Аңгеме.

Турусбек ТУРГУНБАЕВ

Турусбек ТУРГУНБАЕВ

КЫШТООДО.

(Аңгеме)

Эртең менен апамдын үнүнөн улам ойгонуп кеттим. Мешке от жагып, эртелеп саап келген сүтүн бышырып жаткан экен.

-Мыкы, турагой балам малдарың ачка болду, эртең мененки жем-чөбүн бер маарап-мөөрөп жатышат, – деди апам.

-Мм азыр, бираз жата турайынчы апа.

-Тур балам элдин балдарын карачы эшик-эликти күрөп, малдарын карашып жүрүшөт. Атаң болсо тиги Жамгырчы аба өтүптүр дейт, ошол абаңкына кетти, турагой балам.

Суук кабарды укканда дене боюм суу куйгандай чыйрала түштүм. Жаткан төшөнчүмдү жыйнап, короого кийчү кемселимди кийип сыртка чыктым. Түнү кар жааган экен айлана апапак, бак-дарактар ак тонун кийинишип өзүнчө бир укмуш кубулушат. Талааны таңшыта сайраган боз торгойлор, жазы менен жаны тынбай чырылдаган таранчылар, короонун жанында чачылган жем-чөпкө улам бири конуп, бири учуп жатышыптыр. Мени көрө коюшту окшойт, “дүр” этип ар жактагы бакка барып конуп калышты. Кыштын көркүн карачы өзүнчө эле керемет, үйлөрдүн чатырларында ак пактадай төшөлгөн апапак карлар, моорлордон буркураган көк түтүн обого созолонот.

Асманда топ-топ болушуп учуп баратышкан тоо көгүчкөндөр талааны көздөй учуп баратышат. Күн ачылганына асман көпкөк, бир тутам булут көрүнбөйт. Ары жакта бирдемкени байкап калгандай сагызган шакылдайт. Кичинекей бөбөктөр чаналарын сүйрөшүп тоо тараптагы дөңчөдө чурулдашып ойноп жүрүшөт. Актөш жаныма жакындап келип, бирдемкени туйгандай куйругун шыйпаңдатат.

Короого кирип малдарга бир катар жем-чөбүн салып чыксам, бөбөгүм Айданек чанасын сүйрөп балдарды көздөй жөнөгөн экен.

-Айданек, кызым чайың ичип алып анан бар, – деп апамдын айтканына көнбөй чанасын сүйрөгөн боюнча жөнөп кетти.

-Мыкы кел чай ичели балам, тамак даяр болду.

-Болуптур апа мен азыр, – деп жуунганы жөнөдүм. Апам экөөбүз чай ичип олтурсак, эшиктен атам кирип келди.

-Мыктыбек чайыңды ичтиңби? – ичсең тайыңды току балам.

-Эмне болду атасы, тынчылыкпы деги?

-Кыштоодогу Жамал байкеңди бир-эки күнгө алмаштырып тура тур.

-Койсоңчу, атасы, кайдагыны айтпай, Мыкыш али жаш эмеспи, аска-тоонун этеги, ээн талаа жалгыз тамда коркпойбу?

-Коркпойт, баланы коркутпай жөн олтурсаңчы. Жамал да Жамгырчы абама топурак салып калсын, эртеге укса капа болбойбу. Быйыл онунчуну бүтүрөт, кийинки жылы армияга барат, эркек эмеспи. Сага койсо койнуңдан чыгаргың жок балаңды.

-Барса барып келсин, абысындар кечээ сүйлөшүп, ал баланы да үйлөндүрүп коёлу дегенбиз. Жалгыз баш кыйналып кетти, Кенжегүл өзүнүн айылынан бир сиңдисин тааптыр. Жалгыз бой жубан экен, келсе жолуктуралы, кудай буйруп насип-тузу кошулуп калгысы бардыр…..

 

*** *** *** *** *** ***

 

Жамал байкем кичинесинен эле мал-жанга жакын, үй тиричилигине бышып калган. Онунчуну аяктап аскер кызматын өтөп келгенден бери эле ушул. Жайкысын жайлоого чыкса, кышкысын кыштоодо кыштайт. Кыштоосу да тоонун эле этегинде, ээн, эчким жок жалгыз эле жапыз там.

Жамал байкем Жамгырчы чоң атанын экинчи аялынын ээрчитме баласы. Карыганда ал-күчтөн тайдым балам, эми калган мал-жанды өзүң кара, – деп аскердик кызматты өтөп келгенден кийин үйлөндүрүп кыштоого көчүрүп келген.

Илгери Жамгырчы ата менен кошо жети-сегиз үй өзүнчө бир айыл болуп түтүн булатышчу. Согуш аяктап, Совет доору чыңала баштаганда элди ылдыйлатып көчүрө баштаган. Ошондо да мал-жаным менен кайда бармак элем, – деп Жамгырчы ата болбой калып калган экен. Эл көчкөндөн кийин да Гүлсүн чоң эне менен он беш жылдай өздөрү түтүн булатышыптыр. Анан ушу Жамал байкем эр жетилгенде эл аралап ылдыйлашкан экен.

Жамал байкем Жибек жеңем экөө он эки жыл бирге казан асып, бала жытын жытташпаптыр. Ортону бала жакындатат эмеспи, акыркы күндөрү казан-аяк көбүрөөк кагышчу болгон. Акыры ажырашып тынышты. Арадан үч жыл өтсө да Жамал байкемдин эч кимге көңүлү чаппай жүрөт. Жибек жеңем алысыраак айылдардын бирине турмушка чыккан экен балалуу болуптур деп уктук…..


*** *** *** *** *** ***


Жаман чапанымды кийип, тайымды токуп жатсам, көчө жактан Айданектин ыйлаган үнү угулуп калды. Эмне болгон экен деп, утурлай көчөгө чыксам, бүт үстү-башы кар, чанадан жыгылыптыр. Астынан тосо барып көтөрүп келдим, чанасын сүйрөп.

-Эмне болду, – десем, чанадан жыгылдым, – дейт ыйлап.

-Эрте менен турганда чай ичпесе ушундай болот, – дедим. Жакшы кыздар тамактанып алып анан ойнойт, чанасын карайт, анан чанадан жыгылбайт, – десем, мен да эми жакшы кыз болом, – дейт көзүн жашын сүртүп.

Аңгыча апам чыгып Айданекти өзүнө алды. Мен короодо токулуу турган тайга карай бастым. Атам өтүгүн кийип жатып, – абайлап этият болгун, талаада ит-куш көп, малдарына жем-чөбүн убагында салгын, – деп эскертти.

-Жалгыз өзүң коркуп калба Актөштү ээрчитип ал, – деди апам. Өз атын укканда кулагын тикчийте калчу Актөш, ордунан атып жаныма келип куйругун шыйпаңдатып даяр туруп калды.

-Тайды чамдап бастырып, батыраак барганга аракет кылгыла, кыштын күнү күн кыска, бат эле кеч кирип калат, – деди атам.

-Макул ошентем, – деп тайды теминтип тоону көздөй жөнөп кеттим…..


*** *** *** *** *** ***


Жаздын жыты жыттанганы менен, тескейдеги карлар толук кете элек. Жаздын көркү болгон байчечекей жадырап, түзөңдөргө жайнап чыгыптыр. Түгөйүн издеген булбулдар миң кубулуп безеленип, жазга өзүнчө көрк берип шаңга бөлөгөндөй. Тоо этегинде торгой сайрап үнү басылбайт. Эрте жазда таза аба, арчанын буруксуган жытын айт, көңүлүң сергип, толкуйсун. Жаздын күнү жаш бала дегендей, бирде жаркып күлсө, бирде жаш баладай жашын төгөт. Жашып жааган жамгырдан жашынып, арчанын түбүнө кире качканбы кекилик, чилдери?

Эте жаз, күндүн көзү ачылбай ак жаанга айланганына мына бүгүн төрт күн болду. Бурулча күймөнүп күндөгүдөн башакча, таң атпай туруп камыр жасап, башы-көзүн жууп-тарап конок күтчүдөй болуп.

Мал-жанын карап, чапанын эшиктин керегесиндеги илгичке илип, чайга олтурган Карыпкул кемпиринин күйпөлөктөп жүргөнүн байкады.

-Ээ кемпир жайчылык элеби?

-Бүгүн бираз тынчым кетип турат, чайды ичип алып мал-жандан кабар ал чал, жылкылар эки күндөн бери көрүнбөйт. Дайра бойлоп эле жүрчү эле жаныбарлар.

-Өзүм да бүгүн көрүнбөгөнүнөн кабар алайын деп жаттым эле. Бул жакта от түгөнүп калгансып тоо таянып кеткендерин карачы.

-Менден кабатыр болбо чал, мен өзүмчө жайланышып алайын аман-эсен, түш оогондо кел, – деди Бурулча Карыпкулга.

Карыпкул таягын алып тоо таянып өр тартып жөнөдү. Жай жааган жамгырдын аягы басылчуудай эмес, майда себелеп жааган жамгыр төрт күндөн бери ак жаанга айланды. Каңылжырды жарган арча жытынан көңүлүң көтөрүлөт. Бадал арасынан учкан кекиликтери, топ-топ болуп үйүрүнөн бөлүнбөгөн чилдери тоонун көркүн ачкансыйт. Аркайган сороң таштарда конушуп алып, каркылдаган каргалар ары-бери учушуп, кыштын кеткенинен кабар бергенсийт. Күндүн көзү ачылбай, тынбай жааган жаанданбы?, – кучагын жайган аскалар, коюну кенен чалкыган тоолор, коёну толгон кокту-колоттор, дайрасы шарпылдаган капчыгайлар, ак калпагы башынан түшпөгөн аппак чокулар жаздын келгенинен кабары жоктой мемирешет.

Карыпкулду алыстан көргөн киши, кырктын кырындагы кырчындай жигит деп баа бермек. Арча-бадалдуу кадуу жол менен өр тартып, тайгандай эле желип-жортуп баратат. Колунда табылгыдан жасап алган кызыл таягы, Карыпкулга дем-күч берип жөлөп таяп келет. Үстүнө таштаган булгаары кемселин жайын-кышын түшүрбөйт. Кышында жылуу болсо, жайкысын салкын болот. Жаанчыл жазда капшырып кийип алса жамгыр өтпөйт. Кемпири Бурулча кийиктин тээрисинен ийлеп, өзү кооздоп тигип берген. Башындагы малакайы да ушундай эле териден ийленип жасалган. Бутунан керза өтүгүн түшүрбөйт, козунун куйругуна казандын көөсүн аралаштырып майлап койсо, күнү бүгүнкүдөй жаңыдай жалтырап калат.

Карыпкул алтымышта болсо, Бурулча кырк беште. Жаркылдап сүйлөп, маанайы ачык жайдары мүнөз Бурулча он беш жашында Карыпкулдун колун кармаган. Ошондон ушул күнгө чейин Карыпкулдун оту менен кирип, күлү менен кошо чыгып бирге казан асып келишет. Алтымышка чыкса да өзүн тыкан, таза алып жүрөт. Карылыка алдырып сакал-мурут коё элек. Кемпири Бурулча экөө отуз жылдан бери бирге түтүн булатышат. Ушунча жыл өмүр сүрүшүп алты перзенттүү болушуп, алардын бирөөсү да турбаган экен. Жаратканга жалынып жалбарып, ырым-жырымдап барбаган кожо-бакшысы калган жок. Сыйынбаган мазары, кыдырбаган базары калбады.

Мына бүгүн да Бурулча өзүн коёрго жай таппай күйпөлөктөп жүргөнү ошондон. Бурулчанын жалгыз калгысы келгени да ушундандыр, эшикти ичинен илип, кара эшектин токум төшөнчүлөрүн жайып салып, даярдык көрө баштады…..

Карыпкул өр тарткан жылкыларын кайдан издээрин да жакшы билчү. Анткени кулун кезинен ушул жайытты байырлаган карт бээлердин кандай чөп жеп, кайдан суу ичээри да Карыпкулга маалым эле. Барса ушул Таш-Булактын төрүндөгү тегиздике барышат, болбосо Түнт-Ойдогу белестен табат. Үйүр алган жылкылар алыс кетишпейт.

Тоонун башына чыгаарда Карыпкул басыгын акырындатып, кулагын түрө басты. Ушул убакта туяктардын дабышы же жылкылардын кошкурганы угулуп калчу эле, суунун шарынан башка дабыш угулбайт. Дөңсөөгө чыгып айлана-чөйрөгө көз чаптырып, көчүк басып олтура кетти. Майда себелеп жааган жамгыр Карыпкулдун жүзүнө тамчылап жууп жатты. Ак мөңгүлүү аска зоолуу тоо жактан келген мелүүн соккон желдин жытын карачы, Карыпкул моокуму кана кере-кере жутуп жатты. Арчанын учуна конуп алып, каркылдаган карганын гана үнү угулат. Таш-Булактын шаркыраган дабышынан башка канаттуулардын мукам, созолоно сайраган үндөрү угулбагандай. Алар да жаандан жашынып, күндүн жаркырап тийишин күтүшкөндөй сезим калтырат.

Карыпкул келген жагына кайрылып карап, жети түтүн жашаган айылдагы үйлөрдүн моорлорунан булаган түтүндөрү көзгө элес-булас көрүнгөндөй. Шарпылдап аккан дайранын аркы өйүзүндө үч үй, берки өйүзүндө төрт үй коңшу жашашат. Ортолорун бириктирген бир кыйма көпүрөө, кыйма көпүрөө дегени, – дайранын жээгинде өскөн чоң бака-теректи аркы өйүзгө карай оодарышкан, анан балталап-тешелеп жатып үстүңкү бетин тегиздеп алышкан. Ушул көпүрөө аркылуу мал-жан, ал-акыбал сурашып кабарлашып турушат.

Карыпкул өзүнүн үйүнө көз салды, моордон түтүнү даана буркураганы көрүнүп турат, демек кемпири эми эле мешке тезек калаган. Эрте менен жасаган камырын жаап жаткан го, – деп болжоду ичинен.

Ары жак бери жагын байкаштырып, жылкылары Таш-Булактын түзөңүндө көрүнбөгөнүнөн, Түнт-Ойдо экенине көзү жетти. Бираз эс алып калган экен, эми эле ордунан козголуп тураарда алыстан карышкырдын уулуган үнү угулду. О үнүңдү урайын сенин!, – деп селт этип чоочуп кетти да, Түнт-Ойду көздөй бачымдап жөнөдү. Мындайда жолдун арбышы тозоко айланат эмеспи, канчалык чамдаса да кыбырап кыр ашпай койду. Астынан бир эле арча-бадал, оркойгон кара таштар, окшош шилби, бадамдар кайра-кайра эле чыгып, бир эле жерди айланып жаткандай туюлду. Бала кезинен бул жолдордон канча ирет каттап, коён жатагына чейин жатка билчү. Түнт-Ойго жакындаган сайын жүрөгү түрсүл согот, көзүнө жылкылары элестеп, астынан учкан кекиликтерге да көңүл бурбады. Ишенген жарагы колундагы кызыл таягы.

-Аман-эсен эле болсо экен, – деп ойлонуп келе жатып алдынан кызыл түлкү булаң этип качканда чоочуп кетти.

-Каргашадай болгон касаба, – деп сөгүнүп алды өзүнчө.

-Кызыл түлкү азгырат дечү эле, түз эле жолумда келе жатамбы? – деп алды-артыны каранып да коёт.

-Кантип эле азгырсын, бала кезимен ушул сокмо жолдордо ары-бери чуркап чоңойсом, – дейт өзүн-өзү соорото.

Кыбырап олтуруп кыр аша турган болду, дагы бир эле теминсе белеске чыгат. Эрте менен асканын үстүн баскан туман акырындап ылдыйлай баштады. Жылкыларга батыраак жетип артка кайрыбаса, туман каптаган жоодой, бат эле басып келет.

Туманда азыткы болот, алар туманда жашайт, – деп бала кезде уккандары аргасыздан эске түшөт.

Шашкан бойюнча белеске да чыгып барды. Элеңдеп ары-бери карап, тээ алысыраакта оттоп жүргөн жылкыларын көрүп Карыпкулдун жүзүнө кызыл жүгүрдү. Кырр-рруу, – деп каттуу кыйкырды эле, тору бээ кулагын тикчийтип башын көтөрүп Карыпкулду карап калды. Калган экөө да баштарын көтөрүшүп үн чыккан жакты карап калышты. Эми эле чыккан көккө тоё элек жылкылар кайрадан оттоп киришти. Кыйкырганга көнбөсүнө көзү жетткен Карыпкул ылдыйлап жөнөдү. Өр тартканга караганда ылдыйлап басканга кыйын болду, кээде тайып жыгылып да кетет. Колундагы таягы мындайда чоң өбөк-жөлөк болду.

Карыпкулду көрөөрү менен эле, эмнеге келгенин картаң бээ айттырбай туйган. Жамгырдын жааганына карабай кошкуруп, бышкырып жылкылар оттоп жатышты. Качан гана Карыпкул жакындап барып, бел курчоосун таягынын учуна байлап, ары-бери желбиретип кыйкырганда, тору бээ жол баштап келген жолуна түшүштү. Артынан Карыпкул кыр-руу, кыр-руулап жылкылар көрүнбөй калганча бир кыйла жерге чейин кыйкырып келди.

Тайды улам теминтип, Актөштү ээрчитип алып айланага көз чаптырып келе жаттым. Түнү менен жааган кар күндүн нуруна чагылышып, көздүн жоосун алат. Айлана апапак, ак тонун жамынып учку-кыйыры көрүнбөгөн талаалар. Түлкү, коён байырлаган дөңсөө адырлар, арча токоюн кучагына камтыган тоолор, аскасы асман тиреп жаткан зоолор, мамыктай болгон аппак карга оронуп мемиреп уктап жаткандай. Тоо жактан соккон ызгаар шамал жүзүмдөн сылап, аймалап мени менен саламдашып жаткадай. Күн ачылганына бир топ эле суук, тайдын таноолорунан чыккан буудан күндүн суук экени көрүнүп турат. Жаратылыштын, айрыкча кыштын көркөмдүгүн, сулуулугун сүрөткө түшүрүп, сөз менен айтып бүткүс.

Жарым сааттай жол жүрүп, адырлар бүтүп тоо таяндым. Кашка тай кар жиреп, жол ачып баратат, артыбыздан калбаган Актөш куйругун шыйпаңдатып, бирде артта калса бирде жетип келип, тайдын изи менен келе жатты. Тоонун этегине жетээрде алдыбыздан бир ак түлкү жылт койду. Көрөөрүм менен тайды үстөкө-босток камчылап, Актөштү айдактап кууп жөнөдүм. Тайдын изине түшүп алып келе жаткан Актөш, түлкүнү көргөндө эле бизден алда канча астыда кууп жөнөдү. Түлкү куулугуна салып буйтап качып баратты, Актөш артынан калбай ат чабымдай жерге кууп кетти. Алар ылдыйлап кеткендиктен Актөш эле Актөш, ал эле ал, – деп айдактаган боюнча дөңсөөдө кала бердим. Экөө тең көрүнбөй калышты. Бир убакта аркы беттеги жанбоордон түлкү өзү качпай эле жай чуркап баратат. Алжактап арт жагыны каранып коёт. Эмне болду экен деп, чыдамым кетип, чый-пыйым чыгып кетти. Экөө кубалашып кеткен тарапты көздөй, тайымды теминте шашып жөнөдүм. Актөштүн үргөнү эле угулат, өзү көрүнбөйт. Жакын бастырып барсам кулагы менен куйругу эле калыптыр. Түлкүнү кууп баратып буйтап кеткенде, Актөш түз эле гүрткүгө кирип кеткен экен. Жакын барсам мен да түшүп кеткидеймин, тайдын чылбырын узартып, бир колум менен чылбырды кармап, экинчи колумду Актөштүн куйругуна создум. Жетип кармап, чү-чү жаныбар, – деп чылбырды жулктум эле, кашка тай экөөбүздү тең бирдей гүрткүдөн сууруп кетти. Жетпей калганына ызаланып Актөш тоо жакты карап кыңшылап үрүп-үрүп алды. Кар болгон үстү-башыбызды кагынып алып, Актөш кашка тай үчөөбүз андан аары жол уладык…..

*** *** *** *** *** ***

Күндүн көзү көрүнбөйт, дыбырап жааган жамгырдын басылаар түрү жок. Күн жылт этсе эле чөптүн өсүмү да көтөрүлүп, көктөн мал-жан оозанмак. Жамгырдын шыбыртынан башка дабыш угулбайт, айлана жымжырт.

Жылкылар үрккөн боюнча дүбүртү угулбай калды. Карыпкул жылкыларынын артынан акырын ылдыйлап жөнөдү. Жылкыларын кайрып көңүлү тынч алган Карыпкул, – эми кемпири Бурулча жөнүндө ойлоно баштады. Кантти экен, толгоо тартып жатабы, эсен-аман көз жарып алса экен, эмне болуп кетти, – деген түрмөктөлгөн ойлор биринен сала бири чубуруп жатты.

Ушинтип түрдүү ойлорго чөмүлүп ойлонуп келе жатып, сороң таштын коңулуна көчүк басып олтура кетти. Асман көрүнбөйт, кара булут таркабай, тыпылдап жааган жамгыр өтмө катар өтүп, сууга салган мышыктай эле шөмтүрөп кетти.

Бурулча экөө сүргөн ушул өмүрүн көз алдынан өткөрүп; – эмне жасадым, эмне кылдым, кантип, качан кудайдын каарына калдым эле, эмнеден жаздым.

Тагдыр мени неге мынча калчадың,
тирүүлүктүн тозогуна каптадың,
калагы жок көк деңизге таштадың,
картайганда айтчы неге аксадым,
жаралдым да неге тамыр чачпадым,
оо жараткан алчу болсоң мени ал,
периштедей дили таза,
тагдырыма таш балтаңды чаппагын,
бир сураарым үмүтүмдү актагын, – деп көзүнүн жашын кылгыртып ыйлап жатты.

Канча олтурганын ким билет, бир убакта күүлдөп, шуулдап келип эле Карыпкулдун жөлөнүп олтурган таягына урунуп өтүп, этегине бир кекилик кире качпаспы. Артынан кууп келген кыргый Карыпкул коңулунда олтурган сороң ташка урунуп кете жаздап, кайра кайкып кетти. Кыргыйдын чеңгелине чала илинген экен, кекиликтин жүндөрү тозуй түштү. Ойлонуп олтурган Карыпкул, эмне болуп кетти, – деп түшүнбөй да калды.

Карыпкул астынан кекиликти акырын абайлап сууруп чыгып караса, төшкө тепкенби же кыргыйдын тырмагы киргенби, бираз канап турат. Жүрөгү түрсүлдөп соккон менен көзү ачылбайт, байкуш коркуп калган окшойт. Эсине келээр деп бир топко дейре кармап олтурду, акыры болбогонунан макисин алып мууздап койду.

Кудайым берет деген ушул да, ойлонуп барып олжолуу кайттым, кемпириме алпарып сорпо салып берейин, – деп жаш балача кудуңдап алды. Колуна ак куш келип конгондой, табылгасын жакшылыка жооруп көңүлү жайлана түштү. Дагы бир саамга олтурду да, кудай берген олжосун алып, акырын басып ылдыйлап жөнөдү.

Кыштоого карай оогондо эскилиги жетткен тамдар даана көрүндү, тамдарга жакын дөңсөөлөрдө он-онбештен болуп ар-бир түтүндүн жандыктары жаанга карабай жайылып жүрүшөт. Коңушулары күнүмдүк тиричилик менен, кирип-чыгышып алек. Дайранын жээгинде жылкылар оттоп жүрүшөт. Карыпкул эми өзүнүн короосуна көз жүгүрттү, түш ооп калгандыктан эрте менен айдаган жандыктары короого жакындап түшүп келишиптир. Эшик-эликте эч ким көрүнбөйт, Бурулча бул убакта мал-жанга көз салып каралашмак, Карыпкул талаалап кеткенде өзү эле карайт эле. Жаштайынан мал-жанга аралашып өскөн Бурулча, эс тарткандан эле уй саап, бээ саап чоңойгон. Короо-жайга каралашып, үй жумушуна бышып бүткөн. Колунан көөрү төгүлгөн уз-чебер, жайкысын шырдак шырып,таар соксо, кышында оймо оюп, сайма сайчу. Кыштоонун эптүүсү да, септүүсү да Бурулча эле.

Карыпкул эми бачымдады, эртерээк жетип короо жайды карайын, жем-чөбүн салып, малдын астын тазалайын, – деп шашып жөнөдү. Үйүнө жакындаган сайын жүрөгү дүкүлдөп элеп-желеп болуп, өзүн башкача сезе баштады. Сүйүнгөнүбү, ызаланганыбы өзү да билбейт, бир кадам астыга таштаса, эки кадам артка баскандай ордунан жылбай койду, шашканда жол арбыйт болуп.

Кыбырап жылып кыйма көпүрөөгө келди, күн сайын өтүп жүрчү көпүрөөдөн калчылдап башы айланат. Көзүнө көпүрөө эмес, суунун шарпылдаган шары эле көрүнүп туруп алды. Оңдой берди болуп, коңушусу Жоломандын уулу Медер аркы өйүздө келе жаткан экен, колунан жетелеп өткөрүп койду.

-Ракмат балам, өмүрүң узун болсун, эр жетип чоң жигит бол, – деп алкышын айтып.

-Жоломан кандай жакшы олтурабы, апаң да жакшыбы?, -ии баса ме мобуну инилериңе сорпо салып бер, – деп койнундагы кекиликти сунду.

-Оо Карыпкул чоң ата сиз кайдан, ууга чыккансыз го?

-Карыганда кайдагы уу балам, жорткондун жолу болот эмеспи, жылкыларды айдап түштүм жогортон.

-Ракмат Карыпкул чоң ата, – деп Медер үйүн көздөй чуркап кетти.

Карыпкул шашып-бушуп үйүнө жетип, түз эле короого кирип, күн сайын жасачу жумуштарына киришти. Эмне кылып жатканын да билбеди, көнүп калган күнүмдүк жумуштарын колдору өзү эле жасап жаткандай. Малдардын астыларын куруктап, кечки жем-чөбүн даярдады.

Бир-эки жеринен эле тамчы өткөн жери болбосо, короо анча деле балчык эмес. Жазында дайранын жээгинен оруп келген камыштардан кынап-тизип, үстүнө топурактан бастырып жакшылап чатыр жасаган. Жыл сайын ушинтет, антпесе эскирип чирип калган камыштан жамгыр өтүп кетет.

Үйгө киргенге жүрөгү даап кире албай жүрө берди, терезенин жанынан өтүп баратып ыңаалаган наристе үнүн укканда дүйнө аңтар-көңтөр болуп кеткенсиди. Көкүрөгүн жарып чыкчудай, жүрөгү жулунчудай түрсүл согуп, көзү караңгылай түштү. Каккан казыктай кадамы баспай катып калды, колундагы айрысына жөлөнүп көзүнө жаш тегеренип кетти.

Оо жараткан алчу болсоң мени ал, кулунума тийбегин,
Оо жараткан чапчу болсоң мени чап, кундузума тийбегин,
Оо жараткан жутчу болсоң мени жут, туйгунума тийбегин,
Оо жараткан жанччу болсоң мени жанч, туягыма тийбегин, – деп жаратканга жалбарып, көзүнөн жашы кылгырып короо айланып жүрө берди. Эчкилери келбегенде дагы канча жүрөт эле жаанда, ким билет. Эчкилерин короого камап, улактарын башка бөлүп жайгарды. Жалгыз уйу бул жылы кысыр калып, эчки саап ак ичишүүдө. Беш сүт берчү эчкиси эки кесе сүт берет, калган онун саабайт, алардан сүт деле чыкпайт, улактарынан артпайт.

Жем чөбүн берип, байлачусун байлап, баарын жайгаштырды. Бираз көңүлү тынчып жеңилдей түштү. Үйгө даап кире албады, жүрөгү сыздап, жүлүндөрү зыркырайт, түрсүл согуп, жарылчудай чыркырайт. Булгаары күрмөсүн чечип, короого кийчү чапанын кийди да, короонун төрүндөгү төгүлгөн саманга кыйшая кетти.

Бурулча эрте менен жасаган камырын казанга калама нан бышырды. Очоко оттон улуулатып жагып, эми даярдыгын көрө баштады, толгоосу бирде күчөп, бир эле тарап кетет. Ошентип ары барып, бери келип жатып, төрт саат толгоо тартып, түш оогондо балканактай эркек бала төрөдү. Киндигин өзү кесип, жууп-нетип, ороп-чулгап көнгөн ата-бабалардын салтын, ырым-жырымдарын жасап жатты.

Бурулча да сезип жатты Карыпкулдун кандай акыбалда жүргөнүн, жүрөгү ооруп аяп жатты, жүрөгү канап жатты. Баш-аягын жыйнап Карыпкулду качан кирип келээр экен деп күтүп жатты.

Саманга башы тийери менен эле көшүлүп уйкуга кетти Карыпкул.

Түш көрдү, түшүндө ак күрмөчөн, жылаңаяк талаа кезип чуркап жүрөт, бир демкени кууп жүрөт, жетпей жүрөт. Бир убакта күүлдөп-шуулдап көктөн чоң бүркүт Карыпкулду кууп жөнөдү, качып баратат, ээн талаа эрме чөл, жашынарга бир тал шыбак чырпык жок. Ыйлады, боздоду аны уккан эчким жок. Кууган бүркүт канат жайып кайкып келип тырмак саларда, күн күркүрөп, чагылган жаркылдап келип учкуну бүркүткө келип тийет, кара бүркүт ак кушка айланып Карыпкулдун колуна келип конуп калат.

Чоочуп ойгонгон Карыпкул самандан башын көтөрдү, чынында эле күн күркүрөп, чагылган жаркылдап, жамгыр төгүп жаткан экен, Көргөн түшүн жакшылыка жооруп, – малы-жанын, эли-жерин, кемпиринин, өзүнүн, кичинекей ымыркайынын амандыгын тилеп, жаратканга жалбарып дуба кылды. Таң сүрүлүп калган экен, улактары да чурулдап уйкусу ачылып кетти. Эрте мененки жем-чөбүн берип, улактарды агытып жиберди, өзү саамак беле.

Жамгыр дагы деле жаап жатат, басылар түрү жок, эмне кылсам, – деп ары ойлонуп, бери ойлонуп, акырын басып үйгө кирди. Бурулча ымыркайды эмизип жатыптыр, көзү ачылбай аймалап эмчек соруп жатат. Карыпкул чөгөлөй олтура кетти, денесин майда калтырак басып, тамагы буулуп үнү каргылданып кайра-кайра жутунуп алды.

-Кандай эсен-аман эки баш болуп алдыңбы? Өзүң дагы жакшысынбы? Бала кандай?, кыйналдыңбы?, – деген суроолорду биринин артынан бирин берип жатты.

Бурулчанын да Карыпкулду көргөндө тамагы буулуп сөз айталбады, көзүн ирмеп, башын ийкеди, көзүнөн жашы кылгырып. Бул көз жаш, – сүйүнүчтүн, кубанычтын жашы эле. Бул көз жаш, – коркунучтун, өкүнүчтүн жашы эле. Бала жытына мас болуп мемиреп жатткан кези эле.

Мурдулары барбайып Карыпкулдун эле өзү, кашы-көзүнүн каралыгы да, өңү-түсү да куюп койгондой оп-окшош. Көзү ачылбай уйкуда, эмшиңдеп эриндерин соргулайт.

Карыпкул даарат алып, азан чакырып, күндүн көзү көрүнбөгөн жамгырлуу, жаанчыл күнү жарыка келди, аты Жамгырчы болсун, – деп перзентинин атын Жамгырчы койду.

Кемпир сен ширин чайың даярда, мен коңушуларга сүйүнчүлөп, чайга чакырып келейин, – деп жаш балача шашылып эшике жөнөдү. Аркы өйүздөгү досу Ташбалтага биринчи сүйүнчүлөйүн деп чечти, кечээки башы айланган кыйма көпүрөөдөн так секирген улактай эле чуркаган боюнча өтүп кетти.

Ташбалта, оой Ташбалта, – деп алыстан эле кыйкырып да, чуркап да баратат. Малдарына жем-чөбүн салып жүргөн Жоломан көрүп таң кала, – ээ Карыпкул аба тынчылыкпы?, – деп астынан утурлай басты.

-Сүйүнчү бер Жоломан сүйүнчү, – деп энтигип, өпкө өпкөсүнө батпайт.

-Болсун, болсун Карыпкул аба, сүйүнчү сизден айлансын, келиңиз.

-Бурулча уул төрөдү, уулдуу болдум, кудайым берди карыганда, – деп кубанычы койнуна батпайт.

-Ой Саадат, сүйүнчүңдү алып чык, Карыпкул абам уулдуу болуптур, – деп Жоломан үйүн көздөй басты. Аңгыча Саадат да бир чепкенин көтөрүп, бешик бооңуз бек болсун аба, – деп Карыпкулдун үстүн жаңыртып чепкен жапты.

-Кандай Бурулча жеңем эсен-аман көз жарып алдыбы, ден-соолугу жакшыбы, – деп ал-жай сурашты.

-Жакшы айланайын, азыр өтүп ширин чай ичкиле, мен тиги Ташбалтага да кабарлап коёюнчу, – деп досунун үйүн карай басты.

Ташбалта да эрте мененки чурулдашкан Карыпкул менен Жоломандын үнүн укканбы, эшике эми эле чыккан.

-Сүйүнчү дос сүйүнчү, Бурулча төрөдү, – деп алыстан кыйкырып келе жаткан досун утурлай басты.

-Болсун досум болсун, эмне тапты? – деп Ташбалта да сүйүнүп кетти.

-Балканактай бала төрөдү, уулдуу болдум, – деди оозу жайыла сүйүнүп.

-Оозуңа май, бешик бооң бек болсун, өмүрлүү болсун, эстүү болсун, – деп экөө кучакташып көрүшүштү.

-Ай Төлөгөн, сүйүнчүсүнө короодогу козунун бирөөсүн жетелеп чык балам, – деди Ташбалта уулуна. Кемпири Марал да угуп, ак калпагын көтөрө чыгып, куттук айтып Карыпкулга кийгизди.

-Үйгө кирип чай ичкиле, чай даяр, нанга ооз тийгиле, эрте мененки ырыскыдан кайткан болбойт, – деп Марал күйпөлөктөдү. Үйгө киришип нан ооз тийип, чайдан ичишти. Чай үстүндө олтуруп:

– Ээ кемпир сүйүнчүңө мобу ак калпактан көрө тон жаппайт белең, – деди Ташбалта кемпирине тийише.

– Ак калпак, кара тонго караганда алда канча улук турат бай. Саматтын окуучу баласы Боронзодон алып келген экен, жайында бир сокмо таарга айырбаштап алгам, – деди Марал.

-Болуптур мен чыгайын, олтуруп алганымды карачы, кемпириме барып каралашайын, мал-жанга да көз салып, – деп Карыпкулдун кубанычында чек жок.

-Калган коңушуларга сен кабарлап кой балам, – деп Төлөгөнгө карады.

-Болуптур, – деп Төлөгөн ордунан туруп жөнөдү.

Мал-жандарын карап коюшуп, бир нече убакыттан кийин коңушулар Карыпкул менен Бурулчанын перзенттүү болушун куттукташып, ширин чай ичип олтурушту.

Күн да чайыттай ачылып кетти…..

Капчыгайлуу, чалкыган аска зоолуу тоо аралап бараттым, айлана апапак болуп ак карга бөлөнгөн. Чачылган шурудай катар арча-кайыңдар, бадалдар кар жамынып көшүлүп уйкуда жаткандай. Жолду бойлой шаркырап аккан дайра, дайранын жээгинде үйдөй болгон чоң-чоң таштар ар бир жолоочуга жол көрсөтүп тургандай туюлат. Дайранын гана күрпүлдөгөн дабышы болбосо, айлана тунжурап тыптынч. Ушул мемиреген тынчтыкты кашка тайдын туягынын чыкылдаган дүбүртү бузуп жаткандай. Актөш бир калыбынан жазбай желип-жортуп келе жатат, кээде көзүнө бирдемке урунуп калса ошол жакты карап, кулагын тикчийтип үрүп калат. Кашка тай да чарчады көрүнөт, анча-мынча кошкуруп бышкырынып коёт.
Алысыраакта тоо тараптагы чоң кара ташта канаттарын жайып бир ак куш олтурат, биз чукул барып калганда табылгасын чеңгелдеп алып асканы карай учуп жөнөдү. Канаттары калдайып айбаттуу да, сүрдүү да көрүндү. Кара таштын үстүндө калган тоо көгүчкөндүн жүндөрү шамалга сапырыла түштү…
Мына дагы бир айрылыштан бурулсак кыштоо көрүнөт, жакындаган сайын тайды теминтип камчылап коём. Актөш эми астыга түшүп жөнөдү, калган жолду өзүм билем дегендей ат чабым аралыктай узап кетти. Айрылыштан бурула берерде иттердин үргөн ызычуусу угула баштады, Актөш жеткен экен деп болжодум. Мен болжогондой эле Жамал байкемдин эки ити Актөштү алыстан көрүшүп утурлай үрүп чыгышкан экен. Алыстан карарып үйү көрүндү, түтүнү көккө карай буралат, сыягы мешке эми эле тезек калаган окшойт. Улам жакындаган сайын атты теминттим, эски үйлөрдүн ордулары, ураган дубалдары, эски таштан тизилген короонун издери билинер-билинбес болуп көзгө урунат. Качандыр бир убакта кичине болсо да бир айыл эле. Жамгырчы ата бул айылдын аксакалы эле, эл ылдыйлап кеткенде да Бурулча эне экөө калып калышкан. Экөө онбеш жылдай мал-жан багышып, анан ушул Жамал байкеме таштап эл аралап ылдыйлашкан экен. Иттердин үргөнүнөн Жамал байкем да эшике чыккан окшойт, мени күтүп туруптур. Жакындап келип салам айттым;
-Ассолому алейкум!
-Ва алейкум ассолом, кел Мыкы.
-Кандайсыз Жамал байке, мал-жан аманбы?
-Жакшы кудайга шүгүр, олтурабыз кыш менен алышып. – Шашылып келип калыпсын тынчылыкпы, айыл-апа тынчпы?
-Тынч баары олтурушат, – деп алып ойлоно түштүм. Каап жанатан ушул суроого жооп даярдап албаганымды карачы, – деп өзүмдү ичтен жемелеп алдым. Кантип айтсам деп бираз күйшөлө түштүм.
-Айыл-апа кандай, тынч элеби, коңушу-колоңдор, кыштан кантип атасыңар, – деп бир топ суроо узатып жиберди тынчсыздана.
-Тынч-тынч айыл, тууган-урук, атамдар салам айтышты, – дедим шашкалактай тайды байлап жатып.
-Жүр үйгө кирели, үшүп да калыптырсын ат үстүндө, – деп эшик ачты.
Дасторкон жайылып туруптур, казанда сорпо кайнап жатат. Үй ичине бир катар көз жүгүрттүм, үйдүн сол жак киреберишинде маргалан меши, оң жак тарабында чоң кара бүркүттү канаттарын керип кагып коюптур. Сол жак тарабында кичинекей төрт чарчы болгон терезе, төр жагында жүк жыйылып турат.
-Кел Мыкы төргө өт, атың семиз экен, эрте менен ууга чыгып төрт кекилик атып келдим эле, сорпо да даяр болуп калды, – деди Жамал байкем. Мен эмне деп кеп айтаарымды билбей олтурдум. Нандан ооз тийип чайдан ичип олтурдук, сорподон куюп келди.
-Ээ Мыкы жөн-жай келбегендей көрүнөсүн сүйлөй олтур, – деди Жамал байкем.
Жанатан бери эмне деп айтарымды билбей олтурган жаным;
-Жамгырчы чоң атам кайтыш болуп калды, – дедим түз эле башымды жерге сала.
-Эмне, качан?, ой жанатан бери айтпайсыңбы, кой мен даярданайын, сен шашпай ала бер тамактан, – деп шашкалактай эшикти көздөй жөнөдү.
Эртеден бери ат үстүндө жүрүп курсак да ачка болгон экен, кекиликтин сорпосун тамшана ичтим. Сыртка чыксам Жамал байкем короо тарапта күйпөлөктөп шашып жүрөт. Мени көрө коюп, – кел Мыкы короо-жайды көрсөтүп коёюн деди. Кантип жем-чөп саларымды, кайжерде эмне турарын бир катар айтып көрсөтүп берди. Анан үй-ичин көрсөтүп, тамак-ашын дайындап, бир-эки күндө келээрин айтты. Үйдөн чыгып баратып, илинип турган коштукту алып, караңгы кирип көз байланганда бир, кеч жатарыңда бир ок чыгарып кой, ит-куштан тынчырак болот, – деди. Токулуу туган тору айгырын айылды көздөй тизгинин тартты. Жамал байкеме көгөн эки ити артынан аткан октой желип-жортуп жөнөдү. Тоо арасы, ээн капчыгайда Актөш экөөбүз кала бердик.
Үйгө кирип олтура кеттим, бүркүттүн чоңдугун кара, канаттары калдайып айбаттуу да, сүрдүү да көрүнөт. Айбалтадай болгон тумшугу, шамшардай тырмактары буркүттүн сүрү да, жарагы да. Төкөөрүнө караганда үч-төрт түлөк окшойт, бул канжардай болгон тырмактардын чеңгелинен канчалаган тоо жаныбарлары чыгалбай чыйпылдады экен. Жолдо келе жаткандагы таш үстүндөгү ак кушту, анын чеңгелиндеги жүндөрү топондой тозуп алсыз жаткан тоо көгүчкөнүн эстедим. Табигаттын табышмагын карачы, бирин алдуу бирин алсыз, бирин күчтүү бирин күчсүз жаратып, жаратылыштын бири-бирине көз каранды болуп жаралганын. Бул кыраан бүркүт канчалаган бийиктикти багындырып, канча жаныбарларды алып, канча шаңшыды экен. Эми мынтип жепирейген жапыз тамда канаттары калдайып кагылып турат. Дубалда илинип турган коштука көзүм түштү, акырын алдым да ар жак бер жагын кармалап көрдүм, октолуу даяр туруптур. Жанындагы мыкта парады илинип турат, санасам жети огу бар экен, коштуктагы менен тогуз ок.
Эшике чыгып айланага көз чаптырдым, үйдөн анча алыс эмес жайгашкан короо жайы, анын ар жагында кышка камдалган чөбү үйдөй болуп үйүлүп-жыйылып турат. Айланасы жыгыч тосмо менен курчалып тосулган, ичинде он-онбештей улактар чурулдашып так секирип жүрүшөт.
Күн чайыттай ачык, күмүштөй болгон аппак кар күнгө чагылышып көздүн жоосун алат. Тоонун тескейиндеги кар жамынган арчалар мемиреп тынч уйкуда жаткандай. Күнгөй тарабы ала-чоло карарып, шилби, карагат, арча бадалы карларын кагынып баш көтөргөндөй. Үйдөй болгон сороң таштар кулап кетчүдөй болуп ылдый карашат. Сайдан жайы-кышы токтобогон Таш-Булактын суусу муз астында шылдырап берметтей куюлат. Арча жыттанган абанын тазалыгын карачы, көкүрөгүң кере жутсаң да моокумуң канчудай эмес.
Жамал байкем айткандай короо жайын жыйнап, жем-чөбүн бердим. Көз байланганда ит-куштан сактанып коштуктан тоо жаңырта ок чыгардым. Үйгө кирип мешке тезектен кеңири калап чай ичүүгө камдандым. Кекиликтин сорпосунан калган экен, өзүмдөн артканын Актөшкө да куюп бердим. Таш чырактын үлүңдөп күйгөнү үй ичине араң эле жарык берет. Терезеден тийген айдын жарыгы да таш чырактан алда канча жарыгырак. Тоодо карышкыр болоорун, алар ачкалыктан адамга да кол саларын, жаш кезимден эле угуп, билип келгем. Бөрүлөр бир гана октон коркорун эстегенимде илинип турган коштука көзүм кадалды. Акырын туруп барып коштукту алдым да жаныма коюп жаттым. Бөрүлөр келсе кантип атарымды элестетип, түрдүү ойлорго чөмүлүп жатып уктап кеткен экенмин, көзүмдү ачсам терезеден күн жаркырап тийип калыптыр.
Эчкилерге короонун сыртына чөп чачтым, уйларды күнөскө байлап от салдым да астыларын куруктап Жамал байкем айткандай баарын өз ордунда аткардым. Өзүм да өзөк жалгап алган соң, улактарын энелеринен бөлүп, эчкилерди күнгөй тарапка айдап койдум, бираз болсо да буту-колун жазып, кырчын жеп келишет. Күнгөй тараптан кекиликтин сайраганы даана угулуп турат, эчкилерден үркүп пырылдап учушуп таштан-ташка жашынышат.
Үйгө кирип жата кеттим, кайра эле көзүм коштука кадалды, кармалап олтуруп эшике чыктым. Алысыраакта арчадан арчага учуп-конуп сагызган шакылдап жүргөн экен, мээлеп туруп басып калдым. Мен көздөгөн сагызганга тийбей эле жанаша өскөн арчанын кары күбүлүп, тозуп калды. Токтой тур сени элеби, мен көздөп болжогонума атып тийгизишим керек, – деп көктүгүм кармап калды. Үйдөн обочорок барып жыйырма кадам арыштап, таштын үстүнө соройгон таш коюп келдим. Биринчи атканымда кайда кеткенин, кайда тийгенин да көрбөй калдым, койгон ташым турат соройуп. Кайра октоп, кайра мээлеп туруп бастым эле чоң таштын оң жак капталы тозуй түштү, ташым турат дагы эле. Кайра аттым эле арыдагы арчанын бир шагы кайрылып сынып түштү.
Эмнеге тийбейт, – деп өзүмө-өзүм кыжырданып сүйлөнүп коём. Кайра-кайра аткылап жатып акырында көздөгөн ташым жок, тийиптир, сүйүнгөнүмөн чуркап барып карасам эки метрдей арыда жарымы жок жатыптыр койгон ташым. Тумагымды көккө ыргытып кубанычымда чек жок, душманды аңтара аткандай карга чалкаман түшүп жата кеттим. Энтигип дем алып тердеп да чыгыптырмын. Көктү тиктеп канча жаттым ким билет жакын эле жерден жорулардын айланып учуп жүргөнүн көрдүм. Эмне балекет болгон, жөн жерден айланбайт булар, – деп одуман турдум. Эчкилерди айдаган күнгөй тарапта бирдемке болгонго, – деп шашып-бушуп кагынып, коштукту артынып үй жакты карай бастым. Парадды карасам бир да ок жок, коштукта да калбаптыр, акыркы огум тийген экен. Эми эмне болот, – деп бир азга ойлоно түштүм. Эмнеси болсо да көрө жатарбыз, шашкан боюнча жорулар айланган тарапты көздөй өр тартып жөнөдүм. Бираз баспай эле өпкөм көөп кышылдап-бышылдап калдым, өзүм араң баратып коштукту артынып алганымды карачы, же огу болсочу, – деп өзүмдү өзүм жемелеп алдым. Тырмыштап жатып чыгып бардым, чоң кара эчки эгиз төлдөгөн экен, бири сууктанбы айтор өлүп калыптыр, бири араң эле энесинин эмчегин аймалайт. Улакты койнума каттым да үйдү көздөй жөнөдүм эле, кара эчки да артыман ээрчип алды.
Үйгө алып келип мештин жанына койдум, бир аздан соң жандана түштү анан энесине алпарып кошуп койдум эле, жан талашып эмчек аймалап соруп кирди. Эрдик жасагандай өзүмчө шердене түштүм…..
Кеч кирген сайын түрдүү ойлор түйшөлтө баштады, мал-жайды орду-ордуна жайгаштырып жүргөнүм менен оюм башкада. Негедир бир башкача ойлор, сезимдер жүрөк туйлатат. Адам баласына инстинг боюнча жаралган жетинчи туюм тамыр тартып, бир балээден кабар бергенсийт. Тамагым буулугуп көз жашым тегеренип, таарынгым келгенсийт кимгедир. Актөштөн бөлөк сүйлөшөр, дартымды угар эчким жок. Ата-энемден алыс чыкпай талаа көрбөгөн жаным кыйналып кеткендей болдум. Бөбөгүм Айданекти эстегенде көзүмө жаш тегеренип кетти. Кантти экен, ыйлаган жокпу, курсагы ачпы токпу чанасын сүйрөп жүргөндүр, – деген ойлорго чөмүлө түштүм. Үйгө киргим келбей короо жакта түйшөлүп бир топко чейин жүрө бердим.
Же теле, же радио болсочу, үлбүл жанган таш чырактын жарыгы үй ичин араң эле жарытат. Күн бүркөө болгонго Ай да көрүнбөйт. Эшиктен тоо жаңырта үргөн Актөштүн үнү эле угулбаса, айлана жымжырт. Бүгүн тоо жаңырта ок да чыгарбадым, күндүзү душманды аткандай кайра-кайра аткылап жатып окту да түгөткөм. Үй ичин бир катар карап чыктым, ок таппадым, бир түйүнчөктө порох экинчисинде коргошун чачма, үч-төрт гильза бар экен, же ок жасаганды билсемчи. Коштуктун сүрү өзүнчө бир башкача дем-күч бергенсийт, төшөгүмдү салып жаныма жарак кылып ала жаттым…..

*** *** *** *** *** ***

Атасын жерге берип, эки күн өткөн соң жеңелери Жамалды кепке тартты;
-Кыштоодо жалгыз тоо-таштын этегинде бир баш кыйналып да кетиптирсиз, Кенжегүлдүн айылдаш сиңдиси бар экен, жакшы жер дейт, өзү да айрым-ачык түйшүкө бышкан жакшы кыз экен, ошол кызды көрө кетсеңиз кантет, – деди чоң жеңеси сөз баштап. Башын жерге салып олтурган Жамал, олтурган калыбынан жазбады.
-Жибек жакшы келин болчу, кызматты катыра аткарган, иши да, сөзү да төп келишкен жан эле. Кудайым силерден бир перзентин аядыбы билбейм, жакшы эле очор-бачар жашадыңар эле, эми мынтип жолуңар эки башка экен, – деп экинчи жеңеси сөзгө аралашты.
-Эки күндөн бери мал-жан эмне болду, Мыкы жалгыз кантип жатат, мен бүгүндөн калбай кыштоого чыгып кетпесем болбойт.
-Бир күн миң күн болбойт, эми кетсеңер качан келесиңер ушуну менен, – дешип жеңелери туш тараптан чурулдашып киришти.
-Болуптур-болуптур, силер айткандай болсун, качан көрөбүз анда, – деди Жамал жайдарылана.
-Мен азыр эле жөнөймүн, барып билип кабарын айтам, – деди Кенжегүл шашкалактап.
Жеңелери менен өткөн-кеткенден кеп козгошуп, чайдан ичишип бир топ олтурушту, кыш бекерчилик эмеспи. Арадан үч-төрт саат өткөндө Кенжегүл келди, көңүлү жайдары иш оңунан чыккандай.
-Эмне болду, мынча жок болдуң, боло турганбы деги, – деп жеңелери ар тараптан суроо жаадырып киришти.
-Кудай буйруса болчудай эле, айтып-нетип жатып араңдан көндүрдүм, бүгүн кечинде апамдардыкынан жолукмай болдук, – деди Кенжегүл.
-Ой жеңе түн каткан бөрүдөй болбой күндүзү эле барсак болбойбу?, – деди Жамал шайырлана.
-Күндүзү кантип болсун, коңшу-колоңдор көрсө эмне дейт, уят эмеспи, – деп Кенжегүл Жамалдын жанына олтура кетти.
-Кыз кылыгы менен, эмне десе-койсо ошонуку закон азырынча бизге, – деп чоң жеңси сөзгө аралашты.
-Закон имиш, ал жакта мал-жан деген бар, ач калдыбы ток калдыбы кимдин иши бар, анан да жактырабы жокпу, мынтип сакал-мурутум саксайып турсам, – деп Жамал эки-үч күндөн бери күзгүгө көрүнбөгөнүн эстеди.
-Андан көрө кечке чейин даярдангыла жуунуп-таранып дегендей, кыздын жеңелери сындайт кечинде, – деп чоң жеңеси ордунан козголду.
-Ошентейин, ии баса жеңе эмне менен барабыз, – деп Жамал Кенжегүлгө карады.
-Аттар менен эле, жарым саата кирип барабыз жай бастырсак.
-Болуптур жеңе сиз айткандай болсун, анан өзүм жолугам, – деди Жамал сыртка чыгып баратып.
Кыштын күнү кыска болчу эле, Жамал үчүн бүгүнкү күнү кеч кирбес болду, үйгө кирип чыгып тынчы кетти. Мыкы кантти экен, – деп оюнун баары эле ошол жакта. Улам-улам тоо жакты карап коёт, жүрөгү туйлап бир балээни сезгендей.
Ой басып жатып уктап кеткен экен, Кенжегүлдүн үнүнөн ойгонуп кетти.
-Мен сени күтүп олтурсам уктап жатканың кандай, саат канча болду тур кеттик.
-Мен азыр, атты токуй салайын, жана эле отко койдум эле, уктап калган турбайымбы кашайып, – деп Жамал шашып жөнөдү. Кенжегүл да артынан кошо чыкты. Жамал атын бат эле токуй салды да, экөө коңушу айылды көздөй бет алышты. Жолду катар экөө өткөн кеткенден сөз козгошуп жүрүштү. Айылга жакын калганда Кенжегүл Жамалга карап, – азырак сүйлөп, көбүрөк көңүл буруусун өтүндү. Кыз кылыгы менен болот, анча мынча сөздөрүн терикпей угуп, тамашага салып кой. Көңүлүн алып көндүрүп алсак утук бизде болот, – деди Кенжегүл.
Антип минткенче айылга да жакындап келип, айрылыштан Кенжегүлдөрдүн үйүн көздөй аттардын башын бурушту. Кенжегүлдүн апасы Бүсара эне да дасторконун жайып даярданып олтурган экен. Киришип ыссык чайдан ичип олтурушкан соң, Бүсара эне уулун Жийдеге жиберди. Ал-жай сурашып, айылдагы кабарлардан сүйлөшүп олтурушту. Бир канча убакыт өтсө да Жийделерден кабар жок, Бүсара эне кабатырланып уулун кайра жиберди.
-Ай Кенжегүл ботом сен эрте менен жакшы эле сүйлөшүп неттиң беле, макул деп айтыбы өзү, – деди Бүсара эне бушайман боло.
-Ооба жакшылап эле сүйлөшкөм, макулдугун берген, көңүлү да көтөрүңкү эле, – деди Кенжегүл. Аңгыча сырттан дабыш чыгып, эшик ачылып Жийде жеңеси экөө кирип келишти.
-Келгиле садагаң кетейиндер төргө өткүлө, кечикениңерден бушайман боло баштадык эле, – деп Бүсара эне дасторконун жаңыртып күйпөлөктөп калды.
-Күйөө жигитти көп күттүрүп койдукпу, – деп кошо келген жеңеси сөзгө аралашты.
-Таң атканча деле күтмөкпүз, Жийдедей кыздар арзыйт да күткөнгө, – деди Кенжегүл.
-Эл жатсын дегенбиз, суук көздөрдөн жаман сөздөрдөн оолагырак, – деди жеңеси.
-Ооба ошенткениңер да жакшы болуптур ушак-айыңдан алысырак, – деди Бүсара эне. Ал-жай сурашып, чайдан ичишип бир топко чейин олтурушту. Жамал тынчы кетип улам-улам саатка карап коёт. Кенжегүл да сезди бейм, жеңесине кайрылып, – биз тышкы үйгө чыга турсак, кыз-жигит экөө өздөрүнчө сүйлөшүшүп жакындан танышсын, – деди.
-Макул ошентели, – дешип чогуу чыгып жөнөштү. Жанатан бери жарылчудай болуп олтурган Жамал Жийдени сөзгө тартты. Жийде да шаңкылдаган жарык маанай кыз, экөө бат эле сөзгө аралашып кетишти. Андан мындан сүйлөшүп олтурушту, көздөр көздөргө чагылышып ички сезимдер чыйралышып, кандайдыр жылуулук пайда болгонсуду арада. Экөөнүн тең экинчи турмушу болгондуктан бири-бирин жакшы эле түшүнүштү. Жамал өзү туралуу кеп козгоп анан кыштоодо тураарын айтты эле, Жийде да тоо жагарын, мал-жанга жакын экенин жашырган жок. Ошентип сүйлөшүп олтурушканда эшиктен Кенжегүл кирди.
-Канттиңер анан кыз-жигиттер, байкашымча сөзүңөр кызып, кабак-кашыңар ачыктай эле көрүнөт, буйруса ишибиз оң жагына оогондойбу?, – деди Кенжегүл.
-Кудайым насип буйруса жеңе, ойлорубуз бир чыкчудай эле, – деди Жамал, Жийде үн чыккан жок жер карап.
-Жеңе кайтсакпы, түн да бир оокум болуп калды, жеткенче бир маал болот, – деди Жамал.
-Кел демек бар, кет демек жок тамак да даяр болуп калыптыр, ооз тийип чыгалы, – деди Кенжегүл.
-Тездетели жеңе түнү менен кыштоого чыгып кетпесем болбойт, – деди Жамал.
-Караңгы түндө кайда, эрте менен эле жарык-жаанда чыгып барсаң болбойбу?
-Жоок жеңе чыгып кетпесем болбойт, жүрөгүм туйлап жаным жай албай турат, Мыкы да кыйналды, – деди Жамал.
Тамак желинип, чай ичилип дасторконго бата кылынды. Жамал эшике чыгып аттар жака карай басты. Кенжегүл, Жийде, жеңси үчөө дагы чай кайнамдай убакыт өздөрүнчө сүлөшүп олтурушту.
-Ушу аялдардын сөздөрү бүтпөйт, таң атканча да кептери түгөнбөйт, – деп Жамал кобуранып ары-бери басып жүрдү.
Кенжегүл Жийденин оюн-көңүлүн сурап, жеңеси үчөө андан аркысын такташып, эгер макул болсо бир жумада кайра келерин айтты.
Кыз каадасын кылып, – ойлонуп көрөйүн, ата-энем, эже-сиңдилерим менен да кеңешейин, – деди Жийдегүл.
Макул дешип кош айтышып Жамал Кенжегүл экөө аттардын башын айлды көздөй тартышты. Теминте бастырышып айылга да жетип келишти.
-Мен ушундан аары эле кетейин жеңе, абамдарга айтып коюңуз, – деди Жамал шашыла.
-Шашпай эле чайлашып, сүйлөшүп атты да эс алдырып барсаң болмок.
-Барбасам болбойт үч күндөн бери жаш бала кыйналдыго.
Эки-үч күндө кайра келерин айтып, Жамал айрылыштан тору айгырын тоону көздөй агытты…..

*** *** *** *** *** ***

Карышкырдын уулуган үнүнөн чоочуп ойгонуп кеттим, өңүмбү түшүмбү бир саамга эсимди жыя албай олтурдум. Кайра карышкырдын уулуган үнү угулду, ошондо гана өңүм экенинен элес алдым. Алгач эле колум жеткени коштук болду. Огу жок болсо да дем-күч, кайрат, ишенич бергенсийт. Кечээ күнү ташты бутага коюп алып аткылап жаткандарым көз алдыман бир катар тартылып өттү. Тамдын ичи көзгө сайса көрүнгүс, керосин түгөнгөнбү таш чырак да өчүп калыптыр. Бул сапар эки карышкырдын эки тараптан бирдей үн чыгара уулуган үндөрү угулду. Бирөөсүнүн үнү жоон, экинчисиники ичкерээк экен, бири төбөт бири канчык карышкыр го, – деп болжодум шашкалактап кийинип жатып. Же кечинде чечип жаткан кийимдеримди тапсамчы, бирин оң кийсем, бирин тескери кийип алып жаттым. Эми кантем, эмне кылышым керек, канткенде мал-жанды аман алып калам, өзүмчү, жаш бала деп мени капарына илишпей жатышабы бул кашабалар, – деген түрмөктөлгөн түмөн ойлор бири келип, бири кетип жатты.
Кийинип болуп сыртка кулак түрдүм, түнү менен карсылдап жаны тынбаган Актөштүн үнү угулбайт. Коштукту артынып алып эшике чыктым, Карышкырлардын үнүнөн корккон Актөш тезек жыйган канага кире качкан экен, мени көрө шыйпаңдап куйругун кыпчып жаныма келди. Актөштү көргөндө мен да эрдемсий түштүм, таянар тоом, жөлөнөр аскам бардай болуп. Айдак эле айдак, ал эле ал, кырр-руу-кырр-руулап кыйкырып кирдим. Коштукту артынып алгам, колумда таяк. Актөш бир үн чыгарып койсо кана итке окшоп, тилин тиштеп алгансып үн катпайт. Кайра мага жашынгандай артымда жүрөт калчылдап.
Бираз демим алып айланага көз жүгүрттүм, күн бүркөө болгондуктан жарытарлык деле эчтеке көзгө көрүнбөйт. Караңгыда анча алыс эмес жердеги арчалар гана үрпөйүп араң көзгө урунат. Кайрадан төбөт карышкырдын уулуган үнү угулду, канчыгы анын артынан кошо уулуйт каршы тараптан. Экөө өздөрүнчө сүйлөшүп жаткандай, – кандай кол салабыз, кантип, кайдан деп. Колумдагы таягым менен темирлерди ургулап, кыйкырып, ышкырып жатам, жаратканга жалынып, жалбарып жатам, мени уккан, менден сестенген эч жан жок. Короо айланып чуркап жүрөм, чалынып жыгылып колум таяк кармаганга жарабай карышып калыптыр.
Уулуган үндөр улам жакындап угулуп, ары жактан карышкырлардын ыркырашып алышкан үндөрү даана угулду. Күчүк карышкырлар энелеринен буйрук күтүп, бири-бири менен алышып ойноп жаткандай. Эмне кыларымды билбей шашкалактап калдым, тамга кирип жашынып жатып алсамбы?, короодогу жандыктар эмне болот?, кашайган кашабалар байырлап алсачы бул жерди, четинен бирден жара тартышып, ушундай ойлор оюмду онго санаамды санга бөлдү.
Кайра эле кыйкырып өкүрүп жүрөм айбат көрсөтүп, же алар сестенип чочулап койсочу, барган сайын жакындашып кирип келе жатышат. Машинанын дөңгөлөгүн тең экиге жарып эчкилерге туз салчу жасаган экен Жамал байкем, ошого көзүм түштү. Бирин короонун ары жагына экинчисин бери тарапка коюп керосинден куюп от койдум. Биразга тынчый түшкөнсүдү, ыркырашкан үндөрү угулбай калды. Ушул оттун өчпөсүн Теңирден тиленип, жалбырттай беришин жалынып, суранып жаттым. Оттун жанынан жылгым жок, карышкан колдорума жан киргенсиди.
Канча күйгөнүн ким билсин айтор оттун жалбырты акырындап, жалыны өчө баштады. Болгон отундарды жагып бүттүм, айлам кеткенде тезектен таштадым эле араң жылтылдаган жалын жалп өчтү. Ушуну эле күтүп жатышканбы карышкырлар кайра жанданышып уулуй башташты. Эми айлам түбүнөн түгөндү, карышкырлар да жакындагандан жакындап кирип келишип, караңгыда билинэр-билинбес көзгө уруна баштады.
Колумдан коштугумду түшүрбөйм дагы деле, ал мага дем-күч бергенсийт. Коштугумду кашабалар көрсө экен деймин, корксо экен деймин арга жоктон, алар менден коркподу. Карышкырдын карсылдата үргөнүн биринчи жолу угушум, бул дөбөт карышкырдын беркилерине берген буйругу окшойт.
-Апа-аа-аа,- деп кыйкырып барып эс-учумду жоготтум…..
Айрылыштан аттын дүбүртү, айдактаган Жамалдын үнү угулду…..

Турусбек ТУРГУНБАЕВ. Маскөө шаары.

Комментарий кошуу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *