Aug 08

Кыргыз парк..

******************************************************************************************************************

НАСЫПБЕК КЫЙАЛ

Мисалы, Америкада Диснейланд деген оюн зоок паркы бар. Өтө атактуу парк. Байкашымча ал ошол дисней мултфилмдеринин урматына түптөлсө крек. Анан Голливууд бар. Ал жердин өзгөчөлүгү болсо кино тасмалар, актерлорго басым жасалган. Ал эми Динозаврлар доорунун паркында динозавр өңдүү нерселерге көңүл бурулган. А эмне үчүн бизде ошондой нерсе курганга болбосун?

Жок биз динозавр жасабайбыз. Биз Голливуддун же Кыргыз киносунун дагы паркын түптөбөйбүз. Ал биздин колдон келбейт. Эч кимге кызыксыз. Диснейланд болсо түшүбүзгө да кирбейт. Кирбей деле койсун, бизге кереги жок. Бизде андан да сонун, андан да кызык байлык бар. Ооба, өзүбүз билбеген укмуштуудай байлык бар. Ал «көчмөн маданияты» деген нерсе. Бизде көчмөн паркын кура турган укмуштуудай чоң мүмкүнчүлүк бар. Эмне элестете албай турасызбы? Эмесе байкап туруңуз. Шашпай ой жүгүртүп элестетип көрүңүз…

ээ 33Кыргыздын керемет тоолорунун койнунда быжыраган боз үйлөр турат. Кадимки Ормон Хандын, же андан наркы Манастын убагындай эч нерсе аралашпаган кыргыз айылы. (Эми аны уюштуруш оңой эле го) Боз үйлөр бир караганда чачкын көрүнгөнү менен баары ирээттүү. Пландары, жолдору бар. Айылдын кире беришинде атайын тосмо коюлган. Балким ал дагы аркайган найзалар менен, бакандар менен тосулган. Келген туристтер ал жердеги кароолдордон билет алып киришет. Ошону менен алар бүтүндөй көчмөндөрдүн жашоосуна сүңгүп кетти десеңиз да болот. Атка чапчаң минген жигиттерден бир экөө чаап келип келген мейманды анча азоо эмес атка мингизип алып жөнөйт. Албетте, ал жигиттердин гид экени айтпаса да белгилүү болсо керек. Бирок, биз аны атайылап кыргызча аталыш менен атайбыз. Жандооч же болбосо ат кошчу дейбиз аны. Ошентип жандооч мейманды кыргыз айылын аралатып отуруп атайын тигилген өргөөгө алып барат. Эми бул жерде туристтин төлөмүнө жараша жай берилээри турган кеп. Мисалы, акчалуу болсо бийлердин айлына, ак өргөөлөргө жайгашат. Орто болсо карапайым эл арасына конот. Ал эми андан да ылдыйраак болсо берки жылкычылардын, малчылардын чакан боз үйүнө жайгашат.

ээ 12 аАнан ошол келгенден тартып көчмөн жашоосу башталат. Атайын форма берилет. Териден тигилген. Ат мингенге ылайыктуу. Сайма өтүк, жаргак шым, тон, чепкен, тебетей, калпак дегендей. Өзү тантайт аларды. Атка минишет. Ар бир боз үйдөн ар кандай кыргыздын улуттук оюндарына күбө болот. Жумшак даярдалган аянттарда күрөшкө катышат. А дагы бир жерде жабык аянтта каскадер жигиттер найза сайыш уюштуруп беришет. Ага күбө болот. Топ топ болуп аттарга минип жүрүштөргө чыгышат. Коңшу уруудан жылкы тийип келишет. (Мунун баары атайын даярдалат.) Баса атка минип жылкы айдап көргөн киши анын кандай адреналин экенин жакшы билет. Эгер жылкы айдап көрбөсөңүз, баарыңарга сунуш кылам. Дүркүрөгөн жылкыны кууп ат чабуу машинаны 200 менен айдагандан алда канча таасирдүү. Ал эми ага атайын эпизод даядап, спец эффект кошуп берсеңер түбөлүк эсте каларлык нерсе болот. Албетте, ошол учурда атайын даярдалган жерлерден (жашыруун жайлардан, же учкан камера менен) туристтерди видеого, сүрөткө тартса болот. Эми бул бир укмуш сүрөттөр болооруна бөркүмдөй ишенем.
Анан айдалып келген жылкыга аркан ыргытышат. Кармап жайдак минишет. Буга турситти түздөн түз катыштырбаш керек. Ага балким анча-мынча аркан ыргыттырса болот. Бирок, негизги ишти кыргыз жигиттер кылат. Кечкисин, селкинчектер орнотулуп, ырлар ырдалат. Кара жорголор бийленет. Бир өргөөдө Манас, Төштүк сыяктуу дастандар айтылат.

ээ 13 аКыскасы бул паркты аябай кеңейтсе болот. Ал тургай душманар менен чабыштырса да болот. Көчмөндүн жашоосунда болгон да ошондой. Мисалы, бир күнү эле турист уктап атса таң атпай ызы-чуу башталат. Бүткүл туристтер дуулдап боз үйлөрүнөн чыгат. Чыкса эле нары жактан жер жайнап моңголдор чаап келеткан болот. (Моңголдун көрүнүшүн туристтер таанйыт. Далай кинодон көрүшкөн. А бул жерден өз көзү менен көрөт) Бечара турист өз көзүнө ишене албай коркконунан жашынаарга жер таппайт. (балким чындап корккондор да болот. Коркпогондору болсо камераларын алып чыгып тарта баштайт. Бирок, тартканга уруксат бербесе да болот. Башкаларга сыр бойдон калышы үчүн). Эми моңголдун чабуулун ушундай даярдаш керек. Жер жаңырткан добулбас, ач айкырык куу сүрөөндү уюштуруп коюу азыр анча деле кыйын эмес. Ар кайсы жерге орнотулган атайын үн бергичтер колдонулат. Ошентип калмактын колу айылга жете берээрде бул жактан айыл арасынан кыргыз жигиттери аттанып чыгат. Алар жоого каршы чаап барып ортодо каскадерлердун оюну башталат. Мына туристтер үчүн жандуу кино. Кылычтар чабылып, жигиттер аттан кулайт. Атка сүйрөлөт. Арканга сүйрөлөт. Ат маты менен тоголонот. Ошол убакта кимдир бирөөлөр балким турсттерге да ат мингизип жоону карай алып жөнөйт. Анан калмактар качат. Качкан калмактарды кыргыздар кубалайт. Аларга кошулуп туристтер да кубалайт. (туристтерге да кыргызча формалар берилгенин унутпаңыз.) Ошентип алар дагы тарыхка өздөрү аралашкандай таасир алышат. Жоо кууп баратканын элестетишет. Аларга да колдоруна кылыч же найза (жасалма) берилет. Анан жеңишке жетип кайра кайткандарында айыл эли (парктын кызматчылары) аларды дүңгүрөтө керней сурнай тартып, алакан жайып бата берип тосуп алат. Той сыяктуу бир нерселер уюштурулат.

ээ 13Мындай парктарда туристтерге жаа атканга көп эле шарт түзүлөт. Бир атканың баланча сом деп битиребей эле, жөнөкөй жасалган жааларды өздөрү көтөрүп жүрүшсө болот. Атайын жаа атуучу аянтта каалашынча атышсын. Жаанын огу алыс кетмек беле, кайра терип алса болот. Эч нерсе коробойт. Бирок, чет өлкөлүк адамга укмуштай таасир берет. Коопсуздук жаатында болсо ал жебелердин учун курч кылбаса да болот. Анан ат жарыштар, көк бөрү уюштурулат. Туристтерди байма-бай атка мингизиш керек. Ал тургай аларга паркка киргенден баштап кеткенге чейин бир ат берилет. Ошону өзү карап, өзү минет. Албетте ат кошчусу да болот. Эми ал гид катары да, жардамчы катары да жүрөт эмеспи. Ат багуу туристтин көбүнө жагат. Керек болсо байларына бүркүт, тайган да берилсе болот. Баарына өзү ээлик кылат. Ат кошчунун жардамы менен аларды өзү багат. Кыргыз тамактары менен тамактанат. Эми кыргыз тамагынан кыйналса батыш тамагы деле берилет. Ал деле кыйын эмес. Эртең менен эрте туруп жылкы байланганын көрөт. Бээ саалганын көрөт. Кааласа сүтүн ичет. Ошол убакта туристтин көз алдында кадимкидей көчмөн жашоосу жүрүп турат. Койлор жайытка чыгат, уйлар бадага кетет. Кыскасы, 3-4 күн, же 5-6 күн балким 10 күндөп турист кыргыз айылында эс алат. Мына мен кыялданган «Кыргыз парк»…

ЭКИНЧИ БӨЛҮК.

Кыргыз паркта туристтер үчүн бардык шарттар болушу керек. Бирок, ошол эле маалда ал шарттар сырттан караганда жалпы кыргыз айылынын нукуралыгына да доо кетирбегени жакшы. Ошондуктан бардык гинекологиялык талаптарга жооп берген дааратканалар менен душтар жайгаштырылат. Ал эми аларды сыртынан билиндирбеш үчүн туалеттер четкерээк салынып, сыртынан алачык келбетине келтирилет. Ал эми душтар болсо ВИП туристтер үчүн ар бир өргөөнүн бир бурчу чий менен тартылып, анын ичинде душу болот. Үч төрт боз үйдү аймакташтырып бир атайын боз үй тигилет жана ичинде душ кабиналары болот. Кыскасы, туристтертин тазалыгына көңүл бурулуш керек. Бирок ошол эле маалда жалпы айылдын көрүнүшүнө бир дагы залакасы тийбеши керек.

Эми туристтер таңдан кечке эмне кылат? Алар үчүн бардык убакытты кызыктуу өткөргүдөй программа түзүлүшү керек. Мисалы, биринчи күнү туристти айлана чөйрөнү кыдыртып келүүгө болот. Ат менен саякат. Анча алыс эмес. Жалпы айылды, тоо ташты, табиятты сыртынан көргөзүү. Ошол эле маалда ага улам бир жерден атайын даярдалган адамдар жолугуп турат. Мисалы бирөө көчмөн мергенчи бүркүтү тайганы менен. Ал капилет жолуккан киши болуп туристтерге өзүнүн өнөрүн көргөзөт. Андан кийин дагы бир жерден аларга топоз айдаган кишилер жолугат. Малчылар. Балким жылкы айдаган кишилер. Андан кийин дагы бир жерден бир кыз чаап чыгат. Артынан бир жигит кууп өтөт. Бул кыз куумай оюну десек да болот. Бул жерден көчмөн аялзатынын чыйрактыгы даңазаланат. Андан кийин кандайдыр бир коктунун же капчыгайдын ичинде жайгаштырылган бир эки боз үйгө туш келет. Ал жер да мурдатан көчмөн жашоосун көргөзө турган жер болушу керек. Бул жерден туристтер эс алып, тамактанат. Кыскасы ушунун баары сырттан келген адамга кадимкидей көчмөндөрдү аралап жүргөндөй элес калтырганы жакшы. Өзү кирип келген айылдан чыгып кеткенине карабай улам улам көчмөндөргө жолугуп туруу аларга аябай таасир берет. Болгондо да капилеттен жолугуп туруу эң кызык болмокчу. Буга дагы кошумчаларды кошсок болот.

Ошентип кеч киргенде тамак берилет жана конок жатып эс алат. Менимче бул жерге келген туристтер эрте жатып эрте турганы оң. Себеби эч кандай интернет, телевизор болбойт. Турист толугу менен көчмөн доорун жашашы керек. Андайда түн узак сезилип тажап кетиши мүмкүн. Ошондуктан таң атпай тургузуп, кечке чарчатып кечинде эрте уктатуу керек.
Экинчи күнү эртең менен эрте турган турист бул күндү такыр жаңы нерселер менен тосуп алганы жакшы. Алгач албетте тамактанат. Келечекте баары пландалып калат деп ойлойм. Мисалы 4-5 күнгө келген туристтин ар бир күнү өзүнчө тематикада өтүшү керек. мисалы, биринчи күн жеңил саякат жана көчмөн турмушу менен таанышуу. Экинчи күн маданият жана спорттук оюндарга арналышы мүмкүн. Демек бул күнү эртең мененки тамактан баштап кечке чейин айылдын жанында кыргыз тою өткөрүлөт. Төкмө акындар жар салып, керней сурнай тартылат. Эл бир аянтка чогулуп күрөш, көк бөрү, ат чабыш, жорго оюндары өтөт. Келген туристтер өздөрүнүн аттарын минип жарышка түшөт. (жанында жандоочтору дайыма болот). Жамбы атыш болот. Натыйжада туристтер узун шыргыйга илинген жамбыларды жаа менен атууга аракет кылат. Ошол эле жерде кыргыз ырлары ырдалат. Манас айтылат. Ордо атышат. Кыскасы бул күн маданиятка арналат.

Үчүнчү күндү жортуул темасына бурсак болот. Туристтер эртең менен туруп даярданат да аттанып жөнөшөт. Аларды даярдалган жигиттер ээрчитип жүрүп отуруп жайылган жылкыга алып барат. Жылкыны дагы кимдир бирөөлөр кайтарып турган болот. Туристтер тарап акырын өңүп отуруп аларга жетип, чабыш башталат. Бул жерде жылкы кайтаргандар менен ээрчитип баргандар каскадерлор болгону жакшы. Алар өз өнөрлөрүн кыска кыска тартуу кылышат. Бирок толук каскадерлук көрүнбөйт. Натыйжада бат эле бир эки жылкы кайтаргычты жыга чаап жылкыны кууп жөнөшөт. Бул жогоруда айтылгандай өзүнчө адреналин. Анан аларды бир жерге айдап барып чалма ыргытышат. Жайдак минишет. Дагы бир нерселерди жасаш керек. Бул күн турист үчүн ат оюндары дагы, саякат дагы болуу менен аяктайт. Анан калса туристтер аз да болсо каскадерлук өнөргө күбө болушат. Бул күнү туристтер жолдо тамактанышат. Кыргызча айтканда жол азык, аларча айтканда пикник болот. 

Төртүнчү күнү чабуул. Бул күнү айылга жоо каптап кирет. Анын кандай өтөөрү жогоруда айтылган. Бирок, ага дагы бир канча деталдары кошсо болот. Мисалы, жоо алгач алыстан кыркалакей тизилип, өзүнүн сүрүн көргөзөт. Эгер сиз узун катар тизилген атчандарды өз көзүңүз менен көрсөңүз анда алардын сөөлөтү кандай сонун экенин билесиз. Эгер көрө элек болсоңуз анда билип коюңуз, тегиз атчан турган адамдар укмуштуудай сонун көрүнөт. Мен былтыр Ат Башыда жүргөнүмдө көптөгөн атчан адамдын коктунун кырында тизилип турганын көргөндө чыныгы жоокердик, көчмөндүк духту сезгем. Өтө сонун көрүнүш болгон. Эми сиз ошондой катар тизилген атчандардын, болгондо да жоо кийими менен турганын элестетсеңиз. Тимэле укмуш болмок. Ошентип алар акырындан жакындап келе баштайт. Анан алдыга бир жигит чыгарышат. Бул туристтер тараптан да бир жигит чыгып эр сайыш өткөрүшөт. Албетте каскадерлордун өнөрүнө күбө болобуз. Андан кийин тигилер чабуул койот. Чабуул башталганда бул тараптагылар аларга каршы текши жаа тартышат. Туристтер да кошулуп атса болот. (Жебелер учу жок бирок алыс уча тургандай даярдалат. Тигилер болсо атайын бышык кийим кийип алышат) Жебелердин текши асманга атылып чыгып кайра атчандарга жааганын көрүү, алардын кадимки жебе тийгендей тоголонуп түшкөнү баарына сыйкырдуу таасир берерине ишенем. Кыскасы ошентип чабуул башталат жана көптөгөн каскадерлордун өнөрү көргөзүлөт.

Демек, азырынча туристтерди 4 күндүк программа менен тартса болот. Менимче бул сайттар аркылуу жарыяланып, жакшы реклама кылынышы керек жана туристтер атайын топ топ болуп келип кеткени оң. Тагыраак айтканда аларды поток поток кылып кабыл алуу ыңгайлуураактай. Албетте мындай убакта деле Кыргыз парк иштей берет. Ар кандай адамдар балким өз алдынча келип, боз үйлөрдү алып, жай турмушту өткөрө берсе болот. Саякаттап, спорттук оюндарга катышып, көчмөн жашоосу менен тааныша берет. Бирок, толук бир пакет көчмөн жашоосун көргүсү келген туристтер үчүн жогоруда айтылган төрт күндүк программа ишке киришет. Албетте алардын толук пакет үчүн төлөмү да өзгөчө болот. Башкаларга кандайдыр бир саатына, же күнүнө деп төлөм алынып турса, булар чоң суммадагы акчаны бир эле төлөйт.
Эми бул сумма алар үчүн кызмат кылган адамдарга, кетирген чыгымдарына, убакытка жараша эсептелип чыгышы керек.

Андан сырткары, ушул бир топ болуп келген туристтердин арасына кандайдыр бирбөлүктөрүнө гана катышкысы келген адамдарды да өзүнчө төлөм алып аралаштырып ийсе да болот деп ойлойм. Мисалы, мен барган учурда атайын топ жортуулга чыкканы турса мен так ошол жортуул үчүн гана акча төлөп, кошулуп амакмын. Же төртүнчү күнү боло турган чабуулга катышмакмын. Албетте бул эки күн алдыңкы күндөрдөн кымбатыраак турушу мүмкүн. Туристтерден куралган атайын топ даяр болуп кыргыз Паркка келүүгө келишим түзүлүп (алар менен келишим түзүлүшү керек) алгачкы төлөмдөр кабыл алынгандан баштап аларга ылайыкташкан эс алуунун күн тартиби сайттарга жарыяланат. Ошол күн тартипке жараша кошулгусу келгендер акырындап кошула берсе болот.

Ушуга чейинки ой жоруудан чыккан натыйжага караганда биздин Кыргыз парктын башкалардан өзгөчөлүгү бул анын жамаатташа өткөнүндө. Тагыраак айтканда, Диснейлендде же башка парктарда эс алуучулар өз чөйрөсүнөн башка эч ким менен иши жок сыяктуу жүрсө, бул жерде эс алуучулар жалпыга арналган көрүнүштөргө күбө болот. Балким алар кандайдыр бир кыйынчылыктарды бирге да чечишет. Бирге тамактанышат. Бирге саякатташат. Ушунун баары чынында көчмөн жашоосунун ажырагыс бөлүгү. Анткени көчмөн элдер дайыма чогуу болушкан. Алар ошонусу менен катаал шарттарды жеңип чыгып, кыйынчылыктарга туруштук беришкен.
Бул парктын менимче чет элдиктерди тарта турган тараптары аябай эле көп. Биринчиден өздөрүнө такыр белгисиз, сырдуу маданият менен таанышса, экинчиден алар технологиядан, шаар турмушунан алыстап, табият менен жуурулушуу бактысына ээ болушат. Мээлери болуп көрбөгөндөй сергийт. Үчүнчүдөн болсо бул жерде дайыма таза жана табигый таза тамактар менен тамактанышат. Туристтерди тарта турган ушул нерселерге биз дагы көңүл бурганыбыз оң. Кыргыз Паркта эч кандай ГМО жана консерванттар болбогонуна катуу көңүл бурулат. Керек болсо бул жерге келип бир канча күн жашап кеткен адамдардын (мейли чет элдик турист болсун, мейли өзүбүздүн жарандар болсун) ден соолугу чыңдалды десек да болот. Себеби, азыркы учурда жөн гана кымыз ичип, же сүт ичиш үчүн жайлоолорго барып, тууган туушканына тыгылып жүргөндөр толтура. Ал тургай бараарга жер таппай кыйналгандар да көп. Мына ушундай адамдар үчүн Кыргыз Парк табылгыс жер болуп, кызмат өтөсө болот.

Баса, анча кымыз, анча бээ кайдан табылат? Мунун дагы бир чечүүчү жолу бар. Кыргыз Паркта кызмат көрсөтүп, өзүмө үлүш алам дегендер үчүн кызматташтык эшик ачык. Тагыраак айтканда кимде ылайыктуу боз үй, өз боз үйүн тейлегидей адам, сааганга бээси болсо Кыргыз Парктын аймагына көчүп келип кошулса болот. Муну менен ал адам өзүнө да, жалпы Кыргыз Паркка да пайда келтирет. Келген туристтерге продукциясын өтөкрүү жана кызматын сунуштоо менен өзү пайда тапса, анын Кыргыз Парктын өзгөчөлүгүнө кошкон салымы аркылуу парк да пайда алат. Бирок, эң негизгизи келишим түзүлүшү керек. кимде ким эрежени бузса парктан чыгарылат. Эрежеде жүрүм турум, кийим кече, күнүмдүк турмуш жана тазалык, тыкандык, сөзсүз каралат. Коопсуздук үчүн боз үйлөргө камера орнотсок да болот. (Кире беришине жок дегенде)
Баса, саала турган бээлер, тейлей турган адамдар менен эс алуучулар аралаша конбойт. Мал жандык аралашып, жердин чаң тозоңун чыгарып жибербеши үчүн «малчылар» алысыраак жайгашат. Бирок, кымыздар жана бээнин сүттөрү жалпы корго ташылып, ошол жерден бөлүнүп турат. Ким канча сүт, канча кымыз, канча эт тапшырганын тактап, ошого жараша эсеп жүрөт.

Парктын дагы бир уникалдуулугу катары, конокторго чыгыш кербенин көрсөтүүгө да мүмчүнкүлүк түзүлүшү мүмкүн. Себеби, коноктор үчүн, жана жалпы эле парк үчүн ар кандай азык түлүк, майда чүйдө нерселер керектелет. Ал эми бул керек жаракты ташып туруу үчүн эч кандай автомобиль жалдабайбыз. Жөн гана төөлөргө, качырларга артылган кербен бир маалда чубала пайда болуп, кадимкидей чыгыш элесин тартуулаганча «айылга» тийип өтөт. Мейли парк кызматкерлери болсун, мейли коноктор болсун ал жерден өз алына жараша соода кылат. Анан кербен андан нары жылып кетип калат. Бул көрүнүштү өз көзүң менен көрүү азырынча көптөгөн адамга насип боло элек. Баса, төөлөрдү кайдан табабыз? Чечим жанагыдай эле. Кимде төө бар болсо жана аны менен акча тапкысы келсе, «Кыргыз Парктын» кербенине кошула берсин.
Бул парктын дагы бир өзгөчөлүгү андагы кыргыз кол өнөрчүлүгүн даңазалоосунда. Кай бир боз үйлөр атайын даярдалып, шырдактар, саймалар, курактар, комуз, чепкен, ээр сыяктуу жана ошого окшош нерселер коюлат. Балким, турист көп келе турган болсо аларды жасачу уздар менен усталар өздөрү да келип орун алышат. Соодасын жүргүзүп кардар табышат.

Паркты электр жарыгы менен камсыз кылуу үчүн күн энергиясын колдонуу сунушталат. Ансыз деле бул жерде эч кандай техникалык жабдыктар болбойт. Бирок душтарда сууларды жылытуу жана ашканаларда тамак аш жагын тейлөө үчүн колдонула турган кубатты күндөн алсак болот.
Туристтерди бул убакта ар кайсы ракурстан, ар кандай кызыктуу учурлардан сүрөткө тартып туруу жагын караш керек. Мисалы алардын ат мингендерин, жаа тарткан убактарын, ат чаап баратканын, жыргап атканын, жылкы кууп келетканын тартып алуу үчүн атайын жашыруун орундар даярдалат. Кудум снайпердей жашынган фотографтар туристтерди эң сапаттуу аппараттар менен тартып турушу керек. Албетте мунун баарын турист акыркы күнгө чейин байкабаганы жакшы. Байкабай турганда гана эң сонун кадрлар чыгат эмеспи. Ал эми акыркы күнү аларга өздөрүнүн ар кандай кызыктуу учурлары тартылган сүрөттөрдү тартуулоо аларга укмуштуудай маанай тартуулайт жана бул кийинки келе турган туристтер үчүн эң сонун реклама болот. Баса сүрөтчүлөрдү дагы жөн гана кызматташуу жолу менен табууга болот. Бизде бул жаатка кызыккан жаштар деле көп эмеспи. Алар менен иштешүүгө эшикти ачып коюшубуз керек. Өздөрү туура деп тандаган жерлерден туристтер өтчү маалды болжолдоп өңүп барып тартышсын жана кызматына жараша акысын алсын. Эч ким жок дебейт. Алардын туристти ыраазы кылганы Парк үчүн да чоң жетишкендик. Бирок, ашыкча көп сүрөтчү деле алынбайт. Атймакчы, сүрөтчүлөргө конкурс жарыяланып мыктынын мыктылары тандалат…Орун чектелүү. Шашылгыла фотографтар. Ала Тоо аянтынан чыга турган маалыңар келди 

Кыргыз Парктын коопсуздук тарабы.
Биринчиден эле Кыргыз Паркта эч бир мейманга эч кандай коркунуч жаралбагыдай болушу керек. Мисалы, талап тоноо, уурулук, оройлук, иренжитүү, көңүл калтыруу деген нерселерди таптакыр жок кылуу үчүн бардык чаралар колдонулат. Жашыруун жайларга камералар орнотулат жана тандалган тартип сакчылар тобу иштейт. Ал эми паркта кызмат көрсөткөндөр көчмөндөр тартибине ылайык топ-топко бөлүнөт. Эгер кайсы бир топто бир эле адам тартипти буза турган болсо, анда ошол топ чогуусу менен жазага тартылат. Ушул тартип менен иштесек алар өз ара дагы бири бирине көзөмөлдүк кылышат деген ишеничтемин.

Ал эми медициналык жардам берүү жагына келе турган болсок, Кыргыз парктын чет тарабына атайын боз үй жана аскердик чатыр жайгаштырылат. Аларда дарыгерлер жана дарыкана жашыруун жайгашкан. Чынында дарыгерлер элдик табыптар катары туристтерге келип, ал абалын билип, кандайдыр бир маселеси болсо көрүп турса болот. Анын өзүнө ылайык формасы иштелип чыгат. Ошол эле маалда чатырда шайма шай даярдалган унаа жашыруун катылып турганы оң. Кокус өтө шашылыш нерсе болсо ал ишке кирет. Бирок мунун бар экенин көпчүлүк байкабаганы талапка ылайык. Андан сырткары, жанагыдай атка минүүдө, оюндарга же жортуулдарга катышууда, туристтердин коопсуздугу үчүн жандоочулар жандап жүрүшөт. Бирок ошого карабай ар кандай кырсык болуп кетүү мүмкүнчүлүгү болгондуктан, туристтерден паркка келээрде, же жанагы жүрүштөргө чыгаарда кокустук болуп кетсе доом жок маанисиндеги келишим түзүлгөнү жөндүү…

Насыпбек АСАНБАЕВ. Бишкек шаарынан. 28.07.2015.
Mar 14

Табылга..

ээ 75УУЛКАНДЫН УЙКАШТЫКТАРЫНАН
«ЫР КУРАМА» ТОКУЙБУЗ!..

Бекер отурганча бекер ыр жазалы Көчмөндөр!. Айтмырза агайыбызды калыс болуп берүүсүн сураналы. Төмөндө жазылган сөздөр, биринчи, экинчи, төртүнчү саптардын эң акыркы уйкаштыктарын аласыздар.
Ал эми үчүнчү сап эркин жазылат.
Кана эмесе баштаңыздар.
Жаңы чыккан жандуу ырларга өмүр берели!

«Ы Р   К У Р А М А»

******************************************************************

ээ 85

*****************************************************************************************************************

ээ 63Керимбек КАДЫРКУЛОВ, Маскөө шаарынан.
Арманымдан бир заматта арылып,
Издегеним сүйүндүрүп табылып.
Мына эми кармаар кезде жок болдуң,
Кеткен өңдүү дайра менен агылып.

Өмүр бойу сени издеп дегдегем,
Сенден мага салам келчү жел менен.
Дагы деле издеп жүрөм түңүлбөй,
Сүйүү менен алпурушуп келбеген…

Асыран 1Асыран АЙДАРАЛИЕВ, Келсинки шаарынан.
Ошол күндөр, сарсанаадан арылып,
Оңбогондой ой-максаттар табылып.
Оо мезгилим, тагдыр сенин колуңда,
Ошондуктан, тынбай барат агылып!.

Сүйгөм алгач, сүйүнгөмүн, дегдегем.
Сүрдөп жүрөк, кайкып учуп жел менен.
Билбептирмин, сүйүү, алтын балалык,
Бир жарк этип, артка кайтып келбеген!.

ээ 20Калмамат ТУРДУБАЕВ, Өзгөн районунан, Ош обулусу.
Аял барда арамдыктан арылып,
Мээриминен аруулуктар табылып.
Таң калыштуу аял деген дүйнөдөн,
Жылуу сезим келе берет агылып.

Бул дүйнөнү бала кезден дегдегем,
Жылуу мээрим келчүү эле жел менен.
Аттиң дүйнө! Унуткансып өзүмдү,
Ал керемет кайра мага келбеген .

********************************************************************************
Оо, аялзат, кереметтүү асылдар,
Сулуулар деп айтууга да акым бар.
Аял деген өтө ыйык баарынан,
Мына ушундай кереметтүү затым бар.
********************************************************************************

Жамгыр жааса жамандыктан арылып,
Кыялданам жакшы ойлор табылып.
Жаай берсе шатыратып жамгырым,
Ырлар келет агын суудай агылып.

Оо, кудрет! Ушул күндү дегдегем,
Сулуулуктар келе берет жел менен.
Гүл кулпуруп бир татына ачылса,
Келет ойлор кыялга да келбеген.

********************************************************************************
Аздан-аздан өткөндөрдөн арылып,
Дегдегеним туш келди го табылып.
Жараткандын бул да болсо белеги,
Бакыт келди катарлаша агылып.

Нечен жылдап бул маанайды дегдегем,
Келди күтүүм маанай ачкан жел менен.
Бул бакытка мен аябай мас болдум,
Өмүрүмдө мындай бакыт келбеген.

ээ 74Нурланбек КАЛДЫБАЕВ, Ош шаарынан.
Качандыр бир кусалыктан арылып,
Калса экен бир дабаасы табылып.
Көөдөндөгү толкундаган бук -арман,
Көөдөй түнгө сиңип кетмек агылып.

Кыр үстүндө чуркасак деп дегдегем,
Кыялдарым жарышкандай жел менен.
Көмүлсөк деп бакыттын кучагына
Күндү эңседим, башка санаа келбеген…

0Мусакун САТЫБАЛДИЕВ, Каракол шаарынан.
Уулкандын жакшы демилгесин азыр эле көрдүм. Сегизинчи марттын жарымына жетип-жетпей төшөккө куладым эле, эми баш көтөрдүм. Жазгы оорубу, же суйкайган айымдардын сугу өтүп кеттиби, ким билсин, айтор катуу жыгылдым. Дегеле бу желөпкө кишиге айла жок тура, ар бирине жагалданып гүл сунуп атып… Тигине, Айтмырза аксакал, Калмамат, Бектурсун анан Асырандар алда канча эстүүлүк кылышып, айымдарды дүңүнөн куттуктап коюп “соо калышты”. Алардын баштарынан да мындай учурлар эчен өткөн да. Азил-чыны аралаш дегендей… Эми мен да элди туурап, өз калыбына дале келе албай кеңгиреген баш менен эки куплет курадым, окуп кой, Уулкан. “Сүйрүпризден” деле үмүт этпейм. Элден калбайын деген эле кеп.

Көртирликтин көйгөйүнөн арылып,
Чолпон жылдыз капысынан табылып.
Жазгы ташкын сымалданып үйөрлөп,
Жан-дүйнөм бүт ошол жакка агылып.

Өмүр бою бир жакшылык дегдегем,
Учур болгон мен жарышкан жел менен.
Асманда эмес жерде гана жүрүптүр,
Ошол жылдыз мага көпкө келбеген…

ээ 36Уулкан АМИРАЕВА, Маскөө шаарынан.
Сүйүү менден эбак кеткен арылып,
А мен издейм калаар сыңдуу табылып.
Көлдөй чалкып жүрсөм толкун сыяктуу,
Көлдөй болуп кетиптирсиң агылып.

Мунум анык! Сүйгөм дагы дегдегем,
Сапырылып учкам салкын жел менен.
Кучагымды жайып күтсөм сүйүүнү,
Кайгысы жок жалгыз өзү келбеген.

ээ 62Улан КОШАЛИЕВ, Бишкек шаарынан.
Көйгөйдөн арылып,
Көп акча табылып,
Көп кыздар мени аңдып,
Келишсе агылып.

Деп ойлоп, дегдегем…
Дуу учкан жел менен,
Дайны жок бул кыял,
Дегеле келбеген…

ээ 24Анара БАЙЧУКУЕВА, Бишкек шаарынан.
Санаалардын желесинен арылып,
Оо үмүтүм, келээр белен табылып.
Күтүп жүрөм мезгилдерге карабай,
Келишиңди булак сымал агылып.

Оо үмүтүм, табам го деп, дегдегем,
Шыбырагам шамалдарга, желге мен.
Жеткирбеди, жел-шамал да кызганып,
Үмүтүмдү, эңсеп жүргөн, келбеген!.

ээ 75Сайрагүл ЖОЛБОРСОВА, Маскөө шаарынан.
Түйшүктөрдөн кетким келди арылып,
Түмөн ойлор, көңүлүмдө табылып.
Бара жатам, жүрөгүмдү кочуштап,
Элдер баскан, жолдор менен агылып.

Бир өмүргө дидарыңды дегдегем,
Билсең эгер, бара жатам жел менен.
Сүйүүлөрдүн көзү сокур ,окшойт ээ?
Мындай сезим, мурда неге келбеген?
**************************************************************************************
Эшек жебе, арамдыктан арылып.
Деп турганда, арабыздан табылып.
Кайдан билдик эшек эти экенин..
Сатышыптыр, «Эшек каны» агылып.

Кыргызстанда эшек эти жок -деп дегдегем.
Буруксуган каны келди, жел менен.
Билдим эми, Эшек эти экенин.
Үч уктасам, түшкө дагы кирбеген!
**************************************************************************************
Ыпластыктан жүрөлүчү арылып,
Ыйманыңар кеч болсо да табылып.
Өлкөбүздө жашоо кыйын болгондо,
Туш тарапка чачырадык, агылып.

Жакшы жашоо болот дегем, дегдегем.
Кыйын күндөр кайдан келди жел менен?
Аял сыртта, эркек казан кармашып,
Мындай күндөр түк ойума келбеген.
**************************************************************************************
«Эне» деген ыйык сөздөн арылып,
Бөбөгүңдү сатканга жан, табылып.
Наристеңди таштап качтың неге сен?
Эне сүтүң зыркырады, агылып.

Кыргыз кызы, ыймандуу – деп дегдегем,
Айткандарым кайда учту, жел менен.
Өз канынан жаралган өз балдарын,
Таштап качат, деген ойлор келбеген.

ээ 62Гүлжакан МАВЛАНОВА, Бишкек шаарынан.
Арам тамак, арсыздардан арылып,
Арабыздан хан Манасы табылып.
Алыстаган ырыс алды ынтымак,
Аруу элге келсе экен деп агылып.

Кыялымда көктөн тилеп дегдегем,
Кыянаттар жоголсо деп жел менен.
Кыргыз элим кең пейилдүү баатыр эл,
Кычыктанган «кылына» тең келбеген…

Кыргыз аман, кылым аман, жер аман,
Кыргызымдан кыйыр эли тараган.
Кыйааматта кырк жыл кыргын болсо да,
Кыргыз элин кызыр колдоп сактаган.

ээ 61Гүлчехра УУЧИЕВА, Маскөө шаарынан. Мигрант ыры.
Муктаждыктан калайын деп арылып,
Алыс жактан калган жумуш табылып.
Бет алганмын кең Маскөөгө мен дагы,
Көп мигранттын катарында агылып.

Орус шаарын көрүүгө көп дегдегем,
Кыялдарым алып учуп жел менен.
Сыналгыдан көргөн кызыл аянтта,
Басып жүрүү оюма да келбеген.

ээ 75Сайра БАТЫРКУЛОВА, Бишкек шаарынан.
Буулуктурган сезимдерден арылып,
Бир үзүм күч кайратыма табылып.
Буурул таңда Бакыт издеп жөнөдүм,
Боз туманга аралашып, агылып .

Бул учурду далай жолу дегдегем,
Бут дүйнөнү кыдырам деп жел менен,
Бүтүм кылдым , милдеттүүмүн, акым бар,
Өзүм барам, БАКЫТыма келбеген!.

ээ 66Шайырбек ДОСБОЛОВ, Баткен обулусунан.
Акылдан арылып,
Айбандык табылып.
Ат кылды, эшекти,
Арам кан, агылып.

Жейм деп дегдегем,
Жыт келсе жел менен.
А эми самсага,
Табитим келбеген.
* * *
Көңүлдөн арылып,
Көр жандар табылып.
Көчмөн эл көчүштү,
Көч болуп агылып.

Өрт болуп дегдегем,
Өчтү ал жел менен.
Өкүнөм; айылдан,
Өзгөргүм келбеген.
* * *
Жүдөөдөн арылып,
Жүрөгүм табылып.
Жөнөймүн сен жакка,
Жылтылдап агылып.

Өпсөм деп дегдегем,
Өптүм көп жел менен.
А бирок тартынып,
Айткым эч келбеген.

ээ 75Назима АЛМАЗБЕКОВА. Ош шаарынан.
Азап тарткан оор түйшүктөн арылып,
Алат элем, калса шерик табылып.
Арыш таштап келечекке максатсыз,
Акыр-чикир… Кошо барам агылып.

Августтарда бой жетем деп дегдегем,
Аңкып жытым тараар эле жел менен.
Арман жашоо, ыргытты го бир тиштеп,
Алкаш киши, адал жолго келбеген!.

Айтмырза (2)Айтмырза АБЫЛКАСЫМОВ. Бишкек шаарынан.
Ырлардын эмнесине көңүл бурулат?
1. Көркөм сөздөр кынапталып, орду-ордуна коюлушу.
2. Ырдагы жаңы табылгалар…
3. Ырдын мазмуну жана бир бүтүндүгү.
4. Муун өлчөмдөрүнүн ар сапта туура сакталышы. («Размер стих» дешет орустар)
5. Уулкан берген уйкаштыктардын сөзсүз берилген катары менен сакталышы..
6. Кыргыз ӨҢҮ менен катасыз жазылышы. ж. б.
Бардык акын атпайга ийгилик!

Анча-мынча көп түйшүктөн арылып,
Анткен менен да жаңысы табылып,
Турган кезде кычашат эй ырлар да,
Тоо суусундай күү-шаа болуп агылып…

Бул сынакка катышсам деп дегдегем,
Бүт каалоом учту, кетти жел менен.
Кантет элем баалайт экем ырларды,
Калыс болуу такыр ойго келбеген!.

ээ 75Алтын ТУРГУНБАЕВ.
Кайгы муңдан калган кезде арылып,
Кайдан чыктың, азап болуп табылып.
Жообун берчи кылыктанып, назданбай,
Сен жөнүндө ырлар кетти агылып.

Сени күтүп сени гана дегдегем,
Ырлар жазып, кат жөнөтсөм жел менен.
Кандай кызсың кылыктанган обу жок,
Кайра-кайра чакырганга келбеген.

ээ 75Эрлан ТАГАЕВ.
Байоо сезим балалыктан арылып,
Алгач сүйүүм капилеттен табылып.
Көз ирмебей нечен таңдар атты го,
Жетпей сага көздөн жаштар агылып.

Түбөлүккө сени гана дегдегем,
Аккуу сымал кайкып мелүүн жел менен.
Билсем кана мендик эмес экениң.
Кайып болуп кетээр белем келбеген.

ээ 75Гулжигит АБДИБАИТОВ. Бишкек шаарынан.
Тындым кургур, бойдоктуктан арылып,
Кыялдагы издегеним табылып.
Ар бейшемби баш багамын бейишке,
Маңдай терим жаак ылдый агылып.

Бул күндөргө жетсем дегем, дегдегем,
Кыялдарым кубалашып жел менен.
Бирок аттиң, бейиш менен жанаша,
Тозок оту бары эске келбеген!…

ээ 31Азирет КЕЛДИБАЕВ. Санкт-Петербург шаарынан.
Жүрөк кургур санаалардан арылып,
Балкып турам бакыт кушум табылып.
жан-дүйнөмдү кыштан жайга оодурду,
Канатынан күндүн нуру агылып.

Мен Перимди түштө көрүп дегдегем,
Кээлер эле түркүн түстүү жел менен.
Түшүм өңгө айланарын чын айтсам,
Он толгонсом ойума да келбеген..

ээ 24Кайырбүбү ЧОЛПОНКУЛОВА. Бишкек шаарынан.
Санаадан жүрөк арылып,
Дартыма даба табылып.
Кемесин айдап сүйүүнүн,
Кетсекпи бирге агылып.

Келет деп сени дегдегем,
Саамайың сылап жел менен.
Күттүрүп кайда жүрөсүң,
Эңсетип коюп келбеген.

ээ 64Айсалкын СООРОНБАЕВА. Маскөө шаарынан.
Кыргыз элим кризистен арылып,
Интерполдо изделгендер табылып,
Өкүм сүрүп бейкут жашоо өлкөдө,
Турсун дайым кут-ырыскы агылып.

Тилек кылып жакшы күндү дегдегем.
Дегдеттирген ойлор учат жел менен.
Эр жигиттер намыстан чеп курушсун,
Чепти бузуп, душман жортуп келбеген.

ээ 95Айжан МАМАСАДВКОВА. Маскөө шаарынан.
Сабыркаткан санаалардан арылып,
Сары оорума калды дары табылып.
Садагам ай, себеп болдуң ага сен,
Сүйүүм сага дайра болуп агылып.

Сени сүйүп, сени күтүп дегдегем,
Саамайыңдан сылап өтөм жел менен.
Мынча неге ойлой берем сени эле,
Мындай сүйүү башта мага келбеген.
****************************************************************************************

Гүлгаакы. Бишкек шаарынан.

Кусалык, кайгылардан арылып,
Эңсегеним, тилегеним табылып.
Жаратканым белек кылды УУЛУМДУ,
Кубанчыбыз кош дайрадай агылып!

Ушул күндү көптөн күтүп, дегдегем,
Кубанчыбыз, учуп кетти жел менен.
Мөгдөп калдым, эки эмчегим зыркырап,
Боздосом да, жалынсам да аттиң арман…
Эми УУЛУМ – кайра кайтып келбеген!…

айырКулпунай АБДУЛЛАЕВА. Маскөө шаарынан.
Бала кезде, баардык иштен арылып,
Чүкө ойноого жаңы достор табылып.
Кырып алышты, уткурдум болгон чүкөмдү,
Көз жашым төктүм, мурдумдун суусу агылып.

Фишкадан топтоп, күнүмдү эңсеп дегдегем,
Ойлогон ойлор, учуп бир кетти жел менен.
Аттиң ай соонун, балалык кез, мунарык,
Көз жашың көлдөп, жалынсаң да келбеген.