Улан САТЫБАЕВ. Сүрөтчү. 1979-жылы 16-январда ордолуу Ош шаарында төрөлгөн. 2001-жылы Ош мамлекеттик университетинин көркөм сүрөт факультетин бүтүргөн. 1998-жылдан баштап ар кандай басмаканалар менен кызматташып, китептерди көркөмдөп-кооздоо, штаттан сырткаркы сүрөтчү-кооздоочу болуп эмгектенген. 1998 – 2000-жылдары археологиялык изилдөө жумуштары менен алектенген. Тартып, чиймелеген канча бир графикалык эмгектери Ош шаарынын 3000 миң жылдык мааракесинде атайын илимий негизде дайардалган китептерге басылган.2001-2004-жылдары Тургумбай Садыков атындагы КР Улуттук көркөм сүрөт академиясынын аспирантурасында «Май сүрөт» адистиги бойунча окуган. 2005–2011-жылдары аталган Улуттук академиянын алдындагы көркөм сүрөт окуу жайынын деректиринин окуу тарбия иштери бойунча орун басары болуп иштеген. 2007-жылдан баштап Кыргыз Сүрөтчүлөр сойузунун мүчөсү.Көптөгөн республикалык жана эл аралык сүрөт көргөзмөлөрдүн катышуучусу. Алган сыйлыктарынын чоңу, XIII-эл аралык «Шабыт» фестивалда III-орунга ээ болгон. Казакстан, Астана шаары 2010-жыл.
Учурда АКШ нын Чикаго шаарында жашайт.
Негизги чыгармалары:
Кечки тоодо. 2004 Холст, май. 80х120.
Сулайман Тоо. 2004 Холст, май. 80х120.Келсинки
Ысык-Көл. 2004 Холст, масло. 80х120.
Кошой-Коргон. 2007 Холст, май. 55х70.
Ак-Буура дарыйасы. 2007 Холст, май. 35х50.
Босого. 2007 Холст, май. 75х95.«»!.
Комментарий кошуу