Арабөк.

Дарбазаны ачкан аялды караган бойдон жалдыраган жигит, анын, “келгиле, кир кире гой” деген үнүнөн эсине келе түшкөндөй шаша баш ийкеп, үй ээси менен кошо басты. Бейтааныш жигиттин алда неге көңүлү дүрбөлөң түшүп калганын сезди кыраакы аял дили. Тамак үстүндө да уста жигиттин көздөрү келинди тымызын кусалуу тепчий тиктеп, анын жүзүнөн дилине жакын бирдемени издеп жаткандай. Түшкү чайды деле жарытып ичпей, негедир тез эле чыгып кетти, оңбогон бала. Күн бою жанын таштап, алда не көкүрөгүн өйүп жаткандай өжөрлөнүп иштеди. Кечки тамакка да чакыртып атып көптө келди.
– Атың ким эле иним, атыңды унутуп калганымды карачы – деди үй ээси тамак астыга келип жайгашкан кезде акырын кепке тартып.
– Жыргалбек.
– Жакшы ысмың бар экен. Менин атым Жайнагүл. Жыргалбек, алда не көңүлүңө жакпай калгандай түпөйүл болуп турасын. Иним менен баалашып, иним алып келген үчүн кантип сүйлөштүңөр, канчага келиштиңер, менин кабарым жок, бирок сенин алда неге канааттанбаганыңды кабагыңдан көрүп турам. Баа келишпей калса ачык айт, садага, жакшы ниет, илгери үмүт менен баштаган ишти ыраазы болуп жасагандай бол.
– Антип ойлобоңуз эже, акча жерге кирсин.
– Анда неге кыжаалатсың?
Жигит саамга ушу азыр да көңүл кырында турган өйүткү оюн айтсамбы, айтпасамбы дегендей ыргылжың боло жер тиктеп ойлуу тунжурады.
– Мен сизди көргөндө элеси эсимен чыгып бараткан бир адамды кайра көргөндөй болдум, ал тургай ошол адамдын үнүн уккансып кеттим.
– Ким эле ал адам?
– Менин асыранды апам болчу. Ал кишини алты айдай апа деп калдым.
– Азыр барбы ал киши?
– Бар болуу керек?
– Кайда экенин билбейсиңби?
– Билгенде эмне, мурдагы эле жашаган жеринде болуу керек, көчүп эле кетишпесе.
– Ата – энеңчи?
– Мен кичине кезде эле атам менен апам ажырашып, апам мени таенеме таштап башка турмуш куруп кетиптир. Мен апамды да, атамды да билбей калдым. Эс тартканы апамдын биздин үйгө келгени эсимде жок. Таенемдин көзү өткөндө гана келди да, кеткенче шашты. Капкара болуп күнгө күйгөн, баарынан кийин келип, мурун кеткен ошол жүдөңкү аял апам экенин ал кеткенден кийин таякемдер айтышты. Менин эсимде аялдын өзөк сыздаткан армандуу кошогу менен дирилдеген күйүттүү үнү анан, мени бир эки курдай коруна карап алган жалтаң көз карашы гана калды. Таенем өлгөндөн кийин тили заар, колу тар таажеңем мени батырбай, таякемдин көзү мындай болсо эле зырылдатып ура бергени жаныма батып, кыштын кычыраган суугунда үйдөн качып кеттим. Андагы мен көргөн күндү ээси кууп чыккан ууру ит да көрбөсө керек. Кайда барып баш катаарымды билбей көчө балдарына кошулуп кеттим. Бутумдагы батинкемди балдардын тыңыраагы дароо эле тартып алып, резинка тапичкечен калдым. Үстүмдөгү жалаң көйнөктүн сыртынан ар кайсы жерден таап алган эски-уску кийимдерди кийип алсам деле калчылдап үшүйм. Курсагы ач адам да үшүй берет экен. Жаныбызда самсасынын жыты буркураган чайкана бар. Самса жапкан єөбек киши кардарлар жебей калтырган самсанын калдыгын да алдырбай кууйт. Кууса деле самсанын жыты азгырып бара беребиз, анткени кээ бир боорукер адамдар ашкан нанын, кээде тамагын бере коюшчу. Ошондой күндөрдүн биринде чайкананын жанында турсам самса жеп жаткан бир киши көзүн кысып эркелете карап:
– Мага бала болосуңбу? – деди.
– Болом! – дедим токтоосуз.
– Азамат бала тура, – деди жанындагы аялга күлө карап.


– Самса жейсиңби? – деди аял мээрим менен. Шаша баш ийкеп жибердим да, чакыртпай эле алардын жанына жетип бардым. Тиги киши алып берген самсаны ары-бери бурдап жеп жатып көз кырым менен карасам, аял көзүнө жаш айлана мени карап туруптур.
– Биз менен кетесиңби? Мен сени бала кылып алам, кийим алып берем, сендей балам бар, экөөңөр ойнойсуңар,- деди тиги киши чай ичип бүткөндө. Ойлонбой туруп макул болдум. Ошентип, алар мени алып кетишти. Мен барган айыл Кашка-Суу деген кичинекей кыштак болчу.
– Кашка-Суу? – деди Жайнагүл кашы серпиле, көздөрү суроолуу.
– Ооба, Кашка-Суу дешчү. Анткени, кыштакты тең ортодон бөлүп сүттөй аппак суу акчу. Суу тунуктугунан, анан агымынын тездигинен ошондой аппак болуп көрүнсө керек эле. Оболу баары эле жакшыдай сезилди. Жылуу үй, ач калбайсын, бирок, бирдеме жетпей тургансыйт. Мен негедир ошол үйдүн кызы Салкынай эжени өзүмө окшото берчүмүн. Анда, Салкынай эженин ошол үйдүн өз кызы болуп туруп бирок батына албай турганын түшүнчү эмесмин, азыр ойлосом Салкынай эже да турмуштан ажырашып келген экен. Салкынай эже экөөбүз гана сырттан кошулган жандай батына албай тартынып, бири-бирибизди коргоппу, же бири-бирибизге корголоппу, айтор жан тартып турчубуз. Эженин али наристе баласын таятасы кадимкидей бөлүп, жактырбай ызырынып тураар эле. Анын ызырынганынан мен кадимкидей зырылдап, эже болсо уулун алып унчукпай башка үйгө кирип кетчү. Артынан эле мен кирчүмүн да, болтойгон сары бала экөөбүз жыргап ойночубуз. Үчөөбүз гана калган кез мага абдан жакчу. Мен ырдап, бийлеп берчүмүн, кичинекей бала быйтыңдап мени туурачу, Салкынай эже болсо көзүнөн жаш акканча боору эзилип күлө берчү. Салкынай эженин ошентип күлгөнү өзүнө абдан жарашчу, бирок ал чанда ушинтип күлчү. Ал үйдө бир гана абдан эркин адам бар болчу.
– Ким эле? – деди Жайнагүл каргылдана.
– Эң кенже эркетай Абылдын гана бардык нерсеге эгедер чыкканга акысы бар эле. Менин ал үйдөн кетүүмө да ошол эркетай Абыл себеп болду. Кенжетайга жакпай калдым, негедир “кетсин” деп эле кашайып ыйлап туруп алды. Балким, башка да себеби болду бекен деп көп ойлоп, бирок себебин таппай койдум. Анткени, алар айткан жумушту оозунан чыга электе аткарганга шашчумун, тамакка да өздөрү чакырмайынча келчү эмесмин. Өзүмдүн балалык түшүнүнүмдө чоңдорго, деги эле адамга эмне менен жагынат деп билсем, ошонун баарын жасадым. Ошого карабай кетиришти. Кетиргенде да жөн эле, жумасына бир жолу каттаган автобуска салып жиберишти. Менин бараар жеримдин жоктугу, эртеңим мени узатып жаткан кара сур кишини тынчсыздандырды бекен, билбейм. Болгону элеңдей бозоргон мени автобустун жанына алып келип, “Бара гой, уулум, сенин да туугандарың бар экен, эртеби кечпи баары бир сени алып кетишет. Аларды издетпей өзүң эле бар” деди да бурулуп басып кетти. Азыр да олбурлуу үй ээсинин бир аз эңкейип калган далысынын титиреп турганы, анан күнөөкөрдөй башын ойлуу салаңдатып кетип бараткан элеси көз алдымда. Мен болсо кайсы тууганыма бараарымды билбей салбырап кала бердим. Көз жашым оозума кирип, анын ачуу даамын сезип жаттым. Ырас, мен кетип жатканда, тагыраак айтканда кетирип жатышканда Салкынай эже менен апасы аябай эле кайышты, ыйлады, бирок ал үйдө буйрукту мени алып барып, кайра кетирип автобуска салган киши – үй ээси чыгарчу.
Эсимде, аял сууга барганды жакшы көрчү. Азыр да ошол сүт кошкондой аппак суу, мени эшекке мингизип алып сууга барган мээрман көгүлтүр көздүү сулуу аял түшүмө кирет. Түшүмдө дагы эле апа деп айтам. Ал болсо менин апалаганымды укпай, баягысындай эле кыңылдап ырдап, же болбосо мага өзү туулган жер чоң шаар экенин, бул жакка жаштыктын керемети азгырып гана келин болуп келип калганын кыялдуу көгүлтүр көздөрүн күлүңдөтүп айтып берип жаткан болот.
Сууга барганды аялдан да кышында каникулга келген арык, аппак студент кызы жакшы көрчү. Ал келгени дайым экөөбүз сууга барып калдык. Тиги кыз сууга барганда куду башка ааламга келгенсип эшектин үстүндөгү мени унутуп, суунун агымын карап олтура берээр эле. Анан суудан кайткан жолдо мага өзү окуган окуу жай, жарыгы көп жаркыраган көчөлөрү машинеге толо чоң шаар тууралуу божурап айтып берчү. Мага канчалык жароокер мамиле кылбасын негедир студент кыздан да тартынып, корунуп турчумун. Анан ал кыз тез эле окуусуна кетти да, мен кеткенче келбеди, ошол бойдон аппак кызды кайра көрбөдүм.
Жыргалдын үнү кардыга унчукпай калды.
– Сен аларды али да кечире албай жүрөсүң го ээ?- деди Жайнагүл жигиттин көзүнө тик карай албай. Жыргалбектин көлөкөлөнгөн жүзү жаркый кызарып кетти.
– Жок кечирдим эже, качан балалуу болгондо кечирдим. Азыр менин да уулум бар, жакында алты айлык болот. Балалуу болгон жакшы тура. Жашоо таптакыр башкача сезилип калат экен. Уулум, болгондо да өз канымдан жаралган менин уландым бар экенин эстесем жүрөгүмдө жаман ойго, кекке орун калбай калат.- Кийин канттиң?- деди Жайнагүл жаагына сарыккан көз жашын этегине аарчып.
– Жашоо улана берет экен эже, өлүп гана көрбөгөнүм болбосо, башканын баарын көрдүм. Ачкалыктан уурулук кылдым, бой жетип күчкө толгондо адамдарды тонодум, акчаны бапырата кармадым, эмнени кааласам кийип, жан кыйналбай табылган акчаны туш келди чачтым, бирок мунун бири да көкүрөгүмдөгү чор болгон ызаны бөксөртө алган жок. Көңүлүм алда неге түпөйүл болуп, адамдар мени өз катарынан сызып салгандай, аларга менин керегим жоктой туюлуп, ошол туйгудан муунуп кетчүмүн. Бар экенимди жар салгым, көздөрүнө сайылгым келчү. Дал ошол кайдыгерлиги үчүн алардан өч алгым келип, эч кимди аягым келчү эмес. Адамдарга болгон мындай жек көрүү дилимди карайтып, эч кимди аябай, жакшы көрбөй калганда бир кыз жолукту да, баарын өзгөртүп кетти. Ал менден эч нерсе талап кылбай, эч нерсе күтпөй тим гана жакшы көрдү да, ошонусу менен багынтып алды. Азыр болсо төрөп берди. Эгер бул кыз болбогондо менин ордум да мага окшогон көчө балдарынын – досторумдун жанында, түрмөдө, же наркологиялык ооруканада болмок. Кайран азаматтар, мени менен жүргөн көчө балдарынын ичинде не деген таланттуу балдар бар эле.
Жайнагүл ойго чөгө мелтиреди. Анын көз алдына тынбай күрсүлдөп жєтєлүп, жанын кыйнаган жөтөлдөн кызарып татарып, куучуйган кичинекей ийиндери алсыз титиреп турган арык бала келди. Бала качан жөтөлү бир аз басаңдаганда балапан түгү түшө элек ууртунан аккан шилекейин шаша аарчып, ошол шилекейинен, жөтөлүнөн чоң кишидей кысынып, күнөөкөр боло тартынып жалтаңдап калчу эмес беле. Тамактанганда да бирөө тартып алчуудай эки жагын улам элеңдей карап, төгүп-чачып шашып иччү. Азыр ошондогу бакыраң көз жетим бала жигит болуп каршысында турду. Жайнагүл куду уурусу ачылгандай шашты, суракка келгендей акактап кетти.
Ошол жылы кыш оор болгону Жайнагүлдүн эсинде. Окуу жайлар “Аудиториялар жылыбай жатат” дешип студенттердин баарын бир айга каникулга таратышты. Жайнагүл айлына келгенде иңир кирип калган эле. Айылга эмне керек болсо баарын жүктөгөн, жүргүнчүсүнөн жүгү көп тумшуктуу автобус араң өр тартып кыбырап келгенче ушул убак болду. Кызды эң биринчи шыйпаңдаган куба дөбөт тосуп алды. Ал оболу бир “каңк” эте ит каадасын кылып үргөн болду да, анан кызды таанып “кечирип кой тааныбай калыптырмын” дегендей кулагын жапыра кыңшылай бутуна жыгылды.
– Ким бар? – деди кыз калп эле үнүн күркүрөткөн болуп. Үйдөн апасынын “Жыргалбек, карачы балам, бирөө келдиби?” деген тааныш үнүн эшитти. “Апам угат биринчи” деди Жайнагүл дили жылып. Көңүлүн, “Жыргалбек дейби, Тукан абамдын баласы мында не кылып жүрөт? Бирөө жарым ооруп калды бекен, же конок күтүп жатышабы? Опур-топур деле байкалбайт” деген ой сапырып кетти. Демейде атасынын бир тууганы Тукан абасынын балдары бул үйгө бирөө ооруганда, же конок келгенде келишчү. Ойлонгон оюнун акырына чыгып-чыга электе кичинекей бала чуркап чыкты да..
– Ким? – деди чаңкылдап.
– Мен Жайнагүлмүн, а сен кимсиң?
– Менби, мен Жыргалбекмин, абамдын жаңы баласымын – деди бала батынкырабай. Эмне болгон жаңы бала экенин сураганча эле кыздын үнүн угуп калган апасы, анан инилери биринин артынан бири чуркап чыгышты. Айрыкча, кичинекей эрке Абыл эжекесине эч кимди жолото койбой чоёктойт. Жайнагүл четте турган чоочун баланы жана эле байкаса да не деп сураарын билбей улам карап коюп, апасынын, инилеринин жабалактаган суроолоруна алагдылана жооп берип жатты. Акыры чыдабай кетти.
– Бул кайсы бала, авамдын жаңы баласымын дейт го?– деди баланын тартынып турганын байкап жумшак.
– А бул менин жаңы балам, таап алдым – деди атасы баланы эркелете карап.
– Балаң эмес, бул баланы мал карайт деп алып келгенбиз дебедиң беле – деди Абыл ичи тарып. Бала кичире түшкөнсүдү. Унчукпай жер карап томсоро түшкөн баланын абалы Жайнагүлдүн көңүлүн удургутуп, не деп жооткотоорун билбей осол боло;
– Жакшы бала тура, кап мен сени билбептирмин да, белек ала келмек экенмин –деген болду. Бала унчуккан жок. Ал үй-бүлөнүн бака-шакасына кошулбай, Жайнагүлдүн берген таттууларын колуна кармаган бойдон отура берди.
– Неге конфеть жебейсиң, жакпай калдыбы? – деди Жайнагүл эптеп баланы кепке тарткысы келип.
– Ага таттуу жегенге болбойт, жесе эле жөтөлөт шилекейин агызып. – деди Абыл баланы жек көрө карап. Бала чийдей арык колдоруна мычкып алган конфеттерин кайда катаарын билбей кысылып, эң чоң күнөөсүн айтып жаткансып жалтактады.
– Жөтөлгөнү менен ишиң эмне, сенин оозуң менен жөтөлүп жатабы, жүр Жыргал жатабыз – деди Салкынай. Жыргал ордунан элпек тура калып Салкынайдын артынан куду оор жүктөн куткарып кеткенсип ыраазы боло ээрчиди.
– Абыл сен антип асыла бербе да, кайра дос болуп албайсыңбы – деди Жайнагүл тигилер чыгып кеткенден кийин, инисинин айдар көкүлүнөн эркелете сылап.
– Ики, баары эле “атаңдын биринчи аялынан баласы экен. Жашырып жүрүп эми алып келген тура” деп жатышат – деди ызалуу.
– Сени чычалаталы деп айта беришет да, сен аларды укпай кой. Кел укта эртең сүйлөшөбүз, уктай гой – деди кыз кенжетай инисин бооруна кыса. Ансыз деле кирпиктери жабышып араң отурган Абыл тез эле уйкуга кетти.
– Ушу адамдарга таң калам, биз тим эле алар жумшачу баланы тартып алгандай ичтери тарып ар нерсени айтып, аз келгенсип наристе баланын да жүрөгүн карайтышат. Абыл экөө башында жакшынакай эле топоңдоп ойноп жүрүшкөн. Анан көрүнгөнү эле Абылды “атаң баласын ээрчитип келген тура” деп чычалатып жатып баланы Жыргалга жоо кылып салышты өлүгүңдү көрөйүндөр. – деди апасы наалып.
– Көңүл бурбай койгула да, айтып-айтып калышат.
– Биз го көңүл бурбайбыз Абыл бала экен да, бакан ооз немелердин сөзүн чын көрүп, Жыргалды кодулачу болду.
– Эмне кылалы дейсиңер?
– Билбей да калдым, Жыргалды карап туруп кайра кетиргенге көөнүм түтпөйт, кетирбейли десек Абыл күндөн-күнгө Жыргалга күн көрсөтпөй басынтып, өзүнөн-өзү буулугуп тамак ичпей койчу болду. Алып келбей койсок болчу экен байкуш баланын жүрөгүн оорутуп.
– Мени баарынан да түнү тынбай жөтөлгөнү кыжаалат кылып жеткирип эле койсомбу деп да ойлоп кетем. Жөтөлгөндө шилекейлери агып кетет. Өпкөсү соо бекен – деди жанатан бери үргүлөп отурган атасы сөзгө аралашып.
– Кызыксыз ата, ошол да шылтоо бекен? – деди Жайнагүл. Көз алдына Жыргалдын жана Абыл жөтөлө берет дегенде кичире түшүп кысынып, күнөөкөрдөй колун батыра албай жүдөп кеткен элеси келе калды. Негедир ыйлагысы келди. Жайнагүл турганда күн көтөрүлүп калган экен. Ордунан туруп эле сыртка чыкты. Биринчи эле көзү түшкөнү сарайдын башында эрбеңдеп чөп кыркып жаткан Жыргал болду. Өзүнөн чоң балтаны араң көтөрүп ийреңдеген баланын кыймылы ишенимсиз эле. Кызга баланын колунда балта мына-мына кулап кетчүдөй туюлуп кетти.
– Жыргал, кел жардамдашайын – деди баланы кепке тартмакка.
– Жок, жөн эле коюңуз, күндө эле өзүм кыркам. – деди Жыргал чөптөн башын көтөрбөй.
– Чай ичтиңби?
– Апамдар ичип чыгышсын.
– Сен да кошулуп иче бербейсиңби?
– Алар ишке барат да, мен анан деле шашпай иче берем.
– Экөөбүз ичели ээ анда.
– Сиз иче бериң, Салкын эжем да иче элек болуу керек, чакырса барам.
– Жүрөгой, мен чакырып жатпаймынбы.
Бала түшкөнгө да батынбай, бирок түшпөй да коё албай кайсалай туруп калды.
– Кел түш, түшө гой.
-Абыл сабакка кетсинчи – деди анан кыйылып.
Жайнагүлдүн жүрөгү тилине түштү.
– Абыл сени көп урушабы?
Бала байкабай оозунан чыгып кеткен өз сөзүнөн өзү коркуп, алаңдай шаша баш чайкап жиберди. Анан ошол бойдон таптакыр сүйлөбөй, кыздын сөздөрүн укпагандай ийреңдей чөп кырка берди. Эгерде Салкынай чыкпаса экөө канчага аңдышат эле ким билет.
– Жыргал, кел чай ич – деген Салкынайдын үнүн угаары менен бала чөптөн сыйгалана түштү да, сарайдын түбүндөгү ат байлачу акырдын кырында отурган Жайнагүлдөн алыс айланып өтүп чуркап кетти. Ал кыздан кадимкидей качып жаткансыды, бирок неге экенин Жайна түшүнө албай койду. Ошол бойдон Жыргал Жайнагүлгө салкын бойдон кала берди. Болгону кез-кезде экөө сууга барганда кыздын окуу жай, өзү барсам деп кыялданган шаарлар тууралуу сүйлөгөнүн ынтаа коюп укчу да, анан чоң кишидей шуу үшкүрүп алчу. Бул үшкүрүк баланын үшкүрүгүнө окшобогон, алда кандай арманга, кусалыкка толгон, суугу аза бойду дүркүрөткөн муздак үшкүрүк болчу. Айрыкча бир жолу кыздын Япония тууралуу айтканын тим эле берилип укту да анан; “суунун үстүндө курулган үйлөрдү көрсөм го. Мен көрбөсөм да Абыл көрөт болуш керек ээ” деди эшектин үстүнө кыйшая берип.
Неге Абыл эле көрөт, сен да көрөсүң буйруса.
– Мен тамга тааныбайм да – деди да жүзү кыпкызыл болуп, карегине жаш айлана көзүн буруп кетти.
– Окугуң келеби?
– Ооба, бирок эми кеч болуп калды да, мени менен теңдер бешинчи класска окуп калышты, мен биринчи класска барсам шылдыңдашат го.
– А сен үйдө Салкын эжеңден тамгаларды үйрөнүп окуй бер, анан акырындлап китеп оку, өзүң кааласаң эле баарын жасаса болот. Мени деле атам окубайсың деп урушуп, мен болсо болбой качып кетип калгам. Мына эми окуп жатам.
– Сиз да тамга тааныбайт белеңиз? – деди бала көздөрү жандана жалжылдап.
– Жок тамга таанычумун, мугалим болоюн десем, “кыз киши окубайт” деп урушуп коюшту. Мен болбой эле качып кеттим.
– Качып берип каякка жашадыңыз? Үшүгөн жоксузбу?
– Биринчиден, күн ысык мезгилде кеттим, экинчиден, таенем бар, ошол жакка бардым.
– Менин да таенем бар болчу, азыр жок…
Бала мурдун шуу тартты, кыз суунун агымынан көз албай алда нени эстеп жаткансып ойлуу отурду. Ошентип сүйлөшүшкөн болчу ошондо, анан суудан келе жатканда экөөнүн жакындай түшкөнүн сезген эле кыз.
Жайнагүл эртең кетем деп даярданып кир жууп жатса Салкынай ымдап үйгө чакырды.- Карасаңыз – деди ал эшик пардоону акырын ачып. Жайнагүл караган бойдон катып калды. Жыргалбек “Жими, Жими, Жими, ача, ача, ача” деп так секирип ары-бери чуркап ырдап, чарк айланып бийлеп жатыптыр. Бийинде балалык шоктук, аруулук, эбегейсиз сүйүү. Үнү да коңгуроодой тунук экен. Демейде жаны тынбаган кичинекей Куштар болсо бийлеп жаткан Жыргалды караган бойдон оозу ачылып отурат. Куду чоң кишидей берилип карап, жана ыйлабай отурсун деп апасы берген конфети желбей колунда балжырап эрип кетиптир. Эки наристе азыр башка ааламда жүрдү. Бул аалам аларга гана тиешелүү, кири жок, арамдыгы, куулугу жок ажайып аалам эле. Жайнагүл менен Салкынай да бул ааламга башбакканга, тынчтыгын бузганга батына албай пардага калкаланып карап турушту. Ошо күндүн эртеси Жайнагүл окууга кетти да, Жыргалды кайра көргөн жок. Кийин жайкы каникулга барганда Жайнагүлдүн, “Жыргал көрүнбөйт да” суроосуна атасы кайдыгер гана, “кетирип жибердик, туугандарын таап алар” деп койду. Бара-бара бул үйдө бакыраң көз жетим баланын болгон-болбогону унутулуп, эч ким эскербей калды. Ырас бир жолу Салкынай, “Эже сиз шаардасыз го, Жыргал эч көрүнбөдүбү? Бир жолу атам менен Абыл райборбордо жүрсө жолугуп калып аябай кубаныптыр. Атамды “ава” деп, Абылдын ийинине жалбырак жабышып калса алып, апамды, Куштарды сурап жетине албай калды деп келишти.” деди карегине жаш тегеренип. Кийин Салкынай да бактысы ачылып турмушка чыгып кетти, удаа-удаа төрөдү, Куштар болсо таятасынын колунда калды. Жайнагүл азыр Жыргалды карап туруп куду баягы Жыргалдын курагына келип калган иниси Куштарды эстеди.
Жайнагүлдү тааныбай сырын төгүп отурган жигитке келин бар чындыкты айта албады. Азыр каршысында турган ошондогу жетим баланын алдына жыгылып, бир кездеги баарылап жасаган кайдыгерлиги, пастыгы, таш боорлугу үчүн кечирим сурагысы келди. Бирок, алда не токтотуп, даай албай турду. “Сени ара жолго таштаган ошол адамдар менин жакындарым, сени менен сууга барган студент кыз мен элем деп кантип айтам” деп тилин тишине ката тунжурады. Антип айтууга дарамети жетпеди, абийири чыдабады. Эмне деп айтмак? Кайдыгерилигибиз үчүн кечир дейби, же ажыкызданып наристе балдардын жүрөгүн карайткан, бири-бирине тукурган зади пас айылдаштарын күнөөлөйбү Бүт айыл бир жетим баланы кодулады го, чиркин. Улуу тоону мекенден бир чоң айыл кенедей жетим баланы бооруна батырып, жетимдиктин ызгаарынан калкалап ала албады аттиң…

Айжаркын ЭРГЕШОВА, акын, журналист.
Алыкул ОСМОНОВ атындагы сыйлыктын ээси.

One thought on “Арабөк.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *