Сайакат..

*****************************************************************************************************************

К Ы Р Д А Г Ы   К Ы Й А Л

Жайдын мээ кайнаткан ысыгында Ат-Башыдагы райборбордук оорукананын каңылжаарды жарып «буруксуган» үч орунтуктуу бөлмөсүндө жатам. Турганга, басканга болбойт. Жанымдагы элүүнү жаңы эңкейип калган байкенин (азыр элүүнү мен да эңкейдим) дарты меникинен кыйла оор. Бирок ал киши бүкүрөйүп алып, ичин колу менен басып коюп жүрө берет, жатпайт, дегеле жаны тынбайт. Анын ашказанынын жарымынан көбүн кесип салышкан. А менин дартым «сокур ичеги» болгону. Ошого жатам, онтолоп, туралбайм. Оорубайт деле, онтогонумдун себеби башкада эле. Онду эми бүтүп, акыркы экзамендерди тапшырып, «ана, мына шаарга кетем» деп желпинип, делбе тап болуп турганымда «ок» тийип ооруп калгам. Ой-максаттарымдын баарын «оорутуп», бириндетип, бузуп, чачыратып. Курбу-курдаштарымдын бири калбай шаарлап кеткен. «Окуйбуз, чокуйбуз, иштейбиз, талкалайбыз, кыйратабыз» деген айбаттуу, аруу максат менен түп көтөрө көчүп кетишкен. Баары тең барып эле ошол кездеги сүйүктүү борбор шаарыбыз Фрунзени «багынтышмак». Эч нерсеге жараксыздан экөөбүз эле калганбыз. Биринчиси, «эртең шаарга, окууга кетем» деп ээлигип алган классташ кызым Нуриланы экзаменден чыгып эшиктин босогосун аттай электе аңдып турган «атан төөдөй» жигиттер ала качып кетишкен. Экинчиси, башка күн калбай калгансып так ошол күндөрү кычап, кыйраткансып ооруп, «ок» тийип калган мен. Ошон үчүн ал «сокур ичеги» деген оору тура көрсө, эч нерсени көрбөгөн, билбеген, адамды түк түшүнгүсү келбеген. Ал кыз го келин болуп «керилип» отуруп калды, үй-бүлө күтүп. А мен жатам апапак «койкада», үйдөн жок, же чүйдөн жок, же окуу-чокуусунан жок, онтолоп..

УЛУУ КЫТАЙ СЕПИЛИНДЕ. 2005-жыл, декабрь.

Улуу Кытай Сепилинде. 2005-жыл, декабрь.

Байкуш, ошол оорукчан киши аркы-беркини, узун тарыхты, не бир укмуштун баарын билген тарых мугалими эле. Эриктирбейт. Жаман жери «насыбай» чегет. Тынбай чегет. «Чеккенге болбойт» дешкен. Күндө айтышат. Урушуп, тилдеп кетишет. Доктурлары, медайымы, ал эмес тактай жуугандары да куру калбай кагып-силкип, «чекпе, түкүрбө» дешет. Болбойт, укпайт. Жаздыгынын алдына катып коюп чеккени чеккен. Элеңдеп эки жакты карайт да, ээрдин ачып сала коет. Анысына көп кызыкпайм, ал кишинин сөзү кызык, өзү да сөзү да «таттуу» эле. Бүтүндөй дүйнөгө саякаттап, кыдырып бозуп кетебиз. Улуу Кытай сепилин укмуштай сүрөттөп, көркөмдөп, көрүүгө зар экенин күндө кайталайт, айткандан түк тажабайт. «Аман-эсен айыгып чыксам ары керемет, ары сыйкырдуу дубалдын жомок эмес экенин өз көзүм менен көрүп, ошол дубалдын кыры менен басып, бир барып келсем эки дүйнөдө армансыз болот элем» дейт. Ооруканадан чыгаар-чыккыча, кетээр-кеткиче ошол сөзүн кайра-кайра кайталай бергени бүгүн да көз алдымда, азыр да эсимде. Атаганат, кайдаан, аз өтпөй эле ал кишинин дүйнөдөн өтүп кеткени тууралуу кабар келди. «Рак» деген оору тооруганда жаман тура. Ошондон баштап ошол кишинин айткан Кытай дубалы эсимден эч убакта кетпей эңсегеним, каалаганым, баалаганым Кытай дубалы болду да калды. Барып, көрүп, кырын кырдай басып келсем деген айыкпас «оору» пайда болгон. Ооруканадан чыккан соң түз эле жайлоого кеттим. Окуу-чокууга тапшырмай аяктап, алды «кулап», артындагылары кыйгаз ээрден ооп, «кыйшайып» калган учур болчу. А мага кайдагы окуу?. Менин бараар, көрөөр жерим жалгыз жайлоо болгондуктан ойлонуп отурбай дароо кеткем.

Төрт тарабы келишкен Аксайдагы керемет жайлоо «Тешик-Чап». Чалкайган эки төр, «бири чоң, бири кичи айрык» деп аталат. Экөөнүн тең өтөктөрү жайкалган көк жашыл «килемге» бөлөнүп, биринен-бири өтүп, жанаша жайылып кеткен өзөндөр созулуп барып асман тиреген ак мөңгүлүү зоого барып такалат. Зоонун аржак бети, кырды ашсаң эле Кытай. Мени кызыктырып, убайым жегизип, уктатпагны эле ушул. Кытай жагы. Кырга чыккым, көргүм, баргым келе берет. А бирок атамдын айтканы сестентет. «Барба, чыкпа, чегарачылар билип, көрүп калат, кармап, камап салат» дегенин койбойт. А мен бир аз сестенип коркконум менен ичимден «барам, чыгам, көрөм» дегенимди койбойм. Ошентип жүрүп бир күнү Кыргыз-Кытай тоосунун кырына да чыктым. фото 01
Шамал ыркыраган улуу чокунун ызгаар суугуна кайыгып, үйдөй болгон ак таштын үстүндө далайга чейин эки жакты карап элейдим. Ошол жерге отуруп алып Улуу Кытайдын Улуу сепилин издегем. Биз тарабы жанда жок бийик, эшилген корум таштар, жалама зоолордун үстүн салаңдаган көпкөк муз мөңгү басып жатканы менен Кытай тарабы жайдак, түзөңдөп барып түп-түз мунарык баскан боз чаңгыл талааларынан башка эч нерсе көрүнбөйт. Көпкө чейин көжөлүп узатасынан кеткен сыйкырдуу дубалдарды издеп таппай, көк муштум болуп титиреп, үшүй баштаганымда, Улуу Кытай дубалын көрбөсүмө көзүм жеткенде гана, ыркыраган бороондуу кырдан ылдый карай томолонуп-жумаланып, «дыркыраган» бойдон төмөн түшүп, баса бергем. Ал “эрдигим” үчүн атамдан катуу тил угуп, таяк жеп кала жаздагам. Туз насип буйуруп кийин 2005-жылдын декабрь айында Улуу Кытайдын Улуу дубалына чыгып, кырын далайга кырдап бастым. Улуу Дубалдын кырына туруп алып оруканадагы оорулуу агай менен өзүмдүн өткөн кездеги кең өзөндү бойлоп келип, көк муштум болуп, Кытай-Кыргыз чокусундагы ыркыраган ызгаардуу шамалды азыр да сагынып, ал мезгилди эңсегеним эңсеген…

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Келсинки, Финляндия. май, 2012-жыл.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *