Периште..

БИР ЖОЛУККАН КЕРЕМЕТ.

Периштем! Мен сенин атыңды билбегендиктен ушинтип атадым. Анткени, периштедей бир жарк этип ааламымды жаркыттың да, анан дайынсыз жок болдуң. Экөөбүз бирге өткөргөн түн күндүз көзүмдөн, түнү түшүмдөн кетпес болду. Поезддин шарактаганына жарыша сенин акыштуу онтогонуңду, улам мойнума ороло ит жыгылыш болуп бирде үстүмдө, бирде астымда туйлаганыңды кантип унутам. Эриндериңдин даамычы, тим эле бүлдүркөн даамданат. Мындай даам биз бала кезде жеген тээ Аксынын токойлорундагы кыпкызыл, ширелүү бүлдүркөндөрдө гана болоор эле. Кантип таанышканыбызды, жок, тагыраак айтканда кантип жолукканыбызды кинонун лентасындай башынан элестетем да, акырына тез эле чыгып, тойбой кайра башынан эстей бергенден тажабайм. Уйдай кебелбеген териси калың аялымды карап туруп “эмнеге аял деген ажайып заттын баарын бирдей жаратпаган” деп кейип кетем. Мына периштем сени кайра башынан эстеп кирдим. Кайрадан экөөбүз, кайрадан жол.
Купеге кирип эми эле жайгашканда сен башбактың.
– Уруксатпы? Кечирип коюңуз, бычагыңыз барбы?
Ууртуңдагы кичинекей чуңкуруң жарк эте эски тааныштай жайдары жылмайдың.
– Уруксат, капырай ушундай сулууга бычактын эмне кереги бар? Сиз ар кандай бандитти көз менен багынтсаңыз болот.
– Көз кадырына жетпегендер кезигип калса, кереги тийеби дейм да.
– Көздүн баркын билген, күчүнө багынган жанга жолуктум деп эсептей бериңиз.
Сен шыңк күлдүң. Күлкүң тоо булагында тунук, шыңгыр, анан тентек экен. От чача балбылдаган көздөрүң менен жоодурай карап, унчукпай колуңду сундуң. Эмнеге сунганыңды түшүнбөй эле аппак кичинекей колуңду кармадым да, мындай керемет колду ушул кезге чейин кармабай өткөн бейопа өмүрүмө кейип кеттим. Сөөгү жоктой жупжумшак, ыпысык, баланыкындай сыпсыйда назик манжалар алаканымда болоор-болбос калтырап турду.
– Апей, колумду кармайсыз да, мен бычак сурап жатам.
Капкара көздөрүң башкача кылгырып, жумурткадай ак жүзүң албырып кызарып кеттиң. Ак куу моюндарыңан бери бышкан кызылгаттай кызгылт тартып кеткенин карап туруу кандай бакыт экенин билген жоксуң.
– Эмне кесмек элеңиз?
– Эт кесели дегенбиз, – Сен колуңду акырын тартып алдың. Колумдан эң аялуу буюмумду алып койгондой умсуна түштүм. Көзүңдөн көз албай жанымда жүргөн бычагымды сундум. Көздөрүңдү ала качып бурула бердиң да, чыгып баратып табышмактуу күлүп койдуң. Келээриңди билип эле турсам да түтпөй, чебеленип улам кирип чыга бердим. Түн ооп баратты. Капырай, келбей коёбу табышмактуу кара көз кыз? Ушул ойдон улам артыңан кошо чыкпаган өзүмдү-өзүм башка чапкылап жибергим келди. Караңгы тамбурга чыга бергенде сени менен беттеше түштүм. Көрбөй туруп туйдум сен экениңди. Сенден баш айланткан жагымдуу жыт келди. Бул жыт жамгырдан кийинки кызгалдактуу талаанын, жалбыздын жыты эле. Бөрсөйгөн мамактарың көкүрөгүмө тиреле, энтиге оор дем алып, колго түшкөн жапайы чаарчыктай калтырап турдуң. Ийилчээк денең тээ илгертен билип жүргөндөй дилге тааныш болчу. Үн-сөзсүз боорума кыса аймалап жибердим. Сен оболу каршылык көрсөтө толгонуп, анан акырындап денең бош тарта, эркиме багынып бердиң. Улам бир бурчка сүрүлө урунуп, соо жериңди койбой сагынып жолуккан жандай жан таштай өпкүлөп жатып сени бүт өмүр күткөнүмдү түшүндүм. Денемди жарып кетчүдөй чыңалган каалоодон үстүңдөгү жука көйнөгүңдү чарт бөлүп жиберсем, шайы көйнөк араң түтүп жашырып турган аппак көкүрөгүң мени ансайын акылдан адаштыра булуттан чыккан айга окшоп жарк этти. Мен андан ары чыдай алмак эмесмин. Ошол учурда жаным денемден атып чыгып кетпегенине азыр да таң калам. Сени купеге кантип көтөрүп киргенимди али күнчө эстей албайм. Билгеним аптыгып, жан жыргалынан энтиге апакай сандарыңан, тирсийген бөдөнө тумшук мамактарыңан, топчудай киндигиңден өпкүлөп, сенин денеңе денемдин ысып-күйгөн кичинекей бөлүгүн эле башбактырбай, бар дүйнөм менен сиңип кетүүгө даяр болгонум эсимде.

Ошондогу  үзүлгөн топчуларым али да ар кимдин бут алдына тебеленип жатса керек. Балким, биз өңдөнгөн ашыктардын далай кумарлуу түндөрүнө күбө болгон чыгаар? Же таштандынын арасында мен өңдөнүп сенин жытыңа, дыбырата үзүп салган назик колдоруңа зар болуп тумучугуп жатты бекен каран күн. Купенин дубалына далым урунганынан жерге оонап түшпөдүк беле. Бая эле колумда калтыраган кичинекей колдоруң менен көкүрөгүмдү тиреп, үстүмдө чалкалай берип көпөлөктөй конуп отурганыңды эч бир сүрөтчү менин карегимдей тартып кала алмак эмес. Ысык сандарың капталымды өрттөп, ипичке белиңен кош колдой кыса кармап, эми эле ушул бойдон көтөрүп туруп кетчүдөй делбирегенимди, элжирөөдөн жүрөгүм ыйлачудай чыңалып, анын шамалда калган жалбырактай дирилдегенин менин жан-дүйнөмчөлүк эч бир жазуучу жаза албас эле, атаганат. Бул жөн эле төшөк кумары эмес адам бактысынын, жан жыргалынын улуу кудурети, жеткен чеги болчу. Мен сени, сени төрөгөн энени ошол түн үчүн бүт өмүр тилим жетишинче, адам болуп жаралаганы кандай жакшы сөз үйрөнсөм, уксам ошонун баары менен алкап, даңктап өтөм. Сен кол тийгис таза болсоң да, тажрыйбалуу аялдай кумарлуу элең, акыштуу элең, кылыктуу элең. Ошонун баары эч бир жасалмасы жок табигый болчу. Бул сага энең аркылуу кудайдан берилген улуу белек беле.., билбейм. Канча аял жылдап эркек менен жашап, бирок анын алдына жөн гана төшөктөй төшөлүп, эч бир жан өрттөгөн кылыгы, дил толкуткан жылуусу жок жатып берип, бала төрөп эле келатапайбы. Андай аялдан өзгөчө бала деле төрөлбөс деп кетем күнөөкөр дилимде. Эне, бала кандай болсо да касиеттүү дечи, ошентсе да сендей аялдан башкача бала жарыкка келээрине негедир жалтанбай кепил болгум келет. Сенин ажайып жытың сиңген көйнөгүмдү али да жуудурбай, кусамдан күйүп күл болуп калаарда табериктей жүзүмө басам.

Түн бою уктабай, сага тойбой, эч бир эркектик күчтүүлүгүмдөн жазбай улам кумарга батып жатып, кашайып таңга жуук уктап калыпмын. Ойгонсом түш болуп калган экен. Сыйпалап эле сени таппай калдым. Үр кызы белең кагылайыным? Эч бир дайыны, дареги жок кеттиң. Кайсы станциядан, кайсы учурда түшүп калганыңды кантип туйбадым? Мени кусага, аягы жок эскерүүгө калтырып коюп кетип калдың. Периштем, сени издебей койду деп таарынба. Кайдасың? Дарегиңди болжоп эле билсем да жер кезип издеп чыкмакмын. Мен сени издеп табам ишенгин, болгону кичине күтө тур. Азыр мени байлаган абдан күчтүү бир жан бар. Ошол кичинекей падышам жетилсин, бутуна тургузуп коёюн, анан экөөбүз сөзсүз жолугабыз.

Жаныма келген уулумдун бытыйган колдорунан кармап:
– Кандай катын аласың? – дедим негедир.
– Сулуу, – деди уулум ишенимдүү.
– Ошенткин, эң сулуусун, эң акылдуусун, өрттү өчүргөн суудай шар, суудай шашма, өжөрүн алгын. Андай аял капыстан, бир эле жолу жолугат. Ошондо бекем карма макулбу? Сен эркексиң, чыныгы эркек андай аял үчүн баарына макул болуу керек.
– Сизчи, сиз да эркексизби? – деди кичинекей уулум.
– Ооба, анткени мен ошондой аялга жолуктум, бирок кармап кала албадым. Ал үчүн курмандыкка барып тентип кете албадым. Анткени, сен бар болчусуң. Сен болбосоң тентип кетмекмин. Сен мага окшоп сүйүүдөн да бийигирээк турган бала деген кереметке байланганча аялдын сулуусун, чанда жолукчу периштесин издегин. Жүрөгүң ушул демейинче эч бир жанга үйлөнбө, макулбу. Жүрөгүң өзү эле ушул дейт. Ага чейин сезимиң ушул деши мүмкүн, аны укпа, анткени, сезим алдамчы. Сен жүрөк менен сезимдин үнүн ажырата билгин уулум.

Уулум түшүндүбү жокпу билбейм, мени ушундай бир олуттуу карап туруп, баш ийкеп койду. Азыр түшүнбөсө, анан түшүнөт, эсинин бир жеринде калса, кийин жарк этип чагылат. Уулумду боорума кыса кучактап алып, сен жөнүндөгү кино лентанын башынан түрүп кайра эскере баштадым..

Айжаркын ЭРГЕШОВА, акын, журналист.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *