Dec 26

Жаныжок..

*****************************************************************************************************************

53C54B33-5D74-46B7-9E9A-50FB726B0784_mw800_s«Ж А Н Ы  Т Ы Н Б А Г А Н  Ж А Н Ы З А К»

Күндө бир каарман табышым керек, кыргыздын белгилүү, атак-даңктуу, залкар, мен-мен деген дөө-шааларынан. Кудайга шүгүр, уучубуз кур эмес, андай адамдарыбызды айтсак толуп атат, бир гана асманавтыбыз (космонавт) жок экен, калгандарынын баары эле бар экен. Асманавт да чыгат буюрса. Анан бүгүн да ошондой атактууларды издеп, архивимди аңтарып-теңтерип, казып атсам кычырап кийинген эле бирөө турат. Жакшылап, көзүмдү чоң ачып карасам эле Жакем. Даанасын айтканда Жаныбек Жанызак экен. Ар дайым кепка, футболка, джинсы, бутунда ботс болоор эле. Бир эле жолу көргөм, мындай галстук тагынып кычыраган, ак калпакчан Жакени. Өзү да “ээй Асыке тарт эле тарт, бол бачым, болду башка мындай кийинмей жок” дегенинен тарта калсам, жылт коюп жоголгон. Жылдыз айткандай, чала-була көчүгүн эле көрүп калгам. Дароо эстедим, “тойгобу, ашкабы барат элем” деп келген. Кечикпей барат да ага да Жакең. Кыргыздар өзү кечигип барганды жакшы көрүшөт эмеспи, кайда болбосун. Чакырган жерге барчуу кыргыздын баары тең ичинен, “бир аз кишилер баргандан кийин баралы” дешет. Жыйынтыгында бүт баары кечигип барышат. Күйгөнүнөн Күмөндөр, “кыргызга сааттын кереги деле жок, эртең менен, түштө, кечинде” деп койсо эле болот дебептир да.

Жанызак “Агым” редакциясында.

Экинчи, бешинчи күнү келет, дайыма, тынбай, кечикпей келет. Гезиттин жаңы санын алып кетчү да. Эмнеге экенин жакшы деле түшүнчү эмесмин, кулака көп эле нерселерди айтып, куюп кетчүү, кашайып сөзүнүн көбү кирбей калчу. Тээтиги биринчи кабаттын эшигине колу тийип-тие электе эле төрт кабаттуу, чоюлган “Кыргызгипростройдун” имараты кыймылдап, титирей баштайт. Бакылдап, шакылдап, каткырып күлүп, желип-жортуп, жүгүрүп келип “Агымдын” экинчи кабаттагы босогосун аттайт. Темир эшиктен кантип өткөнү да кадимкидей байкалат, калдыратып-шалдыратып, жөөлөп өтүп кетеби ким билсин. Коридордогу эски паркеттер да Жакең басып келатканда качыр-кучур, бычыр-бучур эле болуп жатып калчу. Көөдөнү кетет, өзүнөн эки-үч кадам алдыга, арты калат, анан кирип келет кабинетибизге. Башында эзели түшпөгөн майланышкан кара кепкасы. Бака-шака болуп эле жатып калабыз. Баягы Алыкулдун “Маляр келди, бир чоң үйдү майлады, Кабак түйгөн капалыкты айдады” деген керемет саптары бар го, куду ошондой боло түшөбүз. А биз эмне, эңги-деңги болуп, эсибиз ооп, шалдайып отурган маалыбыз да. Гезит чыккандын эртеси ушундай, ар дайым. “Эмне кылып ийсек, эшике чыгып келсекпи, “Шумкарга” барсакпы, же бул эле буфетке кирсекпи, планды кандай кылдык, эмнени жазсак, кимден маек алсак?” деп башыбыз маң болуп отурган учурлар эмеспи. Жакемдин бакылдак мүнөзү келээри менен баары башка нукка бурулат. Деле билбегени, таппаганы, айтпаганы, көрбөгөнү, укпаганы, барбаганы жок. Баарын билет, угат, көрөт, барат, жетет. Айтып да берет, кулагыңа куят, куйганда да күлөктү кулагыңа такап туруп куят, түшүндүрөт, кеңешет, таңашат, анан андан кийин эле, бир маалда биздин эсибиз ооп, элейип, эчтеке башыбызга кирбей жатканына көзү жетеби, башка күнү айтайын дейби, талаага сүйлөп атканына таң калабы, айтор бир саамга унчукпай калып, “ээй, силер муногу,..” деп келип токтойт да, бурулуп алып жолуна түшөт, кетет андан ары, шуулдаган бойдон. Өкнүчтүүсү, ал кетип-кетелекте жанагы айтылган акылдар, пайдалуу кеңештер, баалуу сөздөр ошол замат эле куюлуп калат кулактан. Кылдырап өз ишибиз менен алектенип, жазчуубузду жазып, басчуубузду басып,. баягы коендой окшош күндөр башталып, улана берчү. Андан бери канча суу акты, канча жыл, канча аткаминээр алмашты, канча президент качты?.. А ошол Жанызак ошол эле бойдон, ошол эле кызматын кылып, ошол эле үзүрлүү ишинин үстүндө азыр да тер төгүп келатат. Жанызактын “Жаныжок” болгону үчүн келатпайбы бүт дүйнөдөгү кыргыздар анын жанагинтип, чуркап, чогултуп, жыйнап, терип келип Эсепкер желеге куйган маалыматтарын, кыргыздын кыргызча гезиттеринин баарын маашырлана окушуп.

Алым ТОКТОМУШЕВ, Жаныбек ЖАНЫЗАК, Аскар МАМБЕТАЛИЕВ. 2005-жыл, 24-март, Ала-Тоо аянтында.

Мен ушунун баарын, Жакенин ошондо айткандарын ушул жерге, Финляндияга келгенде түшүнүп жүрбөйүмбү, эсепкер, желе деген эмне экенин. А Жаке аны, Эсепкерди Жеки досум (Эдигеев) аткандай тээ илгери эле, эч ким түшүнө электе эле мурдуна чүлүк тагып жетелеп алган, жетелеп жүрөт бүгүн деле. Ошон үчүн “Жаныжок” деп атпайымбы. Жаны тынбаган, тажабаган, уктабаган, чарчабаган, бир ордуна эзели турбаган кишини анан “Жаныжок” дебегенде эмне дейсиң?. Баарына, бары-жогуна, элине-журтуна, эркегине-кызына, тилине-дилине, чоңуна-кичине деп отурбайт, күйүп-бышып эле, жаман-жакшы көрүнүп эле басып жүрөт. Анан Жакең жакпаган нерсесин “балп” эткизе эле бетке балтайта эле айтып салат. “Ээй, андай эмес, муногундай, ал биерде, мына” деп көзгө сайып көргөзүп, даяр далилин так мурдуңа такай салат. Мунум эле, тигиним эле, акем-жакем эле деп аяп да отурбайт, ошонусу жагат. Өзүнүн кемчлигин да келиштире айтат, аракты кууганын, аны кантип бууганын, чатакташканын, мушташканын, жеңилгенин, жеңгенин, жетишкендиктерин. Баарын жая салат, жашырбайт. Ким айтсын андайларын? Айтпат. А Жакең айтат. Сарамжалдуулугу да шумдук. Бир курдай куран окуткан жерден бир эле эшиги ачылган “Гольф-2” деген машинесине 4-5 ибизди тыгып алып “Агымдын” кеңсесине алып келип, ыргытып жиберген эле. Өзүнүн эшигинен киргизип, өзүнүн эшигинен чыгарып. Бөлөк эшиги жок. Машинеси боз үй сыяктуу, бир эле эшиктен кирип-чыкма. Ошол машинесин ошол эле бойдон дале былк дедирбей айдап жүргөнүнө кантип таң калбай койосуң. Мына, бүгүнкү менин баяндамамдын көркүн ачкан карапайым эле, атагы-матагы жок эле жөпжөнөкөй эле каарманым, жаныбызда эле кошо туруп, кошо басып, чатташып-батташып эле жүргөн Жанызак мырзанын, досумдун, байкемдин, замандашымдын бейнесине азгантай гана сүртүм ыргытып койдум. Бу да керек, баардыгыбыз бири-бирибиздин кылганыбызга, ишибизге, мамилебизге маани-маңыз берип, түшүнүп, сабак алып, сын-сыпатка көнүп, көтөрүп, мактоого маашырланбаганыбыз оң, ошол баарынан маанилүү, ошол баарынан пайдалуу кадырлуу замандаштарым!..

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист, Финляндия. 6-июнь, 2012-жыл.

******************************************************************************************************************