Көч Байланыш..

ээ 63Садык ШЕР-НИЯЗ: ҮЙ-БҮЛӨМ ҮЧҮН УБАКЫТ ТАППАЙ ЖҮРГӨНҮМӨ 22 ЖЫЛ БОЛУПТУР.

«Көч Байланыштын» кезектеги каарманы, белгилүү коомдук жана сайасый ишмер, «Айтыш» коомдук фондунун, «Калемгер» адабий клубунун, «Айтыш фильм» киностудиясынын негиздөөчүсү, жакында тартылып бүткөн толук метраждуу «Курманжан Датка» тарыхый көркөм тасмасынын режиссер койуучусу, экс-маданият жана маалымат министири, азыркы учурдагы Кыргыз Кинематографистер сойузунун төрагасы Садык ШЕР-НИЯЗ.

ээ 63Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы, Садык Шер-Нияз мырза, Сизге ден соолук жана тынчтык каалайм.
1. суроо: Сиз маданият министири болуп иштеп калдыңыз. Айтсаңыз, «калкты жеринде барып, талаптагыдай маданий тейлөө» деген иш-чаралар министирлик тарабынан азыр жокко эсе. Бул көп акчаны талап кылган иш чарабы же зарылчылыгы жок деп эсептелеби?
2. суроо: Сиз үчүн кино тасмалардын кайсынысы өйдө турат: а) Мазмуну төмөн , бирок актерлук чеберчиликтери жогору: б) Мазмуну жогору, бирок актерлук чеберчиликтери төмөн:
3. суроо: Сиздин дагы бир кесибиңиз жөнүндө уктум эле- машина куруу боюнча адис деген. Ушул кесибиңизге ылайыктуу бир иш-чара өткөрүүнүн Сизге аябай ыңгайы бар деп ойлойм. Анткени Сизде конкурс-сынактарды өткөрүү боюнча чоң тажырыйбаңыз бар деп билем. Ошого байланыштуу кыргыз жаштарынын техникага болгон шыгын жогорулатуу максатында кыргыз техниктеринин кароо-сынактарын уюштурууга Сизден демилге күтсөк болобу?
Садык ШЕР-НИЯЗ: Жооп: Саламатсыңбы Керимбек, сурооңо жооп берейин.
1. Министирликте ойдогудай ишти аткаруу үчүн э4 биринчиден командаңа ишеним артып, чогуу иштегенге тартуу керек. Бул үчүн көп убакыт талап кылынат. Андан кийин эң негизгигиси эң оор деген тармактарды бирден аткара башташ керек. Калкка барып келгенде эле иш бүтпөйт деп ойлойм. Азыр министрликте ишке болгон дем өчүп баратат, анткени ар бир алты айда министрди алмаштыра берип ошого көнүп алышты.
2. Кино бойунча; Кыргыз кинолору мазмуну бойунча да, тартылган стили бойунча да, көркөмдүүлүгү боюнча да бийик фильмдер тартылышы керек
3. Машина куруу жагынын; Ооба билимим бар, эгерде мамлекет машина куруу стратегиясын иштеп чыкса жан дилим менен жардам бермекмин. Машина куруу оор тармак бирок биз көтөрүз кете турган тармак деп ойлойм.

ээ 61Чолпонбек ЖЕТИГЕН, Бишкек шаарынан, КР. Арыбаңыз агай. Иштериңизге ийгилик, жеке жашооңузга бакубаттуулук, үй-бүлөөңүзгө тынчтык, ден-соолук тилеп, суроолору менен иниңиз Чолпонбек.
1. Кыргыз маданиятын канча бир жылдардан бери өргө сүрөп келатасыз. Кылган ишиңиздин акыбеттери бажырайып көрүнүп турат. Ошого болбой мына кыргыз маданияты толук калыптынбай келет. Тилибиз жеткиликтүү деңгээлде өнүгө албайт. Ар бир экинчи кыргыз, орус тилин, батыш маданиятын аздектеп калган заман, айрыкча жаш муун. Ушунун баарына каршы күрөшүү жолдорун кандай көрө аласыз? Канткенде кыргыз маданияты жана эне тили жогорку деңгээлге көтөрүлө алат?
2. Кыргыз киносунун келечеги тууралуу сөз кылып берсеңиз. Жаандан кийинки козу карындай эле тартылып аткан тасмалар көп бирок сапаты абдан төмөн. Эптеп эле акча иштеп табуу аракети болуп баратат. Мына кыргыз кинематографисттер союзун жетектеп турасыз. Тартылып аткан тасмаларга кандайдыр чек коюууга болобу, жана кыргыз көркөм тасмасынын деңгээлин жогоруу көтөрүү максатында жакынкы жылдарга олутуу көз караштар пландар барбы? Кыргызфильм тасма студиясы менен Кыргызкинематографисттер союзунда көркөм кеңеш деген барбы, болсо алар каякты карап эмне иш кылышат?
3. Алгачкы тарыхий тасма тартылып бүттү буюрса жогорку деңгээлде болду деп ишенем. Дагы да келечекте кандай тарыхий тасмалардын жаралуу пландары бар? Ошондой эле Курманжан датка боюнча сурай кетейин. Мамлекет бөлгөн акча толук кандуу жеттиби тасманы тартууга же баары бир кошумча каражат кетирдиңиздерби? Сураган себебим тарыхты тартууга каражат көбүрөөк жумшалат деген ойдомун. Дагы да бир тарых тартыла турган болсо мамлекет ушундай колдоо кылат деп ишенесизби?
4. Рахмат агай мен баардык суроолорума толук кандуу, олуттуу жоопторду окуй алам деп ишенич артам.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жоп: Бар бол Чолпонбек, Кыргыз тилине болгон мамиле чынында оңолгондо. Анткени биз сөз түрүндө сүйлөгөн менен ишке келгенде аны аткарбай жатабыз. Өзүмдүн үй-бүлөмдө да эки уулумду кыргызча окутуп, кичүү кызымды орусчага бергем… Үйдө азыр көбүнчө орусча сүйлөп калгандай сезилет. Демек көп нерсени жасабай жатабыз. Саясатчыларыбыз шайлоодон бошой албай жүрүшөт. Тил бойунча коркунуч бар. Кыргыз экенибизге сыймыктанганда гана иш кыла алабыз. Бирок сыймык менен дөөпөрөстүктү, ар-намыс менен кур намыстын чегин ажырата алганыбызда. Ал нерсеге жетиш үчүн али көп жол басарбыз, бирок ал күрөшүбүз зарыл.
2. Чек койуу бул туура эмес. Биз акыйкаттуулукту кармаганда гана алдыга жыларыбызды унутпасак. Акыйкаттыкты айтпай кээ бир улуу муун киноматографисттер жаштардын кылганын кагып келет. Ушул сөздөрдүн башы ошол жактан. Мурункудай миллиондоп акча карматса жаштар андан да сонун тартышмак деп ойлойм. Алар өзүлөрүнүн киндигин өзүлөрү кесип келе жатышат. Жыгылып, туруп… Эч ким жардам берген жок. Мен алардын кылгандарын эрдик катары баалайм. Ким жакшы экенин эл ылгап алат.
3. Тарыхый тасмалар тартылышы керек. Мен тарта берсем эртең эл кеп кылат. Жаштар мындан да жакшы тасмаларды тартат деп ишенем. Бул тасмабызды Монреаль кинофестивалы жактырса анда эл аралык деңгээлде тартылыптыр дегиле… Акча жагы албетте тартыш болду эгерде тартуучу топтун эрдиги болбосо бул тасма тартылып бүтпөй да калат беле ким билет.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан,Оруссия. Саламатсызбы агай, кош келипсиз байланышка. Менин суроом:
1. Бүгүнкү күндө кино тармагы алдыга жылып жатканы менен, жеңил желпи, эптеп септеп тартылып калган кинолор да жок эмес, айтыңызчы агай, кыргыз кинолорун дүйнөлүк деңгээлге жеткирүү үчүн каражат маселесинен тышкары эмнелер жетишпей турат?
2. «Курманжан датка» тарыхый тасмасы тартылып бүттү дегенден баштап эле чуулгандуу ар кандай талкуулар пайда болбой койгон жок, тасмага жалпы канча каражат жумшалды, тартуу сунушу кимден түшкөн биринчи, кетирилген каражатты толук актай ала турган тасма болооруна ишенесизби, ушулар тууралуу кененирээк өз оозуңуздан уккум келет.
3. Жакынкы күндөрдөгү жана келечектеги пландарыңыз жөнүндө да айта кетсеңиз? Алдын ала чооң ыракмат жообуңузга.
Сдык ШЕР-НИЯХ. Жооп: Кино алдыга жылып баратканын өзүңүз айтып жатасыз. Мына ушул нерсе ошол жаштардын эрдиги. Негизи эле бир нерсени алдыга чыгаруу үчүн каражат деле кереги жок. Ишеним керек. Кудайга шүгүр кино алдыга жылып жатат деп айтып калышты. Эгерде эл колдосо ар бир иш алдыга чыгат. Мына, «Курманжан Датка» Монреалга кетти. Дүйнөлүк «А» группасына кирген фестивалга. Марат Саруулунун тарткан киносу эң абройлуу «Пусан» фестивалына катышат деген кабар алдык. Эми мындан артык дагы кандай дүйнөлүк кылып тартыш керек? «Курманжан Датка» фильминин демилгеси Жылдыз Жолдошовага таандык. Жалпы кеткен каражат бир жарым миллион доллар. Эгерде бүт кыргыз көрөм десе бир айда актап алса болот. Болгону кинопрокат деңгээли ага жооп бере албайт деген ойдомун. Негизи кинону жакшы болуптур анан жаман болуптур деп бөлөт, анткени жакшы кино ал кылымдарга калат. Жакшы болот деген ойдомун, анык баасын эл айтат. Исскуствонун баасы акча менен өлчөнбөйт. Келечек пландар «Айтыш» коомун дегеле кыргыз маданиятын өстүрүү.

ХатираХатира АСАНОВНА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Садык мырза. Орозоңуз кабыл болсун!
1. «Согуш баатырды сынайт, ачуу-акылды сынайт, муктаждык-достукту сынайт» дешет. Муктаждыкка кабылып, досуңуз сындан өтпөй калган учурлар болду беле?
2. Дагы деле «Манас» атабыздын айкели туурасында кеп кылгым келет. Көп эле жерлерде көзгө тойоорлук айкелдер орнотулган. Мисалы: Сиздин айылыңыздын (Чон-Капка) кире бериш жеринде да көзгө тойоорлук айкел орнотулган, баалуу таш болбосо дагы. Борборубуздагы айкелдин биз күткөндөй болбогону ызалантат. Сиздин көз карашыңыз кандай бул айкелге?
3. Туулуп өскөн айылыңызга эмне жазап бере алдыңыз?
4. «Курманжан Датка» тасмасындагы эң чоң гонорар канча суммага чыкты?.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңбы Хатира.
1. Андай нерсе көп болот, бирок достукту сактайм десеңер, жок дегенде үч жолу кечирим бергенди үйрөнүш керек.
2. Ал айкелди да бирөө көз майын коротуп жасаган болуш керек да. Деги эле бирөөнүн чыгармасын айтуудан мурун «менин оюмча» дегенди кошуп жүргөнгө аракет кылам. Анткени бирөөгө жакпаса, бирөөгө жагат. Ага чейинки эстелик деле мага жакчу.
3. Айыл жөнүндө… Ал жакка бир нерсе жасамак түгүл жете албай жүрөм.
4. Композиторлордуку. Бир жарым миллион сом.

ээ 63Мелис АЙДАРКУЛОВ, Бишкек шаарынан, КР. Садык иним, саламатсыңбы?
«Курманжан Датка» сыяктуу тасманы тартуу өтө жоопкерчиликтүү жана түйшүктүү вазийпа. Экинчиден, акыркы мезгилде кыргыз элиндеги акындык өнөрдүн, айтыш өнөрүнүн жоголуп кетпей, кайрадан жанданып өсүш алышына дал ушул адамдык, атуулдук, меценаттык салымың зор. Андыктан, кийинки убакта сага анча-мынча болуп жаткан асылууларга көңүл буруп, алтындай убактыңды коротпо. Сенин эмгегиңди эл билет, эл баалайт.
Менин суроом: «Курманжан Датка» тарыхый тасмасы 31-августта өтүүчү Монреал эл аралык кинофестивалына чакыруу алыптыр. Бул, албетте, жакшы. Бирок менин баамымда кийинки жылдары ар кандай фестивалдар, дагы башка эл аралык конкурстар үчүн тартылган, бирок, өзүбүздүн элге сиңими жок фильмдерди тартуу модага айланып бараткандай. Ошондуктан, билгим келет, «Курманжан Датка» тарыхый тасмасы да фестивалдарда көрсөтүү үчүн тартылдыбы? Андай эмес болсо, сиз тарткан фильм дагы Төлөгөн Касымбековдун «Сынган кылыч» романындай элдик фильм болооруна режиссер катары көзүңүз жетеби?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Ыракмат Мелис байке! Фестивалдар бойунча: Негизи «Курманжан Датка» фильминин фестивалдарга катышуусу өтө таң калаарлык окуя болду, анткени тарыхый, патриоттук фильмдерди эч бир фестиваль албайт. Анткени, аларды кайсыл бир мамлекеттин тарыхы кызыктыра бербейт. «А» группасындагы фестивалга катышуу бул күтүлбөгөн окуя болду. Мүмкүн алар бир нерсесин жактырып калгандыр. Фестивалга катышуу чынында чоң ийгилик. Атайын кыргызды жамандайын деп тарткан киночуну көрө элекмин. Болгону кээде ачуу кабыл алып жатабызбы деп ойлойм. Фильмдин сапатын көргөндөн кийин айтаарсыз, анткени кино салтында «жакшы болду» деп айтуу болбойт. Аракет кылдык, кем кылбай тартканга.

ээ 63Жайнагүл АРСТАНОВА. Алай районунан, КР. Амансыздарбы, «Курманжан Датка» тасмасын тартканыңыз баатырдык! Тасмада Алымбек Датка барбы, эпизоддордо Алымбек Датканын урпактарын көрөбүзбу? Урпактарынан кимдер тартылганын айтып кетсеңиз? 31-августта тасманын бет ачарына Бексултан, Дастан, Сыргак, Турсун Уралиевдей элде жок карыяларыбызды чакырууну унутпаңыз? Биздин чоң атабыз Датканын уулу Кадырбек менен үзөңгүлөш жүргөн экен, мен да барайынчы?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Алымбек Датканы албетте тарттык. Урпактарын да көрөсүңөр. Баарын батыра албадык, ошондуктан менин чоң атам жок экен деп капаланбаңыздар. Көркөм чыгарма ошондой болот экен. Аксакалдарды албетте чакырабыз.

ноорМирланбек ОРОЗАЛИЕВ, Кара-Кулжа районунан, КР. Ассалому алейкум Садык ага! Сиздей инсан менен баарлашуу биздей жаштар үчүн өзгөчө сыймык, жана ушул мүмкүнчүлүктү түзүп берген биздин топтун Көч башы Асыран агайга ыраазычылык билдирем. Жакында эле кыргыз эли көп күткөн, тарых сүйүүчү, тарыхый кино сүйүүчүлөрү чыдамсыздык менен күтүп жүргөн «Курманжан Датка» көркөм тасмасынын тартылып бүткөндүгү жөнүндөгү маалыматты өзгөчө бир кубаныч менен кабыл алдык, жана ушул тасманын продюсери, режиссёру катары Сизге жаштардын атынан ыраазычылык билдиргим келет. Сизди кыргыз маданиятын көтөрүүгө ар тараптуу, чоң салым кошкон инсан катары тааныйбыз. Менин ушул кино тармагында бере турган бир суроом бар эле, кыргыздын актаңдай акындарын колдоо максатында «Айтыш» коомдук фондун түзүп, чоң-чоң республикалык, эл-аралык деңгээлдеги иш-чараларды өткөрүп келесиз. Эми ушул улуу таланттын өкүлдөрү, кыргызда өткөн залкар төкмө акындары тууралуу көркөм кинотасма жаратуу тууралуу ойлоруңуз, пландарыңыз барбы? Элмирбек Иманалиев, Аалы Туткучев ж.б. акындардын биздин кыргызда өткөн Токтогул, Барпы сыяктуу көптөгөн улуу акындарыбыздын айтышын айтып бергендерин көрүп ошол инсандарды, ошол айтыштарды көркөм кинотасмадан көргүбүз келет. Сизге терең урматым менен Мирланбек!.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Алейкум салам Мирланбек, «Айтыш» коомдук фонду түзүлгөндө ойлодум эле «бир эки чоң айтыш өкөзсөм ошону менен вазийпамды аткарам» деп. Анан эле түптөлө баштаганда элдин деми менен катуу кеттик. Анан Мирлан Самыйкожо баштаган жаш жазуучулар келишти «бизге да жардам керек» деп. Болуптур деп «Калемгер» деген уюм ачтык, ага он жыл болуптур. Андан кийин Темир Бирназаров кайрылды, «киночуларды карап көрбөйсүңбү» деп. Эң кыйыны ушу болду. «Айтыш Фильмди» түптөдүк, эң көп каражатты да ушу кино сорот экен. Кыркка жакын кино тарттырдык, анын бешөө мультфильмдер, дээрлик баарын жаш режиссерлорго тарттырдык, жардам берелик деп. Кинонун алдыга жылышына «Айтыш» коомдук фондунун салымы зор. Биз киного келгенде киночулар жаман залда DVD менен кино көрчүбүз. Кыргыз киносу өссүн деп ураан чакырдык. Бир даары «бул каяктан келген неме» дешти. «Манас» кинотеатрын тургузуп, кыргыз киносунун борборуна айлантып, алдыга колдон келишинче сүрөй баштадык. «Курманжан Даткага» келгенде да «Күрөшкө чыккан Жолойбу, Жолойго адам жолойбу» дегендей атактуу режиссерлорубуз кинону тарткандан баш тартышты. Анда да «Айтыш Фильмдин» командасына ишенип, чыгынып жумуш баштадык. Эл аралык «Кыргызстан кыска метраждуу кинолордун өлкөсү» деген кинофестивалды бутуна тургуздук. Акыры киночулар да мага ишене баштады десем болот. Ал эми акындар жөнүндө кино тартуу ойдо бар…

ээ 61Толукбек МЕНДЕБАЙ. Маскөө шаарынан, Оруссия. Садык мырза, биринчиден сизге ыраазычылык билдирем, кыргыз исскуствосуна кошкон салымыңыз үчүн. Анткени, сиз гана улуттун калып бараткан айтыш өнөрүн колдоп жаңы деңгээлге чыгарганыңызды кантип унутабыз. Эми мына кыргыз киносун да жаңы тепкичке көтөрүүгө салымыңызды кошуп жатасыз. Бул багытта да сиздин жигердүүлүк менен кыйла өзгөрүүлөр болоруна шек жок деп ойлойм. Анткени «бардык исскустволордун ичинен эң маанилүүсү кино» деп белгилүү эле бирөө айтып кеткендей бу кино тармагы бир улуттун, мамлекеттин күзгүсү экендиги анык эмеспи. Аны жакшы билгендиктен кошуна калктар да негизги идеологиясын, улуттук баалуулуктарын кино аркылуу алып чыгууга аракет кылып жатышкандай туюлат. Бу багытта бизде да алгачкы жылыштар болуп, мамлекет жетекчилиги да көңүл бөлүп, «Курманжан Датка» жөнүндө тарыхый тасма тартып бүткөнүңүз мени кубандырат. Балким бул тасма өзүн актабай, чыгашалуу да болуп калышы мүмкүн эмеспи. Сиздин оюңузча кино исскуствосу үчүн биринчи орунда эмне туруш керек? Пайдабы же улуттук баалуулуктарбы?
2. Ат башынан алысты көралбаган, өздөрү кылалбаган, өзгөнү көралбаган бир саясатчы сымалдар сизге олуттуу күнөөлөрдү таңуулап жатышат. Аларга жообуңуз кандай болмокчу?
3. Акыркы мезгилде кээ бири акча дегенде антаңдашып башкалардын заказы менен улутту басмырлаган тасмаларды жаратып жатышкандай сезилет. Балким мен жаңылышат чыгармын. Сиздин оюңузча акыркы жылдарда жаратылган кино тасмалардын ичинен бир жакшы деген колго илинерлик тасмалар барбы?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Ырахмат айткандарыңа. Кино жана чыгаша жөнүндө көп сөз болуп кетти окшойт. Пайданы ойлосок Айтыш фондун биринчи эле күнү жабыш керек болчу. Ушу күнгө чейин баары кошулуп жүз миллион сом жумшалды. Өзүн актаган жок деп кейишке батышым керекпи, кандай дейсиз? Бул кинону али сиздин укум тукумуңуз көрөт тарых үчүн, анан кантип актабайт? Кино болгону экиге бөлүнөт жаман жана жакшы деп, болгону ошол.
2. Ал чала саясатчылардын оюна койсо Кыргызстанды да өзүн актабай карыз болуп жатат деп, сатып жиберип, тарыхын жериген, улуттук намысын ойлонбогон Манкуртистан деген өлкө түзүп алып, өзүн Башкы Манкурт шайлап алышат.
3. Сиз бир аз жаңылышып жатасыз, сыймык менен караңыз, жакшы жагын таба билиңиз, ошондо баары ордуна келет.

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА, Кызыл Кыйа шаарынан, КР. Саламатсызбы Садык агай. Оболу уюткулуу кыргыз элинин көөнөргүс өнөрлөрүнүн бири болгон айтыштын жанданып, кийинки урпактарга өткөрүп берүүгө кошкон салымыңыз үчүн ыраазычылык билдирип кетемин. Мындан сыркары кыргыз маданиятынын өркүндөөсү үчүн жасап жаткан иштериңизге чекебиз жылып, кубанып жүрөбүз. Менин сизге берейин деген суроолорум мындай болмокчу.
1. 18 жаштагы солкулдаган жаш Садык Шер-ниязовдун ойлогон ой-максаттары кандай эле? Алар азыр ишке аштыбы?
2. Кесип тандооңузга ким же эмне түрткү болгон? Балким башка кесипти тандаганымда мындан да чоң иштерди жасамак белем деген ой болду беле?
3. Кандай багыттагы адабияттарды көп окуйсуз? Акыркы жолу сизди таасирленткен кайсы чыгарманы окудуңуз?
4. Кыргыз элинин материалдык жана рухий маданиятынын сакталышы, урпактарга өткөрүлүп берилиши боюнча башка өлкөлөргө салыштырмалуу Кыргызстандагы жасалып жаткан иштер сизди канааттандырабы?
5. «Айтыш» коомдук фондун түзүү идеясы кайдан келип чыккан?
6. Кыргыз искуствосунун кечээкисин, бүгүнкү күнүн жана эртеңин бир тизимге тизсек, кайсы доор эң жемиштүү доор болот деп ойлойсуз (20 жылдан соң сиздин элестеги кыргыз искуствосу)
7. Азыркы кино актерлордун дареметине реалдуу көз караш менен караганда кандай баа бересиз?
8. Балдарыңыздын ичинен өнөрлүүлөрү барбы? Ар убак мекенчилдик сезимиңиз жанып-күйүп турушуна тилектешмин.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңбы Айкөкүл!
1. Ойлорубузду ашырып келе жатабыз, эң жаманы дагы эле ойлор пайда боло берет экен.
2. Кесипти өзүм тандайм, бирок башкасына көчүп кетмей жайым бар.
3. Негизги китептерди бала кезде окудум, кыргыз адабиятын дээрлик бардыгын, чет элдик адабиятты дагы, азыр кез кезде Жапан адабиятына көз салып коем.
4. Кыргыз маданиятын сактап калуу али жолго салына элек, буга биринчи өзүбүз күнөөлүүбүз деген жеке оюм бар.
5. Айтышты түзүү идеясына акын Абдылда Нуралиев күнөөлүү.
6. Эртеңки күн бүгүнкүдөн жакшы болот деген ишеним менен жашап келем.
7. Азыркы киноактерлордун деңгээли эч кимден кем эмес, дүйнөлүк масштабдагы актер, актрисалар деген оюм бар, болгону коом ошолорду баамдай албай жатабыз.
8. Балдарымдын өнөрлөрүн азырынча баамдай элекмин..

БахтиярБахтияр БАЛТАБАЕВ, Кыргызстан, Бишкек шаарынан. Ассалоом алейкум Садык агай. Менин сизге берчү суроолорум төмөндөгүчө:
1. «Тарыхты тапанча менен атсаң, келечек сени замбирек менен атат» деген макалды чечмелеп бериңизчи.
2. Ар бир мамлекеттин, улуттун (айрыкча биздин өлкөнүн)идеологиясы эмнелерге негизделип түзүлүшү керек. Себеби бир мезгилдерде Манас атабыздын жети осуяты сыяктуу иш чаралар жемишин бере албай калгандай.
3. Маданият ишмерлери, сиздер биргеликте өткөргөн «Маданиятты жоктоп өкмөткө өкүрүү» акциясынан кийин жогору жактан кандайдыр бир көңүл буруу же иш жүргүзүү темпи өзгөргөнүн байкай алдыңызбы? Жоопторуңузга алдын ала рахмат.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Алейкум салам Бахтияр.
1. «Эмнени эксең ошону жыйнайсың» деген эле сөз.
2. Эң биринчи салтыбызга. Мисалы эки кыргыз үйгө киргенде биринчи улуусуна жол берет да туурабы? Бирок бул нерсе эч бир Конституцияда жазылбаса да кыйшайуусуз аткарылып келет. Ал эми Конституцияны жети жолу кайта жазган менен аткарылбай жатпайбы. Мына кеп ушунда. Албетте жаман салттарыбыз да жок эмес, бирок ал жаман салттардан эл өзү арылып алат. Сыймык деген түшүнүктү бекем орнотуу керек. Сыймык деген эптеп бийликке жетүү эмес, эл үчүн эмгек кылуу экенин ар бир жараныбыз түшүнүш керек.
3. Сиздин байкаганыздын өзү чоң жемиш, акырындап оңолобуз бирок күрөш токтоп калбаш керек.

ээ 63Ызаат ТУРГУНБАЕВА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Садык мырза!
1. Бүгүнкүнүн Дооронбеги же Төлөмүшү деп кайсы эки кинорежиссерду салыштырып айта аласыз?
2. Сиздин ойуңузча бизге бирдиктүү мамлекеттик идеология керекпи, эгер керек болсо коомго тез алынгыдай кандай өңүттө болгону дурус деп ойлойсуз?
3. Коомдун руху өсмөйүн экономиканын өсүшү тууралуу кеп кылып болбойт эмеспи.. Биздин «зордукталган маданиятыбызга» тез арада улуттук реформа жүргүзсөк болобу жана ошол жаатта эң негизгиси деп кандай программалар менен башташыбыз керек деп ойлойсуз?
4. Көөдөн бар бирок жүрөк жок, деми бар бирок деңгээл жок саясатчы аталгандарга коомдук ишмер, журт кадырлаган инсан катары Сиздин кеңешиниз?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңарбы, Ызаат.
1. Бүгүңкү күндүн өзүнүн Актан Арымы, Марат Саруулусу, Эрнести, Темири бар деп эсептейм. Эртеңки күндүн өзүнчө баатырлары болот.
2. Бул суроого жооп бердим, жоопторду караңыз
3. «Ишеним» программасы, ушул программа бардык тармактарга керек болуп турат. Программанын урааны: «Өткөнгө таазим, бүгүнкүгө сыймык, келечекке ишеним».
4. Кой аксагы менен миң, алар дагы бар болсун.

ээ 63Айнагүл РАИМКУЛОВА, Волгаград шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Садык Шер-Нияз мырза! Биз сизди юрист, политик , продюсер, сценарист, режиссер, коомдук ишмер, коомдук фонддордун, фестивалдардын уюштуруучусу катары жакшы билебиз. Менин сизге суроом мындай: Үй-бүлөңүз жөнүндө айтып берсеңиз? Сиз өзүңүзгө ата катары кандай баа берет элеңиз? Жумуштан кийин балдарыңызга кандай, канча убакыт бөлө аласыз? Үй-бүлөңүздө кандай, канча балаңыз бар жана өзгөчө традицияңыздар барбы?
Шадык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңарбы Айнагүл!
Ачыгын айтсам кээде ойлоном. Уул кыздарым бир кезде, «ата сиз бизге жакшы ата боло албадыңыз» деп айтса эмне деп жооп бере алат болду экем. Үй-бүлөгө убакыт таба албай жүргөнүмө 22 жыл болуптур.

Мындан туптуура он жыл илгери (2004-жыл)тартылган сүрөт сүртүмдөн бир элес. Кыргыздын жалындаган жаш жана тың чыкма, дүбүртү катуу, келечеги кең маданият ишмерлеринин чакан чайлашуусу. Сүрөттө солдон оңго: Таланттуу акын Кыялбек Урмамбетов, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана биздин бүгүнкү каарманыбыз, Кыргыз Кинематографистер Сойузунун төрагасы Садык Шер-Нияз. Сүрөттүн автору Асыран Айдаралиев.

Мындан туптуура он жыл илгери (2004-жыл) тартылган сүрөт сүртүмдөн бир элес. Кыргыздын жалындаган жаш жана тың чыкма, дүбүртү катуу, келечеги кең маданият ишмерлеринин чакан чайлашуусу. Сүрөттө солдон оңго: Таланттуу акын Кыялбек Урмамбетов, ак таңдай төкмө акын Элмирбек Иманалиев жана биздин бүгүнкү каарманыбыз, Кыргыз Кинематографистер Сойузунун төрагасы Садык Шер-Нияз. Сүрөттүн автору Асыран Айдаралиев.

АкылбАкылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаарынан, Оруссия. Арыбаңыз Садык агай, мындан он жылдай илгери Акыйкатчы Институнда сиз орунбасар Акыйкатчы, мен пресс катчы катары бирге иштешип калдык эле. Ошондо Сизди жакындан билген жайым бар. Ушу тапта да тынбай эл жүгүн аркалап жүрөсүз. Буга караламан калк күбө. Ушундан улам сизге мындай суроо бергим келет. Сиз энергияны кайдан аласыз, сизде чарчап чалыгуу деген болобу? Көпчүлүк адамдар жеке керт башына тиешелүү маселелерди чече албай тукулжурап турган маалда, Сиздей инсандын ар кайсыл тармактарда жан үрөп, талыкпай жигердүү эмгектенип жаткандыгы биресе таңгалаарлыктай туйумду туудураары талашсыз маселе эмеспи?.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Акылбек саламатсыңбы. Мен дагы ошол кезди эстейм. Бир команда болуп КГБнын подвалынан бери текшерчи элек. Азыр Акыйкатчы институту андай эмес.. Чынында жалкоомун. Кээде төшөктөн турбай жатып алам 2-3 күнгө чейин.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА. Кыргызстан. Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы, мен сизди улут үчүн күйүп-бышкан аң-сезими өтө жогору инсан катары сыйлайм жана чыгармачыл ишиңизге ийгиликтерди каалайм.
1. Сизди мээримине бөлөп багып өстүргөн, элин-жерин сүйгөн адам катары тарбиялап,б.а, «Шер» кылып чоңойткон энеңиз жөнүндө, жалпы эле энелерге арналган тасма тартсаңыз болобу?

2. Көптөн бери мектептерде «Адеп» сабагы, «Ыйман» сабагы деген талаш-тартыш түшүнүктөр бар.., негизинен экөө бир эле маанини билдирет, б.а. ыйманы бар адам адептүү боло алат го, буга кандай карайсыз?
3. Азыркы учурда кыргыз тилин, өз эне тилибизди өнүктүрүүдө зор салымын кошкон белгилүү инсандарды атай кетсеңиз.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңбы Гүлжакан. Айтканыңызга ырахмат.
1. «Биринчи кадр» деген фильмимди апама арнап тарткам. «Курманжан Датканы» баардык энелерге арнап тартып жатам.
2. Адеп, ыйман мен үчүн бир эле түшүнүк. Куран ыйык китебинде мүмкүн так жазылгандыр. Ыйманды жеке ичиңизде кармасак, аны жарнама кылбай эле оокат кыла берсек болот. Болгону кээде бизде кээ бир «чала молдолор» бизге исламды натуура түшүндүрүп жатат деп ойлойм.
3. Аксакалдаран баштасак, адегенде Бексултан Жакиевди айтмакмын, аттарын улай берсек барак жетпей калат го?..

Асыран 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Келсинки шаарынан, Финляндия. Садык мырза, сиз маданият тармагын дагы башкарып калдыңыз. Ушундан улам бир акылмандын «Маданият – адептүүлүккө караганда адепсиздикти көбүрөөк далдалап тосуп турган фанера» деп чукугандай айтып салган сөзү эске түшөт. Биздин коомго азыр дал ушул сөз шайкеш келип турган жокпу, же ушуну сиз кандай чечмелей аласыз?
Экинчиси, маданият тармагынын ит ыйлаарлык абалга кептелип турганы жашыруун деле болбой калды. Канткенде улуттук маданиятыбызды көтөрмөлөп, ырааттуу жолго салса болот? Дегеле ким жоопкерчилик алышы керек, Президентпи, өкмөтпү, маданият министириби же жалпы коомчулукпу?
Үчүнчү суроом: «Курманжан Датканы» тартуу менен кино жаатында чоң сыноодон өтүп, жетишээрлик тажрыйба топтой алдыңыз деп ачык жана ишенимдүү айталам. Андыктан кыйалыңызда «Манасты» тартуу маселеси жаралган жокпу?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Асыран, маданият бул жалпы маселе эмеспи. Биз кээде маданиятты кино же театр деп эле кабыл алып калып жатпайбызбы. Маданиятты колдогондо гана мамлекетте өнүгүү болуп жогорулайт. Анткени маданияттуу мамлекетте жол тосуулар болбойт же учуп бараткан самолетту 300 адамы менен кошо атып салбайт, ушуну жеткизалбай алпурушуп келем..
2. Акыйкат башкара алган киши керек ал тармакка. Чыныгы маданиятты жактырган адам болуш керек го? Болбосо ушул «маданиятка деле министирди шайлап коелучу» деп отурсак жакында оңбой калабыз.
3. Манасты тартыш кыйын го, анан калса азыртадан эле чуу салып жатышат, 70 миллион сомго. Манаска андан бир топ эле көп каражат кетет эмеспи.

ээ 35Гулжан КОЙЧУМАНОВА. Ош шаарынан, Кыргызстан. Урматтуу Садык мырза! Сизди өтө сыйлайм. Кыргыз маданиятына кошкон салымыңызды жогору баалайм. Мындан ары да бул багытта чоң-чоң ийгиликтерди жарата беришиңизге ишенем. Төмөндөгү суроолорума жооп берип коюуңузду саранам.
1. Кыргыз маданиятын кризистен чыгаруу үчүн кандай иш чараларды аткаруу керек деп ойлойсуз?
2. Маданият системасынын казынасын толтуруу жолдорун белгилеп бере аласызбы?
3.  Сиздин атуулдук милдетиңиз катары аткара турган негизги иштериңиз кайсылар?
4. Жалпы кыргыз элинин алдында бере турган убадаларыңыз барбы?
5. Руханий байлыктарыңыз менен жеке инсандык парзыңыздын дал келүүдөбү, өзгөчөлүктөр болсо белгилеп бере аласызбы?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Гүлжан саламатсыңарбы. Айткандарыңызга ырахмат.
1. Маданиятты кризистен чыгаруу оңой эле. Команданы иштетиш керек. Команда иштеш үчүн аларга программа түзүш керек. Ал программа ошол иштей турган команда менен биргеликте түзүлгөндө кана команда иштейт. Биринчи ийгиликтер пайда болот. Эл ишене баштайт. Эл ишенгенден кийин ийгиликтерди эч ким токтото албай калат. Кызык үчүн бир мисал айтайын: Кыргыздар жылуу туалетке олтура баштаса, улуттун орто жашы 10 жылга көтөрүлөт эле. Чын эле айтып жатам. Мамлекет элди оңдойм деп канча акчаны чачып бул жетишкендикке жетишээр. Бирок түшүндүрүү жолу менен эле УЛУТТУН ЖАШЫН нн жылга узартып койсо болот.
Ушундай программалар иштеш керек, ага каражаттын деле кереги жок.
2. Чыныгы каражат азыр элде бар. Эл кыйналып кетти дегенге кошула албайм. Кыйналган элдин көчөлөрүндө машинадан тыгын болбойт, ресторандарында биринчи күндөн баштап үйлөнүү тойу өтпөйт. Болгону бизде коом менен мамлекеттин кантип иштеши керек. Мыйзам деле чыгарышты. Бирок чиновниктер тоскоол болууда.
3. Чыңыз агабыз айткандай: Күндө адам болгонго аракет кылыш керек.
4. Өзгөчөлүктөр деле жок, жөн эле иштеген адаммын. Жумуштун эң кыйын жерин издеш керек.

ээ 63Альфиза ТАБЫЛДИЕВНА. Нарын обулусунан, Жумгал району, КР. Саламатсызбы Агай!
Улуттун көөнөрбөс казнасын улап, көрөнгөсүн көбөйтүп келе жатканыңызды эч ким таналбас.
Сизге ийгилик каалоо менен сизге суроом:
1. Сизге берилген наамдар менен бөлүшө кетсеңиз?
2. Ыңгайсыз абалда калып эстен кеткис күнүңүз?
3. Эне, Мекен, Ынтымак, ушул үч сүйлөмдү кошуп төрт сап ыр курап бересизби?
Алдын ала рахмат сизге!
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Альфиза саламатсыңарбы.
1. КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер.
2. Ыңгайсыз абалда калган күндөрүм өтө эле көп, көбүнчө бирөөгө чындыкты айтам деп жатып оройураак тийип алмай жайым бар…
3. Ойгон, Кыргыз! Жаттың жерде миң жылдай,
Жамбаштаган тарыхыңан бир жылбай…
Жаныңды үрөп жасабасаң атыңды,
Жараткан да жардам бербейт бир кылдай!
Садык ШЕР-НИЯЗ. Кечирип койгула, түшүнбөй калыптырмын..
Эне, Мекен, Ынтымак деп сүйлөйбүз,
Эне кандай улуу, бийик билбейбиз.
Мекени жок жашайт тура кээ бирөө,
Энеси жок бул жашоого “кирбейбиз”..

Аида ААида Ахмад ЖАМЛ. Абу-Даби шаарынан, БАЭ. Саламатсызбы?. Кыргыз кинолору эмнеге Эл Аралык деңгээлдеги (Оскар, Каннский, Берлинской сыяктуу ж.б.) кинофестивалдарда өзүлөрүн көрсөтө алышпайт? Маселе көйгөй финансыдабы же сапаттуу, тажрыйбалуу кино адистер жана аларды даярдай турган сапаттуу жогорку окуу жайлардын жоктугундабы? Негизи эле биздин өлкөдө жакшы бир киноакадемия болушу керек, (бирин-бири кайталаган ЖОЖдордон көп неме жок) ушул сунушка кандай жооп берет элеңиз?.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Аида саламатынарбы.
1. Кыргыз кинолору дайыма ошол сиз айткан фестивалдарга барып жатат. Курманжан Датка фильми бара жаткан Монреаль фестивалы да сиз айткан фестивалдардын катарына кирет. Маалымат алып турсаңыз болот. Кинофестивалдар кандай болору интернетте көп жазылган
2. Бул суроого көп эле жооп бердим.

ээ 14Рахат ТАШТЕМИРОВА, Белоярский шаарынан, Ханта-Манси аймагы. Саламатсызбы Садык агай? Менин бере турган суроолорум төмөндөгүчө. Жообуңуз үчүн алдын ала рахмат айтам.
1. Маданият министри болуп турганда өзүңүздү Кыргыз маданиятын кандайдыр деңгээлде көтөрдүм деп ойлойсузбу? Өзүңүзгө кандай баа берер элеңиз?
2. Сиз аркалаган кесиптердин ичинен кайсынысында өзүңүдү чыныгы чебер деп эсептейсиз? Ал эми кайсынысынан кадимкидей чындап ырахат аласыз?
3. «Курманжан Датка» киносу, сиздин оюңузча баары талапка жооп берээрлик болдубу, же бул жерин минтсек, ал жерин антсек болмок экен деген ойлор чыгып жатабы?
4. Кыска метраждуу кинолорго басым жасайсыз, дүйнөдө мындай кинолор менен ийгиликке жеткен мамлекеттер барбы? Бул кинолорду тартуу менен кайсы идеяны айтууга тырышасыз?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Саламатсыңбы Рахат.
1. Министрликке мен «кан күйүп» Ош шаары өрттөнүп жаткан учурда келдим. Биринчи кезекте мамлекетти сактап калыш керек эле. 4,5 ай иштедим. Төрт жыл оңдолбой турган Кыргыз драма театрына 10 млн. сомдой бөлдүрүп, ишке киргиздик. Консерваторияга 25 млн. сомго ремонт жасаттык. Улуттук китепканага 11 млн. сомдой бөлдүрдүк. Күйүп кеткен өзбек театрын эң биринчилерден оңдоттук. Ош шаарынын Семетей кинотеатрын дагы 24 млн. сомго оңдотуп алдык. Бул акчанын баарын кошумча кылып бөлдүрдүк, анткени ремонт бюджетте каралган эмес болчу. Маданият министрлигинин бюджети 430 млн. сом болчу, «миллиард кыласыңар» деп кыйкырып жатып 730 млн. сомго көбөйттүк. Роза Исаковнага ырахмат, «Садык миллиардды кое тур, акча Ошко кетип жатат, эмки жылы кылалы» деп мени алдап соолап жатып араң көндүрдү. Маданияттын кызматкерлеринин эмгек маянасын 2 эсеге көбөйтүп алдык. Ошондон бери ремонтко бир тыйын бөлүнө элек болуш керек.
2. Мен негизи үй кургандан ырахат алам, бир аз чала курулушчумун.
3. Киного баардык аракетти жумшадык, кандай болгонун эл айтсын.
4. Кыска метраждуу кинолор чынында аябай чоң исскуство. Кейиштүүсү буга көңүл бурбай келебиз. Кыска метраждуу кино менен да Оскар алса болот. Анимация жагы да бизде көңүл бурулбай келет

ээ 63Мадина САТАРОВА. Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Садык Шер Нияз мырза, «Курманжан Датка» тасмасындай тарыхий тасмаларды көбүрөк тартсаңыздар, тарыхыбызда кандай мыкты адамдар өткөн, бул келечек муунга жаштарга абдан керек эмеспи, бул менин сунушум, ал эми суроолорум төмөндөгүчө:
Учурда Москва шаарында камера көтөргөн, тасма, режиссура, артистизм ж.б. тасмага тиешелүү билимге ээ болбой туруп кино тартып жүргөндөр бар. Албетте биздин мекендештерибиздин арасында. Бирок, чала сабаттуулук кээ бир учурда көңүл калууга алып келатат, анткени чыныгы адис тарткан, чыныгы актер, артисттер аткарган кинолорду ырахат алып көрүүгө болот. Сиздер тартылган кинолордү көзөмөлдөн өткөрөсүздөрбү? Азыркы тартылып жаткан кинолордун көпчүлүгү мааниси да жоктой сезилет. Учурда жаштар кинотеатрларга көп эле каттап калышкан, идеологиялык маани бергиле деген талап коюуга болобу? Же ар ким билген намазын окуй береби? Анан дагы бир суроом: Чет жата жүргөн мекендештер тууралуу ар ким мигранттар деп кино тартышууда, бирок деңгээли өтө эле төмөн болуп жатат. Алардын маселелери менен кошо учурдун жашоосун так чагылдырган ошону менен бирге эле тарбиялык маанидеги тасманы чагылдырууга болобу, шартыңыздар туура келеби? Каржылоо маселеси кандай чечилет?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Рахат, сиз билесизби, көп атактуу режиссерлор карьерасынын башында ар нерсени тарта беришчү. Окшошсо дагы окшошпосо дагы.. Ошентип барып оңолот. Оңолбогону өзү эле түшүнөт. Ал эми мигрант жашоосун тарткандарды колдогула. 10-20 жылдан кийин тарых үчүн алар «алтын кадр» болуп калышат. Негизи чыгармачыл адамдарды көп урушпаңыз. Биздин бир аз ошондой «крышабыз кыйшыгыраак» болот. Болбосо бизнесмен болуп кетпейт белек. Бизге окшогон адамдар да керек.

ээ 63Канатбек СМАИЛОВ, Екатеринбург шаарынан, Оруссия.  Садык байке ассалоому алейкум. Сизге биринчи суроом: Төкмө акындардын кыргыз-казак айтышында мага эки акын айтышпай эки эл айтышып жаткандай боло берет. Менимче бул биздин элди сындаганын казак акындары баштагандай. Ал эми жоопту Аалы Туткучевдей ак-таңдай акындарыбыз катырып берип жүрөт. Бирок бул айтышты көргөн калың журт, кыргыз-казак элинин ойлору бузулат. Бул жөнөкөй гана айтыш экени, өнөр экенин айрым ашыкча партиоттор түшүнбөй жатат. Кыргыздар казактарды,казактар кыргыздарды жаман көргөндөй болуп. Суроо. Айтышта саясатты, элдин кыжырын келтирүүчү нерселерди, бирин-бири басынтуучу жана элдин көйгөйлүү маселелерин козгобой айтышкыла деп алдын-ала акындарга айтып, эскертип койсо болобу? Ансыз деле эки элдин мамилеси анча деле жакшы эмес болуп тургансыйт.
Экинчи суроом: Тарыхий тасма тартып (Курманжан Датка) тажрыйба алып калгандан кийин кытайга качкан кыргыздар жөнундө, тагыраагы Үркүн жөнундө кино тасма тартса болобу дегеним?
Мисалы: «Мисмилдирик» (Беделдеги каргыш) деген китеп бар, менимче ошол китепте жазылган окуялар дапдайар сценарий болуп берет эле. Бул да болсо биздин тарыхыбыз эмеспи. Албетте, мыкты тарыхый кинолор тартылып кийинки муундарга калыш керек. Орус падышасынын кыргыз элине болгон каары, канчалаган элибиз кытайга качып баратып ачкадан кырылгандыгын эч качан унутпаш үчүн.. Рахмат!
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Алейки салам, Канатбек.
1. Акындарга дайыма эле айтып жүрөбүз. Айтышканда эле кызып кетип жатпайбы. Азыр эми тынчышып калышты. Катуу кетпесин деп Кыргызда айтышканда кош байге сайып коебуз. Кыргызга дагы баш байге, Казакка дагы баш байге. Көбүнчө казак туугандарга барып айтышканда чыр чыгып кетип жатат. Бирок азыр бу көрүнүш токтоп келе жатат. Кудай буйруса 31 августка карата чоң айтыш өткөзгөнү турабыз. Дагы айтабыз ынтымак жөнүндө.
2. 1916-жыл чоң трагедия. Албетте кино кылып тартыш керек. Албетте чоң акча кетет. Албетте дагы кыйкырып чыгышат. Актан Арымдан уктум эле сценарийим бар деп. Чынын айтсам менде да сценарийдин идеясы бар. Каражатты мамлекет бере алабы же орустардан жалтактап, бир шылтоону айтышабы, ким билет. Бирок бул улуу трагедия кино болуп тартылыш керек деген ойдомун мен дагы.

РасулРасул САЛАЙДИНОВ, Кочкор районунан, КР. Фабула гезитиндеги (11.07.14) Болот Шер мыйзамсыз менчиктештирип алган Совет-Бөкөнбаев көчөлөрүнүн кесилишиндеги милициялардын жатаканасынын ордуна Садык Шер «Жетиген» деген аталыштагы акча алмаштыруу жайын ачып алган деп жүрөт. Ушулар жана аз мурун Адил Турдукуловдун сиздин дарегиңизге карата жазгандары сизге каршы маалыматтык чабуулбу?
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Расул саламатсыңбы.
Газета туура жазган. Болгону Болот Шер ар бир милиционерге 3-4 комнаталуу квартира сатып бергенин кошо жазып койгонду “унутуп” калышыптыр. Баары болуп 9 квартира сатылып берилген. Ал квартираларды кайта алмаштырабыз деп келишсе алмаштырып бергенге деле даярмын. Чынында эле жарымына мен кожоюнмун. Жарымысына башка бирөөлөр кожоюндук кылат.
Турдукулов боюнча, ал өзү эмне жазганын деле түшүнбөй калды болуш керек.

ээ 63Арыбаңыз агай. Дагы бир жолу жакшы маанай каалоо менен эки ооз суроо салып Бишкектен иниңиз Чолпонбек Жетиген.
1. «Манас» үчилтиги «ЮНЕСКОНУН» Дүйнөлүк көөнөрбөс маданий мурастарынын тизмесине алынды, кыргыз маданияты деп умтулуп келаткан адам катары сиз дагы биздин кандай маданий мурастарыбызды сунуш кылаар элеңиз ЮНЕСКОНУН тийиштүү тизмесине киргизүүгө? Деги эле биздин улутук маданий жана башка элдик мурастарыбыздын бул уюмдун тийиштүү тизмесине катталусунунун жакшы-жаманын, маани-маңызын чечмелеп айтып бериңизчи?
2. Юрист деген дагы бир кесибиңиз бар учурдагы Республиканын конституциясына алымча кошумча ойлорду айтып бере аласызбы? Тагыраак айтканда ушул азыркы учурдагы конституция жүрөгүңүзгө туура келеби? Келбесе өзгөчө баса белгилеп кайсы беренелерди айтаар элеңиз? Сиздин көңүлүңүзгө толгондорун дагы.
Садык ШЕР-НИЯЗ. Жооп: Бар бол, Чолпонбек.
1. Манас кытайга кеткенде ырас баарыбыз кыйкырып чыктык. Чогуу кылган эмгектин аркасында ЮНЕСКОнун тизмесине илинди. Самаков берилип иштеди, аягына чыгарды. Ошол эле учурда башка кишилердин эмгектери айтылбай келет. Учурда бул кыйын деле маселе эмес, тизмеге киргизүү боюнча коммисия ишин кыла берсе болот.
2. Азыркы шайлоо системасы оңолгону жатат, бул боюнча кезегинде Конституциялык кеңешмеде Текебаевге айткан болчумун, уккан эмес, акыры кайта ошол сөзгө жакыныраак болуптур. Эми кызыгы, кантип система кылышат, кызыгып олтуруп шайлоо системасын кыргын кылып алышабы же акыл өлчөп системасын оңдошобу? Ал боюнча да бир жолугушууда Болот Шер агама айттым, ким билет? Бул мыйзамдын да чийки жерлери бар, мисалы Шайлоодо бир партия канча көп добуш алса да 65 депутаттан ашык мандат ала албайт деп жазылыптыр. А эгерде бир эле партия 7 пайыздан ашык добуш менен келсечи? Калган 55 орунга кайсыл жактан депутаттарды чогултабыз?
Аксакалдардын орду көрсөтүлбөй калган бул Конституцияда, салтыбыз көрсөтүлбөй калган. Демократиялык принциптери орундуу жазылган.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Урматтуу Садык мырза, Достор! Ушуну менен эки күндүк алты саатка созулган «Көч байланышыбызды» жыйынтыктайбыз, убактыбыз дагы соңуна чыкты. Суроолор өтө эле көп болду, бирок аздап бири-бирин кайталаган суроолор дагы аралашып кетти. Андай суроолордон дагы беш-алтоо түшүп, аларды бербей эле койууну туура деп таптык..
Жалпысынан суроо-жооптор жакшы болду деп айтсак болот, маданият, кино тармагынан аз болсо дагы олуттуу маалыматтарды алдык. Андыктан убактысынын өтө тардыгына, ишинин көптүгүнө карабай атайын дүйнөнүн чар тарабында жашаган боордошторунун өтүнүчүн туура кабыл алып, көйгөйлүү суроолорго эрикпей жооп жазып отуруп бергени үчүн жалпы Көчмөндөрдүн атынан жана өзүмдүн атымдан терең ыраазычылык билдирем!
Арыба Садык мырза! Түйшүгү түмөн чыгармачылык иштериңизде ар дайым ийгиликтер болуп, элиңизге, өлкөбүздүн гүлдөп өсүшүнө мындан да бийик, салмагы тоодой салым кошо бериңиз демекчибиз!.

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, публицист. Финляндия, Келсинки шаары. 19-20-июль, 2014- жыл.

 

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *