Чагылган..

эшанКЫЙАЗГА АЙЛАНГАН ПИЙАЗ.

 

Үйбүлөдө ортончу перзент болгондуктан менден кийинки сиңдилеримди каралашуу, апама жардам берүү менин энчиме да тийген. Улууларыбыз студент, өз турмуштары менен алек же аскерде болуп калып, апам айткандай анын колун узартуучусу мен элем. Улуу сиңдим Айтурган, азыр сиздердин катарыңыздарда Көчтүн мүчөсү, кечээ ал топтун админстратору болуптур. Ийгилик каалайм! Ошол сиңдим эки жашында таптак сүйлөп, бутунан мурда тили чыкты. Үчкө чыкканында дагы бир сиңдилүү болдук. Айтурган абдан эрке, анан айтканы орундалмайын жаны тынбаган, андан да  тырмактай болуп алып сөздү кыйын таап сүйлөгөн, ошонусу менен элдин сүймөнчүлүгүнө арзыган кыз эле. Сиңдиси төрөлүп, үйгө чыгып келген күндөн баштап эле анда «атаандаштык» деген сезим пайда болду.

 

Апабызды, атабызды, ал тургай мени да кызганат кичинекей чүрпөдөн. Ага эмне жасасак мага да жасагыла деп турат. Биз ага көнүп деле калганбыс. Жада калса үчкө чыгып, тызылдап чуркап ойноп калган кыз бешикке жатмай адат таап алды. Үйдө эки бешик боло турган эле, бири тээ чоң энем колдонгон, атам жана анын бир туугандары чоңойгон бешик болчу. Айтурган ошону ээледи. Атам да эрке кызынын ойу менен болуп, аны оңдоп-түздөп, татынакай кылып сырдап-кооздоп берип койду.

Жаздын ысык күндөрүнүн бири эле. Адаттагыдай эле апам сабагына кеткен маалда мен кичинекей «алдей» сиңдимди бешикке бөлөп жатсам Айтурган «мени да бөлө» деп чыкты. Анан аны да жанагы бешигине бөлөп койуп, экөөнүн тең бетин жапкан торлорду түшүрүп, өзүм болсо короого кир жууганы кетип калгам.

Бешиктер үйдө, алар турган бөлмөлөрдү эшиктерин атайын балдар ыйлап калса угулуп турсун деп ачып койгом, андан кийин коридор, анын маңдайында ашкана бар болчу. Бир убакта эле катуу чыңырган үндөн коркуп кетип шашыла чуркап үйгө кирип келсем кошунам Батма эже өң алеттен кетип купкуу болуп коридордо турат. «Эмне болду эже» десем оозуна сөз келбей сөөмөйү менен бешиктер жакты көрсөтүп койот.

Арча бешик

Арча бешик

Дароо эле түшүндүм, чуркап барып алгач чоң бешиктин торун ачып, «эже бул Айтурган» дедим. «Кичүүсү мына бул жакта жатат» деп экинчи бешик тарапка кол жаңсадым.. «Уффф» – деп терең дем алып алган эже жердеги чаканы колуна алып жатканда байкадым. Чака ар жакта, жерде тоголонуп жаткан эле. Көрсө кошуна эже чака сурап келет. Үйгө кирип баратып, терезеден менин короодо экенимди көрөт да, биротоло эле үйдөн чаканы кармай чыгып анан айтып койуп кете берейин деп ойлогон экен. Ошол кезде бешикте уктабай эле жаткан Айтурган аны көрүп калып, «ээй Батма эже, чаканы койуп койуңуз» деген тура. А кошуна эже бешиктен чыккан үндү угуп алып жанагы жаңы төрөлгөн ымыркай кичүү сиңдим сүйлөп жаткан экен деп ойлоп, кадимкидей чочуп, эси ооп, ордунда катып калыптыр..

 

Дагы деле ушул Айтурган. Анда бир аз чоңойуп калса керек эле. Төртбештерге чыгып калган. Сүттү башка балдардан өзгөчө айырмаланып жакшы көрүп ичет эле. Түнү менен жамгыр жааган күндүн эртеси болчу. Таң эрте казанга сүт бышырып жаткам. Апам да короодо бирдеме менен алек болуп жүргөн. Жанымдан ары бери өтүп, «сүт бат эле бышат ээ, сиз бат эле бышыра аласыз ээ» деп Айтурган тегеренип ойноп жүргөн. Бир сөзүнө жооп берсем, бирине көңүл деле бурбай от жагуу менен алек болуп жаткам. Бир убакта жагып аткан отума суу жыгач салып салдым окшойт, быкшып эле түтөп, күйбөй өчүп калды. Эңкейип туруп астындагы чокту үйлөп тутандыруу аракетин кылып жатсам, эми эле жанымда ойноп жүргөн сиңдим Айтурган мени түртүп жиберсе боло.. Байкабай турган жаным, жерди таянып калдым. Ансыз да отту өчүрүп алганыма ачууланып турганда, тентек кыздын жоругуна жиним келип кетип «апа кызыңызды караңызчы, түртүп салды, чокту кармап ала жаздадым»  дедим арызданып, нааразылана. «Кой антпе, ал эмнеси экен, эжекеңдин колу күйүп калса эмне болот» деп апам Айтурганды тилдеп калды. Анда курсагын чендейтип, сөөмөйүн оозуна салган бойдон Айтурган «анан эмне ары жыгылат, бери жыгылбайбы» деп атпайбы, кебелбей туруп алып.. Апам экөөбүз бир топко чейин каткырып жүрдүк. Азыр да барганда, чогулуп калганда бир туугандар ушул окуйаларды эстеп калсак, «чын эле да» деп өзүнөзү актап койо берет. Ошол эле жылдары атамдын бир кесиптеш иниси уулдуу болуп калат. Атама келип, «аке кыз күтүп атып дагы бир уулдуу болдук, уулдарымдын аттарын сиз билесиз, Илияз, Илгиз, Чыңгыз, Нияз эми мунусуна кандай ысым ыйгарышты билбей жатам, ат койуп бериңиз» дейт. Уйкаш болсун деп. Анын сөзүн кайда барса да атасын бучкактап, жарым карыш чыкпаган Айтурган угуп калып «анда бул балаңызга Пияз» деп ат койуп койуңуз деп баарынын боорун эзген экен. Ошентип тамаша-чыны аралаш ар кандай ысымдарды айтып, талкуулап отурушуп, анан атам ал ымыркай балага «Кыяз» деген атты ыйгарыптыр..


Майя САТИЕВА. Орусия, Маскөө шаарынан.
08.09.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *