Таазим..

Акылбек МАМАДАЛИЕВ – 1980-жылы 19-майда Жалал-Абад облусунун Сузак районуна караштуу Кара-Дарыя айылында туулган. 2002-жылы Ж.Баласагын атындагы КУУнун журналистика факультетин аяктаган. «Кусалык», «Махабат», «Аманат» поэтикалык жыйнактарынын автору. КР Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү. Т. Эргешов атындагы Республикалык адабий сыйлыгынын лауреаты. РФнын Москва шаарында жашайт.

КУДАЙ.

Кайгырганда, түйшүк башка түшкөндө,
Кайрымы жок күндөн үмүт үзгөндө.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр саптарын түзгөнгө.

Сүйүү кушу канат сермеп асманда,
Сүйүнүчтүн добулбасын какканда.
Сен эсиме келесиң го, оо, Кудай,
Себеп болуп ыр берметин тапканга.

Ана ошентип агымында өмүрдүн,
Алып орун так төрүнөн көңүлдүн.
Жадыман эч жуулбастан жашайсың,
Жалгыз сенин мээримиңе чөмүлдүм.

Муңайганда, оомат баштан кеткенде,
Кубанганда, төбөм көккө жеткенде.
Сен эсиме келесиң го, оо, анан,
Себелейсиң жаңы ыр болуп дептерге…

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай!..

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Маанайым суз, сумсайыңкы жамалым,
Мааниси аз, шаң-күлкүдөн жададым.
Маңдайыма жазылганы ушул деп,
Майдаланып жашагым жок жашагым.

Кайран жашым отуз үчкө толгуча,
Канча айым агып кетти боштукка.
Алы-күчүн жумшабаса ырларга,
Акын үчүн айтып бүткүс кордук да.

Улабастан ыйык жолду, эх, демек,
Уялбастан жашаганга бет керек.
Каңгып көпкө жүргөнчөктү, жүдөбөй,
Каалгып көккө сиңгеним оң эртерээк.

Кулдугум бар, арманымды ук, Кудай,
Куш болсом ээ, көктө кайкып учкудай.
Көңүлдү эзет, эргүүсү жок күндөрүм,
Көнгүм келбейт тагдырыма ушундай.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта…

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да.

Алыс жашап апаат, азап, ыйдан да,
Ажырабай абийир, атак, сыйдан да.
Кадырыма чок түшүрбөй өмүрдө,
Камчы чаппай жүрөйүнчү ыйманга.

Болбой күнүм көкүрөгүм зилдеген,
Болсун сүйүү жанга азык, дилге дем.
Көңүл балкып, эт-жүрөгүм жибисин,
Көөдөй ойлор жолобосун кирдеген.

Мейли аптап, мейли ызгаар аязда,
Мезгил бөлбөй жыгылайын намазга.
Жамынбастан текебердик терисин,
Жалаң жакшы ыр жазайын кагазга.

Келчи Кудай, мээрим төгүп кубатта,
Келдим окшойт оттой жанган куракка.
Эми менин элге тийбей жарыгым,
Элдир-селдир эзилгеним уят да…

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай…

Колдоп мени, кудуреттүү Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай.

Акысына көз артпастан бирөөнүн,
Акак мисал асыл өмүр сүрөйүн.
Жадыбалдай атың түйүп жүрөккө,
Жалгыз сага тобоо кылып жүрөйүн.

Анан дагы ала жипти аттабай,
Айылына арамдыктын каттабай.
Ак жашайын үй-бүлөмүн кашында,
Ар эмгегим арууланып пахтадай.

Ушул ойдун такыр жоктур катасы!
Уул-кызымын сыймыктанган атасы,
болсом экен, ар качандан бир качан,
Боордоштордун тийип мага батасы.

Уурулукка-кескиликке жолобой,
Убакытым текке, бекер коробой.
Уютулган алтын өңдүү салмактуу,
Улуу Көккө көтөрүлсүн зоболом!

Колдоп мени, кудуреттүү, Оо, Кудай,
Көңүлүмө, жүрөгүмө, кон, Кудай!
Ыйман бергин, илим бергин өзүмө,
Ысымыма татыктуу жан болгудай…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *