Sep 08

Чагылган..

эшанКЫЙАЗГА АЙЛАНГАН ПИЙАЗ.

 

Үйбүлөдө ортончу перзент болгондуктан менден кийинки сиңдилеримди каралашуу, апама жардам берүү менин энчиме да тийген. Улууларыбыз студент, өз турмуштары менен алек же аскерде болуп калып, апам айткандай анын колун узартуучусу мен элем. Улуу сиңдим Айтурган, азыр сиздердин катарыңыздарда Көчтүн мүчөсү, кечээ ал топтун админстратору болуптур. Ийгилик каалайм! Ошол сиңдим эки жашында таптак сүйлөп, бутунан мурда тили чыкты. Үчкө чыкканында дагы бир сиңдилүү болдук. Айтурган абдан эрке, анан айтканы орундалмайын жаны тынбаган, андан да  тырмактай болуп алып сөздү кыйын таап сүйлөгөн, ошонусу менен элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган кыз эле. Сиңдиси төрөлүп, үйгө чыгып келген күндөн баштап эле анда «атаандаштык» деген сезим пайда болду.

 

Апабызды, атабызды, ал тургай мени да кызганат кичинекей чүрпөдөн. Ага эмне жасасак мага да жасагыла деп турат. Биз ага көнүп деле калганбыс. Жада калса үчкө чыгып, тызылдап чуркап ойноп калган кыз бешикке жатмай адат таап алды. Үйдө эки бешик боло турган эле, бири тээ чоң энем колдонгон, атам жана анын бир туугандары чоңойгон бешик болчу. Айтурган ошону ээледи. Атам да эрке кызынын ойу менен болуп, аны оңдоп-түздөп, татынакай кылып сырдап-кооздоп берип койду.

Жаздын ысык күндөрүнүн бири эле. Адаттагыдай эле апам сабагына кеткен маалда мен кичинекей «алдей» сиңдимди бешикке бөлөп жатсам Айтурган «мени да бөлө» деп чыкты. Анан аны да жанагы бешигине бөлөп койуп, экөөнүн тең бетин жапкан торлорду түшүрүп, өзүм болсо короого кир жууганы кетип калгам.

Бешиктер үйдө, алар турган бөлмөлөрдү эшиктерин атайын балдар ыйлап калса угулуп турсун деп ачып койгом, андан кийин коридор, анын маңдайында ашкана бар болчу. Бир убакта эле катуу чыңырган үндөн коркуп кетип шашыла чуркап үйгө кирип келсем кошунам Батма эже өң алеттен кетип купкуу болуп коридордо турат. «Эмне болду эже» десем оозуна сөз келбей сөөмөйү менен бешиктер жакты көрсөтүп койот.

Арча бешик

Арча бешик

Дароо эле түшүндүм, чуркап барып алгач чоң бешиктин торун ачып, «эже бул Айтурган» дедим. «Кичүүсү мына бул жакта жатат» деп экинчи бешик тарапка кол жаңсадым.. «Уффф» – деп терең дем алып алган эже жердеги чаканы колуна алып жатканда байкадым. Чака ар жакта, жерде тоголонуп жаткан эле. Көрсө кошуна эже чака сурап келет. Үйгө кирип баратып, терезеден менин короодо экенимди көрөт да, биротоло эле үйдөн чаканы кармай чыгып анан айтып койуп кете берейин деп ойлогон экен. Ошол кезде бешикте уктабай эле жаткан Айтурган аны көрүп калып, «ээй Батма эже, чаканы койуп койуңуз» деген тура. А кошуна эже бешиктен чыккан үндү угуп алып жанагы жаңы төрөлгөн ымыркай кичүү сиңдим сүйлөп жаткан экен деп ойлоп, кадимкидей чочуп, эси ооп, ордунда катып калыптыр..

 

Дагы деле ушул Айтурган. Анда бир аз чоңойуп калса керек эле. Төртбештерге чыгып калган. Сүттү башка балдардан өзгөчө айырмаланып жакшы көрүп ичет эле. Түнү менен жамгыр жааган күндүн эртеси болчу. Таң эрте казанга сүт бышырып жаткам. Апам да короодо бирдеме менен алек болуп жүргөн. Жанымдан ары бери өтүп, «сүт бат эле бышат ээ, сиз бат эле бышыра аласыз ээ» деп Айтурган тегеренип ойноп жүргөн. Бир сөзүнө жооп берсем, бирине көңүл деле бурбай от жагуу менен алек болуп жаткам. Бир убакта жагып аткан отума суу жыгач салып салдым окшойт, быкшып эле түтөп, күйбөй өчүп калды. Эңкейип туруп астындагы чокту үйлөп тутандыруу аракетин кылып жатсам, эми эле жанымда ойноп жүргөн сиңдим Айтурган мени түртүп жиберсе боло.. Байкабай турган жаным, жерди таянып калдым. Ансыз да отту өчүрүп алганыма ачууланып турганда, тентек кыздын жоругуна жиним келип кетип «апа кызыңызды караңызчы, түртүп салды, чокту кармап ала жаздадым»  дедим арызданып, нааразылана. «Кой антпе, ал эмнеси экен, эжекеңдин колу күйүп калса эмне болот» деп апам Айтурганды тилдеп калды. Анда курсагын чендейтип, сөөмөйүн оозуна салган бойдон Айтурган «анан эмне ары жыгылат, бери жыгылбайбы» деп атпайбы, кебелбей туруп алып.. Апам экөөбүз бир топко чейин каткырып жүрдүк. Азыр да барганда, чогулуп калганда бир туугандар ушул окуйаларды эстеп калсак, «чын эле да» деп өзүнөзү актап койо берет. Ошол эле жылдары атамдын бир кесиптеш иниси уулдуу болуп калат. Атама келип, «аке кыз күтүп атып дагы бир уулдуу болдук, уулдарымдын аттарын сиз билесиз, Илияз, Илгиз, Чыңгыз, Нияз эми мунусуна кандай ысым ыйгарышты билбей жатам, ат койуп бериңиз» дейт. Уйкаш болсун деп. Анын сөзүн кайда барса да атасын бучкактап, жарым карыш чыкпаган Айтурган угуп калып «анда бул балаңызга Пияз» деп ат койуп койуңуз деп баарынын боорун эзген экен. Ошентип тамаша-чыны аралаш ар кандай ысымдарды айтып, талкуулап отурушуп, анан атам ал ымыркай балага «Кыяз» деген атты ыйгарыптыр..


Майя САТИЕВА. Орусия, Маскөө шаарынан.
08.09.2013.

Sep 07

Чагылган..

эуууЧАЛКАН.

 

Окуйаларын жазып жаткандарды окуп алып мен да өз башымдан өткөн шумдуктай бир окуйамды кыскача кылып эле байандап берейин деп чечтим. Учурунда өзүм айабагандай эле уйалып, кызыкдай абалда калып деле жүрчүмүн эстей калганымда.  Бирок жаштык, мастык, ойго келбеген учурда болуп кеткен, чындыгында адамдын күлкүсүн келтире турган окуйа экенин билем.  Так ошол себептен ушул «Чагылганга» жазууну туура көрдүм. Себеби, Көчмөндөр дагы бир «бырс» эте күлүп алышсын дедим. Жайдын күнү болчу. Ал кезде онунчу класста окучумун. Сүйгөн жигитим менен отурушка барган элем. Суусундукту дембедем иче бергендиктен, табарсыгым толуп кетпейби. Эч кимге билдирбей жигитиме акырын шыбырап «эшикке чыгып келеличи» – дедим. Эшиктеги ажаткананын жанында бир топ балдар чогулуп алышып ойноп жатышкан экен.

Чалкан.

Чалкан.

Сүйгөнүм, «жүрү үйдүн артына эле баралы, бул жерде эл көп экен» – деп калбайбы. А үйдүн арты болсо ээн, чөп баскан огород экен. Тигиндей барып эле отура бер десе, мен уялганыман арыраак барып, бурч жакка өтүп кеткем. Анан ошол жерге отурганымды бир билем, көзүмдөн «чагылган» чачырап, денем ысып-күйүп кетип, оозумдан «апаа» – деген сөз кантип чыгып кеткенин өзүм да билбей калыптырмын. Ар жакта турган жигитим, «ээй Уулкан, эмне болду сага» дейт. Сыр билгизбегенге аракет кылып, «жөн эле» – деп койдум да эмне кылаарымды билбей отура бердим. Ордуман турайын десем ушундай ачышканы эми шумдук. Күтө берип, чыдамы кеткен жигитим, «ай болбойсуңбу же эмне ичиң өтүп жатабы» деп койот кайракайра. Мен болсо «азыр-азыр» деп койом. Ошентип бир убактан кийин туруп, араң басып келдим. Үйгө кирип же жакшы отура алсамчы. Кабагым салаңдап, чыдамым кетип, кызыктай болуп турганымды көрүп, «буга эмне болду» дегенсип жигитим улам-улам көзүнүн кыйыгы менен мени карап койот. Анча эмне болду экен деп кызыгып жаткан чыгаарсыздар?  Кыйраткансып караңгыда бара калып, ошол отура калган жерде дүпүйгөн чалкан бар экен да көрсө. Элестете бергиле эми. А менин ошондогу абалымды чалканга чактыргандар мыкты түшүнөт болуш керек. Далайга чейин маземди жеп, онтолотуп, эки-үч күн ачышып ооруп, сазайымды жедирген. Анан бул болгон окуйаны кийинчерээк байагы жигитиме айтып берсем боору эзилгенче каткырып күлдү эле. Окуйа болбосоң койо калгырдыкы десе..


Уулкан АМИРАЕВА. Орусия, Маскөө шаары.
06.09.2013-жыл.

Sep 06

Чагылган..

эшан 2ӨЛҮК БАЛЫК.

Канчалаган айылдарды, эгин-талааларды, не деген кооз жерлерди чалкыган суу астына калтырып куруп салышкан өлкөбүздөгү эң ири Токтогул суу сактагычын токтогулдуктар «көл» деп эле койушат. Көл эмей эмне? Көпкөк болуп чалкып жатат. Ошол көлдүн жээгинде болуп өткөн бала кездеги бир окуйа эч качан эсимден кетпейт. Көлдүн бойунда, тоонун түбүндө эгин-тегин айдоого ылайыктуу, өйдөрөк барсаң малга ыңгайлуу, суусу кенен, бак-шактуу, берекелүү Жаңы-Арык деген деген жер бар. Айылдан кыйла эле узак экенине карабастан биздин айылдыктар жайкысын келип эгин эгип, малын жайышчу. Азыр ал жерге үйлөр салынып, электр зымдары тартылып, өзүнчө эле бир айыл болуп калыптыр.

3-класс болсом керек эле, каникул убагында ошол жерге тайакемдикине барып эс алып жүргөм. Ал кезде көлдүн ар бир булуңунда күн ысыкта жайнаган балыктар саргайган ооздорун ачып суудан баштарын чыгарып турушчу. Болгондо да узундугу жарым кулач болгон, бир метр болгон, чоң-чоң сазандар. Азыр андай балыктар жок дешет. Асман ап-ачык, күн ысык, чак -түш болчу. Ат издеп жүрдүм беле, же жөн эле темселеп жүрдүм беле, айтор, көл жээктеп, ооздорун ачкан балыктарды таш менен уруп, ойноп бараткам. Ошентип келатып бир жерге жеткенде, жээкке жакын эле жерден 3-4 метр болот го чамасы, суунун үстүндө кыймылсыз жаткан балыкты көрүп калдым.

Токтогулдагы суу сактагыч.

Токтогулдагы суу сактагыч.

Ал кезде тайакемдер балыкка барышчу. Бирок кайырмак, тор же айры менен эмес, мылтык көтөрүп алып барышчу. Суудан башын чыгарып турган балыктардын чоңун тандап туруп атып, дароо ал чөгүп кете электе сүзүп барып алып чыгышчу экен. Аны дароо алып чыкпасаң чөгүп кетет дейт. Ошондой ок жеп чөгүп кетип, кайра калкып чыккан балык окшойт тиги көргөнүм. Аны алып чыгып үйгө алпаргым келди. Жээкке чыгара албай көпкө убара болдум. Көлдүн жээгинде какырап бак-сак жок, «узунурак жыгач болсо» деп эки жакты карап таппай койдум. Чоңураак таштардан терип келип балыктын ары жагына ыргытам, толкун менен келип калабы деп. Бирок балыгым чайпалып ордунан жылбайт. Акыры айлам түгөнгөндө көлгө кирип барып алмай болуп, шым-көйнөктү чечип ыргыттым.

Өзүм сүзгөндү билбейм, айланамда эчким жок, көлдүн сүрү коркунучтуу. Ошого карабай сууга кирдим. Акырын басып баратып, суу төшүмө жеткенде күтүүсүздөн сууга чулп этип кирип кеттим. Көрсө көлдүн жээги кичине жайык болуп барып, дароо жарга айланып кетет экен. Ошол жерден чабалактап, кыйкырып, жанталашып тыбырчыласам ары тереңдеп кирип кетип, азыр буларды эскерип жазып отурбайт элем. Бирок ошол мүнөттөрдө Кудай жардам берди окшойт, акыл токтотуп эсимди жыйып, өзүмдү кармап, тыптынч болуп, бутум жерге тийгиче күттүм да, акырындык менен жээкти көздөй түртүнүп, сүзүмүш болуп атып чыгып кеттим.

Өзү бала кезде аскага чыгып кетип, шар аккан чоң суунун жээгиндеги жылмакай таштардын үстү менен басып, өмүрүм көп эле коркунучка кабылды. Ушундай тобокелчил бала болчумун, жөн жүрбөгөн..

Улан КОШАЛИЕВ. Түштүк Корейа, Кимчон шаары. 05.09.2013-жыл.

Sep 04

Ордо шаарда..


******************************************************************************************************************

Сүрөттө солдон оңго: Жыргалбек АЖИМАТ, Самара НАСЫРОВА, Азизбек Данакер жана Калмамат ТУРДУБАЕВ.

Сүрөттө солдон оңго: Жыргалбек АЖИМАТ, Самара НАСЫРОВА, Азизбек Асабала ДАНАКЕР жана Калмамат ТУРДУБАЕВ, Ош шаары. 03.09.2013-жыл.

 «КӨЧМӨНДӨР» ОРДОЛУУ ОШТО..


Кечээ,
3-сентябрда өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Ордолуу Ош шаарында «Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобунун жигердүү мүчөлөрүү өздөрүнүн чакан жолугуусун өткөрүштү. Төгөрөктүн төрт бурчунда жашаган кыргыздардан түзүлгөн “Көчмөндөрдүн” тобунун төрт өкүлү Ош шаарындагы «Жетиген» аттуу керемет кафеде жети саатка чукул бажакташып, бапылдап жыргап отурушканын айтып баарыбыздын делебебизди козгоп, көзүбүздү ченебей кызартышты. “Көчмөндөрдүн” аталган чакан жолугушуусуна Маскөө шаарында жашап жана иштеп жүрүшкөн Самара НАСЫРОВА менен Азизбек Асабала ДАНАКЕР, Өзгөн шаарында жашаган Калмамат Турдубаев агабыз жана Ош шаарында  жашаган таланттуу жигитибиз Жыргалбек АЖИМАТтар келишти.  


эшанСамара НАСЫРОВА:  – Биз Ордолуу Ошто жыргап олтурабыз жакындан таанышып, баарлашып дегендей. Калмамат абабыз, Жыргалбек , Азизбек жана мен болуп. Көчтүн китебин барактап көрдүм, эң сонун экен..

Жыргалбек АЖИМАТ:  – Оoбa, айабай бактылуу болуп, жыргап отурабыз..
Тынчтык БЕК:  – Бара албай калганыма катуу өкүндүм. Менде да кокустук (Кокустук дегенде жакшы эле жышаан башталып) иштер чыгып калды.  

эзамСамара НАСЫРОВА:  – Жолугушуубуз айабай жакшы өттү. Мурдатан тааныш достордой болуп ырдап, чоордоп, бири бирибизди толуктап отурдук. Чыгып алып да бөлүнө албай сүрөттөргө түштүүк. Эртең буйурса Көчкө койобуз. Калмамат авабыз өтө таланттуу, куудул киши экен. Азизбектин сүйлөп бата бергеничи… Жыргал да анегдоттору менен боорду эзди, ыр кесе да уйуштуруп жибердик. Кыскасы эсте калаарлык күн болду…
эжырЖыргалбек АЖИМАТ:  – Мага абдан жакты. Чындап. Соонун болду. Ойумдагыдан да жакшы, түшүнүктүү, мекенчил, билим деңгээлдери, адамгерчилиги бийик инсандар менен отурдум. Эң кичинеси мен болдум. Мага бул жолугушуу чо-оң таасир калтырды. Кеткибиз, ажырагыбыз келбей эле турду эч… Кыя албадык бир-бирибизди…
Айтмакчы, китептерди айтпай калыптырмын. Алдым. Жапжакшынакай эле баары. «Кыргыз Көчүнүн» китебин кармалап, «тартып көрдүм»… Уулкандын китеби, буга чейин чыккан Самара Насырованын «Көктөм» аттуу ырлар жыйнакчасы жана Маскөө шаарында иштеп жүргөн таланттуу мекендештерибиздин калеминен жаралган «Аруу дүйнө» деген чыгармалар топтому, жаңы чыгып жаткан «Аруу дүйнө» аталыштагы гезитинин жаңы сандары. Сопсонун..

эжамилаАзизбек Асабала ДАНАКЕР:  – Менимче 6 – 7 саат олтурдук. Айабай жакшы олтурдук, ырдап, ыр окуп, шакаба, маек, эски тааныштардай кенен баарлаштык. «Жетиген» кафесинде болдук.. Эсте калаарлык..

Ошол туугандар, баары ойдогудай, жакшы болду! Эми жогорудагы айтылгандардан кийин мага кеп деле айтууга..  Алсызмын.. 


Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, 04.09.2013.

Sep 01

Чагылган.

ЭҢ СОНУН КҮНДҮ ЭСТЕЙЛИ..

Жаштыкта, дегеле жашоо турмушта эмне деген гана кызыктуу окуйалар болбойт, кездешпей койбойт. Кээ бир учурлар болот, ойлонуп туруп атайын жасаган окуйалар андай кызыктуу болбой калат, окшошпойт. Чыт курсак балалык, өспүрүм кездерде эмне гана деген кызыктуу окуйаларды баштан өткөрбөдүк. Айта келсек ар бирибиздин башыбыздан өткөн окуйаларыбыз самандан көп..  Ушуга байланыштуу «Кыргыз Көчүндө» «Чагылган» аттуу рубрика ачып жатабыз. Ким кааласа башынан өткөргөн эң кызыктуу окуйаларынан эстеп, кыска, нуска, кызыктуу кылып жазып жөнөтө беришсе болот. Ал келген кол жазмаңар, «Чагылгандуу» окуйаңарды «Кыргыз Көчү» айылына (сайт), «Чагылган» рубрикасына үзбөй жарыйалап турмакчыбыз. Биз мына ушундай жол менен дагы ар бирибиз тилибизди байытууда, өстүрүүдө, ой-пикирибизди эне тилибизде мыктылап, ээнэркин айтып түшүндүрүүдө жана жазууда оңой эмес иш жасаган болобуз деп ойлойм. Кыскасы, кадимки турмуштагы болгон «тирүү анегдотторду» бирибирибизге айтышалы, ортого салалы, окуп жыргайлы урматтуу Көчмөндөр!.

 

эс 4 1«УУРУЛАР..»

 

Мен анда кичинекей кезим болчу. Эсимде калганын билем, биздин огороддо дүпүйгөн «черешня» бар болчу. Ал гүлдөп бышып калганда эле эжемдин классташ балдары ууруга келе беришчү экен. Келгенде да акырын байкатпай келишип ошол бакка чыгып кетишчүү экен. Ошол жерден черешняны терип жеп анан акырын бактан түшүп кетип көнүп алышыптыр. Бир күнү эжем аны билип калат да, тигилер кезектеги ууруга келишкенде терезеден карап күтүп отура берет. Балдар келип баккка чыгаары менен короодо дайыма байланып турган өгүздөй болгон итти бошотуп жиберет. А ит болсо тиги балдар чыккан бакка үрүп чуркап барат да бактын түбүнө жатып алат.

Черешня

Черешня

Эжем болсо шашпай сумкасын салыштырат да мектепке кетип калат. Ошону менен тигил «уурулар» түш оогуча ошол ордуларынан кыймылдабай отура беришет. Түштөн кийин атам сабагын бүтүп мектептен келгиче отурушуптур, селейишип. Атам иттин бош жүргөнүн көрөт да, итти байлайын деп барып “ууру окуучуларын” кармап алган да. Маселенин маанисине түшүнгөн атам күлкүсүн тыйа албай итти жетелеп келип ордуна байлаптыр. Ошентип «ууруларды» «пленден» бошотконун эстеген сайын айтып алып күлө берчүүбүз. Кийин алар мектепти бүтүп кетишип, кайра чогулуп калышканда деле ушул окуйаны айтып алып жыргап каткыра беришчү.


Айтурган САТИЕВА. Журналист диктор, Бишкек шаарынан.