Jun 29

Көч Байланыш..

КӨҢҮЛ БУРГУЛА!
ААЛАМТОР ЖАНА «КӨЧ БАЙЛАНЫШ»

Урматтуу Мекендештер!
«Кыргыз Көчү» мекенчилдер тобу туптуура бир жылдан бери Ааламтор алкагында дээрлик салтка айланып калган «Көч Байланышын» тынымсыз улантып келет.
Билинбеген менен бир жыл ичинде кыргызга аттын кашкасындай таанымал сайасатчылары менен адабий, маданий,акын жана адабий ишмерлери, белгилүү ишкерлери менен байланыш түзүп, маани-маңыздуу маек курганга жетишиптирбиз. Эң башкысы мындай маанилү маек байланышыбызга эл журттан алыс, төгөрөктүн төрт бурчунда жашап, иштеп, окуп жүрүшкөн кыргыз боордошторубуз байма-бай катышып, көпчүлүктүн көкүрөгүн өйүгөн көйгөйлүү маселелерден кеп козгоп, түрдүү суроолорун берип, жооп алып келишүүдө. Байланыш уланууда.

ээ 53Алманбет АНАПИЯЕВ: «АДАМ ЖАШООСУ ӨМҮР АЯГЫНА ЧЕЙИН ӨЗҮН-ӨЗҮ ИЗДЕЙТ»

Бул жолку биздин суроолорубузга жооп бере турган каарманыбыз ары кызыктуу, ары табышмактуу, ары кыргыз коомчулугунда ар түрдүү айың кептер менен аралашып, дүрбөлөң түшүргөн чын-төгүнү белгисиз, көпчүлүктүн көңүл чордонунан орун алып, өйдө-төмөн сөздөрдүн өзөгүнө айланып жатса дагы акыркы мезгилдерде ар тараптуу кайрымдуулук иш чараларын (жетим балдар менен кары-картаң үйлөрүнө, мектептерге, жаш жеткинчектер үчүн жомок китептерди чыгаруу жагын каржылап) байма-бай өткөрүүдөн тажабаган, кайсы бир чет өлкөдө жашап жүргөн Эл аралык «Алыш» күрөш федерациясынын президенти Алманбет мырза АНАПИЯЕВ болмокчу. Анда эмесе Алмамбет мырза менен болгон Он-лайн маек сиздердин назарыңыздарда, урматтуу окурмандар!.

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА, Кызыл-Кыйа шаарынан, КР.
Саламатсызбы, Алманбет мырза! Соопчулук иштериңизге ийгилик каалоо менен бирге, төмөндөгүдөй суроолорго сизден жооп алгым келди. Жаштардын коомдон өз ордун табуусу үчүн кандай жолдорду сунуш кылат элеңиз? Сиздин жетишкен ийгиликтериңиз тагдырдын белеги дейсизби же эмгегиңиздин натыйжасыбы? Жашоо мектеби сизге үйрөткөн эң үлгүлүү сабак кайсы болду? Мекенчилдикти ар бир кыргыздын жүрөгүнө сиңдириш үчүн эмнени сунуштайт элеңиз? Кыргызстандагы билим берүү системасына реформа жасоо башталса сиз эмнеден баштамаксыз? Чоң рахмат!
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: 1. Дегеле адам жашоодо ѳз ордун табуу үчүн ага бир нече таасир берчү факторлор бар. Алгачкы таалим үй-бүлѳдѳн башталат, анан бала кездеги чѳйрѳсү, жоро-жолдоштору, билим башатындагы окутуучуларынын деңгээли коомдо ѳз ордун табууга негиз берет. Албетте, ушунун баарын туура сиңирип, туура багыт алган адамдын ѳзүнѳн да кѳп нерсе кѳз каранды. Аны элибизде “адамдын дээринен”,- деп коет эмеспи. Адам ѳз ордун табууда ѳзүнүн эмгеги, билими жана жѳндѳмү жардам берет. Ак эмгек, чынчылдык, аракетчилдик жана максат кое билүү адамды алдыга сүрѳйт.
Жооп: Албетте ийгилик ар кимге ар кандай жылмаят. Бирок, менин ийгиликтеримдин сыры койгон максатыма ѳжѳрлүк менен аракет таштап, баштаган ишиме олуттуу жана жоопкерчиликтүү мамиле кылгандыгымдын натыйжасы деп ойлойм. Апам кичине кезимден эле ѳжѳр, тайманбас экенимди кѳп айтат. Ушундай мүнѳзүм адам болуп калыптанышыма, кылган эмгегимдин натыйжасы, Жараткандын берген жардамы менен ийгиликтерге жете алдым.
Жооп: Адам баласына жашоодо ар кандай сыноолор келет. Айрым учурларда күтпѳгѳн жагдайлар болуп,таң калууларга, ѳкүнүүлѳргѳ кабыласың. Мисалы, башыңа оор кырдаал түшкѳндѳ ѳзүн жакын адам катары жаныңда алып жүрүп, кийин турмуш оор-кыйышында бирге болбой сатып кеткен адамдар, сени дос, жолдош тандоодо кыраакы кылып коет экен. А бул нерсе ак менен караны айырмалап алууга сабак болуп калат.
Жооп: Мекенчилдик сезимдин түпкүрүндѳ намысты ойготчу кырдаал болот. Баары эле эч кандай себепсиз намыстуу боло бербейт. Кыргыз эли кырдаалга жараша кылыч болуп чабылып, сырттан душман киргенде туу түбүнѳ биригип, мекенчилдик сезим менен каны жанын аябай күрѳшүп бизге мекенибиздин чып-чыргасын коротпой маңдай тери, каны-жаны менен ѳткѳрүп берди. Мекенди сүйүү үчүн биз бут басып турган ата журтубуз ата-бабабыздын каны, энелерибиздин кѳз жашы менен түзүлгѳнүн дайым эстешибиз керек. Ошондо мекен ыйык экенин дайым эстеп, мекенге кыянаттык кылбайбыз. А негизи мекенди сүйүү ар бир инсандын ыйык милдети. Адам баласы ата-эне менен бир тууганды тандай албагандай эле, мекенди дагы тандай албайт. Башка үйбүлѳнү “бул менин үй бүлѳм”,-деп айта албагандай эле, башка ѳлкѳнү менин мекеним деп айта албайсың да. Андыктан мекенди сүйүү адамдын ыйык милдети.
Жооп: Мен бул тармактын адиси эмесмин, бирок менин оюм боюнча ар бир иште мыкты адистер болгондо гана иш алга жүрѳт. Билим берүү тармагында да ѳз ишине берилген адистер басымдуу болсо реформа сѳзсүз жүрмѳк.

ээ 64Эрлан НУРМАМБЕТОВ. Бишкек шаарынан, КР.
Атсаломалейкум Алманбет байке!. Мен сизге бир сунуш, өтүнүч менен кайрылсамбы дедим эле. Сиз спортко болгон жардамыңызды айабай, тынымсыз колдоп келе жатканыңызды жакшы билебиз. Ал эми акыркы убакта Кыргызстанда «Стрит воркаут» спорту абдан өнүгүп калды. Бул спортто залга барбай эле ачык аба астында машыкса болот. Бирок азыркы учурда Бишкекте заманбап бир дагы турник аянтчасы жок. Ал жабдууларды Оруссиядан алып келсе болот экен. Кыргыз жаштарынын аталган заманбап спорттун түрүнөн артта калтырбай ушул маселени чечилишине, тактап айтканда турник аянтчасынын курулушуна жардамыңызды көрсөтө аласызбы? Ал эми биз каалаган турник аянтчасы мына ушундай болушу керек. Сүрөттөрүн кошо бердим. Сизди терең урматтап Эрлан!.
ээ 67ээ 65


 

 

 

 

Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Спорт тармагын ар дайым колдойм. Сиз менен жакын арада байланышалы.

АкылбАкылбек МАМАДАЛИЕВ, Маскөө шаарынан, Оруссия.
Арыбаңыз Алманбет агай! Сиздин атыңызга затыңыз жарашып, кыргыз үмүтүн актаган, мекен жүгүн аркалаган инсан катары жигердүү эмгектенип келе жатканыңыздан кабардарбыз. Бул ойго эл аралык «Алыш» күрөш федерациясын жетектегениңизден улам токтолдум. Кезегинде ыраматылык Баяман Эркинбаев «Алыш» федерациясын түптөдү эле. Даңазалуу балбаныбыздын ишин улантуу Сизге канчалык деңгээлде дем берет? Дегеле «Алыш» федерациясындагы ийгиликтер тууралуу кеп учугун уласаңыз. Балбандардын абалы кандай?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Баяман Эркинбаев түптѳгѳн «Алыш» белбоо күрѳшү учурда эл аралык деңгээлге чыкты. Кыргыздын улуттук күрѳшүн дүйнѳ элине даңазалап, Тафиса, Спорт-Аккорд, Универсиада, Европа оюндарына киргизе алдык. Эл аралык спорт уюмуна биринчилерден (FILA) мүчѳ болуп кирдик. Спортчуларыбыз эл аралык мелдештерде алдыңкы орундарды багындырып, желегибизди желбиретип, намысты коргоп келет. Биз да спортчуларыбызга жана машыктыруучуларга кѳңүл буруп, толугу менен камсыздап келебиз. Жакынкы арада Азия олимпиадалык оюндарга киргизүү үчүн иш аракетиндебиз, буюрса ал да ишке ашат.

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн району, Кара Шоро аймагынын Арагөл айылынан.
Ассалому алейкум Алманбет иним! «Баатырдын даңкын алыстан ук, жанына келсең бир киши» дегендей. Сени менен сүйлөшүп отурганыбызга миң каалла Аллага шүгүрлүк жана мактоолорду айтабыз! Рамазан айың куттуу болсун! Аллахым тилектериңди кабыл эткен болсун!
Эмесе суроолорумду берүүгө уруксат этсең…
Биринчи суроом: Кыргыз элим качан бактылуу боло алат, ал эми Мамлекетибиз качан кубаттуу өлкө боло алат?
Экинчи суроом: Алманбет иним, өзүңүн иштериң жана келечек пландарың кандай?
Үчүнчү суроом: Кыргыз Мамлекетибиздин баардык бийлик бутактарына жеке ой-пикириң кандай, ушул кыйын абалдан кантип чыгып кете алабыз?
Ырахмат, иним Алманбет!
Эми каалоом: Аллахым сага , элиң үчүн кылган сооп иштериңе ыраазы болсун!
Кыргыз Эли өзүң менен дайым сыймыктанабыз! Орозолоруң кабыл болсун! Аллахым үйүңү ислам нуру менен нурланткан болсун! Сага жана үй-бүлөөңө оомат тилеймин,- деп агаң Калмамат.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: 1. Аталарыбыз нарктуу, энелерибиз каадалуу, жигиттер намыстуу, кыздарыбыз абийирдүү болсо кыргыз эли бактылуу болот. Анан албетте биримдиктүү болсок.
2. Менин эле эмес, элим дегендердин келечек планы- мамлекеттин экономикасын, социалдык абалын кѳтѳрүү.
3. Чын-чынына келгенде азыр сынчылар кѳп. Ар бирибиз сын айтып отуруунун ордуна колдон келген жардамды берсек. Мен да кѳптүн бири катары сырттан сын айтып отурууну туура кѳргѳн жокмун. Кайсы бир деңгээлде социалдык жардамга муктаждарга жардам берип, спорт, маданият тармагына салым кошуп келем.

ээ 39Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан, Оруссия.
Саламатсызбы Алманбет мырза, сизди кирип келген ыйык орозо айы менен куттуктап суроолорумду узата кетсем. Спортко кызыгууңуз балалык кезден эле башталганбы? Орозо кармадыңызбы? Негизи эле орозо кармоо спортчуларга кандай таасирин тийгизет? Алдын ала рахмат.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Мен жаратылышы катаал, тоолуу айылда чоңойдум. Айылда спортко машыгууга шарт жок эле. Спорт менен шаарга студент болуп келгени баштагам. Мусулманга таандык парздарды аткарам, орозо кармайм. Орозо спортчуларга гана эмес, баардык адамдын организмине жакшы таасирин берет. Биринчиден, парзды аткарабыз, экинчиден, ден соолукка пайдалуу.

БахтиярБахтияр БАЛТАБАЕВ, Кыргызстан, Бишкек шаарынан.
Ассалоому алейкум Алманбет мырза. Менин сизге берчү суроолорум төмөндөгүчө:
1. «Баатырдын атын алыстан ук жанына келсең бир киши» дегендей азыр ушу тапта кыргыз коомчулугунда «Алманбет Анапияев деген ким?» деген ачык суроолор көпчүлүктүн бүйүрүн кызытып турган кези. Бир даары ал деген кыргызымдын патриот, мекенчил жигити, бийликтин куугунтугуна кабылып чет жерде жүрсө дагы эл менен бирге болуп канчалаган муктаж адамдарга жардам берип, кыргызымдын спортчуларына да колдоо көрсөтүп келген инсан катары сүрөттөшсө, бир даары ал деген ОПГнын башчысы, кылмышы бар болгону үчүн мекенден сыртта келе албай жүргөн кылмышкер катары сүрөттөшөт. Ушул арасат ойлорду ачыктоо максатында өзүңүзгө «мен киммин» деген суроонун алкагында мүнөздөмө бере кетпейсизби?
2. Кандай үй-бүлөдө чоңойдуңуз эле? Өзүңүздү атаңызга көбүрөөк окшоштурасызбы же апаңызгабы? Ааламга жол-айылдан башталат дейт, Айылыңыз жөнүндө айтып бериңизчи?
3. Сиздин оюуңузча өлкөбүз азыр өнүгүү жолунда кандай жолдо баратат? Кандай сунуштарыңыз бар?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Мени ОПГ деп айткан 2-3 эле кишинин кызыкчылыгы. Алар бүгүн кызматынан пайдаланып элге жаман кѳрсѳтүүгѳ аракет кылып атышат. ОПГ- деп соттун чечими чыкканга чейин эч кимдин айтканга акысы жок. Ал эми экинчи даары сүрѳттѳгѳндѳргѳ мен элге кылган кызматымды мактанып, эч кимге айтпайм. Кайрымдуулук иштерди Алла ыраазычылыгы үчүн жана Кыргызстандын жаранынын милдети катары жасап келем. Кайрымдуулук кылуу ар бир атуулдун парзы болушу керек, колдон келип турса…
Жооп:  Эл катары карапайым эле үй бүлѳѳдѳ чоңойдум, 8 бир туугандын жетинчисимин.
Жооп: Апам боорукер, жумшак, кишинин кѳңүлүн оорутпаган адам. Мен ѳзүмдү кѳбүрѳѳк атама окшоштурам. Атам, үй-бүлѳдѳ тартипти катуу кармаган, эркекке таандык баардык сапаттарга ээ инсан болчу.
Жооп:  Чоң Алай районунун Жекенди айылында туулуп чоңойгом. Биздин айыл Кыргызстандын эң алыскы, жаратылышы кооз, жери кенен, кыргыздын нукуралуулугун карманган, нарк-насилдүү, пейили таза, меймандос эл мекендеген жер.
Жооп: Ѳлкѳбүздү ѳнүктүрүүгѳ ѳтѳ кѳп мүмкүнчүлүктѳр бар. Башканы койуп кен-байлыктарыбызды эле мисалга алалычы. Туризм, айыл-чарба тармагын туура тартуу менен бутубузга турсак болот. Ошону туура пайдаланып мамлекеттин кызыкчылыгына багыттай турган программа иштебей атат.  А эң негизгиси уруу-урууга, кокту-колотко бѳлүнбѳй ынтымактуу болсок эле…

ээ 61Чолпонбек ЖЕТИГЕН, Бишкек шаарынан, КР.
Ассалоому алейкум Алманбет ага, рамазан айыңыз кут болсун. Менде болгону үч суроо бирок дайыма үчүнчү суроом жоопсуз калуучу эле, сизден өтүнүч баардык суроолорума кененирээктен кайрылып жооп кылсаңыз экен. Сизге болгон сый жана урматым менен Бишкектен иниңиз Чолпонбек.
1. Мени негизи эле кыргыз спортунун келечеги кызыктырат. Жеке эле күрөш эмес. Айтсаңыз кыргыз спортсмендерин дүйнөлүк белгилүү чоң оюндарында көрүү үчүн (Мисалы Сочидеги эле кышкы олимпиадада бир спортчу араң аралашты ушу сыяктуу ж. б.) спорттун баардык тармактарын кандай жолдор менен өнүктүрүү керек деп ойлойсуз?
2. Бирөөлөр айтат баатыр деп, бирөөлөр айтат каапыр деп. Дагы бирөөлөр жазышат, жардамын берип жатыр деп. Кандай ойлойсуз сизге карата коюлуп жүргөн күнөөлөрдөн арылып акталып келсеңиз кыргыз элине кандай кызмат кылып берээр элеңиз? Кылмышкер, жана башка баландай төлөндөй деген ушак-айыңдан, жаман аттан арылуунун кандай жолдорун көрө аласыз жана булардан такыр таптаза арылуу мүмкүнбү?
3. Мекениңизди аздектейсизби, жана сизге эмнеси менен ыйык Ата -Мекен?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Биринчиден каапыр болуп калуудан Кудай сактасын. Альхамдулиллах мусулманмын. Азыр кээ бир бийликте тургандар ѳздѳрүн билип, кааласа чыныгы кылмышкерлерди аппак кылып атышат, а алардын позициясын колдобогондорду кылмышкер кылып кѳрсѳтүп атышат. А чыныгы мамлекеттин казынасын уурдап, элдин энчисине кол салгандар эркиндикте ээн басып жүрүшѳт. Жашоо мыйзамы ушундай тура: эртең бул бийлик алмашса, таза эле адамдар баш кесер, ууру аталып калышы мүмкүн. Бул нерсе ар кимдин мүмкүнчүлүгүнѳ жараша ѳзгѳрѳ берет экен. Адам сенден жогору турса колдон ѳйдѳ тартышмак, тѳмѳн тургандар буттан ылдый тартышат экен…
Жооп: Спортту ѳнүктүрүп кетүүгѳ бизде кѳп мүмкүнчүлүктѳр бар. Ал үчүн болгону мамлекеттин бюджетинен ар бир спорттун түрүнѳ бѳлүнгѳн каражатты ар бир спорт федерация жетекчилери сол чѳнтѳккѳ салбаса. Башка мамлекеттерде спортко бѳлүнгѳн акчаларга кѳзѳмѳл бар. Бизде ким эмне кылып атканы тууралуу кѳзѳмѳл жок. Коңшу Казакстанды эле алалы,Назарбаев казак элинин улуттук спорту боюнча федерацияга ардактуу мүчѳ болуп, жылына 1,5-2 млн. доллар каражат бѳлүп берип атат. Биздин улуттук “Алыш” белбоо күрѳшүнѳ мамлекеттен 1 тыйын бѳлүнбѳйт. Жеке каржылоом менен “Алышты” дүйнѳлүк аренага алып чыга алдым. Ушинтип улуттук намысты кѳтѳрүп атсак, мени кайра дүйнѳ жүзүнѳ кылмышкер деп жарыялап атышат… Менин мамлекеттин бийлик бутагында турган бир-эки чиновникке менин позициям жакпай, алар мүмкүнчүлүктѳрүн пайдаланып мени кылмышкер кѳрсѳтүп атышат. Ак ийилет бирок сынбайт! Кудай буюрса, бул күндѳр да ѳтѳт, келме кезек, терме тезек. Убагы келгенде ким бандит, ким патриот, ким чыккынчы, ким чынчыл экени билинет!
Жооп:  Кыргыз элим кылымдарды карыткан, эч ким аны ѳчүрѳ албайт тарыхтан дегендей мекен ар бирибизге ыйык, аны ыйык тутушубуз керек.

ЖылдызЖылдыз ЖАЛИЕВА, Бишкек шаарынан, КР.
Саламатсызбы Алманбет мырза! Биринчи суроом: Өткөн ишке өкүнүп кайгырган учуруңуз болду беле? «Көл бакасыз, адам катасыз болбойт» дейт, ал эми сиз өз катачылыктарыңызды кантип оңдоп, жойгон учурларыңыз болот?
2. Менин билишимче кандуу Ош окуясында болгонуңуз маалыматтарда айтылып жүрөт. Ал күндөр сизди канчалык деңгээлде инсан, эл үчүн патриот экениңизди көргөздү?. Ошол күндөгү окуялар сизди эмнеге тарбиялады жана кандай таасир калтырган? Рахмат!.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  «Алпты жеңген баатыр эмес, ачууну жеңген баатыр» демекчи, ачууң келгенде ар кандай сѳздѳр чыгып кетип, адамдын кѳңүлүн оорутуп алган учурларда, ачууга алдырбай акылмандык менен чечим кабыл алыш керек – деп каласың.
Жооп: «Бастырганды билбеген жолду бузат, башкарганды билбеген элди бузат» дегендей, эл бузарлар элди экиге бѳлүп, кан тѳгүлдү… Ал күндѳрдѳгү окуялар бизди эки эсе мекенчилдикке үйрѳтүп, мекен баарынан ыйык тураарын дагы бир жолу туйдурду.

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, Аксы районунан, КР.
Ассаламу алейкум, Алманбет мырза! Эгер мусулман дининде болсоңуз, Рамазан айы менен куттуктаймын! Эгер орозо кармап, ооз беките турган болсоңуз, орозоңузду Жараткан кабыл кылсын!
Ар бир доордун өзүнүн оң жана терс каарманы болот тура. Совет доорунда басмачы дегенди мокочо көрчү элек. Анткени, алар жаңы заманга каршы чыгышкан караңгы, айыпсыз жандарды кыйган мыкаачы көрсөтүшкөн. Азыр ойлонсок, алардын көпчүлүгү өз эли-жерин эгемендигин бөтөн баскынчылардан коргошкон, улутунун салт-санаасын, тилин, динин сактоо үчүн күрөшүшкөн жандар экен… Эгер ошондо басмачылар жеңгенде, ошолор накта «элдик баатырлар» деп аталып, даңкка бөлөнүшөөр беле деген ой келет.
Эми тагдырдын тамашасын караңыз: ошол басмачылар каршы күрөшкөн Совет заманын өркүндөтүүгө зор салымын кошкон көп адамдарыбыз реперессияга туш келип, эл душмандары катары атылышты эле, алар деле совет дооруна ак кызмат кылышкан бейкүнөө жакшы атуулдар экен. Демек, совет түзүлүшүнө каршы чыккан басмачылар деле, басмачылардын идеясына каршы күрөшкөн, советчилер деле (кийин реперессияда атылгандары) жакшы адамдар экен!
Сиздин оюңузча, келечек муун азыркы «күнөөлүү» деген атуулдарыбыздын кимисин кайсы жагына кошот? Жеке өзүңүздүчү? Жоопторуңузга алдын ала ырахмат!
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Убагында улуттук баалуулуктарды, элдин эркиндиги үчүн азаттык, эгемендик эңсеп күрѳшкѳ чыккандарды “басмачы” атап, тарых бурмаланып, советтик кѳз караштагы идеологияга ыктаган болсо, кийин алар улуттук баатыр, кѳз карандысыз мамлекет кургусу келген азаматтар болгону айтыла баштады. Демек, тарыхты эч ким бузуп, ѳзгѳртѳ албайт. А ѳзүм тууралуу да калк калыс баасын берет деген ишеничтемин.

ЖыргалЖыргалбек АЖИМАТОВ, Ош шаарынан, КР.
Эсенчилик Алмамат ака! Жараткан ар убак өзүңүздү жана жакындарыңызды коргоп, колдоп жүрсүн. Суроолорго кыскача эле жооп берсеңиз да болот.
1. Өсүп келаткан жаш муун негизинен эмнеге көңүл буруш керек?
2. Өтмүшкө мисалы 15 жаш курагыңызга ушул акыл, тажрыйбаңыз менен «барып калсаңыз», жашоодо кайсы жолду тандамаксыз, кандай болмоксуз өз оюңузда? Эмнелерди жасамаксыз, эмнелерди эч качан жасамак эмессиз?
3. Турмуш миң кырдуу, миң сырдуу албетте. Ошентсе да «ийгилик сыры» деп эмнени айтмаксыз?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Жаш муун басып ѳткѳн жолунда адашып калбоосун жана ѳткѳн убакыт артка кайтпай турганын эске алышы керек.
Жооп:  Мен жашоого реалдуу кѳз караштамын, ошол себептүү артка кайрылып, 15 жашыма бара албашымды билем.

эжамилаАзизбек АСАБАЛА, Москөө шаарынан, Оруссия.
Ассалоомуалейкуум Алманбет мырза. Эгер жомок чындыкка айланып, сот сизди актап, спортчуларга, таланттууларга, элге көрсөтүп келе жаткан эмгегиңизди эске алып Спорт жана туризм министирлигин берсе барат белеңиз, эгер барсаңыз ишти эмнеден баштамаксыз?
Чет жерлерде бөтөн элдин байрагын желбиреткен спортчулардын мекендин атынан чыгууга далаалаттанганы менен чамалары чектелүү, аларга кандай сунуш айтаар элеңиз?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Жеке бир-эки адамдын кызыкчылыгы үчүн караланып атам. Эч кайсы жерде далилдер жок. Сот акыйкат иликтеп, адилеттүү чечим чыгарса мен ѳзүмдүн ак экениме ишенем. Ошол себептүү менин акталышым жомок эмес, мыйзам ченемдүү эле кѳрүнүш. Ал эми аталган спорт агенттигине жетекчи болуп келүү амбициям жок.

ээ 64Садыр МАТИЕВ, Ош шаарынан, КР.
Урматтуу Алманбет мырза, сиз азыр кайсыл жердесиз? Сизден эл көп-көп жакшы иштерди күтүп жатты эле. Ош шаарынын мурдагы мери Мелис Мырзакматов менен байланышыңыз барбы? Эгер байланышыңыз болсо эл үчүн кандай алгылыктуу иштерди алып бармаксыздар? Өзүңүздүн эл үчүн алдыга койгон максаттарыңыз менен кеңири тааныштырып, бөлүшүп, айта аласызбы?
Алдын ала рахмат!
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Мени баары эле билишет, бүгүнкү шартка байланыштуу Араб ѳлкѳлѳрүнүн биринде жашайм.
Жооп:  Мелис Мырзакматовду элине кызмат кылган мамлекеттик кызматкер катары тааныйм.

Саадат ХАЛИКОВА, Бишкек шаарынан, КР.

Саламатсызбы? Канча жолу орозо кармагансыз жана сиз жөнүндө болгон ар түрдүү жалган маалыматтарды укканда жаныңыз кейийби?
Балаңыздын так өзүңүздөй адам болушун каалайсызбы?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Жогоруда дагы айтып ѳттүм эле, мусулманчылыктагы парздарды аткарып, кичинемден эле орозо кармайм, санап кѳргѳн эмес экенмин. Артыңдан айтылган ар кандай жоромол кептер, жаныңды кейитпесе дагы аргасыз башты чайкатат. Кимдир бирѳѳ сиз тууралуу жаман сѳз айтып жатса, анда ѳзү тууралуу айтчу жакшы сѳз жок экенине ишенсеңиз болот.
Жооп:  Ар бир ата баласын ѳзүндѳй болушун каалайт. Керек болсо атадан артык уул болушун тилейт.

Бакыт ДУБАШЕВ, Бишкек шаарынан, КР.
Алманбет Мырза! Жигиттин башынан жаман – жакшы өтпөсө, андай жигиттин кабыргасы кайдан катсын. Сизди жаңы таанып жатам, андыктан жогорку өздүк маалымат боюнча кыргыз элине кандайдыр жардам берип келет экенсиз? Япония элинде бирөөгө жардам берсе, мисалы «мэ, жей кой деп балыкты бербей, балыкты кантип кармаганды үйрөтүп, колуна кайырмакты берет» экен. Сиз жардам берип жаткандарыңызга кандай ыкмада берип жатасыз?
2. Суроом, бүгүн менин көз карашымда дүйнө эли туңгуйукка кептелди, андан чыгуунун жолун таппай жатышат, мунун ичинде биздин дагы Кыргызстан бар. Мына Улуу Туңгуйуктан чыгып кетүүгө сизде жол барбы?
3. Жаштарыбызда мурункудай алдыга умтулуу жок, кандайдыр бул жашоону жэригендей мамиледе болуп калышты, окуу жайларында окуп жатат деген гана аты болбосо. Сизде кандай ой бар? Эл өсүү эмес артка кайтууда. Сизге ийгилик каалайм!
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:   Мен кайрымдуулукту Алланын ыраазычылыгы үчүн берип жатам. Күндѳ жүздѳгѳн каттар келет. Жардам сурап кайрылгандарга эле жардам бере бербейм. Аларды командабыз менен карап чыгып, чынында эле муктаж болуп аткандарга кол сунабыз. Алар кайырмак менен балык кармаганга дагы жѳндѳмсүздѳр болуп чыгышат. Айрым учурда образдуу айтканда балык кармоо жолун билип, бирок кайрымагы жокторго кѳмѳк кылган учурларыбыз да болот.
Жооп:  Жаштардын баары эле кайдыгер деген ойго кошулбайм, акыркы убакта билимге умтулуп, жаштар арасында ийгиликке атаандашкандардын саны арбын. Ѳкүнүчтүүсү илим-билимдүү, акыл-эстүү муундун ѳкүлдѳрү ѳлкѳнү таштап башка мамлекеттерге иштеп кетип жаткандыгында.

ээ 31Азирет КЕЛДИБАЕВ. Оруссия, Санкт-Петербург шаарынан.
Ассалом алекум Алманбет ага, ыйык орозо айында сиз менен маектешкениме кубанычтамын.. орозо кармаган болсоңуз кабыл болсун..
Эми суроо мындайча: – Аке ушул жашка келип, «мен киммин?», «кайда баратам», «эмне кылышым керек» деген суроолорду өзүңүзгө берип көрдүңүз беле?
Эгер берип көрсөңүз кандай жооп тапкансыз? Жана ошол жооптор сизди канаатандырды беле?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Азирет мырза, жашоодо ѳзүн-ѳзү тапкан адам болбойт, ѳзүн жеңген адам болот. Адам жашоосу ѳмүр аягына чейин ѳзүн-ѳзү издейт. Жашоо улам жаңы ачылган ачылыштар, улам пайда болгон изденүүлѳр бар үчүн кызык.

Назима АЛМАЗБЕКОВА, Ош шаарынан, КР.
Саламатсызбы Алманбет ага!.
1. Сизди эң сүйүнткөн жана өкүндүргөн нерсе?
2. Саясатка аралашайын деген ниетиңиз барбы?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Сүйүнгѳнүм бул жашоого адам болуп, анын ичинен жигит болуп тѳрѳлүп, анан да альхамдулиллах Мусулман болуп тѳрѳлгѳнүм. Кудайга шүгүр, ѳкүнүчүм жок.
Жооп: Саясаттын сасык оюндарына аралаша турган оюм жок.

АсырАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия.

Урматтуу Алманбет мырза!. Эр жигиттин башына эмнелер гана келбейт. Кыргыздар, «Бирде жигит төө минет, бирде жигит жөө жүрөт» деп койот эмеспи?
Учурда сиз тууралуу укмуштай оң-тескери маалыматтарды ар кандай расмий, расмий эмес булактардан ким кандай кааласа ошондой эле тынымсыз кетирип жатышат, кайсынысы чын, кайсынысы жалган экенин ажыратуу кыйын болуп турган мезгил. Атайын эле бармактарынан соруп ойлоп таап, бирине-бирин жаман көргөзүп, козутуп, атайылап эле чабыштыруу максатында «өрдөктөрдү» ченебей учуруп жаткандар дагы жок эмес. «Өрдөк» учуруу жөн гана өнөргө айланып калды десек деле болчуудай.
Ошондой «өрдөктөрдүн» бири бул, «Бишкек шаарынын Ички Иштер Бөлүмүнүн башчысы генерал Мелис Турганбаев Алманбет Анапияевди жок кылып бер деген максат менен Чеченстанга барып Азиз Батукаевге миллион доллар берип келиптир» деген чындыкка өмүрү коошпогон «өрдөк» учуруп жиберишти, ушуга кандай дейсиз жана мындай чагымчылдык кимге кереги бар болушу мүмкүн деп ойлойсуз? Мисалы мен мындай маалыматка эч качан ишенбейм, жана андай болушу дагы мүмкүн эмес деп ойлойм. Ошондон улам сизди жактап, жан тартымыш болгусу келгендер тескерисинче тымызын сиздин атыңызга ого бетер кара көө сүйкөп, жаман атты кылып, бийликтегилер менен кайраштырып жаткан жокпу?
Экинчиси, эгер бийлик тараптан тийиштүү кепилдиктер берилип, «баардык башы ачылбай жаткан суроолорго ачык жооп берилип, тергөө иштерине өзүнүн, сиздин катышууңуз аркылуу акыркы акыйкат чекит койулсун» деген сунуштар болуп калса, балким, сиздин кадамдарыңыз кандай болот?
Алманбет АНАПИЯЕВ.  Жооп: Кыргызда «шамал болбосо теректин башы кыймылдабайт» деген сѳз бар. Мен дагы ал маалыматты интернет булактарынан окудум. Эми ошол айтылган сѳздѳргѳ ишенбейин десем, 2007-жылы Мелис Турганбаевдин буйругу менен мага кол салуу болгон. Ал мезгилде Турганбаев ИИМде ГУБОПтун жетекчиси болуп турган. Унаам брондолгондуктан ок ѳтпѳй, аман калгам. Кийин Турганбаевдин буйругу экени билинип калгандан кийин, ал ѳзүнүн адамдары аркылуу менин жакын адамдарыма чыгып, мени менен жолугушууну уюштурууну суранган. Ал мезгилде Турганбаев жумушунан кетип, бош жүргѳн болчу. Жакындарым суранган үчүн мен баш тарткан жокмун. Бишкектин борборундагы мурдагы күйүп кеткен Башкы прокуратуранын жанындагы ресторандардын биринде жолугуштук. Ал ѳзүнүн жакындары менен мен бир-эки досторум менен баргам. Ошол жерден Мелис Турганбаев, «мен туура эмес кылып коюпмун, кечирип кой»,- деп менден кечирим сураган. Ортого түшкѳн күбѳлѳр азыр да бар. Мен Алланын ыраазычылыгы үчүн кечиреримди айтып, бирок ошондо да айткам, «бул дагы бир ишке туруп, оомат келсе, ушул ишин кайра баштайт»,- деп. Мына ошол күн келди…
Жооп: Эми чындык бир күнү чыгыш керек. Жакында эле спортчулар колдоп, акыйкат тергѳѳ, чындык болсун, соттор адилет карасын деген кайрылуу кылышпадыбы. Эгерде акыйкат тергѳѳ болсо мен барып, ѳзүмдүн мыйзам алдында, Алла алдында таза экенимди далилдеп берем. Жеке бирѳѳлѳр менен кѳз карашым келишпсесе эле күнѳѳлѳнүп калбашым керек да.

Бакыт ДУБАШЕВ. Сизге бир кеңеш, Атыңызды Алмамбет эмес, Алманбет кылып которуп алсаңыз, атка жараша дагы чоң кубат кошулмак экен.
Жооп:  Менин атым Алманбет, айылда Алмамат дешет.

АсылАсылкан ШАЙНАЗАРОВА, Бишкек шаарынан, КР.

Статья 168. 2. Разбой. (2) То же действие, Совершенное:
1) группой лиц;
2) группой лиц по предварительному сговору;
3) с целью завладения имуществом в значительном размере, – наказывается лишением свободы на срок от трех до семи лет с конфискацией имущества.Статья 241. Незаконные приобретение, передача, сбыт, хранение, перевозка или ношение огнестрельного оружия, боеприпасов, взрывчатых веществ и взрывных устройств.
Статья 123. Похищение человека.
Статья 125. Незаконное лишения свободы.
(2) То же деяние, если оно совершено:
1) группой лиц по предварительному сговору;
2) с применением насилия, опасного для жизни и здоровья;
3) с применением оружия или других предметов, используемых в качестве оружия;
4) в отношении заведомо несовершеннолетнего;
5) в отношении двух или более лиц;
6) в отношении женщины, заведомо для виновного находящейся в состоянии беременности, -наказывается лишением свободы на срок от трех до семи лет.
Статья 125-1. Принудительное испльзование труда (рабский труд)
(2) То же деяние, совершенное:
1) в отношении двух или более лиц;
2) в отношении несовершеннолетнего;
3) лицом с использованием своего служебного положения;
4) с применением шантажа, насилия или с угрозой его применения;
5) с изъятием, сокрытием либо уничтожением документов, удостоверяющих личность потерпевшего, – наказывается лишением свободы на срок от трех до семи лет.
Статья 231. Организация преступного сообщества (Преступной органицации)
(1) Угон воздушного или водного транспорта либо железнодорожного подвижного состава, а равно захват такого судна или состава в целях угона, – наказываются лишением свободы на срок от четырех до восьми лет.
(2) Те же деяния, совершенные:
1) группой лиц по предварительному сговору;
2) с применением насилия, опасного для жизни и здоровья либо с угрозой применения такого насилия;
3) с применением оружия, боеприпасов, взрывных устройств, взрывчатых, ядовитых, отравляющих или радиоактивных веществ либо ядерного, химического, биологического и других видов оружия массового поражения или предметов, используемых в качестве оружия;
4) в целях устрашения общественности либо принуждения физического или юридического лица, международной организации или государства совершить какое-либо действие, либо воздержаться от него, – наказываются лишением свободы на срок от семи до двенадцати лет.
«Лирикалык чегинүү» жасаганга туура келди. Андыктан, ыңгайсыздык жараткан болсом, алдын ала кечирим сурайм!
Суроолор: Коюлган айыптардын баары үрөй учурчу оор беренелер боюнча экен. Жактооочуңуз мунун баары «суу кечпейт» таризинде маек бериптир.
Биринчи суроо: Чын эле жөндөн-жөн жалаа жабылып жатат дейли. Анда мындай каралоонун түпкү себеби, максаты эмнеде экенин ачык айта аласызбы, ырас түз байланышка чыккандан кийин? Анткени, сизге ушунча айып тагып жаткан тарап, сиз суранып жаткандай «акыйкат териштирүүгө» убада берээрине ишенүү кыйын го?.
2. Жашыңыз 40 тан өтүптүр. Эр жигиттин көп оң-терс сапатын жеке үй-бүлөсүнө жасаган мамилесинен да баалоого болот. Коопсуздук маселеси курч экени түшүнүктүү. Эч болбосо, жалпылап үй-бүлөңүз, жубайыңыз, балдарыңыз тууралуу кыскача айта аласызбы?
3. Бир кездерде Баяман Эркинбаев менен жакын мамиледе болгондугуңуз тууралуу маалыматтар бар. Маркумдун жакындары менен азыркы мамилеңиз кандай? Алдын-ала рахмат.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп:  Жогорууда айтып ѳттүм го, булар каалаган беренелерин кое берет. 97-беренени да коюшкан, Шоноевдин ѳлүмүнѳ байланыштырып. Мелис Турганбаев КТРК аркылуу «Ала-Тоо» маалымат программасынан айыптап, «буга түздѳн-түз Анапияев күнѳѳлү» – деп эч бир далили жок оозун кѳптүрүп сүйлѳп чыккан. Эгер ошонун далили болсо аныктабайбы?! Азыркы сиз кѳрсѳткѳн беренелер боюнча да бир дагы далил жок. Каралап аткандардын максаты мени Кыргызстанга келтирбѳѳ. Себеби мен алардын кѳп мыйзамсыз иштерин билем. Алар бети ачылып калуусунан чочулашат. Ушундай жагдайда эң кейиштүүсү маалымат согушунда чындыкты айткан тарап жеңилет. Анткени, ал чындык менен гана чектелип, ал эми бети жоктор оозуна келгенди оттой беришет экен.
Жооп: 3 уул, 1 кызым бар. Балдарым жакшы окушат, спорт менен машыгышат. Кызым бала бакчага барат. Улуу уулум чет ѳлкѳдѳ окуйт, 1-курсту аяктады. Экинчи уулум Кыргызстандагы Таэквандо боюнча курама командада. Спорттун чеберлигине талапкер. Учурда 16 жашта болсо да, спорттун ушул түрү боюнча машыктыруучу. Кичүү уулум футболго кызыгат. Турциядагы Футбол академиясына ѳттү. Эки уулум менен кызым апасы менен үйдѳ. Каникулда келип кетип турушат.
Жооп: Баяман Гавусович менен чогуу иштеп, жакшы мамиледе жүргѳнбүз. Жараткандын буйругу экен, кайтыш болуп кетти. Ал баштаган «Алыш» күрѳшүн жандандырып,иштеп атабыз. Жакындары, бир туугандары менен мамилебиз жакшы, байланышып турабыз. Колдон келген жардамды берип турам.

УланУлан КОШАЛИЕВ, Кимчон шаарынан, Корея.
Ассаламалейкум, Алманбет байке!
Кечээ фейсбукта сиз жөнүндө талкуу учурунда бирөө мындай мааниде комментарий жазыптыр: «Эгер чын эле ак болсо, коркпой эле келе бербейби, ак ийилет бирок сынбайт дегендей, күнөөсү жок болсо акталып чыгат да. Эр жигитке коркуп качып жүргөн жарашпайт»,- дейт. Буга эмне демекчисиз?
А мен билгим келген суроо мындай. Көп-көп кайрымдуулук иштерди кылып жатасыз, анын баарын окуп-билип жүрөбүз. Бул иштериңиз мактоого татыйт, албетте. Бизди кызыктырган суроо, сиз эмне иш менен алектенесиз, кирешеңиз кайдан түшөт? Алдын ала рахмат!
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Согушта ѳлгѳн баатыр эмес, согушту жеңген баатыр. Ошол эле Баяман баатырды башына иш түшкѳндѳ «кетип кал»,-десек, кетпей койгон. Баарыбыз тең баатырбыз деп окко уча берген болбойт. Бүгүнкү күндѳ мамлекет башчыга туура эмес маалымат жеткиришип, «президентке кирип чыктым, жакында ИИМге министр болом, баары мен айткандай болот»,-деп мактанып жүргѳндѳр бар. Ал сѳзгѳ ишенбейин десең, «шайлоодон кийин камалчу адамдарды кулагынан жетелеп келип камайбыз» – деп маалыматтарды ѳздѳрү таратып атышат. Ошолорду кѳрүп кантип ишенип Кыргызстанга барасың? Кырдаалга жараша мамиле кылыш керек. Элге кызмат кыла турган келечек али алдыда.
Жооп: Эл катары азбы-кѳппү бизнес бар. Алла-Таалам берип атат, Алланын бергенин Алланын жолуна берип атабыз.

ЧолпонЧолпон ОСМОНОВА, Маскөө шаарынан, Оруссия.
Алманбет мырза! Сиз алыс жакта жүрсөңүз дагы кайрымдуулук иштерди тынбай кылып жатасыз? Эгер буюруп мекениңизге келип калсаңыз мындан дагы көбүрөөк элге жардам берет белеңиз? Же болбосо сиз дагы кээ бир саясатчылар сыяктуу убактылуу «пиар» кылып жатасызбы?
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Мен саясатчыларга окшоп, элге кѳрүнѳйүн – деп жасаган эмесмин. Эл ѳзү айтып атат. Сиз азыр эле билип атсаңыз керек, мен буга чейин эле кылып келгем, колдон келип турса кыла бермекчимин.

ноорМирбек ОРОЗАЛИЕВ, Кара-Кулжа районунан, КР.
Ассалом алейкум Алманбет мырза! Эр жигит үчүн өз мекенинен ыйык эч нерсе жок. Баарынан мурда Сиздин Кыргызстанга аман-эсен келип, эл арасында болуп, жакшы иштериңизди улантууңузга тилектештигимди билдирем. Суроо:
1. Бала кезиңизде ким болууну самачу элеңиз? Балалык кезиңиз, ал кезде Сиздин аң сезимиңизге чоң таасир калтырган адамдар, окуялар жөнүндө кыскача айтып берсеңиз.
2. Келечекте эл камын ойлогон мыкты инсан болуп жетилиши үчүн азыркы жаштарга үлгү болчу адам кандай болуусу керек, андай адамдар бүгүн барбы, болсо кимдерди атаса болот?
3. Бүгүнкү күндө шаар жаштары үчүн Кудайга шүгүр бардык шарттар бар. Ал эми айылда турган балдардын эс алуусу үчүн эч кандай шарттар жоктугу көп ойлондурат. Көпчүлүк айылдарда бир да спорттук зал жок экенин спорт адамы катары билсеңиз керек. Мүмкүнчүлүгүңүз болсо айылдарга денсоолугу чың, ар кандай жаман жолдордон алыс болгон жаштардын өсүп жетилүүсү үчүн заманбап жабдыктар менен жабдылган атайын спорттук залдарды ачууга көмөктөшө алаар белеңиз? Сизге үй-бүлөлүк бакыт жана иштериңизге ийгилик каалап, Кара-Кулжадан Мирбек.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Бала кезде айылда оорукана жок, бир гана медпункт бар эле. Ооругандар 30 чакырым аралыкты басып, машакат менен ооруканага жетчү. Ошого таасирленсем керек, чоңойсом врач болом дечүмүн.
Жооп: Жаштарга үлгү болуш үчүн айткан сѳзүң менен кылган ишиң дал келиши керек. Ошондо кѳргѳн-билгендер «бул адам айтканын аткарат»,- деп таасирленет жана ал адамдын ѳзү да дайым гармонияда жүрѳт.
Жооп: Негизинен бул мамлекеттик ѳнүгүү стратегиясына кире турган программа. Ар бир айылды спорт зал жана маданият үйү менен камсыздоо мамлекеттин иши. Менин мүмкүнчүлүгүм, шартым кеңири болгондо, андан да аянмак эмесмин.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Суроолорду жыйынтыктап жатып сизге мындай бир чакан суроо менен кайрылайын дедим. Достукту кандай баалайсыз? Адам баласы бир келген жашоосунда ар кандай оор сыноолорду, кыйынчылыктарды башынан кечирээри турган иш. Ошондой оор, кыйын кырдаалдарда чыныгы достуктун баркын билип, жакын жана жан бирге болгондор, же тескерисинче «жылт» койуп сатып кеткендер болду беле? Ачыгын айтканда «достук» деген маселеге көз карашыңыз кандай?.
Алманбет АНАПИЯЕВ. Жооп: Достун түрү кѳп. Ар бири ар башка кызыкчылыктар менен достошушу мүмкүн. А чыныгы бул акыреттик, Алланын ыраазычылыгы үчүн дос болот. Ал кандай күн болбосун сатып кетпейт. Мен достукка бек туруп, баалай билем. «Акмак достон, акылдуу душман артык»,- дейт. Бирок, мен достуктун антын бузуп кеткен досумду Алланын ыраазычылыгы үчүн кечирип кое берем.

«Көч Байланышты» (Он-лайн) уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Эркин журналист, публицист, Келсинки шаарынан, Финляндия. 28.06.2014-жыл.

Урматтуу мусулман бир туугандар!
Бардыгыңыздарды ыйык Орозо айынын башталышы менен куттуктайм! Рамазан айын ар бир мусулман үмүт, жакшы тилек менен күтүп, аруу тилек, жакшы ниеттерин ишке ашырууга ниет кылышат. Жаратканга тообо келтирип, тазаланууга, жакшылыкка, кайрымдуулукка умтулат. Мусулмандын парздарынын бири рамазан айында ар бир пенденин ыйманы ойгонуп, элибизге кут береке келип, Жаратканыбыз бизге жакшылыгын ыроологон болсун!
Ар бир инсандын жакшы тилектери, туткан орозосу кабыл болсун! Элибизде токчулук,ынтымак, биримдик, Жараткан элибизге сабырдуулук берсин!
Кыргызымдын түндүгү бийик, ѳрүшү кенен, ынтымагы бекем болсун!
Терең урматым менен уулуңуздар Эл аралык «Алыш» федерациясынын президенти Алманбет АНАПИЯЕВ.

Jun 21

Көч Байланыш..

ээ 61Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Кыргыз Эл акыны.

«МЕН ЧЫГАРМАЛАРЫМДЫ «ЖАСАП» ЭМЕС «ЖАШАП» ЖАЗДЫМ»

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Саламатсыңарбы, досторум! Агаңарды кечиргиле! Кечиккеним үчүн.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА. Маскөө шаарынан, Оруссийа.
Саламатсызбы Шайлообек агай, биринчиден ушул бүгүнкү байланышка алтындай убактыңызды бөлүп келгениңизге ыраазычылык билдирүү менен кош келипсиз демекчимин. Суроом: Чыгармачылык чөйрөсүнө кандайча келип калгансыз, кимдер түрткү болду эле, анан “эне тилин унуткандар” деген ырыңыздын жаралышы жөнүндө да айта кетсеңиз, алдын ала рахмат, ишиңизге ийгилик каалайм!.

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп. Гүлчехра, Ыракмат! Чыгармачылыкка мени турмуш алып келген. Чоң Энемдин жомогу, анын мага жасаган мамилеси, айылдын “азап-тозогу” акын кылган. “Эне тилин” унуткандар Кыргызстан көз карандысыз өлкөгө айлангандан кийин жазылган.

эбекеБектурсун АЛИБЕКОВ. Майлуу-Суу шаарынан, КР.

1. Урматтуу Шайлообек аға. Бүт, түркү тилдүү (қырғыздарға; тилдеш, үндөш, тыбышташ) улуттағы элдер бирдей айтып, бирдей жазып, бирдей оқулчу сөздөрдө қолдонулчу “Қ , Ғ, Ҳ , Ә” сыяқтуу тамғаларды, бизге тилдеш элдерден өзгөчөлөнүп, қырғыз тилинин тағаларынын қатарынан чығарып, аларды қырғыз тилиндеги текст жазууларда қолдонууға тыйуу салууға, биздин тилчи аалымдарыбызға қандай илимий аргументтер негиз болғон?
2. Маселен; “қағаз” – деген сөздү, биз қырғыздар жана баардық бизге тилдеш элдердин баары “қағаз” – деп атайбыз. Жазғанда, биз менен бирдей атаған элдин баары “қағаз” – деп жазышат. Ал эми биз қырғыздар “кагаз” – деп жазуубуз шарт. Оқулушу, қыраъаты (транскрипциясы) қандай улут оқуса да, тигилердики – “қағаз” болуп оқулат. Ал эми биздин; “кагаз” – деп жазғаныбызды, қырғыздан бөлөк улут түгүл, қырғыз тилинде эмес мектепте оқуған қырғызға оқутчу болсоқ да, қырғызча эмес киргизче қыраъатда (транскрипцияда); “К(и)АГ(и)АЗ” – деп оқуп алат. “Ураған (тоо жэ дубал)” – деген сөздү биз қырғыздар “ураган” деп жазабыз. Оқулушу, қыраъаты (транскрипциясы), бороон чапқындын орусчасы болуп чығат. Мына ушундай татаалдықтардан улам, биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИ башқа улуттағы мекендештерибизге оқутууда, үйрөтүүдө эбегейсиз қыйынчылықтар болууда. Эмне себептен жэ қандай мақсатта тиги тамғаларды қолдонуп, қырғыз тилин үйрөтсө болбойт? Мен, менден; биздин МАМЛЕКЕТТИК ТИЛИБИЗДИ үйрөнүүчү, башқа улуттағы мекендештерибизге түшүндүрүп бере албай келем. Ушуға жооп берүүгө маға, қандайдыр илимий негиздеги аргументтердин шилтемесин берип, жардам бере алаар белеңиз? Раҳмат!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Беке! Мен тилчи эмесмин. Бирок, Тилди зарылдык болмоюнча эч кимге “тыбыштарды оңдоп-түзөө “жолу менен үйрөтүү мүмкүн эмес. Өлкөбүз же биз кыргыздар тилекке каршы андай зарылдыктык түзө албай келебиз.

чынараЧынара САРБАГЫШОВА. Бишкек шаарынан. КР.  Саламатсызбы Шайлообек агай. Биринчи кезекте сизге чың ден соолук жана жакшылыктарды каалоо менен бирдикте суроо узата кетсем. Чыныгы акын же чыгармачыл адам болуү үчүн сиз кандай жоготууларды, кыйынчылыктарды башыңыздан кечирдиңиз? Же ушул ийгиликтердин келиши сизге оңой болдубу? Сиз Союз убагында эле ” Кайдыгерлик” деп күйүп ыр жазып калдыңыз эле… Ошол кыргыздын кайдыгерлиги азыр азайды деп ойлойсузбу же мурдагыдай элеби?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чынара! Менин адам болушума да, акын болушума да Чоң Энем Канымгүлдүн тарбиясы эбегейсиз зор болгон. Мен аны менен 13 жыл жашап, өмүрүмдүн аягына чейин жеткидей «азык» алып, ошону менен жашап, иштеп, жазып келатам.

Чынара САРБАГЫШОВА. Шайлообек ага сиз айткан Канымгүл энедей адамдар кыргыз үчүн чынында чоң мектеп болушкан. Бала кезде дасторкондо отуруп айткан салттуу-нарктуу кептери түгөнбөгөн кенч, тарбия экенин мен эми баалап, сезип жүрөм. Биз кыргыздар кылым боюу жашап келген ошол мектебибизди жоготуу коркунучундабыз. Ошол улуу насаат сөздөрүбүздү канткенде сактап кала алабыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Дүйнөдө улуу адамдардын баарынын өмүр баянын окусаң, эмнегедир баары Чоң Энелеринин тарбиясын алып өскөндүгү менен таңкалтырат… Адатта аял деген алсыз болгон менен Кудайдан кийинки эле кудурети күчтүү ЭНЕ! Бизди ошол Энелер сактап келген. Анткени элибиздин салт-санаасынын, тарбиясынын булагы ЭНЕ болгон. Биз ошол ЭНЕИДАНЫ кайрадан калыбына келтирүүбүз керек!

Жыргал БЖыргал БОТОБАЕВА, Бишкек шаарынан, КР.
Саламатсызбы! Сиздин балалыгыңыздын эң таасирлүү, эсиңизде калган окуялары? Эгер сиз кайра туулган болсоңуз кайра эле ушул жолуңузду-кесибиңизди тандайт белеңиз?

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Жыргал! Балалыктагы окуялардын кайсынысы эң таасирдүү болгонун бөлүп айталбайм го дейм, баары сонун, баары укмуш болгон. Мен балалыгымды «Агындылар» деген жаңы китебим аркылуу «издеп» чыктым… Эгер кайра туулсам, анда көгөрүп жүрүп сүрөтчү болмокмун.

НагимаНагима АЛАМАНОВА, Куала-Лумпур шаарынан, Малайзия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Биринчиден сизге чың ден-соолук, узун өмүр каалайм. Талантыңызга таазим этем. Сиз баш аягы жети китептин автору экенсиз, «жетинин бири кыдыр» дейт го кыргызда, ошолордун ичинен (чыгармаларыңыздын) өзүңүзгө жакыны жана жакканы кайсынысы? Чооң рахмат, бар болуңуз!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Нагима! Өзүмдү окурмандарыма толугураак «Агындылар» аркылуу ачтым го деп ойлойм…

Гүлсана эже.Гүлсана САРНОГОЕВА, Фолино шаарынан, Италийа. Саламатсызбы урматтуу Шайлообек ага! Сиздин «Шамал» деген ыр жыйнагыңыздан «Карагайчы кемпир» аттуу поэмаңызды өтө кызыгуу менен окудум эле. Ошол поэмаңыздын кандай жаралгандыгы жөнүндө айта кетсеңиз?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлсана, күйөө балага салам айт! «Карагайчы кемпир» автобиографиялык поэма. Энем Канымгүлгө арналган.

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы устат – агайым. Сиздин ырларыңыздын деми менен, аз да болсо сабак алып, чыйралып келем. Сизге берилген суроом төмөндөгүчө: Акын жасап эмес, жашап жазат дешет. Сиз да өз турмушуңуздан алып жазасызбы? Жазган ырларыңыздан сиздин өмүр таржымалыңызды көрсөк болобу дегеним .Алдын ала жообуңуз үчүн рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Уулкан! Мен кезинде турмуш менен жанчылгам. Кийин ошол турмушум менен «кагазда жанчылганга» өткөм. Турмушта жанчылганга караганда кагазга жанчылган жаман экен. Жасалма нерселер жалган болорун түшүндүм. Ошон үчүн «жасап» эмес, «жашап» жаздым деп ойлойм…

Аида ААида АХМАД ЖАМАЛ, Абу-Даби шаарынан, БАЭ. Саламатсызбы Шайлообек Ага! «Кайдыгерликти» окуп алып абдан таасирлендим эле, азыркы күнгө чейин таасирленип келем. Ар бир Жараткан чыгармаларыңызды, ал түгүл берген маектериңизди дагы чыдамсыздык менен күтүп окуйм. Калемиңиз курчуй берсин ылайым, күүлүү-күчтүү, чың ден -соолукта болуңуз!
Менин Сизге бере турган суроом: Бул күндөрү Кайдыгерлик менен бирге Адамдык баалуулуктар дагы жоголуп бараткандай. Себептерин оңой эле таап алчу болдук, дароо эле бийликтегилерге, Эконимикалык проблемаларга жана башкаларга жүктөй салабыз. Ал эми мунун баары Коомдон жана анын ичинде өзүбүздөн баары башталаарын унутуп калдык. Бул жөнүндө сиздин көп эле ойлоруңузду угуп жүрөм, дагы бир жолу, кантип ушул “оорулардан” алыс боло алабыз? Өсүп келе жаткан муундарга кантип тарбия беребиз? Анткени, чындап эле жарык, гүлдөгөн, урмат-сыйлуу Келечекти кааласак эртең эмес, азыр баштоо зарыл. Сиздин сунуштарыңыз кандай болот?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Аида! Баары өзүбүздөн. Эң алсыз, эң байкуш адам гана өз кемчилигин башка бирөөлөрдөн көрөт. Ар бир кыргыз бөлөк-бөтөн элдер суктангандай, тамшангандай, сыйлагандай Улуулукту, Кыргызды кыргыз кылып кылымдан бери сактап келген Нарк-Насилин, Намысын далилдеп көрсөтө алсак, өзүбүздү ошого татыктуу алып жүрө алсак, ар бир өлкө, ар бир адам “Дүйнөдө Кыргыз деген укмуш эл жашайт экен” деп шилекейи чубуруп турса атаганат!. Биз көп нерсеге жетет элек…

ЗамикеЗамирбек БАЗАРБАЕВ, Астана шаарынан, Казахстан. Саламатсызбы, Шайлообек ага. Кандайсыз, күүлү-күчтүү жүрөсүзбү? Үй бүлөө, бала-чака, неберелер чоңойуп жатышабы?
Менин суроом жөпжөнөкөй эле. Тамеки чегесизби, чексеңиз канча жашынызда баштагансыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Тамекини СА-Советтик Армияга барганда чегип алып 35 жыл тарттым. Таштап салганыма 15 жылдай болду.
Замирбек БАЗАРБАЕВ. Себеби бир ырынызда “мурдум менин моору болду” дегендей саптарыңызды окуган элем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Мурун мор болгонун мындай кой, курган өпкө кор болгонун, көйнөктүн колтуктары шор болгонун айтпайсыңбы…
ээ 61
Асыран А!ДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия. 
Шаке, Сиздин «Агындыларыңызды» Кытайлыктар которо баштады дедиңиз эле, ошол маселе кандай болуп жатат, ишке ашчуудайбы?.

Экинчиси, «Эки дөөнүн кармашы» аттуу китебиңиз сизге Токтогул атындагы сыйлык алып берди. Ошол китебиңиз канча нуска менен чыккан жана азыр сатыкта барбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: «Агындыларды» кытайлык кыргыз туугандар менен уйгур туугандар которгону алып кеткен. Азыр иштеп жатат. Ал эми Мамлекеттик Токтогул сыйлыгын алган «Эки дөө» эки жолу китеп болуп чыгып, жок калган. Жакында жаңы басылышын чыгарганы турам.

АйтмырзаАйтмырза АБЫЛКАСЫМОВ, Бишкек шаарынан, КР.  Кутман күн, Шайлообек акын! Эсте барбы, жокпу о баягыда, азыркы «Жаңы Агым» гезитинин аты да, заты да «Асаба» болуп турганда бир ырдын сынагы болуп, ошол сынакта экөөбүздүн ырларыбызга 1-орун ыйгарылып, сыйлыкка коюлган 1000 сомду 500 сомдон бөлүп алган элек. Ошол кезден ушул кезге чейин кыргыз окурманы Шайлообек Дүйшеевди өзүнчө үнү бар, башкаларга окшошпогон чоң акын катары билишчү. Азыркы «Агындылар» деген китеп али колума нак тие элек. Анын оң-терс жактарын буюруса китепти алып калсам, кунт коюп окуп чыкан соң айтаармын. Бирок, кээ бир басылмалардан көзүм чалган үзүндүлөргө караганда, кара сөз түрүндө жазылган өңдөнөт. Эми суроо: Акын Шайлообек акыл азуусу чыкканда ырга караганда оюндагы, дилиндеги, эсиндеги «агындыларды» кара сөздүн жардамы менен окурманга жеткирүү оңой, жеткиликтүү боло турганын сездиби? Муну менен ал жан бирге поэзияны таштап, биротоло прозага өттүбү, же кыргыз көркөм адабиятынын асманында ишенимдүү, мындан да бийик, мындан да байсалдуу учуп жүрүү үчүн, тагыраагы ички жан дүйнөсүн, дүйнө таанымын кеңири ачып берүү зарылчылыгынан ага экинчи канат пайда болдубу? Балким, драматургияга да кайрылуу оюнда бардыр?.. Чыгармачылык ийгиликтерди каалоо менен бирге эле мазмундуу жоопторго алдын ала ырахмат!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айтмырза! Ал «кез» эсимде. Ырың чынында эле мыкты болчу… Поэзия деген сезим акылды ала качып турган жаралчу кымбат нерсе болсо, проза деген сезимди акыл “жүгөндөп” калган кезде жазылат экен. Поэзия менен балалыгым, жаштыгым сыяктуу кол жеткистей артта калып сагынтса, проза менен өмүрдүн калган “курагын” жашап жаткан кезим. Ырдын “төрт” жагымдан кыскан алкагынан “бошонуп” ой-да жыргап аткан чагым кара сөз менен…

ЧолпонЧолпон ОСМОНОВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Ден-соолугуңуз жакшы жүрөсүзбү? Сизге байланышка чыккан Чолпон Москвадан. Мен сизге узун өмүр, чыгармачыл ийгилик каалап кетем, себеби менин маркум атам Абдрасул Осмонов да Жазуучу эле. Сизге жөн гана узак өмүр, ден-соолук тилейм. Бар болуңуз! Байланышка чыгарган Асыран агайга ыраазычылык билдирем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чолпон! Ден соолугуң жакшыбы? Ыракмат! Мен чет жерде жүргөн силердин баарыңарга ден соолук, чыдамкайлык каалайм! Бириңер да оорубагыла, кырсыктан тышкары жүргүлө!
Чолпон ОСМОНОВА. Чооң рахмат байке, бар болуңуз! Биз сиз менен абдан сыймыктанабыз!

УланУлан КОШАЛИЕВ, Кимчон шаарынан, Түштүк Корея. Саламатсызбы Шайлообек агай, сиз менен пикир алышып жатканыма кубанычтамын. Сизден жашоону түшүнгөн адам катары төмөнкүдөй психологдук кеңеш сурагым келет.
Мен бул жашоомо ичим чыкпай дээрлик ар дайым эле өзүмө өзүм ыраазы эмесмин. Өзүмдүн көйгөйлөрүмдү унутуп койсом башка бир жакындарымдыкын ойлоном, Андан бошонсом өлкөбүздүн көйгөйүн ойлоп, ал тургай тээ философиялык ойлор менен башымды оорутам. Бул мага өзүмө деле жакпайт. (же балким жагабы…) Ушундай ойлордон кантип арылып, кантип бактылуу боло алабыз? Анан, дагы бир чыгармачылыкка тиешелүү суроом бар эле, азыр берем.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Улан, силердин ар бириңер, биздин кыргыздарга башка элде кыргыз өзүн кандай алып жүрүш керектиги жөнүндө сабак өтүп турсаңар да жакшы болот эле…
Күн бүркөлгөндөн кийин жаайт. Адам өзүнө алымсынбай калганда сөзсүз бир нерсе «жаратат». Сен эч качан жаман нерсе жөнүндө ойлобо. Кандай иш жасасаң да, кандай ой ойлосоң да Кудайга жага турган нерсени жасай алсаң эч качан жаман болбойсуң.
Улан КОШАЛИЕВ. Мен эки жыл мурун ыр жазганга аракет кылып баштадым эле, окшошуп аткансыган. Азыр таптакыр жаза албай калдым.
Жумуш убагында эргүүлөр келет, бирок жумуш бүтүп үйгө келип жазайын десем эле эчтеке жок, ойлор шамал айдагандай жоголуп кетет.
Бул менин акындык дараметимдин чектелүүсүбү?
Дем алыш күндөрү болсо интернеттен маалыматты башка толтуруп алып, кайсы ой өзүмдүкү экенин билбей, кадимкидей баш айланат. Бул интернет дегенден алыс болушубуз керекпи? Сиз кантип ыр жаратасыз? Чоң рахмат! Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Улан! Сен Кореяга эмне максат менен бардың эле.. Адегенде ошол максатыңды ишке ашыруу жагын ойло. Сен иштеп жатып да башкалардын, өлкөңдүн тагдырын ойлоно берсең такыр «талкаланып» каласың. Сен адегенде өзүңдү «жаса».. Анан калганын ойлон.

ноорМирбек ОРОЗАЛИЕВ, Кара-Кулжа району, КР. Саламатсызбы Шайлообек агай! Сиздин ырларыңыз ачуу чындыкты чагылдырып көптөгөн жаштардын намысын ойготуп, таасирлентип келет. Айрыкча тил боюнча жазгандарыңыз. Эне тил боюнча бүгүнкү күндөгү абалыбыз жакшы эмес… Менин суроом:
1. Азыркы кыргыз тилинин жазуу эрежелериндеги нукура кыргыз тилинин табигый көрүнүшүн бузуп, орус тилинин натурасына жакындаштырылган, биздин тилдин өз жолунда эркин өсүүсүн жасалма түрдө тушап турган эрежелер жөнүндө, мисалы йоттошкон тамгалардын жазылуусу тууралуу оюңуз кандай?
2. Кыргыз тилдүү интернет колдонуучулар арасында көптөгөн талаш-тартыштарды көрүп жүрөбүз. Алардын бири диалектика тууралуу. Биздин тилибиз тилчилер тарабынан толук кандуу изилденип, ушул сыяктуу маселер жөнгө салынса, жалпы кыргыз журтуна жеткиликтүү маалымдалса, мектептерде, окуу жайларында туура багытта окутулса жакшы жыйынтыктар болоор беле?..
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Мирбек, мен бүгүн эле жаш журналисттер менен «Кантип туура жазуу керек?». «Тилди кантип сактоо керек?» деген маселелердин тегерегинде сүйлөшүп келдим. Мен ушу кезде «Баарын кыргызчалаш» керек деген «ураа патриотчулдукка» караманча каршымын. Мисалы ырчылардын баары азыр «Фонограммасыз ырдайм» дегенди «Жандуу үн менен ырдайм» деп айтып, тантып калышты. Кыргызда “Жандуу дарт” деген бар. Жин ооруну ушинтип «жандуу дарт» деп койгон ата-бабаларыбыз. Муну азыркы врачтар да колдонот. Ошондуктан «Жандуу үн» деген “Жиндүү үн” деген менен барабар. Муну “Фонограммасыз” деп эле, айласы кетип, кыргызчалагысы келип турса «Өз үнүм менен ырдайм» деп эле айтыш керек. Мындай мисалдар толтура. Эки жылдан бери КТР “Электр чубалгылары” дегенди таап алып, чубап бүтпөй келатат. Кыргыз качан электр зымдарын ойлоп тапты эле? Кудайды карап иш кылбайбы. Которот десе эле которо бербей. Илгери казак туугандар Лев Толстойдун “Согуш жана тынчтык” романын которуп бүтүп, которгонго эчнерсеси калбай калганда Лев Толстойду Жуан Арстан деп котрогондой болбойлу да. Айта берсе сен айткан тилдин маселеси толтура. Ал жөнүндө кийин кеп кылалы…

ээ 35Гулжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, КР. 
Шайлообек агай! Сиз көп кырдуу уникалдуулукка ээсиз. Коомдун тамырын кармап турган чыгармачыл инсансыз. Табиятыңыз өтө сырдуу. Сиздин поэтикалык дүйнөңүз менен жогорку күчтүн байланышы барбы? Энергия жөнүндө пикириңиз? «Манас» эпосун жазма поэзиянын тажрыйбасы менен жазып жаттыңыз эле. Бул багытта сөз кыла кетсеңиз. «Манастын» касиетин сезе алдыңызбы?
«Бөтөнзордук» деген ой-толгоолуруңузду окуп калдым. Абдан жан дүйнөнү жаралаган, жүрөктү өйүгөн пикирлериңиз бар экен. Табият менен жуурулушуп, поэзиянын улуу күчү менен жашоо, жаратылыш кандай экенин жөнөкөй сөз менен көрсөтө билген касиетти, улуулукту байкадым. Сиздин “Өздүк мектебиңиз” барбы? Устат жана шакирт маселесинде кандай иштерди жүргүзүп жатасыз?
Тектеш түрк тилдүү калктардын Эл аралык поэзия майрамы, республикалык конкурстар, адабий сыйлыктар менен Сиздин чыгармачылык байланыш эл аралык масштабда кандай деңгээлде болуп жатат?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлжан, мен жазып аткан кезимде айланамдагы эчкимди укпай, эч нерсени «көрбөй» жазам. Муну айрымдар «Өң аян» деп жүрүшөт. Билбейм, бирок сөзсүз жанымды «жагып», «транска» кирип кетип жазам. Кыйналбай, жыргап, ыракаттанып олтуруп жазам. Эл арлык адабий алакаларга катышканды такыр сүйбөйм. Чакырса да барбайм. Түркияга чакырганда, Маскөөгө чакырганда баш тарткам. Мен үчүн дүйнөнүн башталган жери да, бүткөн жери да Кыргыз жери. Мен өзүмдү өз элиме тааныта алсам гана тилеген тилегиме жеткен болом.
Ал эми Манастагы “Эки дөөнү” жазгандан кийин Манас сөзүнүн касиетин чындап түшүнгөндөй болгом. Ага чейин жазган ырларым арзыбаган нерсеге айланып, акындар кыбырап жүргөн бир кенедей нерсеге айланып кеткен. Манастын күчүндөй, Манастын сөзүндөй сөз дүйнөдө жок экенин ошондо билгем.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Бүгүнкү «Он-лайн Байланышыбызды» менин ушул суроом менен жыйынтыктайын Шайлообек ага!

Сиздин ээң биринчи, бала кезиңиздеби, же иши кылып «төл башы» делген ээң биринчи жазган ырыңыз кайсы, ошол ырыңыздын төрт сабын жазып койо аласызбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Эң биринчи ырым:
Ыйлабачы, көздө не жазык,
Ый сапарга кубат береби?
Күтпөстүгүң үчүн же жашып,
Күтөмүн деп айткың келеби?.

АсылАсылкан ШАЙНАЗАРОВА, Бишкек шаарынан, КР. «Кайдыгерлик» бүтүндөй Кыргызстанды «жарганда» мен мектепте окуучу кезим эле. Андан бери канча жылдар акты. Ырына, өзүнө калп айталбаган киши чанда. Кээде чыгармачыл адамдар деле пендечилик кыла коймою бар. Чыгармачылыкта болобу, журналистикада болобу, улам алмашкан система, бийликтен көз карандысыз ой жүгүрткөн аз гана адамдар катары Шайлообек агай сиз менен, «Жолбүгүнү» менен Алым агайды (Токтомушев) айтаар элем. Жөн гана каалоо айткым келди. Бар болуңуз, агай. Жараткан бекем ден-соолук, майтарылбас кайрат, узун өмүр аябасын. Рахмат!.

ээ 61Атыргүл ЗАКИРОВА, Барнаул шаарынан, Алтай аймагы. Саламатсызбы агай? Мектеп жашынан Сиздин «Кайдыгерлик» аттуу ырыңыздан таасирленип чонойгон адам катары сиздин чыгармачылыгыңызды аябай баалайм. Тилегим: Дагы да жаңы дем-күч менен элибизге эмгектериңизди тартуулап, узак жашаңыз, коп жашаңыз, бар болуңуз !
Суроом: 1. Кыргызды Кыргыз атка кондурган баалуулуктарга басым жасап, коомубуздагы көйгөйлөргө тогуз толгонуп, аны кагаз бетине түшүрүп, чыгармачылыгыңыз аркылуу өз үнүңүздү элге жеткирип келе жатасыз. Биздин коомдун көйгөйлөрүнө жуурулушуп жашап жаткан инсан катары сиздин бүгүнкү күндөгү Кыргыздын аш-тойлоруна көз карашыңыз?
2. Азыркы кезде экономикабыздын дагы бир маанилүү тармагы катары туризмди өнүктүрүү максатта 44 мамлекетке визасыз режим жарыялоо аркылуу чек арабызды чет эл жарандарына ачып бердик. (баарыбызга эле маалым эмеспи биздин мамлекетте мыйзамдын иштебегени) ушул багыт контролдоосу жок калып, баш аламандыктын башаты болбойбу? Чет элдик инвестицияга жол ачуу жакшы нерсе, бирок…
3. Билим берүү тармагында да ар түрдүү идеология, баалуулуктарга сугарып тарбиялап жаткан чет өлкөлүк окуу жайларын ачып берүү аркылуу да коомдо түшүнүк жактан ажырымдын жаратылышы. Азыркы күнү информациялык согуш күчөп турган кезде маалымат майданындагы чектөөнүн жоктугу…
4. Анан биздин атуулдардын чет мамлекетке жумуш издеп кетип, бир гана «утечка мозгов» менен чектелбестен, биздин атуулдардын жашаган чөйрөгө сиңишип, Кыргыз жытын жоготуу коркунучу.. Ушул процесстердин баары азыркы күнү Кыргыздын этноиденттүүлүгүнө таасирин тийгизип, коомдун бириге албай, чогула албай калышына себепчи гана болбостон, өзүбүздү жоготуп алуу коркунучун жаратууда…Ушул көрүнүштөргө өз пикириңизди билдире кетсеңиз ? Мүмкүн мен утрировать этип-көбүртүп кабыл алып жаткандырмын…
Акырында агай, «Агындылардан» бир китеп мага катып кое аласызбы, мен Бишкекке келээрим менен сиз менен байланышып, колго алсам деген ниетим бар эле? Ырахмат!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Атыргүл! Айланайын, кыргыз деп жүрөгүң канап турганы жазган саптарыңдан “тамчылап” турат. Ала турган жообуң да ошонун ичинде турат. 23 жылдан бери “тыңый” албай жатканыбыздын көп себептери барын менден да жакшы билесиң. Биз элибизди бириктирип ала турган саясый ишмерлерге аябай муктаж болуп турабыз. Ынтымагыбыз болсо, намысыбыз болсо, ач көз болбосок, көр дүйнөнүн артынан кубалаганды токтотсок эле оңолот белек деп ойлойм.

Сынак 2Нурзат МОКЕНОВНА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы. Биринчи сүйүүңүз жөнүндө айтып берсеңиз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Нурзат! Бешинчи класста бир кызды жакшы көрүп калып…Портфелин мектептен үйүнө чейин көтөрүп барып.. төбөм көккө жеткен ошондо. Биз кыздарды «сүйөм» деп айтчу эмеспиз. «Сүйөм» деп эч качан айтчу эмеспиз. Анын ордуна «жакшы көрөм», «Жакшы көрүп калдым» деп айтчубуз. Сүйүү деген биздин учурда ыйык, таза, кол тийгис болчу, Нурзат!

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн району, Арагөл айылы, Кара Шоро аймагы, Кыргызстан. Саламатсызбы Шайлообек агай! Бизге жолугушууга келгениңиз үчүн чексиз ыраазыбыз!
Ырахмат сизге! Сиздин бизге келгениңизге байланыштуу мына, эки күндөн бери чоң майрам болуп жатат.. Уруксат берсеңиз соболдорумду берсем…
Биринчи суроом: Сиздин чыгармаларыңыздын мезгил менен жашап, күчүн жоготпой, таасирдүүлүгү менен эл жүрөгүнөн түнөк алып, элге кубат-кайрат берип, улут рухун, улут көрөңгөсүн көккө көтөрүп:
Калдайгандын баары эле канат эмес,
Кабыландын баары эле Манас эмес.
Калкын чанган, калкынын тилин чанган,
Кан болсо да кыргыздын баласы эмес, – деп жазган, жана дагы ушул сыңар, сансыз маңыздуу ыр саптарыңыз өз жашоосун мезгил менен бирге улап келе жатканынын сыры эмнеде?
Экинчи суроом: Сиз «жаратылышты» кандай кабылдайсыз? Сиздин ыр саптарыңыз жаратылыш менен болгон табышмактуу да, сырдуу да «Ыр жана жаратылыш дүйнөңүздөн» кабар бергенсийт. «Жаратылыш дүйнөсү» менен өзүңүздүн «Ыр дүйнө падышачылыгыңыздын» мамилеси кандай?
Үчүнчү суроом: «Агындылар» – өзүнүн аталышы менен эле автордун баардык ой-идея жана максатына жооп бере алды. Тилекке каршы бул чыгарма «ава менен суудай» эле болуп калды.
«Агындыларды» издеп таба албай жатабыз..
– Эй, өкүмөт аке, бизге «ава, суу, нан анан Шакемдин «Агындыларын» эле бергиле, – дегим келет, тээ Кара Шоронун «Байбиче жайлоосуна» чыгып алып…
– Угаар Өкүмөт акем, а Шакем!..
«Агындылар» – кыргыз элинин, улуттук баалуу көрөңгөсү, байлыгы!
Урматтуу Шакем, ушул баалуу чыгарма, «Агындылар» кантип жаралды? «Агындылардын» дагы – 2, 3, 4, 5, 6, 7… – томдору чыгып, Эл журтума агып келе берсин! Жеңем менен дагы да, узак узак жашаңыз! Бала-чака, неберелериңиз тынч болсун!
Кыргыз элим тынч болсун!
Ырахмат Шакем, бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Ыракмат, Калмамат! Улуу Алыкулдун «…ырыма бир мертебе калп айталбайм» дегени бар го?. Мен жазып жатканда тиге-буга жагам деп жазбайм. Тиги же бул таарынып калбасын деп жазбайм. Кудайды гана карап туруп жазам. Кудайды алдабасам, Кудайга калп айтпай, Кудайды алдабай чындыгын гана жазсам баарына жагат деп ойлойм. Кыргыз да «сөз чындыгынан бузулбайт» деп айткан эмеспи. «Агындыларды» ушинтип олтуруп төрт айда жазып бүткөм. Буюрса силерге жетип калгысы бардыр.

ээ 61Самара НАСЫРОВА, Маскөө шаарынан, Оруссия. Саламатсызбы Шайлообек агай! Кечетен берки маектерди чер жаза окуп жатабыз. Сизге ар дайым чыгармачылык ийгиликтерди каалаймын. Ошондой эле оорубаңыз, узак жашаңыз, Кыргыз элине сизден дагы көп көп чыгармаларды тартуулашыңызды күтөбүз.
Менин берейин деген суроом төмөндөгүчө;
1. Көп жылдардан бери акындыкты артынып, журналисттикти да кошо алып келесиз. Ыр менен прозаны кошо алып кетүүнүн машакаты жана ырахаты тууралуу айтып кетсеңиз?… Анан дагы “Кайдигерлик” деген чыгармаңызды жазууңузга эмне түрткү болду эле?.. Же ошол кезде эле кайдигерлик башталган беле, же азыркы аламан жашоону алдына ала жазып койдуңуз беле?… Сиздин ырыңыздагы саптар азыркы заманда кайталанып катардагы көрүнүш катары өтүп жатпайбы?.. Жер жарылса акындын жүрөгүнөн өтөт” – демекчи, элдин камын ойлоп акындык жүрөгүңүз канап, көз жаш төккөн күнүңүз болду беле?..
2. Жаш кезиңизде махабаттын торуна чалынып, бирок ага жетпей калган, жүрөк арманыңыз барбы?.. Эгер болсо ошол адамга арналган саптарыңыздан төрт сап таштап койсоңуз?..
Көпчүлүктүн бүйүрүн кызыткан «Агындылар» китебиңизди окуу мага да насип этишин тилейм, жана ошол күндү чыдамсыздык менен күтөм. Жоопторуңуз үчүн алдын ала чоң рахмат! Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Самара! Бардык адамдар сыяктуу эле элимдин «кайдыгерлиги» жанга батканда жаралган ыр. Бул ыр менен мен жүрөгүмдү элиме ачкам. Эл да аны түшүнгөн. Бирок «кайдыгерлик» муну менен эле бүткөн жок. Тилекке каршы, кайра күчөдү.
Баса, «Кайгысын тартып кыздардын, карандаш өңдүү учталдым. Учталдым бирок аттиң ай, учталган сайын кыскардым..»

АйкөкүлАйкөкүл СҮЙҮНОВА, Кызыл-Кыйа шаарынан, КР. Саламатсызбы, Шайлообек агай! Сизге түгөнгүс илхам тилеп, мекенчилдикке үндөгөн далай чыгармаларды жарата берүүңүздү каалаймын! Мени кызыктырганы Шайлообек Дүйшеевдин акын болушуна кайсы факторлор таасир этти? Устазым деп кимди атайсыз? Коомдогу терс көрүнүштөр: кайдыгерлик, кошаматчылык, паракорлуктун тамырын курутууга ар бир жаранды кантип тартсак болот деп ойлойсуз? Жооптор үчүн алдын ала рахмат. Бар болуңуз!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айкөкүл, менин эң биринчи устатым Чоң Энем болгон. А киши кудайдын куттумуш күнү кыргыздын нарк-насилин кулагыма кумдай куюп турар эле, жарыктык! Эгер Чоң Энем болбосо мен акын болмок эмесмин.

КуштарбекКуштарбек КИМСАНОВ, Ош шаарынан КР.  Саломалейкум Шайлообек ага, сизге эки суроом:
1. Жазуучулуктун артыкчылыктары менен кенемтелерин айтып бериңизчи?
2. Кетбуканын ыры деген ырыңыз тууралуу чындыкты баяндап кое аласызбы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Куштарбек үкөм! Жазганын эл «талап» окуп турганы жазуучунун «тирүү» экендиги. Артыкчылыгы ушул. Ал эми «окулбаган» жазуучу тирүү туруп «өлгөн» жазуучу, анын кенемтеси ушунда. Ал эми, «Кет Буканын» ырынын эч кандай деле табышмагы жок. Мен аны Акаевдин убагында жазып, эми мындан ары «Кет Буканын» арбагы колдоп жүрсүн деп ырыма «Кет Буканын» ысмын коюп койгом.

АйтурганАйтурган САТИЕВА, Бишкек шаарынан, КР. Саламатсызбы Шайлообек агай!. Суроо узатаардан мурда, сизге чың ден-соолук жана чыгармачылык эргуу каалап коюга уруксаат этиңиз. Агай, менде бир эле суроо? Канткенде тилибиздин баркын көрөрө алабыз? Канткенде аны жок дегенде өз өлкөбүздө «керек» тилге айлантып, мамлекеттик эн белгилердин бири деген статуска ээ кыла алабыз? Эмнеге союздун тараганына жыйырма жылдан ашса да, башка коңшу мамлекеттердей эне тилибизди көтөрө албай келебиз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Айтурган, кыргыз тилине муктаждыкты түзгөндө гана тил өнүгөт. Антмейинче эч кандай тил комиссиясы да, “тонналаган” акча да тилди өнүктүрө албайт. Кыргызстандын ар бир адамы кыргыз тилисиз иштей албай, жашай албай, нан таба албай калгандай шарт түзүлгөндө гана тил көкөлөйт. Кадыры өсөт. Антпесек жок! Айтурган! Бишкектин көчөлөрүндөгү тантык жазууларды Бишкек мэриясында “тили сайрап” олтургандар эмес, жети обулустан жети кемпирди алып келип, шаарды бир аралатып чыкса эле оңдоп-түзөп коет болчу.

ТынчтыкТынчтык АЛТЫМЫШЕВ, Бишкек шаарынан, КР.  Шайлообек байке, Сиз Ысык-Көлгө барганда сууга түшпөй, жүзүңүздү гана чайып тим болот экенсиз. Мунун сыры эмнеде? Көлдүн касиетине ишенесизби?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп. Билбейм Тынчтык, мен Көлгө түшкөндөрдү көргөндө ыйык Ысык-Көлдү жылаңач денелери менен булгап жаткансып, шылдың кылып, ыза кылып жаткансып сезе берем. Ошону билгенден кийин түшпөй калгам. Жөн гана жээгинде басып жүрүп, көлкүп-чалкып жаткан көлдүн «сүйлөп» турган үнүн уккум келет.

ээ 14Рахат ТАШТЕМИРОВА, Оруссия, Ханты-Мансийск а-о, Белоярский шаарынан. Саламатсызбы? Байланышып турганымдан кубанычтамын.
1 – суроом. Көрүп жазган жана сезип жазган акындар болот дейт, өзүңүздү кайсы түрүнө кошосуз?
2. Эң алгачкы, андан кийинки жана акыркы жазган ырларыңызда кандай айырмачылыктарды байкайсыз?
3. Кечээ кайрадан турмушка төрөлсөңүз ким болот элеңиз-, деген суроого “сүрөтчү болмокмун” деп жооп бердиңиз, мүмкүн азыр деле кеч эместир бул жаатта өзүңүздү сынап көрдүңүз беле? Рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Рахат! Көргөн нерсең сезимге таасир эткенде гана ыр жаралат. Сезим деген бактан жааган кебез сыяктуу. Ага ширеңке чагарың менен “дүрт” дей түшөрүн жакшы билесиң. Көргөн нерсең так ошондой сезимди “өрттөп” кетсе, анда сөзсүз андан ыр “өнүп” чыгат. Мен жалаң ошентип жаздым. Акыл менен жазылган ырлар ар дайым супсак, кургак, өңсүз-түзсүз болуп каларын билдим Ооба, мектепте мугалимдер мага көрсөтмө куралдарын тарттырчу. Бир кыз сүрөт тарткан баланы жактырып калганда, ошол баладан кызганып, ошол кызга жетиш үчүн сүрөт тартып кеткем.
Эң биринчи ырым мындай болчу:
Ыйлабачы, көздө не жазык,
Ый сапарга кубат береби?
Күтпөстүгүң үчүн же жашып,
Күтөмүн деп айткың келеби?.
Армияда жүргөн кезде, 19 жашымда жазып. гезиттке жөнөтсөм, чыкпай калган…

ТемирланТемирлан АКНАЗАРОВ, Талас облусунан, КР.  Ассаламу алейкум! Бүгүнкү күндө Мугалим ким, ким болуш керек эле, коомдогу ордуна кандай баа бересиз?. Ошондой эле президент, депутат ким?. Кийинки негизги суроом: Учурда коомчулуктун багыты мурдагыдан кыйла өзгөрүп кетти, т.а. китепке болгон тартылуу барган сайын татаалдап баратат. Ан сайын аң-сезим да башка… Китептеги байлыкты калкка тегиз жеткирүү үчүн кандай аракетти сунуштайсыз, автор катары? Окуй турган китеп көп бирок мындай ар тараптуу заманда убакыт аябай тар, ошого карабай Сиздин “Агындыларыңыз”  коомчулукка кеңири кулач жайып келе жатат… Кино тартуу идеясы деле даяр болсо керек? Жакында эле ошол чыгармаңыздан үзүндү окуп алып бир башкача, башка чыгармаларга окшобогон стилди байкадым. Ушул ж.б. эмгектериңиздин үзүрүн көрүңүз. Алдын ала Рахмат.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Темирлан! Биз мугалимдерди Кудайдан кийинки орунга коюп сыйлачубуз. Мугалим биз үчүн ыйык болчу. Мугалимдердин кадырын так ошондой “ыйык” деңгээлге жеткирмейин кыргызды чындап сактап кала турган муунду “ала албайбыз”. 45 жыл иштеп 1000 сом менен пенсияга чыгарган мугалимди биздин мамлекет кандай гана шылдыңдап жатканын билесиңби? Ошол мугалимдин ордуна миң сом менен пенсияга Баекова чыкса болот эле го?. Ал эми китепти окутуш үчүн ошол эл окугудай китеп жазыш керек. Биздин керемет кыргыз тили менен жыланды да ийнинен чыгарса болот!

ээ 61Чолпонбек ЖЕТИГЕН, Бишкек шаарынан, КР. Ассалоому алейкум агай. Сизге ден-соолук, чыгармачылыгыңызга албан ийгиликтерди, үй-бүлөөңүзгө ынтымак бакубаттуулукту каалайм!
1. Биз мисалы, совет доорундагы гүлдөп өскөн кыргыз адабиятынын залкарлары А. Осмонов, Ч. Айтматов, М. Алыбаев, М. Элебаев, К. Жантөшев, Т. Касымбеков, Т. Сыдыкбеков жана башка көптөгөн гиганттардын чыгармалары менен жашап келдик, тарбия-таалим ала алдык. Булардын өлбөс-өчпөс чыгармалары дагы да миңдеген жылдарды багынтаарына ишенем. Берейин деген суроом: «Учурда биздин коомдо жашаган, бирок, качандыр бир убакта кыргыз адабиятынын залкары болуп тарыхта аты калчу инсандар» – деп кайсы бир ысымдарды атай алаар белеңиз? Деги эле барбы ошондой таланттар адабият жаатында? (мен жогоруда тизмелегендердин деңгээлинде) Биз жогоркуларды окусак бизден кийинки келчү көптөгөн муун кимдерди окуйт? Ушуга, жана деги эле кыргыз адабиятынын учурдагы абалына оюңузду кененирээк ачып берсеңиз.
2. «Манастын» бир вариантын жаздыңыз. (чын айтсам окуй элекмин жана жазып бүткөнүңүздү же бүтө элегиңизди да билбейм, угуп жүрөм.) Жазып жүргөнүңүздө кандай акыбалда болдуңуз, аян болдубу айтып жүрүшкөндөй? Манасты жазууга сизге эмне түрткү болду?
3. Учурдагы кыргыз журналистикасынын деңгээли жана акыбалы тууралуу айтып бериңизчи? Кичинекей Кыргызстанда басылмалардын саны өтө көп аны менен бирге журналистмин дегендер да толтура, мага окшоп. Саны бар сапаты жок болуп аткан жокпузбу?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Чолпонбек! Кыргыз адабиятын кайра баштан жазып чыксак болор эле. Соцреализмдин доору небак бүткөн менен биз дагы эле ошол “доорду” окутуп келатабыз. Көбүн «сорттой» турган кез эбак эле келген. Жазуучумун дегендердин баары эле тарыхта калгысы келет. Кимдерди «ыргытып», кимдерди «алып» каларын тилекке каршы биз эмес, тарых өзү аныктайт. Ошондуктан айта албайм. Айтсам эле эртеңден баштап, башыман ылдый ылай төгүп, мени сөгүп жатып каларын да билем. Бирок кала тургандарына караганда калбай тургандары аябай көп. «Манаска» жаңы вариантты аян албайле, бирок транска кирип олтуруп жазгам. Жазып аткан нерсемден ыракат алып атып жазганда гана жакшы чыгарма жазыларын жакшы билем. Калпы жок чыгарма гана жүрөктөргө жетет. Окурмандан өткөн сынчы жок! Улуу Толстой да кезинде «Мен өлгөн соң артымда мени окуй турган 6-7 окурманым болсо бактым ошол» деген экен. Кыскача ушул.

ээ 61Каныкей ЭСЕНБАЕВА, Истамбул шаарынан, Түркийа. Саламатсызбы Шайлообек ага! Сиздин чыгармачылыгыңызга ийгилик, ден-соолугуңуздун бекем болушун Кудайдан тилөө менен бере турган суроомо өтсөм: Бек Борбиевдин «Эркинай» деген ырынын сөзү сизге таандык деп билебиз. Эгер ошол чындык болсо сиздин жашооңуздан алынган, үч кыздан кийин Эркинайга жолуккан деп жүрүшөт, акындын башынан өткөргөн окуясы деген сөз кайдан чыккан? Негизи эле аял-эркектин ортосунда сүйүү барбы?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Каныкей, Бектин «Эркинай» деген ыры меники эмес. Кимики экенин да билбейм. Экинчи сурооңо: Аял менен Эркектин ортосунда сүйүү болгон үчүн АДАМ менен ЕВА бейиштен кубаланып олтуруп…кубалашып олтуруп ушул күнгө келбедиби. Манастын махабатын жүрөгүнө каткан Каныкей апабыз көзүнүн жашын төгүп туруп, ырым кылып Тайторуну чаппады беле, “Семетей Таласты табаар бекен, Семетей Кыргызды багаар бекен?” деп. Сүйүү бар үчүн ЖЕР ШАРЫ огунан тайып кетпей айланып турбайбы!..

Расулээ 61Расул САЛАЙДИНОВ, Кочкор районунан, КР. Шайлообек байке кичи мекениңиз Ат-Башы айылына тургузулган аттын башы эстелигине сиздин оюуңуз кандай болду?
2. Баарыбызга тең жашты жараткан берет дечи бирок сиз канча жашка чыга жашасам деп кыялданасыз?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Расул, мен ошол кезде эле эстеликтин автору, Кыргыз үчүн ондогон заводдорду иштетип, жаштарга иш таап берип, мыкты үлгү көргөзүп келаткан бизнесмен иним Шаршенбек Абдыкеримовго (АЮУ) айткам, «мага бул мойну кесилген атың жаккан жок!» деп… Азыр да ошол ойдомун. Былтыр маршруткада келатсам 87 ге чыккан бир аксакал түшүп баратып «сен 90 го чыгасың» деп айткан. Ичим жылый түшүп тим болгом. Ошон үчүн тиякка кеч барайын деп дайыма жолдо жөө баратам…
Расул САЛАЙДИНОВ. Чоң рахмат Шайлообек байке! Өмүрүңүз узун болсун!
Өткөндө Ош базардан «Агындылар» аттуу китебиңизди көрүп сатып алууга чөнтөгүмдөгүнүн чамасы жетпеди, Кудай насип этсе окуп калаарбыз...

ээ 61Гулжан КОЙЧУМАНОВА, Ош шаарынан, КР. Шайлообек агай, сиздин руханий дүйнөңүздөн эстетикалык жактан калыптаган өтө татаал поэтикалык личност жашайт тура. Чыгармаларыңызда да турмуштук бай тажрыйбаңыз учурдун сезимталдыгы, өткөндүн баалуу элестери жана келечектин көрө билүү туюму көркөм чеберчилик менен терең камтылган.
Сиздин поэтикалык дүйнөңүздөгү баалуулукту реалдуу адамдын тагдырынан камырдан кыл сууругандай руханий дүйнөсүн сууруп чыгып, коомдун тагдыры менен байланыштырып, адамзаттык баалуулуктарга жуурулуштуруп, замандын кайсы учуру болбосун актуалдуулугун жоготпогон жандуу көркөм дүйнө жарата алгандыгыңыздан байкадым.
Башкалардан айырмаланган акындык өзгөчөлүккө дагы бир белгилей кетчү нерсе, учурда аны эмне терең түйшүккө салгандыгын өз учурунда аныктап, ага экинчи өмүр тартуулай билгендигинде.
Тагдырдын сыноосуна туш келген кезде өзүңүзгө кандай суроо бересиз? Ички дүйнөңүзгө үңүлүп кирип, кубаныч, кайгы, таарыныч, жек көрүү сыяктуу сезимдериңизди тез эле аныктап иретке келтире аласызбы? Өзгөчө кайсы сезимдерге таасирленип чыгарма жаратасыз? Жан дүйнөңүз мусулман динин кабыл алдыбы?
Шайлообек агай, сизди кыргыз адабиятында өз ордун тапкан шедеврлердин катарынан көргүм келет. Калемиңиздин сыйкырдуу сыясы кургабасын!
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Гүлжан, адам баласы өмүр бою сыноодо болот. Кыргыз “Айдын он беши караңгы болсо, он беши жарык болот” деп айткан. Өмүрүнүн жарымын өз бактысын издеп. “тытылып”, “жыртылып” жүрүп жашаган адам өмүрүнүн калганын жыргап-куунап жашарын билдим. Ошон үчүн адамга МЭЭНЕТ деген шашып келип, ДӨӨЛӨТ деген шашпай келет. Жакшылыкка алып барчу жол жамандык аркылуу өтөт. Жамандыкты “кечип” өтпөй тапкан жакшылык туруктуу болбойт. Морт болот. Адам болгон соң баары керек. Ыр да. ый да, кайгы менен ыза, күлкү менен кубаныч да керек. Мен азыр кыргыз сөзүнүн кереметине таң калып, сонуркап жүргөн чагым. Сөз деген улуу нерсе экен. Андан улуу нерсе Үн экен. Адам сөз менен түшүндүрө албай калганын үн менен түшүндүрөт экен. Сүйлөп атып түшүндүрө албай калганда эмне үчүн адам ыйлап жиберет. Көрсө ҮН деген да өзүнчө бир укмуш нерсе экен..

ШиринШирин ИСКАКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан.

1. Менде сиздин «Агындылар», «Туз», Алтайга баргандагыңыз тууралуу жана Манас жөнүндө жазылган төрт китебиңиз бар. Калгандарын, мен билбеген китептериңизди дагы өздүк китепканама кошкум келет, аталыштарын атай кетсеңиз.

2. Жаш балдарга жана өспүрүмдөргө арналган китептериңиз барбы?
3. Радиодон абдан кызыктуу баяндарды айтканыңызды угуп жүрөм, ошо баяндарыңызды дисктерге чыгарып калкка жеткирсе сонун болмок. Ошондой дисктер чыкса балдарыма, өзүбүз угуш үчүн алмакмын, баяндарыңыздын жаш муунду тарбиялаганга салымы чоң. Азыр адамдарга руханий азык жетишпей жаткандай сезилет, а сиздин айткан кептериңиз чучука жетчүдөй даана жана көөдөндөгү көздү ачканга жардам бермек деп эсептейм. Алдынала рахмат Сизге, чыгармачылык ийгилик!.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Ширин, балдар үчүн илгери “Тайгүлүк” деген китебим чыккан. Китептер: “Аптап”, “Сүйлөшкөнгө чейинки сөз”, “Кайдыгерлик”, “Арабадагы ыр-1”, “Арабадагы ыр-2″…

АсырАсыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан, Финляндия. Шайлообек байке, сиз кыргыз элине акын гана эмес кара кылды как жарган калыс, акыйкатчыл, оозуңуздан оргуштап, адамдын ойуна келбес идеалары агып турган мыкты журналист катары дагы таанымалсыз. Айтсаңыз, азыркы чыгып жаткан кыргыздын жаш журналистерине кандай баа берет элеңиз? Дегеле журналистер коомду кайсы тарапка ээрчитип жатат, оң жолгобу же тескери буруп жатышабы? Дегеним, кийинки кездерде, акыркы үч-төрт жылда жалаң гана ушак деңгээлинен өйдө көтөрүлө албай калгандай туйулат, ушуга кандай карайсыз?.
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Асыран! Экөөбүз иштеген кездегидей эмес… Мен кечээ эле жаш журналисттер менен жолугуп, кеп-кеңешимди “төгүп” келдим. Азыр жалаң “окубаган” журналисттер биринин артынан бири келип жатат. Китеп окубаган адам сабатсыз болот. Алтургай “журналистиканы” окубаган, эч кандай адистиги жок “балдар-кыздар” келе баштады. Мен кечээ айттым жаштарга. “Эч качан бирөөнү жок жерден каралаган, жок жерден жамандаган “ыплас” макала жазбагыла” деп.. Каргышка каласыңар деп айттым. Мисал да келтирдим. Илгери мен ушундай бир бузуку адамды көргөм. Ал бирөөлөрдү каралап, жамандап. бири-бири менен кайраштырып жазчу. Көчө менен көчөнү, эл менен элди чабыштырчу. Аялы жоош адам эле . Жооштугунан чубуртуп тууй берип, 12 ни төрөп берген. Акыры баягы “бузукунун” бузукулугу Кудайга жетип, Кудай аркылуу элдин каргышы кара күчкө айланып келип урганда 12 баласы биринин артынан бир ооруп өлө берип, анын артынан аялы каза болуп, өзү да элден-журттан чыгып, тентип, талаада итке таланып жок болгон. Кишилер алтургай өлүгүн көмбөй, моргко тапшырып берген. Мен жаш журналисттерге ушуну айттым. Эч качан жалган жалааны, жаман балааны жазбагыла. Ушакты жазган адам акыр түбү каргышка калат деп айттым.

ээ 61Бактыгүл КАЛЫКОВА, Алматы шаарынан, Казахстан.
Шайлообек ага, саламатсызбы?
Менин суроом: 1. Кыргызстанда кыргыз тили деп коюп эле, кайра чоңдор өздөрү неге орусча сүйлөй беришет?
2. Кыргызстан чакан өлкө, 25 эле депутат жетпейби, 120 депутаттын бизге кереги бар беле? Аларга кеткен чыгымдарды окуп алып кайгыра берем, карапайым кары-картаңдар 3000 миң сом пенсия менен эптеп жашоо кечиришет, ал эми пособия жөнүндө айткандан адам уйалат, 600 сом бир айга, ушуга Сиздин көз карашыңыз кандай?

Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Бактыгүл! Мен жана да айткам. Кыргызстанда ар бир адам кыргыз тилисиз жанын багалбай калгандай шарт түзүлгөндө Ак Үйдөгү депутаттар эле эмес көчөдөгү иттерибиз да кыргызча “үрө” баштайт. Зарылдык түзүлмөйүн тилдин баркы кеткени кеткен, кадыры түшкөнү түшкөн… Жакшылыктан үмүт үзбөй туралы. Анткени биздин жердей бейиш жер жок эмеспи.

эжамилаАзизбек АСАБАЛА. Маскөө шаарынан, Оруссия. Ассалоомуалейкуум. Шайлообек агай. Оболу сизге ден- соолук, өмүр, үй-бүлөлүк бакыт, чыгармачылык илхом каалайм.
Суроом мындай:
1. Бул жалганда сизди өкүндүргөн жана кубандырган нерселер….
2. Кыргыз маданиятынын келечегин кандай көрөсүз….
3. Ааламдагы башка тилдерден кыргыз тили эмнеси менен баалуу?
4. Эмнеликтен мамлекеттик иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй аксап калган, аны кантип жолго салса болот?
5. Сиз эне тилди барктабаган “чиновниктерге” кандай чара көрөөр элеңиз?
6. Баштап алып аягына чыга албай калган чыгармаңыз барбы… жана эмне себеп…?
7. Эне тилин унуткан “киргиздерге” сиздин кеңешиңиз…..
Жазылбаган ырларындай акындын,
Унутулган сөздөрү көп калкымдын.
Төшүм кагып мен Кыргызмын!-десем да,
Сөзүн кошуп сүйлөп алам орустун….
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Азизбек, Кыргыздын пейлинин тарыганы, ач көздүккө, дүнүйө кордукка азгырылып баратканы өкүндүрөт. Жаштардын чет өлкөлөрдү кезип барып жашап, иштеп жаткан “эрдиги” кубандырат.Карамолдонун күүсүн улап келаткан Улуу Нурактын окуучлары барында комуз өлбөйт. Дүйнөдө кыргыз тилиндей кумарлуу. улуу тилди көрө элекмин. Биз жазуучулар анын дүйнөсүн, сырын дагы ачалбай келатабыз. Эне тилдин баркына жете албагандарды энелердин сүтү урат деп ойлойм.

ээ 61Толукбек МЕНДЕБАЕВ, Маскөө шаарынан, Оруссия. Гений акындардын көбүнүн эмгеги көзү өткөн соң бааланат.Сиз бар кезиңизде бааланган бактылуу акындардан деп эсептейм.Ар бир адамдын бир арманы болот эмеспи?Сиздин адам катары,акын катары бир арманыңыз барбы?
Шайлообек ДҮЙШЕЕВ. Жооп: Кыргыздардын башка элдерге үлгү болалбай, мыкты сапаттарын иш менен далилдей албай, өлкөсүн кура албай жатканына, анан анысын билбей, “Манастын тукумубуз! Япондор бизден чыккан” деп мадырайып мактанып турган түркөйлүгүнө арман кылам.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ.
Ушуну менен «Көч Байланышыбыз» соңуна чыкты. Тизмеге жазылгандардан алтоо кечигип, келбей калышты. Анткен менен дагы бир аз убакытыбыз бар экен, каалоочуларга эркин микрофон берсек болчуудай. Кыскача ойуңар менен кошо каалоо-тилек айтсаңар болот!.
А мен жалпы «Көчмөндөрдүн» атынан Шакебизге жана «Байланышка» жигердүү катышкан досторума терең ыраазычылык билдирем!. Арыбаңыз Шаке, бар болуңуз Кыргыз генийи!.

Толукбек МЕНДЕБАЕВ.
Бар болуңуз акын агам!Чоң алкыш сизге!
Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Не деген менен АКЫН окурманына чечекейи чеч болуп, жүрөгүн ачып, чын дилинен жооп бергенин окуп отуруп, балли дедим! Бар бол, Шайлообек акын!
Гулжан КОЙЧУМАНОВА. Асыран Айдаралиев мырзага да чоң рахмат! Чоң-чоң чыгырмачылык ийгиликтерди жарата берсин, кыргыз көчүн улантып!

Чолпонбек ЖЕТИГЕН.
Айтпаңыздар бизди акын дебеңиз,
Бизди ак ундун, улпагына теңеңиз.
Шаке сиздей дөө-шаалардын артынан,
Эшек минип ээрчип келе беребиз.
Бар болуңуз, бакубат жашаңыз.

Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ "Көчмөндөрдүн" "Он-лайн Байланыштагы" суроолоруна жооп берип жатат.

Эл акыны Шайлообек ДҮЙШЕЕВ “Көчмөндөрдүн” суроолоруна жооп берип жатат.

Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эмесе мындай Достор! «Көч Байланышыбыздын» эң «маанилүү» жерине жетип келдик десек болот го?.
Кыргыз Эл акыны Шайлообек Дүйшеев «Байланышыбыз» башталаар алдында, ага катышып, суроо бергендердин ичинен өзүнө жаккан бир суроого жакында жарык көргөн «Агындылар» аттуу китебинен бирди өзүнүн кол тамгасын жазып туруп атайын белек катары тартуулаарын убада кылган эле. Айтылгандай эле азыр «Байланыш» бүткөндөн кийин Шакебиз суроолордун ичинен Калмамат Турдубаевдин суроосу жакканын, ага айтылган белекти дайардап койоорун мага айтып, билдирип кетти. Андыктан белегиңиз кут болсун Калмамат ага!. Куттуктайбыз!.

«Көч Байланышты» уйуштурган жана алып барган Асыран АЙДАРАЛИЕВ. Эркин журналист. Келсинки шаары. 7-8-июнь, 2014- жыл.

Jun 18

Маанилүү маек..

ээ 21Шайлообек ДҮЙШЕЕВ, Кыргыз Эл акыны:

«ЭНЕМ МАГА КУДАЙДАН ЭМНЕ ДЕГЕН УЛУУ БАКТЫНЫ СУРАП БЕРИП КЕТКЕНИН ЭМИ ТҮШҮНДҮМ» 

– Агай, сиз менен “Агындылар” аттуу китебиңиз тууралуу сүйлөшсөмбү дедим эле. Китептин тагдыры жакшы болду. Биз да бир нече ирет үзүндү бастык эле, телефон чалган окурмандардын аягы азыркыга чейин басылбай келет.

– Рахмат! “Де-Фактонун” барбаган жери жок экен, Суусамырдын жан жетпеген жеринде бээ саап жүргөн аялга чейин жетиптир. “Кымыз чыкканда келип китебиңди алып кетем” – деп чалды. Силерге үзүндүсү чыккандан кийин миң китеп төрт айга жетпей тарады. Акжолтой гезит болдуңар. Буга чейин деле китеп чыгаргам, бирок тагдыры мындай болот деп күткөн эмесмин.

– Китептин баш сөзүн жазган Табылды Эгембердиев: “Шайлообектин “Агындыларын” көнүп калган бир дагы жанрга жабыштыра албайсың. Бул роман да, повест да, очерк да, аңгеме да, мемуар да эмес, иши кылып эчтеке эмес”, – деп жазган эле. Сиз ушуга макулсузбу?

– Табылды деген Кудай колдогон киши, анан ошондой Кудай колдогон киши бекер айтмак беле. Жазып атканда жанры тууралуу ойлогон да эмесмин. “Агындылар” боюнча курстук ишин жазып аткан кыз “Китептеги эненин образын кандай жараттыңыз эле деп сураганы келдим” дегенде мен ага: “Образ-мобраз” деген оюма да келген эмес, болгону энемди менден жакшы билген эч ким жоктугун, ыраматылык өмүрүндө оозуна эч жаман сөз албаган, кыйналган жашоосу үчүн заманга догун артпаган, эч кимге даттанбаган, бечара турмушу үчүн эч кимди күнөөлөбөгөн, тапкан-ташыганын жалгыз мени багууга жумшап, жокко да, барга да чыдап, өлөр өлгөнчө мээримин төгүп жашаган, кокустан байкабай жаман иш жасап алса, “Кудай, анымды кечире көр!” деп артынан кайта-кайта жакшы иш жасаган кемпир экенин билчүмүн, ошондуктан аны менден бөлөк эч ким айтып бералбасын ойлоп, энем тууралуу айтып берейин дегем” деп айттым.

– Айылдын, адамдардын, кыштын, жолдун, чөптүн, чаңдын сүрөтүн тартканда көзгө кудум эле кино тарткандай элестетет экенсиз. Сөзүмдү бышыкташ үчүн “Агындылардагы” ушундай бир сүрөттү толугу менен келтиргим келип турат: “Шапалакка сүйрөлүп келаткан, али табы кайталек Күн. Көп туякка чыдабай ойгонуп кеткен таш жол чаңып барат. Ымтырап чаң да ыкшоо, жерден бир аз эле көтөрүлүп, уйкуга мас болгон эмедей саксайып тура калып, бозала боло түшүп, темтеңдеп барып аңызга бети менен тийип, оонап жыгылат. Жол жээгинде чабылбай кала берип, ансыз да өңү таанылбай калган кодура чөптөр, бою өспөй калган куу шыбак кумсаңдай түшүп тим болот…”. Мындай адамды тамшанта турган сүрөткерлик сизге кайдан келген?

– Мен бир ирет, “жаш кезимде сүрөтчү болсом деп тилек кылып жүрүп, айлам жогунан сүрөтчү болалбай калгам, бирок анын өчүн мен сөз менен сүрөт тартып алып келатам” деп жазбадым беле. Художниктер бири живописчи, бири портретчи, бири башка болуп ар түркүн жанрга адистешет эмеспи, а менде кудай жалгап ушулардын баары бар окшобойбу, анткени уй, кой, эшек эле эмес, суунун, чөптүн, таштын, кыштын, кишилердин кебете-кешпирин, жадагалса кайгы-муң менен күлкүнүн өңү-түсүнөн бери сөз менен кемелине келтире тартып бере аларымды байкап калган Табылды менен Нуралы ой-боюма койбой, мактап-жактап, делбектетип, жөн турган ташты тоголотуп жибергенсип, жөн турган жеримден мени “тоголотуп” жиберишпедиби. Адамды арамзасыз, какшыктабай, чын ниет менен мактаган сонун болот экен. “Шаке, сенин гана колуңдан келет, сенден бөлөктүн колунан келбейт, эч нерсени карабай жазып кал” деген сайын элеп-желеп болуп, эт-бетимден кетип иштебедимби. Сөз – менин кистим, ырдай турган үнүм, боёй турган боёгум болуп калды. Баратбай досумду уят кылбайын, Табылды менен Нуралыны уят кылбайын, ушул үчөөнү уят кылбасам болду, ушул үчөөнө жаксам бүт элге жагам, андан көрө жазып аткан нерсеме жанымды салып иштейин, “жаны” жок кылып албайын деп таш көчүк жаным, байлап койгон иттей болуп ордумдан жылбай, кээде таңкы саат алтыдан түнкү саат бир-экилерге чейин иштеген күндөрүм болду. Бирок чарчабай, жыргап иштедим. Жаны бар китептер сага айтпаган сырларын айтып, сүйлөп, ыйлап, ырдап турарын Айтматовдун “Жамиласын” окугандан кийин билгем. Анан “жазуусу” бар болгон менен “жаны” жок болуп калбагайле деп ар бир сөздүн “колу-башын” кармалап, көкүлүн сылап, баскан-турганын тыңшап, бетинен өөп, мазарга түнөгөнсүп ар бир сөздүн “түбүнө түнөп” жүрүп жазганым текке кеткен жок. Көп жазуучулар жазуучу болдум деп Кудайды карабай калат эмеспи, мен Кудайды карап туруп жаздым. Кудайды карап жазганда калп айталбай калат экенсиң, ушунум сонун болду. Кудайым да мага: “Жаныңды салып иште, жазганынын “жаны” барын же жогун жазуучу деген эч убакта өзү билбейт, окурман гана билет, жазуучу деген жазынып атып, көзү тумандап атып көбүнчө “өлүү” тууп таштайт, кыргызда “өлүү” туулган китептер өлгүдөй көп, жазгычтарга жагайын деп жазсаң ит болосуң, элге жагайын деп жаз” деп тынбай шыбырап турду. Айтып атпаймбы анан, орустар “душа” деп коюшат го, мен ошо “душамды” дуулдатып, жанымды жагып олтуруп жаздым.

ээ 32– Энеңиз чынында эле керемет жан болуптур…

– Китептеги актай алкактын алдында: “Бул жерде энемдин сүрөтү туруш керек эле. Тилекке каршы сүрөтү жок. Бирок анын эч кимге көрүнбөгөн элесин мен гана көрүп турам” деген жазуу турбайбы, ошону окугандан кийин мага кат жазган Сузактык үкөм Алимжан Чотбаев: “Ооба, бул адамдын арылгыс арманы. Окугандан кийин башкалар кандай кабыл алат билбейм, бирок “Агындыларды” окугандан кийин Канымгүл Эненин элесин мен да көрүп турам”, – деп жазбадыбы. Катты окуп алып көзүмө жаш алдым…

Мен энеме эл катары эстелик коё алган эмесмин. Бирок “Агындылар” аркылуу эстелик койдум деп ойлойм. Байкушум, басса-турса эле Кудайга жалынып жүрүп, кыргыздын каада-салтынан тайбай жүрүп, мени мээрими менен макал-ылакаптарга ороп жүрүп баккан экен. “Шакенбай, балакетиңди алайын, бирөө сага жамандык кылган күндө да сен ага өчөшүп жамандык кыла көрбө. Антсең кайрылып келип өз башыңа тийет” деп көп айтчу. Анан эртели-кеч: “Кудай ушунумду жамандын жакшысы кылганча, жакшынын жаманы кыла көр” деп эле кобурай берчү. Агезде анын маанисин деле түшүнчү эмесмин. Көрсө энем мага Кудайдан эмне деген улуу бактыны сурап берип кеткенин эми түшүнүп олтурбаймбы…

– Жазганыңыздын элге жагып атканын качан сездиңиз?

– “Агындылар” өткөн жылдын октябрынан баштап элге тарай баштады. Ошондон ушул күнгө чейин телефондун жаагы тына элек. Жаныбек Жанызак келиптир, бир күнү үйгө Прагадагы Караматка китеп алганы: “Эмне балээни жаздың эле, өмүрү китеп окубаган катыным түнкү саат үчкө чейин окуду китебиңди” деп… Илгери “Кыргызстан аялдары” деген журналда иштеген Ырысбек азыр пиво тартып, корей-машине айдап жүрөт. Акчасын бапыраңдатып келип “Агындыларды” сатып алып кеткен. Кечинде чалат: “Светофордун кызылы күйгөндө барактай калайын деп кызыгып кетип, жашылы күйгөндө бирге салып коюп окуп баратып, “тарс!” эткенде башымды көтөрсөм, алдымда бараткан орустун легковоюнун фарасын талкалай сүзгөн экем, сөгүүсүн угуп, 2 миң сом штрафын төлөп, сенин китебиңден тапкан пайдам ушул болду” деп күлдүрдү. “Азаттык” радиосунун башчысы Венера Жуматаева Прагадан туруп интернет-сайт аркылуу “китепти ыйлап отуруп окудум” деп жазары менен чет өлкөдөгү кыргыздар жабыла китеп сурап кирди.

“Азаттыктын” “Ыңгайсыз суроолорун” алып барган кызыбыз Айзада Касмалиева китептеги жетим баланын алты километр жолду жөө басып мектепке барып-келгенин окуп берсе, 7 жаштагы кичинекей кызы “Баланы карышкыр жеп кетпейби анан…” деп көзүнөн жаш тоголонуп ыйлаганын айтып оозумду ачырды.

Токтогулдук келин: “Күндө “Агындылардын” ошол жерин окуп, буркурап ыйлап алып ишиме жөнөйм”,- деди.“Кайсыл жерин?” десем, “секрет” деп айтпай койду.

Бирок ал «секрети» кай жеринде экенин өзүм билип турам….

“Агындылардын” генералдар, академик, медик, илимпоз окумуштуу, окутуучулардан тартып катардагы милиция, мектептеги мугалим, айылдагы фермер, бизнесмен, дыйкан, сатуучу, базарда олтурган соодагер, үйүндө олтурган пенсионерлерге чейин бирдей таасир берип, бирдей жакканы жагымдуу болду.

Кечээ бир кыз чалып:

– Чоң апам берки жазганыңызды окуп бүтүп, кийинкисин алып кел деп жанымды койбой жатат. “Китепти эми мага бериңиз, мен окуп чыгайын?” десем, “Жоготуп ийесиң, каникулга келгенде окуйсуң” деп, чүпүрөккө ороп туруп сандыгына катып алып бербей койду. Агай, “Агындылардын” жаңысы чыктыбы? – дейт.

– Э кокуй, көкүрөгүм жаңы эле бошободубу, ошол толсун айланайын, толтуруп алып анан жазайын, – дедим.

Билимдүү Чубак ажы окуп чыгып “Ат-Башыны аралап келгендей болдум. Нарындын кемпирлери деле Жалал-Абаддын кемпирлерине окшош болот экен” деп айтты дешти.

Султан Ак торпок: “Ооруканада жаттым эле, “Агындыларды” окугандын эртеси куландан соо болуп сакайып, ооруканадан чыгып кеттим, Шаке”, – деди.

Нуралы Кеминдин китепти кадырына жетип окуган “Тегирментиликтерге” алып барды эле, өткөн жылдан бери тегеренип эле окуп жатышат…

Балыкчыдан Курманбек деген жигит келип: “Менчик дүкөнүм бар, дүкөнгө келген кишилер сиздин китепти сурай берип, “макул, сураган китепти апкелип берейин” деп келдим” деп кечээ 15 китеп алып кетти.

Өткөн ишембиде мындай бир окуя болду. Адегенде “Ак-Ордо конушунан келатам, кандай барам?” деп бирөө чалганынан адресимди айтсам, 204-маршруткага түшүп алып адашып кеткен экен, анан кайра чалып, мен ага кайра түшүндүрүп, анан жөө-жалаңдап жүрүп Ош базарынан 107-маршруткага олтуруп, “Агындылардын” баасы 6 миң сом деп каңырыш угуп алып, ага болбойле 6 миңин салып алып мени таап келген киши 71 жаштагы аксакал болуп чыкты. Беш миңин өзүнө калтырып, атайылап издеп келип “Агындыларды” кубанып алып кеткен ал кишинин жөн-жайын айтып бербесем болбос. Шыргыйдай түптүз болгон арык, сыры кетип баратса да сыны кетелек сымбаттуу чал экен.

– Көк-Жардагы чоңдордун айлында Апас Жумагулов менен кошуна жашагам. Азыр Ак-Ордодо турам, атым Бейшеналы, атамдын атын угары менен кыргыздар жийиркенип турат, анткени фамилиям Шаяхунов, – деди ал сакалын сылап. –Бирок суу кошпогон кыргызмын. Көлдүн “Темировкасынан” болом. Чоң аталарыбыз Кытайда туулуп, Кытайда өсүп, курган чоң энем 23тү төрөп, балдары токтобой улам бири өлө берип, жүрөгү түшүп калган неме атабыз туулганда ырымдап уйгур досуна “сатып”, кайра андан “сатып” алып, кулагына сөйкө тагып, эркек эмес кыз деп ататтырып, атын атайылап уйгурча Шаяхун деп койгон экен. Кийин кытайдан быякка келдик. Атам башкарма болду, башка да болду. Мен эр жетип, политехке өтүп, жаңы эле шаар аралап чыкканда “бараны” деп басынткан океңдин башын жара муштайм деп биринчи курстан айдалып, кесилип кете жаздап кутулуп, ошол бойдон окубай калып, өмүр бою машине айдап жүрүп пенсияга чыккам. Бир көзүм бузула баштаганынан доктурга барсам, көрүп туруп дарысын аттырды да:

– Эми мунуңуз такыр көрбөй турган болду, – деди.

– Көрбөгөн көздүн эмне кереги бар, чукуп сал, – десем, көркүңүздү бузуп салат деп болбой койду. Ошондон бери көрбөгөнүнө карабай “көтөрүп” жүрөм, – деп оң көзүн көргөздү.

– Китепти кантип окуйсуз? – дедим.

– Тим эле балээдей окуйм. Бир башка бир эле көз жетет экен, – деп тамекисин жандырды.

– Эмне кылып атасыз? – десем:

– Эң кенжеме үй салып атам, – дейт.

– Китептин дайынын каяктан уктуңуз же “Де-Фактодон” окудуңузбу? – десем:

– Бийликтегилериң да, өкмөтүң да болбой калды, эми эмне кылабыз? – десем, “ошонун баарын “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты”, – дейт. Анан “Азыркы балдар улууларды укпай калды, уят-сыйыт деген кетти, эми эмне кылабыз? – десем, “Ага да жоопту “Агындылардан” табасыз” деп Алимжан айтты, аны-айтсам деле “аны ошо китептен табасыз”, муну айтсам деле “аны ошол китептен табасыз” деп айта берип такыр уктатпай койду, аны угуп алып үйгө олтуралбай койдум, маган ошол Алимжан айткан “Агындыларды” таап бер”, – деп келиптир. Кол тамгамды коюп, телефонумду китепке жазып берип коштоштум. Маршруткага түшүп алып келген жагына кайра кетти. Мына ушундай, иним. Жазуучулук турмушумда мынчалык жыргаган учурум болгон эмес. Балким Айтматов жыргаган чыгаар, бирок анда союз убагы эмес беле. Ушинтип китебиңди окуйм дегендер үйүңө чейин издеп келип, колдон түшүрбөй талап турса жазуучу үчүн мындан өткөн бакыт болобу?!

– Анан “мына эмесе” деп дагы жазып атасыз…

– Балээни жазамбы. Ушу бойдон жазбай каламбы деп коркуп атам. Анткени, күндө телефон чалып китеп сурашат. Китеп сурай берип, телефондун жанынан чыкпай калдым. Барган сайын дагы чалса экен, бат-бат чалса экен деп эңсей баштачу болдум. Сурагандар көбөйгөн сайын көңүлүм ачылып, сурабай калса көңүлүм чөгүп, бала-чакамды кыртышым сүйбөй, Зейне менен сүйлөшкүм келбей, сыртка чыгып итти тээп, телефон “чыр” этери менен чуркап барып баса калып, ала койсом Табылды же Нуралы же Баратбай болуп чыгып, “Качан болсо “мишайть” этип ушулардыкы өттү, жанталашып чалбайле коё турбайбы” деп алардын чалганын жактырбай калбадымбы бир заматта. “Дүнүйө жаманды бузат” деген чын экен. Базардагы соодагердин товары өтүп турса кадыры артып шаңкылдап, кабак-кашы жаркылдап турарын эми түшүнбөдүмбү. Көрсө бу китеп дегениң деле товар экен да. Жакшы жазсаң өтөт экен. Жаман жазсаң өтпөйт экен. Анан жанагы “китеп окулбай калды, жакшы китеп жазылбай калды” деген сөздөрдүн баары карандай калп экенин, мындай жалган, калп сөздөрдү дал ошол китеби өтпөгөн, жазса да жаман жазган жазуучулар ойлоп чыгарарын эми араң билип атпаймбы.

2002-жыл, 1-июль. "Агым" гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

2002-жыл, 1-июль. “Агым” гезити эс алуу учурунда тартылган сүрөт.

– “Китеп товар экен” дедиңиз, анда ошол товарды сатып байыса болот бекен?

– Байыбасам да бапырап калдым. “Эти этке, сорпосу бетке” дегендей, Табылдыдан же Салымбековдон акча сурабай, “Бере коёр бекен же бербей коёр бекен?” деп көрүнгөн байды тиктеп жалдырабай, “Агындылардан” түшкөн акчама ошол эле “Агындылардын” экинчи партиясын чыгардым. Болгондо да биринчи жолу эчкимдин көзүн карабай туруп, өз акчама китеп чыгардым. Буга мен кадимкидей канааттанып, өзүмдү өкмөткө өлүгүн артып, шилекейин куюлткан союздун мүчөсү эмес, кадыресе тирүү адам катары сезе баштаган, керек болсо өзүмдү Эгембердиев менен Салымбековдон да артык сезе баштаган абалга келбедимби. Эми мындан аркы китептеримдин жолун да Кудай ушундай шыр кыла турган болсо, анда мен сөз жок “Эгембердиев дегениң эмне экен?”, “Кайсы Салымбеков? Ошондойлор да барбы?” деп ыргыштап калчу күнгө да жетип барам го деп кубанганымдан чыдай албай турам.

– Стилиңиз дароо эле көзгө урунду. Тилиңиз таттуу, жанга жагымдуу экен. Жазуучунун стили деген эмне?

– Жазуучунун стили деген анын өзү, өзүңдүн баскан-турганың, улуу-кичүүгө жасаган мамилең, сүйлөгөн сөзүң, кээде былтыйып сүйлөбөй койгонуң да стил. Өзүңдүн чыныгы кебете-кешпириңди жаап-жашырып, каратып туруп калп сүйлөп, жаркылдап туруп жалган сүйлөп, акылы анчалардын алдында акылдуу көрүнгөн адамдын жасаганы да, жазганы да калп, жалган, жасалма болот. Башкача айтканда стили жок болот.

– Жакында “Агындылардын” кытайдагы уйгур туугандардын тилине которулат экен деген жаңылыкты “Азаттыктан” угуп калдык.

– Ал чын. Кытайлык уйгур жигит атайылап келип жолугуп, “Агындылар” менен кошо макулдугумду алып кетти. Кыргыз жазуучуларынан Ч.Айтматов менен Т. Касымбековду которуп басыптыр. “Келишим түзгөнгө чогуу барып бер, мен андай-андай кагаздын аки-чүкүсүн жакшы билбейм” десем, “Сага барбаганда кимге бармак элем” деп Табыкем бакылдап, жакын арада чакырык келип калат го деп күтүп жүргөн чагыбыз.

– Котормо деп калдык, ал жөнүндө эмне айтар элеңиз?

– Колдон келсе которулбай эле койгон оң. Айрыкча ырды которуу мүмкүн эмес. Кандай мыкты котормочу болгон күндө дагы жазуучунун өз энесинин тили менен жазганын башка элдин энесинин тили менен “айтып” бералбайт. Ушуга бир мисал келтирейин, ишенсең, койсоң өзүң бил. Чоң стилист жазуучу Ашым Жакыпбеков Чыңгыз Айтматовдун “Прощай Гүлсары” деген чыгармасын орус тилинен кыргыз тилине которгон. Ошону Нуралы байкең айтып атпайбы, “Чынында эле Ашыке укмуш которгон. Керек болсо ашыра которгон. Бирок ошентем деп атып улуу Айтматовдун үтүрдөн чекитке чейинки, абзацтан абзацка чейинки, окуядан окуяга чейинки демин, үнүн, сүйлөгөнүн, дабышын, баскан-турганын дал өзүндөй бералбай калган. Айтматовдун “Прощай Гулсарысын” окуп, анан Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуп, бирин-бирине салыштырып, “Прощай Гулсарыдан” Айтматовдун өз колун кармап, колунун табын, демин сезип турсам, Ашыке которгон “Жаныбарым Гүлсарыны” окуган соң Айтматовдун колун эмес, Жакыпбековдун колун кармап тургансып, Айтматовдун колунун табын, тыноо каккан демин сезе албай турдум. Айтматовдун жай, токтоо, салмак, сабыр менен баяндаган үнү Ашыкенин котормосунда башкача бир күчкө келип элирип, эпикалык эргүүгө толуп, ашынып кеткен…” деп. Бул пикирге кантип кошулбай коё аласың.

– “Агындыларда” айылдын, андагы адамдардын элестери көз алдыңа тартылат. Баары өз айылыңдын адамдарына окшоп сага тааныш, баары жүрөгүңө жакын сезилет. Сиз жазган кемпирлер кыргыздын ар бир айылында бар эмеспи. Сиз анан жиндилерди да жазыпсыз.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

2003-жыл, 20-январда Ат-Башынын Кызыл-Туу айылында.

 – Кыргызда жиндиси менен дудугу жок айыл болгон эмес. Биз жиндилерди да, дудуктарды да өз көзүбүз менен көрүп чоңойгонбуз. Кемтиги жок адам болбосун билип, кемтиги бар адамдарды кемсинтпей, күлбөй, аяп, түшүнүп чоңойгонбуз. “Эй, жинди болбогула! Жинди болсоңор ушинтип каласыңар!” деп бассак-турсак көрүнбөгөн бирөө аркабыздан шыбырап тургансып чоңойгонбуз. Көрсө бизге Кудай шыбырап турган экен. Кудай бул дүйнөгө эчкимди артыкбаш, эчкимди керексиз кылып жаратпайт турбайбы. Кудайдын ошол мыйзамын бузуп, жөн эле өз арбайларын согуп жашап жүргөн жиндилерди да жөн койбой, айыл-айылдан күч менен жоготкондон кийин алардын ордун биз укпаган, биз көрбөгөн кырсык басты. Жараткандын айылдагы ар бир тараза ташынын тең салмагы бузулду. Жиндилер мурда жаныбызда, айылыбызда жашап жүрсө, зордоп жок кылгандан кийин алар билинбей, көрүнбөй ар бирибиздин ичибизге “кирип кетип” жашай баштады. Азыр ар бирибиз кантип акыл-эстен тайып, ар бирибиз кантип кичинеден “жинди” болуп баратканыбызды өзүбүз да билбей калган заманда жашап жатабыз…

– “Агындыларда” балалык сүйүү, мектеп жөнүндө да татынакай баяндар бар.

– Биздин баарыбызды киши кылган дал ошол мектептеги балалык сүйүүлөр болгон. Балалык сүйүүсү жок адамдардын акыл-эси майып болуп калат. Кокус “Агындылар” уйгур тилине которулуп калса намазын кыбыланы карабай, теңирден тескери карап алып окуп олтурган Ат-Башылык Батма энем, башын чарадай кылып, аттын улам бир капталына ооп түшүп, улактай салактап, айылдын көчөсүн чаңызгытып, иттерин ызы-чуу түшүрүп, кызылдай мас болуп чаап кетип бараткан Талип акем, дүйнөлүк футбол чемпионаты менен “фигурное катание” дегендер башталары менен тоодогу сарайын, сарайдагы малын таштап салып, небере кызын жетелеп, тоодон кыштакка “качып” келип, жатып алып телевизордун жаагы айрылганча көргөн, көрүп эле тим болбой жалгыз өзү ызы-чуу түшүп, кыйкырып-сүрөп, “болейт” этип олтурган Чаектик 85 жаштагы Турусбүбү энем, сулуу аял тийишсе каш кайтарып сүйлөй албай думугуп, атын темингиче шашкан Касым жездем кантип которулар экен, уйгурдун салтына кантип кирип, кантип сүйлөр экен деп сарсанаа болуп турам…

– Сиздин “Манасыңыз” – “Эки дөө” да биздин гезитке сандан санга жарыяланып жатпайбы…

– Бул эми өтө уникалдуу, өзгөчө сөз кылууга толук арзый турган, энергиясы ашып-ташкан чыгарма. Буюрса кийин кенен кеп кыларбыз. “Эки дөө” өзүнчө китеп болуп чыгып, 2011-жылы Республиканын Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыгына ээ болгон. Жакында кайрадан карап, айрым бошоң жерлерин күчтөп, бүлөп, кошумчалап, чаболоңун чак, басмайылын бек тартып туруп иштеп чыктым. Кошой менен Жолойдун сүрөтүн чийген сүрөтчү гана жок болуп атат, сүрөтчү тапсам эле өзүнчө китеп кылып чыгарам.

– Өз акчаңызгабы?

– Албетте өз акчама, анан жалдырап Табылдыга барат деп атасыңбы? Табылдыны тааныбай калганым качан (күлүп).

– “Агындылар” дагы уланабы?

– Бул эми өмүр токтоп калбай агып берсе, ошол агып бүткөнгө чейин улана берчү иш болуп калды го. Азыр бошой түшкөн көкүрөктү толтуруп жүргөн чагым…

– Анда ийгилик каалайлы! Аңгемеңиз үчүн рахмат!

Маалымат булагы: “Де Факто” гезити.