Чыңырган чындык.

ЖК депутаты Урмат АМАНБАЕВА.


УЛУТУН УРМАТТАГАН ЖАЛГЫЗ УРМАТ АМАНБАЕВАБЫ?

«Убадага сараң адамдар гана айтканын так аткарат».
(Ж. Ж. РУССО)

Өткөн жыл өз нугу менен кетип, эми минтип жаңы жылан жылынын тамагын да татып баштадык. «Чыгаша чыкмайын киреше кирбейт» демекчи анча-мынча болсо да айтып-дей турган жылыштар болбой койгон жок, ага да шүгүр.

Тилеке каршы кендирибизди кезген кемчилигибиз да жык жыйма. Анын баарын бирден санап отурбастан эң башкы көйгөйүбүзгө айланып бара жаткан Эне тил маселесинин айланасында сөз козгоп, улут көйгөйүнө айланып калган ушул маанилүү маселени кайра баштан кабыргасынан коюп, дагы да болсо калың журт эсине салып турбасак болчудай эмес. Добулбас кагып, кыйкырып-өкүргөнүбүзгө чейрек кылымга жакындап бара жатат, жыргата турган жылыш көрүнбөдү. Ток этээрин айталы, улуттук тил маселесинин ордунан жылышына өздөрүн ошол эле улуттун өкүлүбүз деген кара чечекей «кандаштарыбыз» каратып туруп эле каршы чыгып, бут тосмойлору күчөгөндөн-күчөп, көпчүлүктүн жанын кашайтып бүттү. Алардай ичтен чыккан ийри жыландардын аттарын атабай ак койо туралы. Эне тилин чанган «эргулдарын» элибиз деле жатка билет.

Анысы ал болсун. Ал эми бүт дүйнө эли Эсепкерди (Компьютер) эбак эле өз тилдеринде өздөштүрүп, сүйлөтүп, жер шарынын кайсы гана жеринде болбосун, жүрбөсүн эч кимдин кабак-кашын карабай этпей эле каалагандай өздөрүнүн тиилдеринче жазып, жыргап калгандарын жакшынакай билебиз. Тагыраак айтканда элүүдөн ашык эл, алардын ичиндегилерден алыс чыкпай эле береги кошуналарыбыз Казактар, Өзбектер, Тажиктер жана Түркмөндөр өз тамгаларын Эсепкер жайгашка дүйнөлүк стандарт менен тээ качандыр эле орнотуп алышкан. Ал эми бизде азыр анын карааны да жок. Ал боюнча айтып-деп кайрылган аракетибизге «кайдагыны айтасыңар» деп кабагын карыш түйгөн «калк каймактары», чечип берели дегенди мындай кой, тим эле чекелери тырышып-бырышып безге сайган немедей так секирип качышат. Өткөн жыл бою кыргыз ӨҢҮ_жөнүндө какшай берип, барбаган, кирбеген, даттанбаган жерибиз деле калбады. Эң эле биринчи баштаганда жалпыбыздын «Эсепкерибиздин ээси» аталган атактуу «Майкрософтко», анын башкы билерманы Билл байкебиз Гейтске кайрылуу кат жолдоп, дээрлик кыргыз басылмаларынын бардыгына жарыялаганга үлгүрүп, аталган ишкананын «ишин ирээтке салып, бардыгын чечет» деген башкы деректирине багыштап катары менен үч ирет расмий кат жолдодук. «Кыроо» деп да коюшкан жок. Андан соң ошол атактуу ишканада иштөө мүмкүнчүлүгүн алган «акжолтой» мекендешибиз Акжолго да бир канча ирет кайрылдык. Эмнегедир Акжол инибиз дагы ар кандай аргументтерди айтуу менен гана чектелип, жылыш да, жыйынтык да жасаганга жарабады.

Айлабыз кетип, аргабыз түгөнгөндө акыйкаттык издеп КР Акыйкатчысы (Омбудсмен) Турсунбек Акунга кайрылып көрүүнү туура деп таап, калдайган кайрылуу катыбызды көтөрүп алып Акун мырзанын алдына бир эмес беш ирет бардык. Адеп кабыл алганында Акун мырза кызылдай эле кыргыз экенин, мындай иш үчүн керек болсо кызматын кыйып жиберээрин да кыйытып, өлбөгөн жерде калаарын айтып, укмуш убада менен узаткан. Арадан аз өтпөй катыбыздын бир көчүрмөсүн Башбаканга, бир көчүрмөсүн КР Билим берүү жана илим министрлигине жолдогонун шардана кылган. Башбаканга кеткени ошол бойдон баш оту менен жоголду. Министрликтен министр орун басарынын «бээ десе төө» дегенге тете тетири кеткен «былжырак» түшүнүктөгү жообу келди менен бүткөн. А Акыйкатчыбыздын айткан убадасы айткан кабинетинен алыс чыкпай унутулду. Берген убадасын унутуп аягында Акун ажы акебиз ар кандай шылтоо айтымыш этип качып кутулду. «Барекелде» дегенден башка сөз таппай болгону үшкүрүп гана тим болгонбуз. Кыйкырып, чыңырган чындыгыбыздын кыскача таржымалы өткөн жылы мына ушундай аяктаган.

Биз ошентип чымын-куюн, ойго-тоого чуркап жүргөнүбүздө эл шайлаган депутаттарыбыздын кээ бирлери дагы алакан жайып отурушбаптыр. Тилибизге күйүп-бышып, олуттуу маселелерди көтөрүп чыгып, жыйынтыгында бир аз чеке жылытаар чекке жетип турганы да кубандырбай койбойт. Алардын арасынан кескин айырмаланган депутаттар Урмат Аманбаева менен Курмантай Абдиевдин улуттук тилге жасаган мамилеси мактоого татыйт. Ошол себептен аталган ушул маанилүү маселебизди урматтуу депутатыбыз Урмат айым Аманбаеванын атына багыштап, кабардар кылып, расмий кайрыла кетели дедик. Биздин, «Фейсбук» социалдык тармагындагы «Кыргыз Көчү» тобунун дагы ак эткенден так этип көздөгөнү дагы Эне тилибиздин өркүндөп өсүшү аркылуу калыпка салынышы, топтун күн тартибине койгон эң негизги маселеси жана ушул баштаган маанилүү ишибизди аягына чыгаруу аракети бүгүн да кадимкидей күчүндө экенин өзгөчө баса белгилеп кетмекчибиз. Биз өзүбүз улут катары толук кандуу бутубузга туруп, жок болуп кетпей, улуу эл экенибизди тастыктай турган эң башкы ыйык куралыбыз бул Эне тилибиз экенинде шек жок. Тилибизден, дилибизден айрылганыбыз, ал улуттун жоголушу деген эле сөз. Сиз муну абдан жакшы билесиз урматтуу Урмат айым!.

Көтөрүлүп жаткан маселе эң эле көйгөйлүү, ары абдан орчундуу. Бүгүнкү күндөгү дүйнө жүзүн электрондук, Эсепкер байланыш чырмап, ар бир улуттун кызыгуусу артып, заманбап өнүгүү күчөп турганда, биз, кыргыздар мындай байланыштын маанилүү жагынан аксап, артта калганыбыз абдан өкүнүчтүү жана уят. Бул туура эмес, биздин оюбузча мындай мамиле бүтүндөй бир улуттун укугун тебелеп, түздөн-түз кемсинтүү деп эсептейбиз. Өлкөбүздө ар кандай жолдор менен өздөрү жасалма тергич жасап алышып, өз кызыкчылыктары үчүн сатып жүргөндөр дагы жок эмес. Бул болбогон нерсе, мындан эч убакта жыргатаар майнап чыкпайт, себеби андай тергичти мисалы, чет өлкөгө жиберүү дегеле мүмкүн эмес. Болбогон оокат. Андан да «атайын кыргыздар үчүн» деп тамгаларды туш келди топчуга такай берүү да жарабайт. Андай тергичтерди кыргыздар үчүн деп чыгаруунун өзү зор кыйынчылыктарды жаратат. Дүйнөгө кеңири тарап кетип жаткан ноутбук, нетбук дегендерге андай кыргыз тергичти чаптоого болбойт, мүмкүн эмес.  Азырынча бизге системалык негиздеги кирилл тергичтин бетине кыргызча Ө, Ң, Ү тамгаларыбызды орнотуп бериши керек, же “киргизская кириллица” дегенди биротоло алдырып салышыбыз керек. Эгер андай да болбосо кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары ошол тергичтин стандарттуу бөлүгүндө турушу зарыл. Кыскасын айтканда Кыргыздын Ө, Ң, Ү тамгалары тикелей дүйнөлүк Стандарттагы тергичтин өзүндө турушу бүгүнкүнүн талап шартына ылайык. Мына ушундай болгондо гана жарашат жана ошондо гана дүйнөнүн кайсы жеринде болбосун ар бир кыргыз кыргыз тамгаларын каалагандай, эч кыйналбастан терүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат деп эсептейбиз. Мындан сырткары биздин окумуштууларыбыздын  иштеп чыккан тергич жайгашы да бар, андай жайгаш дагы ашып эле кетсе Кыргызстандын ичинде гана пайдаланууга жарайт. Жыйынтыгында айтаарыбыз урматтуу Урмат айым, бүтүндөй коомчулукту ушул маселени көтөрүүгө чакырып, кыргыз ӨҢҮ_нүн дүйнөлүк стандартка жайгашуусуна жардамыңызды аябай, аягына чыгарып берүүгө бар күч, акылыңызды жумшайт деген ойдобуз.


Максатыбыз, «улут маселесин учур талапка жараша пайдаланып, өзүбүздү- өзүбүз сыйлап, дүйнө элдеринин катарынан калбай, өз Эне тилибиздин өсүп-өнүгүүсү үчүн жан үрөйлүк» деген ураандын тегерегинде бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарсак дейбиз!..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ, «Кыргыз Көчү» тобу. Финляндия.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *