Oct 31

Ой толгоо..

ээ 74УЛУТУМ ТУУРАЛУУ ОЙ ТОЛГООЛОР.

Мен кадимки өз улутумдун тарыхы, табияты, маданияты, учурдагы турмушу жана башка өзгөчөлүктөрүнө кызыккан карапайым эле кыргыз уулумун. Ошондуктан ушул багыттагы өз ойлорумду сиздер менен бөлүшкүм келди.

СӨЗ ЖАНА НАМЫС.

Башатыбызды сөз дүйнөсү менен баштасак. «Өнөр алды кызыл тил» дегендей сөз болбосо, адамдар пикир алышпаса, ойду түшүндүрүп айталбаса, алга жылуу болбосу баарыбызга маалым. Керек болсо Кудайдын китептеринде «Эң биринчи сөз болгон. Сөз Кудайда болгон» деп башталган эмеспи. Бүгүнкү күндө кыргыздын эң зор мактанаарлык таянычтарынын бири сөздөн куралган дастандары. Элибиздин улуулугу да ушунда, касиети да ушунда. Азыркы учурда элдик касиеттерибиздин жоголуу коркунучу мына ушул сөз кудуретин туйунбай баратканыбызда. Элибиздин жакырлыгы, алакандай өлкөбүзгө батпай кеткен ар кыл көйгөйлөрдүн баары, акылгөй деген аткаминерлерибиз баш болуп, сөз күчүнө таасирленбей калуубуздун тыянагы. Элибизде абалтан бери чийинден чыккан журт бузарды да, керек кезинде бир сөз менен жолун бууган. Не бир кески болбосун кепке чалынганда намысын тепсеп кете алган эмес. Сөз – абийирге тийген, намысты ойготкон, кайдыгерликти кубалаган. Кайдыгерлик каныбызда бар дейбиз. Каныбызда айтылган ал кайдыгерлик эмес, ал кабелтеңдигибиз. Кабелтеңдик менен кайдыгерлик эки башка нерсе. Тарыхта эмне деген гана каар замандар болбогон, эгер кыргыздын затында кайдыгерлик болгон болсо, анда тукуму ушул күнгө чейин жетмек эмес. Кийинки мезгилдерде кайдыгерлик көп айтыла берип, каныбызга эми гана жабышкандай. Себеби, адам табияты ушул, ким эмнени көп кеп кылса, ал ошого тартылып кеткенин өзү да билбей калат. Мына, биз намыска тийсин үчүн айтып жаткан кайдыгерлик көп айтылгандан бери, элибиздеги улуу нерселерге болгон кайдыгерлик күч алды. Улуу нерселер деген эмне? Оо, алардын кыргыз элинде чабыты кенен. Эми аларды тизмектеп отурбай азыр эле кеп болуп жаткан «сөздү» жана «намысты» алалы. Кеп илгертеден калк арасынан, кадырман карыялардан жалганган. Баардык эл наркын, журт баркын ортого салып, чечендердин сөзүн талдап калк көйгөйүн, бейпилдигин аксакалдар тескеген. Алардын батасы жаман ойлорду камаган жана ишенимдердин ээси болгон. Сөзү сөз бойдон калып, башкача мүнөздөлгөн да эмес. Ал эми учурга келсек, сөздүн кадыры кайда калды? Кептин куну кетти. Жакшы сөздөр каапырланып, эки сөзүнүн бири энеңди… болгон арак кармагандардын оозунда булганды. Аксакалдардын батасы стаканга байланды. Кары менен жаш, аял менен эркек, нарктуу менен аракеч тең ата болуп, баш аламандык байыр алган жерден намыс качты. Намыс орноп чайлабаган жерден бузукулук оожалып кут учат. Бүгүнкү күндөгү кыргыз элинин улуттук асылдыгын чачыратчу чоң жарака дал ушул намыстын жалпы элден оолакташы болуп жатат. Ары кетпей эле акыркы жүз жылдыктан бери баштасам. Мындан туура бир кылым илгери таза кандуу улуттук намыс интернационалдаша баштап алгачкы вирустар кирди. Ошону менен жетимиш жыл бою чайкалган неме, өз алдынчалуулукка жеткенде, чоңдун командасына көнүп калгандыктан уланып–улана албай тарпы кетти. Эзелтеден улуу муун утуру кийинки муундун намыстуу тарбиялануусуна жол көрсөткөн эмеспи. Намыстуу кылып кантип тарбиялайт? Анын көптөгөн жол-жобосунун ичинен бирөөнү мисалга тартсак. Маселен, эркек бала балакатка жеткенден тартып, улак тарттырып же, жоого кошо ала барып, эр чабышына аралаштырып көйкашкалыкка үйрөткөн. Ал эми, жаңы замандыкы бул сөзсүз – армия. СССР кулаганы кыргыз бийлиги дал ушул жерден аксады. Башка тармактар сыяктуу эле туура эмес саясат жүргүзүлүп армияга да көңүл бурулбай калды. Жыйынтыгында ашып кетсе он баладан бир бала (болбосо ал дагы жок) армияга барды. Ал жактан көргөндөрү машыктыруучу майдан талаасынын ордуна офицерлердин же, айрым чоңдордун чарба-бакчасы же болбосо, дагы бир эшик кызматчысы болгондугу кимге жашыруун? Мына сага намыс! Бу да болсо улуттук менталитетке жат, батышты тууроо аркылуу мобилдүү армия түзуп ийчү болгон куру дымактын кесепети. Баарын улуттук колориттен башташ керек эле. Себеби, эзелтеден кыргыздын жоогер курамынын өзү мобилдүү болгон. Арийне буга жетимиш жыл бою улуттук бедели омурулган кыргыздын жаңы тун мамлекетин негиздөөчүлөрдү күнөөлөп кереги жок. Коммунисттик идеянын терең сиңген таасиринен кутула элек мезгил мындан дурус болуп кете алмак эмес. Баарынан да түшүнүк жеткен мезгилдеги жаңылуу жаман.

СӨЗ ЖАНА ӨНӨР.

Эми ушул эле сөзгө жалгай өнөр дүйнөсүн кошо ала турган болсок. Кыргыздар дүйнөдөгү эң өнөрпоз элдердин алдыңкыларынан деп тайманбай эле айта алам. Ээ дегенде куюлган элдик руханий бай оозеки чыгармачылыктан башталып, ошол эле музыкалык түркүн аспаптары болобу, аларды коштогон мукам ыргактары болобу, же аялзатынын не бир асыл саркечтикти ийкем жараткан кол өнөрчүлүктөрүн коштой, бозүй жабдыктары, ат жабдыктары, зер буюмдары жана ошондой эле башка элдердин колунан келе бербес (айрымдары эле бирин-экин болбосо) табигый шык өнөрлөрүнө кирген манасчылык, төкмөлүк, мүнүшкөрлүк, саятчылык, саяпкердик, жаачылык ж.б. кесиптердин баары мунун айкын күбөсү. Булар кыргыздын дүйнө элдеринин ичинен эң көөнөсү же тундарынын бири экендиктеринин асыл белгилери. Буга бул айтып жаткандар далил эмей эмне? Булар улуулук, касиеттүүлүк, кыдыр даарыгандык эмей эмне? Бул өнөрлөрдү текшилеп Теңир кыргыздан башка дагы кана кимге энчилеген? Баарынан да мен ыр тууралуу баса айткым келди. Анткени, кыргыз туулгандан тартып өлгөнгө чейин жашоосун ыр коштогон. Керек болсо акыркы сапарга дагы ыр (кошок) менен узатышат эмеспи. Ыр – сөздүн падышасы, асылы, гүлү, кептин жан дүйнөгө жагымдуу иргелген формасы. Ошондуктан дүйнөлүк рухий кереметтер ыр түрүндө айтылып, ыр түрүндө жазылган. Атай кетсек, Ыйык китептер: Куран, Забурлар жазылган, бардык пайгамбарлардын кудайды даңазалоо стили ыргактуу, ырааттуу айтылган. Гректердин «Иллияда», «Одиссейи», индиялыктардын «Махабхарата», «Рамаянасы» ыр болгон. Ал эми, ырга мынчалык басым жасалып калганы бул деген кыргыз дүйнөсүнүн туубаса өнөрү. Даярдыксыз ойдон автоматтык түрдө шыр куюлган манасчылык, дастанчылык, төкмөлүк, аягы барып жамакчылык менен аяктаган элдик касиеттер мунун айныксыз мисалдары. Жада калса философиялык тереңдиктерге оролуп, эки ооз сөзгө баткан макал-лакаптарды, таасын чагылган фразеологизмдерди дагы ырга кийирсек болот. Абалтадан кыргыздардын карапайым урпактарынан өйдө жаратылышынан жорго сөзгө чебер келип, жок дегенде макалдаштырып, ар бир сөзүн мааниге чулгап сүйлөгөн. Жалпылай алганда табиятынан мындай керемет шык жөндөмдөргө жапырт тартылган кыргыздай эл чанда! Биздин өнөрпоздор кокустан келе калган асыл ойлорун турган жеринде шыр эле төгүп ырдап калса, башкалар аны багып, изденип, улам кагазга түшүрүп отуруп, жалаң карандай асыл эмгеги менен оо көптө барып жараткан. Руханий чыгармачылык жагынан азыноолак болсо дагы тереңдебестен айрым жүйөлөрдү салыштырып өттүк. Арийне, кийинки жазмаларыбызда кененирээк кайрылаарбыз. Азыр өнөрдүн башка түрлөрүнө оой берели. «Жүрөктөн чыккан нерсе жүрөккө жетет» демекчи табият менен аяр мамилелеш пенде гана анын сырларын туя билет. Анын сыңары жана айтып өткөндөй кыргыздар жапан куштарды дагы ийге келтирген. Алардын ар бирин айрымалап, ички дүйнөсүнөн өйдө сезе билген, түрлөргө бөлгөн, алгырларын ылгаган, кыраандарын таптаган. Бөтөн эл кыргыздардын бүркүттөрүнө, шумкарларына, аргымактарына суктанышкан. Муну Ханзу жазмалары да далилдейт. Илбээсин куштарга байланышкан өнөрлөрдүн алиге кыргыз турмушу менен эриш-аркактыгы аркылуу, жер бетинде басып жүргөн жандыктарды мындай кой, асманда кайкыган канаттуулардын дагы амалын биринчи тапкан жөндөмдүүлөр кимдер экендигин айткым келди.

РУХАНИЙ ЖАНДУУЛУК.

Ата – албетте, баардык балдарына тең, бирок, өз колунан келгендерин биринчи тун уулуна үйрөтөт. Себеби, «Аганы көрүп ини өсөт». Антсе да, «Мурунку чыккан кулактан кийинки чыккан мүйүз озуптур» дегендей сөзсүз жашоодо баары кездеше берет. Бүгүнкү күндөгү кыргызды башка элдер менен салыштыруу дал ушул макалдар сыяктуу сезилип турат. Тагыраак чечмелесек «кулак» табигый түрдө кездешкен негизги жандуу мүчө. Жан бул сезимталдык. Ал эми «мүйүз» албетте бекем, катуу бирок, негизги бөлүгү жансыз. Кулактын жанында түптөлүп өсүп, андан бир топ озуп кетет. Айтмакчы, адамзат коомунун өсүү жолундагы маданиятты – рухий жана материалдык деп экиге бөлүп карайбыз. Анын ичинде рухий маданиятка адамдык касиетти, өзгөчөлүктү, сезимталдыкты ойготуп турган ыр, музыка, сүрөт, адабият ж.б. искусство түрлөрүн ошондой эле, акылга ширелип ойдон жаралган жандүйнө азыктарын кошобуз. Ал эми материалдык маданиятка болсо, ар кыл архитектуралык курулуштарды, техникаларды деги эле адам колунан жаратылган жансыз нерселерди киргизебиз. Биздин бабаларыбыз учур урпактарына көкүрөктө көөнөрбөс жандуу мурастарын калтырып кетти. Азыркы күндө кичинекей өлкөбүз менен андан материалдык жагынан алда канча өсүп, эчак өнүгүп кеткен мамлекеттер дал ушул «кулак» менен «мүйүздүн» мисалындай. Жансыз нерсе чирибей канчага туралмак. А тирүү нерсе тукуму уланып жашай берет.

АДАМ.

Эми дагы бир алгачкылыкка келсек. Дүйнөдө идеалисттик кандай негизге кайрылбайлы, баардык тилде Кудай жараткан биринчи пенденин ысмын эзелтеден «Адам» дешет. Жана биз дагы ошентебиз. Башкалар ар кандай аташкан менен биз кишини дагы «адам» дейбиз. Демек, мында да бир улуу сыр жатат. Анткени бүткүл жаратылган 18 миң аалам, жин-шайтандар, периштелер, бейиш, тозок, жер ж.б. ж.б. ар түркүн макулуктардан кийин Кудай колунан дагы бир жаңы нерсе, өзгөчө бир зат жаралды. Ал «Адам» деп аталды. Дегеним, андан таралган киши келбетиндегилердин жамысына «Адам» термини ыйгарылып, ал туңгуч аталыш негизги заттык маанини туюндуруп каралды деген тыянак чыгарсак анда, мунун сырын адам баласынын ичинен улуу элдин урпактары гана сактап келе жаткан чыгарбыз.
Адам деген араптардан ислам аркылуу кирген сөз экендигин азыркы фактыларга таянып негиздеп беришиңиз мүмкүн. Бирок, мен кийинки иликтенип отуруп жазылган ой толгоолорумда тек сүрүштүрүп отуруп биздин элдин дүйнө элдеринин атасы болуп чыгаарын тарыхый фактыларга жүйөөлөп берем. Азырынча телефон менен жазып жаткандыктан ушул жерден токтото турайын.

Алмазбек КОЗУБАЕВ. Самара шаарынан, Самара обулусу. 31.10.2014-жыл.

Sep 09

Көз караш..

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ

ТАРЫХТАН ЧЫККАН ТАБЫЛГА!

Адам баласы бул дүйнөдөгү маалыматтын 80 пайызын көз менен алат экен. Тилекке каршы, кыргыз эли өз тарыхына, өз тагдырына, өз келечегине башканын эмес, өзүнүн көзү менен караган учурлар чанда эле кездешет. Айрыкча өлкөбүз өз алдынча жолго түшкөндөн бери кыргызды кимиси каякка гана сүйрөгөн жок? Тарыхчыларыбыздын айрымдары “40 кыздан тараган экенбиз” деп араб илимпоздорунун атайын жазып кеткен идеологиясын кадимкидей актаса – балдарыбыз боз үйдөн чыккан көчмөндөр терс каарманга айланып, орустун жалгыз баатырынан боо түшүп кырылган мультфильмдерди көрүп чоңоюуда. Улут кызыкчылыгынан дин догмасын жогору койгондор өлкөнүн кызыл туусун жерип, кара туунун алдында кимди болбосун курман кылууга даяр турса – дагы бир жагынан ашынган либералдардын түрткүсү менен “жан элим, ишенем сага, жан жерим, ишенем сага” деп, жөнөкөй эле сөздүн төркүнүн түшүнбөгөн массалык маданияттын кокуйлары далай жаштардын аң-сезимин ээлеп калды.

ХХ кылымдан бери жанатан айтылгандай көздөн кирип мээни алган эң күчтүү каражаттардын бири кино өнөрү болуп келатат. Кыргыз киносунда улуттун уңгусуна тереңдеп кирип, кыргызга кыргызча күйгөн саналуу эле чыгармалар бар. Кеңеш доорунда тартылган тасмалардан бул багытта “Бакайдын жайыты” менен “Ак илбирстин тукуму” эске түшөт. Биринде көчмөн жашоодон алыстап отурук дүйнөнүн шартына көнүп келаткан элдин нары карама-каршылыктуу, нары үмүттүү улуу көчү көзгө урунуп, кыргыз мүнөз улуулардын көчү түбөлүк бийикке, жаңычылдыкка умтулган кичүүлөрдүн катары көр дүйнөнүн кызыгына толгон жакага багыт алат. Экинчисинде кыргыздын нукура кулк-мүнөзү, баштан өткөргөн кыйынчылыгы, катаал шартка моюн бербей жашоого умтулган эрки, тегерек-четтеги эл тургай бүтүндөй Дүйнө менен болгон алакасы, жаңылып-жазган таштак жолу, жалпы ичиндеги жалгыздыгы эң сонун берилген. Албетте, кийинки доордо учурдун баш аламандыгын таасын чагылдырып, кабыргасынан коюлган суроолорго астейдил жооп издеген “Айыл өкмөт”, айрыкча “Белгисиз маршрут” сыяктуу кинолор эгемендик жылдарындагы татыктуу табылгалар болду десек жаңылышпайбыз. Бирок улут тагдырына терең кирип, кыргызга кыргыздын көзү менен караган кино чыгармаларынын ичинен сапаттык жаңы тепкичти багындырган тасма “Курманжан датка” болгонун талашуу кыйын.ээ 67

Анткени “Курманжан датка” – түшүнгөн кишиге Алай ханышасынын жеке тагдыры тууралуу гана баян эмес. “Курманжан датка” – биринчи иретте кыргыздын кулк-мүнөзү, асыл сапаттары, тарыхта баскан татаал жолу, өзү бойдон калышы үчүн өз кымбатын курмандыкка чалууга дайыма аргасыз кылган жазмышы, эч кимге окшобогон маданияты, жөн билги наркы, анан албетте, азыр да актуалдуулугун жоготпой келаткан түптүү проблемалары тууралуу эпопея.
Айталык, ташбараң эч качан кыргыздын салты болгон эмес, бирок Кокон хандыгында кеңири тараган адат болгон. Ошондой шартта дин төбөлдөрүнөн коркпой, калыстык үчүн тобокелге барган адамдык сапат – нукура кыргыздын мүнөзү. Жамандан иренжип, акырына чейин жакшыга умтулганы – кыргыздын үмүтү. Колунан келгени колунан келбегенине кыр көрсөтө баштаганы (кызды алып кетип бараткандагы эпизод) – бул да кыргыздын жылкы мүнөзү. Аялы күйөөсүнө кеңешчи болуп, акыл кошкону, керек болсо ордун басканы – кыргыздын илгертен келаткан табигый гармониясы. Эл башына күн түшкөндө күнүмдүк тирешүүдөн өйдө болуп биригип кеткени – кыргыздын байыртан келаткан социалдык иммунитети. Азайып кетсе тууган издеп, көбөйүп чыкса кыйкым издеген адаты –кыргыздын өнөкөтү. Оорусуна карабастан Жантай хан мейман үчүн сыр билгизбей зыңгырап маселе чечип отуруп бергени – кыргыздын нарктуулугу. Азыр эле ат күлүгүн сынашып келатып, “жигит, артка кайт, атаң жакшы эмес” деп Алымбек Шабданга керектүү учурда керектүү маалыматты кесе айтканы – кыргыздын жөн билгилиги. Ар ким өз чындыгын беттеп, “качкан да Кудай дейт, кууган да Кудай дейт” болуп Курманжан качып, куугун этектеп, тагдыр ортодо, өмүр ортодо турганда, бала кезинен таянган жолборс күркүрөп колдоп чыкканы – кыргыздын табышмактуу касиети. Айласы кеткен Алайдын эли мына-мына кетебиз деп келатып эле бир айтылган сөздөн кайра дүрт козголуп муштумга айланганы – кыргыздын күтүүсүз ойгонгон намысы. Күнөө кимде экенине карабай, сөзгө сөлтүк, кепке кемтик болбош үчүн айыпты өз мойнуна алган Камчыбектин тагдыры – кыргыздын улуулугу. Замбиректин огуна карабай алдыга чапкан эрдиги – бир чети мурунтан келаткан кыргыздын энөөлүгү. Бир уядан чыккан бир туугандардын ар башка тагдыр тандап, ар бөлөк Жолго түшкөнү – бул да кыргыздын турмушундагы ушул күнгө чейин келаткан көрүнүштөрдүн бири. Убакыттын өтүшү менен пайда болгон бир гана орчундуу айырма – Абдылдабектин жүрөгүн кошо кеткен жан-жөкөрлөрү жерге таштабай ала келсе, кийин Беделдин ашуусунда калган миңдеген кыргыздардын сөөгү 75 жыл бою көмүлбөй жатты.

Курманжандын курмандыгы – жеке керт башынын гана жүгү эмес. Бул кыргызга тиешелүү, өтө оор жүк. Кыргыз эли канча бир кылымдан бери өзүнүн өзөгүн, өзүнүн тилин, дилин, маданиятын жоготпой, кыргыз бойдон сакталып калышы үчүн гана ар качандан бир качан өзүнүн эң кымбат адамдарын, жагдайларын, көнүмүшүн аргасыздан курмандыкка чаап келатканы келаткан. 1937-жылдары кыргыздын тили үчүн, кыргыздын маданияты үчүн, кыргыздын кызыкчылыгы үчүн атууга кеткен, биринин үстүнө бири ташталып ошол бойдон эгемен заманга чейин жаткан Кызыл Кыргызстандын шейиттери – Кеңеш доорундагы кыргыздын Камчыбектери. Болбосо алар деле эр өлтүрүп эриш бузган эмес эле! “Басмачы” деп өз жеринен же айдалып, же сүрүлүп кеткен, башка жакта жүрүп дүйнөдөн кайткан кыргыз азаматтары – ошол эле кыргыздын Абдылдабектери. Бийликтин адилетсиз турумуна каршы чыгып, аянтта кийиктей атылган, өлкөнүн бүтүндүгү үчүн өз жеринде кордук көрүп кыйналып өлтүрүлгөн кыргыз жигиттери – ушунун баары кыргыздын кыргыз бойдон калышы үчүн чалынган курмандык. Өз эрки менен бүтүм чыгарбаса дагы, ошолордун баарынын тең энелери – өз масштабында элине жан этин сууруп берген абалдагы Курманжандар.
Фильмде кыргызга танапташ башка элдердин кулк-мүнөзүнө тиешелүү эпизоддор да абдан таасын берилген. Ташбараң сценасын эске албаганда да, Музаффар эмирдин жүзүмдү былчыйта баскандай бир адамдын тагдырын заматта садага чапканы, эртең менен дүкөнчирик чапан жаап, кечинде артынан желдет жиберген бийлик төбөлдөрү Кокон хандыгында үстөмдүк кылган сын-сыпаттардан азыноолак болсо да кабар берет. “Хорошо идут” деп чыйт түкүрүп куралына ишенип турган офицер, жергиликтүү салтты билбей келиндин ачкычын чачы менен кошо кесип алган поручик, сууга чечинип жылаңач кирген аскерлер – бул да Борбор Азияга келаткан чоочун күчтүн жышааны болчу.

Фильмде көрсөтүлгөн Курманжандын тагдыры, андагы коюлган маселелер азыр да курчтугун жогото элек. Тескерисинче, балким мезгил өткөн сайын улам жаңы өңүттөн ачыла турган жагы бар. Мурда эки цивилизациянын толкунунда чайпалса да төгүлбөгөн түптүү калк эми үч башка зор күчтүн ортосунда кетип баратат. Кыргыз кыргыз бойдон калабы? Курманжандын тушунда көкүрөктөн сызып, көздөн учкан азыркы мамлекетинин чыныгы баасын билеби? Жумурай-журттун келечеги үчүн бир муштумга биригеби же кокту-колотто ар кимиси кызыл тебетей кийгенине корстон болуп кала береби? Азыркы Абдылдабектер кайрылып келеби? Келсе кыргыз тарапта болобу же барган жеринин малайына айланып Карасакал болуп кайтабы? Биз, тирүүлөр, ушул сыяктуу суроолорго татыктуу жооп бергенге даярбызбы?

Демек, биз ойлоно турган нерселер али көп экен. Мыкты чыгарманын күчү – даяр жоопту бүкүлү бербей, көрүүчүлөрдү ошондой фундаменталдуу соболдорго жооп издете баштаганында. Устатым Чоюн Өмүралиев айтмакчы, ар бир адамдын милдети, мурдагыдан да адамыраак болуп, ал эми биздин шартыбызда – кыргызыраак болуп жашап өтүүдө. Бул фильм ушул өңүтүнөн өз максатына жетти десек болот. Жеке башымда, мени мурдагыдан да “кыргызыраак” кылган бул чыгармасы үчүн жаран катары Садык Шерниязга чын дилимден ыраазычылык билдирем.

Жыргалбек КАСАБОЛОТОВ. Акын, журналист. Бишкек шаары. 09.09.2014.

Apr 30

Кыз Сайкал..

ээ 17ТАЛАНТКА СҮРӨӨ КЕРЕК!


Замандын – Кыз Сайкалы! Манасчы, актриса, ырчы
Ширин САРЫГУЛОВА тууралуу баян.

 

Бул күнү Нарын шаарында сахна Периси, Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген артисти Таттыбүбү Турсунбаева эжекебиздин 70 – жылдыгына карата өткөн 5чи Республикалык Театрлар Фестивалынын жабылыш салтанаты өтүп жаткан.

Зал толо эл. Олтурганга орундуктар калбай калгандыктан бир тобу туруп турушту.

Бир кезде сахнага жоокер кийми менен колундагы камчысын мыктай кармап бир кыз чыкты. А, тааныгандай болдум. Ширин Сарыгулова эмеспи. Чүй театрында иштейт. Басканына караганда өзүнө ишенимдүү. Манас айтып кирди. Ымм… угалы.

Ал ортологондо залдын ичи дуу көтөрүлүп чыкты. Мына сага!..

– Капырай! Бул кайдан чыккан кыз ыя?

– Бали! Бали! Кыз болбосоң кое кал. Катырды ээ?..

– Ой, бул бир укмуш го… Кай өөрөндүн кызы экен?!

– Колго тийгенди тим эле бир мыкчыгыдай кыз экен ээ?!

Тобоо…

Бир кезде Бакен эжекем мени Гүлшара Дулатова апама окшоштургандай сахнадагы Ширинди өзүмө окшоштуруп дале өзүмө келе албай турдум. – Бул кыз мурда кайда жүргөн? Эмне үчүн мен көргөн эмесмин?! Ар кыймылынан көз албай тиктеп олтурдум.

-Кыйын кыз экен ой! Давай! Давай!

Ары жактан чыккан бирөөлөрдун үнү менин оюмду бөлүп кетти. Кайран тоюп

алган экен. Ээ – жаа бербей күпүлдөп кыйкырып жатты.

– Тим эле буркан – шаркан түшүп жатканын карачы. Эркек бала мында эле…

– Тим олтурчу ай! Укпай да калдым – деп, бирөөсү тиги жанындагысын какты.

– Ай! Тынч олтурбайсыңарбы! Капырай, сүйлөбөй олтура албайсыңарбы.

Эшик тоскон эки келин тигилерди тыйды. Кайдан. Баары дуу – дуу. Бири таңдайын такылдатып тамшанышса, бири баракелеп, дагы бирөөлөрү оозу ачылган калыпта Ширинден көздөрүн албай бүтүндөй зал  Манас айткан кызга таң берип олтурушту.

Ширин образга ушундай кирген экен. Бир кезде көздү бекем жумп алып буркулдап, буркан – шаркан түшүп, бирде тура калып, бирде олтура калып, катуулагандан катуулап баратты.

-Ырас эле кайдан келген кыз? 21 кылымдын Кыз Сайкалы! Эмнени бүткөн? Бой

келбет, өң, үн, баары… баары… менин өзүмдү өзүмө элестетип…

Ар бир кыймылын жазбай тиктегеним менен, дале оюм алыста эле.

Эстедим. Каныбек Иманалиевдин “Туу жыгар” спектаклинде ушул кызды

көргөндөй болбодум беле. Бирок эмнегедир бир себептер менен залдан чыгып кетип, оюн бүткөндө келген элем. Көрсө, ошол спектаклде Бишкек Баатырдын энеси – Кубулду ойногон турбайбы. Ошол башта карап олтурганымда: – Буюрса Асыл Набиева эжекемди баса турган кыз бар экен! – деп койгон элем ичимен. Көрсө…

Деги табигат өзү кызык. Бири бирине эч тиешеси жок адамдарды жолуктуруп, анан да окшоштуруп койгон. Гүлшара апа Чүйдүн кызы, мен Таластын кызы, береги манасчы кыз кадимки Кожомкул балбан атабыз чыккан өрөөндүн, болгондо да Кожомкул атанын айлынан чыгыптыр. Дагы кызыгы… Экөөбүз тең кыргыз театр өнөрүнүн Залкары Гүлшара Дулатованын окуучусу экенбиз. Тобо! Тобо – оо! – дедим ичимен. Шириндин кыймыл аракетинен чын эле мен өзүмдү көргөндөй болдум.

Баятан Ширинди карап олтуруп, ширелген ойлорго катуу батып кеткен экем, капталда олтургандардын олтурган жерлеринен дуу тура калгандары, терең ойго термелип олтурган жанымды ого бетер толкундантты. Шашканымдан мен да оордуман шаша тура калдым. Алакан кызарганча кол чаптым. Кантип чаппайсың. Бул кыз бир укмуш го. Мурда кийин сыртынан гана көрүп жүрчүмүн.

ээ 17Мына талант! Жакындан тааныбасам да, мени өзүнө магниттей тартып бара жатты. Ооба, бул сапар мен аны жанынан көрдүм. Накта тааныдым. Талантты таануу үчүн анын атын алыстан укканың аздык кылат. Талантты жанынан көрүү керек. Мына момундай сааттарда анын кайталангыс өнөрүнө күбө болосуң. Таң бересиң, суктанасың. Анан… анан… Ал сенден улуубу, кичүүбү анын Теңир берген талантына башыңды ийесиң.

-Мына сага! 21 кылымдын Кыз Сайкалы! Кыз болбосоң кое кал! – дедим даагы

бир ирет ичимден.

Ширин олтура калганда залда олтургандар даагы бир ирет дуулдап барып токтошту. Аңгыча аркадан бирөө: – Ушундай да кыз болот экен ээ? – десе, экинчиси: – Ой, оозуңду ачпай кол чаппайсыңбы! Чап! Чап! – деп, бирин бири коштоп жатышты. Аны эшик тоскон келин: – Бүткөндө чаппайсыңарбы. Тынч олтуруп уксаңар! – деп тыйып койду. 

Ширин күчөгөн сайын олтургандар кошо Манас айтып жатышкансып, чоң транска түшүштү. Бул актердун мыктылыгы эмей эмне? Бир кезде камчысын жогору көтөрө калып, көздү бекем жумган Ширин баягыдан да күчөдү дейсиң. Зал тып тынч, жанатан ара чолодо кошо эргип сүйлөнө калгандардын деми тим буулгандай болду. Мына талант!

                            
Ширин Манасын бүткөн кезде бир топко дым боло калган элдер бир кезде оордуларынан “дуу” эле тура тура калышты. Ана! Кол чапканды көрүп ал. Мүмкүн мындай көрүүчүлөрдү Ширин да күткөн эмес чыгаар.

Зал жаңырта чабылган колдордун оңой менен токточуудай эмес. Нарындын эли илгери мен сахнага чыкканда да, дал ушинтип туруп кол чабышчу эле. Ошол саат, ошол мүнөттөрдө, бир кездеги ушул сахнада ойногонумду, комузда кол ойнотуп обон созгонумду, чимирилип бийлеген кездерим заматта көз алдыма тартыла түштү. Эшик тоскон келин: – Тигил кыз сага окшош экен Чынар! – десе, андан бетер Ширинге тигилдим. Элдин тура калып кол чабышканына, кетирбей көпкө кармашканына ого бетер дердеңдей сүйүнө кайра кайра жүгүнгөн Ширин Ширин кыз эмей эле, бүтүндөй өзүм болуп турдум.

Эшик тоскон келин мени түртүп: – Жана сахнанын ары жагынан көрүп. Сенин кызыңбы?- деп да, ойлоп кеттик. Анан сенин бир эле эркек балаң бар экенин айтып калдык. Бирок сага жаман окшош экен ай. Баскан турганы тим эле сен! Тобо! – деди.

Тигил келинге гана эмес, сахнада турган Ширин мага да чоң жаңылык болду. Бая Манас айтып баштаганда эле өзүмө окшоштура баштаган элем да. Тобоо, баскан турганы, кыймыл аракети, шайдооттугу… Ырас эле.

Залдагылардын бири кыйкырса, бири катуулай кол чаап, кээси колду да чаап, жан алы калбай мактап жатышты.

– Кыйын кыз экен ой!

– Турганын кара!

– Бул кыз көпкө барат. Көз тийбесин! Көз тийбесин!

Басканы шайдоот, эч нерседен тайманбаган, көздөрү өткүр, ууртунда жагымдуу жылмаюусу бар Ширин кыз колундагы камчысын мыкчый кармап, шартылдай басып келип залдагыларга таазим кыла дагы да жүгүнүп жатты.

*****

 

ээ 17Бир кезде Н. Жүндүбаеванын “Кыз Сайкалдын арманында” Кыз Сайкалды ойнобой калып, кийин өзүмчө дастан кылып иштеп чыгып, канча жыл концерттик программаларга кошуп ырдап, ойноп жүрдүм. Тигинде Ширин Манас айтып чыкса, мен өзүмдүн Кыз Сайкалымдын образында кыялга баттым. Кийген киймин… Мен да ушундай кийим менен чыкпадым беле…

– Баракелде! Баракелде! Азамат Ширин!!! Азаматсың!!!

Зал дале жаңырып жатты. Чындыгынды башкаларга мынчалык кол чабуулар болгон эмес эле. Катуу толкундануу менен капысынан: – Азаматсың Ширин! Азамат!!! – деп кыйкырып жиберипмин.

Антсем, жанымдагы токтолгон аял күйөөсү экөө мага кайрылып:

– Чынында эле укмуштай кыз экен! Кайсы театрдан экен ыя? – деп калышты.

– Шаршен Термечиков атындагы Чүй театрынан! – дедим, жетине албай.

– Кыздардан Манас айтканды уга элек эле. Өзү да келишкен сулуу кыз экен.

– Мыктысы мыкты экен! – деп, тигил аялдын күйөөсү коштоп койду.

Анан кол чабуусун токтотпой:

– Келечеги кең болчу кыз экен. Бир топ жерге барчуудай – деди.

– Элдин баарынын оозун ачырды го… Көз тийбесин! – деди аял.

– Көз тийбесин! – дедим ичимен.

Мына сүрөө! Ширин чуркап чыгып жүгүнүп кайра кетти. Кол чабуулар, кыйкырык, сүрөөн көпкө барып басылды. Өнөр адамдары кандай сыйкырдуу жандар. Кара, кийинки чыгып ырдаган кыз быякта эле калды. Ширин чыгып кетсе деле баары анын өнөрүнө тамшанышып, баарын унутуп, бир гана Ширинди айтып жатышты. Бул чоң ийгилик, чоң жетишкендик. Ичимен:

– Сени даңктай турган да, даңаза кыла турган да Манасың экен! Ширин кыз! – дедим.

Ооба. Чыгармачылыктын ар бир тармагы өзүнчө керемет! Ошол кереметтердин кайыгында калкып жүрүп, кай жагынан сүзүп чыгаарыңды өзүң да билбейсиң. Муну келечек тагдыр өзү талдап коет. Мына! Актриса Ширин, ырчы Ширин, мугалим Ширин, кошокчу Ширин, тамада Ширин! Умай эне – Ширин, Манас айтуучу – Ширин!!!

Бир убакта ыраматылык Гүлшара апам кай өнөрүңдүн кай тармагын айтам Чынар. Тим эле баш айланып, тил чайланат. Бирин айтсам бири калат. Иши кылса баарынан баар тап балам! – деген эле мага.

Анын сыңарындай жети өнөрдүн тизгинин бир кармап келе жаткан Ширин кыздын мен да кай өнөрүнө басым коюп, кай өнөрүн өзгөчөлөнтүп катуу  мактоого алаарымды билбей сүр басып, сүрдөп тургандаймын. Ошентсе да, бул кыз үчүн баарысынан бийиги да, ыйыгы да Манас айтуубу – деп ойлойм. Учурда Манас айткан кыздар жок. Муну мен карап олтуруп, кылымга төкмөлүк өнөрү менен кыр салып кеткен төкмө акын Майра Керим кызына теңегим келди. Мүмкүн андан да ашаар…

Өнөрлүүнүн өзгөчөлүгү ошол өнөр адамдарынын арасынан “жарк” этип бир чыгып анан бат эле өчүп калууда эмес, Чолпон жылдыздай жаркырап, өчпөй баарынан айырмаланып тургандыгында го… Ошондой деңгээлге жетип, эл эмгегиңден баалай баштаганда гана ар бир өнөр ээси: – Мен артистмин! – деп айтууга акылуу жана татыктуу деп ойлойм. Мына, ошондой кездерде төмөндөгүдөй мактоолор, суктануулар байма бай айтылып турааары бышык. Анткени бул мактоолор, суктануулар сенин өнөргө таштаган алгачкы кадамыңдын изи…

Ширин: – Окууга тапшырган күндөн баштап улуу артистер баскан тепкичте, сахнада басып, спектаклдерде массовкаларга катышып, группалаштар өзүбүздү абдан бактылуу сезчү элек.

Группалаштарымдын баардыгынан улуу болчумун. Гүлшара эжем мени группага староста кылып шайлап койду. Ошол күндөн тарта окууга деген жоопкерчилик менин мойнума түшүп сабакка деген дилгирлигим мурдагыдан да күчөп, бир да жолу сабак калтырбадым жана группамды да катуу кармадым. Гүлшара Дулатова, Турганбүбү эжекелер, менин мугалимдик шыгымды да байкашса керек, өздөрү сахнада ойноп калган күндөрү, – Студенттерге сабакты сен өтөсүң, – деп, дайындап кетишчү.

Издер… издер…

Мына келечекке таштаган биринчи кадамдар! Жашоого көздөрү каныккан, сахна чеберлери ошол кезде эле жаш кызды эмнелер күтүп турганын баамдашса керек. Ширин келечекке жаңы гана кадам таштаган өнөр баккан, өнөрдөн бак издеген жаш талант! Келечеги кең. Таалайы зор! Арыштаган ар кадамы сүрөөгө татыктуу деп айтканымдан эч тартпас элем. Кыргыз эли эзелтеден өнөрлүүлөрдү астейилдеп күткөн эл.

Ширин: – Театр окуу жайынын активисткасы аталып, баардык сабактан беш алып 2006 – жылы артыкчылык Диплому менен окууну аяктадым. Ушул эле жылы ушул окуу жайга мугалим болуп ишке орноштум. Мени тарбиялаган мугалимдеримден алыс кеткеним жок. Гүлшара эже менен Турганбүбү эженин, сахна тили сабагы боюнча ассистент, шакирти болуп тарбияландым.

Жеке жашоомдун тагдыры бир гана театр менен гана чектелип калууга болбосун сездим. Бул сабакты ийне жибине чейин устаттарыман үйрөнүп, азыр эжекелеримдин жолун жолдоп, келечектеги артисттерди тарбиялоого бел байладым.

Мугалим болуп иштөө оңой олтоң жумуш эмес. Такай кичүүлөрдү окута бербейсиң. Кээде окуткан студентиң сенден улуу болуп калат. Андай кезде бир аз тартынуу болот дечи. Бирок канткен менен сен мугалимсиң да. Болгон күчүмдү жумшайм.

Менин максатым, кыялым келечектеги театрлардагы мыкты мыкты артистерди тарбиялоо эмеспи. Айтат го. Алдыңа максат койбосоң эмне жашоо ал деп.

Максат… кыялдар…

Акыркы сөзү жакты. Көңүлүмө шап илип алдым.

ээ 17Сына сага! Мүмкүн менин оордумда башка бирөөлөр: – Бул кыз эмне эле жап жаш туруп, өзүнө мынча ишенимдүү! – дээр. Тим эле көптү көргөн чоң мугалимдей сүйлөйт да ыя?! – деши да мүмкүн. Кенедей болуп алып, килейген “артисттерди” окутуп чыгарам дейби?.. О – хоо… Мына сага дап даяр Гулшара Дулатова! Баса, баса, өктөм сүйлөгөнү да Гүлшара! Кээ бир кыймыл аракети, көз карашы да Гүлшара!

                            
Сыр алдырбаганым менен мен да сынай карап турдум.

– Тапанын! – дедим ичимен. Анан туруп, – Так ушундай кишилерден мыкты мугалим чыгат! Ооба, мыкты! – деп, кандайдыр бир ой, күч мени жетегине алгандай болду. Ошол замат көз алдыма мени театрда окуткан Калыйкан Ибраева эжекем иенен Гүлшара Дулатова эжекем тартыла түштү. Мен оозумду ачып, айылдан келген кезде ал кишилер да такылдап турушчу эмес беле… Биз зырпылдап коркуп турчу эмес белек?..

Бул кыз мыкты артист гана эмес мыкты мугалим да болчудай. Ак жол тилейли!

Уядан эмнени көрсөң, учканда ошону аласың демекчи Ширин “чү” дегенде эле кыргыздын не бир Залкарларынан таалим – тарбия алыптыр. Бул жагы да анын келечекте бир адам болоорунан кабар бергендей.

Максат, кыялымда… – дегениндей, бир учурда ушул устаттарынан ашып түшпөйт деп ким айта алат. Береги көөдөн толгон максаттар аны маарага жеткирээринде эч шегим жок. Туу чокунун өзүнө да чексиз кыялдарды жетелеп, ошол – МАКСАТ акең чыгарат эмеспи. Андыктан ошол максатың бийик болсун гана демекмин Ширин.

Кыз кишинин жашоосунда татаал, катаал учурлар көп кезигет. Ошентсе да мен Ширинди баардык кыйынчылыктарды кыйналбай жеңип, кыргыздын сыймыгына айланган Таң чолпону болоорунда эч шегим жок! Анткени бул кыздын “дээринде бар”  демекчи, жүрөгү туйлап, көөдөнү Көктү чапчып турганын байкадым.

Ширин: – 2006 – жылы Шаршен Термечиков атындагы Чүй областтык Куудулдар театрына актриса катары ишке орноштум. Ушул эле жылы билимимди жогорулатуу максатта Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Искусство Институтунун “Актер, Театр жана Кино” факультетине тапшырдым.

2011- жылы ийгиликтүү аяктап, бул окуу жайда да мугалимдик кесипти аркалап кала бердим. Гулшара апам мени окуткандай, (мугалимим гана эмес энемдей болуп калгандыктан апа деп коем) мен да келечектеги артисттерди чыгарсам деп, эмгектенип келатам. Ооба, билем, буга зор эмгек жумшоо керек. Мен ошого умтулам.

Ал эми театрга кирген күндөн баштап, сахнага коюлган спектаклдердин баардыгында терс каарман, оң каармандардан баштап, бир нече башкы ролдорду ойнодум. Кээде, – Эмнеге терс каармандарды көпчүлүк учурда мага эле бере бересиңер? – десем, режиссерлор: – А сен катыра ойнойсуңда! – деп күлдүрүп жооп беришчү. Мүмкүн…

Кудайым буюрса кыргыз элиме талыкпай эмгек кылсам, дагы далай ролдорду

ойноп, элдин жүрөгүнөн түнөк тапкан ырларды ырдайм деген ишеничтемин. Кыйналган учурлар болбой койбойт. Бирок, ошол кыйналган учурларда да өзүмдөн үмүтүм чоң!

Үмүт! Үмүт! Үмүттүн шооласы!!!

Ошол үмүт сени бийиктикке жеткирет Ширин! Сен азыр бирөөлөргө суктангандай эле, бир кезде сага да бирөөлөр суктанышат. Ушул бийиктикке жеткирчү бул сенин азыр өзүң айтып олтурган көкүрөгүңдөгү – Үмүт! Андыктан азыркы аракетиңден эч жанба! Сени ушул аракетке үндөгөн Гүлшара, Турганбүбү эжелериң, Дүйшөн, Эгемберди, Марат, Назым агайларың да бир кезде дал ушундай үмүт, кыял, максаттар менен өнөр жолуна кадам ташташкан.

Ширин 2001- жылы борбордогу А.Малдыбаев атындагы Опера жана балет театрынын алдындагы эки жылдык студияга тапшырып, КР эл артисти  Сайра Чоткараеванын колунан билим алган кыз. Ошол кезде КР эмгек сиңирген артисти Эгемберди Бекболиев агайынын кеңеши менен Токтоболот Абдумомунов атындагы Кыргыз Улуттук Драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайдын актердук бөлүмүнө тапшырган экен. Мына! Устат – шакирт деген кайдан чыккан.

Улуулардын кеңеши, жолду туура тандоосуна кылган аракеттери акыры келип Шириндей кыздарыбызды элдик кишиге айлантып олтурат. Ал кезде айылдан жаңы шаарга келип, театр дүйнөсү эмне экенин толук түшүнө элек жаш кыз тим эле ажайып дүйнөгө киргендей болгон. Кинодон, театрдан көргөн, гезит – журналдардан окуп, сүрөттөрүн өздүк альбомуна чаптап алган артистери менен жакындан аралашып, чоң театрдын артисттери менен чоң спектаклдерде бир сахнага чыгып… Мунун өзү эмне деген бакыт!

Ошол чоң артисттер менен сахнага чыкканда жанашса, кээде театрга кирип чыкканда эшиктин оозунан жанаша калып, бирөө жарымы кызым деп эркелетсе андан бетер семирип, өзүн булуттун үстүндө учуп жүргөндөй эле сезген Ширин кызыбыз бүгүнкү күндө ошол сахнага келечектеги чоң чоң артисттерди даярдайм деп билим майданында да өз күчүн сыноодо. Мындай кезде, – Баракелде! Азаматсың, Ширин! – дегенден башка оозуңа кандай сөз келет.

Ширин: – Театрдан тышкаары, ар кандай маданий иш чараларга, кечелерге

активдүү катышып, кыргыз элиме өнөрүмдү тартуулап келем. Кино жаатында да аздыр – көптүр ролдорду ойноп, тасмаларга тартылып жатам. Өзүмдү бул жагынан да сынасам дейм. – Мен роль ойногондон эч коркпойм! Ошол ойногон ролдорум элге жетпей калабасын. Элдин көңүлүндө калсам деп ошону ойлойм! – дейт. Өлүмдөн уят катуу дейт го. Кылган ишиңдин бети ачылбай, булганган сууга түшкөндөй шөмтүрөп жүргөндун эмне кереги бар. Туурабы?

Азаматсың Ширин!

Ар бир артист мына ушундай ойлойт. Ойногон ролдоруң көрүүчүгө жетпесе, артисттин мококтугу ошол! Текке кеткен өмүрүң ошол! Андай мококторду сахна сүйбөйт. Тез эле топтон чыгарып коет. Тилекке каршы “көптүн ичинде” дегендей, андай аксак – тексектер да жок эмес. Мындай кезде ошол адамдын өзүнүн уятына коесуң.

Кара. Бу, чечен киши менен сөз талаша албайсың. “Булганган сууга түшкөндөй..” – деп… Кээде “шөмтүрөмөктөн” тап такыр эле сахнага жарабай карганына карабай, “сүйрөлүп” жүрө бергендерге менин ачуум келет. Элдин санын көбөйтүп нетет. Ой, эс албайбы, ботом! – дейсиң. Ымм…

Кийинки кездери Шириндин жараткан образдары көптөгөн театр сүйүүчүлөрүнүн

жүрөктөрүн жылытып келет. Алсак: Чынгыз Айтматов “Кайрылып куштар келгенче” – Каныкей, Кертолгоо зайып, Манасчы, К. Иманалиев “Туу Жыгар” – Бишкек Баатырдын энеси – Кубул,  “Шахидка” – азгырык аял, С.Ахмад “Келиндер козголоңу” – Фарманбүбү,  Ж.Кулманбетов “Алай ханышасы” – Кошокчу, “Жантектин керээзин” – Жийде, Жаңыл, “Сырдан чыккан чыр” – Акинай, “Төлгөчү” – Келин, “Атталбай калган ок” – Мастан кемпир, “Чолпонбай Түлөбердиев” – Акмаңдай жеңе, Ато Хамдам “Түнкү конок” – Махабат, М.Тойбаев “Исхак Раззаков” – Рабия Менсейитова, ж.б.

Биринчи сахна! Биринчи спектакль! Биринчи роль!

Ушул образдардын ар бирин жаратууда албетте Ширин өзүн чоң артисттерге теңеп, толкундануу анын жан дүйнөсүн бийлеп, чоң сахнага батпай кыжаалаттанды.

Баарынан да эң алгач сахнага чыккан кезде өзүн чоң артист сезип, өзүнөн башка эч ким жоктой ырахатканга баткан күндөрүчү?.. Бул бир ажайып учурлар эле да! Оо, андай кезде тим эле өзүңдү “СССРдин эл артистиндей” сезет эмессиңби. Ананчы! Баштан өткөн да.

Мына эми такшалган кез.

Бирде заңкылдатып кошок айтса, бирде Кубул эне, бирде шудуңдаган азгырык аял, а, бирде маңкайкайган Рабия Менсеитова!

Мына – САХНА! Мына – ТЕАТР! Сахнага кандай чыктың, баарына сен өзүң кожоюнсуң. Сен дегеним – сенин образың сенин кожоюнуң! Кандай бассаң, кандай күлүп, кандай сүйсөң (образың) сенин гана каалооң!

Бир кездеги сени театрга жетелеген кыялыңдагы образдар али алдыда Ширин.

Ширин: – Мугалимдер, чоңойгондо ким болосуң? – деп сурашса, мугалим анан ырчы болом дечүмүн. Алиппени 5 жашымда окуп тамгалардын баардыгын билчүмүн. Эсимде… 2 –классымда апамдын шиш така туфлисин кийип алып, чоң апамдын чоң көз айнегин тагынып, көзүмдү тостойтуп алып, айылдын жалаң экиге окуган балдарын чогултуп алып, ашканада сабак өтчүмүн.

Сиңдимди эшикти каратып койчу элем, апам жумуштан келатса айтасың деп. Балалык кезимде башка балдардай болуп эркелебедим, сабак бүтөөр менен үйдү карай чуркаган боюнча жөнөөр элем, анткени мал сугаруу, көмүр алуу, отун жаруу менин мойнумда эле.

 

Жоопкерчилик!

О – оо! Ошол кезде эле жоопкерчилик эмне экенин бала болсоң да сезип, мойнуңа алган турбайсыңбы. Азыркы учурда минтип сахнадан коркпой образдарды жаратып, канчалаган студенттерди окутуп жатканың да ошондон эмеспи, Ширин. Ар бир иште жоопкерчилик канча күчтүү болсо, эмгектин татымы ошончо зор болот.

Ширин, курстун алды болду. Театралдык студияда окуп жүргөндө өзгөчө сезимталдыгы, окууга, ишке болгон өтө жоопкерчиликтүүлүгү менен курдаштарынан айырмаланып турчу – дешет, окуткан мугалимдери.

Ооба, мен мен деген Залкарлардан сабак алганына терисине батпай Ширин кубанса, жетекчи мугалими КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, М.Рыскулов атындагы Эл аралык сыйлыктын ээси Замира Акылаева, КРнын эмгек сиңирген артисти Назым Мендебаиров, көркөм окуу сабагы боюнча КР эл артисти Дүйшөн Байтөбөтов, сахна тили сабагы боюнча КР эл артисттери Гүлшара Дулатова, Турганбүбү Бообекова, ыр сабагынан КР эл артисти Эрмек Мойдунов, бий сабагынан КР эмгек сиңирген ишмери Сапарбек Абдужалилов жана Алла Момуновалар келечекте кыргыз эли сыймыктана турган даагы бир талант өсүп келе жатканына окуткан мугалимдери чын жүрөктөрүнөн кубанышты. Шакиртиңдин мыкты чыкмасы – ар бир Устат үчүн чоң сыймык жана сыйлык!

Ширин: – Мен, 1990 – жылы Сапарбек Мырзакматов атындагы орто мектебине 1 – класска баргам, орто мектепти бүткөнчө аркандай кароо сынактарга, кружокторго, райондук, областтык, республикалык конкурстарга катышып жеңүүчү аталып жүрдүм. Аябагандай тырышчаак кыз элем, айылдын кара жумушу, күнүмдүк үй чарбачылыгындагы оокаттар мени жашоого чыйралтты. 6 – классымда комуз черткенди үйрөнүп алдым, кой кайтарып жүрүп комуздун коштоосунда тоону жаңырта ырдаганым алигиче эсимде – дейт Ширин.

Менин каарманым Сарыгулова Ширин Асанбек кызы 1983 – жылы 5 – октябрда Суусамыр өрөөнүндөгү Кожомкул айылында төрөлгөн. Беш бир туугандын ортончусу. Апасы айылда бейтапканада аялдардын доктуру болуп иштеген. Атасы 2011 – жылы оорусуна байланышту каза болгон. Бул да болсо тагдыр! Албетте Шириндей кызынын бүгүнкүдөй ширин кезин чоң сахнадан көрүп, чоң кубанычка батканда эмне. Арман!..

Тили чыккандан баштап ыр жандуу болуп чоңойгон Ширин 3 – 4 жашында теледе ырчылар ырдап жатса экрандын бетин өөп, – Бул мен! Бул менмин! Мен ырдап жатам карагыла! – дей берчү экен. Анан да кайсы ырчы ырдап жатканын таанычуумун десе, карап туруп, – Бул чын эле жөн кыз эмес! – деген ойго келесиң.  

Ооба. Ширин чындыгында эле жөн кыз эмес. Талантка ширелишкен, көп кырдуу өнөр ээси – келечектеги барктуу, даңктуу – Кыргыз кызы! Кыргыздын өнөрлүү кызы!

Айтылуу Кожомкул балбан атабыз чыккан кең Суусамырдан не деген адамдар

чыккан. Ошолордун мисалдуу жолун жолдоп, эл намысын, ата намысын коргогон биздин Ширин учурда чыгармачылыкка баш оту менен кирип, жүрөк жылытаар жемиштүү эмгектерди жаратууда. Аз эле убакыттын ичинде жаштыгына карабай жумурай журтка өнөрү менен таанылып, көптөгөн Фестивалдардын Лауреаты, Дипломанты болуп келет. Ар бир эмгектин акыбети кайтып, учурунда жылуу сөз уккандындын өзү канчалык бакыт. Маданият чөйрөсүндө өз тендүү курбуларынан калган жок. Ар дайым биринчилерден болуп келе жатат.

2007 – жылы II – Республикалык Театралдык Фестивалында “Аялдын экинчи пландагы ролу” үчүн кызыктыруучу сыйлыкка ээ болсо, 2010 – жылы Маданиятка кошкон салымы үчүн, маданият кызматкерлеринин күнүнө карата Кыргыз Республикасынын Чүй областтык Мамлекеттик Администрациясы тарабынан “Ардак Грамота” менен сыйланды.

Көп өтпөй 2011 – жылы “Бакен Кыдыкеева” атындагы сыйлыкка татыды. (Төш белгиси жана Диплому).

Мен Ширинди көп кырдуу өнөр ээси деп бекеринен айтканым жок. “Тулпар тушунда!” – демекчи, Ширин ар жылы ийгиликтерге жетишүүгө аракет кылган кыз. Бул аракети аны тээ бийиктиктерге алып бараарына да ишенимим чоң. Аракетсиз эмгек жаралбайт. Чыгармачыл адам ар күнү жаңы төрөлүп туруусу керек! Өнөр деген эмне? Өнөрлүү ким? Бири жаратуучу, бири жаралуучу. Биздин Ширин бул эки сөздүн төркүнүн жакшы билет жана улам жаралуудан чарчабаган адам деп ойлойм.

Өткөн жыл дагы, 2013 – жыл Ширинге көп ийгиликтерди алып келди. Ошону менен бирге көптөн күткөн сыйга татыктуу болду. Бул көптөн бери берилип жаткан өзүнүн устаты Гүлшара Дулатова атындагы сыйлык эле. Бул жылы Ширин “Гүлшара Дулатова” атындагы Республикалык сыйлыктын Лауреаты болду. Анын артынан эле көкүрөгүнө “Маданияттын мыкты кызматкери” – Төш белгиси тагылды.

Мындай сыйлык жаңы өсүп келе жаткан талантка Маданият министрлигинин көрсөткөн чоң сыйы болду жесек жарашат.

Мен бул жерде Шириндин башта айткан сөздөрүнөн бир мисал келтирги келип турат.

Балалык кезимде башка балдардай болуп эркелебедим, сабак бүтөөр менен үйдү

карай чуркаган боюнча жөнөөр элем, анткени мал сугаруу, көмүр алуу, отун жаруу менин мойнумда эле.

Мына! Ал кезде балалыгыңдын милдетин аткарсаң, учурда сен бүтүндөй бир өнөр ээсинин милдетин аткаруудасың Ширин. Сен чоң жолго, болгондо да – Өнөр жолуна! – чыктың. Сенин мойнуңда, жоопкерчилигиңде бүтүндөй кыргыз элинин ишенчи турат. Бул өтө оор жүк! Сен ошону көтөрүп кетүү керек! Жогоркудагы сыйлыктар ошол ишенимдин бир шооласы! – Төбөңдөн Нур жаасын! – деп, бата беришет. Толук Нурга чөмүлүүгө канча мээнет, канча кубат, аракет керек билесиңби? О – оо, өтө көп. Көп араке, аны көтөрүүгө көп кубат керек! Сен ошону көтөрө турган кызсың. Сени Манас атаң кубаттап турат. Сен чыгасың. Мен ишенем.

Дагыда билем, – Талантка сүрөө керек! Чоң сүрөө! Талантка сүрөө керек! Ак жол, сага Ширин кыз! Ак жол!!!

КЫРГЫЗЫМДЫН КЫЗЫ БОЛ!

(Актриса, ырчы, манасчы Ширин Сарыгуловага)

Ар замандын мактанып айта турган,

Акылманы, ар талантты болот тура.

Чоң жарыштан озуп келген күлүк сымал,

Колдо, бабам!

Кыз Сайкалың – Ширин кызың мисал буга.

Катар кармап, көп өнөрдүн чылбырын,

Ураан айтып, Улуу Манас атынан!

Бир тайманбас көк жал тура капырай…

Оо, Кыргызым!

Бул кызда жатат далай өнөр катылган!

Бир кезекте менин да болгон жөлөгүм,

Басканынан Дулатова Гүлшараны көрөмүн.

Гүлшара апам, – Менин апам! – деп келет,

Сахнанын алпы!

Оо, Залкарым! Канчасын чындап төрөдүң?!

Мактан кыргыз, мактан Ширин кызыңа,

Манас айтып, катуу чыкты учурда.

Кылым баскан кыргызымды даңктачу,

Колдо, Теңир!

ээ 17Кыргызымдын кызы бол! – деген ушул да!

 

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынара КАЛЫБЕКОВА.

Mar 29

Элет..

АЙЫЛЫМ АЛТЫН БЕШИГИМ!.

(Очерк)


Ар качан, кай жерде, кандай күндө жүрбөйүн, көңүлүмдү түпкүрүндө Туулган жерим жашайт.

Туулган жерим асыл турагым,

Сезимимде өчпөс чырагың ,- деп Керим Турапов агабыз ырдагандай, Туулган жерин эңсебеген, сагынбаган жан жоктур..?!

ээ 4Ош областынын Кара-Суу районунун Тельман айылы менин киндик кан тамган жерим, топурагы алтынга тете Ата журтум, ата конушум. Айылымдын жыты да, абасы да, суусу, топурагы да, адамдары да көзгө сүйкүм. Өмүрүмдүн он сегиз жылын ушул айылдан четке чыкпай, айылымдын суусунан моокум кана ичип, абасын жутуп жашадым. Айылымдын ар бир көчөсү, салынган ар бир үйлөр коен жатагына чейин тааныш. Айылдагы адамдардын жүздөрү, айрыкча атам апам курактуу кадырман карыларды жакшы тааныйм. Арадан жыйырма жылдай убакыт өтүп жаңыдан талпынып өскөн жаштарды эле тааный албай калганым болбосо, айылдын тургундары кайдан көрсөм да көзгө тааныш, дароо таанып алам… Анан дагы биздин Тельман айылы үлгүлүү адамдарга бай айыл. Дегеним, Социалисттик эмгектин баатыры Апсамат Абдраимовду айта кетсек. Жаштайынан элим жерим, деген, көп чоң кызматтарды аркалаган, ак алтындын планын ашыгы менен толтуруп, көптөгөн сыйлыктарга, сыймыктарга ээ болгон, азыркы убакта татыктуу эс алуудагы кадырман карыяларыбыздын бири, аксакалы. Андан тышкары, эл кызматын аркалаган азыркы кездеги айылдын кутман карысы болуп, токсондун ашын ичип жаткан Абылкасым Абдраимов, суучу болуп калкка кызмат өтөгөн Абдикарим Зооканов, үлгүлүү үй-бүлөлөрдүн катарын толуктаган Жолдошбай Боронбаев, балдарын эң татыктуу тарбиялаган Нурдин Үсөнов, Камбар Үсөновдор, узак жылдар бою бухгалтердик кызматты аркалаган Жолон Токоев, көп балалуу үй бүлөлөрдүн катарын толуктаган (менин таятам) Абдилла Исиров, менин атам Бакир Насиров, Нышанбай Тойгонбаев, Казыбек Кочкоровдор айылыбыздын көркү десем жаңылышпаган болоор элем. Ал эми ушул кичинекей айылды, айылды гана эмес бүтүн Кара-Суу районун тиш оорудан оолак кармаган тиш догдурубуз аяш атам Кадырбек Кочкоровду жана мээримдүү жүзүнөн ар убак нур төгүлгөн аяш энем Лабархан Кочкорованын да айылда кадыр баркы мааниге ээ!


Кыскасы айылдын ар бир жарандарынынөз өзүнүн маанилүү орундары бар. Аларды айта берсек сөз жетпес оов! Атинчалык боюнча айыл аялдарына сабак берген раматылык кошунабыз Аний эже жөнүндө эстечү болсок, көзү өткөнүнө жыйырма жылдан ашык убак өтсө да айыл эли күнү бүгүнкүдөй айтып бере алышат, анткени жакшы адам эстен чыкпайт деген улуу сөз бар эмеспи…

Баатыр энелер биздин айылда өтө көп, алардын эң аксакалын эле айта кетчү болсок Зайнап Кочкорова эне! Бул аял өзүнүн акылмандыгы менен, балдарга туура тарбия бере алгандыгы менен, кең пейилдиги менен мааниге ээ! Анткени, балдары да өзүнчө айыл, ар бири эл оозундагы адамдар болуп өсүштү. Айылдын кире беришиндеги мектеп, анын жанындагы фап, андан ары чок ортосунда жайланышкан балдар бакчасы, анын жанына түшкөн заңгыраган жаңы мектеп, аларга удаа мечит, анан дагы эки бет болуп салынган айылдын үйлөрү, шылдырай аккан ичке арык, арыктын жээгин бербей өскөн бой тиреген теректер, айылдын көркүнө көрк кошуп турат. Кара-Суу шаарынан Ош шаарын көздөй узунунан агылган асфальт жол салынган. Ал жолдун эки бети катарынан тыт дарактары эгилип, көзгө алыстан эле кооз көрүнөт. Ал тыттар да береги токсонунчу жылдардагы каатчылык жылдардын азабына тушуккан өңдүү, кийинчерээк саны азайып барат. Тыттарды түбүнөн эч ким кыйып кетчү эмес, анткени айыл эли курт багып, жибек өндүрүшчү, куртту тыт жалбырагы менен багышаар эле. Кийинчерээк баары демократиялашып, эгемендүүлүк орноп, базар экономикасы өнүккөн күндөн баштап, карапайым калк агылып базарга жөнөштү да, колхоздун талаа иштери калып кеткендей, себеби кийинки кездерде курт баккан адамдар жокко эсе…Ошондуктанбы айтор, тыт дарактарыбыз да чекеден суюлуп,ар кай жерде сороюп дүмүрлөрү калып, бирин серин гана калган өңдүү. Буюрса, жакшы адамдар айылыбызда өтө көп, бул тыт дарактарын кайрадан эгип, көктөнтүшөт деген үмүттөмүн. Асыресе бизде эң негизги нерсе, дыйканчылык жакшы өнүккөн, анткени айылыбыздын так үстүнөн Савай каналы агып өтөт, андыктан суубуз кеңири. Суудан кыспасын деп калышат го, анын сыңарындай берекелүү элге Кудай да оң көзү менен караган шекилдүү. Каналдын жээгиндеги мажүрүм талдар, салам салган келиндей үлбүрөшө назик гана желге желбиреп турушат. Каналдан агып келген суу пахта, жүгөрү, тамеки эгилген кең талаанын жөөктөрүнө куюлат. Суу менен азыктанып, көгөргөн ак алтын бул айылдын байлыгы, күз келээр менен анын бир талын да калтырбай терип жыйнап алганга умтулабыз. Айылдын дээрлик көпчүлүгү дыйканчылык, мал чарбачылыгы менен алектенишет.


Менин айылымда, балдарга эң жакшы таалим тарбия берип келген, жакшы адамдардын өсүп чыгышына таасири чоң болгон агай эжелерибиз да арбын. Аларды атай кетчү болсок, чү деген эле жерден эң биринчи мугалимим Мапизат эжекени айта кетсем ашык болбос.. Анткени бала жети жашка толуп, эч нерсени окуганды али билбей, мектеп босогосун аттады, ошол тентек, али көзү ачыла элек келечек ээлерине тамга таанытып, көзүн ачып, жакшы жаманды ылгаганды үйрөтүүнүн өзү эле канчалаган эмгекти талап кылаары баарыбызга маалым!.. Үчүнчү класска чейин ысык суугуна күйүп, эжелетип окутуп даярдап берген биринчи мугалимдерибизге алкыш дегим келет! Андан кийин орус тилинен сабак берген, төртүнчү класстан он биринчи класска чейин класс жетекчи болгон Улукбү эжейимден жакшы таалим тарбияны алганмын, себеби ошол эжейим орус тилинен жакшы окуткандыктан, минтип Орусия жергесинде он жылдан бери жашап эмгектенип, тирилик кылып келатам. Эжейим өзүнүн алпейимдиги, сылыктыгы менен эсимде калган. Баян эже да бизге орус тилден сабак берип, “А” класстын жетекчиси эле. Баян эжеке бизди ачык айрымдыкка, өз оюңду ортого салгандыкка тарбиялады. Математика мугалими ардактуу ардагер Тургун эжекемди да эстебей кое албайм, бул эжекебиз мыкты математик, мээге кыттай куюп окутту, анан дагы кандайдыр мээримдүү эжей эле. Физик мугалими Абдразак агайды эстесем, атам эсиме түшүп кетет. Атама көп окшотом агайды, өзү да атам экөө достордон болоор эле.. Күйүп бышып, колунан келсе мээңди ачып, бүт билгенин мээңе куюп кайра жаап койгусу келчү, алтын агайым, раматылык болуп кетти. Ал эми адабият сабагынан берген Турдубек агайды мен ар убак эстейм, ал бизге, айрыкча мага көп нерсени окутту, калем кармап калышыма да түрткү болгон десем болот. Чындыгында кыйын, күчтүү мугалим инсан! Азыр да китеп жазып , чыгармаларды жазып жүрөт деп угуп калам, бирок “чыккан кыз чийден тышкары” болуп бир барып учурашып келе албай жүрөм… Мугалимдерим жөнүндө айта берсем сөз арбын, сан жеткис…Буюрса быйыл жыйырма жылдыкта жолугуп сырдашам деген ойдомун, менин ар бир жазган чыгармам, мугалимдериме болгон урматым жана белегим деп эсептейм!..


Айылымдын ар бир окуяларын, көркүн сүрөттөп, даңктап, кала берсе гүлүнөн баштап ташына чейин кошуп жазсам да жазылып бүтпөс оов!.. Ал жерде менин балалыгым, бүтүн дүйнөм, жаны дилим калды, андыктан эстебей да, эңсебей да кое албайм. Ата-энем, бир туугандарым, чоңоюп өскөн үйүм, досторум, аяш ата , аяш энелерим, агаларым, жеңелерим, классташтарым баары ушул айылда, аларды башка шаардан көрүп калсам, баарлашып калсам айылыма бир барып келгендей болом го чиркин.Андыктан, ар дайым эсимдесиң Туулган жерим, асыл айылым!
cnБар болгула айылымдын алтындан артык адамдары, менин бир туугандарым!!!

 

Самара НАСЫРОВА. Акын, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар сойузунун мүчөсү, Маскөө шаары.

Feb 11

Көз жаш..

ТАЛАНТТЫ КӨЗҮНҮН ТИРҮҮСҮНДӨ СЫЙЛА..

СССРдин эл артисти, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси, театр жана кино жылдызы Бакен КЫДЫКЕЕВАНЫН 90 – жылдыгына арналат.
10

… Кайран Бакен эже! Байкуш эже! Кор болгон экен ээ?! Ушундай атак – даңктуу адам… Ушинтип өлгөн турбайбы көрсө…
1Спектакль аяктады. Бакен эже кудум мына азыр, мына бүгүн өлгөндөй, быш – быш этип чыккан залдагылардын ыйынан башка эч нерсе угулбай, залдын ичи заматта муздай түштү. Ооба, ошондой болду. Олтургандардын ичинде эженин акыркы жашоо абалын билбегендер да, билгендер да бар эле. Көпкө созулган оор тыныгуудан кийин гана дүркүрөгөн кол чабуулар залды жаңыртты. Ичимден ушул кол чабуулар мүмкүн болсо узакка, керек болсо таң атканча чабылса дедим. Бул менин артисттик кыялым дечи. Ошондой болсо да эмнегедир кол чабуулар токтосо Бакен эжени көз алдыбыздан кайрадан түбөлүккө жоготуп жиберчүүдөй эл токтосо да өзүм токтобой чапкылап жаттым. Ал тургай көзүмдөн аккан жашымды да аарчыган жокмун. Мүмкүн эмес эле. Кантип ыйлабай кое аласың? Карачы? Типтирүү Бакен эже «шүмүрөйүп»… алсыз… мусаапыр кейипте элдин маңдайында колдорун ушалап олтурат.
Зээним кейий акыркы жолу Бакен эжем менен «Аксакалдар чайканасында» жана Кыргыз драма театрынын маңдайындагы ошол кезде жаңы ачылган Кафеден чогу тамактанганыбызды эстедим. Ошондо театрдын вахтасында олтурган эженин айтканы эсимде.
– Ырас эле кылдың Чынара. Эжеңдин батасы тийет. Сообуна калдың, карабайсыңбы эртеден кечке ушинтип олтурганы олтурган. Эч кимиси деле карабайт. Керек болсо түртүп өтүшөт. Бир кезде Бакен эже ким эле? Мындагы «мен дегендер» ким эле? – деп, мага ыраазы болуп койду. «Аксакалдар чайканасына» барганыбызда чайкананын директору (азыркы ырчы кызыбыз Асел Кыдыкованын атасы) Бакен эжени көрө калып жүгүрүп келип учурашкан эле. Ал тургай үйүнө чоң конок келгендей сүйүнө, баркылдап тосуп алды.
– Келиңиздер, келиңиздер. Оо, бүгүн бизге чакыртып келтире албаган коноктор келген тура. Жогору өтүңүздөр. Тигил жерге олтуруңуздар деп, бизди олтургузганча шашты. Теңтуш элек, мен ырахматымды айтып, эжени ыңгайлаштырып төргө олтургуздум. А, эже байкуш ага маани да берген жок, ал тургай тааныган да жок.
– Кайсы артист эле? – деп кайра менден сурап коет.
– Бул жигит артист эмес, ушул чайкананын чоңу болот, – деп түшүндүрдүм.
– Мага куурдагы болсо ошонусунан апкелсин, анан…
– Куурдагыңар барбы? – деп ашкана жагына барып сурасам, жок экен. Салим байке (ал киши менен «Ак Марал» бий ансамблинде чогу иштеген элем) жакшынакай кылып мантысынан салып келди.
Ошентип тамактанып алып кайрадан театрга келдик. Жолду карай көп нерселерди божурашып келе жаттык. Мен эжеге бир кезде жаңыдан студияга тапшырып окуп жүргөндө (бир ай да боло элек болчу) Москвага өтпөй калганыма ичим ачышып, экзамен алган кишилердин туура эмес кылгандарын, «Өттүң!» деп коюшуп, акыркы турда себепсиз кулатып салышкандарын, анан да калыстык жок экенине нааразылансам, эже токтоп калып мени карап турду да:
– Ушул жашоодо калыстык бар экенине сен ишенесиңби? – деп сурады. Анан экөөбүз бир топко унчукпай калдык.
Мен кайрадан өткөндөн кеп козгодум.
6– Эже, билесизби? Ошол кезде: – Студияга окубайм. Москвага барып окуйм! – деп кадрлар бөлүмүндө иштеген эжеден документтеримди алып жатсам, аркамдан бирөө шап эле колумдан баягы документтеримди жулуп алып, оозу акчылып турган сейфке ыргытып жиберсе болобу. Түптүз барып түшүп калган документтерди карап оозум ачыла түштү. Тигил эже алаңдай оордунан тура калды.
Көрсө, менин колумдагы документтерди жулуп алган Бакен Кыдыкеева экен. Ал кезде, Бакен эже өтө салабаттуу ары сүрдүү, салам берсек да оңой менен алик албай, сүрдүү көздөрү менен бизди баштан аяк тиктеп, тээ бир топто: – Саламатчылык! И – ии, окууңар кандай?! – деп, басып кетчү. Коркуп кеттим. Бирок бир топ көк бет элем.
– Мен Москвага барып окуйм! Эки турда тең өттүң дешип, аягында кулатып салышты. Баарына жакшы жооп берген болчумун да. Экзамен алгандар калыстык кылган жок! Керек болсо комиссияга да мени жолотушпай коюшту. Кирсем баарын айтат болчумун. Мен эми Мовквага өзүм барып тапшырам! – деп ыйлап жибердим.
– Тигини, тигини! Бул жер сага эмнеси менен жакпайт? Москва! Москва! Москва – сосквасы жок эле ушул жерден окуп артист болосуң! Окубай – чокубай эле артист болуп жүрөбүз. Мунун москвачылын. Бир барак эч нерсени чечпейт. Кептин баары Кудай берген өнөрдө! Таланттың болсо окубай эле артист болосуң. Жок болсо он беш жыл окусаң да оозуңду ачып ара жолдо каласың. Кыйын болсоң, ушул эле студияны бүтүрүп кыйындыгыңды көрсөтчү. Москва деп коет! – деди Бакен эже каткырып. Эшикке кантип чыгып кетээримди билбей алдастадым. Тигил эже да Бакен эжеден айбыккандай болду.
– Бир жумадан бери менин жанымды койбой, документтеримди бер дегенинен эжеге айтпай эле берип жаткам. Галина Ибраева билбейт деп жиберди.
Оюмда эч кимге айтпай документтеримди алып, Москвага кеткендердин аркасынан барып, ошол жерден кайра экзамен тапшырсам деген элем да. Эми болбосун жүрөгүм сезгендей, бир жагы Бакен эже айткандай ушул студияны бүтүрүп, болбосо сырттан окуп бүтүрөөрмүн деген ой да жүрөгүмдү бир аз жибиткендей болду. Кечирим сурап чыгып баратканымда Бакен эже кош өрүлгөн чычымдан шап кармады.
– Береги чачты сакта! Кептин баары ушул кош өрүлгөн чачта жатпайбы. Артист болом десең, сахнага момундай келишкен узун чач керек. Аялдын сулуулугу чачта болот! Бир топ көк кыз окшобойсуңбу, ыя?! – деп, чачымдан силкип силкип койду.
Шашканымдан даагы кечирим сурап жибердим.
– Жөнө! – деди эже.
Кадрлар бөлүмүнүн кабинетинен атып чыктым. Жолду карай кетип баратып: – Баары бир, баары бир Москвага барам! Ошол жактан окушум керек! Москвага өткөн балдардан менин эмнем кем эле? – деп, экзамен алган кыргыздарды ичимен сөгүп сөгүп бараттым. Ошондогу Москванын өзүнөн келген мугалим аялга кезиге албаганыма өкүндүм. Эшикти тээп кирип кетпей деп, ичимден буркан – шаркан түшкөн бойдон жатаканага жөнөдүм.
Жанатан Бакен эжеге ушуларды айтып түгөтө албай божурап келе жаткан элем. Театрга жакын калганда эже тык токтоп калды.
– Мен сени эми эстедим. Чачың жок го? Кыркып салган турбайсыңбы. Ка – ап. Азыр кайда иштеп жатасың. Атың ким эле?..
Бакен эжени тиктеп эле калыпмын. Өткөндө да ушинтип чогу тамактанып, көп нерселерди божураштык эле. Көрсө, эже жанымда жүргөнү менен, оюу таптакыр башка жакта жүргөн турбайбы. Мен жөн эле бирдемелерди сүйлөп жүргөн турбаймбы. Кандай өкүнүчтүү! Улуу адам менен өткөндөрдү эскерип, ырахатка батып жүрөм десем, эже мени уккан кишидей эле басып жүрө берген тура… Аяп кеттим. Көздөрүм жаштана, денем бир башкача боло түштү. Алдыртадан билгизбей эжени аяр карадым.
– Жеңдерим кирдей түшүпбү? – деп, эже мага плащынын эки жеңин көрсөттү.
– Бир аз эле… Сыр бербегеним менен жанагындан да жаман боло түштүм. Кайдан аз болсун. Анын кийип жүргөн плащынын кири базарда олтурган кайырчынын кийминен эч айырмасы жок эле. Мен билгенден театрда Бакен эжени бир гана актриса (КРнын эмгек сиңирген артисти Жыпариса Көчөрбаева) такай тамак – аш, чай – пайын берип карачу. Ичимден караган кишиси жок го деп койчумун. Ошол кир киймин көрүп туруп бир жолу да аял катары жууп койбогонума абдан өкүнөм. Катуу өкүнөм! Мүмкүн жаштыгымдан этибар алганым жок го. Мүмкүн…
Менин жүрөгүмдө даагы бир калган Бакен эженини жылуу элеси, студияга экзамен берип жаткан күн. Сахнанын капталындагы узун олтургучта олтургам. (ошол олтургуч азыр да бар) Экзамен жаңы эле бүткөн. Бакен Кыдыкеева да комиссияда бар болчу. Бул экзаменде менден эч нерсе деле сурашкан жок. Таанып калышкан окшойт. Анткени көбү Москвага тапшырган экзаменде олтурушкан да. Болгону жогору жактан түшүп келип «Сулайман!» деп гана кыйкырдым. Бирөөнүн атын айтып кыйкыргандын да кыйыны барбы? Кыйкыр дешти кыйкырдым. Болду дешти, кете бердим. Ошондон кийинки олтурган кебетем жанагы болчу. Жанымдан өтүп бараткан Бакен эже токтой калды. Оордуман ыргып турдум.
– Жарайсың! Азамат! Сен даяр артист турбайсыңбы. Өттүң. Буюрса, мамаңды тартсаң жаман артист болбойсуң. Кара, Гүлшаранын эле өзү! – деп, колумдан ала куттуктап, бетимден өөп басып кетти. Эшикке жеткенде кайрылып:
– Баса, мамаң залда олтурат. Бара бер мамаңа, мында эмне олтурасың? – деп чыгып кетти. Ошол күнү биринчи колун кармаган күнүм эле. Эже болсо чыгып кетти. Мен олтурган жеримде олтуруп калдым.
– Мамаң дейби? Гүлшарасы ким? Акылым айран. Аңгыча жаныма классташым Эшенкул Барпиев келди. Ага Бакен эженин айткандарын төкпөй чачпай айтып бердим.
– Мен да өтүпмүн. Жүр, тамак ичип келебиз. Эшенкул мени ээрчитип жөнөдү.
Оюм он талаа. Бассам – турсам Бакен эженин сөзү көңүлүмдө. Түштөн кийин ачык турган кабинеттин эшигинен Гүлшара Дулатова эжени аңдый карадым. Галина Ибраева эже экөө чай ичишип, сүйлөшүп олтурушкан экен. Ой, тобоо! Мына кызык! Карасам, чын эле Гүлшара эже мага окшош экен. Жок, мен ага окшош экем. Сөздүн төркүнүн кийин түшүндүм. Көрсө, мени Гүлшара Дулатова эжеге окшоштурушуп, ал тургай ошол эженин кызы экен дешип, бир тобу шектенишкен тура. Кийин бизге сабак берип, аралашып калган кезде Гүлшара эже өзү да айтып каткырып жүрбөйбү. Азыр болсо таптакыр эле окшошуп калдык. Ошондон ушул кезге «мама» деп жүрөм. Адамга адам окшош болот тура. Бир топ кишилердин: – Гүлшара Дулатованын кызысыңбы? – дегендери кийинчерээк мени анча деле таң калтырбай калган. Кээде, кайра мактанып, «ооба, кызы болом» деп, кайкая басып кетчүмүн. Эстей кылганыбызда биринчи эле Бакен эжени айтып, Гүлшара апам экөөбүз боорлорубуз эзилгенче күлчү элек десең…
… Кайран гана кыргыз элинин бешенесине бир келген сахна жылдызы!.. Кыргыз аялзатынын асылы, сахна Ханышасы – БАКЕН эжем!!! Мен сизди ушулардын баары эсинде го деп, жаныңызда божурап жүрө берген турбаймбы. А, сиз… Сиздин ушундай абалга жетип калганыңызды кайдан билейин. Ал тургай театрдын кире беришинде үн- сөзсүз олтурганыңызда да, үйбөй саламымды айтып, жаныңыздан канча ирет жалтактай сүрдөнүп өтүп жүрбөдүмбү. Көрсө, менин саламымды деле, сүрдөнгөнүмдү деле көрбөй, укпай, жай гана олтура берчү турбайсызбы. Кечир мени эжеке? Атаны кокуй, арман күн! Көрсө, баягы сүрдүү Бакен эжем эмес эле, бир сөлөкөт олтурчу турбайбы… Кечир мени эжеке? Кечир? Бир мени эмес, вахтадагы аялдар айткандай, тебелей түртүп, көрүшсө да көрмөксөнгө салгандарды, баарын… баарын кечир?! Билип билбей кылган күнөөлөрүн, жаңылыштыктарын, пендечиликтерин… Кечир?! Пендечилик! Пендечилик! Ошол үчүн адам турбайбызбы…
Тирүүчүлүктүн бир кемчилиги ушул тура. Тирүү кезде кордоп, өлгөндөн кийин телегейин тегиз кылып, сулуу кеп – сөздөр менен келиштире оңдоп… Түрүң курган тирүүлүк ай! Адам дегениң маймылдан да жаман экенбиз го. Айтканыбыз бир башка, кылган ишиң бир башка. Керек болсо керт башыңдын кызыкчылыгы үчүн бир байкуштун тагдырын «талпак» кылып тепселегенге да барат экенбиз. Андан да тирүүчүлүгүң колуңдан келип турганда адам экенсиң, кичине сылтый түшсөң адам катарынан түртүлүп калат турбайсыңбы. Эмне үчүн адамдар ушундайбыз? Эмне үчүн? Эмне жетпейт? Эмне?! Бири – бирибизди кадырлап сыйлоо ушунчалык эле кыйынбы?.. Эмне үчүн жакшы сөздү аяп, жамандык кылганча шашабыз? Өзүңдө жокту өңгөдөн көрүп, көрө албастык кылып, көргө киргизгенче жан талашабыз? Эмне үчүн?!..
1Капырай! Ушундай да окшоштук болобу? Тим эле куюп койгондой окшош. Көргөндөрдүн эч кимиси тана албайт деп ойлойм. Анткени сахнада Бакен эженин ролун ойноп жаткан Кыргыз Республикасынын эл артисти Назира Мамбетова эмес эле, тирүү Бакен Кыдыкеева олтурду. Тирүү БАКЕН… Ар бир кыймылы, баскан турганы, бурулганынан бери окшош! Жада калса колдорун ушалап, аста жылмайып койгонучу. Дене башым муздай түшүп, жүрөгүм лакылдап чыкты. Бакен эжемдин ошол өлөөр алдындагы кебете – кешпири… Так өзү! Байкуш эже. Жаңы жылдын алды эле. Биздин театрдын балдары үйүнө чейин жеткирип коелу дешсе болбой койгон экен. Анан алар таксиге салып жиберишиптир. Мүмкүн…
Деле тереңирээк талдай келгенде ар бир талант бири – бирине эч окшошпойт. Ар бири өзүнчө кайталангыс талант ээлери! Назира Мамбетова эже да 40 жылдан ашкан өмүрүндө сахна менен кинодо далай далай көрүүчүлөрдү таң калтырган түркүн образдарды жаратты. Анын ичинде кино тармагын, теле тасмаларды кеңири кеп кылсак болот. Мунун баарын айтып олтуруунун кажети жок деп ойлойм. Анткени бул актрисаны улгайган адамдардан баштап, бешиктеги балдардан бери жакшы тааныйт десем эч жаңылышпас элем. Мени таң калтырган бүгүнкү Бакен эженин ролун тирүү Бакендей ойноп элге жеткиргендигинде. Залда көрүп олтургандарга типтирүү эле Бакен маңдайларында турса кимиси, – Бул Назира Мамбетова деп, айта алат? Эки актрисаны бири – биринен ажырата албай олтургандарынын да жөнү бар. Бул өтө бийик актердук чеберчилик эмеспи! Ооба, так ошондой болду. Назира Мамбетованын бийик актердук жөндөмдүүлүгү зал толтура олтурган элди көз боечудай арбап, ден – дароо кылып койду. Актрисанын бирге иштеп бир жүргөн замандаштарына болгон таарынычтарын, жеке жашоосундагы азап – муңу… ызасы… Көкөлөтүп келип ташка чапкан тагдырына болгон таарынычы… Мына! Мына! Бул Бакен эмей ким?! Өзү! Так өзү!!! Ээрдин кесе тиштей өзөк өрттөгөн муңун ичине катып тургандагы, мунары өчүп бараткандагы көзүнөн мөлт этип жаак ылдый кеткен бир тамчы жаш, анан ошол замат дүйнө менен эч иши жоктой нес болуп калганы… Так өзү! Бул чыныгы Бакен эже! Өзү! Бирок эже арабызда жок да… Болгону, Улуу актрисанын образын гана ойноп жатбайбы.
Мына чеберчиликтин бийиктиги! Эки актрисаны бири – биринен ажыратуу мүмкүн эмес. Бул да Улуу актриса! Демек, Залкардын экинчи өмүрүн даагы бир Залкар актриса бизге жеткирип олтурат. Бакен эжеме экинчи өмүр тартуулап олтурат. Ушундай эмеспи көрүүчүм?! Дал ошондой! Кара басканын… үнү… олтурганын…
Ой кыялдарым уйгу – туйгу. Жан дүйнөм жанчылып, өзүмчө чыракка түшкөн көпөлөктөй чарк айланып чаң – тополоң түшүп жаттым. Бакен эжекемдин не бир элестери көз алдыман тасмадай тизилип өтүп жатты. Жашоо деген ушул белем арман! Айланамдагылардын өкүнүү менен бышылдагандары жүрөгүмдү эзип жиберди.
– Кайран Бакен эже! Кайран Бакен эже! Ушинтип калган тура…
Мына актрисанын мыктылыгы! Жашаңыз Назира эже! «Жакшы жашамак бар, жакшы өлмөк жок!» – дейт. Бакен эженини тагдырын эч кимге бербесин. Сиздей адам, сиздей өнөр ээси да жүз жылда бир жаралат. Бар болуңуз!
Сизди карап олтуруп да аргасыздан бир кезде уккан кептерди эстөөгө туура келди. Ош театрынан келген кезде, бир топ кишилердин ортого түшкөнүнө карабай сизди Кырдрамга албай коюшканына аябай таң калган элем. Көрсө, «ит күлүгүн түлкү сүйбөйт» деген туура окшобойбу! Ошол убакта каршы чыккан кээ бир адамдар бүгүн сизди: – Таланттын талантты гана ушундай болот! Жарайсың, Назира!!! – деп, мактап олтурушпайбы. Бир кезде Бакен эжени да ушинтип мактап, анан мактоо менен жайлашкан да ээ? Мына сага адам деген! Мына пендечилик! Баары бир сиз уттуңуз Назира эже. Анткени сизде чыныгы чоң талант бар. Чоң талант!!!
Байкашымда өзүнө өзү тура алган ар бир таланттуулардын «арсыз душмандары» көп болот тура. Сизде да жок эмес. Алар көрө албастыктын туткунунда туйлаган «ары жок келемиштер» эмей кимдер? Мейли, кандай сүйлөшсө андай сүйлөшсүн. Мындай мүнөздөрү менен ар бир адам баласы өзүнүн тайкы гана жагын көрсөтө алаары бышык.
Ар бир убак ушундай жеңиштерге жете бериңиз кыргыз элинин кымбат кызы, Кыргыз сахнасынын жана кыргыз киносунун жылдызы Назира Мамбетова!!! Бүгүн сиз Бакен эжебизге экинчи өмүр бердиңиз. Ооба, экинчи өмүр! Залкардын өмүрүн залкар улайт деген ушул эмеспи… Бакен эжекемдин арбагы колдосун!
Мүмкүн драматург Жаныш Кулмамбетов бул пьесаны жазбаса бүгүнкүдөй чоң жаңылык болот беле, болбойт беле. Андыктан Жаныш Кулмамбетовго дагы чексиз ыраазычылык билдирүү керек экенин унутпайлы. Турмушта көзүң көргөндөн качып, акыйкатты тике айткандан айбыгабыз. Ошондой эле болуп жатпайбы. Ачуу чындыкты жашырып келебиз. Туурабы, замандаштар?! Баш кесмек бар, тил кесмек жок!..
Кеп кезегинде айта кетээрим, Жаныш Кулмамбетовдой чындыкты бетке айткан, калпын кашык эмес чаралап чачкан кыргыздын чыгаан уулдары көп болсо гана атаганат! «Талант жана Тагдыр». Пьесанын аты эле эмне деп олтурат. Албетте мындай көрүнүш окуялар башка тармактарда деле жок эмес деңизчи. Тирүүчүлүктүн ар бир күнүндө, ар бир түнүндө адам баласын көлөкөдөй ээрчип келет эмеспи. Ошол үчүн жашоодо жакшы менен жаман, ак менен кара, ачуу – таттуу эриш аркак жүрөт тура. Бирок, менин баамымда бул кара санатайлык, көрө албастык, бут тосуу биздин маданият тармагында бөтөнчө басымдуу орунду ээлегендей. Же, калппы?! О – оо… «Оо дүйнөгө» кошо көтөрүп кетчүдөй наам талашабыз, бийлик талашабыз.
Пьесада келтирилген ар бир окуя чындыгында адамдын жүрөгүн сыздатпай койгон жок. Автор Бакен эженин жөн эле кооз мисал кылбады. Болгонун болгондой, чырылдаган чындыкты жазыптыр. Жакшы кездерин, атак – даңкка жеткенден кийин азаптуу ачуу жашоосу… Автордун бул эмгегине арбак ыраазы болду деп ойлойм.
… Оюн жүрүп жатканда Бакен эжекебиз автор КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, драматург Жаныш Кулмамбетовго, оюнду койгон режиссер, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер жана КРнын эл артисти Алмаз Сарлыкбековго, азаптуу күндөрүн эсине салып арман кезин козгогон, өзүнүн айрып алгыс элеси – Улуу Бакен – КРнын эл артисти Назира Мамбетовага, жаш Бакен – Гүльмира Ташматовага, Даргүл Күйүкова – Гүльмира Турсунбаевага (Т.Турсунбаева жана Б.Кыдыкеева атындагы сыйлыктардын ээси), кызын ойногон Жаңыл Манапбаевага ыраазычылыгын билдирип, сахнанын бурчунда биз менен кошо ыйлап тургандай болду. Ооба, ооба! Улуу актриса ыйлап турду. Аны Аалам укту, Жер Эне укту, биз гана… биз гана…
Ал театрдын директору Темирлан Сманбековго, сүрөтчү Бакыт Тилекматовго жана театрдын жалпы артисттерине чоң ыраазычылыгын билдирип тургандай болду.
Спектаклдин коюлушуна көмөк көрсөткөн кыргыз элинин чыгаан уулдарынын бири Керексизов Ташкул Жанузаковичке бөтөнчө ырахматын айтып, көрсөткөн сыйыңа берген батам деп, Теңирден өмүр тилеп тургандай болду.
Арбактар бизди ар убак колдоп, жаныбызда эле жандап жүрөөрүн унутпашыбыз керек. Алар баарын көрүп, угуп турушат. Туура айтамбы, Бакен эже? Мына бүгүн өз көзүңүз менен баарын көрдүңүз. Жаш Бакен (Гүльмира Ташматова) чыкканда, кандай абалда турганыңызды түшүнүп турам. Ыйладыңыз ээ? Албетте, сүйүнгөнүңүздөн. … Назиктиктин, сулуулуктун, сырдуу ыйык сүйүүнүн керемет күндөрү… Тоолуу Нарын театры! Ак – Сай – Арпа… Долондун ашуулары! Көк тиреген Тянь – Шань тоолорунун чокусундагы аппак кардай акак сүйүүң! Алкынган Нарын суусундай ээ – жаа бербеген арышы катуу кеткен ак эмгектериңчи?! Тоо койнунда калган чагылгандай жалындуу жаштыгыңчы?… Кайран жаштык! Ушулардын баарын көрүп турдуңуз ээ?
Чеги жок ойго тумчугуп, демим кысыла түштү. Аттиң! Аттиң дүйнө десең!..
– Талантты берген Кудай, таттуу тагдыр бербейт тура! Бир жагынан берсе, бир жагынан кем кылып коет окшобойбу. Мунун чындыгы бар. Көп эле артисттер сахнада бактылуу, а, жашоосунда жалгыз. Бул калыстык эмес! Сахнада бактылуу болгонубуз үчүн жашоодо жалгыз өтүшүбүз керекпи?! Кай жазыгыбыз үчүн?! Же эмне, баарын сахнага берип салдыкпы? Карап турсам жашоо да аялзатына берген энчисин бизден кызгангандай болуп кетет. Бул эмнеси? Эмне үчүн?
Ошентип, оюн да бүттү. Көпкө созулган кол чабуулар. Ооба, кудум илгеркидей. Сиз Айганышты, Дездемона, Жесси, Эркеайым, Гонерилья, Варвара, Анна, Сейде, Катерина, Мастан кемпир, Софья, Майсалбүбү, Айдайды ойногондон кийинки кол чабуулардай… Токтогон жок. Зал жаңырып чыкты. Сиздин аккуудай болуп келип жүгүнгөнүңүздү күтүштү. Бирок сиз чыккан жоксуз. Сахнанын ортосунда гүлгө оролуп, Сиздин образыңызды ойногон АКТРИСА турду.
Кандайча? Кайсы кара баскан күнү кайратыңызды алдырып койдуңуз эжеке?!
Көрдүңүзбү, мынабул кол чабууларды! Сизге деп арналган белектерди. Гүлдөр! Сиз жыттаган, сиз кучактаган, сиз сүйгөн гүлдөр… Мактоолор! Бакен! Бакен! Бакен!!!
6Тигине, УЛУУ БАКЕН, УЛУУ АКТРИСА – НАЗИРА МАМБЕТОВА сахнанын ортосунда дале образдан чыга албай турат. Өкүнүү менен айтылган эскерүүлөрдү угуп жатасызбы, Бакен эже?! Тим эле азыр жер жаңыртып өкүрүп жиберчүүдөй…
Сиз «Бакен! Бакен!» болуп турган кезде булар ким эле? Эки жүздүүлөр! Ошол кезде буларың кайда жүрүштү эле? Урматтуу маданият министрлиги! Маданияттын бир бурчун чойгон кишилер ушулар эмес беле, Бакен эже? Эми минтип неге катуу өкүнүп жатышат? Неге адамдар тирүү кезде сыйлап, барктап, батышпай, өлгөндөн кийин ушинтишип, – «Укмуш адам эле!» – деп калышат. Неге? Неге?!
Убагында, сиз «карайлап» калган чакта ушулар эле жашооңузду жеңилдетип, колдоп коюшса болот беле? Болмок! Эми минтип Сиз бүгүн өлгөндөй өксүп, жоктоп жатабыз. Кокуй күн! Кокуй күн?! Бакендин өлгөнүнө 12 жыл болбодубу! Жакамды кармадым. Дагы да болсо пендечилик! Пендечилик!!!
«Колдо бар алтындын баркы жок!» дегендей, Сиздин тагдырга окшогондор четтен чыгат. Бир комнат үйгө ээ болбой, эптеп үйлүү болгон кезде аттиң, колу – бутун кенен сунуп кемпири менен ысык чай ичпей Болот Бейшеналиев агабыз да «силердин айылга» кете берди. Кыргыз маданият искусствосунда даагы бир оор жоготуу болду. Болот Бейшеналиевди акыркы сапарга узатуу учурунда (Кырдрамдын ичинде) Казак элинин эл акыны, ошондой эле КРнын да эл акыны Мухтар Шаханов:
– Ойбай! Ойбай! Оозун ачса жүрөгү көрүнгөн кыргызым! Биз улуу адамдан, улуу таланттан айрылдык! Болот бүтүндөй кыргыз калкын экран аркылуу дүйнө элине тааныткан талант эле. Таланттуу адам ал – Океан! Боорлорум!!! Кыргыздын даагы бир кырааны колдон учуп кетти! Жалпы казак элинин атынан, өзүмдүн атымдан кайгыңарды тең бөлүшөм. Кош боорум! Кош Болот! Кош!!! – деп, катуу өксүп, коштошкон эле.
Ошол эле учурда биздин жогорку жактагылардан бирөө минтсе болобу: – Болот Бейшеналиев агабыз таланттуу адам болчу. Агайдын кыргыз калкына кылган эмгеги зор! Бокемдин артында эмгеги калды. Мен агайдын үйү жогун ушул убакка чейин билбепмин. Болот агайдын бир жөнөкөйлүүлүгү ушунда, бир жолу да Өкмөттөн үй сурап жогору жакка кайрылган жок! Ар кандай маселелер менен Ак үйгө жүгүргөндөр көп эле болот. Бокем бир да жолу кайрылган эмес. Ал жөнөкөй, бир сырдуу адам эмес беле. Кош, Боке! Кош…
Ушул сөзбү?! Уяттуу өкмөт неге эртелеп урматтап, камкордук көрбөйт?! Эгер өз жарандарына учурунда камкордук көрбөсө «ак үй», «көк үйдүн» элге кереги не? Көрсө, булар барбагандарды, тынчын албагандарды макташат турбайбы. Мүмкүн, – Биздин тынчыбызды албай аман – эсен өлүп бергениңерге ырахмат! – деп да жатышкандыр…
Мына сага Өкмөт!!! Бир казактын алдында канча кыргыз башты жерге салдык. Ошол турушумда Болот агай менен кошо өлгөндөй болдум. Гүлдүн түрүн «чөп» деген, төө экен деп эшекти «чөк» деген, асылды таштан айрый албаган «өкмөтүм», өнөр адамдары өзүнөн мурун сени ойлойт! Элин – жерин ойлойт! Өмүр бою элге бекер кызмат кылып өтөт. Акча да жок, үй да жок, анан ушинтип… кетээр жакка «жылаңач» кетет! Кайран талант ээлери! Акылдуу болсо өкмөтүм, тирүүсүндө кадырлап, эртерээк эле үйдү берип койбойбу? Мына, Бакен эже. Болот агайды ушинтип узаттык.
Боосу бек болсо экен! – деп, ар бир келген министрдин амандыгын тилейбиз. Сокурдун тилегени эки көз демекчи, артисттердин тилегени жашоо шартыбызга, ишибизге түз караган, түз чечкен, калыс, адамгерчилиги зор МИНИСТР! Жетекчиң бийлигин түз жүргүзбөсө, баштаган эркечи жок бир атар койдой баш оогон жакка талаалап, талаада калаарыбыз чындык эмеспи. Анан сиздин тагдырдай тагдырга туш келбейбиз деп кантип айта алабыз. Ким кепилдик бере алат? Бул кашкайган чындык!
Ээ, Бакен эже, айтса арман көп. Кептин төркүнү талантты берген Кудайым, жеке жашооңдо да бир аз болсо дагы бактылуу тагдыр берсе дегеним го. Анан ошол кан жаныңды аябай тытынып иштеген күндөрүңдү, сахнага берген өмүрүңдү көмүскө калтырбай убагында баалап, барктап алышкан жетекчилер болсо… Өкмөт дегениң өңгөнү сыйлаганды кое туруп, өз элиндеги таланттарды алакандарына салып асырап алышса гана атаганат?!..
Таптаса күлүк чыгабы, же, таштак жерге чаптырып, тарпын чыгарса күлүк чыгабы?! Талантка сүрөө керек! Жашпы, карыбы аны кадырлоо керек. Ал күчүнүн барыныда «айдайым!» деп, карыганда четке кагып, унутта калтырганыбыз Кудайга жакпаган иш эмеспи. Буга мисал Улуу актриса Бакен эженин кейиштүү өмүр жолу болур олтурбайбы, замандаштар!
Аттиң арман! Арман дүйнө!
Куттуу сахнада жылдыз болуп күйүп, Теңир берген керемет талантыңыз, келишкен сулуулугуңуз, өнөр сересиндеги бийиктигиңиз менен – сахна Ханышасы болдуңуз.
Бакен! Бакен! Не деген – БАКЫТ!.. Не деген – ДӨӨЛӨТ!.. Ушунун баарын көтөрүп келип, анан… анан… кандайча… Бири кем дүйнө!!!

Кошумча толуктоо: Б. Кыдыкеева 1923 – жылы 30 – октябрда туулган. 1993 – жылы 30 – декабрда 70 – жашында дүйнөдөн кетти. 1926 – жылы борбордо театр студиясы ачылган. Бакен эже 1936 – жылы театрга артист болуп кирген. Кыргызстандагы алгачкы ТЮЗ театрынын актриса өмүрүнүн акыркы жылдарын учурдагы ТЮЗ театрында өткөрдү десек болот. Азыр жаштар театры Бакен ЧынарКыдыкеева атындагы Мамлекеттик театры болуп калды.

КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы
сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынар КАЛЫБЕКОВА.

Jan 13

Детектив..

SarnogoevaД У Д У К.

Түндүн коюу караңгылыгы тарап, жерге жарык түшө баштады. Жарыктын кириши менен уясынан бырп учкан канаттуулар чыркылдап ары-бери учуп, таң менен кошо ырысын издеп жарышка чыгышты. Жаңы чабылган сап-сары аңыздарда үйүр-үйүр жылкылар, агытылган аттар, субай уйлар шашпай оттоп, жайылып жүрөт. Бул тегеректе ушул бейкапар оттогон мал-жандыктан башка адамзаты ойгоно элек болчу.

Аңгыча аңыздын четиндеги дөбөнүн бооруна кандайдыр бир машина келип токтоду. Ичинен шартылдай кыймылдаган эки жигит чуркап чыгып арткы жүк салгычын ачты да, башына кап оролгон бирөөнү сууруп чыгышты.

– Ымтырабай болгула, жерге жарык кирип баратат! – деп зекиди алардан кийин машинадан түшкөн киши тигил экөөнү. Ансыз деле дуңкулдап шашып жүргөн жигиттер каптагы адамды тыбырап туйлаганына карабай дыркырата сүйрөп жөнөштү. Дөбөнүн бир капталы ак тополуу жарча боло турган. Бул айылдын эли кыш куюп, шыбак шыбаганга топуракты ушул дөбөдөн алышчу. Калган жердин топосу кара келип, курулушка жарачу эмес. Натыйжада дөбөнүн бир башы аңырая казылып, ар кай жерине көлкүлдөп суу толуп, кээ бир качанкы казылгандарын бийик өскөн куурай, коко-тикен басып жатат.

Эки жигит жанагы бечараны түз эле ошондой оюктун бирине дыркыратып сүйрөп барышты. Үчүнчүсү болсо алардын артынан эки күрөктү сүйрөп ээрчип келатат.

– Тетигил чуңкурга алып баргыла, – деди ал берки экөөнө жарчанын дал түбүндөгү чуңкурду жаңсай көргөзүп. Тигилер буйрукту кыңк этпей аткарышты. Эки колтуктан кармап дырылдата сүйрөгөн бойдон айтылган чуңкурдун жээгине алып келип, тизелете чөгөрүштү.

– Чеч башындагыны!

Колундагы күрөктөрдү нары жакка таштап, күрмөсүнүн ички чөнтөгүнөн тапанчасын сууруп чыгып, ыңгайлай кармады. Тигилер жерде отурган неменин башындагы капты ары-бери чечип жиберишти. Бечаранын бети-башы канталап, көздөрү шишип чыгыптыр. Кыязы бир кыйла тепкилешкен көрүнөт. Кыйкыра берип айгак болбосун дегенби, оозуна да тоголоктошкон чүпөрөктү тыгып салышкан. Байкуш кимдердин колуна түшүп, кайда келгенин болжогон окшобойбу, үмүтү үзүлгөн немедей тизесине тик отуруп, көзүн жумуп түп-түз туруп берди.

– Кечирип кой Жеки. Өзүңө-өзүң кылдың, – деди да жанагы ороңдогон неме тапанчасын тигинин так эле чекесине такады. Тырс эткен туюк үн чыкты артынан. Тапанчанын оозуна буралган үн каткыч добушту думуктуруп жутуп койду. Тизелеп отурган шордуунун башы артты көздөй шылк дей түшүп, денеси менен кошо ооп барып казылган чуңкурга кирип кетти.

– Ылдамыраак тигил топодон омуруп көмүп салгыла! – деди тапанча кармаган киши эки жигитке. – Болгула! Эл тургуча жок бололу бул жерден.

Жигитттер жерде жаткан күрөктөрдү ала коюп, чуңкурду көздөй аңдын боорундагы бош топурактан омуруп киришти. Бир заматта айлананы чаң каптап, бырпырап жатып калды.

– Туй иттики, ушунтип чаңдай берет эми. Силер көмүп коюп келгилечи, мен бара берейин.

1389575600965_collagemixТапанчасын кайра бооруна катып, кылган ишине маашырлангандай кыңылдап ырдап машинаны көздөй басты. Бирок анын бул кыңылдаганы көпкө узаган жок. Машинасын айлана басып оттоп чыга келген койлорду көрүп жүрөгү оозуна кептеле түштү. «Бул маалда жайытка чыккан кайдагы койлор?!» Ушул суроо анын жүрөгүн элеп-желеп кылып жиберди. Жанындагы бийик өскөн куурайга жашына калып, колуна тийген таш-паш менен тигил экөөнү уруп өзүнө чакырды. Иштин кызуусуна кирип алган немелер анын таш ырыгытып, чакырып жатканын бир топто барып байкады.

– Токтоткула! Жашынгыла! – деп жаңсады экөөнө. Тигилер ишин дароо токтотуп, жанындагы эле чуңкурга кире калышты.

Койлордун артынан чыга турган койчуну күтүп, эки жагын алаңдай карап отурду. «Кайда жоголду экен? Буларды көрүп качып кетпеди болду бекен? Шайтан алгырдыкы, таң атпай кой жайып киши келет деп ким ойлоптур». Ичинен кайра-кайра сөгүнүп айланасын карай берди.

Мындайда бир дагы күбө калтырууга болбойт. Бир эле айгак чыгып калса эртең айыбы ачылып калышы мүмкүн. Мунун корккону эле ушул.

Эки жагын аңдый карап алдыга жылды. Эңкейип жоргологон бойдон машинага жетти. Бирок, ичине отурган жок. Машинанын далдоосуна өтүп аңгектин айланасын карай баштады. Акыры тапты. Жарчанын наркы кырында жүдөө кийинген, ап-арык бала бийик өскөн чийлерге жашынып алып аңгектин ичиндеги экөөнү карап туруптур. «Кандай кылсам?» деп ичинен ойлоно калды берки. «Бул аралыктан тапанча менен атууга мүмкүн эмес. Же кубалап көрсөм жете алар бекем? Жок бул чымылдаган неме оңой менен жеткире койбос. Андан көрө дөңдү айланып барып артынан чыгып көрөйүн» Ушул чечимин туура көрдү да баланы көздөй чийлерди аралап бөкчөңдөп жөнөдү. Бирок, ойлогон ою дагы ишке ашпай калды. Кашайгансып жайылып жүргөн койлор мындан үркүп дүр бере калды эле, бала кайрыла калып көрүп калды. Экөөнүн көзү чагылыша түштү бир заматта. Анан кудум бирөө буйрук бергенсип экөө тең жашынган жерлеринен ыргып турушту. Эми ылдамдабаса болбойт. Дароо колундагы тапанчасын сунду дагы туштай кармап машаасын басып-басып калды. Бирок, мынча аралыктан жай убакта да түз тийгизе алчу эмес. А минтип өпкөсү көөп, шашып турганда таамай атуу кинодо гана болоор. Айткандай эле октору кайда кеткени белгисиз жок болду. Бала болсо шарт бурулуп аңгектин наркы тушундагы коктучага кирип кетти. Ого бетер шаштысы кеткен неме күлтүңдөй чуркап артынан түштү. Бирок, денеси оор тартып калган жаны күүлөнгүчө бала бир топ узай түшүптүр. Чимириктей чимирилип бараткан немеге тирүүлөй жетпесине көзү жетти да отура калып удаама-удаа ок чыгарды. Бул эми такыр эле айласы кеткен кишинин аракети болчу. Октору таптакыр башка жерлерди чаңдатып гана тим болду.

Акыры аңдын кырына чуркап чыга калып тигил экөөнө кыйкырды.

– Нурик чурка! Айылды көздөй кетти. Тезирээк! Өлсөң да калба артынан! А сен, күрөктөрдү алып чоң жолго чыга бер.

Өзү болсо күлтүлдөй чуркап машинасына отурду да дөңдү айланып өткөн топурак жол менен чоң жолду көздөй чаң ызгытып жөнөдү. «Баланы айылга жеткирбей кармаш керек!» Ушул ой мээсинде тынымсыз кайталана берди. Чаңы сапырылган жолду буркурата тебелеп аңды-дөңдү карабай уруп баратат. Талаа сугарган арыктардан тим эле дөңгөлөктөрү жулунуп кетчүдөй дүңкүлдөп отуруп, бат эле айылды көздөй кеткен чоң, таш жолго чыкты.

– Кудай эми жеткире көр! Эми жеткире көр! – деп ичинен Кудайлап алып, газды өкүртө басып зуулдатып жөнөдү. Бала качып бараткан бир таман жол дөңдөн тик түшкөндүктөн айылды көздөй ылдыйыш экен дагы, дөңдүн артынан айланган чоң жол кыйла эле өр  тартып кетет экен. Ошондон улам алдындагысы жакшы күүлөнө албай озондоп өкүрүп баратты. Тигине эрбеңдеген бала сары талаа менен айылды карай чымылдап баратат. Артында Нуриги, узун буттарын кере-кере шилтеп, ал дагы күүлөнүп алган.

Качкан да кудай дейт, кууган да кудай дейт деген ушу тура. Алдыда эч айыбы жок чымындай жаны чыркыраган бала, артта канча адамдын башын жеп канга тойбогон карышкырдай кумсарган эки желмогуз. Эзели келишпес ак менен кара, чындык менен кара өзгөйлүк бул жолу ушул үчөөнүн келбетине кирип, кашкөйлөнө жол талашып баратты. Бирде-бири бир кадамын туура эмес таштап, же бир көз ирмем жолунан жаза тайып адашып калса, тагдырдын таразасы дароо атаандашына оой турган кылчайнашкан учур. Чымындай жанын ала качкан бала, сай күлүктөй кадамы тик сайылган узун бут жана өр тарткан жолдон күүлөнүп-күүлөнө албай күркүрөп, албууттанып келеткан машина.

***

Бала болуп башына түк чыкканы кыштагы көзүнө мынчалык ысык көрүнгөн эмес чыгаар. Жаак ылдый салаа-салаа жаш кетип, аңды-дөңдү карабай чуркап баратты. Шордуу жаралгандан эле үнү чыкпаган дудук эле. Болбосо эчак эле айгай салып, жер жаңырта кыйкырып жөнөсө жанын арачалап калмакка алдыдан бирөө жарым чыгаар беле. Аттиң десең… Айылдаштарынын караанына ушунча зар болгон жок эле буга чейин. Тескерисинче алардан жаа бою качып, жалгыздап басканды каалачу эмес беле. Эс тартканы адам уулунан көңүлү калып, эч бирөөнөн жылуу сөз күтпөй жетилип келатты эле. Бүгүн минтип бир карандай караанга зар болуп келатканын карачы. Жан таттуу деген ушул тура атаганат.

Кыштактын четки тамдарына жетээрине да аз калды. Арттагы дүпүлдөгөн дабыш болсо уламдан-улам жакындап келатат. Өзү үч аттаган жерди ал бир эле аттап келаткансыйт тим эле. Бирок, бурулуп караганга чамасы да келген жок. Аңгыча оң жак капталынан таш жолдун чаңын бурулдата сапырып келеткан машинаны көргөндө бечаранын кымындай жүрөгү дагы бир жолу солк этип, көзү караңгылай түштү. Бирок, тубаса көкбеттигин карматып, күүсүнөн жазбай айылын көздөй түп-түз келе берди.

Кыштактын эң четки көчөсүнө бурула берээр жерге машина менен чогуу эле жетти байкуш бала. Алдына күү менен келип жолун торой токтогон машинадан жанагы буурул чач киши ыргып эле чыкты. Бирок, бала да туруп калган жок. Шып этип буйтай бурулуп машинанын артынанайланып кетти. Жанагы адам жакшы эле кол сермеп келип кармады эле, самсаалап айрылайын деп турган чаар бешмантынын кармаган жери эле колунда калып, бала суурулуп чыгып кетти. Өзү болсо машинага бир капталы менен урунуп алып күүсүн кармана албай жер сүзүп жыгылып калды. Ушул учурда буларга Нурик да жете келди. Төрт аяктап тура албай аткан неменин үстүнөн тартактап секирип өтүп баланын артынан салды ал. Анткени менен жолду торой токтогон машинаны айланып өтүү аны да күүсүнөн тайдырып жиберди. Машина менен эң четки бакчанын тосмосунун ортосундагы тар кычыктан эптеп кыпчылып чыгып, жаңы эле баланын артынан кууп жөнөмөк болгондо, алдыдагы чымылдаган неме шарт бурулуп биринчи эле тамга кирип кетти. Ушул жерден Нуриктин шаабайы сууй түштү. Талпаңдап барып токтоп, эмне кылсам дегендей артына бурулса, артында шефи да өзүнө окшоп бала кирип кеткен үйдүн короосун алаңдай карап туруптур.

***

Биринчи үйдүн дарбазасынын астынан сойлоп өтө калып, короосун айланып наркы үйдүн чарбасын көздөй жөнөдү. Эки кошунанын ортосу тикенек зым менен тосулуу болчу. Колун ченебей тыттырып алганына да карабай зымдын ортосунан өтүп наркы кошунанын чөп канасына кирип кетти. Жаңы эле жыйылган чөптүн бир бурчу уядай оюк экен. Кыязы иттер кирип жаткан тешик окшойт. Култ этип ошого кирип кетти да, өз оозун өзү эки колдоп басып бүрүшүп отуруп калды. Байкуштун коркконунан эки көзү алаңдап, колу-буту токтобой титиреп жатты. Бир заматта башынан өткөн окуя көз алдынан кетпей кайра-кайра тартыла берди. Башы артка шылк дей түшүп чуңкурга кулап кеткен киши, Үстүнө топуратып топо омургандар, анан акыры аз жерден кармап кала жаздаган буурул чач, толук киши. Айрыкча жанагы атылган адамдын өлөөрүндө так өзүн теше караган көзү анын мээсине түбөлүк жазылып калды…Коркконунан көзүн жумуп, буттарын ого бетер бүрүштүрө кымтыды. Бирок коркунучтуу элестер көзүн жумганына да караган жок. Баланын такыр айласы кетти. Кудум бирөө келип кармап кетчүдөй бүрүшүп, жыйылган чөптүн түпкүрүн көздөй тыгыла берди.

Ушинтип канча отурганын ким билсин, бир маалда кимдир бирөөнүн өзү отурган жакты көздөй келеткан кадамын сезди. Бала добушту укпаганы менен, жакындап келеткан кадамдарды кадимкидей ажырата билчү. Ал тургай чоң кишинин кадамы менен жаш баланын кадамын да даана ажырата алчу. Адамдын басканы ага жер аркылуу сезилээр эле. Азыр дагы ошол сезими менен туйду. Кимдир бирөө шашпай жакындап келатты. Байкуштун жүрөгү ого бетер алып учуп, өз оозун өзү карыша басып, тырышып отурду. Быш этип дем чыгарса эле буурул чач буттан кармачудай болуп демин көгөрө карманды. Оюнда бир саам шып этип суурулуп чыгып туш келди качкысы да келди. Бирок дабыш ушунчалык жакын жүргөндүктөн, ордунан турганга да эрки жетпей койду. Ал ушинтип же тура чуркай албай, же тыгылып жата албай эки анжы болуп алаңдап турганча жанагы дабыш кайра узап кетти. Эми акырын башын чыгарып шыкааламак болду. Бирок, саал кыймылдаса эле чөп-чар шуудурап, тигил сезип калабы деп кайра шүк отуруп калды. Ичинен убакыттын тезирээк өтүшүн гана тилеп отура берүүнү чечти акыры..

Ушул убакта анын так эле түбүнө дагы бирөөлөр тапырап чуркап келди. Ал ушунчалык жакын келгендиктен баланын көзү умачтай ачылып, көздөрү алаңдап кетти. Байкуш, эгер үнү чыкканда бакырып жибериши да мүмкүн болчу. Бирок, үн чыгаруу деген нерсе ага дегеле буйруган эмес эле. Көздөрүн алаңдаткан бойдон чөптүн тереңине ого бетер тыгылып, тырышып отуруп калды. Жанагы келген неме болсо өзү отурган жердин так эле түбүнө туруп алды. Дудуктун көзүнө жанагы тапанча кармаган киши кайра элестеди. Ал азыр мунун чыгышын күтүп чөптүн түбүндө турат окшойт. Аңгыча нарытан дагы бирөө шашпай басып келди эле тиги биринчи келген дабыш дүңкүлдөп, бир башкача басып чөптүн артын көздөй кетти. Бала ошондо байкады бул адамдын дабышы эмес экенин. Биринчиси, торпок, экинчиси уй саап жүргөн аял деп баамдады акыры. Ошондо гана жүрөгүнүн лакылдаганы бир аз басаңдап, денесинин тырышканы жазылгандай болду. Дагы бир аз отурган соң акырын башын чыгарып эки жагын карады. Көрсө уй саар маал болуп, аялдар, анча-мынча эрте турган эркек кишилер пайда болуп калыптыр. Баары бүттү дегенсип тээ чыгыштан жаркылдай чыга келген күн тоо башынан көтөрүлүп калыптыр.

Акырын үймөктүн түбүнөн чыгып, короонун арты менен көчөнү көздөй басты. Бул айылдын эли короолорду жол жээктете зым менен тордоп тосуп туруп, торду түптөй жыш тал отургузуп салышчу. Бала жашынган үйдүн ээси дагы жыш тал отургузган экен. Ошол талдарды аралап өтүп, башын чыгарып көчөнү карады. Жанагы өзүн кууган машина көрүнбөйт. Анда-мында сааны бүткөн аялдар уйларын көчөгө агыта башташыптыр. Аларды көрүп бир аз демине дем кошула түштү да, зымдардын арасынан этияттык менен өтүп көчөгө чыкты. Бирок, ошондо да көчөнүн ортосу менен баса алган жок. Алаңдап эки жагын каранган бойдон короолорду, тал-теректи түптөп үйүн көздөй жөнөдү. Бир маалда эсине кароосуз калган койлору келди. Эми атасына койлорду эмнеге таштаганын кантип түшүндүрөм деген ой мээсин жей баштады. Чын эле бул атасы менен дагы, апасы менен дагы жарытып сүйлөшө алчу эмес. Деги бул үйдөн эч ким анын тилин түшүнчү эмес. Ага болгону койду көргөзүп «койго бар», уйду көргөзүп «уйга бар» дегенди билишчү. Же болбосо ага-инилери аны артынан айдап алып көң ташытып, отун ташытып, кар ташытып иштетишээр эле. Кыскасы төрөлгөндө эле тубаса дудук түшкөн немени үйүндөгүлөр кул катары гана пайдаланышчу. Өзүнүн азан чакырылып коюлган аты өчүп «дудук» болуп, кийин кой айдаган коңгуроону колунан түшүрбөй көтөрүп жүргөндүктөн «шыңгырак дудук» аталып калган. Бечара колунда коңгуроосу жок болсо кой айдаганга да жарачу эмес. Ошондон улам атасы ага тапкычтык менен коңгуроо жасап берип койгон. Баласына эң чоң жардамы ошол болду анын. Ошону менен жаз-күз койдун өтөлүн ушул шыңгырак дудук алчу. Таң атпай баланы ойготуп, колуна бир шише айран, бир тегерек нан карматышчу да, малын алдына салып талаага кетирип ийишчү. Башында кичинекей неме ойноп кетип, же койлорун таштап үйгө эрте келе калып жүрүп бир нече жолу айоосуз токмок жеди. Андайда атасы аны чоң кишини ургандай кызыл камчыга алып сабачу. Эч ким, ал тургай тууп өстүргөн апасы да болушчу эмес. Ошентип жүрүп байкушту кой артынан калбаганга үйрөтүштү. А кийин болсо шыңгырак дудук жерге жарык кире электе туруп, малын короодон чыгарып кеткенге көндү. Апа сөрөйү күндүз кечке жей турган наны менен иче турган айранын жатаарда эле даярдап, бир баштыкка салып босого жакка коюп койор эле. Андан башка уулунун камын көрүү, эс алдыруу, эркелетүү деген анда болчу эмес.

Кыскасы баары ага кулагы кесик кулдай мамиле кылчу. Бир туугандары ал жок бир да жумуш кылчу эмес. Ал тургай кээде бир канча жумушту ага көргөзүп коюп, өздөрү ойноп кетишчү. Же эч нерседен бейкапар жылуу-жумшак үйдө отурушчу. Дудук аларга башында атаандашканы менен кийин көнүп калды. Анын оюнда өзү көр оокат үчүн гана жаралгандай эле сезилчү. Оюн, жаңы кийим, даамдуу тамак дегенди такыр эле самабай да калган.

Баса, мунун дагы бир өзгөчөлүгү бар эле. Анысын айыл эли кийинкиге чейин оозунан түшүрбөй аңыз кылып жүрүштү.  Башында мунун андай жөндөмү бар экенин эч ким деле байкачу эмес. Балким ошол окуя болбогондо дагы деле билинбей калмак. Кыскасы, ал мындай болду. Бир күнү кечке маал дудуктун кою кандайдыр бир кысталыш болуп, бир көчөнүн кесүүсүнө кошулуп кетти. Айтмакчы, бир көчөнүн эли койлорун кезектешип кайтарып жүргөндө, дудугуна таянган атасы аларга кошулчу эмес.

– Менин дудугум эч кимге кор кылбай эле өзү кайтарат койлорду, – деп мактанып корсулдап калчу ал.

Айткандай эле дудугу эч кимге кор кылган жок. Ошол күнү гана саат басып анын кою кесүүгө кошулуп кетти. Атасынан өлгүдөй корккон бала дагы тил уккусу келбей жан талашып шыңгырагын шыңгыратып чимирилип жүрүп койлорун талаадан эле бөлүп алды. Башка бирөө болгондо кечинде короосунун алдынан деле бөлүп алмак. Бирок дудукка андай кылууга болбойт. Койлорун башка бирөөгө кошуп жиберүү, аны жон талаштыра урулган камчыга дуушар кылаары турган иш.

Ошону менен кесүү кайтарган балдар койлорун айдап кетишти. Ойноок балдарга баары бир да. Дудуктун кою кошулду, кайра бөлүндү, бүттү. Мындай окуя беркилер үчүн кеп кылаарга деле арзыбаган иш эмеспи.

Бир топтон кийин, күүгүм тартып калганда дудук койлорун айдап келди. Атасы аны «элдин эң артында айдап келип жүр» деп үйрөткөн. Байкуш келди да койлорун камап коюп, көчөдө туруп калды. Бир маалда алардан 5-6 там ылдый жашаган Кадыр өйдөнү карай өттү. Дудук ошону эле күтүп турса керек, шап эле колдон кармап короосун карай тартып жөнөдү. Тиги кишинин «эмне болду?» дегенин уккан да жок. Же өзүнөн үн чыкпайт. Башында кетенчиктеген менен эмнеси болсо да бара көрөйүн дегенсип Кадыр анын жетегинде басып короого кирип барды. Дудук түз эле аны койлордун жанына алып келди да, бир жерге тургузуп коюп, өзү аралап жөнөдү. Кадыр анын кылыгын дагы эле түшүнбөй башы маң. Бир маалда дудук бир ак койду шыйрактан алып кармап, дуңдап чакырды. Барып караса өзүнүн кою. Ошондо түшүндү иштин жайын. Көрсө анын бир кою буларга кошулуп кеткен тура. Бирок, иштин эң кызыгы, бул бала короосуна кирген чоочун кой Кадырга таандык экенин кайдан билди десең?  Кийин анын бул жоругун кошуналар бүтпөс кеп кылып айта башташты.

– Тобоо, ал менин коюмдун энин билет экен эй? – деп айтып чыкты Кадыр эртеси эле айылга. Андан кийин кошуналар анын кой толуктаганына, малды кандай таанырына кызыгып көз сала башташты. Ошондо билинди бул баланын шумдуктуу өнөрү.

– Шумдугуң кургур, ал биздин көчөдө кимдин малына кандай эн салынганын жатка билет экен, – деп жатышты алар уу-дуу кеп кылып.

– Эй аны айтасың. Өмүрү мектепке барып, эсеп-чотту үйрөнбөгөн неме, өзүнүн койлорун кантип толуктайт экен дебейсиңерби, – деп ачылыш кылды дагы бирөө.  – Ал деген ар бир коюн өңүнөн тааныйт экен. Агын актай, карасын карадай тааныйт экен ал.

Айыл эли башта ишенбей, атайылап сынап да көрүштү. Натыйжада кошуналардын айтканы туура чыкты. Ошондо алар Жараткандын адилеттигине дагы бир жолу тобо дешип, жакаларын карманышты.

– Байкушка тил бербеген менен акыл-эсти шумдук бериптир Кудай Таала. Кокус бул бала окуса шумдук адам болмок окшойт, – деп шыпшынышты уккандар.

А атасы алардын кебине корстон боло күлүп гана кутулуп жүрдү. Ал үчүн бул дудукту окуткандан көрө малын бактырып алганы дагы пайдалуураак сезилчү.

– Бул биздин каныбызда бар. Бул балам мал багып турса берки балдарым деле окуп-чокуп чоң адам болот, – деп койчу ал элге мактангансып. Бирок, ал дудукту эл көзүнө эле балам дегени менен, нары жагында эч качан баладай көргөн жок.

Азыр да байкуштун көз алдына атасынын ачуу жүзү тартылды. Чын эле кантип айтат ал атасына? «Мени бирөөлөр кууду, тапанча менен атты» дегенди кантип айтат? Эмне деп айтат? Атасы анын айтканын күтөбү? Же «кой кана?» деп колуна тийген неме менен чаап, сабап баштайбы? Ушул ойлор баланын мээсин мурдагыдан да мыжый баштады. Байкуш, үйүнө жетээрин жетип, бирок дарбазаны ачып кире албай далдырап туруп калды. «Кантип айтам? Эмне деп айтам?» деген суроолор миң ирет кайталанып, жообу табылбай жатты. Дарбазаны ачаарын, же ачпасын билбей туткасын кармаган боюнча тура берди. Ушул маалда үйдүн эшиги ачылгандай болду. Дудук дарбазага жакындай калып тешигинен шыкаалады. Так эле атасы экен. Бир нерсеге нааразы болуп алган окшойт. Кабагы бүркөлүп, жини келгендей сүйлөнүп атат. Баланын оюна дароо койлору келди. «Таштап кеткенимди билип алган го» деген ой зып дей түштү мээсине. Кирерге тешик таппай кайсалап, үйдүн артын көздөй айлана чуркады. Тамдын артында мал кирип-чыга турган зым эшик бар болчу. Шып этип кирип, дубалга далдаланып калды. Атасы чын эле бирөөгө нааразы болуп алыптыр. Өзүнчө сүйлөнүп алып эшиктин алдына чыкты да, көчө ылдый басып кетти.  Байкуш дудук, ал ылдыйкы кайрылыштан бурулуп кеткиче чый-пыйы чыгып, жанын койоор жай таппай турду. Качан атасынын карааны көрүнбөй калаары менен чымылдаган бойдон койлоруна жөнөдү. Бирок бул жолу көчө менен кетүүдөн айбыгып, аңызды аралап, талаа менен чуркап баратты.

***

Кадыр облустун коопсуздукту коргоо мекемесинин кылмыш иликтөө бөлүмүндө бир топ жылдан бери эмгектенчү. Ал өз ишин жан дили менен аткарып, кызматына ак мамиле кылган чыныгы милиционерлерден эле. Далай эле кызматкерлердей болуп жеп ичүү, байлык топтоо колунан келип турса да, арам жолго баспай, так жүргөнү көпчүлүк башчыларына жага берчү эмес. Натыйжада, аны улам башка жерлерге которуп, биринен-бирине оодара берише турган. Ал эми азыркы иштешип жаткан башчысы болсо ага мурдагылардан да өтүп кастарын тигип калды. Бирок, ишинен айып таба албай туруп мекеменин оозко алынып калган чыгаан кызматкерин алып ыргытуу колунан келбей жүрөт. Ошентсе да жайына койбой эң татаал, башы ачылбас иштерди качан болбосун ага түртөт да турат.

Мына, бул жолу да капкайдагы борбордон алыскы айылда катталган кылмышка Кадырды шилтемей болду. Нөбөтчү аркылуу айттырып бөлмөсүнө чакыртты. Баса, начальник керек болсо өзүнө түз чалууну да ыраа көрчү эмес. Атайын кыр көрсөтүп нөбөтчү аркылуу сүйлөшө турган.

Көп күттүргөн жок. Эшигин такылдатып кирип келди. Узун бойлуу, түксүйгөн кара каштуу, акырын сүйлөгөн, сыпаа жигит болчу.

– Чакыртыпсыз, – деди ал кирип жайланышкан соң.

– Ооба, – чакырттым деди башчы кабагын чытып. – Азыр Кара-Таштын аймактык милиционери телефон чалды. Алардын айылына жакын топурак алган карьерден адамдын өлүгү табылыптыр. Жергиликтүүлөрдөн эмес дейт. Чекесине тийген октон улам көз жумуптур. Айтымына караганда чоң кылмыш болгон окшойт. Тезинен ошол айылга жөнөгүлө. Сөөктү бул жакка изилдөөгө салып жиберип өзүң ошол жакта кал. Эл-журттан сураштыргыла. Көргөн-билгендер бардыр. Кандай маалымат болбосун дароо билдирип тур.

– Макул. Кайсы машина менен барабыз?

– Моргдон машина барат да. Ошону менен эле бар?

– А келгенимечи?

– Кадыр, эркелегенди койсоңор боло. Машина тартыш болуп турганын көрүп турасың го.

Берки унчуккан жок. Баары бир унаа берилбесин жакшы билчү. Кызматтык машиналар короодо бош эле турат. Бул башчынын жөн эле кычастыгы. Бөлмөсүнө жетип эле моргдун кызматкерлери менен байланышты. Убакыт болжошуп алып алардын тамтыгы чыккан унаасына түшүп, тоо этегинде жайгашкан айылды көздөй жөнөдү. Үйдө аялы, эки баласы күтүп отурат. Бирок, кызмат деген кызмат. Аларга карай турган убакыт эмес. Телефонунан кыска маалымат жиберип тим болду. Сарсанаа кылбайын деп дайыма ушунтип койот бир жакка кетеринде. Болду. Ошол кыска маалымат жөнөтүү жетиштүү. Майрам күн болобу, бала-чакасынан бирөөнүн туулган күнү болобу, ага баары бир. Кызмат деген кызмат. Баса, анткени менен үйүндө деле аталык милдетин так аткарчу. Балдарына жароокер ата, аялына сүйүктүү жар боло алды. Аялы анын ишинин татаалдыгына түшүнүү менен мамиле кылды. Мамлекеттин өп-чап айлыгы менен жетишпеген турмуштун оош-кыйышына чыдап, күйөөсүнө арка-бел болуп келет. Аны менен турмуш кургандан бери канча жолу ишинен которулуп, канча жолу көчүштү. Же өкмөт ошол которгонуна жараша жайланышаар үй-жай, отун-суусун камдап берип койсо гана. Бир жерге жаңы жайланышып, ошол жерден орун-очок алаарда, кайрадан түп көтөрүлтүп көчүрүп жөнөшөт. Улам-улам окуусунан, дос-жарынан калган балдарынын кыйналганын айтпай эле кой. Анан барган айылга көнүшмөй, ал жердеги жаңы батирин жууп-тазаламай, оокат-кечесин үйүп-жыйып ташымай. Деги азабы көп.

Кадыр ушуларды ойлоп келатты. Анын бул аймакка которулганына бир жылдын жүзү болгону менен азыр бара турган айылга жолу түшө элек болчу. Мурда-кийин тааныш болуп, келип жүргөн жер болгондо иш кыйла жеңилирээк болот беле…

Табылган өлүктү жергиликтүү эл аңдан чыгарып, бери көлөкөгө жаткырып, үстүн жаап коюшуптур. Нары жак, бери жагын тегеректеп бир топ адамдар жүрөт. Күнүмдүк турмушка жаман да болсо бир аз бойок кошкон бул окуя элет ичиндегилерди өзүнө тартып, кызыгуулары тарабай турган экен.

– Кудайга тообо, бул киши өлтүргүчтөр ушул жакка да келген тура, – деп жакасын кармап жатышты алар. – Элүү жылда эл жаңы деген ушул. Болбосо мындайды кинодон эле көрчү эмес белек. Кара чечекей адамды өлтүрүп, аңга көмүп кетет деген качан болду эле кыргызда.

Кадыр алар менен сылык учурашып, биринчи ким көргөнүн, кандай көргөнүн сураштыра баштады. Жанында жолдош болуп аймактык кызматкер, айыл өкмөт жана бир-эки жергиликтүү өкмөт адамдары жүрдү. Өлүктүн түспөлүн кылдат карап эле анын ур-токмокко алынганын жана тапанча чекесине такай атылганын билди. Баса, анын улуту башка экени, жергиликтүү элди эле эмес, өзүн да таң калтырды. Калкынын токсон ашык пайызын кыргыз улуту түзгөн алыскы аймакта чет элдикти өлүү эмес, тирүү жолуктуруунун өзү сейрек учурай турган көрүнүш эмеспи. Кылмышкерлер дасыккан адамдар окшойт, бир да белги калтырбаптыр. Бир гана ушунча шарт турганына карабай, чала көмүп кетип калганы кызык. «Демек, аларга бир нерсе тоскоолдук кылса керек» деди ичинен. «Эмне шаштырды экен? Кап, издерге карап, канча адам экенин билсе болот эле, кашайып топураган кишилер бүт тебелеп салган тура. Ай ушул кызыгы күч кишилердин ишке тоскоол болгону ай!» Казганактап кетпей турган элди карап ичинен кейип койду. Бирок, сыртына чыгарган жок. «Болоору болуптур, эми жок дегенде буларды сураштырып, маалымат алуу жагын ойлош керек.»

Дээрлик баарын сурап көргөнү менен кашайып бирөөнөн да дурусураак бир нерсе уга алган жок. Айласы кетип жарды айлана басып, тигилердин машинасы токтоп кеткен жерге келди. Дөңгөлөктөрүнүн изин карады. Кетээрде күч менен жерди тытып, чаң сапырып кетиптир. «Деги эмнеге мынча шашкан булар?» Анан аңдын үстүңкү кырына чыгып тиги ойдуңдагы топурап жүргөн элди карады. Морг кызматкерлери сөөктү алып кеткенден бери алар бир топ азайып калганы менен, дагы эле айланчыктап басып жүргөндөр суюлбай койду. «Ээх, элет элинин кебелбеген адамдарын карачы. Бирөөсү да шашып койбойт» деп ичинен бир эсе ыраазы боло карады аларды. Алардын ушул жөнөкөйлүгү, камырабастыгы да жагып кетчү өзүнө. Жакпай анан. Дайыма шашып, жандалбастап жүргөн шаар тургунуна булардын минтип жүрүшү суктанаарлык көрүнүш эмеспи. Анын үстүнө өзүнүн да алтындай балалыгы айылдын так ушундай карапайым адамдары менен эриш аркак өтпөдүбү.

«Ишти шашылыш токтотуп, машинаны катуу айдап кеткенине караганда кимдир бирөөдөн качып, же кимдир бирөөнү кууп кетишкен көрүнөт. Ким болду экен ал? Качышты бекен? Же куушту бекен? Ушул айылдын эле тургунубу же… Ушул күздүн сөөк какшаткан суук түнүндө таң атпай бул жерге кайсы чоочун келиши мүмкүн. Болду-болбоду жергиликтүүлөрдөн… Бирок, жергиликтүүлөрдөн болсо эмнеге эмдигиче көргөн адамдын шек-шоораты жок. Элеттиктер демейде мындайды ичине катып жата албайт эмеспи. Бат эле дуу болуп чыгышы керек эле. Же кармап ала кетиштиби? Же өлтүрүп кетиштиби? Жок… Жок, мүмкүн эмес. Эмгиче жоголгон адам деле билинмек.» Кайрадан ойго батып ары-бери басты. Бир кулагын айылдын таза абасын жара бакылдап сүйлөгөн кишилерге да салып, алардын кебин да тыңшады. Тигилер ылдый жакта, а бул болсо үй боюнчалык жарчанын кырында тургандыктан алардын үнү шашпай угулуп турду.

– Ой өлүктү биринчи ким көрүп, милицияны ким чакырды? – деп бул жерге жаңы келген бирөө кызыга сурады тургандардан

– Жаныбектин баласы көргөн тура.

– Кайсы жанагы чоң баласыбы?

-Жок берки карасы. Түндө бир ую келбей калып ошону издеп келиптир. Келсе аңдын ичинен эле карга-кузгун айланып калыптыр дейт. Анан, уй өлүп калганбы деп жакындап келип карап алып кайра айылды көздөй бакырып качкан тура. Ошол, ошону менен атасына айтып, атасы тиги участковой Канатты чакыртыптыр.

Кадыр бул айтылганды жанатан бери он жолу укту. Кимден сурабасын ушундан башка маалымат ала алган жок. Албетте окуяга тап-такыр тиешеси жок нерселерди да кошуп айткандар болду дечи. Бирок, негизги өзөк ушундан башка болгон жок. А тиги кара баланы деле сурашты. Бирок, андан деле ашыкча кеп уга алган жок. Атасы менен учкашып келди да, көргөнүн көргөндөй айтып берип, кайра кетип калды. Жашы 13-14кө келип калган, долдураган бала экен.

Аңгыча, жардап тургандардан экөө аттарын минип жардын кырына чыкты да, Кадырдын жанына токтоп, тоо тарапка турнабай сала башташты.

– Бүгүн үчүнчү күнбү? Базарга чейин букамды табышым керек эле, – деди алардын бири.

-Уулуңду эле жиберип ийбейсиңби, – деп жооп кылды ага жанындагы.

– Ал мектептен бошобой атат. Жанагы алтын күз деген майрамга даярданабыз деп эле керээли кечке жүрөт.

Кадыр аларды угуп саал ойлоно калды. Анан жакындай басып,

– А жанагы кара бала мектепке барбайбы? – деп жөн салды сурап койду.

– Барбайт ал. Аны менен шыңгырак дудуктун атасы жыргады. Баланын баары мектепте жүрсө, ал экөө талаада мал артынан жүргөн болот. 

– Шыңгырак дудук дейсизби? Аты шумдук го.

– Аты эле дейсиңби? Өзү да шумдук анын. Байкуш таң атпай, эл тура электе койдун артынан кетет да, керээли-кечке кайтарат. Жаанбы, суукпу урганы да жок. Оорубайт дагы, ыйлабайт дагы. Жаны жан атаң гөрү.

– Таң атпай кетет дейсизби? Кайда кайтарат коюн? – Кадыр эми кызыга сурай баштады. Окуянын түйүнү чечилип бараткансып, көзү балбылдап кетти.

– Эми ар кандай. Кээде тиги туура жолдон чыгып, тээ тиги дөбөлөрдү көздөй жайып кетет. Кээде ушул дөбө менен өтүп, тээ тиги бетке жаят.

– Бүгүнчү? Бүгүн кайда жайыптыр?

– Билбейм бүгүн кайда экенин. Эй, Сапар! – тиги киши аңдын ичин карап кыйкырды. – Жанагы шыңгырак дудук бүгүн коюн кайда жайыптыр?

– Албы? Ал тээ тиги бетте жүрбөйбү.

– Аа, тигине. Тиги бетте жүргөн ошол шыңгырак дудуктун кою тура. Өзү кайда кетти экен? Көрүнбөйт го! Тиги киши эми ошол бетте жүргөн койлорду карай турнабай сала баштады. – Демейде сербеңдеп эле койлорунан чыкпайт эле, бүгүн жок.

– Кана бериңизчи?! – деп шашмалады Кадыр. – Демек ал коюн ушул жерден жайып өттү да туурабы?

– Ооба, ушу жерден өтөт.

– А канчаларда чыгарат коюн?

– Ой ал таң ата электе чыгарат. Күн жаңыдан чыгып атканда анын кою төшкө жетип калган болот.

– Таң атпай деңизчи. Мектепкечи? Мектепке барбайбы?

– Аа, ал шордуу тубаса дудук да. Аны ким окутмак эле. Тиги Жаныбектин баласы болсо бир аз акылы кемирээк. Аны да атасы окуудан чыгарып алды.

Кадыр эми анын сүйлөгөнүн укпай да калды. Көзүнө тиги кишинин турнабайын такап алып, маңдайындагы жантай бетте жайылып турган койлордун чеке-белин сыдыра карап, кой кайтарган баланы издеп жатты.

– Бүгүн көрдүңөрбү аны? – деп сурады Кадыр жанындагы экөөнөн.

– Жок,- дешти тигилер таң калгандай.

Кадыр дүрбүнү ээсине бере салып жардын кырына саал жакындады да,

– Бүгүн тигил дудукту кимдир бирөө көрдүбү? Жүрөбү ал? – деп сурады.

Топтошуп турган адамдар бири-бирин элейип карап калышты. Анан көрбөгөндөрүн айтып, кайра Кадырды суроолуу карашты. Аны эмнеге сурап атканы акылдарына чүргөлбөй койду.

«Өлтүрүп кетишти го байкушту? Же салып кетишти бекен?» деп ичинен зырылдап алды өзүнчө.

– Атасы ким анын? Үйүнө келиптирби баласы? Кадыр кайра сурады жанындагылардан.

– Атасы жана жүрбөдү беле ушул жерде. Чоң тору ат минген семиз, сары киши, – деди тургандардын бири.

– Ой анын баласы күндүз дегеле үйүнө барбайт. Тигил коюн таштабайт ал. Сатый жеп койоор аны коюн карабаса.

– Байкушту десең. Үнүн Кудайга жеткире сабайт тура ал. Балага да ошончо мыкаачы жан болот экен, тообо.

Кадырдын эми даана шаштысы кетти. Артында турган кишинин атын сурады шарт эле.

Дудукка барып келейин, атыңызды берип туруңузчу, – деди шашмалап. Тиги киши «мейли» деген болуп атынын чылбырын карматып салды. Бала кезинде көп эле атка минип көнгөн Кадыр дароо аттанды да тигил бетти карай желдире басып жөнөдү. Топтошкон кишилер аны элейе карап кала беришти.

 

Уландысы..

Күн кызарып тоо башына эңкейип, дене бойду ичиркенткен муздак жел жүрө баштады. Туш тарабы тоо менен капталган өрөөн болгон соң бул жак бат эле сууктап, кыш эрте келе турган. Бирок, бул көрүнүш жергиликтүү элге чоочун деле эмес. Тээ бала чагынан бери тоо койнунда өскөн эл, өкмөттүн көзүн карап көмүр түшүрүп бер, электр кошуп бер деп отурбай эле отун-суусун камдап, суукка камынып алган. Кеч кирээри менен мештерге отуну, көңү шыкай жагылып, боркулдап казаны да кайнап, чайы да чыйылдап чыга келет. Үй ичи болсо оттун жагылышы менен кутка бөлөнүп, өзүңөн-өзүң мемиреп, өзүңөн-өзүң жаның сергийт. Ал эми көмөч казанга бышкан ысык нанды каймакка матыра жеп, артынан сүт кошулган ысык чайдан ууртап боргулданып оттун алдында отурсаң бул өзүнчө эле айтып бүткүс керемет. Андайда сыртта улуп-уңшуган аяз турса да сөөгүңдүн музуна чейин жибип, көңүлүң көтөрүлүп чыга келет.

Айылдагы аймактык милициянын үйүндө отуруп Кадыр ушуларды ойлоду. Курсактары тойгонуна курсант болуп бир тегерек таттуу токочту кармап алып мештин артында ойноп отурган балдар анын көзүнө ысык көрүнүп, өзүнүн тээ артта калган бала күндөрүн эске салып өттү. «Атаганат, ошол күндөр бир кайрылып келсе кана!..»

– Начальникке чалдыңызбы? – деп оюн бөлдү Канат. «Эмнеге чалам, кайсы начальник?» дегенсип бир саам элейе карады аны Кадыр.

– Ал эмне деди? Машина жибермей болдубу? – деп суроосун улантты берки Кадырдын жообун күтпөй. Кептин төркүнүн ошондо түшүндү окшойт.

– Аа. Ага чалганда эмне? Баягы эле да. «Көргөн-көрбөгөнүн так билбегенден кийин аны алып келгенде эмне?» деп оңураңдап койду. Билгем анын ошентээрин.

Ошону менен кайра унчукпай отуруп калышты. Кадырдын көз алдына эми кой артынан делпектеп чуркап жүргөн чилмийген арык бала тартылды. «Байкуш ай» деп ичинен сызып алды. Колуна тынымсыз шыңгыраган коңгуроо байланган чыбык көтөрүп алыптыр. Баса, аны жана аттанып барганда таба албай бир топ убара болду. Бери жактан баратканда жакшы эле бир баланы көргөндөй болгон. Бирок, жакындай берип эле эч кимди таппай калса болобу. Жайылган койду тигиндей тегеренип карады, мындай тегеренип карады, жок. Кыйкырып да көрдү. Аттанаарда атын сурабай калган экен. Баары эле «дудук, дудук» дей берип атын айтышпаптыр. Өзү да сарсанаа болуп атып, тактап алганды унутуп калган тура. Барып алып, эмне деп издеп, эмне деп чакыраарын билбей айласы кетпедиби. Дагы жакшы бери жактан койдун жанында жүргөнүн көрүп калган экен. Болбосо, бала жокдеп кайра кете бермек окшойт. Нары бастырды, бери бастырды. Жанындагы дүпүйгөн бадалга кирип алдыбы, деп анын түптөрүн да жакшы эле шыкаалады. Акыры айласы кеткенде жонго чыкты да, атын чылбыры менен наркы бетке тушап коюп, өзү кой жакты аңдып жатып калды. Бул анын акыркы амалы болчу. «Коюн өлүп баратса таштабайт дешти эле. Демек ушул айланада эле отурат» деп ичинен кымылдап отурду. Жаңылбаптыр. Тигине, жаңы эле өзү караган бадалдын түбүнөн суурулуп чыга келди. «Шумдугуң кур оой, кантип жашынган ага? Карабадым беле жакшы эле» деп башын чайкады Кадыр. Утур-утур Кадыр кеткен жакты бир карап, тигил ылдый жактагы кишилер топтолуп турган дөбө жакты бир карап коюп коюна чуркап келди да, бир айланып тоону карай имерип жиберипдүпүйгөн шыраалжындын түбүнө отура кетти. «Эми коркутпай акырын барайын» деди Кадыр ичинен. Байкуш бала чоочун немеден чочулап айылды көздөй качып кетеби деп ичинен санааркады. Ордунан туруп ары барып атын кармап минип,жок издеген киши болуп койлорун аралап чыга келди. Ушинтип чыкса тигинин көңүлү бир аз токтолоор деген амалы болчу мунун. Балким кепке да ушул койлор аркылуу тартам деп ойлоду. Бирок, кепке тартып кете алаарына көзү жеткен жок. Бир ооз кеп айта албаган тилсиз менен эми кантип сүйлөшөөр экен? Акырын көздүн кыйыгын салды балага. Байкуш, кудум дыр берип үркүп кетээр жапайы улактай элейип карап туруптур Кадырды. Көзүнөн мөлт-мөлт куюлган жашы жаак ылдый куюлуп кетиптир. Өзү эле илмийип арыктаган, кан-сөөлү жок куп-куу бала экен, эми минтип коркунучка кабылганы ого бетер көзү алайып, ого бетер корунуп калыптыр. Ансыз да боорукер неме эле, баланын кебетесин көрүп жүрөгү зыр-зыр этип тилинип кеткендей болду. «Алда бечара ай!» деп алды ичинен. Анан калп күлгөн болуп, койлорду жаңсап бармагын көргөзүп «Баракелде жигит!» деп баркылдады. Дагы бир бастырып аралады да, семиз кочкорду көргөзүп «мону канчага сатасың я, досум?» деп көңүлдүү сүйлөдү. Дудуктан болсо үн жок. Дагы эле жанагыдай алаңдап өзүн бир карап, тигил алаканга салгандай көрүнүп турган дөбөдөгү кишилерди бир карап турат. Шакмарлап кирдеп, жедеп  жамаачыланып бүткөн күрөң күрмөсү менен мурдун аарчып, бытыйган колу менен жаашын аарчып койот. Кадырдын жүрөгү дагы чыдабай кетти. «Адам эмес турбайбы, адам эмес!» деп нары карап сөгүнүп алды. «Байкуш чиедей болгон немени жылуураак кийинтип деле коюшса эмне» деп дудуктун ата-энесин жемелеп жатты ал. Деги бул балага кантип жакындап, кантип сөз баштайт эми…Кайра бурулуп «канчадасың я досуке» деп кепке тарта баланы көздөй бастырып көрдү эле, байкуш бала шыпылдай басып жонду көздөйжөнөдү. Тим эле эми бир аз жакындаса бакырып ыйлап каччудай дикилдеп жүрөт. Эки көзүн Кадырдан албай карап атып топ шыраалжынга чалынып жыгылып да кетти. Ордунан кайра тура калып колунан ыргып кеткен коңгуроолуу чыбыгын алып жонду карай чуркады. Кадыр эми артынан баргысы да келген жок. Тигинин түрүнөн баары бир сүйлөшүүгө болбосун билди. «Кечинде үйүнөн барып сүйлөшпөсө болгудай эмес» деди да дөбөдө турган аттын ээсин карай бастырды.

Ошол ошо болгон. Атты ээсине берип кетиргени менен баланы аяй карап дөңдө бир топ отурду. Акыры күндүн суугу жанынан өтө баштаганда айылга бет алып участковойдун үйүнө келди. Экөө бир аз кеңешип алып дудуктун үйүнө барышты. Бирок, бул жолу деле кыйратып маалымат ала алган жок. Атасы дугдуңдап орой сүйлөгөн киши экен, «кайдан билмек эле. Көрсө келип айтпайт беле» дегенден башка эч нерсе айткан жок. Акыры сыртка чыгып баланын үйгө келишин күтүп калышты. Демейде баласын «элдин артында келип жүр» деп урушчу атасы бүгүн аяган болуп эң кичүү эрке уулун«койду айдашып кел» деп жиберди. Анысы так кетээрде апасы артынан чыгып,

– Ме, мобу жылуу күрмөнү да берип койчу. Тоңуп калды го байкуш, – деп жаңыраак кара күрмө берди. Участковой Канат мыйыгынан жылмайып алды да Кадырды акырын бери тартып,

– Канынан жаралган баласы экенин булар бүгүн билишти го, я – деп шыбырады. Кадыр болсо бечара дудуктун тоодогу элесин унута албай, унчукпай тура берди. Көп өтпөй эки бала койлорун айдап жетип келишти. Берки жардамга барганы деле баары бирбала эмеспи, ата-энесинин бүгүнкү анткорлонуп атканын ойлоп да койгон жок. Адатынча дудукка койду айдатып коюп өзү аркасында шашпай ойноп келетат. Улам-улам таш алып урган болуп койот. Үйгө жакындап калгандагана койду таштап, булардын жанында турган атасынын жанына чуркап келди да,

– Ата, ата, дудук айран куйган бөтөлкөсү менен нан салган баштыгын жоготуп ийиптир, – деп сүйүнчүлөгөнсүп кыйкырды.

– Ой энеңди урайын. Ушинтет эми, – деп бир ызырынып алды Сатый. Бирок, жанында турган өкмөттүн адамдарынан жалтайлады окшойт, кайра кебин буруп кетти. – Буга күнүгө баштык берип атып баштык да түтпөс болду. Эми эртең эмнеге айран куюп кетет экен?

Жанатан өзүнөн качып аткан неме азыр атасына чуркап корголойт го деп күттү эле, тилекке каршы бечера дудук атасынын минтип күпүлдөгөнүнөн ого бетер коркуп, бирде атасын, бирде Кадырды жалтаңдай карап койлорун айдап өтүп кетти. Бул көрүнүш Кадырдын жүрөгүнө дагы бир жолу октой кадалды. «Атаң көрү ай! Бу бечара атасына да корголой албайт тура. Корголомок тургай корунуп турганын карачы эми» деди ичинен. Анан ошол кабагы салынган бойдон Сатыйга күңкүлдөп алды.

– Баштыгыңызга кейибей түштө бир маал ысык чай берип коюп турсаңыз боло балага. Мобу суукта айран тамак болобу?

– Аа, эми суук түштү, ал деле болот. Кантип ушул чычкандай немени ачка койолу, – деп кайпактады атасы. Анан берки эрке баласына карап, – Тур тиги койлорду короого кама. Тигил кирсин үйгө.

Эркеси элтейип атасын биркарады да анын түктүйгөн кабагын көрүп койду карай чуркады. Бечара шыңгырак дудук керээли кечке оттогонго курсактары кампайып ынтыккан койлорду тыгылыштырбай чубата айдап киргизип аткан болчу. Иниси чуркап барып чыңкылдап «үйгө кет» дегенде гана элеңдеп булар турган жакты карап алып, үйгө кирип кетти.

Э Зуура! Чай берип, курсагын тойгуз баланын. Азыр биз да киребиз, – деп заңк этти Сатый артынан үйдү карап.

Чогуу деле кире беришсе болмок. Бирок, үй ээси калп эле көчөнүн өйдө жагын бир карап, ылдый жагын бир карапмаалкатып тура берди. Бир топто араң,

Жүрүгүлө, – деп экөөнү үйгө чакырды.

Бирок, алардын жардамы менен деле кыйратып маалымат ала алган жок. Кадырдын көзү даана жеткен бир гана нерсе, байкуш баланын өтө катуу коркуп калганы болду. Ким эмне сурабасын, башын чайкап же көзүн жалдыратып гана отуруп бергени менен жалжылдаган көздөрдө укмуштуудай чоң чочулоо турду. Ушул жерден анын ата-энесине дагы жаны кашайды. «Булар деле сүйлөшө албайт турбайбы муну менен. Коркутуп-үркүтүп жумшагандан башка эч нерсени билишпейт тура» деп ичинен түтөп отурду. Акыры ата-энесинин алдында да эч нерсе чыгара албасын билип, кейий коштошту да, ордунан туруп чыгып кетти. Артынан Канат кошо чыкты. Кадыр жинин баса албай бир топко чейин дуңкулдап келе берди. Акыры жинин чыгаргандай буркулдап,

– Бул бала бирдеме билет. Көргөн бул бала. Биз гана сурай албай атабыз, – деди. Ушундай ачуусу келип турганда тамеки чегип ийме адаты бар эле. Канаттан бир тамеки алды да күйгүзүп алып, кере-кере сорду. Анан,

– Эптеп ушул ишти бүтүрүп алайынчы, андан кийин бир күн түнөтпөймбаланы бул үйгө, – деп ызырынды.

– Биз киргиче кийимин которо калышканын көрдүңүзбү? – деп кошулду Канат. – Жанагы жаман шымы бутунан түшчү эмес эле, бизди сыртка кармай туруп кийинте калышкан тура.

– Желмогуздар!..

+++

Күндүн илеби күн өткөн сайын кайтып, сууктай баштады. Анан калса түнү менен улуп-уңшуп шамал да болуп чыкты. Ошондонбу, же башка бир нерсе болдубу, айтор эртең менен электр жарыгы да өчүп калыптыр. Таң эрте туруп көнгөн Кадыр бүгүн да эрте ойгонуп үстүнө Канаттын эски күрмөсүн баса кийип сыртка чыкты. Күн али чыга элек болчу. Кечээ кечке маал асман бетин бербей каптап келеткан булуттарды түнкү шамал алда кайда сүрүп кеткен окшойт. Болбосо бул кебетеси менен кар деле жаап коймок го.

Булар жаткан үй айылдын чыгыш жак четинде болчу. Зым менен тосулган анча чоң эмес бакчанын нары жагы эчак эгин-тегини орулган сап-сары талаа. Ар кай жеринде шашпай басып субай-султаң мал оттоп жүрөт. Айыл эли болсо али жылуу төшөгүнөн тура элек. Айлана жымжырт. Кадыр ичиркенип турганына карабай айылдын таңкы таза абасына, тээ бала чакты эстеткен көрүнүшүнө суктанып басып жүрө берди. Оюна капкайда калган балалыгы келип, көңүлү бир эсе көтөрүлүп, бир эсе ошол күндөрүн сагынгансып туталанып баратты. Бул минтип басып каякка чейин бармак ким билсин, аңгыча таңкы таза аба менен тараган коңгуроонун тынымсыз шыңгырагы көңүлүн бузуп кетти. Бул маалда айыл ичинде кайдагы коңгуроо? Ким болуп кетти дегенсип эки жагын карады. Тигине, ылдыйраактагы короодон алдында койкоңдой баскан карт теке, он чакты эчки баштаган койлор чыга келди. Артынан өңү өчүп кеткен күрөң күрмөчөн бала таягына байланган коңгуроосун ары бери шаңгыратып койду айдап алыптыр. Башына кайсы атасынан калганы белгисиз эски малакай, бутуна чоңураак желим өтүк кийип алган. Кечээ эле топтоголок болуп тоюп келгенине карабай, тим эле көптөн бери ачка калгансып ар кай жерге токтой калып жутуна тытмалаган койлорду таягы менен чымылдата кубалаган сайын коңгуроосу таңкы абаны жарып шаңгырай калып жатты. Айрыкча жаны тынбаган эчкилердин убарасы күч. Сербеңдеген улактар улам бир талды тегеренип эки аяктап тура калып кабыктарын сыйрып жеп жиберип, же тосулуп турган зым короону аралап кетип жөн басышпайт. Ушулар менен алек болуп келеткан бала качан бери жакта өзүн кызыгуу менен карап турган Кадырды көргөндө элейип тура калды. Ал тургай артка бурулуп качып кете жаздады да окшойт. Байкуш же өз жолу менен коюн айдап кете бере албай, же артка бурулуп качып кете албай, тек гана көзүн алаңдатып үйүн бир карап, жол жээктеп туш келди жайыла баштаган койлорун бир карап жаман болду.  Анын минтип бушайман болуп турганын сезе калды да Кадыр балага колунан келишинче жагымдуу жылмаюу тартуулап, түз пейилин көргөзкүсү келди. Бажаңдап сүйлөгөн болуп утурлай басты эле, дудук  артына бурулуп бир аз нарылап барып кылчактап токтоду. Кокус эми бир кадам таштаса тап-такыр эле качып кетчүдөй. Кадыр айласы кеткендей артка бурулуп үч кошконго келди да талаага кетчү жол тарапты бошотуп четке чыга берди. Ошондо да дудук бир саам көз жаздымда калтырбай улам-улам кылчактай каранып койлорун зыркырата айдап талааны көздөй жөнөдү. Бул жолу Кадыр анын колундагы баштыгына назар оодарды. Сатыйдын аялы дагы эле бир нан менен бир шише айран берип койгон экен атаганат. Ушундай сөөк какшаткан сууктун күнү муздак айран балага канчалык азык болоор экен деги? Ичинен ызырынып сүйлөнүп-сүйлөнүп алды да, шарт бурулуп артын көздөй жөнөдү. Ошол бойдон дүңкүлдөй басып үйгө келсе Канат дагы эле уктап атыптыр. Аялы болсо жаңы эле туруп от жага баштаган экен. Маанайы пас учурашты да, өзү жаткан үйгө кирип кетти. Канаттын алтыларга чыгып калган баласы менен бир бөлмөдө уктаган болчу. Кирсе ал чукуранып коюп таттуу уйкуда жатат. Наристе баланын жылуу үйдө мемиреп уктап атканын көрүп көзүнө жаш тегеренди. «Бечаранын ушул баладан айрымасы канча дейсиң… Ашып кетсе 3-4 жаш улуудур. Карачы эми оюндан башканы билбей турган маалда тигинтип таң атпай түйшүккө салып коюшканын. Ата болгонун урайын ошол Сатыйдын. Апа болгонун урайын…» Кадыр бир топко кейип отурду. Бир туруп азыр эле барып арыз жазып, баланын укугун тебелеген немелерди жоопко тарттырып, баланы алып кетейин дейт… Бирок, берки иштин жүрүшүнө тоскоол кылып алуудан коркот. Деги тиги кылмышкерлердин кебетесин көргөн жалгыз күбө ушул гана болушу мүмкүн Атаганат, тили болгондо эмне…

Чай ичиңиз байке.

Кадыр чочуп кетти. Ойго катуу берилип кеткен экен.

– Аа… Азыр, – деп алды да жаткан ордун жыйнаштыра коюп сыртка чыкты.

Шыпылдаган келин нары бери чай кайнатып, кечээки туураган этти ысытып ортого койду. Кадыр жайланышкыча Канат да жуунуп келип дасторкондон орун алды. Анча-мынча кобурашкан болуп чай ичип отурушту. Курсактары тоюп болгон кезде Кадыр,

– Айылдын кайсы жеринде дүкөн бар? – деп суроо салды. Канат эмне кыласыз дегенсип карап калды эле, аялы элпектик кылып жооп бере салды.

– Мектептин арт жагындагы көчөдө Жайна эженин дүкөнү бар. Эмне бир нерсе алат белеңиз?

– Ооба… Майда-чүйдө алайын дегем.

Кадыр чай ичип бүткөн соң түз эле дүкөндү көздөй жөнөдү. Сабак башталып, мектептин айланасы тунжурап тынчып калыптыр. Жана эле топ-топ болуп өтүп аткан балдардын аягы үзүлүп, көчөдө анча-мынча эле кишилер жүрүшөт. Адатынча ток пейил тартып, турмушуна ыраазы болгондой эч кебелбей шашылбаган элет эли. Өз элинде жүргөндөй улуу кичүү дебей баары менен учурашып жүрүп отурду. Барса дүкөн бек экен. Эмне кылаарын билбей туруп калды. «Дүкөнчүнү ким деди эле, аты ким эле» деп эстей албай жатты ал. Аңгыча арттан бирөө,

– Дүкөнгө келдиңиз беле? – деди учурашып бүтүп эле.

– Ооба. Качан ачылат?

– Тетиги дарбазаны такылдатып Жайна эже деп чакырсаңыз чыгат.

– Аа, рахмат. Ырас болбодубу.

Эсинен чыгып кеткен экен. Бул жерлерде дүкөндөр шаардагыдай дайыма ачык турбайт. Көпчүлүк убакта оозун калдайган кулпулар кайтарып турган болот. Бирок, ээси дүкөндүн жанында эле жашагандыктан, кайсы убак болбосун ачтырып алып соода кыла бересиң. Бул жолу да ошондой болду. Дарбазаны бир эки такылдатканда эле башына бир байлам жоолук байлаган бирөө чыга келди да, көп деле суроо суратпай дүкөнүн ачты.

+++

Тоо ташты темселеп жүрүп дудукту араң тапты. Жоругу жолдо калган бала бүгүн демейдегидей коюн төштү көздөй айдабай, түптүз эле аңызды аралатып отуруп айылдын ылдый жагындагы сууну көздөй жайып кетиптир. Аны антип ылдый кетет деп ким ойлоптур. Анан калса ар кай жерде эле топ-топ болуп жайылган койлор. Эгер кечээки атын берген киши жолукпаганда Кадыр тиги төш жактан эле издеп жүрө бермек. Ошол киши көрүптүр. Кечээ сатам деп  жүргөн букасын издеп жүрүп дудукка жолуккан тура. Анын айтуусу менен түз эле жетип келди. Бирок жакындап келээрден мурун алыстан акмалап, баланы бир сыйра карап алды. Болбосо кечээкидей жашынып алса, бул кокту колоттун ичинен таптыргыдай эмес. Анан калса ар кай жерде дүпүйгөн бактар да бар экен. Акмалап отуруп качан түз талааны көздөй жайылган койдун алдын тоскону басканда бул дакойду көздөй жөнөдү.  Нары карап шашпай бараткан бала муну байкаган жок. Ушундан пайдаланып бир топ жакындап алды. Анан тиги бала калтырып кеткен азыгынын жанына барып жайланыша отурду. Колуна көтөрө келген баштыгын ачып бир газетаны жайды да үстүнө көтөрө келгендерин жайната баштады. Таттуу токочторду чыгарып, макиси менен чапталган балыктын капкагын ачты. Жемиш ширесин, алма, момпосуйларды баштыгы менен ортого койду. Баарын жайгарган соң бала жакты карады эле ал, тээ нары жакка туруп алып өзүн элейип карап туруптур. Ордунан жылып өзү жасаган дасторконунун маңдайына өттү. Эми ал мурдагыдай артынан эмес маңдайынан карай баштады. Кадыр ага жайдары кыйкырып учурашып, кол булгалады. Өзү токочтон бир сындырып жеди да, ширеден желим чөйчөккө куюп жутуп алды. Анан желим кашык менен балыктан бир сугунду. Макиси менен алмадан бирди кесип оозуна салып тамшана чайнады. Улам балага көз кыйыгын салып койот. Тиги болсо ошол ордунда кыймылдабай тура берди. Деги эле жакындачудай эмес. Айласы жок ордунан туруп жайылган койду айлана басып нары кетти. Бул туурары менен тиги да элеңдеп кыштакты көздөй дыр берчүдөй обдулуп алды да, кайра негедир бир нерсесин кыя албай аткансып токтоп калды. Ооба, ал койлорун таштай албай жатты. Жакын эле жерде бир канча короо кой жайылып жүргөн. Кокус бир аз алыстаса эле аралашып кетчүдөй. Анан калса алардын көбү мурункудай кошуна колоңдун эмес, ушул жактагы сарайларда жашаган койчулардыкы болчу. Кокус аларга кошулуп кетсе бөлүп алыш кыйынга турмак. А атасына эмне? Коркуп атасыңбы, бирөө аңдып атабы, ага баары бир эмеспи. Койлору короого толук кирбей калганын билчү болсо оозунан ак ит кирип, кара ит чыгып сабап жатып калмак.

Байкуш бала ушуларды ойлогондо бир карыш алыстай албай буйдалып тура берди. Бирок, көз алдынан бир күн мурунку куугунтук кетпей жүрөгү лакылдап жатты. Баары бир жан деген таттуу тура чиркин. Ал ушунтип кечке деле тура бермектир. Ооба, Кадыр туруп басып кетпегенде дегеле ал жакка жоломок эмес. Көз жоосун ала жайнап турган таттуу-тарапа да аны азгыра койгон жок. Балким өмүрү көрбөгөн немелерге көзү күйүп тургандыр, бирок, жүрөгүнө тынчтык бербеген коркунуч аны бир саам да жалгыз калтырбай койду. Акыры, айласы кеткен Кадыр тап-такыр алыстап кетип калды. Ат чабым жердеги коктуга келип дүпүйө өскөн чийдин далдоосуна отура кетти. Акырын башын чыгарып бала тарапты аңдый баштады.

Бул убакта бала тиги таштап кеткен дүйүм даамдын жанында турган болчу. Жетип эле өзүнүн айран куюлган шишеси менен наны салынган баштыгын колуна алды. Анан бир аз нарыраак басып Кадыр кеткен жакты карап турган соң кайра келип сырты кооз кагазга оролгон момпосуйдан эки-үчтү кармады. Колундагы баштыкты шашмалап жерге таштай коюп момпосуйду аарчып жиберди да биринин артынан экинчисин оозуна салды. Кадыр чынында акчасын аяган эмес болчу. Тандап туруп эң сонун шоколаддарды алган. Өзү да башынан баласаак неме кайсынысы балага жагаарын жакшы билчү. Иш ойлогондой эле болду. Таттууга ынак жаны чыдай албай кайра келди да бүт шоколад момпосуйду шашмалап койнуна сала калып басып кетти.Тээ нарыраак барып эки жагын караганча шашпай шимип жеди. Эки көзү дагы эле Кадыр кеткен тарапта. Милиция эмне, киши өлтүргүч эмне дегенди али ажыратып биле элек неме, анын бул айылдагы кишилерден өзгөчөлөнтүп турган кийимин көрүп алып эле корко берди. Баягы муну кубалаган немелердин да кийгендери ушундай көз жоосун алган кийимдер эмес беле. Деги ошондон бери бул өзүнүн айылдаштарынан башка бирөөнү көрсө эле, же көзүнө чоочунураак бирөө көрүнсө эле далдоолорго кирип жашына турган. Мына өзү да, малы да көнгөн бетти жалаң ушул чоочундардын айынан таштап келип отурат. Болбосо ал жак кандай кенен эле. Башкаларга кошулат, жоголуп кетет менен иши жок, коюн жайып коюп жата берчү. Кыялында анча-мынча сыналгыдан көрүп калган согуш кинолорун элестетип, нары-бери чуркап, тоголонуп ойногонду да жакшы көрчү. Деги андай убакта буга эч ким жолтоо боло алчу эмес. Жедеп жалгыз жүргөнгө көнгөн неме, эч ким жокто өзүн эркин сезип, жыргап ойночу. Эми карачы коркунучту. Кечээ эле аны так ошол кинолордо көргөндөй неме менен атып, артынан сая куушпадыбы. Андайдын огу тийсе бул эмес мындан чоң кишилер өлүп калаарын сыналгыдан өз көзү менен көргөн.

Эки жагын дагы бир топко элеңдеп караганча койлорду бир сыйра тосуп келди. Оюнда тиги киши кайра келип таштап кеткен немелерин алат деп ойлоп жатты. Бирок андан дайын жок. Тиги таттуу ширеден болсо сугу өтүп баратат. Андай кутудагы ширени ал бир жолу гана ичкен. Бир жолу кечинде үйгө барса ошондой шише мештин жанында турган экен. Ичин чайкап көрсө чулкулдап, бир кыйла эле жүргөнсүйт. Кыязы бир туугандары жок калды деп таштап салган го деп ойлоду да, бирөө келип колунан жулуп кеткиче иче калмакка оозун ачып оозуна көңтөрүп жиберди. Көмкөрүшү менен нары жакта отурган агасы менен эжеси боорун тытып каткырып жатып калышы бир болду. Көрсө алар жөн эле муну шылдыңдамакка ширенин кутусуна арак куюп коюп  байкап отурушуптур. Өмүрү мындай ачуу немени татыпкөрбөгөн неме какап-чакап, көзү-башынан жаш кетип эле жатып калды. Ушул убакта сырттан кирип келген атасы ошондо бала болуп башына түк чыкканы биринчи жолу буга болушту. Дудук анын эмне дегенин чынында толук түшүнгөн жок. Бирок бир билгени атасы берки экөөнү аябай тилдеди дагы, колдорунда ичип отурган ширенин жарымдай элек кутусун алып, беркиге бердирди. Мына ошол күнү даамын таткан мындайдын. Байкеси менен эжесин каратып коюп бир топко тамшанып ичкен болчу. Мына эми, так ошондой шире азыр бүтүн бойдон алдында турат. Акыры чыдабай кетти. Эпейип отура калды да оозун ачып култулдатып жута баштады. Үч-төрт жуткан соң кайра ордуна коюп оозун бурай салып өйдө турду. Тиги киши дагы эле жок. Анан газетанын үстүндө жаткан токочторду, оозу ачылган балыкты карады. Ошондон кийин өзүн токтото албай калды.

Кадыр ошону менен ага дагы бир жолу жакындап көрдү. Бирок, көп деле майнап чыгара алган жок. Бала ал жакындаган сайын алыстап кетип атты. Акыры айла жок кетүүгө туура келди. Керээли кечке басып жүргөн неменин курсагы ачып, чарчап да кетти. Түз эле Канаттын үйүнө келди. Курсагын тойгузгандан кийин начальнигине чалып болгон ишти айтты. Эптеп шылтоо таппай турган немеге кудай берди окшобойбу, «бир ооз кеп айта албаган баланы аңдып жүрө бербей келбейсиңби» деп бир кыйла опузалады. Анткени менен Кадырга окшогон такыба немелердин жолтоо болбой алыста жүргөнү деле жакшы эмеспи. «Мейли дегеле өзүң билчи. Каалашыңча аңдышып жүрө бер. Кийин өзүң жооп бересиң» деди да сөзүн токтотту. Кадыр мындан башка деле жооп күткөн эмес болчу. Эрте турган неме жылуу үйгө киргенден кийин шалдырап уктап кетти.

+++

Ушул күнү айылга кайдан-жайдан текшерүү келип, мектепти басып жатып калды. Чоңдордун мынча карпа-күрп келип калаары көптөн бери боло элек болчу. Качан болбосун текшерүүчүлөр тиги борбордон чыгаардын алдында айылдарга кабар жетээр эле. Ошону менен мугалимдеркеле тургандарды коноктоо кезеги кимде экенин тактап, нөөмөтү келген мугалимди үйүнө жөнөтчү. Ал болсо карызга батып болобу, же акыркы акчасын сарптайбы, деги кандай болсо да дасторкон даярдайт. Айтмакчы, негизи эле бул чоңдордун алды-ала кабарланышына да так ушул сый тамак себеп болсо керек. Болбосо, текшерүүчү деген айттырбай келип, мектеп жамаатынын чыныгы жүзүн көрсө кана. Натыйжада так ошондой талапка жооп бербей турган мугалимдердин чыныгы жүзү ачыкка чыккандын ордуна,  кайра алар жашырылып, ар кандай шылтоолор менен мектептен алыстай турушчу. Аларга кошулуп кээ бир айыпты ачаар ашынган шок, же эки тамганы кошуп окуй албаган окуучуларга да «уруксат» берилээр эле.

Кыскасы, борбордон келээр чоңдордун жазылбаган каада-салты бул жолу бузулду. Күн бир аз көтөрүлүп калган кезде мектептин алдына дүңкүйгөн жол тандабас токтоп, ичинен кычыраган бешмант, кыры чыккан шым, аппак көйнөк, галстук тагынган кишилер чыгып деректирдин бөлмөсүн качырып эле кирип келишти. Мындайды күтпөгөн мугалимдер, ким болосуңар, кайдан келдиңер деп сураганга да жарабай, алдыларына түшүп тызылдап чуркап, сапырылып жатып калышты. Текшерүүчүлөр болсо ого бетер катаалданып, алдынан кандай киши чыкпасын кууруп жиберишти.

– Бул эмне деген кийим? Алдагы көйнөктү кайдан таап алгансың?! – деп завуч аялды кирээри менен эле каарып өттү бирөөсү. – Деги өзүңөрдүн үстү башыңар оңолбосо, окуучулар кантип тыкан жүрмөк эле? Же силерге алардын баскан-турганы менен тазалыгы баары бирби?

Байкуш завуч эмне дээрин билбей бир кызарып, бир бозоруп эле туруп калды. Жооп бермек тургай көзүнө жаш тегеренип, ыйлап да жибере жаздады окшойт. Алаңдап коркуп турган деректир эптеп анысын ажыратып калайын дедиби, же дагы бир балакет таап чыкпасын дедиби, эптеп сөз таап куткарып кетмекке жалпаңдап ортого кыпчылды.

– Агайлар, бүгүн күн суук болуп жылуулугуна карап кийип алса керек да. Болбосо, муну кийчү эмес… Биздин айылды билесиңер тоонун түбүндө эле болуп… Баса, өзүңөр да үшүп калгандырсыңар. Кирип жайланышкыла…

– Жолдош директор! Кечирип коюңуз, бирок сиз биздин эмнеге келгенибизди унутуп калдыңыз окшойт. Биз бул жерге тээ борбордон бери жылынганы келген жокпуз. Балдардын абалын, билим берүүнүн абалын текшергени келдик. Демек, башталгыч класстан баштап баарын кыдырып, таанышып чыгышыбыз керек.

Деректир бир саам жооп бере албай мукактанып калды.

ээ 31– Ма-ма-макул… Макул кыдыралы, – дегенге гана жарады. Бирок, текшерүүчүлөр анын жообун күтүп да турушкан жок. Артта турган жаш мугалимдин бирөөнөн биринчи класстын кайда экенин сурады да, алдына салып алып жөнөп кетишти. Ого бетер шаштысы кеткен деректир күдүңдөгөн бойдон артынан жөнөдү. Ал байкуш оюнда эптеп буларды алаксыта туруп, мугалимдерин аз да болсо даярданып алууга шарт түзмөк болгон. Анан калса тиги башталгыч класстагы бир мугалимди да «тезирээк барып кел» деп дүкөнгө жумшап ийген. Оюнда, ал жактан таттуу тарапа, чай-май алдыра калып, бир сыйра чай бере калмак. Эми минтип текшерүүнүн так ошолордон башталаары анын таптакыр шаштысын кетирди.

Үч текшерүүчү ээрчишкен бойдон түз эле биринчи класска кирип келишти. Мотурайган балдар дүркүрөгөн бойдон ордунан туруп, жапырт салам айтышты. Дардыйган толук текшерүүчү унчукпай алик алган болду да столдун үстүндө турган журналды колуна алып бир сыйра көз чаптырды. Анан балдарды бир нерсе издеп жаткансып сыдыра карады. Берки экөө болсо унчукпай гана артта турушат.

– Отургула, – деди бир маалда жанагы семиз текшерүүчү. Анан шашпай басып балдарды айланып чыкты. Ошону мененчым этип сүйлөбой класстан чыгып кетти. Деректирге анын кылыктары ого бетер сырдуу, ого бетер сүрдүү болуп, жүрөгү лакылдап чыкты. «Эми эмне кылып ийээр экен? Кайда бараар экен?» деген ой анын мээсин тынымсыз эзе берди. Текшерүүчү болсо чыгып эле кийинки классты көздөй жөнөдү. Кире турганы канчанчы класс экенин, жетекчиси ким экенин сурап да койгон жок. Окуучулар бул жолу да шарт тура калышып жапырт учурашып тосуп алышты. Бирок бул жолу тактада сабак өтүп аткан мугалим башка бирөө да көргөзө албаган эрдик кылды.

Текшерүүчү кирип эле балдар менен учурашымыш болду да, класстык журналды алып карады. Бирок, башкаларчылап мугалимдердин сабактык жыйнагын, окуучулардын бааларын караган жок. Алар тууралуу оозун да ачпады. Жаш болсо да өз билимине, ишенген чыйрак мугалим анын бул өзгөчөлүгүнө таң калганын жашырган жок. Башкаларчылап кымынып-кымтынып отургандын ордуна шартылдай басып келип нарыраак турган дептерин алып текшерүүчүнүн алдына кармады.

– Мына агай, муну карайсызбы? – деди ал. Деректирдин жалжылдаган көзү огунан чыгып кетчүдөй алайып, тигини матай карады. Ичинен «Бу бейбаш дагы эмнени баштады эми? Кайда болбосун ушунтип таксына бергенин качан койот деги бул? Канча айтыш керек буга?» деп кыжынып турду. Бирок, кеп тап-такыр күтпөгөн нукта уланды.

– Мунуң эмне? – деп корсулдай сурады текшерүүчү. Ал баягыдай эле кабак-кашы менен тигини коркутам деди окшойт, кабагын карыш салып тикчийе карады. Бирок, анын караганына берки жалтанып да койгон жок.

– Бул мугалимдин конспектиси агай. Же сиз андайды карабайсызбы?

– Ммм. Конспекти дечи?! Кара десең карайын. Келе берчи!

– Алыңыз. Мына. Бул болсо журнал. Баса силер кайдан келдиңер? Райондонбу же областтанбы?

Текшерүүчү мындай суроону күтпөсө керек. Көзүнө тартынып алган көз айнегинин үстүнөн аңырая карады.

– Сенин оюңча каяктан деп ойлойсуң? – деп кекете сурады кайра.

– Билбейм. Бирок, сиз конспектини да билбегениңизге караганда… Ушул жерден деректир чырылдап ортого кирди.

– Каныбек, токтот! Эмне деп турасың дагы?! Деги качан койосуң ушундай оройлугуңду я? Мен сага канча айтам?! Агай, айланайын кечирип коюңуз. Бул бейбаштын катыгын мен өзүм берем. Сиз капа болбой туруңуз.

Ал ушинтип оңураңдап, күңкүлдөп урушуп жатып тиги жигитти чыгарып жиберди. Күтүлбөгөн каяшадан эси кете түшкөн текшерүүчү так керек маалында кепке кошулган деректирди карап кара күчкө күлдү. Анан аны кубаттаган болуп бир эки-сөз айтты да катар турган парталарды айлана басты. Ошону менен аларга эч ким жолтоо болгон жок. Болгон классты кудум бирөөнү издеп жүргөнсүп бир сыйра карап чыгышты да, акыры кайра деректирдин бөлмөсүнө келишти. Бул убакта деректир билгичтик кылып бөлмөсүнө столдорду тиздирип, үстүнө дасторкон жайдырып дүйүмтамакка тоглтуруп салган экен. Мындай ыкчам уюштуруучулукка керек болсо беркилер да таң калышты. Деректир өздөрүнөн калбай эле ээрчип жүргөндөй болду эле. Ал тургай тиги толук текшерүүчүнүн артынан калбай ээрчип жүргөн эки жигит айланада жүргөн мугалимдердин ар бир кыймылын көз жаздымда калтырбай карап турушкан. Анан кантмек эле? Алардын жедеп бышыккан кесиби ушул эмеспи. Шефтин айланасында турган эч бир жан көз кырынан сыртта калбаш керек.

Бөлмөгө текшерүүчүлөрдүн артынан деректир анан дагы бир-эки чыкыйган мугалим кирди. Деректир жалпаңдай сүйлөп төрдөн орун көргөзүп, жайгаштырып жүрдү. Жашыраак мугалим келин болсо алар отураары менен буркурап кайнап турган самоордон булоолонто чай куюп кыдырата сунду. Бери жакта бирөө ортого нан сындырып, дагы бирөө колбаса кесип, кайдан жайдан табылган бодо малдын этин туурап суна баштады. Текшерүүчү бир чыны чай ичкен соң, деректирге жандап «тигилерди чыгар» дегендей ишаарат кылды.

Баары чыгып кеткенден кийин, деректирди карап,

– Урматтуу Жолдубай Сапарбаевич. Биз бүгүн тээ борбордон бул мектепке мугалимдердин деңгээлин, же окуучулардын билимин текшергени келген жокпуз. Биз бул жакка балдардын укугу тебеленип жатабы, же жокпу ушуну караганы келдик. Өзүңүз билгендей биздин мамлекеттин мыйзамы боюнча ар бир бала мамлекеттик мектепте бекер билим алууга толук укуктуу. Бирок, өзүңүз деле уксаңыз керек, тиги борбордо канчалаган бала ошол укугунан пайдаланбай, базарларда, көчөлөрдө акча табуунун камы менен жүрөт. Мына ошол балдарды кармап сураштыра келгенде дээрлик токсон пайызы так ушул айылдардан келгени маалым болуп жатат. Натыйжада биз маселени өз жеринде текшерип, чара көрмөккө айылдарга келип отурабыз. Мисалы, бүгүнкү текшерүүдө ар бир класста жок дегенде бирден, а кээ биринде болсо бешке чейин балдардын сабакта жок экенин байкадык. А тиги жогорку класстарда болсо балдардын саны ушунчалык аз. Кана буга кандай дейсиз?

– Туура. Туура айтасыз. Бирок… бирок  биз баардык балдарды окутуу үчүн колдон келишинче аракет кылып жатабыз. Өзүңүз деле сураштырып көрүңүз, биздин айылда антип шаарга иштегени кеткен бала жок. Баардык бала окууга тартылган… Балким тап-такыр көчүп кеткендер…

– Жок! Койотуруңуз, – деп кепти жыра тартып ортого кирди берки. – Көп эле сөздү узарта берүүгө убакыт жок. Дагы көп жерди текшерүүбүз керек. Ошондуктан азырынча көчүп кеткендер тууралуу кепти койо туруңуз. Андан көрө ушул айылда катталган, ушул айылда эле жашаган, бирок сабакка келбеген балдар тууралуу кеп кылсак. Мисалы, биздин угушубузча, айылдарда жашаган мектеп жашындагы балдардын, айрыкча башталгыч класстагы балдардын сабак убагында мектепке барбай, талаада мал багып жүргөнү тууралуу, кой кайтарып же уй айдап жүргөнү тууралуу маалыматтар бизге жетти. Эсиңизде болсун, мындай көрүнүш баланын укугун бузууга жатат жана андай балдар үчүн ата-энелерден мурун, так эле сизге окшогон деректирлер көбүрөөк жооптуу болуп калат.

– Жок, аксакал. Жок… Бизде андай ата-эне да жок. Андай балдар да жок… сиз…

– Угуп туруңуз Жолдубай Сапарбаевич. Шашылбай угуп туруңуз. Биз бул текшерүүгө канчадан бери даярданып келетабыз. Мисалы так ушул айыл тууралуу да маалыматтарыбыз бар. Мисалы, окууга бармак тургай, үйүндө тынчыраак уктабай, таң атпай кой жайып чыккан бала. Эстесеңиз…

Деректирдин көздөрү алаңдап, такыр эле өзүн жоготуп койду. Эмне дээрин билбей быдылдап сүйлөй баштады.

– Ким айтып жүрөт сизге андайды? Ким айтты деги? Кайсы оозуна ээ боло албаган немелер таратат ушундай ушакты? Бизде жок андай. Бул ушак… Бул… бул..

– Жолдубай Сапарбаевич! Көздөй кишилер бар бизде. Кокус тактап алчу болсок, керт башыңыз менен жооп бересиз… Жакшылап ойлонуңуз…

Деректир шайы кеткендей шалдырап отуруп калды. Кудум жардам күткөн баладай текшерүүчүлөрдү бир сыйра жалдырай карап чыкты. Баары тең теше тиктеп, сүрдүү отурушат… Акыры кудум күнөөсү ачыкка чыккан немедей актана баштады.

– Мен айткам ал кишилерге. Таптакыр болбой коюшпадыбы. Канча айттым деги…

– Кимге? Эмне айттыңыз эле шашпай сүйлөңүз… Т Текшерүүчүнүн көзү жайнап, ал тургай жанындагыларга күлмүңдөй карап да алды. Бирок, деректир анысын байкаган да жок.

– Жанагы Сатый деген киши да. Жеткен кежир, жеткен дундук. Балаңызды окууга бериңиз, жок дегенде шаардагы майыптар үчүн ачылган мектепке жибериңиз деп канча айттым.

– А эмне ал майыппы?

– Ооба. Ал дудук. Тап-такыр эле укпайт дагы, сүйлөбөйт дагы. Башында биринчи класска деле киргизгенбиз. Бирок, болгудай эмес. Ойлосоңуз, такыр укпаган баланы кантип окутабыз. Андай балдар үчүн атайын мугалимдер керек.

– Түшүнүктүү. Түшүнүктүү. Кимдин баласы дейсиз? Канчада? Кайсы жылдан бери кой кайтарат? Кайсы тарапка жаят коюн? Бизге бала тууралуу айтыңыз, калганын биз өзүбүз билебиз.

– Аа макул. Макул… Албы ал, тиги Сатыбек деген кишинин баласы. Сатый деп коюшат айылда. Былтыр биринчи класска алып келишкен. Ошондо быйыл 7-8дерде болуп калат. Атасы ага ошол окуудан чыккандан бери кой кайтартат. Колуна коңгуроо байланган таяк көтөрүп алат дайыма. Ошонусу болбосо койду да айдай алмак эмес. Такыр сүйлөй албайт да. Окуган да жок.

– Койду кайда кайтарат? 7-8деги бала жалгыз кой кайтаргандан коркпойбу?

– Ой жоок. Эмнеден коркот дейсиз. Биздин тоолор айылга жакын эмеспи.

– Тигил айыл үстүндөгү төш тарапка жаябы?

– Ооба, көбүнчө алардын койлору ошол жакка жайылат

– Таң атпай чыккан күндөрү да болду беле?

– Ой ал дайыма эле таң атпай чыгат. Эл эми уйкудан турганда анын кою бир тоюнган болот.

– Жакшы. Жакшы. Демек Сатыбектин баласы дедиңиз. Эми угуп туруңуз Жолдубай Сапарбаевич. Биз ал баланы ушул бойдон калтырбайбыз. Бирок, сизден бизге дагы бир жардам кылууңузду өтүнөбүз. Жардам кыласызбы?

– Албетте. Албетте.. Биз дагы ушу мамлекеттик иш деп жүргөндөн кийин кантип кол кабыш кылбайлы..

– Анда мындай. Биз карап, текшере турган айылдар дагы көп. Дагы көптөгөн балдардын тагдырын чечишибиз керек. Албетте ар бир айылда сизге окшоп кесибин сүйгөн, так иштеген адамдар болсо жакшы деңизчи. Бирок, көпчүлүк замандаштарыбыз менен иштешиш да кыйын.

– Ооба, ооба. Тоң моюн, оңго айдасаң солго баскандар толуп атат.

– Ооба. Деги азаматсыз. Эми кеп мындай. Биз бул текшерүүбүздү аяктап балдардын тизмесин толуктап чыккыча бул маегибиз тууралуу эч кимге унчукпаңыз. Айыл жеринде билесиз, жел чыгарсаң дүң дей түшөт. А эгер бул маекти тиги Сатый угуп калса, баланы бизден мурун качырып кетиши мүмкүн. Кийин алардын кылыгын далилдеш да кыйын болуп калат. Андан көрө байкатпай кармаганыбыз оңой эмеспи. А кокус кандайдыр бир кокустук болуп дейлиби, же бир өзгөрүү болуп дейлиби, бул Сатыйлар баланы бир жакка жибере турган болсосиз мага токтоосуз кабарлап коюңуз. Ушул иш колуңуздан келеби?

– Келбей анан. Албетте келет, – деп жадырай түштү берки.

– О мына! Ушундай кишилер болсо баардык жерде. Анда эмесе мобу менин номеримди жазып алыңыз. Дагы бир жолу эскертип койоюн, бала ушул айылдан сыртка аттады дегиче мага чалыңыз. Макулбу?

Деректир тынымсыз башын ийкеңдетип макулдугун билдиргенче алдына жылдырылган телефондун бетиндеги номерди шыпылдата жазып алды.

Ошондон кийин гана текшерүүчү бир жумуш бүтүргөндөй жеңилдеп, кабагы ачылды. Анан алдындагы жумшак нанга каймактан килейте шыбап оозуна салып жыргап чайнай баштады. Артынан алдындагы чайды шоркурата ууртап жиберип жанындагыга чынысын сунду. Беркиси лып этип тура калып чынысын алып самоорду көздөй жөнөдү. Деректир аларды көрө калып эшиктен бирөөнү чакырмакка жөнөмөкчү болду эле текшерүүчү жеңинен кармап кайра ордуна отургузуп койду. Анан жаңы куюлуп келген чайдан шоркурата ууртап, кыргыз нанды кайра-кайра каймакка матырып сугунуп кирди. Былчылдата чайнаган сайын тамшанып, артынан чайдан шокурата ууртайт. Ушул каймактын даамына ыраазы болдубу, же көңүлүн көтөргөн дагы бир нерсе болдубу ким билсин, көз көрүнөө кебетеси өзгөрүп, мурунку кабагы карыш түшкөн кишинин ордуна жагымдуу жаркылдаган киши болуп чыга келди. Акыры алдындагы чыныдагы каймак түгөнгөндө гана майлыкты алып маашырлана оозун сүрттү да, ордунан тура жөнөдү. Жанатан бери эбин таппай, «алыңыз», «жеңиз» деп кайпактап отурган деректир тигилер тураары менен ордунан учуп турупартынан чыкты.

Алдынан жол бошото калып коштошуп аткан окуучуларга, мугалимдерге карап да коюшкан жок. Тек гана баш ийкемиш болуп шыпылдап кетип баратышты. Алдыда адаттагыдай эле көз айнекчен текшерүүчү, ага улай эле бири узун бойлуу тартайган, бири жапалдаш бойлуу, бирок, негедир эби сыны жок күржүйгөн жашыраак жардамчылары. Айтмакчы бул күржүгүйгө үстүндөгү бешманты, кырдуу шымы такыр эле жарашпай тургансыйт. Анан калса өзү дагы кыйналып кеткен бейм, галстугун шалбырата тартып таштап, мойнундагы топчуларын бошотуп салыптыр. Тиги күржүйгөн моюн мындай моюнтурукка чыдабаса керек. Буларга бирде катарлаша калып, бирде артка кала түшүп келеткан деректир анын мойнун бир карап алып өзүнчө таң калып койду.

Төртөө ошо чубашкан бойдон машинага келишти. Жанагы узун бойлуу арткы эшикти ача калып көз айнекченди отургузду да өзү рулга отурду. Берки болсо нары жагынан айланып барып айдоочунун катарына отурду. Деректир болсо эмне кылып кимиси менен коштошоорун билбей туруп калды. Капкара жолтандабас эми от алып жөнөй берээрде арткы терезе акырын түштү да текшерүүчү деректирди жандай чакырды.

– Жанагы дудук такыр сүйлөбөйбү? – деди ал эңкейе берген деректирге

– Жок. Такыр сүйлөбөйт.

– Ата-энеси менен дагы сүйлөшө албайбы?

– Жок. Ата-энеси менен дагы сүйлөшө албайт.

– Балким бир туугандары менен сүйлөшөөр.

– Жок аксакал. Эч ким менен сүйлөшө албайт ал. Анын тилин бул айылда азырынча эч ким билбейт. Анан калса ал куурагыр укпайт дагы.

– Жакшы… жакшы экен, – деп нарылай түшүп күбүрөндү текшерүүчү. Анын эмне дегенин укпай калган деректир ого бетер эңкейип,

– Кандай дейсиз? – деп жалтаңдай сурады.

– Жо,эч нерсе эмес. Мен өзүмчө эле. Макул анда Жолдубай Сапарбаевич. Көрүшкөнчө.

– Аа макул. Жакшы жетип алыңыз…

Терезе жылмыша көтөрүлүп, машина жүрүп кетти.

– Мына! Ушунтип эле бүтүрүп койчу иш болчу, – деди артта отурган буурул чач өзүнчө маашырланып. – Эми дудук эмес, канаттуу болсо да колубуздан чыга албайт. Туурабы Нурик?!

– Туура шеф, – деп күзгүдөн артын карады узун бойлуу жигит.

– Туура болсо, анда бул ишти экөөң бүтүрөсүң. Баса, диктофонго жазылдыбы баары?

– Ооба жазылды.

– Жакшы. Жакшы. Бизге ал тууралуу ар бир маалымат керек. Азыр чогулуп отуруп бүт изилдеп чыгабыз дагы  түнү менен аттанасыңар. Байкашымча таң атпай тиги баланы талаадан күтүп алсаңар болот. Андан кийин өлтүрүп келесиңерби, же тирүүлөй кармап келесиңерби, аны өзүңөр билгиле. Бирок, иш таза аткарылсын. Түшүнүктүүбү?!

– Түшүнүктүү шеф.

Шефи мойнундагы галстугун чечип ыргытып, чалкалай отурду да тысырая артка таралган чачын маашырлана сылап чалкалай отурду. Кечөөтөн берки мээсин тынымсыз чукуп, желкесинен ныгыра басып жаткан жүктү бирөө ыргытып жибергенсип, кере-кере дем алды. Бул баланы кайдан таап, кантип кармайм деп түнү менен ой басып чыккан неме акыры тапкан акылы алда немедей ишке ашканына курсант болуп, өзүн ааламда жок акылдуу сезип келатты. Канча күндөн бери ушул жактарда жүрсө да бир да жолу назарына илинбеген тоолор бүгүн гана көзүнө илинип, алардын улуулугуна, эч сыр бербеген сүрдүүлүгүнө суктанып, таңдайын шыкылдатып отуруп, мемиреп уйкуга кетти.

+++

Чыгыштан жарык жайыла чыгып, айланага үрүл-бүрүл жарык түшө баштады. Демейде жай күнү болгондо бул убакта айлана канаттуулардын жан эргите сайраганына толуп, шаңга бөлөнүп чыкмак. А азыркы сай сөөктү сыздаткан суукта канатуу да калбай калган окшойт. Анда-санда ары-бери учкан карга-кузгун эле болбосо, асманда канат серпкен бир да жандык жоктой. Ушундай жымжырт талаанын тынчтыгын бузгусу келбегенсип тээ айылдын ылдыйкы тарабынан эки жигит коктунун таманы менен чыга келди. Экөө анда-санда күңкүлдөшө сүйлөшкөнү эле болбосо, кабактарына кар жаап, бир чети уйкудан калганына нааразы болуп, бир чети кыш боло элек жатып сөөктөн өтүп чучукка жеткен суукка нааразы болуп үңкүйүп келе жатышты. Булар болжошкон жерге келип коктунун боорунан жайланышкан убакта айлана дагы толугу менен жарык болуп калды. Бирок, күн дагы эле уясынан чыга элек. Экөө коктунун күңгөй бетинен орун алып баштарын койкойто чыгарып айылды карап жатып калышты. Бир маалда күржүгүйү чөптүн муздактыгына чыдай албай сөгүнүп тура калды да коктунун таманы менен ары-бери баса кетти. Чөнтөгүн аңтарып жатып тамекисин сууруп чыгып чычайта тиштеп жаңы эле күйгүзмөкчү болду эле, берки узуну артын карабай туруп күңк этти.

– Тамеки тартканга болбойт, Боха!

– Ой эми ал дудугуң тамекинин жытын биле калат дейсиңби?

– Балким билет. Балким билбейт. Бирок, сен үчүн шефке жооп бергим келбейт. Бул жолу колдон чыкса шеф башыбызды кесип койот, эсиңде болсун.

Күрсүгүйдүн эми такыр эле жаны кашайып чыкты. Тамекисин колуна мыжыга кармап туруп ыргытып таштады. Узуну болсо камырабай гана жата берди. Чынында тиги баланын кой жайып чыга турган убагы да болуп калган. Эми колдон келишинче сактанбаса болбойт. Сактанбай анан. Эптеп жарым саат чыдай турса бул түйшүктүн баары бүтөт эмеспи. Кайдагы бир баланын маселеси чечилбей мээлерин эзип бүттү. Ошол жолу болбой калгандан күндөн бери шефи үчөөндө тынч алып уктоо деген жок. Айрыкча экөөнө эле убал болду. Шефи эстеген сайын кыжынып, кыйкырып, урушуп атып шайларын оодарды. Дагы кечөө мектепке келип кеткенден бери бир аз жоошуп калды. Баланын тубаса дудук экени бир топ эле санаасын тынчытты окшойт. Ошентип бүгүн минтип экөө бул жерге дудукту кармап кеткени келип отурат. Кечөө анын таң атпай кой артынан чыгаары тууралуу маалымат алышпады беле. Демек анын көзүн тазалаганга таңкы ээн талаадан өткөн сонун шарт болмок эмес.

Бирок… Иш такыр ойдогудай болбой, булардын шаштысы баштады. Улам-улам дүрбүсүн көзүнө такап айылдан талааны карай чыга турган көчөсүн карай берип тажады. Эми Боханы тыймак тургай өзү да кыжынууга өттү. Таң атып, жерге жарык кирмек тургай талаага мал айдап чыккан кишилер да пайда болду. Бир аздан кийин болсо көчөлөрдө бирин-серин мектепке жөнөгөн балдар көрүндү. Ушуларды көргөн сайын Нуриктин заманасы куурулуп баратты. «Дудукка эмне болду экен? Булардын келээрин шекшип калышканбы? Же бала бирөөгө айтып койду бекен? Эч ким менен сүйлөшө албайт дешпеди беле? Жаңылыштыбы я?…» Ушул сыяктуу ойлор барган сайын мээсин жеп, бир орунга тура албай калды. Улам-улам тура калып коктунун таманы менен өйдө-ылдый басат. Кайра жата калып айылга дүрбү салат. Ал тургай тээ тиги көчөнүн башындагы мүрзөгө карай кеткен чоң көчөнү да көз жаздымда калтырган жок. Жок. Дайын жок. Дегеле кой айдап эч ким чыга элек.

Ушунтип турганда Боха сүйүнүп кеткенсип кыйкырып жиберди. Нурик жаңы эле ордунан туруп, ордуна берки жаткан болчу.

– Тигине! Тигине чыгып келетат!

– Кана-кана! Берчи дүрбүнү. Ошо бекен?

Нурик Бохага катарлаша жата калды да дүрбүнү жулуп алып айылдан чыгып келеткан койлорду сыдыра карады. Кудум экөөнө кычастык кылгансып эки жээги жыш тал менен тосулган жолдон койлор бирден-экиден шашпай чубап жатты. Эми качан дудук чыгаар экен деп экөө тим эле кымылдайт. Акыры койлор да чубап бүттү. Кой артынан күттүргөн дудук да чыкты. Жайыла баскан койдун улам бир жагын кайрып айдамыш болуп, шашпай келатат. Колуна баягы жылаажын үндүү коңгуроо байланган таягын кармап алган. Уйкусу канбай калганбы, же өзүнүн эле көңүлү жокпу, айтор булардын кыжырына тийип өтө жай айдап келатты. Эптеп эле баскан болот. Жерден топурактын кесеги болобу, же малдын катый түшкөн тезеги болобу, деги колуна тийген неме менен койдун артта калгандарын ургулап койот. Берки экөөнүн ан сайын чый-пыйы чыгып чыдамы кетип баратат. Тезирээк кармап, күм-жам кылыш керек эле. Өтө кеч болуп кетти. Эптеп колго тийсе ары-бери бурдай калыш керек дагы кокту ылдый чуркап отуруп айылдын ылдый жагы менен аккан чоң сууга салып ийиш керек. Болгону ушул. Деги талаага бастырган кишилерге жолугуп калышпаса болду.

Ушунтип ар бир ирмемди санапжатышты. Тим эле шаштылары баягыдан да кетип, бир орунга жата албай калышкан. Койлор болсо ого бетер каалгып басаар басмаксан. Тигилген төрт көз тиги ыкшоолонуп келеткан балада. Деги бир басып койсо боло жарыбагыр…

Акыры күткөн убак да келди. Жайыла баскан койлор шашпай кыбырап коктуга түшүп, алды нары жакка өтүп кетти. Бала болсо эми айдаган коюн да унутуп калгансып арык жээктеп жер карап келатат. Жанагы таягын артына сүйрөп алыптыр. Учуна байлаган коңгуроосу улам-улам шыңгыраган болуп койот. Ошол илкиген бойдон коктунун кырына келди да, бир дөңсөөрөөк жерге чыгып туруп калды. Берки экөө акырын эңилип жакындай башташты. Өткөндө чочуп калган неме буларды көрсө кудум ошондогудай жеткирбей кетиши мүмкүн. Башка бала болгондо алдап эле кармап алышпайт беле. Айрыкча Нурик жер менен жер болуп жылып келетат. Коктунун кыры менен дүңкүйө-дүңкүйө өскөн чийлер ага жакшы далдоо болду. Эптеп 20 кадамча жакындап алса чуркап барып деле баса калмак. Шамдагайлыгына чен жок жигит болчу. Бирок мына ыргып туруп баса калам деп турганда таптакыр күтпөгөн иш болуп кетти. Жанатан экөө дудук деп күтүп аткан неме кудум тил бүтө калгансып тээ тиги чоң жол тарапты карап кыйкырып берсе болобу. Эми аттайм деп илбирсче түйүлүп турган Нурик тигинин кыйкырышы менен жерге жалп этип жабыша түштү. Жабышпай анан.. Дудук деп аткан бала кадимкидей кыйкырып сала бербедиби. Жанагы коктунун кырындагы дөңсөөгө туруп алып, тээ өйдөрөөк кой жайып чыккан курбусун чакырып жатты ал…

Эми балээ болду… Эми эмне кылыш керек? Нуриктин артынан жерге жабыша сойлоп келеткан Боха тигинин дудук эмес экендигине деле кайыл. Жөн койсо барып эле баса калганы турат. Тура калып чуркай берээрде Нурик аны кежигеден мыжыга басты. Чынында бул канчалык олбурлуу көрүнгөнү менен өзүнөн алда канча акылдуу, алда канча шамдагай Нуриктен тайсалдап турчу. Анын үстүнө тапшырманы дагы шеф дайыма Нурикке тапшырчу. А жөн гана кара күч, же бирөөнү коркутуш керек болгондо Бохадан өтөөрү жок эле. Анын кебетесин көргөндө эле далай адам ыштанын булгап койчу. Кыскасы бул күч турганда акылдын кереги эмне деген кемпайдын эле дал өзү. Кемпайлыгы ушул да. Шефи узатып атканда «Колунда коңгуроо байланган таягынан тааныйсыңар» деп койгон экен, мына эми колундагы ошол таягына карап эле кармап кеткени турат. А анын дудукпу, дудук эмеспи, иши да жок. Деги муну кармап кеткенде эмне?Айгак даана көбөйгөнү турбайбы. Тигил жакта чыныгы күбө тирүү калганы аз келгенсип, кенедей айылдан кыска убакыттын ичинде эки кылмыш катталмак. Бүткүл республиканын көңүлү бурулуп калаар ушул жакка. Мына анан дудук эмес балакет болсо да тиги баланы сүйлөтүшпөй жаны жокпу алардын. Баса десең… Ага эмне болду экен? Эмнеге келбей калды ал. Таң атпай кой жайып чыгат дешпеди беле. Атасы койдон өлүп баратса калтырбайт деп айтты эле го деректир. Эми бул эмнеси? Тиги бала ансайын өчөшкөнсүп кыйкырып атты.

– Кубаат! Ээй Кубаат! Коюңду бери айдаа! Экөөбүз чогуу кайтарабыыз.

Нурик эми токтолгон да жок. Кандай сойлоп келсе кайра ошол бойдон артка сойлоду. Анан бир маалда коктунун таманы менен бөкчөңдөй чуркады. Бир топко ушунтип барган соң бир жерге дүкүйө өскөн чоң чийге далдалана калып кайра алды-артын карады. Кыязы буларды байкаган, кууган куугунчу жокпу деди окшойт. Бирок жакын арада көзүнө эч ким деле чалдыга койгон жок. Тиги бала болсо нары жакта калган койлорун көздөй баягыдай эле илкиген бойдон басып баратыптыр.

+++

Бул жолу Кадыр да катуу күтүлбөстүккө учурады. Эртең менен дагы эрте туруп кечинде даярдап койгон анча-мынча таттуусун алып баланы тосо чыккан болчу. Бирок аны канча күтсө да кечээки убагында чыкпай койду. Ал кечиккен сайын Кадырдын ого бетер чыйпыйы чыкты. Ал тургай үйүнө барып сурагысы да келди. «Эмне болду экен бечара? Же ооруп калды бекен? Же бир жакка алып кетиштиби? А кокус, жанагы кылмышкерлер алып кеткен болсочу?..» Кадырдын минтип чочулаганында да мандем бар эле. Себеби буга окшогон күбөлөрдү издеп келип уурдап кетүү, же жок дегенде көзүн тазалап кетүү буга чейин көп эле болгон.

Кыскасы ал ушунтип бир топко санааркады. Эгер балким эл туруп, ары-бери басып калган убак болгондо тартынбай эле кирип сурап чыкмак. Бирок азыр анте албады… Кантип тебелеп кирип барат? Тим эле кабар айтчудай болуп, эл тура электе кирип баруу кимге жаксын? Айла жок алыстан акмалап гана тура берди. Бир маалда топ-топ болуп окууга шашкан балдар да өтө баштады. Мына ошондо чыкты баланын кою. Баса, кечээ сурап жүрүп анын атын тактаган болчу. Бакыт деген жакшынакай аты бар экен бечеранын. Анысын дагы тиги медпункутта балдарды каттоого алган мед айымдын архивинен таптырды. А тиги Сатыйларга барып сурагысы да келген эмес. Ал киши негедир эле чочулап, кача берчү болду. Баласына зыян тийгизип койот деп ойлойбу, же кандай, деги түшүнүксүз. Оо бир топтон кийин, качан элдин баары туруп, кернейлерден жагылган оттун түтүнү бурулдап чыгып калганда чыкты дудуктун койлору. Артынан коңгуроосун шыңгыратып өзү чыга келди. Баса, бул жолу негедир атасы Сатый да айдашып алыптыр. Кадыр алгач түшүнбөй калды. Оо бир топто билди иштин сырын. Көрсө бүгүн дудуктун ордуна эки жаш улуу агасы чыгыптыр кой кайтарганы. Ошого атасы кошо айдашып келеткан тура.

– Тигил коктуну өрдөтүп барып төшкө жай. Ошол жактын чөбү жакшы. Эптеп түшкө чейин карай турсаң анан тиги дудукту жиберем, – деп баркылдап келатты Сатый.

Алардын сүйлөшкөнүн угуп эле артка кетти. Сатыйды дайыны жок кызгандырып, жинине тийгенден көрө түшкө чейин күтө турганы эле оң. Деги дудуктун аман экенин билди. Болду, санаасы тынч. Барып тамактанып алып, райондун борборуна барып келе калышы керек. Шектүү бирөө кармалды дейт ал жердеги кесиптештери. Канат болуп чогуу барышмай болду. Анын машинасы бар. Кокус иштин түйүнү чечилсе кийинчерээк келет. Анда бул баланы биротоло ала кеткени келет. Болбосо, түшкө чейин келип калышаар.

Баса, дудуктун бүгүн талаага чыкпай калганына дагы өзү себеп болгонун билген жок. Сатый баягүнү тиги милициялар баласын суракка алгандан бери эле ичинен сестене баштаган. Анан эми анысы аз келгенсип кечинде дудугу чөнтөгүнө толтура таттуу момпосуйларды салып жетип келиптир. Башында буга ким берди буларды деп көпкө ойлонуп отурду. Акыры бир топто барып араң түшүндү. Демек, жанагы милийса деген немелер дагы эле сурака алып аткан окшобойбу. Эми коркутуп сүйлөшө алышпаган соң, алдайлы деп чечишкен окшойт. Кечээ көчөдө туруп айылдаштарынын бирөөнөн борбордон келген милиция талаада жүрөт дегенин угуп күлүп коюшкан. Көрсө ушуга барып аткан тура.

– Деги кайдагы балээге кабылды эле бул? Көрсө көрдүм дебейт беле? Деги көрсө эмне, көрбөсө эмне?! Эмне ушу дудук кармап берет беле ишпиондорун? – деп бир далайга түнөрүп отурду ал. Акыры кемпирин карап,

– Кой ушул ызы-чуу бүткүчө баланы мектепке жибере туралычы. Болбосо булардын түрү жаман. Балаңды окутуп койбойсуңбу деп жалаа жапкандан да кайра тартпайт. Эртең жоопко тартылып кетпейли. Койду бир жумача берки балдар деле карай турат, – деп улуу баласына жаңсай сүйлөдү. Аялы да ого бетер кейип алды.

– Кайдагы кара саат чыга калды эле? Бөөдө балдарды окуудан калтырып… Бири-бирин өлтүрмөктөн бышырып жесе деле ушул айылга келбей эле коюшса эмне. Талаада калгырлар. Карачы эми… Тиги Жолдубайга сүйлөшүп бир класска кошо туруш керек тигини. Бир айча окута турса болду да. Ошентип эле сүйлөшүш керек эми.

– Ой кайдагы бир айча. Кеткиче эле. Тетиги милийсалар кеткиче эле кошо турсун. Бир ай дегенде койду ким карайт? Азыр кесүүгө кошконго да болбойт. Жугуштуу оору деген көп. Былтыр канча кой өлдү. Кой сен дагы кошолонуп кетпей. Бир жумача кошо турсун. Анан кетээр тиги шимшиген неме. Катын баласы бардыр анын дагы. Кудай урбадыбы…

Маселе ошентип тез эле чечилген. Эртеси Сатыйдын аялы дудугун эптеп кийинтип алып мектепке жетелеп жөнөдү. Биротоло барып улуу баласын да сурай келмек. Бирок, мектеп деле булардын дудугун күтүп отурбаган экен. Деректир дудук менен апасын көрүп чок баскансып секирип кетти. «Э кокуй текшерүүчүнүн жашыруун айтканы буларга да жеткенби?» деген ой мээсине шак дей түштү тим эле. Көзүнө ошо күнкү текшерүүчүнүн каардуу элеси тартылганда тим эле дене-бою зырп этип алды.

– Ой силерге эмне болду? Эмне келдиңер? – деди ал учурашпай эле. Анын минтип сирпилдегенине Зуура көңүл буруп да койгон жок.

– Бу балабызды окутканы келдик эле.

– Кандайча окутканы?…Эмнеге окутасыңар? Ким айтты силерге? Ким?.. Деректир такыр эле карбаластап калды. Кокус чын эле тигилердин сөзү буларга чейин жеткен болсо, эртең жоопко өзү да тартылып калышы мүмкүн. «Баланын укугун тебелеген неменин жазадан качуусуна жардам берген деген оңой жаза эмес чыгаар. Ансыз да буга касташкандар көбөйүп баратканда…»

– Эмнени ким айтты деп атасыз? Биз өзүбүз эле окуталы дедик.

Эми эмне деп жооп берет? «Текшерүүчүнүн айтканын ким айтты» дейби? Же «окутпагыла, силер мыйзамдан качуунун шылтоосун издеп атасыңар» дейби? Эмне дейт деги? Акыры карбаластап отуруп чөнтөгүнөн бет аарчысын таап чыгып чекесинин терин сүрттү.

– Деги сиз ойлонсоңуз, баланы ушул убакта кантип окууга берсин? Кайсы класска кошом мен муну?

– Айланайын  агай, антпеңиз. Былтыр биринчи класска катталбады беле. Ошого кошо туруңуз быйыл деле.

– Экинчигеби? Ой мунуңар тамга тааныбайт да керек болсо.

– Ой мейли эми. Бир жумача окута туруңузчу. Анан тиги милийсалар кеткенде эле кайра чыгарып алабыз.

– Чыгарып алып кайда алып барасыңар? Ого бетер шекшине сурады деректир.

– Эми көрөбүз да. Балким шаарда майыптар үчүн окуу жай бар дейт…

– Жок! Ага алып барбайсыңар! Эч жакка чыгарбагыла баланы!

– Ой, эмне болду сизге? Анда сиз окутуңуз муну?

– Окутам. Өзүм окутам. Ушу сөздү айтаарын айтып алып кайра чочуп кетти. «Эртең шаарга алып баралы дегенде «өзүм окутам» деп алып калган десе эмне дейм? Таза балээге калбаймбы ошондо?…»

– Бир жумача окутам. Жо эки жумача. Болду. Милиция кеткиче дейсиңерби? Макул милиция кеткиче окутам.

– Аа болду. Бизге ошол эле болот. Эми ойлосоңуз, биз муну шаарга деле алып бара албайбыз. Ага канча акча керек. Андан көрө эптепушу милийса кеткиче окуп атат дедире турсаңыз анан кийин өзүбүз чечип алабыз да.

Ошондо гана «өхх» деди берки.

– Аа ошондой дебейсиңерби? Мен дагы эмне болуп кетти дейм, – деп жеңилдене отурду.  – Макул. Экинчи класска кошуп койгула. Мени айтты дегиле. Экинчи сабакта мен да табыштап койом.

– Рахмат, агай. Рахмат.

Ушундан кийинкиси оңой эле уланды. Улуу баласын бир жумага сурады эле деректир чым этпей уруксат бердирди. «Эмнеге? Эмне болду?» деп сурап да отурган жок.

Мындан дудукка эле кыйын болду. Апасы муну эмнеге бул жакка алып келгенин, эмне кылыш керек экенин билген да жок. Жөн гана бас деген жакка басып, отур деген жерге отурууга аргасыз болду. А апасы кеткенден кийинки балдардын шылдыңдаганын айтпай эле кой. Биринчи тыныгууда баары тегеректеп алып, айласын кетиришти. Бир нерселерди жаңдап, ал тургай кийиминен, тартып да көрүп атышты. Анан өздөрүнчө ыржактагандарычы. Байкуш дудукка ушунун баары жат көрүнүп атты. Өзүнөн-өзү корунуп, басынып жаман болду. Апасы отургузуп кеткен жерден кечке чейин кыймылдаган да жок. Бир топто гана өзүнөн улуу эжеси келип ээрчитип кетти.

+++

Ал күнү Кадыр дудук менен дагы жолукту. Бирок, бул жолу бала көп деле качкан жок. Алгач чочулаганы менен балалык ышкысы күчтүүлүк кылып кетти. Анан калса Кадыр тиги райондук борбордон атайын даярдана келген болчу. Колундагы баштыкта алма-салма, чет өлкөнүн шоколаддарын, шире ала келген. Койлордун берки четине жакындап келип отурду да жерге ала келген газетасын коюп, үстүн жанагылар менен жайнатып салды. Анан өзү нары басып кетти. Койдун наркы четинде карап турган бала бир топ кыйылып турду да, бир маалда акырын жакындап келип отура калып жей баштады. Бул убакта Кадыр шашпай басып койлорду бир сыйра тегеренип чыкты. Тээ ылдый бөлүнүп бараткан эчкилерди бери үркүтүп, койго кошту. Анан кайра жымыңдай басып баланын жанына келди. Байкуш жедеп ар кимден корунуп, жалтаң өскөн неме Кадыр келгенде да башын жерге салып, күнөөлүүдөй үңкүйүп отурду. Бирок мурдагыдай тура качкан жок. Кадыр ичинен кубанып кетти. Бул өтө чоң жетишкендик болчу. Эптеп бала менен достошуп алса болот эле. Анын сырын айттырыш үчүн достуктан башканын кереги жок болчу. Мына эми ошол максатка жетээрине аз эле калды.

Кадыр жерге жүйүртө басып отуруп ширенин кутусун алып, жанындагы желим чөйчөктүн бирөөнө толтура куюп жарымына чейин жутту. Анан тиги баланын чөйчөгүн да толтуруп ага сунду. Бала бир аз кысынып турду да анан колуна кармады. Андан кийин Кадыр алмадан кесип бере баштады.Бара-бара бала тартынбай эле сунганын алып жеп кирди. Кыскасы бул күнү Кадыр айылга көңүлдүү келди. Бир топко чейин бала менен чогуу болуп, койлорун тосушту. Анча-мынча сүйлөшкөнгө да аракет кылды. Бирок, натыйжа чыгара алган жок. Албетте биринчи эле күнү сүйлөшө калам деп ойлогон деле эмес. Бүгүнкү күнү таанышып, көнүшкөнгө эле жетишсем экен деген болчу. Ошонусу ишке ашты. Кудайга шүгүр.

Кийинки күнү да ушундай эле болду. Бала дагы түшкө чейин сабакта болду да сабактан кийин койлоруна келди. Анын артынан эле Кадыр жете келди. Бул жолу ал Канаттын үйүнөн ысык тамак, нан, каймак, термоско чай куйдура келиптир. Албетте алма-салма, таттуусун да унуткан жок. Балага баарынан ушулар жакын эмеспи. Бирок күздүн суусугунда ага жагат деп эле таттуу бере бербей, курсагын тойгузаар бирдеме да берейин деген болчу. Ошентип экөө талаага отуруп алып жакшылап тамактанышты. Байкуш дудук эми чочулабай калыптыр. Тамакты да жакшы жеди. Улам алыстай баскан койлорду тосмолойт дагы кайра келип Кадырдын жанына эпейип отуруп калат. Бул көрүнүш кийинки күнү дагы кайталанды. Экөө эми кадимкидей эле чогуу отуруп тамактана баштады.  Курсактары тоюп отуруп калган кезде Кадыр ала келген папкасын ачып балдар үчүн бир эки журнал, бир сүрөттүү китеп, эки альбом жана жыйырма-отуздай эндей сүрөт алып чыкты. Бул альбом менен сүрөттөрдү Канаттын үйүнөн алган. Алардын үй-бүлөлүк альбому мененбалдарынын өзүнчө альбому бар экен. Берки бош сүрөттөрдү болсо Канаттын аялы аркылуу кошуналарынан, жакшыраак катышкан теңтуштарынан чогулттурду. Атайын баланы тартыш үчүнкызыктууларын тандап кошушту. Андан кийин альбомдун арасына да, бош сүрөттөрдүн арасына да шектүү кылмышкерлердин, издөөдөгү адамдардын сүрөттөрүн аралаштырып коюшту. Албетте мындай коркунучтуу адамдарды чогултуп туруп балага берип койгондо аны чочутуп алышмак. Андан көрө аларды көп сүрөттүн арасына салып коюшса бала тааныбагандарын жөн эле карап өтүп кете бермек. Эгер чын эле өзү тааныган кылмышкерди көрсө анда сөзсүз бирбашкача чочулооболушу мүмкүн. Демек Кадыр дудуктун ар бир сүрөткө кылган мамилесин байкап отурушу керек болчу. Анын бир да кыймылын жаза кетирбеш керек. Бул эң негизги чечүүчү убакыт. Эгер ушулардын ичинен бирөө болуп калса, анда иш бир кыйла жеңилдемек.

Баары ойдогудай уланды. Бала сүрөттүү китепти да, журналды да барактап чыкты. Андан кийин Кадыр ага өзү да көрүмүш болуп альбомдорду ачып жылдыра баштады. Керээли кечке эриккен неме сүрөттөрдү бирин калтырбай карап отурду. Ал тургай Канаттын кичине баласын көрүп жылмайып да алды. Кантсе да бала эмеспи. Өзү теңдүү баланын кубанычтуу сүрөттөрү анын да көңүлүн көтөрүп жатты. Кадыр ага андан кийин тиги Канаттын аялы чогулткан сүрөттөрдү суна баштады. Дудук буларды да кызыга карап отурду. Кадыр эми кылмышкерлерди да аралаштыра баштады. Бирок, дудукта өзгөрүү жок. Катардагы эле адамдарды көрүп аткансып нары койо берди. Мына аягына да чыкканы калышты. Кезекте эки кылмышкер аралашкан он чакты эле сүрөт калды. Кадыр дагы эки жөнөкөй сүрөт сунду да үчүнчү кылып бир кылмышкерди жылдырды. Кантсе да эс тутуму күчтүү бала эмеспи, дароо эле тааныды. Тааныганда да кандай? Сүрөттү бир карады да дароо башын көтөрүп Кадырга жалжылдай карады. Ичинде «бул эмнең?» деген ой турдубу, же «муну эмне алып келдиң?» дедиби айтор суроолуу көздөр аны жалжылдай карап, бир саам тигилген бойдон кала берди. Бирок ошондой эле суроого толгон көздөр Кадырда да бар болчу. Ал да баланын көзүнө тигиле карап, «чын эле ушулбу?» дегенсип жалжылдай карап турду. Акыры дудук колундагысын таштап ийди да эми Кадырга да ишенбей калгансып кетенчиктеп барып, отуруп калды.

Кадыр болсо бир кубанып, бир чочулап отурду. Кубанганы иштин түйүнү аз да болсо чечилгени. Чочуганы болсо Кыргызстандан чыгып кетти деген коркунучтуу кылмышкердин так эле алдынан чыга келгени… Сүрөттү кармаган бойдон бир саам отуруп калды. «Демек бул келген экен да» деп жатты ичинен. Ал тууралуу баардык маалыматтарды көз алдына жандандырып эстөөгө аракет кылып жатты. «Өз аты Кайрат болсо керек эле. Кайрат Жумагулов. Башкаларга Карышкыр деген аты менен таанымал. Мурда 2 жолу соттолгон. Кийин «ден соолугуна байланыштуу» деген шылтоо менен азаттыкка чыгарылып, ошол бойдон Кыргызстандан чыгып кеткен. Бул убагында өтө чоң кылмышкер болчу. Бирок, акыркы убакта кылмыш дүйнөсүндөгү аброю таптакыр ылдыйлап кеткен. Ал тургай мунун ордун башкалар ээледи, эми алар Кайратты жолотпойт деген имиш да чыккан. Бирок, мунун баары бир келээрин болжоп, коркуп отургандар да жок эмес. Демек ошолордун ойлогону келген экен. Балким келип эле жолун тазалап киргендир… Эх-х Карышкыр, Карышкы-ыр. Эми кайда качып кутулаар экенсиң? Ден-соолугуң шылтоо боло албас эми…» Башын көтөрүп дудукту карады. Корко баштаганбы, же ошол күндү эстедиби, айтор көздөрү алаңдап, куп-куу болуп отуруптур.  Кадыр дароо мостойо түшкөн жүзүн өзгөртүп, баланы жылмая карады. Анан алдындагы жайнаган сүрөттөрдү жыйнап папкасына салып, китептерди, журналды калтырып койду. Алдындагы момпосуйдан бирди алып, сыртын аарчып балага сунду.  Тигил бир топко эмне кылсам деп тиктеди да, сунулуп турган колду кыя албагансып акырын кыймылдап момпосуйду алды.

+++

Эртеси күнү Кадыр үчүн дагы ийгиликтүү болду. Ал бул жолу балага кишилердин эмес машиналардын сүрөттөрүн алып келди. Мурдагыдай жашырып жаап, алаксытып отурбай түз эле машиналарды көргөзө баштады. Бала башында дулдуюп сүйлөбөй отура берди. Бирок, Кадыр дагы көшөргөнүн койбоду. Улам бир машинанын сүрөтүн көргөзүп, алдынатосо кармайт дагы кайра нары коюп койот. Акыры бала чыдабай кеттиби же, жардам бергиси келдиби айтор бир маалда акырын колун сунуп кара жолтандабастын сүрөтүн беркинин колунан алды да бир саам карап туруп «ушул» дегенсип Кадырдын алдына таштады.

Кадыр ичинен дагы бир жолу жым дей түштү. «Уурунун көчүгү кууш деген ушул. Мына машинасынын үлгүсү да табылды. Эми кармаш керек каапырды» деп кымылдап отурду ал. Кечээки алган маалыматын сураштырып түз эле борбордо иштеген жакшы мамилелеш оперге чалган. Бирок, Карышкырдын келгени тууралуу аларда деле маалымат жок экен. «Балким жаңы келгендир? Же жаңылып калбасын тиги балаң?» – деп күмөндөнүп койду ал досу. Ошентсе да Кадырдын суранычы менен дагы жакшылап иликтеп көрүүнү чечти. Албетте, алардын колунда кылмыш дүйнөсүндөгү жөргөмүштүн жөтөлгөнүн туя турган кулактар бар. Ошондойдон бир-экини кармап келип катуу кысмакка алса эле сайрап беришет эмеспи. Деги, баары бир кимдин келгени, кимдин кеткени билинет дечи. Бирок, бул жерде адам өмүрү турган соң шашпаса болбойт. Андай шүмшүктөрдүн бир күн азат жүргөнү бир канча адамдын башына туулган коркунуч. Кадыр бүгүн да маалыматын чогултуп түнү менен болсо да ошол досуна байланышмак. Эгер андан оң жооп келсе, анда түз эле начальнигине кабар бериш керек дагы, баланы тыкыр суроого алыш үчүн шаарга алып кетиш керек. Андай так маалымат жок алып баруу тиги кежир начальниктин гана кыжырын козгойт. Ансыз деле өчөшүп жүргөн неме ого бетер айласын кетирет мунун. Алдына далилдерди койгондо гана жооп таба албай калат эмеспи. Кадыр, эми бүгүн да ала келип жайып койгон алмадан алып керте тиштеп ойлонуп отуруп калды. Дудук болсо жанында таягынын учу менен жер чукуп отурган. Бир саам ойго батып кеткен экен, бир маалда эсине келип, эми турсамбы деп карай бергенде дудук өзүн жалжылдай карап турганын байкады. Кебетесинде кандайдыр бир нерсени айтайын дегендей түрү бар.

– Эмне болду? – деп башын суроолу ийкеди. Бала шып этип артка жыла берип жаңы эле чукулап отурган жерин көргөздү. Кадыр биринчи түшүнгөн жок.

– Эмне курт бар бекен? – деп баланы кайра карады. Анан ордунан туруп барып тиги көргөзгөн жерди үңүлө тиктеди. Чөбү таяк менен такырайта кырылып буту менен тапталган жерде кандайдыр бир жазуулар тургансыйт. Алгач көргөн көзүнө ишене алган жок. Бир топко карап атып араң тааныды. «D1100L»дегенге же «D1100С» дегенге окшош жазылган экен.

– Машинасынын номурубу? – деп сүйүнө карады баланы. Бирок тиги өзүнө тигиле карагандан башка жооп бере алган жок. Шашып-бушуп чөнтөгүнөн телефонун сууруп чыгып чалып иймек болуп баратып кайра токтоду.

– Бул биринчи тамга Обу же Дбы? Акыркы тамга да так эмес…

Анан эки жагын карай калып жакыныраак жерде турган чычкандын ийинин көрдү. Топурагын тим эле дөбө кылып үйүп коюптур. Ошого жетип барып нары бери топурагын жайып, таптап жиберди да баланы өзүнө чакырды. Нарыраак турган бир түп ит мурундун бадалынан айланып жүрүп тикенеги жок чырпык таап сындырып келе калды. Дудук деле анын оюн түшүнүп турган окшойт. Тиги чыбыкты сунаары менен алды да эки колдоп эпсиз кармай калып акырындык менен жазып кирди. Мектепке кечээтен бери барып, партага отуруп атканы менен колуна калем кармап көрбөгөн неме жазганды деле, тамганы деле билчү эмес. Болгону ошол күнкү эстеп калган машинанын артындагы номурду кандай көрсө так ошондой чийип бергенге аракет кылып жатты. Анын мынчалык эске тутуусу күчтүү экенин ким билиптир. Эптеп көргөн кишисин тааныса экен деп отурбады беле. Ошондо гана ал тууралуу Канаттын айткадарын эстеди. «Ал бир көргөн немесин унутпайт экен. Ал тургай оп-окшош койлорду да бири-биринен ажыратып тааный алат. Кайсы козу кайсы койдун баласы экенин 2 жылдан кийин да таап бере алат» деген болчу.  Көрсө чын экен да. Мына эми карачы. Тигинтип бир көргөн номерди жазып атканын.

Дудук тиги такырга эми шашпай, ар бир тамгага кылдат мамиле кылып жазып чыкты. Биринчиси латынча D экени белгилүү. Экинчиси менен үчүнчүсү болсо тигинен сызылган таякчалар. Демек 11. А үчүнчү менен төртүнчү тоголок. Ушу акыркысы гана баш жагы түзүрөөк, бирок аягы кайрылгансып турат. С эле болсо керек. Акыры кандай болсо да борборго кабар бермей болду. Баягы опер досуна чалып, «D1100C» деген номердеги джип машинасы кимге катталганын, кайда болгонун тактап берүүсүн өтүндү.

Арадан жарым саат деле өткөн жок. Ыкчам кыймылдаган экен досу. Телефону шыңгыраганынан алса ошол.

– Ой, тиги балаң акыл-эси ордунда немеби?, – деди ал шылдыңдай күлүп. – Аны ээрчип убара болбой эле койсоңчу я?

– Эмне болуп кетти анча?Же эмне таппай койдуңбу?

– Таптым, таппагыдай эмнеси бар экен. Аның тиги Жалал-Абаддын машинасы экен. Сураштырып отуруп ал жакка да чалбадымбы.

– Анан бар бекен?

– Бар болгондо да кандай. Тим эле килейген джип экен аның. Кытылдай күлүп койду.

– Кандайча килейген? Эмнесине күлүп атасың анын?

– Жанагы Гүлжигиттин ырын уктуң беле? «Чоңойгондо джип болом, джип болом» деген?

– Э билбейм аныңды? Гүлжигитиңди да тааныбайм. Берки машинаны айтчы аны коюп.

– Анда угуп коюшуң керек экен досум. Бул айткан машинаң ошентип ырдап коюп Жалал-Абадда жүрөт.

– Ой кокуй оой, маалкатпай айтчы эми. Эмне эле деп атасың? Бар бекен же жок бекен?

– Тико экен досум, тиикоо. Ал номер менен катталган Жалал-Абад боюнча бир эле тико бар экен.

– Койсоң?

– Койбой эле. Карышкыр Жалал-Абадда тико менен жүрөт «чоңойгондо джип болом, джип болом» деп ырдап коюп. Ха-ха-ха… Боорум ай боорум.

– Эээй ушу сенин тамашаңды…

Кадыр ызаланып кетип телефонду коюп салды. Анан шаша басып келип жанагы дудук жазган топурактагы жазууну кайра карады. «Балким О болуп жүрбөсүн?» Ушул ой менен кайра чала калмакчы болду да, телефонду кармаган бойдон токтоду. «Эми Ошто катталган машина ушул жакка чейин келе койбос… Кылмышкер деле анчалык аңкоо болбосо керек. Бул жакта дароо эле байкала турган номер. Баса, Жалал-Абаддын машинасы менен деле ушул жакка чейин келбеши керек эле? Бул жерде кандайдыр бир жаңылыштык болуп атат окшойт.»

Ошону менен Кадыр дудуктун жанына кайра барды. Ал жана номур жазып бергенден кийин койлорду бир сыйра тосуп коюп эчкилер токтобой кирип кетип аткан жарчанын кырына барып отуруп алган. Жанына келип катарлаша отурду да колуна кармай келген чыбыкты балага сунду. Өзү болсо жарчанын жээгиндеги шагыл таштуу такырдын бир жерине тизелей отуруп «кайра жазчы» дегенсип белги берди. Дудук деле эринген жок. Шарт эле отура калып жазып кирди. «Мына, даана эле D менен башталып атат. Бир капталы түз сызылган тоголок. О болгондо тегиз тоголок болбойт беле? Эми эмне кылыш керек? Деги эч нерсе жазбаса мынчалык ойлонтпойт эле. Демек бул бирдеме билет. Ошон үчүн жазып атат да…»

Башын кармап жазууну тикирейе карап бир топ отурду. Аңгыча телефону дагы шыңгырап калды эле «тиги досу бир нерсе айтканы кайра чалдыбы» деген үмүттө шашмалап калды. Ордунан тура калып болгон чөнтөгүн сыйпалап атып араң тапты телефонун. Канат экен.

– Алло, эмне болду Канат?

– Байке, кандайсыз? Жакшысызбы? Дудуктун жанындасызбы?

– Ооба, эмне болду?

– Байке, мен сизге баратам. Абайлабасак болбойт. Азыр бул жактагы бирөө чоочун кишилер жүргөнүн көргөн экен. Ошону угуп эле сизге чалып атам.

– Чоочун кишилер? Ким көрүптүр? Кайдан көрүптүр?

– Бир киши көрүптүр байке. Так силер кой жайган беттин үстүнөн көрүптүр.«Капыстан жолугуп калдым» дейт. «Наркы беттен чыга калсам мени көрүп дулдуңдаган бойдон ылдый түшүп кетишти» дейт.«Биздин айылда мындай зуңкуйган узун неме жок эле, кайдан келген?» –  деп кетип калгам» деди. Ошого силердин жолуңарды утурлап чыктым эле.

– Макул. Рахмат Канат. Рахмат.

«Келээрин билгем алардын» деп кымыңдады ичинен. Бирок, миң билген күндө да ушунча жакын жүрүшкөнүн ойлогон эмес экен. Бир саам тула бою дүркүрөп кетти. «Бул жанкечтилер талаа жеринде ит аткандай атып ташташы да мүмкүн? Милиция экенин карамак беле алар?» Эки жагын абайлай карады. Баладан оолактай берип калың күрмөсүнүн ичинен, колтук тушуна катып жүргөн тапанчасын сууруп чыгып, бир сыйра карап, даярдап туруп кайра салды.

+++

Ошону менен Кадырдын кечке айласы кетти. Баланы эми бул жерде кармоого болбойт. Бирде болбосо, бирде тузакка илинип калышы мүмкүн. Кокус түнү менен үйлөрүнө кирип барса эмне болот? Дагы жакшы, чоочун-чобурга такыр жолобогон, айылда көп жүрбөгөн бала экен. Болбосо муну алаксытып жүрүп деле уурдап кетишмек. Кечинде үйгө келгенден кийин Канат экөө көпкө ойлонушту. Начальникке чалып болгонун болгондой айтып көрдү эле ал такыр ынабай койду.

– Кайдагы Карышкырды айтасың? Анын чет өлкөгө чыгып кеткенине канча болду? Ал эми бул жакка даап келе албайт. Сен кечке бир баланы карап жүрө бергидей эмне бала бакчада иштейсиңби? Канча жумуш калды бул жакта? Эртеңден калбай келгиниң, – деп нааразы болду ал. Ушундай оңураңдаган неме. Бул жакка которулганы аз эле болду. Жогору жакта ишенген адамы бар экен. Ошондон го, деле бул жактагыларды көзүнө илгиси келбейт.

Кадыр ага кеп коротуп да отургусу келген жок. Бир топ ойлонду да «Кызыл жарым ай» коомунда иштеген аялына чалды.

– Алоо, Айнек кандайсың? Жакшы жатасыңарбы? Балдар жакшыбы? Эрмектай эмне кылып атат? Аа жакшы… Жакшы… Мен деле жакшы жүрөм. Эртең барайын деп турам. Бирок сенин жардамың керек болуп атат. Сен эртең жумушуңан суранып чыга аласыңбы? Ооба, эртең. Кеп мындай. Баягы дудук баланы алып кетиш керек болуп атат. Ии, баягыда айтпадым беле. Ошону алып кетиш керек болуп атат. Бирок мен алып кете албайм. Себебин дагы… Угуп турсаң… Началник эмне дегенин келгениңде айтып берем… Эми аны билесиң да… Болду эми кейибей турчу, аны биринчи көрүп аттык беле… Сарсанаа болбо… Кыскасы ушундай…Баланы сен «Кызыл жарым айдын» атынан алып кетишиң керек. Жөн эле… «Баланы текшертебиз, азыр майып балдарды карапатабыз. Гуманитардык жардам» деп эле алып кетесиң… Калганын биз жардам беребиз. Кыскасы эртең келе бер. Документтериңди, керек болсо жумуштагы кийимдериңди да ала кел. Сөзсүз кел, Айгүл, сөзсүз. Макул… Эртең мененки автобус менен чык, бул жактан тосуп алабыз. Мектептин жанындагы аялдамадан түшөсүң. Макул. Жакшы тур. Көрүшкөнчө.

Бул Канат экөөнүн чыгарган чечими болчу. Баланы эптеп көздөн далдоо кылып алып кете туруш керек. Ошол эле убакта ал жактан да сураганга оңоюраак. Нары бери темселебей, үйүнө алып барып адамча мамиле кылса, керек болсо булардын тилин таба турган психологдордон жардам алса да болот. Анан калса мындан башка чара да жок калды. Бул жер күн өткөн сайын кооптуу болуп баратат. Тигилердин аңдып жүргөнүн болжоп жүрдү эле, бүгүн ачыкка чыкты. Атаганат, жанагы начальниктин дагы тоң моюндугу ишке такыр тоскоол болуп туруп алды. Болбосо, жардамга киши жиберсе бул жакта кимдер шимшип жүргөнү эчак билинмек. Бирок, уккудай эмес. «Дудугуң, келесооң» дейт да турат.

+++

Эртеси баары ойдогудай болду. Аялы эртең мененки автобус менен жетип келди. Аны Канат тосуп алып түз эле мектептин деректирине кирип барышты. Деректир ар кандай шылтоо айтып, кыйыктанганына болбой дудукту кабинетине алдырып, үйүнөн атасын чакыртышты. Кайран Сатый баласын жибергиси келбей канча чырылдаганы менен өкүмөттөн жазганат экен баары бир. Айла жок, макул болуп, баш ийип берди. Ошондо гана арына келдиби же, дагы эле эл көзүнө кылдыбы айтор, баарын үйүнө ээрчитип барып баласынын үстүндөгү кийимин жаңыртымыш болду. Кийин айылдын этек жагынан буларга Кадыр кошулду. Ошону менен Канаттын кызыл аудиси зуулдаган бойдон борборду карай жөнөдү.  Байкуш, дудук үйүнөн алыстаганга жүрөгү дүкүлдөп, балбал жанган көздөрү жылтырап коркуп келатты. Анын бир гана ишенгени канча күндөн бери ашына болуп калган Кадыр. Азыр да ошонун колтугуна кынала отуруп, корголоп алган. Анын минткени Кадырдын ого бетер жүрөгүн жибитип, бечерага пейили төгүлдү.

Баса дудуктун шаарга сапар алышы тууралуу кабар ушул турган айыл элинен биринчи Карышкырга жетти. Булар кабинеттен чыгып Канаттын машинасына отуруп-отура электе эле деректир баягы текшерүүчү калтырган номерге чалды. Карышкыр мындай маалыматты жөн калтырабы? Бала менен чыккандар тууралуу ийне жибине чейин такып сураган соң деректирге ыраазычылык билдиримиш болуп телефонду койду да, дароо жигиттерине кыйкырды.

– Дудукту колдон чыгара турган болдук акмактар! – деп бир тийди тигил экөө бөлмөгө кирээри менен. – Мен силерди ичип-жесин деп багып жүрөмбү, я?! Кана колуңардан бир иш келгени?!Кана?! Ой ушу силерге ишенген мен да акмакмын эннеңди!.. Жаны күйгөнүнөн чыдай албай ордунан туруп терезени карай басып кетти. Бутуна сыналгынын пульту уруна калды эле, жини менен анысын бурчту карай ыргыта тээп салды. Деги жинин эмнеден чыгараарын билбей жаман болду. Терезеде жедеп кир баскан парда илинип турган. Көзүнө ал дагы мокочо көрүнүп кетти окшойт капталды карай силке тартып таштады. Ылдырап араң турган немеге ушул эле жетишпей жаткан экен. Бир топ илгичтери жулунуп, ого бетер шалпыйып жатып калды.

– Бүгүндөн калсак анда иштин бүткөнү, билип койгула! – деп кайра бурулду берки экөөнө. Заар чачкан көздөрү менен экөөнү матай тиктеди бир саам.  – Эгер бүгүн да колуңардан келбесе анда менден жакшылык күтпөгүлө. Же түрмөнүн түбүндө чирийсиңер, же алдагы калдайган башыңардан ажырайсыңар. Башка жол жок.

Экөө лам деп ооз ачпай туруп беришти. Башчысынын айтканы менен болуп, көзүнүн агы менен тең айланып көнүп калган немелер үчүн тигинин ар бир айтканы айныгыс мыйзам болчу. Тээ бала чагынан бери ушул адамдын ачуусун да, таттуусун да көрүп чоңоюшкан.  Мындан башка ылымсанаар адамы да, эш тутаар карааны да жок. Ал тургай так ушул жеп-жутуп жиберчүдөй атырылып турган мыкаачыдан башка адамдын баары буларга душман сезилчү. Бала чагынан таштандыга айланып, кароосуз калган немелер кийин ушул кишинин карамагына өтүп, кулагы кесик кулдай менчигине айланган. Ошол бала кезинен берки мээсине сиңип бүткөн бир гана нерсе – бул алардын өмүрү да, өлүмү да так ушул кишинин колунда деген түшүнүк. Мына ушул түшүнүктүн айынан кожоюну колу-буту шал болуп, өлүм төшөгүндө жатса да кол кайтарып, каяша кыла алышмак эмес. Азыр да ошондой болду. Карышкыр мурунку карышкырлыгынан калып, айласы кетип алдастап турганына карабай экөө анын баардык жемесине чыдап, шалбырап турушту. Шефи болсо аларды канча күндөн бери оозуна келген сөз менен ашата сөгүп, жер-жеберине жетип келет. Баса, Карышкырдын да ошо күйгөнүнчө бар эле. Күнү кечээ бул аймакта кадыр-баркы артып, эми бир аз убакыт болсо бүтүндөй республикага сөзү өтөөр күчкө жетем деп турганда буга күтүлбөгөн бут тосуу болду. Эч кимге белгисиз бир суу куйдунун итчилиги менен мыйзамдын торуна кабылып, капаска чалынды. Ошону менен жолго түшүп келеткан иштери бир заматта ойрондолуп, крим дүйнөдөгү кадыры төмөндөп кетти. Мындайда кимдин-ким экени бат эле билинет эмеспи. Мурда колунан иш келип турганда көзүн карап, ылымсанап жүргөн немелер тез эле боорун качырып, керек болсо душманга айланып чыга келишти. Андан кийин акырындап киреше таап турган булактарын бүт тартып алышты. Бара-бара душмандыктары ого бетер күч алып өзүнө кол сала турган кейипке өтүштү. Албетте, алар үчүн буга окшогон көк беттин тирүү отурганынын өзү эле коркунучтуу болчу. Ушундай алсырап турганда көзүн тазалап салбаса, кийин баары бир кедерин тийгизбей коймок эмес. Бөрү карыса да бир койлук алы бар деген кеп тегин жерден айтылбаган тура. Душмандар ушуга көзү жетип муну жок кылмак болушту. Иш барган сайын ырбап баратканын туюп бул да бекер отуруп берген жок. Бар айласын салып, колдо бар быдырын колдонуп жүрүп, акыры бир шылтоосун тапты. Дарыгерлерден «бир жумага жетпеген өмүрү калды» деген справка алдырып азаттыкка чыгып, чет өлкөгө чыга качканга жетишти. Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет деген чын тура. Алды-артын карабай араң кутулган неме чет жерде жүрүп кайра эле тирденди. Тез эле өзүнө окшогондор менен байланыш түзүп, мамиле күткөнгө жетишти. Деги баары ойдогудай келеткан. Кечээ баягы өзүн сызга отургузган суу куйду Жекини таап, өч алам дегенге чейин баары эле сонун болчу. Ооба, башынан өткөн кырсыктын баарын башкалардан издеп, башкаларды күнөөлөп атканда чыккынчылардын ана башы өзүнүн досу, эң ишенген адамы Жеки экенин укканда жаны болуп көрбөгөндөй кейиди. Акыры ызасына чыдабай жетип келип өч алмакчы болду. Алдына койгон пландары көзүнө көрүнбөй, эси-дарты өч алууга ооду. Качан өзүнө ишенерлик абалга келгенде гана кайрылып келип, мурдагыдай эки тизгин бир чылбырды колума алам деген ойлору бир заматта бырын-чырын талкаланды. Кыскасы ушунча байлыгынан, бийлигинен ажыратып, душмандарынын алдында тизе бүгүүгө аргасыз кылган немени өз колу менен жайлап, биротоло тындым кылмайын жай алып отура албай калды. Акыры жумуштарын жыйыштырып коюп, көксөөсүн суутмакка аттанып чыкты. Албетте Жеки шүмшүк дагы жөн отурбай мунун бир топ иштерине ээ чыгып, өзүнчө байлык жыйнаганга жетишкен экен. Ал тургай бир далай акча чогултуп чет өлкөдөгү банктарга чыгарып ийиптир. Мунун баарын ушул жердеги  узун кулак тааныштарынан укту. Мурда-кийин мындай ишти далай кылган эргул  Жекинин кайда басып, кандай тураарын бир заматта тактап туруп, оңтою келген күнү чычканды мышык алгандай басып калды. Жекиге бул жолу тегеректеп жүргөн жигиттери да жардам бере алган жок. Ошону менен кургурду жерден алып көргө салды тим эле. Өзү аймакчы, чыккынчылык кылмак тургай, атын укканда чочуп тургуча кыйнамай болду. Атаганат убактысы гана тар болуп калды да. Болбосо, жанагы чогулткан байлыктарын бир тыйынына чейин алдырып туруп, андан кийин аркы дүйнөгө узатып коймок… Бирок, мунун келишин байкаган атаандаштары, өздөрүнчө шекшинип, аңдый башташты. Албетте ар кандай кокустук болуп кетиши да мүмкүн эле. Ошого жараша алар менен күч сынашууга да али эрте. Натыйжада, Жекинин көзүн тезирээк тазалап моокумун кандырып алып басып кеткенден башка чарасы калган жок. Акыры ошондой да кылды. Жакшы эле баары ойдогудай ишке ашып келаткан. Өлүктү ың-жыңсыз жоготконго ыңгайлуу жер да тез эле табылды. Балким ошо күнү «муну өз колум менен жайлайм» дебей эле жигиттерин жиберип, өзү жылуу ордунда отура бергенде бүт баары ошол бойдон жымырайып бүтүп калмак. Тигил күтүүсүз күбө болуп калган койчу балага өзү эмес, мобу алдында турган эки желдети кабылганда деле алардын көзүн тазалап туруп басып кетмек. Бирок, кычастыкты карачы… Эң акыркы жүрүштө баары ойрондолуп жатып калды. Артын жакшы эле таза кармап, абийирине доо кетирбей жүрдү эле, минтип кайрадан кара так сүйкөлгөнү калды. Болгондо да ушу жүзү кара Жекинин айынан экинчи жолу капканга чабылып отурат. Эми эмне кылыш керек?

Сыналгынын маңдайында турган эски креслого башын мыкчый отурду. Катардагы эле бирөөнүн 2 бөлмөлүү батирин бир айга алышкан болчу. Мунусу да көңүлдү айлантчудай чалдыбары чыккан эски батир. Шашылыш эле ала калышкан. Мынчалык көпкө калабыз деп ким ойлоптур. Башында бир жумага деп алышты эле эми минтип, иштери бүтпөгөн соң бир айга жылдырышты. Деги үй эле аты болбосо, кедейдин кепесинен айрымасы жок. Же бир кенедей эле шарты болсо эмне кургурдун. Тээ СССРден калган оокаттар, эски көрөн-шөрөндөр…

– Бүгүн бүтүрбөсөк болбойт! – деп креслонун кырын бир урду бир маалда. – Мына мобу үйдүн ыпыр-сыпыры силерге жагып атса отура бергиле. Бирок, мен мындан нары чыдай албайм!

Берки экөөнөн дагы эле үн чыккан жок.

+++

Күн капталдай көтөрүлүп, төбөгө жакындап калды. Бүгүн жуманын иш күнү болгондуктан бул жолдордо азырынча көп деле машина жок. Кокус базар күнү, же базардан бир күн мурда болгондо ары-бери каттаган машина бир топ көбөйүп калмак. Чындыгында бул жер алыскы район болгону менен, дем алыш күндөрү өтө турган мал базары менен бүткүл республикага барктуу болчу. Мындан беш-алты жыл мурда керек болсо коңшу мамлекеттерден да соодагерлер келчү дешет. Бирок, алардын келиши менен балаар кескин өзгөрүлүп кетти. Дыйкандар малын каалагандай баага сата баштагандан кийин, ортодо абадан акча таап жүргөн ортомчулар көп кирешеден куру жалак отуруп калышты. Натыйжада алар чара көрүшүп, чет элдиктерди жолотпой коюуну чечишти. Албетте, мындайда жанагы крим дүйнөнүн куурагырларынын эле күнү тууйт эмеспи. Тигинисин кордоп, мунусун колдомуш болот дагы, акырындап-акырындап бийликти колго алышат. Андан кийин кызыл кулактардын кирешесинен үлүш алып гана отура бер. Мына ошол киреше көзүн кызартып, кыргынга түшүрүп атпайбы аларды дагы. Бирок, алардын андайы менен бу жергиликтүү элдин иши эмне? Сатчусу колундагы малын жетелеп, алчусу акчасын томпойтуп чөнтөгүнө салып базарга барат, көңүлдөрүнө төп келген баага соодалашып кайра жолуна түшүшөт.Тиргилик деген ошентип өтө берет тура жай адамдыкы. Айрыкча элет элине көп деле шашылыш жок. Натыйжада минтип жолдор дагы бош. Ал тургай ар кайсы жерден жол тоскон МАИ кызматкерлери да көрүнбөйт.

Кыскасы, ушул зымыраган жол менен Канат кызыл аудисин чымылдата айдап келатты. Жанында чогуу келеткан жүргүнчүлөрү эчак көшүлүп уйкуга кеткен. Бир гана бечера дудук көзүн ирмебейт. Анан кантсин кургур? Туулганы кой артынан калбай, короодон чыкпай чоңойгон немеге күздүн суугунан бир да жашылы калбай саргайган сары талаа дагы кызык көрүнүп келетпайбы. Жана бир топко чоочуркап, алаңдаганы менен бала эмеспи, бат эле анысын да унутуп, терезеге жабышкан бойдон сыртты карап келет. Канат «эми бул буркурап ыйлап, тежиктенип айлабызды кетирбесе экен» деп санааркап атты эле, эми тигинтип алаксып калганына санаасы тынып, көңүлү көтөрүлүп калды. Анын мындай тынч келээрин билсе дагы бир киши салып алышмак экен. Эмне, жок дегенде балдарына таттуу-паттуу ала барганга жарамак да. «Мейли эми, ушу тынч баратканыбызга деле шүгүр» деп топук кылды кайра.

Ошентип зымырап отуруп жолу эзиле бергенинен улам асфальт токтобогон белге да жете келишти. Бул жер ушул жолдун чечилгиз көйгөйү. Тээ кар эрип, күн жылыгандан баштап ушунтип эзилип турганы турган. Же бул жерге асфальт токтобойт, же шагыл токтобойт. Деги бир багы ачылбаган бел. Көпчүлүк убакта машиналар тыгылат, же дөңгөлөктөрү бир балээге учурайт. Мына азыр дагы бир машина токтоп турган экен. Болгондо да зыңкыйган кара джип токтоптур бул жолу. «Бу шаардан келген немелер деги жолду карап айдаганды да билишпейт» деп өзүнчө кыйынсынып койду Канат. «Зыңгыраган түп-түз жолдорго эле көнүп алышкан окшойт. Ал тургай дөңгөлөк алмаштырганды билбеген кемпайлары да бар. Ана, айтпадым беле. Сомодой болгон эки жигит жүрүп жол тосуп жардам сурап атышканын карап кой.» Чын эле булар жакындай бергенде эле бирөөсү бурап аткан домкратын таштай коюп, ордунан туруп кол булгап калды. Беркиси болсо узун боюн жашыргансып чөк түшө калып, жанында турган бош дөңгөлөктү кармалай кетти. Өзү деле руль кармап, жолдо жүргөн неме болгон соң тигилердин көңүлүн калтыргысы келбей машинасынын күүсүн азайтып, акырындап токтой баштады. Кадыр менен аялы уйкусунан ойгонгон деле жок. Канат бир саам экөөнү карады да, ойготпой эле түшүп кетмек болду. Бирок, күтүүсүздүк так ушул жерден башталды. Жанатан беймарал сыртты карап келеткан бала Канат бурула бергенде шарт секирип чыгып артты көздөй жөнөп калды. Канат анын бул күтүүсүз кыймылынан улам эч нерсе дегенге үлгүрбөй атып чыгып артынан чуркады. Ошондо гана Кадыр удаама-удаа жабылган эшиктин үнүнөн ойгонуп, эки жагын каранып алды. Алдында аялы да кудум өзүндөй болуп элеңдеп отурат.

– Кайда чыгып кетишти? – деп таңыркай сурады Кадыр.

– Билбейм, туалетке чыгышты го – деп болжолдоду аялы.

– Аа, анда келишээр…

Ушуну менен Кадыр унчуккан жок. Оң капталына кыйшайып уктаганга мойну ооруп калган экен, акырын мойнун бурап кычыратып, колун чоюп керилди. Бир маалда көзү алдындагы машинага урунду.

– B7768C – деп шыбырай окуду номурун. Анан джиптин жанында булар келген тарапты карап турган жигитти карады. Тим эле күрсүйгөн неме экен анысы. Бут алдында машинанын кошумча дөңгөлөгү жатат. «Дөңгөлөк алмаштырып атышкан го бечералар» деп ойлоду ичинен. Аңгыча джиптин нары жагынан куркуйган бирөө чыгып багажникти ачты да ичине эңкейип бир нерсени бери аңтара салды. Анысы шалбырай илинип машинанын номурунун үстүңкү жарымына чейин жаап калды.  Ушунун баарын Кадыр жөн гана карап отурду. Оюнда болсо дудуктун алдыдагы тагдыры, «андагы маалыматтарды кантип алыш керек?» деген суроолор удургуп жатты. Ой деген күлүк болот тура. Бир маалда дудуктун талаадагы жазган номери көз алдына тартылды. Такырайган топуракка жазылган «D1100C» деген жазуу. Бир саам анын кандай жазылганын элестетип отуруп эле көзү чакчая түштү. Көрсө так ошол жазуу маңдайында турган экен. Тең ортосунан өйдө жагы чүпөрөк менен жабылган номер так эле бала чиймелеген жазууга окшошуп туруптур. Тигине үстүңкү бөлүгү жабылган В тамгасы «D» болуп калыптыр. Жантая сызылган кош сызык болсо 77 деген номердин ылдый жагы. (Аны 11 деп окубады беле) Ал эми 68 деген жазуунун астыңкы эки тогологун Кадыр 00 деп окуган болчу. Демек дал өзү. Жүрөгү «шуу» дей түштү. Бирок, өзүн жоготкон жок. Кебелбей отурган калыбында тизесине арта салынып турган күрмөсүнөн тапанчасын сууруп чыгып, даярдай кармады.

– Айнек мени жакшылап ук! Азыр мен эшикти ачаарым менен руль жакка өт дагы, машинаны от алдыр! – деп шыбырай сүйлөдү ал. Өзү болсо сүйлөп жатып айдоочу жактагы күзгүнү карады. Тигине Канат артта чырылдап жулунганына койбой дудукту кармап келетат. Кайран дудук машинаны тааныыры менен качып жөнөгөн тура. Эми көзү багажникти чукулап аткан жигитке илинди. Ал жанатан бери эч нерсе кылбай эле нары карап тоңкоюп турат. Демек колуна куралын даярдап мерчемдүү убакытты күтүп атса керек.

– Эмне дейсиң? Эмне болуп кетти? – деп алаңдай сурады аялы.

– Сурооңду токтот! Мен эшикти ачаарым менен рулга отур! Машинаны от алдырып айдап жөнөйсүң. Билесиң да айдаганды. Көзүн алдыдагы эки жигиттен албай сүйлөп жатты. Бирок, кебин аягына чыгара алган жок. Багажникте турган жигит колуна кичинекей автомат оролгон чүпүрөктү кармаган бойдон бурулуп келатканын көрүп калды. Дароо машинадан ыргып чыгып тапанчасын ошону карай сунуп удаама-удаа аткылады. Анткени менен тиги дагы оңой эмес экен. Көзгө илээшпеген тездик менен капталга бир тоголонду да тизелеп отура калып буларды карай ок жаадырды. Кадыр бир эки ирет тарсылдата атып алып машинага далдаланды. Автоматтын огу аудинин капталын, айнектерин бир заматта бырын-чырын кылып тытып жиберди. Мынчалык өзгөрүүнү күтпөсө керек, аялы рулга өтмөк тургай чырылдаган бойдон бут койгон жакка кирип кетти. Канат болсо эптеп илешип келип машинанын артына далдаланды. Ал дудукту тыбыраганына карабай бооруна бекем басып алыптыр. Иштин оңунан чыкпай баратканына көрүп Кадырдын көзү чакмактай түштү. Эптеп бир деме кылбаса болчудай эмес. Автоматтын огу жаап атканына карабай машинанын арт жагынан чыга калып өлөрмандана аткылай баштады. Бул жолу тигилер джиптин артына кире качканга мажбур болушту. Кыязы мынчалык каршылык болоорун күтүшкөн эмес окшойт. Кудай жалгап Канат ушул учурду пайдаланганга үлгүрдү. Ал арткы эшиктен дудукту машинанын ичине ыргытып ийип, өзү рулга отура калды. Кудай жалгап ачкычы да тешигинде сайылган бойдон калган экен. Бураары менен ауди дүр этип от алды. Ылдамдыкка салып ордунан козголо бергенче Кадыр болгон огун атып бүтүп, дароо ордуна жайланышты. Ошону менен Канат ордунан атырылткан бойдон Джипти айланып өтүп, сызып жөнөдү.

Жанатан Джиптин наркы жагына далдаланып отуруп алып, жигиттерин башкарып отурган Карышкыр ордунан ыргып туруп, тапанчасы менен аткылаганча чуркап чыкты. Анан аудинин артынан татырата атып аткан жигиттерин карап,

– Машинага отургула акмактар! – деп бакырды. Өзү да арткы эшикти ачып машинага кирди. Бир заматта үчөө ордуларына отуруп тигилерди кууп калышты. Чынында жанатан машинанын деле дөңгөлөгүн чечишкен эмес. Жөн гана кошумча дөңгөлөктү алып чыгып, домкрат менен машинаны көтөртүп коюшкан. Анын баары ошол ордунда калды. Карышкыр эми таптакыр жиндеп, оозуна келген сөз менен сөгүнүп баратты. Бир маалда чыдабай кетип Нуриктин автоматын ала калды да, арткы терезеден колун чыгарып алдыдагыларды огу түгөнгүчө татырата аткылады. Качан огу түгөнгөндө автоматты Боханын алдына ыргытып,

– Окто батыраак! – деп чаңырды.

Байкуштун ойлогон ою бул жолу да текке кетти. Деги баары эле бул ойлогондон чыгып келеткан. Жанагы дудук чыга качпаганда балким мунун эч бири болмок эмес. Өзү чыгып берген немелердин чыкыйына тапанча такап кармамак дагы, баарын шашпай мойнун бурап өлтүрүп туруп, жардын кырынан ылдый машинасы менен кулатып иймек. Бирок, жанагы дудук дагы сааттай болуп качып бербедиби. Ушу өмүрү кой артынан калбай жүргөн неме машинасын таанып калат деп ким ойлоптур. Тааныса мени тааныйт деп жашынып отурганы да ошол болчу. Анан шайтандай болуп анысы качып, беркиси кууп берген соң жигиттерин дагы токтотту. «Эми алар менен куушуп жүрө бербей отура туралы. Артындагысы кармап келсин, анан улантабыз» деп ойлогон. Болбосо тиги дудук баягыдай талаа аралап качып берсе, бул тоолордон аны кантип кармайт эле. Анан калса тиги кырларды аша калсаң малчынын сарайлары толуп атат. Бирде болбосо бирине жолугаар бул чымылдаган неме. Ошентти да, артынан кеткен куугундун кармап келишин күттү. А тили жок неме ага баары бир эч нерсе айта алмак эмес. Машинанын далдоосуна дүңкүйүп отуруп алып гана жигиттерин башкарып отура берди. Кудайдан болуп берки машинадагысы да ордунан жылбай үргүлөп отурган. Кылгылыктын баарын кылса тетиги дудук же, дудук көтөргөн неме кылат деп ошондон көзүн албай, ошолорду саксына карап отурду эле, балээнин баары тескери жактан келбедиби. Мына эми минтип алдыдагы тамтыгы чыккан машинаны артынан калбай демите кууп келетат.

Кайра эле баягы кууган менен качкандын көрүнүшү. Алдыда өйдө-ылдыйга анча шайы келе бербеген ауди менен аңды дөңдү карабай адыраңдап келеткан жол тандабас. Тоо арасындагы ээн жолдо буларга жардам кылаар дагы, арттагы кууганга тоскоол болоор дагы эч нерсе көрүнбөйт. Кадыр жардам сурап бөлүмгө чала калайын деди эле кашайгансып телефон да тартпайт экен. Таптакыр айла кетти. Арттагы күрүлдөгөн неме уламдан улам жакындап келет. Азыр дагы бир аз жүрсө жол бир капталы тип-тик жарга жетип барат. Балким арттагылар да атайылап ошол жакка сүрүп бараткандыр. Ошол жардан ылдый аңтарып ийсе булардын өлбөгөндө эмнеси калат эле. Эми кандай кылса экен?…

Аңгыча көзүнө оң жакты көздөй кеткен топурак жол илинди.

– Оңго сал! – деп кыйкырып жиберди Кадыр. Канат шашмалаган бойдон жолдун чаңын сапырып оңго бурулду. Дагы аз жерден Кудай сактады. Жол жээктей орнотулган цемент түркүктү сол капталы менен бир уруп алып оңолуп кетишти. Ошол болбогондо ала салып жатып калышмак. Куйрук улаш келеткан джип мынчалык тездик менен бурулаарын күтпөсө керек. Кайкылдатып тормузун тээп отуруп араң токтоду да, дүңкүлдөгөн бойдон жолдон чыгып булардын артынан түштү. Үстүндөгү бош топосу желп эткен желге сапырылып, чаңы буртулдап учуп турган жол үстүндө эки машина куушуп жөнөдү. Бул жол шагылы жок болгону менен ар кай жери адырая казылып, жаан токтогон жерлери оюлуп кеткен шагыл жолго караганда алда канча түз экен. Кадыр ушундан пайдаланып артты карап отура калды да арттагы куугунду болжолдоп аткылай баштады. Ансыз да алдыдагы машинанын сапырылта көтөргөн чаңына кабылып, айласы кетип келеткан немелер эми бет маңдай атылган окторго туруштук бере албай кетенчиктей калышты. Таамай атылган тапанчанын огу алдыңкы терезени тешип-тешип ийди эле күтүрөгөн чаң бир заматта жыртыктардан кирип баарын жүдөттү.

– Буйтап айда! Артынан калбай буйтап айда! – деп бакырды Карышкыр жаалданып.

Кубалашмай узаган сайын Канаттын үмүтү үзүлүп баратты. Себеби алдыдагы эски кашардан нары жол көрүнбөй койду. Кашайып бул топурак жол так ушул сарайга гана катташ үчүн салынган окшойт. Андан нары боз чалган эле адыр экен. Мунун машинасы ал адыр менен узак кете албас. Артта болсо тигилер калбай келетат. Мунун санаасын арттагы Кадыр деле туюп турган экен. Ал машинанын улам бир капталына өтүп аркы адырлардан өтмөк издеп жатты. Акыры эч ылаажы таппады окшойт алдын караган бойдон ой басып отуруп калды. Бир маалда кепке келип бүрүшүп, тыгылып жаткан аялын тарткылап кирди.

– Айнек тур! Чык алдыгы жерден. Бол! Чык эми батырак! Бол эми! Бышактай бербей менин сөзүмдү укчу. Азыр биз тиги сарайдын артына барып токтойбуз дагы, арттагы куугунду тосуп чыгабыз. Башка чарабыз жок. Түшүнүп атасыңбы? Жол түгөндү. А сен ошол убакта телефондорду алып сарайдын артындагы тоонун башын көздөй чурка. Колуңан келишинче бийик чык. Телефон тартып калаар. Антенна чыккан эле жерден бул жакка жардам чакыр. Макулбу?!

-Жок! Мен барбайм! Баралбайм, – деп буркурап жиберди аялы. Ал тоону бир карап, арттагы куугунду бир карап алаңдай берди.

– Барасың Айнек, барасың! Биздин тагдырыбыз сенин колуңда, билип атасыңбы! Башка кылаар айлабыз жок! – деп бекем-бекем сүйлөдү Кадыр. Анан Канатка кайрылып,

– Тээтиги кашардын арты менен кирип сол жак башына токтот, – деди. Өзү болсо аялын бери каратып колуна эки телефонду карматты. Бир колу менен көзүнүн жашын сүртүп, саксайып кеткен чачтарын артына карай сылады да,

– Биздин акыркы үмүтүбүз сенде. Колуңдан келишинче тез чурка, – деп жалооруй сүйлөдү. Айнек эч нерсе айта албай буркураган бойдон жолдошунун мойнуна жабышты. Байкуш дудук болсо эч нерсени укпайын, эч нерсени көрбөйүн дегенсип башын катып, арткы орундуктун алдында тыгылып жатат.

– Даярдангыла, азыр токтойбуз, – деди Канат. Кадыр Айнектин кучагынан чыга калып, баланы тыгылып жаткан жеринен сууруп алды. Байкушту аялындай кылып качырып ийейин дейт, бирок бул аны түшүнгүдөй эмес. Мобу тырышып жаткан жеринен араң сууруп чыкты. Кантсе да бала эмеспи, ушунун баарын көзү көрбөй калса эле кутулчудай болуп, бекем тыгылып алыптыр. Аны ошо бойдон бооруна басып, бир колу менен тапанчасын оңтойлой кармады. Ошол кезде Канат дагы узун сарайды айланып келип эбак бузулуп, дубалы аңырая ачылып калган тушка келип токтоду. Үчөө үч жагынан шуулдап чыгышты. Аялы түз эле тоону беттей чуркады. Берки экөө болсо алдыда боло турган кармашка даярданыш үчүн ыңгайлуу орун издеп жөнөштү. Кадыр бооруна бекем кыса чыккан баланы кайда жашыраарын билбей сарайдын ичин карап жатып көзү бир капталда үйүлүп турган эски көңгө илинди. Урандылардан аттап кирип ошонун бир бурчуна отургузду да жанында от тамзыгыга деп үйүлүп жаткан куурайдан үстүнө толтура ыргытып таштады. Ушул убакта Канат тарсылдатып ок чыгарды. Артынан эле жооп кылып тигилер да тытыратып калды. Кадыр кайда бекинип, кайдан ок чыгараарын билбей алдастай түштү бир саам. Анан маңдайдагы терезеден башын чыгарып сыртты карады. Тигилер кашардын маңдайына эмес, артына токтогон экен. Шып этип секирип терезенин кырын басып, андан ары кашардын үстүнө чыгып кетти. Канат тигилердин узакка созулган огунан кийин анда-санда жооп кылып турду. Кашардын үстүнө дүкүйө өскөн чөп ошо бойдон куурап калыптыр. Кадыр ошону аралап акырын сойлоп жөнөдү. Тигине джиптин төбөсү да көрүндү. Дагы жылып келип жакшылап караса далдоосунда бирөө жүргөнсүйт. Эптеп эле ачыкка чыкса ыргыта атса болчудай. Карышкырдын өзү экен жашынган. Шып этип чыга калды да татыратып жиберип кайра жашынып калды. Кадыр бул жолу атканга үлгүрбөй калды. Чочутуп албай даана атайын деп кийинки чыгышын чыдап күтө баштады. Бирок тиги көпкө чыкпай койду. Кадыр бүткүл дитин коюп ошону күтүп тура берди. Убакыт да өтө аз. Эптеп муну жайлай калып Канатка жардам бербесе болбойт. Берки экөө аны жалгыздап кетиши мүмкүн. Демин ичине каткан бойдон күтүп турду. Дал ушул убакта күп этип үстүнөн бирөө басып калды. Экөөнүн  салмагына эски жабуу чыдайбы. Астындагы жыгачтар кычырай түшүп экөө тең ичине кирип кетишти. Көрсө жанагы күржүйгөн неме басып калган экен. Топо чаң болуп эле кулап түшүштү. Кадыр тигиге караганда алда-канча ыкчамдык кылып тура калды да, берки өйдө болоору менен бет талаштыра чаап калды. Тиги болсо анын чапканын сезип да койгон жок. Тек гана жаагын колунун сырты менен аарчып акырайа карады. Кадыр таң кала карап алып кайра шилтеп-шилтеп жиберди. Бирок, тиги дале кенеген жок. Кебелбей турду да бир кезде Кадырдын чаап келеткан колун шап эте кармап калып экинчи колу менен көмөлөтө койду. Ошону менен эсине келтирбей эки-үч жолу көмөлөтө-көмөлөтө тепти. Андан кийин эми тура албайт дедиби, көзүнө кирип кеткен чаңды ушалап туруп калды. Кадырга ушул эле керек болчу. Наркы капталында дат баскан темир казыктын учу чыгып турган экен, ошону кармаганча ордунан турду. Берки күржүк аны мылжыя карап бир нерсе айтмак болду эле, ооз ачканга да үлгүрткөн жок. Бир секирип капталына өтүп келип казыктын иймек башы менен башка басып калды. Тептегиз кыркылган чачтан бир заматта дыркыраган кан сызылып чыгып бетин жая берди. Көзү аңтарылып бир саам нес болуп турган соң акырын чалкалап барып күп этип жыгылды. Ушундан кийин айлана тынчып калганын байкады. Сыртта да негедир атышуулар токтоп калыптыр. Кадыр топурактын арасынан тапанчасын таап, ичин ачып огун карады. Экөө эле калыптыр. Туш келди аткылай бергенге болбос. Бутунун учу менен басып Канат турган жакты көздөй жакындады. Андан такыр эле дайын жок. «Өлүп калды го байкуш» деп ойлоду ичинен. Көз алдына анын томурайган эки баласы менен ыйманы ысык колуктусу тартылды. Алардын жетим, жесир калганын ойлоп заманасы куурулуп кетти. Негедир ошонун баарына өзүн күнөөлөдү. Бир саам начальнигинин тоң моюндугун эстеп ого бетер итататайы тутулду. «Ошол акмак баарын кылган» деп күбүрөндү ичинен. Ичинен ушуларды ойлогончо акырын жылып жанагы сарайдын урап калган башына жакындады. Мына эми тешикке жетип сыртты карай бергенде оң жак чыкыйына шак этип бир нерсе тийип буйдамга келбей кулап түштү. Эмне болуп кеткенин түшүнбөй калды. Бирөө башка урганына көзү жетип, тезирээк туруш керек экенин билип турса да, кудум көкүрөгүнөн бастырып койгонсуп, козголо албай жатты. Эптеп бир капталына оодарылып барып турмакчы болду эле кайра кулап түштү. Бул жолу бети менен жер сүзүп жыгылды. Кайра чымырканып тырышып атып колуна таянып туруп оозундагы кыктарды түкүрдү. Ушул убакта жанына кимдир бирөө жакындап келди. Кадырга анын эки буту эле көрүндү. Башын көтөрүп карайын деди эле шак эткизе курсакка тээп жиберди. Байкуш эбелектей учуп эки аласалып барып жатып калды. Тим эле өпкөсүн үзө тепти окшойт. Ичи эңшерилип, дем ала албай бир саам жатты. Бир маалда көзүнүн караңгылашканы тарагандай болду. Айланасы тунук көрүнүп, кайда жатканын боолголоп алды. Эми жанагы буттун ээси келип бет алдына отурду. Көрсө жанагы багажникке эңкейип турган куркуйган неме экен.

Сен деги өзүңдү коргогонду билесиңби? – деп кекээрлей сурады ал.

– Эки мүнөт убакыт бер. Коргонгонду сага үйрөтөм, – деп ызырынды Кадыр. Мунун жообуна ыраазы болду окшойт, мыйыгынан жылмайып алып ордунан туруп, нары басып кетти. Шашпай спорттук костюмун чечип, бир жерге кынаптап илди.

– Сен досуңа караганда чыйрак экенсиң бирок, – деди бери бурулуп. – Бир тепкенден чыкпай калды го аның.

Кадыр дале унчуккан жок. Канат дегенди укканда анын балдары кайра көз алдына тартылды. Жүрөк тушу туз куйгандай зырпылдай түштү. Ошондон чыйралып кеттиби, колу-буту калтыраганына карабай өйдө турду. Тайгандай болгон неме мунун оңолгонуна сүйүнгөнсүп маңдайына туруп мылжыңдай күлдү.

– Шеф өлтүрбөй карма дебегенде сени жана эле жайлап койот элем, – деп ырсактады. Анан шып эте оң бутун көтөрүп келип, кайра сол бут менен башка тээп калды. Кадыр чала-була тосконго үлгүрдү. Бирок, баары бир соккуга туруштук бере албай кулап түштү. Бул жолу тигинин көз көрүнөө тээп алганына ызаланып кетти. Ордунан тура калып болгон билген кыймылдары менен чабуулга өттү. Анткени менен мышыктай немеге бир да соккусун жеткире алган жок. Шапылдатып тосчусун тосуп, буйтачусунан буйтап келди да, оңтоюн келтирип туруп кайра өзүн тарс эткизе төшкө тепти. Кадыр ыргыган каптай күү менен барып дубалга урунду эле артындагы араң турган кирпичтер жер жайнап кулап жатып калды. Кадыр ошондон нары жөрмөлөгөн бойдон сыртка чыкты. Артынан берки да чыкты шылдыңдай жылмайып. Чыгып эле шефин карадыбы, же жөн эле эки жагын карагысы келдиби оң жагына бурула бергенде Кадыр эки буттап секирип келип кайра сарайга киргизе тепти. Мынчалык сокку жейм деп ойлобосо керек, беркинин эми жүзүндөгү жылмаюу да жоголду. Ошону менен экөө колу-буту тең иштеп кышылдап, күшүлдөп мушташып киришти. Экөө тең арына келдиби, же маңдайындагы оңой жоо эмес экенин сездиби, айтор биринен-бири калбай мушташып жатышты. Бирде тигиниси кулап, бирде мунусу жыга чаап бир топко алышышты. Акыры баары бир шамдагай неме машыккандык кылып, үстөмдүк кылып кетти. Жанагындай катуу соккулар менен талуу жерлерге удаа-удаа урду эле Кадыр ордунан тура албай кышылдап жатып берди. Берки ызасына чыдабай кетти окшойт жерде жаткан немени мойнунан орой кармап так көтөрүп муунта баштады.

– Койо тур шашылбай, – деген үн чыкты ушул убакта.

Муунтуп атканы башын көтөрүп караса шефи келип калыптыр. Дароо колун бошотуп, беркини таштап жиберди. Карышкыр жаңы эле урап түшкөн жерден талтаңдай басып кирип келди да, жерде жаткан неменин чачынан тутамдай кармап өйдө көтөрүп, тизелете отургузду.

– Дудукту кайда каттың? – деп тиштене сурады ал. – Жанатан бери карабаган жерим калган жок. Кайда жоготтуң аны?

– Карышкыр… Сен… Сен мыйзамга каршы чыгып атасың билип атасыңбы? – деп кайра кекете сурады Кадыр тайманбай.

– Эх, өларман десе! Билип койгунуң, дудугуң экөөңдүн көзүң тазаланса, менин күнөөм мыйзам алдында өзүнөн-өзү шыпырылып жок болот. Же эмне далилиң барбы колуңда?

– Далилдин баарын өзүң сайрап бересиң Карышкыр.

– Ошондой дечи. Тайманбайм дечи. Азыр көрөбүз. Сүйрөп кел тигини.

Карышкыр жигитине сыртты жаңсай сүйлөдү. Нурик шып этип секирип чыгып кетти. Көп өтпөй көзү аңтарылып, эсине келе албай жаткан Канатты желкесинен бурдай кармап дыркырата сүйрөп келип, шефинин алдына отургузду. Карышкыр аны чачынан аткый кармап чыкыйына тапанча такады.

– Эми ушул жерден айтып калбасаң, мобу участковой үйүн, бала-чакасын аман-эсен көрөт деп ойлобой эле кой. Бейкүнөө адамдын өлүмүнөн коркпосоң жооп бер, дудукту кайда каттың?!

Кадыр Канатты аянычтуу карап алып ойлоно баштады. Кандай тегеретсе да булардан соо кутулбасын түшүндү. Баланы айтуу, же айтпоо окуяны эч кандай өзгөртпөйт болчу. «Баары бир тирүү күбө калтырбайсың» деп ойлоду ичинен. Эми эптеп убакыттан утуунун гана айласын ойлой баштады. Эгер аялы өзү айткан тапшырманы аткара алса, анда милициялар бул жерге тез эле кирип келишет. Себеби бул сарай шаарга анча деле алыс эмес. Көп болсо жарым сааттык жол. Дагы жакшы, опер группа калаанын так ушулар жүргөн учунда жайгашып калыптыр. Болбосо, машинанын көптүгүнөн улам наркы беттен берки бетке аралап өтүш эле бир канча убакытты алып коймок. Демек, дагы он мүнөттөй чыдай турса келишээр.

– Айт деп атам, – деп бакырды Карышкыр.

– Айтканда таба аласыңбы? – деп кебелбей сурады Кадыр.

– Сен айта бер. Табышты, таппашты өзүм билем.

– А кокус кайра качырып ийсеңчи. Анын эске тутуусу укмуш күчтүү. Сенин машинаңдын номуруна чейин бир көрүп жаттап калыптыр.

– Былжыраганыңды токтот! Жинин кармай албай көкүрөк тушка тээп жиберди. Бирок анын тепкени Кадырга көп деле катуу тийген жок. Тиги куркуйган жалаңкычтын соккусуна караганда мунуку эптеп эле бирдеме экен. Ошентсе да буга ар бир мүнөт керектүү болчу. Калп эле нары кулап түшкөн болуп, тоголонуп жатып калды.

– Тургуз акмакты! Тиги шыпылдак эки аттап жетип келип эки колтуктан көтөрүп шефинин алдына тизелетип отургузду. Кадыр дагы эле тилин тарткан жок. Карышкырдын ого бетер кыжырын кайнатып, айтышып отура берүүнү көздөп жатты ал.

– Кайрат Жумагулов. Сен мени коркуткандан көрө өзүңдүн келечегиңди ойлон. Мисалы, сен тууралуу маалымат кечээ эле бүтүндөй органдарга билдирилген. А машинаң болсо эчак эле каттоого алынды. Сен эми керек болсо ушул райондун жолунда да нары-бери жүрө албайсың.

– Жап жаагыңды! Жап! Ачуусуна чыдабай жаактан нары тартып жиберди. Кадыр капталына ооп барып кулап түштү. Бирок бул жолу өзүнүн сөзү да беркиге оңой тийбегенин даана билди. Карышкыр ызасына чыдабай ордунан тура калып аркы-терки баса баштады. Шефинин ачууланганынан чочулап калган Нурик акырын нарылаганча жол бошото берди да сырт жакка далысын салып токтоду. Кебетеси кудум ээсинен буйрук күткөн иттен бешбетер анын ар бир кадамын жаза кетирбей карап, жалдырап турат. Кадырга бул көрүнүш майдай жакты. Тигинин айласы кетип, кыжына баштаганын билип, ого бетер чабуул койо бермей болду.

– Сен андан көрө келечегиңди ойло. Эгер азыр өз ыктыярың менен колго түшүп берсең сенин күнөөң бир кыйла жеңилдейт. А тиги желдетиңдин кебетесин карачы. Бөөдө жап-жаш жигиттин убалына калып жүрбө.

– А сен антип боорукерленбей эле кой! Кудум ыркыраган иттей жулунуп келди маңдайына. Мурундары тийишчүдөй жакын келип айтты бул сөзүн Карышкыр. – Мага жетишет сенин насаатың. Азыр мен сени өз колум менен жайлайм да, ушул сарайды турушу менен өрттөп жиберем.

Так ушул маалда тарс этип тапанча атылды. Карышкыр селт этип чочуп тура калып артына бурулду. Бирок караганга да жетишкен жок. Кадыр ордунан шап секирип кокосуна жабышты да, экөө тең тапырап жыгылып жатып калышты. Карышкыр үстүндөгү муунтуп жүргөн немеге тапанчасын оңдой кармап атмак болду эле, Кадыр бир колу менен анын колун кармады. Анткени менен Кадырда шай калбай калыптыр. Жанагы жеген соккулар бир топ эле эсин оодарып койгон экен. Сол колу менен кокосун орой кармап турса да тиги моюн бербей кышылдап, тапанчасын ыңгайлай берди. Аны токтотконго Кадырдын бир колу алсыздык кылып жатты. Балким бул жүрүш менен ал өлүмгө дуушар болмок. Бирок, окуя күтпөгөн жерден оңуна өзгөрүлдү. Жанатан бери башы кеңгиреп, эс-мас жаткан Канат эптеп ордунан козголуп төрт аяктап жөрмөлөп келип тигинин колун кайрый басып жатып калды. Карышкырдын эми такыр айласы кетти окшойт, колу кайрылган бойдон туш келди атып-атып алды. Качан тырышканы токтоп кыймылдаганга алы келбей калганда Кадыр колун бошотуп, ордунан турду. Азырынча муну өлтүрбөш керек болчу. Курун чечип колун артына кайрып чатырата таңып таштады. Канат болсо ошо бойдон ордунан тура албай солуп жатты. Көрсө тиги шамдагай аны өлөөрчө тепкилеген экен. Кадыр эми дубалды таянып араң туруп аялын карай жөнөдү. Ал урандылардын түбүндө көзү алайган бойдон үнсүз-сөзсүз жалдырап отуруптур. Канаттын тапанчасы дагы эле бир колунда мыжылып турат. Бечара салаалап куюлган көз жашына, саксайган чачтарына, этек-жеңинин топо-чаң болуп булганып, ар кай жери айрылганына карабай Кадырга ушунчалык сүйкүмдүү көрүндү. Өз жанын өлүмдөн сактаган жубайына эптеп жетип, колундагы тырмыша кармаган тапанчасын алып ыргытып, бооруна баса кучактады.

– Мен эч кимге чала албай койдум, – деп араң шыбырады Айнек. – Эч бир жерден телефон тартпай койду…

Кадыр аны бооруна бекем басып, чачынан жыттап бир саам отурду. Бир маалда он кадамдай нарыраак үйүлүп турган эски көң көзүнө урунду. Ошондо гана өзү катып койгон бала эсине келип ордунан шашмалай туруп, көңдү карай жөнөдү. Кагыраган куурайлар жанагы үйүлгөн боюнча былкылдабай туруптур. Анын баарын ары-бери тоголотуп оодарып салды эле байкуш бала өзү жаткырган бойдон бүрүшүп жатат. Тизелей отура калып кош колдоп өйдө көтөрүп маңдайынан ээ 9өптү. Ошондо гана тиги бекем жумуп алган көзүн ачып Кадырды карады да, кудум тили жаңы чыгып келеткан немедей булдуруктап

– Атаа! – деп мойнуна асылды…

Насыпбек АСАНБАЕВ, Бишкек шаарынан, 13.01.2014.

Jan 11

Өксүк..

image036ЖАШООМДОГУ ЭҢ КАЙГЫЛУУ КҮНҮМ..

Ошол күнгө билет алып, алыскы өлкөгө иштегени жөнөмөй болдум. Эмнегедир, колумда билет турса да, мына кечинде уча турган болуп жатсам да, эч кандай толкундоо жок болду, эч жакка кетпечүдөй, кетпей калчудай эле болуп аттым. Ушинтип сезилип жатканын эжеме айттым. Кызык, эмнеге андай болду экен деп таңгалып койдук.

Андан мурунку күнү, таятамдын карындашы каза болду. Апам өзүнүн энесинен ымыркайында эле айрылып, ошол эжеси чоңойтуптур. Аябай кейиди. Түнү менен ойлонуп чыгыптыр.

Атам, апам, бир эжем, бөлөм болуп ошол күнү батага, алыска жолго чыкмай болушту. Атайын мени менен коштошуп коюп баралы дешип, Бишкекке келишти. Мен кычап, так ошол күнү базардан майда-чүйдө алам деп түшкө чейин жүрдүм. Алчуларды алып, эжемдикине келсем, апамдар мени күтүп отурушуптур. Өздөрү да жолго чыгабыз деп шашып атышыптыр. “Сөзсүз эле коштошуш керекпи, коштошпой эле кете беришпейби” деп жаман көрдүм. Алтургай, бул оюмду айтып да алдым окшойт. Ошентип, мен келерим менен, шашыла мени менен коштошуп, алар жолго чыгышты.

Апам менин жаныма келип, колдорумду эки колу менен көкүрөк тушуна кармап туруп айтты: “Кагылайыным, жакшы бар, жакшы жүр, жакшы иштеп кел, бай жаша, бактылуу бол!”. Ушул сөздөрдү айтып, бетибизден өөп, экөөбүз коштоштук. “Бай жаша, бактылуу бол” деп мурда айтчу эмес эле. Дароо көңүл бурдум бул сөздөргө.

Бирок, өзүм да шашып жаткам, алар да шашып жатышкан. “Мени согушка жөнөтүп аткансыбай, кете беришпейт беле” деп көп жактырган жокмун. Ошол күнгө чейин өзүмчө эле кыжаалаттанып, апама, жакындарыма анча сылык мамиле кылбай, ал тургай оройураак алып жүргөм өзүмдү. Бирок оюмда, ниетимде бар болчу, Дубайга жетер менен апамдан, жакындарымдан өзүмдүн ушундай кылыктарым үчүн кечирим сурап, аларды аябай жакшы көрөрүмдү, буюрса бизде бары жакшы болорун айтам деп ойлоп жүргөм.

Жамандыкты ойлобойт турбайлыбы. Дагы көрүшөбүз да, кайда кетмек элем деп ойлоптурмун. Эң өкүнгөнүм – апамды кыса кучактап, жылуу сөздөрүмдү айтып калбаптырмын..

Самолетко олтуруп, астымды карасам журнал бар экен. Барактап көрсөм, бир жеринде “сапарга чыгарда айтылчу дуба” деген бар экен. Дубанын мааниси мындай эле. “Аллахым, ушул сапарымды байсалдуу кыл. Мен кайтып келгиче үйбүлөмдү, жакындарымды Өзүңө тапшырдым. Ар кандай кырсыктан, жамандыктан корго!”. Жанымда отурган кыздарга алаксып, алардан тартынып, чала-була окуп бата кылдым.

Барчу жериме жетип, жуунуп- тазаланып, чай ичип, эми жаталы деп калганда, мени тосуп алган кудачам үрөйү учуп: – “Иий кокуй, Кудай! Эмне дейт Улан, ме окучу?” – деп телефонуна келген СМСти көргөздү. Ал СМСте жазылган менин өмүрүмдөгү эң суук кабар экен. Баш жагын эле окуп, кайра бердим.

Кээде, эч кандай физикалык закон менен, же логика менен түшүндүрө албаган, адам ишенбей турган көрүнүштөр түшкө кирет эмеспи. Дал ошол түштөр сыяктуу эле сезилди, түш көрүп жатамбы деп ойлоп жаттым. Уламдан улам түш эмес экенин туйган сайын, денемди калтырак баса баштады. Кондиционердин абасына чыйрыгып, үшүп, титирей баштадым. Тиштерим шакылдап жатты.

Дароо эле телефон аркылуу эртең мененки самолетко билет заказ кылып, аны алууга аэропортко жөнөдүк. Кудачам даярданганча эшикке чыктым. Эми өзүмдү кармай албай калдым. Өңгүрөп ыйладым. Кудачам келип кайрат айтып, сооротту. Машинанын арткы орундугуна отуруп алып, көзүмдөн жаш куюлуп, кечээ эле көргөн апамдын ар бир кыймылын элестетип, унчукпай ыйлап бараттым.

сүрөтиИллюминатордон сыртка көз чаптырып келе жаттым. Астыбызда коюланган булуттар жука булуттар менен алмашып, жер бетин бирде жаап, бирде ачылып, жер үстү картадай болуп көрүнүп, учуп бараттык.

Бизге эбегейсиз чон сезилген жер шары бул ааламдын масштабында кичинекей эле сезилди. Бийик деген тоолорубуз жер менен жер болуп, тептегиз эле көрүнүп турат. Дарыялар эгер көрүнсө, чубалган ичке жип сыяктуу эле элес калтырат. Бирок, адамзаттын көлөмүнө салыштыра келсек, жер үстүндөгү адамды бактерияларга окшоп, көзгө илинбеген эле бир тирүү жандык деп ойлоого болот.

Ушундай кең ааламда, ушундай уч-кыйырсыз жер бетинде апам үчүн орун жокпу, жер үстү ушунча тардык кылдыбы деп ойлодум. Апамдын жаны денесинен бошоп, ошол көрүнбөгөн аралыктан асманга учуп келе жатабы деп ойлодум. Же апамдын руху денесин айланчыктап, бизди – балдарын күтүп жатабы деп ойлодум. Көз жашым толсо агып, түгөнсө токтоп, миң түркүн ойлор келип, апама шашып келе жаттым.

Үйгө жетүүчү жол өтө узак болду. Алматыдан таксиге олтурдум. Түгөнбөгөн узун жол узаргандан узарды. Мага кошулуп асман дагы ыйлап жатты. Токтобой төгүлгөн жамгырды көз жашка окшоштурдум. Башка түшкөн караан күн дал ушундай болот турбайбы деп ойлодум. Кара булут, ак булуттар, мага чоочун тоолор, талаалар, түнөргөн табигат, томсоргон жер бети ого бетер кайгымды күчөтүп, тээ китептерде чагылдырылган, кыялымда элестеткен, сүрөттөлгөн кайгылуу алаамат күндү өз башымдан өткөрүп жатканымды түшүндүм.

Жамгыр майдалап жаап жатты. Караңгы кирип калган. Биздин үйдүн тушунда бозүй тигилип туруптур. Жүрөгүм зырп этти. Эки үй бери жактан түштүм, чемоданым колумдан түшүп, калтырай үйгө жакындап бараттым. Дарбаза ачык, бозүйдүн айланасында, ары жакта эшиктин алдында элдер жүрүшөт. Апамдын караанын көзүм менен издедим. Кишилердин арасында жок. Кайдан болмок!? Токтоно албай: – Апам канааа?” – деп кыйкырдым. Кулак жарган өкүрүк, чуру-чуу үнүмдү басып коштолуп кетти. Көпкө токтободу. Көзүм жашка толуп, кулагым тунжурап, көзүмдү ачкан сайын жакындарымдын, туугандарымдын көздөрү шишип, таанылбай калган жүздөрү көрүнүп жатты…

Ааламым аңтарылды. Дүйнөм астын-үстү болду. Жашоом тарс жарылгандай башаламандык орун алды. Кыялдарым, максаттарым, пландарым, баарынын бир тыйындай да баасы жоктой сезилди. Жарык дүйнөдө жашоонун маңызы бир заматта жоголду. Ар бир кылган ишимди, кадамымды, умтулуумду апам үчүн кылчу экем. Апам бактылуу болсо, башынан өткөргөн кыйынчылыктарын унутуп, бул жашоонун жакшылыктарын көрсө, көңүлү ток өмүр сүрсө, кооз-кооз жерлерди көрүп, көңүлдүү эс алып, жашоонун ырахатын татса деген гана жалгыз тилегим болгонун түшүндүм. Эми, апам жок менин кантип жашаганым баарыбир эмеспи деп ойлодум. Жашаймбы жашабаймбы эч кандай айырмасы жок деген да ой келди.

Бирок жашап жаттым. Күндөр өтүп жатты. Үйдөн, короодон, бардык жерден апамдын элесин көрүп жаттым, апамды элестетип, апамдын элесин издеп жүрдүм. Өзүмдү кармай албай калганда, жалгыз бир жерге барып алып ыйлап жүрдүм. Апам колдонгон буюмдар, тиккен төшөктөрү, идиш-аяктар, бары апамды эстетип жатты. Азыр кирип келип калабы деп эшикти үмүттүү карап күтүп жүрдүм…

Алтыным апа! Асылым, Берекем менин! Жалгызым! Бул сөздөрдү көзүңүз барда айтпаган мен акылсыз экенмин..
Жараткан Алла Таалам сизге мээримин төгүп, жаныңызга тынччылык берсин. Жаннаттан орун берсе экен. Жаткан жериңиз жайлуу болсун!…

Улан КОШАЛИЕВ. 1-октябрь, 2012-жыл.

Jan 02

Үмүт..

Бахти fhКүн түшкө жакындап калганына карабай жаңы эле ордумдан турдум. Эл сыяктуу дасторкон жасаганга камынып, азык-түлүктү муздаткычка толтуруп койгонум менен, али уктоочу көйнөгүмдү чечпей, чоң жоолукту далыма жамынып алып терезеден короону карап турганыма жарым сааттай болуп калды.

Учкундап кар жаап турат… Көптөн бери кар көрө элек кара жерге жай баракат каалгып түшкөн бүртүкчөлөр, айлананы тирукмуштай кооздукка бөлөп турду. Жаңы жылды карсыз тособузбу деп бушайман болгондордун да маанайы жайдары. Торт, салют, баштык көтөргөн эле адамдар. Алдынан чыккан колу-коңшулары менен жаркылдап учурашып, бири-бирин куттукташат.  Эх чиркин, адамдар дайыма эле ушундай болушсачы.

Бүгүнкүгө канчалык өзүмдү даярдаганым менен дале ойлорумдан алыс кете албай турам. Терезени чооң ачтым,  аркыраган кышкы желге аптыга түштүм. Колумду сыртка сундум. Кадимки жылдыздай болуп көз жоосун алган кар бүртүкчөлөрү алаканыма түшүп жатты, түшөөрү менен жаңы келген келиндин уялганындай, ысык алаканыма туруштук бере албай эрип кетет.


Экөөбүздүн сансыз окуяларыбыздын бирин эстедим. Дал ушинтип кар жаап турган,суук. Жумуштан чыктым, ушул ит өлчү суукка карабай бир топтон бери күтүп турган сенин, моюн ороочуң менен тумагыңдан жылтырап эле көзүң көрүнөт. Жарк деп күлүп саламдаштың. Адатыбызча жөө басалы дедик. Элдин баары жумуштан чыккан кез, караңгы кирип калса да шаар көчөлөрү жаркырап, аппак карга чагылган жарыктар миң түс берип кубулуп, маанайды көтөрөт.

Мээлей кийип баратасың, а мен өзүмдүкүн шашып атып эрте менен эле үйгө унутуп калыптырмын. Менин колумда мээлей жок экенин көрүп туруп, жылмайып өз мээлейиңди көрсөттүң. Күлүмсүрөп башымды ийкесем, сен да ошол тейде башыңды чайкадың. Ишаарат кылып пальтоңдун чөнтөгүн көрсөттүң,анан колуңдагы мээлейди чечтиң да ары турган бактын бутагына иле салып, манжаларыңды чоң ачып,абада менин колумду кармадың да суроолу карап жылмайып турдуң. Ушунчалык жагымдуу элең… Ичим эзилип турса да эмнегедир эл көп жерде жетелешип жүргөндү жактырбаган жаным эреркей бултуя баш чайкадым. Сен ансыз да бакырайган көздөрүңдү чооң ачтың (бул ачууң келгенинин биринчи белгиси эле) . Ага карабай колумду сенин чөнтөгүңө салбай көгөрүп туруп алдым. Арыда турган аялдаманын муздак отургучуна барып отурдуң да:


– Дайыма эле ушинте бересиң,эмнеге жетелешип жүргүң келбейт?- дедиң кабагыңды салып. Оңгулуктуу жооп таппай турсам да өзүмдүкүн бербей,

– Жүр кетели – дедим.

– Жок, дедиң кесе айтып. Сен мени менен жетелешип жүрөм мындан ары – деп сөз бересиң, анан кетебиз – дедиң..

Экөөбүз тең ушунчалык кашкөйбүз, мен да өзүмдүкүн бергим келген жок. Бир аз турдум да, акырындап басып жолумду улай бердим. А сен ошол аялдамада калып калдың.

Кызык, мына ушундай бала кыял эле биздин мамилебиз,сезимдерибиз… бирок кайра эле жарым саат өтпөй табышып алчубуз…

Баарын түшүнүп турсам да, жүрөгүмдүн түпкүрүндө бул күндөн бала кезимдегидей сыйкыр күтүп турдум. Телефонум да күндөгүдөн активдүү өз милдетин аткарып жатты. Улам болгон чалуулар,келген каттар.., бирок,мен күткөн жалгыз коңгуроо эмес.

Сыртта түн демейдегиден жандуу, майрамдын шаңы сезилет. Алысыраактан гитара менен ырдаган шаңдуу ырлар, каткырык күлкүлөр угулат.


А мага стол үстүндөгү шампан менен эки бокал жана тээ бурчта жалтыраган балаты гана улам-улам жаңы жыл экенин эстетип тургандай. Дос-туугандын чакыруусунан баш тартып, жалгыз тосуп жатканымдын да купуя себеби бар эле. Чиркин, үмүт деген үзүлбөгөн неме экен да, азыр саат жебеси он экини какканда тиги турган бокалдардын бирине гана шампан куюлары айдан ачык болсо да эмнегедир экөөнү коюп койдум.

Ой оой, ойлорума туна түшкөн экенмин,жаңы жылдын кирип келишине 8 мүнөт гана убакыт калган тура. Шашыла телевизорду күйгүздүм. Салтка айланган президенттин куттуктоосунан соң эл сыяктуу шампан ачтым. Дагы бир сөзүң эсиме түштү. Мен спирт ичимдиктерин иче албайм го деген сөзүмө “мен бар жерде бир аз вино же шампандан уурттап койсоң болот” – дегениң.

Тегеректин баары жаркылдап салюттар атылып жатты. Кыркалекей тизилген көп кабаттуу үйлөрдүн жашоочуларынын баары короого чыгып алгандай шайыр шаңдуу кыйкырыктар… Мына, жаңы жыл да кирип келди, бирок мен күткөн сыйкыр болгон жок…

Удаа, удаа басылган каалганын коңгуроосунан денем дүркүрөп кетти, кантип жетип эшикти ачып жибергенимди билбей калдым. Жаааа- ңы жы-лыыыыың мен- еееееееен!!!! деп кыйкырып, баштарына сантанын баш кийимин баса кийип, жалтырактарга оронгон курдаштарым тапырап кирип келишти.


-Ой мен билгем, айттым, ал баарибир жалгыз тосот жаңы жылды десем булар ишенбей жаткан, сени туугандарыныкына кетип калды болуш керек деп. Айттым беле, чалбай этпей барып сюрприз кылалы деп айткааам деп токтобой чебелектеген Гүлүм. Колундагы торт менен белекти мага кармата салды да пальтосун чечип илип, башкаларды да тейлеп жибергенге жетишти. Шарактап каалоо тилектер айтылып жатты. Бүгүнкү өткөргөн күндөрүнөн күлкүлүү учурларын эстеп, айтор досторум жайдары. Сааттын жебеси 3төн өтүп барат, дале куттуктоолордун аягы тыйыла элек. Баарына майрамдык маанайда жооп бергенге аракеттенип жаттым. Бирок…мен күткөн коңгуроо, жок дегенде жөн гана эки ооз сөз жазылган кат, али келе элек…

Арыда турган гитараны колума алдым да “достор, жаңы жылыңар менен, каршы болбосоңор ырдап берейин” дедим. Шарактаган досторум басыла түшүштү.

Оо, албетте, сенин өзүң ырдайм дегениң бул өтө сейрек кездешчу учур, кана,кана деген Сабыр оң жагыма келип отура кетти. Гүлүм менен Акинай да орун алышты.

Кат жазчы мага,

аз калган биздин өмүрдө,

Дил бурак арнап,

Токтонуп калган көңүлгө..


Шамшыбек Өтөбаевдин аткаруусундагы бул ырды экөөбүз канча ирээт тамшанып укпадык. Мен колума гитара алганда эле сенин суранган ырың ушул боло турган. “Гитара черткен кыздар аз,бул сага абдан жарашат, а ырдаганга анчейин көңүл койбой жатпайсыңбы, үнүң керемет” – деп мактап эле турчусуң. Көзүмдөн аккан ысык жашты башкара албай калдым. Токтобой үч жолу катар ырдадым. Демин ичине катып угуп отурган конокторумдун да маанайын буздум окшойт. Ыңгайсыз боло түштүм. Бирок дээринен зирек Акинай “эх достор келгилечи, керемет музыка үчүн тост көтөрөлү” деди да балаты ырын кыңылдап, балдай таттуу сөздөрүн жаадырып, арасында күлдүрүп тостту айтып абалды түзөп кетти.

Достор менен коштошуп,алардын чакыруусунан сыпайы баш тартып отуруп кайрадан жалгыз калдым.

Таң атып барат, айлана эч нерсе болбогондой тынчып калды. Сыртка чыктым, кар токтоп калыптыр, короодогу балдардын селкинчегине барып отурдум, таңкы суук кадыресе өкүмүн жүргүзүп жаткан экен. Жылдыздар жайнайт, демек эртең күн ачык болот экен да деп койдум күбүрөнүп. Ичимди өрттөгөн кусалык, канчалык алаксыйын десем да болбой бул жерге да ээрчип түшүп алгандай.

Сагындыыыыыыым……. деп кыйкыргым келип турду. ..

Селкинчектин чатырчасынын устунуна илинген коенектин матадан тигилген кулагы турат, сыягы күндүз балдар унутуп кетсе керек. Эч максатсыз алып кийип, карга түшкөн көлөкөмдү карадым.

Бир эки, бир эки… коенду туурап секиримиш болдум,өзүмө өзүмдүн күлкүм келди, ызамдан. Кулакты ордуна илип бурула бергенимде, көргөн көзүмө ишенбейм… Бир кучак гүл көтөрүп, адатыңча жылмая карап сен турасың…

 

Айтурган САТИЕВА. Журналист, Бишкек шаары.

Dec 09

Драма..

КР Эл артисти Саламат САДВКОВА.

КР Эл артисти Саламат САДЫКОВА.

МЕКЕН ЭНЕ БАККАН КЫЗ.  (Даректүү драма)

 КРнын Эл артисти Саламат САДЫКОВАГА арналат.

 

КАТЫШУУЧУЛАР:

1. Саламат.

2. Мария – энеси.

3. Мекен эне – Жер эне – Кыргызстан.

4. Кундуз – курбу кыз.

5. Ирсалат – кошуна кыз.

6. Гүлбара – артистка.

7. Максуда – жеңеси.

 

1 – САХНА

 

Музыка. Эшиктен киргенден сахнага чейин майрамдагыдай жасалгаланган. Көшөгө ачылганда сахнада китеп барактап олтурган Мекен эне көрүнөт. Ал абдан ойлуу. Сахнада Саламаттын ар кайсы Мамлекеттерден ар кандай стилде түшкөн сүрөттөрү бажырайып илинип турат. Бүгүнкү концерт өзгөчө концерт болмок. Ортодогу чоң телевизордон Саламат Садыкованын аткаруусунда “Кыргыз жери” кетип жатат. Ыр бүткөндө Мекен эне кол чаап оордунан турат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (кол чаап) Азаматсың Саламат! Азаматсың! Мына чыныгы талант!!! Мына кыргыздын жүзү! Кыргыздын кызы!!!

 

Музыка кетет. Мекен эне элди аралай басат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Кара, бажырайып турганын!.. Мына, талыкпаган эмгектин күчү! Ак эмгектин акыбети! Таланттын күүсү менен таскагынан чаң ызгытып, Аалам кезип, Доорубузду таңдантып “Кыргыз үнү”, “Кыргыз булбулу” атыгып келе жаткан кези. (сыймыктуу) Бул улуу Кыргыз элинин эрке – КЫЗЫ! Бул биздин – САЛАМАТ!!! (ойлуу)

Эки жашында атасынан, тогуз жашында энесинен айрылып, балалыгы өтө татаал өткөн бул кызыңар, учурда кыргыз элинин сыймыгы! Улуу талант!!! Улуу инсан!!!

Аттиң дүйнө!

Кемдигиң сенин шул беле…

Атадан калдым экимде.

Ээ кылбастан энеме да,

Азууңду арттың жетимге! – деп, кичинекей Саламатка атпаган муңдуу таңдарды айт. Арман дүйнө ач азуусун салганда жер карап калбай, келечекке үмүттүү караган кара кызды минтип Ааламга тааныттың. Ырахмат сага Тагдыр!!!

 

Музыка. Мекен эне илинип турган сүрөттөргө келип токтойт. Ар тараптан элдер келе башташат. Булар Саламаттын концертине келген көрүүчүлөр эле.

 

КУНДУЗ: (тигиле) Азаматсың, Саламат! Мына, бул Японияда экен ээ?

ИРСАЛАТ: (таңдана) Аа – ии – ий! Бул кадимки кинодогу Америка го! Жеңе?!

КУНДУЗ: (тыйып) Акырын! Бирөөлөр укса уят. Кадимки болбогондо жалган Америка дейсиңби. Концерт куруп барганда түшкөн турбайбы. О – оо, мына бул жерде Францияда ырдап жаткан экен. Париж! Бали! Жарайсың, Саке! (алыска тигилет) Эсимде…

МЕКЕН ЭНЕ: Ар түнү, эл уйкуга жаткан кезде,

Жымыңдашып, жылдыздар атканкан кезде.

Сырын төгүп, Ааламга жар салчу эле…

Бул кара кыз, бир аян сезген белем?!..

ИРСАЛАТ: Ак кыздын агынан эмес, кара кыздын багынан дегендей… Капырай,

артисттер картайбайт деген ырас окшобойбу ээ? Эки кыздын энеси, эки неберенин таенеси деп ким айтат. Күйөөгө тийчү кыздай койкоюп турганын карачы.

КУНДУЗ: (какшыктай) Курбум, тагдыр деген ушундай сырдуу келет.

ГҮЛБАРА: (шыбырай) Кыздар, быякты карагыла. А, мында Индияда жүрөт. Улуу таланттардын катарында турган экен биздин кыз.

 

Музыка. Баары илинип турган сүрөттөргө тигилип өз ойлору менен алек. Ошол учурда сахнанын тереңинен кетмен көтөргөн кичинекей Саламат көрүнөт. Баары ошол жакка бурула туруп калышат. Саламат асмандагы жылдыздарга, керилип жаткан тоолорго тигиле бир нерселерди шыбырагандай болот.

 

МЕКЕН ЭНЕ:

Айгүл тоонун,

Чокусуна тигилип.

Ай жаңырса,

Тилек айтып, жүгүнүп.

Мотурайган,

Бир кара кыз болчу анда.

Ким болом?!.. – деп,

Ой – санаасы бүлүнүп.

МАКСУДА: (ойлуу Саламатка тигиле) Кара…

Желдей учкан убакыттын шары менен,

Балалык да, артта калып баратат.

ГҮЛБАРА: (тийише) Ыя, Максуда?! Саламатты анча неге карадың?

КУНДУЗ: (билмексенге салып Максуданы какшыктай)

Ай, жашоо ай!

Кыз балага, жашоодо сын көп тура,

Бой жетти! – деп, сырдуу көздөр карашат.

ГҮЛБАРА: (күлүп жиберет)

Кыз чоңойсо ошондой, эркем!

Анысы да, мунусу да алсам дейт,

Торгой сымал капасына салсам дейт.

А, кыздагы аалам кезген зор эңсөө…

Эркин учуп, Ак жылдыздай жансам дейт!!!

КУНДУЗ: (жылмая каш серпип)

Туура айттыңыз, Гүлбара эже.

Анан дагы, баркым билген жан болсо…

Түбөлүктүү жарың болуп калсам дейт.

ГҮЛБАРА: (алыска тигиле) Көрсө жашоо ушундай тура!

КУНДУЗ: (сынай) Эх, жашоо… жашоо… Туурабы, Максуда жеңе?!

 

Экөө Максуданы карап күлүп жиберишет. Максуда кызаңдай түшөт. Ушул учурда сахнанын тереңиндеги Саламат көрүнбөй калат.

 

МАКСУДА: (жактыра бербей) Эмне мени анча шектүү карайсыңар? Туура болсо, туура да. Эми ал кезде мен да жаш болчумун. Эрге тийип, очор – бачар болуп бир үйдүн түтүнүн булатып олтурса деген эле тилегим болгон. Минтип дүйнө кыдырган чоң артист болоорун ким билиптир. Сүйүнгөнүмдөн минтип оорулуу бутумду сүйрөп келдим го…

МЕКЕН ЭНЕ:

Тирүүлүктө,

Биз адамдар айтпайбыз.

Жакшы иш кылсаң,

Жакынга да жакпайбыз.

Аттиң дүйнө,

Көзү өтүп кеткен соң…

“Жакшы эле!” – деп,

Аркасынан мактайбыз.

Ичи тардык,

Ириңдеген жарадай.

Жайлап кирет,

Жакшысына карабай.

Көрүп туруп,

Көрмөксөнгө салганды айт.

Көздөр кетет,

Ала чакмак… алаңдай…

МАКСУДА: (шашкалактай) Ай, карасаң! Кимдер менен турат? Мунусу капкара, а, мунусу Индия киши го… Экөөнүн ортосуна туруп алганы эмнеси.

ИРСАЛАТ: Эй, Максуда жеңе, Баткендин талаасында жүргөндөй кыйкырасың да. Бул деген шаар. Элдерди көрдүңбү. Акырын басып, акырын сүйлөшүшүп жатышат.

МАКСУДА: (жактырбай) Эмне! Маданиятың жок дегени турасыңбы?!

ГҮЛБАРА: Ай кыздар, мында келгиле. Не бир мыктылар ырдаган сахна. Тобоо! Булар кайда, биз кайда. Кундуз, Саламат курбуңдун кичине кези эсиңдеби?

КУНДУЗ: Албетте. Артист болом деп абдан кыялданчу.

ГУЛБАРА: (алыска тигиле) Мына! Ошол балалык кыял… Ошол балалык эңсөө…

 

Музыка. Түн. Элестер кетет. Сахнада кичинекей Саламат пайда болот. Кечке талаада иштегени аз келгенсип, каардуу жеңесинен коркуп түндөп кир жууп жатты. Ошол учурда үй жактан жеңеси Максуданын ачуу үнү чыгат. Селт эте түшкөн Саламат шашкалактай кирип жууп кирет. Акшыңдаган жеңеси алкынып келип дагарасын кир – пири менен ыргыта тебет. Илмийген Саламат титирей ыргып тура калат.

 

МАКСУДА: (заардуу) Кыбыраган өлүк! Э, кокуй! Ушул эки көйнөк, эки жоолукту он саат эзип олтура бересиңби.

САЛАМАТ: (жалтактай) Кир көп экен.

МАКСУДА: (зекире) Бул түрүң менен кишини жарытпайсың го! Тез, тез бүтүрүп эрте жат. (колундагы бир боо кирди кыздын алдына ыргытат) Ме! Буларды да чайкап кой.

 

САЛАМАТ: Жеңе…

МАКСУДА: (заардуу) Эмне?!

САЛАМАТ: Колдорум эзилип кетти.

МАКСУДА: (кекетип) И – ии, эзилет. Кетмен кармагандардын баарынын колдору ошентип эзилет. Ошентип тамак таап жейсиң. Бекер келген оокат бар бекен.

САЛАМАТ: (ыйлап жиберет) Кир жууй албай жатам. Караңызчы… колдорум…

МАКСУДА: (жыйрыла түшөт) Опей! Алаканың эзилгенге ыйласаң, таманың эзилип түшүп калганда кайда барасың. Кудай сактасын! Бир сыйра сары суусу чыккандан кийин катып калат. Мен да ошентип үйрөнгөм. Мына, өлбөй этпей эле жүрөм. Эмне, мени коркутуп турасыңбы?! Буларды ким жууйт?..

САЛАМАТ: Коркутканым деле жок. (жууп кирет) .

МАКСУДА: Кул кутурса төбөгө чыгат! Тез, тез жуу! (үйүлгөн кирлерди буту менен тээп) Эртең менен уктап калбай, эрте жат!

САЛАМАТ: (коруна) Жеңе…

МАКСУДА: (чакчая) Байкеңе даттанып, же өөгүнкүдөй качып кетчү болсоң, айтып коеюн. Асманга чыксаң бутуңдан, жерге кирсең чачыңдан тартып чыгарам. Мен сага Кайриниса эмесмин. Отум менен кирип, күлүм менен чыгасың. Жеген тамагыңды актап жаша. Уктуңбу?! Уктуңбу, дейм?!

 

Саламат жер караган бойдон чоң дагараны кучактап олтуруп калат. Алкынган Максуда үйгө кирип кетет. Ал кирип кетээри менен араң турган кыз эчкирип ыйлап жиберди. Анын бул абалын карап туруу мүмкүн эмес эле. Кой деген киши жок бечара кыз бир топко өпкө өпкөсүнө батпай өпкөлөп ыйлады. Анан бир кезде адатынча Асманга тигилди. Оюу жетсе да колу жетпеген атасы менен энеси Марияны караңгы түндөн, Асмандагы жылдыздардын арасынан издеген кыз тээ Көктөн көзүн албай көз жашы салаа салаа болуп буркурап турду.

 

САЛАМАТ: (солуктай) Апа… Апа… Апакебайым?! Кайдасың? Кайдасыңар?! Эгер жылдыздарга айланып кеткениңер чын болсо, анда сени кайсы жылдыз деп тааныйм? Мага бир белги бергилечи апке! (тыным) Карачы, колдорум… Минтип суу чыгып… (буркурай бетин баса калат). Кир жууй албай жатам апаке. Баары чоң кийимдер. Сыга албай кыйналам. Күчүм да жетпейт. (асманга тигиле) Бүгүн эки жөөктү бүтпөй калдым эле, таяк жедим. Жеңемдин тили абдан заардуу. Кече тандырга отту жакшылап жакпайсың деп, ыссык көсөө менен колго чапты. Мына, карачы. Минтип күйүп да калды. Апаке, мени алып кетчи?! Мында жашагым келбейт. Баары жаман кишилер, баары заардуу. Айткандарынын баарын жасайм, ошентсем деле иш кылбайсың деп, бир кынтык таппай эле, себепсиз уруп, сабай беришет. Тамак бербей коет. (кыйкыра) Деги кантсем буларга жагам, апакебай?! Кайда барам? Айтчы? Айтчы?! (буулуга токтоно албай кетет) Эмне унчукпайсыңар?! Эмнеге үн чыгарбайсыңар!!! Неге?! Неге?! Карап турам дейсиң. Мени кайсы жактан карап турасыңар? Айтчы? Айткылачы?! Мен силерди көргүм келет апаке! (көпкө жылдыздарга тигиле нес болуп турду) Апа… Мен сени сагындым! Сенчи?..

 

Музыка. Оор тунжуроо. Саламат көз жаштарын аарчып, тээ Көктөн көзүн албайт. Ары жактан Мекен эне боору ооруй кызды аяп карап турат.

 

САЛАМАТ: (абдан ойлуу)

… – Тигил тоонун,

Ар жагында кимдер бар?

Кайгысы жок,

Күлүп жүргөн кимдер ал?!..

МЕКЕН ЭНЕ: (кызга тигиле)

Аткан таң мен,

Баткан күндү караганы…

Үмүт кылып,

Жылдыздарды санаганы…

Кыз кыялы ай!

Жоопту азыр алчуудай.

Мойнун созуп,

Тээ асманга тигилчү.

САЛАМАТ: (кыялдуу умсуна)

– Эх! Жылдыздарга…

Шаты болсо ээ?.. – баралчу.

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды сылап өтөт)

Балалык ай,

Бал жыттанган назыңдан.

Көктөм сымал…

Көркүң чыккан жазыңдан.

САЛАМАТ: (өзүнчө кыялдуу)

– Эй, жылдыздар! Мени уккула!

Мени кара, мен мындамын!

Ак жылдыз! Чолпон жылдыз!

Сен асманда, мен жердемин!

Кут түшкөн,

Өөрүкзарлуу элденмин!!!

Карачы айланамды,

Кара, баарын көрүп ал.

Бул өөрөндө,

Мени колдоор элим бар.

(эргий, тегерене айланат)

Мен учамын!

Сени көздөй учамын!

Канат болчу,

Кыялдарды өчүрбөй.

Көңүлдөрдү,

Аккан селдей көчүрбөй.

Бийик адам болгум келет!

Мен эмне кылуум керек?!

(колун суна кыйкырат)

Жылдызда – аа – аа – аар!!!

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды аяп)

Айтчы, Теңир?!

Баарын өзүң чечесиң.

Жаңылышса,

Кыя басып кетээрсиң.

Бир кара кыз,

Жайып турат алакан.

Кантип көрбөй,

Кантип кыйып кетесиң?!..

САЛАМАТ: (көңүлү чөгө муңдуу)

Оо, Жараткан!

Жазыгым кайсы менин?

Бар жазаңды,

Көтөрүп келем сенин.

Оор үшкүрүк,

Калтыратат денемди.

Жетимдик ай!

Жекирип келем жемеңди!

МЕКЕН ЭНЕ:

Түнгө айтат,

Сырларын түмөндөгөн.

Жаман ойлор,

Жанды азгырат күмөндөнгөн.

САЛАМАТ: (оор үшкүрө олтура кетет)

Жалгыз калдым…

Кай жазыгым бар эле?!

Бирин алсаң,

Бирин мында койбодуң.

“Шум ажал” сен,

Тагдыр менен ойнодуң.

МЕКЕН ЭНЕ: (аяп сылайт)

Ээ, пендем,

Жашоого тике кара.

Билем.

Көкүрөктө бүтпөс жара!

Тирүүлүктүн кызыгы,

Бүттү дебе!..

Теңирим,

Берген энчи – Улуу! – сага!

САЛАМАТ: (аста шыбырай)

Айтчы? Айтчы, Тагдыр?!

Кандай жандар,

Бактылуу өмүр сүрөт?..

(көккө тигиле колун сунат)

Бийик адам болгум келет,

Мен эмне кылуум керек?!

(элеңдей, аста)

Жылдызда – аа – аа – аар!!!

 

Музыка. Сахна караңгылайт. Кичинекей Саламат көрүнбөй калат.

 

ИРСАЛАТ: (Гүлбарага) Сиз баарын билет экенсиз, эже. Эй, Кундуз! Муну кара! Ой, мында Италия деп жазылып турат. Эй, Касым, муну кара! Италияда жүрүптүр.

КУНДУЗ: (тыйып) Акырын уят болот. Бул жерди шаар дейт, кокуй! Мына! Баятан ушул кишини издеп жатпадым беле. (суктана) Чынгыз Айтматов!

ГҮЛБАРА: (кубана сүрөткө тигилет)

Жанашып, Чынгыз менен басканың,

Чыны ал, Улуу жолду аттадың.

Капталдап, канча кырсык кууса да,

Жалтанып, жабыкпадың, качпадың.

Улуу талант, Улуу жолду басарым,

Теңир берсин! Арыбасын сапарың!!!

КУНДУЗ: (жетине албай сүйүнө) Кара, Чынгыз Айтматов менен турат.

Теңирге айт, миң алкышты!

Өөрүкзардын өнөр кызы.

Бакыт кууп, бакыт баккан,

Баткенимдин барктуу кызы!

Мына, Баткенимдин – Жылдызы!!!

МАКСУДА: (кыйкыра чоочуй) Ой, бул Чынгыз Айтматов го?! Ай, Ирсалат, Гүлбара, Чынгыз Айтматов! Быякка келгиле. Мына муну карагыла!

КУНДУЗ: (жеңинен тарта) Жеңе… Акырын кыйкырба. Элдер карап жатат.

МАКСУДА: (дердеңдей катуу мактанып) Мейли, карай берсин. Мен сүрөт көрүп жатпаймбы. Менин кайын сиңдим! (угуза) Мен Саламаттын жеңеси болом! Мына! Мына!

(өкүнө) Биздин учурда сүрөт дегенди ким билиптир. Минтип илдирип коймок экенбиз.

ГҮЛБАРА: (какшыктай) Ошол сүрөт болгондо да, сени кесип салышмак. Муногу жерде мурдуңду баштыктай кылып сен турсаң, Саламаттын формасын бузмаксың да.

МАКСУДА: (мурчуңдай) Жапжакшынакай эле жарашып калмак. Качан болсо эле менин мурдума асылып басып жүрөсүң да.

ГҮЛБАРА: Болду эми, тамаша кылып койдум. (сүрөткө тигиле) Жаша, Саламат! Сен эңсегениңе жетиптирсиң. Мына окугула. Айгүл тоодон жаңырган үн – бул Саламат!

 

Музыка. Илинген сүрөттөрдүн алдындагы жазууларды окуй башташат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат Садыкова 1974 – жылы турмушка чыккан соң Талас областына караштуу Кара – Буура районунда жашап, 1974 – жылдан баштап Кара – Буура райондук маданият үйүндө “Жылдыз”ыр – бий тобунда ырчы болуп эмгектенип калды.

1983 – жылы Полша Мамлекетинде өткөн Эл аралык Фестивалга СССРдин атынан “Жылдыз” ансамбли катышып, 2 – орунду жеңип, “Күмүш балта” сыйлыгына ээ болушат. Так ушул фестивалда Саламат комуздун коштоосунда элдик ыр “Кызыл гүл” менен Эл аралык чоң сахнага алгачкы кадамын таштаган.

КУНДУЗ: Муну биз билебиз да. Укпадык беле. Тигинде эмне дейт, эже окусаң.

ГҮЛБАРА: 1988 – жылы Бишкек шаарында өткөрүлгөн “Тогуз кайрык” Республикалык Фольклордук Фестивалына катышып. Элдик ырларды мыкты аткарган ырчы айым катары көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, калыстар тобунун жогорку баасына татыган дейт. Ай, Максуда! Ошол жаңылыкты биринчи мен сага сүйүнчүлөгөм.

МЕКЕН ЭНЕ: 1988 – жылы атайын чакыруу менен Токтогул Сатылганов атындагы Филармониянын алдында жаңыдан уюшулган “Камбаркан” этнографиялык – фольклордук тобуна солист болуп кирди. Жетекчиси улуу талант, комузчу Чалагыз Исабеков болгон. Саламат аталган топ менен бирге Америка, Япония, Франция, Италия, Германия, Турция, Румыния, Кытай өңдүү мамлекеттерде чыгармачыл сапарларда болуп, кыргыз маданиятын жана искусствосун таанытууга зор салымын кошту.

ИРСАЛАТ: (жакасын кармана) Мен ушундай болоорун билгем!

МЕКЕН ЭНЕ: Саламаттын алгачкы альбому Япония Мамлекетинин “Minon” Эл аралык музыкалык коому тарабынан 1995 – жылы Токио шаарында жарык көрсө, 2005 – жылы “The Voice of Kyrqyzstan” (Кыргызстан унү) аттуу экинчи альбому америкалык музыка изилдөөчү, продюсер Марк Хамфри тарабынан Америкада жарык көргөн. Кыргыз элинин маданиятын өнүктүрүүдө тажрыйбалуу эмгеги, кыргыз элинин нукура музыкасын таанытууга кошкон татыктуу салымы үчүн Саламат Садыкова:

1992 – жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

1995 – жылы Казак Республикасынын эмгек сиңирген артисти,

1995 – жылы Кыргыз Республикасынын Эл артисти,

2004 – жылы Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын ээси болду.

 

МУЗЫКА. Максуда жетине албай бапыраңдап даагы мактанып кирет.

 

МАКСУДА: (кыйкыра) Ай, Гүлбара! Муну оку! (өзү шаша окуп кирет) Биздин Саламат өзүнүн эмгек жолунда табият тартуулаган жаркын таланты, тунук үнү, мукам ырлары менен чыгармачылыкка чыйыр жол салып, зор таланты менен Кыргызстандын атын чыгарып, желегин желбиретип келүүдө. Мына! Ушундай болмок дегем! Мына!!!

КУНДУЗ: (Максудага) Жеңе, Саламат курбум кыргыздын улуттук аспабы болгон комуздун коштоосунда мыкты ырдаган, өзүнө таандык оригиналдуу стили бар ырчы.

ГҮЛБАРА: (кубана окуйт) Саламат Садыкова кыргыз искусствосунун тарыхында даңазалуу орду, ошондой эле дүйнөлүк музыкада таанымал ысмы бар фольклордук ырчы катары белгилүү. Жаша, Саламат! Мен сени менен өмүр бою сыймыктанам!

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат Садыкова Эл аралык аренадагы белгилүү продюссер, музыка таануучулардын атайын чакыруусу менен: 2007 – жылы Корея Мамлекетинин “World Masters” Эл аралык музыкалык Ассоциациясы тарабынан “World Masters”, Дүйнөлүк музыка чебери сыйлыгынын ээси болгон. Ошол жылдан бери “World Masters” Эл аралык музыкалык Ассоциациясынын мүчөсү болуп келет. 2008 – жылкы Испанияда өткөн “WOMEX” Эл аралык музыкалык Фестивалдын катышуучусу.

ГҮЛБАРА: (Максудага тийише) “Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет, карындагы баланын хан болоорун ким билет” – дептир. Мына! Сенин оюңа койгондо шорун шорподой кайнатып, бечараны чыркыратып эрге берип жибермексиң. Эми минтип мактанып турганын карабайсыңарбы. Таласка кетип жатканда өлүп кала жаздабадың беле, ыя, Максуда?! (туурап) Менин кайынсиңдим болот!

МАКСУДА: (жашып кетет) Караңгычылык да. Айылдан чыкпасам ошол да.

ГҮЛБАРА: Акыр бир айтмакмын. Бүгүн сааты чыкты окшойт. Болду эми.

ИРСАЛАТ: Болдугула. Концерт башталып калса буларды окуп жетишпей калабыз. Андан көрө муну карагыла. (үңүлө карайт) Оо – ии – иий!.. Не деген өлкөлөр… Сильвия…

МЕКЕН ЭНЕ: Саламаттын аткаруусундагы элдик ыр “Кызыл гүл”аттуу чыгарма

дүйнөлүк эң мыкты 20 чыгармадан турган альбомго кирген. Дүйнө элине таанылган Саламат Сильвия шаарындагы Ал – Андалус сахнасында жеке концерт берди.

ИРСАЛАТ: (жакасын кармана) Тобоо! Тобоо! Баткен кайда, Сильвия кайда?.. Ал андал… Андалус дейби?! Тилиң чайналат. Бирин түшүнсөм бирин түшүнбөй окуп жатам.

КУНДУЗ: (тийише күлүп) Баса, Максуда жеңе, сиз уктуңуз беле? 2008 – жылы Москвада “Roza Mira” деп, “Лучший голос Кыргызстана” деген аталыштагы жеке концерти болуптур. Мына 2009 – жылы Бенелюкс өлкөсү дейби… “RASA” эл аралык Фестивалында Голландия, Нидерландия, Бельгия, Люксембург өлкөлөрүндө да жеке концерттери өткөн дейт. (өзүнчө) Ырас эле тилим да келбей кетти да. Кокуй, Ирсалатка уят болбой, билбесем да билген кишидей окуй берейин. Бул сүрөттөрдү карачы.

МАКСУДА: (мактана) Ооба, ооба, билем. Ошондо Баткендин баш аягына өзүм жар салып чуркабадым беле. Галияндияга кетиптир деп.

КУНДУЗ: Ой, боорум ай! Сен да катырдың. Галияндия эмес, Голландия!

МАКСУДА: (кенебей) Боло берет. А, сен билесиңби?! Украинага, Молдовияга барганын. Жанагы мен салынып жүргөн чачыктуу чоң гүлдүү жоолукту ошол жактан апкелген да. Муногу жерде Украина деп турат. Окучу. Тигилерине тилим келбей жатат.

КУНДУЗ: (каткыра) Англисче жазылып турбайбы.

МАКСУДА: Англис эмес немисин да окуган эмесмин. Оку!

КУНДУЗ: 2009 – жылдары Украинада Международный Фестиваль Музыки & Танца “Svirzh” дейт, жеке концерти өткөн дейт. Ал эми 2009 – жылы Тайванда “Henqchun” элдик ыр жана музыка Эл аралык Фестивалы өткөн деп турат. Мында да биздин Саламат өзүн көрсөттү деп бакыйта жазыптыр.

МАКСУДА: И – ии, концертти бакыйта берсе, бакыйта жазат да! Болсун, болсун. (шыбырай) Ай, Кундуз, ошол концерттеринен түшкөн акчасын тигилерге да береби. Же…

КУНДУЗ: Капыр ий, Максуда жеңе. Ошол жагын да ойлонуп жибердиңизби?

МАКСУДА: Эми бекер ырдабайт го дегеним го…

 

МУЗЫКА. Баары каткыра күлүп калышат.

 

ИРСАЛАТ: (көрсөтө шыбырай) Тигилерди карагыла. Биздей болуп окуп жатышат.

МАКСУДА: (кейип) Сүрөттү да чактап илбептир. Көз тийип кетет да.

ИРСАЛАТ: (боору эзиле) О – иий, Максуда жеңе! Жер ааламдын баарын кыдырып жүрөт. Ошолордун көзү тийбей, бир кыргыздын көзү тийип кетмек беле. Сен да укмушсуң. Арча ала келдиң беле, аластап коелу.

МЕКЕН ЭНЕ: (залга) Мына ийгилик! Мына нагыз өнөр ээси! 2010 – жылы Саламат Садыкова Султанат Оман өлкөсүнө барып, Маскат, Салала шаарларында “Diva Salamat” деген аталышта жеке концертин берди. Талыкпаган өнөр ээси 2010 – жылы Татарстандын Казань шаарында “Сотворение мира” Эл аралык Фестивалынын сый коногу болуп келди. Кечээ жакында эле Сауд – Арабия өлкөсүндө, Италияда болуп келди. Биз бүгүн Саламаттын эмгектеринин кээ бирлерин гана мисал кылып олтурабыз. 17 – жашынан өнөр секисине чыккан Саламат бүгүнкү күндө “Кыргыз булбулу” атыгып олтурганы, бул анын талыкпаган зор эмгегинин жемиши! Бүгүнкү күндө Саламат менен бүтүндөй кыргыз эли мактанат. Бар бол, Саламат!!!

КУНДУЗ: (кубана) Ооба, ооба! Биз да ошого мактанып жатпайбызбы.

ГҮЛБАРА: (тигиле окуйт) Мында арналган ыр турат.

Ар күн кечте кыял бийлеп сезимди,

Бийик эңсөө, бийик максат бекилди.

Бул кара кыз, жүрөгүндө оту бар,

Сөзгө бекем, ой – туюму өтө шар… (жашып кетет) Ирсалат сен окучу.

КУНДУЗ: (тигиле окуйт)

Эңсөө күчтүү. Асмандагы жылдызга…

Бир учурда, жетээриндей сезилди.

ИРСАЛАТ: Ой! Бул жагы орусча анан англисче го. Тобоо! Алла! Алла! (жакасын кармай) Саламаттын мындай кыйын чыгаарын кантип билген.

КУНДУЗ: (суктана) Асмандагы жылдызга деп… Жеткени ушул да жеңе ээ? Апам раматылык: – Өлбөсө, Саламаттан бир киши чыгат! – дечү.

МАКСУДА: (жакасын кармай) Жетти. Жетти. Турганын карачы, маңкайып!

ИРСАЛАТ: Айылга артисттер келсе жибербей, тим эле жон терин сыйрычуу элең. Мына өзү артист болуп… Эми биздин шилекейибиз чууруп жатат. Тамшана берип, таңдайым да катып калды. Сумкаңда суу – пууң жок беле.

МАКСУДА: (шыбырай) Жок. Кокуй, акырын! Бирөө укса уят. Мунун минтип чоң артист болорун ким билиптир. Италия, Турцияга эки күндүн биринде барат дейт. Биз минтип Бишкекке жетпейбиз. Жанагы Жапондорго эле беш барды дейби?..

ИРСАЛАТ: Ошону айтпайсыңбы. Бак берип койсо, ушул экен да.

 

Музыка. Концертке келген элдер залга кирип жатышты. Аларды карап турган Максуда шашып кетет.

 

МАКСУДА: Ай, кыздар! Залга каяктан өтсөк болот? Башталып калбайбы.

ГҮЛБАРА: Жүргүлө. Азыр экинчи кабатка көтөрүлөбүз.

КУНДУЗ: (кубана) Чынгыз Айтматов менен турганын көрдүңбү? Мен билгем.

ИРСАЛАТ: (мурдун чүйрүп) Мен деле билгем! Мен айткам артист болосуң деп.

КУНДУЗ: Сен мектепте жүргөндө эле көрө албай кетчү эмес белең.

ИРСАЛАТ: (чычалай) Андай эмес. Мен ошондо эле мыкты ырчы болосуң дегем.

МАКСУДА: Ай, баскыла! Бул жер силерге Баткен эмес. Эшик тешиги да көп экен. Жалгыз жүрсөң адашып кетесиң го. Мында коркпой кантип жүрүшөт.

КУНДУЗ: Ай, Максуда жеңе. Корксоң жоолугуңдун бир учун мага байлап кой.

ГҮЛБАРА: Баскыла ай! Силер тамашалашып олтуруп, орун калбай калат.

МАКСУДА: Ээ, кокуй! Ушунча жол жүрүп, анан: – Орундук жетпей концертти туруп көрдүм! – деп, Баткенге айтып барамбы. Баскыла! (шаша) Ии, кокуй, айтпадым беле. Ана, башталып калган турбайбы. Болгула!

 

Саламаттын аткаруусундагы Б. Эгинчиевдин “Гүлгүн жашы” кетип жатат.

 

КУНДУЗ: Баштала элек, радиодон ырдап жатат. Басыңыз эми.

ИРСАЛАТ: (эси оой карап) Төбөсүн карасаңар. Жаман чоң люстралар экен.

МАКСУДА: Кокуй! Мунусу башыбызга түшүп кетпейби? Сен басчы.

ИРСАЛАТ: (кетенчиктеп) Эмне, түшсө сенин башыңа түшсүн дегениңби. Мен четке эле олтурам. Ортосуна барбайм. Опей, бетим! Менин күйөөм кайда кетти. Касым!

КУНДУЗ: (жактырбай) Жанынын таттуусун. Бас!

 

Музыка. Баары шашып залды көздөй кетишет.

 

2 – САХНА.

 

Түн. Үйдүн ичи. Саламат уктап жатат. Капталда Мекен эне ойлуу кызды тиктеп олтурат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (толкундана) Ооба, замандаш! Үмүттүн жолу канча узак болсо, ошончо максаттуу, ошончо керемет! Буга бүгүнкү күндөгү өнөрдү туу туткан Саламат кызыңардын өмүр жолу чоң мисал.

Ата – эненин мээриминен эрте айрылган бир кездеги кичинекей кара кыз… О – оо, минтип Теңир берген улуу өнөрү менен комузда кол ойнотуп, шоокум үндү созолонтуп, Ааламды чарк айланып: – Мен Кыргыздын кызымын! – деп, барган жеринде Кыргыздын кызыл желегин желбиретип тураарын ал заманда ким билиптир да, кимдин оюна келип, ким сезиптир.

Ооба, десең. Мунун да тез эле бой жеткенин, – Тирликке бышык, келин кылып алайын! – деп күткөндөр болгон. Кыз деген ошентип бирөөлөрдү саматып, азгырып, көздү кызартат тура. Бирөөнүн баласы тез чоңоет демекчи, эркелеткен эненин, – Ай, кызым! – деген атанын мээримин көрбөгөн Саламат турмуштун ачуусун эрте таткандыктан өзүнө өзү тың, абдан бышык өстү. Ошол эле учурда саамайдан сылаган энесинин колдорун сагынып, эсинде калбаган атасынын калдайган караанын балалык кыял менен элестетип, кыял менен чоңое берди.

 

МУЗЫКА. Тыным.

МЕКЕН ЭНЕ: Кичинекей Саламат адатынча түн уйкусунан чоочуп ойгонду. Айланада эч ким жок. Бирөөнү сагынгандай, бирөөнү күткөндөй эки жагына элеңдей карайт. Кыялында, – Азыр эле келе калбайбы? – деп, эшиктен көзүн албай тирмие тиктейт. Анын күткөнү энеси Мария болчу. Раматылык Мария абдан жакшы киши эле. (бир топко тыным) Мария… Мария… Баары эсимде. Сен күлгөндө сенин шаңкылдаган сүйкүм күлкүң айылдын баш аягына угулчу эмес беле. Сен айылдын кыз – келиндеринен өзгөчө сапаттарың менен бөлүнүп тураар элең. (тыным) Жанда жок уз элең да… Сенин колуңдан көөрүң төгүлгөн уздугуңду дабан мисал кылышаар эле. (алыска тигиле) Бул дүйнө менен кош айтышып, кайран келин кете бергенде: – Бизди таштадыңбы? Эми колуңа албайсыңбы?! – дегенсишип, колу тийген туш кийизден тарта жердеги түркүн төшөктөр томсорушуп… (оор үшкүрө) Э – ээ, пенде деген ушул тура! Ошонун баарын кимге жасады экен бечара. (селт эте) Мен да кызыктай суроо бергенимди кара. Албетте Саламатка жасады да. Жалгыз кызым деп… Ай, Мария, Мария. Сенин ар бир сөздү макалдаштырып сүйлөгөнүң күнү бүгүнкүдөй эсимде. Эч кимди алдыңа салбаган сөзмөр, чечен, жайдары, акылдуу назик жан элең. Мен сени унутбаптырмынбы? Сени кантип унутам. Кериле басып өткөнү кермеге сайган саймадай эле дешип, айыл эли кеп салганда… Кайран гана оттой жанган 28 – жаш… Арман! Арман! (алыска тигиле оор үшкүрөт) 28 – жаш… Сага буйруганы ушул экен да. (жашын аарчый) Чүрөктөй болгон жан эмес белең!.. (тыным)

Бечара Мария бул дүйнөнүн ырахатын көрбөй эрте кетти. Баарынан да кенедей жалгыз кызды мага таштап кете бербедиби. (ойлуу тунжурайт) Армандуу кетти. Экөөсү тең армандуу кетишти. Тагдыр! (жылмая кыялдуу) Анын: – Мекен эне?! Мекен эне, менин курдашым да, сырдашым да сенсиң. Мени коргоп жүрчү? Менин тилегиме тилек кошчу?! Кара кыздын артынан караан болоор бир эркек бала болсун ээ? – деп, эркелегенин, назданганын эч унутаар эмесмин. Басса турса мени өзүнө караан тутчу эмес беле. Жанда жок жароокердиги мени ээритип жиберээр эле. (кызга тигиле) Ырас эле артынан бир эркек бала келгенде…

 

Мекен эне көпкө кызды тиктеп турат да, ойлуу чыгып кетет. Чоочуп ойгонгон Саламат үйдүн ичин айланта карап чыгат. Аңгыча эшик акырын ачылып, апасы Мария кирет. Аял киргенде кичинекей Саламат оордунан тура жүгүрүп мойнуна асылгысы келди. Бирок антсе азыр эле жоготуп алаарын кичинекей жүрөгү сезгендей олтурган жеринде катты.

 

САЛАМАТ: (кубана) Апа… апакебай… Сен мага келдиңби? Апа, мени өзүң менен алып кетесиңби? (шашып кетет) Жок! Жок! Кетпе! Жөн эле айттым.

МАРИЯ: (муңая) Мен сени бир көрүп кетейин деп эле… Азып кетипсиң.

САЛАМАТ: Талаада кечке иштейбиз. Апа, мен тандырга нан жапканды үйрөндүм.

 

Аял кызга бир аз жакындай, бирок сактана боюн ала качып турат. Саламат да бир эки кадам шилтей, кайра сестене туруп калат.

 

МАРИЯ: Сен ошол эле жерде турчу балам. Мага жакындабай эле кой ээ?

САЛАМАТ: (көздөрү жашылдана) Сени сагындым. Кучактагым келет. Сени…

МАРИЯ: (кызды аяп) Билем. Мен да сени сагындым кызым.

САЛАМАТ: Апа, сен кайдасың азыр?

МАРИЯ: Алыстамын кызым. Алыстамын.

САЛАМАТ: Атамчы? Ал дагы алыстабы?

МАРИЯ: (жылмая) Ал менин жанымда.

САЛАМАТ: (муңая жер карайт) Мен мында жалгызмын. Силер келесиңерби?

МАРИЯ: (мукактана түшөт) Биз эми ал жакта… Жол алыс го балам.

САЛАМАТ: (таарына) Мен жалгызмын. Мени мында баары…

МАРИЯ: Терикпе балам. Тагдыр ошондой. Сен да көбөйөсүң.

САЛАМАТ: (жалдырай) Кантип?

МАРИЯ: Турмушка чыгасың. Кө – өп балаң болот. Сен жалгыз болбойсуң.

САЛАМАТ: Күйөөгө чыкпайм! Кошуна кызды ыйлатып берип салышты.

МАРИЯ: Кыз чоңойгондо ошондой болот кызым. Сен да чоңоесуң. Анан…

САЛАМАТ: (ызалана) Мен чоңойбойм! Күйөөгө кетким келбейт!

МАРИЯ: (эркелетип) Айланайыным! Кара кызым менин!

САЛАМАТ: Мени кара кыз дебечи! Баары эле “кара кыз, кара кыз” – деше берет.

МАРИЯ: Айым менин! Сен абдан бактылуу кыз болосуң.

САЛАМАТ: Чачымды эч ким өрүп бербейт. Минтип өзүм өрүп алдым. Карачы?

МАРИЯ: Сенин чачыңды Мекен эне өрөт кызым. Мен сени Мекен энеме

тапшыргам. Аны таарынтпа. Ай кызым менин! Айланайыныным! Садагам!

 

Мария акырындап көрүнбөй калат. Саламат далбастай энесин издейт.

 

САЛАМАТ: (кыйкыра) Апа! Апа?! (ыйлап жиберет) Мекен эне кайда?!

МАРИЯ: (алыстан) Мекен эне сенин кичинекей жүрөгүңдө. Таарынтпа – аа- аа!

САЛАМАТ: Таарынтпайм! Мен сагынганда сен да келип турсаң ээ?.. Апа – аа!!!

 

Бөлмөгө Саламаттын жеңеси Максуда ич көйнөкчөн шашып кирет.

 

МАКСУДА: (чакчаңдай) Ай кыз, сага эмне болду? Эмне кыйкырдың?

САЛАМАТ: (алаңдай) Мен… мен…

МАКСУДА: Эмне, албарсты бастыбы?

САЛАМАТ: Жок.

МАКСУДА: Үйдү аластап жаткын дебедим беле. Арча салган табак кайда?

САЛАМАТ: (алаңдай энесин издей берет) Билбейм, билбейм.

МАКСУДА: (шектүү) Сага эмне болду? Ээ, кокуй, кимди издеп жатасың?

САЛАМАТ: (жашырып) Эч кимди. Мен…мен…

МАКСУДА: (аяп кетет) Эмне түшүңдөн чоочудуңбу? Андай боло берет. Укта!

 

Максуда арча күйгүзүп үйдүн ичин бир сыйра аластап, кызды аяй карап чыгып кетет. Саламат жалгыз калат.

 

САЛАМАТ: (аста шыбырай) Апа… Апа… Сен кайдасың?!

МАРИЯ: (алыстан) Укта, балам. Уктай гой.

САЛАМАТ: (бышактай) Апа, сен дагы келесиң ээ?..

 

3 – САХНА.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Жылдар билинбей өтө берди. Кичинекей кара кыздын беш көкүл саамай тачтарын асмандагы Ай сылады, желпип өткөн жел сылады. Жылдыздар бешик болсо, Саманчынын жолу селкинчек болду. Улам эс тарткан сайын муңун уккан өөрүкзар муңдашы да, сырдашы болду. Ата аска дегендей, карааны тоодой Айгүл тоо бакырайган кара кызга Аска, караан болгондой калкалап келет.

Саламат тыкылдап абдан бышык, жанда жок жароокер, бир нерсени кишинин кабак кашынан эле сезип айттырбай илип алган, шайыр, ыр жандуу кыз болчу. Кыңылдап бир нерселерди ичинен кайрый созуп калганда үйдүн жанын өтүп бараткандар токтоп угуп өтүшөөр эле. Бала кыялы менен эшиктин алдын шыпырып жаткан шыпыргысын комуз кылып чертип олтуруп калааар эле десең. Эх, кыз кыялы… Балалык ай, балалык!

 

МУЗЫКА. Саламат короону шыпырып жатат. Коргондон башын чыгара эки жакты карады эле эч ким көрүнбөй. Мени эч ким укпайт дегендей үнүнүн баарынча кыйкырып ырдап кирди. Шыпыргысын комуз кылып бирде чертип, бирде кучактап алып кошо айланып бийлеп жатты. Аны көрө калган кошуна кыз Ирсалаттын оозу ачылган бойдон эски коргонго асыла карап турду. Саламат аны деле байкаган жок. Бир кезде чыдабай кеткен Ирсалат Саламатты кыйкыра чакырды.

 

ИРСАЛАТ: Эй, Саламат! Салам – аа – аат!!!

САЛАМАТ: (чоочуп кетет) Эмне? Ким?!

ИРСАЛАТ: (күлүп жиберет) Ой, эмне болуп жатасың? Бери кара.

САЛАМАТ: (жактырбай) Эч нерсе. Көрбөй турасыңбы, короо шыпырып жатам.

ИРСАЛАТ: Сени айылдын баары угуп жатат. Тим эле кыйкырдың го.

САЛАМАТ: Кыйкырсам эмне экен. Уккуң келбесе, кулагыңды жаап ал!

ИРСАЛАТ: Эй, мында келсең. Айылга артисттер келиптир. Уктуңбу?

САЛАМАТ: (сүйүнүп кетет) Эмне? Качан?!

ИРСАЛАТ: Базар күнү болот дейт. Сен үйүңдөн чыкпасаң укпайсың да.

САЛАМАТ: И – ии, үч эле күн калган тура. Базарга бардыңбы?

ИРСАЛАТ: Ооба, эртең менен көчөт жеткирип келгем. Ошондон көрдүм.

САЛАМАТ: Жакшы болгон турбайбы. Сен барасыңбы?

ИРСАЛАТ: (кубана) Барам! Сенчи?

САЛАМАТ: Билбейм. Эртең талаага мака эгебиз деген. Үч күндө бүтсөк…

ИРСАЛАТ: А, сен ичим ооруп жатат де. Же, ошол күнү качып кет.

САЛАМАТ: (жалтактай) Кой, анда сабайт да.

ИРСАЛАТ: Мен үйдөгүлөр жибербесе, качып кетем. Бирок жиберет.

САЛАМАТ: (көңүлү чөгө) Сенин ата – энең… (тык токтойт) Ишим көп.

ИРСАЛАТ: (мурдун чүйрүп) Мейли. Апам тандырга нан салмак. Кеттим.

САЛАМАТ: (шашкалактай) Эй, токтосоң! Ирсалат! (өзүнчө) Кетип калды. Апасы деле көрүнбөйт го. Калп эле апам тандырга нан салмак деп… Ой, калпычы десе. (өзүнчө) Чоң базарда көп жаңылыктар болот. Ирсалат баарын көрүп, баарын угуп келет. Ушунуку эле жыргал апасы менен күндө чоң базарга барат. Үйүндө деле иш кылбай басып жүрө берет. Кой, камыр да көөп калды, тандырга нан салуум керек. (умсуна) Байкем артиске жиберээр бекен. Жеңемчи…

 

Саламат шыпыргысын тамдын бурчуна коюп үйгө кирип кетти.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Ошол күнү Саламат кечке суз жүрдү. Айыл ичинде эмнелер болуп жатат, сырттан кимдер келип, кимдер кетип жатышат, керели кечке үй түйшүгүнөн бошобогон кыздын иши да жок эле. Кошуна кыз ичин күйгүзүп кеткендей болду. Саламат өзүнчө буркулдап, кошунасы Ирсалатка таарынып койду. Анан узун мойнун созо, көздөрү менен алардын короосун бир сыйра тинтий карап чыкты. Эч ким жок. Саламаттын ачуусу келе ызаланып кетти.

Бир аз көңүлү чөгө түшкөн Саламат кошуна кызга ачуусу келип барып, кайра бат эле унутуп койду. Бирок баары бир кыздын ичин “тыз” эттирген бир ыза турду. Ал, Ирсалаттын ыгы жок сөзгө деле ата – энесин кошуп сүйлөгөнү эле. Анан да билип туруп эле билмексенге салып, бирөөлөрдү кеп – сөз кылган учурларда Саламаттын көзүнчө атайылап эле “ал деген жетим да” деп алчу. Кошуна кыздын бул сөзү башка чапкандай тийчү. Өзүнө тиешелүү болбосо да, ошол учурда андай кептерди биринчи кезекте өзүнө алаар берээр эле. Бул Ааламда өзүнүн гана ата – энеси жоктой сезе берчү. Бири кем дүйнө ай! Бир кичине кара кызга мынча тар сезилгениңди кара…

 

4 – САХНА.

 

Саламат жалгыз. Казандын башында ойлуу кыңылдай ырдап идиш – аяктарды жууп олтурат. Элдин алды эчак уйкуга кеткен маал. Үйдүн ичинен жеңеси Максуданын үнү чыкканда эч нерседен капарсыз олтурган Саламат чоочуп кетет.

 

МАКСУДА: (кыйкыра) Ай, кыз!

САЛАМАТ: (чоочуй) О, жеңе?!

МАКСУДА: Дагы эле эки чыны, бир табакты жууп бүтпөй жатасыңбы. Эртерээк жат. Эртең маканы бүтүүбүз керек. (жактырбай) Басса турса кыңылдабай жүрө албайт.

САЛАМАТ: Азыр жеңе. Бүтүп калдым.

МАКСУДА: Тезирээк бүтүп жат! О – иий, катуу чарчап калыптырмын. Жат!

 

Максуда керилип, чоюлуп үйгө кирип кетет. Айлана тыптынч. Саламат жууган идиштерин аарчый, ойго батат. Анан кошуна кыз Ирсалаттын айткандары эсине түшүп өзүнчө ызала буркулдап алды.

 

САЛАМАТ: (ызалана) Карасаң! Бүгүн да мурдун чүйрүп кеткенин. Такай ушинтет. (жактырбай) Тим эле жаңы көйнөк кийип алган тура. Ойсоңдоп! Мен да жеңеме көйнөк тиктиртип алам. (өзүнчө кекетип) Шашпа. Эмдиги артиске сенден мурун барбасам элеби. Байкемдер… (томсоро түштү) Байкем… (чыйрала) Мен эмнеге байкемдерге ачууланып жатам. Кийинки келген артисттерге жиберем дебедиби. Ирсалаттын эркелетээр энеси, бооруна кысаар атасы бар. Бир туугандары да көп. Булар карабай коюшса, мен кимге эркелейм. Кимге?! Кимге…

 

Музыка. Бир топко созулган оор тунжуроо. Бир учурда кайдандыр мээримдүү үн угулат. Саламат үн чыккан жакка элеңдей карайт.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (мээримдуү) Сен мага эркелейсиң, кызым. Мен эркелетем!

САЛАМАТ: (алаңдай) Сен кимсиң?!

МЕКЕН ЭНЕ: (жылмая) Бул менмин, Саламат. Сен мени күткөн жоксуңбу?

САЛАМАТ: (сүйүнө тура калат) Мекен эне?!.. Мекен эне, сен кайдасың?!

 

Караңгылыктан суурулуп чыккан аял жылмая мээримин чачып Саламатты карап турду. Бул Мекен эне эле. Ал Саламат бук болгондо, катуу капалаганда такай келчү. Саламат оордунан ыргып тура Мекен энеге боюн таштайт.

 

САЛАМАТ: (кубана) Мекен эне! Сенсиңби?! Мен сени күткөм.

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды аяп) Антип муңайба. Ал сага жарашпайт эркем.

САЛАМАТ: (уяла) Мен… мен… Ирсалатдын сөзүнө таарынып эле…

 

Мекен эне Саламатты чачынан сылай, бооруна кысат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: Сен эч кимге таарынба. Сен күчтүү бол! Кана, ырдап берчи.

САЛАМАТ: (ыйлап жиберет) Ырдагым келбей калды.

МЕКЕН ЭНЕ: Мейлиң өзүң бил. Кантет. Ыйлаак кыз болчу беле.

 

Араң турган кыз жашып кетет. Экө тең бир топко үнсүз тунжурашат.

 

САЛАМАТ: (муңая) Сен мени жараткансың ээ? Айтчы! Айтчы?!

МЕКЕН ЭНЕ: Жок. Сени улуу Жаратканым жараткан. Сени ата – энең…

САЛАМАТ: (алыска тигиле) Алар эми алыс жакта ээ?..

 

Музыка. Бир топко созулган тунжуроо.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (кызды саамайынан сылай) Алар сени мага тапшырышкан. Мен сени эч качан таштабайм! Мен сенин энең Мариянын да курдашы, сырдашы болчумун.

САЛАМАТ: (таңдана) Ал да сенин кызың беле?

МЕКЕН ЭНЕ: Баарыңар менин кызымсыңар. Баарыңар.

САЛАМАТ: Мекен эне, сен баарын билдиң беле?

МЕКЕН ЭНЕ: Жок. Бирок бул тагдыр. Тагдыр эркем! Сенин тагдырың!

САЛАМАТ: (ызалуу) Тагдыры тайкы байкушум! Бечара! – дешет. Тажап кеттим.

 

Мекен эне кызды саамайынан сылап эркелете өөп, бооруна кысат.

 

МЕКЕН ЭНЕ: (күлүп) Карачы, жылдыздарды. Не деген кооздук.

САЛАМАТ: Анын кооздунунан мага не пайда. Жымыңдай беришет да.

МЕКЕН ЭНЕ: Кой, андай дебе. Алар касиеттүү Аалам!

САЛАМАТ: Жетпеген соң, кантип айталам. Түн киргенде келишет, таңда кетишет.

МЕКЕН ЭНЕ: Сен менин койнумда ошол Жылдыздарга жетесиң.

САЛАМАТ: (таңдана) Кантип? Жылдыздарга?

МЕКЕН ЭНЕ: Мен чынын айтып турам. Касиеттүү Ааламды айтып турам.

САЛАМАТ: (кызыга) Чын элеби? Алыс го… Береги жайнаган жылдыздаргабы?!

МЕКЕН ЭНЕ: (кыялдуу) Ооба, Жылдыздарга! Сен да – Жылдыз болосуң!

САЛАМАТ: (кыялдана) Артист болгум келет. Мекен эне, мен артист боломбу?

МЕКЕН ЭНЕ: Сөзсүз болосуң! Сага байкең жардам берет.

САЛАМАТ: (ызалуу) Калп! Алар мени бир жумадан бери алдап иштетишип, бүгүн артистке жибербей коюшту. Жеңем калп айтты. Ирсалат мени шылдыңдап кетти.

 

Ызаланып араң турган кыз бетин басып олтура кетет. Ал бир топко ыйлады. Ичиндеги бугу чыксын дегенсип Мекен эне да унчукпай карап турду.

 

САЛАМАТ: (асманга кекетип) Куу тагдыр! Алдамчы! Шылдыңдап турганын.

МЕКЕН ЭНЕ: Сен антип кекчил болбо. Сен тагдырга таарынба.

САЛАМАТ: Мен… мен… (жашын аарчый) Мен Кудайга катуу айттымбы?

МЕКЕН ЭНЕ: (аяп) Жок. Сен жөн гана катуу таарындың. Боло берет.

САЛАМАТ: Катуу ыза болгондо ушинтип ачууланам. Анан кечирим сурайм.


«МЕКЕН ЭНЕ БАККАН КЫЗ»    (Драманын уландысы)

МЕКЕН ЭНЕ: Жараткан Теңирим кечиримдүү. Сен баарына жетесиң эркем.

Музыка. Мекен эне кызды колунан ала айлантат. Эми анын күлкүсү чыгып, тептегерек кара көздөрү жайнай, тегеренип бийлеп жатты.

САЛАМАТ: (кубана) Мекен эне! Сен чын айтасыңбы? Мен баарына жетемби?!

МЕКЕН ЭНЕ: (мээримин чача) Саламат, сен мага ишен! Сен менин жылдыздардан куралган бешигиме термелесиң. (алыска тигиле) О – оо, билесиңби? Ал кезде сени эч ким, Байкушум! Бечара! – дешбейт. Сага суктанып, сени менен бүтүндөй Кыргыз эли сыймыктанышат. Сен улуу адамдар менен бир басасың. Сенин насибиң жер жүзүнө чачылган. Сага Жаратканым, колуңа комуз, уккан жан таң бергендей шоокум үн берген. Теңир атаң болсо, Мекен энең менмин! Сени менен мен сыймыктанам! Мен! Мен!!!

Үн жаңырып кетет. Саламат алиге тегеренип жатты. Мекен эне көрүнбөй калат. Саламат селт эте чоочуй эки жагын каранып алды. Эчак эле кеч кирип, асманда жылдыздар толук чыгып калган эле. Бул учурда келген артисттер да эчак кайтып кетишкен. Бечара кыз бул сапар да артисттерди көрбөй калды.

САЛАМАТ: (алаңдай издейт) Мекен эне! Мекен эне! Мен сени жүрөгүмдөн даагы сездим. Мендей жетимиңди колдоп жүр. Мени угуп жатасыңбы? Мен сени уят кылбайм! (акырын шыбырай) Жараткан Теңир, сен улуусуң, сен бийиксиң. Бар тилегим бере көр!

5 – САХНА

МЕКЕН ЭНЕ: Аттиң бири кем дүйнө! Бул бир булбул кыз болду го. Жараткан биринен болбосо биринен берет деген ушул эмеспи. Мына! Мына! Ай, Саламат, даагы ырдап койчу айланайын! Ата – энесинен эрте жетим калган бул кызга бир боорлору ооруса, бир карап булбул үнүнө кызыгыша куштар болушчу. Алыстан уккандар: – Баягы кичинекей кара кыз ырдап жатат. Момундун кызы ырдап жатат. Кайран Момун… Өлбөй кал, Момун! Өлбөй кал! – деп, кейишсе, энесинин курбулары: – Бириң кетсең да бириң калбайт белеңер. Муну кимге ишенип таштадыңар. Ээ, бечаралар! Кара кызыңдын тигинтип ырдаганын уксаңар го… Шакылдап сүйлөгөнүн кара, Мариянын эле өзү! – дешип, жашып кетишээр эле. Кичине кара кыз дешкени менен бул кезде көргөн көздү кызыктырган Саламат 14 – 15ке келип калган.

Таалаачылык. Айылдын тирлиги кайдан бүтсүн. Минтип жаз да келип калды. Жаз жарыш, күз күрөш дейт. Ана, жаны тынбаган Саламат кетменин көтөрүп жеңеси Максуда менен таң атпай талаага жөнөштү. Кабагы бүркөө да. Кече айылга келген артисттерге Максуда жибербей койду эле ошого таарынып баратканы го. Таарынба кызым, сенин айлыңда да майрам болот. Ошол кезде Максуда өзү биринчи жүгүрөт. (чоочуй) Мен эмне деп жатам?! Бешиктеги баланын бек болоорун ким билет… Муну Тагдыр чечсин!

МУЗЫКА. Саламаттар күндөгүдөй эле таң атпай кетмендерин көтөрүшүп талаага жөнөштү. Жеңеси Максуданы жактыра бербей, жандап баскысы да келбей, Саламат бир аз артка калып кетип баратты. Аңгыча артынан курбу кызы Кундуз жете келди. Мекен эне үчөөсүн узата карап турду.

КУНДУЗ: (жете келип) Кыйкырсам деле укпай кетип баратасың да.

САЛАМАТ: Уккан жокмун.

КУНДУЗ: Кечинде сени абдан күттүм. Сонун артисттер экен!

САЛАМАТ: (ызалуу) Жеңем жибербей койду. Иштин баарын жасатып алып…

КУНДУЗ: (жактырбай) Кызык. Барат, жиберем дебеди беле.

САЛАМАТ: Кече таң аткандан кечке чейин талаада жүрдүк. Ирсалаттын табасы накта канат эми. Өткөндө да ушинтип…

КУНДУЗ: Ал биздикине таң атпай камыр ачыткы сурап келген. Кечеги артиске кийип барган жаңы көйнөгүн кийип алыптыр. Апасы тигип бериптир.

САЛАМАТ: (жактырбай) Калп айтат. Лайлек, Исфарадан соодагерчилик кылып тайжеси келет. Ошол апкелсе керек.

КУНДУЗ: Мүмкүн. Бир нерсе кийсе эле апам тигип берди деп, мактана берет.

МУЗЫКА. Мекен эне кыздардын жанына ойлуу басып келди.

МЕКЕН ЭНЕ: Каап. Бала да. Айтаарын айтып алып, оюнда эч нерсе жок Кундуз өзүн тиктеп турган Саламатка тигиле тык токтоду. Ата – эне жөнүндө сөз болгондо Саламат курбуңдун жанында сактанып жүр, бизди оозуңа алып, ашыкча кеп курба балам! – деген энесинин сөзү кулагына шак дей түшкөндөй болду. Даагы ызалантып алдым ээ? – деди ичинен Кундуз Саламатты аяй карап.

Бул учурда Саламат тээ алыска алыска тигиле таттуу кыялдары менен жер шаарын аралап жүрдү. Бир туруп кинодон көргөн Жапон кыздарынын чоң чоң гүлдүү көйнөгүн кийип баратса, бир туруп Индия кызынын кызыл, сары жалтыраган көйнүгүн оронуп жатты. Анан кечеги айылга келген артисттер эсине түшө калды. Каап, барганда…

МУЗЫКА. Саламат кыялданып, чаташкан ойдон чыга албай жатты.

САЛАМАТ: (алыска тигиле) Алар кандай көйнөк кийишти экен. Кош этектери көп аппак көйнөк менен кыпкызыл чыптамаларды, же жалтыраган кемселдерди кийишсе керек. Ал эми баштарында үкүлүү тебетей… же саймалуу кызыл топубу?..

КУНДУЗ: (чоочулай) Саламат, сага эмне болду. Мага таарындыңбы?

САЛАМАТ: (селт эте) Жок! Мен… мен… Билесиңби, Кундуз… (кыялдана) Мен кийин эч ким билбеген, эч ким жетпеген жактарга барып, Ирсалаттыкынан да кыпкызыл гүлдүү көйнөк сатып кием. Мен окуйм. Анан иштейм. Өзүм иштеп, баарын өз акчама сатып алам. Кө – өп, кө – өп көйнөк болот менде. Индия кинолорундагы кыздардын көйнөктөрүчү… Укмуштай сонун ээ? Кечегилердики…

КУНДУЗ: (өзүнчө ойлуу) Апам айтат, – Жетим жетилет. Бир заман келет, баарыңар ал кара кыздын чаңында каласыңар! – деп. Саламат бышык, колунан баары келет. Окуйм десе окуйт. Мүмкүн артист болуп кетет. Анда сонун сонун көйнөк киет да. Менчи?..

САЛАМАТ: (кызга тигиле) Сен кимге сүйлөп жатасың?

КУНДУЗ: (селт эте) Ойлонуп кетипмин. Окусаң оку. Ии, Саламат. Артист болсоң окуп эмне кыласың. Ансыз деле ырдап жүрүң го. Мектепте, айылда, баары сени макташат. (катуу чоочуй) А – иий! Байкеңдер күйөөгө берип койсочу?! Максуда жеңеден корком.

САЛАМАТ: Мен тийбейм! Артисттер каяктан келишиптир. Чоң шаарданбы?

КУНДУЗ: Билбейм. Укмуштай сулуу сулуу эжелер экен. Баарынын беттери аппак!

САЛАМАТ: Ошолор мени алып кетишсе ээ? Кундуз, сен ким болгуң келет.

КУНДУЗ: Эч ким. Мени “болуп коюшкан” да.

Экөө тең унчукпай калышат.

САЛАМАТ: (ыңгайсыздана) Каяктан экен?

КУНДУЗ: (жер карап) Лайлек жактан дейт го…

САЛАМАТ: Сен аны билбей, көрбөй эле кете бересиңерби?

КУНДУЗ: Апамдын төркүндөрү жактан экен. Билбейм, жакшы бала дешет. Мектепти бүтөөрүм менен кетиришет го. Баарын атам чечет. Атамдан коркуп, тааныбаган эле балага күйөөгө чыкканы жатам. Сенин атаң… Кечир, кечир курбум, мен байкабай…

САЛАМАТ: Эч нерсе эмес. Бирок менин атам антмек эмес. Мени окутмак.

КУНДУЗ: (көңүлү чөгө) Апам: – Шордуу кызым, мендей болуп казандан чыкпай, бала басып олтуруп каласың го… – деп, катуу кейип кетет. Өткөндө, – Кызың чоңоюп келе жатат, тиги элдин балдар, кыздары окуган чоң шаарга окутпайлыбы десе, атам: – Сен барып окуп кел! – деп, корс этип кагып койду. Атамдан катуу корком. Ачуусу жаман.

САЛАМАТ: (муңая) Мүмкүн окутат. Ачуусу жаман болсо да атаң бар.

Эчак кайрылып карап турган Максуданы кыздар байкашкан жок.

МАКСУДА: (чаңк эте) Ай кыз, баспайсыңбы! Сен кайдан жетип келдиң. Тез – тез баскыла, биз жеткиче түш болуп калат. Элдин баары эчак талаада жүрүшөт.

САЛАМАТ: (шашкалактай) Мына, жеңе баратам.

МАКСУДА: Силердин эмне эле сөзүңөр бүтпөйт. Ай, Кундуз, сени болуп коюшту деп уктум. Каяктан экен?

КУНДУЗ: (ызалуу) Билбейм!

МАКСУДА: Ой, эмне кыйкырасың? Кулагым жакшы угат. Билип эмне кыласың. Болуп койгон соң, кете бер да. “Буудайдын бараар жери тегирмен, кыздын бараар жери күйөө” – дейт. Эриң бакса, бала тууп олтура бересиң. Бирөөлөргө окшоп окуйм, окуйм дебей. Окугандардын баары чилистен болуп кетиптирби. Катын окуп, колхоз башкармак беле. Кара казан турганда… Ха – ха – ха! Ай, сага күлгөнүм жок. Тээтиги араба кулап калды. Ошого күлдүм. (өзүнчө) Окуйт имиш. Муну ээлентпей болуп коелу десе, жанагы…

КУНДУЗ: (шаша) Мейли, Максуда жеңе. Мен бул жол менен кеттим.

МАКСУДА: (жактырбай) Кыздар деген жеңеси менен сырдаш болуучу эле. Силер качан көрсөм “бүшү, бүшү” деп, менден алыс качасыңар. Узатаарда унутпа бизди. Бас, ай!

КУНДУЗ: (Саламатка шыбырай) Түшкү тыныгууда төмөнкү арыктын жанына кел. Кечиндеги артисттерди айтып берем.

САЛАМАТ: Мейли. Жеңеме таарынба.

Саламаттын артынан аягандай узата карай кетип бараткан Кундуз колундагы нан, суусундук салган баштыкты көрүп, тигилердин артынан кыйкырат.

КУНДУЗ: Эй, э – ээй! Саламат! Баштыгың менде калыптыр.

САЛАМАТ: Рахмат. Жеңем айкырганча жетип барайын.

КУНДУЗ: Мейли эмесе. Жолукканча. (Саламатты ойлуу узата карайт).

Ата – эненин мээримин татпай,

Жагынбасаң… жеңеге батпай…

Э – ээ, шордуум!!!

(артынан кыялдуу көпкө карап турду)

… Мүмкүн өзүң эңсегендей,

Чоң шаарга да жетээрсиң.

Жетимди Кудай колдойт дейт,

Жакшы жашап өтөөрсүң…

Кундуз Максуданы жактырбай, күбүрөнө өзүнүн талаасын көздөй жөнөдү.

КУНДУЗ: (өзүнчө кейип) Аңдый карайт, атасы бар кыздарды,

Алсыз күлөт, жүрөгүндө муз калды.

Нелер күтөт, кандай күнгө кабылат?!

Тагдыр!.. Тагдыр!.. Тагдыр сага таарынат.

Ата – энеси жок кандай жаман. Өзү тууп алгансып, Максуда жеңенин какканын карасаң! Кече артиске жиберип койсо өлөт беле. Качан болсо, элдин көзүнчө басынтат. Менин ушундай жеңем болсо, байкеме айтып күндө беш сабатат элем. (жакасын кармай) Оо, Кудай өзүң кечир?! Курбумду аябаганына жаным ачып кетти. (Максуданы туурап) Ай, Кундуз! Сени “болуп коюшкан” турбайбы? Узатаарда унутпа?! (кекете кагынып) Унутам! Унутам!!! Ошо сени унутам!

6 – САХНА

Музыка. Түн. Саламат жалгыз. Баягы кичинекей Саламат жок, көрүүчүлөрдүн алдында керилип бой жеткен кыз турду.

САЛАМАТ:

Билгим келет,

Келечекте не күтөт.

Мен ким болом?..

Максатыма жетемби?!

Же, муң басып,

Максаты жок өтөмбү?..

Жок! Жок! Жок!

Андай дебе! Ая мени?!

Мен бир пендең,

Жаштайымдан муң баскан.

Күн – түн ыйлап,

Көз кургабай көз жаштан.

Саамайымдан,

Сылап койбой пенделер.

Көрсө дагы,

Көрбөгөндөй терс баскан.

Жаздыгымды,

Жашка жууган күндөрчү…

Э – ээ, тагдырым!!! Тагдыр ай!

Нелер өттү бул баштан?!..

Саламат бирөөнү күткөндөй алаңдай эки жагын каранат.

САЛАМАТ: Баарына эмне болгон? Баары эле мелтирейт да. Мени соороткон, мага үмүттүү жолду сыр кылып айткан Мекен эне кайда? Сырымдын баарын угуп, Түн эмне унчукпайт? Жылдыздар да сырдуу карап тарап кетишти. (ойлуу) Апам да көптөн бери түшүмө кирбейт. (көпкө тыным) Апа?.. Апакебей?! Мага ак батаңарды бергиле. Атам экөөңөр арбагыңарда колдоп жүргүлө. Апакебайым! Сагындым. Абдан сагындым. Жок дегенде сен аман туруп, мага жол көрсөтпөдүң. Балалыгым бир азап дүйнө болсо, минтип бой жеткенде сырдашаар караан жок… Бул кандай азап! Сезип жатасыңбы апакебай! Менин жалгызсыраганымды сезип жатасыңарбы?! (көпкө созулган оор тунжуроо).

Колдон колго өтүп кор болду го кара кызың. Эч кимиси аяган жок. Эч кимиси өз баласындай мамиле кылышпады. Бетим?.. Бетиңе эмне болгон дейсиңби? Ошол күнү мага талааны жалгыз кайтартып коюшпадыбы. Кечке чарчагандыктан уктап калыпмын. Уктап калдың деп жүгөрүнүн килейген сабы менен ажаан жеңем бетке чапканда ушул жерим айрылып кетти. Көпкө кан токтобой… (өзүн соорото) Жеңемдин көрсөткөн кордуктарын ошол учурда өзүң да көрүп тургандырсың! Азыр айыкты, бирок так калып калат го.

Ээ, апакебайым! Беттин тагы айыгаар, жүрөктүн тагы кантип айыгат дебейсиңби. Ошол качып кеткен бойдон ал байкемдикине кайрылып барганым жок. Интернатка кеттим. Алар да аркамдан сурап келишкен жок. Азыр жаман көрсө да, жакшы көрсө да Максуда жеңемдердикинде жүрөм. Байкемди сүйлөтпөйт. Бул да бир бейжай. Чыдабаска айла жок. Апакебайым, ушунун баары силердин жогуңардан. Мына, балалыгым артта калып, чоң турмуштун босогосун аттай албай, баарынан көңүлүм калган жаным жүрөксүнүп турганымды карачы.

Апа! Апаке! Апатайым!!! Ушундай сааттарда жанымда болсоңор го… Тобокел десемби деп турам. Мүмкүн бул тагдырдын даагы бир чоң сыноосу? Мүмкүн өнөрдүн чоң жолуна ушул театр аркылуу кетээрмин. Мүмкүн? Мүмкүн… (башын мыкчый) А, эгер тагдыр даагы башка жакка тартып кетсе. Анда… анда кантем, апа? Анда менин эңсөөм, менин кыялдарым, максаттарым эмне болот?!

МУЗЫКА. Бир топко оор тунжуроо.

САЛАМАТ: (көккө кыйкырат) Э – эй, жылдызда – а – ар!!!

Саманчынын жолунан түшүп алып,

Санаасы жок, алыска кетким келет.

Көкүрөктү кытыгылайт бийик эңсөө…

Көзүм жеткен бийиктикке жетким келет!

Мекен эне! (алаңдай издейт) Мекен эне! Мекен эне – ее – ее?! Мага сенин акылың, сенин кеңешиң керек. Кайдасың?! Мекен эне!!!

Музыка. Алыстан Мекен эненин карааны көрүнөт. Саламат сүйүнө, эреркеп Мекен энеге боюн таштайт.

МЕКЕН ЭНЕ: (кучактай) Эмне, мени жоготуп алдым деп чоочуп кеттиңби? Чоочулаба. Мен сени кандай тыянак чыгарат деп тигинде күтүп жаттым. Сенин кооптонгонуң да туура. Көрбөгөн, билбеген элдин, жердин сыры да, сүрү да күчтүү! Тагдыр! Буюрса сапарга аттанасың кызым.

САЛАМАТ: Мен али билбейм.

МЕКЕН ЭНЕ: Коркпо! Ал жакта да ушундагыдай эле элдер жашайт. Кичине Кыргызстандан жүрөксүнсөң, о – оо, анда Ааламды кантип кыдырып чыгасың?! Сен эми баягы кичинекей Саламат эмессиң. Сен бой жеттиң. Сени чоң келечек күтүп турат.

САЛАМАТ: Мен али чече элекмин да. Бир жактуу ойлоно албай жатам.

МЕКЕН ЭНЕ: Ойлоносуң. Сапарга чогу чыгабыз.

САЛАМАТ: Сен да барасыңбы?

МЕКЕН ЭНЕ: (жылмая) Мен сен каякта болсоң ошол жактамын. Мен сенин кичинекей жүрөгүңдөмүн эркем. Сен даярдана бер!

Ушул учурда жеңеси Максуда чаңк этип чыга калат.

МАКСУДА: Ай, кыз! Сен эмне уктабай таң атыргансыңбы?! Ботом, салган төшөгүң ошол бойдон турат.

САЛАМАТ: (жашын аарчып) Азыр жатам.

МАКСУДА: Ботом! Элдер туруп жатса, сен жатасыңбы. Ишиңе барбайсыңбы?

САЛАМАТ: (ыңгайсыздана) Барам.

МАКСУДА: (жактырбай) Чай кой. Чай – пайыбызды ичип алып, биз талаага жөнөйлү. Сен эми топуракка аралашпай, маданияттуу ишке барасың да.

САЛАМАТ: Ал жактын иши да кыйын жеңе.

МАКСУДА: Кыйын болгондо, кетмен чаап жаттың беле. Ырдап койгондун окуусу бар бекен. Ак көйнөк, кызыл көйнөк… Аппак пудраны бетке жаап, үлпүлдөп… Ии, тиги Гүлбара эжең кечээ бирдемелерди айтып жатат эле. Эмне, мындан кеткени жатасыңбы?

САЛАМАТ: (чоочуп кетет) Жок!

МАКСУДА: (сынай) Элдин сендей кыздары эрге эчак тийип кетишти. Мен кой дегенде коюп калмак белең. Ээленип алыпсың. Тааныбаган эл, тааныбаган жер…. Кой, күн да чыгып калды. Иш көп. Же, бир Кудай таала мага сеникиндей да өнөр бербептир.

Жеңеси Максуда кагынып силкинип үйгө кирип кетет. Бир жактуу чечимге келе албай турган Саламат чайналып турду. Максуданын чаңк эткен үнү чыкты.

МАКСУДА: Ай, кыз! Чай коюп койдуңбу? Кокуй, нан да калбай калыптыр го. Камыр ачыта кет. Түштө келип жаап кетээрсиң. Биз ушуну менен кечинде бир келебиз.

7 – САХНА

МЕКЕН ЭНЕ: Саламат мектепти ийгиликтүү аяктаган соң, 1973 – жылы 17 – жашында Баткен райондук маданият үйүнө ырчы болуп кирген. Тээ мектептен айлына гана эмес, жалпы облуска ыры менен таанылган Саламат эми минтип бир облустун жүзү болуп чыга келди. Анын ырын укканга алыс да, жакын да ашык болду. Бара бара Жалал – Абад, Ош өөрөндөрүнө тааныла баштады.

Ошондой күндөрдүн биринде Баткенге Талас өөрөнүнөн Киров элдик театрынын чыгармачыл чоң тобу гастролго келип калышты. Келген артисттер Саламатты бир көрүшүп жактырышып, – Биз менен жүр! – дешип, азгыра башташат. Анткени аларга дал ушул тапта Саламаттай таланттар абдан керек эле.

Бул жылдары Киров элдик театрдын алдында “Жылдыз” ыр – бий кружогу даярдалып жаткан. Ошол кезде “Жылдыз” ыр – бий ансамбли Польша Республикасында өтүүчү Эл Аралык Фольклордук Фестивалга даярдык көрүп жаткан. Шакылдаган Саламат ырга да, бийге да, алып баруучулукка да жарай турганын байкашып, чыгармачыл топ аны азгырып туруп алышты. Саламаттын алдында өнөрдүн чоң сапарына аттануу сапарын чечүү маселеси коюлду.

Албетте, бирден бир макул деш кыйын болду. Тааныбаган эл, тааныбаган жер дегендей… Ким эле тууган жеринен алыска шыр беттеп кетсин. Мурда кийин айлынан алыс чыкпаган Саламат эмнегедир тартына, жүрөксүнүп турду. Ооба, бир дегенде эле чече салуу өтө оор болду. Бир жума бою бир чечимге келе албай чайналды. Уйку качты.

Бала кезден мээр туткан Мекен энем! – деп, мага жалынды. Асманга тигиле Саманчынын жолун кууп, кыялында канча сапар тартты. Баары сынай карашат. Караан туткан Түнгө сырын айтты. Ал да үнсүз мелтирейт. Бир кезде жымыңдаган жылдыздар да үйлөрүнө тарап, Түн кезегин Күнгө өткөрүп берип, агарып аппак Таң да атты.

МУЗЫКА. Баткендин областык маданият үйү. Саламат кирип келгенде алдынан областын көрүнүктүү артисткасы Гүлбара Анарбаева күтүп алды.

ГҮЛБАРА: Кел. Сени күтүп жаткам.

САЛАМАТ: Эмне айтаарыңызды сезип турам. Эже, бөтөн эл, бөтөн жерде кандай болоор экен? Жеңем да күндө кулак мээни жеп…

ГҮЛБАРА: Баары сенин ырдаганыңды жактырып жатышат. Азыр жашсың. Мында жыргап жатасыңбы? Эртең эле эрге берип жиберет сени. Мени укпайт, көрбөйт дейсиңби. Мен баарын билем сиңдим. Сени Кудай колдойт. Ошол жактан чыгаарыңа ишенип турам.

САЛАМАТ: Айтканыңыз келсин эже. Ак батаңызды берип, узатыңыз. Сиз айткандай, мүмкүн бактым ошол жакта.

ГҮЛБАРА: Тобокел деп, жыйнал. Бешенеге салганын көрөсүң. Сенин бактың чоң сахнада экенин да унутпа!

САЛАМАТ: (уялып кетет) Ой, эже… Айтканың келсин. Мен сизди унутпайм!

ГУЛБАРА: (кучак жаят) Келчи, менин кичинекей ырчым. Мүмкүн ошол жактан борборго туз насип буйруп, Карамолдо, Шекербек, Атайга окшогон Алптар олтурган жерге олтуруп комуз чертээрсиң. Мүмкүн Сайра Кийизбаева, Кайыргул Сартбаева, Дарика Жалгасыновадай эжелериңдин катарында обон созоорсуң. Тилек кыл сиңдим, тилек кыл. Таланттардын ордосу Таласка кетип жатасың, Манас атанын арбагы колдоп, андан аркы сапарыңды борборго бурсун! Ак жолуң ачылып, Дөө – Шааларга кошулгун! Биздин Саламат деп сыймыктангандай бололу.

САЛАМАТ: Айтканыңыз келсин. Ырахмат эже.

ГҮЛБАРА: Ырахматты, сен борбордун чоң сахнасында ырдаганыңда, мен кучак толо Баткендин гүлүн көтөрүп барганымда айт. Мен сени чоң сахнада куттуктайын.

САЛАМАТ: (күлүп жиберет) Айгүл тоонун Айгүл гүлүн терип барыңыз ээ?

ГУЛБАРА: (кучактай) Айгүл тоого өзүм чыгып, өз колум менен терип барам.

Ошол учурда сырттан башында жоолук, узун көйнөк дамбал кийген курбусу Кундуз күйүгүп чуркап кирет. Экөөсү кучакташып көпкө турушат.

КУНДУЗ: Кандай жакшы болду. Сени кетип калсаң көрбөй калат экем деп…

САЛАМАТ: Мен эч жакка кетпейм. Ким айтты?

ГҮЛБАРА: Мен айттым. Качан көрүшөсүңөр ким билет. Коштошуп калсын дедим.

САЛАМАТ: (кечке тигиле) Сен качан келдиң эле? Ушундай келин болдуңбу?

КУНДУЗ: (уяла) Болдук да. Кече. Күйөөм да келген. Сыртта турат.

САЛАМАТ: (кучактай) Кечээ кечке мен да сени ойлогон элем.

ГҮЛБАРА: Кудай буюрса, досуң эми чоң сахнада ырдайт.

КУНДУЗ: Тилегиңе жет, Саламат. Биздин айылга да ырдап келээрсиң. Мен сени качан келсең да күтөм. Эми сагынам го.

САЛАМАТ: Мен да сени сагынам.

ГҮЛБАРА: (шаштыра) Саламат, сени тиякта күтүп жатышат.

КУНДУЗ: Саламат, курбум! Сен кичинеңде эле чоң сахнаны, чоң шаарларды эңсөөчүсүң. Мага канча кызыктуу нерселерди айтчу элең. Ошонун баарына жет. Жолуң шыдыр болсун! Аман жүр досум!

Эки курбу бир топко бири бирин кое бербей кучакташып турду. Аларды карап турган Гүлбара жашып кетет. Кундуз кетип баратып кайра кайрылат.

КУНДУЗ: Такай эле унутуп басып жүрөм. Сага көйнөк тиге келгем. Мына. Кийип жүр ээ? Анча кымбат көйнөк болбосо да менден эстелик болсун.

САЛАМАТ: Ырахмат, Кундуз. Мага мындан кымбат эч нерсе жок. (Кундуздун ичин сылап) Канча ай болду? Сенин төрөгөнүңдү көрбөй калат турбаймбы.

КУНДУЗ: Алты айдан өттү. Кийин көрөсүң да. (күлүп) Сен кайрылып келгенче биз басып калабыз. Ии, баса, – Кыздуу болсом, атын Саламат коебуз десем, күйөөм: – Эркек болсо деле коебуз. Саламат деген ат эркек балага да жакшы жарашат, – деп, мени сүйүнтүп койду. Мен сени жакшы көрөм курбум. Сапарың байсалдуу болсун! Бизди унутпа! Дагы бир өөп алайынчы. (кучактай өөп) Сагынабыз го. Кош. Аман бол.

САЛАМАТ: Сени кантип унутам. Аман бол. Аман – эсен көз жарып ал!

Музыка. Кундуз шашып чыгып кетет. Саламат жалгыз калат.

САЛАМАТ: (кыялдуу)

Бийик өнөр түбөлүккө жолдош болуп,

Ай – ааламды кыдырып келсем деймин.

Кыргызымдын сыймыктуу кызы болуп,

Тууган жерге атак алып берсем деймин!

Айгүл тоом!

Өөрүкзарлуу Баткеним!

Мен силерди,

Ырга айлантып созсом деймин.

8 – САХНА

Музыка. Баштагы көрүнүш. Сахнанын ортосундагы чоң экрандан Саламатты көрсөтүп жатат. Франция. Париждин чоң концеттик залы. Эки алып баруучу чыгышат. Бири орус, бири француз тилинде жарыя кылып жатышат.

КУЛАКТАНДЫРУУ:

Кыргыз Республикасынын эл артисти, Кыргызстандын үнү – Саламат Садыкова. Кыргызстан!!! (үндөр жаңырып кетет)

МУЗЫКА. Алып баруучунун кулактандыруусу француз тилинде кайталанат. Ортодогу чоң телевизордон Саламат Садыкова көрүнөт. Дүркүрөгөн кол чабуулар. Сыналгынын ары жагындагы залда олтурган элдер кол чаап “дуу” тура калышат. Ошол учурда мындагы элдин ортосунда олтурган Максуда шашкалактай оордунан атып тура, тияктагы элдерге ырахмат айта ыраазычылыгын билдирип жатты. Сахнанын капталынан Мекен эне, ошол эле учурда сахнанын тээ түпкүрүнөн энеси Мария кубана карап турушат. Зал жаңырта көпкө созулган кол чабуулар.

ТЕЛЕДЕГИ КӨРҮҮЧҮЛӨР: Браво Саламат! Браво Кыргызстан! Браво!!!

МАКСУДА: (оордунан ыргып тура) Ырахмат! Ырахмат айланайындар! Биздин кызды ушинтип төбөсүнө көтөргөн тигилерге ырахмат. Браво дегени ырахмат дешкени го ээ? (экранга кол булгалап) Ооба, ооба, менин кайын сиңдим! Силерге да браво! Браво! (олтургандарга) Ай, Максуда, Кундуз, силер эмне бака жутуп алгансып жалдырап олтурасыңар. Тиякта биз тилин түшүнбөгөндөр кыйкырып кол чаап жатышат. Тургула! Кол чапкыла. Ана, бизди карап калышты. (шаша) Тур! Тургула, кокуй! Олтуруп алганыңарды көрсө уят болот.

ИРСАЛАТ: Жеңе?!.. Элдер карап калышты.

МАКСУДА: (шашкалактай) Ай, кызык кыз экенсиң. Тиякка кол булгалап кал жок дегенде. Бүгүн мында келбей калды окшойт го. Канаты болсо да ушунча жерден учуп жетпес. Ой, бизди мында чакырып коюп, өзү Францияда концерт берип жаткан турбайбы.

ГҮЛБАРА: (жеңинен тарта) Ай, Максуда, олтур!

МАКСУДА: (жулкуна) Ой, телевизордон көргүлө десе, Бишкекке келбей эле ошол эле Баткенден жаман телевизорду карап олтурбайт белек. Жолго канча акча кетти.

КУНДУЗ: Ай, Максуда жеңе. Саламат азыр мында келет.

МАКСУДА: (кызараңдай) Эмне эле мени апенди кылып жатасыңар. Мен деле мооданы түшүнөм. Шаардыктар ушинтип чоң Филармониядагы чоң телевизордон көрүшөт турбайбы. Бир жагы ысыкта жаман үйгө тыгылбай мунусу деле жакшы экен.

ГҮЛБАРА: (этегинен тарта) Түшүнсөң олтур! Элдер карап калды.

КЫЗДЫН ҮНҮ: Апа! Апа! Тигине, Саламат Садыкова чыкты!

ҮНДӨР: – Саламат Садыкова!

– Саламат Садыкова чыкты!

– Ай, бала мага көрүнбөй калды. Олтур!

– Кандай бактылуу! Кандай бактылуу ырчы!!!

КЫЗДЫН ҮНҮ: Апа, апа! Мен да Саламат Садыковадай чоң ырчы болом ээ? Апа,

көйнөгү жакшынакай экен ээ?! Апа, менде да ушундай көйнөк болобу?

Ошол учурда музыканын коштоосу менен сахнанын тереңинен аппак көйнөк, кып кызыл чыптамачан, башындагы үкүлүү топусу үлпүлдөп, колуна комуз көтөргөн Саламат Садыкова көрүнөт. (ойногон актриса эмес, өзү чыгат).

МАКСУДА: (оордунан ыргып турат) Ээ, кокуй! Биздин кыз келип калган тура.

(кыйкыра) Ай, кыз! Кыз! Мен мындамын!!!

Максуда шашкалактап чалынып чулунуп сахнаны көздөй жөнөйт.

МАКСУДА: (наалый) Бутум ооруйт. Картайдым. Баса албаганыма карабай сенин көргөнү келдим. (кол булгалай) Биз баарыбыз келдик. Тигине, Ирсалат, Кундуз. Мен! Ана Гүлбара эжекең. Айылдагылардын баары салам айтышты. Тобоо, тез эле учуп келип калганын карасаң ээ?! (күйүгө) Өрүкзарды ырдап бер. (элге) Мына, Баткендин кызы! Биздин өөрүкзардын кызы!!! (Саламатты кучактай өөп) Баарын, баарын көрдүк. Сени Франциядан көрдүм деп Баткенге айтып барам. Англис киши сүйлөп бетиңден өптү дейм. Самолет менен учуп келип бизге өзү иштеген борбордогу чоң Филармонияңдан концерт берди дейм. (кейип) Олдо, арман ай! Арман десең! Мария жеңем ушул турушуңду көргөндө эмне?.. Келчи, айланайын кыз! Кучактап бир өбөйүн.

КУНДУЗ: (элдин арасынан)

Теңир берди,

Эки кызың мөмөлүү бак, эки шаар.

Айтчы курбум,

Бул жашоодо кай арманың бар?!

МЕКЕН ЭНЕ: (Саламатты кучактайт) Баары эсимде. Баары…

Ооба, билем.

Бул бийиктик,

Жеңилдикке турган жок!

Айт алкышты, Улуу Эгем Теңирге!!!

ГҮЛБАРА: (элдин арасынан) Саламат!

Алдыңа жылдыздарды төшөп салды,

Акталды бийик эңсөөң, эмне калды?

Ак таңдай, Айгүл тоодон жаңырган үн!

Мына келди, сен күткөн, тилеген күн!!!

БААРЫ: Айт алкышты, Улуу Эгем Теңирге!!! (үндөр жаңырып кетет).

МЕКЕН ЭНЕ: Мына, Замандаш! Айгүл тоодон жаңырган үндүн баяны мына ушундай! Менин бешигимде термелген кечээки кичинекей кыз – бүгүнкү күндө Кыргыз желегин желбиретип, Дүйнө бешигинде термелип турган учуру. (Саламатка) Ал кезде тепилдеген кичинекей кара кыз элең… Сенин бүгүнкү ийгиликтериңе ишенип ишенбей өзүм да таң берип турган учурум. Бар бол, Саламат! Бар бол, кыргызымдын эркеси!!!


Аягы. 7 – май. 2013 – жыл, Бишкек шаары.


Чынара КАЛЫБЕКОВА. Кыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот АБДУМОМУНОВ жана Аалы ТОКОМБАЕВ атындагы сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург. Бишкек шаары.

 

Nov 30

Новелла..

ЫЗА


Сүйүү оңой, бирок ошол сүйүүнү түбөлүк кармап калуу…

 

Бир күн болбосо, бир күнү акыр бир жагынан чыгышмак. Ортодогу ажырым күндөн күнгө тереңдеп, төшөктөрү эбак муздап бараткан эле. Бул командировканы Жибек мурдагылардан башкача күтүп жаткан. Бирок ал күткөндөй болгон жок. Акмак экенсиң! Баары бүттү! – деди ичинен. …Жыйырма жыл. Жыйырма жыл кор болгон өмүрүм ай!.. Каякты карап жүрдүм. Минтип ара жолдо калаарымды билгенде… Майда калтырак баскан денесин араң токтоткон Жибек Акжолго ызалуу тикирейген калыбында үнсүз катты. Бул учурда анын жан дүйнөсү бейжайлана чаңырып, буркан – шаркан түшүп жатты.

Тобоо! Эркек деген эркек тура! Акжол бүт күнөөсүн эми гана сезгендей болду. Бирок ошентсе да эркек эмеспи, текеберленип күнөөсүн мойнуна албай, эски адатына салып буйтап кетем деген. Кайдан бул сапар буйтамак тургай, демин тарта албай тултуюп олтуруп берди. Жибек эми турмуш болбосуна көзү биротоло жеткенин сезип, жаак ылдый куюлган жашын ичине тарта, эрдин кесе тиштеди.

 

… Сен эмнени түшүнөсүң?! Эмнени?! Сен эч нерсе түшүнбөйсүң! Мени аял деп коет. Менин да башка аялдардай эле аял затына тааныш мүнөздөрүм, кылдарым бар. Мен тирүү жанмын! Аялмын! Сен ошону түшүнөсүңбү? Айтчы, айтчы, түшүнөсүңбү?!

Менин жалгыз жаткым келбейт. Сен кучактап жаткан аялдардай эле, менин да эркелегим, кучактагым, сүйгүм келет. Түшүнүп жатасыңбы? Мынабул эки кишилик төшөктө жалгыз оонап, таңдын эртерээк эле атышын күтүп, эки тиземди кучактап көз жашыма бетимди жууп олтуруу мага канчалыкка тураарын сен билесиңби?! Ал аялдын менден эмне артыкчылыгы бар. Эмнеси менен сени жипсиз байлап алды. Айтчы суранам? Менин эмнем жакпайт сага. Эмнем?!

Кай жазыгым үчүн мени мынча тебелеп, тепсеп келесиң. Кайсы күнөөм үчүн? Эмне үчүн тамак жеп олтурганда менин тамак жей албай сени жалдырап тиктегенимди көрсөң да көрмөксөн болосуң. Даагы уялбай: – Бир жериң ооруп турабы? – деп, каадалуу кишидей сурап коет. Ошонуңа да ырахмат! Менин эч жерим оорубайт. Ооруган дегенди мен байкуш билген да, билсем да сага билдирген эмесмин. Ушунча жыл чогу жашап жүрүп, менин бир ирет ооруганыма жаның ачып, врачка апардың беле? Айтчы, мен үчүн кыйналган күнүң болду беле? Качан мен сени: – Мен үчүн эркектей болуп кам көрбөйсүң. Мага муну жасабайсың, тигини жасабайсың! – деп, аялың катары кодуладым. Качан эле сага “чоңдун катынындай” чоектодум эле. Баары… баары… (тыным) Баары мообул жерден чыкчу эмес. Мен сени сыйлачуумун, аячумун, кызматыңа шек келтирбейин дечүмүн.

Сен кызматыңдан көтөрүлгөн сайын өзүм көтөрүлгөндөй сезилчү мага. “Катын көпсө эрге, эр көпсө элге”- дегендей, макалды бекем кармадым. Сенин тапкан ташыганыңды тыкан кармап, оорду оордун таап, жакшы аял болгум келген. Ошонун баарын жасадым. Тайралаңдап кеткеним жок. А, сен мага эмне кылдың. Жыйырма жыл… Орой айтканда “күңдөй” мамиле жасапсың Акжол! Мен сага жакшы аял гана эмес, жаныңа жакшы дос болуп, акылыңа акыл коштум. Кыйын кезеңде кубат берген коргоочуң болдум. Сен акырындап көтөрүлө баштадың. Ат казыгың болсун деп… Бакыйган үч баланы төрөп бердим. Үч бала! Сенчелик чоң кызматта иштеген адамдар жокпу? Өкмөт башкарган кишилер деле үй – бүлөсүн унутпаса керек.

Антип караба. Керек болсо үч балаңдын кандай төрөлүп, кандай бой жеткендерин да атадай болуп билгениң жок. Сага кызматың болсо болду. Берер жообуң барбы? Кайсы жоопту айта аласың. Биринин окуусуна барып…

Ээ, койчу! Керек болсо, балдарыңдын окуткан мугалимдери, булардын сага окшогон атасы бар экенин да билишпейт. Бир “чоңдун” балдары – деп, гана мамиле жасашчу. Ушулбу, сенин кыйындыгың?!

Эмне үчүн жашап жатканыңды деле түшүнбөй койдум. Таап келген чөнтөк толо акчаңа корстон болбой эле кой! Бизге сенин акчаң эмес, өзүң керексиң. Өзүң керек болчусуң Акжол. Өзүң!

Мендеги кусалык балдарыңдын ар биринде бар. Баарын жүрөгүм сезет. Сезгенде эмне. Берген суроолоруна жооп таба албай, жооп бермек тургай өзүмдүн дайнымды таппай калам. Мен сени сагынып куса болгондой эле, балдарың да куса болушат. Бир үйдө жашап, бир дасторкондон тамак ичип, бир төшөктө жатканыбыз менен, арабыз өтө алыстап кеткенин билесиңби, Акжол?.. Атадан калган сөз бар. “Эр мекени туулуп түшкөн жери, ит мекени жугунду ичкен жери” – дейт. Үй – бүлө деген мекендин башталышы, кичинекей мекениң го… Кадырыңа жетем жегенге эмес, бул жашоодо, – Катаңды оңдойм! – дегенге көбүрөөк ишен дептир. Сен антип караба. Сага акыл үйрөтөйүн дегеним жок. Азыр мага акыл айтаар киши жок. Бир сөз менен айтканда: – Жолумду тоскон көп, жол көрсөткөн жок! – болуп олтурам. Мен киммин? Бакытка тор жайган күтүүчүмүн. Балыкчы тор жайып балыкты күтөт. Мен бакытты күтөм. Балыкчы ар сапарында олжолуу кайтат. Мен жалгыз кайтам. Ай, эч нерсе эмес. Буюрса эртең болот. Ар бир күндү ушинтип алдайм.

Менин сага аялдай эркелегим келсе, ошондой эле балдарың да аталык мээримге зар. Бирөөсүн баладай эркелеттиңби? Үтүрөйгөн кабагыңдан башка сенин деле күлүп жайнаганыңды көрүштүбү? Биз сенин кол алдыңда иштеген кызматчыларың эмеспиз да. Бизди, – Үй – бүлө! – дейт. Үй – бүлө болгондон кийин жаркылдап жайнап, ачуу – таттууну бир көрүшүбүз керек да. Балдарга аталык дагы, энелик дагы мээримибизди төгүшүбүз керек да. Ушундай эмеспи, Акжол. Балдар да сени менен чогу басып, чогу жүрүп, ата – баладай ысык мамилени эңсешет. Жумалап келбей койгонуңду жөн эле коеюн, жок дегенде айына бир күн үйдүн “кожоюнундай” балдарың, аялың бар экенин сезсең…

 

Жибектен мындай сөздөрдү уч уктаса түшүндө күтпөгөн Акжол алласы оозунан түшө нес боло олтуруп калды. Бул учурда Жибекти токтотуу мүмкүн эмес эле. Анын алдында өзүн торго түшкөн бир жандыктай сезип турган Акжол Жибекти тике кароодон айбыкты. Демин араң араң тартып, жердин катуусунан гана кирип кетпей бозоруп турду. Ал аз да болсо өзүнүнүн кетирген каталыктарын сезгендей болду. Ооба, сезди. Эми каршылык көрсөтүп кейкеңдей албасын да сезди. Баары кеч болуп калганын сезди. Жек көрө карап урган Жибектен көзүн ала качты. Бир топ оор тынымдан кийин Жибек жаак ылдый куюлган жашын сүртө, сөзүн кайра баштады.

 

…Жараткан ай! Кандай сыноого салдың эле. Ушунун баарын неге айтып жатам. Деги кереги бар беле. Жок! Жок! Айтуум керек. Бүгүндөн калтырбай баарын айтуум керек. Ук! Эмне?.. Эмне дейсиң?! Ооруп калгансыңбы? Ой, боорум, ай! Канчадан бери минтип күлө элек элем. Эч жерим ооруган жок! Жана да оорубайт! Мени антип анткор тиктебей эле кой. Болгону мунун баары кусадан… ызадан чыккан кептер. Жыйырма жыл чогу бирге өмүр сүрдүк. Бул аз убакыт эмес. Тең өмүрдү өткөрдүк. Эми канчасы калды бир Кудайдын өзү билет.

Акыр бир күн ушундай болоорун жүрөгүм сезгени качан. Кептин баары өзүмдө! Өзүмдө! Билем. Өзүмдү өзүм кыйнап, сенин баардык кылык – жоруктарыңа, көрсөткөн кордуктарыңа көз жумуп, ээрдимди тиштеп чыдап жүрө берген күнөө өзүмдө. Өзүмдү эч кечирбейм! Эч кечирбейм!!! – Чоңдун аялы! Чоңдун аялы деген сөзгө семирип, көзүмдү чел каптап жүрө бергениме, арсыз жан экениме азыр бармагымды тиштеп арданып олтурам. Эшек да кээде кежирленип баспай туруп алат. Ошол эшекче болбогонума өкүнөм. Убал жок мага! Мага сенин “чоңдугуңдун” кереги эмне эле. Мен чоңдун же болбосо алдындагы кызматкерлерин сүрү менен сызгырган “зөөкүр начальниктин” аялы болгум келген эмес. Мени түшүнгөн, эркелеткен, сыйлаган, үй – бүлөгө ысык мээримин чачкан камкор эркектин аялы болгум келген. Мени сүйүп, эркелетип, аялзатынын асыл жүрөгүн сезген, туйган эркектин жары болгум келген.

Үч балаң чоңойгончо сенин командировкаң бүткөн жок. Айлап – айлап кетчүсүң. Ага да көндүк. Ошол келээр кездериңди кандай күтчү элем Акжол. – Чарчап келдим! Бир аз эс алайынчы? – деп, тескери карап жатып алчусуң. Андагы кордугуң андай болчу! Эмдиги кордугуң мындай болуп олтурат. Ал кезде балдар менен ырылдап – чырылдап, күндүн өткөнү билинбей, сабалап жылдар өтүптүр. Азырчы?! Ар кимиси чоңоюшуп, өз – өз иштери, окуулары, тели теңтуштары менен алек. Баягы эле үй күчүк болуп, төрт дубалды кайтарып, ала иттей жыйган дүйнөңдү кайтарган мен! Эмне, мени жыргатканың ушулбу?! Сенин ишиң жакшы болсун деп, бир үйдөн бир эле “чоң” чыкса жетет! – деп… Сен үчүн! Сен үчүн!!! Билсең, ата – энемдин сөзүн укпай, мага кылган аракеттерин четке кагып, мен келесоо, сен үчүн баарын таштадым эле го Акжол!

Калп дечи? Жалган дечи? Ушундай болбоду беле. Мектепти жалаң беш менен бүтпөдүм беле. Менин окууга чоң мүмкүнчүлүгүм бар эле го. Ушунун баарын жалган дечи? Эмне үчүн мени сага буюрду экен. Эмне үчүн?! Башкалар түгөнүп калгансып мени алдың? Сен мектепти бүтүрүп жатканда, мен бечара мектептин босогосун жаңы аттабадым беле. Көрсө сен карышкыр, оозун ачкан жаш неме айтканымдай болот деп, илгери эле бүтүм чыгарып койгон турбайсыңбы. Ошондой болуп жатпайбы. Неге мени кор кармадың Акжол?! Неге?! Неге?!

 

Жибек бир топко өзүн токтото албай солуктайт. Мындайды күтпөгөн Акжол баягыдан да нес боло, дене башы өлө түштү. Анын ички дүйнөсүндө да баш аламан, будуң – чаң түшүп жатты. Бул эмне болгон бук? Бул кайда, мен кайда жүргөм? Сен Жибекти сүйүп албадың беле? Ал чындык эле да. Анан кантип… кантип… Кай жакты карап жүрдүң? Кайсы кара баскан күнү жолдон адаштың, Акжол? Эми эмне болот. Мунун бугун кантип басып, кантип кайрадан бооруңа кысасың. Деги ошондой болушу мүмкүнбү? Караба! Көзүнө тике караба! Кайсы бетиң менен карамак элең. Сенин бетиң күйүп калган. Сен акмаксың! Сен катуу адаштың, Акжол! Өз оюнан өзү чоочуп селт эте түшкөн Акжол Жибек менен капысынан тиктеше түшүп, ошол замат көзүн ала качты. Жер астын үстүн болуп кетти. Жек көрө караган Жибек андан ары сөзүн улантты.

 

Эмне? Менин ыйлаганыма таң калып жатасыңбы? Албетте таң каласың. Бүгүн биринчи көрүп жатсаң, таң калбай анан. А, мен сага көрсөтпөй, билдирбей, жашырып жыйырма жыл бою ыйлап келдим. Сен ошону сезген жоксуң. Туйган да жоксуң. Сенин көзүң көр, жүрөгүң таш! Мерес наадансың! Сен адам эмессиң!

Эмне жалдырайсың. Мени бүгүн көрдүңбү? Кара, жакшылап карап ал! Акыркы көргөнүң ушул болоор. Карап ал. Сенден келген бөтөн аялдын атырынын жыты менин жүрөгүмдү айлантып, кускумду келтирип жатат билсең. Сенин мага тааныш, мага сиңген, жаныңа жакын келгенде менин башымды айлантып… аялдык делебемди козгогон тер аралаш жытың…

 

Жибек тескери бурулуп кетет. Бир топко оор тунжуроо басты. Жооп кайтармак тургай үн чыгаргандан сестенген Акжол мелтиреп жер тиктеп, кетирген күнөөлөрүн санап бүтө албай башы маң болуп олтурду. Жибектин ар бир сөзү сөөгүнөн өтүп чучугуна жетип жатты.

 

Бул айткандарым түшүңө да кирбегендир. Мени кыркка чыгарбай картайтып… Керектен чыгарып салдыңбы? Эскирген буюмдай кылдың ээ? Менин түшүнүгүм боюнча ошондой эле болуп жатпайбы.

Мага тике кара! А, аялдар, кырктан кийин күчөөрүн билесиңби? Керек болсо, эми сенин мага күчүң жетпейт! Сен мени эркек катары канааттандыра албайсың! Мейли миң ирет аракет кыл, тыянак чыкпайт. Анткени сенин күчүңдүн кеткени качан. Сен көрүнгөн “кунаажынга” көзүңдү артып, ой – тоону аралап, сай – сайлап алактап жүрүп, эчак демиңди суутуп алгансың! Уялбай эле бетиңе айтайын. Балдардан гана тартынып уятым жол бербейт да. Болбосо, сага көргүлүктү бир көрсөтөт элем. Менин эркек сөөрөйүм!

Аркаңдан жүгүрүп, күнү – түнү үйгө чейин издеп телефонду тытып жаткандар, сенин эркектик күчүңө ээришип, чыдабай өлүп бара жаткандарынан издешет деп ойлоп жүрөсүңбү? (каткырып жиберет) Оо, жаңылышасың. Аларды уктатпаган сенин чөнтөгүңдөгү акча! Ооба, ошол акчалар! Колуңдагы бийлик! Чоңдугуң!!! Акчаң менен сени андигинтип кутурткан бийлигиң жок болсо, чокчоңдогонуңду көрөт элем. Жанагындай кызын менен тең кыздар эмес, итим да карабай эле. Минтип аркаңдан эч ким жүгүрмөк эмес! Аны бөркүңдөй эле көрүп кой “чоң” сөөрөйүм! (тыным)

…Кудайга шүгүр! Буюрганын ичип, жеп, кийип жатабыз. Кесир кылбайын. Кудай өзү кечирсин. Менин жанымды кейитип, түн уйкумдан кетирген, жаныма тынчтык бербеген сенин кылык – жоруктарың. Менин аял экенимди эсиңе албаганың болуп олтурат. Маселенин баары уйпалап – суйпалап үч баланы төрөтүп салгандан кийин, керектен чыккан буюмдай караганыңда!

Мен Аялмын, Акжол! Мен сенин кан – жаныңдан жаралган үч баланын энесимин! (тиктеп калат) Эмне?.. Аял экениңди көрүп турам? (башын чайкай) Жок! Жок! Сен менин сөлөкөтүмдү гана көрүп турасың. Сөлөкөтүмдү! А, мен сага даана, ачык түшүндүрүп жатам. Мен аялмын! Баардык аялзатына тиешелүү нерсенин баары менде да бар. Мен да жашоодон өз энчимди алгым келет! Ачылгым келет! Мен да дене кумарына кангым келет! Балкыгым, көлкүгүм келет! Эркектин койнунда балыктай туйлап, сымап болуп ээригим келет! Сен ушуну түшүнөсүңбү?! Сен ушуну ойлодуңбу? Жок! Жок! Мен сенин үй кызматчың эмесмин да. Кириңди жууп, үйүңдү жыйнап, тамагыңды жасап, күтүп, төшөгүңдү салып… Анан да кай терезеңден ууру кирип жыйган дүйнөбүздү көтөрүп кетет – деп, кайтарып олтургудай. Сен мага ошондой мамиле жасайсың.

 

Мүмкүн азыр чыгып кетсем баары акырындап оордуна келээ деген ой менен Акжол оордунан турууга аракет жасады. Аны эки көзү эшиктен өтүп турду. Олтурган оордуна обдула бергенинде Жибек ийнинен катуу баса өктөм сөзүн улантты.

 

Качпа! Олтур! Олтургун! Бүгүн укпаганды угасың. Бул темага экинчи эч качан кайрылбайбыз. Биринчи жана акыркы жолу сага сырымды төгүп олтурам. Ук, Акжол! Ук! Уккуң келбесе да угасың. Мындан ары чыдай ала турган менде ал жок.

Айтылбаган сырлар, ыза, куса… Мунун баарын өзүм менен алып кетким келбейт. Жыйырма жыл кандай аял менен жашаганыңды сен да билгин. Сезгин. Андан кийин кандай ойлосоң өз ишиң! Мага баары бир тыйын!

 

Бир топко созулган оор тыным. Эми такыр кутулбасын сезген Акжол козголгон жок. Жибектин жек көрүп караган көздөрү желкесин тешип бараткандай болду.

 

Жана айтпадымбы, акыр бир күн чыкмак баары. Кадыр – баркыңды кетирбей тынч жашай берсең, даагы да көзүмдү жумуп жүрө берет белем, ким билет. Болоор иш болуп, боесу канды дегендей, ары же бери болушуң керек. Чыр чагы жок коштошолу. Эми мага, – Бул үйдөн кетпейм! – деп, ач кенедей жабышсаң да кетирем.

Көздүү мончок жерде калбайт! Мен да кадырыма жеткен, мени – Аял – деп, кастарлап сезген бирөөнү табаармын. Балдар чоңоюп калышты. Өз жайлары менен кетишет. Аларды аял алба, эрге тийбе, мени кайтарып олтурасыңар. Мен жалгыз калдым – деп айтууга менин кандай акым бар. Өзгөчө кызымдын менин кейпимди кийгенин эки дүйнөдө каалабайм! Энелик мээримден өксүткөнүм жок, ар биринин бактылуу турмуш курууларына да колуман келгенин аябайм!

Сен өзүң тандаган жолуң менен кете бер. Мен да аялдай жашагым келет. Уктуңбу? Аялдай! Канча өмүр бергенин бир Кудай Таала өзү гана билбесе, биз кайдан билебиз. Жок дегенде өмүрүмдүн аягында аял затына таандык, аялдык жашоонун даамын татып, кызыгына батып, өз баамды билип, анан кетейин бул жайдан. Жараткан аз да болсо мага дагы, аялзатына таандык мүнөз – энчисин берген чыгаар. (көздөрү жашылдана сумсая түшөт)

Билесиңби, Акжол? Өзүмдүн сага ушунча убакыт көз каранды болуп жүргөнүмдү, айбанча да береги жашоодон ырахат албаганымды ойлогондо, кантип арданбай кое алам? Арданам! Арданам! Ички дүйнөм ачылбай, бир сөлөкөт болуп жүрө бергениме арданам! Ушунун баарына сен жеткирдиң Акжол. Сен! Сен!

 

Катуу ызаланган Жибек көздөрүн аарчый өзүнө келет. Ушул тапта ал өз жанынан да, жашоодон да кечип тургандай болду. Катуу арданды. Өзүнүн бае мүнөзүнө, назиктигине, жумшактыгын арданды. Өзүн чөйрөдөгү аялдардын мыскылына айлангандай сезди. Өзүнүн жан дүйнөсүнөн арданды.

 

Ыза… куса… будуң чаң түшкөн жан дүйнөмдүн азабын ичимен тартып, жарылып кетпеген жаным, эми сен ойгото албаган аялдык сезимимди ачык айткандан уялмак белем. Менимче мунун эч деле уяты жок экенине азыр көзүм жетип, уялууну да, апкарып коркууну да сезбей турганым ошондон.

Деги уялып жүрүп эмнеге жеттим?! Айтчы, Акжол?! Эмнеге? Сен мени көргөзмөгө койгон куурчакка айланттың. Карап гана койгонуң болбосо, колуңа алып кармалап көргөнүң жок! Ошого арданам! Анан да жаркылдаган жаштыгымдын кунарсыз өткөн күндөрүнө арданам. Ошол изи жок кеткен, ойгонбогон кыз кыялдарымдын… эркектин кучагында ээрибеген күндөрүмдү…

 

Жибек башын мыкчый тескери бурулуп кетти. Эми аны токтотуу эч мүмкүн болбой калды. Анын сөзүнөн Акжолго эч тааныш эмес бейжайлык, анан да катуу сүр байкалды. Бул анын жан дүйнөсүндөгү көптөн бери тынчттык бербеген ызасы, бугу эле да.

 

Оо, Кудай! Ушунун баарын мен айтып жатам ээ?.. Ооба, мен айтып жатам. Уккун! Көз ирмебей уккун! Сенин жонуңду тиктеп, качан чарчаганы жазылып, качан ойгонуп мени кучактайт. Качан мени кучагына бекем – бекем кыса аймалап өпкүлөйт – деп, көзүмдү жалдыратып сени аңдып жатып атырган таңдарыма арданам!!! Арданам! Арданам!!! Акжол!!!

Баркымды, баамды билбеген, менин ички аялдык аруу сезимимди ойгото албаган сендей “дөңгөчкө” туш келгениме арданам! Өзүмдү өзүм эч кечирбей! Кечиргим келбейт!!! Жолобо мага! Алыс тур! Эми мени түшүндүңбү? Түшүндүңбү, Акжол?!

 

Аялдык албууттанган бейжайлык менен эч качан айтпай турган сырын айткан Жибек, дене башын калтырак басып, бир топто барып өзүнө келгендей болду. Катуу жарыштан чыгып келген аттай, эки бети албырып, эки таноосу дирт дирт этип, катуу күйүгүп чыкты.

 

Мени кийинтип, ичинтип, эч нерседен кем кылбай келдим дээрсиң. Аның ырас. Айттым го. Сен мени куурчак кылып төрт дубалдын ичине, музейге койгон куурчактай көргөзмө кылып коюп койдуң. Мени өзүңдөн башка эч ким көргөн жок. Өзүң да көргөн жоксуң! Жанымда жаткан сен көрбөсөң, дубалдын ары жагындагылар кайдан көрүшөт. Кантип?! Кайдан?!

Билсең, сага сөз тийбесин, баланчанын аялы баландай жерде жүрүптүр, көрдүм – деп, бирөө жарымдар кеп – сөз кылбасын деп, курбу кыздарым барган – баскан жерлерге да барбадым. (колун шилтей) Буларды койчу! Мунун баары болбогон кеп. Майда чүйдө нерселер.

 

Башы маң Акжол нес абалда оордунан тура жөнөдү. Жибек өкүм менен дагы да ийинден баса олтургузду. Акжол кандай тураса, ошондой нес боло олтуруп берди.

 

Олтур! Мен кебимдин аягына чыга элекмин. Олтур! Айтаарымды айтып, дээримди деп алайын. Анда кийин сени бир мүнөт да кармабайм. Күтүп турат, өлбөйт! Жыйырма жыл жаныңда жатып, күтүүдөн өлсөм мен өлөт элем го. Олтургун!!!

 

Жибек эми катуу ажаанданды. Аны мурунку Жибекке салыштыруу эч мүмкүн эмес. Акжолдун алдында тап такыр бөтөн Жибек тургандай болду. Акжол үн чыгарбаса да, өзүнө каяша айткан кишидей Жибек Акжолду шылдыңдай кыйкырды.

 

Кыйкырбасаңчы? Мен кыйкырып жатамбы. Кимден уялып жатасың? Кимден?! Балдарыңданбы?.. Балдарың… Алар менден да жакшы билишет сенин жашооңду. Билсең, мен да кызыңдан уккам. Ал шермендең институтта кызың менен чогу окуучу турбайбы. Сырттан окуу бөлүмүнө которулуп кетти деген. Сен которгон чыгарсың. Кызыңдан уялымыш этип. Уялчаак киши! Эки жакта тең алчактап жүрө берем деген оюң өзүң менен чогу кетсин. Мен андайга чыдабайм. Чыдагым да келбейт. Калган өмүрүмдү да сенин желкеңди тиктеп өткөрчү алым жок! (тиктеше түшүшөт) Ошондой, Акжол!

Мени антип караба. Сенин дооруң бүтүп баратат. Кандай айтсаң, кандай ойлосоң эрк өзүңдө. Кутурмактан кутуруп кетипсиң де. Ооба, ооба. Мен кутуруп кеттим! Мени сен кутуртуп жатасың. Эч нерсеңдин кереги жок! Кааласаң баарын көтөрүп кет. Баарын! Баарын! Байлыгың да, бийлигиң да, жыйган дүйнөң да!!! Эч нерсеңдин кереги жок!

 

Жибек уламдан улам күчөйт. Ал бирде ыйлап, бирде күлүп жатты.

 

Эмне колуңдан келет айтчы? Эч нерсе! (ый аралаш) Кор болгон жаштыгымды, күтүү менен зарыгып өткөн күндөрүмдү кайрып бере аласыңбы?.. Кайрып бере аласыңбы? Эмне кылып бере аласың эми мага?! (суроолуу) Э – э – эмне? (каткыра) Мен сага жашоодогу аял затына тийиштүү, мага, мага тийиштүү нерсени мага бере албаганыңа, мени ача албаганыңа, аял менен эркекке тиешелүү канбаган кумар тууралуу айтып жатам. Сага болгон негизги нааразычылыгымдын, ачуу ызанын төркүнүн эми түшүндүңбү?!

Менин сага берилгим келген. Көп нерсени арнагым келген! Сен аны сезбедиң. Сен менин жан дүйнөмдү аңтарган жоксуң. Же эркектердин баары ушундайбы? Колунда турган нерсени көрбөй, баалап, барктабай, неге башка жакка жүгүрөсүңөр. Айтчы, Акжол? Эмне үчүн мендеги жылуулукту, назды… кыялды… эч нерсеге алмашкыс ысык мамилени… эмне үчүн башка бирөөдөн издедиң? Эмне үчүн мени менен сырдашпай, бирөөлөрдүн кумарын кандырып… башкалар менен сырдаштың?! Эмне үчүн менин көңүлүмдү ачпай бирөөлөрдүн көңүлүн ачтың?! Толуп турган жигит чагыңда неге мага төгүлбөй, башкаларга төгүлдүң?! Неге! Неге?! Неге!!! Мен сага бала тууп, үйдө олтуруш үчүн эле керек болдумбу? Айтчы, Акжол? Неге?!

Аялдардын бири биринен эч айырмасы жок. Баары окшош. Баары бирдей. Сен күткөн ошол мамилени, сен ошолорго жасаганды, мен да каалагам. Мен да күткөм! Досуңдун ашын касыңдай ич! – деген. Менин да ошол аялдардай, сенин алдыңда апчылып, жулмалангым келген. Бырча – бырча сөгүлгүм келген. Муну баары төшөк кумарына батуу эмеспи?.. Сен кайра кайрылып барбаган күндө да ошол аял, сени менен жуурулушуп, бир түнү миң түнгө тете болгон ырахат алганын сен кайдан билмек элең. Ошол бөтөн аялга берген бир түндүк ырахатты неге мага ыраа көрбөдүң?! Неге! Неге?!

 

Мунун баарын күтпөгөн Акжол бирөө башка чапкандай түштү. Ырас эле, эмне үчүн Жибекти ойлогон жок. Ырас эле, эмне үчүн… эмне үчүн… Башына суроолор батпай башын мыкчый ден – дароо боло олтуруп калды. Ит болупсуң да, Акжол! Баары Жибек күйгондөй болуп жатпайбы. Күнөөнүн баары өзүңдө болуп жатпайбы. Жибектин күйгөнүндөй эле бар. Мунун баарын кантип жууйсуң? Кантип жибитесиң? Кантип Жибектин жүрөгүн басасың? Кантип… кантип… Өз оюу менен чаң тополоң түшүп жаткан Акжолду Жибектин күлкүсү селт эттирди.

 

Тобо! Тобоо!!! Кантип күлбөйсүң. Мас болуп алып, бир конокто досуң менен тамашага батып, мен тууралуу айткан сөзүңдү угуп, келесоо жаным анча деле маани берген эмес экем. Таң калба. Ошол досуңдун аялы айткан. Эмне болгон сөз деп турасыңбы. – Менин аялым уйдай эле болуп жата берет. Эч нерсе менен иши да жок! – депсиң. Кантип уялбай айттың? Эркектик баатырлыгыңбы?.. (какшыктай) А, сен менин төшөктө кандай экенимди билгенге аракет кылып көрдүңбү? Кызыктыңбы? Өзүңө мени тарттыңбы?! Жок! Анткени, жолдон – белден жолуккан жолбундарыңдан мага кезек тийген жок! Билем. Чоочуп кеткенсип, ылжып мас болуп келгенде кездериңде ырсалактап, мени жаңы көргөнсүп кучактамыш болуп калчусуң. Кучактаганда эмне? Көзүмдү жалдыратып жаткан мен бечарага бир ооз жылуу сөз айтканга алың келбей, аюудай бөлмөнү башыңа көтөрө коңурук тартып кетчүүсүң. Андай кезде ашаткы жыттанган арагыңдын жытынан өзүм качкан күндөр болгон. (кекетип) Туура айтамбы? Туура! Туура!

Арактын эле жыты болсо эмне… түркүн – түстүү буркураган атырдын жыттарычы? Көйнөгүңдүң жакасына сиңип калган кызыл – тазыл ооз боекторчу? Ошондой эле жабышкан узун – кыска болгон аялдардын чачтары… Оң тетири кийилген бутуңдагы байпагың… Чөнтөгүңө адашып түшүп калган жүз аарчулар. Машиңда калып калган нерселер…

Баарынан да уйкусуроо менен мени кучактап алып, эзиле эркелетип айткан аялдардын аттарычы… Айчүрөк! Күнчүрөк! Жазгүл, Назгүл… Койчу! Кайсы бирин айтып түгөтө алам. Кылбаганың калдыбы сенин. Кап – кап. Какшаганда не?

Бүттү! Менин калган өмүрүм сага баары бир болсо болоор, мага баары бир эмес! Мен жашоону кайрадан баштайм. Ошондой! Азбы, көппү, Жараткан Кудайым аз болсо да, жараткандан кийин аялдык сезимден берген чыгар. Куру калтырбаган чыгаар. Мен ошону сезгим келет. Мен өзүмдү сынагым келет. Менин азыр толуп турган кезим! Болгону 37ге гана чыктым.

Адам баласы жашоого жалгыз келип, жалгыз кетет дегенге көзүм анык жетти. Жанымда эрим, кашымда балдарым, үстүмдө үйүм, астымда ашым! Үй толо буюм. Кийгенге кезек жетпеген кийимдер… Баары, баары бар. Баары менде болду. Бирок ошолордун бири да жан дүйнөмдү жалгыздыктан сактаган жок. Бул арманымды түшүнөсүңбү?! Мен жалгыз жашап келдим Акжол. Жалгыз!!!

Көлөкөдөй ээрчиген жалгыздык бир күн да, бир саат да менден калган жок! Менин ички дүйнөмдүн коңултактаганын эч ким да сезген жок! Мен, менин энчиме бөлүнгөн аялдык бакытты эми издегенге даяр турам. Мага таң калып, антип караба. Мен да тирүү жанмын. Мени да бирөө эркелетип бооруна кысса… Мага азыр ошол керек!

 

Жибек башын чайкай, карап турган Акжолду айланта сынай тиктейт.

 

Кеч! Кеч болуп калды! Жана айтпадымбы. Сен эми мага мында калган күндө да эч нерсе бере албайсың. Анткени бөтөндөргө берип, соодандын бүткөнү качан! Эмне антип карайсы? Караба. Антип карап менин жүрөгүмдү түшүрө албайсың. И – ии… (кекете) Катуу тиет бекен? Бирок сенин жыйырма жылдын ичинде мага кылган, ит көтөргүс кылык – жоруктарыңдын жанында менин сага койгон сыным болбогон нерсе деп ойлойм. Чымынга да турбаса керек сен үчүн. (тирмийе) Жүрөгүм… Жүрөгүңдүн ооруганы менен эсептешким да келбейт! Анткени менчелик сезип, менин жүрөгүмдөй оорубасын билем!!!

Оозумду ачып, он жети жашымда торуңа түшкөм. Күйөө деген ушундай болот экен деп жүрүпмүн да. А, сен карышкыр!.. (тып токтойт). Мен байкушту оңго – солго калчап, кадырыма жетмек тургай, казык кылып мынабул төрт дубалдын ичинен чыккыс кылып кагып салган турбайсыңбы. Сүйгөнүң, кадырлаганың, алаканга салганың, ыйлатпаганың ушулбу?! Ушулбу?! Кечтим баарысынан! Кечтим! Чоңдугуңа да, байлыгыңа да, акча чечпейт тагдырды, акчаңа да! Баарына тойдум!!! Шайы көйнөктүн ичинде ызам сөөгүмө өтүп сыздап жүргөндөн көрө, кайыр сурасам дагы ээн эркин, кенен дем алып, жөнөкөй элдердин арасында өмүр сүргөнүм чон бакыт болоор.

 

Бир убакта күтпөгөн жерден үйдү башына көтөрө каткырып жиберди. Жибектин бул турушу Акжолду катуу чоочутту. Бирок “лам” дегенге чамасы жок болчу. Айтып айтып, бүгүн болбосо эртең жазылып кетээр деген үмут турду.

 

Билбегендерге биздин жашоо бейиш. Кайдагы бейиш? Кайдагы?! Бул деген тозок! Сен, сен экөөбүз дүнүйөнүн кулубуз! Сыртыбыз жалтыраак, сүрдүү! Элдер да бизди ошондой карайт. А, чындап келгенде, баары жасалма. Жалган! Жан дүйнөбүз бош! Үйгө ким келбесин, кайда барбайлы акча менен байлыктан башка сөз жок. Конокто да негизги тема ошол. Бири бириңерди аңдып олтуруп, эмне жеп, эмне ичкениңерди деле билбей каласыңар. Кимди көтөрүш керек, кимди жоготуш керек… Мына силердин кымбат жашооңор!!! Муну эмне айтып жатам. Мага десеңер бири бириңерди жеп салгыла. Мага эми ысык – суугуңар жок. Силердин жасалма дүйнөңөр мени эми кызыктырбайт. Жанагы “селпилдегиңе” жакса жагаар. Ансыз да ээрчитип жүрүпсүң го.

 

Катуу ызасы менен айнектеги гүлдү идиши менен жерге чаап салган Жибек Акжолго атырылып барып тык токтойт.

 

Эх, Акжол! Сен… сен… Көз өткөнчө бирге болобуз деген элем. Менден күнөө издебе. Мен сага жакшы “үй кызматчы” болуп бердим. Баары бүттү! Баары бүттү! Өткөндү кайрып ала албайсың.

Жаштыгым өзүн гүлдөтө албаса да, ар бир мүнөт саатымды балдарыма арнадым. Балдарым мага нааразы болушпас. Алар айтпасак да түшүнүшөт дебедимби. Баса, кызыңдын айтканын уга кет. (тыным) – Апа, ушул силердин жашоо да жашообу? Мен баарын билем. Сизди капа болбосун деп, айта албай жүргөм. Кызматтагы эркектердин баары эле ушундайбы, же менин атам элеби? Тигил кыз аябай жаман кыз болчу. Группадагылар баары билишчү. Бир киши машинасы менен алып келип, алып кетип жүрөт – дегенди уккам. Бирок менин атам экенин билген жок элем. Атам экөөн бир көрүп качып кеттим! – деди. Мына сага Акжол.

Өзүң тууган балаңдан ушундай сөз уккандан көрө өлүп калган артык эмеспи. Жердин катуусунан калдым. Андан да, мени жоошутканы го, – Эмне үчүн атам Сизди бетиңизден өөп эркелетпейт дегеничи. Менин курбуларымдын ата – энелери биздин көзүбүзчө эле тамашалашып, бири – бирин кучактай беришет. Чоң кишилердин бири – бирин эркелеткендери аябай “интересный” болот экен – деп, ыйлаган бойдон ички үйгө кирип кетти. Ошондой, Акжол. Ошондой болду.

 

Жибек оор үшкүрө олтура кетти. Анын назик, жароокер жан дүйнөсү бир туруп дале Акжолду аяп жаткандай. Бирок бетпактанган ызасы жол бербей бетпактанууда. Эки ойдун чатагына катуу чайналган Жибекти баары бир бетпак ыза жеңип кетти. Жибек Акжолду катуу жекире, ошол эле учурда аяп турду.

 

Беш – он жыл билинбей эле өтүп кетет. Жылдан кийин кандай болот. Ошолорду бир элестетип көрдүңбү? Ушул бойдон тура берем деп жатасыңбы? Жо – оок, Акжол. Андай болбойт. Бийлигиң колдон кеткенден кийинки жашооңду тап – так, дап – даана көрүп турам. Кыйын болот, кыйын болот. Балдарды алыстаткым келбесе да, өзүң алыстатып койдуң. Өзгөчө кызыңдын жаны сени менен бир эле. Кичинелеринде алар менен сенин ишиң болгон жок, азыр аларды сени менен иштери жок! Көп нерсени колуңдан чыгарып жибердиң. Сен эми биз үчүн көргөзмө гана болуп калдың.

Эртең кызың турмушка чыгат, балдарың үйлөнөт. Ошондо намыс үчүн болсо да, куда – сөөк, дос – душмандардын алдында телегейи тегиз, бүтүн үй – бүлөдөй көрүнүү үчүн “атасы” дегизип, төргө катарлаш олтураарыбыз бышык. Муну сен үчүн, сени атасы деп сыйлаганым үчүн эмес, бөтөндөрдүн алдында балдарымды жогору көтөрүү үчүн гана жасайм. Муну да билип кой.

Миң аял алсаң дагы, миң кубул, сага менчелик чыдаган аял эч болбойт! Аны да билип кой. Мен оюмду айттым, баары чоңоюшуп калышты, андай – мындай дей да албайсың. Өзүлөрү чечиштери да мүмкүн. (көпкө тигиле) Кой, сени абдан көп кармап койдум. Эмне дейин, жаш аялдын ырахатына батып, оокатыңды кыла бер. Бийлигиң колуңдан кетип, чөнтөгүң бөксөргөндө кууп чыгаарын да унутпа! Тең өмүрдү чогу жашадык, сени дале болсо аяп жатканымды кара.

Балдардан кам санаба. Эгер көңүлдөрү болуп барам дешсе, барышат. Өлсөң аркаңдан ыйлап, топурак сала турган ушул үч балаң. Башка сага ким барат? Жакшы көрүшсө да, жаман көрүшсө да, – Атам! – деп, аркаңдан ушулар өкүрөт! Кайда болсоң да жиберем. Анткени сенин балдарың.

 

Коштошуунун эң акыркы мүнөтү Жибектин муун – жүүнүн бошотуп, айласын кетирип турса да, сыр алдырбай ээрдин тиштеди. Анан өзүн кармай, Акжолго тигилди. Бейжай ыза болсо, жеңдим дегенсип каткыра күлүп алды. Бул саатты эч күтпөгөн Акжол ден – дароо боло чайпалып оордунан турду. Жанатан күткөн кыял, үмүт кумдай эшилип, ойлор бир жерге токтобой, деңгирей түштү. Анан акыркы жолу Жибекти карап алгысы келди. Бирок көздөр коркоктукка салып, таптакыр карай алган жок. Бул уятты күчтүүлүгү эле. Аттиң арман! Ушул уят, ар мурунураак ойгонгондо не… Карачы, жада калса акыркы ирет бир карап алганга алы келбей турганын. Жибектин актыгынын, наздыгынын, кор болгон жаштыгынын алдында канча күнөөң бар экенин сезип карай албадың ээ?.. Карачы, Жибектин күлкүсү кандай керемет! Эми эч качан укпайсың. Эч качан. Эч качан сага эркелебейт. Сени эрим дебейт. Баары бүттү! Бул кезде Жибек да эң акыркы сөзүн камдап турган эле.

 

Үйгө досторуң келгенде: – Көргөн адамдардын көзү тиет деп, аяшыңарды үйдөн чыгарбайм. Сулуулугун көрдүңөрбү? Абайлагыла, көзүңөр тиет! – деп, мени тигил ашканага кетиргенче шашчу элең. А, шордуум! Кыскасы, өзүм да жебейм, өзгөлөргө да жегизбейм! – сен болдуң. (ыза аралаш күлкүсүн тыя албай) Болду. Эми кете берсең болот. Канча көңүлүмдү калтырсаң да, алмончоктой болгон балдарымдын атасы эмессиңби. Жакшылык гана каалайм. Кай жакта болбо, аман жүр. Аман жүр, Акжол! Кош!

 

Аягы.

 

ЧынарКыргызстан Улуттук Жазуучулар Союзунун мүчөсү, КРнын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Токтоболот Абдумомунов жана Аалы Токомбаев атындагы адабий сыйлыктардын ээси, актриса, акын – драматург Чынара КАЛЫБЕКОВА. Бишкек шаары.