Feb 26

Табылга..

******************************************************************************************************************

Анарбек 2Акылбек УСУПБАЕВ:
Кыргыз Республикасындагы Улуттук госпиталдын алдындагы урологдор борборунун жетекчиси. Башкы уролог, Профессор.

«ФИНЛЯНДИЯДА КУРМАНЖАН ДАТКАНЫН БЕЛЕГИ САКТАЛУУ ТУРАТ..»

Быйылкы жылды Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Маданият жана тарых» жылы деп жарыялаганы жакшы эле болуптур. Жаңы тарыхый, маданий табылгалар иликтенип, тамырыбызга карай-кайра бир сереп сала турган болдук. Анын бири, жакында эле Кыргызстандын башкы урологу, дарыгер Акылбек Усупбаевдин финн жергесинен өз көзү менен көрүп келген жаңы табылгасы. Кыргызстандыктар үчүн бул чоң олжо жана тарыхый баалуу булак. Эмесе кеп ошол тууралуу болсун…

– Акылбек Чолпонкулович, адегенде Финляндияга болгон иш сапарыңыздын максатынан кепти баштасак…
– Кыргызстандын башкы урологу катары, бул иш сапарым деле саламаттыкты сактоо тармагына арналды. Бирок, урология тармагы жаатында эмес. Тагыраагы, менин демилгем менен аз убакыт мурда Кыргызстанда клиникалык химия жана лаборатордук медицина ассоциациясы түзүлгөн эле. Себеби Кыргызстанда адам илдеттерин аныктоочу лабораториялар көп болгону менен сапатына күмөн болгон учурлар көп. Бир эле оорулуу адам бир канча лабораторияга канын тапшырса, жыйынтыгы ар башкача чыгат. Кимисине ишенип, кайсы жыйынтыкка жараша дарылоо керек деген маселе жаралат. Ошондуктан, мен Саламаттыкты сактоо министрлигинин башкы урологу жана андрологу катары бул маселени акырындап жоюп, лабораториялардын сапатын жакшырталы, алардын жыйынтыктары шек жаратпагандай болсун, эл аралык ченемдер, стандарттар туура сакталсын деп ассоциация түзүү демилгеси менен чыгып, аны уюштурганбыз. Финляндияга да ошол ассоциация аркылуу “Лаб Кфолити” деген эл аралык ассоциациянын чакыруусу менен Хельсинкиде өткөн конференцияга барып калдык. Ал жакта дарт аныктоочу мекеме жайлар менен таанышып, пикир алышып, тажрыйбалары менен таанышып келдик. Ал жакта “Лаб КФОЛИТИ” бардык медициналык лабораториялардын ишмердигин текшерип көзөмөл салып, стандарттардын сакталышын камсыздап, жыйынтыктарынын сапатын текшерип турат экен. Кыргызстан сыяктуу эле 5 миллион калкы бар, тоолуу чакан аймактагы финдердин медицинасы абдан алдыга кетиптир, 80 пайыз операциялар роботтор аркылуу жасалат экен. Алар биздин саламаттыкты сактоо тармагына жардам берүүгө макул экендигин, бул үчүн өкмөттөр аралык байланыштарды күчөтүү керектигин айтышты. Абдан кызыктуу жана пайдалуу маалыматтарга, иш тажрыйбаларга күбө болдум…

Профессор финн жергесинде..

Профессор финн жергесинде..

– Анан кайдан жүрүп Курманжан датка апабыздын колу тийген буюмдарга кез келип жүрөсүз?..
– Расмий жолугушуулардын ортосунда дем алууга убакыт болуп калды. Ошол учурда биз менен чогуу барган Октябрин Садыровдун көп жылдардан бери кызматташып, катышып келе жаткан Класс Палмберг деген фин досунун үйүнө алып барды. Ал Финляндиядагы аты чыккан “OY WOIKOSKI AB” деген 9 заводдон турган ири компаниянын кожоюну, миллионер адам экен. Ал биз менен таанышкан соң өзүнүн фермасына ээрчитип барды. Өзү күлүк аттарга, ретро унааларга жана канаттууларга абдан куштар адам болгондуктан, тээ 1900-жылкы эски унаалардан бери карай 100дөй унааны коллекция кылып тизип коюптур. Арасында өткөн кылымдын башында эле пайда болгон суутек менен жүрүүчү унаа да турат. Суутек менен 6 чакырым жүрө алган бул унаа кийин бензин пайда болгону чыкпай токтоп калыптыр. Андан тышкары ар түрдүү күлүк породадагы аттар жана канаттуулары жүрөт. Менин таң калганым, ал фазандарды инкубатордон чыгарып өстүрүп, өзүнүн токоюна кое берип, фермага келген туристтерге жылына бир жолу мергенчилик кылдырат экен. Мунун ал жаратылыштагы көп түрдүүлүктү сактоого жардам деп түшүндүрдү. Фазандар биз барганда тооктордой эле жаныбызда жүгүрүп жүрүштү. Ошол фермадагы экскурсия учурунда мени ресторанында турган ээр токумдар коллекциясы өзгөчө кызыктырды. Карасам эле арасында кадимки кыргыз ээр токуму турат. Ооба, мен бала кезде айылда атка токунуп жүргөн эле эски кыргыз ээри. Таң калып, Класс Палмбергден сурасам, ал бул буюм Финляндиянын алгачкы Президенти Карл Густав Эмиль Маннергеймге таандык экендигин, анын буюмдары аукционго чыгарылганда, ээр токумдарды коллекциялаган миллионер эч ойлонбостон сатып алганын айтты. Андан да кызыгы аукционго койгондор бул ээр чакан кыргыз боз үйү менен чогуу сатылат деген шарт коюшуптур…

Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум..

Кадимки көк кайыш менен капталган кыргыз ээр токум..

– Мына кызык! Ошондо Палмбергде боз үй дагы бар бекен?
– Ооба, ээр токумга кошуп боз үйдү дагы сатып алыптыр. Бирок, мурда-кийин андай буюм көрбөгөн Класс Палмберг сатып алган боюнча боз үйдү тигүүгө аракет деле кылбаптыр. Биз ошол жерден дароо эле ферманын ээси жана анын жанындагыларга бул буюмдар кыргыз элине таандык экенин, Маннергейм аскер адамы, барон катары Орто Азияны кыдырып, анын ичинде Алай ханышасы деген ат менен тарыхта белгилүү болгон кыргыздын даткайымы Курманжан даткага жолукканын, аны менен бирге сүрөткө түшкөнүн айтып, интернеттен дароо эле Курманжан датка апабыз менен Густав Маннергеймдин бирге түшкөн сүрөттөрүн таап бердик. Ээр токум, боз үйү менен сүрөтчүгө белек катары атайын берилгендигин божомолдодук. Класс Палмберг абдан таң калды, биздин сөздөргө таасирленип, эгер Кыргызстандан атайын реставратор-боз үйдү калыбына келтирүүчү адам келип, ошол тарыхый боз үйдүн кургаган жыгачтарын ийге келтирип, жабуусун жабдып тигип берсе, фермасына тигип алаарын, бул ага келген туристтер үчүн да абдан сонун жаңылык болоорун айтып калды.

– Бул жаңылыгыңыз быйылкы тарых жана мадиният жылына кошкон чоң салымыңыз болду окшойт?
– Албетте, кыргыздар качан болбосун, кайсы чет өлкөгө чыкпасын, өз кызыкчылыгы менен эле жүрө бербей же мамлекеттин акчасы менен уюшулган иш сапарларда шарактап майрамдап, шоп-тур кылып жүрө бербей, барган жерине өз эли, жери тууралуу жакшы маалыматтарды берип, алар да биз тууралуу маалыматтар болсо чогултуп келиши керек деп эсептейм. Ошондо гана Кыргызстандын чыныгы патриоту боло алат. Мен да биздеги лабораториялардын санын эмес сапатын жакшыртуу, алардын жыйынтыктарынын так жана айкын болушу үчүн фин жергесине барып, капыстан эле жолдуу кайттым. Быйылкы жылдын маданият жана тарых жылы экендигин эске алганда, атайын маданият жана тарых тармагынын өкүлдөрү Хельсинкиден 185 чакырым алыста турган токой арасындагы ошол фермага барып, Курманжан датка апабыздын колу тийген, Алайдан Европага жеткен ошол тарыхый баалуу буюмдарды атайын тасмага түшүрүп, эки элдин терең тамырын жибитип, алака түзүп келсе деген ниеттемин. Балким, биздеги колу узанган Анарбек 3чеберлерден алып барып, бир кылымдан бери тигилбей сакталып турган боз үйдү жаңылап, калыбына келтирип тигип берсек, ага кеткен чыгымды миллионер кожоюн төлөгөнү менен канчалаган туристтер боз үй аркылуу Кыргызстанды таанып, кызыгып калышат эле…

Маектешкен Тынчтык АЛТЫМЫШЕВ.
Журналист, Бишкек шаары. 25-февраль, 2016-жыл.

******************************************************************************************************************

Фин 5

Фин 4

Feb 14

Эне жөнүндө баллада..

ээ 84******************************************************************

Нуркыз РЫСКУЛ кызы.
1991-жылы Нарын облусунун Ак-Талаа районуна караштуу Ак-Кыя айылында төрөлгөн. Алгач Ак-Кыя айылындагы Асааналы Абдраимов атындагы орто мектептен окуп, кийин Бишкек шаардык №-87 орто мектебин ийгиликтүү аяктаган. 2014-жылы Кусеин Карасаев атындагы Бишкек Гуманитардык университетинин Кыргыз филологиясы факультетин артыкчылык диплому менен бүтүргөн. Эл аралык «Нурборбор» чыгармачыл жаштардын академиясынын алдында уюшулган «Жаңы толкун» адабий клубунун мүчөсү. (2011) «Поэзия, сени сүйөм!» (2011) аттуу ыр жыйнагынын автору. «Кыргыз жаштар поэзиясынын» (2012) антологиясына тандалма ырлары кирген. (2012) «Селкилердин селкинчек» аттуу жаш акын кыздардын арзуу ырлары камтылган китепке ырлары кирген. Кыргыз радиосу тарабынан уюштурулган «Таланттар таймашы» уктуруусунун акындык өнөр боюнча 2-даражадагы дипломунун 2 жолку ээси. 2012-жылы Коомдук иш-чараларга активдүү катышкандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигинин диплому, (2015) Кыргыз Республикасынын маданиятын жана искусствосун өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган. Үй-бүлөөлүү, бир кыздын сүйүктүү энеси. Бишкек шаарында жашайт.

ЭНЕ ЖӨНҮНДӨ БАЛЛАДА

Эсимде экзамендер бүтүп калган,
Эл толгон жерден унаа күтүп калгам.
Жаз эле, жука көйнөк кийип алып,
Жамгырга калып бир аз үшүп калгам.

Жыкжыйма аялдама адам батпайт,
Жылууга жамгыр төгүп кадамдатпайт.
Бир-бирин жөөлөп өтүп улуу кичүү,
Бирине, бири барып амандашпайт..

Аңгыча унаа келди толуп алып,
Арт жактан жайланыштым орун алып.
Биз түшкөн автобуска түшүп калды,
Бир Эне, ымыркайын колуна алып.

Ортоктош болуп жолдо сапарыма,
Олтурду келип менин катарыма.
Баш-аяк суу болсо да аяр карайт,
Баласын катып алган чапанына.

Бала да, отурбай тынч ыйлап келди,
Басылбай энекесин кыйнап келди.
Жүзүнөн жаш Эненин бакыт көрүп,
Жүрөгүм бир башкача туйлап келди.

ээ 84Эне да, кайыл болуп тоңгонуна,
Энтеңдеп бара жатат жолдо мына.
Бар, жокко түшүнбөгөн бал тил кезим,
Балалык келип турду ойлорума.

Ашынган элден бөлөк эрке элем,
Апамды далай кыйнап эркелегем.
Атакем баарын алат керек болсо,
Асманда айды алып берсе дегем!.

Ал кезди келет бүтпөй баяндагым,
Аягы чекити жок баяндарым.
Апамдын ачуусуна тийген күнү,
Атакем болчу жалгыз таянганым.

Эң кымбат, атам-апам жакындарым,
Эч кимге алмаштыргыс асылдарым.
Канатың жайып дайым кучагы кең,
Канча ирет жамгырлардан жашырбадың.

Азыр мен терең ойго түшүп турам,
Айлымдын жытын эңсеп күтүп турам.
Төрүнө биз чоңойгон үйдүн жетпей,
Төгүлгөн жаанда калып үшүп турам.

Сароору, кусалыкты чектесемби,
Сагынган айылыма жетпесемби.
Бүтпөгөн түйшүктөрдүн баарын таштап,
Бүгүнтөн калбай туруп кетпесемби!.

АЯЛСЫҢ ДА ДЕБЕГИН!.

Аялсың да, алсызсың да дебегин,
Аным сени күчтүү болсун дегеним.
Эң негизги жеңишим да аялдык,
Эл жериңе тийип турса керегиң.

Өйдөдө өбок, ылдый болсоң таярмын.
Өзүң үчүн бар нерсеге даярмын.
Ооматым да бактым дагы сен менен,
Ошолүчүн алсыз назик аялмын.

А сен менин аскамсың да жөлөнчү,
А мен гүлмүн мээримиңден көгөрчү.
Баарыбыздын ырыскыбыз сен менен,
Балдарымдын төрөлгөн да, төрөлчү.

Ошондуктан башыңды ылдый салбагын.
Ооматым сен, жаркын мүнөз ардагым.
Өзүң бийсиң тагдырыма, багыма,
Өмүрүмдүн баарын сага арнадым.

САЛАМ КАТ.

«Салам кат! Окуулар жакшыбы?
Сага арнап ыр жаздым жактыбы?
Эч качан айрылбай жолубуз
Экөөбүз болобуз бактылуу».

Атайын «гүл» болуп жасалган.
Алгач мен өзүңдөн кат алгам.
Күзгүнү кайтарчу адат таап,
Күнүгө түрлөнүп жасангам.

«Жолдоду кат менен саламын,
Жооп бергин» -деп койгон талабын.
Карааны азыр да эсимде,
Кат берген кошуна баланын.

А көрсө күн мурун такташып,
Апакай барака кат жазып.
Бекиткен экенсиң келишим
Бергин деп ортодо кат ташып

Андагы сен жазган каттарың,
Айрыбай эчен жыл сактадым.
Көңүлгө кыт сымал уютуп,
Көмүскө сыр кылып каткамын.

Карабай кылчайып арт жагын,
Карасаң мезгилдин шашканын!
Жакшысы мен азыр бөлөктүн,
Жарысың сен дагы башканын.

АЙЫЛЫМА БАРГАНДА..

Көп болду айылыма келбегемин,
Көөнүмдө көксөгөмүн, эңсегемин.
Байоо кез, аруу жана таза бойдон,
Балалык күнүм калган сенде менин.

Күүгүмдө көчө шаңга толуучу эле,
Күлкү,ыр,оюн түрлүү болуучу эле.
«Кой кызым,чыкпагын» – деп энем мени,
Коңшунун балдарынан коруучу эле.

Элестеп ал кезекти толкуп алдым,
Эң сонун мезгил кандай болчу алтын.
Бактылуу ата болуп өзгөрүптүр,
Балдары ошондогу коңшулардын.

******************************************************************************************************************