Каңырык..

БЕТЕГЕ КЕТЕТ БЕЛ КАЛАТ..

Мына, дагы балээ болду. Москвада кара жанды карч уруп, кекиртекти бычактын мизине такап коюп иштеп жүргөн кыргызга дагы бир балээ кошулду. Домодедово аба майданы жарылыптыр… Ансыз да кыжыры кайнап, сырттан, айрыкча КМШ өлкөлөрүнөн келген келгиндерди көзүнүн төбөсү менен карап отурган жергиликтүү калк ого бетер кыжырданып калды. Кара жаны менен үй-бүлөсүн, ата – энесин багайын деп араң жүргөн кыргызга кошумча түйшүк болду бул. Кечээ бир орусту өлтүрүп коюшту деп дүңүнөн көтөрүлүп барып, жаалданып барып араң токтогон орус улуту, бүгүн тишин кычыратып араң эле тургансыйт. Бирок, биз кордукка чыдап көнгөнбүз да. Бул кеппи биздин калкка?
Бөлөк элдин эмес өзүбүздүн эле атка минерлер, кыргызды элим дебей, боорум дебей темселетип койгон соң кайда барат элек? Чыдайбыз да… Кечээки көтөрүлүштө сексен жигит шейит кетти деп отурабыз. А чынында ушул биздин бийликтин жеке куу башын ойлоп отурганынан 20 жылдан бери канча кыргыз шейит кетти, эсептеген киши болду бекен. Жоок. Аны биздин атка минерлер эсептебейт. Биздин чоңдор ошолордон түшкөн акчаны гана эсептейт. Миллиарддаган сомдор которулат деп санап отурушат го, Кыргызстанда, жылуу үйүнө жатып алып, элдин коюна чейин паспорт чыгарам деп ыңгыранып.
Канча жигитти ур тепкиге алып өлтүрдү? Канча кыргыз келин көрүнгөн улуттун дөгүрсүгөндөрүнө жетеленип, алданып, кор болуп жүрөт? Канча сакалын сүйрөгөн аталарыбыз, саамайын ак аралаган апаларыбыз орустун короосунда жүрөт шыпыргы-калагын көтөрүп? Эй, эл билермандары, силердин куу кекиртегиңер үчүн сексен жигит шейит болгон жок! Эсиңерге бекем түйүп койгула! Кыргызстанга мигранттардан жылына мынча миллион сом которулса, анын канчасы чөнтөгүмө түшөт деп эсептегендей эсептеп койгула. Силердин куураган курсагыңар үчүн мобул жерде миңдеген кыргыз шейит болуп жатат. Миңдеген кыргыз кор болуп жатат! Миңдеген кыргыз ден соолугунан ажырап, миңдеген кыргыз бактысыздыкка кабылып жатат!
Арданган кыргыз, кечээ жергиликтүү милициянын кордугуна чыдай албай Москвада пикетке чыкты деп күлкү болуп отурабыз. Кабарыңар барбы ошондон атка минерлер? Эмнеге чыкты ал байкуштар? Ойлондуңарбы? Жөнөкөй элдин кысымына, кошул-ташыл болуп, мамлекеттик бийлик тебелей баштаганынан чыкты ал байкуштар. Эмне кылсын? Дагы кандай кылсын? Биригип, бир жакадан баш көтөрүп чыксак, бизди уга турган бирөө болот бекен деп чыкты да. Болбосо, бул жердин кысымы күн санап күч алып баратат го. Жакпаса кетип калсын элине деп келекелеп отурат бул жактагылар. Туура да. Жактырбасаң кетип кал дейт да. Өзүбүздүн жакшыларыбыз деле ошону айткансып отурбайбы. Кыргызстанда иш таба албасаң, кетип кал дегенсип эшиктин баарын кенен ачып коюп отурат биздин чоңдор деле. Эртеңки элдин камын ойлочу адамдар, бийликке жетип жетпей биринен бири өтүп так талашып, акча талашып отурганы калппы? А биздей карапайым калкка эшик ачык. Алардын жыргаганына нааразы болсоң кетип кал Кыргызстандан. Бар, барып орустун заңдаган жерин тазалап, чаңдаган жерин жууп жаша. Ушул го биздин чыгаандардын түпкү ою. Болбосо оруска эмес, казакка кор болбогон кыргыз ушунча темселеп калат беле? Мал киндиктүү, бышыкчылыктуу жерибиз 5 миллион калкка жетмек тургай, ашып кетет эле го. Кыргыздын мээси иштебейт, кыргыз жалкоо дегендер жаңыласыңар. Кыргыздын мээси да иштейт, жалкоо дагы эмес. Аны ушул сыртка чыгып келгендер беш колундай билет. Кандай кысым, канчалык бут тосуу болгонуна карабай, жергиликтүү калк менен теңтайлаша иштеп, бүтүндөй калкты, ага кошуп соргок бийликти багып келет го. Улам бири сокур чычканча үйүп-жыйып жыйнап алып, качымыш болуп баса бергенине карабай, Кыргызстанды бутуна тургузуп келатканы калппы? Болгону биздин багыбызга жарытарлык бийлик келбей турбайбы. Сата алганын сатып, алы жеткенин тартып алып, эл алдында жүзүн жаркылдатып басып жүргөндөр гана бийликке келип жатат канча жылдан бери.
Шордуу кыргыз дагы канчаны көрөр экенсиң? Каар заман, тар заман, кор заман деп ырдап өткөн эле кечээ Жеңижок баштаган залкар агаларыбыз. Эми ал замандан бул заман тар болду окшойт. Токтогул убагында 5 каман деп ырдаса, кечээ апрелге чейин эле 25 каманды кубалап чыкты окшойт биздин эл. Дагы канчасы калды күпүйгөн күпүйгөн бойдон. Карга карганын көзүн чокуй албайт тура көрсө…
Мына бүгүн да кар жаап жатат. Шыбыргактап согуп жатат сыртта кар. Эми таң азандан, түн бир оокумга чейин какшанган суукта кар күрөйт биздин жигиттер шымаланып. Былчылдаган баткак буту менен балчайта басып, булгап кеткен жерлерди жууйт биздин кыз-келиндер, жеңелер, эжелер. Анан ошондон алган тыйынын Кыргызстанга салат жадырап жайнап, акча көктөн түшкөндөй маңдайы жарыла сүйүнүп. Кыбыңдаган көздөрүнүн нары жагында болсо нечен кайгы, нечен сыры катылуу алардын. Туурулган колдору нечен оорукчанга даба берип, нечен ачты тойгузган алардын. Тердеп-кургап тапкан ырыскысынын милиция жана көрүнгөн шылуунга алдатканынан калганы менен өзүн дагы, элин дагы, тойбогон бийлигин дагы багып келатат алар. Окууну бүтүп-бүтпөй келип, бүтүндөй үй-бүлөнүн түйшүгүн көтөрүп, өзүнүн да келечегин түздөп жүргөн инилерибиз, карындаштарыбыз канча?
Бар болгула мекендештерим! Бар болгула жана ушул кайратыңардан жазбагыла. Бүгүнкү тарткан түйшүгүңөрдүн да эсеси кайтып, Кыргыздын башына да бир баатыр туулаар. Курама жыйып журт кылган, кулаалы таптап куш кылган баатыр туулгуча ушинтип темселеп оокат кылып, чокулап тыйын чогултуу биздин дастанда да жазылган эмеспи. Үмүтүңөрдү гана үзбөгүлө ага чейин. Биздин элге да бак айтылып, биздин Кыргызстан да өнүгүп кетээринен, баарыбыз уул-кызыбыз, ага-тууган, жек-жаатыбыз менен өз төрүбүздө отураарыбыздан үмүтүңөрдү үзбөгүлө. Бетеге кетип бел калат, бектер кетип эл калат дейт эмеспи. Азыркы куу кекиртегинен наркысын ойлой албаган бектер да кетет эртең.

Насыпбек АСАНБАЕВ.  Маскөө шаары, 2011-жыл, 6-февраль.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *