Жалгыз сүрөт – 2..

****************************************************************************************************************

«БИР КАНАТЫМ СЫНГАН СЫЙАКТУУ»

Күн түнөгөн Улуу тоо! 1-октябрь болчу. Иним Жалилбек менен телефондон сүйлөштүм. «Папам менен мамамды салып алып, Жакып байкем болуп азыр чыгабыз. Мен тракторду айдап барып үйгө таштайын деп сарайдан чыкканы жатам» деди. Мен Пишпекте жүргөм. Негедир эле машинамды айдай албай космосто жүргөндөй калкып баскандай сезилип, колдорум шишигендей болуп чыкты. Абалымды түшүнө албай, машинамды бекитип такси менен үйгө келдим. Ашканага кирип аялымдан суу сурадым. «Айран берейинби» дейт, мейлиң дедим . Белиме чейин чечиндим да аялымды отургузуп керээзимди айта баштадым. «Менин ичээр суум түгөнүп калды окшойт» десем эле эмне деп жатасың, сага эмне болду?- деп сурай баштады. Мен болсо «оокатыңды жакшы кыл, балдарды жакшы кара» деп, «мени жетелеп барып жаткыр» дедим. Төшөккө жаткан соң «азыр менин жаным чыгат» деп дөөрүп барып уктап кетиптирмин. Көп өтпөй эле дабырап туугандар кирип келишти. Ойгонуп эле «мамашабы же папашабы» дедим. Себеби Жалил экөөнү тең ооруканага алып келмек. «Жалилден ажырап калдык».. Бул сөздү укканда жүрөгүмө ок тийгендей болду. Өзүмдү кармап, «тагдыр, буйрук, жазмыш» деп тиштенип, баарын узаттым да залыма кирип көмкөрөмөн түшүп, жер кучактап алып, бакырып ыйладым. Туруп даарат алып келип «Кудайдан намаз окуп, мүмкүн болсо кайрып берчи, болбосо түз бейишке барсынчы» деп жалбарып сурандым. Кайрып бербеди.

ээ 61 б

Жалилбек жакшы көргөн кызы Рахимасы менен..

Сарайдан трактор менен чыгып жатып, кой короого чалкасынан түшүп, үстүнөн кытайдын шүмүрөйгөн трактору басып калыптыр. Айылга жетээрим менен телефонун сурадым. Экөөбүз сүйлөшкөндөн кийин болгон окуя экен. Акыркы жолу мени менен сүйлөшүптүр!

Негедир өлүмүн сезгендей бир күнү шаарга келиптир. «Жамал байке, уулуңузду мага бериңизчи, айылдын түйшүгүнөн кыйналып жатам, жумуш көп, малга жетише албай» деди. Эч нерсе ойумда жок уулумду кошуп бердим. Өлөөр күнү эртең менен туруп алып айылдагы аласа-береселерин тактап чыгыптыр. Экөөбүздүн ортобуз эки жаш болгон үчүн эгиз козудай ээрчишип өстүк. Сабап койуп, кайра бат эле алдап, сооротуп койуп, кээде көк беттенип ыйласа кучактап алып кошо ыйлап… Анан экөөбүз тең өпкөбүз, көөп, кучакташып, «бир тууганбыз го?» деп ойноп кетээр элек. Айылдын күн батыш жагында «Коңур» деген тоо бар. Аны биз «Күн түнөгөн Улуу тоо» деп койоор элек. Ошол күндүн уясынын бетинде кара жердин кучагында, Улуу тоонун боорунда, эртели кеч үйүн тиктеп, балдарынын үйгө кирип-чыкканын тиктеп, атам экөө тирелип жатышат! Негедир сүрөткө түшкөндү жаман көрчү. Аял алып, үч балалуу болгонго чейин эле, жиним келсе кыйкырып барып бир чабаар элем. Ошондо да «эч ким көргөн жокпу» деп мени уялтаар эле. Энебиз байкуш «элесин эстеп туралы» деп паспортко түшкөн сүрөтү менен теңтуштары менен түшкөн сүрөтүн алып келип, башын ошол сүрөтүнө чаптап, чоңойтуп алып, айылдагы үйдүн дубалынын бетин бир кылып илип алган.

1999-жылы турмуштун айынан Таласка айына 100 доллардан айлык үчүн мал багып иштеп келди. Төрт ай ичпей жебей чогултуп келип, айылга барып эгин айдады. Мен да акча чогултуп мал сатып алдык. Экөөбүз мал менен бизнес кылып баштадык. Ат-Башыдан мал алып келип, Токмок менен Бишкеке сатабыз. Мен «тамак жейли» дейм. Жалил болсо «тултук печенье менен лимонад эле ичели» дейт. Бир сомдон бери эсептейт. Мен чачам, ал чогултат! Мени бизнесмен кылып, атак даңкка жеткирип, өзү болсо кара жумуш менен алек. Мен кийимди түрлөп кийип алам. Ал менин эскилеримди кийет. Менин акыл кошчум да, сыр бөлүшөөрүм да Жалилбай. «Айылга айыл өкмөт кылам» деп оолуктум. Анда да сүрөтүн таппайм. Акаев менен Путиндин кол кармашып түшкөн сүрөттөрүнүн баштарын кесип, экөөбүздүн башыбызды чаптап. Программасын, платформасын жазып, чыгарып барып элге таратып, ишенимдүү добуш менен жеңип алдык. Айыл өкмөт башчысы болуп иштеди. Эл сыйлаган жакшы жетекчи болду. Бирок, жан дүйнөсү таза болгон үчүн негедир саясатка аралаша албады. Үйдүн кичүүсү болгон үчүн баардык түйшүк жана ата-эне багуу милдети Жалилбайдын мойнунда эле. Үч кыз, бир уулу калды. Кичүү кызы келинибиздин курсагында калды.

ээ 61 г

Уулу Ислам менен “белек” кылып калтырып кеткен кызы Жамила..

Папасын көргөн да жок. Ислам деген кичинекей уулу бар. Ал болсо чоң атасы Самарбектин койнунда жатып, мойнуна минип эркелеп жатчуу эле. Былтыр атабыз да инимдин күйүтүн тартып жүрүп жанына барып жатып калды. Кыздары да майда, өзү болсо 35 жашында жалган дүйнө менен коштошту. Мен мүрзөгө сөөгүн алып барганда Исламды көтөрүп бардым. Үч жаштан өтүп, тили таттуу кези эле. «Жамал ата, папамдын мүрзөсүнүн ичи жапжашыл, анан кооз экен, сонун турбайбы» дегенди уккан соң көз жашым да, капам да тып басылды. Менин «кайрып берчи» дегеним кабыл болбогон менен «Бейишин сураганым кабыл болгон экен» деген аруу тилегим менен Кудайга ыраазычылык айтып, инимди кара топурактын алдына тапшырып кайтып кеттик. «Мезгил өзү дарылайт» деген чын экен. Бирок, бир канатым сынган сыяктуу негедир бизнесим баштагыдай эмес. Классташтарын көрсөм жүрөгүм кысылат. Жалилдин өлгөнүн унутуп калып, телефон чалып жүрүп, эми гана өлгөнүнө ишенсем да, элесин унута албай жүргөн мезгилим! Унутулбай эле койсун. Мен унуткум келбейт. Мен Исламды үйлөндүргөн кезде да папасы менен атасы жөнүндө башымды бийик көтөрүп айтып берем, буюрса! Себеби, жаш болсо да артында из калтырып, жакшы иштерди жасап, элдин эсинде калды!.

ЖАМАЛБЕК. 23.11.2015.

Эскертүү: Сайт ээсинин улуксатысыз маалыматты алууга тыйуу салынат.
******************************************************************************************************************

One thought on “Жалгыз сүрөт – 2..

  1. Эй, бири кем дүйнө! Бири кем дүйнө! Абдан жакшы жазылган экен. Жаткан жери жайлуу болсун! Мындай тагдырлар абдан көп болсо да, мага бөтөнчө таасир калтырды.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *