Элге жана эл башчыга..

Урматтуу “КӨЧМӨНДӨР!”, “Фейсбук” колдонуучулар жана Достор!

“КР мамлекеттик тили жөнүндөгү” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө КР ЖК депутаты Урмат АМАНБАЕВАнын демилгесин кош колдоп колдоо ирээтинде биз, 500 дөн ашык мүчөсү бар «КЫРГЫЗ КӨЧҮ» тобу жана эркин жарандар КР Президенти Алмазбек АТАМБАЕВГЕ жана жалпы эле коомчулукка расмий Кайрылуу кат жолдоону туура деп таптык.

Мамлекеттик тил – мамлекеттүүлүктүн башкы белгилеринин бири катары мыйзамдуу таанылган, белгилүү бир өлкө аймагында бүткүл расмий жана бейрасмий деңгээлдеги мамлекеттик, коомдук иштер милдеттүү түрдө жүргүзүлүүчү, калкынын басымдуу бөлүгүнүн эне тили жана пикир алышуунун каражаты катары турмуштун бардык чөйрөлөрүндө пайдаланылган негизги тил болуп эсептелет. Кыргыз Республикасынын аймагында мамлекеттик тилди өнүктүрүү, жайылтуу жана анын кадыр-баркын көтөрүү багытында көрүлгөн даректүү чаралар коомубузда кыргыз тилине болгон жылуу маанай түзүп, мамлекеттик мекеме-уюмдарда, окуу жайларда жана коомдук сектордо мамлекеттик тилди үйрөнүү, иш кагаздарын орус тили менен катар кыргыз тилинде да жүргүзүү аракеттери жүрүүдө. Буга коомчулук, өзгөчө мамлекеттик чиновниктер, кызматкерлер, ал тургай катардагы эле жарандар арасында кыргыз тилин үйрөнүүнү мамлекеттик тескөө эмес, турмуштук зарылчылык катары кабылдоо, ага артыкчылык берүү аракет-түшүнүктөрү келип чыккандыгын да далил катары белгилеп койолу.

Бирок аталган иш-аракеттер, кадам сайын тоскоолдукка туштугуп, “өз өлкөбүздө өз тилибизде сүйлөп, өз тилибизде иш алып баралы” деген турмуштук зарылчылыктан келип чыккан мыйзамдуу чакырыктар, болуп келгендей эле “тили буруулар” тарабынан саясаттын куралына айланып, “орус тилисиз оңуп кетээрибиз күмөн, бул Россия менен болгон дипломатиялык мамилебизди бузат”, “мамлекеттик тил маселесин көтөрүү – мамлекеттеги улуттар аралык ажырымга алып келет” дегенчелик эч бир логикага сыйбаган дооматтардын арты суюлчудай эмес. А чынында, мамлекеттик тил – бир мамлекетте жашаган улуттардын башын бириктирген улуттук идеологиянын өзөгү экени “КР этностук саясат концепциясында” да айтылган. Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев өзүнүн президенттик кызматына расмий киришкен учурдан тартып, мамлекеттик тилди өнүктүрүү керектигин, ал үчүн ал тилде сүйлөп, иштешибиз зарылдыгын белгилеп келет. Мамлекет башчынын мамлекеттик тилге болгон оң мамилесин байкамаксан болуп, ага жеке кызыкчылыктан же бирөөлөрдүн тукуруусунан улам каршылык көрсөтүү акыры жалпы элге, мамлекетке каршы иш жасоого барабар деп эсептейбиз.

Ошондой эле мамлекеттик тил маселесин көтөргөндөргө “улутчул” деген жарлыкты жармаштыруу өнөкөткө айланды. Улутчулдукту – улутун, анын тилин, маданий баалуулуктарын, тарыхын сыйлаган мекенчил жаран деп эле түшүнүү оң. “Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгүндө” да ушундай чечмелөө берилген. Залкар жазуучу Чыңгыз Айтматов киргизип кеткен маңкурт түшүнүгүн карап көрсөк, анын эң эле башкы белгиси – өз эне тилин жана өз элинин тарыхын билбөө. Кыргыз аалымы Салижан Жигитов “кыргызга орусча айтпасаң түшүнбөйт”- деп күйүп бышкандай, казак окумуштуусу В. У. Махпиров жазгандай: «Манкуртами не рождаются – ими становятся». “Ими становятся тогда, когда затмевается историческая память, когда отрывается человек от исторических корней своих, от культуры своего народа, когда забывает свой родной язык».

Улуттун уюткусу – улуттук тил экенин, тил болбой туруп, улуттук аң-сезим болбосун жана патриот болууга мүмкүн эместигин, анткени, патриотизм – ал Улуттун тилин жана кызыкчылыгын коргоо, анын сыймыгын көтөрүүчү иштерди жасоо болуп саналарын жана акырында, улуттук аң-сезим калыптанбай туруп, Улут жаралбастыгын билимдүү адамдардын баары эле биле беришпейт шекилдүү (же билсе да билмексен). Совет мезгилинде биздин мамлекет башчыларыбыздын эң башкы катачылыгы – ал Элибиздин улутчулдук касиетин жок кылып, тил менен улуттук баалуулуктарга көңүлкош мамиле кылганында болду. Натыйжада өз элинин тили жана тарыхы менен иши жок, маңыроо, манкурт муундар өсүп чыкты. Бүгүн бир эл «экиге» («кыргыз» жана «киргиз») бөлүнүп, алардын азабын өзүбүз тартып жатабыз. Ал эми Совет бийлигинин учурунда Элибизди башкаргандар: «Ал кезде мезгил ошондой эле» деп актанышууда. Эгер «ошол мезгилде» бизден башка да «он төрт республика» жашаганын, бирок алардын тилинин деңгээли биздин тилдин деңгээлине түшпөгөндүгүн эске алсак, анда баарына «мезгил» эмес, ошол мезгилде Элибиздин башында туруп, «улутсуздук идеологиясын» жүргүзгөн жетекчилер күнөөлүү экени өзүнөн өзү түшүнүктүү болот.

Азыр да кыргыз тилин өнүктүрүүгө дал ошол жетекчилер жана алар тарбиялап өстүргөн “киргиздер” тоскоол болууда. Интелегенция, тилибиздин жок болуп баратканын көрүп туруп анын тагдырына кайдыгер мамиле жасоодо. Бул анын «шалтурук» катмарга айланып калганын, экинчиден, чыныгы уюшкан Улуттук интеллигенция жоктугун көрсөтөт.

Жогорудагылардан улам, Урмат АМАНБАЕВА жана Курмантай АБДИЕВ өңдүү эл өкүлдөрүнүн жүйөөлүү сунуштарын, мыйзам долбоорлорун атайылап саясатка айлантып, улут аралык ажырымга тукуруу түбү – улутка, улуттун, мамлекеттин келечегине карасанатайлык кылуу деп билебиз жана “КР мамлекеттик тил жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнү депутаттарыбыздын колдоп коюусун жана урматтуу Президентибиз Алмазбек АТАМБАЕВДИН кол койуусун, буга карата жалпы эле коомчулуктун атуулдук үн катуусун өтүнөбүз.

“ФЕЙСБУК” социалдык тармагындагы 500 дөн ашык мүчөсү бар “КЫРГЫЗ КӨЧҮ” тобу.

Урматтуу достор! Бул Кайрылуубуздун мааниси өтө зор жана кечиктирилгис! Тилибиздин эртеңки келечегин сактап калабыз десек колубуздан келишинче тезирээк колдоп беришибиз керек!..
Вам, Жазгуль Абдилатовой, Уланбеку Исираилову, Мирлану Мазекову и 72 другим это нравится.

Janybek Janyzak
Колдойм!

  • Асыран Айдаралиев Урматтуу «Көчмөндөр» жана Кайрылуу катты колдоп, жактырган Достор! Кайрылуубузда бир аз одоно ката кетип, ал жеринде оңдолбой койгондугуна байланыштуу катыбызды кайра жаңыртып койууга туура келди. Ошол тексти дароо колдоого алып, жактырган Досторубуздун тизмесин толугу менен бул жерге көчүрүп койдум. Ыңгайсыз шарт түзүп койгондугум үчүн кечирим сурайм!.

    ЖАКТЫРГАНДАР: Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Айшат БОТОБЕКОВА. Улан КОШАЛИЕВ. Калича ЖАКЫПОВА. Акбар РАЗЫКУЛОВ. Венера РАСТ. Айка ЖАНЫБЕК. Жика АЙДАРАЛИ. Динар ИМАНОВА. Фатима МАХМАДОВА. Нарынбек КАДЫРКУЛОВ. Жаныбек ЖАНЫЗАК. Өмүрбек САЛАЙДИНОВ. Хамид САТКЕЕВ. Расул САЛАЙДИНОВ. Райла ОСМОНОВА. Саламат САДЫКОВА. Венера МОВЛЯН. Айгерим МАМЫРОВА.

    Пикир калтыргандардын тизмеси:
    Асыран Айдаралиев . Мен 200 пайыз колдойм, бул мыйзам колдоого татыктуу мыйзам!.
    16 ч. назад • Нравится • 1
    Kalicha Jakypova. “Кыргыз” дегендердин баарысын бул мыйзамды колдоого чакырабыз!!!
    16 ч. назад • Не нравится • 1
    Fatima Mahmadova. Колдойм!!!
    16 ч. назад • Не нравится • 1
    Айшат Ботобекова. Жан дилим менен колдойм!!! Азаматсыз, Асыран байке!
    16 ч. назад • Не нравится • 1
    Imanova Dinar Колдойм!
    16 ч. назад • Не нравится • 1
    Ulan Koshaliev. достор, бул кайрылуу катты жалпылап колдоп, кыргыз тил боюнча мыйзамды кабыл алууга түрткү бололу! биз, кыргыз тилдүү кыргыздар өзүбүз да аракетибизди кылбасак, бул мыйзамга каршы чыккандар өткөрбөй койгон жатышыптыр. келгиле көптөп колдоп жиберели! катты окуган мыйзамчылар, ажобуз баш болуп кыргыз экенин дагы бир жолу эстеп алышсын.
    15 ч. назад • Не нравится • 2
    2 ч. назад • Отредактировано • Нравится • 1
    Janybek Janyzak – Колдойм, албетте.
    Кыргыз Республикасындагы мамлекеттик тил моминтип колдоо издөөгө мажбур болуп жатышынын өзү мыйзамга жат көрүнүш.
    10 ч. назад • Нравится
    Нарынбек Кадыркулов. КОЛДОЙМ! Мүмкүн ошол колдоого тийиш деген же эски мыйзамынын электрондук көчүрмөсү болсо мага салып жибересиңерби. “Кыргыз Тил” мыйзамын, кыргыз тилиндей билгим келет!
    9 ч. назад • Отредактировано • Нравится • 1
    Расул Салайдинов. Мен бармын. КОЛДОЙМ!!!
    7 ч. назад с мобильный • Не нравится • 2
    Саламат Садыкова. Albette men tilim menen, uluu eldin yrchysy ekndigime dyino eli suktanyp baa berip jatpaiby! Kyrgyz degen eldin tilinde baly bar,dilinde ozgocho kasieti bar el ekenibizdi “Manas”eposundagy babalardyn osuyatyndagy ar bir saptan ele akyldyn kenchi tilibizde ekenin baikasak bolot! Men da koldoimun! Tilibizdi barktaily!
    2 ч. назад • Не нравится • 1
    Janybek Janyzak – Тема туура эмес. Президент “Эге” делиниши өтө күмөн.
    Эгеден айлансын, албетте.
    2 ч. назад • Нравится
    Aigerim Mamyrova. Албетте колдойм! Кыргыз тилин өнүктүрүү зарыл! Көбү унутуп баратат.
    около часа назад • Не нравится • 1
  • Aibek Kyrgyzstan Албетте мен дагы колдойм! Малекеттик тилди мамлекеттик денгеелде көтөрүш керек. Эгер малекетибиз көмөк көрбөсө, тилибиздин келечеги кыйын. Казактардан деле мисал алса болот, жада калса орустарынан бери казакча сүйлөй баштаптыр.
  • Уулкан Амираева Тилим, дилим Кыргыз атын даңктаган.Ата-журтум кыргыз тилин сактаган.Адам болбой өтсүн кыргыз элимде, Эне тилин ӨҢҮ менен бакпаган!Кыргыз тили көчө-көйдө жатпаган.Киргиздерге билем бул тил жакпаган.ӨҢҮ үчүн окко төшүн тоссо да , Бирок эч ким ЭНЕ ТИЛ_ин атпаган!-демекчи, Мен дүнгүрөгөн кыргыз тилинин келечеги үчүн, албетте добушумду да дүнгүрөтүп берем!Жашасын кыргыз тили!
  • Асыран Айдаралиев Кайрылуу катыбызды жактырып, колдоого алган жарандардын тизмеси:
    1. Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Хельсинки, Финляндия.
    2. Айшат БОТОБЕКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    3. Улан КОШАЛИЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    4. Калича ЖАКЫПОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    5. Акбар РАЗЫКУЛОВ. Москва, Орусия.
    6. Венера РАСТ. Том-Прайс, Австралия.
    7. Эрик РАСТ. Том-Прайс, Австралия.
    8. Жика АЙДАРАЛИ. Хельсинки, Финляндия.
    9. Динар ИМАНОВА. Стамбул, Туркия.
    10. Фатима МАХМАДОВА. Куала-Лумпур, Малазия.
    11. Нарынбек КАДЫРКУЛОВ. Прага, Чехия.
    12. Жаныбек ЖАНЫЗАК. Бишкек, Кыргызстан.
    13. Өмүрбек САЛАЙДИНОВ. Нью-Йорк, АКШ.
    14. Хамид САТКЕЕВ. Сиэтл, АКШ.
    15. Расул САЛАЙДИНОВ. Кочкор, Кыргызстан.
    16. Райла ОСМОНОВА. Манхэттен, АКШ.
    17. Саламат САДЫКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    18. Венера МОВЛЯН. Кабул, Афганистан.
    19. Айбек КЫРГЫЗСТАН. Куопио, Финляндия.
    20. Айгерим МАМЫРОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    21. Турдумамат ГАЙЫПБЕРДИЕВ. Москва, Орусия.
    23. Айка ЖАНЫБЕК. Карлсруэ, Германия.
    24. Жибек МИРА. Москва, Орусия.
    25. Уулкан АМИРАЕВА. Баткен, Кыргызстан.
    26. Калмамат ТУРДУБАЕВ. Өзгөн, Кыргызстан.
    27. Бакыт ШҮКҮРАЛИЕВ. Бишкеке, Кыргызстан.
    28. Карамат ТОКТОБАЕВА. Прага, Чехия.
    29. Эрлан ЖУМАГАЗИЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    30. Асхад КАРАБАЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    31. Бакыт ЖУНУСАЛИЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    32. Венера КАДЫРОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    33. Жийде АБДЫМАМУТОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    34. Замирбек БАЗАРБАЕВ. Астана, Казахстан.
    35. Атыргүл ЗАКИРОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    36. Сайрагүл МАТИКЕЕВА. Атланта, АКШ.
    37. Акмат АСАНОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    38. Талгарт НАРЫНБЕКОВ. Неаполь, Италия.
    39. Айжан КУЛМАМБЕТОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    40. Аида АХМД ЖАМАЛ. Абу-Даби, Араб Эмираты.
    41. Сейдалы МЫРЗАКМАТОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    42. Анара ЭРГЕШОВА. Санкт-Петербург, Орусия.
    43. Жыпаргүл ТӨРӨБАЕВА. Ош, Кыргызстан.
    44. Сатывалды САЙПИДИН уулу. Москва, Орусия.
    45. Айжаркын ЭРГЕШОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    46. Анн АГАМЕ. Милан, Италия.
    47. Жеңишбек ЭДИГЕЕВ. Женева, Швецария.
    48. Кымбат АЛМАЗБЕКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    49. Өскөнбай ЗУУРИДИНОВ. Анкара, Туркия.
    50. Нуржан АЛЫМКАНОВА. Монтерей, Калифорния.
    51. Элнура ТАБАКАЛОВА. Дубай, Араб Эмираты.
    52. Керим АНАРБЕК уулу. Сеул, Корея.
    53. Садык ШЕРНИЯЗ. Бишкек. Кыргызстан.
    54. Акбар КУБАНЫЧБЕКОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    55. Бакыт ДЫЙКАНОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    56. Гүлайым БАЗАРАЛИЕВА. Бишкек, Кыргызстан.
    57. Назгүл БОСТОНБАЕВА. Бишкек, Кыргызстан.
    58. Зияда АКМАТОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    59. Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    60. Мирхамид ТОКТОГУЛ. Бишкек, Кыргызстан.
    61. Назгүл КАЛМАМБЕТОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    62. Айгүл МОЛДОБЕКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    63. Толукбек МЕНДЕБАЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    64. Гүлмайрам САБИРБЕКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    65. Сайра БАТЫРКУЛОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    66. Канышай БЕШБАЕВА. Бишкек, Кыргызстан.
    67. Нурканбек КЕРИМБАЕВ. Бишкек, Кыргызстан.
    68. Асылкан ШАЙНАЗАРОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    69. Фаризат НУРЖИГИТОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    70. Жылдыз ЖАЛИЕВА. Бишкек, Кыргызстан.
    71. Шайырбек ДОСБОЛОВ. Москва, Орусия.
    72. Кундуз АЗАРБЕКОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    73. Асел АРЗЫБАЕВА. Бишкек, Кыргызстан..
    74. Мелис МЫРЗА. Сеул, Корея.
    75. Табылды МУРАТ уулу. Бишкек, Кыргызстан..
    76. Алмас ТУРДУМАМАТОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    77. Куба НУРМАМБЕТОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    78. Гүлзат КАЛМУРЗАЕВА.
  • Калмамат Турдубаев Кыргыз тилим менин дилим!
  • Janybek Janyzak
    Эй Асыке, Токем экөөбүздү да кошуп кой, биз жогорураакта колдоп жиберип, сага байкалбай калган окшойбуз
  • Калмамат Турдубаев Тилим менен кыргызмын,тилим-дилим!Тилим -кыргыз элим,кыргыз жерим! Колойм! Жашасын кыргыз тилим!
  • Janybek Janyzak
    Толик да. Турдумамат Гайыпбердиев.
    Кыргызчасы – Семетейбердиев
    Тааныштырып кетейин:
    Турдумамат (кыргызда чеберлерди дайыма орусчалап атап жиберишчү биздин кезде. Ошондуктан Тукебиз агездери Толик болчу) Кыргызстанда биринчи продюсерлерден, Бек Борбиевдердин, Асел Турдалиевалардын концерттерин уйуштуруп чыккандардын эң алгачкыларынан.
    Токем “Обон” гезитин негиздеген жана ырчы-чоорчуларды аземдеп жазып чыккан алгачкы журналист.
    Кийин адам_таануу илимине баш-оту менен кирип кетип, азыр Маскөөдө атүгүл орустардын өзүнө сабак берет.
    Уулу Түштүк Америкада, кайсы бир мамлекеттин аскер-деңиз флотунда кызмат кылат.
  • Асыран Айдаралиев Токебиз турат го Жаке, кийинки тизменин экинчи катарында.. Жакени Жуке дегендей эле болуп калат экен..
  • Karamat Toktobaeva Мен калган турбаймбы… Оой кошкула мени да…))))
  • Zamirbek Mamasharip Uulu Bazarbaev Расул эк88бvзг8 окшогондорду жогорку кызматка койсонор мынча тvйшvгv жок эле кыргыздашат элек…
  • Асыран Айдаралиев Расул жакшы аракет кылды эле, акчалуулар ээлеп кетишпедиби, айыл бийлигин..
  • Akmat Asanov кош колдоп колдойбуз!
  • Abu Ali Ийгилик каалайбыз!
  • Атыргуль Закирова Адатта баш жакта мен турчу элем, агабыз тизмеден мени чийип салган го…: (
  • Abu Ali «Энеси суу кыргыздын,
    Атасы тоо кыргыздын»,
    Көрдүңбү сөздүн уңгусун.
    Ала-Тоо бойлоп көчкөн эл,
    Аркайган тоодо оскон эл,
    Кирин карда жууган эл,
    Киндигин музда кескен эл”( Манастан)
  • Abu Ali Кыргыз эли кылымдардан бери тилин да дилин да жоготпогон, мына эми дагы жоготпойт! Демилгечи топко ийгилик!
  • Jenishbek Edigeev Оо, Аске, колдойм ишиңизди. Анан да, Ат-Башыдан ааламга кеткен агамы..!
  • Нуржан Алымкановаhttp://kyrgyz.lugovsa.net/вакыт таап окуп көрсөңөр, мен таап алып таң калдым. бир да кыргыз кыргыз тилин тарыхы менен айкалыштыра даңазалап ушундай жазбаптыр. албетте, кыргыз тилинде көп эле болуп атат, бирок орусча ушундай жеткиликтүү нерселерди көбөтүш керек деп ойлойм. Асыран байке, демилгеңизге ийгилик!

    kyrgyz.lugovsa.net

    Все о киргизском языке. Его история, письменность, грамматика. Авторский грамматический справочник. Уроки киргизского.
  • Нуржан Алымканова кылымдар бою сактап келип 70 жыл ичинде дилибизди, тилибизди жукартып алдык окшойт. тил жашоосун улантыш үчүн бугункү турмушта кенен колдонуш керек. андыктан иш кагаздарын, расмий жолугушуу, сүйлөшүүлөрдү кыргызча өткөрүү туура. ага кошуп балдар кыргызча кино, кыргызча оюн, кыргызча которулган азыр кызык болуп турган китептерди алышса тилин унутпайт
  • Акбар Кубанычбеков Апасын “мама” десе муунум бошоп, Арманын ыр сап менен уулуң кошот. Алсырап алы кеткен эне тилим, Ай сайын мунуңа бир муңун кошот! Кош колдоп колдойм өбөлгөнү!
  • Асыран Айдаралиев Кайрылуу катыбызды алгачкылардан болуп эки Ааламтор айылы (сайт) кабыл алды. “24 kg”, Олжобай ШАКИР менен “Кыргызтудей”, Бегалы НАРГОЗИЕВ. Азаматтарга Алкыш!!!.
  • Aida Ahmad Jamal Албетте Колдойм! Кайрылуубуз Ийгиликтуу болсун!
  • Айжаркын Эргешова Кыргыз улут катары калыптанып, сакталып калуусу үчүн ар бир кыргызмын деген атуул бул кайрылууну колдоого гана эмес сүрөөгө, колдон келсе кандайдыр тассир этүүгө милдеттүү деп билем. Келгиле КЫРГЫЗДАР КЫРГЫЗ ТИЛИН колдойлу, КОРГОЙЛУ!!!
  • Асыран Айдаралиев Кайрылуу катыбызды журналистер коомчулугу да бир добуштан колдошоорун билдиришиптир. Алардын катарына кошула тургнандардын саны өтө эле арбын экенин айтышып, тизмелерин тынбай жөнөтүп турушаарын да эскертишти..
    Булардын тизмесин мына бул жерге жайгаштыра берейин, таанышып туруңуздар?..
    1. Жыргалбек Касаболотов, журналист, акын. Бишкек.
    2. Рахат Жуманазарова, журналист. Бишкек.
    3. Назгүл Эсенгулова, журналист. Бишкек.
    4. Салтанат Кыдырмаева, журналист, «Көк Асаба» гезитинин башкы редактору. Бишкек.
    5. Шабданбек Сулайманов, журналист, акын . Бишкек.
    6. Кубанычбек Зайнидинов, журналист. Бишкек.
    7. Зайырбек Ажыматов, журналист. Бишкек.
    8. Гүлжан Каражанова, журналис т. Бишкек.
    9. Бурул Мусабекова, журналист. Бишкек.
    10. Гүлкайыр Раимкулова, журналист. Бишкек.
    11. Жыпара Арыкова, журналист. Бишкек.
    12. Жыпар Исабаева, журналист, акын, Алыкул Осмонов атындагы сыйлыктын ээси. Бишкек.
    13. Эсен Өмүракунов, КДБНнын (Муфтияттын) басма сөз кызматкери. Бишкек.
    14. Айнура Темирова, тарыхчы. Бишкек.
    15. Бакыт Орунбеков, «Кыргыз туусу» гезитинин башкы редактору. Бишкек.
    16. Нурдин Мотуев, журналист. Бишкек.
    17. Мэри Бекешова, журналист. Бишкек.
    18. Гулназ Сатимкулова. Бишкек.
    19. Дөөлөтбек Сыдыков. Бишкек.
    20. Женишбек Кулушев. Бишкек.
    21. Мырзабек Саматов. Бишкек.
    22. Кумуш Жумабаева. Бишкек.
    23. Бердибек Жамгырчиев, Бишкек.
    24. Умар Нусубалиев, Бишкек.
    25. Бактыгул Чотурова, Бишкек.
    26. Бактыгул Тыналиева, Бишкек.
    27. Нургыз Рыскул кызы, Бишкек.
    28. Гүлнур Жумалиева, журналист.
    29. Кундуз Качкынбаева, журналист.
    30. Нурелла Жаркулова, журналист.
    40. Чолпон Бекболотова, журналист.
    41. Анархан Жаңыбаева, журналист.
    42. Токтосун Жакыпов, режиссер, Нарын.
    11 февраля в 16:09 · Отредактировано · Нравится · 1
  • Гулайым Базаралиева Албетте, колдойм. Ийгилик каалайм.
  • Janybek Janyzak
    Эл башы делген неме кыйшайып баратыптыр деп мен азыр эле жаңы кайсы бир булактан окуп калдым.
    А шумдуктун ордуна татар жеңе башкарып атыптыр имиш, андай болгондо тилибизге тибиртке чыкпагай эле…
  • Тынчтык Атбашингтони Мен бул кайрылууга толугу менен кошулам жана бул сунуштарды колдоого алам. Президент чыныгы кыргызхдын намыстуу уулу болсо, каршы пикирин билдирбеши керек деп билем. туугандар, тилибизге ушул учурда колдоо, коргоо жасабасак, келечекте кеч болуп калат. Ата бабалардын жана кийинки урпактардын алдында ар бирибиз жоопкер экендигибизди унутпайлы!
  • Назгуль Калмамбетова Албетте, колдойбуз. Ийгилик!!!
  • Асыран Айдаралиев Толукбек Мендебаев мырза, Сиздин пикириңиз өчүп калды, бирок тизмедесиз..
  • Асыран Айдаралиев Аа, рахмат, жакшы болду..
  • Раис Алымкулов Асыран,сайасий партияларды да кошсоң болобу?
  • Нарынбек Кадыркулов Достор! Көзгө көрүнө элек “Кыргыз тил” мыйзамыбыздын долбоорун колдоп жатып, “Конституция” чырына жана ушуга окшош “Кумтөр” афераларына айланбаса болду. Ошого карабастан мен дагы колдойм!:-))))
  • Асыран Айдаралиев Болсо керек Раис, өз каалоолору менен бизге кошулуп, колдоп, жактырышса эмнеге болбосун..
  • Айжаркын Эргешова Эгер ошол саясий партияларда өзүн кыргызмын, кыргыз тилине күйөм дегендер болсо кана колдоп коюшса. Жок дегенде ушуга жарасын саясий партиялар.
  • Раис Алымкулов Адилеттүүлүк жана Өнүгүү “Ыйман Нуру”саясий партиясы, ЭЛГЕ жана ЭЛ БАШЧЫСЫНА КАЙРЫЛУУНУ толугу менен колдоп жана катарыңардагылардан!
  • Асыран Айдаралиев Ошол партиянын өкүлдөрүнүн колунан расмй кат алып койуңуз да анда Раис мырза! “Силердин Кайрылууңарды толугу менен колдойбуз” дегендей маанидеги..
  • Акылбек Атабаев Тушко чейин Имам,Туштон кийин Иван болсок туугандар кайдагы мыйзам?
  • Калмамат Турдубаев Акылбек абал сен сүйлөгөн жазган тилиңе көңүл бөл!”Тушко” анан “туштон”,-деп кыргыз тилинде жаза да,сүйлөй да албай атасың.Жаз “түшкө” анан “түштөн” кийин,-деп.Мына эмнеге кагылайын кыргыз тили мыйзамы,-деп жатабыз.Абал түшүн,анан кыргыз өңүнө өт. Чыныгы кыргыз бол,садагасы.Сен кыргыз тили мыйзамына каршы чыгып душман болбо.Сага оомат!
  • Калмамат Турдубаев Жашасын садагасы кыргыз тилим!
  • Акылбек Атабаев Бул созду автору мен эмесмин Калмамат мырза….. Терен тушунунуз….
  • Акылбек Атабаев Мыйзамга мен эмес 20 ж бери кабыл албай келаткан ким? ойлонунуз. катуу айтсам кечиресиз! Бугун эки жакты карап элендеп отургандар ким?
  • Калмамат Турдубаев Кыргыз өңүнө өт.Кыргыз тили мыйзамы керек.Элеңдегендер кылым элеңдешет.А биз кыргыз тилин өркүндөтөбүз,Бизге эч ким каршы чыга албайт.Анткени бул тарыхый, кыргыз тили мыйзамы,кылым мыйзамы!
  • Акылбек Атабаев Кыргызча тамгага отом . Сынынызды туура кабыл алдым.
  • Калмамат Турдубаев Эмнеге кыргыз өңүнө өтө элексиң.Балдар ушу маселе боюнча күйүп-бышып атышат.Эми өзүңө келдиң.Тез кыргыз өңүнө өт.Жардам беребиз,
  • Асыран Айдаралиев Акылбек мырза, сиздин пикириңиз? Колдойсузбу же?..
  • Tabyldy Murat Uulu Асыран айгай, колдойм…
  • Erich Rast As a proud Canadian I strongly support every effort to maintain, promote and defend the unique identity and character of the Kyrgyz people and their language. I have been blessed to have a Kyrgyz wife and partner for the past 13+ years. I have learned that the Kyrgyz have a long and rich history that has added generously to the tapestry of human civilization. Kyrgyz deserves in every way to be recognized, respected and celebrated as it takes its own unique position among all the great languages and cultures of our planet.
  • Улан Кошалиев tili.kg сайтында да кыргыз тилин үйрөнүү боюнча онлайн курстар бар экен. сайттын ээси башка улуттун өкүлү.
  • Асыран Айдаралиев Жогоруда Австралия өлкөсүндө жашаган канадалык күйөө балабыз Эрик Раст дагы биздин Кайрылуу катыбызды колдогон пикирин билдириптир. Мен ал пикирди орус тилине которуп койдум. Так, даана которгондор болсо которуп койуңуздар, анан албетте кыргызчасы да керек?..

    Эрик РАСТ. “Я как гордый канадец решительно поддерживаю все усилия, чтобы поддерживать, поощрять и защищать уникальную личность и характер кыргызского народа и его языка. Я был благословлен иметь жену кыргызском и партнеров за последние 13 с лишним лет. Я узнал, что Кыргызсский народ имеют долгую и богатую историю, которая добавила щедро гобелен человеческой цивилизации. Кыргызский народ заслуживает во всех отношениях следует признать, уважают и отмечают, как это имеет свое уникальное положение среди всех великих языков и культур нашей планеты”..
  • Улан Кошалиев Эрик РАСТ. Өзүнүн теги менен сыймыктанган Канадалык катары, кыргыз тилин, Кыргыз элинин кулк-мүнөзүн, эчкимде жок өзгөчөлүгүн сактоого, өнүктүрүүгө жана коргоого болгон ар бир иш-аракетти чын дилимден колдойм. Кудай буйруп, Кыргыз элинен өмүрлүк жар жана жашоомдун шеригин таап жашап келатканыма мына 13 жылдан ашты. Кыргыз эли өзүнүн сан жылдарды камтыган бай тарыхы менен жалпы адамзатынын түркүн кубулган маданиятын байытып келе жатканын таанып билдим. Биздин планетабыздын улуу тилдеринин жана маданияттарынын арасында өзүнүн кайталангыз орду бар болгон үчүн, Кыргыз эли таанылууга, сыйлоого жана данкталууга бардык жагынан татыктуу.
  • Асыран Айдаралиев Азаматсың Улан! Абдан мыкты которуптурсуң!.. Эрик күйөө баланы мен орусча сүйлөтсөм, сен кыпкыргызча эле элжирете сүйлөтүптүрсүң.. Буйурса жакын арада Эрик менен Венера РАСТтардын “эзилип” берген кызыктуу маегине күбө болуп, эргип окуп каласыздар!..
  • Улан Кошалиев болгонун болгондой котордум, жакшы жазылыптыр текст
  • Акбар Разыкулов Баарыбыз Кыргыз Тили-үчүн!!!
  • Venera Rast Рахмат Улан, мен ойлонуп, убакыт таап которгуча сен сонун кылып которуп коюпсуң. Чынын айтсам мен мынчалык кылып которо албайт элем.
  • Асыран Айдаралиев Ошон үчүн “жазмакермин” да Гүлзат, а сен эрикпе да, жакшылап окусаң бир жолу аягына чейин, анан окугуң эле келе берет..
  • Асыран Айдаралиев Кайрылуубузду Өкмөттүн “менчик” гезити саналган “Кыргыз Туусуна” да бердик, кандай кылат эртең көрөбүз, басаар бекен?..
  • Tabyldy Murat Uulu Менимче басат, эртең болбосо кийинки санында. Башкысы көңүл бөлүп, чара көрүшсө экен…
  • Акылбек Мамадалиев Колдойм! “Эртең тилим жок болору чын болсо, анда бүгүн мен өлүүгө даярмын!” деген Расул Гамзатовчосунан тилибиздин эртеңине күйүп бышкан Асыкемдей мекенчил, ак жүрөк адамдарыбыздын катары арбый берсин!…
  • Акбар Разыкулов Кыргыз тилин билбеген мамлекетик кызматка келе албайт деген жобобу,статьябы Баш Мыйзамга кирсе-ахвал дурус эле өзгөрмөк деп ойлойм….бирок буга өзүбүздүн эле киргиздер каршы болуп жатпайбы???
  • Асыран Айдаралиев Силердин атыңар мына бул жерде турат Калмамат ага менен Куба мырза! Калмамат ага №26, Куба мырза №77 болуп турасыңар!. Мындай колдоолор өтө “реалдуу”, так жана даана болуш керек, “жел”, жасалмаланган тизме жарабайт, мен андайды эч качан жасабайм, акебайлар!..
  • Нарынбек Кадыркулов “Кыргыз тил” мыйзамына төмөнкү өзгөрүү кирүүсүн колдоп жатабыз. http://www.facebook.com/photo.php?fbid=482106241850209&set=o.238914039539175&type=1&theater
  • Асыран Айдаралиев Эмнегедир 78 ден кийин жогорудагы тизмебизге кошуу мүмкүн болбой калды. Бул жер ошол эле тизменин уландысы.
    79. Акылбек МАМАДАЛИЕВ. Москва, Орусия.
    80. Улан САТЫБАЙ. Чикаго, АКШ.
    81. ТАРЫХЧЫ УУЛ. Бишкек, Кыргызстан.
    82. Төлөгөн СУЛАЙМАНОВ. Бишкек, Кыргызстан.
    83. Анара ЧИЛЕТИРОВА. Бишкек, Кыргызстан.
    84. Адилеттүүлүк жана Өнүгүү «Ыйман Нуру» саясий партиясы Кайрылуубузду бир добуштан колдошоорун расмий түрдө билдиришти. Төрагасы Раис АЛЫМКУЛОВ.
    85. Мика МИКУ. Бишкек, Кыргызстан.
    86.
  • Асыран Айдаралиев Достор! Азыр эле өздүк булактардан келип түшкөн дагы бир жагымдуу маалымат. Ушул эле Кайрылуу катыбыздын бирден көчүрмөсү бүгүн Жогорку Кеңештин 120 депутатынын ар биринин колуна бирден тапшырылды. Демек ар бир депутат биздин кайрылуубуз тууралуу толук маалымат алды деп койсок болот жана кыргыз эли, тили үчүн пайдалуу чечим чыгарып беришет деп ишенип туралы. Ал эми ушул маселе бойунча долбоордун 5-окулушу 28-февральдагы отурумда каралууга дайардалып жатканы белгилүү болду. Кечээ болсо “Фабула” гезитине жарык көрдү. Андыктан Кайрылуубуз аздап болсо да эл-журтубуздун көңүлүн буруп калды деп койсок болчуудай..
  • Асыран Айдаралиев Жаңы маалымат!
    Урмат Аманбаеванын кыргыз тили мыйзам долбоору карала турган мыйзамдардын көптүгүнө байланыштуу март айына, 2-окууга жылдырылыптыр.

    Ал бойунча качан, кайсы күнү каралаары тууралуу кошумча маалымат берип турабыз..

    Бүгүн бул Кайрылуу катыбыз “Көк Асаба” гезитине колдогондордун толук тизмеси менен жарык көрдү..
  • Асыран Айдаралиев Жаке, биринчи бетине анонс катары берип, анан 3-бетине бакыйта басканын айтты башредактор Салтанат айым. Ошону бул жака чаптап салбайсызбы, бажырайта, эл-журт көрсүн бир..
  • Janybek Janyzak
    Келсин материал, чаптап салабыз!
  • Асыран Айдаралиев Кошумчалап кетейинчи:

    Кайрылуу катыбызды ЖК нын 120 депутатына таратаардан мурун ар бир барактын башына ар бир депутаттын аты-жөнү жазылып (именной) таратылды.

    Депуттар арасындагы тилге болгон мамиле, көз караштары тууралуу да маалымат беребиз буйурса, кимдин-ким экенин ачык билип турабыз жакында.

    Мындан тышкары президенттин кеңешчиси Эмилбек Каптагаев дагы бул мыйзамды толук колдоорун билдиргенин эшитип, Кайрылуу катыбызды колуна тапшырдык, жактырды!.
  • Асыран Айдаралиев “КыргызМамСтандартка” кайрылган катыбыз бойунча:
    Ал мекеменин өкүлү Болот Нурматов биздин арыз-муңубузду туптуура кабыл алып, азыр чуркап жүргөнү чындык.
    Чет өлкөдө окуп, иштеп жүрүп келген азаматтарыбыздын бири экен. Толук ишеним артып жатабыз..

    Бирок кээ бир түшүншксүз маселелер бойунча
    “Майкрософто” иштеген жигитке каттары
    жетпей жаткан экен, бүгүнтөн баштап ал
    маселе дагы чечиле турган болуп калды.
    Буйурса деп туралы..

    Бул байагы ӨҢҮ тамгаларыбызды дүйнөлүк
    стандартка келтирүү маселеси..
  • Асыран Айдаралиев Эуу-у Жаке, “Көк Асабаны” качан чаптайсыз бул жака, келгендир эмдигиче?..
  • Асыран Айдаралиев Жаңы маалымат:
    Мамлекеттик жетекчилерди кыргыз тилин билүүгө милдеттендирген депутат Урмат Аманбаеванын мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жөнөтүлдү. Бүгүн кыргыз парламенти ушундай чечим кабыл алды.

    Бул мыйзамга жалпы депутаттар тарабынан добуш берүү эртең, болбосо эмдиги бейшембиде болоору айтылып жатат. Эгер эртең болбосо эмдиги жумада сөзсүз добуш берилип, президентке жөнөтүлөөрү бышык болуп калды.

    Мындан сырткары парламенттин бүгүнкү жыйынына “Кыргыз тил” коомунун президенти Раимжан Курманов келип, Эсенгул Ибраевдин Эне тилге байланышкан ырларын окуп берип, эл өкүлдөрүнүн кыргызга кыргыз тили кандай баалуу экендигин эскертип, алардын рухун, духун, эне тилибизди колдойлу деген тейде депутаттардын маанайын көтөрүп кеткендиги жөнүндө дагы маалым болду.

    Эми жакында көрөбүз буйурса кимдин-ким экенин, чыдамсыздык менен күтө туралы..
  • Асыран Айдаралиев Мынакей жылыш, мынакей жыйынтык, тилибизге мамлекеттик деңгээлде көңүл бурула баштаганы байкалып, тоңгон муз эрип, “Айсберг” ордунан козголо баштады деп койсок болчуудай..
  • Guljigit Isakov Азаматтар! Бар болуңуздар!

    Бир чочулоомду кыстара кетейин:
    Саясий көз карашына, улутуна, диний көз карашына, мурдатан болушу мүмкүн болгон өз ара араздашууларына карабастан, баарынын мамлекеттик тил маселесинде БИР болуусун суранам.

    МАМЛЕКЕТТИК ТИЛ бизди түрдүү көз караштарыбызга карабастан БИРИКТИРЕ АЛААРЫ чоң мааниге ээ.

    Башкалары күтүп жана айтып жаткан: 1)-“Популизм үчүн”, 2)-“Упай топтоо үчүн”, 3)-“Кыргызчадан башка тилди билбегени үчүн кыргыз тилине жабышып жатышат” сыяктуу ойлорду туура чыгара турган кыймыл-аракеттерден алыс болууга чакырам.

    Терең урматым менен,
    Кыргызстандын жараны.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *