“Ашан”

ӨМҮР ДАЙРА, А БИЗ АНДА БАЛЫКПЫЗ…

Андыктан өмүр дайрасында балыктай сүзүп жүрүп, ушул жашка чыккычакты ар кайсыл иштин башын бир кармап атып, кечээ жакында эле апрелдин орто ченинде “АШАН” гипер маркетинин “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүнө сатуучу-кеңешчи болуп орноштум. “АШАН”дын тарыхына учкай токтолсом, 1961-жылы 6-июлда Жерар Мюлье деген ишкер өзүнүн 30дай кызматкерлери менен Франциянын түндүк тарабындагы Рубэ шаарында ачып, бийик дөңсөөдө жайгашкандыгынан улам дүкөнгө “АШАН” деген ат ыйгарган. (Французча бийик дөңсөө “О Шан” деп аталат). Башка маркеттерге салыштырмалуу “АШАН”дын буюмдары болуп көрбөгөндөй арзан жана сапаттуу. Ушундан улам тез арада эле “АШАН”дын ташы өргө кулап, кулачын жер шарынын ар кайсыл шаарларына жаят. Ал эми Орусияга 2002-жылы ачылат. Учурда Орусияда “АШАН”дын 35 гипермаркети иштеп атыр. Бул тууралуу “АШАН”га орношкон алгачкы күндөрү үч күндүк окуу-тренингде окутуучулар маалымдашты. Жакшы жери, окуган күндөрүбүз да иш сааты катары эсептелип, маяна эсебине жазылат. Бу да болсо француздардын иш билгилик ыкмасы экенине баа бербей кое албайсың. А болбосо көптөгөн орус мекемесинде алгачкы үч күндү бекер иштеп, эшек сымал сүтү арам, күчү адал немеге айланарың аштан бышык го. Айта кетүүчү дагы бир нерсе, “АШАН”да иш графигиңди менеджерлер менен кеңешип-таңашып тактасаң болот. Биздин бөлүмдүн кызматкерлери 2 сменада тактап айтканда, 1- смена таңкы 6:30дан тартып, 15:30га дейре, ал эми 2-смена күндүзгү 14:00дөн тартып, 22:30га дейре иштешет экен. Өз каалоом менен 2-сменаны тандадым. Себеби, мен үчүн таңда уйкудан ойгонуш тозокко тете. Анүстүнө, көпчүлүк менен чогуу турган Орусиядагы батирде түн ичи эртерээк укташ да азап. Бири балчылдата сагыз чайнап, бири дүңкө-даңк музыка тыңдап, бири телевизордон Голливуддун курч окуялуу тасмасын тиктеп, бири шалпылдата тамак жеп, бири уюлдук телефондо ким бирөө менен үнүн бек чыгара бакылдап аткан жагдайда, түн бир оокумга дейре уктай албай, башыңды жаздыкка катып, төшөгүңдө суудан кумга ыргытылган балыктай чабалактамагың турулуу иш. Эптеп көзүң илинип кеткен чакта, сааттын ачуу чаңылдагы түшүңөн чоочутат. Ойгонсоң саат жебеси 05:00дү көрсөтүп, таң сөгүлүп келаткан болот. Уйкулуу көзүңдү ушалап, шишип-көөп жумушка жөнөйсүң. Эки-үч сааттык уйкуда толук эс албай, өзүңө келалбай чарчап-арыган денеңди сүйрөп, таңдан-кечке иштеш да оңой эмес. Эми болсо жыргап эле калбадымбы, 2-сменада иштеп. Айына 21 күн гана иштейм. Маянам деле Кудайга даттанбагыдай.

Баарынан да балдарымын апасына жыргал болду. Жапон ресторанындагы ашпозчулук жумушуман бошоп, дээрлик 2.5 айдай колоктоп бош жүрүп, жаңыдан жумушка орношконума, кадыресе ичи жылыгандай. Өткөндө маяна алган экен. “Садовод” базарына барып, бир сыйра жазгы кийимдерди сатып берди, мага. Үйлөнгөнүмө 10 жыл толот, быйыл. Ошондон бери биринчи жолу аялым кийим сатып бериши. Биресе, жагымдуу эле болот экен. Ыраматылык апам эсиме түштү. Балапан кезимде апам ээрчитип барып, кийим-кече сатып берген күндөр. Дал ошого окшоп, аялым да мага кийимдерди сатып берип, денеме жарашкан кийимдерди көрүп, кадимкидей кубанып, кадимкидей мээрим төгүп турду, кадимки апама түспөлдөшүп. Жаш өйдөлөгөн сайын аялың деле аялдай эмес, апаңдай болуп калат тура. Базардан кайтып, түз эле үйгө келбей, жолдон “БУМ” деген супер-маркеттин 2-кабатына көтөрүлүп, коомдук тамактануучу жайлардын биринен бир кружкадан сыра ичип, ачуу даамданган тооктун канатын жеп, аркы-теркини сүйлөшүп олтурдук. Кайран аялым! Учарыма канатым го. Акылынан айланайын. Менин адам болушумду гана каалаган, ысык-суугумду тең бөлүшкөн, эч убакта сатпаган, жашоодогу эң кымбат, кыйышпас жароокер өмүр шеригим го. Мындан ары эч убакта көңүлүнө көлөкө түшүрбөөгө сөз бердим, ичимен. Муңайыңкы тагдырымда бир апаман жана да бир аялыман башка ыйыктыгын жүрөгүмө мөөрдөй баскан бир да бир аялзаты жок экенине көзүм жетти.

“АШАН”дын башка бөлүмдөрү кандай экенин билбейм, мен иштеген “Балык жана деңиз азык-түлүгү” бөлүмүндө иштөө өтө кызыктуу. Шумдугуң кургур, балыктын түрүнөн баш адашат. Өмүрү атын укпаган түркүн түстөгү балыктарды кармалап көрүп, кардарларга таразага тартып, баасын бычып, билбегендерге кеңеш берип атып, иш саатыңын кантип аяктаганын сезбей каласың. Анан да бу орустарың балык дегенде эт-бетинен кеткен улут окшобойбу. Маяналарынын басымдуу бөлүгүн балык сатып алууга жумшашса керек. Баарынан да “Дорада” деген балыкка болгон талап жогору экен. Сөөк-сааксыз, кылкансыз ушуреки балыкты унга булап эле, майга куура берсең жарашат. Асыресе, коон тилиминдей бир кесими эле 1200 рублдан жогорку бааны чапчыган норвегиялык “Треска” деген балыктын жалаң сулп эттүү стейкин (коон тилиминдей кесими) көрүп, таңгалганым, ай! “Тресканын” 5 стейкин бир сатып алгандар да бар. Мындайча айтканда 5 стейктин баасы 6000 рубль. Кыргыз валютасына которгондо 9000 сом. Кыкеңдер бул суммага балык эмес, куйруктуу кой сатып алат эмеспи.

Балык сатып алууга турган, уп-узун, жыландай чубалжыган кезекти тиктеп, кээде балык туурасында айтылган накылдар, ырым-жырымдар, окуялар ойго келет. “Балык жесең түшүң оңолот”, “Балык жеген бала акылдуу болот”, “Балык түшүңө кирсе, байлыгың арбыйт”. Балык – тазалыктын символу. Окус наристелер эрте жашында чарчап калса, аларды каза болду дебестен балык болуп сүзүп кетти деген да сөз бар. Анткени, али кыянаттык кылуу, уурулук жасоо, ушак айтуу не экенин билбеген наристелер таза, күнөөсүз немелер го. Ушинтип, эрте жашында ичер суусу түгөнүп, балык болуп сүзүп кеткен наристелер Кудайдын мээрими түшүп, түз эле бейиш багын аралашы айдан ачыктыр. Бирок да “Балык башынан сасыйт” деген сөз анчейин жага бербейт. Башынан сасыйбы, башка жагынан сасыйбы, өлгөн соң кай жандык болбосун, баары бир сасыйт эмеспи. Менимче, ушул сөз, орой айтылгандай туюла берет.

Бала кезден эле негедир, балык этин аябай жакшы көрөм. Мындан алты жыл илгери, Екатеринбургда, беш жылдыздуу мейманканада тазалык сектору болуп иштеп жүргөнүмдө ар шаршембиде түшкү тамакка балык этин берер эле. А мага болсо кара басып, ошол күнү дем алыш эле. Анан шаршембиде иштеген Кара-Суулук Хусейин деген шеригим менен кеңешип, графигимди алмаштырып, шаршембиде иштегенге өткөм. Анткени, шеригим балык этин жек көргөндүктөн, (айтымына караганда Санкт-Петербургда балык складында иштеп жүрүп, балыктан көңүлү үч көчкөн журттай калган имиш) шаршембиде ишке келгени менен балык этинен даярдалган тамактарды жей албай, азаптанып, ачка да калчу экен. Ошентип, менин балык этин жакшы көргөнүм, биресе, ага да оңдой берди болду бейм.

Балык тууралуу дагы бир окуя. Окуучу кезим. Бир ирет шаардан айылга барып калдым, эс алганы. Үч айлык эс алуу күндөрүмүн биринде Абдипатта деген аяш атам түн ичинде мени балык уулаганы дарыяга ээрчитип алды. Айдын жарыгында шоокуму күнчөлүк жерге угулган, күрпүлдөп аккан дарыянын агымына каршы төмөн жактан аяш атам тор салып, а мен болсо жогортон төмөн карай балыктын баарын үркүтүп, айгай сала агып, анан үрккөн балыктар топ-тобу менен аяш атамын торуна түшүп, Үркөр жылдызы көк бетинен өчкөнчө эки каптай балык кармаганбыз. Аяш атамын ченеши боюнча, бир жарым карыштан кичинелерин кайра сууга ыргытып, жалаң чоң балыктарды бир капка толтуруп, үйгө кайтканбыз. Үйгө жеткенде аяш атам “Уулум, мен бул балыктарды балык уулагандын кумары үчүн гана кармадым. Жегенден деле тажагандай болгом. Кийин-соңу “Аяш атам менен бирге балык уулаганы бардым эле” деп эстей жүргөнүңө жакшы. Ошого атайын сени ээрчитип албадымбы, Акылтайым” деп башыман сылап, өзүнө он чакты балыкты алып, калганын мага карматты. Ыракматымды кайра-кайра айтып, аяш атам менен жылуу коштошуп, корообуздун босогосун аттадым. Үйдөгүлөр менен ошол балыктарды бир апта кууруп да, шорпо жасап да, ичип-жегенибиз, азырга чейин эстен кетпейт.

Ал убакта бойдок элем. Аксылык акын агам Нурлан Калыбековдун жетегинде кыргыздын көз мончогу Сары-Челекке барганымчы! “Улуу көк менен бүткөндөй, улуу көк жерге түшкөндөй” деп кайран Нукем ырга салгандай чынында эле Сары-Челек көлүнүн көркү көз кубантарлык. Балыктары суу бетин бербей калкып жүрүшкөнүн көрүп, толкундабай тура албайсың. Кайырмак салып, кайыкка түшкөн чак. Кандай гана керемет! Токойчулар менен бирге чатырча тигип, дээрлик бир жумадай жаткам, көл жээгинде. Күнүгө балык жеп, оңуп эле калгам. Ал тургай токойчунун бир агала ую бир казан балыкты жеп атканына да күбө болгом. Кийин ушул тууралуу шаардагы досторума айтсам “Койсоңчу, ай, уй дагы балык жейт бекен, калп айтпачы!? Балким, уй эмей эле ак аю жеген болбосун” деп ишенишпей керкакшык узатышат. Мага эмне, ишенсе-ишенбесе өз эрки да, алардын, көзүм көргөн чындыкты гана айттым да.

Кайра-кайра гастролго чыгып, айлап-жумалап, үй бетин көрбөй, концерт коюп, жер кезген артисттердин жашоосун дөңгөлөк үстүндөгү өмүр деп коебуз го. Анын сыңарындай менин жашоом деле артисттердикинен ныпым айырмасыздай. Кыргызстанда экенимде журналисттик кесипти аркалап, иш сапарым менен жети дубанды эң кеминде жети-сегиз ирет түрө кыдырдым шекилдүү. Өмүрү айылынан алыс узабаган кайсыл бир аксакал айткандай “Саарда күн биздин айылдын башынан чыгып, кечинде кайрадан биздин айылдын этегинен батат” дегенчелик тейде караңгы бойдон калбастан, эл-жер кыдырып, жолдо жүрүп, жолдо эс алганга не жетсин. Буюккан чериң жазылып, муң-кайгың кайдадыр житет. Антсе дагы, көңүлүмө Бишкектен чыгып, жеңил машине менен түштүктү карай кеткен жолдогу “Чычкан” капчыгайында өргүгөн көбүрөөк ыначу. Анткени, аты аталган капчыгайда мөңкүп аккан тоо суусунда агымга каршы сүзгөн балыктарды кууруп сатчу. Андагы балыктын даамы ай! Вах-вах, эй! Сонундугун сөз менен сүрөттөп бере албасмын. Ошондонбу, ар бир ирет түштүктү көздөй сапарга аттанарда энем эркек төрөгөндөй, жоголгон буюмум табылгандай кубанар элем, ачыгында.

Мурдакы жылы Москвада “Айкөл Манастын” айкели тургузулуп, ачылыш аземине күнөстүү Кыргызстандан ат арытып, жол карытып, ажобуз Алмаз Атамбаев баштаган кыргыз делегациясы келгени көпчүлүккө маалым. Ошол топтун катарында манасчы агам Рыспай Исаков да келип, канчалаган кыргыз кандаштарынын канын дүргүтүп, жүрөгүнө жылуу сезим тартуулап, өтө берилүү менен манас айтты. Аземдин эртеси күнү Рыспай агама кезигип, Кыргыз Элчилигинин имаратында жайгашкан мейманканада сүйлөшүп олтурдук. Анан Ракем “Акылбек, Москвага келип куру кол кетпейин, үйдөкүлөргө белек-бечек алайын” дегенинен дүкөн да кыдырдык. Ар түркүн белек-бечектер менен кошо ЭлТРдин директору Шайырбек Абдырахман уулуна атап бир банка “Сельд” балыгын сатып алды. Көрсө, “Сельд” балыгын аябай жакшы көргөн Шакем “Ээ, Рыспай, Москвага баратасың, кайтарыңда сөзсүз балык ала келчи” деп атайын дайындаган экен. Ошондо алыскы Москвадан балык алдырып жегиси келген Шакеме жана да досунун бир ооз сөзүн кыялбай атайын балык сатып алган Ракемин убадага бек турган чыныгы жигиттик ариетине суктангам, ак пейилден.

Баарынан да аквариумдагы кызыл-тазыл, балатынын кооз оюнчуктарына окшогон майда балыктарга көз тигилткенди жаныман артык көрөм. Айрыкча, аккардеон коштогон Рыспай Абдыкадыров, Асанкалый Керимбаев, Түгөлбай Казаков, Жолдошбек Мамажановдордун музыкасын тыңдаганча, аквариумду тиктеп отурсаң, оюң оболойт. Асыресе, адам болуп жаралганыңа астейдил кубанасың, ушунакай укмуш жарыкчылыкта узак-узак жашагың келет. Балык болуп сүзгүң келет, өмүр дайрада. Тилегеним, өмүр дайрабыз соолбосун. Толкуп-ташыган калыбынан жазбай ага берсе. Айда-десеңчи, Пушкиндин “Алтын балыгы”! Ушул каалоому орундата көрсөңчү. Болгону бир гана каалоом бар. Өмүр дайрабыз эч-эч убак соолбосунчу…

Акылбек МАМАДАЛИЕВ, Москва шаары, м. Крылатское. 23.04.13.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *