«Жаргон»

ӨЛҮМДӨН САКТАП КАЛГАН ЭКИ ООЗ СӨЗ.

Туш тарапты түтүн каптап, көчөлөрдө кан агып жатты. Нацисттик жоокерлер жин ургандай кирип келген СССРдин аскерлерине туруштук бере албай калды. Жеңилгенине көзү жетип, айласы кеткен Гитлер 30-апрель күнү атынып өлүп жаны тынды. Ошону менен Берлин шаары комунисттердин талоонуна туш болду. Алдынан чыкканды өлтүрүп, колуна тийгенди жулуп алып, кыз-келиндерди зордуктап жатты жеңүүчүлөр. «Койгула , токтоткула» деп алдыларынан эч ким тосуп чыга алган жок. Ушул эле аз келгенсип, бир күнү орус аскер башчылары шаар элине жарлык кылды. Анда «бардык жайлар коммунист жоокерлери үчүн ачык турсун!» деген катуу буйрук бар болчу.

Ошентип, шаар элин калкалар үмүттүн акыркы шооласы да өчкөндөй болду. Кой дээр кожосу жок жоокерлер алдынан чыкканды ур-тепкиге алып, кенедей каршылык кылганды ит аткандай атып, кызарган нерсе көрсө жулуп алып жатты.

Тээ согуштан мурда эле Түркиянын Бакыркөйүнөн келип, Берлинге жайгашып калган түрк улутундагы Арам Пештемалжыян дагы, үй-бүлөсү менен калы-килем саткан дүкөнүн ачып коюп, келе турган апаатты айласыз күтүп отурат. Баарынын кабагы салыңкы. Жаш кыздары энесине бекем жабышып, көздөрүн алаңдатып ыйлап алган. Ким билет бул күн алардын жашоосундагы акыркы күндүр. Көр оокат деп ата-журтунан чыгып, бул жакка сапар аларда мындай апаат болуп кетет деп ким ойлоптур. Эми, эки дөө согушса, ортодо кара чымын кырылат деген ушу дегенсип, тагдырларына мойун сунуп отурушат. Канча жылдан бери созулган согуш кечээ өздөрү жашаган аймакка чейин кирип келип, көз алдыларында канчалаган адамдар өлүп кете берди. Мына, акыры ажалдын кезеги буларга да келген окшобойбу. Качаарга жайы жок, бекинерге тешиги жок байкуштар, көрө турганды бирге көрөлү, колдон келсе бири-бирибизди арачалап калалы дегенби, айтор баары топтолуп алып, дүкөнүн ачып коюп күтүп жатышты.

Мындайда убакыттын кандай өткөнү да билинбей калабы, же чын эле орустар ушунчалык жакын беле, ким билсин, бир маалда түшүнүксүз кыйкырып-өкүрүп эки жоокер кирди булардын дүкөнүнө. Тим эле жинди немедей буркулдаган экөөнү көргөндө эле бечара Пештемалжыяндардын үрөйү ого бетер учуп, бала-чака чурулдап ыйлап жиберди. Бирок тиги кутурган эки жигит булардын коркконун ойлоп да койгон жок. Бирөө түз эле жайылып турган килемдерге умтулуп, улам бирин аңтара тартып карай баштады. Экинчиси болсо түп-түз эле келип кыздардын бирөөнү билектен алса болобу. Дүкөндүн ээси жайылып турган килемдерин бүт алса дагы кыңк этпейт эле, бирок, кантсе да ата эмеспи, кара чечекей кызына көз көрүнөө сугун арткан немеге чыдай албай, тигинин колуна жабыша, ортого кире калды. Ансыз да кыжыры келгендей буркулдап жүргөн баскынчы, заар чачкан көзү менен аны жеп ийчүдөй бир карады дагы, тапанчасын кабынан сууруп чыгып чекесине такады. Иштин бүткөнү ушул деген ой мээсине зып эте калды бейм, айласы кетип, өңү куп-куу болуп кубарган Арам Пештемалжыян аялын саал кылчая бир карап:
  Шимди боку йедик («эми бокту жедик» – түрк элинде кеңири таралган жаргон) – деп кобуранды.
Жанатан өзүнө аңыраңдап аткан жоокер бул сөздү укканда негедир таң кала түшүп:
 
Не дедиң, не дедиң? – деп шашыла сурап жиберди.
Жанын оозуна тиштеп, коркконунан жүрөгү лакылдап согуп турган үй ээси, эмне кыларын билбей, араңдан зорго жанагы сөзүн дагы кайталады:
  
Шш – шимди боку йедик.
Ошону менен кум саатты кайра коңторуп ийгендей, баары тескерисинен кетти. Өлүм менен кайгыдан башка жакшылык кылбачудай көрүнгөн жоокердин, кутурган дөбөттөй кызаңдаган баскынчынын, колундагы тапанча ылдый түшүп, көзүнөн кубанычтын учкундары чагыла түштү кадимкидей. Жашоодон түңүлө баштаган Пештемалжыян дагы эле көз алдындагы кубулушка ишене албай, «бул шумдуктуу коммунисттер дагы эмнени баштады» дегендей чочуркап карап тура берди. Кызаңдап кыйкырып аткан баскынчы болсо, канчадан бери жоготуп таппай жүргөн тууганына жолуккандай сүйүнүп, тигини кайра-кайра кучактап, баркылдап каткырганга өттү. Баары дендароо болуп карап турду. Берки аскер дагы эле токтобой:
 
Биз кардашпыз. Мен сенин кардашыңмын,  – деп тигини эки ийинден кармап силкилдетип жатты. Советтер Союзуна кирип калган түрк элдеринин жигиттери кан күйгөн согушта катарлаша жүрүп, баарына түшүнүктүү, баарына орток түрк дүйнөсүнүн сөздөрүн көп эле үйрөнүп калышкан экен. Берки жигит дагы ошол, болгон-билген сөздөрүн автоматтан аткандай жаадырып, туугандыгын, жакындыгын билдирип атты.
Акыры дүкөн ээлери да аз-аздан эсин жыйды. Алаңдаган көздөр токтоп, аз да болсо үмүт шооласы тутана баштады. Жанатан мазарга айланып турган дүкөн ичине жан кирип, ары-бери чай даярдалды. Анан чай үстүндө кобурашып отурушту. Таанышышты. Тилдери аз-маз башка болгону менен дилдери бир, каада-салты бир, диндери бир элдерден экен, бири-бирине сый тартуулап, бири-бирин урматтап отурушту.

Ошондон кийин эки жоокер Пештемалжыяндын дүкөнүнөн узаган жок. Орус аскери талап-тоноосун токтоткуча эч жакка жылбай кароолго турушту. Каны бир, боордоштук деген ушу тура атаганат. Кылган ишин доомат кылбай, аткарганын артык көрбөй, араң түшүнүп калган бир сөзү үчүн жүзүнө күлкү аралап, «кан кардашпыз» деген сөздү баарынан улук көрүп, ошол туугандыкты туу туткан сезими менен, боордошун кыйын абалда калтырбай коргоого өзүн милдеткер сезди эки жоокер.
Арадан күндөр өттү. Канчалаган адамды зар какшаткан согуш да бүттү. Немис болобу, орус болобу, же таптакыр алыстан келген түрк болобу, айтор, өз эмгеги менен нан таап жеген карапайым калкка тынччылык эле жакшы тура. Анын сыңарындай, нечендеген алаамат күндөн аман-эсен чыккан Пештемалжыяндар үй-бүлөсү дагы көп ичинде оокатын кылдыратып, бүлгүндөн аман калган дүкөнүн иштетип  жашай беришти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет дейт эмеспи. Акырындап соодасы жанданып, оокаттары тыңып, эл катарына кошулушту.

Бир күнү буларга Түркиядан атайы түрк ишкерлерди зыярат кылганы газетанын кабарчысы  келип калды. Алыскы мекенинен келген адамды жөн коюшабы, Пештемалжыяндар үйүнө чакырып конок кылышты. Баштарынан өткөн окуяларды эстеп отуруп, жанагы согуш убагындагы эки жоокер тууралуу тим эле кайра-кайра кайталап айтып беришти. Өзүлөрүн бүтүндөй апааттан сактап калган жанагы «сыйкырдуу жаргон» булар үчүн баа жеткис мааниге ээ экенин баса белгилешип, керек болсо Түркиядан бир чоң хаттат (эски Осман элинде диний сөздөрдү кооздоп, ар кандай ыкмага салып көркөмдөп жаза турган уста) таап, ушул сөздү жаздырып, дубалдарына илип алгысы келгенин да унутта калтырышкан жок. Булардын тилегин уккан кабарчы, Түркияга кайтарында хаттат табууга жардам берерин убада кылып жолуна түштү.

Айткандай эле, баягы кабарчы Түркияга келип, бат эле Эмин Барын аттуу хаттатты да тапты. Өмүрү андай ыплас сөздү көркөм чеберчилигине албаган хаттат, бир жумадай кыйылып жүрүп, акыры макулдугун берди. Арадан ай өтпөй, түрк элине кеңири таанылган «шимди боку йедик» деген сөзү алда немедей кооздолуп жазылып, сырты шөкөттөлүп Берлинге жиберилди.
Ал эми жанагы кабарчы иштеген газетада болсо, богоонок сөздүн кантип шөкөттөлгөнү тууралуу макала даярдалып, «Түрк үй-бүлөсүн кыргындан сактап калган эки кыргыз жоокери» тууралуу кеңири баяндама жазылды.

Наыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *