Чагылган..

A3КИРГЕН СУУ.

Негизи «Чагылгандын» темасы жакшы күндөрдү, эсте кала турган жагымдуу окуйаларды эске салат экен. Менин бул окуйам «жакшы күндөргө» кошулабы, жокпу биле албадым. Бирок Уландын эскерүүсүн окуп жатканда эле ушул окуйа эсиме түшүп кетти. Менин окуйам дагы Уландыкына үндөшүп кеткендей. Ал кезде канча жашта экенимди эстей албайм. Кыскасы жогорку класстын окуучулары чөп чабыкта иштеп жүргөн маал болчу. Айылдагы айалдарды да биргадирлер үймө-үй кыдырып чөп чабыкка айдап кетээр эле. Ата-энем, менден улуу агаларым да совхоздун жумушунда, ал эми үйдүн «башкармасы» болсо мен. Ошондой күндөрдүн биринде үйгө күтүлбөгөн «конок» келип калып, «бол, апаңды тезинен чакырып кел, шашылышпыз» деп калышты. Ошол учурда сайдагы суу «күкүктөп», капкара болуп кирип агып жаткан. Коноктун «тез» деген сөзүн көңүлүмө бекем түйүп алып, ылдыйраактагы чоң машина өтчү көпүрөгө барбай, эшанкирген сууну кечип жөнөпмүн. Сууга биринчи киргенде эч кандай тоскоолдукту сезбей, бат-бат илгерилеп бара жаткам. Бара-бара суу мени өзүнүн агымы менен алып жөнөйт, мен жан талашып каршылык кылып сууну кечип өтүүгө аракет кылам. Кырдын башында каз-катар тизилген окуучулар, мектептин завучу Кекилик эженин карааны көзүмө урунат. Эжейимдин сөздөрү угулбайт, бирок булгалаган колдорун көрүп жаттым. Итапкан барганда айабай корко баштадым, жан далбас кылып кармаган чырпыктарым да суурулуп кетип жатты. Ошол учурда артыма кайтайын деген ой пайда болуп, артымды карасам, сайдагы кирген суунун тең ортосунда калыпмын. Эмнеси болсо да кыйкырып жаткан эжейим жака жыла берейин, жээкке жакындасам балким жардам беришет деген үмүт пайда болду. Кырдан ылдый чуркаган жогорку класстын окуучуларынын караны да мага кандайдыр дем бергендей болуп, суудан эптеп чыгып кеттим. Бирок эжейимден айабай тил уктум, «нары кет» деген менин сөзүмдү эмне түшунбөдүң деп урушкан эле. Мен ата-энеме айтпай эле койушун суранып андан ары апамдар иштеп жаткан жерине жеткем. Жай ысык болгондуктан апама жеткенче курганып калып үйдөгүлөр бул «окуяны» билбей калышкан. Ал кезде маани бербегеним менен эс тартканда уксам сайдагы суу киргенде анча-мынча адамдардын өмүрү кыйылган кайгылуу окуйалар көп болгон экен. «Бала, баланын иши чала» деген ошол да. Тилеке каршы азыр ал сайда билектей эле суу агып турат. Айылымдан кеткениме бир топ жыл болгонуна байланыштуу сайдагы суунун кирген убагына туш боло албадым. Бирок апамдын «бала-чаканы агызып кетпегей эле» деп кооптонуп калганын эшитип калам..


«ТӨРӨТ ҮЙ..»

Ал кезде дал ушундай күз болчу. Тагыраак айтканда 2000-жылдын 30-сентябры эле. Шаардан бир аз иштеп тыйын-тыпыр кылып кетели деп сиңдим жолдошу менен келген. Сиңдим бир аз иштеп, кош бойлу болгонунан үйдө отуруп калган. Күйөөсү машина оңдоп иштейт. Эсимде жок ал күн дем алыш беле? Сыягы дем алыш окшойт, баарыбыз үйдө болгонубузга караганда. Күйөөм менен күйөө балам эшикте машина оңдоп жатышкан. Аңгыча сиңдим ичим ооруп, белим бурап жатат деп калды. Мен толготуп калган окшойсуң, тамак кыла койойун, курсагыңды тойгузайын дедим. Тамакты асып койуп, сиңдимдин буту-колун жууп бердим. Толгоосун карасаң, аралыгы айабай эле алыстан келип жатты. Мен сиңдиме бул толгоо эч нерсе эмес, күчөгөндө апамдын кадырын ошондо бир билесиң деп тыңсындым. Ашканага чыгып тамакты карап кайра кирип келип эле эч нерсеге түшүнө албай калдым. Сиңдим «төрт» буттап турат, кадимки уйдай болуп. Көзүмө карайган бир нерсе көрүндү артынан. Нес болуп туруп калдым түшүнбөй, сиңдим ал-ал дейт же эмнени алаарымды билбейм. Көрсө шырдакты түрүп сал деп жатыптыр. Араң түшүнүп, шырдакты сыйрып алдым. Ошол учурда артында карайган алдейдин башы экенин түшүндүм. Коркконуман эшике атып чыгып, күйөөмө кыйкыра баштадым. Сиңдим төрөп жатат деп. Күйөөм, иним, күйөө балам дарбазадан атып чыгып эле чуркап кетишти. Мен кайра үйгө чуркап кирсем, бала салаңдап жерге түшөйүн деп калыптыр. Элестеткиле тууп жаткан уйду. Азыр ойлосом дал өзү. Баланы колума алганда эле киндиги чубалып, тону кошо түшүп калды кудайдан болуп. Бирок баладан үн чыкпайт, мен болсо өзүмдү жоготуп салгам. Эмне кылып жатканымды билбейм. Сиңдим чап-чап дегени кулагыма угулат. Аңгыча бала да бакырып ыйлады. Эшиктегилер эмне кылып жатышат аны деле билбейм. Сиңдим эне да киндигин кескенге бирөөнү табыш керек же сиз кесесизби деп жатпайбы. Кокуй кеспей калайын деп, сыртка чыгып күйөөмө киндик кескенге киши керек дедим. Күйөө балам эже кызбы, эркекпи дейт. Аны караганга акыбалым келген жок дедим. Тез жардамга эки жолу чалдык азыр келип калар дешти. Кошуна эженин апасын чыкырсак келди. Бирок ал апанын көзү көрбөйт экен. Ошондой болсо да бизге үйрөтүп жатты. Эже апасынын айтканы боюнча кести. Ушул окуя айабай тездик менен, көз ачып-жумгуча эле болуп кетти. Баарыбыз коркуп, шок болуп жүрсөк сиңдим айтып жатпайбы, төрөгөн иттен оңой турбайбы мен тынбай эле төрөй берем деп. Аңгыча тез жардам келип бизди салып кетти. Жолдо тез жардамдагы врач да таңгалып жатпайбы мындай тез жана оңой төрөттү биринчи көрдүм деп. Анысынан да төрөт үйүнөн чыгып келгенден кийин көпкө мени сиңдим туурап жүрдү. Алдей ыйлабай түшкөндө мага көчүгүнө чабыңыз десе, мен айткан турбаймынбы «Кудайай муну мен кантип көчүккө чабайын» деп. Бирок менин эсимде эч жок. Ошол бизди «коркуткан» кыз азыр чоңойуп калды. 30-сентябрда он үч жашка толот..


Чынара САРБАГЫШОВА. Акын, Бишкек шаарынан. 12.09.2013.

One thought on “Чагылган..

  1. Чынара айым, рахмат чын дилден ыраазымын, бир отурганда окуп чыккыдай сонун ангемелер экен, орконунуз оссун…..

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *