«Көч Байланыш»

нооруз
Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ:
  Ишкер, коомдук ишмер.


«ЖАКЫНДА БИР ЭРДИК КЫЛДЫМ, ТАМЕКИНИ ТАШТАДЫМ»

 «Фейсбук» социалдык түйүнүндөгү «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун «Көч Байланыш» рубрикасы тынымсыз уланууда. Кезектеги Байланышты айтылуу «Шоро» жана «Супара» улуттук ишканаларынын кожойуну, белгилүү коомдук ишмер, публицист жана ишкер мырза Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ менен 15-16-мартта өткөрдүк. «Көч Байланышыта» берилген суроолордун ичинен эң мыкты аталганына Этно-комплекс «Супара» тарабынан 5000 (беш миң) сомдук сертификат ыйгарылаары айтылып, жыйынтыгында ал байгени топтун жигердүү мүчөсү, Бишкек шаарынын тургуну, жеке ишкер Бахтияр БАЛТАБАЕВ жеңип алды.


Этнокомплекс Супара: 
Саламатсыздарбы! Мен, Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВМИН, сурооңуздарга жооп бергенге даярмын!.
ээ 94

сайрашСайрагүл МАТИКЕЕВА, Атланта шаарынан, АКШ.  Саламатсызбы Таабалды мырза! Биз сизди Кыргызга ак эмгеги менен аттын кашкасындай таанылган, миңдеген жумушчу ордун түзүп, мамлекеттин социалдык-экономикалык абалына чоң салым кошкон «Чыныгы Бизнесмен» деп тааныйбыз. Чыныгы дегеним, сизден бизнесиңизде азыркы көпчүлүк байлардыкындай алып-сатарлык, элдин мүлкүн приватташтыруу сыйактуу жолдор аралашкан эмес. Менин бул оюма көпчүлүк макул деп ишенем. Ошондой эле, этно-комплекс «Супара» бул кыргыздын этно-маданиятын дүйнөгө таанытуунун жеткен жери, укмуш сонун идея. Менин бир сунушум жана эки суроом бар.

1) Сунушум: Бөтөлкөдөгү кымыздын орусчасын деле «Кымыз» деп эле жаздырсаңыз. Кымыз, кымыз бойдон эле таанылса.

2) Суроолорум: Жарманын, бозонун, кымыздын Кыргызстандын түрдүү аймактарында жасалуу өзгөчөлүктөрү бар. Мен өзүмдүн кичи- мекеним Кара-Кулжа районунун Алайкуу зонасынын кымыз, жарма, аш, бозо жасоонун, эт сүрсүтүүнүн өзгөчө технологиялары бар. Кыргызстандын ар бир аймагында башкаларга окшобогон өзгөчүлүктөрү бардыр. Сиз, жана жубайыңыз Жаңылмырза ушул жактан дагы изилдөө жасап, рационуңуздарды толуктоого кандай карайсыз?

3) Кайрымдуулук жасоо-дүйнөлүк практикада бизнес этикасынын бир өңүтү. Миндеген жумушчу ордун түзүүдөн башка, кандай кайрымдуулук иштерди жасайсыздар? Ошол тууралуу кеңири маалымат берсеңиз.

Этнокомплекс Супара. Жооп:  Сайрагүл айым, “Кымыз” деген ат менен чыгуу сунушуңузду колдойм. Кыргыз суусундуктарын жасоодо бардык аймактын жасоо ыкмасын изилдеп, рыноктун талабына жараша көпкө сакталуучу жаңы технологияны иштеп чыкканбыз. Үчүнчү сурооңуз боюнча айтсам, кайрымдуулук иштерибизди атыбызды чыгаруу үчүн жасабагандыктан, жарыя кылгым келбейт.
Сайрагүл МАТИКЕЕВА:  Рахмат! Дагы, дагы ийгиликтерди, бийиктиктерди каалайбыз!

Этнокомплекс Супара: Эгерде кыргыздын унутулуп бараткан тамактарынын рецептерин билсеңиз, биз дайыма ачыкпыз.

ШиринШирин ИСКАКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан. Саламатсызбы Таабалды байке. 20 кылымда «Кока-Кола» дүйнөлүк бренд болгондой эле менин кыялымда сүйүктүү суусундугум «Шоро» 21 кылымдын дүйнөлүк бренди. Менин кыялымды ишке ашыра аласызбы?
Этнокомплекс Супара. Жооп: Ширин айым, дүйнөлүк бренд болбосо да, СНГ чөлкөмүндө белгилүү болот деген тилегим бар. Ишке ашыруу аракети жүрүп жатат.

Айтмырза
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Бишкек шаарынан, КР.
Кеч жарык, урматтуу Таабалды мырза! Сиздин чыгаан журналист жана чыгармачыл инсан экендигиңиз жалпы журтка мурдатан эле жакшы аян. Бирок, кийинки кезде публицистика менен шугулдангандан көрө бизнести өркүндөтүүгө көбүрөөк ооп кеткен жайыңыз бар. Анткен менен азыр деле кээде жаза койгондоруңуз ММК ларда жарык көрө калат…

Эми суроо: Мына ушундай жагдайдан алып караганда Сиз ушул эки салаанын кайсынысынан өзүңүздүн жеке жан дүйнөңүзгө көбүрөөк (материалдык жагы го түшүнүктүү) руханий канагаттануу ала аласыз? Баса, эмне үчүн бизнеске жаңы киришерде кыргыз суусундуктарын тандап алдыңыз? Бул Сиздин улутту сүйгөн мекенчилдигиңизден кабар береби, же кыргыздын улуттук суусундугу (мисалы: максым, жарма) башка улуттагыларга (ошонун ичинде кыргыздарга деле) оргиналдуу көрүнүп, бат акча жасаганга мүмкүнчүлүк берет деген ойдо болгонсузбу?
Жоопторуңуз үчүн алдын ала чоң ырахмат! Ишиңиздерди дайма оомат жылоолосун!

ноорЭтнокомплекс Супара: Жооп: Айтмырза мырза! Сиз жүрөктөгү жараны чукудуңуз. Мен өзүмдү бизнесмен катары эмес, чыгармачыл жазуучу адам катары жакшы сезем. Мен жасап жаткан бизнес иштерим деле баардыгы идеяга жана чыгармачылыкка негизделген. Улуттук тамак-ашты, улуттук маданияттын чоң бөлүгү катары сактап калуу идеясы мени «Шоро» менен «Супараны» түзүүгө түрткү берди. Мен «Шорону» да, «Супараны» чыгармачылык чоң ыракат менен куруп чыктым, бирок аларды башкаруу маселесине такыр катышпайм. Андан тышкары чыгармачылыкка кайтып бир чоң китеп жазсамбы деген тилегим мени сооротуп келет. Азырынча «Чуңкурчак» деген жайлоодо «Супарадан» кем эмес эс алуучу жай куруп жатам.
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ: Жоопторуңузга дагы бир ирет ырахмат, максаттарыңыздын ишке ашышына Жараткан жардам берсин!

ДинарДинар ИМАН. Истанбул шаарынан, Түркия. Саламатсызбы агай! Жарманы алгач сизге «апаңыз казанга жасап берип анан саттык» деп калаар элеңиз.. Ошол убактан бери сиз уй-бүлөңүз менен Кыргыз элине жакшы кызмат кылып келе жатасыз. Шоронун алгачкы тарых-таржымалы тууралуу айтып берсеңиз?
Этнокомплекс Супара: Жооп: Динара кандайсың, сен аны баарынан жакшы билесиң да..

РайкүлРайкүл АЙДАРАЛИЕВА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Таабалды агай? Менин оюмча сизде ушул тапта баардык мүмкүнчүлүктөрүңүз бар деп ойлойм. Акыл, байлык жана да бийликке сөзүңүз өтөт дегендей. Суроом: Эс алганы балыкка ууга чыктыңыз. Торуңузга алтын балык түшүп калды. Алтын балык жалынып, жалбарып, «каалаган 3-тилегиңди айтыңыз да мени кое бериңиз, бирок тилектериң жалаң кыргыз эли, кыргыз тили, кыргыздын келчеги тууралуу болсун» десе Сиз кандай суроо берет элеңиз?
Этнокомплекс Супара: Жооп: Райкүл айым, 1. Кыргыз эли жалкоолуктан, ичи тардыктан, көрө албастыктан арылсын: 2. Кыргыз тилин сактоо үчүн да, өнүктүрүү үчүн да Шайлообек Дүйшеевдин «Агындыларындай» китептер көбөйсүн:  3. Карызы жок мамлекетке айланалы.

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА. Кызыл – Кыйа шаарынан, КР.  Таабалды агай, сиз жасаган иштер чындыгында эле анча-мынча адамдын колунан келе бербейт. Дегеним, кыргыз элинин улуттук баалуулуктарын сактоого, жайылтууга, кийинки урпакка өткөрүп берүүгө зор салым коштуңуз. «Ар кандай күчтүү эрекектин артында андан да күчтүү аял турат. Ал – анын апасы же аялы» – деген экен бир аалым. Ушул сөздүн сиздин жашооңузга, жасаган иштериңизге, ийгиликтериңизге тиешеси барбы?

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Айкөкүл айым, Сиз туптуура айттыңыз. «Шоронун» башталышына апам Сүйүндүн чоң тиешеси бар. Кичинемден үйдө максым жасалбаган күн болгон эмес. Шаарга келгенде күндө ичкен максымды сагынып, суусундук жасоо идеясы пайда болгон. Биринчи казан максымды да Апам өзү жасап батасын берген. «Супараны» курууда жубайым Жаңылдын жардамы чоң. Ички жасалгалоо жана башкаруу маселеси толук жубайымдын мойнунда.
Жылдыз
Жылдыз ЖАЛИЕВА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы Таабалды мырза! Келе жаткан Нооруз майрамыныз менен куттуктайм!  Суроом: 1. Дүйнөдө белгилүү бизнесмендердин көптөгөн кыйынчылык менен ушундай даражага жетишет. Алар бизнесте көп кыйынчылык каалайм деп айтышат эмеспи. Сиз дагы алар сыяктуу эле башыңыздан канчалаган кыйынчылыктарды өткөргөндүрсүз, дегеле ийгилигиңиздин сыры эмнеде? 2. Жаштарга тажрыйбанызды кантип бөлүшөсүз?
3. Атадан кем, атага тең, атадан артык уул деген жакшы сөз бар эмеспи. Сиз кайсынысына киресиз? Сизди урматтоо менен Жылдыз!

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Жылдыз айым, биринчи сурооңузга жооп берсем, оңой оокат жок. Кыйналбай жеткен ийгиликтин келечеги жок болот. Ийгиликтин башаты коюлган максаттан башталат. Максатка жетүү жолу канчалык кыйын болсо, жашоо ошончолук кызык болот: 2. Жаштарга айтаарым китепти көп окуп, билим алышсын. Мен көп окуган адаммын. Дүйнөлүк адабиятты, философияны чоң кызыгуу менен 15 жыл тынбай окугам. Азыркыга чейин ошол алган билимим мага жардам болуп келет: 3. Адам катары мен атама жете албасам керек, 60 жашка келсем да 12 жашымда дүйнөдөн өткөн атамдын элеси мени колдоп да, оңдоп да келет.

Хатира АСАНОВНА. Бишкек шаарынан, КР. 1. Таабалды агай, Жусуп Толтоевди “Шоро” компаниясынын жарнамалык жүзү катары жакшы билебиз. Кандайча жана ким тарабынан сунушталган? 2.  “Супара” этно-комплекси шаардан канчалык аралыкта жайгашкан? 3. “Супара” этно-комплексинин аянты канча?.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Хатира айым, Жусуп Толтоевди реклама тарткан компания сунуштаган. Супара шаардан 3 чакырым аралыкта жайгашкан. Аянты 3 гектар.

0000000049Чынара САРБАГЫШОВА: Бишкек шаарынан, КР.  Кутман Кеч Таабалды агай! Бала кезде сиздин ырларды окуп таасирленген убактар болчу эле. Мен кызыккан суроолордун жообун дээрлик уктум. Мексиканын «Байлар да ыйлайт» деген сериялы сыяктуу жашоодо сынып, ыйлаган күнүңүз болду беле? Ошондой эле эстен кеткис бактылуу көз ирмем.

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Чынара айым, мен ыр жазган эмесмин, бирок макалаларды көп жазчумун. Мен канчалык кыйналган сайын ошончолук чыйралып, өзүм таңкалгандай кошумча күч кубат пайда болот. Эч качан сынган эмесмин. Бактылуу көз ирмем көп эле болот. Чоң балык кармап алсам да өзүмдү бактылуу сезем.

Аида ТАида ТОКОНОВА, Оруссиядан:  Саламатсызбы Таабалды аба! Эң алгач, Сизди заманыбыздын көрүнүктүү инсаны, мыкты ишкери катары көрүп, өзүмдүн терең сый-урматымды күбөлөндүрөм. Ушу жүрүшүңүздөн жазбай, элиңизге улуттун генофондун сактап саламаттыгын чыңдоодо, ата-бабаларыбыздын «отко күйбөс, сууга чөкпөс» мурастарынын бири болгон улуттук даамдарын урпактарга таанытып, үзүрлүү эмгектенип, зор салымыңызды кошуп, элиңиздин эң кадыр-барктуу азаматтарынан болуп жүрө бериңиз!

Менин Сизге эки суроом бар: 1. Адам баласынын организминин 60 пайызы суудан тургандыктан, тамак-ашсыз 5 күн жашай алса да, суусуз 3 күн да чыдабайт, ар дайым сууну талап кылып турат эмеспи. Ал суусундукту да пайдалуу заттар менен байытып чыгарган – Сиздердин бизнестин эң негизги стратегиялык туура багыты деп билем. Ошол эле учурда Сиздердин бизнестин негизги ою (концепциясы)– бул нукура улуттук (!) таза, пайдалуу суусундуктарды бардык технологияларын сактап чыгаруу эмеспи, жаңылбасам. Ушул жерден менин суроом: Сиздердин ишкананын негизги оюна (концепциясына) таянып, Кыргыз элинин дагы бир уникалдуу заты болгон – Күлазыкты кайра жаралтуу жөнүндө ойлонуп көргөнсүздөрбү? Заманыбыздын шартында бул азык-түлүк эл арасында абдан актуалдуу, пайдалуу жана өтө популярдуу болмок деп ойлойм.

2. Сиздердин ишкананын баалуу кагаздарына (акция, облигация) ээ болуунун шарттарын кененирээк айтып бересизби? Урматтоом менен, Аида Токонова!

нооруЭтнокомплекс Супара: Жооп: Аида айым, Суу бизнеси тууралуу туура баа бердиңиз. Күлазык тамагынын технологиясын көптөн бери издеп жүрөм. Азыркы замандын талабына ылайык рецептин үстүндө иштеп жатабыз. Облигация тууралуу кенен маалыматты башка учрда жооп берейин. 2 жолу чыгарып, бардыгы сатылып кетти.

Аида ТОКОНОВА. Чоң ырахмат, Сизге! Ишиңиз илгерилей берсин! Биздин демдер, колдоолор Сиздерге Күлазык болсун!

0000000011Бермет БАЙКЕЛОВА, Нью-Йорк шаарынан, АКШ. Саламатсызбы! Сиздин эң жакшы көрүп, көп колдонгон сөзүңүз, Кандай адаммын деп ойлойсуз кээде, өзүңүздү өзүңүз? Алдын ала ырахмат, байке! Сизге кааларым: Узун өмүр, чың ден-соолук, ийгилик, жана да ар дайым дал ушул сүрөттөгүдөй көзүңүз күлүп турсун! Урматым менен Бермет!

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Бермет айым, «ар бир адамдын тагдыры өзүнүн гана колунда» деген сөздү көп айтам. Мен өзүмдү калыс адаммын деп ойлойм.
Ширин ИСКАКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан.  «Супара» этно-комплексине Бишкектин мектеп окуучулары экскурсияга барышабы, өзүңүз окуучуларды чакырып турасызбы?.

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Ширин айым, кезек кезеги менен мектеп окуучуларына экскурсия жасап турушат жана кыргыз тарыхы , кыргыз тили сабактарын да өткөзүп турушат

АсыранАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия: Атсаломалейкум Таабалды мырза, биздин Мамлекеттик тилдин тагдырына кандай карайсыз жана анын өнүгүшүнө кандай кескин чараларды көрсөк болот. Канчалык какшаганыбыз менен өсүп-өнүкпөй эле кетенчиктеп баратканы байкалууда. Орусча сүйлөгөндөрдү эч ким деле тыйган жери жок, бирок жалпы коомду кандай жол менен Эне тилге болгон мамилесин өзгөртө алабыз. Сиздин ушуга болгон көз карашыңызды билгим келет.

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Асыран мырза, Сиз өтө оор суроо бердиңиз. Кыргыз тили кыргыз элине эле керек. Менин оюмча, тилди өнүктүрүү үчүн кыргыз тилинде: окуган адамды кызыктырган жакшы китептер чыгыш керек: кино, теле, мультфильмдер болуш керек: Тилдин өнүгүшүнө жаңы түшүнүктөрдү дайыны жок кыргызчалай берген жалган патриоттордун пайдасынан зыяны көп болуп жатат. Кээде кээ бир макалаларды окуганда мен дагы түшүнбөгөн сөздөрдү окуп жиним келет. Жарнамаларды окуп боорум эзилген учурлар болот, меселен, «металлочерепица» деген сөздү «темир карапалар» деп которуп жарнама беришиптир. Чет элдин таасири менен пайда болгон сөздөрдү кыргызчалап тамтандабай, оригиналында эле колдонуш керек деп ойлойм. Мисалы, канча убакыттан бери үн алгы, сын алгы деп жазып, айтып да келе жатышат, бирок бири-бири менен сүйлөшө келгенде телевизор, радио деп эле айтылып келе жатат.

0000000046Мирбек КЫРГЫЗСТАН, Кара-Кулжадан, КР. Саламатсызбы Таабалды мырза! Мен төмөндөгү маселелер боюнча Сиздин атуулдук позицияңызды билгим келет.

1. Орус тилинин биздин өлкөнүн башмыйзамындагы расмий тил статусу бизге канчалык зарыл?

2. Бажы биримдигине кошулуу биздин эркиндигибизди чектейт дегенге кошуласызбы?

3. (Сунуш катары) Ак эмгеги менен ийгилик жараткан, тажрыйбалуу ишкер катары, окуу жайларында окуп жаткан жаш студенттерге өзүңүз билген бизнес тууралуу алымсабактарды өтүп турасызбы (жаштарга кесипти туура тандоосу, кандайдыр бир иш баштоосу үчүн реалдуу жардам болмок) Иштериңизге ийгиликтерди, бакубат ден-соолук каалап Мирбек. Сиз жайылткан «Максым Шоро» үчүн чооң рахмат! Анчалык жайылбаса балким биз дагы эле «газдалган суу» ичип жүрмөкпүз.

Этнокомплекс Супара: Жооп:  Мирбек мырза, орус тилинин зыянын көргөн кыргызды көрө элекмин. Дүйнөлүк элдердин руханий, илимий, маданий байлыктары менен кенен таанышуунун жалгыз жолу (азырынча жана келечектеги 50 жылга чейин) орус тили болуп эсептелинет. Ал эми ал тилдин расмий болуп турушу азырынча элибиздин көпчүлүгү Россияда иштеп, бизди багып жүргөн заманда туура эле нерсе экенин Украинадагы окуялар далилдеп турат. 2. Бажы биримдигинин бизге пайдасы да бар, зыяны да бар. Кайсынысы көбүрөөк экенин айтыш кыйын. Биз бажы биримдиги жок эле эркиндигибиз көп маселелер боюнча чектелген элбиз. Манастын тукумубуз, илгерки элбиз деп төшүбүздү койгулап, оозубуздан көбүк чыгара мактанабыз дагы бүт дүйнөдөн кайыр сурап жүрөбүз. Менин оюмча, кыска мөөнөттө бажы биримдиги бизге зыян алып келет, ал эми узун мөөнөттө пайда алып келиши мүмкүн. 3. Студенттер менен жолугушуу өткөзгөн учурлар көп эле болот. «Максымдай» суусундукту жаратып кеткен ата-бабаларга чоң ыракмат айткым келет жана аны өндүрүшкө салган тагдырыма ыраазымын.

Мээрим ЖМээрим ЖАБУЕВА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы Таабалды агай! Жогоруда Көчмөндөрдүн суроолоруна, сиздин берген жоопторуңуздун негизинде бир топ маалыматтарды алдым. Эми, келип эле кыргыз тилине токтолгум келди. Жеке ишканаларыңыздын иш кагаздарын кыргызчалатууга кандай карайсыз же кыргызчабы? Ошондой эле, «Супара» этно-комплексиндеги илгерки оокаттарды, буюм-тайымдарды кантип таптыңыз же кандай жол менен чогулттуңуздар эле?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Мээрим айым, финансылык эсеп-кысап иштери орус тилинде гана түзүлгөн атайын программалардын негизинде жүргүзүлгөндүктөн жана биздин кардарларыбыздын көпчүлүгү орус тилинде иш жүргүзгөндүктөн айласыздан иш кагаздарыбыз орус тилинде. «Супара» жаңы башталганда өзүмдүн айылымды кыдырып, сакталып калган эски оокаттарды жыйнап келгем. Муну эмне кыласын дешип туугандарым таң калган. Кийин «Супарага» көп адамдар сунуштап келишет. Мен кечигип калыптырмын, укмуштай баалуу эски буюмдар четке чыгып кетиптир. Биздин Мамлекеттик музейде турбаганына өкүнөм.

Алтынай ДАлтынай ДҮЙШЕЕВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы, мага чейинкилер, кийинкилер саясат бойунча суроо беришээр, менде жөнөкөй гана суроо. Сизди, Таабалды кылып тааныткан, талкан «Шоро» жөнүндө сурагым келди. «Шорону» өтө сүйөм, фигурамды бузгандардын бири да ошол. Өткөндө бирөө айтат, составына суусата турган кошулма пайдаланат экен деп. Ушул чынбы? «Кошом» – десеңиз деле сүйүп иче берем. Жообуңуз үчүн алдын ала ыракмат, элиңиз үчүн эрикпей эмгек эте бериңиз, ден-соолук каалайм!
Этнокомплекс Супара: Жооп: Алтынай айым, «Шорого» эч нерсе кошпойбуз, даамдуу оокат ошентип тилентип турат. «Шоро» арпадан жасалат, арпа адамдын фигурасын бузбайт.

ГүлжаканГүлжакан МАВЛАНОВА, Бишкек шаарынан, КР.  «Кыргыз Көчүнүн» кыргыз тили үчүн күйүп-бышып жүргүзгөн идеялары сизге жагабы? Жылына бир жолу «Көчкө» демөөрчү болуп бере аласызбы?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Гүлжакан айым, «Көчмөн» болуп жүрсөңөр дагы жөн жүрбөй адамдарды ойлонтууга татыктуу маселени көтөргөнүңөр мага албетте жагат. Демөөрчүлүк боюнча көптөр кайрылат, эгер татыктуу иш чара болсо жардам берем.

Аида ААида Ахмад ЖАМАЛ, Абу-Даби шаарынан, БАЭ. Саламатсызбы Таабалды Байке! Иштериңиздин мындн ары да өркүндөп өсө беришине тилектешмин. Менин суроом: Кыргызстандагы орто жана чакан бизнести өркүндөтүү боюнча Мыйзамдар жана алардын шарттары Сизди канчалык деңгээлде канааттандырат? Эгер ушул мыйзамдарга өзгөртүү же болбосо кошумча талап кылына турган болсо Сиз тараптан кандай сунуштар киргизилет эле?
Этнокомплекс Супара:  Жооп: Аида айым, бизде орто жана чакан бизнести өнүктүрүү боюнча мыйзамдар жана шарттар коңшу мамлекеттерге караганда бир кыйла жакшы.Мыйзам жазуулуда ишкерлер менен кеңешип, алардын сунуштары эске алынса жакшы болмок.

АсырАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия. Таабалды мырза, мен сизге кыскартымыш болуп туруп эки суроо берейин дедим.

1. «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу бир жарым жылдан ашык убакыттан бери маданият, адабият жаатында дагы бир аз маселелерге тиш салып, топтун мүчөлөрүнүн демилгеси менен аздап болсо дагы демөөрчүлүк кылуу менен акындардын китебин чыгаруу жана башка өтө маанилүү делген сынактарды уйуштуруп келет. Андай иш чараларыбызды тынбай улантуудабыз. Айтайын дегеним, учурда бизде басмага дапдаяр турган өтө уникалдуу «Кыргызча-англисче» сөздүк бар. Ошол сөздүктү кандай жол менен жарыкка чыгаруунун жолун издеп жаткан кербезибиз. Өзүбүз дагы аздап каражат топтоп баштаган элек. Азыркы жаштарыбыздын, дегеле дүйнөлүк тилге айланган англис тилин үйрөнүүдө кыргыз коомчулугуна мындай сөздүк аба менен суудай эле керек деген тейде кыргыздын келечегине кайдыгер карабаган, демөөрчүлүк кылган ишкерлер болсо, ошондой адамдарды таап, ортомчулук ирээтинде көмөк көрсөтүп, жардам бере аласызбы?.

2. Аз күн мурун арабызга келип кошулган Эл акыны Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» аттуу китебине сиз баш сөз жазган экенсиз. Албетте мен ал китепти окумак турсун көрө да элекмин. Китеп жөнүндө сиздин пикириңиз?. Кечээ да сөз арасында кыстара кеттиңиз, ушу китепти жана ушуга окшогон маани-маңыздуу китептерди жогорку деңгээлде байма-бай бастырып, тааныш билиш менен тар чөйрөгө эле таратып тим болбостон жалпы элдин арасына, жалпы кыргыз аймагында жашаган китепти сүйүп окуган окурмандарына жеткирүүнүн кандай механизмдерин иштеп чыкса болот?. Дегеним, өлөсөлүү болуп турган Эне тилибиздин өркүндөп-өсүшүнө кандайдыр бир деңгээлде пайдасы тиет беле?.

супараЭтнокомплекс Супара: Жооп:  Асыран мырза, мен жоопту экинчи сурооңуздан баштайын. Сөздүк чыгарасңбы, китеп чыгарасынбы азыркы жашоонун шартында ал коомдун талабына туура келсе, демөөрчүсү жок эле өзүн актайт. Менин бул пикиримди Шайлообек Дүйшеевдин «Агындылар» деген китебинин тагдыры далилдей алат. Менин оюмча, кыргыздын адабий тарыхында мындай кызык окулган, жеңил окулган, окуган адамдын жүрөгүн жылытып ойго салган, бир ыйлатып бир күлдүргөн, бүтүндөй бир, жарым кылымдык эпоханы толук камтыган кыргыз тилинин- тереңдигин, кооздугун, ийкемдүүлүгүн, кенендигин али эле эмес музыкалдуулугун чагылдырган мындай китеп чыга элек эле. Азыр ал китептин биринчи чыгарылышы түгөнүп, экинчи басылышы чыкканы калды. Китепти окурмандар бири-биринен угуп, кымбатына карабай сатып алып атышканы адабиятыбыздын келечегинин бар экенинен кабар берет. Шакемдин китебин өзгөчө сыртта жүргөндөр тилди унутпаш үчүн сөзсүз окуш керек деп эсептейм, себеби кайра-кайра окуганда Куран сыяктуу тажатпай окулган мындай китепти окуй элек болчумун.

Этнокомплекс Супара:  Асыран мырза, биринчи сурооңузга жооп берсем, ал өзүн актабаса андай сөздүктү чыгарып да кереги жок. бекер оокаттын баркы жок деген сөз бар.

алтынайАлтынай ТЕМИРОВА, Бишкек шаарынан, КР.  «Шоро» – «Манастын суусундугу» деп, кыргыз жармасынын да, апаңыздын да атын чыгардыңыз. Улуттук ашкана ачып, ага унутулган сонун атты таап «Супара» атап – аялыңызды чексиз бактылуу кылдыңыз. Экөө тең супер болду, чыныгы Мырзалыгыңызды көрсөттүңүз. Эми, элдин баары чыныгы Эр Табылды дегидей эмне ойлоп таап, эмне иштерди жасаар экенсиз – ошондон кеп салып койбойсузбу?
Этнокомплекс Супара:  Жооп: Алтынай айым, мен калган өмүрүмдү чети оюла элек, бирок потенциалы эбегейсиз чоң тоо туризмин өнүктүүрүгө арнагым келет. Ошонун биринчи этабы катары Супара Чуңкурчак деген ажайып жайында кымыз ичип, кышында лыжа тээп эс алуучу жерди куруп жатам. Бишкектен 30 чакырым алыстыкта.

0000000040Нурланбек КАЛДЫБАЕВ, Ош шаарынан, КР.  Саламатсызбы Таабалды мырза!
Сиздин кыргыздын улуттук баалуулуктарын даңазалоо жаатындагы аракеттериңиз жана ишкерлик чөйрөсүндөгү жетишкендиктериңиз менен биз, жөнөкөй кыргыздар да сыймыктанганга негиз бар. Ал эми азыр болсо, Асыран байке түзүп берген жагымдуу мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, Сизге бере турган суроолорум төмөндөгүчө.
1. Элибиздин ички көрөңгөсүнө, улуттук потенциалдык мүмкүнчүлүктөргө негизделген жаш ишкерлердин мектебин түзүп, өз тажрыйбаңызды жайылтуу тууралуу ой-пландарыңыз барбы?
2. Өзүңүз билгендей азыркы күндө дүйнөдө компьютердик технологиялар биринчи орунга чыкты. Бирок, менин оюмча, биз кыргыздар азырынча прогресстин бул жетишкендигин толук кандуу пайдалана албай жатабыз. Көпчүлүгүбуз Виртааламды оюн-зоок катарында кабылдасак, ал эми жаш балдарыбыз атыш-кырыш сыяктуу коркунучтуу оюндарга көп берилип жатат. Ошондуктан менин сунушум бар эле, кыргыздын улуттук өзгөчөлүктөрүн жайылтуу жана жаш муундарды мекенчилдик, жаратылышты сүйүү нугунда тарбиялоо максатында жаңы компьютердик оюндарды, программаларды түзүп чыгуу боюнча ( мисалы: боз үйдү куруу оюну (Тетрис сыяктуу), “Жайлоодо мал багуу” компьютердик оюну (ж.б.у.с.) , бул идеяларды ишке ашырууну колдоого алаар белеңиз?
3. Жогоруда жазганыңыздай, чыгармачылык чөйрөгө кайрылсаңыз кайсы темада китеп жазаар элеңиз, айтайын дегеним, бүгүнкү күндөгү кыргыз коомчулугунун кайсы көйгөйлөрү сизди көбүрөөк түйшөлтөт?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Нурланбек мырза, ар ким өзүнүн колунан келген жана өзүнө жаккан гана ишти жасай баштаганда элибиз оңолот деп ойлойм. Сенин сунуштарын мени кызыктырбайт. 3.Эмне жазаарымды өзүм да билбейм. Китептин мазмуну жаза баштаганда өзүнөн өзү өсүп чыгат. Мурдатан план түзүлүп жазылган китеп-өлүк китеп.

Гүлсана эже.Гүлсана САРНОГОЕВА, Фолиньо шаарынан, Италия.  Урматтуу Таабалды мырза, мени кызыктырган бир эле чакан суроом бар. «Шоро» ден-соолукту чыңдоо үчүн кандай таасирин тийгизет?
Этнокомплекс Супара: Жооп: Гүлсана айым, ушул суусундуктарды ичкен ата-энелерибиздин ден-соолуктары, азыркы жаштардан бир кыйла чың экени «Шоронун» пайдалуу экенин далилдеп турса керек.

КанатКанат МУРЗАКУЛ, Истанбул шаарынан, Түркия.  Таабалды мырза, саламатсызбы? Сизге Түркиядан кайрылып жатам. Сиз өндүрүп чыгарган суусундуктарды чаңкап турганда, каалаган учурда иче албайбыз чет элде болгонубузга байланыштуу, тилекке каршы. Анан бизде, башкача айтканда Стамбул шаарындагы кыргызстандык ишкерлер ортосунда Шоро өндүрүү боюнча пикир туулду эле. Өзүбүздүн жарандарга, жадагалса түрктөргө биздин шоро, чалап жана кымызды ичирип аны таанытуу тууралуу ниетибиз бар. Бизге кандай жол-жобо, ой-сунуштарды сунуштаар элеңиз? Кыла алабызбы, туура жолу кандай болуш керек бул демилгенин? Алдын ала рахмат сизге..
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Канат мырза, Сиздин ойду ишке ашыруу үчүн чоң каражат керек. Каражат тапсаңар ойлонсок болот. Мен өз каражатымды Кыргызстанга гана салам.

КаныкейКаныкей ЖАНЫБЕКОВА, Ноокен районунун Сакалды айылынан, КР.  Саламатсызбы агай! Сиздин ийгиликтериңизге атаңыз, апаңыз эң алгач кандай кубанганын эстей аласызбы? Ошондой эле Сиз дагы балдарыңыздын ийгиликтерге жеткен учурунда кандай кубандыңыз эле?
Этнокомплекс Супара: Жооп: Каныкей айым, мен 2 жаш курагымда ата-энемди каратып коюп,кичинекей чемодандын үстүнөн секирип түшкөн эрдигиме алар кубангандан тажашчу эмес, мен секиргенден тажачы эмесмин. Балдарымдын адам болуп өсүп келе жаткандарына кубанам.

АзиретАзирет КЕЛДИБАЕВ, Санкт-Петербург шаарынан, Оруссия. Ассалом алекум агай; сак-саламатсызбы? менин суроом: Сиз “шоро” фирмасын ачаарда Ар кандай тоскоолдуктар болбой койсо керек,бирок сиз ошол тосколдуктарды жеңип өттүңүз.азыр эми биздин өлкөдө идеясы курч көп жаштар бар бирок ошолор тоскоолдуктарга келгенде эмне кылышын билбей калып жатышат.сиз өзүңүздүн баштан өткөн тосколдуктарды кантип жеңгениңиз жөнүндө илимий изилдөө жүргүзүп чакан китеп кылып жазсаңыз болобу? себеби сиздин үлгүңүз жаштарга аябагандай чоң түрткү бере беле деген ой.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Азирет мырза, мен коп тоскоолдуктарга туш болгом, болуп да келе жатам, жеңип да келе жатам. Жаза турган китебимде бул маселелер толук камтылат. Жашоонун өзү-бул тоскоолдуктар менен күрөшүү болуп эсептелинет.Билими бар миңди жыгат жана чыдамкай,өжөр адам гана жеңишке жетет.

РасулРасул САЛАЙДИНОВ, Кочкор районунан, КР. Таабалды байке, Сиз жөнүндө интернеттен карап отуруп, мурда берген интервьюңузду окудум. Ал жерде сиз Бажы биримдигине эч коркпостон эле кошулуу керек депсиз. Чын эле бажы биримдигине кошулуудан Кыргызстан зыян тартпайбы?
Этнокомплекс Супара: Жооп: Расул мырза, мен бул суроого жогоруда жооп бердим. Албетте адегенде зыян тартат. Кийинки пайдасына кыскача токтолсом:  1. Азыр бизди багып жаткан, Россияда жүргөн мекендештерибиздин ал-абалы оңолот: 2. Айыл-чарбалык товарларыбыз экспорттолот:
3. Биздин таланттуу жаш ишкерлерибиздин жайыты кеңейип, алар Россиянын компанияларында чоң кызматтарында иштеп башташат: 4. Бизге Россиядан чоң инвестициялар тартылат. Чегирткеден корксоң эгин экпе деген эле кеп..

Ширин Искакова, Алматы шаарынан, Казахстан.  Саламатсызбы! Таабалды мырза, кайсы спорттун түрү менен машыгасыз, ден-соолукка профилактика үчүн эмнелерди кыласыз?. Сүкүт (медитация) кыласызбы?. «Осознанность» жөнүндө эмне айта аласыз? Анан дагы, энергияңызды кантип топтойсуз?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Ширин айым, чынымды айтсам, өлгүдөй жалкоомун, спорт менен машыкпайм, медитация кылбайм, бирок генетикалык ден соолугум жакшы. Жакында бир эрдик кылдым, тамекини таштадым. Жумушта келери-кечке басып жүрөм. Кыймыл аракет көп.

015 cТынчтык БЕК, Ош шаарынан, КР.  Арыбаӊыз Таабалды ава! Ден-соолук, иштериӊиз жакшыбы? Менин берейин деген суроолорум төмөндөгүчө:
1. Бир убактар Кытайдын кыргыздар жашаган Артыш шаарында да сиздердин чыгарган суусундуктар сатылып, ал жактагы боордошторубуз менен тек гана руханий маданият алмашуу эмес, материалдык маданият алмашуу да болгон эле. Азыркы учурда ал жакта сиздердин суусундуктар неге сатылбай калды? Суусундуктун өтүмү кандай болду эле? Жабылып калышына эмнелер себеп болду дегендей…
2. Түштүк борборубуз болгон Ош шаарында да сиздин «Супараӊыз» сыяктуу орун ачылышы керек деп ойлойм. Балким филиалын ачуу оюӊузда бардыр? Сизди тереӊ урматтоо менен, Кыргыздын дагы бир кулуну Тынчтык Бек.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Тынчтык мырза, бардыгы жакшы. Бул рынокту тандоодо саясий чечим болуп калды. Кытайлык кыргыздар Биз Шорону курганда абдан сүйүнүшкөн. Бирок экономикалык жактан туура эмес жер тандалып калганына байланыштуу жабылып калды.экинчи суроонуз боюнча айтсам, убакыт көрсөтөт.

ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ, Бишкек, шаарынан, КР.  Ассаламу алейкум, негизги суроом мындай:
Улуттук оюндарыбыздын бири болгон ордого оюңуз кандай? Анан кыстырма суроом, тогуз коргоол казак туугандар менен талашта жүргөн ойундардын катарында, эгер муну улутташтыруу боюнча сунуш түшсө кандай салым кошор элеңиз. Ошондой эле бул ойунду өзүңүз кызыгып ойнойсузбу? Рахмат.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Темирлан мырза, ордо оюнун жакшы көрөм. Жаш кезде көп ойногом. Тогуз коргоолду ойногон эмесмин. Кеп тогуз коргоол кимдики экенинде эмес, ал оюндун чемпиону кайсы элден чыкканында.
Tемирлан АКНАЗАРОВ. Кечиресиз Таабалды байке, жогорудагы суроом бойунча кошумча дагы суроо бергим келди: Бүгүнкү күндө Ордо ойуну бойунча уйуштурулуп жаткан иштер Сизди канааттандырабы?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Темирлан мырза, канааттандырбайт. Туруктуу ордо ойной турган жабык орду жок. Ордо ойной турган жайды өз каражатыма куруп бергим келет, бирок мамлекет жер бөлүп бербейт.

ээ 102Жыргал БОТОБАЕВА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы! Сиздин «Супара» этно-комплексти көрүп кубанбаган, алкабаган кыргыз жок болсо керек!
1) Жаны «Чуңкурчактын» «Супарадан» айырмаланган жактары кандай жана ага кетчу жолду дагы оңдоого даярсызбы?
2) «Супара» комплексинде стилдешкен кыргыз боз үйлөрүн көрүп, балким келечекте, «чыныгы» (бардыгы байыркы кыргыздын жашоосун көрсөткөн) боз үйдү көрүүгө мүмкүн болобу? Совет доорунда жашаган бизге деле боз үйдөгү жашоону элестетүү кыйын, ал эми кийинки муундарга жомок болуп калды.
3)
Акыркы жылдары өткөрүлүп жаткан «Бешбармак», «Кийиз» фестивалдары бизге келчү конокторду көбөйтүп, жаңы агымдарды пайда кылат деп ойлойм. Ушундай жөрөлгөлөрдү жыл сайын бир мезгилде, бир аймакта өткөрүүгө болобу?
4)  Жалкоолукту кантип жеңесиз, жана кантип эргүү аласыз?
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Жыргал айым, Бааңызга чон ыракмат! Эми жооптор:
1. Чуңкурчактын Супарадан айырмасы, ал жомоктой кооз жайлоодо, токойдун четинде,тоонун боорунда 3 кабат боз үй жана ага жабыштырылган таш жер төлө түрүндө курулган ресторандан турат. Андан тышкары токойдун арасында жайгашкан бешик формасында жасалган мейманканалар менен тоонун бооруна курулган боз үй түрүндөгү мейманканалар болот. Келечекте жолду оңдо-түздөө иштери болот;
2. Супарада кийизден эң сапаттуу жасалган накта ата-бабалардан калган боз үй бар. Нооруз күнү түндүк көтөрүп конокторубуз менен бирдикте тигебиз.Келип катышып кетиниз! 3. Биз жыл сайын 21-мартта Бешбармак FEST өткөзүп турабыз; 4. Жалкоолук – кыргыздын жеңилбес душманы. Кыларга иши жок киши эле жалкоо болот. Жалкоолукту жеңүүнүн бир эле жолу бар – өзүңө жаккан иш табуу. Мурда китеп окуп эргүү алчумун, азыр диванга жатып, телевизорду көп тиктеп калдым.
www.supara.kg  Супара  этно-комплекс www.supara.kg
Жыргал БОТОБАЕВА:  Рахмат сунушуңузга! Нооруз майрамыңыз  кут болсун, ишиңизге ийгилик! Бул жылы бара албаганыма байланыштуу, буюрса кийинки жылы.

БахтиярБахтияр БАЛТАБАЕВ, Бишкек шаарынан, КР.  Ассалоому алейкум Таабалды аба. Менин суроом төмөндөгүчө: Мен азыр 35 жаштамын. Сиз 35 жаш убагыңызды эстеп көрбөйсүзбү.
Эмнелерди кыялданчуусуз? Кандай максаттарды ишке ашырууну көздөөчүсүз? Эмнелерге жетише алдыңыз эле? Канча балалуу болдуңуз эле? Кандай машинеде жүрчүү элеңиз? ж. б. ушул сыяктуу «ностальгия» кылып көрбөйсүзбү? Анан учурдан пайдаланып батыңызды алып калайын дедим эле.
Чын көңүлүңүздөн бата берип койосузбу?  Алдын ала рахмат.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Бахтияр мырза, мен 35 жашымда 1985-жылы троллейбуста эле жүрчүмүн. Айылым Суусамырга барганда жол тосуп, грузовиктин үстүнөн орун табылса сүйүнүп калчымын. Эптеп 4 баламды багыш үчүн бир жерде иштегеним болбосо, калган убакытымдын баарын дүйнөлүк адабиятты жана философияны окуганга жумшачумун. Досторум, жакындарым менин өзгөргөн мүнөзүмдү көрүшүп «Таабалды келесоо» болуп калыптыр деген ушак чыгарышыптыр. Эч кимге белгисиз бир бечара болчумун, бирок дымагым чоң болчу. Келечекте жазуучу болгум келчү. Мен орус адабиятын 28-жашымдан баштап окудум. 14 жыл тынымсыз күнү-түнү китеп окуганым үчүн 41 жашка чыкканда 1991-жылы 3 айдын ичинде Кыргызстанга белгилүү публицист болуп чыга келдим, Бахтияр! Батамды берейин, койгон максатына жетиш үчүн тынбай, чарчабай эмгек кылууга Кудай таалам сага күч-кубат берсин! Көксөгөн максатыңа жет! Оомийин!

ХатираХатира АСАНОВНА, Бишкек шаарынан, КР.  Саламатсызбы Таабалды ага? Ишинизге ийгилик каалайм! «Манас! Манас!» деп ураан чакырып, «Манастын урпактарыбыз!» деп сыймыктанып келебиз. Кыргызстандын кээ бир обулус, райондорунда орнотулган «Манас» атабыздын айкели көзгө толоорлук экен. Болгондо да борборубуз Бишкектин так ортосундагы айкели мамлекетибиздин алсыздыгын айгинелеп тургандай. Айкелдин да орношун карапайым эл көптөн-көп күтүшүп, жыйынтыгында көңүл тойбогон эле айкелди көрө алышты.
1.  Айкелдин турпаты мамлекетибиздин абалын баамдап турабы? Сиздин ойуңуз?.
2. Каражатымды Кыргызстанга гана жумшайм дедиңиз. «Манас» атабыздын айкелин өз каражатыңызга орнотушуңуз мүмкүнбү?
3. Кыргызстандын кай жерине болбосун мечит салып бере алдыңызбы? Рахмат. Бар болуңуз! Урматым менен Хатира АСАНОВНА.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Хатира айым, айкелдин турпаты мамлекеттин абалын баамдай албайт: 2. Сизге жана мага да жакпаган Манас Айкелин тургузганга жардам катары 500 000 сом которуп бергем: 3. Салсам мектеп салышым мүмкүн, бирок эч качан мечит салбайм, мечитке да барбайм, бирок мечитке барып жүргөндөрдүн көбүнө караганда менин Кудайга болгон ишенимим терең деп ойлойм. Кудайдын орду мечитте эмес, көкүрөктө.
Хатира АСАНОВНА.  Жообуңузга терең ыраазычылык билдирем. Бар болуңуз!

Сан-марино өлкөсүндө (Италия). Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын форумунда. Апрель, 2013-жыл.

Сан-марино өлкөсүндө (Италия). Бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын 2-форумунда.  2013-жыл, апрель.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаарынан.  Таабалды мырза, жыйынтыктайын деп жатып бир суроо эсиме түшүп кетти. Өткөн жылы Сан-Марино (Италия) өлкөсүндө болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын форумунда жолугушуп, чала-була баарлашып калганыбызда «буйурса сага, Финляндияга барам, экөөбүз черибиз чыккыча бир балык уулайлы» дедиңиз эле, мен күтүп жүрөм ошондон бери, качан келип каласыз?.
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Асыран мырза, чакырганыңызга чоң ыракмат! Балык кайсы маалда жакшы болот?
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Каалаган убакта бара берсе болот бул жакта..
Этнокомплекс Супара: Жооп:  Асыран мырза, кабарлашып турабыз. Мен буйурса сөзсүз барам Финляндияга..
Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  Маакул, байланышта болобуз буйурса. Азыр эми жалпы эле «Көч Байланышка» көз салып карап отурган күйөрмандарыбызга эркин «микрофон» берейин дедим. Кысккача каалоо-тилек (суроо эмес) ирээтинде Таабалды мырзага саламдашуу жолдосоңуздар болот. Каалоочулар болсо эгер. Бизге бөлүнгөн убакыттан дагы 15 мүнөтүбүз бар урматтуу Достор!  Ал эми башында Сиздер тараптан убада кылынган эң мыкты суроого бериле турган сертификатты Сиз өзүңүз эле аныктап туруп бизге кабарлап койоорсуз Таабалды мырза!. Эки күн бойу, алты саат сиз менен болгон маек, Байланышыбыз абдан кызыктуу жана пайдалуу болду десем аша чапкандык болбойт!. «Кыргыз Көчү» Мекенчилдер тобунун атынан сизге жана сиздин жаныңызда улутубуздун баалуулуктырын даңазалоого зор салым кошуп, айланаңызда жүргөн адамдардын баардыгына Алкыш жана терең ыраазычылык билдирип кетем!. Арыбаңыздар жана ар дайым бар болуңуздар!.

Хатира Асановна. Ден-соолукта болуңуз! Кыргызда сиздей инсандар турганда жаман болбоспуз. Ишиңизди ар дайым ийгиликтер коштосун!

Гүлсана Сарногоева.  Урматтуу Таабалды мырза, сизге чын жүрөгүмдөн ыраазычылык билгизем!

Бахтияр Балтабаев.  Баатырдын атын алыстан ук, жанына келсең бир киши-дегендей Таабалды абам менен болгон бүгүнкү баарлашуу аябай жакшы таасир калтырды. Бар болуңуз дайым аба!

Гүлжакан Мавланова. Ар дайым зоболоңуз бийик болуп, ишиңизди ийгилик коштосун! Биз сиздей кыргыздын атын алыска угузган уулу менен сыймыктанабыз.

Райкүл Айдаралиева. Көчмөндөр үчүн убактыңызды бөлгөнүңүзгө ыраазычылык билдирем, Сиздей адамдар менен сыймыктанабыз…

Этнокомплекс Супара: Урматтуу Мырзалар жана Айымдар! «Супара» этно-комплексинин 5000 сомдук сертификатын 35 жашында мен сыяктуу изденүүнүн үстүндө жүргөн Бахтияр Балтабаевге ыйгарам. Келип «Супара» этно-комплексине  эс алып кетиңиз. (0555 465051) телефонуна чалыңыз!

Бахтияр Балтабаев. Чооң рахмат. Кубанычтамын..

Асыран Айдаралиев. Оо, мынакей, сыйлык дароо эле өз ээсин тапты, чын жүрөктөн куттуктайбыз Бахтияр мырза!. Кут болсун!.

Этнокомплекс Супара. Каалаган убактыңызда келиңиз. Бизден эшик ар күнү саат 11-00 дөн 24-00 гө чейин Сиз үчүн ачык!

ээ 94Этнокомплекс Супара. Урматтуу мекендештерим, урматтуу Асыран Мырза! Сиздердин мага болгон сый-урматыңыздарга чоң ыракмат! Баарыңыздардын сурооңуздар өтө кызыктуу болду. Мага өзгөчө Айтмырза мырзанын макалаларымды окуп жүргөндүгү жылуу сезим калтырды. Жүрөк кыйнаган маселер Сиздерди да кош көңүл калтырбаганына ыраазы болдум. Бар болгула! Чоң кубаныч менен Сиздер менен көрүшкөнчө!

Айтмырза Абылкасымов: Оо маек бүттүбү? Абдан чын дилден маек болуптур. Бардык суроолорго агынан жарылып, чын дилден эргүү менен жооп берген Таабалды мырзага ыраазычылык! Ал эми Таабалды мырзанын батасы менен кошо материалдык белегин да утуп алган Бахтияр инимди чын дилден куттуктаймын! Алган батаңды жараткан өзү колдоп, ылайым жүзөгө ашсын! Эми бир аз тамаша… Бахтияр, Асанкул куудул айткандай, батага эле ишенип жүрө бербей өзүң да аракет кыл, баатыр!
Айтмырза Абылкасымов: Баса, менин болор болбос суроомо атайын көңүл буруп, белгилей кеткени үчүн, Таабалды мырзага дагы бир жолу ырахмат! Бизди да «Супарадан» жолугушуу насип кылсын!
Мирбек Кыргызстан. Бул «Көч Байланышты» уюштурган Асыран агайга, эки күндөн бери 6 саат убактысын бөлүп суроолорго ачык жооп берген Таабалды агайга чоң рахмат! Бахтияр мырза сыйлыгыңыз кут болсун!


«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, Финляндия, Келсинки шаарынан. 17-март, 2014-жыл.

 

One thought on “«Көч Байланыш»

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *