Жанмаанай..


АПАМА КАТ.

Апаке, апам менин!
Алгач ирет көзүмө жаш тегеренип, жүрөгүм миңге бөлүнүп, атыңызды ичимен миң кайрып, ушул баянымды жазууга кириштим. Колго калем кармап, ыр дүйнөсүнө аттангандан бери баш-аягы жыйырма жылдай убакыт учса да, буга дейре бир сапар да сиз туурасында жазбаганыма, көңүл жылытарлык жылуу пикирди газета беттеринде арнабаганыма кейип турам, ушу учурда. Буга балким, уяңдыгым себептир. Ырасында эле сиз тууралуу жазуу мен үчүн абдан оор экенин сезсеңиз кана, жөн салды эле отура калып чүргөй салчу жеңил иш эмес экенин билсеңиз кана. Антпегенде илхам дайрасы ташкындаган көз ирмемде кичинекей макала эмес, көлөмдүү китеп да жаза аларлыгым аштан бышык эле, апаке. Болгону уялам, апа, улуу атыңызга көлөкө түшүрүп алуудан чоочуйм, ички дараметимде али бышып-жетилелектей сезем, өзүмдү. А балким максатыма ылайык келечекки күндөрдүн эсебинен сизге арналчу чыгармам да жарык көрөөр, буюрса. Андыктан бүгүн сизге жөн эле кайрылуу баянын жолдоп, көңүлдөгү бугуп жүргөн армандарымды айтканча бир жеңилдеп алууну чечтим, апаке! Кудум бала кездегидей тизеңизге башым жөлөп эркелегенче, оюма келген пикирлерим менен ортоктош болушуңузду кааладым, апа!

Билесизби, апа? Мен эч качан чоңойгум келчү эмес, көзүңүздүн тирүүсүндө. Дамамат сизге эркелеп, таң эрте уйду саарыңыз менен мага сунган чыныдагы жылуу сүттү ичип, тандырдан үзгөн токочуңуздан керте тиштегенче, жаныңыздан такыр чыккым келбечү. Эркелеп демекчи, көкүрөк күчүгүңүз болгонум үчүнбү, мени башка балдарыңызга караганда көбүрөөк эркелетчү элеңиз. Антсе да мезгил баарын өз ордуна коёт тура. Капилеттен жашым он бирге таяганда атам экөөңүздөр удаа-удаа бул жалгандагы өмүр сапарыңыздарды карытып, чын дүйнөгө узап кеттиңиздер. Ошондон ушул күнгө чейин эч кимге эркелебей, үмүттүү күндөрдүн кучагындамын, сиздердин жок экениңиздерге ишенип-ишене албай. Мага сиздер алыс жакка айылчылап кетип, кайра бир күн жарк этип күлүмсүрөй кирип келчүдөй туюла бересиздер. Отуз бирдин суусун ичип жүргөн ушул чагымда да ушуреки ишенимден айрыла албай жашап келем. Балким, мен сыяктуу ата-энесинен көктөйүндө ажыраган балдардын баары эле дал ушундай ойлорду көкүрөгүнө түнөттүшөттүр. Өткөндө кайсыл бир басылмадан, казактын кайсыл бир ойчулунун «Апасы бар адамдар эч качан картайышпайт» дегенин окуп калдым да, эң калетсиз айтылган кеп экенине ынандым. Ырасында эле, апасы бар адамдарда арман деле болбосо керек. Ушул өңүттөн саресеп салганда менин өз жашыман бир топ эле улуу көрүнгөнүм айдан ачык.

Сиздерден айрылгандан кийинки көргөн күн курусун, апаке! «Өлбөгөн адам алтын аяктан суу ичет» деген сыңары алдыда көрөр күнүң мол болсо, бешенеге кудурети күчтүү Кудай ушундай тагдыр буюруп койсо, албетте, ата-энең жаныңда болбосо да элдир-селдир өтө берет экен, жашоо. Бирок да, жалаң армандын жетегинде. Билсеңиз, мен сизди дайыма эстейм, апа. Каерде жүрбөйүн, кандай жумуштар менен алектенбейин, дайыма эс-көөнүмдүн төрүндөсүз. Жашоодогу ар бир урунттуу учурга кабылган сайын сизди эстеп, муун-жүүнүм бошошо ичтен сызып алам, жан адамга көргөзбөй. «Баланчанын баласы жаман окуптур» сыпатындагы жаман сөздөрдү сиздерге илештирбөө максатында кааласам-каалабасам да мектепти эң жакшы деген баалар менен аяктадым. Андан соң Университетте экенимде да алдыңкы студенттердин катарын толуктоого аракет жасадым. Университетти бүткөндөн соң газета чыгаруу жаатында эмгек этип жүрүп үйлөндүм, апа! Ошондо бир ыйладым, элдердин апасындай болуп, ак дасторкон үстүндө алакан жайып, келиниңиз экөөбүздү алкап, кубанычыңызга кубаныч кошулуп турса жарашпайт беле? Андан соң жыл айланбай кыздуу болдум, апа! Төрөт үйүнөн кызымды көрүп, сүйүнчүлөгөнү шаардагы агамдын үйүнө бараткан жолдо көзүмүн жашын он талаа кыла, өпкөм-өпкөмө батпай солуктап, ошондо бир ыйладым, апа. Кечээки эле көкүрөк күчүгүңүз эрезеге жетип, эми өзү ата болгонуна жетине албай турганын көрүп, небереңизди колго ала эркелетип, чоң энелик доорду баштан кечирсеңиз жарашпайт беле? Былтыры болсо Бишкектин чет жакасына там тургуздум, ошондо бир ыйладым апа, келиниңиздин ысык чайын ичкенче, чакан тамыбыздын берекесине береке кошуп, сөөлөттүү көлөкөңүздү көрсөтсөңүз жарашпайт беле? Албетте, жарашмак, аттиң десе! Ал жагын бир айтамбы же миң айтамбы?..

Апа, апакем, менин! Сиздер келбес сапарга кеткенден бери да жыйырма жылдай убакыт суудай агылыптыр. «Элүү жылда эл жаңы, жетимиш жылда жер жаңы» дегендей андагы сиз көргөн турмуш, тап-такыр бөлөк нугуна өзгөргөн. Кандайдыр бир деңгээлде элдин пейили тарып, бир тууган бир тууганы менен эсептешип калган капитализмдин желаргысы согууда. Өлкөбүзгө эгемендүүлүк орноп, эл билармандарыбыз эл тагдырын каалагандай калчап, карапайым калктын бир даары акча таап, үй-бүлөсүн багуу максатында башка өлкөлөргө тербип кеткен заман, азыр. Эл менен сен бийиксиң, элден чыксаң кийиксиң дечү беле? Андыктан алардын арасында албетте мен да бармын, апа. Тагыраагы капкалуу Москва калаасында жашап жүрөм, айына үйгө акча салып, тириликти тыңдап алуу ниетин көздөп. Москва демекчи, бул калаа мага биринчи көргөн күндөн тартып эле акыр-чикири аралашкан, зор океандын түспөлүндөгүдөй таасир берет. Анткени, башаламан жашоонун накта өзөгү дал ушул калаада бүчүр ачып, ыймандын куту качкандай. «Сүйүүнүн көзү сокур» накылыбызга төп келчү жосунсуз жоруктар кадам сайын кездешет. Кыл мурут коюп, жаңы эле өспүрүм курактан өткөн жигиттерибиз энесине тең чамалаш аялдар менен баш кошуп алышкан. Канчалаган наристелерибиз ата-эне жытын жыттабай айылда жүрүшөт, ичигишип. Ал эми алардын аталары, мындайча айтканда бизге үлгү көрсөтчү агаларыбыз айыл-апага бала-чакасын, жарын таштап коюшуп, никеси жок эле бөлөк аялдар менен таттуу мамилешүүгө ыкташкан. Айтор, бир бөлмөдө он-он бештен тыгылып алышып, өз билгендерин жасашууда. Анан дагы кырчындай кыздарыбыздын басымдуу бөлүгү бөлөк улуттун жигиттеринин колтугуна кире качышканы каңырыкты түтөтпөй койбойт. Бирдеме десең «Москвачылык» деп беттен алмай адатка көчүшкөн. Ушундай жагдайда тапкан акчабызда кайсыл береке болмок да, кандайча жаркын жашоого тез арада жетинмекпиз? Ириде руханий жактан азат боюбузду аруу тутканыбызда гана иштерибизди ийгилик коштосо керек эле деген ойго жетеленем.

Эх, апаке, эл тагдырын жазгым келет, жупкадай үч ыр жыйнагымы чыгарганыма карабастан кыргыз адабият айдыңында Чолпондой жангым келет. Эл тагдырын го, ар түркүн тематикада макалалаштырып газета бетине чагылдырып келатырым, колдон келишинче. Эл тагдырын го ушинетип жаза берет экем, а менин тагдырымы ким жазат, апа? Атам экөөңүздөрдөн айрылып, жетимдиктин запкысын тартканымды, өз Мекенимден туруктуу турмуш күтө албай, чоочун өлкөдө өнтөлөп, элдир-селдир жашап келатканымы, ар күн сайын Ала-Тоом көздөн учуп, сагынычтын сазына белчемен батканымы ким жазат, апа? Эх, апаке, апаке?…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *