Дөңгөч..

ЭСИҢЕР БАРДА ЭТЕГИҢЕРДИ ЖАПКЫЛА!. 

«Моралдык жактан жеке адам бузулса бузулат, эл эч качан бузулбайт».  (Ф. Фучик)

«Адам шордуунун көзү топурака гана тойот, өзү тойсо да көзү тойбойт» деген аныктама жалгыз ушу кыргыз төбөлдөрү үчүн жаралып калганбы деп калдым. Бийлик менен байлыкта эмне мынча өчү бар десеңер? Же буларга ата-жотолору «өлөөр-өлгүчө аттан түшө көрбө, эл байлыгын эсиң оогончо жеп-ич, анан эгерим мойнуңа алба, колуңан келсе карганып жатып өл» деген керээздерин айтып кетишкенби деген ойлор кылт эте түшөт экен кээде. Байкап, баам салган адамдын көзүнө 23 жылдан бери жалаң ушундай «кан соргучтар» кыргыз бийлигинин кырын кырдап, ырын ырдап, майкөл-сүткөл жашоо кечирип, чартаңбай тепкендер гана көрүнөт экен. Бүгүн, азыр деле. Тээ 90-жылдын башындагы улуу Союздун «соолуп» жок болушу менен ошол учурдагы 30-35 курактагы жогорудагы аныктамада таасын айтылган жалаң «эргулдар» менен издешпей табышкан мансаптын ышкыбоздору шагырашып, академик ажонун айланасына топтолуп алышып али күнгө чейин эл-журттун эсин оодарып, ичин «иритип» отурушат. Казы-карта, май-чучугуна оонап, обужок көпкөндөр ошолор эле. Малак курттай ичип-жеп, жалмаңдап соруп атышып Акаевичин аңга түртүп жиберип дароо Бакивдин башын сылаганга өтүштү. Аз өтпөй кыргызды кызыл-жайан канга чылап ал «жексуру» дагы куйругун түйдү. А байагылар байагы эле бойдон, орду-ордуларында эле отурушат, кузгундай куркулдашып. Кан булоонго, кызыл-жайанга тикелей тиешелери болбосо да «ап-балилеп» Бакиевин тымызын колдоп, айлалары түгөнүп, алакан ушалап турушканы жалган беле? Анан андан аз өтпөй эле ак карга болушуп, каркылдап чыга келишпедиби. «Эл үчүн азыр эле өлүүгө дайарбыз» дегендерин укканда башың тегеренип, мээң чайкалып кете жаздайт. Бакиевдерден эсепсиз кордук көрүп, ал кутурган «канкорду» ушул «бечералар» эле кубалап чыккандай түр көрсөтүшкөндө кантесиң? Андан да булардын сүйлөшүп алгандай сөздөрү да койондой окшош. Хор менен кыйкырышат жөн эле. Ушулар эле ажо болуп калганда кыргыз журтчулугунда эчак эле кой үстүнө торгой жумурткалап калмак имиш. «Башбакан, министр, депутат, губернатор, аким» болуш, оой, булар үчүн шылдың, уйат эмеспи кокуй. Ушундай. «Уйалбагандан өзүң уйал» болуп, эл караган бетибиз жер карап деле бүттү. Өкмөт башкарбай, депутат-министр болбой туруп эле, өтүк ултарып деле элине эбегейсиз зор пайда келтирсе болот, ээй, мите курттар! Ыймансыздар! Эсепсиз байлык деле, жетишээрлик бийлик деле турат колуңарда, болгону абийирден ажырап, нысапсыз калдыңар!..

97-98-жылдары белгилүү эле бир ишканада иштеп калдым. Соода-сатык кыла турган жай эле. Ошол жердеги чакан базарда эт саткандардын этин чаап, дайардап берген бир толмоч жигит иштечү. Шаарда эле өсүп чоңойгон, орус чалыш, акылы зирек, калыстыкты катыра сүйлөгөн адилет жигит экенин жакшы билчүмүн. Болгону эт чабат, ачык асман алдында турган чоңдугу бир кулачтан ашык, бийиктиги бир метрге аз-аз жетпеген дөңгөчү бар. Анын жумуш орду ошол жыгач дөңгөч болчу. Колундагы килтейген жалаңдаган курч балтасы, «дүлөй» дөңгөчү, шашпай, ар дайым тыкан, тырсылдатып, эби менен этти чаап жатканы өзүнө куп жарашып, бири-бирин толуктап турат эле. Эки-үч ирет ошол жигиттин эт чаап бүтүп ара-чолодо эс алып отурганында «эх жашоо-жашоо, качанкыга чейин «дөңгөч» менен «дөңгөч» болуп отура берем» деп кейиштүү үшкүргөнүн эшитип калганым бар. Кийин кандайдыр бир жолун таап, алыскы Лондонго аттанып кеткенин да кулагым чалган. Ошол жигит ашык-кеми жок он жылдай Лондондо жашап, англистердин ар кандай майда-чүйдө жумуштарында иштеп, тапкан-ташыганын тынбай мекнине жөнөтүп отуруп Бишкектен үч бөлмөлүү квартира алып, кыздарынын чет өлкөдөн окуганына шарт түзүп, анан эки кабаттуу заңгыраган «особняк» үй курганга жетишиптир.

Нариман Түлеев “атасы” Курманбек Бакиев менен.

Мына, ушундай жол менен деле пайда келтирсе болот турбайбы. Улуп-жулуп, элдин ырыскысына суук колун салбай эле өзүнө, үй-бүлөсүнө татынакай жагдай-шарт түзүп алганы пайда эмей эмине? Мындай зор пайданы «эшикте» жүрүп эле таап келип жаткандар миңдеп саналат. Акыркы 10-15 жыл ичинде өлкө экономикасына эбегейсиз зор пайда алып келип жаткан дал ушулар экени ачыктан-ачык эле айтылып келет. Тескерисинче бир ордунан козголуп койбогон жемкорлор менен жеп-жутаарлар, дөөдүрөгөн чыныгы «дөңгөчтөрдөн», элди экиге да эмес жетиге бөлүп-жарган долулардан, жалаң сасыган сайасатчылардан кутулбас болдук..

Ала-Тоо айантына койулуп кайра алынган “Манас” эпосундагы терс каарман Нескара баатырдын айкели.

Ошондой «долулардын» бир даарына, койгон дооматтарына абай салып көрөлүчү. «Мындай адилетсиздикти башыма түк чыкканы биринчи жолу көрүшүм» деп жакасын апчый жыгылды кечээ Бакиевди «атакелеп» чуркап жүргөн Ташболоттун Нариман (Түлеев) деген баласы. А анын «атакеси» кыргыздын так өзүнө эле окшогон нарктуу азаматтарын ит аткандай аттырып, ал башкарган шаардын көчөлөрү канга чыланып жатканда кабагын серпип койбой эле ата-бабаларыбызга кас душман катары бааланып келгендердин элесин ордо калаанын чок ортосуна тизип, маашырлана күлүп жүргөнү жалган беле. Эсепсиз бай экенин, анчанын баарын кайдан жыйганын элдин баары жакшы билет. Мына ушуну өзү гана билбейт, билмексен болот, түк мойнуна албайт, «акактан дагы тазамын» деп абакта ачкачылык кармап, кезээрип отурат. Башбакан, ажо болгусу келип жүргөнүн да жашырчу эмес. Каражат «калың» мында, ажо болмок. Бирок өзү анан айланасы жыргамак, элди жыргатмак эмес.

Садыр Жапаров 3-октябрдагы митингде.

Кылган кылык-жоругу том китеп болуп жазылып, айтыла берип эл-журт эсине жадыбалдай жатталып бүткөнүнө карабай өзүнүкүн унутуп өзгөлөрдү чукуганды дароо өнөргө айланта калган Нургожонун Садыры (Жапаров) сагызгандай сайрап чыкканын көрдүңөр. Куду асмандан түшө калган немедей эле айгай салып, ээ-жаа бербей кыйкырып, «Кумтөрдүн» жеген-ичкенин куйулуштуруп санап кирди. А бул «Кумтөрдү» казган «куурагырлардын» кыргыз босогосун аттаганы качан? Аларды «бармак басты, көз кысты» кылып, шектүү жол менен алып келишкенин, Акаевдин алдуу-күчтүү алтын мафиясы аралашып кеткенин Садыры жок эле далайлар саймедиреп жүрүшпөдү беле? Эң кызыгы, азыр Ала-Тоону жаңырта айкырып жаткан Сакебиз 2005-жылдан бери агүй менен көкүйдөгү олчойгон кызматтарды аркалап, бир кадам алыс кетпептир, бирок анда оозу толо талкан эле, азыр тапкан амалы ушу болду, куйругундагы шалдырактар катуу «калдырай» баштаганда сайасый бойок сүйкөп жиберейин дедиби, «Кумтөр эле Кумтөр» дей берип, анысынан пайда чыкпасына көзү жетип калганда ой калчап жиберди көрүнөт, айланасындагыларды айантка алдап чогулта калып, агүйгө жасаган чабуулу минтип “«абак операциясы менен айактап отурат. «Кумтөр» үчүн деле эмес, Садырдын «Кумтөргө» жамынган ачуу «айкырыгын» Камчыке досу тымызын пайдалана калып, “бийликти күч менен басып ала койсомбу” деген ойу ишке ашпай калып бир канча шордуунун убалына калбадыбы. Азыр алар жеп-ичкен жемкор катары эмес эле, өздөрүн эл-жер үчүн башын сайып келген байкуш катары баалашып, азыркыларды «кылычынан кан тамган каардуу бийлик» деп сыпатташып, «сайасый куугунтуктун курмандыгы болуп жатабыз» дегендей түр көрсөтүп, калпактарын баса кийип, кабактарына кар жаап отурган кездери. Ташиев Бакиевдерине катуу ишеним артыппы, же капчыгына тайаныппы ажолукка аттанганы бар. Кантишсин анан, накта кылычынан кан тамган бийлике кызмат кылып, чокчоңдоп жүргөндөрүн эстеп, Бакиевин кайрып келүүнү күндөп-түндөп самашат. Кудайдан тиленишет, бирок эми айла жок, Кудай деле баарын көрүп турса керек? «Колуң менен жасаганды мойнуң менен тарт» дейт эмеспи, аны деле анда-санда эстеп койгонуңар жакшы го «баатырлар»..

Камчыбек Ташиев “жалындуу” чакырык таштап жаткан маалы.

Азыр байагыдай анда-санда радиодон угуп, же кечкисин телевизордон эле жаңылык угуп тим болуп калган заман эмес. Айткан сөзүң оозуңан чыгып-чыга электе төгөрөктүн төрт бурчуна бирдей тарайт. Жаңылык болуп жазылат, сүрөтүң миң түрлөп, анан тасмалар тарайт келбет-өңүңдү келиштире дапдаана көргөзүп турган. Бүгүнкү Ааламтор желедей чырмаган заман  ушундай, бирөө-бирөөгө калп айтып, аны жок жерден жамандап, же шылдыңдап, жалган маалымат тарата албайт. Өткөн жылдын 3-октябрында агүй алдындагы митингге келээри менен түз эле Чыңгызхан болуп чыга келген Камчыке (Ташиев) Кыдырша уулунун кылган жоругу жолдо эле калганы дурус болчу. Бала кезибизде айыл четиндеги айдоонун таласына чогулуп, эки тарап болуп алып топурак менен урушуп ойноор элек. Бир тарап кызылдар, бир тарап немистер. Ошондо бир жак бир жакты эч качан басып ала алчу эмес. Топурак тийет деп топонго жашынып, улам каршы тарапка топурак ыргытып койуп отура берип, бир маалда тарап кетчүбүз. Кайра-кайра депутат, министр болуп жүргөн Камчыкени карагыла эми: «Кана, бул жерде жыйырмаң барбы, жетет ошол, азыр менин артыман ээрчигиле, агүйдү, депутаттардын, өкмөт мүчөлөрүнүн иш бөлмөлөрүн басып алабыз, жатып алабыз, Чыңгызган ушинтип эле алып койгон бийликти» дебеспи. Анан дегеле кой, бак тиккени бараткансып, башаламан топтун алдында манчыркай басып келип агүйдүн темир тосмосунан алаасынан асылып калганына карабай ашып өтпөдүбү, Алпы тоосун ашкандай. Анысына деле мейли эми, балким чын эле Чыңгызхан түшүнө киргендир, же балким чын эле Текебаев чай берип жатканда кулагына «бүгүн кашаадан секирип өтсөң эле бийлик сеники» деп шыбырап койгондур. А мүмкүн чындап эле жумушуна баргысы келип кетип, «кечигип калбайын» деп кашаадан секирүүгө туура келгендир. Ар кандай болот да кокуй, соттор да кызык, Камчыкенин ушундай кыйчалыш абалын түшүнбөгөн..

Эми ошол бакыйган эл депутат ушул жоругун жанына жакын жолотпой, «менин бүгүнкү күндө бир дагы кылган ишимди, күнөөмдү далилдей алышпады, кылдай да күнөөм жок, мени сайасый опонент катары эле камап койушту» деп отурат. Оозу мурду кыйшайып да койгон жок ушуну айтып жатканда. Тескерисинче анын сөзүн угуп-көрүп жататкан биздин көздөрүбүз ачылып-жумулуп, бети- башыбыз кыймылдап кетип жатат, уйалганыбыздан. Бери жакта анын айткандарына төп келип-келбегенине карабай эле Жылдыз Жолдошева деген «ата-журтчу» депутат айым чамынып жүрөт. Анын ойунан чыгаргандары андан бетер шумдук. Жылдыз айымдын айтымында анын «кожойуну» агүйдүн короосунун ичине кирип кеткен балдарды кокус милициялар атып ийсе огу тийбесин деп окко төшүн тосуп, коргоп жүрүптүр да, көрсө. А Камчыкеси менен ошол балдардын короого эмнеге кирип кеткенин, эмне иш кылып жүрүшкөнү жөнүндө билгиси жок. Элдин баары билет, анда алар ал жака короо шыпырып, бок чыгарганы же болбосо бак сугарганы барышкан эместигин. Таңгаласың?.

Азыркы бийликтен орун-очок алалбай калып, ич күптү болуп жүргөндөр мындан көп. Бакебиз (Аракеев) айткандай “ылжыраган” азыркы бийлик ашкере гумандуулук кылдыбы, же көздөрүнө түзүгүрөөк кадр көрүнбөй койдубу, айтор Акаев менен Бакиевдин байагы эрке талтаңдарын короолоруна толтуруп алышты. Короого кирбей сыртта калгандары тиштерин кайрап, кезектеги төңкөрүшкө шымаланып, жандары жай албай жазды чыдамсыздык менен күтүп жатышкан чагы. Булардын аракетин тымызын колдогон депутаттар да бар, өпөң-чычаң кызмат кылымыш этип жүргөн өкмөт мүчөлөрү да бар. Айталы, ошол эле «ата-журтчулар» араң эле турушат, Атамбаевдин бийлигин азыр эле эки чайнап бир жутканга дапдайар.

Өмүрбек Бабанов.

Бабанов баштаган айрым «республикачылары» мындан бетер. Калган фракцияларда деле кызылдай акчанын күчү менен кызыл «значоктуу» болуп алып, кылгырып отургандар деле жетиштүү. Буларды өлөсөлүү өлкөнүн келечеги, эл-журттун эмне менен дем алып, кандай жашоо кечирип жатканы кызыктырбайт. Себеби булардын бардыгынын курсактары ток, баардык жагынан камсыз болуп алышкан бай-манаптар менен сүткорлор. Элиңдин эмне болгонун ойлонуп отурууга убактылары жок. Ойлонгулары да келбейт, анткени аларды ойлой турган учур төрт-беш жылда бир эле келет. Ага азырынча алыс, убактысы келе элек. Буларың ошондо гана таракандай жамырап эл алдына барып, самандай акча чачып, чөгөлөп койгондору эле жетиштүү. Ага чейин акча жыйнамай, байлык топтомой, дүйнөнү чарк тегеренип эс алмай, заңгыратып үй-жай салып, кымбат баалуу машинелердин улам жаңысын тандап минмей. Мына, булардын убакыт-сааты жалаң ушундайга гана кетет, ушундайга гана жетет.

Мирослав Ниязов.

Кечээ эле Бакиевдердин бийлигинин камчысын катыра чаап кызмат кылган, ал жерден жарытылуу эмне кылганын билген деле адам жок, бирок эрмешип эле жүргөн. Сүйлөгөнү өтө сүрдүү, бүгүнкү бийликтин жазап жаткандарынын бүтүн жокко чыгарып салып, “биз азыр жоголуу алдына келип такалдык” дейт Мирослав деген чекист байкебиз, Ниязов. Мен билгенден олчойгон көп эле кызматка отуруп жүрөт, ошол замат дайыны чыкпайт, анан кызматтан кол жууру менен эле күрүлдөп сүйлөп калат. Ушуга көнгөн. Бирок Бакиевдер жөнү жок эле “көчүкө” тээп айдап койушканда дымы чыкпай-этпей, ал эмес “аа” деп ооз ачканга жарабай эле тынчыган. Азыр болсо “баатыр”, жазында төңкөрүш кылып ийип “төрдөн” кызмат чапчып жыгылчуулардын ана башында, ниети бузуктардын алдыңкы сабында жүрөт окшойт.

Адахам Мадумаров.

Такылдап сүйлөсө таңдайынан кадимкидей чаң чыккан Адахам Мадумаров деген азамат бар, артын бир кылайып карап койбой эле саймедирей бергенди сайасаттагы эң мыкты өнөрүм деп эсептеп алган. Катуу сындайт. Акаевдин аткаминээрлерин сындаганда ал кемпайлар отурган орунтуктарынын астына кирип кете жаздачу. Анда ал эл сүймөнчүгүнө айланып турган акыйкат депутаттардын эң алдыңкы катарында турчу.  Ушундай азаматтар атка минсе арышыбыз узарат, өлкөбүз бат эле өнүгүп, капчыгыбыз калыңдайт» дешчү караламан көпчүлүк. Таш балээнинби? Аз өтпөй Аскар Акаев «дыр» койоору менен Бакиев доору башталганы Адахам минбеген «ат» деле калбады. Вице-премьер, Мамлекеттик катчы, өлкөнүн спикери, Коопсуздук кеңешинин катчысы. Бараандуу кызматтардагы кылган кылыктары бул. Каркыраны казактарга карматканы, «канкор» Жаныштын 50-жылдык тойунда эргип сүйлөп, аны «улуу эпопеяга» теңегени, аз өтпөй  Жогорку Кеңештин каалгаларын жылтылдаган өрүкө айланта койом деп Бакиевдерден «өпкөгө» жеп тынчыган. Адахамдын элине каккан казык болуп жасаган баалуу эмгектеринен эсибизде калганы ушул. Өткөн шайлоодо өлкөнү башкарам деген дымагы суу кечпеди, «үмүтсүз шайтан» дегениби, адат «оорусун» карматып, сагызгандай сайраганы сайраган. Кээ бир маектерин окуп жатканда көзүңө укмуштуудай улуу реформатор элестеп кетет, кубанып да кетесиң, ушундай уулдары бар эмес беле кыргыздын дегенчелик кылып. А бирок, кайдаан?.

Ооба, мактап-жактап жибере тургандай азырынча кыйратып ийгидей өзгөрүш деле жок, кыйынчылык эл-журтту кыйнап турганын деле кайда жашырат элек. Бирок ошол кыйынчылыктар төңкөрүш же ыңкылап жолу менен өзгөрүп кетсе ушундай күндү баштан кечирип отурат белек. Эки төңкөрүштүн жыйынтыгы так ушундай татаал турмушту энчилеп жатканы жалганбы? Мурунку эки качкын ажонун кылганына эми айла жок көз жуумп, унуткарып, азыр аздап болсо да сабырдуулук, чыдамдуулук кылып, чачылганды чогултуп, үзүлгөндү улап, бузулганды курап дегендей, ыркырашпай, ынтымака келип, аркы өйүз менен берки өйүз биригип иш кылса балким бачымыраак бутубузга туруп, бардар заман биздин жергебизге деле жетип калат беле дейт экенсиң да..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Финляндия. 10.03.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *