“Дервиш”

“ОЙЛОРДУН ТУУ ЧОКУСУНДА”

«Адам жан дүйнөсү менен бай».  (Мелис ЭШИМКАНОВ)

«ЖИНИККЕН АТТАРДЫ АТЫП САЛЫШАТ, ТУУРАБЫ?»

Ошондо да ушундай кыш болчу. Ал кишинин 9-декабрь, менин 19-декабрь туулган күндөрүбүз өткөн. Жаман арымда ушул бир цифрасын да окшоштура койгонуму кантейин. Анткени ал кишиге окшошкубуз келчү. Басканын туурап, жазганын туурап, куюлуштура сүйлөгөнүн деги койчу баарын туурап. “ Эшимкановчо жазат экенсиң, стилиң окшошуп кетет” деп баягыда бирөө айтса эле сүйүнүп калдым. А киши орусча, кыргызча эркин жазчу, эркин сүйлөчү, куюлуштура сүйлөгөндө бир ашыкчасы жок, тамашасы менен да арбап алчу. Ал киши мыкты менеджмент болчу. Редакциясына кесипкөйлөрдү, таланттууларды чогулта да, ишетете да билген. Азыр көптөрү эле окшошобуз деп атпайбы. Бирок ошондогудай коллективди көрөлекмин. Мен дагы Эшимкановдой жазалбайм…

Ошондо кезектеги жаңы-жылдык саныбызды даярдамак болдук. Акыркы полоса эркин бет, жандүйнө жаңырыгы деди шеф адатынча. Жөн эле жазбай ар бирибиз өзүбүзгө жаккан сүрөт таап келип, “коллаж” жасамак болдук. Эмнеге экенин билбейм мага индия кызынын сүрөтү тийиптир колума.Толугу менен “Кар эмнеге апапак, жумшак а бирок муздак?” деп “ойлонуп” отургам. Жолдошбек Зарлыкбеков молдонун кейпин кийип, Чолпон Орозобекова телефонго бою жете албаган кичинекей кыз болуп, жандүйнө “шедеврлерин” жазышкан. Баары эсимде калбаптыр. Ошондо Мелис байке түйүнчөгү менен таягын жанына койгон дервиш болгон эле. “Молдо”, “индия кызы”, “бөбөк”, “сулуу кыз” ж.б. болуп алышкан береги “асабачыларды” кантейин. Мени эле урушасыңар, мени эле тепкилейсиңер, мени эле тилдейсиңер баарын жасаган ушулар” деген сыяктуу жазганы эсимде. Эртеси Жолдошбек Зарлыкбеков байке оозун кемшейте күлүп келатат. “Эмне деген эле жандүйнө жазып ийгенсиңер. Тиякта “трезвыйлар” күлүп атышат” деди. Көрсө, биздин редакциянын компьютер койгон бөлмөсүндөгүлөр гана “трезвыйлар” экен.

“Адилетсиздикти назик жүрөктөрү көтөрө албады, жогорку вольттой чыңалган нервдери үзүлүп кетти бечаралардын, америкалык С. Крамердин “Загнанных лощадей пристреливают, не правда, ли?” аттуу киносундагы каармандардай тагдырга туш болушуп, чуркап жүрүшүп, элден озунуп алдыда жүрүшүп, жинигип калышты да, “атылып” тынышты” деп бүтүм чыгарат элем” деп айтат эмеспи пир туткан атасы тууралуу, пир туткан Высоцкий, Джо Дассен, Асанова, Шукшин, Тарковский өңдүүлөрдү эстегенде.

Эшимкановду эстесем эле кайнаган турмуш көз алдыма тартылат. Дегеле жиниккен аттардай ашкан акылдуу болуштун кереги жок окшойт деп калам. Ушул сөздөрү кулагыма жаңырат. “Арга канча? Кээде “селт” этип алам, өз атам Асектин, чоң атам атактуу мергенчи Эшимкандын, анын атасы, табып Ашымдын, анын атасы молдо Райдын кыска өмүр жашагандарын эстегенде” дегенин эстейм. Ажал алдында алсыз болуп бараткандагы акыркы үнү сыйяктуу угулат. Ооба байке, сиз дагы “атылып” кеттиңиз.. “Атылып”..)) Ал бүгүн болгону 50 гө гана чыкмак…

Карамат ТОКТОБАЕВА, Эркин журналист, Чехия, Прага. 08.09.2012.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *