чыгып кооптуу бийиктикте турганы менен атаандашса, стрит лифтингде оордукту көтөрүү боюнча атаандашышат.
ээ 20 аВоркаут менен атактуу адамдар да машыгууга өтүштү. Мисалы актер Жейсон Стэтхемдин интернеттеги баракчасынан анын желек көнүгүүсүн аткарган сүрөтүн көрүүгө болот. Воркауттун жаңы көнүгүүлөр менен толукталышына дүйнөлүк атактуу би бойлор салым кошуп жатышат. Атай кетсек, брейк дэнс бийчиси Petair`дин интернетке жарыялаган видеолорунан өзгөчөлүктү байкаса болот. Балким бийчилиер да жаңы багыт жаратар деген пикирге келбей койбойсуң.
Эскерте кетсем, турникте түйүнчөктөй түйүлүп, ийилчээктик менен ойногон спортчулар кездешет. Бирок ал стрит воркаут деп ойлосоңуз жаңылышасыз. Ал колумбиялыктардын улуттук спорту жимбарр.

Украина экинчи мекени:
Стрит воркауттун постсоветтик өлкөлөргө таралышына да жогоруда айтылгандай интернет себепчи. Видеолор аябай кызыгууну жаратуу менен көптөгөн адамдарды спорттун бул түрү менен машыгуусуна тарткан. Алар америкалыктардай базалык түрү менен алектенип тим болбостон, өздөрүнүн фантазиясын кошо башташкан. Мындай өзгөчөлүк айрыкча украин спортчуларына таандык. Эгер Америкада базалык көнүгүүлөрдүн санын көбөйтүүгө басым жасашса, бул жерде андан тышкары санга эмес, техникалык аткарылышына жана жаңычылдыкка аракет жасалган. Натыйжада Украина стрит воркауттун экинчи мекенине айланган. Алсак, 2011-жылы Ригада өткөн Дүйнө чемпиондугунда украиналык турникмэн Евгений Козырь 1-орунду камсыздаган. Кийинки жылы Днепропетровск шаарында орун алган Дүйнө биринчилигинде башка украиналык спортчу Евгений Кочерга чемпион аталып, өлкөсүн ааламга тааныткан. Натыйжада мындай сыймыктуу жетишкендиктер украин жаштары үчүн зор стимул болгон.

Ушул күндөрү да Украинадагы оор абалга карабастан стрит воркаут жактан көп иш-чаралар уюштурулуп, жаңы спорт аянтчаларын куруу менен алдыңкы өлкөлөрдүн катарында турат. Үстүбүздөгү жылдын 31-августунда заманбап спорт аянтчасынын ачылышы болду.
Кыргызстанга качан келди?
Совет мезгилинде улуттун саламаттыгына өзгөчө көңүл бурулган эмеспи. Спорттук залдардан тышкары таза абада машыгуу үчүн ар бир мектептерде спорт аянтчалары курулган. Ушундай шарттар түзүлгөнүнө карабастан турник менен брустарда машыгуу массалык мүнөзгө ээ болгон эмес. Кызыгы ал жерге машыгуу үчүн келгендердин негизин жаш муундун өкүлдөрү эмес, пенсия курагындагы улгайгандар түзө турган.

ээ 21 бВоркаут жаштарыбыздын таза абада машыгуусуна шарт туздү. Анын бизде жайылышына америкалык атактуу турникмэн Ганнибалдын видеосу түрткү болгон. Ошол видеолорду көрүү менен машыгууну каалаган жаштардын тобу пайда болду. Мунун баары 2009-2010-жыдарга туура келет. Жаңы спорт менен машыккандар социалдык түйүндөр аркылуу ар кандай жолугушууларды уюштуруп, катары акырындык менен көбөйүп отурду. Кыргызстанда бул жаш спорт түрү мамлекеттин жардамысыз жаштардын демилгеси жана ар кандай демөөрчүлөрдүн көмөгү менен акырындан өнүгүп келе жатат. Мекенибизде стрит воркаут боюнча алгачкы мелдеш 2013-жылдын 27-июлунда Бишкекте өткөрүлгөн.

Башында воркаут үчүн көчө шартында турник менен брустар колдонулса, азыр спортчуларыбыздын суранычы менен атайын аянтчалары орнотула баштады. Азырынча бизде эл аралык стандартка жооп бере турган воркаут аянтчасы жок. Ошентсе да кыргызстандык турникмэндер колдо болгон, совет мезгилинен мураска калган нерселерди көздүн карегиндей сактоо менен сүйүктүү иштерин улантып келишет.

Медалдын 2 жагы бар дегендей жогорудагы оң жактары болду. Биздин воркауттун кемчилигин атай кетсем, ал борбор шаарыбызда гана жайылган. Алыскы аймактарыбыз үчүн ал бейтааныш. Азырынча воркаутерлердин мелдештери да тар чөйрөдө өтүп, шаар маданияты менен айыл маданияты бири-биринен ажырым абалда турат. ээ 21 бБул бир макала менен аталган спортту ар тараптан кенири ачып берүү мүмкүн эмес. Ошондуктан кийинки санда да бул темага кайрылып, воркаут менен машыгуу үчүн эмнеден баштоо керек экендиги тууралуу маалымат бермекчибиз.

Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бишкек шаарынан.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *