“Өксүк”..

Эшимкановдордун үй-бүлөсү. Фрунзе шаары, 1973-жыл. Сол жакта биринчи турган Мелис ЭШИМКАНОВ.


КЫЗЫЛ-ТУУ. КЫЗЫЛ-АСКЕР. 140-ҮЙ.

80-жылдардын башы. Фрунзе шаары. Кызыл-Аскер. Борбордун ушул аймагына сүйлөшүп алышкансып жалаң Кызыл-Туулуктар шагырап келип жашап алышканына таң калып койчумун.

Эртели-кеч ал жердеги айалдамадан түшүп ары-бери өткөндө жол бойундагы «добрый доктур байке» жашаган көк дарбазалуу 140-үйгө ар дайым башбага калмай адатым бар эле. Анткени ал үйдө «койундарына» жалгыз адам эмес бүтүндөй ааламды батырган бир керемет үй-бүлө жашачу. Ошол доктур  байкем көп өтпөй ашкере курч, акыйкатчыл, ак жүрөгүнүн айынан таштай каткан тоталитардык системанын тоңгон музуна туруштук бералбай, пайдасы аз партийалык «босстордун» курмандыгы болуп, кырчындай болгон 44 жашында жүрөгү кармап, оо дүйнө узап, акка мойун сунуп кете берген. Суук кабарды угаарым менен 140-үйгө учуп жетип барсам, «кечээ эле Кызыл-Тууга алып кетишкен, эртең жерге беришет» дешти. Ак көңүл, сөзмөр, ичине ээр токумдуу ат эмес кому менен төө баткан Асек байкемди акыркы сапарга узатууга үлгүрүп, топурак салып калдым..

Мелис ЭШИМКАНОВ.

Уул-кыздын урмат-сыйын эми-эми көрөөрдө улуу сапар атанып кеткен агатайым ал кезде азыркы менин курагыман туптуура жети жашка кичүү экен. Эми минтип Женевадан үнү каргылданган Жеңиш чалып атпайбы.  Аттиң арман, Асек байкени айтып койом, а бул сенин эмне кылганың Мелис? Сен деген азыр өлбөшүң керек эле да?! Өлүм өксүк, анын алдында баарыбыз алсызбыс, бирок сен ичине аалам баткан атаңдын тунук акылын, тайманбас көкжалдыгын жазбай тартып, атадан ашкан уул экениңди тастыктап, «эл уулу Эшимканов» деген легендага айланганыңды ким жокко чыгармак. А бирок эмне үчүн атаңдын аз жашап кеткен кейиштүү тагдырын туураганыңды бүтүндөй коомчулук жактырбай, ичибизден кан өтүп, нааразы болуп жатканыбызды сен сезип-туюп жаттың бекен Мелис? Эмнеге анттиң?..

Ооба, сени баш көтөртпөй шылдыңдашты, жалаа жабышты, бармактарынан соруп чыгып басмырлап жатышты. Себеби, эң башкы себеби сенин Мелис экениңди билип алышкан. Сени «сууга салса чөкпөйт, отко күйбөйт, болоттон курч жигитке боло берет» деп элестетип алышкан, эси жок замандаштарың. А чынында сен ошондой эле болчусуң да, анан эмнеге мындай болуп кетти? Пендечилик кылып адашыштыбы, жаңылыштыбы, сенин деле адам экениңди аңдабай калыштыбы же атайын жасаштыбы, бирок эми айырмасы не?. Эл үчүн жасаган эмгегиңди, билимдүүлүгүң менен бийиктигиңди көргүлөрү келбей, көрсө да көрмөксөн болгон «кургак бакалар» менен жалаң «бакырчаактар» өздөрүнүн «сасыган короосунан» чыгарбай камап, сагызгандай сайрай беришип, думуктуруп тынышпадыбы?.

Мекем менен. Бишкек, 2004-жыл.

Бешиктен белиң чыгалекте белгилүү болуп, кырк жашка чыкпай кыргызды башкарууга аттандың. Көк-жалдыгыңды, курчтугуңду кумир тутуп, көтөргөн миң кырдуу идеаларыңа баа берип, баарын жыйыштырып салып, артыңдан калбай сага аралаш жүргөн он жыл ашык өмүрүмдүн ийне-жибине чейин изилдеп, өткөн күндөрүмө саресеп салып чексиз сыймактанып отурам. Нан албай «Асаба» алып жүрүп алгачкылардан «Бей-бечара» болгонумду, кийин Акайыч айный баштаганда чогуу сайасый ачкачылык кармап, «Асабадагы» кеңсеңе үч күн чогуу түнөп, ошондо сөз таппай калгансып өлүм жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү кантейин. Эл үчүн өмүрүн сайган маркум Шералы Назаркулов: «Мелиске айтчы, мен да силер менен чогуу бир күн түнөйүн, сүйлөшө турган сөздөр көп эле» деп жалооруп суранган түнү шоруң каткан Шеке каза болуп калып, эртеси сага айтсам унчукпаганың менен үшкүрүгүңдүн таш жарганычы!.. Айыгышкан ажо жарышка чыгып, анын  күүсү менен түндүк-түштүктү түрө кыдыртып келип, кызылдай саясатка «чылап» туруп мени аркырап ага баштаган «Агымга» салып жибердиң.  Өзүң айткан «Агымдын» атактуу «костяктарына», жазмакер дөө-шааларына бат эле «сиңип», койун колтук алышып, бир аз идирегим бар окшойт, этектерине эрмешкен бойдон аңды-дөңдү карабай шаркырап агып отуруп, «Агымдын» ташкыны басаңдап кумга сиңе баштаганда чилдей тарап, чачыраганга аргасыз болдук эле го?. Ошол жүздөгөн «асаба-агымчыларың» азыр «сен кайдасың бул күндө, мен кайдамын?» болгон менен алыс-жакыны билинбей эле аман-эсен жүрөбүз го?.

Уулум Мелис менен. Финляндия, Келсинки шаары, 2011-жыл.

Тагдыр тамашасы мени минтип акыркы «финишимди» Финдердин өлкөсүнө «ыргытып», алыстыгына гана астейдил каңырыгым түтөп, өпкөлөйм!.. Анткен менен, канчалык алыс болсо да акыр бир күн «келем» деген чоң ишенич бар менде. А сенчи, Мелис? Сен кайсы «өлкөгө» кеттиң? Ал «өлкө» кайда качат эле? Же «орун калбай калат» деп ойлодуңбу? Бир курдай катуу таң калып, ары ачуулангандай түрүң менен кайсы бир чала-моңол «белгилүү» адамдын Ала-Арчадан орун сатып алып койгонун айтып келип, «түшүнбөйм, жан чыккан соң кандай, кайсы жерде жатканыңдын эмне айырмасы бар» дегениңди эстейм. Билем,  дал ушундай нерселерге жаның кашайып, жаа бою качаар элең. Билем, чындык дегенде чыркырап, тегеренип кеткен чымындай жаның «чылгый» калыссыздыка чыдабады, жүрөгүң өрттөнүп, күйүп кетти, күйүп… Кантип айтабыз эми, «Ала-Арчада жатууга акың жок» деп. Антип айтканга айлабыз, амалыбыз, аргабыз да жок. Мынакей, мынакей өмүр менен өлүмдүн ортосунан оргуп чыккан чыныгы «парадокс»!..

Мелис үч жаштагы “адашы” Мелис менен. Бишкек, 2003-жыл.

«Мелис дегендин баары эле тың чыкма болот окшойт» деген аруу тилегим менен 2000-жылы уулдуу болгонумда биринчилерден болуп өзүңө сүйүнчүлөп чалып, «атын Мелис койсомбу  деп атам Меке» десем, «мендей «бунтарь», «авантюристь» бала болушунан коркпосоң койо бер, каршы эмесмин» деп каткырып, кийин бир жолу «ушул кичинекей адашымдын үстүнө үй алып берсемби же астына айалбы?» деп тамашалап, борсулдап күлүп, ак дилиң менен айтып койгон ошол жылуу сөзүңө жыргап, өзүмчө «жарылып» кете жаздабадым беле? Он бир жашка чыккан ошол адашың Мелис азыр сенин өлгөнүңө ишенбей, кабырганы кайыштырып, кабагын чытып кайра-кайра сурап койот. А мен болсо унчукпайм, угуп-көрүүдөн ажыраган дудуктай мелтиреп, ушул саптарды тизмектейм. Акыркы ирет былтыр 9-декабрда чалсам албадың, аз өтпөй кайра өзүң чалып кыска сүйлөштүк, адамкерчилик жөнүндө. Дегеле биз көп сүйлөшпөйт элек, кө-өп нерсени көз менен эле сүйлөшүп, көкүрөк түпкүрүндө көрүнбөгөн, абдан жакын, адамдык, билинбеген бийик байланышыбыз бар эмес беле. Кашайгырдыкы, кашайып ошол байланыш ойдо жок жерден минтип чорт үзүлдү да калды. Эх Жараткан, өлүмдүн улуктугуна жана өтө ырайымсыздыгына ар дайым даяр болуудан башка арга жок тура бизде! Кош эми Меке!. Жакканың чырак, мингениң бурак болсун!.. Кош досум!..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Сейнаеки шаары. 21.09.2011.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *