Тапалак..

******************************************************************************************************************

«К Ү З  И Р М Е М»

Туптуура 47 жыл болуптур ушул сүрөткө түшкөнүбүзгө. Мектепке чейинки жалгыз сүрөтүм болгону ушул экен. Дагы жакшы, ыракмат ошол орусту айылга ким айдап келсе дагы.. 1966-жылдын күрдөөлдүү күз айлары болчу. Ошондуктан эки ооз сөз менен жазып жаткан береги эскермемди «Күз ирмем» деп койгондогум. Күнү бүгүнкүдөй эсимде, чоң апам менен жаш апам үйдө шырдак шырып отурушкан болчу. Дагы эки-үч дүкүлдөгөн айал бар болуш керек эле үйдө. А биз болсо башка бир бөлмөдө, үйдү үч көтөрүп, өзүбүзчө чуру-чуу түшүп ойноп жатканбыз. Түшкө жуук бир орус киши үйгө кирип келип «сүрөткө түшөсүңөрбү?» дегендей ишарат кылыптыр.ээ 96
Аны кандай кылып түшүндүрдү, бир ооз орусча билбеген апамдар менен берки айалдар кантип түшүнө койушканын ким билсин, «сүрөткө тартканы жатат» дегенди угуп-укпай эле удургуп, дароо чаң-будуң түшүп, айай атыккан өпкөкаптарыбызды шаша-буша кийип, аңыраңдап, бат эле дайар болуп калганбыз. А менин тигил «каракүл» тумагым уктаганда эле өзү түшүп калбаса эзели башыман түшчү эмес. Сүрөткө түшөт дегенди укканда сүйүнүп кеткендегим болсо керек, ал тумакты ого бетер башыма баса кийгем, бирөө тартып, жулуп алчуудан бетер..

Иши кылып ошондо ошол орус баарыбызды эшикке ээрчитип чыгып, үйдүн көчө жак башындагы дубалдын түбүнө бир отургузуп, бир кайра тургузуп атып тартып кеткен. Улуу агам менен Атам үйдө жок болчу. Атам жылкы бакчуу, жылкылары менен алек болушуп күздөөдө жүрүшсө керек эле. Ал эми сүрөттүн сол жак четинде турган менден улуу эжем Жумагүл.

Бармактайыбыздан баштап баарыбызды багып, азап-тозогубузду көбүрөөк тартып, чоңойуп-чочойгонубузга бүт өмүрүн арнаган чоң апам Тенти кызы Бүбира.

Бармактайыбыздан баштап баарыбызды багып, азап-тозогубузду көбүрөөк тартып, чоңойуп-чочойгонубузга бүт өмүрүн арнаган чоң энем Тенти кызы Бүбира.

Андан кийинкиси жаш апам Назирбүбү, анын алдында отурганы Райкүл. Андан соң ыраматылык чоң апам Бүбира. Чоң апамдын алдында отурган жанагы Уулкан кайра-кайра айтып түгөтө албай жаткан айыл өкүмат иним Мырзабек. Ал эми алдыда турган жашыл өпкөкапчан кабагын карыш түйгөн кара тултук кыз менден кийинки карындашым Мырзагүл. Бул биздин ошол учурдагы чакан эле үй-бүлө болуп тургандагыбыз.

Бул бешөөбүздөн кийин ошол чакан бөлмөлөрдү бизге чейин эле чарчап калышкан баарыбыздан улуу бир кыз менен бир эркек баланы эске албаганда дагы он бир бала толуктаган эле. Анын экөөсү дагы, эки бирдей наристе кыз бир жашка чыгып-чыкпай чарчап калгандары дагы эсимде, билем. Мына, мени эс тарткандан баштап эмдигиче таң калтырган нерсе дал ушул. Ал кездеги өтө чакан, чоңураак кишинин «көчүгү» кененирээк тегеренбеген, тепкедей болгон үч бөлмөгө кантип сыйышып батып, жайдыр-кыштыр ошол үйдө жашап, окуп, билим алып, кадимкидей эле баарыбыз эрезеге жетип, чоңойуп-чочойгонубузга кээ бир учурларда чочугансып, ишенип-ишене албай кетем десеңер?.

Бул эми менин кылым алмашып кеткенден кийинки «кыргызчаланган» кыйалдарым болсо керек деп ойлоп койом. Болбосо..

Асылдарым, Атам Токтоналы жана Апам Назирбүбү.

Асылдарым Атам Токтоналы, Апам Назирбүбү.

Анткен менен кадимки бактылуу балалык деген нерсе ошол жылдарда, ошол мезгилдерде болуп, дал ошондой жылдардагы кадимки «алтын балалык» деген атактуу кыйалдарга аралашып чоңойгонума бөркүмдөй эле ишенем жана Кудайга миң мертебе ыраазымын. Бул кашкайган чындык. Дал ошондогу, ошол өткөн кылымдагы, доордогу, абдан жөнөкөй жана ашкере карапайым, кадимки кыргыз жыттанган көп балалуу үй-бүлөөдө өсүп чоңойгонума чексиз сыймыктанам! Тээ алыскы ак кар-көк муздуу, аскасы асман тиреген улуу тоолордун арасындагы кадимки кыргыз айылында төрөлгөнүмө, ошондой жерде эр жетип чоңойгонум эле менин бул жашоомдогу эң башкы баалуулугум жана бактылуулугум деп келем жана мындай ойду айтуудан эч качан тажабаймын..

Анан албетте, ушунча баланын ысыгы менен суугуна бирдей чыдап, чымырканып, эч убакта кабагым – кашым дебестен тарбийа-таалим берип, бөпөлөп өстүрүп, ар бирибизди адам катарына кошкон эң кымбатыбыз, биз үчүн Ааламда жок асылдарыбыз биздин Атабыз менен Апабыз!. Биз Сиздерге эки дүйнөдө тең бирдей карызбыз! Бар болгула Асылдар!.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Финляндия, Келсинки шаары. 25-октябрь, 2013-жыл.

*****************************************************************************************************************

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *