Жаңы жомок..

******************************************************************************************************************

Жоголуп кайра табылган айтылуу шакек.

ДАЙЫНСЫЗ ЖОГОЛУП, АЙЛАНЫП ЖҮРҮП КАЙРА ЭЭСИН ТАПКАН «АЛТЫН» ШАКЕК.

(Болгон окуйа)

Мындан бир канча жыл мурун илгерирээк Европа чордонунда жайгашкан өлкөнүн бириндеги ары абройлуу, ары дүйнөгө таанымал, эл аралык маалымат кызматтарын аткарган аттуу-баштуу эле мекемеде  иштеген эки башка өлкөдөн келген эки башка улуттун өкүлү бири-бирине болгон жакын мамилесинин, жан дүйнөлөрүнүн астейдил жактыруусунун негизинде келип чыккан жылуулуктанбы, айтор ошол жылуу мамилелери бирге түтүн булатууга, үй-бүлө куруп жашоого, эриш-аркак кол кармашууга шарт түзүп, баш кошуп бирге жашап калышат. Бири алыскы атагы таш жарган Америка жараны болсо, бири Борбор Азиядагы эркиндикке тынымсыз умтулган элдин, чакан өлкөнүн жараны экенине карабай издешпей табышып алышып, эл катары эле жупуну жашоо кечирип баштайт. Жубайлар өздөрүнүн бактылуу көз ирмемдеринин башталышын, «бал айынын» таттуу күндөрүн айтылуу Жер Ортолук деңизинин ажайып жээгине барып өткөрүүнү, жөн гана көпчүлүк катары эс алып келүүнү эп көрүшөт да, мындай чечимдерин дароо кабыл алышат да зуу койуп учуп кетишет. Кандай гана керемет көрүнүш: Ак чардактар, ачык асман, аптап бетине төгүлгөн ажайып чалкыган көпкөк деңиз, мээ кайнаткан күндүн ысыгы менен таман «күйкалаган» кумдун үстүндө мелжиген мунарыка суктана тиктей көз чаптырып, күнгө кактанып жатканга не жетсин, чиркин. Ошол жыргалды ыракаттана сезип, туйуп, кум үстүндө аркы-терки, оң-тетир күн табына кактанган айал менен эркеги, бала-чакасы менен кары-жашы аралаша башаламан оонаган чала жылаңач денелүү миңдеген эс алуучулар. Балыктай сууга чумкуп кирип, суудан «суурулуп» чыгып, кайра-кайра күнгө кактанып жаткан биздин каарманыбыз, ачыктап айтканда америкен жигитибиз капыстан эле манжасындагы «маанилүү» шакегин жоготуп, сыйпалап таппай калат. Эч эсинде жок, качан, кайда түшүп калганы. Же сууга түшүп калганы же кургактагы кумдун эле арасына түшүп калганы белгисиз. Көтөрүнкү көңүлдөрү чөгүп, маанайлары аздап бузула түшкөн жубайлар деңиз жээгин өйдө-төмөн бойлой басып, шакекти издеп бир далайга убара болушат, бирок эч натыйжа чыкпайт. «Балким сууга түшүп калгандыр» деген ойго да жетеленишет, бирок анткен менен ал  учу-кыйырына көз жетпей чалкыган деңизден кай жагынан издешмек эле? Оймоктой болгон шакекти ошондой түпсүз тереңдиктен таба калыштын өзү акылга сыйбаган оокат эмеспи, эмнеси болсо да дайын-дарексиз жоголду, дегеле үмүттөнүүнүн өзү мүмкүн эмес экенине түшүнгөн жубайлар акыры шакектен түңүлүшөт да, «мейли эми, башы-көзүбүздөн садага, андан көрө амандыгыбызды тилейли» деген тейде кол шилтеп, унутуп койууга аргасыз болушат да аз күндөн кийин келген өлкөсүнө кайтып учуп кете беришет.

Арадан айлар өтүп, жоголгон шакек таптакыр эстен чыгып, унутулуп калган учурда ал жигиттин түпкү кичи мекени аталган алыскы Американын Колорадо штатындагы өзү окуп бүтүргөн Университетинен ойдо жок жерден эле чындыкка эч окшобогон табышмактуу кат келип калат. Эмне болгон кат экенине анча маани деле бербеген жубайлар катты шашпай ачып окугандан кийин ооздору ачылып, эстери эки болуп, эс-мас болуп отуруп калышат. Ишенип-ишенбей дал болуп, бири-бирин жылмайа тиктеп, бир далайга отурушат да, кат ичинде белгиленип жазылган атайын дареке шаша-буша жооп кат жазып киришет. Ал кат Скандинавия өлкөлөрүнүн катарына кирген Финляндия республикасынын борбору Келсинки шаарына жолдонуп жазылат. Тагыраак айтканда азыркы мен жашап жаткан өлкөнүн жараны, кадимки финдердин чакан үй-бүлөсүнө чын көңүлдөн чыккан терең ыраазычылыгын билдиришип, өздөрүнүн жеке даректерин кошуп, толук жазып берип, мүмкүн болсо пошто аркылуу аталган буйумду салып жиберүүлөрүн өтүнүшөт. Көп убакыт өтпөй эле көптөн күткөн, кадимки табышмактуу жана  таңгалыштуу «буйуму» алыскы финдердин өлкөсүнөн келип калат. Бир чети таңгалып, бир чети сүйүнүчтөрүндө чек жок жубайлар сыйкырдуу, жомоко окшоп кеткен окуйага ишенип-ишенбей, бирок адам жашоосунда, турмушта тири шумдуктар боло берээрине чындап макул болушуп, өздөрү баштарынан өткөрүп, өз көздөрү менен көрүп жаткан окуйага абдан бекем ынанышат. Кандай болгон күндө да сейрек кездеше турган мындай окуйага түздөн-түз тийешеси бар, ортодо он миңдеген чакырым аралыктарга карабай, бири-бирин эзели тааныбаган, көрбөгөн башка өлкө жарандарынын мынчалык кайрымдуулугуна, боорукерлигине чек жок экенине миң мертебе ыраазы болгон жубайлар алар үчүн атайын белек дайардашып, аттарын атап туруп ыраазычылык ирээтинде жөнөтүп жиберишет. Ооба, мындай нерсе адамдардын арасындагы сейрек, бирок кездеше турган эң мыкты сапат экени талашсыз. Буга да шүгүр.

Американын түндүк тарабына жайгашкан тоолуу Колорадо деген штаты бар. Бул штат эмнегедир мага айабай жакын жана жагымдуу болуп бара жатат акыркы жылдары. Себеби, 2002-жылы улуу кызым мектепти бүтөөрү менен тагдырдын тамашасы дейбизби, же буйрук дейбизби, иши кылып дал ушул штатка окуганы учуп кетти. Айта келсем ал дагы бир өзүнчө узун тарых, жагымдуу, жакшынакай, эстей жүрө турган өтө маанилүү окуйа. Ал кызым дагы ошол штатта туура сегиз жыл жашап, атайын коллежди, андан кийин Больдер мамлекеттик университетинин сайасат таануу факультетин ийгиликтүү айактап келди. Кыскачасы ушул. Бул биринчиси деп койойун.

Эми кайра шакегин жоготкон жубайларга келейин. Ал жигит дагы дал ошол штатта төрөлүп чоңойгон жараны экен. Учурда эне-атасы, туугандары ал жакта эле жашашат. Өзү болсо ошол Колорадодогу Денвер мамлекеттик университетин бүтүрөт. Ал окуу жайдын «традициясына» айланган дагы бир орчундуу белгиси катары ар жыл сайын окуу жайы өз бүтүрүүчүлөрүнө диплом менен кошо бооруна окуу жайдын аты-жөнү, дареги толук чегилип түшүрүлгөн атайын өздүк шакектер тапшырылып турат экен. Диплом менен кошо колуна тийген шакек ошол эле саатта каарманыбыздын ортончу манжасынан орун алып, чыккыс болуп кийилет. Турмуш дөңгөлөгү ал жигитти да ары-бери түрткүлөп отуруп акыры Европа чордонундагы жогоруда айтылган өлкөгө, маалымдоо мекемесине айдап келип, туруктуу жаран катары жашап, иштеп калат. Бул экинчиси болсун.

Кечээ жакында эле дагы бир бейтааныш америкалык жигит менен «Фейсбук» аркылуу таанышып калдым. Өзүм жетектеген топко кабыл алып, анын кыргызча так сүйлөгөнүнө абдан катуу кызыга баштадым жана жакындан таанышууга өттүм. Мына сага дал келүү. Бул жигит да толгон штаттын арасынан дал ошол Колорадо штатында төрөлүп чоңойгон жигит болуп чыкты. Эки эсе таңгалыштуусу ал биздин, кадимки эле кыргыздын күйөө баласы экен. Ысык-Көлдүк карындашым Гүлжан Кудабайдын өмүрлүк жолдошу болуп чыга келди. Эзилишип эле жатып калдык. Аз өтпөй Девид күйөө балабыздан кызыктуу, көлөмдүү, көптөгөн окуйаларды камтыган өтө зор, маани-маңыздуу маек алганга жетиштим. Бул дагы бир дал келип калган окуйанын үчүнчүсү деп койойун.

Жер Ортолук деңизи.

Айланып отуруп эми кайра эле жоголгон шакектин тагдырына келели. Ошол Жер ортолук деңизгеби, же жээгинеби түшүп калып жоголгон айтылуу шакекти эбепке-себеп болуп дегендей эки жубай кеткенден кийин ал деңиздин жээгине эс алганы Финляндиянын борбору Келсинки шаарынан келишкен үй-бүлөнүн 7-8 жаштардагы баласы деңизге «водолаз» кийип алып чумкуп, кирип-чыгып сүзүп жүрүп кокустан суу түбүндө жылтырап жаткан шакекти таап алат. Аны ал бала ошол замат эле алып келип ата-энесине көргөзөт. Ата-энеси ал шакекти кылдат карап, окуп көрүшөт да, эмне болгон, кайдан келген шакек экенине дароо түшүнүшөт да баштыктарына салып катып койушат. Андан соң алардын  да эс алуу мөөнөтү айактап өз жергесине, Финляндияга кайтып келишет. Келгенден кийин алар Колорадодогу аталган Университетке болгон окуйаны болгондой кылып байандап, шакектин чоо-жайын түшүндүргөн кат жазышат.  Катты алышкан окуу жайдын кызматкерлери ошол замат ал шакектин кимге, кайсы жылы бүткөн бүтүрүүчүсүнө тийешелүү экенин аныктап, таап, тактап чыгышат да ошол эле штатта жашаган анын ата-энесине кат менен кайрылып, учурда алардын уулу кайсы өлкөдө, кандай даректе жашап жатканын сурашат. Алар уулунун кайда экенин билдирип, толук дарегин окуу жайга дароо жазып жөнөтүшөт. Ал эми ал окуу жайдын жетекчилиги өздөрүнүн бүтүрүүчүсүнө жана Финляндиягашакек ээсинин толук дарегин, деңизден табылган шакек дал ошол жигитке тийешелүү экенин бекемдеген расмий кат жолдоп жиберишет. Мына ошентип дайынсыз жоголгон шакек айланып жүрүп алты айдан кийин өзүнүн ээсин табат. Шакегин жоготкон жигит таптакыр түңүлүп, үмүтүн үзүп койгон «алтын» шакегин  олутту жылмайып отуруп ортончу манжасына кайрадан кийгизип койот.

Окуйа каармандары Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВА.

Башынан баштагандан айагына чейин ачык айтпай, бүдөмүктөтүп келе жаткан сыйкырдуу окуйадагы табышмактуу жубайлар ким дебейсиздерби? Айтайын. Алар кадимки эле, азыркы күндө Чехиянын борбору Прага шаарындагы «Азаттык» радиосунун кыргыз бөлүмүн жетектеп жаткан таланттуу журналист кызыбыз Венера ЖУМАТАЕВА менен ошол эле радиодогу бөлүмдүн англис тилдүү интернет сайтынын редактору кызматын аркалаган америкен күйөө балабыз Пит БАУМГАРТНЕР аттуу жигит болуп жатпайбы. Карабайсыздарбы? Бул айтылган окуйалардын каармандары негизинен бир эле аймактан болгону, андан да ошол шакекти учу кыйырына көз жеткиз чалкып жаткан айтылуу Жер Ортолук деңизине жүздөгөн өлкөлөрдөн агылып, эс алууга келишкен миңдеген, миллиондогон адамдардын арасынан так ушул азыр мен жашап жаткан өлкөнүн, шаардын жашоочулары таап алганы да өзүнчө бир башкача дал келүү, кызык окуйа болуп жатканын эмнеге, кантип жашырайын. Ушул кызыктуу аңгемени апрель айында Италиядагы Сан-Марино өлкөсүндө болуп өткөн бүткүл дүйнөлүк кыргыздардын 2-форумуна катышканы барып, жердешим, кесиптешим Венера менен жана анын өмүрлүк жолдошу Пит күйөө бала менен жакындан таанышкандан кийин ортодо сөздөн-сөз чыгып отуруп, алардын башынан өткөргөн бирден-бир кызыктуу окуйасы катары айтып берген аңгемеси эле. Окуйалар көп эле болот негизи, бирок окуйанын ооз ачырганы, табышмак сыйактуу таң калтыра тургандары дагы болот экен. Ошондуктан Пит БАУМГАРТНЕР менен Венера ЖУМАТАЕВАНЫН окуйасын дал ошондой таңгала турган окуйа катары баалап, жеке өзүм эле эмес башка да көптөгөн окурмандардын кеңири аудиториясы дагы таанышып калсын деген тейде ушул чакан ой-толгоомду жазып койууну туура деп таптым..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист.
Финляндия, Келсинки шаары. 20.06.2013.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *