Чагылган..

Нургазы МУСАЕВ.

Нургазы МУСАЕВ.

ЭНЕЛЕРИМ.

Өз чоң энемди атам да билбей калыптыр. Атам 2 ге толуп-толо элегинде чоң энем катуу оорудан көз жумган экен. Атам эжеси экөө таенесинин колунда калышат. Чоң энемдин оорусу эмне оору болгонун билбейм. Табыпка барып, ал бир дары ичирген экен. Жолдо келатып: «денем күйүп жатат!» деп карга оонап, жанын койорго жер таппай, карды боортоктоп үйгө жетти кызым деп энебиз көзүбүз жашын көлдөтүп айтып бергени элес-булас эсимде. Чоң энебиз каза болгондон үч күн өтпөй чоң таенебиздин дагы бир кызы көз жумат. Баары болуп чоң таенем он бир бала төрөгөн экен. Он биринен бир гана кызы тирүү калат. Ушинтип уулу жок өтөбүзбү деп, чалына жаш аял алып берет энебиз. Ал аялдан да чоң таятам бир кыздуу болот.

Ошентип мен атамдын таенесинин колунда өстүм. Энебиз чүкөдөй болгон арык, бели бүкүрөйгөн, укмуштай сулуу көздөрү бар Назик деген кемпир эле. Бул дүйнө дүйнө болгону энем ошондой кемпир бойдон жаралгандай, а биз болсо бала болуп жаралып, бала бойдон кала берчүдөй булутсуз, кирсиз күндөр эле ал күндөр. Бутум басып, тилим чыкканы энемди туурадым, бүкүрөңдөп. Чоңойгондо трактор алып, жип менен энемдин белинен байлап туруп, белин түздөйм дечү элем. Анымды уккандын баары кыраан-каткы болушат, үйгө келгени да, көчөдө жолукканы да «энеңди туурап берчи» дей беришет.

Энемдин бир кубанычы бар эле. Ал – ун алган күнүбүз. Үй алдына келген мүшөк унду кой десе болбой, четинен кармашып, анан агала ун болуп, ящикке өзү салып, «айнанайын, айнанайын, аппак ун экен» деп эле сүйүнө берчү. Ачарчылык, жокчулук, бир табак буудайга зар болгон күндөр… эми минтип токчулук заманга жетип, төбөңө көтөрүп чоңойткон неберең ун алып келип отурса… ошол күн энем үчүн майрам болгон экен.

Бул өмүрдө өлүмдөн башканын баарын көргөн, омуртка оорутуп, он бир бала төрөп, алардын онун кайра жерге берип, мүңкүрөбөй, муюбай өмүрүн татыктуу жашап өткөн чүкөдөй бүкүр кемпирде эмне деген күч, эмне деген кайрат, эмне деген жашоону сүйүү болгондугун эми аңдап отурам.

 

 

х х х х

 

 

Өз таенемдин баяны да кызык. Таятам байбичесинен он төрт бала көрөт. Он төртүнөн он үчү өлүп, жалгыз кызы калат. Согуштан кийинки жылдарда таятам менин таенеме үйлөнөт. Заман ошондой болгон окшобойбу. Муну айтсам азыркылар күлүшөр. Таенем таятаман 35 жаш кичүү болгон экен. Таятамын байбичесинен калган кызы Анар энебиз дээрлик күндө ыйлай берген кейикчээл киши эле. Он үч бир туугандан айрылуу оңойбу? Уулум иштен келе элек, неберелер кечикти, тууганыбыздын башына иш түштү… деп эле кайгырып отургандары эсимде бар.

Таенем удаа-удаа 6 уул-кыз төрөйт. Эң кичүү таекем таятам 82 жашында төрөлүптүр. Төрт жылдан соң таятам көз жумуптур. Дөөдөй болгон киши эле, үч жыл төшөктө жатып калды деп таенем айтып калчу. Ошентип 6 бала менен жесир калыптыр таенем. Же билими, же иштеген иши, же туруктуу кирешеси жок алты баланы кантип бакты экен деп калам. Тескерисинче, таенемде дайым акча болор эле. Эсимде бар, эбак күйөөгө кеткен кыздары: таежем, апамдар барып, таенемен акча сурап турушчу. Ал кишинин көзү өткөнчө мөмө-чөмө, сары май, отун, балдарга тигилген кийим-кечектер ж.б. оокаттар биздикине ташылып турар эле. Таенем жалгыз пенсиясы менен уулдарынын баарын окутту. Бир таекем Рязандан окуду, бир таекем Барнаулдан окуду, бирөөсү өзүбүздүн университеттен окуду.

Таенем мээримине чек жок аял эле. Алты бала, кийин неберелер кошулду, баарын тумшуктууга чокутпай, канаттууга кактырбай өстүрдү. Өмүрү бирөөнүнүн көңүлүн оорутканын уккан эмесмин. «Адалдан оокат кылгала, бирөөнүн бир тыйынына көз артпай жашагыла, балдарым» дээр эле дайыма. Таенем кароосуз калган арык боюна бир чакырымдай жерге терек тиктирди, ал шуулдаган теректер бүт айылдын көркү болду. Өкмөт ал теректерди кыйабыз дегенде канча жыл чоңдордун босогосун жыртты.

… Таенем пайгамбар жашында көз жумду. Ургаачынын сулуусу эле. Ошол ооруп жаткан учурунда бөтөнчө сулуу болуп кетти. Жүзү нурданып, акылын бир жоготпой, катуу оору жанын кыйнап турса да Россияда окууда жүргөн таекемди айтып, ага кабар бербегиле, эки жолу операция болду, угуп кыйналбасын, окуусу калбасын деп жатты. Мен барганда аябай катуу ооруп жаткан экен. Мен мектепте бүтүрүү экзамендеримди тапшырып жаткам. «Балам, экзамендериң кандай? Жакшы оку!» – деди. Мен таенемден уккан акыркы сөз ошол болду. Эртеси көз жумду. Жаназасына келген адамдар калп эле ыйламыш болуп келгени, күлүп сүйлөшүп отурганы, саясатка кирип кетишкени жинимди келтирип, ансайын айла таппайм… Таенемди жерге бердик…

Андан бери чейрек кылым өтүптүр. Таенем түшүмө көп кирет. Күлүңдөп алдыман чыга калчудай, «балам, жаман иш кылбадыңбы, бирөөнү алдабадыңбы, турмушта кыйналбадыңбы, тапканың адалдан болуп жатабы?» дечүдөй, ал асыл адам дайыма мени карап тургандай сезимдер келет.

Энелерим! Бозоргон дөбөдө боз топурак болуп жатасыңар. Азыркы аялдар туу туткан байлык дагы, бийлик дагы, билим дагы сиздерде жок эле. Адамдар менен кантип мамиле түзөм деп тренингге катышып, сертификат алган эмессиздер. Турмуштун бел майыштырган кыйынчылыктарында, кайгы басып турганда өлүп тынайын деген эмессиздер, бирөөдөн катуу тил уксаңар депрессия, стресс болуп жатам деп психолог издеген эмессиздер. Бала төрөсөңөр бага албайм деп дааратканага ыргытып, үстүнө таш таштаган эмессиздер. Дал турмуштун өзүнөн окуп, кубанычта да, кайгыда да, жокто да, барда да АДАМ бойдон калгансыздар. Баары бар, бирок адамгерчилик таңкыс товарга айланган бул күндөрдө силердеги топуктук, каниетчилик, энелик мээрим жетишпей тургансыйт.

Аялдардын майрамында Сиздерди азыноолак эскердим, энелерим. Сиздердин турмуштан бир адам болсо да сабак алып, жашоого тике карап, татыктуу өмүр сүрүүгө бет алса, ошол майрам болоор.

 

Нургазы МУСАЕВ. Бишкек шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *