Максатыбыз

2 thoughts on “Максатыбыз

  1. Кут болсун ушул майрамың!

    Майрамдык терме.

    “Көчмөндөр” көчтү баштаган,
    Көпчүлүк көңүл таштаган.
    Көрктөнүп гүлдөп күнүгө,
    Кадамды эркин аттаган.
    “Көчмөнүм” менин айылым,
    Кадырды күтөт шайырың.
    “Көчмөндөн” чыкты акындар,
    Карасам кимдер жакындар.
    Кыргыз тилин сүйлөтүп,
    Кыргызчаны үйрөтүп,
    Катарлаш чыккан тамгалар,
    Карасаң турат гүлдөтүп.
    Кылпылдаган кыздарым,
    “Көчмөндүк” менин уздарым.
    Куттук айтам баарыңа,
    Көркөмдөлгөн айылыңа!
    Кут болсун ушул улуу күн!
    Кутка толсун сулуу күн!
    Куттуктасын досторуң,
    Куттуктасын кошконуң.
    Куттук айткан акындар,
    Карасам дилге жакындар!
    “Көчмөндөр” эмгек кылдыңар,
    Каптап акыл жыйдыңар.
    “Көчмөндөр” дүйнө жаңыртып,
    Катарлап алга баратат.
    Карасам кылган эмгегиң,
    Камыкпай дайым эл дедиң.
    Күкүктөп аккан дайрадай,
    Калкыңа акыл демдедиң.
    “Көчмөндөр” аман болгула!
    Капалыкты жойгула!
    Каалап кетем баарыңа!
    Карыңа да жашына,
    Калкыма Аллах жаш берсин,
    Кааласаң анан баш берсин!
    Катараш болуп бак келсин,
    Каалаган тилек бат келсин!
    Каалаймын алтын досторум,
    Баарыңа жүздөн жаш берсин!
    Каалаган тилек максатың,
    Күттүрбөй эми бат келсин!

    Калмамат Турдубаев.

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    2014-жыл шаршемби,
    Саат түнкү 02-29.

  2. Кыпкыргызча “Сыр” жыйнак,
    “Кыргыз көчү” ыр жыйнайт!
    Сынагына.

    Мен, Калмамат Турдубаев, 1956-жылы 1-апрелде Өзгөн районунун, Арагөл айылында жарык дүйнөгө келгенмин. Билимим: педагогикалык жана юридикалык жогорку билим. Иштеген Ишим: жеке ишмер. Үй бүлөөлүүмүн. 8-уулум, 1-кызым, 3-неберем бар. Азыр Кыргыз Мамлекетинин Ош областына караштуу Өзгөн районунун, Мырза Аке аймагынын, Коммунист айылында жашаймын.

    Жан ордуна келет тилди сурагым

    Эне тилим – ыйык туткан сыймыгым,
    Бабалардан жете келген сыйлыгым.
    Тамчы суудай бапестелип сакталган,
    Жүрөгүмдөн түнөк алган ыйыгым.

    Эне тилде ой-жүгүртөм, сүйлөймүн,
    Канат созо, ай-ааламга күүлөймүн.
    Аалам менен алакалар түзүлүп,
    Эне тилди энекемдей сүйөмүн.

    Суусаганда, тамчы сыңар тамчылайт,
    Чаңкооңду да, суусун сымал кандырат.
    Чарчаганда, эргүү берет эс менен,
    Жыргалдантып, анан демин алдырат.

    Эне тилди, мен ардактап туу тутуп,
    Тилим менен келе жатам мен утуп.
    Жоолашканга сүр беремин дайыма,
    Эне тилди өз үйүмдө кут тутуп.

    Эне тилди энекемдей коргоймун,
    Энекемдей эртеңкимди ойлоймун.
    Ыйык туткан эне тилди ардактап,
    Душмандардай алсыз өзүм болбоймун.

    Эне тилим – кубат берчүү куралым,
    Өзүң менен сыймыктанар убагым.
    Керек болсо берер элем жанымды,
    Жан ордуна келет тилди сурагым.

    Турдубаев Калмамат.

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    2014-жыл 11-май,
    Жекшемби, саат10-46.

    Ыйык минтип мекениң

    Кең мекеним башталат,
    Сен жашаган үйүңдөн,
    Тийип турган күнүңдөн.
    Сезимдерди жыргаткан,
    Укулуктуу үнүңдөн.

    Кең мекеним башталат,
    Чалкып жаткан көлүңдөн,
    Суусуз жаткан чөлүңдөн.
    Ата Журтту коргогон,
    Баатыр кыргыз өңүңдөн.

    Кең мекеним башталат,
    Таттуу чыккан тилиңден.
    Мекендеген дилиңден,
    “Апакелеп”,- чакырган,
    Тили ширин иниңден.

    Кең мекеним башталат,
    Көз мелжиген зоолордон.
    Аркар-кулжа жашаган,
    Ак мөңгүлүү тоолордон,
    Чексиз узак жолдордон.

    Кең мекеним башталат,
    Карапайым дыйкандан,
    Мээнеттенген малчыдан.
    Суусундукту кандырган,
    Мөлтүрөгөн тамчыдан.

    Баары сенин мекениң,
    Баала баалуу экенин.
    Ыйык тутуп сактасаң,
    Таттуу болот жегениң,
    Чексиз минтип мекениң.

    Мына, сенин мекениң,
    Билгин баалуу экенин.
    Ар бир сенин сөздөрүң,
    Тамчы сүтү энеңин,
    Ыйык минтип мекениң.

    Турдубаев Калмамат.

    Өзгөн району,
    Арагөл айылы,
    9-май, жума,
    Саат20-09.

Leave a Reply to Калмамат Жоопту жокко чыгаруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *