Башталыш..

Жогорку Кеңештин депутаты Надира НАРМАТОВА.

АЗ-ЗАМАТ ЭЙ..

Кыргыз парламентиндеги “Ата-Журт” партиясынын депутаты Надира НАРМАТОВА бүгүн чет элдик өкүлдөр катышкан тегерек үстөл талкуусунда орусча сүйлөөдөн баш тартып, «биз кыргызбыз, Кыргызстанда жашайбыз, ошондуктан кыргыз тилинде гана сүйлөйм. А чет элдик меймандарга которуп беришет деп үмүттөнөм», – деп эле таккесе айтыптыр койуптур. Чет элдик өкүлдөрдүн арасында Улуу Британиядан, Словакиядан, Чехиядан, Казакстандан келген мыйзам чыгаруучулар бар экен. Азамат эй, эмнеси бар экен, тилге так ушундай мамиле жасоо керек, бул Надира айымдын башка тил билбегендиги, же болбосо сабатсыздыгы эмес, тескерисинче өз Эне тилин сыйлап, баалап, өз тилине кылган, жасаган жогорку маданияттуулугу. Үлгү ала турган, уланта турган кадам..

  • Асыран Айдаралиев Тилге так ушундай мамиле жасалышы керек. Депутаттардын, министриби же балекети болобу бүт баарысы кыпкыргызча эле сүйлөп иш алып барышы керек. Эмне, Европадан келгендер эле орусча билип койуптурбу, аларыңа баары бир которуп беришет. Же эмне, “бир гана орусчадан которуш керек” деген мыйзам бар бекен? Кыргыз жерине келген желмогуз өкүл болсун кыргыз тилинде сүйлөшүү жүршү керек, которуп беришет. Мында кыргыз котормочуларынын баркы жогорулап, жумуш орун көбөйөт да кайра, бардык жагынан жакшы жана пайдалуу..
  • Мээримка Разыкулова эн туура муну эми орусча суйлогон бекешов сыяктуу депутаттарга кантип тушундуробуз?
  • Жыргалбек Касаболотов Ушинтип эле иш кагаздарын, жыйындардын баарын чоң сөз кылбай эле, иш жүзүндө кыргызча жүргүзө бериш керек. Жүргүзбө деп эми эч ким айта албайт. Ар бирибиз иштеген, жашаган жерибизде аз болсо да салым кошсок, маселенин чечилиши деле алыс эмес. Саясий майданда кайсы бир саясатчынын өзүнө мамилебиз кандай болгонуна карабай, кыргыз тилине болгон жакшы мамилесин кимибиз болбосун ачык колдошубуз керек. Тил маселеси – түпкү маселелердин бири. Түпкү маселе чечилсин, калган талаш-тартыштарды кийин өз тилибизде чечишип алабыз. Улуттук кызыкчылыкка келгенде биз нукура көчмөн катары Аккан Суудан үлгү алсак болот. Бир киши – Тамчы, ал эми Эл деген Көл, Көл толкуса – Сел. Аздан арбын чыгат, алгачкыдан кийинки чыгат, тамчы тама берип таш көзөйт, жылып кирип жылчыкка толот, оюп отуруп Ордун ээлейт, жойлоп барып Жол салат. Түшүнгөндөр түшүндү деп ойлойм.
  • Асыран Айдаралиев Орусча сүйлөгөн “киргиздер” сүйлөй беришсин, ушундай тартип кирсе, баардыгы кыргызча сүйлөй баштаса эле айласы жок сүйлөшөт. Анан тажиктердин “методун” колдонуп туруп кыргызча билбесең ЖК га эмес айылдык кеңешке депутат болбойсуң деген мыйзам кабыл алдырышыбыз керек. Ошондо булар түшүндө да кыргызча сүйлөп, саймедиреп, бизге акыл үйрөтө башташат “киргизбайларыбыз”..
  • Janybek Janyzak
    ►Mehehrimka Razykulova эн туура муну эми орусча суйлогон бекешов сыяктуу депутаттарга кантип тушундуробуз?◄
    Ага түшүндүрүш үчүн алды менен өзүбүз ӨҢҮбүзгө келели, садагасы.
  • Раис Алымкулов Баракеледе! Ар бирибиз,кайсы жерде болбосун,Кыргыз тилин Даңктап жана башка тилди Урматтап, Өз Эне тилибис менен мамилешибиз туура болот.
  • Jamilya Abdymalikova Бекешов-азиз адам. көзү көрбөйт. билим алууда, негизинен азиздерге орусча үйрөтүшөт. анын өзүнүн айтканы бар, көптөгөн компьютердик программалар кыргызчаны тааныбайт. ошондуктан, бул жерде системанын кемчилигин бир адамдан чыгаруу болбойт. орусча сүйлөсө да, Бекешов ачык сүйлөп, ачык иштеген адам. кыргыза билбейт, деп эле бардык адамдарды так кесе кодулай берсек деле болбос
  • Janybek Janyzak
    Кыргызча билбегендерди олуя болуп кетсе да ЖоКеге жолотпош керек.
  • Jamilya Abdymalikova кыргызча таптак билип турса, бирок билими акылы тайкы болсо деле, ал адамды мамлекеттин өнүгүшүнө таасир тийгизе турган кызматка жолотпош керек. тил билгендик, ийгиликтин гаранты эмес.
  • Janybek Janyzak

    Акылы тайкыны шайлаган элдин мээси бираз кыйшайган
    Тил менен чектөө КЫРГЫЗ үчүн, конкреттүү бир мамлекет үчүн сөзсүз керек.
  • Jamilya Abdymalikova чектөө менен эле маселе чечилбейт. чектөө, башка проблемаларга жол ачпашы үчүн, алдын ала башка иш чаралар жүргүзүлүшү керек.жөнөкөй эле мисал:окуу китептер кыргызчага которулуш керек. окуу жайлар кыргыз тилине өтүш керек.
  • Асыран Айдаралиев Азис адам баардыгын үйрөнүп келип эле өз Эне тилине келгенде эч нерсе билбей калат бекен? Эч кандай маселе болбош керек, тил билбейсиңби, бил, үйрөн, болбосо жолобо. Албетте, мыйзамдын чегинде..
  • Jamilya Abdymalikova Бекешов кыргызча билет. сүйлөй алат. Бирок, өзү айтмакчы, өмүр бою орус тилинде окуп жашагандыктан, өз оюн жеткиликтүү деңгээлде азырынча кыргызча айта албайт. убакыттын өтүшү менен, ал кыргыз тилинде эркин сүйлөп калат деп ойлойм.
  • Janybek Janyzak
    ►Jamilya Abdymalikova чектөө менен эле маселе чечилбейт. чектөө, башка проблемаларга жол ачпашы үчүн, алдын ала башка иш чаралар жүргүзүлүшү керек◄
    Биринчи кезекте мамлекеттик иште сөзсүз МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ гана болушу кажет.
    Чектөө так ушул жерден башт…Еще
  • Jamilya Abdymalikova маңкурт дегиңиз келсе, дей бериңиз. мен жөн гана, дискриминацияга каршымын.
  • Асыран Айдаралиев Чынында бул жерде Бекешов же башкалар жөнүндө эмес Мамлекеттик тил жөнүндө сөз болуп жатат, а Бекешов, Куловго окшогондор иттин кара капталынан, алар билбей эле отуруп калган жок, кашайып каршы чыгып, бут тосуп кууратып жатышпайбы.. Айдаш керек андайларды, жакын жолотпош керек, ошондо гана баркы асмандайт тилибиздин, мен ошондой чекте баркы асмандап турушун каалайм..
  • Jamilya Abdymalikova ошол мамлекеттик тил жөнүндөгү талкууда жеке адамдарга атырылууга жол берилип жатканы, мен үчүн таң калууну жаратып жатат.
  • Janybek Janyzak
    Мамлекеттик кызматтагы адам ЖЕКЕ АДАМ болалбайт, ошо кызматында иштеп жаткан маалда
  • Асыран Айдаралиев ►Мээримка Разыкулова эн туура муну эми орусча суйлогон бекешов сыяктуу депутаттарга кантип тушундуробуз?◄

    Мына, жеке адамга айтылганын кайсы жерден көрүп жатасыз? “Сыяктуулар” делинди, а андайларды айттым го, азыр бизде иттин кара капталынан..
  • Venera Rast Көп жылдар мурда Назарбаев Калгариге( Канада) келген, анда котормочулары орусча которуп ал бир эки созду казакча которуп койсо аябай суйунушту эле. Ошол кезде алар баарысын казакча которсо эч ким кой демек эмес. Канадалыктарга алар кайсы тилде суйлосо баары бир, болгону алар тушунсо болгону. Эгерде депутатар Кыргызча суйлосо эмнеге болбосун, ким суйлобо дей алат. ( силерден менин сомпутерим ондолгуча кечирим тургула деп сурайм, аррлга Кыргызчаны жуктой албайт экем)
  • Raila Osmonova Тил жөнүндө тартыш болгондо, мен дайыма Аалы Токомбаевди эстейм. Кайран кишини кандай жакалашты эле убагында кыргыз тили үчүн. Аалыке ошондо: жөн эле көкүрөк кагып жатасыңар , кыргыз тили деп, кана айткылачы кимиңдин балаң кыргыз мектепте окуйт – деп, сураганда эч ким жооп берген эмес, анткени бүт ак үйдө отургандардын баласы орус мектепте окушат болчу. Аалыкенин бул суроосунан кийин /атын атабай эле койойун/ белгилуу жарандарыбыздын бири баласын , кыргыз мектеп которуп, эртеси келип трибунадан кыйкырып жарыя кылган, мына мен баламды кыргыз мектепке котордум деп. Анан 2 жума өткөн соң кайра орус мектепке которуп койду, эч кимге жарыя кылбай эле. Бишкек кичинекей шаар бат эле элге жетти дечи ал жасаганы.
  • Raila Osmonova Мен түшүнбөдүм, эмне учун жарыя кылып, анан сүйлөш керек, кыргызча сүйлөш эмне законго каршыбы? эмне Путин же Обама мен азыр орусча же аңглисче сүйлөйм деп башташабы?
  • Raila Osmonova Венера дал сен айткандай болуп, биз да бул депутаттын айтканына аябай кубанып жатабыз. Ушундай көз карандыкка , кулчулукка жетип калдык беле: мен азыр кыргызча сүйлөйм, кулап түшпөгүлө деп даярдык берип, анан кыргызча сүйлөйбүзбү эми.
  • Асыран Айдаралиев Ошол деңгээлге жетип отурбайбызбы кокуй, азыр эле ушул депутатты “бул орусча билбесе анан кыргызча сүйлөйт да байкуш” деп чүйрүйүп жактырбагандар чыкты. “Ит эле болду сарбагыш” деген ушул да. “Кыргыз элинде, кыргыз жеринде кыргыз тили коргоого, колдоого, аны өнүктүрүүгө муктаж” деп жазып жатып денем дүүлүгүп кетчү болду. Бул байагы Ташиевдин термини менен айтканда накта “позор”.. Башка сөз табыш кыйын болуп калды..
  • Jamilya Abdymalikova кытайча суйлойсунорбу, кыргызчабы, орусчабы, баарыъбир, ден соолукта болгула.
  • Raila Osmonova Бизде ынтымак жок, эң негизги проблема ушунда, тил ал проблеманы ан сайын күчөтөт. Мырка … киргиз болуп дагы бир кошумча бөлүнгөндүк пайда болот. Биз баарыбыз кыргызча сүйлөгөндө деле аябай ынтымактуу болуп кетпейбиз го…өкүнүчтүү жагы. Мен Казан шаарында окуганда, Казандын өзүндө жашаган татарлар татарча билишпейт, ал эми тиги айыл жеринде жашаган татарлар орусча билишчу эмес. картошка казганы барганда кээде эки татардын ортосунда анча-мынча которуп берип койчум. Татарлардын бир да жолу бирин-бири тил учун жекиргенин көрбөдүм : сен татар болуп туруп татарча билбейсиң , же сен мектепте орус тил сабагын окусаң дагы орусча билбейсиң, мыркасын – дегенин. Ынтымактуу бололу. Анча-мынча болот эми арабызда, андайлардан өйдө бололу. Ынтымак жок болсо, бир тилде сүйлөгөнүңдүн бир тыйындык пайдасы жок.
  • Janybek Janyzak
    Тил тануу дегениң миң кырдуу экенин жогорудагы эки кызыбыз кызылдай далилдеп туру, баракелде.
    Тил жоголсо, эл жоголот.
    Мен кЫргЫз тилин тааныгандарды жана кЫргЫз тилинде сүйлөгөндөрдү гана кЫргЫз насилине күйгөн адам катары кабыл алам.
  • Улан Кошалиев мен убагында орусча билбегендиктен аябай кыйналгам. ойлонуп көрсөң, өз жериңде башка тилче сүйлөөгө мажбур болуу өтө эле жагымсыз көрүнүш.

    бирок, жогорудагы комментарийлер боюнча оюм – Бекешовго кечиримдүү го дейм, түшүнүү менен карасак болот. бирок анын депутаттык ишмердигин жакшы же жаман деп айталбайм. башка депутаттар сыяктуу эле, эмне кылып отурганын көп деле билбейм..
  • Куба Нурмамбетов Баракелде Надира айым….
  • Мээримка Разыкулова Жанузак ага,мен ошондо орусча жазып койдумбу?кандай?
  • Асыран Айдаралиев Сен кыргызча эле жаздың, бирок кыргыз ӨҢҮ_жок жазып жатасың Мээрим.. Телефондон киргенде ӨҢҮ_тамгаларын таппай жатсаң Ө=8, Ң=h, Ү=V кылып жаза берсең болот..
  • Raila Osmonova бул жерде мен эмнеге депутат кыргызча сүйлөгөнүн жарыя кылып жатат деп түшүнбөдүм эле, журналисттер айтышты, көрсө тиги синхрондук котормосу орус тилинен гана англис тилине которулат экен. бизде эмне тышкы саятсаттын денгээлине ылайыктуу котормочулар жокпу?
  • Улан Кошалиев ооба, андай проблема бар. бизде котормочуларды иштөөчү тили орус тили кылып даярдашат. Чет тилдерди да орус тили аркылуу үйрөнөбүз..
  • Raila Osmonova кээде ушундай толук маалымат жоктугунан ашык сөз болуп кетесиң. Көп котормочулар 2-3 чет тилин билишет. анча болду кыргыз, орус, англис тилин билген котормочуларды койсо болмок экен.
  • Улан Кошалиев ооба, ошондой болуш керек да өзү..
  • Асыран Айдаралиев Эми ошого деле ырааттуу көңүл бөлүнбөй жаткандыктын кесепети да. Болбосо кантип эле тилди катыра билген котормочулар болбосун, менимче жетишээрлик эле болсо керек..
    Мына, Улан деле жүрбөйбү, канча тил билет, жумушу жок, эч кимге кереги жок.. Эми Кореяга барып акылын, күчүн, билимин башка жака коротот, жумшайт. А мындай профессионал жаштарыбыз миңдеп саналып башка жактарда жүрүшпөйбү..
  • Мээримка Разыкулова Асыран ага сизге рахмат! Ошону ушундай кылып сиздей тvшvндvрс8 болбойбу?ал тамгалар менде жок да шого ушинтип жаздым!

One thought on “Башталыш..

  1. Тил маселеси улуттун тагдырын чечуу олтуу маселе, бул маселени ар тараптуу чечиш керек, тил саясатын туура жана такай жургузуп, керектуу мыйзамдарды кабыл алып, мызамдын аткарылышын каржылап, угут- насаат, тушундуру, кызыктыруу иштерин, азыркы жаны техникалык мумкунчулукторду пайдаланып жургузуп, мектептен тилибизди жаштардын канына синирип тарбиялашыбыз керек.
    Озунчо ар бир корунушту талкуулап отуруу менимче туура эмес.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *