Өксүк..

ээ 5

2014-жылдын 25-май күнү Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, кыргыздын дагы бир чыгаан залкары, атактуу комузчу Нурак АБДЫРАКМАНОВ атабыз 67 гана жаш курагында узакка созулган оорунун айынан дүйнөдөн кайтты. Жаш кезинде Нуракты өзүнүн Тоголок-Молдо айылында, кийинчерээк Ак-Талаа аймагында «Бала комузчу» деп атап койушчу экен. Анткен себеби 12 жаш курагында эле ошол айылдагы комузчулардын черткен күүлөрүнөн сырткары Карамолдо Орозов, Ыбырай Туманов, Атай Огомбаев, Токтогул Сатылганов жана башкалар сыяктуу залкар комузчулардын 40тан ашык күүлөрүн жаттап, үйрөнүп алып, ар түрдүү той-топур, концерт-салтанаттарда эл алдына чыгып мыкты чеберчиликте аткара билген. Көп өтпөй «Кулунчак», «Ата мурасы» аттуу күүлөрүн жараткан. «Кулунчак» күүсү шакирттери тарабынан республикалык деңгээлдеги конкурстарда аткарылып, «Ата мурасы» кыргыз – казак аксакалдарынын көптөгөн ыраазычылык каттарын алууга арзыган. Ага катар «Соң-Көл», «Улуу-Тоолор» деген күүлөрүн жаратып, күүчүлүк өнөргө ишенимдүү кадам таштаган. Ошол мезгилден тарта сахнанын адамы болуп ар кыл багыттагы күүлөрдү ийинине жеткире аткарган. Дээрлик 55 жылдан ашык өмүрүн үч кыл комузга арнаган инсан «Ата мурас», «Соң-Көл», «Улуу тоолор», «Эне жүрөгү», «Жаңырык», «Шаттык», «Өмүр көчү» сыяктуу классикалык үлгүдө чыгарган күүлөрдүн автору. Эмне демекчибиз, Залкардын көзү өтсө дагы анын элине калтырган эмгеги эч качан өлбөйт. Нурак аксакалдын жакын туугандарына жана үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын теңбөлүшөбүз!. «КӨЧМӨНДӨР»  26-май, 2014-жыл.ээ 88

Бүгүн, 11-июнда Бишкек шаарында Кыргыз Эл акыны, драматург, чыгаан котормочу Эрнис ТУРСУНОВ 79 жаш курагында бу жалган дүйнө менен кош айтышып көз жумду. Эрнис ТУРСУНОВ 1935-жылы 24-августта Бишкек шаарында туулган. Анын «Ай чырайлуу кыздар», «Чындык ийилет, бирок сынбайт», «Эрки күчтүүлөр», «Замандаш», «Баш мээси менен», «Байтик баатыр» сыяктуу драмалары кыргыз театрларында ийгиликтүү коюлуп келет. Анын «Олжобай менен Кишимжан», «Балбай менен Ормон», «Жусуп Баласагын» опералык либреттолоруна композиторлор М. Абдраев, А. Мырзабаев, С. Осмоновдор музыка жазышкан. Эрнис Турсуновдун калемине таандык бир топ ырларга обончулар менен композиторлор обон чыгарышкан. Маркумдун жаткан жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болуп, жанын жаннаттан берсин!. «КӨЧМӨНДӨР!.»  11-июнь, 2014-жыл. ээ 88

Бүгүн таңга жуук Кытайдын Үрүмчү шаарында Манастын сегиз урпагына чейин жатка айткан Залкар замандашыбыз, 96 жаштагы улуу Манасчы Жусуп МАМАЙ көз жумганы тууралуу кабар тарады. Жусуп Мамай 1918-жылы Чыгыш Түркстандагы (азыркы Кытай Эл Республикасынын Шинжаң-Уйгур автоном районундагы) Ак-Чий ооданынын Меркеч айылында туулган. «Манас» дастанынын Жусуп Мамай айткан варианты Кытайда араб тамгасы менен басмадан чыккан. 30-майда манасчыга Кыргыз Эл Баатыры деген ардактуу наам жана «Ак-Шумкар» өзгөчө белгиси берилген. Залкар замандашыбыздын сөөгү эртең, 2-июнда өзүнүн туулган айылы Ак-Чийде жерге берилет. Жаткан жери жайлуу, топурагы торко, ыйманы саламат болсун!. «КӨЧМӨНДӨР»   1-июнь, 2014-жыл.ээ 88

Мындан бир нече саат мурдараак ааламтор айдыңында күтүүсүз дагы бир кайгылуу кабар желдей тарады. Кыргыздын белгилүү куудулу, ырчысы, пародисти жана жөн гана мыкты уулдарынын бири Жаныбек АЛЫКУЛОВ (Шорпо) катуу оорудан кийин ооруканада өзүнө келе албай жатып оо дүйнө салыптыр. Таланттуу куудул 1960-жылы Жалал-Абад обулусуна караштуу Аксы районунун Малкалды (Жаңы-Жол) айылында туулган. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болуп, жаны жаннаттан орун алсын! Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгызын тең бөлүшөбүз!  «КӨЧМӨНДӨР»  20-июль, 2014-жыл.ээ 88

Кыргыздар акыркы учурда ченебей өксүп, кабыргасы катуу кайышып туру. Каймактары калпынып, катары суйулуп туру. Оор басырыктуу, таланттуу, сыртынан болбосо да ичинен бышкан, кыргыз үчүн кызылдай күйүп, сүйүп, улутун ойлоп, тымызын ыйлап жүргөн кыргыздын кыраандары биринин артынан бири ээрчишип кете беришип, элдүүлүгүбүздү, белдүүлүгүбүздү бөксөртүп туру. Карабайсыңарбы, кабырга кайыштырган дагы бир кайгылуу, суук кабар тарады. Калың элге аттын кашкасындай таанымал, көз карашы менен багыты бекем белгилүү журналист, публицист жана акын, айтылуу «Агым» гезитинде ашык кеми жок жети жыл чогуу иштешкен кесиптешим, атамдай жакшы көргөн агам, 67 жаш курактагы (Алыкени) Алым ТОКТОМУШЕВДИ бүгүн шум ажал жулуп кете бериптир. Эч нерсе дей албай буулугуп турам, болгону далай жолу узун кыска болуп ээрчишип алып, далай кызыктуу окуйалардын күбөсү болгонубузду, каткырып күлүп кайра келгенибизди, үйүнө барганыбызды, маңдай-тескей отуруп алып ыраматылык Шербет эженин  күйпөлөктөп дайардай салган тамагын, биринин артынан бири акка мойун сунуп кете беришкен эки асыл адамдын элеси көз алдыма тартылып, астейдил эстейм.. Эмне дейм башка, айла жок, барып топурак да салалбайм.. Бир курдай бир «күркүл» ишкердин иш бөлмөсүнө чогуу барып калдык, ээрчишип алганбыз. Ал «күркүл» өзү чакырыптыр, келип кетчи деген тейде. Биз кирсек эле ал «күркүлүбүз» шашып атканын айтып, чөнтөгүнөн “кошелогун” сууруп чыгып Алыкенин колуна акча кармата салып, «шашпай сүйлөшөлү» деп койуп кайра чыгып кетип калды. Биз дагы эшикке чыгып түз эле ошонун маңдайындагы кафеге кирдик. Эртең менен болчу, тамактанып алалы деген тейде. Биринчи, экинчиси менен тамакты олчойто алып туруп шашпай келтире тамактандык. Анан бир маалда кетели деп барып Алыке кассирине акчаны берсе тигилер акчаны карап көрүп, так секирип алышпайт. «Мындай акчаны биз албайбыз, алмаштырып келгиле же үстүнө кошуп төлөгүлө» деп. Көрсө «тиги күркүлүбүз» адашып бергенби, же атайын бергенби, миң тенге берип койуптур, аны Алыке байкабай эле чөнтөкө салып койгон тура. А миң теңгеси сомго которсо болбогон эле акча болуп калат экен, ичкен тамагыбызга жаныбыздагы акчаларды кошсок дагы жетпей калды. Анан аларга айтып, түшүндүрүп, күбөлүгүбүздү таштап койуп, түштөн кийин калган акчасын алып келип берип кеткенбиз. Ошол кафеден каткырган жумушка келгиче каткырып келдик. Андан дагы Алыке, «акчаны кармаганда бир аз башкачараак көрүнгөнүнөн американын акчасы го деп ойлоп койгом» дейт боорду эзип, кайра-кайра каткырып. А тиги кафедегилер бизди олурайа карап койот, ооздорун ачып, таңыркашып, «өздөрүнүн чөнтөгүндөгү акчасын билбеген дөдөй немелер го?» дегенсип аңырайган бойдон кала беришти эле.. Атаңдын көрү дүнүйө, эмнегедир Алыкенин башбармагын оозуна такай калып каткырып күлгөн күлкүсү кулагыма кайра-кайра жаңырат.. Өмүр-Өлүм, жарк дей түшкөн учкундар! Өттү-кетти ал күндөр.. Жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торкодон болсун! Жараткан жаныңызды жаннаттан берсин! Кош бол, АЛЫКЕ!.  Асыран АЙДАРАЛИЕВ.  24-июль, 2014-жыл.ээ 88

Ат-тиң дебеске арга жок! Кыргыз эли дагы бир көйкашка талантынан айрылды. Бул инсаныбыз дагы өзүнчө бир эч кимге окшошпогон, өз үнү, өз күнү бар дегендей өзгөчө чыгаандардын бири эле. Мен бул обончу, ырчыны жанынан жакын көргөн эмесмин, бирок ырчынын «Кара Көлдүн кыздары» деген ыры менен «Акманым» деген аккордеондун үнү менен коштой чыккан ай-ааламды жаңырта созо безелене чыккан мукам үнү азыр да күнү бүгүнкүдөй кулагымда жаңырып турат. Бул керемет үн Кыргыз Республикасынын Эл артисти, таланттуу обончу жана аткаруучу Токон ЭШПАЕВДИН үнү болчу. Бүгүн жамы журт ушул талантынан айрылып, алаканын шак койуп отуруп калышты. Токон агабыз болгону 64 гана жашка кадам таштаган эле, эли-журтуна бере турган эмгеги али алдыда болчу. Ажал, ажал анысына да, мунусуна да, жаш-карысына да карабайт тура, жакканын четинен чертип алып тына берет тура, алып кетип да жатат. Өзгөчө акыркы учурда жалаң таланттар кадимки эрте жаздагы каркыралардан бетер каз катар тизилип биринин артынан бири учуп кетип жатышкандарды кабырганы катуу кайыштырып туру. Эмнеге? Таланттар таарындыбы? Кимге? Калыстыктан тайган бийлигинеби же коомгобу? Чалкеш замангабы? Элгеби, жергеби? Айтор, белгисиз.. Эмне дейбиз, маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! Ылайым ыйманы саламатта болуп, жанын Жаннатан берсин! Үй-бүлөсүнүн жана жакындарыны аза кайгысын тең бөлүшөбүз, кайрат кылыңыздар!  «КӨЧМӨНДӨР»ээ 88  2-август, 2014-жыл.

Жаркын талант, Кыргыз Улуттук Жазуучулар союзунун мүчөсү, Эл аралык Байдылда Сарногоев атындагы сыйлыктын ээси, Талас өрөөнүнүн чыгаан атуулу, айтылуу акын жана жазуучу Тургунбек БЕКБОЛОТОВ дүйнө салды. Ал Киров районунун Ак-Жар айылында 1948-жылы 12-декабрда төрөлгөн. Кыргыз Мамлекеттик Университетин бүтүргөн. Эмгек жолун Ак-Жар орто мектебинде мугалим болуудан баштап, кийин райондук гезитте кабарчы, башкы редактордун орун басары, Киров райондук Компартиясында инструктор, Киров атындагы колхоздо парткомдун катчысы болуп иштеген. Маркумдун жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болсун! Үй-бүлөсүнүн жана жакындарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз! «КӨЧМӨНДӨР»  23-декабрь, 2014-жыл.ээ 88

Кандай гана өкүнүчтүү, аянычтуу.. Бирок.. Ажалга, ооруга, анан капыстан келген каргашага, кырсыкка айла жок тура.. Жапжаш, жаркылгандаган кыргыздын кызыл гүлдөй кыздарынын бири, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Эл артисти Шахра Талипова эжекебиздин сүймөнчүк кызы, 42 жаштын кырындагы Гүлзат БАТЫРКАНОВА күнү кечээ күтүлбөгөн жол кырсыктын айынан опасыз бу дүйнө менен кош айтышып, оо дүйнө салып кете бериптир. Ырчы кыз 1973-жылы 7-июнда Токтогул районунун айтылуу Кетмен-Төбө айылында туулган. Акыркы мезгилдерде «Сармерден» теле-берүүсүн алып барып, өзгөчө таланты, шык-жөндөмү ого бетер ачылып, чыгармачыл жолунун чыйыры бекемделе баштаганы белгилүү болуп калган эле. Күтүлбөгөн кырсык Гүлзат кыздын өмүр баракчасын минтип алеки саатта жаап туруп, түбөлүккө чекит койуп койду.. Эмне дейт элек, Жараткандын жасаганына мойун сунбаска арга жок тура, а биз тирүүлөрдүн айтаар сөзү ушул эле, жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болсун!. Жакындарынын, үй-бүлөсүнүн, ага-тууган, дос-тааныштарынын аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Жанын жаннаттан берсин!   «КӨЧМӨНДӨР»  2-январь, 2015-жыл.ээ 88

Бүгүн кыргыз эли жана маданияты оорду толгус дагы бир оор жоготууга учурады. Кыргыз көркөм өнөрүнүн көрүнүктүү өкүлү, 3-даражадагы «Манас» орденинин жана Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын ээси, Кыргыз эл сүрөтчүсү, таланттуу сүрөткер Жоомарт КАДЫРАЛИЕВ 69 жаш курагында узака созулган оорудан соң кайтыш болду. Жоомарт Асаналиевич 1946-жылы 18-июлда сары өзөн Чүй обулусуна караштуу Жайыл районундагы Сары-Булак айылында туулган. 1966-жылы Фрунзеги көркөм-сүрөт окуу жайын, андан кийин Маскөөдөгү Суриков атындагы көркөм-сүрөт академиясын бүтүргөн. Сүрөтчүнүн көрүнүктүү эмгектеринин бири 1995-жылы Таласта курулган «Манас» этногрофиялык комплексинин эскизи болуп саналат. Сүрөтчү өзүнүн өнөрүн негизинен Манас темасына багыттап, аны тынымсыз тереңдетүүгө арнаган. Ошондой эле комуз чертип, обон жазуу менен да алектенген. Сүрөткердин «Кыялымда» деген ыры 1987-жылы улуу талант Сүймөнкул Чокморовдун өнөрканасында «Эсимде» деген өзүнүн өмүр таржымалын камтыган картинасын тартып жаткан учурда жаралып, ырдын обонун да, сөзүн да ошондо жазып, кийинчерээк өзү ырдап чыккан. Сүрөттөгү жигиттин образын Сүймөнкулдун элеси аркылуу берип, «көрүнбөгөн балалык кездеги эңсөө, байчечекей сүйүү, жаштыктын аруу сезимдери ыр менен толукталды» деп түшүндүргөн.. Эл сүрөтчүсүнүн сөөгү 7-февраль күнү өзү туулган айылына коюлат. Ушуга байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына жана дос-туугандарына, жалпы эле талантын сыйлап, баалаган күйөрмандарына терең кайгыруу менен көңүл айтабыз жана аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Ылайым жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торкодон болуп, жаныңыз жаннаттан орун алсын ардактуу агайым жана урматтап сыйлаган менин устатым!. Кош УСТАТ!.  «КӨЧМӨНДӨР»  5-февраль, 2015-жыл.  ээ 88

******************************************************************************************************************

КЫЗЫЛ-ТУУ. КЫЗЫЛ-АСКЕР. 44-ҮЙ.

80-жылдардын башы. Фрунзе шаары. Кызыл-Аскер. Борбордун ушул аймагына сүйлөшүп алышкансып жалаң Кызыл-Туулуктар шагырап келип жашап алышканына таң калып койчумун.

Эртели-кеч ал жердеги аялдамадан түшүп ары-бери өткөндө жол боюндагы «добрый доктур байке» жашаган көк дарбазалуу 44-үйгө ар дайым башбага калмай адатым бар эле. Анткени ал үйдө «койундарына» жалгыз адам эмес бүтүндөй ааламды баатырган бир керемет үй-бүлө жашачу. Ошол доктур байкем көп өтпөй ашкере курч, акыйкатчыл, ак жүрөгүнүн айынан таштай каткан тоталитардык системанын тоңгон музуна туруштук бералбай, пайдасы аз партиялык «босстордун» курмандыгы болуп, кырчындай болгон 44 жашында жүрөгү кармап, оо дүйнө салып кете берген. Суук кабарды угаарым менен 44-үйгө учуп жетип барсам «кечээ эле Кызылтууга алып кетишкен, эртең жерге беришет» дешти. Аккөңүл, сөзмөр, ичине ээр токумдуу ат эмес кому менен төө баткан Асек байкемди акыркы сапарга узатууга үлгүрүп, топурак салып калдым.

Уул-кыздын урмат-сыйын эми-эми көрөөрдө улуу сапар атанып кеткен агатайым ал кезде азыркы менин курагыман туптуура жети жашка кичүү экен. Эми минтип Женевадан үнү каргылданган Жеңиш чалып атпайбы.. Аттиң арман, Асек байкени айтып койом, а бул сенин эмне кылганың Мелис? Сен деген азыр өлбөшүң керек эле да?! Өлүм өксүк, анын алдында баарыбыз алсызбыс, бирок сен ичине аалам баткан атаңдын тунук акылын, тайманбас көкжалдыгын жазбай тартып, атадан ашкан уул экениңди тастыктап, «эл уулу Эшимканов» деген легендага айланганыңды ким жокко чыгармак. А бирок эмне үчүн атаңдын аз жашап кеткен кейиштүү тагдырын туураганыңды бүтүндөй коомчулук жактырбай, ичибизден кан өтүп, нааразы болуп жатканыбызды сен сезип-туюп жаттың бекен Мелис? Эмнеге?..

Ооба, сени баш көтөртпөй шылдыңдашты, жалаа жабышты, бармактарынан соруп чыгып басмырлап жатышты. Себеби, эң башкы себеби сенин Мелис экениңди билип алышкан. Сени «сууга чөкпөйт, отко күйбөйт, болоттон курч жигитке боло берет» деп элестетип алышкан эси жок замандаштарың. А чынында сен ошондой эле болчусуң да, анан эмнеге мындай болуп кетти? Пендечилик кылып адашыштыбы, жаңылыштыбы, сенин деле адам экениңди аңдабай калыштыбы же атайын жасаштыбы, бирок эми айырмасы не? Эл үчүн жасаган эмгегиңди, билимдүүлүгүң менен бийиктигиңди көргүлөрү келбей, көрсө да көрмөксөн болгон «кургак бакалар» менен жалаң «бакырчаактар» өздөрүнүн «сасыган короосунан» чыгарбай камап, сагызгандай сайрай беришип, думуктуруп тынышпадыбы.

Бешиктен белиң чыгалекте белгилүү болуп, кырк жашка чыкпай кыргызды башкарууга аттандың. Көк-жалдыгыңды, курчтугуңду кумир тутуп, көтөргөн миң кырдуу идеаларыңа баа берип, баарын жыйыштырып салып, артыңдан калбай сага аралаш жүргөн он жыл ашык өмүрүмдүн ийне-жибине чейин изилдеп, өткөн күндөрүмө саресеп салып чексиз сыймактанып отурам. Нан албай «Асаба» алып жүрүп алгачкылардан «Бей-бечара» болгонумду, кийин Акайыч айный баштаганда чогуу саясый ачкачылык кармап, «Асабадагы» кеңсеңе үч күн чогуу түнөп, ошондо сөз таппай калгансып өлүм жөнүндө сүйлөшкөнүбүздү кантейин. Эл үчүн өмүрүн сайган маркум Шералы Назаркулов «Мелиске айтчы, мен да силер менен чогуу түнөйүн, сүйлөшө турган сөздөр көп эле» деп жалооруп суранган түнү шоруң каткан Шеке каза болуп калып, эртеси сага айтсам унчукпаганың менен үшкүрүгүңдүн таш жарганычы!.. Айыгышкан ажо жарышка чыгып, анын күүсү менен түндүк-түштүктү түрө кыдыртып келип, кызылдай саясатка «чылап» туруп мени аркырап ага баштаган «Агымга» салып жибердиң. Өзүң айткан «Агымдын» атактуу «костяктарына», жазмакер дөө-шааларына бат эле «сиңип», коюн колтук алышып, бир аз идирегим бар окшойт, этектерине эрмешкен бойдон аңды-дөңдү карабай шаркырап агып отуруп, «Агымдын» ташкыны басаңдап кумга сиңе баштаганда чилдей тарап, чачыраганга аргасыз болдук эле го. Ошол жүздөгөн «асаба-агымчыларың» азыр «сен кайдасың бул күндө мен кайдамын?» болгон менен алыс-жакыны билинбей эле аман-эсен жүрөбүз го?

Тагдыр тамашасы мени минтип акыркы «финишимди» Финдердин өлкөсүнө «ыргытып», алыстыгына гана астейдил каңырыгым түтөп, өпкөлөйм!.. Анткен менен канчалык алыс болсо да акыр бир күн «келем» деген чоң ишенич бар менде. А сенчи Мелис? Сен кайсы «өлкөгө» кеттиң? Ал «өлкө» кайда качат эле? Же «орун кабай калат» деп ойлодуңбу? Бир курдай катуу таңгалып, ары ачуулангандай түрүң менен кайсы бир чала-моңол «белгилүү» адамдын Ала-Арчадан орун сатып алып койгонун айтып келип, «түшүнбөйм, жан чыккан соң кандай, кайсы жерде жатканыңдын эмне айырмасы бар» дегениңди эстейм. Билем, дал ушундай нерселерге жаның кашайып, жаа бою качаар элең. Билем, чындык дегенде чыркырап, тегеренип кеткен чымындай жаның «чылгый» калыссыздыка чыдабады, жүрөгүң өрттөнүп, күйүп кетти, күйүп… Кантип айтабыз эми «Ала-Арчада жатууга акың жок» деп. Антип айтканга айлабыз, амалыбыз, аргабыз да жок. Мынакей, мынакей өмүр менен өлүмдүн ортосунан оргуп чыккан чыныгы «парадокс»!..

«Мелис дегендин баары эле тың чыкма болот окшойт» деген жакшынакай тилегим менен 2000-жылы уулду болгонумда биринчилерден болуп өзүңө сүйүнчүлөп чалып, «атын Мелис койсомбу деп атам Меке» десем, « мендей «бунтарь», «авантюристь» бала болушунан коркпосоң коё бер, каршы эмесмин» деп каткырып, кийин бир жолу «ушул кичинекей адашымдын үстүнө үй алып берсемби же астына аялбы?» деп тамашалап, борсулдап күлүп, ак дилиң менен айтып койгон ошол жылуу сөзүңө жыргап, өзүмчө «жарылып» кете жаздабадым беле? Он бир жашка чыккан ошол адашың Мелис азыр сенин өлгөнүңө ишенбей, кабырганы кайыштырып, кабагын чытып кайра-кайра сурайт. А мен болсо унчукпайм, угуп-көрүүдөн ажыраган дудуктай мелтиреп, ушул саптарды тизмектейм. Акыркы ирет былтыр 9-декабрда чалсам албадың, аз өтпөй кайра өзүң чалып кыска сүйлөштүк, адамкерчилик жөнүндө. Дегеле биз көп сүйлөшпөйт элек, кө-өп нерсени көз менен эле сүйлөшүп, көкүрөк түпкүрүндө көрүнбөгөн, абдан жакын, адамдык, билинбеген бийик байланышыбыз бар эмес беле. Кашайгырдыкы, кашайып ошол байланыш ойдо жок жерден минтип чорт үзүлдү да калды. Эх Жараткан, өлүмдүн улуктугуна жана өтө ырайымсыздыгына ар дайым даяр болуудан башка арга жок тура бизде! Кош эми Меке!. Жакканың чырак, мингениң бурак болсун!.. Кош досум!..  15-сентябрь, 2011-жыл.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Финляндия, Сейнаеки шаары. 21.09.2011.ээ 23

 Өксүбөй кантип койосуң? Өксүйт экенсиң. Өрөпкүп, сыздайт экенсиң. Ошон үчүн Өмүрдүн бүткөн жери Өксүк тура.. Ал дегеле байкатпайт тура, айтып-дебейт тура, тандап-этпей эле чекебизден акырын «тырс» эттире чертип туруп каалаган убагында каалаган адамын алып кете берет тура.. Ажал ушундай азап тура, айттырбай келет тура.. Аттиң ай, Ат-тиң!.. Атпай Кыргыздын улуттук суусундугун бүтүн дүйнөгө таанытып, жөн эле таанытпастан тамшантып, суусап-чаңкаганын тып баскан кадимки кыргыз максым «Шоро» ишканасын негиздеген, дегеле адамдан башкача ар тараптуу, терең ой жүгүрткөн, айтканын сөзсүз аткарып, илгиртпей ишке ашырган чыгаан ишкер, эң башкысы жөпжөнөкөй мүнөзү бар, ашкере карапайым (Этнокомплекс Супара ) Таабалды ЭГЕМБЕРДИЕВ аттуу 64 жаш куракты эми гана аттаган атактуу агабыз күнү кечээ бу жалган дүйнө менен кош айтышып, арабыздан акырын гана чын дүйнө карай сапар тартып кете бериптир. “Узакка созулган оорудан кийин” деп атышат.. Оорубай эле жүргөнсүдү эле, опол тоодой иштерди жасап, какыраган сайларга суналган «Супараларды» салып гүлдөтүп, бош жаткан тоо боорлорун толуктап, жалаң ак боз үйлөр менен «бүрдөтүп», деги бир адам суктанаарлык жайларды куруп, жаны тынбай эле, жакшынакай жүргөнсүдү эле? Эки жыл мурун Италиядагы Сан-Марино деген өлкөдөн жолугуп, сагыныч-чер жаза бажакташа-бапылдап сүйлөштүк эле, салабаттуу ойлорун, не бир сонун келечек долбоорлорун угуп, акыл-паразатына «тунуп», ичимен ишмердүүлүгүнө ийгилик каалап, кайра-кайра ыраазы болгонум бар эле. Финдердин жашоосуна катуу кызыкканын, убакыт таап сөзсүз келээрин, алардын токой-черин аралап балык уулоого куштар экенин айтып, “дайар туруп тосуп ал иним” деп бажактай күлүп далыман таптады эле. Андан аз өтпөй аалам кыргыздары менен өткөргөн «Көч Байланышыма» келип, анда дагы бир жолу эскерип, “аз калды иним, буйурса барып калам” деди эле.. Эми кайдаан? Баары калды, балыгы да калды, балык эмес сумсайып, ээсин жоготуп «Супарасы» да калды, шору катып күпүлдөгөн «Шоросу» да калды. Болду! Өмүр! Өлүм! Өксүк менен ушинтип бойосу да канды! Айтаарыбыз эмне, дээрибиз ушул эле, аз жана ар дайым окшош. Башка сөз да жок, сөз таппайбыз да айталбайбыз. Алтындайагабыздын арты кайрылуу болуп, топурагы торкодон, жаткан жери жайлуу болсун! Ылайым Жараткан жанын Жаннаттан берсин! Үй-бүлөсүнө, дос, тааныш-жакын туугандарына жана эбегейсиз зор кызмат кылып кеткен уйуткулуу элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Кош Залкар, кош болуңуз!  «КӨЧМӨНДӨР»  16-май, 2015-жыл.

ээ 5

Кырсыкты кайдан деп болобу? Кыргыз Республикасынын Эл артисти, эл сүймөнчүгүнө айланган театр жана киноактеру, бир нече обондордун автору 68 жаш курактагы агабыз Мукамбет ТОКТОБАЕВДИ бүгүн түшкө маал машина уруп кетип, күтүүсүз каза болуп калганы тууралуу суук кабар тарады. Бири кем дүйнө деген ушул экен. Кыргыз маданияты менен киносуна опол тоодой эмгеги сиңген, ат көтөргүс салым кошкон, дагы да тынбай кошуп келе жаткан улуу муундагы сахна жана кино чеберлеринин анбашы болуп жүргөн таланттуу аксакалыбыздан ушинтип айрылып, алаканды шак койуп отуруп калдык. Мукамбет ага 1947-жылы Жети-Өгүз районунун Барскоон айылында туулган. 1967-жылы Москвадагы Луначарский атындагы Театр өнөр институтуна тапшырып, 1972-жылы аталган окуу жайды аяктаган.

Окуудан кийин эле Ош драма театрында, Туңгуч жаштар театрында, Токтоболот Абдымомунов атындагы кыргыз мамлекеттик драма театрында иштеген. Кыргыз сахнасында кыргыз драматургдарын калеминен жаралган Тейитбек (К. Жантөшев, “Курманбек”), Токтогул (Б. Жакиев, “Миң кыял”),Осмонкул (К. Маликов, “Осмонкул”), Машырбек, Мажит (Т. Абдумомунов, “Машырбек үйлөнөт”, “Жарыктык карыларым”), Танабай (Ч. Айтматов, “Танабай Бакасов”), Семетейдин (Ж.Садыков, «Манастын уулу Семетей») ролун аткарган. Андан сырткары дүйнөлүк драматургияда Думана (М. Карим, Ай тутулган түндө», Лопахин (А. П. Чехов, «Алчалуу бак»), Король Лирди (У.Шекспир, “Король Лир”) ойногон.

Ал эми кино «Фудзиямадагы кадыр түн”, «Чиркин өмүр», «Айыл өкмөтү», «Сокур кемпир көрөгөч», “Президент менен бомж» тасмаларына тартылган.
Мындан тышкары Эл аралык аренада Россия менен АКШ биргелешип тарткан “Взять Тарантину!” аттуу тасмасына түшкөн.

Улуу муундагы актерлордун ичинен Мукамбет Токтобаевге бүгүнкү күндүн режиссерлору тарабынан киного тартылуу үчүн өтө көптөгөн сунуштар түшүп келгенин баса белгилеп, эсиңиздерге сала кеткенибиз ашыкча болбос..

Эмне демекпиз? Кырсык менен ажалга айла жок экенин жакшы билебиз. Жараткандын жазганы ушундай. Андыктан таланттуу актер агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болсун дейбиз жана үй-бүлөсүнө, жакындарына, дос-тааныштарына, эң башкысы башын сайып кызмат кылып келген эл-журтуна терең кайгыруу менен көңүл айтабыз! Арты кайрылуу болсун!. «КӨЧМӨНДӨР»   30-июль, 2015-жыл.
ээ 5

Бүгүн 7-сентябрда кыргыз кыйырына таанымал, коомдук жана мамлекеттик ишмер, Кыргыз Эл Баатыры Турдакун УСУБАЛИЕВ 96 жаш курагында узак оорудан кийин кайтыш болду. Турдакун Усубалиев Кыргызстандын 1-катчысы болуп тээ 1961-жылдан баштап 1985-жылга чейин, тагыраак айтканда, дээрлик 24 жыл, чейрек кылым өлкөнү былк эттирбей башкарган.

Аксакал 1919-жылы Нарын обулусунун Кочкор районуна караштуу Теңдик айылында туулган.1941-жылы – Фрунзедеги мугалимдер институтун бүтүргөн жана ошол эле жылы партиялык карьерасын баштап, Улуу Ата-Мекендик согуш бүтөр жылы Маскөөгө, КПСС Борбордук комитетине инструктор болуп иштеген. Андан соң элине кайтып келип «Советтик Кыргызстан» гезитинин редакторунан Кыргызстан Компартиясынын Борбордук комитетинин 1-катчысына чейин көтөрүлгөн. Ал Кыргызстанды башкарууга, анын партиялык жетекчиси болуп 1961-жылы келген. Кандай болгон күндө дагы бир өлкөнү чейрек кылымга жете башкарып, өзү да өрнөктүү өмүр сүрүп, кылымды кырдап жашап, өзүнө, элине эбегейсиз зор эстелик тургузуп кетти. Эмгегиңиз ар дайым элдин эсинде Турдакун ата, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торкодон болсун! «Көчмөндөр!» 07.09.2015.       ээ 61

Бүгүн эртең менен Кыргыз Эл жазуучусу, драматург жана белгилүү коомдук ишмер Казат АКМАТОВ 74 жаш курагында каза болгону тууралуу кабар тарады. Жазуучу мамлекеттик Токтогул атындагы, бүткүл сойуздук Николай Островский атындагы сыйлыктын жана «Манас-1000» төш белгисинин (медаль) ээси. 1990-жылы айтылуу КДК ны (Кыргызстан Демократиялык Кыймылы) негиздегендердин ана башында турган. 1990-1995—жылдары КР Жогорку Кеңешинин биринчи чакырылышынын (легендарлуу парламент) депутаты болгон. Быйыл Эл жазуучусу Казат Акматовго «Кыргыз Эл Баатыры» наамын тапшырууга сунуштама даярдап жатышканы айтылат. Казат Акматов 1941-жылы Ысык-Көл обулусуна караштуу Бостери айылында туулган. Анын «Күндү айланган жылдар», «Мезгил», «Архат» аттуу романдары окурмандардын калың катмарына белгилүү. Ушуга байланыштуу маркумдун үй-бүлөсүнө, жакындарына, бир-тууган досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз! Жаткан жериңиз жайлуу болсун, Казат ага! «Көчмөндөр»  14.09.2015.

Казат Акматов

Кыргыз Улуттук Жазуучулар сойузунун мүчөсү, Кыргызстан Жаштар сыйлыгынын ээси, таланттуу акын Барчынбек БУГУБАЕВДИН мезгилсиз жарык дүйнө менен кош айтышканын угуп кайгырып турабыз. Акын 1963-жылы 15-майда Кочкор районундагы Көк-Жар айылында туулган. 1988-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин бүтүргөндөн кийин көптөгөн жылдар бойу журналистика тармагында эмгектенген. Өзүнүн оомалуу-төкмөлүү кыска жашоосунда «Ак бороон», «Адамзатка кайрылуу» деп аталган ыр жыйнактарын чыгаруу менен кыргыз поэзиясында өз жолу бар талантуу акын катары белгилүү болгон. Жалпы эле чыгармачыл адамдарды чарпып өткөн өлкөдөгү жумушсуздук, бийликтин кайдыгердиги, тагдырдын татаал соккулары акынды да айаган эмес. Бирок ал акын катары абийир менен, ар-намыс менен жашап өттү десек жаңылбайбыз. Акын оргу-баргы, бала кыйал, барбалаңдаган көл мүнөзү менен досторунун, замандаштарынын, окурмандарынын эстеринде түбөлүккө калат деген ойдобуз. Биз дагы маркумдун үй-бүлөсүнө, бир туугандарына, жакын досторуна терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгыларын тең бөлүшөбүз. Акындын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун! «Көчмөндөр» 18.09.2015.

ээ 21 б

Кыргыздын накта классикасына айланган «Сары-Ой», «Эне жөнүндө баллада», «Күйдүм чок, «Сары-Челек» аттуу керемет ырларынын мыкты аткаруучусу, элибиздин тенор үндүү алгачкы ырчыларынын бири, Кыргыз Эл артисти, дагы бир талантыбыз Эрмек МОЙДУНОВ күнү кечээ дүйнө салды. Таланттуу аткаруучу 1944-жылы 10-августта Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Жапалак айылында төрөлгөн. Ырчы беш жашында эле ата-энесинен айрылып, томолой жетим калып, балдар үйүндө тарбийаланып чоңойгон. Кийин Токмок шаарындагы кесиптик окуу жайды бүтүрүп, 1962-жылы Фрунзе шаарындагы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшырып, андан соң 1977-жылы Бүбүсара Бейшеналиева атындагы искусство институтун айактаган. Эл артисти кырчындай кезинен, 21 жашында Кыргыз филармонийасына келип кирип, айтылуу залкарлар Рыспай Абдыкадыров, Зейнеп Шакеева, Гүлмайрам Момушевалар сыйактуу чыныгы элдик таланттар менен эмгек жолун баштап, эриш-аркак ээрчишип, алардан таалим-тарбийа алып, тажрыйба топтоп, ушундай даражага өз күчү, ак эмгеги менен өсүп жетилген. Эмнегедир кыргызды кыргыз кылып кармап турган каймактары сүйлөшүп алгандай биринин артынан бири ээрчип кетип, кайдадыр көчүп жаткандай элес калтырчу болду. Майдаланып кетпесек экен, Манастын урпактары. Жараткан элибизди жакшы күндөрдөн айырбасын деп тилейли. Ал эми маркум Эрмек агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торкодон болсун демекчибиз, үй-бүлөсүнө жана жакындарына, элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөбүз!
«Көчмөндөр» 18.09.2015.ээ 21 в

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *