Чагылган.

ЭҢ СОНУН КҮНДҮ ЭСТЕЙЛИ..

Жаштыкта, дегеле жашоо турмушта эмне деген гана кызыктуу окуйалар болбойт, кездешпей койбойт. Кээ бир учурлар болот, ойлонуп туруп атайын жасаган окуйалар андай кызыктуу болбой калат, окшошпойт. Чыт курсак балалык, өспүрүм кездерде эмне гана деген кызыктуу окуйаларды баштан өткөрбөдүк. Айта келсек ар бирибиздин башыбыздан өткөн окуйаларыбыз самандан көп..  Ушуга байланыштуу «Кыргыз Көчүндө» «Чагылган» аттуу рубрика ачып жатабыз. Ким кааласа башынан өткөргөн эң кызыктуу окуйаларынан эстеп, кыска, нуска, кызыктуу кылып жазып жөнөтө беришсе болот. Ал келген кол жазмаңар, «Чагылгандуу» окуйаңарды «Кыргыз Көчү» айылына (сайт), «Чагылган» рубрикасына үзбөй жарыйалап турмакчыбыз. Биз мына ушундай жол менен дагы ар бирибиз тилибизди байытууда, өстүрүүдө, ой-пикирибизди эне тилибизде мыктылап, ээнэркин айтып түшүндүрүүдө жана жазууда оңой эмес иш жасаган болобуз деп ойлойм. Кыскасы, кадимки турмуштагы болгон «тирүү анегдотторду» бирибирибизге айтышалы, ортого салалы, окуп жыргайлы урматтуу Көчмөндөр!.

 

эс 4 1«УУРУЛАР..»

 

Мен анда кичинекей кезим болчу. Эсимде калганын билем, биздин огороддо дүпүйгөн «черешня» бар болчу. Ал гүлдөп бышып калганда эле эжемдин классташ балдары ууруга келе беришчү экен. Келгенде да акырын байкатпай келишип ошол бакка чыгып кетишчүү экен. Ошол жерден черешняны терип жеп анан акырын бактан түшүп кетип көнүп алышыптыр. Бир күнү эжем аны билип калат да, тигилер кезектеги ууруга келишкенде терезеден карап күтүп отура берет. Балдар келип баккка чыгаары менен короодо дайыма байланып турган өгүздөй болгон итти бошотуп жиберет. А ит болсо тиги балдар чыккан бакка үрүп чуркап барат да бактын түбүнө жатып алат.

Черешня

Черешня

Эжем болсо шашпай сумкасын салыштырат да мектепке кетип калат. Ошону менен тигил «уурулар» түш оогуча ошол ордуларынан кыймылдабай отура беришет. Түштөн кийин атам сабагын бүтүп мектептен келгиче отурушуптур, селейишип. Атам иттин бош жүргөнүн көрөт да, итти байлайын деп барып “ууру окуучуларын” кармап алган да. Маселенин маанисине түшүнгөн атам күлкүсүн тыйа албай итти жетелеп келип ордуна байлаптыр. Ошентип «ууруларды» «пленден» бошотконун эстеген сайын айтып алып күлө берчүүбүз. Кийин алар мектепти бүтүп кетишип, кайра чогулуп калышканда деле ушул окуйаны айтып алып жыргап каткыра беришчү.


Айтурган САТИЕВА. Журналист диктор, Бишкек шаарынан.


One thought on “Чагылган.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *